Бурулкан карагулова



жүктеу 2.17 Mb.
бет2/13
Дата01.05.2016
өлшемі2.17 Mb.
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   13
: files -> 2010
2010 -> Библиографски опис на публикациите, свързани със славянските литератури в списание „Панорама” /1980 – 2011
2010 -> Приказ 2010 г. № ‪ о переводе студентов очной формы обучения на следующие курсы
2010 -> Приказ 2010 г. № О переводе студентов заочной формы обучения на следующие курсы
2010 -> Темиртас тлеулесов. Шымкентская мафия
2010 -> Пестум-чертоза ди падула-рошиньо-дегустация-агрополи-салерно-ветри суль маре-круиз на корабле(чиленто)-равелло-(изумрудный грот)- геркуланум
2010 -> Методические рекомендации для студентов III курса стоматологического факультета к практическим занятиям по патологической анатомии головы и шеи
2010 -> Ең үздік техникалық жоғары оқу орындарының рейтингі 2010

Базаркан, Рысбү
Атамын биринчи аялынан төрөлгөн Базаркан эжеми тайжеси Гүлай эже багып алган. Аябай кең пейил барбаңдаган эже эле. Базарканды жерге сууга тийгизбей, саамайына жел тийгизбей бакты. Эжем өмүр бою Токтогулдагы гезиттин басмаканасында ленотипицка (мурда басмаларда жайгашкан Н-14 деген чоң машина менен тамга теришчү, кийин Н-140 деп жаңы чыккан машинага алмаштырылган, азыр алар калып, компьютерлештирилген) болуп иштеди. Кийин Анара кызын окутуп ордуна ишке орноштурду. Макаланы жакшы жазчу. Тамашакөй, күлдүрүп сүйлөгөн, шайыр болчу. Эки көзү чырактай болуп күйүп турчу. Мен Фрунзеден барган сайын редакцияга эжеме кайрылчумун. Редакцияда иштеген кызматкерлер биздин бир тууган экенибизди кийинчерээк угушуп аябай таң калышкан.

Ушул эжем 7 балалуу болуп, небере багып, 4 кызын күйөөгө узатып, уулдарын үйлөп, орун-очогуна койгондон кийин көп өтпөй, кан басымы көтөрүлүп кетип, күлүп-жайнап отурган жеринен эле кайтыш болуп көзү өтүп кетти.

Эжемин Анара деген улуу кызы атама куюп каптагандай окшош. Жамгыр үкөм да окшош, бирок Анарачалык эмес. Бою да теректей, арык чырай, ак жумал, мурду коңко, үнү да жоон, Анараны көргөн сайын атамы көргөндөй эле боло беребиз.

Анаранын чоң баласы Бакыт эр жетип 18ге толгондо көлгө чөгүп кетти. Анаранан айтуусу боюнча түштө үйдө чай ичип отурушса кошунасы Нурислан (кличкасы Чучук), Эмир деген эки бала чакырып калат. Ага чейин ал балдарга кошулбай качып жүргөн, себеби алардын нашаа менен алектенгенин билип калган. (Токтогулда кара куурай өскөндүктөн акча жасоо максатында бир жылдары өспүрүм балдар куурай терип, аны ушалоо менен алектенип кетишкен). Экөө ой боюна койбой алып кетип калыптыр. Анара чыгып эле таппай калат. Чучук менен Эмирдин үйүнө кайра-кайра издеп бара берет, алар жок дедирте берет. Түнү менен уктабай чыгат. Жүрөгү жамандыкты сезген Анара Чучукту экинчи түнү үйүнөн кармап “Балам кана?” дейт. Ал билбейм десе, “сен аны кыйнап ээрчитип кетип бир нерсе кылып коюп дымып отурасың, бас таап бер, же өлтүрүп салдың” деп атырылат. Эрте менен эрте милицияга кабарлайт. Себеби Бакыт үйүнөн карыш чыкпай, атасынын жогун билгизбей үй ишин жасап, карындашы Айзадага, апасына каралашып, тың, акыл эстүү болуп өскөн.

Акыры анын көлгө чөгүп кеткени жөнүндө кабар угулат. 2007-жылы 27-июнда чөккөн Бакыттын сөөгү 2-июлда Кошулмадан табылган. Ал сууда жакшы сүзчү. Чөгүп кетиши эч мүмкүн эмес эле. Сөөктү судмедэкспертизага алып келгенде көк желкесине катуу нерсе тийгендиктен көгөрүп калган, мурду да көгөргөн, алдына (жан жерине) да катуу нерсе тийип көгөргөн. Бул деген эмнени түшүндүрөт? Катуу келтектеп туруп сууга ыргытып ийишкен дегенди түшүндүрөт. Бирок “сам утонул” деген жыйынтык менен ишти жаап салышкан.

Эки баланын айтуусу боюнча көлдүн жээгинде кара куурайды ушалап отурушса ошол жакта жүргөн үч милиция (Фархад, Шекербек, Бакыт) кууйт. Алар көлгө түшүп, аркы жээкке карай сүзүп кулач урушат. Берки экөө жээкке чыгып кетишет. Бакыт айлампага туш келип калып, катуу чарчагандыктан алы келбей чөгүп кетиптир. Анын чөгүп кеткенин көргөн үч милиция качып кеткен имиш. Бирок экспертиза боюнча Бакыттын колунан нашаа ушалаганы чыккан эмес. Аны балдар да ырастады “Бакыт ушалабай койгон” деп.

Бул иштин бети ачылбай калган себеби бул жерде акча роль ойноп кетти дегенди түшүндүрөт. Анткен себебим Анара ишти көзөмөлгө алган Ш.Шейшеналиев деген дайыма арак ичип жүргөн прокурорго үчүнчү жолу барганында сөгүп, кубалап, ал тургай колун артка кайрып уруп, “балаң өзү чөгүп кетсе деле келе бересиңби, жогол, экинчи көзүмө көрүнбө” деп сыртка түртүп салган. (Соо болсо ушинтет беле?..) А адвокаты Мира деген “үч милициядан он миңден отуз миң албайсыңбы, ишти басып коелу” дегенде, ыйлап туруп, “менин балам он миң же отуз миңдик эмес да, ар ким кудай алдында өз жазасын алышсын” деп акчадан баш тарткан. (Аны кийин адвокат танып кеткен).

- “Алдырарда жаздырар” болуп, ошондо сыртка кошо чыксам эле балам барбай калмак. “Эшикте балдар чыкырып атат” дешкенде дароо чыгып кетпей, жакшы эле кылчактап мени караган. Күчкө салып алып кетишкен, себеби бул экөөнүн наркоман экенин билип калып, алардан качып кошулбай калган. Көзүмө гана күчүмү чыгарып, бардыгын кудайга салып баламы колуман жулдуруп ийип, эки көзүм кашайып отуруп калдым. Азулууларга алым жетпей калбадыбы, бардыгы тең акчанын күчү менен таза чыгып, менин эле балам күнөөлүү болуп калды. Деги баладай бала болсочу, - деп сиңдим көз жашын буркурап төксө жанында адам туралбайт.

Бул окуя сотко ашкан эмес. Ш.Шейшеналиев кандай кылып басты али белгисиз. Андан бери төрт жыл өттү. “Кан кое бербейт” деген сөз бар. Ошол эле Чучук ошол эле мезгилде кыз зордуктап түрмөдө төрт жыл эле отуруп, акчанын күчү менен чыгып келген. Прокурордун кайда экени белгисиз. Милициялар да көрүнбөйт.

***
Анан апам да Рысбү эжеми төрөйт. Атын Ырыс дечүбүз. Ырыстын мүнөзү тескерисинче түнт, аз сүйлөгөн оор басырыктуу болчу. Үйдүн ишин көз ачып жумгуча эле жайгаштырып койчу. Кичине болсо да эки битонду же эки кичинекей челекти алып сайдан суу ташып чыкчу. Агрономдогу кашаттан да эки чоң челекти баканга илип ийнине коюп эс албай көтөрүп чыкчу. Апам аны экинчи буудан көк дечү. Биринчи буудан көк дегени өзү да. Талаа иштери да Ырыссыз бүтчү эмес, дегеле чарчадым дегенин көргөн жокмун. Кара-Суудагы кошунабыз Тезекбай акенин баласы Съездбек (Жалал атамандын небереси) Шамалды-Сайдагы туугандарыныкына ала качып кетип ошол жакта жашап жүрүштү. Тун уулу Канчоро бат эле чарчап калды. Экинчи кызы Нургиза.

Нургиз алты жашынан эле апамын кол машинесин талашып бир нерселерди апама кошулуп тигип жүрүп чебер кыз болуп чоңойду. 6-класста окуганда бир чоң үйдүн жүгү мойнуна түшүп, апам машинасын, чеберчилиги менен кошо өткөрүп берди. Тайне-тайтасынын (экинчи атам), үч тайкесинин, биздин балдарыбыздын кийимдерин тикмей, оңдомой, жамамай, бүт баары Нургиздин милдети болуп калды. 8-класска көчкөндө шаарга келип, мага, Тамара Алиевнага (А.Токомбаевдин кызы) костюм менен шым тигип бергенде, Тамара эже жетине албай оверлок (матанын четин тиккен аппарат) сатып берди. Ошондон кийин тикмечиликке баш оту менен киришип кетти. Азыр атактуу тикмечи-бычмачы. И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университеттин “Конструктор-технолог швейного производства” деген факультетин бүтүргөн. Өзүнүн эки тигүү цехи бар. Энесинин урматына кызынын атын Рыскүл, уулунун атын Эрыслам коюшту.

Ырыс отуз жашында бөйрөгү катуу ооруп тез жардам чакыртышса, боюнда бар экен деп № 2-төрөт үйүнө алпарышат. Бөйрөгү ооруп кыйналып атса орус гинеколог ичин жарып (кесерево) баласын алып чыгат. Ичиндегиси кыз экен, бирок жаңы төрөлгөн наристени карашпай энеси менен алышып атып наристе чарчап калат. Өзүн эртеси эле республикалык ооруканага которушат. Апам экөөбүз алмак-салмак отуз күн бактык. Бөйрөгү иштеп, өзү оңолуп калганда доктурлар апамы кете бериңиз дейт. Ырысты палатасындагыларга “суу ичип албасын, көз болуп койгула садага болоюндар” деп үйгө келе берет. Себеби палатасында Батиш деген классташыбыз чогуу жатчу. Батиш, Ырыстын бөйрөгүнө салган аппаратта Сүймөнкул Чокморов да келип жатып, канын тазалатып алып кайра кетип калчу экен. Батиш “кыргыздын жылдызы менен чогуу бир аппаратта жатканыма сыймыктанам” деп айтып калчу.

Апам кетери менен күйөөсү Съездбек келиптир Ырыска, ал айнектен секирип түшүп кирип, бир аз отуруп чай ичишиптир. Ал кезде баарыбыз тең эшиктен кириш үчүн айланып жүрбөй айнектен эле секирип кирип кетчүбүз. Ырыс ток чайнекке чай коюп, кайнаганда сүт актап, туз салыптыр. Экөө шашпай отуруп ичишиптир. Суюктукту такыр ичпеш керек экенин күйөөсү билбесе керек. Ал сүт актаган чайды сагындым деп адегенде бир чыны ичет, анан чай түгөнгүчө ичишет. Күйөөсү бир ооз ичпе деп койбоптур. Ошондо Батиш “көп ичип койдуң, апаң келсе мага таарынып жүрбөсүн, ичпесеңчи” деген экен. Күүгүм кирип калганда күйөөсү кетейин деп камынганча эле эжем тыбырчылап чыдабай калат. Доктур чыкырышса температурасы 40 градус болот. Дежур врачты чакырып келишет. Ал эмне болгонун тактайт. Сүйрөмө кушетка алып келип, эжеми реанимацияга апкирип кетишет.

Уктап атсам түндө түшүмдө Ленинграддан мага кат келиптир, ачып окусам доктур жазган “Эжең түндө суу ичип алып өлүп калды, учуп келип калгыла” деген жазуу жүрөт. Эрте менен ойгонуп алып эле апама айтсам “Өмүрү суудай узун болот экен, кудай сактасын” деп туруп алып эле чай да ичпестен ооруканага кетип калды.

Апамы көргөн доктурлар “эмне үчүн түндө эле келбедиңиз, күйөө балаңыз айткан жокпу, азыр абалы оор, түшкө жакын келиңиз” дешет. Апамын артынан эле барган менин жолдошума каза болуп калганын ачык айтышат.
Ырыстан кийин мен, менден кийин да кыз келет. Анын атын Нурила коюшканын эч кимге айтышпай, “Тунук” деп коюшат.

Көйкашка – көк көз
Азыр Тунук аты өчкөнү менен Көккөз аты өчөлек. Чындап эле көзү көк, өжөр, беттегенин бербеген көкжал болчу кичинесинде. Экинчи аты Көйкашка. Акылынын узундугунан түшкөн айлы Жаңы-Жолдун бычакка сап алдыңкы келиндеринен. Кайын журтунун билерманы, сыр чечишери. Акылга келбеген, эрке кайын сиңдилерин ийге келтирип алгандыгы менен барктуу. Кайнене, кайнатасы айылдагы белдүү, мыкты кишилер эле. Бусурман куда экономист, андан кийин башкы бухгалтер болуп иштеп жүрүп пенсияга чыккандан кийин Токтогулдун борборунда башкы ревизор болуп иштеди. Айылдын акыны, төкмөсү эле. Жайлоого машина менен кетип баратсак, “Сенин акындыгың кайсы мени менен айтыша албасаң, мен го айылдык эле рабочий акынмын, сен деген фрунзелик акынсың, келе айтышабыз” деп мени кыйнап атып, өзү менен айтышка түшүргөн. Экөөбүз туугандарыбыздын ортосунда машинанын үстүндө жайлоого жеткиче айтышып ырдап бардык. Мен жеңилип баратканда көсөмдүгүнө салып мени мактап, алкап, аягында сен “Кыргыздын сулуусу да, көзгө басар акыны” деп, жумшак аяктады. Туугандарыбыз кимибиздин жеңилгенибизди же жеңгенибизди билбей калышты. Кудам экөөбүздүн эле ичибизде калды.

Кийинчерээк кудамы ооруп Бишкектеги ооруканада дегенинен издеп бардым. Мени көрүп аябай сүйүндү. Ыр менен тосуп алып, ыр менен узатты. Жанындагы жаткандар “Апей, сиз акын белеңиз, эмне айткан жоксуз?” дешип таң калып калышты. Айылда өткөн той тамашаларда да айтыш жагынан алдына киши салдырчу эмес. Эгер Бусурман кудам шаарда жашаганда атактуу акын болмок...

Бир күнү күйөө балам менен сиңдим тойго барышса ичкилик ичирип коюшуптур. Биздин тукумга ичкилик жакпайт. Сиңдим кусуп аябай кыйналып атса кудам эшикке чыгып, казанга от жагып шорпо жасап, ага калемпир, мурч кошуп ачуу кылып, эки колуна аякты бекем кармап баласына эмес келинине сунуп, “Келчи айланайын, муну ичип алчы, эс алып каларсың, тура гой” деп сүйөп тургузган экен. Сиңдим:

- Өлбөгөн эле төрт шыйрагым калды, атам ошондо мени кантип эс алдырарын билбей шайы ооп, катуу кейип, боор ооруп ыйламсырап алыптыр, - деп күлүп айтып жүрчү.

Кайненеси Тотон (өз аты Токтокан) кудагый да кызматтарды аркалап жүрүп, өмүрүнүн акырында почточу болуп иштеп жүрдү. Капилеттен сөз тапкан, тапан, чечен болчу. Аябай куудул, сүйлөгөн сөздөрүнө боорубуз эзилгиче күлчүбүз. Алтымыштан ашып-ашпай капыстан ооруп калышып, о дүйнө узап кетишти.

Күйөө балам Эгенди (Эгемберди) көргөндөр “Менин балам болуп калсачы” дей тургандай эле бала. Бапыраңдап берекелүү, колу ачык, ишине тың, намыска бекем, сөзүнө бек. Трактору жана бал челеги (бал) менен бир эле өзүнүн айылын эмес, райондун жарымын багат. Атанын уулу деген атты татыктуу алып жүрөт.

Эгендин бир карындашынын атын Гүлнара дешчү, өзү да көнүп калган бул атка. Метиркасындагы аты Наргиза экен. Мектепти бүткөндө айла жок көндү Наргиза деген атына. Эрке чалчаңдаган кыз эле кичинесинде, чоңойгондо эстүү кыз болду. Мектепти бүткөндө менин колумда жүрүп калды. Бул да апасына окшоп куудул, күлдүрүп сүйлөйт. Мындай бир окуяны айтып берген эле:

- Эген акем аял алып алганда акеми кызганып Нурила жеңеми жек көрүп, аябай кордук көрсөткөнбүз. Төркү бөлмөдө жатышчу. Биз уктабай жатып, түн болгондо эшикти билдирбей ачып төркү үйгө кирип аңдучубуз. Алар кыймылдап же кобурашып атышкан болсо, үнүбүздү жоон кылып чыгарып жөтөлүмүш болуп, кайра кыткылыктап күлүп качып кетебиз. Атам кирип келиптир деп коркуп кетишсин дейбиз.

Үйдү шыпырган шыпырындыларды чогултуп коюп, алар жокто бөлмөсүнө чачып салчубуз. Жеңем иштен келгенде эч нерсе деп үнүн чыгарбай кайра акырын шыпырып, тазалап койчу. Биздин бөлмөлөрдү да шыпырчу. Биз кайра чачып койчубуз. Ошентип жеңем акеме тийип алганы үчүн өч алчубуз. Бала экенбиз да. Тамак жасап атса көрүнбөй келип тузду чылап салып койчубуз. Ошондо да кың деген жок. Мурда бир айда бир жолу араң жууй турган кир болгон кийимдерибизди эки күндө бир чечип салып түйшүктү башына үйөбүз. Ал жума сайын опол тоодой болгон дүнүйөнүн кирин кол менен жууйт. Биз шылдыңдап күлөбүз.

Жеңемин нервинин күчтүү экенине биз эмес апам да таң калчу. Силерге кандай күйөө туш келер экен албарстылар дечү. Апамын эң катуу урушканы эле ушул болчу. Жеңем унчукпай, башын өйдө көтөрбөй жүрүп, ошол мүнөзү менен бизди ийге келтирип тарбиялап алды. Биз эле эмес апам, атамдар, туугандарыбыз да жеңемин мүнөзүнө там беришчү, - деген Гүлнара.

Ушуну укканда бир ыйлап алгам. Байкуш сиңдим, биздин үйдүн түйшүгү да анын мойнунда болчу (өмүр бою, азыркыга чейин мойнунда), анан кайын сиңдилеринин кылганы тигил. Апам Гүлнараны Жеңиш үкөмө келин кылып алам деп жүрчү. Ал тургай үкөм экөө сүйлөшүп да калышкан. Бирок, тиги мамилелерин уккандан кийин экөөнүн баш кошуусуна каршы туруп алдым. Жеңиш үкөмү Гүлнара менен сүйлөшсөң өлтүрөм дедим. Жеңесин кордогондой кылып апамы кордойт бул дедим. Гүлнара кийин Тажикстандык сулуу, тажикке окшош кыргыз балага турмушка чыкты.

***
Нүкү сиңдимен кийин Жамгырбек (Жакин, Жаки), Майрамбек үкөлөрүм төрөлгөн. Жакинин Майрамбек дегенге тили келбей, Аньта дечү. Жамгырды туурап Аньта деп эркелетип жүрүп, Майрамбекти кантип Анта, кийин Антошка деп алганыбызды билбейм. Жамгыр кичинесинен эле өтө эстүү, акылы данектей, адамдын мүнөзүн бир көз караштан түшүнгөн бала болуп чоңойду. Анта Жакиден эки жаш кичүү болсо да чоң, колдору шадылуу, күчтүү болчу. Жаки акесин бейбаш балдардан кооруп, Жакиге тийишкен балдардын колдорун акырын кайрып отургузуп койчу. Бирок күчүн ыксыз жерлерге чаччуу эмес. Акесиндей токтоо, көз карашы баатырлардыкындай, кичине болсо да колду шарт кесип бир сүйлөгөн бала эле. Жаңы Токтогул шаарчасына көчүп келгенде да кашаттын жээгинен жер бөлүнүп берилгенде, кичинекей болсо да ушул эки үкөмүн күчү менен үй салынган. Анта кашаттагы тоодой болгон таштарды омкоруп, сайга тоголотуп, тоголонбогонун көтөрүп ыргытып, таштак жерди гүлзарга, бак-шакка айлантып салганда араң эле 5-класска көчкөн болчу. Антанын иштеген ишин көргөндөр келечекте Кожомкул палван болот дешчү. Бирок, тилекке каршы экөө тең көзүгүп кетип, болбогон эле жерден бири 18ден, бири 20дан ашканда бир эле мезгилде удама удаа кайтыш болуп кетишти...


Анаш тайнем, Аманбек тайтам
Эки тайнем бар болчу, бири өз тайнем Анаш, бири апамын өкүл апасы. Өкүл апасы менен да тыгыз катташып, аны да тайне дечүбүз. Өкүл тайнемин Кермекаш (метиркадагы аты Жумакан экенин Оштон экөөбүз жолукканда айтты) деген кызы Алайлык жигитке турмушка чыгып, көп жылы Ошто жашап, ал үйүн Мурас деген уулуна калтырып, Алайга көчүп кетишти. (Мага берген телефон номери иштебей калыптыр, эми Кермекашты таппай жүрөм.) Экм тайнем тең иштүү болчу.

Өзүмүн тайнем Совет айлында жашайт. Советтен эски районго чейин автобус менен келип, андан бери Шипшиңкеге үч сааттан ашык жөө басып келчү. Келген сайын чоң сумка толо тамак-аш же шырдак, кийиз, төшөнчүгө чейин алып келчү. Тайнемин курук кол келгенин бир да жолу көргөн жокмун. Балдарынан Самилакан эжеми же Карыпбай тайкем, Татай тайкем, Чупуй тайкелеримин бирөөн сөзсүз ээрчитип белек-бечкегин көтөртүп келчү. Татай, Чупуй деген тайкелеримин эрке аттары. Алардын чын аттары Кадырбек, Садырбек экенин эч ким деле билбейт. Кайсынысы кимисинин аты экенин мен деле ушул убакка чейин билбейм. Тайнемдер келген күнү биздин үйдө майрам, той, чексиз сүйүнүү, ырахаттануу болуп, денебизге батпай семирчү элек. Апам тайке-тайжелеримин баарын аябай жакшы көрчү, бирок, Татай менен Карыпбай тайкеми өзгөчө жакшы көрчү.

Тайнем тоодон келип үч-төрт күндөй жүрүп калды. Кетеринде апам менен сүйлөшүп отуруп ыйлады. Тайнемин эмнеге ыйлаганын билген жокмун. Арадан он күн өтпөй тайнем кайра келди. Бул келишинде Ыкын эжеми ээрчите келди. Ээрчите келмек түгүл биротоло алып келиптир. Кызын таштап кетип баратып дагы ыйлады. “Көргөн күнүң не болот, Ыкын жаш болсо да сага караан болсун, дагы келем” деп кетип калды. Атамын оорусун көргөндөн кийин апамы жалгыз кыйналып калбасын деп аяп, Ыкын эжеми алып келген экен көрсө. Ошондон кийин Ыкын эжем биздин үйдүн эң улуусу болуп калды.

Ыкын эжемин айтканына караганда Шипшиңкеде пакта өсчү экен. Советте окуп жүргөндө деле биздикине келип, каникул сайын үч ай пакта терип иштеп кетчү экен. Эжеми биздикине калтырып коюп, кызың өтө эле арык, ирденип алсын деп тайнем мени Советке алып кетчү. Андан ары жайлоого кетчүбүз. Мени Жолдош чоң тайтамын өгүзүнө өңөртүп коюшчу. Өгүздүн бийиктиги тоодой сезилчү. Ары-бери чайпалган сайын башым айланып, жер тегеренип, анан шалдырап уктап атып эптеп жетчүмүн.

Тайнемин айлы Булак, Самилакан эжем жашаган Кишен, балдары жашаган Совет, Сарсөгөт, Бел-Алды айылдары биригип азыр Бел-Алды айыл өкмөтүнө карап калыптыр. Мурда бардыгы тең Советке карачу. Кайсы бир жылдары Совет айылына жолугушууга барып калдым. Ал жерде алдыда жалаң карыялар отурушту. Бирөөсү:

- Токтогулдук болсоң кимдин кызысың? - деп кыйкырып сурап калды.

Атамы айтсам таанышмак беле деп, апам ушул айылдан болот, силерге жээн болом десем дүрбөп калышты, “кайсы айылдын кызы, кимдин кызы” дешип. Апамы деле таанышпайт эле да. Эмне дээрими билбей элди карасам Чупуй тайкем ортодо отуруптур.

- Чупуй тайке, өйдө туруп айтып койчу, - десем, тайкем туруп “Эң улуу эжемин кызы” деди.

- А-а, Самилакандын кызысыңбы, ошондой апаңа окшоп сулуу экенсиң, - дешти.

Жолугушуунун аягында аксакалдар тегеректеп калышып, “Биздин кыз турбайсыңбы айланайын, жүр биздин үйгө, чай ичип кет” дешти. Бирок, башка үйдө бизге арналган сый тамакка чакырылып калгандыктан чоң ракмат айтып ардактуу тайларым менен коштоштум. Ошондогу сыйда апама дешип бир сетка устукан, боорсок салып беришкенин алып келсем, апам этине батпай семирген. Кайра-кайра советтик туугандарын, жердештерин алкап, аябай ыраазы болгон.


Татай тайкемин жанын койбой сурай берсем төмөнкүлөрдү айтып берди:

- Илгери ар кайсы кокту-колоттордо жашаган элдерди 1951-жылдан 1956-жылга чейин чогултуп, Советке караштуу ушул айылдарды көчөлөштүрүп көчүргөндө эски кыштоолор кароосуз калып калган. Ушул айылдарга эл жык отурукташып, көчөлөр таарып, бара-бара батпай да калган. СССР ыдырап кеткенден кийин эл кайрадан эски ата-бабалары жердеген кыштоолоруна көчүп барып алышкан. Жаманкул чоң атам каардуу киши болуп, 36 гектар жерди ээлеп, малы да көп болгон экен. Самилакан эжемин атасынын үкөсү Ашыралы аксакалдын 40 жылкысы, 100 кой, жана башка көптөгөн жандыктары болуп илгери эле элге процентке акча берчү экен. (Самилакан тайжем бөлөк атадан экенин азыр тайкемен угуп атам).

Бала кезимде Ашыралы атанын ошончо малы болгон кезде биздин бирин-серин эле малыбыз бар болчу. Мурда малы барыбыз деле, малы жогубуз деле жайлоого чыкчубуз. Апам сени да калтырбай ала чыкчу. Адегенде Атабак жайлоосуна жетип алчубуз, Кишенден ары ашып кетсе бир, бир жарым саат жол жүрчүбүз. Ал жерде бир жума же он күн түнөп, Кош-Булак жайлоосуна келчүбүз. Анан Чукурга көччүбүз. Чукурдан кийин Карагайлууга жөнөчүбүз. Карагайлуу өтө бийик, тоолуу, абасы салкын, көздүн жоосун алган кооз жайлоо. Тоо гүлдөрүнүн жытына мас болосуң. Ошо Карагайлууга жетиш үчүн ушунча жайлоодон өтчүбүз. Азыр малдарын жайлоого чыккан малчыларга кошуп жиберип, өздөрү жакада эле калып көчпөй атышпайбы, ал кезде отуз түтүн болсок отузубуз тең жайлоого чыкчубуз. Баарыбыз тең аралыгыбызды анча алыс кылбай, боз үй тигип алчубуз. Элдин пейили сонун болчу. Күнүгө мал союлчу. Кимиси сойсо да эч кимди калтырбай, үйүндөгү майда балдарына чейин ысык шорпо ууртап кетсин, калтырбай ала келгиле деп айттырышчу.

Атам (тайтам Аманбекти айтып жатат) жолдуу киши эмес беле? Капкан салып элик, кийик чаптырчу. Сойгон элигинин бир тиштем этин калтырбай казанга астырып, бүт айылдын бирин койбой тамакка чакырчу. Төрткө чейин, кээде үчтөн жылкы байлачу. Кымызы түшкө жетпей түгөнүп калчу. Ичкени ичип, куйганы куюп кете берчү.

- Тайтамын чымыны бар эле го, тайке, ошону айтып берсең? – деп Татай тайкемин сөзүн бөлдүм.

- Ооба, чымыны бар болчу, аны сен деле билесиң да. Тамырчы болчу. Доктурлар кое албаган диагнозду коюп берчү. Бирок атам тамырчы экенин элге жайган жок. Билгендер гана келчү, акем же атам ооруп атат көрүп берип койчу деп. Барып көрүп оорусун айтып берчү. Эмне жеш керек же жебеш керек экенин, таптакыр эле эчтеке жебей кырк күн суу ичиш керек экенине чейин айтып, ошол ооруулуну айткан күнүндө бутуна тургузуп койчу. Ысык шорпо же тескерисинче тамак жедирбей көк чай менен да айыктырчу. Катуу ооруулунун жакындарын сыртка чыгарып, “киши болуштан калыптыр” деп өлөр күнүн, саатына чейин так айтып берип оозду ачырчу. Айтканы айткан, дегени деген болчу.

- Албарстынын чачын кыркып алганын апам айтчу эле го тайке, албарсты укум-тукумуңа чейин тийбейм деп убада кылган имиш ко, ошо чын беле? – дедим.

- Аны ошондо эле эжемен тактап албайт белең? Менин билгеним эле төрөй албай кара басып аткан аялдарды ырымдап төрөтчү. Же албарсты жүрөгүн сууруп кеткени атат, кет эле кет деп ат чаптырчу. Өзү да кошо ат чаап келип, “мынакей, албарсты жүрөгүн таштап кетти” деп кара басып жаткан аялдын чекесин сылап койсо, аял ошол замат көзүн ачып, баласын аман-эсен төрөп алып, бат эле оңолуп кетчү. Айлыбыздан убагында төрөтү оор болгон аялдарды ажалга тарттырбай аман сактап калган. Эми мен деле ал кезде кичине элем да. Медицина деген жок болчу жайлоодо. Ал эмес кыштоодо деле жокко эсе эле. Кийин биз чоңойгондо фельдшердик пункттар ачылып, эл эски ырым-жырымды унуткарып жапа тырмак медицинага ооп кетти.

Атам албарстылардын аттарын да билчү. Бир жолу кеч курун ат минип жалгыз ээн жерде келатса албарстылар алдынан чыгыптыр. Бирөөсү айтып атат дейт:

- Эй Конкирет, тигинде Аманбек келатат, - деп. Атам чочуп кетип:

- Силерди элеби. карап тур, өрттөп салбасамбы?- десе, албарсты:

- Өрттөй албайсың, чөнтөгүңдө ширеңкең жок,- дептир. Чөнтөгүнө колун салса чын эле ширеңкеси жок экен. Дайыма ширеңке салып жүргөн атам ошондо ширеңкесин салбай чыгыптыр, макисин ала коюп сайып калган экен. Ошондо албарстынын чачынан кесип алып чөнтөгүнө салып алганын мен да аяш аталарыман уккам, тайтаң түнт киши эмес беле, өзүнүн кылган неткенин дегеле мактанып ныпым эчтеке айтчу эмес, - деп айтып берди Татай тайкем.


Аманбек тайтамы торпокчу Аманбек дешчү. Себеби колхоздо көп жылдары бир айылды башкарып бригат болуп иштеп жүрүп катуу ооруп калат. Райондон жардам катары эки кулунду бээ берип, жайлоого чыгып оңолуп келиңиз деп жөнөтүшкөндө иштеп көнгөн тайтам жөн чыкпай өзү менен кошо 50-60 торпокту ала чыгып, ошо бойдон торпок багып калат.

Совхоздун уйлары тууганда торпокторун бөлүп алышып өзүнчө багып, уйларды торпогу жок саашчу. Тайтам баккан торпоктор бир эле жайда чоңоюп аябай семиз болот. Кышында сүт кошуп жарма жасап, ага балыктын майын жана башка түрдүү витаминдерди кошуп, ар бир торпокко ичирчү. Жазында жайлоого кеткенде жарма ичкен торпок менен ичпегендин айырмасы билинип калат экен бою чоң болуп. Бир жылдык торпокторунун бат чоңойгон сырын билиш үчүн райондун 1-секретары Матен Сыдыков күзүндө өзү бир келип көрүп кетет. Жарма ичкен торпоктор ушинтип чоңоет турбайбы деп кийин район боюнча бүт ферма башчыларын чогултуп, Советке алпарып тайтаман торпокторду эмне кылып багып атканын сурайт. Тайтам шашма киши болчу жарыктык. Чоң казанда бышып жылуу турган жарманы балык кошом, витамин кошом деп көрсөтүп атып, шашкалактап сөөмөйүн казанга салып жалап ийет. Биринчи секретарь ээрчитип барган кишилерин тургузуп алып:



  • Көрдүңөрбү чал жасаган жарманы? Силер да ушул тажрыйбаны жасагыла, - деп алардын барына жарманы ичириптир.

Эки эле жыл торпок баккан тайтама Матен Сыдыков машина сыйлыкка берген. Ал кезде машиналар сатылчу эмес, сыйлыкка гана берилчү. Ал эмес килемдер да сыйлыкка берилчү. Сыйлыкка килем алыптыр дегенди укканда эл таң калчу. Машина, килемдин аты бийик, барктуу болчу. Район торпокко жарма бергенди эксперимент жүргүзүшүп, бүт республикага тайтамын рецебин таратышкан. Машина алган тайтамын атагы алыска кеткен.

Татай тайкем:

- Мурда акчанын ордуна займ деген бар болчу, займ эле чогулта берчүбүз. 1961-жылы чыкты акча деген. Займ акчаны эки жолу банктан алмаштырдык. Атамын займы бир чоң жоолукка таңылып турчу. Аны да алмаштыралы дегиче үйдөн эле жоолугу менен көтөрүп уурдап кетишти, - дейт күлүп.

Татай тайкем мурда Советке каттаган автобусту айдачу. Ошондо аттын толук турушу менен чегерилген бир чоң куту (копилка) сатып алып, ага жалаң кагаз акча салып чогултуп жүрчү. Аны үйүнө баргандардын баары билчү. Бир күнү акча керек болуп калып капилькасын ачалы десе ичи бошоп калыптыр. Качан, кимиси келип, кантип, кайсы жеринен чыгарып кеткенин билбей калышкан. Биз укканда ичибиз аябай ачышкан, бирок тайкем “мейли, ким алса да буйрусун” деп койгон. Татай тайкем эгиз кыздардын түгөйү Үрүпа жеңеме баш кошуп Динара, Улан, Каныбек, Гүлнара, Анара аттуу уул-кыздуу болду. Динарасы Үрүпа жеңеми тартып кесиби доктур, атактуу гинеколог-врач болуп Бишкекте иштейт. Тайкеме окшоп аябай сулуу.

Тайнемин балдары: Самилакан эжемин удаасы Карыпбай тайкем - жыгач уста, плотник-столяр, Таш-Көмүр шаарындагы жыгач менен тургузулган көптөгөн үйлөрдүн автору, Советтер Союзунун тушунда эле эшик, терезе жасап сатып, бай турчу, Упакан жеңем менен бапырап балалуу-чакалуу болуп, жакшы жашап аткан кезде тайкем катуу ооруп калып, кайтыш болуп кетти.

Анан Ыкын эжем, удаасы Татай тайкем - Карыпбай тайкемин мыкты окуучусу, жолун жолдоочу, жыгач уста, ошол кездеги Таш-Көмүр шаарынын курулуш ишиндеги жаштар бригадасынын бригадири, экинчи кесиби шофер.

Андан кийин Чупуй тайкем.

Чупуй тайкем өзгөчө жароокер, жапакеч, ыйлаак, боорукер, чыныгы инсан. Совет айылынан Токтогулга чейин трактору менен биздин үйгө мал үчүн жем, буудай, арпа, жүгөрү, пая, бакал, чөп жүктөп ташып келип берет. Апам “Садага болоюн Чупуйум болбосо оокатыбыз өтпөй калмак, бир да кабак кашым дебей малга жем алып келип берет” деп сүйүнөт. Тайкем аскерге кеткенде апам ичи ачышып ыйлаган. Аскерге Татай тайкем кызмат өтөп аткан шаарга барыптыр. Командиринен жооп сурап алып Татай тайкеми көргөнү барып турчу экен. Качан барса эле чоң тайкем нарядда туруп калат экен. Же картошка, пияз аарчып же КППга (комендатский патрульный пост) дежур болуп калганын көрүп алып шолоктоп ыйлап келет экен. 18деги жаш баланын колунан ыйлагандан башка эмне келмек эле, өзү ыйлаак болсо. Тайкемин айтуусуна караганда аскердик кызматын жакшы өтөп, сыйлыктарды алып келген.


Чупуй тайкемен кийин Кежи (Кенжекан). Тайнем Кежини ушунум эң кенжем болуп калсын деп Кенжекан койсо керек. Кежи тайнемин мүнөзүн тартып токтоо, Чупуй тайкемдей жароокер, тайнеме окшоп “кагылайын, балакетиңи алайын, садага кетейин, алдыңа кетейин, мээнетиңи алайын” деген түп кыргыздын нукура сөздөрү менен жалооруп өзүнөн кичүүлөргө ымандуу кайрылып сүйлөйт, өңү да окшош. Мен жолуккан жерден эле:

- Оо тайне, кандайсың?- деп учурашам. Ал:

- Ии кагылайын эжем, садага болоюн десе, жакшы жүрөсүзбү, күүлүсүзбү? – деп жалбарат. Анан тайнем дебегенде кантем. Ал менден бир жаш эле кичүү, күйөсүн да “кайнежең, эже деп жүр” деп эже деттирип койгон. Тайнемчелик иштүү болбосо да, шырдак шырат, оймо ойот, сайма саят, чебер.

Кежиден кийин Зина.

Зина Таш-Көмүрдө Карыпбай тайкемкинде жүрүп орус мектепте окуп калды. Орус мүнөз, кыргыз тилине караганда орус тилинде кенен ой жүгүртөт, так сүйлөйт. Айтканын, дегенин аткармайынча жаны тынбаган, колунан бардык нерсе келген иштерман, тыкан, таза, бир эле убакта жууркан-төшөк кабып же түркүн-түркүн салаттарды жасап же вареньелерди түрдөп кайнатканга үлгүрөт. Туугандарына башкача күйүмдүү. Үйүнө барып калсам сөзсүз түрдө 2 банка салат, 2 банка вареньесиз кетирбейт. Тор токуйт. Эрте менен токуп баштаган чоң жемпирди түнү менен, таң аткыча бүтүрүп коет. Мен торду мыкты токуганды, салаттарды түрдөп жасаганды Зинадан өздөштүргөм. Бир аты торчу кыз. Медициналык академияны кызыл диплом менен бүтүргөн.

Өздөрүнүн аптекасы жайгашкан “Заря” айлындагы көпчүлүк жашоочулар ооруканага барбай эле Зинага келип, оорулары тууралуу даттанышып, айыктыра турган дарыларды сатып алышат. Мен барып калганда “Биз Зина келгени бейтапканага барганды унуттук, доктурубуз да Зина болду” дешкендерин угуп жүрөм. Анын үстүнө Зина ар бир кардарга жумшак мамиле жасап, эмнеси ооруп атканын зерикпей сурап же кан басымын, температурасын өлчөп, кеңеш бергенден жадабайт. Өзү сүйгөн кесибинин мыкты адиси.

Политех институтун бүткөн күйөө балам Жумабек экөөнүн менчик аптекасынан сырткары чоң дүкөнү бар. Жумабек да иштегенден талбаган, колу иш билги уста, жапакеч, мүнөзү ачык, шайыр, тууганчыл жигит. Сарттар уруусунан болгондуктан мага жакын тууган болуп кетет. Жумабекти үкөм деп, сен келиним болосуң деп Зинаны чычалатам Башка туугандарыма караганда Зина менен Жумабек мага көбүрөөк күйөт, катташыбыз да жакшы. Ооруму колдон, жеңилими жерден алышат.

Анан Байжигит. Бул аты айтып тургандай эле барбалаңдаган көл, бай жигит. Токтогулдан чыккан биринчи коммерсант. Адегенде майда-чүйдөдөн баштап, азыр чоң бизнеске өткөн. Ушу кезде үй-бүлөсү менен Москвада жашап, бизнесин улантып келатат.

Тайнем, тайтамын эң кичүү көкүрөк күчүгү Нуржигит. Нуржигитти 1964-жылы 20-июлда Бадалык жайлоосунда жүргөнүбүздө төрөгөн.

Күн кеч кирип калган. Тайнемин толгоосу бышып жетилгени менен негедир төрөтү кечеңдеп атты. Тайнем кыйнала баштады. Самилакан эжем да жайлоодо болчу. Боз үйдүн ортосунда жагылган отко тикирейип карап, тайнеми аяп, эмне кыларымы билбей отурам. Анан эки аял тайнеме кадоону кучактатып тартыл деп эки колунан тартып атышты. Ага деле болбой кыйнала берди. Түн кирди. Самилакан эжем сыртка чыгып кеткен болчу, бир маалда эле кыйкырык бакырык чыкты. Бош челектерди таштар менен чапкылап боз үйдү тегеренип чуркашып:

- Чыктыбы? Чыкты. Чыктыбы? Чыкты. Болдубу? Болду. Оо болду, болду. Токтоткула болду эле болду, - деген кыйкырыктар чыкты.

Эмнегедир эле эки аял тайнемин жоолугун башынан “канакей” деп сыйрып алып, кайра салынтып атышкандай туюлду. Самилакан эжем дагы боз үйгө чуркап кирип, “канакей” деп сыйрып алып, салынтып койду. Кайра тайнемин артына жабышып кучактап отура калып, ичин катуу сыгып жибергенде, тайнемин ичинен “ыңаалап” баркырап кыйкырып эркек бала түштү. Менин таптакыр оозум ачылып болбой калдым. Бир аял жаңы түшкөн баланы колуна кармап оттун жанында турду. Эжемдер апасынын башына жаздык коюп жаткырып, үстүн жаап атышканда тайнем, “баланы карагылачы, мени эмне кыласыңар?” деди. Ошондо гана эсине келишкен аялдар баланы жуунтканы суу даярдап атышканда күйүп аткан отундан жарк этип чок ыргып бөбөктүн аркасына түшкөндө, жаңы эле жарыкка келген наристе ушундай кыйкырып диркиреп атып ыйлады, карап туруп чыдабайсың. Онтоп жаткан тайнем:

- Олдо кокуй күн ай, эмне кылып ийдиңер, жуунтпасаңар койгулачы айланайын, бергилечи бери, - деп кейип, боору менен жылып баштаганда, бир аял кармап калды:

- Кыймылдаба, сага кыймылдаганга болбойт, мына азыр беребиз,- деп жууп бүтүп, аллейди шейшепке орой салышып тайнемин койнуна салып беришти. Бирок, ошол бөбөгүмүн үнү кудайга жетип турду. Ыйы басылган жок.

Кобур-собурдан көзүмү ачсам отурган жеримде эле уктап калыптырмын. Эжемдер төшөк салып жатып эс алалы дешсе эле боз үйдүн бир бурчунда мен жатыптырмын. Бул качан кирип келди эле, мейли эми уктай берсин дешип жаап коюшуптур. Ошол үстүнө нур түшкөн баланын атын Нуржигит коюшту. Мен түндөгү окуяны эртеси Кежилерге айтып берсем ишенбей коюшту. Алар башка боз үйдө жатып, тайнемин төрөгөнүн көрбөй калышты да. Ал эми тайтамын сыртта кантип ырым жасаганын мен көрбөй калдым. Кийин Университетте окуп жүргөнүмдө ушул окуяны тайнеме айтып берсем “сен аны каяктан билесиң?” деп аябай таң калган.

Боз үйүбүз көк шибердин үстүнө орнотулуп, төрт тарабыбыз тең тоо менен курчалып, арт жагыбызда шаркырап дарыя акчу. Жардын башына баргандан аябай корчумун, сууга түшүп кетем деп. Дайыма Кежи менен көк шибердин үстүндө ойноп, көпөлөк кууп же гүл терип жүргөнүм эсимде, бирок Кежи кичине экенине карабай көбүнчө тирилик жасап, үйгө жардам берип калчу. Ал мага:

- Кагылып гана кетейиним, айланайын бир тууганым, келе гой топ ойнойбуз. И садага болоюнум, көрбөй калсам эле сени сагынып кетем, балакетиңи алайын, - деп тайнеме окшоп жалбарган сайын кирерге жер таппай калчумун. Ушинтип тайнем болуп жалбарып атса ага тайнеме жасагандай кастарлап мамиле кылчумун.

Тайнем карынды сонун кылып туздап коюп, ага сары май куйчу. Бирок, кантип туздап, кантип куйчу билбейм. Билгеним эле сары майын колум менен сыдырып коюп карынды кесип алып жеп койчумун. Чара толгон сүттү кайнатып бышырып койгондо колуму матырып салып, каймагын жеп салчумун.

Ошол жай бүткөндө Татай тайкем жетинчи класска бармак, мен 1-класска бармакмын. Самилакан эжем тигип берген көйнөктөрдү, тайнемин берген эт-ашын куржунга салып, аны мойнуна артынып алып Татай тайкем мени эски районго чейин кичинекей автобус менен алып келди. Автобуста эл көп, ысык, мен шалактап уктайм. Тайкем мени астына алып отургузса куржуну түшүп кетет. Куржунун алса мен түшүп кетем колунан. Жулкулдатып ойготот. “Мине?” дейм да уктап кетем. Кайра астына алса куржуну түшүп кетет. Жеткиче кара терге түшүп калды. Чекесинен чыккан тер кепкасынын алдынан шорголоп агат. Жетип түшкөндө да жөндөп баса албайм. Тайкем көтөрүп алайын десе, куржуну оор. Бир колуму мойнуна артып алып сүйрөйт. Айтор кечке чейин жол жүрдүк. Ысыктан уламбы, айтор адатынча дагы мурдуман шыркырап кан атып кетти. Үйгө жетейин деп калганда Миллиан атанын короосунун ичинен аккан суу жолду жырып жайык арык кылып салган. Ошерге жеткенде мурдумун канын жууп берип, шапкеси менен мурдуму баса жаап, үйгө алып келди. Тайкемин шапкесинен өткөн супсуюк гүлгүн кан шорголоп Самилакан эжем тигип берген көйнөгүмө жайылып калган. Ошондо да Татай тайкем кың деп сүйлөнгөн эмес. Болгону үйгө жетери менен чарчаганынан шалдайып отуруп калган.

Тайтамдар жайлоодон түшкөндө дагы дароо түшпөй адегенде Карагайлуудан Чукурга, Чукурдан Кош-Булакка, Кош-Булактан Атабак жайлоосуна жетип, анан Кишенге келишчү. Анын себебин Татай тайкем:

- Күз күрөш демекчи, бышыкчылык убагы болот да. Элдин эккен эгиндери, буудайлары бар. Алар орулуп, жыйналып, терилип бүткүчө күтүп, улам жылып отуруп суук түшкөндө гана жакага жетишчү. Мектепке бара турган балдарын сабактан калтырбаш үчүн эртелеп эле жөнөтүп жиберишчү, - деп түшүндүргөн.



1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   13


©netref.ru 2017
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет