Ашымбаев Бой тумар Асыл ой берметтери, акыл-сезим дүрмөттөрү, уютмалар түрмөктөрү. Кыргыз тилинде Калканбай Ашымбаев. Бой тумар. Б.: Эркин-Тоо, 2007. 112 б китебинен алынды



жүктеу 1.01 Mb.
бет3/7
Дата01.04.2016
өлшемі1.01 Mb.
1   2   3   4   5   6   7
: uploads
uploads -> Қазақстан республикасы төтенше жағдайлар министрлігі көкшетау техникалық институты
uploads -> Қазақ тіліндегі ресми іс-қағаздары Басқару, ұйымдастыру, өкім шығару қызметіне қатысты құжаттар
uploads -> А. С. Макаренконың өмірі мен педагогикалық қызметі
uploads -> Ян Амос Коменскийдің педагогикалық қызметі мен теориясы. (1592-1670жж)
uploads -> Приложение к части а1
uploads -> Рабочий проект
uploads -> Кирилл Куренда: двухлетний вундеркинд Не иначе как вундеркиндом можно назвать Кирилла Куренда из крымского села Владиславовки. В свои два с половиной года он уже знает все буквы алфавита умеет считать и освоил азы компьютерной грамотности

Он тогузунчу кат
Ассалоому алейкум, Уругум!
96. Ак ниетиңди аңдатпа, арамзааны жандатпа. Кызыккандык –жан дүйнөнүн терезеси. Акылдуу ал терезенин пардосун жаап, жат көзгө көзүктүрбөйт; ачыкка салган ак ниетинен куру калган. Каалаганга жетем деп камынып бараткан оюн жан адамга туйгузбай жашыра билген, иши оңунан чыгат ириден, ачыкка салгандар ара жолдон ириген; же ичи тардан, же кеги бардан.

97. Көрөңгүсү жана көрүнүшү, маңызы жана кабыгы. Кездеме бар сырты алтын, күмүш жалаган, кие келсең этиңе бүртүк тараган. Бирөө бар, жалпак тилдүү, сыртынан сыланган, бирок жан дүйнөсү арамдыка чыланган. Уругум, утурумдук сыртынан көздүн жоосун алат, жолуңдан калтырып, санаага салат. Андайлар сырты жалтырак, ичи калтырак деген атка калат.

98. Азгырыкка алданба, бузукуга бурулба, укмуштууга урунба, Уругум, жан дүйнөңдө болсо туругуң. Асмандын башын айткан суугуна чалган илимпоздук да азгырыктын кайырмагына илинген. Бир гана олуттуу ой акылмандын азыгы- такыбалыктын казыгы делинген. Ошол себептен ою бийик оодарылбайт айткан кебинен.

99. Эликтешкен кеп жебес, экөө бирдей кеңкелес.Бирөөнүн мүлкү – экинчисине күлкү; бири көрүп алып мактайт, экинчиси анткор кубаттап ырсактайт. Ар кимде өзүнчө татым- көрсөтүп коёт көрөңгүлүү затын. Бири мактаса башың айланбасын, бири кайбаттаса жанын кыйналбасын. Ичи тар койсо жүрөгүңдү жаралап, ак ниет берген баадан көңүлүң агарат. Көчүгү тилик, көөдөнү чирик- жүрбөйбү чет элдик бузукунун тилине кирип. Элдик наркты карман, эч качан кылбайсың арман.

100. Кара жемсөө, кап курсактын кекиртеги узун, келечеги кыска. Боору менен сойлогондун алкымынан куйругуна дейре курсак; алыска уча албаган канаттуунун жемсөөсү бир кучак. Адамдар бар курсак ордуна кап байланган, калк камын коюп, казан очокко айланган; каадалуу ишке шайласа напсисинен айдалган.Мыктыларда бөрү тоют адат, калк камына кош канат, учкул ою ай-ааламга барат, ошолор гана элди багат.
Жыйырманчы кат
Ассалоому алейкум, Уругум!
101. Ар ким өзүнө - хан, ага болбо аң-таң. Ушуну эсиңе сал, Уругум, сен падыша болбосоң да жүргөн-турганың, жашооң жана ар-намысың менен ага теңел; алгыр акыл-оюң айкөлдүгүң менен кенел. Ким өзгөлөргө болсо өрнөк, улуулукту жөн салды көрмөк. Султан сымбатына суктанбай, жан дүйнөсүнүн төрөлүгүнө көңүл бөлмөк. Өзүн өзү соттоп,өзүн өзү ар тараптан таптап жүргөндөр бар, падышалык сапатты сактап.

102. «Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат»- дегенге кыйыта собол салып, чечмелеп берсе деген экенсиң бул жолку катыңда. Алтын баш аманында ар өнөргө машыга жүр. Бири жигериңди сурайт, бири өтө кылдаттыгыңды сынайт. Биринен чеберчилигиң озот, көңүл кош ыргылжың иш тозок. Табыйгы шыгыңа кумарлануу канат бүтүрсө, ал иш кулпурду дей бер; дилгирлигиң кемип, ынтааң басаңдаса, андай иштен кайгы жей бер. Эл башкаруу өмүрдү сурайт, андай бийик тактыдан билимсиз дөдөй эки баштуу болсо да кулайт. Асыл өнөр- саатына саат, күнүнө күн так жүргөндөн өнөөр; маанилүү иш арасында кызыгарлык эрмек табылса, көргөндү кубанычка бөлөөр.

Ар иште ар кимге көз карандысыз жүргөн-көздөгөнүнө жетип, көңүлдүү өмүр сүргөн. Кыптай жасаган буюмуңду кыйкымдап турса, бирөөлөр ошондо басат кара тер, катуулугунан эле калат кара жер.



103. Жадыңдан качса сабыр, жабыша калат жадатма бабыр. Оозун тыйган, өзүн өзү сыйлаган. Бир иштин артынан жүргөн, ошонусун айта берген ар жерден, акыры кагуу жейт ар кимден. Ток этер сөз: нагыз ой жүрөк кубантып, сергитет бой. Акмактын анча-мынча айтканын угумуш этип, жөн кой. Кудайым сактасын де, жадатма бабырдан, бир сөзүн эки кайталап, эзмелей берип, эстен тандырган.Кепке конок бербей бебиреген, жердин жети катарына дейре жебиреген, уят-сыйытты билбей теңиреңдеген- тажаткычтан сактан. Акылдуу аярлана угумуш этет, ара жерден сөзүн бузуп, табышмактуу өткүр кеби менен өрт өчкөндөй дымытып кетет.

104. Башыңа консо бак, бага бил сак. Дөөмөтүнө дөөгүрсүп, кызматына чиренген көрүнгөндү кыжынтып, ушак-айыңга малынат.Бой көтөрө чыртыйып турган,ырыскыны көтөрө албас,жетесинен урган. Андайлар бийликке турар замат кадыр-барктын артынан кууган; адилдиктин баасын угуп,деми сууган; оңой олжого кызыгып алыска барар жолун бууган. Кадыр-баркты сатып да,тартып да алалбайт, ал ак эмгек, адал мээнеттүүнүн артынан калбайт. Кай бирөөнө келсе кадыр-барк, дөөлөт мөмөдөй салбырап, абийир менен өсүп-өнөт.



105. Кемтигиң барда-керейбе,коюң жокто-коройбо. Болор-болбостон бери нааразылана кейиген- муун-жүүнү бош алсыздык; бой көтөрө коройгон- акылы алашемдик. Коройгондун баары акылы тайыз кудайдын каары, жалган ыракатка батат, бирок баа-барксыз жорук-жосунга жатат: кээ бир жетесиз, өзүнө өзү корстон, аны кеп уруп нетесиз. Ак эмгектен атак алган күндө да, кокустан ага жетпестен өзүн өзү жоошуткан күндө да акылдуу аярдана алды-артына кылчактайт, тагдырдын соккусу андайларды анча-мынча бучкактайт. Ар кандай иш кырдаалдын убагына жаналган ордуна багынат, акылдуу ошого жараша сабылат. Акмактар учурайт уятка батса да өңүнөн азбаган, жулунма таскагынан жазбаган.
Жыйырма биринчи кат
Ассалоому алейкум, Уругум!
106. Канткенде тез таанылам депсиң бул саамкы катыңда. Кыска жол бар эл оозуна тез тараган, көпчүлүк көрсөм деп самаган, албетте көптүн ишине жараган. Андайлар досту тандай да, таба да билет; бийликтин коюн=кончуна кирет; акыл ооштурат, ырыс жугуштурат, ошентип, табитин өстүрөт, жүрүм-турумун өзгөртөт. Калбаат, кечиримдүү, карапайым жолдош күтүп, шашмалыгы, алдастама адаты акырындап, өлчөмгө түшөт, акыры набаттуу нарк күтөт. Ала-куланын айкашып турганы бул жашоону шаңына чыгарат, айрыкча үй=бүлөдө майрам шааниси кирет күнүгө. Акча күтпөй, адам күт, үй-бүлөнүн да, жолдош-жороонун да азап-тозогуна түт.

107. Жамандагандан жаа бою кач. Табыятынан таарынчак, көрүнгөндү көөлөгүч, жалакорлоно жалаң күнөкөрдү каргагыч кишилер бар жамандыкты жардагыч. Бирөөнү минтип койду деп наалыйт, дагы бирөөнү ушунткени жатат деп каарыйт. Көөдөнү көөлү, тилинде бар сөөлү, пилге айлантат кадимки төөнү. Андайлар кылдан кыйкым табат, жүрөгүңдү кабат, жок жерден жалаа жабат; кара жини кармаса, калкка капсалаң салат. Арга не «Эсери болбой, эл болбойт.»

108. Басына берсең баткан күндөй болосуң, бакпаган гүлдөй солосуң. Күйпүл жашоого күң болбо, силкинип туруп, оолактай бер орто жолдо; антпесең азаптуу иш салып коёт терең орго. Чак түштөгү күн булутка жашынган өңдүү, тезинен боюңду ала кач, болуп калсын «Ким көрдү?!» Андайга көрөгөч жана сезгич бол, алдыңды күтүп турбасын кырсыктуу жол.

109. Күйүмдүү жолдош күт, Уругум. Достук жана жолдоштук жашооңдун жарты бөлүгү. Сени барктаган жана баалаган убарлаш-ал түбөлүктүү уялаш. Ынак досторуң, ымандай сырдаштарың болсо, сенден артык бай жана бактылуу адам жок.Касыңдын да, досуңдун да арасында жашооң өтөт; ошондо ысык-суугуна досуң түтөт. Моюнча өскөн, ачуу таттууну бөлүшкөн досуңа тезинен жолук-ошонун өзү денсоолук.

110. Жан аяшпас жар изде, кыйышпас адам изде. Жараткан жар болсун,Уругум. Андан кийинкиси-акыреттик жар тура. Акыреттик жар табууда ата-бабабыз азап-тозоктуу сыноодон өтүп, абийирин жана жан дүйнөсүн жактырып болгон соң ант ичишип, никелешкен. Акыреттик досуң да эрдигиңе, билимдүүлүк парасатыңа, акылыңа аңдап, анча-мынча кемчилигиңди көргүсү келбейт. Адеп-ахлап, тегиң, ата конушуң,ишиң, турмушуң-ушулардан улам да кыйышпастык жаралган. Жан дүйнө байлыгы, атак-даңкы, табыйгы таланты, коомдогу орду- баарын байкап, кыйышпас адам болуш оор, сакташ да жеңил-желпи иш эмес.

Жыйырма экинчи кат
Ассалоому алейкум, Уругум!
111. Күн артынан түн келет, күйүткө түшсөң ким билет деген бар, Уругум. Жай мезгилде кыш камын же; ырыскы дасторконун жайганда дос да, тууган да мол; баштан бак тайганда болуп калба кор. Тарта ичсең- тай артат, табышкер тарчылыкта ага жүк артат. Барчылыкта бааланбаган башка күн түшкөндө баамдалат, кишинин кишиси дал ошондо тандалат. Дөөмөт күткөн көөсөр, көңүлдөшүнөн күн алыс качар, күйүткө түшкөндө күнүлөштүн казанын асаар.

112. Бак талашкан пейлинен табат, күнүлөшкөн күйүттө калат. Уругум, ушул сөздүн жандырмагын 2005-жылкы парламенттик шайлоодогу ич тардык жана көрө албастыктын оту жанганын көпчүлүктөн иликтеп билерсиң. Бир орунду жеңмекке онго чейинки оён ат салышты, тең тайлашты; бети курусун, мыктап салышты кас душмандын урушун; бирин-бири быкыйын чукушту, ата- бабасынан бери ашата сөгүштү, жалаа жаап, сот алдында көрүштү; мурда атак алып жүргөндүн абийирин айрандай төгүштү ызалап да, каралап да бири-бирине ылай чачышты,ушундан улам бир аймак элдин башы чатышты. Көп жылдап көсөм өңдөнүп жүргөндөр да чүмбөтүн сыйыртып, көөдөндөгү чама-чаркын байкатты. Андай тең тайлашта айла-амал убактылуу утуш алар, такыба адам жеңбесе да абийир табаар.

113. Акмактар менен алышпа, келесоо менен керишпе, кебелбей жүр ар иште. Улуу акын Омор Хаям, асман жер аралыгына эшектерди эмнегедир эсепсиз көп жараткан Аллага астыртан тап бердирген жери бар. Калк ичинде каман мүнөз, ит кыял бирге жашамак түгүл, жанына бир мүнөткө да чыдап тура алгыс кулжуңдаган кумпайлар толо. Алардан биротоло кол үзүшпөгөн соң шартка карап, жаяктама сөзүңдү оңдо; капыстан каарына кабылып, калк алдында күлкү болбо. Оболу алар качыра салып, коркутуп өтөт үстөмөндөп; акылдуулар андайда күлө багып,тим болот кечирген кыязда. Дөдөйлөр кеп жебейт, оюна келгенин бербейт, оозуна эмне келсе, ошону элейт. Билмексен, укмаксан этип, унуткара бил; сезимиңди чалбасын кир.

114. Жакшыга жаныңды бер, делинет байыртан бери. Жаман менен жоолашып жеңгиче, жакшы менен кармашканың ийги. Жакшыга жанашсаң зоболоң артат, жаманга жанашсаң күнөөң артат. Байкоостон жаман менен достошконуң, абийир менен коштошконуң. Акмактын достугунан кастыгы, абийринин пастыгы; тили адилдикти сайрайт, ичинен тишин кайрайт,өчөгүшүп калсаң тирүүлөй чайнайт. Абийри жоктун-ары жок, антка турар жаны жок. Ар намыс-абийирдин тактысы, ага миңген жакшынын бактысы. Жакшыга жаныңды кош-өмүрүң өтө бербейт бош.

115. Өзүң жөнүндө ооз ачпа. Өтө жаман өзүн мактайт, өөдөсүнүп дардактайт, өзүн өзү жериген –акыл-ою кемиген, өзүнүн майда-баратын айта берген жабырап, ал- жадатма бабырак. Ошол себептен курбу-курдаштарыңа ооз ачпа,олуттуу жерде-сөз катпа, көпчүлүк алдында көбүрүп-жабырган калжың алсыздыгын айгинелеген мылжың. Катышкандар жөнүндө какмалаган кеп жөнөтсөң- кастыктын каптоосуна каласың.
Жыйырма үчүнчү кат
Ассалоому алейкум, Уругум
116. Жакшы болсоң- жатык бол, улук болсоң- кичик бол. «Аке деген көңүлгө төтө»- деген макал ар кимге астейдил ызаат көрсөткөн адептен улам айтылгандыр. Касына да, кадырлашына да, баладан чоңго дейре озуна салам бериш акылдуунун өзгөчө парзы. Сылык, сыпаа сезгичтик- көргөндүн көөдөнүнө жалын бүркөт; тескеринче, бетон мамы сымал мелтиреп жүргөндөн-ыйманың үркөт. Билмексен элейме, менменсиген керейме-итатайыңды тутантат демейде; андайлар акмактыгын сездирет, аңдаган акниет ичинен кезгерет. Байкалбаган жатык- баасы алтынга татык. Кичипейил ызаат жана урмат –ар дайым жүрөктү ысытып турмак.

117. Жок жерден жоо күтпө, Уругум. Жосунсуз жорук, жагымсыз сөз-жоо күттүрөт. Аярлана жүр,аста күл, көпчүлүккө көрсөтө көрбө кекерлүү түр. Акмак ар качан акылдуунун жолун торойт, кээр какшыгы менен боройт. Ач көз өлүү дүйнөгө көзү канбас, кыйкымчыл көрө албас акылдуудан озгуча урат далбас.Кудайдан коркпос тажаал көктүгүн койбойт, башына кылыч кармаса да ажал. Акылдуу сезгич андайлардан жаа бою качат, тили сууктан тескери басат,эки жүздүүнү эртелеп байкайт, шылдыңкорду жылмайышы менен жайкайт, олуттуу менен оң карашат.Сен кандай болсоң- эл ошондой; кылыгыңа жараша, чыга келет тамаша.

118. Дооруңа доо койбо,жарыша жаша жагымдуу ойдо. Учур болот, сен жашаган коом утуру бир конушка конот, ошого ылайык көрөр күнү, көлбөргөн түрү, үнү жана сөзү өзгөрө берет. Кексе карылыкка салып, андай экен, мындай экен дебе, жаштардын сырт турпатын жерибе.Доор менен кошо кирген агым, туткундап алат баарын; сен да аргасыздан анча-мынча багын, бирок таштап кетпе, улуттук каада-салт жагын. Адеп-ахлап, уят-сыйыт жана ар-намыс, кайсы доор болбосун каухар эмеспи табылгыс.Нарктуулар өткөндүн керээзи, адеп-ахлаптын бийик сереси; абийир, адилдиги тунук бойдон калат өзгөрсө да жашоо эрежеси. Алардан талалим-тарбыя алган кыз-улан модага багынбай, улут салтынын сепилин курган. Оо, акчанын бийлигине кулданган доор, калкка кара боор, андайдын акыр түбү жакшылыкка оор. Эртеңки күндү көрө билген көсөм, эли-журтуна жөлөк болоор.

119. Болор-болбоско, болуп койбоско көңүл бөлбө.Бирөөлөр татыксызды тамашага салат,дагы бирөө нака иш катары кабыл алат,ушундай учурда кытмыр жумурткадан кыр табат, жанжал да салат.Кас душман түккө турбаган ишиңди көкөлөтө мактайт, кошоматчылар жактайт, досуң акыйкаттын алоологон отуна кактайт. Мындайда ак караны айра албаган, олуттуу ишти, жосунсуз жоруктан бөлө албаган, коколой башы көрүнгөн жерде сандалган.



120. Иши ардактуунун сөзү салмактуу. Төрт тарабы төп келгенди төргө алат, андан өзгөлөргө таалим калат. Жүргөн-турганы, мамилеси, жада калса, жагымдуу дабышы, кеп салышы, кеңеш берип, бата менен узаткан жоругу-жан дүйнөңө чырак асып, гүл эгет. Сан жүрөккө жагыш- улуу жеңиш. Ал бекем ишеничтен, табыйгы ырайымдуулуктан, ата-бабасынан канына сиңген адаттан жана жашынан күткөн сабактан жаралат.

Жыйырма төртүнчү кат
Ассалоому алейкум, Уругум.
121. Бой көтөрмө көөдөн керме, баш бакпа ал турган жерге. Бир тепкичке жогорулай калса, жагалдана жасанып, башын койкоңдото кобурайт. Көргөндөр ичтен күлөт,жагынпоз жанында жүрөт сүрөп,андайлар ак ниетке итче үрөт. Көөдөнү кучак, бирок көрөңгүсү чак, сылаңкороз түгөт,карын ордуна кап байланып жүрөт, курсагын сылаганды сүйөт. Жан жагына кулак түрөт, жасалма кыялын жан адам туйбайт деп билет. Кокус жанына барсаң корсунта карайт, какмалаган сөз менен камайт, ал тургай жамандык каалайт. Ишиң онуна чыкса, андайларга ооз ачпа; адистикке жеткениң, өйдөлөп кеткениң ак эмгектен экенин айтпа. Анткор дымакты айрөктөп жатып,өзүң да кошулуп калба; алардын тузун татып, анча-мынча жетишкениңди ачыкка салып. Акылдуу анткор даңкчылга кайдигер карайт, шек алдырбай тилин тишине камайт; кыраакыга ак ниеттер сырлашсак деп самайт. Ар тараптан кандайча жетилгенин эч жанга туйгузбай жүрүп, туңгуюктан чыга калгансып каргыган көпчүлүктүн алкоосуна өз ишинен арзыган.

122. Урматталган уул бол, Уругум. Эпчилдене этекке эрмешип жүрүп бүт элдин сүймөнчүлүгүнө жеткендер бирин-серин; акылдууларга арзыгандар бар, агызып жүрүп мандай терин андайды анык бактылуу дегин. Карыган кезиңде элдин болосуң эсиңде. Көпчүлүккө жагыштын өзү тозок, бири ишинен жана кадыр-баркынан озот; көшөкөр, паракор-колун алыска созот,акыры абийирден тозот. Эл көзүнө жетик, ар ишке тетик, көзгө урунат адал эмгек этип, андайды кызмат турат самап; кай бирөөлөр дөөмөтү менен сайран курат.

123. Өз башыңдагы чөптү көрбөй, өзгөнүн башындагы көптү көрбө, Уругум. Бирөөнүн капасына жана катасына кубанган жан дүйнөсү караөзгөйлүккө чыланган; күнөөсүн жуу албай жүрүп, башканын бетине сүртүлгөн көөгө күлүп, көрүнгөн жерге кабарлайт кулак түрүп. Ошенткен сайын,жарпы жазылып, ыракат алат, андайдын оозуна ак ит кирип, кара ит чыгат, акыры коомду ылайлап тынат. Андайлардан алыс жүрбөсөң көөсү жугат, укпайт деп ушактаба, угулуп калат. Ар кимден айып кетет аздыр-көптүр, андайды көңүлдүн түбүнө чөктүр. Жөөтчүлүккө барба, ичкен кудугуңа түкүрүп, туулган жериңди чанба. Эл таалайына жаралып, жарыгын чачкандарды өлгөн соң жамандап, ыракат алган жетесиз акмактардын сөзүнө ынанба. Акылдуунун сапаты- жамандыкты укмаксан, көөсөрлүктү көрмөксөн, ыпластыкты билмексен. Көлчүктөгү бака көктөгү айды эликтейт, Көкөтеңир ага терикпейт.

124. Акмактын ана башын айтып берчи депсиң, Уругум, бул саамкы катыңда. Акмакчылыкка барган акмак эмес, ошондой ишке барып алып, оозун тыя албаган- келес. Качан болбосун дене кумарды тизгинде, алсыздыгыңды андан бетер билгизбе. Кумпар кумпарлык ишин угузбашка сактанат, акмак анысын ар кимге айгинелеп мактанат. Күнөөгө баткан оозуна салсын капкан, ошондойлор гана аброй тапкан. Улуу адамдан кетсе кылыр иш- күн тутулганга тете иш; мүлдө эл укса жүрөгүңдү сайгылайт миңдеген шиш. Күнөөңдү күйүмдөш досуңа күбүрөй бербе, ал тургай сакталбасын дениңде. Элде эсиңе салар: «Көргөн көргөн жерде, уккан уккан жерде калсын»- деген кеп бар. Айтор, ыпластын чаңы сүртүлбөсүн сизимге.

125. Ээн-эркин жүр, кысылбай, бирок боло көрбө такымын кызаңдатып, таңыраңдап таркылдаган тайбастын, тууду бийке кызындай. Акылы жетик,көңүлү тетик улан-кыздын жүргөнү шар, сөзү бал, күлүп койсо, күн нурун жамынат, андайлар көрүнбөс каухар тагынат. Сылык-сыпаа сыйда мүчө илбериңки бул деле-көңүлгө майдай жагат, бирок, жаркылдаган ачык-айрым,аздектеген акылгөй-көргөндүн көөдөнүнө күн чырагын асат. Мунсуз жорук-жосун-суз, сулуулук, көрк тоңгон муз, зыңгыраган сымбатка акылмандык жана жалындуу жигер айкашса, ошондо гана болот сулуулукту байкашка. Адам аттуу аянбайт андайлардан.
Жыйырма бешинчи кат
Ассалоому алейкум, Уругум.
126. Көңүлүң көкөлөй берсиң! Көңүл кушу бийиктеп канат кага берсе, багынбай койбойт, тоскоолу күч, тоодой нерсе; шык ,үмүттү жүрөккө демесе,акыл-ой бийиктейт, сымбатың сынына чыгып, айкөлдүгүң артат. Көтөрүңкү дымак барда асыл жан азап-тозокко да коёт чыдап,ар кандай ыпластыктан асман жердей алыс турат. Кең пейилдүү, кайрымдуу жана кажыбас кайраттуу көңүл кушун таптай билет.

127. Эч качан муң-зарыңды төкпө,санаага чөкпө. Арыз-муңун айтып, ар кимге даттанган,бир чети актанган, эзелтен эч кимге жакпаган, ырыстуу жерге батпаган, Эчакы өткөн кегин козгоп, ыйлап алгандар бар боздоп, андайлар кыжыр кайнатат, боор ачымак турсун мыскылдуу баш чайкатат. Акылдуулар, ушак-айыңдуу арызга кол серпет, өзүнүкүн жер түбүнө жеткирет, ошонусу менен досторун асырайт; душман таппайт.

128. Ишиң илгери болсун, көзгө толумдуу болсун. Бул жарыкчылыктагы бир жаңылыштык-иштин кымбатын баалабай, сымбатына карайт. Олуттуу ишиң бир жөн, аны ачыкка айгинелеп коюш- ал бийик конуш; баса көз көрбөгөн эмгегиң кимге таң. Сөз калган байыртан: «Бир көргөнгө берет жан». Мындайда көсөм көмүскөдө калган, курулай атакты куулангандар алган, чыныгы талант: «Чындык жок тура»,- деп арманда калган.

129. «Бакайдын берген боругу,көкөйдөн калбайт жоругу»- дегенди чечмелеп бер депсиң бул жолку катыңда. Кайран энең Каныкей Чыйырдыны жетелеп, Семетейди бооруна басып, канкакшап ыйлап качып баратканда Бакай артынан издеп барып, боруктун этин күл азыкка берген эмеспи. Айрыкча башка кара түн түшүп турганда көрсөткөн жакшылык кылымдар бою аңыз катары айтылып калганы да ушундан. Бакайдай акылман, айкөл көсөмдөрдүн колунан жүрөк кубанарлык берешендик, кечиримдүүлүк келет тура. Андайлар аңдышкан касын күн нурун жамына каршы алып, ызалыкты таман алдына басып, ырайымдуулугу менен достошо кетет; башкалар кагылыш чыгып кетпегей эле деп кыйпычыктап турганда маңдай жарылткан жорук чыга келет. Атасын өлтүргөнгө аш берген айкөлдүк саясат ишинде болсун, мамлекет башкарууда болсун өтө зарыл. Андайлар айкөлдүгүнө мактанмак түгүл жөн салды иш катары көңүлдөн чыгарат, бирок көрүп-билгендер андан сабак алат.

130. «Кабыргаңа кеңеш», кадырлууга теңеш. Иш кыйчалыштап турган маалда же акыл быт-чыт өңдөнгөн учурда «кабыргаңа кеңеш». Кабырга дегениңиз кандай дешиң ажеп эмес. Ал-акыреттик аялың. Байыркы динде: «Аял эркектин кабыргасынан жаралыптыр»- делинет. Ошондон улам кабыргаңа кеңеш деп туюк айтылып калыптыр. Кыжалат ишке келгенде, доочу кыстап турганда, жоо жакадан алып, бөрү этектеп турган кезде кеңешип кескен бармак оорубайт. Сурамчы да таарынбайт, досуң да наалыбайт.

«Кабыргага кеңешип» көрөлү деген сөз- кыжалаттуунун демин суудуруп, убакытты создуктурат. Ал эми абдан кысталышта кыр ашырып ажат ачкан-абийир таап, кадыры арткан.


Жыйырма алтынчы кат
Ассалоому алейкум, Уругум.
131. «Элиң ууру болсо ууру бол,бөрү болсо бөрү бол»- дегенди чечмелеп бериңиз депсиң, бул жолку соболуңда. Бир эл бир элди басмырлап,чабышып турган учурда айтылып калган сөздү, азыркы айрым акылсыздар өзүнүн айбын жаап-жашырмакка бетине кармап келишет. Мунун түп мааниси мындай: акылсыздар арасында жылгыз сен акылдуусуна берсең, алар сени көрө албай, мерт кылышы мүмкүн, ошол себептен алардын жоругуна ичиңден күл; байкатпай шардаңында жүр.Акырындап аларды артыңдан ээрчитип,оң жолго сал,жол башчы болуп кал..Ууру-бөрүнү ээрчисең-элден чыкканың, абийирден кеткетиң.Бөрүнүн бөрүсү бол деп кыйыткан кептин жөнү ушул.

132. Камдуу жүргөн-шаңдуу жүргөн. Бу жалган дүйнөдө башка не келип, не кетпейт. Асманда ар түрлөнүп калкыган ай сымал күнүмдүк жашооң бирде күмүш чапан жабат, бирде күбүргө салат. Эртеңин ойлоп, мезгилди бойлоп, камдуу жүргөндөр бар тойлоп. Өлчөп жеген өмүр табат, ашык оокат эртеңкиге калат, булайт ичсе-булактагы суу түгөнөт, алкы бузук карды ачса-ачууланып сөгүнөт. «Караан түнгө» камданам деп калкты канашалап тоногон-кудайдын каарына калат.

133. Кежирлик-келишпес жоо, акылдуулук тосмо болот боо.. Калыс ишке каршы чыгып, күңкүлдөгөн дөдөйлүк көңүл иренжитет. Ырас, курч,таамай айтылган сөз чыгат, андайлар ойду адилдикке бурат. Такай талаш-тартышты сүйгөн,кеп жебей кежеңдей берип, далайды кууп чыгат чакырган үйдөн; андан жакындары да күйгөн, тели-теңтуш куйрук түйгөн.Каршыкма каман мүнөз, жылкы кыял- кемчилигин өлөр алдында туяр.

134. Иштин көзүн билбеген- итириңдеп жинденген. Кайбар иштин маңызын таштап, кармап келет кабыгын. Көөдөк өз жанын күүлөй берет,жамажайын көбүртүп сүйлөй берет; түшүмдүн кызылын коюп, жоодарын терет. Андайдын акылы туман, көөсөрлүк көөдөндөгү көзүн бууган; жашоонун маңызына жете албай, башы арылбайт ызы-чуудан.

135. Акылман өзүн курчутат,анткени ар убак эркинен жанбайт,күрөштөн танбайт. Көрүнгөн аны бийлей албайт, ушактап сүйлөй албайт, күнү түшүп күпсөрдөй байга барбайт. Өзү-бий, өзү-хан, көргөн-уккан айран таң. Бар тарабын жетилте берип, пайгамбар чалышка жеткен, кайра тартпайт хандан,бектен.
Жыйырма жетинчи кат
Ассалоому алейкум, Уругум.
136. Кийликпеген - бийиктеген. Эсиңе ушуну өзгөчө тут, Уругум, коомдук иштин көлү чайпалып куруйт, үй-бүлөдө бороон улуйт, ошолорго кийлигишпей четте бол. Көпчүлүк бири-бири менен кармаша да, кагыша да келген; талаш-тартыш тарагыча тынч коңул изде мындай жерден.

Дарыдан илдет күчүркөп кетиши да мүмкүн, бир гана жаратылыш сымал жайына коюп, күткөн оң; кыл табып доктор канчалаган дары жазып бериш үчүн, ошончолук билгени абзел, бирок дарыны бербегени ийги. Себеби – дене илдет менен өзү күрөшөт, өзү-жеңет. Демек тиричиликтеги тирешүүдө бороон басылгыча оозду басып, кулакты жапыр, кубанычын көрөсүң акыр. Булак чаңдуу шамалдан булганат, сен аны тазартам деп убара болбо, бир гана боло көрбө жолтоо. Кымындай иштен тутана кетет жанжал-уруш, анын басыларына башкы себеп- жанында болбойт туруш.



137. Нелер келип, не кетпейт алтын башың барында. Күн артынан түн келет, күлкү артынан- ый желет, кубанычка жарылбай, кайгыга багынбай жүргөндөрдү- пил тура делет. Бир күн бар кубаныч тартулайт, мындайда көңүл эргип, жыргалга батасың. Бир күн бүркөлө карайт, болор-болбос санаага камайт; дагы бир күн-кайгылуу түн, мындайда буулат үн. Санакорлуу күн-сайраңды жетелеп келер; тескерисинче өнүмдүү убак-өкүнүчтү туумак, өмүрдө болбос- өзгөрбөй бир орунда турмак.

138. Бардык иште башкысына жетмек.- ага жакшы табит таасир этмек. Аары азаптана берип бал жыйнайт,жылан- уу камдайт. Адамдарда деле ушундай табит: бири өргө умтулса, бири көргө сүйрөйт. Буюмдар деле табитке жараша жасалат, китептерден бири-ой издейт, бири-окуясына кызыгат. Кээсинде кесир чайкагыч адат- көптөгөн мыкты иштерден издеп жүрүп, бир кемтикти табат, мына ошого көөнү абат,көмө чапма атты тагат, андайга кумарлануу жана ой-пикирдин акыр-чикири жагат ошону көбүртүп-жабыртып жатып, ыракат алат. Алардын жашоосу эки нерсеге табынат: жан дүйнөсү кайгы черден азыктанып, сезими- чиринди ойго каныгат. Булардыкына караганда бактылуу татым-миңдеген ыпыр-сыпырдын арасынан бирден бир алгылыктуусун табат, анысы асмандан түшө калгансып көтөрө чабат.

139. Жабык көөдөн, таш кулак-чээндеги кашкулак..Өзүнүн ою-ой, акылы-акыл, ага түк жукпайт таалим, накыл. Кайда жүрбөсүн дымагы күч,өзгөнүкүн эшитпейт,өзү менен өзү кобурашат, өзү менен өзү акылдашат, андайга ким деген жакындашат. Бирок таштын жарыгынан чыга калгансып: «Баягыда мен айтпадым беле?», «Ии, ошондой дегем»,-деп аңкылдап,сөз жебейт да, кеп бербейт. Непада башыңды буруп кетсең, колдон тартып атайлап каратып алат. Кокус сөзүн коштобой же кубаттабай койсоң жүрөгүңдү канатып салат. Акылдуу андан кутулуштун амалын табат.

140. Кежирлик кейишке батырат, тилегин таштай катырат. Кеп жебес кежир бар-бул келесоолук, иштин маңызын билбеген, өз билгенин бербеген көкмелтей, бул айбан чалыш доюр. Тажаалдана талашат-олжодон куру калышат; албууттана акыйлашат-акыйкат кай тарапта экенин билбей адашат. Акылдуу ага теңелбей, актыгына бекем турат кебелбей; кежир соолугат, жеңилсе да болбой оолугат, көктүгүнө салып тоорулат.Өзүндөй өжөргө кабылат, ошондо барып талпагы ташка чабылат.

1   2   3   4   5   6   7


©netref.ru 2017
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет