Анда, Бал Китеп баарыбызга бакубаттуулук тартуулоочу маанай ачсын, окурман! Бегалиева Өмүрбүбү. Бал китеп. Ааламдан келген катар. I том. Б.: 2006. 348 б китебинен алынды



жүктеу 3.68 Mb.
бет1/12
Дата28.04.2016
өлшемі3.68 Mb.
  1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   12
: uploads
uploads -> Қазақстан республикасы төтенше жағдайлар министрлігі көкшетау техникалық институты
uploads -> Қазақ тіліндегі ресми іс-қағаздары Басқару, ұйымдастыру, өкім шығару қызметіне қатысты құжаттар
uploads -> А. С. Макаренконың өмірі мен педагогикалық қызметі
uploads -> Ян Амос Коменскийдің педагогикалық қызметі мен теориясы. (1592-1670жж)
uploads -> Приложение к части а1
uploads -> Рабочий проект
uploads -> Кирилл Куренда: двухлетний вундеркинд Не иначе как вундеркиндом можно назвать Кирилла Куренда из крымского села Владиславовки. В свои два с половиной года он уже знает все буквы алфавита умеет считать и освоил азы компьютерной грамотности


© Өмүрбүбү Бегалиева, 2006. Бардык укуктар корголгон

Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес

www.literatura.kg сайтында жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 25-августу

Өмүрбүбү Бегалиева


БАЛ КИТЕП
Ааламдан келген каттар
I том

Окурмандар бул китеп аркылуу Аалам–Адам байланышынын чексиздигине күбө болушат. Ааламдын Бийик Акыл-Эс Тутуму кыргыз тагдырын тура багытка бурууга жасаган аракети, китептин келечектүүлүгүнөн кабар берет. Ааламдан келген кабарлардын актуалдуулугу мына ушунда: китептин оң Жана терс каармандары Кыргыз мамлекетинин түптөлүш тагдырында кандайдыр бир деңгээлде олуттуу роль ойногон тарыхый инсандар жана биздин замандаштар. Калк тагдырын аркалаган мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, саясатчылар, тарых жана дүйнө тану илимдеринин изилдөөчүлөрү, жалпы окурмандар Бал Китеп аркылуу барчу жолдун багытын, баалуулуктун сапарын түкшүмөлдөөгө мүмкүнчүлүк ала алышат. Анда, Бал Китеп баарыбызга бакубаттуулук тартуулоочу маанай ачсын, окурман!

Бегалиева Өмүрбүбү. Бал китеп. Ааламдан келген катар. I том. – Б.: 2006. – 348 б. китебинен алынды


УДК 82/821

ББК 84 Ки 7-5

Б 37

ISBN 9967-23-266-8



Б 4702300200 – 06


Кыргыз Революциясынын каармандарына жана

Кыргыз мамлекетинин келечек тагдыры

үчүн күрөшкөндөргө арналат!

«Ааламдан келген каттарды» окуп жатканда,

Көкүрөк туштан жылуулук урат ачканда.

Арбайын соккон элиңдин сыры салынган,

Саптары көзгө урунса шашпа жапканга.

Кабарын аалам талкуулап бирден изилде,

Эмне деп жатат Кудайдын өзү асманда!
Бал китеп жазып жалпыга бердим кабарын

Бийликтин сырын, иритип барган абалын.

Билимдүү адам илгиртпей баарын түшүнөт,

Бал китеп сыры кай жакка алып бараарын.

Кыйналып турган кыргыздын жолу ачылсын,

Көрбөсүн элим шумдардын чексиз залалын.




I БӨЛҮК

Таланттын ташкыны
...Чындыгында Өмүрбүбүдө кандайдыр бир таланттын ташкыны, баягы кадимки нормалдуу адамдардан ашыгыраак бир касиет – Ааламдан, Теңирден, кыргыздар айткандай жөлөмөсү бар талант экенине ишендим, бул кызды үч күч таасирленткенин байкадым. Биринчиси – бул биз жашаган дүйнө, экинчиси арбактардын түбөлүктүү делген дүйнөсү, үчүнчүсү Кудай, Аалам, ишеним, чындык күчү.

Бүгүнкү эркиндик демократия заманы болбосо, мечиттердин жүздөп-миңдеп салынып жатканы, ислам, башка диндердин кеңири жайылганы мындай “көзү ачык” таланттардын чыгышы, биздин эркин доордогу карлыгачтардын бири сыяктуу элес калтырат. Жаш акында насаатчылык, философиялык ой толгоолор ыр саптарында да, кара сөздөрүндө да камтылган. “Адамдын пейилин кантип агартуу керек, адамзат кандай болгондо жакшылыкка жетет, бир-бирин түшүнө алат жана сыйлай алат? – деген алгылыктуу ойлор берилген.

Мен бул дүйнө дегеним “Теңир, Аалам жана Мен” жыйнагындагы “Ак Мөөр, Жантай баяны” поэмасында тагдыр чындыгы, улуу, кичүү баш кошкондордун бара-бара түшүнүп, сыйлашып чын дилден берилген махабаты ишенимдүү, кызыктуу сүрөттөлгөн. Мына ошондуктан “Ак Мөөр, Жантай баяны” мага абдан жакты.

Кыргыз адабиятында, тарыхында Ак Мөөр жаатында сыйлуу-сындуу, колдон колго өткөн чыгармалар жаралып келатат. Бизге белгилүү Калыктын, А. Токтомушевдин “Ак Мөөр” поэмалары, С. Эралиевдин абдан көркөмдүү поэтикалык поэмасы, А.Осмоновдун драмасы, У. Абдыкаимовдун либреттосу, “Ак Мөөр” киносу да бар. Ал чыгармалардын басымдуу көпчүлүгүндө Жантайды апсайган абышка кылып эле сулуу, акылдуу кызды бийликтин күчүнө салып зордук менен жалчы эне-атасынын колунан жулуп кеткенин көргөзүп келишпедиби. Сыягы таптык, саясий көз караштын натыйжасынан болуу керек.

Өмүрбүбүнүн дастанында ал өзү Мөөргө жакын, арабдын ханынын кызы болуп жаралгандан бешинчи кайталанып жаны Ак Мөөргө салынганы айтылат. Балким ааламдык жөлөмөлөө күчү Өмүрбүбүгө Ак Мөөрдүн дилин берип, жазганда кыздын жүрөгү, кыздын сезими Жантай ханга, Жантай хандын кызга болгон ыкласы, мээримдүү мамилеси ушунчалык адамды өзүнө тартып берилиптир. Мен ойлодум, бул кызда поэтикалык ийкемдүүлүк жетпей калса кандай болоор экен? Биринчиден, Соң Көлдөй кооз жерде туулган, эрке, акылдуу, адамгерчиликтүү, назик тарбияланып өскөн. Биздин жердешибиз Мөөр жөнүндөгү даъазаларды чындыгында көп эшиткенбиз, билебиз. Экинчиден, Мөөр, Адыл деген чоң байдын кызы. Келдибек деген атактуу манап көзгө басар кызы катарында ага нөөкөр кыздардын чөйрөсүн түздүрүп, оюн-шоок, оймочулук, уздук иштерди үйрөттүргөн. Ак Мөөр эркелеп, баарына жагып, шайыр, наздуу өскөн. Өмүрбүбү ошол чындыкты укканбы, же жөлөмөсү ааламдан айтканбы?..

Дөөлөтү, сөөлөттүү чөйрөдө эркин гүлдөй бапестелип өскөн Мөөрдү автор поэтиканын көрктүү боегу менен келиштире сүрөттөйт:


Денеси тал чыбыктай гүл буралган,

Кыз өзү мээрим алган күн нурунан.

Бой жетип турган чакта наздуу болуп,

Гүл сымал жыпар чачып көз уялткан.
Көрдүңүздөрбү, татынакай кыздын таң калаарлык портрети. Ал эми Жантайды жек көрүмдүү, апсайтпай шайдоот, күч-кубаттуу, мээримдүү, бой келбети да келишкен, кыздын жүрөгүн ээриткен жароокер, хандык сөөлөтүнө акылман, асыл адамгерчилиги айкалышкан жоомарт, сырттан кылып көргөзүптүр:
Калдайып келсе Жантай чоң күч-кубат,

Жактырчу асыл жарым – мөлтүр булак.

Ажайып аткан таңдын шооласындай,

Кучактап эрдим сүйсө жан жыргатат.
Арадан бир топ убакыт өткөндө Мөөр өгөйлөбөй эле Жантайды жактырган, ага берилген, урматтаган түрмөктөр арбын:
Бурганак, бороон чапкын бсаңдады,

Оо, турмуш! Махабаттын атты таңы.

Суйсалып турган Ак Мөөр Жантай ханды –

Жактырып чын дилинен сүйүп калды.
Жайдын толугунда көйкөлгөн Соң-Көлдөгү Ак Мөөрдүн кош аталары: манап Келдибек, бай Адылдын айлында, кыргыздын аттуу-баштуу билермандарын чакырып, төрт түлүк малды күпүрөтө айдатып, калың берип, көп күнгө созулган шаан-шөкөттүү той өткөрөп, хан Жантай кыздын жүрөгүн жибитип Кеминге келгендеги окуялар да абдан жеткилең берилиптир. Бул – Ак Мөөр темасындагы жакшынакай толуктоо: тагдыр, урмуш, махабат чындыгына шайкеш жаъылык.

Өмүрбүбүнүн жыйнактарында аалам аркылуу миң жылдар аралыгындагы тарыхый залкарлар менен баарлашкан окуялар мени кызыктырды. Маселен, Мухаммед пайгамбар менен Өмүрбүбүнүн өзү – Ак Мөөр (поэтикалык образ) болуп, аны жигиттин гүлүнө теңеген өтө элестүү саптары бар экен.

Атактуу Фирдоуси менен маегинде келечекте акын болоруна шыктандырып ырдан сый берүүсү, таланттын сыйкырын жугузуп кеткен аян сыяктуу ыр түрмөктөрү бар экен. Бул акын кызыбызда кандайдыр башка акындарга окшобогон оригиналуулук бар. Жаш таланттардын көбү алдыдагы, өткөндөгү чеберлерди үйрөнчүк учурунда туурайт (тематикасы же өлчөмү жагынан). Өмүрбүбү өзүнчө жол издеген, абдан катаал, сйкырлуу багытка ынанып, тайманбай бараткан аракетчил калемгер экен да. Өмүрбүбүнүн поэтикалык тили бар экен, ажарлуу кооздукту көрө билген көзү бар экен. Ушу басыгын токтотпой чыгармачылыктын машакаттуу сапарын эч чегинбей жаалдуу тайманбай баса берсе бул кызыбыздан накта рухий дөөлөттөр жараларына ишенүүгө болот.
Шөкөрбек Бейшеналиев,

Кыргыз эл жазуучусу,

Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Ханс Кристиан Андерсен (Andersen) атындагы дүйнөлүк сыйлыктын лауреаты,

Эркин-Тоо”, 1-май, 1998-ж.



Ак Мөөр, Жантай баяны1
(Дастан)
Эсимде, бул дастан аалам менен байланышкан учурдан бир жыл өтпөй оозума куюлушуп түшө баштаган. Оозеки келген дастанды (1996-жылдын биринчи жарымында жазылды) азыр да үйдө турган кызыл магнитофонго жаздырган элем. Бул дастан менин жанымдын бешинчи жашоосу болгон Ак Мөөр сулуунун тагдыры менен байланышкан. Арадан жүз жыл өткөн соң кайра жер бетине жаралып келген жан (ал азыркы мен), өткөн доордогу жашоосун азыркы күн менен эскерип жатышы менимче адам тагдыры үчүн өтө уникалдуу маселе. Бул дастан менин 1996-жылы “Акыл”мамлекеттик концернинен ((Кыргызполиграфкомбинаты) жарык көргөн экинчи “Теңир, Аалам жана Мен” деген көлөмдүү китебиме киргизилген. Бул дастан 1997-жылдан бери Орто Азиядагы Америка Университетинде кыргыз этнологиясы предметинен Ак Мөөр тууралуу поэмалардын жаңы варианты катары студенттерге окуу куралы катары колдонулуп келүүдө. “Теңир , Аалам жан Мен” китеби 1997-жылы мамлекеттик Токтогул сыйлыгына да көрсөтүлгөн эле. Поэмадагы Хава хан менин жанымдын аравия жергесинде жерге келип экинчи жаралышындагы менин атам болгон адам. Жантай хан да көп жылдар аралыгында жер астында көп сурактарда болуп “Теңир, аалам жана Мен” китебинин чыгышы менен акталып бейишке чыкты. Буга себеп Жантай тууралуу таралган айрым терс мамилелер. Аларга анын образын каралап жазылган көптөгөн поэмалар жана “Ак Мөөр” телефильми кирет. Бул поэма ааламдан кандай келсе ошол калыбында китепке киргизилген. Поэманын негизги максаты - Жантай, Ак Мөөр тууралуу чындыктын жер бетинен орун алышы жана ааламда бардык нерселердин кайталанып, бири-бирине байланыштуу экендигине көз салуу аркылуу адам тагдырын оң жолго бурууга аракет жасоо. Анда эмесе аалам кабарларына көңүл салыңыз.

Сиздерди урматтап, Өмүрбүбү.




АК МӨӨР, ЖАНТАЙ БАЯНЫ

Сөз башы
Өткөн доор окуясы нак куралган,

Жуздөгөн жылдар өттү бул арадан.

Буулуккан сырлар келип ашып-ташып,

Айтылат түгөнбөгөн сырдуу баян.


Бурулуп карап мен да бурулуштан.

Айталбай сүйүү жайын болгом арман.

Махабат – көөнөрбөгөн улуу сезим.

Кең-кесир болсун баян өткөн чактан.


Ата-эне бапестеди чүрөк кызын,

Сулуу кыз айтып бүтпөс дастан узун.

Жүрөккө тузак салып айта турган-

Сүйүүнүн бул баянын уксун журтум.


Денеси тал чыбыктай гүл буралган.

Кыз өзү мээрим алган күн нурунан.

Бой жетип турган чакта наздуу болуп,

Гүл сымал жыпар чачып көз уялткан.


Улуу да карап турду ушул кызды.

Кичүү да сурак салды: «Ушул кызбы?»

Менменсип бекзаадалар сөз айталбай,

Артынан узатышты бул сулууну.


Алкымы ай нурундай ажарданган,

Сулуунун атап атын басам ылдам.

Ай жаркын ак жүзүн айт бул сулуунун,

Көргөндү бир каратып тамшандырган.


Ал учур боюн түздөйт кыз суналган,

Күндөн, айдан кем эмес нур чыгарган.

Нур жүзү жер бетине чачса жарык,

Ага теңдеш таппадым бу жалгандан.


Капырай кайдан келген бул сулуулук,

Ким айтты: «Сулуу деген бул улуулук»

Улгайба! Сулуу жүздүн сыйкыры бар,

О адам! Тагдыр өзү бул чоң буйрук.


Адамзат! Сулуулуктун бийиги бар,

Байыркы өткөн заман баяны ал.

Мөөркан – ал сулуунун аты-заты.

Бизге эми ак сүйүүнү аян кылар.


Ууртунан чачып күлкү жер бетине.

Ал ак куу сүзүп жүргөн көл четинде.

Келишкен сулуу жүзү ай чырайлуу,

Нур болуп чачырады таңдан-кечке.


Артынан карап туруп ал сулууну,

Апаппак сүйүү салган сыр улуубу?

Улгайып бара жаткан хан Жантайдын,

Арзуусунун тоо суусундай тунуктугу.


Сезилет ар бир сөздөн айкын жүзү,

Дээри, жан дүйнөсү, оттуу көзү.

Тамшанткан сулуулугу кеч күздөгү,

Жүзүмдөй турат бышып үзүлгөнү.



Кыз курак
Турамын көпкө карап көлдү улук,

Күн чубак мээрим төктү миң кубулуп

Урпактар угуп турчу узун жомок,

Айтамын калкыма сыр – уруп кулдук.


Улгайып барат күндө ата - энем,

Ар кайсы сөздү сүйлөйт үйгө келсем.

Бак конуп, ордун тапсын деген ойдо,

Апакем анда айткан сөздү бекем:


– Кулунум, угуп турчу кулак салып,

Өсүп калдың сен эми бой суналып.

Абийирин таза сактап каада менен –

Күйөөгө кыздар барат маңдай жарык.


– Жок, апа! Азыр эрте, муну айтпасаң!

Мөл булак жаштык кезди көрдүм араң.

Өмүрүм таңдай болуп жаңы атканда,

Башыма түйшүк үйүп кууратпасаң.


– Мөөркан! - деди атам мага карап,

Сөз укчу, көп адамдар кылат сурак.

Кеп кылып өз мүдөөсүн кулак кагыш,

Кызыңды күйөгө бер деп суранат.


Олдо, ай! Ата-эне эмне демек,

Бир келчү өмүр деги кайдан келет?

Ириген сүттөй көңүл ирээнжиди,

Эмне үчүн кыз баланы күйөөгө берет?


Сурады күлүп турган күндүн нуру:

– Эмне үчүн тартасың баш күндө утуру?

Ай нуру төгүлгөндө түн ичинде,

Балбылдап карап мага акыл сунду:


– Айтпа антип, кесир кылба! Калпыс го бу сөз,

Күйөөгө барчу маалың мына ушу кез.

Түйшөлүп жүрө бербе ата үйүндө,

Буралган болдуң го кыз асыл мүнөз,


Саксактап көз салышкан ата-энем,

Толгонуп эзилгеним сезип минткен:

– Бой жетип кыз суналып турган чакта,

Сезимге келбейт нелер ченебесең.


Кападар болбосо экен ата-энем,

Барк алып көңүл бөлчү бүтүн дүйнөм.

Чай куюп чебелене сыйлап келген,

Күүгүм түшө үй ичине кеч киргенден.


Таап айтчы…Тагдыр деген эмне экен?

Бул дүйнө ал тагдырга башын ийген.

Балапан чакта болгон улуу сезим,

Жаныңа бүлүк салат эрте-кечтен.


Каалагам ошол чакта өзүм сүйгөн,

Болотту көөнүн салып мелмилдеген.

Көп учур эркелетип бирге басып

Жүргөн күндөр түшөт эске тээ мейкинден.


Бел ашып көп учурда көңүл шашып,

Сейилдеп жылга бойлоп кубалашып,

– Болот, Болот! Чакырчумун жаныма –

Бетимден өптүрчүмүн кайра качып.


Шарактайт кыз-жигиттер кыз оюнда,

Болотту көрдүм анда түн койнунда.

Жүрөктөр түрс-түрс соксо балкыйт дене,

Жалбырттап күйгөн оттун кубатына.


Жүрөктүн черин жазып ачкан көңүл,

Махабат чачса жалын төгүлөт нур.

Апыртып айтып салчу мүнөзүм жок,

Калайык - калкым тыңша, ачылсын сыр.


Көөнүмдү баса албастан кээ бир учур,

Көпчүлүктөн ката албагам баяндуу чыр.

Бууракандап ашып-ташып жаткан сезим,

Сүйүүнүн ал сырлары – бул тунук ыр.


Болотко берчүм белги эңсеп кээде,

Ал айтчу: «Шашпай турчу келечекке.

Ташкындайт сезимимде улуу сүйүү,

Бир болсок, - деп тилеймин таңдан-кечке».


Болотко жанган кумар жагылган от,

Башкага кыпындай да көңүлүм жок.

Кыялым сезген апам тынчсызданып:

– Кызым, - дейт, кеп айтайын болуп орток.


– Кыз деген кыл учурда кымбат нерсе,

Кылтылдап турган чагың билгиң келсе.

Буйругу кимге болот билбейм азыр,

Далайлар көөнүн салды кадыресе.


Курган жүрөк опкоолжуйт. Кандай арга?

Буйрук болсо баш ием тагдырыма.

Кем кылба, о Жараткан жакшылык сун.

Сураарым колдоп турчу жабыкканда.


…Түн ичи. Уктай албайм. Түштү бүлүк,

Оолугам, тура калам жүрөк күйүп.

Кусалык каптап кетсе апам айтчу:

– Көөнүң ач, кызым, күндө болбой күдүк.


Жалтангам тагдырымдан ошол учур,

Сезимим бырчаланган кыйнап утур.

Жан дүйнөм жалындаса байрак болуп

Махабат бак берсин дейм болуп кыдыр.


Жетилип курчуп калган ал сезимдер,

Ыйыктык сүйүү деген күч кезигээр.

Жалбырак бүчүр байлап ачкан сымал,

Бууракан бүлүк салат жаштык жигер.


Кыялым өйдө болду көккө сермеп,

Жүрөгүм күчкө толду тээ бийиктеп.

Кеч курун олтура албайм бир ордумда,

Ошол кез эске түшүп жалын бүркөт.


Арадан күндөр өттү, айлар өттү,

Карабай жуучу келет эрте-кечти.

Артымдан бүлүк салып издеп келген,

Мыктылар сөз айталбай үнү өчтү.


Маалкатып барган кезим айттырбай сөз,

Жуучуну салам жолго кеп түшүнбөс.

Жомоктун аркы жагын улантайын,

Бүтүн дүйнө уккунуң! Сүйүү – бул, көч!


Кайгырбайм, өткөн чагым – тагдырым ал,

Тамаша тагдыр эмес ал учурлар,

Жашоонун күчү сүрдүү жалын чачкан,

Сыр сура! Айтам журтум жуурулушаар.


Ууртумда күлкү жайнап күлүп турган,

Ал учур өтүп кеткен бул арадан,

Бууракан ашып-ташкан чоң махабат –

Болгонун жер бетине жар салалам.


Ойлонуп эстеп барам жаштык кезим,

Бүлүк салган кыз үчүн тунук сезим,

Кайраттан тайып барып кээ учурда,

Сүйүүнүн бул сырларын эстейм өзүм.



Соң Көл
Жаркырап жарык тийип күн нурунан,

Суунун да көркү чыкты жылуу турган.

Курдаштар сейил куруп сууга чөмсө,

Ал учур кызык тура алып-учкан.


Сезимим күлүп-жайнап турган чакта,

Чүмкүдүк Соң Көлдөгү жылуу сууга.

Үн чыкты… арттан келди бир топ атчан,

Калдым буруп көңүлүм ал тарапка.


Бөрктүү адам колун жаңсап шилтеди:

­– Издеп жүргөм бул чүрөк-периштени.

Тилегим укту Кудай, таптым эми… ­­

Башка сөз айталбастан «Бастыр!» - деди.


Байкалып турат өнөр – мыкты адам,

Көөнүмө түштү бүлүк. Тыбырчылайм.

Бейкуттук турмуш доорон сүргөн кезде,

Бул адам келди кайдан? Тынчтык бузган.


Бурулуп Жантай барды чоң айылга,

Топурап тосуп алды эл жабыла.

– Мөөркан, - деп кыздын атын айтты, - деди,

– Сурак сал! Издеп кызды тез тапкыла.


Таң калып акыл калчайм. Сыр угулат,

Ойлонуп көпкө калдым сөздү курап:

– «Хан Жантай каалап мени калса эгер,

Алдыма келсин түшүп колум сурап».


Боортоктоп жатып калдым азаптана,

Болотту таба албадым издейм жана.

Белеске кетти дешти жылкы айдап,

Тоскоолдук болобу дейм тагдырымда.


Жүрөгүм бырчаланып акты каны,

Кантейин? Сүйүү өрттөп жалындады.

Бүркөлүп кабак калды каптап түтүн,

Уулангандан көңүлүм болду жарды.


Улгайып чабыттаса өмүр көчү,

Хан Жантай айтты мага: «Өчүрбөчү –

Сезимим жалбырттады, болгун жарым,

Асылым келчи мага, эркелечи!»


Эреркеп туралбадым Жантай ханга,

Жүрөгүм албууттанса от жанында.

Бүркөлгөн кабак азга ачылаар, - деп

Жашымды аарчып карайм ал тарапка.


Өрөпкүп кээ бир кезде үнүм чыкпай,

Солуктап ыйласам да эч ким укпай,

Сезимге бүлүк салган баатыр Жантай.

Акылман сөздөрүңдү уктум качпай.


Күбөлөр бүтүн карап турат эми,

Айтышсын чындык кайдан келди деги.

Келберсип турган Жантай мени карап,

Мөкүнтай, укчу, - деди: Айтам нени?


– Капыстан сени көрдүм, салдың бүлүк,

Канжарды сайгым келет жүрөк тилип.

Жаагыңдан аккан жашың салааласа,

Жан дүйнөм оттой ысыйт жанып-күйүп.


Берекем, бакыт кушум кыйнабачы,

Мөлтүр жаш булак кылып ыйлабачы.

Келбеттүү адам турат бет алдыңда,

Хан Жантай издеп жүрүп тапкан бакты.


Улардын этин жеген картайбаса,

Жөлөгүм таппай турам башка арга.

Каалабай көңүл турса жашырып не?

Жүрөккө сайчы канжар бырча-барча!


Таптым бакыт белестен белес ашып

Каныма сиңсин сүйүү черди жазып.

Башымды турсаң аттап улгайды, - деп

Жүрөгүм сууруп чыгам тарсылдатып.


Урмат - сый кылам сага кейибечи,

Ак өргөө көтөрөйүн аккуум – пери.

Чүрөгүм болсоң боло мени каалап,

Ханыша болосуң! - деп сөзүн берди.


Барк албай туралбадым, жашырып не?

Хан Жантай салдың бүлүк сезимиме.

Буйрукпу ушул адам? Карап калдым,

Буулугуп ыйлап турган муңдуу кезде.


Мүнөзү сылык анын – көркөм дүйнө,

Сүңгүдү карегиме жалын бүркө.

Жароокер баатыр турду бет алдымда,

Чачырайт от бул адамдан өрттү күтө.


Кыйналдым. Сыздайм ичтен кабак чыта,

Кайгырдым, О Жараткан! Тапчы арга.

Жалооруп турган баатыр – Жантай хандан,

Канткенде кутуламын? Болдум го ыза.


Жалдырап карап туруп Жантай ханды,

Жабыккан ичте бугум чыга калды:

– О баатыр, мени ташта суранаарым,

Арада чогуу болбойт биздин тагдыр.


Сөзүмө көңүл кушун салды дагы,

Мурутун бир жанып ал күлүп калды:

– Бүт дүйнө кезип издеп тапсам араң,

Мен сени кантип таштайм эсиң барбы?


Кагылам перизатым бери кара,

Кападар болом кээде сары - санаа.

Улуулук – сүйүү күчү бал жыттанса,

Нур болуп тамгым келди сага гана.


Айтылган сөздү укпады. Эмне кылам?

Жебенин аттым огун катпай ылдам:

– Кападар болбо! - дедим. Түн ичинде –

Жаркылдап айдай балкып сүйалбасам!


Салаалап ылдый аккан көздөн жашым,

Саргайтып кууратты го сыздап жаным.

Күлмүңдөп турган күндөй мээрим төккөн,

Хан Жантай жашым сүртүп жандап бастың.


Эңкейип көпкө карап сөздү улайт:

– Жүзүмдөй бышкан кезиң мөл-перизат.

Арзуудан арып ачкан жүрөк-тирек,

Сүйүүдөн адам көөнү – дил тазарат.


Жүрөгүм ысып күйөт, не табалат?

Кеч курун ойлор келип эзип барат.

Болотту кантип таштап кетем эми,

Кексе хан төксө көөнүн баш айланат.


Муундарым калч-калч этип дирилдештен,

Миң сыздап, жүрөк дирт-дирт муздайт денем.

Башымдан өткөн тагдыр эстеп эми,

О адам уккун деймин, жомок белен.


Муң-зарлуу болбо! - деди ата-энем,

Жөлөгүм, бар таяныч үмүттөнгөн.

Каарданса хан Жантайдан кол астында,

Чадабас бүтүн айыл элиң менен.


Артымдан барды Болот сөздү улай:

Качалы бирге, - деди, чуулган кылбай.

Айтканы чыгып эстен ата-эненин,

Көөнүмдөн чыкпайт сүйүү, не капырай!


Кеч курун кечире көр Кудай дедим,

Кетем мен Болот менен ырыс бергин.

Эркелеп күлгүн чакта жарым болсун,

Жараткан! Жардам кылгын ченебегин!


Энеси сезет тура кыздын көөнүн,

Кылымга кетер дайнын, барар жерин.

Уурданып чыгалбастан түн ичинде,

Ал күнү уктум сөзүн ата-эненин.


Түн ичи… Болот келди көз чачырап,

– Мөөркан, - деди – тездетсеңчи, бол батыраак,

Кең дүйнө астын-үстүн ыйлап жатса.

Кеспе менин кендиримди барам куурап.


Болот, - дедим, сыр чечели көмүскөдө,

Кантейин тагдыр ушул, айып көрбө.

Кумар-от жанар тоодой атылса да,

Ата-энем калбасынчы чоң өкүттө?..


Таң сүрүп, жарык кирип, булбул сайрап,

Жантай да тез шашылат сөздү кайрап.

Даяр кыл кызды деген кабар келди,

О тагдыр! Чоң түйүндү ким чечалат?



Той
Булак чети… Мээрим сала бөпөлөдү,

Жабыркаба, жарым болчу Мөөркан,- деди.

Бут өмүр тилек кылып издегеним,

Армандан арылайын, таптым сени.


Кем жерим толду, - деди. Кебелбеди,

Кемитпей багам сени кейибечи.

Артымда калаар ырыс-бактым болдуң,

Колумду сунам сага келчи бери!


Кусалуу ойлор келди… Салды бүлүк,

Болотту эстейм кайра өксүп-күйүп.

Эркелеп туралбадым хан Жантайга,

Чын дилден сүйгөн жарды өксүттүрүп.


Апакем анда айтат: – Кой ыйлаба!

Хан Жантай жакшы адам – аны сыйла.

Мал-жанын, сыйын берип көңүл бөлдү,

Артыңдан келди далай, алсыраба!


Атакем мээрим төгүп тынчтык каалап,

Абайлап басып келди бакыт арнап.

– Балапан кызым элең бактылуу бол,

Ыймандуу болгун бүлө, кыл далалат!


Чакырып шибер төргө Жантай ханды,

Эл дагы айтчу сөзүн сүйлөп барды:

– «Бак консун, дөөлөт консун асыл башка!»

Бак-таалай кабыл болчу бата алды.


Кантип мен жары болом бул адамдын?

Көл четиндей урунуп толкундадым,

Көөнүмө ысык жалын тарап аздан,

Тагдырдын буйруганын мойнума алдым.


Жалпыга айтам эми чындык жайын,

Алдыртан хан Жантайга көз кыр салдым.

Көңүлүм тоюп-тойбой көп учурда,

Оргуштан чыккан сөзүн карманамын.


– Мээримим төктүм Мөөркан көп зарыга,

Көрсөм,- деп дегдейт жүрөк кусалана.

Берекем, жарым болуп жаркып турчу,

Жактырдым жарык нурум сени гана,


Мынакей той башталды опур-топур,

Чогулгандар: жаш-кары, сый коноктор.

Бай келди, манап келди, жарды келди,

Ак чөлмөк, кыз оюнга көөнүң толтур.


Алдымда баатыр турат, эмне керек?

Барктуунун барктуусу ал – асыл белек.

«Береке ашып-ташсын кызгалдагым»,

Хан Жантай беттен сүйдү жылмайып тек.


Айтылган сөздөрүнөн тарады нур,

Жаркырап күн чыккансыйт ачылып гүл.

Кайрадан Болотту эстеп ичтен сызып,

Айлана караргансыйт төгүлүп кир.


Буулугуп ич тарыткан ушул дүйнө,

Болотту элестетпе, болбо кексе.

Ырысым жерге житип кетпесинчи.

Ыза менен кусалык чөгөлөтсө.


Дагы да Жантай келет – эң чоң сөөлөт,

Келбети сыйкырлантып жүрөк ээлейт.

Эзелки өткөн өмүр эске түшүп,

Ак Мөөр да ал тагдырын айтып берет.


– Мөөркан,- дейт, колдон тарта жүзүм сылап,

Махабат кумары күч – нур чачырайт.

Өрүкзар жазда гүлүн ачкан сымал,

Бакубат болсун жашоо – өмүр куунак.


Шалдырап турдум анда сөз айталбай,

Эмне дейм? Ысык жашты төктүм далай.

Каруумдай кармап Жантай алды булкуп.

– Мөөркан,- дейт, сөзүмдү ук жарың сыйлай.


Сен деп мен уктай албайм түйшүктөнөм,

Аячы, жалбырттанат өрттөй денем.

Түгөйүм болчу,- деди ысык сүйүп,

Сен үчүн жүрөгүмдү сууруп берем.


Жабыкпа! Айдай жарым болчу эми,

Бул дүйнө астын-үстүн тегеренди.

Таалайым, күнүм менин, асыл нурум,

Аппагым, көңүл бурчу кантем деги.


Көзүмдүн жашы кургап акырындап,

Мээрими тарайт бойго эми чындап.

Артымдан келген адам баатыр болсо,

Мен кантип сүйбөй турам көөнүм чырлап?


Жарк этип карап калдым бир убакта,

– О баатыр! Укчу,- дедим сылык гана.

Кааласаң жаныңдамын өрттөнгүнүң,

Мен дагы самайм сүйүү гүлгүн чакта.


Кубанып ханым Жантай күлмүңдөдү

– О Мөөркан! Асыл жарым! Басты бери.

Кучактап боорго кысып беттен сүйүп,

Хан Жантай оттуу сырды айтып берди:


– Берекем, күнүм, айым болгун эми,

Алоолоп сүйүп денем төгүлгөнү.

Көңүлгө толбой аял бир да жолу,

Дүйнөнү кезип издеп тапкам сени.


Кучактап көпкө турса көз жалтанат,

Алкымдан өптү бекем белден кармап.

Көлкүлдөп эрип барам мен ансайын,

Балдай ширин махабат эс тандырат.


Сүлдөрүн карайм көпкө сыймыктана,

Бул баатыр бүркүт сымал кылактаса.

Жактырып өз ичимден алоолонсом,

Жаш жүрөк балкып барат ачык-даана.


– Улгайып барсам дагы сени сүйөм,

О Мөөркан чоктой ысып үмүттөнөм.

Кебелбей айтып турам эмне үчүн,

Махабат – улуу сезим ыйык белем?


Бел кылып улуу тоолор Жантай жатты,

Той жасап дубан элге сыйын чачты.

Мөөркандын капа кылбай ата-энесин,

Кеминге кызды алып эми кайтты.



  1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   12


©netref.ru 2017
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет