Ашымбаев Бой тумар Асыл ой берметтери, акыл-сезим дүрмөттөрү, уютмалар түрмөктөрү. Кыргыз тилинде Калканбай Ашымбаев. Бой тумар. Б.: Эркин-Тоо, 2007. 112 б китебинен алынды



жүктеу 1.01 Mb.
бет4/7
Дата01.04.2016
өлшемі1.01 Mb.
1   2   3   4   5   6   7
: uploads
uploads -> Қазақстан республикасы төтенше жағдайлар министрлігі көкшетау техникалық институты
uploads -> Қазақ тіліндегі ресми іс-қағаздары Басқару, ұйымдастыру, өкім шығару қызметіне қатысты құжаттар
uploads -> А. С. Макаренконың өмірі мен педагогикалық қызметі
uploads -> Ян Амос Коменскийдің педагогикалық қызметі мен теориясы. (1592-1670жж)
uploads -> Приложение к части а1
uploads -> Рабочий проект
uploads -> Кирилл Куренда: двухлетний вундеркинд Не иначе как вундеркиндом можно назвать Кирилла Куренда из крымского села Владиславовки. В свои два с половиной года он уже знает все буквы алфавита умеет считать и освоил азы компьютерной грамотности

Жыйрма сегизинчи кат
Ассалоому алейкум, Уругум.
141. Осолдуктан оолап алып, ойкуштама опсолоңдуктун ороосуна түшүп калба. Осолдук да, элдин оозун ачырмакчы болгон опсолоңдук да – беделди түшүрүп,бет кызартар жорук. Далай далдакелер чет элдик жорук-жосунга жолугап, жашынан калды абийирден тосулуп. Ээ, бетим, тилик этек көйнөкчөн, көчөдөн көчөгө салып уруп жүргөн бар кызаңдатып жоон сан этин! Кээси жүрөт киндигин ачып, абийрин көрүнгөн жерге чачып,ошол кантип , үй күтөт, казан асып. Жакшыга жарашат араактан берээк оор басык, андайларга көөдөндүү жигит ашык. Максаттын бийигине бой ура албагандар, акылы жетилбеген; жан дүйнөсү жардылар сыртын борлоп,элдин оозун ачырмакка, чет элдик болуп, көрүнүшкө өзүн зордоп; бирок ата-салтын кордоп, жат элче жабырайт, эне тилин оордоп. Алар азыр чоң жарышта, катуу камынып жүрүшөт Америкага барышка, ар-корун үрөп, доллар күрөп алышка. Дурус болор эле сатынды салбар атка конушпаса…

142. Жаңылсаң да жарым жолдон кайрыл. Каны суюк, көзү туюк кезде кимдер жаңылбаган, кимдер модага жана байлыкка багынбаган. Жалт-жулт этип буластаган көз боочулук жаш жанды жалындатып, акыл-оюн тумандатып, эркин мокоткон, андай сыйкырлык динден да, дилден да, тилден да ажыратып, улуттук касиетин жоготкон. Мына, цивилизация шамалы-акылы тайыздарды, эрки бошоң белимчилерди, ач көздөрдү камгак сымал алдына салып, дүйнөнүн чар тарабына айдады. Далайы чет өлкөлөрдө жүрөт каңгырап киндик каны тамган ыйык жеринен ажырап, кул-күң катары бирөөлөрдүн ирегесинде жалдырап.

143. Кокуйлаткан дартыңдын колтугун ачпа. Дартыңа даттансаң- ал сени ого бетер сыздатат; касың укса, калкка жайып чаңызгытат. Ооруган жериңе дем салдырасың, жаныңды бир аз сеп алдырасың, бирок касыңды күлкүгө кандырасың. Арам ойлуунун издегени-жылчык, сөзү- уу сымал кычык, ооруңа оору демейт, туш- туштан кысып. Сезгич дене- сезгенгич келет, көрө албас көөсөр тымызын уусун себет, ошол себептен жан кишиге туйгузба демек. Оорусаң- куурадым дебе, айыксаң- жыргадым дебе, бири-унутулат тез эле, акыркысы көпкө сакталат көңүлдө.

144. Түпкүрүнө үңүл. Көпчүлүк буюмду түрүнө карап ылгашат, маңызына байкоо салбай, кабыгынан ичин теше карабай алданышат.

Алдамчылык акыйкаттан алга озот; бардык жерге мойнун созот; жанын сабаган мактоосу менен чындыктын жолун тосот.Акыйкат адашкан кейипте аксаңдап арттан келет. Акылдуулар азгырмалуу айгайдан күнөм санайт, иштин түрүнөн түңүлүп, түпкүрүнө карайт. Карбаластаган ала өпкө кабыгына суктанып зыян тартат көпкө. Асылдар ар качан түпкүргө чөгөт, ага кабыгы болот бөгөт; адистер жана аңдагычтар экөөн эби менен бөлөт.



145. Текеберлүүдөн тескери бурул. Элибизде: «Дымак- өрдө, ооз-баатыр,тил-текебер», - деген накыл калган. Мына ушул үчөө,үч шертинен кайтпаган маалда- ал киши жанына жан адам даагыс кара зоо өңдөнөт да калат. Канчалык кудайга колуң жеткенсип турган күндө да ийкемге кел, кылың кыйшайып калбайт, келди-кетти кеңешти ук. Кай бирде оң жолго баспас-оңолбостор жана текеберлүү терсаяктар тизгин тартышпай, жардан алыс кулашат. Ал эми ар тараптан жетилген адамдын эмгеги ак ниеттүүлөргө ар дайым ачык, жакшыларды жан дили менен жанаштырып, акыл ооштурат, ырыс жугуштурат, кеңештерине каныгат, качан болбосун камдуу турат жан дүйнөсүн жаңылап. Айтылган акыл, жашыруун сырды жабык карман.
Жыйырма тогузунчу кат
Ассалоому алейкум, Уругум.
146. Аңгеме- дүкөн кура бил депсиз, муну кандай түшүнсөм болот депсиң бул саамкы катыңда. Түшүнбөсүң да ырас, үйдө болсун, талаа да болсун орусча кулдурашат ата-энем, аларга эмне демек элем депсиң. Ата ордуна мындайча кеңеш берем; түшүнбөгөн сөздөрүң болсо, Константин Юдахиндин «Кыргызча-орусча сөздүгүнө» үңүл. Сен экөөбүз кат аркылуу кабарлашып турганыбыз бул дагы- кеңешүү, аңгемелешүү, баарлашууга кирет, бирок бул бир эсе ойлонулган, акылга салган кагаз жүзүндөгү аңгеме-дүкөн. Менин каттарымды катып жүргөн болсоң-ал дагы дүр-дүйнөлүү дүкөн. Ал эми оозмо ооз, көзмө-көз баарлашкандан акыл жөндөмү, түшүнүктүн кеңдиги-сөздүн чебердиги баамдалат да –аңгеме кургандын чама-чыркы таанылат. Сөз баккан-тамырын кармайт доор каккан. Ошол себептен бир акылман: «Кана, кеп урчу, сөзүңдү угайын, көөдөндөгү көөкарыңды туяйын»,-дептир, ырас, достор, сыр билги курбу-курдаш арасында куюлуштура эркин маек курасың. Ал эми олуттуу адамдар арасында ойлоно сүйлөп, орундуу жооп кайтарасың. Баса, аңгеме татымдуу болсун десең уккан кишинин мүнөзүнө жана акылына төп келгидей ойду танда. Аңгемечи өзүнүн ой-акылы, айткандары жөнүндө талаш-тартышка түшпөй, көңүл ыраазы болгондой маанайда өткөрсө, уккандын жан дүйнөсү көшүйт.

147. Жамандыгын бирөөгө жаба салгыч- даана жан алгыч. Байыртан бери калк башкарган акимдер, жанын ардактаган зулумдар өз күнөөсүн, өзгөлөргө түртө салган; андайда аңкоолор, адал жүрөк момундар бирөөнүн биттүү тонун жамынып кала берген. Көбүнчө журт башындагы жуукур- мансапкорлорго, курулай атакка жанын бергендерге оңунан чыкпас ишин оодара келген, бирок акыйкатты кантип жашырат калың элден. Андайлар: «Ак безерди сызга олтургузган абийирсиз тура»-, делинген.

148. Өткөрөр буюмуңдун өңүн ача бил. Буюмуңдун өзү жакшы болгону бир жөн, бирок соода жүгүрткөндүн жүйөсүнө көн. Аларман ай-уйга келбей, көпчүлүк үймөлөктөгөн буюмга жутунушат. Барктап баасын ашырар, бабына келтирип мактаган менен жалган ат коюп актаган экөө сооданы кызытат. Бирок, чегинен ашырып аларманды иренжитип алба. Жабык сырлуу туюктанган жер-акыл да, татым да жүнүнөн жата калма жер.

149. Күн мурда күтүнө жүр, куудуң-шүүдуңга кулак түр. Алдын ала аңдагыч, өлүмтүгүн камдагыч, өскөндү жандагыч- утурумдук убайымды алдагыч, андайлар кокустуктан коркпойт, кокуй күн болсо да тооптойт. Табыйгатын таш боор соккусуна акыл-ою тетик, эрки жетик туруп берет аска сымал бекип. Камкөш, кайдигер жүргөн- капалуу өмүр сүргөн, кайраттуулар алсыздарга күлгөн. Алдын ала аңдаган арабасын алыска айдаган.

150. Олутуңду таба бил. Бул жарыкчылыкта кимдин адамкерчилик баа-баркы өйдө болсо, ошого көңүл оодарышат; аны жандаганга тигиге айтылган мактоонун көбүгү чачырабай калсын. Жылдыздуу асманда ай жарыгын чачып турса, андан өткөн ким бар; күн чыкканда ай көрүнсө көрүнөт, көрүнбөсө жок. Сени басынтаар жерден оолап, жаркыратып жагалдантаар тарапка ыкта. Бирок, жалганчы шумдарга аралашам деп акылыңдан адашпа, абийириңе шек келет, көргөн эл карашса. Кыргызда мындай кеп бар: «Жетип алгыча жакшыларды жакала, жетип алган соң өз атыңды такала».
Отузунчу кат
Ассалоому алейкум, Уругум.
151. Кеткендин кемтигин толтурам дебе.Үмүт, тилек,ой максатыңдан оргуштап алыс узай аларыңа көзүң жетеби? «Манастан Чубак кем бекен, мен кантип эле кечөөкү өткөн акын-жазуучулардай боло албайын?- деп төш каккандар кездешет. Ээ, арман дүйнө-ай, өткөндөрдүн атак-аброюна жетип, алардан эки эсе ашып түшкөнү болду бекен?. Хрущев Сталинден ашып түштүм деп, анын эстеликтерин танка менен кыйраттырып, сөөгүн мавзолейден алып чыгарып, жерге көмдүргөнү менен, өзү өлгөндө көрүнө батпай, сыртка чыгып, кайра көмүлгөн. Ырас, Хрущевду жер-сууга тийгизбей мактаган көшөкөлөр көп чыккан, бирок Сталиндин генийлиги ал чыккынчынын жүзүнө кара көлөкө түшүргөн. Завалуу арбактардан ашып түшөм деген - жумурай журтка адамкерчилиги жана элге сиңирген эмгеги менен көрүнө албай, жети өмүрү жерге кирген.

152. Сүйүүгө ашыкпа, ишеничке аптыкпа. Акылы жетиктер ишенимге ой калчайт, анын артына алдамчылык уйгак сымал жабышып алары айдан ак.Деги ишеним адамдын өмүрүнө тете. «Ишенимден кеткен, жарым-жартылай ажалы жеткен»- делинет. Аңдоостон ишеничке аптыкпа. Эгер ишенбесең сыр алдырба, непадам ыргылжың түрүңдү салып койсоң осолдук болор сезип калса; сени калпычы деп коёр. Өтүрүктүн өлүмгө тете эки белгиси бар, бири-эл ага ынанбайт, экинчиси-өзүнө өзү ишенбейт.Угуп жатсаң оюңду бөлбө, анын оюн орундуу көрбө. Эркекти көрсө, көз ымкып, жаракөрлөнө караган, ал тургай элди көзүнө илбей моюнга асыла калгандар бар. Андайды көрбөгөн жаның: «Сүйдүм» деп, акчасын алдатпа эне-атаңдын. Сөзү менен эмес, иши аркылуу ишендирип туруп, сайга аркандап кеткенден сактан.

153. Алыска жашайм десең ачууну тый..Ачууну тыймак акылдууга иттен арзан. «Бир колуңдун ачуусун бир колуң менен бас»,-делинет акылмандын насаатында. Эрктүү жана маданияттуулар ызалыктан бийик туруп, акырындан суутуп алат. «Атаңды өлтүргөнгө аш бер»,-деген айкөлдүк акылдууну каарданган учурдан да кармантып калат. Ал эми эрки бошоң, алешем акылдуу ачуулангандык кылбасын, оозуна келтирет Алласын. Медицина илиминде ачууланган са йын бирден нерв бүртүгү жансерек болуп турат дейт экен. Ичи тар, ит кыял, гүлдөгөн өмүрүн эртелеп өзү кыяр.

154. Досту тандай бил, жолдошту ылгай бил. Достун мыктысы- бир жаманчылыкта; бир жакшылыкта сыналат, айрыкча башка түн түшкөндө канат сымал кыналат; куруп калаарында кудайындай колдоп алды дешет. Ошондон улам, дос кудайдын аты- досмун деп оозанба, аны аткарыш арзан иш эмес деп айтылып калган. «Жанга күйгөн жандай дос, жанга күйбөгөн кандай дос» -деген макал бекеринен айтылбаган чыгар. Баса: «Мага досуңду көргөзчү, мен сен жөнүндө айтып берейин»,- деген экен бир акылман. Тилекмат чечен: «Акылмандын жолдошу бар, теңи жок, акылдуунун ачуусу бар, кеги жок»- деген тура. Анын сыңарындай жан бирге жолдош, жардам берер курдаш- жаманчылыкта бири-бириңди колдош. Жалт берме дос- жакшылыгыңды көргөн соң кайыр кош. Туздаш, даамдаш болуп жүрүп, туу чокуга чыкканда артына кылчайбас жолдош- акыр түбү оңбос. Чукугандай сөз табар, бетке чабар курдаш-чайга таарынган күнү боло бербейт муңдаш. Жакшылыгын доолаган- жаманчылыкта табаасы кана жоолаган; түпкүлүгүн ойлобос, эч оңолбос, андайдан эртелеп кол үзгүн аман.



155.Адамдардын ак, карасын терге, ар кимге алдана бербе. Элдин баарын өзүңдөй көрбө; кээси жетелейт өргө, кыйды кыяр сүйрөп салат көргө. Турмушту билем дегениң менен өтө албайсың- элден, аларды аңдай келсең- түбү океандан терең. Теңдешсиз терең акылдуу гана элдин мүнөзүн жана ой-санаасын талдап; ошого жараша сөзүн камдап артынан ээрчитип алат ымдап-жамдап. Адамдарды аңдай албас- ал ооз көптүрмө карбалас.
Отуз биринчи кат
Ассалоому алейкум, Уругум.
156. Досту тапкандан баккан оор. Бул жарыкчылыкта кадырлашып, сыйлашкан канаттуу кушка тете. Курбу курдаштарың арбын болсо, сыймыгың артып, мартабаң өсөт. Албетте, алардын ысыгына күйүп, суугуна тоңсоң; учарга канатың, конорго куйругуң болот. Досторуң ар түрлүү болору анык, бири алыстан сыйлашканга устат, бири жакында туруп, жаныңдан чыкпайт, төтөн жаманчылыкта ыктайт. Ошентип, убайды, ынтымактуу ыракатты, ажырагыс биримдикти досторуңдан көрөсүң. Досту тапкандан баккан оор.

157. Дөдөй, келесоо, акмак акылдууну ала албайт чакмак. Чыныгы илимпоз- чырлуу акмактарга чыдамдуулугу бош. Акылман гана акмактын баш терисин байкайт, акыл менен жайкайт. Байыркы грек философу- Эпиктет: «Чыда жана кармана бил»,- деген акылман сөзүндө- сабырдуулукту жана көтөрүмдүүлүктү акылмандыктын жарымына теңеген экен. Айрыкча көөсөрлүккө көтөрүмдүүлүк этип, акмакчылыкты аттап өтүп, сандырак дөдөйгө сабырдуулукту күчөтүп жүргөн абзел. Жетекчиң болобу, жээк-жергең болобу- айтор, сен көзүн карар көсөлдөрдөн көргүлүктү көрөсүң; ошондо барып көтөрүмдүүлүктү машыктыр, денеңди ийлеген сымал эркиңди курчутуп, туруктуулугуңду сепил сымал бекемде. Акмак аткан таш сага жетпей турсун. Чыдамдуулук жаныңды тынч алдырып, ыракатка батырат. Акмактардын соккусуна солк этпегендер өңү-түсүндө эч бир капачылыктын белгисин сездирбей, жайдарыланып турган сайын; кежир-дөдөй жинденип, ыз-быз атат. Абайласаң, айланаңда акмакчылык отоо чөптөй уругун чачат, акылмандар камырабас кайраты менен акмакчылыктын көрүн казат; карышкыр оттон жалтангандай алдамчылык адилдиктен ат чабым алыс качат.

158. Аңгелешкенде аяр бол, Уругум, ошондо байкалат сенин туругуң оозуңдан чыкса байкалбай, аны кайтарып ала албайсың аркандай. Кырдаалга туш болосуң ар кандай, сөзүңдү төгө бербе жамгырдай. Тирешкен жерде тилиңди тарт, санаалашың кездешсе да боло жүр, сагызгандан сак. Ким аңгемелешкенде ачылса тез, тилинин азабын тартат кез-кез. Жабык тилде, жашыруун дилде-катылуу жатат касиеттүү керемет.

159. Ышкыбоздугуңду ылгай бил. Ар кандай ишке ышкың түшүп, ошого кумарланып алма адат ар кимде болбой койбойт. Кемтиксиз дегендер да ышкылуу келет, кээде ошонусуна бөтөнчө маани берет. Майдачылыкка багынган кумардык-кудай ургандык. Ал кылыгы өзүнө жал чайнатса, элдин кыжырын кайнатат. Мындай учурда өзүн өзү жеңе билип, карманып калган астафрылда эте, анысы- каармандыка тете. Кай бирөөлөр мыкты ишиңди баалап көтөрө чабаар, бирок мылжың ышкыбоздугуң кейишке салар.

160. Көрө албастан көтөрүңкү тур,карасанатайдын үстүнөн сайраң кур. Жоолашканың жөнүндө жондото мактасаң аны жер каратканың,карамүртөз каарды кагылышта кайраттана жеңгениң, адебин колуна бергениң. Дал бүгүнкү кезде жаманга жакшылык арттырсаң коркту дейт, мактасаң- мени алдап, бирдеме өңдүргөнү жатат дейт; байкамаксаң болсоң, саламга келбей калыптыр,карап турсун деп кекене сандырактайт. Сенин ар бир жакшылыгың анын ичине ит өлтүрүп, мойнуна көрө албастыктын сыйыртмагын салат, сенин жыргалың куунаган- анын ичер ашын уулаган. Ичи тар бир өлбөйт, анын касташканы канча жолу мактоо укса, ошончо жолу ызалыкка муунат, кайрадан каардана кубулат; бирөөнүн жаманчылыгын укса, кубанычка жуунат, башкалардын башына бакыт консо, жарынып алмак колунда канжар болсо. Бул жарыкчылыкта даңкталса бирөөнүн өлбөс өмүрү- анда эле табытка түшөт караөзгөй арамдын өлүмү.


Отуз экинчи кат
Ассалоому алейкум, Уругум.
161. Ар ким пейлинен тапсын, дегенди чечмелеп бер деп өтүнүпсүң. «Тар пейилдүү жарыбайт, кең пейилдүү кемибейт», - деген өңдүү макал-ылакапты чечмелей жүргөнүңөр абзел. «Коногу пейил күтсө, үй ээси капа болот», - деген бар. Пейлин кең салып, башкаларга ырайым арттырса, пейли тойгон жердин кулуну делинип, ата-теги баркталат. Кай бирөөнү кырсык араласа- пейлинен тапты дешип, табаа сымал баяндашат.

162. Ой чабыты- үмүт чалгыны. Ой ойлонуп, тилек тиленип, андан соң максатты бет алат эмеспи. Ишке орношордо болсун, махабат кумарында же калк камында болсун, ой санаа кандай орундалат деп, алдын ала илүү салган оң, капыстан качырат кайсы бир мүнөзү тоң. Алдын ала аткарар ишке жол чаап, жылчык издеп, ишенген соң ишке киришет кандим-аяр, андайга баары даяр.

163. Күрөшүң күмөнсүз чындыкка толсун. Турмуш күрөш делинет. Ак безер да күрөшкө бел байлайт, аны абийири ,ар намысы зордоп айдайт. Андай айкашка абийирдүү адамкерчилик артыкчылык этет, албетте жеңээрин жеңет, айтууга татырлык келет. Уят сыйытсыз, дөдөйлүк жеңиш- эстен кеткис кейиш. Айкөлдүк андай кармашта акыйкаттын туусун ыргайт Кишиликтүү адам досунун кемчилигин түзөтүп, аны өзүнө душман кылып албайт, ачуу айтышта быкый чукушуп, төмөнчүлүккө барбайт. Капыстан ачууга жеңдирип, оозуна ак ит кирип, кара ит чыкса андайдын кадыр-баркы кыска. Байыркы бир акылман: «Бул жашоодон сезгичтик, айкөлдүк жана чынчылдык адашкан маалда, аны сенин көөдөнүңдөн издешкенге сыймыктан»,- деген экен.

164. Сөзмөр- киши жана ишмер – киши. Бул жашоодо буларды ажыратыш деле анча кыйын эмес. Иши оңунан чыкпаса, сөзү бышпаса, албетте жаман; ал эми сөзү жагымсыз, иши жарамсыз болсо, отто быкшыган – саман. Сөз соккон шамал, күзгү менен күндү чагылтып, куш күйгөндөй амал; бир гана кең көөдөн мактоого канар, ыракат алаар, албетте кеп керектүү ишке келет төп. Сөңгөгү чириген, мөмө бербеген жалбырактуу дарактын көлөкөсүнөн бөлөк неси бар. Ушундан улам курулай сөз менен кунарсыз ишти баамдап ал. Куру сөз курсак тойгузбайт.

165. Өзүңдү күнүгө көөрүкө сал, болоттой курчутуп ал. «Жалгыздын жары кудай» - деген бар жалган жашоодо жардам этериң болбосо, жалындап соккон жүрөгүңө табын, ал чарчап баратса, көрө бер алтын башыңдын камын; андайда артыкча дем берет акыл карачач жарың. Тапталган болот сымал эркиң менен тагдырдын таш боор соккусуна тургун белен.Убайымга батсаң упарак болгонуң, үзүлгөн гүлдөй солгонуң. Кимдин көөдөнүндө эрк, кайрат жалбырттап жанса, солк эте койбойт тагдырдын чагылганы урса. Ошол себептен акылман уулун ит өлөр жерге ителеген,азап-тозоктун тосмолору аркылуу алдыга жетелеген.
Отуз үчүнчү кат
Ассалоому алейкум, Уругум.
166. Бетбактар дарбыды депсиң. Мактанчаак даңк сүйгүч, кеп жебес кежир,кыйкымчыл кырс, көрөалбас ичи тар, шылдыңкор –сөзү каар, учурмалуу ушакчы, ууру-бөрү тузакчы, кекирейме келес, маньяк мерес, сектант-элден бөлүнгөн жек көрүндү элес- мына ушулар уят-сыйытка ооздук бербестер. Айлуу түндө акылынан адашкандар, келин-кызга жолобогонду кечил деп санашкандар; уятыңды урдум, кыска өмүрдө кызыктуу турмуш курдум деген жолбун сүйүүнүн кулдары; ар-кордон аша кечип, көчөлөп жүрүшөт, кийимдерин чечип; адамкирчиликтен куйрук түйгөн, алда качан бети күйгөн, ак безерге кайгыны үйгөн- мына ушулар эртелеп өз өмүрүн кыйган. Ойлойсүң, деги буларды кимдер дарымдайт да кимдер дарылайт, антпесе коом ыпластыктан арылбайт. Тартип бошоң жерде, тартынчаак момун элде акмактар сайран курат төрдө. Бир гана акыйкатчыл мыйзам бетбактардын тилегин кыйган. Ак ниет, акыйкатчыл эл акмактарды агызар сел.

167. «Бир карын майды бир кумалак чиритет». Ачык тийген күнгө тик багып тиктей албайсың, качан гана тутула түшкөндө ышталган айнек менен жан талаша карайсың. Кынтыксыз жүрүп, бир жерден кылт берсең, жуулуп кетет бардык актык нерсең. Абийирдүү мактагыча акмактар мурун аңдап, айгайлап чыгат дагдаңдап. Ага арданба, акмактар сенин актык ишиңди көрбөй коюп, кымындай кемтигиңди кетет керип-чоюп.

168. Көрөңгүнү үзбө. Көрөңгү үзүлсө, ачкыл ачыбаган сымал, бар күчүңдү үрөсөң кампаң каңгырап турар. Ала турган билимиңди үнөмдө, кереги тиет бир бүрдөмдө. Күрөш маалында колуң турса буктурма жагында кайратың демелет, ишенимиң артат. Артын кайтарынган акылдуунун ар качан, иши орундалат чапчаң. «Карала каптын кагынчык, аңдыгандын жаны чык»- деген бар. Чыныга чыкпаган кагынчык чымчып бума ундай дем бергени ушундан.

169. Колдооруңду кол жоолукка айлантпа. Ардактуу кишиңди- атактуу ишке сал. Мансабы мыктыны майда ишке кор кылба, аны колдоно бил качан гана башыңа иш түшүп турганда. Бийикке колу жетип турган, ажалга баратканды камырдан кыл суургандай кылган; бүтпөстү бүткөрүп тынган, ага каршы чыккан ак жеринен сынган. Акылманга тагдыр атак-даңк жана бийликти кош колдоп сунган. Ардактуу дос күтүш, кадырына жетиш алтындан артык иш.

170. Кудайдан коркпогондон корк. Ай-уйга келбей, аңкылдап качырып сала бергендер кездешет, андайга ким деген теңдешет; абийирин небак төккөн, адамдыктын сазына чөккөн, акырында кудайды сөккөн. Аны менен айтышка барба, албан түйшүк менен түптөп алган түгүңдү түшүрүп алба. Анын бир гана көөлү тили, сенин актыгыңды жууса да кеткис кири. Акылман акмакка аярлана кеп уруп, жоошутуп алат, жеңилимиш этип туруп, кебез сыйртмак салат. Акмакка теңелген, абийирден кемиген.
Отуз төртүнчү кат
Ассалоому алейкум, Уругум.
171. Акмактын бир артыкчылыгы – айнек сымал морт. Көөдөнү көңдөй – ичи көөдөй, кыялы кырс, сөзү чорт, аз эле сөйкөнсөң айнек сымал морт. Көңүлү көзүнөн асыл, тамашаңды жашыр, кыткыл көзүңдү качыр, үнүңдү угузба, колуңду суңгузба. Мындайдан үч эсе сактан, кыжырына кың дебе, кечирип кой кемчилик кетсе ал жактан, анык келесоо эмеспи жаткан. Бир нерсе жакпаса, жанжал салат кайыры-чайыр, жакшы көргөнү жан жыргатыштын кулу, жар-жар эте жаңырыктайт жанында турса пулу. Көөдөй көөдөнүн жаркытат имиш- каухар, асыл таштын нуру, даңкка жеткенсийт мойнунда эки кабат турса, алтын шуру.

172. Ашыккан өмүрүнө каршыккан. Ар иштин бүтөөр мөөнөтү бар, ошол гана убак убай берет. Узак өмүр сүргөндү, акылга салып аяр жүргөндү байкасаң- алар эч качан шашпаган, күйпөлөктөп куру санаага батпаган, нерви тынч, көңүлү куунак. Кай бирөө жүрөт дуулдап, эки жылдык ашты бир эле жегиси бар бурдап, бирок алар билбейт, өөнөп жатканын өз жанын уурдап. Машина минип ашыккан- бир кырсыкка тушуккан, өтө семиз өлүп тынат, бат байыйм деген бирди көрүп тынат. Эки диплом алам деп ээликкен бар, эс алышка зар, чачы апакай кар. Бул жарыкчылыкта бакыт азап менен келет, бирок көз ирмемдик кубаныч берет. Ар иштен анча –мынча кубанычты ашыкпаган аңдап, ыракатка батат.

173. Жөн билги – жөнөкөй жашайт. Бул ааламда баарынан өткөн улуулук- жөнөкөй жөн билгилик, карапайым калыс жашагандык деп бил. Жөн билги- адамдын кадырына жетип, барктай да, баалай да билет, бардык иште өлчөмүнө баш иет. Жеңил ойлуу жөн билгини байкуш санайт, атактууну жандайт, курдаштан курдаш тандайт, баарынан четтеп, жер карап көзүн пардайт. Кээ бирөө бар желтаман, акчасы саман, кызыл кулактык этип байып алган; жөн билгини жөөлөй салып өтөт, адал эмгек, ырысынан бөлөккө барбаган. Акыйкатты сүйгөн калк жөн билгини төбөсүнө көтөрүп алат; кудасына куу баш тарткан кызыл кулак – четке сүрүлүп калат. Арам ойлуунун эсебин акыйкат доор табат. Жөн билгиден нарк калат, тантыктан тарп калат, абийирин сактагандын атагы алыска барат.

174. Өзүңдү өзүң бил, өзгөнүн тилине кир. Өзүңдүн чама-чаркыңды, көөкарыңды аңдап бил, акылың чак болсо, өзгөдөн ооштур, билбегенди билип ал. Кай бирөө жүрөт, кыйынсына билегин түрөт, билбегенди билем деп, өзүн өзү жалган сүрөп, бирок айбын ачып коет чындык деген түгөт. Өзү билбейт, билгендин тилине кирбейт- бул айыкпас илдет укум-тукумун зилдейт. Билбегенди сурап алган уят эмес, акылына акыл кошулганды эч ким жаман дебес. Кызматың бийик болсо да билгенден кеңеш сура, абийриңди аздап-аздап кура. Кыйладан угуп ой калча, пайдадан бөлөк зыян тартпайсың кылча.

175. Ыржандаган теңтуштук жана ыксыз жөнөкөйлүк. Улууну улуу дебей, кичүүнү кичүү дебей, тамашалай берсе ээлигип=жаалыга батынан кетет, баа- баркы кемийт. Төтөн кызматы бийик, олуттуу адам тамашага шоотуп, оозуна оңбогон окуяларды чубурткан сайын, ар кимге анын жан дүйнөсү дайын, сыйдан каңтарат, жерге-жээк, кайын.Демек, оозуңду бас, оолак кач; олутуңду, жүргөн-турганыңды ондогонго шаш. Көпчүлүккө көп көзүкпө, жакындасаң жабык сырың ачылат. Жалпылдап жакшы аттуу болом дебе, жогору жактагыларга ыктаганың коркунучтан чыкпаганың, өзүңдөн төмөнкүлөргө чукул барба-бардык жерде аралыкты карма, шылдың болуп калба. Калп эле барктап, шынаарлап албасын дөдөй, акмак, анда эле алар алат чакмак. Өтө эле өмөчүктөгөн сылык-барып турган жагымсыз кылык.
Отуз бешинчи кат
Ассалоому алейкум, Уругум.
176. Жүрөгүңдү тарбиялай бил. Эмне, ишенбей турасыңбы, бул пикириме. Жүрөк-бүт өмүрүңө себепкер, ансыз денең тилсиз дудук, жалдырама керең. Жүрөктү акыл башкарып, кыймыл, таза ава, татымдуу азык күүгө келтирет. Жүрөктү жашоонун азап-тозогуна ар тараптан машыктыр. Быкшыган отсуз жүрөк- чылым менен ичимдиктен калат жүдөп; аккумулятор сымал дене тарбия аркылуу дүрмөттөлүп турбаса, күнү бүтөт. Ырас, табыят берген оттуу жана сезгич жүрөктөр болот, ар кандай окуяны алдына ала туюндуруп коёт.

Ар кимде боло бербейт алгыр жүрөк; ал суу жүрөккө сумсайыңкы карап, ичтен күлөт. Такшалган жүрөк-өмүрдүн акырына дейре сакталган жүрөк. Баатыр жүрөк-жеңиштерге турат сүрөп. Уругум, өзүңдө Ата журт деп тынымсыз соккон жүрөгүң болсун.



177. Кармана алган- каадалуу ишке балбан. Жан дүйнөң-жая салган картага тете. Терең акыл, теңиз жанда чексиз тереңдик жатат. Кыргызда бекеринен: « Эр жигиттин ичине ээр токумду ат батат», дешпеген чыгар. Бир жагынан сырга бек, бир жагынан кармана да, өзүн өзү тыйып, токтото да алган сапатты сыпатташкан. Тоскоолдукту тоотпой, ашкере кайнаган ачууга солк этпей, капачылыкты, ызалыкты таман алдына басып, кармана билиш-өзүнчө каармандык иш. Ал эми жан дүйнөсүн жая салган-акыр түбү оозун карманган. Жабык сырдууга жанкечти амалкөй жабышып алат, акыр түбү бир балээге салат. Ошол себептен бир акылман: «Аткарар ишиңди айтпа да, аткарылбас ишиңди ачыкка сал»,- деген тура.

178. Кастарлашыңдын карасанатайын кайталаба.Акылсыз акылдуу ойлогондой иш бүтүрбөйт; дөдөй кантип аткарарын түшүнбөйт. Эстүүлөр эки жакка көз жүгүртөт, келер жоосун амал менен түңүлтөт. Демек, иштин эки жагын ойло бири-өзүң үчүн, бири касың үчүн. Адамдар сен ойлогондой болбойт, аңдоостон жолуңду торойт, болор кокустуктан коргонбойт, андан оор кырсыктан аман калышты болжойт. Касыңа касыңдай карөзгөйлүк этсең ал дагы күчөйт, үн катпасаң жеңилди дейт,кайра катылса, тумушукка бирди жейт.

179. Жалгандыка барба, чындыкты шыпкап салба. Акыйкатты айтып, адилдикти карманып, чындыкты сыртка чыгара билиш- өтө аярлыкты талап этет. Чындыкты шыпкап коюп, жүрөгүң сыздап калбасын. Анын анча-мынчасын жылдырып, калганын кармана жүргөн абзел. Бирок, акыйкатты карманам деп, бир жолку айткан жалгандыгы жакшы деген атын жууп салган. Алданган- аңкоо келет, алдамчыны- акмак дешет. Ошентип акыйкаттын жарымын өзүңө сактасаң, калганын башкаларга багышта.

180. Эрдиктин үрөнү- эртеңки муундун жүрөгү. Өсөр эл бири-бирин баатырым деп чакырган, өспөс эл бири бирин каапырым деп бакырган. Жүрөгү тайкы болсо да: «Ой, тигинде батыр келатат»,- десе, уккан адам шерденип, эрдикке барган. «Баарын коюп, манасты айт»- деген экен биздин түпкү ата- бабаларыбыз. Көрсө, Манасты уккандын көөдөнүнө намыс оту жагылып, жоо беттешке камынып, элин коргошко, элөөрүп чыга келген тура эрктүүлөрү таанылып. Башка сөздүн баарын тыйып, манасты көрүп ыйык, бешиктеги наристеден өйдө муюп, жоокерчил журттун жүрөгүнө шердик уюп, байыртан бери жашап келет кыргыз эли улам кийинкилердин көөдөнүнө баатырдыктын үрөнүн куюп. «Баатырдын атын алыстан ук, жаныңа келсе бир киши», делинет макал кепте. Ошол себептен жаштардын жүрөгүнө эрдиктин үрөнүн сеппей кетпе.


1   2   3   4   5   6   7


©netref.ru 2017
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет