Ашымбаев Бой тумар Асыл ой берметтери, акыл-сезим дүрмөттөрү, уютмалар түрмөктөрү. Кыргыз тилинде Калканбай Ашымбаев. Бой тумар. Б.: Эркин-Тоо, 2007. 112 б китебинен алынды



жүктеу 1.01 Mb.
бет1/7
Дата01.04.2016
өлшемі1.01 Mb.
  1   2   3   4   5   6   7
: uploads
uploads -> Қазақстан республикасы төтенше жағдайлар министрлігі көкшетау техникалық институты
uploads -> Қазақ тіліндегі ресми іс-қағаздары Басқару, ұйымдастыру, өкім шығару қызметіне қатысты құжаттар
uploads -> А. С. Макаренконың өмірі мен педагогикалық қызметі
uploads -> Ян Амос Коменскийдің педагогикалық қызметі мен теориясы. (1592-1670жж)
uploads -> Приложение к части а1
uploads -> Рабочий проект
uploads -> Кирилл Куренда: двухлетний вундеркинд Не иначе как вундеркиндом можно назвать Кирилла Куренда из крымского села Владиславовки. В свои два с половиной года он уже знает все буквы алфавита умеет считать и освоил азы компьютерной грамотности


© Ашымбаев К.А., 2007. Бардык укуктар корголгон

Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес

www.literatura.kg сайтында жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 23 январы
Калканбай Ашымбаев

Бой тумар
Асыл ой берметтери, акыл-сезим дүрмөттөрү, уютмалар түрмөктөрү. Кыргыз тилинде
Калканбай Ашымбаев. Бой тумар. – Б.: Эркин-Тоо, 2007. – 112 б. китебинен алынды

УДК 821.51

ББК 82.3 Ки

А 98


ISBN 978-9967-24-421-4

А 4702300000-07



Ассалоому алейкум, ардактуу окурманым, жана болочок жеткинчектер!

Абалтан калган салтка салып,амандык сурашып алганыбыз адамдык ыйык парзды актаганыбыз болор. Силер эсен болсоңуздар, биз эсенбиз. Ушундан соң уя баскан ойлордон учкай гана кеп урайын.

Жыйырманчы кылымдын аяк ченинен баштап, ХХ1 кылымдын баш чендеринде кай бирөөлөр караңгы көрдө жаткан арбактар менен аңгеме дү- көн куруп, алтургай алардын сырын тартышып, эркин чыгуучу гезиттерге жарыялап, эс-акылы быша электердин, карыса да акылы алешем бойдон калгандардын оозун ачырды. Кай бирлери көмкөрүлгөн көк асмандын жети катарынан наркы тереңдиктеги Теңирим менен космостук аян берүүчү касиет аркылуу сыр тартышты. Биздин эрага чейинки жана андан кийинки философтордун, илимпоз-ойчулдардын илимий эмгектерин аңтарып көрсөк, «а дүйнө» менен да, Алла талла менен да аян сымал аңгеме сырлар туурасында ныпым айтылбайт.

Ал тургай Теология илиминин докторлору менен пикирлешип, тереңдете собол салсак: «Кудайга күнөкөр болобуз. Ырымчылдык, бакшылык жана көзү ачыктык Мухаммед пайгамбардын хадисинде катуу айыпталат»,-дешти.

Айтор, марксизм-ленинизм окууларын отко жагып, орто кылымдын өчкөн очогунан учкун издеген илимпоз сымалдар аалам сырын аңтара салгандай дарбышты. Ошолордун айрымы оро-пара жолуга калып:

- Ата, уулума бой тумар чийип бериңизчи кез-кез түшүнөн чочуйт,- деди

- Уулуңуз «а дүйнөдөгү» арбактар менен аңгеме курган аялдардын айыңын аңдап, американын «ит чагылыш» жана киши-өлтүргүч кинолорун көрүп жүрбөсүн.

- Үстүнөн чыктыңыз. Азыркы балдарың ошондой кинолорду түн бою көрсө да тажабайт. Анан калса, көз тийгенби-ай аруркап жүрөт,карааным десе. Сизге тумар чийдирип алышка ниеттендим эле.

- Бой тумар бир саатта, бир эле күндө чийиле койбойт. Аз дегенде көп айга созулат. Ошондо ал тумар адамдын жан дүйнөсүн аралап, канына сиңет

Уул-кызы «учуп жүрмө» илдеттерге кабылган ата-энелер айласын таппай ар кайда урунуп, дартка даба издешет. Ал тургай бөбөктөрдөн өйдө:

- Ата, мен канткенде жакшыга жанашам,- деп кат жазгандары арбыды.

- Коомго жайылган жапайычылыктын жабык дарты жалпыбызды жабыркатты белем. Бой тумарды бош жүргөн жан багар олжокечтер жаза албайт.

Ал сөз-көкүрөк дарт, көз жаш менен жазылат. Ал сөз- кыжырлана кайнаган кандан улам калкып чыгат. Элибиз эзели мындай айбандык кумарга батып, ач көздүктүн сазына тыгылган, ата салтынан ажырап, абийирден кагылган жорук-жосунду көрбөгөн. Ошол себептен эми гана ал жосунду арабыздан аластап салыштын амалым издеп, күрөшкө аттанып олтурушат. Калкыбыздын каада-салтын кайсап салаар, караңгылыкты жамынган кара санатайларга каалганы каалашынча ачкан калп каткырык, убадакөй качып кетти.

Ооба, эми гана баш-учту алып,уул-кыздарга, кала берсе, урпактарга Сиз тапшырган бой тумарды чиймекке калем жумшайын.

Бой тумар болочок муундарга да багышталат. Алардын өкүлүн Урук атадым. Асыл ой берметтери алардын көөдөнүнө үрөн сымал себилсин.

Эне көзүнүн кычыгына келген жашын жоолугунун учу менен сүртүп, алкап жиберди:

- Өлкө тиреги болор өспүрүмдөргө өрнөк көрсөтөр өзүңдөй карыларыбыздын көөдөнүнө кадимден калган нарк, салт түнөктөсүн. Калктан абийир алыстап, сезгичтик,адилдик жана айкөлдүк адашкан маалда алардын үрөнүн чубурткан элдик жүрөгүңүз түрсүлүнөн танбасын!

- Айтканыңыз келсин! Бар болуңуз!
Автор

Биринчи кат
Ассалоому алейкум, Урук бөбөгүм.
1. Адам болгум келет депсиң. Тилегиң кабыл болсун, жарыгым. Ата-бабадан абалтан бери: «Адам болуш аста-аста, акмак болуш бир паста»- деген макал калган. Адам болор уул-кыздын жашынан жатык өсүп, жалтаңына тартып, уяң, ызааткор, кичи пейил жана боорукер болгону - жабык жерде туруп алып, жалпыга жарыгын чачат, көмүскөдө жүрүп, көпчүлүккө ыракым арттырат. «Көкжалдар чыкса элиңден көпчүлүк көрөт пайдасын»,- деп Ысмайыл акын ырдагандай, өз камынан мурда эл мүдөөсүнө күйүп жанат. Ошондо барып эл: «Анык Адам тура, айланайын, кудай бизди куру койбоптур» - деген кудуреттүү сөзгө канат. Сөз билгенге, кеп түйүнүн чечкенге, адам жөнүндө мындан артык айтыш чекилик болор. Бар бол, Урук бөбөгүм.

2. Адам кай маалда таанылат депсиң экинчи соболуңда. Кай улутта болбосун: «Адамды сырт сымбатына карап кабыл алып, ой парасатына жараша узатып коёт», - деген накыл айтылат. Ошондон улам : «Сырты жалтырак, ичи калтырак»- деген учкул кеп ооздон оозго көчүп келет. Албетте «Жыгач көркү жалбырак, адам көркү чүпүрөк»,- деген кепти көкүрөкө түйгөн оң. Бирок, бир күндө үч кубула кийинип, ошого жараша жүзүн да ,дилин да өзгөртүп жибергенди «Дилдирек баш» дешет. Андайлар өңдү көрсө, жүз тайды; мансапка көшөкөр,байга жугундукор,кедей кем бегалды тушарына теңебес зор. Билимдүүлүгүн тилинен тааныткан, көрүнгөнгө акыл айтып жадаткандар элге эрте билингени болбосо, тезирээк эстен чыгат.

Урук бөбөгүм, улуу адамдардын өмүр жолу жөнүндө жазылган китептерди окудуң беле? Алардын баары карапайым, жөнөкөй, антка бек, өлкө тагдырына өмүрүн сайган инсандар. Жөнөкөйлүктүн өзү-улуулук. Буга бир гана тарыхый мисал - И.В.Сталиндин өмүр бою жалгыз шинел, жеңи кырылган күрмө, тумушугу көөнөргөн батинке менен өтүшү мисал. Кезинде югославиялык карт коммунистер : «Биз Сталиндик шинелден чыкканбыз» - деп «Правдага» жазышкан.

Биздин эрага чейинки төртүнчү кылымда жашаган Кытай даанышманы мындай деген экен: «Аскер кийимин кийген падышанын сырткы түрүндө: «Элим, мен сенин жоокериңмин, мени кайда буюрсаң ошол жакка даярмын. Мен сени жат душмандан коргойм», - деген ой катылып жатат..»

Демек адам, сырты алтын, күмүш жалаган сымбаты сылык сыпаа,бал татыган сөзү менен эмес, калкына каржилигин казык эткен эмгеги менен бааланат бекен?

Ошондон улам: «Жакшы өлсө- баркы калат, жаман өлсө- тарпы калат»,- деген накыл тараган.

Бар бол, Урук, бөбөгүм.

3. «Үн катпаган үйдөй балээден кутулат» дегендин түп жайын сурамжылапсың. Кай бир сөздүн кош канаты болот; башына күн түшкөндө башкага байкатпаган оң; душманы кыйнаганда сырын катып, ооз ачпаса, албетте, андайда кырсык кыйгап өтөт. Ар качандан - бир качан ишин тымызын бүткөргөндөргө эл суктанып келген. Капыстан камдалган иш калк оозун ачырат. Тымызын байкалбай жүрүп, ой-максатын жан адамга туйгузбай жабык күтүп, бийик максатына жеткендерге ким болбосун суктанат. Непада, бүткөрөр ишиңди, ички сырыңды ачыкка салсаң ээн ооздор экиленте алып учуп, аның аткарылбай калышы ажеп эмес.

Ошол себептен жаагын баскан жабык сырлуу жараңдарды жан бүткөндүн баары жактырып келген. Тилин тишине камаган- сыртта калат коогалуу калабадан. Ушуну унута көрбө, Урук, садагам.

4. Акылмандык жана эрдикти эңсептирсиң, Уругум. Бул экөө жүрөктүн эки толтосу сымал, кудуреттүүлүк менен өлбөстуктүн үрөнүн чачат. Акыл менен күч- көз менен кол сымал. Акыл жетик болуп, эрдик кемтик болсо, суу жетпеген такыр сымал. Акылсыз кайрат-абийирден айрат.Күчүнө чиренген каман кыял- өз өмүрүн кыяр.

5.Менден үмүт эткендер арбыды депсиң, акыркы соболуңда. Ошонун өзү жакшы саамалыктын санаты, колунда барын аябаган жоомарттыктын адаты.Башкадан садага алгандан көрө алсызга ажат ачканың абийир тапканың.Алтын башың аманда сенден алайын деп турсун, бирок «ашыңды ичейин, кадырыңа чычайын» дегендин бети курусун. Бул жагын да эсте, көрөңгүңдү көңтөрүп, ашкере чаап кетпе.
Экинчи кат
Ассалоому алейкум, ардагым Урук!
6. Жетилген курак жөнүндө жеке пикиримди сурапсың жарыгым, Урук, Сен жарыкчылыкка келгенде атаң асан чакырып ак тилек менен атыңды Урук атады. Ушуну ата-баба салтын, ар намысын жана абийрин, эрдигин жана айкөлдүгүн кийинки муундарга урук сымал чачыраткай эле деген улуу тилекти артып олтурушат. Ал эми, андай адам жашынан абийир күтүп, күн санап, акыл-оюн байытып, денесин чыңап, эркин курчутуп, кыйынчылыкты жеңе билген эмгекчил, ар өнөргө машыккан эпчил болгону кажет. Ошондо барып, ою тереңдеп, акылы бышып, көз карашы кеңип, улуу максаттарга кол сермейт. Кай бири эрте жетилет, кээси кечеңдеп барып телчигет. Айткан сөзү - акыл-ой; бүткөргөн иши бүт элге пайдалуу келип,күнүлөшүнө да күлө бага кол берип, жамы журтка жагымдуу көрүнгөн инсан менен аңгеме-дүкөн курушту аңсагандар арбыйт.

7. Бийлик ээсинен бийик турушка болобу, деген соболуна кесе жооп кайрыштан кетенчиктеп турам. Мансаптууну жеңип басынтам деш чекилик да, ыңгайсыз да, коркунучтуу да болот. Ырас, жеке сапат жагынан бийлик ээсинен ашып тургандар арбын. Бирок,бийлик-ызакор, шекчил, бардыгын багынтышка кумар.Бийликтен ашам деген башын жеген, теңдешем дегендер текөөрүнө кабылган, буларды астыртан аңдаган амалкөй куу ага кудайындай табынган. Алардан артыкчылыкты аңдатпай, кеп-кеңешин жандатпай, бергенине кубанып, дегенине жубанып, күн өткөргөн оң. Асман түпкүрүндө жымыңдаган жылдыз толгон айга тоскоолдук этиш кайда?

8. «Жоо сайган батыр эмес, дене кумарлыгын женген батыр» деген акылман сөздүн түпкүрүнө үңүлгүм келет депсиң, укумчул Уругум. Дененин жүрөктөн төмөнкү мүчөлөрү акылсызды азапка салат,ач көз соргок денесин көтөрө албай,айыкпас дарт табат; айлуу түндө адашкан, сойкуларга жанашкан, алыска жашаар сапарынан калат. Дене кумарын тыйган мүрөк суусун татканып, панардай жанат.

9. Жердештериңдин жексур жорук-жосунунан адаша бил, урматтуу Уругум. Байыртан бери жолочудан жолуга калгандар:

- Кай элден, кай жерден болосуң, кимдин уулусун?- деген үч соболду алдына тартышкан.

Бир эл - момун чалыш, айкөл жүрөк,адамды турат алга сүрөп. Бир эл кылычынан кан тамган, коңшуларына жанжал салган; бир эл арампөөш, жуукур,ай-ааламга акылы жеткен, алтын-күмүшун артынып алып, ичкен кудугуна түкүрүп кеткен. Бири жүрөт- мал эмчегин эмген, бири-жерден алтын эңген, адал жүрөк кудай деген. Демек, кыргыз элиңе сыймыктан, Уругум. Азыгын алыстан келер мейманына сактаган,жүрөгүнө кылдай арам жатпаган эл тез алданып, ал жоругун айыптап, бат оңолот. Элине коргон болоор уул ызалыктан бийик турат, ыпластыкты боюна чендетпей, ыймандуу, абийирдүү жаштарды жанына имерип, жаңы конушка илгерилей берет. Ошолор гана эли-жерин сатпайт, атага наалат келтирбейт.

10. Бактылуу менен басташпа, даңктуудан адашпа. Жарыгым, Урук, бакыт көз ирмемдик көрүнүш тез өзгөрөт, ал эми атак, даңк-кебелбес кенч. Күнүмдүгүнө-бакыт өтөт,түбөлүгүнө-абайир, атак укум-тукумга жетет. Бирок, абийир, атак азап-тозок менен оролот. Ушуларды эсиңе тутсаң, атак-даңк артыңдан өзү барат.
Үчүнчү кат
Ассалоому алейкум, Уругум !
11. «Акыл ооштур, ырыс жугуштур» дегенге чала-моңол түшүндүм депсиң өткөн жолку катыңда. Абалтан калган макал-лакаптын тек-жайын терип-тепчип туюнтпаган, ишенимдүү мисалдан муютпаган айып өзүбүздө. Жашынан көптү көрүп, катаал турмушта кагылган,күн санап окуп, жан дүйнөсүн байыткан адам менен баарлашсаң турмуш мектебинен сабак алгандай демденесиң. Күн санап денесин ийлеп,эркин бийлеп, акылына акыл кошкондор менен аңгеме-дүкөн курсаң ыракатка чөмүлүп, жан дүйнөң жаңырат, оюң бийиктейт. Силер курдуу жаштар, жакшылыкты жай баракат жаңшап, өткөндү санжыралап, жөргөлөтө кеп урган карыларды кадала угушту каалашпайт. Мындай кенебес кемчилик учурунда бизден да кеткен. Аларды ар убак тыңшагандар эне тилдин ширесин татканып, акыл-ойго каныгып, салт-санаадан сабак алар эле. Байыртан бери каадалуу карыгандар кийинкилерди акыл-ойго карк кылышкан.

Сөзмөр, чечен, акылман, карыларды айлына чакырып, элине эрмек эттирген эстүү-баштуу уландар чыккан. Алар чогулуп, акыл-ойлуу аңгеме-дүкөн курган жер-абийир тапкызар, эне тилди баккызар академия деп туюн, жарыгым.

12. Табыят жана искусство өнөрчүлүк, туурасында собол кыйытыпсың. Табыят жана анын музыкасы жөнүндө улуу акын Алыкулдун ырын окуп көрсөң, жаратылышка жан киргизип, көркүнө көрк демеп, ажарын ачкан искусство экенин сезер элең. Колунан көөрү төгүлгөн зергер жана жез оймок жасаган буюмдар-көз жоосун алып, кыялыңды экилентип жиберер баа жеткис кунга тете. Демек, канчалык акылдуу болуп төрөлбөсүн өзүн өзү ар тараптан өркүндөтмөйүн алма сабагынан ашпай калат. Маданияты жоктордун наркы да, баркы да мүчүйт. Адамкерчиликтин алтын аягынан аш ичпеген,өзүн өзү өстүрүштүн камын жебеген оройлуктун очок башынан оолабайт.

13. Адалдана көрүнүп, айкөлдөнө төгүлүп, ак таңдуу сөгүлүп турганды акылман дешке болобу депсиң, Уругум.

Адам коому ар түркүн күрөш аркылуу адымдайт. Күрөш дымыган жерди өлүм сагаалайт. Акпагаң суу-адам ичпес уу деп бил. Күрөш агымына арамзаалык бөгөт коюшка бөйпөндөйт; бирок адилдик андан ашып-ташат; ошол себептен караөзгөй адалдыктын чүмбөтүн жамынат; таш боор сараң айкөлдүктүн ак кементайын чүмкөнөт; жүзү кара атар таңдын нурун сүртүнөт да адамдарды тымызын оң жолдон адаштырып, аңдоостон аласалдырып, абийрин төгүшкө кумарланат; ата салтынан айнытмакка арамдыгын ашырат. Мындай учурда көрөсөн көсөмдүк таң нуру алдында көөдөй караңгылыкты жамынган жүзү каралык жатканын; айкөл жана адилдиктин чүмбөтүнө оронгон караөзгөй жана ташбоор ач көздүк тукумдап алганын көрсөтүп коёт. Демек, ак ниетти алдамакка амал ашырган арсыздык акыр түбү бетине көө шыбанат.

14. Кай жорук калкка жагат депсиң, бир сөзүңдө. Оройлук баарын ойрондойт; жылан самал соймоңдойт. Сыпайлык сырдап жиберет; сылыктыгы менен бооруна имерет, озуна салам берет, карылыкка нур төгөт, жашоону жаркытып, жагымсызга болот бөгөт.

15. Акылман акылдашың болсун, Уругум, ажарына чыгат жашоо-турумуң.Тагдыр буйруп журтка башчы болсоң, элдик уул деген атка консоң айланаңа акылмандан топто. Кыска өмүрдү жашоонун жаңы конушуна кондурар-илим-билим. Көп окуп, байыркы акылмандардын айткандарын көңүлүңө токуп, дүйнө элинин даанышмандыгын көөдөнүңө көрөңгүлөтүп жүргөндөр менен ар убак акылдашсаң айтканың угумду, акыл-оюң жугумдуу болот.


Төртүнчү кат
Ассалоому алейкум уулум, Урук!

16. Акылга салып, ак тилектүү максатты көздөсөң аткармайын койбойсун. Абдан акылдуунун бошон эрк – «картаң бээге жаш айгыр» дегендей кеп. Тамашалуу таба урматтууга уу жуткурат. Акылга жеңдирбегенди - «эсиме жара чыкты» дедиртет.

17. «Ок тиштешкен анты көп, антынан да манты көп» деген сөздүн төркүн-төсүн сурапсың.Жоокерчилик заманда ок тиштешип, антташып алып жоого бет алганда мант берип, жанын ала качкан майтарылма жүрөктөрдөн улам айтылып калган макал. Ойку-кайкы оёндор түз жүргөндү түрлүү кырсыкка оодара тартып, ошондон олжо табышкан. Бирок,арка-тирек болор антташкан адамынан ажырап калышкан.

18. Тырышчаак менен зээндүлүктүн ажырымын айтып бериңиз депсиң. Ушул экөөнү тең тагдыр буюрбаса, көөдөнү сокур делет. Ортозаар бирөө оңбогондой тырышчаактыгы менен,илээндиге жеңдирген идиректүүдөн илгерилеп кетет. Атак албан эмгектен төрөлөт; жеңил-желпи табылган атак,жеткилең бааланбайт. Жогорку кызматка илинген идиректүү тырышчаак келип, күн санап күчүнөн тайбаса, атагын сактап калат. Ким жөндөмдүү,зээндүү шыгын пайдалана албай, өзү тандаган кесиптин чебери, адиси боло албаса,ага кечирим жок.

Ошентип, шыктуулук, зээндүүлүк тынымсыз тырышчаакты түбөлүккө боюна имерген жерде ийгилик көз жарат.

19. «Алтындын зээри учурат» ак дегенди абдан такып сурапсың акыркы катыңда. Зээр деген сөздү-сыйкыр деп да туюнса болот. Алтын курусун, кыялды терметет, асмандагы айга сол серметет; өлүмдөн бөлөктү өзүмкү дедиртет. Алтындуу алсыз падышанын тагына минишке куштар, бирок акыйкат бар өз чама-чаркына туштаар. Алына чактабай, алтындын күчү менен азыноолак атака илинет, бирок жер-сууга сатып алгычтыгы билинет. Ошондо барып,зээр учурган бечера чыныгы турмушка конот. Эл мүлкүнө эсирген акмактын укум-тукумун уятка жыгаар тавериги ошол болот.

20. «Падышаң кандай болсо,дооруң ошондой» - деген сөздү билишимче чечмелеп көрөйүн. Мен Сталиндик доордо, Хрущёвдун корунда, Брежневдин боорунда,Горбачевдун «кайра куруусунда», Акаевдин ызы-чуусунда күн көрүп калдым. Сталиндик доор-адам баласынын тарыхындагы алтын доор; кийинки урпактардын жашоосуна өрнөк этээр доор; Хрущёвдун совет элине чыккынчылыгы-урпактарды дос өңдөнгөн куйтулуктан сактап калаар сабак. Брежневтики атак, даңкчыл , жан жыргаткыч, Сталиндик темирдей тартипти ураткыч, ички душман уюктаган мезгил. Баарынан коркунучтуу, жашынан жат душманга сатылган жалган коммунист- Михаил Горбачев. Ал: «Мен коммунизмди уратмак элем, биротоло жоготтум»- деп мактана газетага жазды. Ошол 1990-жылдан бери Советтик эл менен кошо социалисттик лагерде жашаган калк капитализимдин кулчулдугуна айланды.

Өз элин, өз үйүн аткан Ельциндин «соратниги» Акаев үй-бүлөсү менен бүтүндөй өлкөнү тоноп туруп, чет өлкөгө качып кетти. Ошенип, дүйнө элине тирек болгон Сталиндик доордун духу; өлбөс-өчпөс өрнөгү кийинки кылымдарда жашай бермекчи.



Бешинчи кат
Ассалоому алейкум, акылман кепти аңсаган ардагым, Урук.
21. Бактылуу болгум келет депсиң. Бала күндөн бактыны эңсегендер эсепсиз көп. Бирөөнүн бактысы- миңдин капа-кайгысы болгонду көз көрдү, ошондон улам коом өзгөрдү. Демек, мен деген чөл, биз деген көл тура. Жеке киши бактылуу болуп жарыбайт. Көмүскө жерге жүрүп алып, көпкө аркасы тийген-бул сыймыктуу бакыт; өлкөгө, ата-журтуна сайылган өмүр анын бейитине ак ниет адамдар ысык көз жашын төгүлтүп туруп, тайынган өмүр.

22. Билимдин баалуулугун башбактата кеп урупсуң. Акылдуу ар качандан бир качан өзүнө да, өзгөгө да аркасы тийгендей билимге жетип, акыл-оюн кеңитип, таасири курч, таарып түшмө сөздөргө каныгып, өтө керектүү китептер аркылуу жан дүйнөсүн байыткан. Баарлашкан жерлерден байкаганың бардыр; илимий багыттагы акыл-насаатка караганда оттуу сөзгө, оптартма тамашага канык ойлор эстен чыкпайт. Эл ошондой маекти эңсейт. Бирине эркин маек, бирине акыл айткыч аңгеме дүкөн жагар; айтор,кыска келип, алга сүрөр, анча-мынча күлөр жагын көксөйт экен курган жан.

23. Кенедей кемтик-кемчилигине кейиген- кенебестигин бууй алган деп бил. Өзүн өзү уяткарып, соттой билгендер, абийирине чаң жугузбайт. Эгер абийир-атактуунун анча-мынча майыбы, болор-болбос айыбы болсо, арам ойлуу дал ошого бет тырмарлык этет. Ошол себептен «Акылдуу ит өлүгүн көрсөтпөйт»-, деген бекеринен акылмандын оозуна келбеген.

24. Кыялыңды кылтактай бил, Уругум. Кыял дегениң кылымдардын кыйрын кыдыртат, космос мейкиндигин аралатып, ай-ааламга сабалатат;акын-жазуучулардын көз алдына көркөм элестерди тартулайт. Эгер ошол кыял ташкыны эрктүү эрдикке байланбаса-суу акпаган кургак сай деп бил. Кыялга жээлигип, санаа менен байыган- максатынан тайыган. Таттуу кыялга алданган- бармагын тиштеп, оозун карманган. Куру кыял, куунатма сөз- куюн сымал чет өлкөгө кууп барат, андайлар Ата журтунан ажырап,алыстан ажал табат. Жээликтирме жел кыялды акылдуулар гана тыяр.

25. Баамдагычка бата жолдо, Уругум. Алдамчыны алдын ала аңдаган, көмүскөлүү көрө албас,ичи тарды сезе билгендерге: «Аман болуңуз» айта жүргөн абзел. Көзү ачыктык, көз караштан жүрөктөгүнү окуй билгиндер, адам оюн аңдаган төлгөчү-булар чындыктын бир аз үлүшүн гана туюнта алат. Сезгич зэрек акыл гана чындыкты түпкүрүнө дейре түгөлдөй алмак. Илимден чет ишенчээк бечералар-көзү ачыктарга жем болуп калаар.

26. Ар бир жанга ачкыч камда, Уругум. . Ал ачкыч кандай дебе,капкайдан издеп кайгы жебе. Педагогика, психология, адабият жана искусство, баарынын төрөсү- философия. Бул билимден сырткары адамдарды сүйө билген,боор салган ийкемиң, ыракым арттырар айкөлдүгүң болсо, ар кимдин жүрөгүнө барар жолду сыйкырлуу килиттеп ачып аласың.

27. Көпкө кызыккандан түңүл, түпкүрүнө үңүл. Иштин маңызы-санында эмес сапатында.Асылдын тукуму жалкы келет, ит каалашынча күчүктөп берет. Теректей бой бергиче,теменедей акыл берсин. Сыртын алтын жалаган калың китепке качыргандар уктайың деп алчу болду; мукабасы жупуну ойго канык жука китеп унутулуп калды. Көөдөң керген бар көп нерсеге чөп башылап,акыл таразасына түшкөндө туруп беришет кежигесин кашылап.

28. Жалпыга жагыштан жалтайла, Уругум. Жумурай журт жумурумда,ачсам алаканымда, бассам таманымда деген теңирсиген төрөлөрдөн алыс бол, жарыгым! Дал ушул жыйырманчы кылымдын аягы, жыйырма бирдин башы чендеги элдин дүүлүкмөсү бөтөнчө; оозуна эмне келсе ошону айта салышат; эмнени кааласа,аткармакка жанкечтиликке барышат. Абийир кеткен жерде акча бийлейт да акмактарды курулай даңк, жалган мактоо асманга учурат. Андайда чаңдаяк чуу куйруктар акчага сатылып, көчүгү көлчүктө жатканды көчөнү чаңдата көтөрө чуркашат. Көөдөнсүздөр көптүн чаңына көмүлөт, абийри төгүлөт.

29. Акыйкатчыл болгуң келеби, ардагым! Бир катыңда акыйкатчыл, чынчыл, такыба адамдарды абдан жактырганыңдан улам көөмөйүндө көксөгөнүн жазыптыр деген ойго чөмүлдүк. Адил адамды алдоо да,коркутуп кордоо да колго түшүрө албайт; көптүкө салганга да, көктүккө таяп бийликке матаганга да адилдиктен кайтпайт.Акыйкатка аска болгондор саналуу ; бир даары көмүскө жерде макташат, кай бири катуу карбалас болгуча артынан калбайт;бирок коогалуу күндө кошоматты жандайт, акмактар ачык эле жек көрүп, куйрук түйөт; митаамдар адилдикти жалган сүйөт. Ошентип, акыйкатчыл досторуна карабай; бийликтин күчтүүлүгүн санабай, олжосуна алданбай жүрө берет. Алды-артына аңдабай адилдиктен кагуу жесе да сыймыктана башын какайта кармайт,андайларды турмуш өзү таразалайт.

30. Түккө турбаган ишке башмалдак атып киргең өзүн басынтып алат, эл оозунда алыкап болуп калат. Окумал өңдүүлөр бар арбак менен сүйлөшкөн, жазгыч бар жалгандыкты жалбырттата шилтеген, булар акылдуулардын шакабасына кабылат; акылы жана билими тайыздардын алкоосуна бөлөнөт. Бирок көптүн көңүлүн чөгөрөт.


Алтынча кат
Ассалоому алейкум, Урук уулум.
31. Бактылуу бар баскан жерине гүл өңгөн. Акмактардын артынан сансыз кырсык сагалап жүрөт, андайлар жакындарына убайымдуу санаа үйөт. Кээде кездешет, кирери-эл,чыгары-жоо,карманганы,ушак-айың,караөзгөй-доо.Эртели-кеч эсиңе алып, аярлана акылманга жанашсаң, алтын башын ар убакта эсен-соо.

32. Ак жолтойго кара жолтой аңдышкан жоо. «Ак жолтоюм»-дешет алыскы жолго чыкканда адамга ыракым этип, оң жолдон адаштырбаганды. Кадам сайын кастык издеп, касиретке кабылткан бар-булар кара жолтой келет. Эгер эл башына ак жолтой келсе, эл, журттун багын ачат, кокустан кара жолтой тушукса,калкты канашалайт, калыстык качат.

33. Ойт берип,оолагандын иши оңуна көчөт. Алтын убактысын уурдатып утурумдук упуракка малынгандын ыңдыны өчөт. Акылдуу ар кимди тажата бербейт ,ал тургай өзүн да өнбөгөн иши үчүн жемелейт. Көрүнгөндүн көңүлүн алам деген, акыр түбү кайгы жеген. Убакытка сараң карап, опаасыз иштен оолап өт. Бергенимден ашырып алам дебе, башыңды азат кылат азыноолак ырыскы деле.

34. Баа-баркыңды,чама –чаркыңды баалай бил. Табыйгы жөндөмүн талыкпай таптай алган, самаганына жетер чыныгы адам. Эгер өзүнүн жөндөм-шыгын, чама-чаркын билген болсо, көксөгөн бийикти жеңбес беле.. Ошол себептүү эң башкы сапатыңды барктап, ошону өнүктүрүп олтур.

Биринин акылы артык, биринин өтүмдүүлүгү күчтүү. Көпчүлүгү сырт сымбатына, жүрүм-түрумуна шык оодарып,өсүштөн мүчүйт, болор-болбоско жетип алып, бир оюна бекип алып, жыргалга батат, ой өрүшү тарып.

35. Пикир-ой түзө жүргөнүң баалуу. Бул айрыкча маанилүү иштерде байкалат. Аңкоо дөдөйлөрүң курусун алар түккө турбасты төөдөй көрөт, кол жеткис бийиктикти тушарына теңебейт да пайдалуу жагын аңдабайт, кесепеттүү жагын талдабайт. Акылман ар тараптуу ой чалкытып, ошолордун арасынан терең жана бийик ойлуу жагына имерчиктеп, ал иштин түпкүрүнө илүү салып, маңызын ачат.


Жетинчи кат
Ассалоому алейкум, Урук уулум.
36. Өз бактыңды өзүң тап. Мен качан бактылуу болом деп жата берсең бакыт өзү келип, оозуңа түшүп бербейт. Бакыт – эмгекчил күжүрмөндү,жигерлене жанын жанга уруп издегенди сүйөт. Адал эмгек менен эрезге жеткенди- өз бакытын өзү тапты дешет.Бирөөлөр сени бактылуу кыла албайт.

37. Капыстан жүрөгүңдү канатып алба. Сенин жүрөгүңдү байкатпай багып,терең талдап, жашырыкча салмактап жүргөндөр болот. Алар сенин бактыңа ич тардык этип, чатыраган көпчүлүктүн ичинде жаалдана качырып сала берет. Нак ошол учурда өтө сыпайкерлик жана сезимталдык менен ызалыкка жеңдирбей, бийик турганың абзел болор. Антпесе,ажылдаша айтышкандан абийир гана төмөндөйт.

38. Акыл-ойдун жетилип бышкан учурун байкап кал. Жетилген курактын мөмө берип, гүл сымал урук чачкан малы кездешет. Нак ошол кырдаалды ого бетер бийиктетип, ар тараптан өстүрүп калбасаң, тымызын тыйыздай бересиң. Ар качан алды жакка умтулуш-күрөштү талап этет.

39. Элине берилген эмнесинен байкалат?. Эл, жериме кара башым тартылуу деп айгай салгандын катаал күн түшкөндө, оозу жабылуу, жаны катылуу. Шайлоо маалында бей-бечерага, студент жаштарга байлыгын чачып, акылы тайыздарды өзүнө каратып, добушун сатып алып, шайланган соң чүмкөнө жатып алып: «Элим, сени түбөлүккө унутпайм»- деп күбүрөгөндөр чыкты. Саясатчыл салмактуу бечералар, ар качандан бир качан, оозунан Ата мекен жана адилдик чубурат; жат элдин чапанын жамынышып, бир күндө үч кубулат.Бир гана ак кагаз үстүндөгү мейкиндикте ой калкыткан, антка бек акын=жазуучулар гана калкына кылым бою берилгендер.

40. Ашкере сүйүнгөн – акырында күйүнгөн. Ашкере кетпе шаңданып, акмактар калбасын таңданып; чектелген түшүнүктүүлөр ченемсиз сүйүнүп, арзыбасты асмандатып,көрксүздү көкөлөтүп жиберип,көптүн көңүлүн иренжитип ошол аша чапмасы менен акыйкатты бурмалашат. Кудуреттүлөр кубанычка жарылбайт,кайгыга алдырбайт, адилдикти тандырбайт.



  1   2   3   4   5   6   7


©netref.ru 2017
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет