Анда, Бал Китеп баарыбызга бакубаттуулук тартуулоочу маанай ачсын, окурман! Бегалиева Өмүрбүбү. Бал китеп. Ааламдан келген катар. I том. Б.: 2006. 348 б китебинен алынды



жүктеу 3.68 Mb.
бет4/12
Дата28.04.2016
өлшемі3.68 Mb.
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   12
: uploads
uploads -> Қазақстан республикасы төтенше жағдайлар министрлігі көкшетау техникалық институты
uploads -> Қазақ тіліндегі ресми іс-қағаздары Басқару, ұйымдастыру, өкім шығару қызметіне қатысты құжаттар
uploads -> А. С. Макаренконың өмірі мен педагогикалық қызметі
uploads -> Ян Амос Коменскийдің педагогикалық қызметі мен теориясы. (1592-1670жж)
uploads -> Приложение к части а1
uploads -> Рабочий проект
uploads -> Кирилл Куренда: двухлетний вундеркинд Не иначе как вундеркиндом можно назвать Кирилла Куренда из крымского села Владиславовки. В свои два с половиной года он уже знает все буквы алфавита умеет считать и освоил азы компьютерной грамотности

Көл жөнүндө уламыш
Илгери-илгери деп ал баштады,

Иримчик көлдөр болгон тээ баштагы.

Тескери бата болгон ал көлдөргө,

Деп айтып уламышты баштаганы.


Айрылыш жолдон келип бир кембагал,

Айтты, - дейт көз жашымда таарыныч бар.

Көлдөтпөй мээрим салчы болуп жандооч,

Оо, Көл! - деп башын ийди жүгүнүп ал.


Сурак салды. Көл аны карап туруп:

Мээрим төкпөйм,- кетчи деди жүзүн буруп.

Курган чал мөлтүлдөгөн жаш агызып,

Арманын айталбастан кетти улуп.


Көл жээктеп башка адам жете келди,

Баштыгын коюп жерге: Оо, Көл,-деди.

Айтчы сен: Улуп-уңшуп кеткен адам –

Эмне сөз айтып сага кейигени?


Көл айтат: – Кеткин! - дедим жүзүм үйрүп,

Сага окшош бечараны жүрбөйм сүйүп.

Карабай көзүндөгү мөндүр жашты –

Сурабай сыр, куудум, - дейт мелүүн күлүп.


Ал адам башын чайкап кейийт дагы:

– Оо, Көлүм! Кудай сени уруп салды.

Ур-берге алып неге сүйлөп бардың,

Жазалайт акмак болуп кабылганды.


Көл анда шарпылдады тез алсырап,

Артынан ал адамдын ээрчип барат.

Ызага чылангандан кетип калган –

Кудайдын кудурети жазалайт бат.


Көл соолуп чыгарбай үн муңканганы,

Көлчүктөр ылайланып буу чалганы.

Бурулуп карай турган бир адам жок,

Бака чардап өттү анын чуулдагы.


– Өңгүрөп ыйлап-ыйлап алды далай,

Бир адам басып келбейт жайды жайлай.

Какжырап калган Көлдүн бүт турпатын –

Айтайын. Бул уламыш жайы мындай:


Адамдар келчү Көлгө жүзүн чайкап,

Бел кылып кетишчү эле көркүн байкап.

Көл дагы мактангандан чартылдачу,

Адамга көөнүн салып миң шарпылдап.


Баатырлар ат бастырып келген кезең,

Сулуулар куруп сейил иңир кирген.

Махабат оту күйүп жанган сүйүү –

Соолудуң… толбойт орду эңсегенден.


Кудайдын келген чагын көралбады,

Теңирдин сырын сезбей Көл барганы.

Жаркырап жарык чачып келет деп ал,

Кудайды ойлоп жүргөн же жалганбы?


Жараткан сапар тартып Көлдү көрдү,

– Жүзүмдү чайкайынчы суу бер, - деди.

Жүз үйрүп турган көлдүн бүт сүлкөтүн –

Көрдү да таарынгандан өпкөлөдү.


Кайтадан көл болалбай муңкан, - деди,

Шор басып соолуп суулар чаңка эми.

Чатырап жарылсынчы сенин жүзүң,

Камышка бети толсо кемигени.


Көл калды соолуп ыйлап мактаналбай,

Сулуу кыз келбей калды Көлдү жандай.

Жигиттер шатырачу ушул Көлдө,

Бири да көрүнбөдү жайды-жайлай.


Көөнү адам Көл сыяктуу шарпылдаган,

Ташыса алып урат кээде барсаң.

Бул көлдүн тагдырындай болбочу деп,

Оо, адам! Баарыңарга айтып жатам.


Чаңкаган адам келсе көөнүн буруп,

Сугаргын ушул Көлдөй болбой туруп.

Көөнүңдөн ысык мээрим төгүп адам,

Баргының камкор болуп үнүн угуп.


Аксакал кары адам айтты маган,

Көл соолуп ыйлап жатсы бүгүн барсам.

Буулугуп ичтен сызып эңсесе да,

Булганган Көлгө эч ким барбай калган.


Уламыш айттым сага, - деди Жантай,

Көзүнөн от чачырайт карап таамай.

Секетим укчу эми ал көл соолду,

Көөнүңдү тунук кылгын соолуп калбай.


Зыркырап көңүл барды о Жантай хан!

Акылман адамсың сен эсте калган.

Ал түнү уктай албай сырлар чечип,

Уламыш жүрөгүмдөн орун алган.


Эртеси, капырай! - деп тамшанганым,

Хан Жантай кандай сырдуу бүлүк салдың?

Бүркөлүп турган кабак гүлдөй ачып,

Турмуштун сыноосунан азыктандым.


– Карачы, Мөөркан, - деди өмүр өтөт,

Артыңда балдар өсүп бойго жетет.

Боор тартып турган бала, небере да,

Атам, - деп ачса көңүл нур себилет.


Сөзүнө Жантай хандын маашыр болуп,

Жан жыргап күлүп калдым күчкө толуп.

Күлмүңдөп турган мени карап азга,

Бараандуу басып келдиң колду созуп…



Кожожаш тууралу уламыш
Бар экен, жок экен бул асыл дүйнө,

Дүйнөнүн айлампасы канча өмүрдө.

Кайрадан жердин бети гүлгө жайнап,

Адамдар өсүп-өнүп өмүр сүрсө…


Өзгөчө бир жаралган адам болгон,

Ал адам хан атагын алып койгон.

Кылдаттап калкын сурайт адилет, так,

Бул баян хан сырларын ачсын жолдон.


Каратып дүйнө өткөн ошол хандын,

Ордунда болсо экем деп эңсеп калдым.

Эр жүрөк баатыр хандын бүт турпатын –

Элестеп ушул күндө жашаганым.


Жайкалган жайык мүчө, кенен далы,

Келбээрсип турган сүлдөр сымбатталды.

Эр жигит жолборс мүнөз баатыр болуп,

Жылдызы ушул хандын кайра жанды.


Хандын да ханы бар, - деп айтчу анда,

Бул сырлар ооздон-оозго өтүп барса.

Адамдар өмүр менен жашоо үчүн –

Күрөшүп камчыланып дүйнө салса.


Тактысы ошол хандын бийик чакта,

Мергендер келди алдына чакыртканда.

– Оо, ханым! Айтаар сөзүм угуп тургун,

Бир мерген айтып берди бул окуя.


…Туу башын аттап-аттап кийик каптап,

Буркурап турган жытын тоонун барктап.

Мергендин мекени, - деп зоо-асканын –

Арасын аралады буту аттап.


Бурулуп артын карап кээде шашпай,

Кээ учур ашып-ташып анталаңдай.

Артынан ал кийиктин кууду жетпей,

Кармай албай алактап барат таппай.


Жеткизбейт. Кууп барат ал кийикти,

Карматпайт эмне үчүн же бийикпи?

Жандайын деген сайын жетпей калып,

Күйгүзүп тоготпостон кетти ичти.


Өйдөлөп дагы чыгып күйүп каны,

Асканын тээ учуна жетип алды.

Тектирден карап көпкө кийик издеп,

Табалбастан ичи эзилсе куйкайт жанды.


Айлана күңүрт боло түштү замат,

Бир убак көрбөй калды бийик карап.

Зоо-таштын баары кетти жаңырыктап,

Учкан кийик тээ жогортон карайт наалат.


Кожожаш өйдө болуп чыкты дагы,

Аз-аздан жакындашып сыздайт жаны.

Бүлүнтүп албайын, - деп ушул ишти,

Кийикти бир шыкаалап атып калды.


Кийик карап Кожожашка жаңырды үн,

Тил бүтүп ал адамча сүйлөйт мелүүн:

– Оо Кожожаш! Арттан аттың, жетпеди ок,

Чыгып келгин бийик жерге тездеп бүгүн!


Андан ары узап барат… Зоока бийик,

Жетсем деген тилеги күч ичтен кейип.

Тирек кылса аска-зоону жылдан жылга,

Аппак чоку Ала-Тоолор – чоң тирилик.


Жүрөк лак-лак… Кийикти ал кубалайт,

Жетпей келет. Убарасы уланат.

Андан-мындан аттап зону тез ылдам,

Бийиктиктен эт-жүрөгү ууланат.


Мына-мына жетип калды кийикке,

Ал кийикти азыр кармайт бийикте.

Биргелешип чапчаң болсо аска-зоо,

Арткы бутан тартат азыр ийилте.


Кийик жылып дагы өйдө болгону,

Арттан карап Кожожаш да болжоду.

Ана жетем, мына жетем, - деп жүрүп,

Кылда учуна чыгып аска койгону.


Кожожаштын ою дайым бийикте,

Жетсем, - дейт ал октой учкан кийикке.

Карматпаган бул кийикти талкандап,

Кызартпай көз, өч алсам, - дейт түңүлтө.


Ылдам жылып өйдө болуп барганы,

Кийик айтты: – Жетип мени кармачы.

Кожожаштын колу тийсе кийикке,

Сурданып ал кыйкырыкты салганы.


Канаттудай кийик учту ааламга,

Зоока учуна камап мерген барганда.

Баш айланып, булут каптап тумандап,

Көз тунарып Кожо түштү арманга.


Кийик келип булаң-булаң деп барды,

– Оо, Кожожаш! Адамдарча үн салды.

Көз жүгүртүп төмөн жакты карачы,

Ушул зоока үйүң болсун!-деп калды.


Ылдый карап баш айланды. Не демек?

Бийик жайдан кантип түшөт? Жан керек.

Жандалбастап жатты мерген зоокадан,

Зулайкалап акса жашы күймөнөт.


Кайдан-жайдан бүркүт келип сөз салды:

– О Кожожаш, ишиң болбойт, деп калды.

Кудай сага кийик болуп көрүнсө,

Кармаймын! - деп каарданттың же жалганбы?


Үйүң сенин болот бийик чоң аска,

Кудай сени каарып салды ырас да.

Ач-кыйкырык салсаң дагы жок жардам –

Мүңкүрөйсүң кылба башка далбаса.


Тээ бийиктен үн жаңырды муң салып,

Дүңгүрөдү зоока-зоока үн барып:

– Оо Кожожаш! Адам атын булгадың –

Аттың кийик калтырбастан… сенде айып.


Пейлиң буздуң. Эскертип көп сурандым,

Кулак салбай табигатты ууладың.

Жакырданттың терип атып бүт кийик,

Айткам сага: Сакта байлык! Атпагын!


Кийик аттуу тукумдарын калтырсаң,

Кудай-кийик бармак эмес артыңдан.

Кийик кейпин кийип келген чоң Кудай,

Ызаат кылып бөлмөк эмес калкыңдан.


Тирөөч кылар элиң кайда? Кыйын чак –

Кылда учуна бул асканын ким чыгат?

Тепкич жасап желимдешсин баары бир –

Пайдасы жок. Жата бергин тынчыраак.


Сала-салаа көздөн акты ысык жаш,

Кожожаш да өзүн-өзү кылды пас.

Сыртын салып карап калган Кудайдын –

Каары күчтүү экендигин танбайт баш.


Мерген боздоп катып калды ал жайда,

Ташка айланды урса дагы далбаса.

Кайрат кылып барган адам таап алат,

Авлетимдин чоң зоокасын караса…


Уламыштын артын айтам тыңшагын,

Оо, адамзат! Жер бетинде байлыгың.

Кудай берген азык-оокат, кен-байлык,

Талкалабай сактай билгин кымбатың.


Бара-бара жердин бети жашарса,

Булбул сайрап, гүлдөр жыпар жыттана.

Жаркыраган аалам нуру чачырап,

Даанышмандык жер бетине таралта.


Андан ары Жантай мени карады:

– Бул уламыш, чындык болгон аягы.

Хан астында баян кылган бул мерген –

Атабызга тууган болчу сыягы.


Адам деген нарктуу болсун дейт элем,

Уламышты акыл калчап теңдеген.

Адам атын булгабагын көр пенде –

Деген сөзүм жайылтамын элге мен.


Адалдыкка адамды түз үндөгөн,

Даанышмандык сөздөр толсун түрлөнгөн.

Кожожаштай кырбасын деп жандууну,

Бүт адамзат пенделерин эскертем.


Кудай берген байлыгы көп жер бетин,

Барктай билгин көркөм түстүү келбетин.

Жыпар жыттуу макмал төшөк төрлөрдүн,

Ырахатын, сый-сымбатын көр дейин.


Жантай мени карап дагы кеп салды:

Бул уламыш, бирок чындык деп барды.

Жаратылыш берген байлык кордосоң,

Ал да сени кор кылаарын айталы.


Колдо бакыт турган ушул чагында,

Баала кудай. Ал да сенин багыңда.

Ардактасаң улуу Кудай аркалап,

Баарын төгөт берешен ал дагы да.


Учкун тийип жүрөгүмө өрт койду,

Уламыштын чындык жолдо болгону.

Кожожаштын арзып сүйгөн аялы,

Зулайканын муң-зарлары толгону.


Муңканганда Зулайкадан үн чыгып,

Кожожаш!!! - деп ыйлады дейт тумчугуп.

Кордук көргөн айбанаттай чаңырса,

Чыркырады бүт ааламга угулуп.


Чыдабастан Кудай айтты сыр кылып,

– Оо, Зулайка! Эмне мынча муң куюп?

Байлык мене бакытты сен өнтөлө,

Бул туу болот берекелүү кут сунуп.


Кайра-кайра зыркыраса Зулайка,

Кудай барды өргөөсүнө күн чыга.

Кайрат айтып ак өргөөгө киргенде,

Карап калды Зулайка да муңкана:


– О карыя, төргө өткүн. Төшөк сал,

Чүрпөлөрүм ойногула, эшикке бар.

Карыянын сөз салганын угайын,

Дасторкон жай, кымыз сунуп келе кал.


Айт, карыя, угайын, - дейт Зулайка,

Баш көтөрдү. Көзүндө жаш он талаа.

Бийик аска… эмне деген чоң азап,

Солуктады ыйлап-ыйлап сурдана.


Карыянын кеткен кеби дапдаана:

– О Зулайка, балам, - деди жай гана.

Кудай кебин кулак салып укпастан,

Аркар-кийик тукум курут кылды да.


Зулайкадан сызылып үн муңканды:

– Асыл башты кандай мээнет чырмады.

Жандык атып элин баккан Кожожаш,

Эмне үчүн бул азапка чулганды?


Карыянын айткан сөзүн ук ары:

– Жандык көрсө калтырбастан атканы.

Алдейлебей жаратылыш, байлыкты,

Таш-талканын чыгарып бүт кырабы?


Баарысынын кожоюну болсом, - дейт,

Кудай сындуу колго алып койсом, - дейт.

Улуу тоолор падышасы болгондон,

Кийик аттуу калтырбай бүт сойсом, - дейт.


Андай болбойт, адамга сыр сунулат,

Жаратылыш улуу болот сыр улап.

Кудай берген бакубаттуу жер бети,

Жабыктырбай азык берип кулпурат.


Терикпеди. Анда айтты Зулайка:

– Ал Кудайды кайдан көрөм? Ким айтса –

Сураар элем арманымды азайт, - деп,

Бүт ааламды чындап Кудай жаратса.


Карыядан чыккан сөздү угуп ал:

Кудай мында, алдымда, - деп сурак сал.

Зулайканын эси чыгып сүйлөндү:

– Ээ, жаман чал, былжырабай кетчи, бар!!!


Кендиринин кесилгени ушул да,

Унчукпады карыя да тынч уга:

– Мейли, балам, кейибегин жакшы кал,

Чыгып кетти ак өргөөдөн тумчуга.


Түшүрөм, - дейт Зулайканын болжолу,

Кылды аракет, кантсе дагы болбоду.

Кайталабай Кожо-Зулай тагдырын,

Жаратылыш кор тутпасак оболу.


Айтты Жантай көзүн оттой нурдантып:

– Кудай күчтүү. Баарын өзү жаратат.

Жердин бетин бүт гүлдөтүп көз сала,

Ай-ааламга жардык салып таратат.


Үчүнчү уламыш. Араб ханышасы
Бар экен, жок экен ошол кезде,

Акылман хан атыкты бүтүн элге.

Биригип уга турган бул баяндын,

Чоо-жайын көпкө эстеймин элестете.


Аптабы мээ кайнаткан араб жери,

Өкүмдар турмушунун бир илеби.

Жалбырттап күйүп кеткен от көзүнөн,

Бул хандын окуясын айтам эми.


Жүргөн малай ак сарайда жашаган,

Кабак чытып кирип келди таң азан.

Оо, өкүмдар! Уруксаат кыл айтайын,

Башын ийип жүгүндү ал капыстан.


Не шумдук? Карап көпкө ал малайды,

Хан айтты: – Айта бергин... Кулак салды.

Күүгүмдө келип түшкөн соодагердин,

Жайларын угуп-билип ачууланды.


Уктум, - дейт. Пери кыздар келди мында,

Соодагер сатты кызды кулга, байга.

Курмандык чалып сыйга сулуу кыздан,

Базардын ичи толду нур сулууга.


– Таң калам. Эмне деген жандар булар,

Ардагын адамзаттын кор тутунтаар.

Илгиртпей соодагерди кармап келсин,

Менин да айта турган сөздөрүм бар.


– Макул, - деп чыгып кетти келген малай,

Аргасыз айталбады сөздү далай.

Салбырап көңүл чөгүп башты салган,

Малайдын ичте калган сыры мындай:


Кур кыял болсо дагы айтчу сөзү,

Көңүлүн ханга төшөп малай келди.

Кыз сурап, жар күтсөм,- деп тилек кылып,

Кулдук уруп, баш ийип, айтам, - деди.


Аргасыз артка кеткен бул малайдын,

Айтайын багына кыз табылганын.

Соодагер алып келген көп кыздардын,

Ичинен тандап бирин жар кылганын.


Соодагер келди ханга күн чыкканда:

– Падышам чакырыпсың башым мына.

Көп кыздан тартуу кылам эң сулуусун,

Батынып айталбагам кечээ гана.


Кесирлүү сөздү айтты бул соодагер,

Эмне үчүн кызды сатты күңдөн бетер.

Гүл болуп кыз буракта жанып турган,

Кыздарды сатчу адам канды ичээр.


– Соодагер, башты көтөр! Мени кара!

Кыз сатып күн көрөсүң пайдасына.

Буйругум эки кылбай жөнөп кеткин,

Эркиндик алсын кыздар хандыгымда.


Соодагер түштү эми айла-амалга,

Кыз деген таттуу кумар бу жалганда.

Сулуулук тартып турса кызыл гүлдөй,

Пенделер батсын дейм кыз лаззатына.


Чыкылдап айткан сөзү соодагердин,

Хан сөзүн эки кылды пенделерим.

Өзөртө жүрөк тепсеп талкалады,

Ачуусу келди хандын эмне дейин?


Эсирген акмак башы алынсын,- деп,

Чыгаан хан чакырганы желдетти көп.

Аябай бирден баарын кармагыла,

Кыз саткан соодагерлер келбесин! - деп.


Кыздардын баары чыкты боштондукка,

Ак жүздүү ай чырайлуу периси да.

Ордо ичи жаркырады күн тийгендей,

Жамалы шам чырактай толуп нурга.


Алсырап дене барды күз келгенде,

Арман күн, кыш келдиби өмүрүнө?

Сыркоолоп кайрат тайып кыйналгандан,

Улгайып калган сымал кебетеде.


Дарыгер келип кечте сырын айтты:

– Жашартчу дары табам саргайбачы.

Илгиртпей жапжаш жигит болосуң деп,

Сыйкыр сөз падышаны мээлеп атты.


Оорусу сакайгандан тыңыйт дагы,

Көңүлдүү ой ташкындап эргийт жаны.

Дүр-дүйнө жайнап турса элес албай,

Хан көңүлүн жалгыз пери ээлеп алды.


Бак ичи, гүлдөр жайнап, жыты аңкып,

Жадырап жашоо кумар от тутантып –

Чай ичип көңүл балкып турган кезде,

Көөнүнө хандын түштү пери жаркып.


Тынчыраак жагын көздөп жатты кайра,

Перини көрбөйүн, - деп гүл дайрада.

Камалып турган сымал зоо ичинде,

Кумар от жүлүн өрттөйт бу жалганда.


Алкымы нур чыгарып көз уялтат,

Жүзүнөн өпкүң келет. Бир кубантат.

Кусалык азаптантса падышаны,

Суйсалат бал-шекерлүү бул перизат.


Сугу артат падышанын. Эмне демек,

Перини күндө көрүп дене өлөт.

Тамыры балкып кетсе жалын өрттөп,

Түн ичи уктай албай туйлайт жүрөк.


Хан ордо… кыздар жүрөт күлкү чайып,

Падыша карайт пери кумарланып.

Балбылдап турган карек мээрим төксө,

Кымбатым болсо, - деди Кудай даарып.


Хан ойлойт: – кыз сүйүүгө тез кабылса,

Махаббат лаззатына өрттү чача:

– «Сөөлөтттүү ханым сени сүйгөндүктөн,

Жүрөктө канжар тилет бырча-бырча».


Хан күттү. Кыз унчукпайт. Эмне кылат?

Эртеңки күндү ойлоп жүрөк туйлайт.

Ордодо бул перинин башын байлап,

Канткенде аялдыкка нике кыят?


Ойдолойт. Түк көнбөдү айткан сөзгө,

– Падышам! Чыкпайм азыр мен күйөөгө.

Оюмда сары-санаа, кара булут,

Ата-энем кантти жоо чапкан кезде?


Эрезе жеткиришкен ата-энем,

Ардактап бапестеген, бөпөлөгөн.

Перидей нур төгүлтүп чоңойтушуп,

Жөлөп-таяп ушул кезге алып келген.


Элибиз жоо чапканда талкаланды,

Чоң хандык бырча-бырча балталанды.

Байланды бак. Үрөй учуп журтубуз –

Айла таппай кумсаргандан кан жутабы?


Элиме кетсем деген тилегим бар,

Эркелеп жүрө албасмын өрттөп кумар.

Болоюн күң. Өкүмдарым сурак салчы,

Биздин эл эмне болду? Тирүү жандар…


Перизат тизе бүктү. Баш ийилди,

Өкүмдар өйдө кылып айтып ийди:

– Капаска түшкөн туткун сен болгондо,

Канткенде куткарбайын асыл дилди?


Мөл булак, тунук зат,- дейт өз ичинен,

Билгизбей сыртын салды болбой күмөн.

Тазарды дили аппак, жүрөк толкуп,

Кагылды ушул кыздын тилегинен.


Тилеги күн нурундай асылзатпы?

Ардактап күтүп барчу акыйкатты.

Асылдын-асылдыгын ушундан бил,

Жанынын жыргалынан башын тартты.


Эзели мындай кызды көрбөгөндөн,

Көкүрөк зилдеди го чөлдөгөндөн.

Какырак ээн талаада калды окшойт,

Перини жактырып ал чын көңүлдөн.


Муңайып хан жанына пери барды,

Сөз айтып, суроо салып муңканганы:

– Падышам! Тилек кылып кайрылганда,

Бул сөзүм таштабачы, айтылганды.


Арадан айлар өттү, жылдар өттү,

Акыйкат жер бетинде отту кечти.

Муңканган кыз тилеги ишке ашып,

Ордону асыл кабар өрттөп кетти.


Ал хандык аман-эсен чогулганы,

Кыз сындуу ата-энеси жабыркады.

Жалтайлап турган кезде бүтүн жерде,

Хан барып кулчулуктан бүт куткарды.


Жанган от перизаттан сыр-керемет,

Махабат таржымалы – аппак тилек.

Мөлтүрөп бышкан жүзүм кирпик ирмеп,

Сүйөм,- деп өкүмдарга кылды белек.


Махабат – кылыч белем от чыгарган,

Чартылдап жалын ойнойт алсырасаң.

Жанында акса кашка мөл булагы,

Чаңкаган ичет сууну уу чыланган.


Муңканган кыздын өңү ачылганы,

Жыпар гүл жыттуу болуп чачылганы.

Мээримге кенен толуп ордо ичинде,

Хан менен жыргап-куунап жашап калды.


Жаркырап тийген күндүн нуру – дилде,

Махабат – мүрөк суусу иче билсе.

Ордолуу хан шаарында ичкен мүрөк,

Тынчтантты көңүлдөрдү кадыресе.


Махабат гүлдүү бакта ачылганда,

Шүүдүрүм мөлтүр тамчы тамчылата.

Шербетти куйган сымал чөйчөктөргө,

Толтургун жүрөктөрдү махабатка!


Махабат – кумар оту өрттүү белек,

Ааламдан түшкөн октор сезим мелжейт.

Сыйкырдуу от тутантып, уу жуткурган,

Жүрөктү көзөп өтчү чоң керемет.


Кумарлуу сөз айтылды ортобузда,

Мөөрканым, чоң махабат дил толтурса,

Оозумдан бал-шекерлер тамызганда,

Оолугуп жүрөк турат тынчтык буза.


Нурданып көпкө карап ал олтурду,

Окуя тез бүтүрүп сыр окулду.

Түн ичи. Ай чыкканда уйку келип,

Улантам, эртең деди отубузду.


Эртеси күүгүм кире от жагылса,

Ортодо балдар ойнойт тапырата.

Антаңдап кирип келсе кичүү уулум,

Кайыктай толкуйт жүрөк дарыяда.


Апа, - деп сөздү салып эркелесе,

Элжиреп өрттөйт денем теше-теше.

Тагдырым тайкы эмес о Жараткан!

Өзүңө ыраазымын ушул кечте.


От күйсө албууттанып ысыйт дене,

Магдырап уйкум келет эминеге?

Жантайдын сөзүн угам,- деп олтуруп,

Уйкуга алдырыпмын түн киргенде.


Кабылан баатыр жатты өйдө карап,

О Ак Мөөр, тургун,- деди колун жаңсап.

Келбети келишкенден ай-ааламдын,

Бул сырлар мекенин таап жерде калат…



Шум ажал
Аткан таң, күйгөн шам болчу чырак,

Катылган сырлар айтсам келет кубат.

Курган жүрөк чыдабай булкуп алса,

Артымдан келген сыйкыр сөздү курайт.


Аттиң ай, арман дүйнө эминең кем?

Эзелки доордун сүрүн элестеткен.

Алапай таппай калган учурлардын –

Кээ бирин айтпай жанга эске түйгөм.


Элтейип карап турсам шум ажалды,

Өлүмдүн сүрү күчтүү басынтабы?

Апкаарып калгам анда сөз айталбай,

Не дейин? Бул окуя эсте баары.


Жаргылчак данды жарса азык болот,

Артымдан келген дүйнө нени ойлойт?

Жоготтум бир акылман азаматты,

Айрылдым, катыгүн ай бүгүн шорлоп.


Айлана күңүрт тартты капа кылып,

Жароокер көз нурларын тыйпыл тыйып.

Көөнүндө айтылбаган сырлар калды,

Каран түн башка түштү жашты куюп.


Боз үйдүн ичи толду адамдарга,

Жараткан! Кылам эми кандай арга?

Кайрылып канат калды не кылайын,

Кайраттан тайдым бүгүн барбы айла?


Балдарым байкуш болду жетимсиреп,

Ажалдын сүрү күчтүү каңгып жүрөт.

Каарыңды токтотподуң о Жараткан!

Капамды көбөйткөнгө жан түңүлөт.


Курган жаным! Малындым кандай шорго,

Айрылып жолборсумдан кор болдум го.

Кайрылып келбес жайга кеткен адам –

Тандырып эс-акылдан кайгырттың го.


Кайдан келет ажал деген шум өлүм?

Аргымакты жандап минип жүргөнүң.

Айрыдыңбы Жантай хандан шум ажал,

Жабыктырып медеримди – түгөйүм.


Канкор ажал шумкарымды алдыңбы,

Чабыттатпай көөмп көргө салдыңбы?

Түн ичинде сопсоо турган Жантай хан,

Жайдак кылып канын ичип кандыңбы?


Куураттың, куураттың го, куураттың,

Курдашымды алып мени ыйлаттың.

Тирүүчүлүк нуру турса чачырап,

Ардагымды жулуп колдон суналттың.


Шордуу жаным кылайын кандай арга,

Кайгым толо чөмүлдүм го азабыңа.

Арманы көп атаганат бул дүйнө,

Тосо албадым төшүмдү ажал сага.



Мөөр кошогу
Бул кошок оозума куюлушуп келип жатканда жан дүйнөм жабыркап, көзүмдөн ысык жаш куюлуп чексиз муңга толгон үн менен коштум эле. өлүм драмасы коштолгон мезгилден тартып бир ай чамасында жакынымдан айрылган таризде көкүрөгүм ачышып, бук болуп азап тартып кыйналгам. Сагынычка жык толгон көөдөндү кыскан бул жоготуунун залдарын али күнчө поэманын ушул бөлүгүн, поэма жазылгандан он жыл аралыгы өтсө да (поэма 1996-жылы келип түшкөн оозеки түрүндө), окуган сайын сезип келем. Демек ошол доордо Ак Мөөрдүн чыныгы кайгысы менин жанымдын кайсы бир бөлүгүндө али күнгө чейин сакталуу. Мына азыр да кусалануу аралашкан көөдөндөгү кысылуу сезими менен мен али таппай келген Элестин (Жантайдын) мээрими мени сагынтып, издетип келет. Жекшемби, 11-Сентябрь 2005-ж. 22:33
Кубатым менин Жантай хан,

Арбап бир кеттиң шум ажал.

Алты бир канат боз үйдө,

Ардагым өттү шум ажал.


Чуурултуп көздөн ысык жаш,

Алып бир кеттиң шум ажал.

Жарык бир нурум Жантайды,

Жалп эттирген шум ажал.


Жабыктырып Ак Мөөрүн,

Кан төктүргөн шум ажал.

Не кыламын бул күндө,

Ардагым көчтү о дүйнө.


Алты бир канат ак боз үй,

Туу кылайын тигиле.

Кайрылбай кеткен Жантайым,

Ардактадым бул дүйнө.


Бурултпай жеткен шум ажал,

Буулуктурба сен мени.

Бууданым көчтү дүйнөдөн,

Акыл берет ким эми?


Жабыркап дүйнө көчтү асыл жарым,

Ардагым, сүйгүнчүгүм, акылманым.

Ажайып дүйнө сыры мына ушунда,

Бүгүн бар эртең кетет билем дайның.


Не айла? Өлүм келди. Алып тынды,

Акыркы сөзү кайда? Не угулду?

Тагдырдын жазмышы бул – Өлүм тура,

Өзгөчө адам элең – таң жылдызы.


Дайрадай ашып-ташкан ушул дүйнө,

Дагы да адам жашайт көп жүгүнө.

Көрктүүлөр бул дүйнөдөн өтөт далай,

Жылдызым! Айтам сырды ушул түндө.


Кыңайып жаткан элем, Мөөркан, - дедиң,

Айтайын жашыруун сыр. Ук медерим!

Ууртуңдан күлкү чачып жашаргансып,

Ошол түн жаш баладай мелтилдедиң.


Кайратың ашып-ташты о баатырым!

Оозуңдан шекер чачтың жарык нурум.

Каармандык кылып азга бойду түзөп,

Чакырып тез жаныңа айттың чының:


– Тагдырым ушул тура. Барбы айла?

Ичер суу түгөндү го бу жалганда.

Ажалдын буту басты ушул үйдү,

Мөөрканым, жаның кыйба. Жабыркаба!


Чакыргын тууган-туушкан. Айтам сөздү,

Акыркы керээз ушу. Кейибечи.

Ууртумдан чыккан кепти эстеп калгын,

Акыйкат жер бетинде өрттү кечти.


Кагылам кыргыз элдин караанынан,

Дем берип кайратына туу тутунткан.

Эзелки өткөн доордун окуясын –

Улантып айтам чындык унутулган.


Кең-кесир өргөө ичи… Эл топтолду,

Энтигип Жантай сүйлөп сел козголду.

Саамайым жыттап-жыттап көпкө олтуруп,

Кагылып караанымдан айтты ойду:


– Жаркыным, жарык нурум кейибечи,

Жашоонун аягы ушул – өмүр кечи.

Кайтайын сапар тартып бул дүйнөдөн,

О дүйнө кетчү мезгил келген кези.


Жабыркап Жантай турду сыздап азга,

Кайрадан күч жыйнады бул капаста.

Кадырман эли-журтум уккула кеп,

Жашоонун бул өйүзүн таштайм аста.


Жоругум жомок болоор журтум билсе,

Ак Мөөрдү баарың сыйла калбай мүлдө.

Ажайып аткан таңдын шооласындай,

Бул аял барктуу болоор калк ичинде.


Кайратым тайды бүгүн, келди кезек,

Акыркы сөздү айтам колду кезеп.

Керээзим – сөзүм ушул уккула, - деп,

Акырын көтөрдү баш Жантай түзөп:


– Балдарым, урпактарым болсун мыкты,

Байкагын, түйгүн эске кеп чындыгын.

Салынган төшөк болуп жер астында,

Көрөйүн тагдыр жазмыш – өлүм сыйын.


Өрттөнүп жүрөк кетти сыздап-сыздап,

Зыркырап көкүрөгүм жатты туйлап.

Жардам кыл о Жараткан! Төгүп жашты –

Жалдырап катты көзүм денем муздап.


Чын эле Жантай хандан айрыламбы?

Жактырган асыл жарым жан кыябы?

Жадырап турса боло жанымда, - деп,

Дем менен чыккан жалын көз тунартты.


Көөнүмдө жаттым ыйлап далбас ура,

Жаркырак күнүм батса болом куса.

Баатырым таштап мени дүйнө көчсө,

Ордуна жатам эми кимди кыса?


Жантайдын айткан сөзү кайталанды,

Шаңк этип бир убакта үн улады:

– Калайык калкым уккун, кайрат кыл, - деп,

Бир азга тыныгып ал сөз чыгарды:


– Сөөлөттүү адам болсо Жантай ханың,

Аталап чуркурагын, ыйды салгын.

Бапестеп көмөөр жайым тээтигинде,

Көрсөттү колду кезеп батыш жагын.


Балдарым, атаке, - деп ыйлагыла,

Атаңар дүйнө салат бүгүн мына.

Калкымда жоолашуулар аз болсо дейм,

Биримдик – мурас кылган ата-баба.


Булгалап азга колун сөз сүйлөдү,

Артынан унчукпастан аз күлгөнү.

Акырын үнү чыкпай секин пастап,

Ылдыйлап куш жаздыкка баш сүйөдү.


Оң жакка башты буруп айтты кайра:

– Ажалдын оозун буучу барбы айла?

Адамзат баласына мезгил сыноо,

Ар адам өмүр жолу – аккан дайра.


Өлөмүн, - деп ойлогон жок элем го,

Ажалдын айбалтасы бүгүн колдо.

Кейибе жер бетинде боорлорум,

Баарыңды бек кучактайм кетер жолдо.


Кыйналды сүйлөй албай аздан кийин,

Тунарган көзүн көрүп кейип ийдим.

Кээ жерде кебин таппай булдуруктайт,

Ажалдын күчтүү оту каптайт түтүн.


Көпкө ал карап мени көз тунарды,

Энтигип айталбады сөзүн жаңы.

Буйругу тагдыр деген ушул тура,

Жантайдын жаны үзүлдү! Бүттү баары…


Апкаарып калдым азга эстен тана,

Мөлтүлдөп аккан жаштын изин кара.

Чыкпай үн буулуккандан куйкалантып,

Ысык жаш өрттөп кетти от тутана.


Күл болуп алдан тайды курган жүрөк,

Акырын дем кысылып жаным күйөт.

Эриним дирт-дирт этип токтоналбай,

Жер көчүп муунгандан издейм тирек.


Буулуккан ой ичинде өлүм зары –

Денеме таркаганда жер карарды.

Дем жетпей муунуп барам колум муздап,

Дарыя болуп акты жашым дагы.


Карайгандан карайганы айлана,

Эстен тандым. Билбейм кимдер бул жайда.

Үнүм буулуп көрбөй калсам эч нерсе,

Туңгуюкта бардым кайда камала.


Элес келди… Колунда чоң айбалта,

Антаңдады мени карай жай баса.

Жарык нуруң өчтү бүгүн сенин деп,

Карк-карк күлдү көзүндө от жайната.


Ал аңгыча келди үрөй капкара,

Кайдан-жайдан пайда болду аптыга.

Эки көздөн жалын чыкса шыркырап,

Жаның алат келип сага чынында.


Кейип-кейип ал, - деди,

Кейишке башты мал, - деди.

Кетти Жантай дүйнөдөн,

Жесир болуп кал, - деди.


Жер жай айланды,

Дабырт келип шайланды.

Дүңгүрөгөн жер бети,

Атты чапты камданды.


Берди кабар, кайра жерге бар, - деди,

Отту бекем карап эми кал, - деди.

Кыйналбастан мында калбай баргын да,

Кайратмандык жер бетинде ал, - деди.


Артымдан келип ак жуумал бир адам,

Атты берди: – Карма муну чылбырдан.

Көтөр башты, хан Жантайга кошок кош!

Караламан ушул түндө жабыксаң.


Карачы! Будуң-чаң түштү айлана,

Байкасам, таныпмын эстен мен гана.

Тапыр-тупур үндөр чыгат белгисиз,

Жатсам соолуп капкара түн далдаада.


Келгенсип азга эсиме,

Ажалга бардым кезиге:

– Жантай ханды сен алсаң,

Албадың неге кечиге?


Кечээ бар, бүгүн жок, - деди бул адам,

Тагдыр деген ушу экенин бил дамам.

Өмүрдүн ойку-кайкы сырлары көп,

Кеткин жерге! Уккун сөздү тил алсаң.


Айдан келди көз тунартып бир элес,

– Жантай сени бир кетелик жүр дебес.

Жер бетинде баары күтүп турушат,

Жесир болдуң, айткын кошок эл билбес.


Тур! - деди бир адам,

Көргүн өлүк суналган.

Жашыл кемсел чечкин да,

Жамынгын чепкен карадан.

Сергек көңүл өчүргүн,

Айткын кошок чыңалган!


Ачтым көзүм… Айланамда адамдар,

Акылымдан адаштымбы? Ким булар?

Асылзаада адам элең эр Жантай,

Кантем эми? Сенсиз дүйнө кор тутаар.


Ургаачы жолборс сыны жараланды,

Жаркырап турган жүрөк караланды.

Кайгыга, муңга баттым айла канча,

Канткенде кайра табам Жантай ханды?


Киргилт суу, аккан дайра шаркырагы,

Шамалдын уусу өтүп кансыратты.

Калканыч болду мага жарык дүйнө,

Жутканым болду уулуу кайгы каны.


Капалуу шумкар сымал шагым сынды,

Мөлтүлдөк шылдыр булак укту муну.

Түнөрүп турган мени карап көктөн,

Ай дагы сунса колун келди нуру.


Улгайдым… кантип эми табам арга?

Тагдырдын жазмыш күчү татаалданса.

Жараткан жабыктырбай кылчы жардам,

Канткенде бороон жиреп кылам айла?


Уулдарым, кулундарым не кылалы?

Кансырап кайрып бер деп сурайлыбы?

Буйругу улуу Кудай ушул тура,

Жаткан жай болсун торко аңкып жыты.


Жергемде адамдар көп толгон күчү,

Акырын бастым жүрөк кайгы көчүн.

Өрттөнөт, жалбырттанат күйгөн денем,

Суу куюп өчүрө албайт өрттүн ичин.


Өзгөчө адам элең о Жантай хан!

Өзүңдү сүйгөн элем акылмандан.

Тагдырдын татаалдыгын карап көрчү,

Өмүрлөр кыскартылып жол уланган.


Душмандар, туугандар да эл ичинде,

Жантайдын акыл сөзүн кемитпесе.

Кесээртип салбас деймин бүтүн кыргыз,

Жардыгы Жантай хандын болсун эсте.


Жабыктым, көздөн акты жашым ысык,

Жараткан жаалдандың көөндү кысып.

Кечээги тирүү Жантай кетти бүгүн,

Шум ажал шаштың мынча кан кустуруп.


Асыл жарым күттүң мүнөз жайдары,

Күрөштүң Акыйкат деп жашаганы.

Жалпыга маалым болсун атың күчтүү,

Айтайын ушул кошок-дарыяны:


Тагдырдын салар изи ушул беле,

Хан Жантай салдың дүйнө эминеге?

Эрезе жетпей калды кулундарың,

Канткенде өксүбөймүн күйүп дене?


Жалынга, өрткө салган Ак Мөөр жарын,

Асылдын асылдыгын кеп кылайын.

Береке төккөн журттун тээ кырында,

Жантай хан болгон элең элге дайын.


Жабыкпа, о баатырым, мээрманым,

Акыйкат, чындык үчүн күрөш салдың.

Каарданып, каарыңа алып кээ учурда,

Кыргыздын эли үчүн күйгөн жаның.


Элге кеткен дайның айтам кантейин,

Капилеттен кете бердиң алпейим.

Артык адам таппайм эми сенчелик,

О баатырым, толбойт ордуң, кең пейлиң.


Ойдолоткон бул дүйнөнүн тагдыры –

Тамашабы? Кайда дүйнө акыры?

Жүрүп-жүрүп адам өтөт дүйнөдөн,

Эмне тапты? Алды неге баатырды?


Келди ажал хан Жантайга кол салды,

Өттү жанга жаалданткан муң-зары.

Өрттүү ажал тынбай артка куугандан –

Асыл баатыр о дүйнөгө аттанды.


Күйүт басты, санаа басты демимди,

Тагдыр деген ушул белем кемиди.

Башымдагы ак элечек алмашып,

Капкара түн чулгап кысат пейилди.


Чоочун жанга кор боломбу кантемин,

Кандай айла кылаарымды билбедим.

Артык бекен ал дүйнөнүн жашоосу,

Кеттиң таштап кимге мени, кетпегин!


Жети катар жер астында жай барбы,

Жантай баатыр кеттиң кайда,? Айгабы?

Жашыл жайлоо, ак чокусун Ала-Тоо,

Ардактайлы, келчи бирге басалы.


Ооз толтура орошон ой келгенде,

Айталбады баш айланып теңселе.

Оордотуп салдың мыкчып жүрөктү,

Ошондуктан ушул дүйнө тар беле?


Тардык кылба. Зарлантпачы шум дүйнө,

Сынды шагым, дүйнө бүтүн кан беле?

Кабыргамын теңи кетти сөгүлүп,

Кантип чыдайм пейили тар дүйнөгө?


Миздүү кылыч жер алдына кетеби,

Же бул дүйнө тойбой көзү өтөбү?

Тагдырлардын татаалдыгы ушунда,

Кызыл жалын канын ичсе кечээги.


Эркелеймин эми барып мен кимге,

Элестетчи, о шум ажал дилиңде.

Тагдырымдын калпыстыгын карачы,

Өмүр деген кыйма-чийме жол беле?


О шум ажал! Алып кеткин сен мени,

Тагдырымдын тайкы бели теңделди.

Пейлиң тарбы? Берекесин кетирдиң,

Төктүм сырлар көөнүмдөгү – дилдеги.


Каран түндү салдың башка түңүлтө,

Кийдим кара жумурткадай ак үйдө.

Аргасыздан ойлойм сени шум ажал:

– Кайдан келдиң биз жашаган чоң үйгө?


Чакырдымбы? Келдиң неге чоң желдет,

Алдың Жантай көпкө жүрүп титиреп.

Ак элечек баштан алып салдырып,

Капкара түн чүмкөгөнгө не себеп?..


Кеткин мындан, келип болбо убара,

Эрегиштиң ушул жолдо журтума.

Кадырлашты алып тындың жалмаңдап,

Баш бакпагын, босогомо жутунба!


Ойго батты… ойлоп жатты бул дүйнө,

Орду толгус жоготууну бул үйдө.

Ойрон болгон бул жашоонун кайгысы –

Көөдөнүмдү көпкө басты түңүлтө.


Оо, Жантай хан! Баатыр элең, шер элең,

Кыргыз элдин даңкын сыйлап сыр билген.

Топурагың болсун торко кааларым –

Болсун сыйың ал дүйнөдө чын дилден.


Сый-сыпаттуу мырзалар көп келгенде,

Оокат-аштан ооз тийишсе чирене,

Оолжуп жаткан Жантай хандын денесин,

Көргүм келди жандай калып тигиле.


Алдан тайып турган кезим… Кыйлага –

Аргасыздан төктүм жашты кылгыра.

Карааныңдан кагылайын Жантайым,

Кеттиң кайда таштап мени бу жайга?


Жабыктырбай чыгарганда белеске,

Жалтайлаган жаштык кезим калды эсте.

Бажырайган тирүүлүктүн жыргалын –

Барк албадым, арман кылам бул кечте.


Буйруганы тагдырымдын бул тура,

Жеталбадым бийик турган чокуга.

Туурдугумдун шумкары элең. Сен кайда –

Кеттиң таштап зыркыратып муң суна.


Кагылайын Жантай ханым – асылым,

Ак Мөөрүңдү кантип кыйдың баатырым.

Ажал келсе каршы ага туралбай,

Алсыз болдук. Бөлүндүк го жакыным.


Буулугамын… азыр эсте ал өмүр,

Апыр-тапыр болгон кезең кир көңүл.

Эстен тана жыгылганда келди күч,

Кеттим кирип туңгуюкка терең бир.


Алдымда жар… таппай амал ыргалам,

Барам кайда, кантип мындан чыгалам?

Бийик жардын коркунучун көргөндө -

Тырмышамын, жандалбастайм, тырмалайм.


Келдим эске, айланамдан көп адам –

Ыйлайт баары Жантай дешип кыйладан.

Кетти мырза, кетти асыл адам, - деп

Эскеришип жатты баары кыйбаган.


Коштум кошок… көзүмдө жаш көп салаа,

Көнөктөгөн кызыл көзгө из сала.

Эрдим тиштейм элестетип көп жолу –

Жүргөн кезин эл башкарып бу жайда.


Күйүтүмдөн салаңдады кайран баш,

Каран түндү салды башка ушул жаш.

Улуу-кичүү ыйлайт баары дүңгүрөп,

Кыйын экен ажал чапчып кансыраш.


Уул таптым, кыз таптым мен төрүңдө,

Кагылайын Жантай ханым, түңүлбө.

Буйруганы тагдырымдын кем тура,

Калдым артта кайгы-муңга чөмүлө.


Кан жуткурган шум ажалдын элеси –

Алды сени. Келди кайдан бул өзү?

Кайырмагын сага салган желмогуз –

Алат демди. Кайдан келет сүрөөсү?


Шүүдүрүмдүү чөптөр ыйлап, тал ыйлап,

Тагдырлашка салдым муңду зыркырап.

Кыргыз элдин баатыры, деп кыйла журт,

Калчылдашып буркурашса – чуулдак.


Кайгы-муңдун залдары көп болобу?

Бул асырет адам көөнүн жоёбу?

Жошологон көздөн жашым салаалайт,

Тагдыр минтип тороп жолду кордоду.


Оо, шум ажал! Таптың ордуң чырмалып,

Адамдардын өмүрүнө муң салып.

Кайгы берип, касыретти алдың сен,

Оңбой калчы о шум ажал мынчалык!


Тадыр деген татаал тура кылымдан,

Тамашасын бул жашоонун туюнган.

Чоо дайрасын айтам азыр кулак сал,

Айран калбай о Жантай хан ук ылдам.


Ооздон оозго өткөн жомок чоо жайы,

Карапайым кыргыз элде жатабы?

Алды-артын билбей хандын кеп кылса,

Ак Мөөр сыздап угуп кепти айтабы?..




1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   12


©netref.ru 2019
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет