Ашымбаев Бой тумар Асыл ой берметтери, акыл-сезим дүрмөттөрү, уютмалар түрмөктөрү. Кыргыз тилинде Калканбай Ашымбаев. Бой тумар. Б.: Эркин-Тоо, 2007. 112 б китебинен алынды



жүктеу 1.01 Mb.
бет7/7
Дата01.04.2016
өлшемі1.01 Mb.
1   2   3   4   5   6   7
: uploads
uploads -> Қазақстан республикасы төтенше жағдайлар министрлігі көкшетау техникалық институты
uploads -> Қазақ тіліндегі ресми іс-қағаздары Басқару, ұйымдастыру, өкім шығару қызметіне қатысты құжаттар
uploads -> А. С. Макаренконың өмірі мен педагогикалық қызметі
uploads -> Ян Амос Коменскийдің педагогикалық қызметі мен теориясы. (1592-1670жж)
uploads -> Приложение к части а1
uploads -> Рабочий проект
uploads -> Кирилл Куренда: двухлетний вундеркинд Не иначе как вундеркиндом можно назвать Кирилла Куренда из крымского села Владиславовки. В свои два с половиной года он уже знает все буквы алфавита умеет считать и освоил азы компьютерной грамотности

Элүү төртүнчү кат
Ассалоому алейкум, Уругум.

271. Ишиң түшкөндүн ички сырын тарт. Кай себептен ишиң түшүп, аргасыздан алакалаш болуп жүрөсүң; сырын толук тартпасаң акырында өкүнөсүң. Кейип-кепчип кайгычыл болсо- кыжырыңды кайнатканы ошо, ачуу болсо тили көрө албастыкка толгон дили; жакшылыкты туйбайт, көзүнө акмакчылык көрүнөт, болор-болбоско сөгүнөт. Чын ишти калптыкка чыгарат, ачуулангансып чыңырат. Айтканы акыйкатка чендебейт, анткеним уят экен деп кенебейт. Деги таасын аңда: көп күлсө-келесоо чалыш анда; мисирейген күлбөс- жакшылыкка үндөбөс. Безе кач уялбас акмактан жабышкак жеңил ойлуу камгактан. Кездешсе мунжу, төкөр, башыңды бийик көтөр, ансыз да алар тагдырына ызакор. Ал эми сулуу ашкан - ай, күндөн көрк талашкан, балга конгон чымын сымал капчыктуулар туш-туштан камашкан, бары бирдей дөдөй, адамкерчиликтен адашкан.

272. Жалпыга жагымдуу бол. Жакшынын жаратылыш берген мүнөзү- күн нурун жамына учурашкан; ак бата берип коштошкон, кубанычыңды көкөлөткөн, капалууга кайрат -дем берип, көңүлүн бөбөлөткөн; жакшылыкты- ашырган, жамандыкты жашырган, ызалыкты таманга баскан, касына казан аскан; айткылачы жагымдуу адам барбы мындан ашкан. Албетте күн санап тула боюн машыктырган, жан дүйнөсүнө илим-билимди кашыктаган, өмүрү өргө чаап ашыкпаган. Төгөрөгү төп келгендер кездешет бул чөлкөмдөн.

273. Жупунулук мүнөз карма, жулкунмайлыкка барба. Короймо жана чыйтыйма, кытмырлана кыйтыйма, сырты жалтырак, ичи калтырак- мунун баарын жөнөкөйлүк жолго калтырат. Акча бийлеген заманда акмактар салам беришет чапанга. Калк арасында капчыктууну кадырламыш этет, бирок көзү жокто дөдөйлүгүнө жетет. Эгемендүү заманда эшек оюн салгандар өмүр бою жыйган кадыр-баркынан куру жалак калгандар. Жупунулук олуттуу адат, кары-жаштын көңүлүндө калат, сезимтал жаштар жүрүм-турумунан сабак алат. Жөнөкөйлүк улуу касиет билгенге, ал жарала койбойт бир демде, анын башаты жатат энеден эмчек эмгенде, эстүүлүк менен эр жетип, абийир күтүп келгенде.

274. Табыят жана искусство аркылуу күлк-мүнөздү жаңыла. Бул жарыкчылыкта жаңыланып туруу ыйык парз; ар бир жети жылда адамдын кулк-мүнөзү, салт санаасы өзгөрүп турат деп байыртан бери айтылган сөз бар. Айбандар даакысын түшүрөт, түлөйт жылыга, адамдар ички дүйнөсүн жаңылайт күнүгө, анткени акыл ооштурат, ырыс жугуштурат, оюн бекемдейт, эркин курчутат кемчилигин акырындап силкип салат, бул акылдууларга мүнөздүү адат. Ошентип улам жакшырып, улам жетилип, ар тараптан өсүп, жаратылыштан, жана адабият-искусстводон таасирленип олтуруп, пайгамбардын деңгээлине дейре көтөрүлүп, акылдуу карыгандар канча. Ал эми кай бирөөлөр байлыгына, даңкына жана бийлигине карай кыял-жоругун өзгөртүп алат да мүнөзү сөзүнөн жана ишинен таанылып калат. Ошондон улам: «Жакшыдан мөөн туулат тагы калат, жамандан жаан туулат загы калат»,- деген макал жаралган.

275. «Атың чыкпаса, жер өрттө»,- деген ылакаптын маанисин чечмелеп бериңизчи деп өтүнүпсүң, Уругум. Кылым кыйрын кыдырып олтуруп, калк катмарына нарк, набаттуулуктун уругун чачкан накыл сөздөр арбын экенине суктанганың ийги. Адам биринен бири озушка атаан куруп, кумар туткан. Акылдуулар-айкөлдүгү, ак ниетүүлүгү менен уткан. Адам өзгөлөрдөн өөдөсүнүп, барк-баасын көтөрмөккө, даңкын чыгармакка, аты эл арасында айтылып калмакка жан үрөгөн. Бири күлүк таптап, саяпкерлигинен, дагы бири кол өнөрүнөн, койчу, атын чыгарышка ар ким түрдүүчө түрлөнгөн. Дал жыйырма биринчи кылымдын башында укканды таң калтыргандар дарбыды: аргасы кеткенде арбактар менен аңгеме-дүкөн курган көзү ачыктар арбыды. Элдик казынаны уурдап, үч кабаттап үй курушту, айтор, сыныктан бөлөктүн баары жугуштуу. Тилик этек көйнөк сатылды, жоон санына чейинки кызаңдаткан такымды; элге дайын этти жел таман катынды. Киндигин көрсөтүп, жарым-жартылай жылаңач жүргөн кыздар чыкты, ата-энесин жер каратып, наалатка жыкты. Салтын сактаган салттуу калк- карманып келет каада-барк. Ата журтуна адал эмгек эткен атагы далайга кеткен.
Элүү бешинчи кат
Ассалоому алейкум, Уругум.

276. Өтө эле көрүнүктүү боло көрбө. Жөн гана жүргөндөн өтөөрү болбос, ойкуштаган көңүлгө конбос. Укмуштанган- уттурган, кебете-кешпирин бузган, жаштарга жаман жосун жугузган. Табыйгы эмес, боекко баткаланган сулуу-көңүлдү иренжитип туру. Ооз ачырып, таң калтырган жорук-жосун- жер менен жексен болсун. Билбегени жок өңдөнүп сайраган илимпоз – жадатма бабыр ооз.

277. Каршылашка накай- каяша бербе такай. Кай себептен каршы чыкты, аны аңда, ал ким муну такта: көрө албас нааданбы, кылтыйма кытмырбы, амалкөй жойпубу, кууланган кумпайбы? Буларга каяша берем деген, элге абийри төгүлүп келген. Беделиңди түшүрмөккө болор-болбостон бетиңе чыгат; айтышсаң ак жеринен күнөөгө жыгат, бири баркыңы кетирмекке ушак таратат, сактанбасаң итке оозуңду жалатат. Булардан коргонуштун жолу- теңелбей тим коюу.

278. Абийирдүү адам бол. Өмүр бою абийрине чаң жугузбай, элге жүзү жарык адамдарды билет кары тарых. Милдет парзын аткарган, анда-санда мактоо алган, алп эмгек сиңирсе да атак-даңктан алыс калган- ушундай болот теңсиз жалган. Арамдыкка чыланган калк кездешет, алар ааламды астын үстү кылышты эңсешет; дагы бири туруксуз жойпу, үчүнчүсү- чымындан пил жасап коючу, ак ниет адамдарды нака ушулар союучу. Арга не, жамандык тез жугат, акылы быша электер уугат. Ак ниет ак безер, алынын келишинче улан-кыздарды андайлардан алыс болушка таасир этер.

279. Акылдуунун жактырганы – жүрөккө таң атырганы. Атактуу адамдын тоңдоосун гана «Ооба» деши быякта калат элдин мактоо эбиреши, тексиздин тебиреши. Акылман иштин маңызына карап туура көрөт, дал ошол баасы эмгекчилди түгөнгүс бактыга коет бөлөп. Сталин Улуу Ата Мекендик согушта ар бир эр жүрөк жоокердин атына дейре билген. Начальниктерден Сидоров деген мыкты чалгынчы барбы, деп сураганы эр жүрөктүүлөрдүн көчүн улаганы. Ошол сөз Кызыл Аскердин баш аягын аралаган. Демек, ар бир жоокер, командир жана генерал Сталин байкап тургандай ишеним туулган, ошентип душман талкаланып куулган.

280. Керектүү маалда келбей калган- баасын кенен алган. Өтө зарыл убакта келбей калган баасын өткөрө алган, элдин оозунда калган. Көзү барда- мактоо кемсинет, көзү жокто- мактоо эрдемсинет, дегеним «Баатырдын атын алыстан ук жанына келсе, бир киши»- делинет макалда; булбул көрүнбөй сайрайт бадалда. Демек, бедели басаят эл көргөндө өң-түрүнө, бирок тереңдей алышпайт ички дүйнөсүнө үңүлө. Кыял күлүк көз менен таң калыштан, анткени, шыбыш кулактан кирип, көздөн чыгат. Ким даңкын сактагысы келсе, көптүн көзүнө көп эле түшө бербесе. Көрсөм деп көксөгөндөр сүрөтүнө тигилишет; мыкты падышалардыкын икон сымал дубалына илишет.
Элүү алтынчы кат
Ассалоому алейкум, Уругум.

281. Ойлоп табуучулук – акылдуулук. Акылга дыйкан эпчил да , эптегич да, тез тапкыч да келет, кыялы ташкындаса жаңылыкты ачып берет. Ойлоп чыгаруучу – бул тагдыр берген сыймык, өтө сейрек кездешүүчү ыйык. Алгачкы ойлоп тапкычтар ошол доордогу бөтөнчө таланттуулар болгон, өмүрүн улуу ишке сайып койгон. Жаңылык жалпыны суктантат, ал эми элге кереги тийсе, бап келет тарыхка чийсе. Талантар арбын: калемгер, композитор, сүрөткер, чыгармаларынан акыл-ой сузуп ала бер.

282. Мазааны алган- маскара болуп калган. Сени бирөө сыйласын десең- өзүңдү урматта бекем. Сен кандай болсоң эл ошондой. Бабыр сөзүңдү чекте, тантырап кетпе, кимдер сени турса күсөп, барабер үстөп, үстөп; чакырмайынча көрүнбө, барагой дегиче чыгып жөнө.

Ким өзүнүн камын жесе, жолу болбой калганда бармагын тиштейт кесе; олжого марыса, көпчүлүк күңкүлдөшөт жарыша. Жадаткыч уйгак мисал- бир жабышса чыкпайт, «чык» дегениңди укпайт, уятсыз санаасы жоктой уктайт.



283. Кара жолтойго каралашкан – капа- кайгыга аралашкан. Чөгүп баратканга колун берген, өлүмдөн башкасын көргөн. Жолун кырсык тооруган- ага боор салган онтотпос кесел менен ооруган. Эзели жолу болбос, элден ыракым күткөн соң кылчайып койбос. Дили каранын-иши кара, жолу кара, мындайлардан алыс жүргүн бара-бара.

284. Ар кимдин милдетин ала бербе- алтын башты азапка сала көрбө. Көрүнгөндүн көзүн кыйбай, кадырын сыйлай, макул десең, ар кимге кул болуп, жүрө албасың чын эсен. Кай бирөөлөр башкага караганда бактылуу болуп төрөлөт, алар берешендигинен көрүнөт; дагы бирөө- алаган. Тагдырдын өзгөчө буюрганы- баштын азат болмогу, муну жоготуп алышат байлыкка күнү калган олжолуу. Көпчүлүк азаттыкты сенден күткөнү оңдур, тескерисинче сенин топко көз карандылыгын болбостур. Бийликтегинин пейли болсо кенен - көпчүлүккө жарыгын чачаары белен. Эң башкысы зордоп берген белектен тартын; абайлай жүр алды, артың, алмадай башыңа залалын тийгизет азезил алтын.

285. Жүгөнсүз кумарлыктын жүзүндө көөсү калган. Кумарлык бар өлүп-талган - андай жосун өмүрдү да алган. Кумарлык абийир-акылды айдап салат, адамды азезилдей сыйкырлап бийлеп алат, ана-утам, мына утам деген азгырыкка барат; үй-жайын уттуруп, коколой башы калат. Кумар тыюу бербейт, үндөккө келбейт, сабырсыз шашма, балээни үйүп алат башка.
Элүү жетинчи кат
Ассалоому алейкум, Уругум.
286. Шартка жараша күтүн. Коомдогу кырдаалга жараша элдин агымы болот, мурдатан күтүнгөн ишиңдин жолун бууп салат, сезгич мындайда көптүн ыңгайына көчөт. Ар иштин бүтөөр малы, сааты коңгуроосун кагат, байкагыч бар ишин орундап алат. Дөдөйлөр жолугат, кырдалды өзгөртүшкө кыйынсынып оолугат, шартка карабай жөнөп, кырсыкка кабылат. Акылдуу ар убак-сабырлана окуяга жараша ишин коет улап.

287. Беделиңди бекем тут. Баарынан оор мүшкүл ушул. Кадыр-баркын калыңдап алган ар кандай майда-баратка барган сый-урматтан калган. Беделди түшүрөр- жеңил ойлуулук, болор-болбоско бой уруп кетүүчүлдүк. Баатырлык орденин тагынып туруп, жан дүйнөнүн бийиктигин байката албаса,артынан угулат күлкү, тамаша. Ишенимден кетирип олуттулуктан тайгызган- жеңил желпилик. Элге алына кээси элпилдек келет, анын бийик адамкерчилигин байкашпай, апенди деген ат берет. Улам улгайган сайын, олуттуу болсун отуруп, турган жайың. Кыргызда бир сөз бар: «Жашыңда алжаң болсоң, карганда калжаң болосуң»..Демек жашынан абийир, ар күтө жүргөн, чеки сөздү тыйып, аз күлгөн.



288. Урматтай да, сүйө да билген – көңүлгө чырак илген. Кыргызда сөз бар: «Өтө кызыл бат оңот, өтө ысык бат суунат». Жандай ысык көргөн –аны байкап көрө албастын ичине ит өлгөн, урматтоо менен ысык көргөндүн ортосун «Сиз» деген сылыктык бөлгөн. Демек, өтө эле сүйөм да, ашкере ардактайм да дебе. Ысык көрө сүйгөндүк теңтушчулукка алпарат, ал күчөгөн сайын урматтоону унутка калтырат. Сүйсөң да жүрөккө жүгүнбөй, акылга сал- түбөлүктүү болот ал.

289. Сынака ал - салмакташып кал. Жашоодо жакшы дегенди кыраакы көрөгөчтүгүн тымызын баамдап, ал тургай салмактап, астыртан атаан курасың. Жүргөн-турганы, сын сыпаты жана адамдык сапаты көзгө урунат. Металль үнүнөн, адам сөзүнөн таанылат, ишинен бааланат. Салабаттуулук- салмактуу сөзүнөн, сапаттуу ишинен баамдалат. Салмакташат деген: такай аңдууга алып иликтеген, назик жышаандарын, олуттуу байкагычтыгын, тапкычтыгын жана адамды баалагычтыгын, талыкпас жигерин, оюнун тереңдигин баамдаган соң таразага түшүп көрсүн өзүн.

290. Адамдык касиетке жет бийликти бучкагына теңебеген . Жетинчи кабатка жеткен бийликтен жетик болсун адамдык сапатың. Кимдин көөдөнүнө адамкерчиликтеги касиеттер сыйып турса, ал күн санап жаңы иши менен өсөт, ар тараптан адистигин көргөзөт. Ташы көрүнгөн тайыз жүрөк- ишинин да, беделинин да алсыздыгын таанытып жүрөт. Жашынан абийрине жукпаган чаң, жан дүйнөсү жалпыга аткан таң; ой-акылынын тереңдешине тынымсыз көргөн кам, падыша беделинен озук турат жетилген адам.
Элүү сегизинчи кат
Ассалоому алейкум, Уругум.
291. Бышып жетилгендик. Кебете-келбети сүйкүмдүү келген, күн нурун жамына салам берген, сөз кунары, ой булагы ууртунан агылып турган адам сый, урматка чөмүлгөн, сын-сыпаты келишкен. Тула бою керилген, сабырлана кеп урган, бар оюн элдин жашоосуна бурган адамдар бар жан дүйнөнүн айкөлдүгүн билгизип турган. Ишинен жаштар үлгү алган, оозунан шекер, бал тамган адамдар бар күн санап бийикке кулач урган.

292. Ой - пикирдин кагылышы, калыстыктын таанылышы. Улуу өлкө ураганы ушак-айың, талаш-тартыш уюгу бузулган жапайы аарыдай учуп чыгып, мемиреп тынч жаткан элдин мазаасын алды. Ошондон баштап, ачык ооздор талаш- тартышка түштү; бири билип айтат, бири угуп алып, учуруп айтат, акылдуулар ичинен күлүп кайтат, Пикирден талаш тутанат, билбей кепшеген утулат. Мындайда калыс ак жолунан кайтпайт, бир тууганы болсо да тартпайт. Болор-болбостон убакыт коройт, өсүштүн алдын торойт, маңызсыз нерсени талаша берген оңбойт.

293. Чебелек атпа, ишкерликти баркта. Эмгекчил ишкерди бура бастырбаган тынымсыз чебеленип жүргөн күйдүргү бар. Көңүлгө толбос, болор-бостон барк алып, мактоону жутат; айла амал менен ишкерди утат. Чебелек аткан бой көтөрмө белгилүү ишти бүтүрдүм дейт, шылдыңга кабылып, ыйманын жейт.

294. Даңазага татыктуу адам. Улуу эрдиктер улуу адамдарды төрөйт, андайдын бири орточо дегендердин онуна татыйт. Мындайлар кийген кийминен бери, жашоо шартынан бери көзгө толумдуу, көңүлгө шаңдуу болсо деп эңсешет; бирок мактоого татырлык адам бар байлыктан аша кечип, карапайым жашап өтүшкөн. Алардын улуулугу өлкөсүнө өткөргөн өмүрү менен өлчөнгөн, алардын кыска жана так сөзү өлкөнү өрүш алдырып, өзүңдөй адамдардын өсүп чыгышына шарт түзгөн.

295. Ар ким сени алаканга салгандай аңдап турсун. Көрөгөчтөр бар, өзүнчө ой жоруган: ким ага көз салып жүрөт, кандай карап койду, баш аягына неге тинтүү салды. «Керегеде кулак бар, кеңешер болсоң ыраак бар» дегендей, үйдүн дубалынан да шектенет. Ал тургай үйүндө жалгыз жүрсө да бүт дүйнө жүзү аны байкап, көрүп тургандай, күбөлөр билип койгондой ойлонот. Бирок ал, мүлдө эл анын кандай жашап, кандай иштеп жатканын көрсүн деген ойдо эшигин да, жүрөгүн да ачык коёт. Анткени бүт дүйнө жүзүндөгү калкка жүрөгү ак.

296. Адамды сыйкырлуу сымал көргөзгөн үч сапат. Улуу Теңирдин жоомарттыгынан улам айрымдарда терең акыл; төгүлүп-чачылып турган талант, назик жана бактылуу татым өңдүү үч касиет аларды жандай жүрөт. Эң башкы өзгөчөлүк мыкты ойлоп тапкычтык жана кысталышта акыл, ой илгич. Баалай билиши башкача, чукугандай сөзү өткүр жана таамай так пикир. Жыйырмасында - сезгич, отузунда- таланттуу, кырктын кырында- акылдуу. Артыкча акылдуулар кездешет балбылдаган көзүнөн от жайнаган, капсалаңдуу ишти жайкаган; дагы бирөөлөрдүкү бар тез байкаган, ар качан керектүүсүн илгиртпей таап алган. Мындайлардын колунан жарамдуу жана жагымдуу кыйла иштер бүтөт, жан дүйнөсү кенен, кайрымы калкка белен.

297. Канбаган калыбыңда кал. Суусунду сугалактана ичкиң келип, табитиң тартат. Каниетчил кармана алган, аздап-аздап алдаган сымал илебин жандырган. Аптыга жуткан ченебей, ыракаттан кагылат кенедей. Кайтарлап ичишке жарабайт, кара көңүлдөнө экинчи карабайт. Ачкалык алкымдап келген маалда, напсини аздап алдашты амалда; ошондо канган болот бөрү тоют абалга. Ач өзөктүн айынан алкымына чыгара ичкен, аштын ыракатынан кечкен. Өлчөп жеген өмүр табат, өлчөмдөн ашканы азапка салат, ар иште чийинден чыккан, өзүн өзү шорго жыккан.

298. Касиеттүүлүккө жеткен бар, жетпеген зар. Изгилик, ырайымдуулук- бардык кубанычтын жана барып турган асылдыктын уюткусу. Тагдыр шыпаа этип, жактырганына аны ыраа тарткан болсо анда ал кайрымдуу, баамчыл, алдын ала көрөгөч, эстүү баштуу, акылман, кайраткер, байкагыч, түз жүргөн, бактылуу; мактоого татырлык, төрт тарабынан төп келген чыныгы эр адам деп билиңиз. Мындайлар жыргал турмушта өтсүн деп тагдыр асылдыкты, денсоолукту, акылмандык- үчөөн ыйгарган дешет. Изгилик- бул биз жашаган аз дүйнөнүн күнү, абийирдин булутсуз асманы, ашкан сулуу, элдин сүймөнчүлүгүнө алынып, кудайдын көңүлүнө жаккандык. Дүйнөдө алкышка алынар изгиликтен өткөн, каргышка калаар бузукулукка жеткен эч нерсе болбос. Изгилик ырайымдуулук, жакшылык- булар акактай таза, накта боло туруп, жасалмалуулукту боюна жуутпайт. Ал тереңдиги жана келбети менен өзүн өзү айкындап турат. Адам жашап турганда аны кастарлашат, өлсө кайгыра эскеришет.

299. Тай сойгон абзелби, кой сойгон абзелби?- деген сөздүн түпкүрүнө үңүлөм депсиң. Абалтан акылмандан калган накыл бар: «Бүлүнүп калган абзел». Не дегенде: «Тай сойдук деп таңырайып турса, тамактан аш өтпөйт, кой сойдук деп коңурайып турса, коюу тамак жүрөккө баспайт, ошондуктан көңүлдү элжиреткен эсендик сурашуу абзел экен.

300. Көчө улут күзгүсү. Акылдуулар көчөгө чыкканда күн нурун жамынып, жасана кийинип чыгышат. Эл көзүнө көзүккөндө анын жан дүйнөсү, тарбиясы алаканга салгандай дайын болот.Айрыкча кийген кийим, жүрүм-туруму, жорук-жосуну кай улуттан экенин кабарлайт; ал тургай адистигин айгинелеп, жашынан бери баамдатып, сынактан өткөзөт. Өзгөчө кары адамдын адимиден кийинип, нарк, набаттуу жүрүшү- жаштарга таалим бериштин үлүшү.
Оомийин!
2005-2007

Арашан-Бишкек



© Ашымбаев К.А., 2007. Бардык укуктар корголгон

Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган




1   2   3   4   5   6   7


©netref.ru 2017
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет