Ашымбаев Бой тумар Асыл ой берметтери, акыл-сезим дүрмөттөрү, уютмалар түрмөктөрү. Кыргыз тилинде Калканбай Ашымбаев. Бой тумар. Б.: Эркин-Тоо, 2007. 112 б китебинен алынды



жүктеу 1.01 Mb.
бет6/7
Дата01.04.2016
өлшемі1.01 Mb.
1   2   3   4   5   6   7
: uploads
uploads -> Қазақстан республикасы төтенше жағдайлар министрлігі көкшетау техникалық институты
uploads -> Қазақ тіліндегі ресми іс-қағаздары Басқару, ұйымдастыру, өкім шығару қызметіне қатысты құжаттар
uploads -> А. С. Макаренконың өмірі мен педагогикалық қызметі
uploads -> Ян Амос Коменскийдің педагогикалық қызметі мен теориясы. (1592-1670жж)
uploads -> Приложение к части а1
uploads -> Рабочий проект
uploads -> Кирилл Куренда: двухлетний вундеркинд Не иначе как вундеркиндом можно назвать Кирилла Куренда из крымского села Владиславовки. В свои два с половиной года он уже знает все буквы алфавита умеет считать и освоил азы компьютерной грамотности

Кырк бешинчи кат
Ассалоому алейкум, Уругум.
226. Ушак ууктурат. Уругум, чагым өлтүрөт, мактоо жеткирет деген сөздү мурдагы каттарымда эскерткен элем. Ушак даңкты уйпалап жиберет, ынтымакты иритет, ак безерди зынданда чиритет. Укканын учурган, көргөнүн көчүргөн – оболу мурда ал өзүнүн өмүр чырагын өчүргөн. Көрүнгөндү жамандаган – копчүлүк жектеп, көргө башы салаңдаган. Ушак ууктурат. Ушакчыны ургансай улук жандайт, уятка кабылган соң алыс кубалайт. Ушак жерге жатпайт, куйту элге батпайт.

227. Өмүрүңдү өлчөй бил. Уругум, улан кезиңден уламалуу кепти угуп калса, өмүрүнүн учуна чейинки убакты пайдалуу жана ыракаттуу болгондой үлөштүрө алар бекен деген тилекте бул катты жөнөтүп олтурам. Акча күтсөм бактылуу болом деп, машмалдак атып, кара жумушта кайнаган, ырас, май чайнаган; акырында эстен танып, эки көзү жайнаган. Илим-билим, маданияттан кагылган, мээси өлүү дүйнө жыймакка чатылган. Мындай жолдон адаш, акылманга жанаш. Ушул кезиңде көзү өткөн көсөмдөр менен кеңеш, алардын илим-билимине теңдеш, китепти бетиңден түшүрбө, ошол гана жеткирет адам аттуу үзүргө. Билимдүүнүн жүзү жарык, билимсиздин жүзү чарык. Мындан соң жакшылар менен алакалаш болгон оң. Көсөмдөрдүн ийнине консоң алды жагың таасын баамдалат, алар сымак ар тараптан өсүшкө кыласың далалат, дилиң тазарат. Кап курсак байларды көрүп жек, жашаган ыракат тек. Күмүш чачтуу, алтын баштуу карылык бар, сөздүн - кунары, ойдун-булагы, ата салт башаты ошолордо.

228. Көзүңдү ача бил, агарсын дил. Элде көзү көрбөгөндүн – көөдөнү көр деп коюшат, көөсөрдү ушундай мыскыл менен союшат. Төрөлгөнү көзү көргөндөр миллион сан, бирок жарыкчылыкты тааный албасына болосуң таң. Кээсинин көзү кечигип көрөт, эл сүйүнөт, өздөрү алгансып төрөп, ошондо барып кам көрөт калкты ырыскыга бөлөп. Кайсалаган көр сокур, кулданып бирөөнүн атын токуур. Акылы ордунда, өнөрү колунда, үмүт тилектин жогунан үңкүйүп жүрөт коңулда. Акылсызды алга сүрөш кыйын, жакшы болсун деген далалатың бир тыйын. Мындайлар көрүнгөнгө кол жоолук, бирин сокурдай жетелеп алат, мыскылдуу күлкүгө калат, кулагы керең, көөдөнү көр. Амалкөй-куу аларды мактоого алат, өтө зарыл ишине салат, акырында таз кейпинде калат. Көсөм кары акыркы ирет үн катат: «Ач көзүңдү!».

229. Бүтпөгөн ишти угузба да, көргөзбө. Төрөт кызганычтуу келет, жаныбарлар туур маалында чидерип кетет, анткени жаратылаш жаңылыкты сыйкырлуу чечет. Ошол себептен чала-чарпыт ишиңди көргөзбө, ишке аша элек оюңду угузба. Ичи тар айнытып салат; ой уурдагыч кымырып калат, сенден мурда озунуп чыгарыштын жолун табат. Бүткөн ишти көрүштүн өзү ыракат; кызыктуу бүтсө, кыялыңды ырбатат. Акылдуу ишин бүткөргүчө бекем сактайт; ала өпкө бүтө элек ишин мактайт. Кыргыздын кылым карыткан : « Туулганына сүйүнбө, турарына сүйүн» - деген акылман кебин көңүлдүн түпкүрүнө сакта.

230. Кирди- чыкты ишке аралаш. Уругум, чыгаан окумуштууну көрдүк, жөнөкөй нерсени билбегенине күлдүк депсиң бул саамкы катыңда. Ооба, алар илим бийиктигинде аалам сырын чечет, көр тирликтин ыракатынан кечет, байлыктан безет. Напелеон айткан экен : «Мен окумуштуулар менен аскер башчыларын тез алдайм, асты күнүгө базарга барып кайткан аялдарды анте албайм».. Демек, чарбачыл билгенди илимпоз түшүнбөгөнү чын, ошентсе да болгону абзел эле өз оокатына тың. Турмуш менен айкашкан илим- агартат элдин дилин, ата журтка аркасы тиет бирин- серин.
Кырк алтынчы кат
Ассалоому алейкум, Уругум.
231. Жагам деп, жаңылып алба. Бул жарыкчылыкта адам аттуунун баарына жагышың кыйын; кай бирине жакшылык арттырсаң капарына алынбайт сыйың. Кай бирине көмөк эте башыңды иесиң, ошонуң менен кыжырына тиесиң. Жардамыңа бири-кубанат, бири кубарат; ыракым көрсөтүш кыйын ар кимдин көңүлүнө тууралап. Ээ дүйнө-ай, мактайын, жактайын десең, башка бирөөдөн кагуу жесең, деги мунуң кандайча нерсең. Бал тилге салып, чечендене чебер кеп урсаң, бабыр дешет, болмок турсун курсан; мерес экен дешет азыркы жаштардай бетон мамы сымал тим турсаң.

232. Белдүү ишти бүтүргөнүн башкага баа-барк күттүргөнүң. Бирөөнүн оюн уурдаган илгич, белдүү ишти бүтүргөндү жандайт билгич, жакшынын соңунан калбай күлдүк урат, акырында ишти ал тындырган катары абройго бөлөнүп турат. Ушундан улам : «Жоону сайса ким сайды аты калды Манаска»,- деген ылакап тараган. Ошондуктан омоктуу ишти оңдойм десең оозуңду басып, оёндордон окчун бар. Сендейге курбу- курдаштарың болот зар, анткени ак эдил адам аркылуу алар да абийир табаар. Кыйын иште кыйдылар кылтыйыңкы жүрөт, ак ниетти далыга чаап коет сүрөп, ал эч аянбайт жанын үрөп; баары алаканга салгандай дайын калк жүрөгүнө түнөп.

233. Суроо жарашса.. Бул жарыкчылыкта хандын да бир татым тузу кемип, кембагалдан суранган имиш, оордугу тийбейт мындайды биле жүрүш. Сурасаң суура салып берген жоомарт бар, буларга сөз кыйытсаң, марытып салат. «Жоктон» бөлөктү оозуна албаган, бөтөн жанды жолотпой, үй- бүлөсүн калай дарбазага камаган, сүткөр бар өзгөгө оштоно караган; мына= ушундайларга суроо керек, жүрөгүн жибитүүгө жараган. Деле ким болбосун кирип барба тоңдоосун, оболу ал-абалын байка, андан соң көңүлүн жайка. Көңүлү болсо куунак, жашап турса дуулап, берип коюшу ажеп эмес, сандыктан долларын булап. Кездешет көңүлү тар, зыкымдыгы бар, андайларга боло көрбө зар. Көп суранган сугалак атка конот, артынан ушак айың толот.

234. Ыроологон – жакшылыкты жылоологон. Кыргызда: «Темине тартып, төө алат»- деген бар. Ат миңгизбесе да анча-мынча ыроолоп койгондор жолугат. Буга жетине албай, колунда барлар алдына төө тарткан, ошентип алган сүйүнбөй, берген сүйүнгөн; көрө албас ичи өрттөнө күйүнгөн. Жоон өпкө көөсөр-коркконунан берди десе; акмак бизди азыноолак бирдемесин ыроолоп алдап жатат дешкен. Азыркы сүткөрлук доордо : «Кыш койсо, кышын алаар, таш койсо ташын алаар» - дегендер арбыды. Адамдын көңүлү кызыл гүл, болор-болбосту тартуу этип, көңүл жубатышмай. Ички дүйнөсү жакырлар жуубайсыңбы деп кууратмай.



235. Ак үйдөгүлөрдүн сырын укпа, өзүңкүн чукта. Байыртан бийликтегилер менен ынак өңдөнүп байлангандар акырында чунакка айланган. Оболу сыр тартышкан бири кызматына карап, бири аброй катары санап; сыр ачылганда, дөөмөт басынганда, бири-бирине кас өңдөнгөн эки тарап. Мансапкор ынагын тепкич өңдөнтүп туруп, бийиктеп алат; кокус сырын ачса, эсебин табат; бул илгертен бери бийликтен калган санат. Ошол себептүү бийликтин сырын укпа, жапыста жакшылап укта.
Кырк жетинчи кат
Ассалоому алейкум, Уругум.

236. Өзүңө эмне жетпесин туясыңбы? Көбү өзүнө кайсы сапат жетпесин билип туруп, ар тараптан өксүк экенин сезип, ошону жеңип алса, дурус болор эле элдик уул делинип калса. Кай бири жарамсыз жоругунан арылса, жагымдуу адам катары карыса.. Биринде олуттулук кем, кай биринде өчө түшкөн өркүндөгөн жөндөм; дагы бири жылуу-жумшак мамилеге зар; бөтөнчө көзгө урунат менменсигендеги курулай намыс-ар. Чечкиндүүлүк жана сабырдуулук, токпейилдик жана чынчылдык - булар уялаган чөлкөмдө боло бербейт ачарчылык.

237. Ашкере акылдуусуна бербе. Өтөрү жок, акылга жеңдирип, карапайым жүргөндөн. Көптү окуган, көп билгенин көңүлүнө токуган, кылдат, сыпаа жана сезгич, ыплас чайрөдөн безгич. Билбегенди билген билимдүүлүк мыкты, бирок өтө эле бышыксынган майдачылык болуп чыкты. Көбүрөөк талкуулаган- талашка такалган. Иштин маанисине карап, үнөм бергени ийги алган билими жарап.

238. Билмексен болуп утул- бар билээден кутул. Билгендер билмексенге салат, ал тургай акылман да алжыган өңдөнүп калат; турмуш кээде адамдарды ушундай окуяга малат. Маданиятсыз боло калыш кажет эмес, бирок түркөй өңдөнүп каяша кайрыш мажес эмес. Акылман акмак менен жанашпаган; акылдуу акылсызды адаштырган, ошентсе дурус болор эле ар кимисинин түрүнө карап сөз алыштырган. Дөдөйгө учурашкан дөдөй эмес, анык дөдөйлүктөн айыга албаган-келес. Азыркы турмушта учурайт табыйгы-дөдөй, ага окшош кууланма дөдөй, кекиртектин кайгысын жеген кап курсак дөдөй, көөдөнү көөдөй.

239. Тамашага таарынба, шакабага жарылба. Бул турмуш тамашасыз татыгына чыкпайт, шакабасыз тазаланбайт. Бири өмүрдү узартып турар, бири- коомду ыпластыктан тазарткыч курал. Көпчүлүк жайдагы тарс жарылган тамашага сурданган күлбөс табылат, ошондойлор оозу шоктун шакабасына кабылат. Күлбөстүн күйбөгөн жери кул боло, капыстан жарылат. Андайда тамашага таарынбай, көтөрө билген оң. Кай бирөө башкаларды шылдыңга алат, өзүнө жооп кайырса, жанжал салат; андайлар чычалак деген атка калат. Чычалактан чыр кетет, ал окуя узун элдин учуна, кыска элдин кыйрына жетет; ызалык тутанып, урушка себеп этет. Шакабанын чеги болот, сылык-сыпаа ыгы болот, сакайткыч дарыны турушат баары самап.

240. Көздөгөнүңө көшөрө жет. Кай бирөө иш башында карбаластай берип кайратынан таят, баш чайкап орто жолго туруп калат жанын аяп. Кай бирөөнүн кайраты жанат, максатына жете барат. Бирок чыдамы кетип, ишин бузуп алат. Дагы бирөө көздөгөнүн көшөрө олтуруп серпет, андайдын маңдай тери укмуштарды жасап бермек. Туруксуз жана чабал, ар убак күлкү болуп калар. Акылдуу ар-намысына карап, көздөгөн максатына кара башын саяр.
Кырк сегизинчи кат
Ассалоому алейкум, Уругум.

241. Көк кептер болуп көшүлбө. Бул жашоодо сан түркүн кыял, ал кыялды ким тыяр. Ток пейил, сылык сыпаа, ак жүрөк-ар качан алдатып жүрөт; эзели калпка барбаган, өзгөнү дал өзүндөй санаган, башканы алдабаган, элди өзүндөй көрөт даалдаган; мына ушулар аксымга акысын жедирип сандалган. Дөдөй, аңкоо гана алдатпай, абийирлүү да амалкөйдүн торуна түшөт. Алдамчыны эки адам алдын ала туят, бири алдатып коюп, башынан өткөргөндөр; бири амалкөй куулугу менен алдагычтарды көргөндөр. Азыркы жашоодо жан бактылар арбыды, жапайы алдагычтар дарбыды. Мындай доордо көгүчкөндөй көшүңкү болбо, кошо ала жүргөнүң ийги шырп алдырбаган сезгичтикти колго.

242. Көмөк эткенге-көңүлүн эпте. Көмүскүдө туруп алып, көпчүлүккө көмөк эткендер көңүлгө алынбай калат десең, чиркин дүйнө. Анткени андайлар калкка каралашып коюп, ошонусунан ыракат алат, бирок кабарланбай этпей тим калат. Ал эми амалкөйлөр айланага аздыр-көптүр ыракымын жар салат, биринен барк-баа алат, биринин көңүлүн бекер алыпмын деген кир чалат. Дагы бири- ал берсе, мен да бергем деген алым-беримге барат, бирок көңүлдү куштаралган сыпайы аздектөө айтылбай калат. Кыргызда асыл ой бар: «Өзгөдөн жакшылык көрсөң ашыр, өзүңкүн жашыр.»

243. Өз акылың өзүңдө Уругум, акылы бар, бирөөнүн кеңешине болбойт зар. Сенин дегениңе көнгөндү- өзүм дебе, ал сени жактырганы менен өзүнө жол ачат кенен, жасакерге жаның жыргабасын, дили бузук, миң күнү мактап ырдабасын. Кайра сенин артыңдан күңкүл кеп жөнөткөндөн көрөсүң пайда; айрыкча мүлдө жакшылыкты көөлөгөндүн биле жүргүн айра. Көпчүлүк мактаса, көрө албас жактаса, анда ишим куржун экен деп кейий бер таптаза. Аз кишинин оозуна алынган ошонуң озот баарынан.

244. Айтмайынча алдын ала актанба. Айтпаса, дебесе деле ашкере актангандык-кылмыштуулукка жаткандык. Алдын ала кечиргин деп өтүнгөн- өзүн өзү өлтүргөн. Актыгын учурунда тактаган – күмөн санагандын оозун таптаган. Акылдуу ар кандай кынтыгынан шек бербейт, кебелбеген жүрүм-туруму менен кемтигин тегиздейт.

245. Ар нерсени өлчөмүнөн ашырба. Көпчүлүгү жыргашты самайт, байлыкка жанын сабайт, кара эмгекке өмүрүн камайт. Адам бул ааламга жылаңач келип, жыңалач кетээрин билбейт; өлүү дүйнө жыймакка жүрөгү зилдейт, же анын убайын көрбөйт. Күнүгө жыргалга батканды жылас баскан, өп-чап жашоо күткөн, алтын башы арача азаптуу жүктөн. Аз дүйнөгө алымсынып, абийирине чаң жугузбаган, көбүрөөк билип, маңыздуу жашаган.


Кырк тогузунчу кат
Ассалоому алейкум, Уругум.
246. Ар нерсенин акырына азгырылба. Жеткен сайын жетем деген, болгон сайын болом деген акыркысында дөдөйлүктөн азап жеген. Күү менен алып учат максаты менен талабы; кай бирөөнүн акыркы үмүтүнөн жетет ажалы, кай бирөө мүлдө ажырайт өмүр бою тапкан баркынан жамынып алып караны. Дүйнөнүн түбүнө кол созгон, абийирден бозгон; анык жүзүн көрсөтүп коет, чүмбөтү тозгон. Ошондуктан түбү түшкөн дүйнө аталган, түпкүрүнө жетмекчи болгондор ажалга маталган.

247. Жашыңда берсин мээнетти, карганда берсин дөөлөттү- дегенди чала моңол түшүндүм депсиң бул жолку соболуңда. Жаш кезинен мээнетке баткан, азап-тозоктун кермек даамын таткан- тагдырдын соккусун жеңип, өзүнө да, өзгөлөргө да бакыттын жолун ачкан. Жаштар жолугат, жашынан жыргасам деп көксөйт, зор максатын кийинкиге өкчөйт. Башкалар жеңишти казатка дейре күтөт, майданда такшалбаган, тапталбаган дене жүдөп бүтөт. Илим жаатында деле ошол- жеңилинен баштап, кыйынын эң артына таштап, учуру келгенде каржалып качат. Ошол себептен жашынан улуу максатты беттеген кыйынчылыкты күрөш менен тепсеген.

248. Кимге бар дүйнө, кимге жок дүйнө. «Жок» оозунан түшпөгөн, көөдөнүнө адеп-ахлап күтпөгөн; үкү көздүү, жалтылдак бөздүү, барк албайт баалуу сөздү; өлүү дүйнө купулуна толбой, томоголоп алган көздү. «Бар» деген барпан, берешен дардаң, ата-тегинен ага ушундайча мурас калган, дүйнөсү болбосо да тагдырына кылбайт арман. Азыркы айныкечтер бар «жокту» мактайт, «барды» ушак отуна кактайт, олку-солку турмуштан өз ордун таппайт.



249. Бирөө бар ажалдан бөлөктү сатып алган, бирөө жүрөт кудайым бар деп жатып алган; экөөнө тең буюрбаптыр тирүүчүлүк жалган.

250. Өзүмө деп өзөлөнбө, башкага деп башпалдак атпа. Өзүнө өмөчүктөп, отко-жамга түткөн, колунда жокту коргулга түрткөн; эзели кор болбостой эсепсиз дүйнө күткөн, андайдын акыры кайгы менен бүткөн. Ырас, калкка каралаш, кубаныч, кайгысына аралаш; эсен жүргөнүң абзел элиң менен сапарлаш. Өзүн унутуп, башкаларга баш-оту менен кирип кеткендер, акыл-насаат бергендер, убагында алкыш алат; кай бири унутулуп да калат. Андайды өзгөлөр өз пайдасына карап, боордошундай санап, колтугуна кирип алат, кай бирде олжо күтмөккө бечераны азапка салат.


Элүүнчү кат
Ассалоому алейкум, Уругум.
251. Өзгөнүн түшүнүгүнө карап, өзүңдү кемсинтпе, Уругум, өткөн жолку катыңда ушул ойго тете пикириңди билгизипсиң. Кээси түшүнүктүү болуп турганды баалагысы келбейт; түшүнүксүз нерсени мактап, колун асмандата сермейт. Кымбат турганды билишпесе да баага батырышпайт. Ошондой маалда алардын көзүнө көрүнүп коюш максатында жакшылыгыңды аянба, билимдүүлүгүңдү жашырба, бирок ченеминен ашырба. Акылдууга акылдуудай сый узат; калгандарына сага каяша бербегендей этип, өзүңдү түшүнгүдөй акыл-оюңду байкат. Ошондой маалда мактап киришет, неге мактап-жакташат маңызын баалашпайт; анткени айлана-чөйрөңдө бир гана мактоо өкүм сүрүп турса кантесиң. Чылгый мактоо жаңылыкка, өркүндөп-өсүшкө салынуучу чидер.

252. Кырсыкка кайдигер караба. Кырсык жалгыздап келбей калсын, кайгы, кубаныч сымал шаан-шөкөттөнө шаңдана басат. Баса, кубаныч да, кайгы да өзүнүн жамаатташ жагына чабагандайт; эмгекчилге кубаныч күн нурун жамынып барса, эси жок шалаакыга кайгы кара булуттана басат. Бактысыздык баарын өзгөртөт, жакшы оюн жалмайт, үмүттү үзөт, эрки бош бечераны өзөртө сүзөт. Кырсыкты ойготпо, шойкомдуу балекетти чакырба. Буламыктан тиш сынат, кыламыктан бут сынат, кысталышты кырсык тооруйт. Тагдырдан келген кайгыга кармана бил; таман алдынан жолукканы болсо, акылыңа кир.

253. Айкөлдүктү- кез-кез, жакшылыкты – тез-тез. Акчанын доору жүргөн кезде, кайрым болбойт сараң безде. Акылдуу айкөлдүгүн карматат чанда-чанда, колуна байлык болбосо кантет анда, бирок жакшылыгын аянбайт анда-санда. Бул жакшынын парзына жатат; сүткөр ошондой жакшылыгын сатат, бала-бакырасынан байлыгын катат, анысын ар кай жерден таба албай шорго батат. Азыркы заман: «Кыш койгон кышын алат, таш койгон ташын алат»- дегенге барган, колунда жоктор алыш-бериштен четтеп калган, айрыкча жаманчылыкта алай-аркадагы куда-сөөккө катыша албаган арман. Жону катуу жокчулук белден бекем басып турганда таарынган адат жаман. Албаса да, бербесе да ак тилегин айтышып, айкалыша жүрүшкөн ыракат эмеспи, аман.

254. Ар качан акмактардан аяр бол. Дүйнө эли суктанган социализмди тышкы душманга кошулуп, чыккынчы жөөттөр, сатылгыч дөдөйлөр, жан бактылар жана эки жүздүүлөр уратып салышканда дили тунук коммунисттер жабыр тартты. Акмактар атактуу өлкөнү таратканы социалисттик биримдикке кирген өлкөлөр мүлдө кырсыкка дуушарланды. Акмактар, алтын издегичтер абалтан бери-адам баласынын бактысына көз артып, уруш-жанжал жана кыргын салып келишкен. Дал бүгүнкү күнү да эки жүздүү шумпайлар, суктугу ашынган сүткорлор, алдамчы алып сатарлар, өрүп кеткен малда аяр жана кыраакы болбосоң азапка башың малынат. Акылы бар азамат акмактар жайган тордон безет, алды жагында бир нече кырсыктуу тосмо турганын сезет.



255. «Чыга албай турган көз эле чыгып кетти өзү эле» деген сөздүн төркүн-төсүн чечмелеп беришти сурапсың. Алабарман ак ниет, алды-артына аярланбаган ак эдил кылдай кыйкымга кабылып, жабыр тартат. Ар убак арадан айтыш чыгат, талаш туулат, доо дооланат, эски кек жооланат; ошондойдо өтө сак болгонуң аманат. Кокус курчтука салып, ачууга жеңдирип айтып жиберген сөзүң- кежир кекчилдин чукуганга тете көзүн. Атайлап ачуу сөз айтар бекен деп күсөп турганда күүлөнө дабыштап койгонуң, акмактын көзүн ойгонуң, өзүңдү сойгонуң. Не дегенде, уккандар сени жемелешет, бири башында атырылып койдуң десе, дагы бири аягында дейт ачуулана айттың кесе, андайда айыптуусуң актансаң да миң эсе. Акыры кечирим сурап, жоболоңду жоошутпаска арга не?
Элүү биринчи кат
Ассалоому алейкум, Уругум.
256. Арамдыктан арачалар акылдашың болсун. «Жалгыздын жары-кудай» дегендей бул жарыкчылыкта жөлөк-таягың болбосо, айрыкча жолуң бөгөлгөн учурда, кырсык тооруган кезде кыйынчылык төө бастыга алат. Кай бирөөлөр бардык бийликти энчисине басып алды элдин көйгөйүн көтөрүп көрсүн дешет. Ооба, ошондой маалда суу кечирген, же болбосо актап ажат ачканга жараган жанжөкөр күткөн ылазым. Андайда ушак-айың да, түйшүктүн салмагы да экиге бөлүнүп, күнөө жеңилденген өңдөнөт. Жакшы жанжолдош- жакшылыкка олжолош, кайгы капага- оогалаш.

257. Жооламакка какмаласа, айкөлдүккө сала алдын тосо акмала.Акылдуу ызадан бийик турат, ага жоолашкандын көңүлүн тындырып, өзүнө ынак курбу кылат; андайда арам ойлуу өзү сынат. Жакшылыкка- жамандык көр жигиттин күнөөсү, жамандыкка жакшылык эр жигиттин мүнөзү. Жаны тынч, жакшы жашайм дегендер, ачуу, ыза, арамзаанын алдын тосуп жеңгендер. Кайгыны кубанычка айланткан, жоолашкандан жолдош тапкан- өзүн да, өзгөнү да баккан.

258. Өзөгүңдү сууруп бербе, өзгөнүкүн да келе дебе. Өмүрлөш досуң болобу, тууган-туушканыңбы, ант ичишкениң болобу, өпкө-бооруңду чаап, ымандай сырыңды шыпкап салба, кыяматтык сыр катыла жүрсүн өмүр барда. Ынагыңдан ымандай сырдын кору калсын; балаңа бал шилекейиң тамсын; аялыңа Ата журт тагдыры жөнүндөгү мамлекеттик сыр ачылбасын; бирине чет-бучкагын туйгузсаң, бирине дымып кой, непада ооздон учуп чыкса, жабык ой, бүлүк түшөөрүн билип кой.

259. Акылга сыйбас ишке акыйлашпа. Жаздым басчулар мындай чекилик бардык кишиде болот деп этибар алышпайт; ката кетиргендер булардан калышпайт, бирок учурунда түзөп алышпайт, баягы эле кемчилигинде буту чалышпайт. Канткен менен киши го, ичинен өзүн өзү матайт; эл көзүнчө актайт, калысын айткан ага жакпайт. Айыбын ачып, күнөөсүн моюндатып, түзөйм деген таяк жеген; акмактар, кежирлер өмүр бою күнөөсүн сезбей турганын билбейт белең. Учурунда байкабай берген убада- бир топ адамды кылат убара, бул дагы кылмышка жатаарын сураба.

260. Унутчаактык. Уругум, бир катыңда жолдошуңдун мас болуп алып, ызалаганын унутуп калыптыр депсиң. Абдан жакшы баарыдан жаманчылыкты, өткөн күндөрдөгү өксүктөрдү тыптыйпыл унуткан жыргал. Акылдуулар билсе - билмексен, көрсө-көрмөксөн, укса- укмаксан- демек жаны тынч. Өчөгүшкөн ишти өлүмжан унутуп койгон олжо. Бирок бирөөнүн жакшылыгын унутчу болбо. Кыргызда: «Бирөөгө жакшылык арттырсаң жашыр, башкадан жакшылык көрсөң ашыр»,- деген макалды укум-тукумуңа тапшыр.
Элүү экинчи кат

Ассалоому алейкум, Уругум.


261. Бирөөнүн кызыктуу буюмуна көз кызартпа. Илгертен калган мындай сөз бар: « Бирөөнүн аялы бирөөгө ай көрүнөт көзүнө..». Анын сыңарындай башканын колундагы асыл буюм өзүбүздүкүнө каргандан өзгөчө суктанткыч келет, ыракат да берет. Ооба, асыл буюм оболку күнү- ээсин кубантат, калган күндөрү калкты жубантат .Башканыкынан кош кубаныч аласын, көрүп көңүлүң ыраазы, аны сактайт элем дебеген убаракерчилигиң ылаажы. «Жоголгон бычактын сабы алтын», абалтан адам баласы айыктыра албаган ачкөздүктүн дартын. Асыл буюм күткөн, ыракаттан мурда санаркап бүткөн; берсе да, бербесе да таарыныч - урунучка түткөн. Асылды катар жер таппайсың, башкалар көрүп, мактансам деп сактайсың; асты тууганыңа жакпайсың, көзүн кызарткан жоодон чочулап, тынч уктай албайсың.

262. Бейгам жаткан-бейпайга баткан. Тагдыр адам баласын ар түрлөнтө чакмак алып келген, бейгам шалаакынын жазасын берген. Тайраңдаган таланттын тасмиясын каккан, камаарабас батырды жоо капыстан чапкан; акылы ашынган куру кыялды санаа баскан; сумсайбаган сулуу көңүлчөөктүн азабын тарткан, ар качандан бир качан ала тополонго түшкөн кайдигер камкөш жаткан. Кыраакылык, сактык жана тактык - ушул үч берен адамдарды бар балээ, жок жалаадан алдын ала арачалап келген.

263. Сталин милдет таккан – болоттой ширелген эрлерди тапкан. Атактуу революционерлердин баары өз бактысын өздөрү калыпка куйган, ар кандай кырсыкты алдын ала туйган. Октябрь революциясын жаратып, мүлдө бей-бечераларга эркиндик таңын аттырган. Өзүнө катаал, өзгөлөргө жумшак, мүлдө өмүрүн дүйнөлүк пролетариатка зарптаган улуу инсандар өзгөлөргө милдет тагуудан мурда жүрүм-туруму жана керт башынын жашоосу менен өрнөк этип жана асылзаадалыктын үлгүлөрүн көрсөткөн. Адамдарда думугуп жаткан акыл-ойлорду, кайраттуулукту жана эрдиктерди улуу жол башчылар жана кол башчылар ойготкон, ошол себептүү укмуштай куралданган гитлердик аскерди ойроңдоткон.



264. «Көңүлчөөктүн аты арыбайт, аты арыса да өзү жарыбайт»- дегенди чечмелеп бериңиз деп өтүнүпсүң, Уругум. Өтө эле көңүлчөөк тил алгыч ким каяка жумшаса илгиртпей баргыч, бир эсептен көңүлчөктүгүнөн алат алкоо, бир эсептен капитал дүйнөсү кирип келгенде болуп калды макоо. Шалаакы, көңүлчөөк,сезимсиз -өмүрү өтөөр белгисиз.

265. Бал тилдүү, коңур мүнөз. Жаанын огу дене жаралайт, ачуу сөз жүрөктү араалайт, анын уусу өмүр өткүчө тарабайт. Бул жашоонун жарманкесинде жел сөз саткан-көздөгөнүн тапкан. Жакшы сөз жан ээритет, бийликтегилерди көкөлөтө термелтет, улуу ойго каныккан дем, көпчүлүгүн шердентет.

Коңур мүнөз, сөзү шекер, жаралбаган чыгар бекер; бал тили менен бардыгына жетер, касташканы да капасын силкип, кайра кетер. Жакшы сөз, жаркын адат жалпыга майдай жагат.


Элүү үчүнчү кат
Ассалоому алейкум, Уругум.

266. Баштуу ишин башында баштайт, башсыз аягына таштайт. Бир эле ишти бири маалында бүтүрөт, бири «анан», «эртең» деп күттүрөт. Баштуу убакытка сараң, бар ишке шайдоот, шайыр жаран; башсызга бош жүргөн жыргал, андайдын өмүрүн ажал уурдар. Башсыз кечеңдеткен ишин кежигелеп турганда амалсыздан аткарат, акылдуу алдын ала сезип, айтырбай аткарат, атак алат, андайлар гана элди башкарат.

267. Жаңычылдыгыңды жандырба, жарышта мөрөй алдырба. Жаңы көз делет, катарга кадыресе камбыл адам келет, эскини жаңыртат, жаңыны турлөнтөт, айлананы гүлдөтөт, эски кадыр-баркты жүдөтөт. Жетик да жешилет, эскирип кумдай эшилет, мурдагы алган атак-даңкың бир жолку «ахтан» соң өзүнөн өзү бекинет. Жаңычыл ишиңе суктангандардын илеби суубасын, ирбитиң жүрүп турганына таң калгандар кубансын, душманың кубарсын. Ишке күйүп-бышкандын оту басаңдайт, кумарлануу суунат, жаңычылдыгыңан ыракат алгандар дагы башканы самайт. Тулпар тушунда- бул жарыкчылыктын алмашкыч мыйзамы ушунда.

268. Көп айтса, көрүп-билип айтат- көөсөр көөдөк көөлөп айтат. Көптүн оозуна алынганда көрөңгүлүү ой жатат, аны угуп-туйгандар ыракатка батат. Көтөрүңкү маанайды ириткен, көптүкүн көөлөгөн сөз атылып чыгат көөдөнү көңдөй чириктен. Өзү билбейт, билгендин тилине кирбейт, бирок эч кимге бербейт, андайдын артынан шакаба-мыскыл, ушак-айың калбайт; аны дал өзүндөй көр көөдөн жандайт. Көөдөнү жарык, акыл ойго-канык, көптүн алдында жүрөт адилдиктин чырагын асмандата колуна алып.

269. Көп ишке жетпесе көзүң, жандап ал сынаакынын өзүн. Уругум ушул тилимди ала жүрсөң акылдуу дебесе да адам тура деген ойдо калышат. Сынаакы бардык ишке кыраакы, шымалана кирет, бүтүрө салат нары-бери жиреп. Күмөндүү ишке күүлөнө кирген каман кайрат, иши кайраңдап, абийирден айрат. Оң жолго түш, адаштырбайт көпчүлүк каалаган иш. Көптүн оюна каныкпаган, кыядагы тар жолду багыттаган, азабын жеп кыйчалышта арыктаган. Ар кыл доордо ар түркүн иште көпкө көзү канык көмүскө эмес, көндүм ишке кабылган, түгөнбөгөн ырыскысы агылган.

270. «Сыйга-сый, сыр аякка бал»- дегенди чечмелеп бер дептирсиң, мурда мен макалдата айтканды жаштыка салып байкабаган экенсиң. Сылык-сыпаа учурашканга, сен да бүгүлө алик ал, амандыгын тиле. Ар качан адам аттууга сылык-сыпаа мамиледе бол, кош колдоп берип кол, мындайда ачык болот жол.

Ардактуу адам алдыңа аш сунат, ызааттана жан-алы калбай, баш уруп турат, бир кезде көтөрүп келет белек-бечкегин курап, мунусу тоюндук эмес, сүйүндүк. Эки тараптан пейилдин кенендиги – сылык-сыпаалыктын чебердиги .Карыны сыйлагың келет, ал батасын төгөт үстү үстүнө демеп, чынарга суу баргандай алкыш сенин өсөөрүңө болот себеп. Дөдөйгө сылыктык бөжүрөгөндөй туюлат корккондуктан; ийиле айткан саламга дендейиңки келет, ошол себептен «Итке сый жарашпайт» - делет.



1   2   3   4   5   6   7


©netref.ru 2017
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет