Ашымбаев Бой тумар Асыл ой берметтери, акыл-сезим дүрмөттөрү, уютмалар түрмөктөрү. Кыргыз тилинде Калканбай Ашымбаев. Бой тумар. Б.: Эркин-Тоо, 2007. 112 б китебинен алынды



жүктеу 1.01 Mb.
бет5/7
Дата01.04.2016
өлшемі1.01 Mb.
1   2   3   4   5   6   7
: uploads
uploads -> Қазақстан республикасы төтенше жағдайлар министрлігі көкшетау техникалық институты
uploads -> Қазақ тіліндегі ресми іс-қағаздары Басқару, ұйымдастыру, өкім шығару қызметіне қатысты құжаттар
uploads -> А. С. Макаренконың өмірі мен педагогикалық қызметі
uploads -> Ян Амос Коменскийдің педагогикалық қызметі мен теориясы. (1592-1670жж)
uploads -> Приложение к части а1
uploads -> Рабочий проект
uploads -> Кирилл Куренда: двухлетний вундеркинд Не иначе как вундеркиндом можно назвать Кирилла Куренда из крымского села Владиславовки. В свои два с половиной года он уже знает все буквы алфавита умеет считать и освоил азы компьютерной грамотности

Отуз алтынчы кат
Ассалоому алейкум, Уругум.

181. Кара көктүктү карматпа. Башыңды кесем десе, мелтейип туруп берген көктүн күчтүүсү кара көк делинет. «Кара» деген сөздүн түп мааниси-чоң. Кудай ошондой көккө, доюрга жолуктурук кылбасын. Билбейт, билгенин бербейт, туура эмес деп талашсаң түз эле орусчалап тилдейт.Талашта сеники акыйкат болсо да кабыл албайт; кежирлик дөдөйлүккө таяп алса, чындыкты миң калча, майнап чыгара албайсың кылча. Кара көктү жеңем деш бекер- айтыша кетсең абийриң дырдай кетер. Андайда муну ук- бир сөз менен жеңсең, бирде иш менен ут.

182. Шаан-шөкөттүү чычайма- текебердүү кылчайма. Саал бир тепкичке өйдөлөй калса, кооздоно койкоёт оён жанча.Тушарына киши чендетпей, сүйлөй берет телтектей. Белин кайкалатып пейил күткөн, оштоно сүйлөшөт түшө калгансып көктөн, өзүнчө эл жамааты болот ушундай алсыздык бири-бирине өткөн. Мактоо майдай жагат, саал кычык сөз чыкса, мээни чагат; учурашса кол учун карматат, жакындашсаң жар-жар эте жадатат. Көк жалтаң муздан бүжүрөп өткөндөй акылдуу гана баш ийкеше оолайт. Жаралат тура майдалык-кайсы бирин айталык

183. Аракет этсең- берекет. «Көз коркок, кол батыр»- деген бар. Кай бирөө бир жолку далалаты калса мүчүп, көңүлү кайт жүрөгү үшүп; бул жашоодо иш дайым эле оңунан чыга келбейт, бирде төксө, бирде сээлдейт. Ар күндүн атаар таңы, мергендин атаар саамы бар. Эрки күчтү бирөө: «Бир жолу колдон келбесе, экинчи сапар аттанам.Токсон тогуз жолу жарабаса, жүзүнчү жолкуда эбин табам»- дептир.Кажыбаган кайрат- бак-таалай атасы, эпчил эмгек- энеси эмеспи.

184. Беделине карабай- бетине чыкты, көзүнө карабай- көтөрүп жыкты. Антпесе акыйкат аты өчүп, көңүл кыйбаган көшөкөр делмек. Жасакер жагалдана күмүшкө чулганат, бирок, тактыда олтургандын таманына түшө калып булганат. Бийиктеги кызматкердин тили кооз, өзү-жоош, бирок кол алдында иштеген кызматкер кызы бооз; көпчүлүккө жаят, көмө ишти бүтүргөн көшөкөр ооз. Чоңдугуна карабай, жакыным деп санабай актык атырылып бетине чыгат, айланадан ит өлүгүн аластап тынат.

185. Жүрөк туткундалат, күйүп- жанат жана алсызданат. Жүрөк элирип турган учур- жаштык махабат жарганда бүчүр; жүрөк күйүп- жанат, качан гана душман Ата- журтка кол салат, ошондо эр жүрөк жоонун эсебин табат. Жүрөк алсызына тартат, капыстан келе калса, кайгы кабат-кабат. Акылсыз баш бийлеген жүрөк- өлбөстүн күнүн көрүп,өлүмсүк согуп жүрмөк. Ал келе бери деген кекиртекке туткундалат, кап курсактан кайгы табат, аракеч болсо ээси- согуудан калат.
Отуз жетинчи кат
Ассалоому алейкум, Уругум.
186. Эрдик даңкталат, мыкты- макталат, эстүү- оозго алынат. Акыл ою жетик, тарбиясы тетиктер гана мыктылыкты баалашка жөндөмдүү. Ар тараптан өскөн, татымы кылдат адамдар маңызын ачып, мактай алмак. Андайлар көпчүлүккө жакшылыкты сүйүмчүлөйт; элди эрдик менен эмгекчилдикке, эстүүлүккө үндөгөндөр ошондой болушка айтып суктанат. Жакшылыкка сүйүнгөн, жаманчылыкка күйүнгөндөр канча дейсиң. Мунун тескеринче жакшыны көөлөгөн чубуттар ээн жерде жактыра бербей каралайт; жалган жерден жамандап эл жүрөгүн жаралайт. Бүгүнкү үлбүлдөгөн көр чырагын өткөн доордун күн сымал күйгөн отунан түбөлүк өйдө санайт; эси жок эки жүздүүлөр алардын артынан калбайт. Ошентип көөлөгүч жүзүкаралыктын акыйкат, чындыкка түбөлүккө жоолашканы калбайт.

187. Зарылдын пулу күйөт, муктаждык санааны башына үйөт. Уругум, көбүнчө ушуларды эсиңе ал адам болом десең. Зарылган бечера көрүнгөн чоңдун, көрүнгөн байдын, сүткордун каалгасын кагат, ырас, издегенин алат, иши деле орундалат; бирок канын соруп алат, анткени пайдакечтер бечеранын зарыкканынан оңбогондой олжо табат. Андайлар калк өтө кардар болор кырдаал түзөт; чындыкка жеткирбей акыйкаттын жибин үзөт; бечералар замандан күдөр үзөт; күйүп-бышкан күпчөктөр, алтын, күмүшүн берип, олжокечтердин тузагын үзөт.

188. Ар ким ар башка жубанат. Туулмак бар, өлмөк бар деген акылман сөздө качан болбосун башка түшөр караан түнгө жубанып, өзүн өзү сооротуп коймою бар. Анысы аз келгенсип, акыр түбү өлүм ак деп, астыңкы макалды бекемдейт. Башка күн салгылык кылбасын, мындайда акмактар түбөлүккө жашайм деп кубанат; сүткорлор алтын жазданып кууланат. Жарыкчылык жолу жакшыларга кыска, өмүрү кийинкилерге нуска. Ошентип акылман өлсө даңкы элге жайылат. Сталин өлгөндө күн тутулуп, дүйнө элинин жүрөгү силкинди, ошондон соң эл көрүштү бейм, жуукурлардан ыплас түркүндү;каралап да, табаалап да киришти анын тушарына тең келбеген бүркүндү; караңгылык «кудайлары» каптабасын де кара чегиртке шекилдүү.

189. Бал тилдүү, балит дилдүү сыйкырчы. Байыртан бери бал тилге салып, килем болуп төшөлүп, боордошуңдай көжөлгөн сылык-сыпаа, жөн билги өңдөнгөн сыйкырчылар аңкоону ала салдырып, ишенчээкти сайга аркандап; дөдөй, келесоо мактанчаактын пулун олжолоп келишкен. Менин көз ачыктыгым жүз сомдон кемибейт, салган дубам элүү сомдук, ачкан төлгөмө ак дилиңден бер деген тилемчи дубакөйлөр өрүп кетти. Марттыгына дабаа жок, басып кетет көөдөнүңө салып күйүт чок. Ырас бар жөн билги кадыр, бирок өтө эле таманга түшө калма, ич коюнча кире сүйлөп, ак безер өңдөнүп көрүнгөн; сызга олтургузуп кетет, көк жалын чыгарып сөөгүңдөн. Сезгич адамдар алдын ала байкап,өтө эле кууланган кырсыктан чет калышат, же бир жолу алдатып, оозу күйгөндөр эшигин жаап алышат. Билимдүү сезгич, өзүнүн кудуретине ишенгендер көз ачыктардын торуна түшүп беришпейт.

190. Көшүңкү жаткан - мүрөктүн суусун таткан. Уругум, мүрөктүн суусун кимдер таткан деп сурапсың бул жолку катыңда. Көрсө- көрмөксөн, укса-укмаксан, билсе-билмексен, күнүмдүк олжого бейкапар, бөрү тоют менен жүргөн, шайырлана көңүл көтөрүп күлгөн; көтөрүмү кара жердей, адамдар бар орто кедей. Санаасы тынч- уйкусу бал, ачуусун кармана билип, аз дүйнөгө каниет алган, мына ушулар гана жарыкчылык жыргалына канган, узак жылдарга барган.
Отуз сегизинчи кат
Ассалоому алейкум, Уругум.
191. Калк камына бүгүлгөн- казынаны ала качып сүрүлгөн. Элдин муңун мундап, жүгүн аркалаган болуп, ант-шертти оозана коюп, канат кага карбаласка баткан; байкатпай казынага суук колун арткан, анысы аз келгенсип элдин жерин саткан; өзүнөн өзү кумжам болду кудай аткан, Уругум, ушундай ургансайдан сактан. Бирөөлөрдүн колу менен чок тарткан; байкуштардын жонуна жүк арткан, нечен шумдар жаралат арамзалыкты жалган акыйкат менен жапкан, акылдуу андайдан жаа бою качкан.

192. «Жылкыңа чактап ышкыр»- дегенди чечмелеп бериңиз депсиң. Бул жарыкчылыкта өзүн асмандатып, менсинип, барсынып жүргөндөр канча дейсиң, алардын айрымдарын көрүп: «Ай-бечера-ай, кайсы алына чиренет»- дейсиң. Баса : «Айдаганы беш эчки ышкырыгы таш жарат»-, деген экөө үндөшүп турат. Жылкысы бар, эчкилүүдөн алда канча жогору, бирок, арам мал күткөн анча асмандай албасы айкын. Адамкерчилигин байлыкка айырбаштаган, акмакчылыкка айырмачтанган. Акылдуулар алтын, күмүшкө абийрин сатпайт; намысын жашынан сактайт, дүр дүйнө күтүшкө көңүлү анча чаппайт; узак жашоого өмүрүн чактайт.

193. Башканы баалаганың-кут, өзгөнү өзүңдөн өйдө тут. Башкадан таалим алган бар, акылына канган бар, өзгөдөн өрнөк күткөн көп, акыл-ою келген төп. Элик сүтүн бергенди энесиндей баалаган, аркар этин бергенди атасындай караган алыш-коруш илгертен бери укум- тукумга тараган. Өзгөлөрдүн өрүштөгөн ийгилигин өзгөчө баалаган, ошолордой болсок деп самаган шакирттер өтө көп элибизде. Жакшылыкты баалаган- адамдарга абийир-ыйман каалаган. Ичин ала курт аралаган жакшылыкты көрө албай, жамандыкты табалаган-айбандар чыгат адамдан.

194. Тагдыр таразага салат. Тагдыр таразасы өтө кылдат, өтө так, бирөөнө пейилине жараша берет бак, бирөнө ыйгарат минерине алтын так, дагы бирине ырыскы чачат мээнетине чак, момун чалышка –мөмөлүү шак. Канкор каракчыларга- тозоктун эшигин ачат. Биринин ирегеси май келет, ошого жараша ыймандуу келиндерди берет, мына ушулар киши жылдыздуу делет.

195. Акмактарга алакалаш болбо. Акмактар арбын бул жалганда, жаңылыштык көп жакшы адамда; айрымдар дөдөйлөрдү билип туруп, алыстай албайт, андан алты кадамга; ал тургай чакырып алат жардамга, качан гана уятка калганда башын мыкчыйт арманда. Акылсызды кокуй наалат коштой жүрөт, андайлар арыз арманда дооран сүрөт. Акылдуулар алардын кыял-жоругунан сабак түйөт.

Отуз тогузунчу кат
Ассалоому алейкум, Уругум.
196. «Бирөөнүн элинде султан болгуча өз элиңде ултан бол.» Кубаттуу өлкө ураган соң эл ар кайсы өлкөгө чилче тарады; аяктан ар кимдин көзүн карады. Ырас, кара күчүн сатып, үйбүлөсүн бакканга жарады. Кыз-келин сатылды, капиталистер арзан эле тапты кул-култан катынды. Жакшы көргөндөр ченемсиз ашаганды; ардак көрүштү Ала-Тоодон безип, алыста жашаганды. Кара жанын карч уруп, доллар тапкан, албетте убактылуу жыргап жаткан; киндик каны тамган жерден ажырап, кайгы-касиретке баткан.

197. Ак жолуңдан адашпа, акмактан олжо талашпа. Эмгегиң менен эл оозуна алынып, эрдик менен жашаганың күнүмдүгү-кейиш, түбөлүгү-бейиш. Абийрин алтындан төмөн акыр-чикирге айырбаштап, акмакчылык менен жашагандын күнүмдүгү-жыргал, бирок түбөлүгү куурал. Маңдайына жазылган ырыскысы менен жашап өткөн ак безер-укум-тукумуна алтынга бергис абийирди мурас этер. Ар түркүн айла-амал күтүп, ак ниетерди алдап жашаган арам ак сарай, алтын, күмүшүн таштап кетер араң-араң= укум-тукумуна кеп жетер: «Түп атасы болуучу алдамчы сараң»..

198. Көздү май басса, көкүрөктү дарт чалат. Өлүү дүйнөгө дагдырап, бакытка магдырап, туруп калгандар бар, көзүн май басып жалдырап. Булар эртелеп бактысыздыкка алдырат, дене кыймылдан калат, көөдөңдү көөдөй караңгылык чалат; жан дүйнө ачарчылыкка батат, андайлар көрүнгөн жер-сууга табынат. Акылы-асыл ойдон, алгыр үмүттөн ажырап, арамдыкка басынат. Ашкере байыган бирди көрүп тынат, ашкере семиз өлүп тынат. Кыймылсыз кап курсак-соолуп бараткан бака чардактуу чөөт сымалданат. Байлыктын чокусуна баргандык-кырсык чалгандык, жыргалга чексиз баткандык- шору каткандык

199. Ааламда акмактар арбын, андап бак аларга окшобогон жарымын. Уругум, акмактар арасында акылдуусунам десең эле курудуң, ансыз да табият арбын чачкан отоо чөптүн уругун; эгиздеп туудурган жырткыч айбандардын тукумун. Акмактардын ана башы өзүн дөдөйлөргө теңебейт, асты элдин көбүн акмак санайт, өзүнөн бөлөк акылдууну таппайт, андан озгонду, бут тозгонду бузуку, эл бузар деген жалаа чаптайт. Ошол себептүү акмактар арасында өтө эле акылдуу эмес, жөн билги өңдөнүп билин, туюнганы түшүнөт, сезе албаганы шек санабайт. Анткени алардын көбү китеп окуштан калды, эптеп асырап жүрүшөт аманат жанды. Жан дүйнөсү жарды, туймак кайда эртеңки атар таңды.

200. Эр жититтин жетилгени- сөзү ишке бекигени. Уругум, айткан сөз-аткан ок делинет; сөзү өлгөндүн өзү өлгөн деген накылды мурунку каттарымда эскертип өткөн элем, Демек, сөзү менен иши келсе төп, жактырып калат көп. Сөзүң угумдуу болсо, айткан сың жугумдуу- ал акылдын тунугу; ишиңдин оңолгону, жан дүйнөңдүн торолгону,бул экөө тең акыл-оюңдун бийиктигин байкатат. Жүргөн-турган, жорук-жосун болгон аракет-акылдан тапкан берекет.

Аялы менен акылдашкан эриш-аркак эл оозуна алынып абийир тапмак. Айтыш арзан- аткарыш азап, элге сиңирген эмгегиң эскирбес; илим-билимге жеткен, жашоосу менен акыл-ойдун үрөнүн сепкен-акылман атанат; элди оң жолго баштап өрнөктүү өмүрү менен коомду өрүш алдырганды- мамлекет шимери катары аты жатталат, тарыхка катталат.


Кыркынчы кат
Ассалоому алейкум, Уругум.

201. Кылым берген кыйындарды баалай жүр. Алар деле анча көп эмес, бир кылымда-бир падыша,бир кол башчы, бир чечен, бир акылман. Андан беркилерин аңдаш абдан арзан; даанышман улуулук- табыят элге ыйгарган кайрымдуулук. Андайларды тагдыр бир-эки кылым аралыгында калкка белекке тартуу этет тура. Көр тирликке көнгөн көпчүлүк аларды аңдап, эмгегин баалап, даңазалашка кудурети жетпейт. Маркс, Энгельс, Ленин, Сталин өңдүү дүйнөлүк пролетарлардын бактысына жаралгандардын улуулугу кылымдарга эстен кетпейт. Ошентсе да жүрөгүн элге килем сымал төшөп коюп, жүрөгү майып төрөлгөндөрдү сакайтып, миңдеген жаштарды тарбиялаган, байлыкты жериген Иса Коноевич Ахунбаев өңдүүлөрдүн жарыкчылыкка келиши да муң, кетиши да муң. Арман-ай, азыркы бир мезгил тушукту, дөдөйлөр, акмактар, алтын-күмүш жамына асмандап көптү; акылмандар тереңге чөктү. Акылмандар алаңдашат карап алышып жерди, көктү; акмактардын акчасына сатылып, абийирсизди айгай салган алп ооз катындардын шермендечилиги өттү. Уругум, ушундай алааматта биле жүр көптү .

202. Жеңилди ордой көр, оорду жеңил деп бил. Уругум, өзүңө кудай кубат берсин, күч-кайратың аска, зоону жеңсин! Оболу жеңилди жеңе бил, андан соң оорго ооз ачырбай кир. Ар ишти ыкчам бүтүрүш-адаттан, алып учкан канаттан, көтөрүмдүү сапаттан куралат. Көшөрө иштеген көп ишти бүтүрөт; улуу иш ойлонулбаган жөнөкөйлүктөн уланат; кол тийип, узана баштаган иш-узарган иш.

203. Тоотпогон тоодой тосколдуу жеңет. Кандай иш болбосун капарына албаган; камынып жатам деп дүрбөлөң салбаган, кол учунан бүтүрөт бериден, арыдан. Кээде бир ишти бүтүрөм деп артынан түшсөң башталмагы тозок, кайда-а капарыңа албай койсоң, капыстан качан карманасың деп кол созот. Демек, иштин бүтөр мезгили алдыңдан өзү тозот. Ал эми капарына албаган-өчөшкөндүн ичин тызылдата жазгырган. Кара ниет калемин кайрайт, капкайдагы көөлү сөзүн куюндата айдайт; акылдуу кыпып да койбойт. Алар ойлошот атактууга асылсам, даңк конот. Ак эмгек менен түз жете албаган, элге журтка билиништин амалы кылып, атактууну каралайт ак жерден шылып. Бирок акылдуу солк этпестен сапарын улайт, ичи тар жер сабап кулайт. Акылсыздар кечөөкү балбылдап күйгөн шамды өчүрүп, бул ааламга жаккысы келишет сыйкырлуу чырак. Асылгандар, көрө албас ичи тарлар туш-туштан үрөт; акылман капарына албай, мыскылдуу күлөт.

204. Билимсиз, түркөй наадан-капыстан качырган каман. Уругум, укмуштун көбүн көрөсүң жүрсөң аман; кездеше берет баскан сайын кадам. Ал тургай атагы чыккан үй-бүлөдөн табылат абыдан. Оо мелжиген, ак сарайда жашагандар арасынан кездешет бети ачылбаган китептери бар сырты алтын жалаган, бирок ээсинин ичи каман. Ооба, баягы эле түркөй күзгүнүн сыныгы сымал жарыкка кубулган, дүйнөгө сугулган; ою-пикири арам, акмактын сиңдиси, ачуланса жиндинин жиндиси, ушакчынын анасы, эл бузушта санаасы, булардын сөзүн сөз дебеген, кыжынткыч кылык-жоругуна кенебеген- акылдуунун даанасы.

205. Ачуусун тыйган алыска барат. Ачуу-шайтан, акыл-дос, акылыңа акыл кош деген бир. Көз ирмемде кээси болот шерменде, капыстан ачуу кек камалап келгенде. Андайда салкын кандуу салмактана сактана бергенде, ызалык ыз-быз атат таман алдындагы тереңде. Ачууга алдырган-түбөлүккө артына мыскылдуу сөз калтырган. Акыйлашкан жерди аңдыган кездешет, андайда ой түпкүрүнө дейре себептерин издешет. Ошол себептен, ороо-пара кездешкен кесепеттен сактан. Акылдуу ар убак аяр, сепил сымал турса, ага сермелген таш таяр.Кыйдынын кыйыткан сөзүн өзүңө алба.
Кырк биринчи кат
Ассалоому алейкум, Уругум.
206. Акмакчылык кеселинен азап тартпа. Акылмандар көбүнчө акылга салбаган ишинен санаа тартат. Ага тескеринче акмактар өтө эле бышыксынган акылынан азап чегет. Бир акмак: «Намыс-арыман күйдүм»,-дейт, бири күбөй-этпей эле күпсүрдөй семирип жүрөт. Ошентип бири күйүттөн күмөнсүз жашайт, экинчи акмак дүрт этип атылып кетме, канын кайнатып жеткен болот өлөрман чекке. Акылына күптүү болгондор- акмак атка конгондор. Ошентип бири-акыл калчап түшүнбөгөндөн азап жейт, бири – акча болсо акылдын кереги эмне дейт. Бирок, мен акмак болдум дегендер бар, өз күнөөсүн сезген бечералар. Ал эми эл көзүнө ишенимден кетип өлсө да, тирүүмүн деп жүргөндөр бар.

207. Жарамсыз ойдон жат болгун. Жалпыга белгилүү жармач ой-пикир калктын калың катмарына тамыр жайган. Ошол жарамсыз пикирди билип туруп, кете албагандар бар анын тамырын жулуп. Бирөө жазмыш-тагдырына наалыйт; түтөгөн көпөстүн көзүнө көрүнбөйт кудайы; бири өтө тапкыч болбогон акылына ыраазы. Тагдырына наалыган-башкалардын бактысына көз артат. Анан калса, азыркы адамың өткөндү өткөрө мактайт, байлыкты жактайт, туулган жеринен безип, чет өлкөгө салпактайт. Оо,арты өкүнүчтүү, алды кумарлуу азгыргыч, жалган дүйнө!. Бири бул жашоого карап мыскылдуу күлкүсү жайнайт, дагы бирөө баарына кыжыры кайнайт. Ошентип, ойку-кыйкы көр тирлик арабасын айдайт.

208. Акыйкатты аяр урун. Акыйкат ачуу келет; анда канды дүрт эттирип, жүрөктү зырп эттирер дүрмөт да, от да катылуу. Акыйкаттын дарылык касиетин акмактар жектейт, андан жаа бою качат, эгер абийрин ачкан акыйкатчы колуна тийсе тирүлөй жанчат. Абийирлүү акыйкатты айтпай коё албайт; бирок туйгузуунун жолун тандайт. Жан дүйнөнү тазарткычтар- акыйкатты саал бал татыта баамдатып келип, көзгө көрсөткөндө анын дамы кермегине тартат. Акыйкаттан жалганчы жандап өтөт, күнөөлү күйүтүнө түтөт. Азыркылар менен аңгеме-дүкөн курсаң-оң болоор эле сөз тизгинин өткөн доордун акылмандарына бурсаң, алардын айткандары аркылуу астыртан тап бердирип турсаң. Сөз бакканы тамылжып угат, туйбаганы тултуюңку тартып турат. Акылдуу жетекчи ачуу дары-дармекти колдонбостон, алтын шилекейин чачырата айыктырганы абзел болоор.

209. Асманда- бейиш, жерде-кейиш. Ээ, жараткан-ай, адамдарды бирде асмандатып, бирде мүңкүрөтө жер каратып туруп алмаң бар ай, күндү санатып, жакшылыкты саматып. Тагдыр татаал - дайым жыргалга батырбайт, такай кейишке калтырбайт. Ошентип, бул жашооңдун санаты жок, буга кайдигердин көңүлү шагдан, акылмандан эч нерсе таппайсың таң калган, не десең, ага бул жарыкчылыктын түбү- жалган. Турмушту күйүт менен күлкү даарыган, аты калат- абийирдүү карыган.

210. Көркөм өнөр- таалимиңди көмүскө карма. Байыртан бери өнөр-таалимин, адеп-ахлап жосунун үйрөткөн мугалим-таалимчи өзүнүн чеберчилик сырын, миң түрлүү өнөр кырын ченем-ченеми менен таанытып, устаттык артыкчылыгын сактап келген. Билим корун, өнөр сырын, акыл-ой кунарын алсыратып албашка устат тынымсыз узанган. Ошондо барып баа-баркын жана даңкын сакташкан. Шакирттерин кубандыра өнөр-билим берип жатып, өзүнүн өнөр-кесибинин өркүндөткөнүнө суктандырган. Көрөңгүнү көңтөрүп салбай, утуру тамшандырган ыкма айрыкча жан дүйнөнү бийикке эргитишке жана акыл-ойду байытышка өтө зарыл. Ооба, сага дайым таңданып турушсун.
Кырк экинчи кат
Ассалоому алейкум, Уругум.
211. Тил кайырган – караны актан айырган. Айтып жатышса акты карага жамап, ак эдил бетке чаап, ооз ачырбай салат; сылык-сыпаа айтылбаса, туура сөздөн көңүл калат. Кээсинде бар чындыкка чычалаган алабарман адат; акмын деп айгай салат. Андайда өзүң сөзгө кармалып калбагандай, өзгөнү кептен адаштыргандай бол. Сабырлуу тартып, күлүп-жайнаган кыязда нак далилдерди кармана жоошута тил кайырсаң ал дагы сөзгө муюп, каяшасын айтаар; ошентип эки тарап, акылга сыйып кайтаар. Андайда ак карадан бөлүнөт, калпычынын абийри төгүлөт. Ал тургай баарын төкпөй-чачпай төгүндөп берген окуучу да мугалимине каяша берет; эс-акылдуу эрктүүлөр акыйкатка абалтан жол ачып келет.

212. Акмакты оңдойм дебе, акылсыз атанасын элге. Акмакчылыкты оңдойм деген башына быкпырдай кайнаган дөдөйлүктү үйө келген. Жалганчылыкты актайм деген жамы журт көзүнчө жанын жеген; аны коштогон кошоматчы, жандаган жасакер, амалкай айлакер, өмүрүн коротушкан куру бекер. Караны ак деген кепини күйөт, укум- тукумуна баш көтөрткүс балээни үйөт. Адамдардагы айып- жарыкчылыктагы улам жаңы кемчиликтерди ачышка себепкер болот кайтып. Акылман бир жаңылат, акмак айыпка ар качан кабылат. «Акмакты отко айдасаң бокко качат.»

213. Арам ойлуудан абай бол. Адамдын ич-койнуна кирип, таманга төшөлө калма сызга олтургузуп кетет анда-санда. Арам ойлуу бейкам турган бечерага тийиштик этип, аны сөз кайрышка камсыз экенин билип; эл көзүнчө кетет шакабалап. Баамчылдар жылмаңдарды дароо сезет, көрөгөчтүгү менен анын көөкарын көз өлчөөгө алат; тийиштик этсе, эсебин табат. Аярлык арамзаанын жайган торун сезет, тегерегине топтолгон митаамдардан алыс безет. Тилинде-бал, жүрөгүндө-уу, аксынып жүрөт ашкан куу. Учурашмакка берип кол, таасын тааныган бол.

214. Дили тунуктун- ою ачык. Бир акылман шар аккан суу, ичкендердин ою ачык, сөзү шар; ылай суу ичкендердин ою чалчык, кеби тантык деген экен. Анын сыңарындай кай бирөөлөрдүн көөдөнүнө оң пикир жана ой-максат байырлайт, бирок кир чалган дилден атылып сыртка чыга албайт. Ушундайлар болот, көөдөнүнө көптөгөн илим-билим толот, бирок сөзү онок да чолок; дагы бирөө кезигет, аз сезет, көпшөк сөзү менен көпкө эзет. Эрктин улуктугу, акылдын тунуктугу-чечкиндүүлүктүн эки бедели. Акыйкат сөздү уккан бар, бирок жукпаган, анткени, көөдөнү уктаган. Акыл-ой асыраган- акак таш сымал жаркыраган.



215. Досуңду, өмүрлүк касыңды түбөлүк деп ойлобо. Күн мурунтан эсиңе ала жүр, бүгүнкү досуңду эзелки касың катары санагыдай бол. Анткени, бул жарыкчылыкта нелер гана кездешпейт, акыреттик досум дегениңе сырыңды шыпкап салсаң, кокус кыргый кабак боло калсаң-досуңдун кас чыкканына ошондо болосуң сарсаң. Сага жамандык санаганга жылуу ырайда кара, ал тургай ал кыйналса, керегине жара. Ошондо гана касың уялганынан койгулайт башын, таппай калат берерге ашын.
Кырк үчүнчү кат
Ассалоому алейкум, Уругум.
216. Кыяң-кески жана акыл-эстүү. Кыйкымчыл кежир- кеп жебес кудай каары. Жакын жолобой зиркирейт элдин баары. Жүргөн жери уруш-талаш, жай иштен жанжал чыгарат, сүйлөшө келсең кызарып-татарат, көздөгөнү митаамдык-арам, көпчүлүк андан көңүлү калган, акырында кейип-кепчип айтканы арман. Андайлардын мээси чайкалган, жүрөгү ойноок, ачууланса-албуут.

217. Айлакер-куу атка конбо. Ээ, түбүң түшкөн дүйнө-ай, кай бирде амал-айлага да байкатпай байланасың. Ак пейил адам куулана албасы айдан ак, ар качан жүргөнү абзел, сак. Алдын ала байкагыч бол, асты арамзаалыкка барба, ачык-айрым жөнөкөй жүр, асты көрсөтө көрбө аңкоо түр; эки жүздүү деп эликтебей, эстүү адам катары ардактагандай болушсун. Ак көңүлдү ардакташат,амалдуулар алдашат. Атактуу арампоостор айлакер-куулугун жашырып, калпычы өңдөнүп көрүнөт. Алтын доордо ак ниет ою түздөр даңкталган; темир доордо санаасы бузуктар каргыш отуна какталган; улуу өлкө ураганда дөдөйлөр асманга жеткен, акылдуулар тереңге житкен. Жаманчылык жер үстүндөгү- жаркырак таш, жакшылык- каухар сымал аз.

218. Жолборс терисине жетпесең, түлкүнүкүн болот эптесең. Учурунда пайдаланган – утурумдук утуш. Ким кайсыга ыктайт, эч ким аны айыптабайт. Күчтөн тайганда- акылга таян, бирде кайрат-жигериңде кал, бирде из жашырма чыйыр жолго сал. Ыкчыл айлакер, күчтүүдөн ашкан, акылдуу баатырсынгандарды алдына баскан. Колуңдан келбесе, коңулдуу өңүткө ыкта.



219. Кыйкымчыл жумурткадан кыр издейт.Кыйтың ишти кыйыктайт, аз айыпка асылат, ар кимден кагуу жеп басылат. Болор-болбостон бирөөнү таарынтат, өзүн күлкүгө кармайт, өзгөнүн жүрөгүн каңдайт. Күнүгө жүздөгөн талаш-тартыш, ызы-чуу жандай жүрөт; колунан тайындык иш келбейт, мыкты иштегендерди жекире жемелейт; кагуу жесе да кенебейт, сырын билгендер сандыракка теңелбейт.

220. Тилин тишине камаган – тирүү калат ажалдан. Тил жырткыч айбан экенин бил; камоодон качкан карышкырды кайрадан тута албаган сыңары, ооздон чыккан кайрадан кантип келет. Адам-сөзүнөн; айбан көзүнөн таанылат. Сөздө жүрөк өтү, тынымсыз согушу жана дилдин добушу байкалып, көөдөндөгү сырды айкындайт. Акылдуу тилин тишине камайт, акылсыз шапалак эте сабайт. Тилин тыяр жерде кармана албаган, оозу-мурду канжалаган. Акылдуу кулак жапырып,жер карап тиштенип турган, антпегенде кантет ажылдай берсе ант урган. Атак, абийир да, азап-тозок да тилден табылат, акыр аягы дилге кабылат. Дил таза жана эрктүү жерде ар-намыс уялайт элде.
Кырк төртүнчү кат
Ассалоому алейкум, Уругум.
221. Элден бөтөнчө бөлүнгөн- таңкалыштуу көрүнгөн. Америка айттырбай кирип келгени кезиктирчу болдук суугуна чалган делбени. Кай бири кылыктанат, дагы бири таң калдырып, ооз ачырмакка ойкуштанып жүрөт. Көргөндөр күлөт, көрөңгүсү чактар көпчүлүктүн көзүнчө кызын кучактаар, аларды ушактаса ушактаар, анан кантет көзү бозоргон чунактар. Абийир качып, алыстаса ар-намыс жорук-жосун күчөйт тура айбан чалыш.

222. Иштин сүйүнтөөр жагына кара. Бул жалганда олжо табам деп, көбү калат арманда. Эң мыкты, эң сонун деп алганы жакпаса, азапка салганы. Пайдасына карап алса, күйүткө малса, көр тирликте ыракат аз мындай караса. Жарыкка салса кулпурат, тикеси менен тик турат, бирок жасалма-жибек денеге муздак илеп урат. Деле оңду-солду жолдон; кубанычтын да, капанын да эки тизгин бир чылбырын түшүрбөгүн колдон.

223. Кемчилигиңди сез - кутула бил тез. Кемчиликсиз ким бар дейсиң бул жалганда. Бирок айыбын аңдай билген абзел аркы дүйнөгө барбай аман калганга. Ыкшоолук, шалаакылык, кайдигерлик, алаңказарлык, кежирлик өңдүүлөр кендириңди кесер-андан кутулбасаң түбүңө жетер. Булардан кол жууйм десең, эрте туруп денени чыңап, эмгектене ыкшоолуктун жазасын берсең. Өзүңдү өзүң уялт, ошондо дүлөй көөдөн баарын туят. Өзүңдү өзүң аяба, оор ишке чек, ошондо жалкоо жанбактылык болот чет. Эркти болоттой сугар, ошондо оркойгон жериңди күнүгө шылып турар, кемчилик менен келишкис күрөш курар. Ошондо гана өмүр тоо гүлүнүн жытын урар.

224. Милдеттүүлүк. Бул жашоодо адам өз милдетин сезе белген бакыт эмеспи, Уругум. Бизди жарыкчылыкка алып келген ата-энеге өмүр өткүчө милдеттүүбүз. Эне сымал элик сүтүн эмизген, ата өңдүү аркар этин жегизген – мугалимге, таалимчи устатка; бата берип, тилек тилеген карыларга да милдеттүүбүз. Боордошуңдай сыйлаган дос, курдаштарга андан бетер акмактар парзын сезбей кайра анча-мынча кайрымын милдет этээр. Ата жүрт алдындагы милдетин абийирдүү аткаргандар кийинки урпактардын жүрөгүнө ар-намыстын үрөнүн калтыргандар.

225.Алгачкы таасирге алданба. Көрөр замат көксөгөн - өмүр бою өксөгөн. Шашылыш нике кыйылат, сарсанаа башка жыйылат. Шашмалык тереңдикке жатпайт, андайды алдамчылыктын туманы каптайт. Эсиңде болсун, Уругум, жалган мара байгени жеңип алган, адилдик артта калган; муну байкабаган тагдырына этет арман. Митаамдык акыйкат кейпин жамынат, арам ойлуу ишээнчекке күн желесиндей көрүнүшкө камынат, мындайда акылдуунун шилисинде – көз, капталында кулак, ошол себептүү сабырлана байкап турат. Алгачкы бир көргөн таасирге кулданба, өмүр бою жашайсың убайымдуу зынданда.




1   2   3   4   5   6   7


©netref.ru 2017
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет