Ашымбаев Бой тумар Асыл ой берметтери, акыл-сезим дүрмөттөрү, уютмалар түрмөктөрү. Кыргыз тилинде Калканбай Ашымбаев. Бой тумар. Б.: Эркин-Тоо, 2007. 112 б китебинен алынды



жүктеу 1.01 Mb.
бет2/7
Дата01.04.2016
өлшемі1.01 Mb.
1   2   3   4   5   6   7
: uploads
uploads -> Қазақстан республикасы төтенше жағдайлар министрлігі көкшетау техникалық институты
uploads -> Қазақ тіліндегі ресми іс-қағаздары Басқару, ұйымдастыру, өкім шығару қызметіне қатысты құжаттар
uploads -> А. С. Макаренконың өмірі мен педагогикалық қызметі
uploads -> Ян Амос Коменскийдің педагогикалық қызметі мен теориясы. (1592-1670жж)
uploads -> Приложение к части а1
uploads -> Рабочий проект
uploads -> Кирилл Куренда: двухлетний вундеркинд Не иначе как вундеркиндом можно назвать Кирилла Куренда из крымского села Владиславовки. В свои два с половиной года он уже знает все буквы алфавита умеет считать и освоил азы компьютерной грамотности

Сегизинчи кат
Ассалоому алейкум, аңдагыч Уругум.
Катыңда мени кандайсың деп сурапсың, шүгүрчүлүк. Бирок ошол сөз ооруган адамга берилет, ушуну байкай жүрчү.Оройлоно айтылган салам антотпос оорудан жаман.

41. Төрөлгөндөн төрө пейил жеке эле өзүнүн мүнөзүн багынтпай, табыятынан буйрукчул келип, башкара билгичтиги баа-баркын бийиктетет;өзгөлөрдүн жүрөгүн алып, тилин байлайт, андайлар арстан сымал жайлайт. Башкалар узак жаншап жатып жете албаганды ал жансап койгонду менен тындырат. Ошондо барып, эл өлкө тагдырын андайлардын колуна кондурат.

42. Билгендер менен пикирлеше бил, көпчүлүккө кептеш бол. Көптүн түрпүнө кара ошондон соң өзүңдүн оюңду баала; калың элдин сөзү-сөз, сүй каала, сүй каалаба. Непада, алардын пикирине каршы турганың, суук тумушук атанып курганың. Ала тополоңдун агымы бар, бир дары билип айтат, бири башкалардын тилине кирип айтат; сен сындаганды бирөөлөр жактырбай мактайт; кай бири кара күчкө акактайт. Топ жарган чечен көңүлүңдө жарамсыз пикирди жактырбаса да, көпчүлүккө бир таман оойт. Алгылыктуу ой андайда демин ичине алган ыйык жайда жашырынып турсун, пайдасы тиер чакта иргелген топко жарк этсин.

43. Акылмандар арасындагы ажардуулукту аңдай бил..Жакшы жакшыга жанашат, жамандан адашат. Акылмандар өзүнө теңдешке жакындайт бири-бирине ылым санашат;мындай ажардуулукту туя билгендер табыят сыйкыры катары карашат.Макулдашпай этпей эле алар табыша калышат; таанышып да алышат, улам-улам сырлаша берип, бири-бирине арзып да барышат;акыл-ойго канышат, ошол күндү бакытка тете балашат.

44. Алыш-коруш чакталуу, аша чаппаса абийир, достук сакталуу.Айланайын, Уругум, ушуну көкүрөгүңө бекем түй: баланча менен доспуз, куда-сөөкпүз, тууганбыз деп апыраңдай келгендер, ушак-айыңга жол ачып бергендер. Алыш-коруштун, ымаланын данакерлери болот, ошону этият, эсеби менен чактап,өзгөлөргө байкаткан дурус, нак ошондойдон ырбайт тымызын уруш. Башыңа күн түшсө, ушулар көтөрүп кетет деп эркиңди мокотуп, жигериңди койбо жоготуп.Эң башкысы өзүңдүн кудуретиңе ишен.

45. Жек көрүмчү жоругуңду жекире бил, Уругум. «Жаман көргөндүн бөркү казанбактай» деген сыңары нагыз барктууну суук көзгө алып, супсак сөзгө салып калма жоругубузду жойгон табир. Болбосо кай бир оён, улуу адамга атырыла бир- тиет. Эне тилин жерип, элин кордогон ашкан арсыз оңбойт; жакшылыкты унутуп, жамандыкты ойлогон эзели эки болбойт.


Тогузунчу кат.
Ассалоому алейкум, ардагым Урук..

46. «Милдет арбын, сизге бар айтаар дартым»- депсиң бул жолку катыңда, мунуң табир. Жөндөмү мыкты, жүрөгүндө оту барлар улуу жана зор милдетти аркалап узанышат; мындай узак жолдо эң башкы нерсени багыттап баратып ара жолдо алаксыгандар өксүп калышат марага жетпей. Көшөргөн таш көчүктөр гана көксөгөн максатын тындырат. Өктөм кайрат, суюк кандуу көп милдетти үйүп алат; ар кайсыга чарпыла берип, аягында илкип калат кылдырап. Орундалбас орунсуз милдеттен оолай билген ордун табат.



47. Чексиз терең,ченемсиз берен бар бул жарыкчылыкта. Булардын сырты кунук, ичи тунук, жүдөөнкү какмар, жүрөгү-чалкар, сөзү өлбөгөн, бирөөнү «Сен» деп көрбөгөн. Кай бирөө бар сыртынан жан адам даагыс, ичи бар оозго алгыс. Сакалы көөдөнүн жапкан, ойлойсуң акыл-ой санжыра баккан, сүйлөшө келсең жүрөктү капкан. Тикереңдеген тилик этек,кокусунан кабылсаң түбүңө жетет.. Ойго терең- орунсуз ишке керең.

48. Акылгөй жана аңдагыч –алыстан тамыр кармагыч. Ал кырдалдан каргып өтөт, ага бийлик этет, түбүнө тинтүү салат, жан дүйнөсүнө жабышкан кеселди табат. Менменсиген беренди көрөр замат анын баа-баркын, маңызын бычат. Сыйкырчы сымал жашыруун сырларды ачканга маш, сыны бутага тиер таш. Кылдат баамчыл, калыс сынчыл, ич койнуңду аңтарып, бар кудуретиңди таба алат.

49. Өзүңдүн баа-баркыңды өлүмжан кемитпе, Уругум. Талаага чыкканыңда өзүң менен өзүң талашка түшпө. Өзүңө катаалдыгың жана чынчылдыгың, өзүңдү өлөрчө соттоп турган абийриң-четке кагат башкалардын пикирин. Жарамсыз ишке жармашпа,элдин ушак-айыңынан корунбай, жан дүйнөңдүн каарынан жазган.

50. Талдагыч да, тандагыч да бол, Уругум, ошондо сезилет сенин табитиң жана ишенимдүү туругуң; ылгай да, иргей да алганың-эки эсе утуш тапканың, тандай албасаң-таза шорго батканың.Көптөгөн таланттуулар жана акылдуулар, эмгекчил окумуштуулар таңдаш жакка келгенде, аларың туруп берчү делдейме. Тандай билиш да- табыят берген ырыс.
Онунчу кат
Ассалоом алейкум, аңдагыч Уругум, улам татаалданып барат соболуң, жообум кечиксе капа болбогун.
51. Кыйноо тартсаң да кыжырдана көрбө,Уругум, ошондо баамдалат сабырлуу жүрүм-турумуң.Осмонкулду: «Оодарылбас, чайпалбас,океан болчу тим эле», деп Ысмайыл төкмө бекеринен ырдаган бекен? Ии, алп жүрөктүү, асыл ойлуулардын кебелбес керемети колдойт. Азап-тозок башына түшпөсө да албууттанган, кара күчкө каарданган,кымындай ишке кыжыры кайнаган туталанып, тууганына ачуу тилин тыйбаган ургансайга теңелбей, бийиктигиңди байката жүр, жарыгым.

52. Шашылбай тездет- оңтолоп ойлогуча убакыт өтөт мөөрөп. Ойчул чекесин кашыгыча, чечкиндүү бүтүрө салат бир паста. Бирок ай уйга келбеген алакачма чапчаңдык, алтынын бөөдө чачкандык. Бул жагыннан акылга салып иштеген, акыбети жанып, ай тиш теген. Ийленген иш ирбитинен калса, ириген сүткө тете. Иши агылса ыкчам-ити алтын чычкан. Уктуңбу,Уругум, ишиң эртеңди күтүп саалыкпасын,канатың чаалыкпасын.

53. Акыл-ойлуу алгыр бол,Уругум, ошондо баамдалат антына бек туругуң. Жашык мүнөз; суу жүрөк жарамсыз ишке билек түрөт. Кайратың ташыса, денең чыйралган болот аркан. Эркин бийлебеген-денесин ийлебеген,өлүмсүк бечера делген; өмүр бою кайгы жеген. Кайратыңды жандырба,намысыңды алдырба, Уругум.

54. «Сабырдын түбү-сары алтын» деген байыртан калган ата-баба табериги.Алар укум-тукумуна Алтай тоолорунун аскасына муну жазып калтырыптыр: «Сабырлуу жүрөктүн бир толтосунда-майтарылбас эрдик. Экинчи толтосунда океандай кенендик толкуп жатат. Өрттүү жерде шашылбаган, өлүмдүү жерде жашыбаган; ала тополоңдо акылын жыйган, ар кандай мүшкүлдө ачуусун тыйган, аяз муздатпаган, аптап ысытпаган, ачта-токмун деп санаган, ажалга күлө караган.»

55. Ойго-даңгыл,ишке-камбыл теңиз жан бар, Уругум. Башка күн түшүп, кайсы бирине түтөөрүңдү түшүнбөй, ичтен түтөп турганда кудай айдап келгенсип,ою алгыр,жүрөккө жайкы желдей урунган; канаттуу сыйкырлуудай колуна кай иш тийбесин чечкедей бүтүрүп,көз ачып жумгуча камбылдыгын таанытып коёт. Жаратылышында барбы-ай, же жашынан өнөргө жанын таштап берилгенби-ай,айтор, айраң таң калып, аны өстүргөн энесине кабат-кабат алкыш жаадырасың.


Он биринчи кат
Ассалоому алейкум, кадырлуу, Уругум!
56. Беренелүү иш- бек турат, дегенди сурапсың. Беренелүү- эки мааниде бири – музыкалык аспаптардын толгоосу десе бап келет, тогуз беренелүү дешет. Өтмө мааниси – абдан кооз, укмуштуу деп туюн. Зергер- буюмун кылым бою тургандай узанып өмүрүн саят, ошол сыңары терең акыл, алгыр ой кылымдарга тамырын жаят.

57. Уругум, кай тараптан болбосун кармана бил. Көрөңгүңдү көңтөрө салып көйрөндөнө көөдөн көтөрөм деп санаба. Акылың менен алыңды арзыбас ишке арнаба. Коён серпчү кушуңду түлкү албайт деп каргаба. Жаракөр жарда жазгырмасы мол күн санап азгырма; ошол сыңары өзүң да эртеңки күңгө элге көрсөтөрүңдү тоздурба.



58. Жөндөмдүү ой-пикир жөлөк эмеспи, Уругум. Акылдуу болуп жаралган, ар тараптуу илим-билимге сугарылган; орто жаш курбалында урмат сыйга чулганган-даанышман атка конот. Алар ар кандай укмуштуу таң калыштуу окуяларды капарына алышпайт, ал тургай байлык жана жан жыргалын мамлекеттик ишке садага чабат; ошентип омоктуу иштерди оңой=олтоң орундаар ишеним табат. Нак ушундай жол башчылар элдин колдоосуна, ак тилектүү ой-пикирине таянат.

59. Урмат менен узаардын камын же. Ээ, дүйнө десең, адам бул жарык- чылыкка жыргап келип, ырдап кетпейт эмеспи. Кейиш менен келип, бейишке чыкчулар болот. Ошол себептен короздонуп келиштин камынан мурда кетээриңдеги: «Кандай адам эле?»- деген соболдун жандырмагын ойло.Жашоодо нуска бар: «Кичирип кирип, узарып чык». Демек, кеп кабыл алышында эмес,узатышында. Эсиңе бекем түй: «Бакыт кабак жара төштөшүп, иңир чалган өңү менен коштошот.»

60. Мыктынын мыктысын баалай алган ардактуу иш. Иргелген мыктылардын ири алдына чыкканы өзгөчө эң сонун белгисинен баамдалат; ортозаары оозго алынбайт. Бир гана озуктукту опур-топурдан бийиктике көтөрүп,экинин бири дегендей орунга олтургузат. Тез бүткөн иштен озгон кепке -сөзгө алынат, жеңил-желпиден жеңген аз атакка камыгат. Падыша сөөлөтүндө бүтүрүлгөн чыгаандык акыл-ойду аң-таң этип, жүрөк табынат.
Он экинчи кат
Ассалоому алейкум, Уругум!
61. «Жоону сайса эр сайды аты калды Манаска»- дегенди чечмелеп бериңиз деп сураныпсың. Абалтан калган асыл ойдун омоктуусу ушул ылакапта. Бул ойдун мааниси кылымдан кылым оошкон сайын бийиктеп да, тереңдеп да барат; жоону сайган кырк чоро көлөкө жамынган,атагы Манаска калган. Ушундан улам билерман жол башчылар, кол башчылар,акыл-ою мүрөк, арстан жүрөк, вазирлерди жана баатырларды боюна тартып бөтөнчө сыйлаган, алар аркылуу атак-даңк жыйнаган.

Ирдүүлөрдү иргей албас; ак караны талдай албас бечеранын ирегесинен жоо чыгат, акыр түбү асмандата көтөргөн алсыз жердешинен сынат.

62. Жалган атакка жан берген жармач таланттардын тапкычтыгы түшүңө кирет. Туман гүл салып, түшүм бербес илимий эмгегин академиялык жыйында айрымдар алдыңкы орунга илет. Андайлар Ата журтка,аркасы тиер албан эмгектерди жараткан инсандан мурда озунуп,атактуулар катары тарыхка кирет. Тигинин тири укмуш эмгеги бааланбады деп эл оозунда айтылып жүрөт, жулкунбайга жүрт күлөт.

63. Капалыкты капарыңа алба карааным, Урук. Азапты аттап өт, жапакетчи жакын жолотпо, акылга жеңдир, нервиңди коротпо, жаның тынч болсо бакыт жок андан ашкан ойротто. Суук кабарга чабаганчы болбо жана тыңшаба; ушак ууландырат, шагыңды сындырат. Жандар бар-жаман сөзгө жантыгынан жата калган; кардар бар- жатса-турса каргыш-илкишти карманып, ошондон ыракат алган, көптүү жадатып,өзүн өзү күйүткө салган. Жойпунун тили таттуу-балдан,кырсыкка түртүп коюп,кылыйып калган. Ушуну эсиңе ал: «Чагым-өлтүрөт,мактоо-жеткирет».

64. Жаңы дүйнө жагымдуу сулуулугу менен ажарланат,Уругум. Аны аңдап сезишке табыт, татым жана акыл маданияты талап этилет. Ким назик жана кылдат сезе билсе, ал жакшынын жакшысына качырат. Түшүнүктүн тереңдиги бийикке умтулгандан баамдалат. Кимге эмнелер жагат, эмне жакпайт, кай бирөө дидары суукту өлөрчө мактайт.Табит жана татым сезими да жугуштуу келет, коом тазарып, көчө мизилдеп турса, көргөндөр быякта бактылуу эл жашайт тура деп баа берет.Андай эл өздөрүн да, жашаган чөйрөсүн жана коомун да кулпуртуп алат.

65. Талабыңа жете бил, Уругум. Өжөрлөнө өз алдына койгон талабына жетмейин тынбагандар-казанат сымал. Бул кандай сөз деп кайтара сурап жүрбө, казатка минер тулпарды ушинтип аташкан.Баштаган багытынан болор-болбос олжого кызыгып мында бир адашат; алдындагы кырдаалдан айбыгып,анда бир мүдүрүлөт; жалган мактоо жана ушак-айың алсыратып жыгат. «Саргара бөртсөң-кызара жортосуң»деген асыл ойдон карыш жылбаган абийирин алтын менен сырдаган.
Он учунчү кат
Ассалоому алейкум, ардагым Урук!
66. Ашкере мактоону ар көрөм депсиң, аңың абзелдик деп бааладым. Азыр мактоого эсиркеп, бычак сырты казы алгандар бар. Болор-болбос, болуп койбос ишин жат элдик жалпак тил менен жактырса: «Дүйнө эли мактады көпкө?»- деп апалактайт жоон өпкө. Чет элдиктен чексиз мактоо күтөм деп абийриңди төкпө, өмүр бою санаага чөкпө. Жабык жерге түрүп алып,жалпы журтка жарыгын чачкандар ашкере мактоодон качкандар, тымызын абийир тапкандар, алтын сымал байкалбай тереңде жаткандар, аларды акыры издеп табат адилдикти жазгандар.

67. Ойго салыш, кеңешчи болуп калыш, ардактуу иш, Уругум. Ар кимдин оюна ой кошуп, оң жолго багыттаган көрүнгөндүн колунан келе бербейт. Бирде ойго салып, бирде кеңеш айтып койгон таалимчинин көөдөнү чалкар жана катаал күндө катыккан. Болбосо жакшылык этем деп жардан алыс түрткөндөр кездешет бул жалганда. Кеңеш сурап, акыл курап келгендердин ийин жандырба.



68. Каш-кабактын ортосунда өзгөрбө..Кесирлене ойкуштанып, мант берген жорук-жосунду боюна жуутпаган мыктыдан таалим ал. Акылдуу бар капалыкты капарына албаган, жакшылыкта жагалдана калбаган, ант-шертинен танбаган, кандай күндө болбосун өзүн бир мүнөздө кармаган. Ар кимдин чама-чаркы бир жакшылыкта, бир жаманчылыкта бааланат, кадамың сайын кайтарына жүр, душманың калбасын табаалап.

69. «Жокко» жолдош боло бербе, Уругум.

Ырас, баарына төгүлүп-чачылып, ак жүрөктөн ачылып түтө албасың чың. Карап көрсөң «жокту» оозанган жоругу катаал жашап жүрөт сенден тың. Анын жосуну өз башы менен кетсин.. Бирөөнүн шагын сындырбастан ыгын таап, жооп бериштин жөнүн бил; кай бирөө «жок» деп кесе айталбай курулай тил эмизет, ошол жорук «калпычы» дегизет. Албетте, салган жерден төшкө түрткөндөй жооп кайырба, ошол мүнөзүң менен ынтымагыңды айырба. Атаганат десең, бар балпаң, жок жалтаң го.. Ошонун кыябын келтире жүр, эки арада.



70. «Бирде төө көтү, бирде бээ көтү». Эл оюна эмне келсе, ошону иштеген жасалма кыялдан жадап бүткөндө ушундайча макал чыгарышкан. Акылдуу асмандаган күндө деле баягы мүнөзүндө. Бирок бийликте дөөгүрсүйт сырты-«кудай», түбү-ылай. Кечөө эле жалпалактап жаныңда жүргөн, бүгүн бийиктен сынай карап кабагын түйгөн. Мындайлар тирүүсүндө ишентичтен кетип күйгөн, ага алдангандар башына арылбас сана үйгөн.
Он төртүнчү кат
Ассалоому алейкум, Уругум!
71. Чечкиндүүлүктүн ченеми болобу депсиң бул жолку катыңда. Жүрөктүүлүк, кайраттуулук, туруктуулук, катуулук-чечкиндүүлүктүн уюткусу. Агын сууда арамдык жок,көлчүк сууда тирүүлүк жок. Колу кыймылдагандын оозу кыймылдайт.

Кайраттууда – арстан жүрөк, айбат сүр; кооголоңдуу күндө коён жүрөк башын катып жүр. Куру кайрат акыл бар, кыйынчылыкты даана байкайт, бирок андан кантип чыгыштын айласын таппай, башын чайкайт. Жетик акыл, кайраттуу жигер-жергелүү журтка ар- намыстын туусун илер, ашып-ташкан күч-кубатын дүйнөлүк ишке тигер.



72. Жылт бергендер жыдыйбы депсиң бир катыңда. Омоктуу иштен ойт берген, Ата журт асманы булут жамынганда булт берген - көз көрүнөө көргө кирген. Чуулгандуу жерден таман алдынан тамаша таап, таптырбай кеткен оң. Жыргамакчы болушуп, шапар тепкен топтон жылт койгон-эртеси башы оорубай, эсен-соо бойдон. Чырлуу иште-ээрдиңди тиште.

73. «Дүкөну-найман, сатычуусу –айбан»,- деген накыл кайдан калган депсиң, Уругум. Калктуу калаа-каргашалуу балээ. Бирок,сен кандай болсоң эл ошондой. Жумурткадан кир издеп,кычык сөз күтөт кызыл көз айбан, тийишсе тилиңди тешиңе кама-ал ошол күнкү тапкан пайдаң. Аңгеме-дүкөн курсаң капыстан, аяр бол да узап кет бир пастан. Кудайым андайга кулачтуу бийлик бербесин, анда эле курутту дей бер жээк-жергесин. Коколой башын калтырсак-иштин тазасы, ошондо болот андайга Алланын каардуу жазасы.

74. Каармандыктын үлгүсүн каалайм дегениңе кара жаным садага. Балбан күрөш,эр эңиш, мелдештен жеңиш- булар албетте орундуу иш. Бирок, сөзүмдү майдалап олтурбай, манасчы Мамбеталынын мындайча бир сөзүн эске салайын: «Касиеттүү манасты түш көрүп, Чойке абамдан угуп, баатырдыгына дөлөөрүп жүрүп,айтып кеткем. Манасты Манас кылган Бакайдын даанышмандыгы, Каныкейдин акылмандыгы, Алманбет, Чубак, Сыргактай баатыр чоролорунун эрдиктери жана алардын даңкын даңазалган Ырамандын ырчы уулу болуптур. Ошолордун арбагына тайынып, эрдигине шерденген кыргыз эли бар үчүн арбагы «тирүү» деген эле. Анын сыңарындай кылымдар арасында көзү өткөн көптөгөн баатырларыбыздын чексиз эрдиктери жаштарды шыктандырып,улуу жеңиштерге сүрөмөлөй берет.

75. Таамай сөздүү тамашанын чеги бар. Оюңа муну түй, Уругум, орунсуз тамашадан олуттуу эстүүлүк миң эсе өйдө. Качан болбосун, кайда болбосун калжындык- ал мылжыңдык. Же тамаша экенин, же чын экенин, билгизбей күлөт, сөөккө жеткире сүйлөгөн түгөт. Такай тамаша- таасирлүү ишке каргаша. Кай бирөөлөр чукугандай сөз тапкан шылдыңкорду көкөлөтө мактайт, андайларга акылдуулук жакпайт.

Талыкшыган кезде тамаша жарашат, андан соң күлкү артына жашырыңган ойду аңдашат..
Он бешинчи кат
Ассалоому алейкум, Урук бөбөгүм.
76. Ким болбосун тил табыша бил, Уругум.! Билимдүү менен кездешсе, андан кем сокпогон илимпоз, кадырлуу менен кадырлуу. Ким болбосун жүрөгүнө жаккан, кем калышпайт кайрымдуулук жактан. Баш терисин байкап, бал тилге сала жайкап, олуттууга өзүндөй, шайырдын кара көзүндөй, жага билген бар жаман көрүнбөй. Табыйгы табиттүү, жан дүйнөсү чалкар адамдар бар ким болбосун алкаар. Ошолордой боло көр, каркыбарым!

77. Көрбөгөн жердин ой-чуңкуру көп, аман барып келишке айла-амалың болсун төп. Алды-артын аңдабаган ала-өпкө дардаң, мактоо жесе алыс кетет жардан ,ошондой эле оозуна келгенин оттойт ажырагансып ар-кордон. Акылдуу алдын ала чалгын салат, аң-дөңүн оюнда көрөт,андайда кайдан болсун бөгөт. Терең кечүү, тайгак бел-аярлана өтөт амалкөй эр.Эки аяктуу кыял каман, алар ашуу бербес дабан-андайдан аярлана жүр, айтаарым саган.

78. «Капылеттен сөз тапкан, караңгыда көз тапкан»- дегенди чечмелеп бер депсиң, Уругум. Капилеттен сөздү чукугандай тапкан – табыят өзгөчө берген дарман, андайлар ажалдан аман калган.Ошолор гана эр өлүмүн бүтөшкө элчиликке барган. Акылга сала алдын ала кечирим сураган кыязда кеп жөнөткөн, бирок өлчөмүнөн ашырбай ой түнөткөн. Албетте анын баары акылга байланат, уккандын көөнү жайланат.

79. Көрүнгөндүн сөзүнө көнө бербе. Көпкө көзү канык эместер, көрүнгөндүн кебине ынанган келестер. Имиш, имиш – акыйкаттан адаштырат, жалганчыга жанаштырат. Көз көрбөгөн имиш-чындыкты көөлөгөн-ыш. Акыйкат алыстан келатса, нак өзүн көрбөйбүз, Эл атына гана куштар, бирок даанасын бизге жеткирбей,бурмалашат – ичи тар. Аяр бол, акыйкатты бетине кармамыш этип мактагандан, сак тур сандаган жалааны чаптагандан. Арачынын айткандарын аңда, ага берер жообуңу дароо камда. Ойлуу болгонуң – дөдөйлүк менен тайыздыктан сактаар коргонуң.



80. Жаңыра бил, жарыгым. Бул жарыкчылыкта жаңырып да, кулпуруп да турганың көргөндү суктандырганың. Кечөөкү бийиктик,бүгүн басырынат, атагы жашырынат. Ошондуктан жигериң артсын, талантың эргисиң, ийгилигиң кабаттанып, чар тарабың абадданып, кеткен жериң аруу болсун, келген жериңе күн болуп тий, жагалдана кийим кий.

Он алтынчы кат
Ассалоому алейкум, Уругум!
81. Ачууда болсун, аруулашкан жерде болсун айтканынан кайтпаган көктүгүн койсун. Андайда акылдуу алты өлчөп, бир кесет. Аша чапкандык жана акыйкаттан карыш жылбагандык кара өзгөйлүккө эсеп. Колуң жетикте, катуу кетпе . Талантыңды такалабай, ташка салып ташыркатпа. Уятты коюп, кактай сааса, кан чыгат.

82. Анча-мынча алаңказарлыкка ачууланба. Мейли талантыңда болсун, мейли жигериңе болсун, бирин-экин чымын консун. Ошончулук ызаны жеңип, көңүлүңө кубаныч толсун. Чала-чарпытка чатак салсаң чагылган урган дарактай корсуң. Кур намысты кууп сал,болор-болбосту жылмаю менен жууп сал.

83. Касыңдан олжо кармана бил, Уругум. Акмак дос күткүчө, акылдуу кас күт. Амалкөй акылдуу кас ардайым тымызын теңтайлашкан эрөөлгө чакырат, аны менен астыртан атаан курасың, ал алдыңа тарткан тоодой тоскоолду жеңесиң, акыры абийир таап келесиң. Акылдуу элдин ачуусун күзгү ордуна урунат, андан өзүнүн кыйшыңын көрөт, жамандан жакшыны бөлөт. Сыртыңды салып, жашаган соң касыңа сыр алдырбай, этият бол.

84. Баарынан озом дебе, баарына жагам дебе. «Эр эрден озот, элден озбос» -,деген байыртан калган нусканы эсиңе түй. Өтө кызыл тез оңот деген кеп бар, көпчүлүктүн көзүнө жагалдана көрүнүп, өзгөчөлөнө бөлүнүп алып, жүргөндөр бар, ибийири төгүлүп. Бечералар кездешет, баарына жагам деген, баарына таанылам деген; бербесе, мурункудай жүгүнө алдына келбесе, көбү андан дароо четтешет. Мындайларга оболу суктана карашат, акыры келесоо катары санашат. Саман жалбырттап күйүп, тез өчөт. Таш тырмак зыкым проценттүү олжосунан озот, коколой башы элден бозот.



85. Жаман сөздүүдөн жаа бою кач. Топураган элде толгон баш, ата караган,кытмыр кыбыңдаган көз жана заардуу тил. Ак безерди ушакка ууландырып, акыйкатты көөлөйт, жаман атка кондурат, асандагы атыңдан тоздурат. Күлкүлүү жагыңды, кийимге жуккан чаңыңды көбүртүп-жабырта кошолонтот; карамүртөз, ичи тар калпты чындай, аксакты тыңдай аймалаган тили атактууну көөлөп өтөт зили. Андай сөз акмактарга жага бербей чындыкка эптейт, мындан соң көөнү жуусаң да кетпейт. Ардагым, Урук, сен муну ук: тарпылдата басып, таркылдап сүйлөгөн, тилик этек, чирик көөдөн, моюнга асылма кырсыктан сактан; жижиң ооз шалпыма шакабачыдан сактан.
Он жетинчи кат
Ассалоому алейкум, Уругум!
86. Нарк жана сыдыргылоо туурасында кыйытып собол салган экенсиң ушул жолку катыңда. Адам дегениң төрөлгөнү жапайы сымалданат да акыры нарк, салт, набат аркылуу таалим күтүп, сыдыргыга салгандай абалкы жосунун жоёт. Албетте, ата-бабанын абалтан берки салты адам санына кошот, ал эми ар тараптан акыл-ой демелип, далалаты артса эл оозуна алынат.

Арийине, илим менен көзү ачылып, жан дүйнөсү кеңейбесе, ошого жараша өзүнүн осолдугун, оройлугун өрткө салбаса, анда эле илинүү турган колбаса. Ой-санаасы гана көркөм болбостон татына талабы жана шыңгар үндүү сөзү да назик болгону ийги. Табыятынан сырт сымбаты тал чыбык, жан дүйнөсү сылык, ою тунук, сөзү бал, бар мүчөсү топ келген-сулуулар чыгат элден. Ошого тете өңдөңгөн, нарк, салт, сыпаалык,солдоюңку кейпине коошпогондой көрүнгөн; уяңдык жана сыпаалык жапайы оройлукка көмүлгөн; чет элдик модадан абийри төгүлгөн, «Кызга кырк үйдөн тыюу десе», орусчалап сөгүнгөн, оо кургур-ай, бети түгөнгөн.



87. Мамиледе чыдамыңы туйгуз, жан дүйнөсү чалкарлар бар айтып койгус. Майда-баратка кол серпкен, ал деле майтарылбас эрктен.Кайнаган казанына түшө калса, майдалык кездешет кай бир жанда; ырас, дүнүйө бир тыйындан куралат, бирок суук тумушук атанат сугалак.Башкаларга башчы болор пайдакеч оюн жашырып коёр. Күйпүл жашооңо, күйүмдүү досуңа күнүлөш касыңа салааңдын арасынан сабырлана кара. Кыйкымчыл жорук- жадатма кордук. Качан болбосун капачылыктан аңгеме курган, кудай анык төбөсүнөн урган. Ошентип, ар кимдин жүрүм-турумунан жүрөгүнүн кандай экени окулат.

88. Өзүңдүн ким экениңди биле жүр, Уругум. Деле өзүңдүң адеп ахлабыңды, акылыңды, ой жүгүртүңдү жана шыгыңды туйдуң беле? Аларды билбей туруп, өзүңдү өзүң бийлей албайсың. Өңдү күзгү көрсөтөт, жан дүйнөң жабык бойдон калат, эгер болбосо ой жүгүртүү адат. Сыртыңдан сыланба, чалдыгасың сылаң короз деген ылаңга. Көбүнчө көөдөндүн көрөңгүсүн ойло, антпесең айланып калат кагыраган сайга, ошондуктан өркүңдөтө бер колуңдан келсе айла. Акылга даңгылсыңбы, айкашта алгырсыңбы, капсалаңда камбылсыңбы, мунуңду байка. Көлдөй тереңсиңби, ай талаадай кененсиңби,ойго турук оодарылбас эменсиңби, ушуралыңды таразалап келесиңби? Аа-а, анда дагы ойлон.

89. Кылым бою жашагым келет депсиң, бир катыңда. Мындан мурунку бир кайтарган жообумда: «Өтө семиз өлүп тынат, өтө байым деген бирди көрүп тынат»- деген элем, ошого буларды кошоюн. Өлчөп жеген өмүр табат,ачуусун тыйган алыска барат. Демек, акмактык жана бузукулук эртелеп өмүрүн жемек, себеби бири сактай албайт, экинчиси узакка терең карыштын камын жебейт. Ошентип акылман алыска сапар алат, акмак өзүнө көр казат. Бузукулукка шашкан кош айтышат, орто жаштан, акылмандыкка умтулган алыскы сапарда ар балээден кутулган. Жан дүйнөсү улуу, тула бою чулу, жашоосу-сабак, жашы-узак.

90. Ыргылжын иште-ырыс жок. Алына чактабай, алды-артын тактабай ишин баштайт алабарман; ыкшыйып олтуруп берет түгөнгөндө дарман; ишенимсиз иштин акыры түгөнбөс арман, кармала турбаган карбаластык жаман.
Он сегизинчи кат
Ассалоому алейкум, Уругум, акылы тунугум.
91. Ак жолдон адаштырбас адатың болсун, сөзүң ишиңе төп келип,айтканың айткандай, дегениң дегендей келсин. Сенин ал мүнөзүңдү көбү жактырабы, жактырбайбы, көңүл бөлбө, бир гана баамчыл жана калыс адамдардар колдосо- ошол болот келечегиңе төлгө.

92. Төрт тарабынан топ келген адам акылчы да, таалимчи да саган, не дегенде,көбү тең келе албайт аган. Андайды кубаныч, күлкү жана жан дүйнөнүн мүлкү ээрчий жүрөт,ким болбосун сүйөт; айткандарын көкүрөккө түйөт. Акылын жана табитин таптап алган, шаңдуу шайырлыкты, өлчөөсүз кенендикти, сезгич тереңдикти табыят ага берешендикке салган, байкаганга батып тургансыйт көөдөнүндө мүлдө аалам.

93. Жабык сырдуу жан дүйнө жөнүндө жандата собол салыпсың.Өтө кыраакы жан жаралат, мейли ишинде же таанышканда болсун табышмактуу саналат; андайлар дурус деп бааланат. Кокус туйдуруп койсо, мүчүлүшүн көңүлүң иренжип калат. Ошол себептен жан дүйнө жабык сырдуу болгону керемет.

94. Мол тилектүү үмүтүң үзүлбөсүн. «Жаштын тилегин берет, жаштын тилеги курч»- делинет. Тилекти аткармакка талпынат, жакшылыктан үмүтүн үзбөй, үртүнө эмгек эткендер үзүрүн пилге артынат.

95. Жашыңдан күткөн абийириңди сактка, эл оозуна кирген атыңды тапта. «Жакшы деген бир ат бар кууса да жеткис, жаман деген бир ат бар жууса да кеткис»- деген макалды эсиңе түйө жүр, Уругум.Жакшы деген аттын даңазасы канча. Жакшыга ортодон жогоркулар- өкмөт тактысындагылар кирет, аты алыска тарап, жамы журт билет. Аны шынаарлап, тегеректеп алгандар атагын ого бетер көтөрөт, бирок татыксыздар топтолсо, баркы бөксөрөт. Чыныгы адил жүрөк, байлыкка багынбай, бийликке жүгүнбөй, башы какайыңкы жүрөт.

1   2   3   4   5   6   7


©netref.ru 2017
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет