Бурулкан карагулова



жүктеу 2.17 Mb.
бет1/13
Дата01.05.2016
өлшемі2.17 Mb.
  1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   13
: files -> 2010
2010 -> Библиографски опис на публикациите, свързани със славянските литератури в списание „Панорама” /1980 – 2011
2010 -> Приказ 2010 г. № ‪ о переводе студентов очной формы обучения на следующие курсы
2010 -> Приказ 2010 г. № О переводе студентов заочной формы обучения на следующие курсы
2010 -> Темиртас тлеулесов. Шымкентская мафия
2010 -> Пестум-чертоза ди падула-рошиньо-дегустация-агрополи-салерно-ветри суль маре-круиз на корабле(чиленто)-равелло-(изумрудный грот)- геркуланум
2010 -> Методические рекомендации для студентов III курса стоматологического факультета к практическим занятиям по патологической анатомии головы и шеи
2010 -> Ең үздік техникалық жоғары оқу орындарының рейтингі 2010
БУРУЛКАН КАРАГУЛОВА

Токтогул көлү – көз жашым

(Даректүү баяндар жана аңгемелер)


Бишкек – 2012
УДК.........

ББК 84 Ки 7-5

К -
Бурулкан Карагулова

К-.... “Токтогул көлү – көз жашым”: Даректүү баяндар жана аңгемелер

Б. “Айат” басмасы, 2012-жыл: 134б.

ISBN – 978-9967- 409-__________


Бурулкан Карагулова кыргыз окурман журтчулугуна өз үн, өз стили бар акын катары белгилүү. Колуңуздардагы жыйнак акындын кара сөз түрүндөгү экинчи китеби. Буга чейин “Селсаяк” китеби чыгып, окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынган.

“Токтогул көлү – көз жашым” жыйнагына автордун өз башынан өткөн, өзү күбө болгон окуяларды көркөм иликтөөнүн торко элегинен өткөргөн даректүү баяндары, аңгемелери топтолду. Калемгерди өзгөлөрдөн анын байкоолорунун турмуштун өзүндөй нукуралыгы, катаалдыгы жана чынчылдыгы айырмалап турат.

Колуңуздардагы жыйнак окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналып чыгарылды.
Б-4702300200- ............ УДК ..................

ББК 84 Ки 7-5


ISBN – 978-9967- 409-__________ Карагулова Б.2012.



Кагылайын ата!

Сенин мүрзөңү таба албай койдум, бирок ушул дөбөдө жатканыңы билем. Мен сени аябай сагындым, дайыма бейиштин төрүндө жүр. Колумда гүлүм жок, бирок гүл ордуна жүрөгүмү калтырып кетип баратам...

Ушул китепти сага арнайм, ата!


Шипшиңке – хан ордо
Токтогулду суу басканда “чү” дегенде эле төрт тарабы тең бийик тоо жана жар менен курчалган жыш чытырман токойду, андан кийин бир да орус көрбөгөн нукура кыргыз жашаган Шипшиңкени баскан. Нукура кыргыздар жашаса да айылдын аты орусча Шевченко болчу, бирок, тилибиз келбегендиктен Шипшиңке дечүбүз. Токойдун аянты өтө чоң болгон, канчалык экенин так айталбайм.

Шипшиңкенин мурунку аты Улук-Коргон деп аталчу. Изилдөөлөргө кайрылсам, Шипшиңкенин ордунда кыргыздар калмактардан коргонуш үчүн атайын курулган чеп болгон дешет. Ал чепте эл башкарган улуктар отурган. Аларды кийин Кокон хандыгы басып алып, кайра көп өтпөй кокон хандыгын кууп чыккан. Турмуш өзгөрүп, адамдар жаңырган. Эл башкарган хандардын да жашоосу бүтөт демекчи, “элүү жылда - эл жаңы, жүз жылда - жер жаңы” болуп, жер титиреп, чеп урайт. Археологиялык казууларда Хан ордону (чепти, азыркы тил менен айтканда резиденцияны) 18-кылымга таандык деп такташкан.

Кетмен-Төбө өрөөнү Кыргызстандын чок ортосунда жайгашкандыктан, борборду Токтогулга көчүрүү жөнүндөгү аңыздар бекер жеринен чыкпаса керек.

Биз Кетмен-Төбө деген сөздү уламыштагы качандыр бир кезде алп хан элине ачуусу келип, дарыяны өзүндөй алп кетмени менен кетмендеп койгон дөңдүн атынан коюлган деп түшүнчүбүз. Ал эми изилдөөлөргө келсек Кетмен-Төбө - Гетмантөбө - “Хан Дөбө” же хандардын сөөгү коюлган дөбө дегенди билдирет экен. Бул ачылыштарды белгилүү тарыхчы, акын Байас Турал жазып чыккан.

Муну такташ үчүн чылк алтынга толгон дөбөлөрдү ачыш керек, ачайын десең суу басып жатат. Мисалы ошол суу сактагычтын Токтогул районуна бир да пайдасы жок, анын пайдасын коңшу өлкөлөр гана көрөт.

Башка жер түгөнүп калгансып ушу хандар жайгашкан резиденцияны Москванын эл бийлеген чала сабат секретарлары эмне себептен сууга чөктүрүп салгандыгын белгилүү журналист, акын, прозаик Кетмен-Төбөнүн чүрпөсү Бактыгүл эжем Чотурова изилдеп көрүп, ачык эле жазып, китеп чыгарды.

Менин Анаш тайнемин чоң тайнесинин бала чагында эле “Кетмен-Төбөнү суу басат, Анжыянды сел басат” деген макал бар болгон имиш. Суу го басты, эми сел каптабай эле койсунчу...

Жерибиз касиеттүү жер эле, жаратылышы өтө кооз, гүлдөрдүн жана жемиштердин түрү бар болчу. Пайдасынан зыяны көп ишти жасап, бейиштей жерди сууга чөктүрүп салышты. Биз болсо суудан качып жүрүп отурдук, суу бизди кубалап жүрүп отурду...

Алгач Агрономдун аягына, жардын (кашаттын) четине, мүрзөлөрдүн жанына коңшу болуп көчүп келдик. Бала болсок да караңгыда сыртка чыккандан коркчу эмеспиз, себеби атамын мүрзөсү бизге арка бел, опол тоо, жөлөнсөк жөлөгүбүз, сүйөнсөк сүйөгүбүз, таянсак өбөгүбүз эле. Күндүз мүрзөгө барып ойночубуз, балалык кылып кээде уктап да калчубуз. Апам болсо кечке талаада иштеп, кечинде малына чөп оруп, ал чөптүн ичине бир дарбыз салып таңып, төбөсүнө көтөрүп келатып мүрзөгө жеткенде эс алчу. Биз анда апамы ээрчип, дүйнөбүз түгөл болуп кобурашып үйгө жөнөчүбүз. Бирок бул күндөр да көпкө созулган жок. Себеби суу билинбей жылып келе жатты. Суу сактагыч эмне үчүн сөзсүз эле мен жашаган айылдарды басып атат деген балалык ой мени курчап алганы менен суунун эмне себептен сакталып атышына анча деле маани берген эмес экемин.

Бизге караан болгон атамын мүрзөсүн семиз орустар көл-шал болуп, тердеп-бурдап казып, сөөктөрүн шагыратып сыртка ыргытып салышты. “Сортовойдун” талаасында иштеп жүргөн апама чымын-куюн болуп учуп жетип, ушул суук кабарды айтарым менен мурдуман кан атып кетти, апам башындагы көгүш гүлдүү жоолугун жулуп алып менин мурдума жаап, колуман кармап жетелеген бойдон чуркап, мүрзөгө келдик. Орустар бая шагыратып ар кайсы жакка иретсиз ыргытып жаткан сөөктөрдү биз келген тушта катары менен жыйып, кабырга, шыйрактарды тизип, эң үстүнө башты коюп коюптур. Аны көргөн апамын эси ооп, теңселип, теңселип барып токтоду. Өзүн канчалык карманса да болбой көзүндөгү акак мончоктор шыбырап төшүнөн ылдый куюлуп атты:

- Олдо шордуум ай, сени ушунтип көрөм деп ойлодум беле? Кайсы күнөөң үчүн? Эмнеден жаздык, эмнеден жаңылдык эле, кургурум ай? Бул эмне деген кордук, минеге мынчалык кордолдуң, айланайын ай!

Бизден башка да чыркырап ыйлап жүрүшкөн сөөк ээлерин болгону бир гана карыя башкарып жүрдү. Элди ыйлабаганга үндөп атты.

Апам үйдөгү күн мурунтан даярдап, ак чүпүрөктөн кепинге деп тигип койгон чоң калтаны эжемен алдыртты.

- Мүрзөлөр казылат, чүпүрөгүңөрдү эртерээк даярдап койгула, казылары менен сөөктөрдү башка айылдарга көмгөнү алып кетебиз, калта даярдабасаңар үлгүрбөй каласыңар, - деп улам бир чабарман мүрзөдө жаткан маркумдардын жакындарына келип, жүрөктүн үшүн алган кабарды берип турганда апам өзүнүн боюнан узун ак кепин-калта тигип койгон. Аны көргөн коңшулар:

- Койсоңчу, эриң тирүү чыга тургансып, адам бою менен бир кылып кепин тигесиң да, кичинекей эле калта тиксең болбойбу? - деп күлүшкөндө, апам:

- Ал байкушумун бою узун эле, - деп тим болгон. Сөөк казылып атканын угуп топтолуп калган кошуналар апамын көсөмдүгүнө таң калышты. Себеби кепин атамын жиликтерине чак келди.

Аңырайып ачылган көрүстөндүн арасында калталарды колдоруна аяр кармап, катар тизилип отуруп алып, уңулдап ыйлаган элдин үнүнөн башка семиз орустардын (мүрзө казган арык орусту көргөн эмесмин) тердеп, күшүлдөп көр казгандары гана угулуп турду... Алар ээси жок сөөктөрдүн эски мүрзөлөрүн да ачып салышты. Ал сөөктөргө карыялар мүшөк алдыртып, өз-өзүнчө салдырып коюп атышты. Баса, көр казгандар жалаң орус улутундагылар болчу, балким бөлөк улуттан да бардыр, бирок бир да кара чач, кара көз мусулман мүрзөчү болгон эмес.

Апам калтанын оозун бекем бууп, эл жалдаган чоң корзовой (грузовой) машинеге чогуу түшүп, алар сөөктөрдү кайда апарып көмсө, алар менен кошо барып, кадимки казанагы бар чуңкур казып, атамы экинчи жолу көмүп, үстүнө устун кадап белги коюп келди. Апамын айтуусунда ал жер Кушчу-Суу же Мазар-Суу болуш керек эле. Кушчу-Суудагы Маркис айылы атамын туулган айылы болчу, бирок Маркисти да (балким Маркс) суу басып калды.

Ошол мүрзөлөрдүн арасынан жаш өлгөн бир кыздын мүрзөсүн казганда көп жылдан бери жатса да денеси чирибей бүп-бүтүн чыккандыгын айтып айылдагылар көпкө чейин дүрбөлөң түшүштү. Ал тургай аны кайра көмдүрбөй текшеребиз деп Фрунзеге алып да кеткен имиш. Ал сөөктүн жакын тууганы классташыбыз болчу.

Биз антип-минтип чоңоюп, мүрзөгө барып куран окутуп, эстелик тургузганга жарагыча мүрзөлөрдүн ушунчалык көптүгүнөн атамын мүрзөсү таанылбай калды...


Адамдар мындай азапка,

Аргасыз эле көнүшкөн.

Атамын сөөгүн өз жери,

Кушчу-Суу жакка көмүшкөн – деп жазгам кийин.


Бирок, жаңылыпмын. Сөөктү Кушчу-Сууга да эмес, Мазар-Сууга да эмес, Чолпон-Ата, Терек-Суу айылдарына кирип бараткан Кайракы деген бийик дөңсөгө коюлганын кийин атамын иниси Баркы акемен уктум.
Ошондон бери ушул күн,

Арманым келет арылбай.

Көп болуп сөөктөр атамын,

Мүрзөсү калган таанылбай.


Токтогул суусу суу эмес,

Көзүмүн жашы ал менин.

Бабалар жерин сагынган,

Көзүнүн жашы ал элдин.


Токтогул көлү көл эмес,

Көзүмүн каны ал менин.

Бейиштей жерден айрылган,

Жүрөктүн каны ал элдин.


Ооба, бул жасалма көл менин жана мага окшогондордун көзүнүн жашы, жүрөгүнүн каны менен толуп турат... Бизге окшоп ата бабасынын сөөгүн жонуна артынып, топурагы алтын туулган жеринен ажырап, балалыгын, баскан изин таштап кеткен алсыз жанды эч жерден учуратпайсың...
Атам
Атамын кесиби мугалим экенине карабай колунан көөрү төгүлгөн тубаса уста болчу, ошондуктан мындай ыр жазгам:
Атамы тартып устамын,

Энеми тартып кошокчу.

Ыйлаган ыйы куюшуп,

Муундун баарын бошотчу.


Атамы тартып шок экем,

Энеми тартып жоош экем.

Кошулса плюс барабар,

Митистен чыккан мощь экем.


Энеме окшоп унутчаак,

Атама окшоп тырышчаак.

Экөөнөн чыккан кулунчак,

Жашасын улуу Бурул чак.


Атам буту ооругандыктан балдак менен басат. Балдагын жанына коюп алып устачылык кылат. Онтоп жатып калганын көргөн жокмун. Темир уста да, жыгач уста да болчу. Анын үкөсү Баркы акебиз менен жакында эле табыштык, жетимиштен ашыптыр, ал да Кушчу-Суу айылынын атактуу устасы болгон экен. Ал өнөрүн азыр Бактыяр, Бактыбек, Акболот деген балдары улантып келатыптыр. Эки иним кайтыш болуп кеткенден кийин “Карагулуман туяк калган жок, кыздар да адамбы?” деп Баркы акем каттабай калган.

Бактыяр деген баласынын жасаган усталыгын, салган үйлөрүн бир эмес эки диплому бар атайын адистер да кайталай албайт. Ушунчалык кыйын уста. Кыйындыгынан кандай ишти жасабасын бүтөрү менен өзүнүн ишине өтө курсант болобу, айтор жүздөн сеп этип алып эс алат. Сеп этип эле эмес катуу ичет. Канчалык кызуу абалда иштеп атса да ишинен бир кынтык таппайсың. Колдон колго өтүп тартышка түшкөн уста. Анын катуу ичип алганына карабай уктап жаткан жеринен көтөрүп болсо да алып кетишип үйлөрүн салдыртышат.

Баркы акем жаш кезинде палван болгон. Мен канчалык узун болсом да акемин көкүрөгүнөн эле келем. Колдору шадылуу, манжалары узун. Кезинде жарышка түшүп бир козунун этин жалгыз жеп койгон учурлары болгон экен. Азыркы кезде март айында Бишкекке келип Ноорузга карата уюштурулган майрамдык оюнда өзү курактуу чалдар менен күрөшкө түшүп, бардыгын жеңип кетет.
Атам достору менен дарыянын жээгине эс алганы барганда мени да көтөрүп ала кетчү экен. Аяш аталарым “Бу кызңы эмне жегизип багасың? Кечи, биз да көтөрүп көрөлү” дешип, көтөрүп алып топтой кылып бири бирине ыргытып ойношчу экен. “Эркекче кийинтип, сөктүрүп, баатыр кылып өстүрөм кызымы” дептир атам. “Ушу семиз кызыңыбы, ары бечел да болсо байкуш” деген досторуна атам терикчү деле эмес экен.

Атамын жасаган буюмдарынан менин эсимде калганы: бешик, жел бешик, үстөл, тапуретке, балта, балка, күрөк, кетмен жана анын кооз саптары, капкандын түрү (карышкырга, түлкүгө, кашкулакка, суурга, аюуга), кыргыз мылтыктар (түтөтмө мылтык, милтелүү мылтык), мантикрас (Монте крис болсо керек), ээр, жүгөн, нокто, чылбыр, эшек-атка арабалар, үй жана ашкана эмеректери, тапчан, пружина коюлган жумшак силкилдек отургуч (орусча кресло). Мындай отургучту кийин өкмөттүн фабрикалары чыгарып баштады. Ошол отургучунда отуруп жаны чыкты атамын.

Шипшиңкени айланта курчалган эски дубал коргон бар болчу. Ичинде Кара сакал, Өрнөк, Шипшиңке, Загоскот (Заготовительная контора) деген чоң айылдар болгон. Загоскотто да коргон менен тегерете тосулган аябагандай чоң сарай бар, анын ичинде союшка даярдалган малдарды багат, малды бордоп семиртишчү. Чоң-чоң клеткаларда уй, жылкы, кой, эчки, торпок, чочколор өз-өзүнчө бөлүнүп багылат. Загоскот айылында жашаган элдин баары ушул коргондун ичинде иштешчү, кезек-кезеги менен мал багып, союшка алыска айдап кетишчү. Бул жерде орустар да болчу экен, алар кыргызча так сүйлөп, кыргыздашып кеткендиктен алардын улуту орус экенин көп жылдан кийин билдим.

Малдын чөптөрү, комбайн, тракторлор турчу. Кайрып келген жүгөрүнү ат менен темин бастырышат. Же атка темир дөңгөлөк чиркеп алып, ары-бери бастырып жүгөрү чыгарышат. Бир жеринде комбайн менен буудай сапырышат. Кызылча, күнжара (пактанын чигитинен жасалган), силосту трактор менен жүктөп келип төгүшөт. Өзүнчө эле берекеси төгүлгөн кырман болчу. Аябай чоң устаканасы бар, атам анда уста болуп иштечү.

Коңшулар жашаган үйлөрдү опшит дечүбүз. Биз жашаган үйдү атам өзү салган. Далисибиз аябай чоң, себеби атамын жарактары сакталат. Анан чоң бидондордо туп-тунук болуп толтурулган керосиндер турчу, мен далай жолу суу экен деп адашып ичип алган күндөрүм болгон. Керосин менен примус, карагазды жагып, чай кайнатып, тамак бышырышат.

Күн алыста тоок союп берет атам. Тоогубуз укмуш көп, тоок бакканга атам да, апам да кыйын эле. Тоок кепени да кооз кылып жасаган. Конок келгенде сөзсүз тоок союшчу. Өзгөчө тайнемдер келгенде атам жетине албай үчтөн, кээде андан көп тоок сойчу. Ким келсе да мага тооктун жоон саны тийчү. Эгер жиликтен башка жерин берип коюшса көгөрүп эки күн тамак жебей койчумун.

Татай тайкемин минтип айтканы бар эле:

- Шипшиңкеге силердикине учурашканы тынбай келип турам. Бир келишимде Карагул жездемин буту ооруп балдак менен басып, атына мине албай калыптыр. Минилбей калган аты азоо болуп карматпай коюптур. Мени эптеп кайрып кел, алдын тосуп турайын, экөөлөп кармайлы деди. Ошондо мен он же он бирде эле болчумун. Бош жүрүп көнүп калган атын бир күн кечке куудум, такыр карматпай качып кетет. Аябай чарчап калдым, ат деле чарчады. Тоодо мындан жаман азоо аттарды кармап минип алчумун, бирок жездемин атын кармай албай койдум. Бир күн кечке талаада ат кубалап жүргөнүмү эшек минип мал кайтарып жүргөн акелер көрүп эле унчукпай турушкан, ошолорго аке, кармашып койгулачы деп кыйкырдым. Алар мени жөн эле ойноп жүргөн бала болсо керек деп ойлошуптур, анын үстүнө сырттан келсем таанышкан жок да. Алар чарчап калган атты ар кайсы жагынан оңой эле тосуп кармашып беришти. Атын кармап акактап келсем жездем тура калып бетимен өөп сүйүнгөн.

- Эми тоокту карма десем чарчап калдың, эс ал, өзүм кармайм, - деп калды. Мен чын эле ак өпкө болуп калгам.

Өзү балдак менен басса кантип кармасын деп ойлонуп калсам, жездем колуна бир кочуш жем алып “тү-түлөп” чачса заматта тооктору эшик алдына толуп чыкты. Октоп койгон мылтыгын ала коюп эле семиз тооктон экини сулата атты. Тыбырчылаган чала жан тоокторун союп бүткөндө, примустагы кайнап аткан сууну алып кел деди. Алып берсем алдында турган чарага салып кайнаган сууну үстүнө куюп заматта жүнүн жулуп даяр кылып койду. Мен оттуу улуу жагып эки тоокту куйкалай салдым. Жанагыл эле примуска чоң кострюлга суу куюп, даяр болгон тооктун эттерин салып койдук. Тоок бышканда жездем экөөбүз аарчып даярдаган картошканы салдык. Пиязды кесип, үстүнө шорподон куюп, чык болсун деп карагазга өзүнчө асып койдук. Эжем кесип даяр кылып кеткен камырды салдык. Бешбармагыбыз эми бышкан кезде эжем иштен келип калды. Мал баккан контордо иштечү. Силер болсо чоң көчөдө өзүңөрдөй майда балдар менен ызылдашып куушуп ойноп жүрдүңөр. Чакырсам такыр келбей койдуңар. Жездем “жөн кой аларды, курсагы ачканда өзүлөрү келет” деп астыртан силердин кыймылыңарга көз салып пружиналуу бийик отургучунда байкап отурчу. Айтканындай эле эжем келери менен артынан удаа келип калдыңар, - деген болчу Татай тайкем.

Атам ошол тайкем айткан атты апама мин деп берип, өзү эшек сатып алган. Эшек мингенине да ыңгайлуу болчу.
***

Сууну сайдагы шаркырап, күрпүлдөп, ташкындап жинденип, бууракандап аккан дарыялардан ташып чыгышат. Биз куушуп ойноп тамдын арты менен сайга түшүп кетсек атам турнабай салып кашаттын жээгинен карап отурчу. Эгер дарыяга жакын баратсак кыйкырып токтотчу бери болгула деп. Сайдын ичинде дарыя жайык болуп, жай аккан жери бар болчу, бирок өтө терең эле. Нарын, Чычкан, Бала Чычкан, Итагар, Торкен, Кишен, Жети-Суу, Узун Акмат, Көкөмерен дарыялары, дагы көптөгөн өзөндөр, тоодон түшкөн тунук булактар агып келип, биздин сайдан кошулуп, эки тоонун ичине кирип кетчү. Чоң жолдун аягы биздин үйдөн бүтчү. Ушундай сонун, кооз айлыбыздын үстүн тебелетип, сууну бөгөп, суу сактагыч куруп салышты.

Ушул дарыяга чогуу ойногон Түкү деген коңшу кызыбыз агып кетти, аны кармап калам деп Сакиш деген жезде сыйдам ташты жаздым басып алып ал да артынан агып кетти. Ага чейин, андан кийин да далай кишилер агып атышты. (Азыркы күндө да көлдүн жээгинен ошол көрүнүштөр кайталанып турат).

Азыр ушул Шипшиңкемин айылын, элин гана эмес чаңын кошо сагынам. Чаңы керемет болчу. Жыгылып кетип жаракат алган жериңе чаң топурактан сүртүп коюшса тагы да калбай, бат айыгып кетчү. Анан шамал болгондо, же араба өтүп кеткенде кадимки чаң буруксуп жыттанчу. Азыркы чаңдар менен эч салыштырып болбойт.


***

Атам жасаган катуу керебетте мен атам менен жатчумун. Бирок, кийинки жылдары сиңдими алып жатып калган. Анын атын атам Тунук дечү. Аны туурап бүт айыл Тунук деп калган. Эжеме болсо жумшак керебет жасап берген. Бизге деп жасаган эки кичине үстөлгө бизди бөлүп отургузуп коюп, эжемин жанына апамы, менин жаныма өзү отуруп алып өзү жасап берген ар түрдүү оюнчуктарды тизтирип, куурчактарыбызга ат койдуртуп (Данек кыз, Айдыңнур, Күлкүчү кыз, Түнт кыз, Мүрөк, Чүрөк, Сыйдам кыз, Жанат кыз, Сулуукан, Сайкалай, Айкалай, Ийилчек, Зымырык ж.б.), аны орогонду, алдей ырын ырдаганды үйрөтүп, жомок айтып эки тарап кадимкидей мелдешке түшүп, жарыш оюнун өткөрөбүз же бири бирибиздикине айылдайбыз. (Баса, ушундан 35 жыл өткөндөн кийин апам эң кичүү баласынын кыздарынын атын Сайкалай, Айкалай койду). Жомок айтып берип атышканда куурчактарыбызга кадимкидей жан кирип, кыймылдап атышкандай туюлат. Атам ак калпагын баса кийип Манастан кыскача үзүндү айтып берет. Андан сырткары Семетей, Сейтек, Кедейкан, Каныбек, Курманбек, Жаныш-Байыш эпосторун айтып, баатырлар жөнүндө түшүндүрүп берчү. (Мектепке окуп калганда бул китептерди апам окуттурду бизге). Атам өзү окуп, бизге айтып берген ушул китептер биз Токтогулдан ызы-чуу болуп көчүп кеткиче сакталды үйдө. Андан кийин “Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты” болуп, көчүп конуп жүрүп, анан ар ким сурап кетип алып келбей коюп жоголуп кетти. Атамын алардан башка да кызыктуу көп китептери (Куйручук, Бекназар куудулдар) өзү жасаган китеп текчесинде ирети менен жыйылып турчу. Ал текчеге апам ак матага түрлөп кеште сайып парда тартып койгон.

Башынан ак калпагын түшүрчү эмес атам. Ал кезде бардыгы ак калпак же кийиз топу кийип жүрүшчү, эскирип калса да таза кийизден жасалып, аттын куйругунун кылы менен кылданган калпактар көпкө чыдачу. (Азыркы кытай “кийизинен” жасалган арзан калпактарга салыштыруу мүмкүн эмес.) Кыргыздар жөнүндө көп санжыра айтып берет эле, бирок ага түшүнчү эмесмин. Азыр ойлосом атам азыркы мага окшоп улутчул болсо керек. Кытай жибегинен апам тигип берген кооз, гүлдүү көйнөктөрдү кийгизип коюшчу. (Биз сегизинчи класска чейин кийген көйнөктөрдү апам өзү тигип берди.) Кимдин үйү жакшы жасалганын текшерчүбүз. Атам “булардыкы начар турбайбы, биздики кооз экен” деп койсо мен эжем Рысбүгө (Ырыс) тилими чыгарып “айрөк-айрөк, силердин үйүңөр жаман, биздики сонун” деп чычалатам. Айкөл эжем аны тоготуп деле койгон жок, кимдин үйү сонун экени ага баары бир болчу. Апам:

- Чычалабагыла да, карачы бизде оюнчуктар көп, атыр, упа, эндиктер да бар, - деди.

Чын эле бизде атыр, упа жок экен. Үстөлүмүн үстүндө куурчактардан сырткары көбүнчө атамын курал-жарактарын жана отвертка, кычкач, капканды коюп, бурчка мылтыгын жөлөп коюптур. Ага чейин көңүл бурбай эле биздики сонун дей берипмин. Ызалана түштүмбү бир маалда чырылдап ыйлай баштадым. Атам мени астына алып, апама:

- Алып кел бери, алдагы биздин атыр, упаларды, - деди.

- Мегиле, ала койгула, чычалактар, - деп бардыгын берди.

Үстөл үстүнө апам өз колу менен сайып кооз гүл түшүрүлгөн ак матаны да жаап алышыптыр. Көзүмө ого бетер сонун көрүнө түштү. Апам өз колу менен куурчагыбызга жасап берген кичинекей төшөк, жаздыктарды да талашып ыйладым. Аларды да атам күчкө салып алып койду. Эжем талашып ыйламак тургай кебелген да жок, өтө эле жоош болчу.

Анан оюн бүтүп, апам сиңдими эмизип бүтүп атамын жанына жаткырып коюп ашканага чыгып тамак жасаганга киришти. Атам кызын кучактап керебетине кыңкайып жатып калды. Эжем экөөбүз ойноп аттык, ал капканды алып ачып көрөм деп колун чаптырып алды. Эжемин колун чыгарам деп тартсам менин колум чаптырылып калды. Менин колуму чыгарса эжемки кыпчылып калат. Бирибиздикин чыгарсак бирибиздики кыпчылат, деги чыгара алсакчы. Атам ойгонсо бизди урушат дейт эжем. Ыйлаган да жокпуз же апам кирип калбайт. Улам эс алып бири-бирибиздин колубузду ынтымак менен чыгарышып атып канча убакыт өттү билбейм, бир маалда атамын борсулдаган күлкүсү угулуп калды. Көрсө колубузду чаптырып алып шыбырашып сүйлөшүп атканыбызды атам көрүп көзүнөн жаш чыккыча күлө бериптир. Биз элейип карап калсак:

- Олдо кагылайындарым, менин шаймандарым менен ойнобогула дебедим беле, - деп бир жерин басып койсо эле ачылып кетти.

Апам киргенде атам айтып берип аябай күлдү.

- Булар бала да, чыгарып койбой кайра каткырып коет, колдору ооруп калбадыбы, - апам кайра-кайра колубузду өөп атты.

Атамын минтип күлгөнүн кийин такыр көргөн жокмун. Жанагы капканды суур, кашкулакка салышчу экен. Бир доктур кызыл жүгүрүккө кашкулактын эти даары деп айткандыктан, атам достору менен сайга түшүп, тоонун боорунан кашкулак кармап келишчү. Апам анын этин кайнатып бергенден жийиркенип, бир казанды өзүнчө бөлүп, анан башка кемеге жасаттырып берген. Кашкулактын эти бышкыча атамдар там артында карта ойноп отурушчу. Кыйкырышып, күлүп жыргап, укмуш ойношчу. Менин көз алдымда атам дайыма аяш аталарым менен карта ойноп отурганы элестелет. Ооруп ооруканада жатканда да карта ойноп отуруп, колуна картасын кармап сүрөткө түшкөн экен. Өмүрүндө үч гана жолу сүрөткө түшүптүр.

Иним Жамгыр төрөлгөн жылы жайында артисттер келиптир деп айыл дүрбөп калды. Атам да даярдана баштады. Эшегине өзү жасаган чоң арабаны чиркеп, үстүнө жылуу төшөк салып “алып кел Акбукуму” деди. Апам мени кийинтип, арабанын үстүнө көтөрүп отургузуп атып, “Рысбүнү да албайсыңбы?” деп атамы жаман көзү менен карады. “Алып кел” деди. Кичинекей сиңдими да алып, алдына өңөрүп алды. Апам эмчектеги Жамгыр менен үйдө калды. Артистерди көргөнү бараткан айылдаштардын баары арабага чыгып отуруп алышты. Концерт талаада болду. Биз арабадан түшпөй отуруп көрдүк.

Эки киши, бир аял чыгып алып эле бир нерселерди айтышат, элдер күлүшөт. Биз зеригип кеттик. Бир маалда атам “тур, көрбөйсүңбү сонун болуп атат” деп ойготту. Карасам дагы эле артисттер сүйлөшүп атышат. Концертке келгиче эле сүйлөшүп алышпайбы деп жиним келет. Талаада эл батпайт. Бизге окшоп эшек арабада отуруп көргөндөр да бар. Андагы эшек-арабасы барлар азыркы “Джип” машинасы бар дегендей эле кеп. Дагы уктап кетиптирбиз. Ойгонсом термелип кетип баратабыз.

- Ата, концерт болгон жокпу? – дедим.

- Болду, бүтпөдүбү, - дейт.

- А минеге ырдашкан жок?

- Ырдашты, силер уктап калбадыңарбы.

- Каап, ырдаганын көрөт элем да, - деп катуу кейидим.


Жайында сырттагы атам кооздоп жасаган тапчанда жатабыз. Балдарымы чиркей талап коет деп марлиден кооздоп чатырга окшотуп машаакана жасап, кечинде үстүбүзгө тагып, таң атары менен чечип алып коет. Аны көргөн айылдагылардын баары марли сатып келип, атама биздикиндей төрт бурчтуу машаакана тиктирип кетишчү. Марли чатырыбыздын үстүнө дыңылдап учуп келген чиркейлер жаш канды кантип сорушарын билишпей, жандалбастап баштарын марлиге ургулап, ийнелери менен майда тешиктерди сайгылап айгай салып кокуйлап, чурулдашып, канаттарын чапкылап атканын көпкө чейин карап жатып ширин уйкуга кетебиз.
***

Атам мени катуу эркелеткендиктен эч кимден коркпойм. Эжеми да, айылдагы шок балдарды да, алым жеткендерин улуу болсо да сабап салам. Апам урса атам болушат деп ойлойм.

Мени айылдагылар “Ташахундун кызы” деп чычалатышчу. Ташахун ата уйгур болчу, үй-бүлөсү жок, бозону көп ичкен, ичкен жеринде оонап жатып кала берген, бирок кишиге эч жамандыгы жок, бирөөнүн ишин жасап берип күнүмдүк тамагын таап жеп, көбүнчө эки кемпири (байбичеси, токолу) бар (мурун бай болсо керек, түрмөгө да кесилип келген) Көөбаш деген казак чалдын үйүндө кызмат кылып, жаман кепесинде түнөп жүрчү. Пас таманга кезек-кезек каттап калчу. Барган сайын сөөк мисте, жыгач мисте алып келип сатып калчу. Эки кемпирдин Абида (жоош болчу), Трайкүл (“жаактууга жай бербеген, жайдак атка бой бербеген”) эки кызы бар. (Трайкүл эженин өз аты Траиса экенин кийин Күмүшкан эжемен уктум.)

Апам иш кылып алайын деп мени көбүнчө Ташахун атага көтөртүп жиберчү экен. Ал бир топко чейин көтөрүп ойнотуп, айыл кыдыртып жүрүп мен уктап калганда гана шалактатып үйгө апкелчү экен.

Бир жолу уйгур ата мас болуп жолдо уктап жатып калыптыр. Мен чөнтөгүн аңтарып насыбай салган кооз чакчасын алып чыктым. Анысын балдардын көзүнчө сындырып талкалап, насыбайын чачып жибердим. Чакчаны Андижандан сатып келген. Ал соолугуп ойгонгондо талкаланган чакчасын көрүп алып өңгүрөп ыйлаган. Бул менин өч алуум болсо керек. Уйгурдун чакчасынын талкаланганы айылга дүң деп жайылып кетти. Ошондон кийин “чычалап, намыстанат окшойт” дешип, мени Ташахундун кызы дешкендерин коюшту. “Ташахундун кызы” деп өзүм курактуу же 1-2 жаш улуу балдар шылдыңдаса сазайын колуна берип “аке” деттирчүмүн.

Атам мен төрөлгөндө азан чакыртып атымы Таңнуру коюптур. Аны уккан айылдын биларман байбичелери “Кокуй наалат, мине деген ат коюп алгансыңар, ошондой да ат болчу бекен? Үч кыздуу болуп алып анан Таңнуру дегениңер эминеңер кокуй? Токтоткула мындай салтты аттаганыңарды, атын Бурмакан же Бурулсун дегиле” дешет. Ал кезде айылдын аксакалы айбан болсо да айтканы закүн болчу. Салтка баш ийүү, ыйман деген күчүндө эле. Азыр салт өзгөрүп, унутулуп баратканы өкүнүчтүү. Метиркамы алганы келишсе Бурулкан деп жазып коюшуптур.



  1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   13


©netref.ru 2017
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет