Бурулкан карагулова



жүктеу 2.17 Mb.
бет3/13
Дата01.05.2016
өлшемі2.17 Mb.
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   13
: files -> 2010
2010 -> Библиографски опис на публикациите, свързани със славянските литератури в списание „Панорама” /1980 – 2011
2010 -> Приказ 2010 г. № ‪ о переводе студентов очной формы обучения на следующие курсы
2010 -> Приказ 2010 г. № О переводе студентов заочной формы обучения на следующие курсы
2010 -> Темиртас тлеулесов. Шымкентская мафия
2010 -> Пестум-чертоза ди падула-рошиньо-дегустация-агрополи-салерно-ветри суль маре-круиз на корабле(чиленто)-равелло-(изумрудный грот)- геркуланум
2010 -> Методические рекомендации для студентов III курса стоматологического факультета к практическим занятиям по патологической анатомии головы и шеи
2010 -> Ең үздік техникалық жоғары оқу орындарының рейтингі 2010

Апамын колундагы так
Менин шоктугуман улам атам менен апам кээде кыжылдашып калышчу. “Мынчалык минеге эркелетесиң?” деп апам нааразы боло берчү. “Мен өлгөндөн кийин муну ким эркелетет, шору катат ко байкушумун” дечү атам кабагын түйүп.
Атам жалгыз отурганда мени жанына чакырып алып, “мен алыска кеткенде учуп кетип, сени асмандан карап жүрөм. Эгер бейбаштык кылсаң мен таарынам, жакшы кыз болуп чоңойсоң сүйүнөм” дечү. Мен ал сөздүн маанисин түшүнчү эмесмин. Баары бир өлөрүн сезген атам, мага идиш жууганды, эшикти шыпырганды үйрөттү. Идишти жууй албай, шыпыргыны эптей албай койгонуму көрүп, керебетине сулк кулап, ары карап жатып сүлкүлдөп атып ыйлады. Анан туруп апамы чакырды, сыртта болчубуз. Апам үйдөн чыгып келди эле атам керээзин айта баштады.

- Кайдагыны айтасың, башты оорутпачы, - деди. Экөөнүн мен жөнүндө сүйлөшкөнүнөн пайдаланып, шыпыргымы эжеме берип “ме, шыпыр” дедим. Ал “өзүң шыпыр” деди эле, шыпыргы менен жонго бир салдым. Апам кыйкыра калып, чуркап келип колумдагы шыпыргыны жулуп алып мени чапкылап кирди. Атам “тийбе” деп кыйкырды. Апам болбой эле уруп таштады. Атам ашатып сөгүнүп, болгон күчү менен апама жуткунду. Мен апамын колунан бошонуп качып кеттим.

- Дагы бир жолу колуң тийсе өлтүрүп таштайм дебедим беле? - дегенде апам бир нерсе деп сүйлөнүп калды эле, атам калтырап-титиреп ордунан туруп, балдагына таянып туруп, алдындагы чоту менен апамы көздөй шилтеп калды. Апам чаңырып жиберди, карасам колунан кан шорголоп атат, колун шылып кетиптир. Атам чаап алып балдактан шалак этип кулап түштү да калтырап отуруп калды. Корообуз тийишип жашаган Чаар кемпир деген эже менен Гүланда эже чуркап келишти. Апамын колун көрүп эле Чаар эжем:

- Оңбогон Карагул, оңбой кал, имине кылып салдың, ушул колу менен сени багып атпады беле? - деп кыйкырып кирди. Кошуна аялдар апамын колун чоң чүпүрөк менен таңып коюшту. Ал колу менен көпкө чейин иш кыла албай жүрдү. Эртеси апама “аялдар жаман экен э, колуңу таңып коюшту” десем, апам күлүп: “ийи, атаң экөөңөр жакшысыңар” деди. Апамын колундагы чоттун тагы өмүр бою кетпей калды.

Чаар эжем сарттар уруусунан болчу. Аны апам кайнеже деп айтпай, атын тергеп, бетиндеги чаарынан улам өзүнө угузбай чаар эжем дечү экен. Апам эжеми чайга чыкырып келчи деп мени жөнөткөндө, эшигин ачып алып эле “Чаар эже” деп кыйкырдым. Эжем кимди чыкырып атат деп чыга калганда кайра дагы “Чаар эже, сизди апам чай ичсин деп чыкырып атат” дедим.

- Имине-е? - деп көздөрү чанагынан чыгып кете жаздады – апаңбы? Мениби? О, өлүүңдү көрөйүн келин болбосоң жерге кире кал. Менин чаарымы сенин апаң эле көрө калыппы? Чаарыман башка жерими көрбөптүрбү, о оңбогур, о оңбой кал, сени элеби, сени, чайыңы ичпей койсом болдубу? Бар кете бер, апаңыбы апаңы, сойбосомбу карап тур, - деп үйүнө кирип кетти. Мен эч нерсеге түшүнбөй калдым. Кайра үйгө келсем атам:

- Эжеми эмнеге чаар эже дедиң, анын аты Алымбү да, - деп күлдү.

Апам о бая эжем кыйкырганда эле сайга түшүп качып кетиптир. Ошо бойдон көпкө чейин апам Чаар эжемен качып жүрдү, бирок үйүбүз тийишип тургандыктан кайра табышып алышты. Ал тургай эми көзүнчө эле “Чаар эже” деп тергей турган болуп калды. “Сен мени тергебей куруп кал” деп күлүп калчу. Ал эженин Чынар деген аябай сулуу кызы бар болчу. Чаар эжем өзү да бетинин эле чаары болбосо көздөрү бакырайып өңдүү келип каранын сулуусу болчу.


Атамын коштошкону
Биздин үйдөн такыр киши үзүлбөйт. Атамын ооруусу катуу болсо да бир жолу кыйналып, кыңкыстаганын уккан жокмун. Эки колун артып коюп бош отурганды жаман көрчү, качан болсо колунда балка, чоту болчу. Орундугунда отуруп алып же балдагына сүйөнүп алып, келгендерге бир нерселерди жасоо менен алек боло берет. Апам кийин “эрки күчтүү киши эле, ооруу мойсобогондо ал беренимен бир нерсе чыкмак” деп жүрдү. Атамын мугалимдиги эбак эле өчүп устачылыгы айылдаштардын, биздин дагы эсибизден кетпей калды. Айылдагы атам курактуу кишилердин баарын аяш ата дейбиз, ошентип үйрөтүшкөн. Бозодон көбүрөөк ичип алгандары эки-экиден мушташып жүрө беришчү. Шипшиңкеми эстегенде эле кыпкызыл болуп бозого тоюп алган аяш аталарым кылт этип эске түшө берет. Ичип келгендерди атам жактырчу эмес. Ошон үчүн бозо ичкендер үйгө киришпейт. Анда арак деген бар беле, жок беле билбейм, бирок арак дегенди Агрономго көчүп келгенде биринчи жолу уктум.

Эркинбек аяш атамын балдары менен биз эмчектеш болуп чоңойдук. Бактыкан аяш апам Азимди төрөгөндө апам Ырысты төрөп, эмне себеп менен экенин билбейм экөөнү алмашып эмизиптир. Бактыкан апам Тойчубекти төрөгөндө мени менен эмчектеш кылып, кийинки уулу Топчубек менен Нүкү сиңдими эмизишет. Сууга агып кеткен Түкү эң улуу кызы болчу. Эң кичүүсү Атыр азыр Москвада жашайт. Аяш атамын балдарын көбүнчө апасы Чыныгул апа бакты. Чыныгүл апа уулуна окшоп барбайган чоң кемпир болчу. Бардыгы келип апа деп кеңеш алып турушчу. Кушчу-суулук болгондуктан апам эне деп сыйлачу. Бозо ичип келатышса да кемпирдин астынан кыя өтүшчү эмес. Ал апанын тарыхы укмуш дешчү эле. Бала болуп, кийин жаш болуп Чыныгүл апанын тагдырын өз оозунан угуп же жазып калбаганыма өкүнөм. Апамын айтуусуна караганда Токтогул Сатылганов чоң атабыз кезинде аябай сүйгөн имиш. Бирок, Чыныгүл апа Токтогулду тоготпой коюптур.

Андан ары каз катар опшитте тургандар:

Көкөтай аяш ата, аялы Бүрайым (кара жаак, курсакта экенинде ыйлаган имиш.) Мени менен ойногон балдары Кубат, Дөкү, кичүүсү Айдың.

Абдыразак аяш ата, аялы Анаш эже, балдарынын аттары эсимен чыгып кетти, Калиман деген кызы менен көрүшүп калабыз.

Супун чолок ата, Айдаралы арабакеч ата, Советтик Тургунбай аке, аялы Алдей эже, апамын айылдаштары болот. Эркин деген уулунун тамагына момпосуй тыгылып калып, көгөрүп-татарып жатып калганда, кыйкырыктан эл чогулуп калып жонуна муштай беришип чыгара албай ызылдап атышканда “Карагулду чакыргыла” дешкенинен бирөөсү чуркап барып атамы чакырып келиптир. Атам узун, сулуу манжасын тамагына салып ийип момпосуйду сууруп чыккан. Ошондон кийин Эркини момпосуй жебей калган.

Сакиш жезде, аялы Кызылкан эже, апасы Бурма апа сарттар уруусунан, балдары Чынар эже, Карашакы (чын аты Анарбай болуш керек, өңү капкара, көздөрү да капкара, чоң болчу).

Кашаттын аягында жалгыз тамда Жаманкул аталар жашачу.

Түмөнбай ата, Кимбилет аяш аталар эсимде.

Кимбилет атаны “баш кесер” дешчү. Балдарын “Кимбилет келатат” деп коркутушчу. Ал ичкенде баары, чоңу, кичинеси дебей качышчу. Такыр болбой калганда “Карагул келатат” деп коркутушчу. Чындап эле атам барып калса кадимкидей соолугуп, эч кимге асылбай. жер карап отуруп калчу экен.


***

Кыштын биринчи айында (декабрь) чогуубуз менен үйдө жатканбыз. Атам керебетинин кырына отура калып эле, сыртка орундукка төшөк салчы деп калды. Апам төшөк салып келгенде атам балдагын таянып сыртка чыгып барып, креслосуна отуруп калды.

-Үшүп каласың, үйгө эле кирчи, - деди апам.

- Бир аз отурайын, жылдыздар толук чыксынчы, сен уктабай турчу, - деп айтып келатып мени көрө калып, - Акбукуй уктай элекпи? - деди.

- Ойго.

- Келчи бери, - деп атам мени кучактап, аябай жыттады.



- Эстүү кыз бол күчүгүм, жаңы үйгө көчүп барганда мектепке барасың, жакшы окугун, шоктонбогун, макулбу?- деди.

- Алдагыны үшүтөсүң го, - деп апам чыкканда, “Бара гой” деди.

Апам мени алып кирип жаткызды да, Ыкын эжем (Рыскан) экөө шыбырашып сүйлөшүп калды. Менин чала-була укканым “буту катуу ооруп атат, чыдамкайлыгынан сыр бербей атат байкушум, башка бирөө минтип ооруса төшөккө жатып калмак, Ыкын сен уктай бер балдардын жанына жатып” деп апам айтып атканда эшик болуп көрбөгөндөй катуу тарсылдап калды, адамдын жүрөгү түшө тургандай такылдатты. Эжем, бөбөктөрүм уктап жатышкан. Апам учуп чыкты, артынан Ыкын эжем октой секирди, мен алардын артынан учтум. Атам балдагы менен эшикти ушунчалык катуу ургулаптыр, апам жетип эле атамы кармап калды. Атам өзү жасаган жумшак орундугунда чалкалап баратыптыр. Акыркы күчүн жыйып атам оң колун сунду, апам учурашкандай кылып колун кармады. Экөө кол алышканда атам болгон күчү менен апамын колун кысып, алынын жетишинче акырын силкип, башын ийкегилегенде алсыз башы апамын көкүрөгүнө жыгылып, магдырап уйкусырап баратты. (Көрсө атам байкуш апам менен кош айтышып, бизди табыштап атканы экен, аны апам көпкө чейин айтып жүрдү).

- Кантет, кантесиң, өзүңдү кармачы, Ыкын кордо алып чык, бол, - деди апам атамы кучактаган боюнча. Ыкын эжем заматта чоң чыныга бирдеке (кордо) алып чыкты. Кордо деген эмне экенин дагы деле билбейм. Атам менен апамын колу ажырай элек эле, апам оң колун бошотуп чоң чыныны атамын оозуна жакындатканда атам бакырайган көзү ачылып кетип мени бир тиктеп, оозуна алган акыркы абаны кайра чыгарып, диркиреп үзүлүп баратты. Апам атамы бекем кучактаган бойдон Ыкын эжеме:

- Алдагыны үйгө киргиз да, Калыбай акени чыкыр, бол, - деди.

Калыбай атанын үйүнүн аралыгы ашып кетсе жети метр болчу.

- Кир үйгө, - деди Ыкын эжем.

- Аный, кирбейм, - дедим.

- Эй, шүмшүк, кир деп атам, - деп санымы оюп, үйгө түртүп ийип, кошунаныкына чуркап кетти. Санымы мыжыгып кармап үйдөгү эжеми ойгонуп кетсин деп бакырып ыйладым, бирок санымын ооруганынан эмес атамын кетип баратканына ичим ачышып ыйладым.

Калыбай ата атамы кучактай салып эле бакырып кирди. Көз ачып жумгуча эле үйүбүзгө эл үйүлүп калды. Ошондо кыштын күнү жылдыздар толук чыгып коюу түндүн ортосу болчу. Апам ыйлап да, “балдарымын эси чыгып калбасын айланайындар” деп бөжүрөп да жүрөт.

- Молдо келгиче балдарды биздин үйгө ташып салгыла, - деди Эркинбек аяш атам.

Эжеми араң ойготуп жетелеп, Сиңдим менен Жамгыр үкөмү эки колуна көтөрүп Ыкын эжем кошунаныкына жөнөдү. Мен барбай койдум. Аңгыча Калыбай ата ак селдечен, ак сакалчан картаң молдону жонуна көтөрүп, кургап-тердеп келип калды. Караңгыда туруп кийинип, эшегин токугуча кеч болуп калат деп ой-боюна койбой көтөрүп баса бериптир. Молдо дем салып атты. Атам узун бойлуу, сулуу киши эле, үйдөгү керебетинде узунунан сулап, уктап аткандай болуп жатты.

- Молдо окуп бүтөрү менен эркектер сыртка чыгып өкүргүлө, - деп айтып келаткан аяш атам мени көрө калып Акбукуйду алып кеткиле, - деди аялдарга карап. Аялдар мени кармап, кайра эле Ыкын эжеме тапшырышты. Ал колуму бурап сүйрөп баратып:

- Бир орус өлүп калыптыр, азыр эл кыйкырып ыйлайт, сен Ырыстын жанына барып укта, - дегенде,

- Калп айтпачы, атам өлбөдүбү, өзүм көрүп турбадымбы, минеге алдайсың, жанына барам, кое бер, - деп жулунуп качып чыктым.

Ошол тушта шумдуктуу өкүрүк чыкты. Уйкудагы айыл “селт” эте түштү. Түн бир убак болгонуна карабай айыл түрүлүп келе баштады. Заматта камыр жуурулуп, боорсоктор бышып атты. Оокат-аш менен алек болуп кеткен Ыкын эжем мени унутуп койду. Өкүрүктү угуп келип аткан аялдарга улам жаңы кошок кошуп (апам кошокчу болчу, айылдагы өзүнөн жаш келиндерге кошок кошуп ыйлаганды үйрөтчү, болгондо да обону менен ыйлап-ырдап кошуп берчү, кийин деле үйрөтүп жүрдү, мага үйрөткөндө мен эч качан кошок кошпойм деп укпай койгом) кара жоолук салынып отурган апам эрте менен таң супа салганда сыртка чыгып, мени көрүп алып аябай кокуйлады.

- Жок дегенде жылуу кийинтип койбойт белең кокуй күн, эми мине кылчумун, ушу суукта жука кийимчен сыртта таң атырат деген эмнеси, карап койбойт белең, - деп Ыкын эжеми урушуп атты.

Мен көгөрүп үшүп калганымы ошондо билдим. Апам бооруна кысып үйгө апкирип кийгизейин деп эч нерсе таппай койду. Ыкын эжем баарын таңып сыртка чыгарчусун сыртка, ичке койчусун ичке катып салыптыр.

- Атаң мени кечирбейт балам, кошунаныкына эмнеге барбай койдуң, сен турсаң эле атаң тирилип кетмек беле, эми жатып уктабасаң ооруп каласың, - деп жылуу жууркан жаап кайра сыртка чыгып, кашатка түшүп кетти. (Ошол кезде туалет деген болгон эмес, бардыгы тең кашатка барышчу)

Мен ушу күнгө чейин жалгыз жатчу эмесмин, атамын койнунда жатчумун. Апам кашатка түшүп кеткенде, артынан чыгып жаңы тигилген боз үйгө кирдим да атамын жанына келсем, гүлдүү чүпүрөк менен чүмкөп, үстүнө жууркан жаап салышыптыр. Жанына жатайын деп түртсөм катып калыптыр, дем да албайт. Менин келгеними да сезбейт. Кандай убакта жанына келбейин канатын жайып, койнуна кысып, кайра-кайра жыттап өпкүлөп кучактап жатчу атам дегеле козголбойт. Чүпүрөктү акырын ачсам кабагын бүркөп алыптыр. Казандын башында жүргөн апама бирөө барып айткан экен апам чыңырып эле жетип келди. Апамын кыйкырыгынан боз үйдө уктап атышкандар ойгонуп кетишти. Менин кылыгыма бардыгы ыйлашты.

- Ай келин, баланын жүрөгү муздап, көңүлү суусун, кыйкырбай апкелип атасын көрсөтүп кой, - деди бир кемпир. Анда боз үйдө ойгонуп кеткен аяш атам:

- Көрсөтүп дейсиз да жарыктык, көрмөк түгүл жанына келип жатып алгыча байкабай калыптырбыз. Атасынын кызы эле да, кантсин эми, сагынып атат да, - деди.

Атамын акыркы көз карашы көз алдыман кетпей чекеме кадалып калды. Атам менин пешенемен акыркы жолу сүйүп коюп ажалга бетме-бет барды, болгондо да бизди коркот деп ажалды сыртка чыгып тосуп алды. Келаткан ажалды тосуп алдынан чыккан мындай эрки күчтүү адамды бул турмуштан эч качан кездештире элекмин.

Эртеси эле мен катуу ооруп калдым. Атасынын кызы эле, атасы алып кетмек болду дешти. Мен үйдүн ичинде жаттым, атам сыртта боз үйдө жатты. Алыстан, тээ алыстан укмуштуудай катуу өкүрүктү ызаалуу ый коштоп келе жатты. Үйдөгүлөр эч ким калбай сыртка чыгышты. Боз үйдү тегеректеп өкүрүшүп, өкүрүк менен биздин жакын адамдарыбызды тосуп жатышты. Алар тайнем, тайтам, Тууганбай тайкем анан тай немин балдар-кыздары эле. Алар жакындаганда кошуналарыбыз чуркап барып тайнеми колтуктан сүйөп кармап келишти. Тайнем ыйлай берип такыр болбой калыптыр. Кошокту түрдөп кошуп атты. Жанындагы кызы Самилакан эжем да тыпылдап кошок кошуп атат. Тим эле бирөө жаттатып койгондой кошту. Ушунчалык сулуулугунан боз үйдүн ичине нур чачып аткандай туюлду. Кошуналар кийин эжемин сулуулугун көпкө чейин жомоктоп айтып жүрүштү.

Мен түш көргөндөй болуп аларды боз үйдүн эшинине сүйөнүп алып көрүп турдум. Бир маалда апамы кучактап алып ыйлашты. Тайнемин апамы кучактап атып кошкон кошогун сырттагы келиндер кайталап жаттап атышты.

Кимбилет аяш атамын өкүргөн үнү да көпкө басылган жок. Эми кайдан көрөйүн бир боорум деп боздосо, чоң кишилер деле ыйлайт турбайбы деп таң калып карайм.

Атам Жалал-Абадда педагогикалык окуу жайда окуп жүргөндө ушул Кимбилет аяш атабызга кошулуп алып кыргыздарды өзбектерден коргоп, болушуп далай жолу кармашкан экен. Кимбилеттин “Атаман” деген аты алигиче өчө элек.

Апамын “Атаңар сеңселтип чач койгон сулуу жигит болчу. Мугалим болуп иштөчү. Ал кезде чач койгондор чанда кездешчү, ал тургай жок эле, эркектер чачтарын устара менен даңгыратып кырып жүрүшчү. Кисабир экенине карабай сулуулугуна кызыгып атаңарды жактырып калгам” дегенин көп жолу уккам, бирок андан аркысын кызыгып сураган эмесмин. Атаңар кисабир дегенин уккандан кийин сурагым да келчү эмес. Атамын эстүү киши экени, баш көтөрбөй иштегени, устачылыгы, мээримдүү баласактыгы, эрки күчтүү, бою узун сулуу киши экени түбөлүккө менин эсимде калган, эч кимдин аны бузууга акысы жок эле. Атам бизди коркот деп өлүмдү да сыртка чыгып барып тоскон, менин атамдай адам чанда жараларын билчүмүн.

Ал эми Баркы акем болсо сурабасам деле айтып берди. Кимбилет аяш атамын атын уккандар алапайын таппай калышчу экен. Далай өзбекти жайлаптыр. Ага чейин Жалал-Абадды өзбектер тейлеп, баарын ээлеп алып, кыргыздарга күн көрсөтпөй коюшкан имиш. Кимбилет ата жөнүндө кушчусуулук журналист, жазуучу Базарбай Буканбеков жазган “Кимбилет атаман” деген китепти кечигип болсо да окуп чыктым, бирок анда атамын аты айтылбай жөн гана кетментөбөлүк жаш бала деп жазылыптыр.

Кимбилет Жалал баш кесердин окуучусу экени да китепте айтылбайт. Жазуучу Кимбилет атанын өз оозунан угуп жазыптыр. Илгертен бери эле өзбек-кыргыз таймашуунун аягы бүтпөй келген. Ачык болбосо да жең ичинен бирин-бири көрө албастык, жек көрүү сезимдери бар. Аны 1990- жана 20010-жылкы окуялар деле тастыктап турат. Муну айтып жаткан себебим ушул кол жазмамы окуп чык деп такай редакторум болуп жүргөн Жумабек Медералиевге берсем, ал ишенбөөчүлүк кылып “мындай болушу такыр мүмкүн эмес, өчүр же оңдо” деп кесе айтып, кайтарып берди. Мен эки элди эрегиштирейин дегенден алысмын, бирок чындык сөзсүз керек, мен айтпасам деле башка бирөө акыры жазып чыгат.


Жалал баш кесер
Жалалдын небереси Съездбек менен Кара-Сууда коңшу болчубуз деп жазбадым беле. Анда Табарик деген чоң апасы күүлү болчу. Жалалдын кылган иштери жөнүндө айтып берсе бизге жомок болуп сезилчү. Бирок, менин укканым боюнча эмес небереси Съездбектин айтуусу боюнча жазып жатам, анткени ал чоң атасын өз көзү менен көрүп, колунда жашап калды да.

- Жалал атабыз мен 7-класста окуп атканда 1969-жылы 13-мартта каза болду. Биздин түбүбүз кеминдик, сарыбагыш уурусунан болобуз. Чоң атам 1887-жылы төрөлгөн. Кичинесинде тили чулдур экен, аны энеси ырымдап, ар кимдин кешигин ичиртип жүрүп айыктырып алыптыр. Өтө шок, ээнбаш болуп өсүп, кумар оюнуна кызыгып кетиптир.

Жалал атабыздын ата-энеси, жакын туугандары Шабдан баатырга таарынып, түштүктү көздөй ооп кетишет. Теңи Кетмен-Төбөдө калып, калганы Өзгөрүш (Үч-Терек району) аркылуу Маданият айлынан өтүп барып, Бөбү деген айылды жердеп, жайгашып калышат. Бөбүнүн кийинки аты Калинин, андан кийинки аты Сакалды (азыр Сакалды айыл өкмөтү болсо керек). Сакалдыда чоңойгуча жашаганы менен, көбүнчө Анжыянды жердеп жүрөт. Кермурут тартып калганда Орусиянын падышасынын буйругу менен согушка алып кетет. Согушта үч жыл жүрүп, бир да жолу мылтык кармабаптыр. Ал тургай эшалондон чыккан эмес экен. Себеби, офицерлер кыйын кумарчы экенин билип калышып, аны кумарга салып коюп, тапканын тең бөлүп алышып согушка салбай жашатып жүрө беришиптир.

Согушта 3 жылдан ашык жүрүп, Сакалды айылына кайтып келсе бир туугандары жок экен. Басмачылар бетине кара чүмбөт жамынып келип, «мени тааныйсыңбы?» дешчү экен. Эгер «Сен баланчасың» деп таанып коюшса, ошол замат өлтүрүп коюшчу экен. Басмачылардын запкысына чыдабай, туугандары Кетмен-Төбөгө жер которуп кетишиптир. Аны билгенден кийин чоң атабыз Анжыянга кетип калат. Ал жерден Кимбилетке жолугат.

Кимбилет бала чагында эле мал айдагандарга кошулуп барып, калып калыптыр, уурулук кылчу экен. Ал жаш болсо да бычак урганга аябай шамдагай экен. Аны байкаган Жалал атам баласындай кылып ээрчитип, көп нерсеге үйрөтөт. Үйрөтүп бүткөндө сынаш үчүн майпаңдап сагыз чайнап уй саап аткан аялдын оозунан сагызын алып чык деп тапшырма берет. Жалалдын сөзүн эки кылбаган Кимбилет колуна кыл алып артынан көрүнбөй барып, аялдын оозуна кылдаттык менен билгизбей кылдын учун киргизет. Оозуна кыл чайнап алган аял уй сааганын токтотуп оозун ачып кылды тартып чыгаргыча Кимбилет шамдагайлык менен тартып ийип, сагызды сууруп чыгат. Ошентип Жалалдын купулуна толот. («Кимбилет атаман» деген китепте бул жери башкача сүрөттөлгөн. Кандай жазса да жазуучунун өз эрки дечи.)
Кимбилет Жалалдын кумар ойногонун жана башка шамдагайлыгын көрүп үйрөнүп, ата-баладай болуп ээрчишип, көбүнчө Жалал-Абад, Анжыян, Ташкенде жүрүшөт. Ташкенде бир акчалуу киши бут тазалаган жаш балага өтүгүн тазалатып атса, кончундагы толтурулган акчасы көрүнүп калат. Бечера балага мактангансып акчасын көрсөтүп бутун тазалатып аткан кишиге жини келген Жалал шыпылдап барып канжары менен бутуна бир сайып акчасын алып кеткен. Ал акчаны деле өзү албай жанагы бут тазалап отурган кичинекей баланын үйүн таап барып апасына берип койгон.

Бир жолу Жалалды бир жаш өзбек бала топтолушуп кумар ойногон жерге алдап жалгыз ээрчитип барат. 2-3 эшиктен өтүп барып киришет үйгө. Ал жерге киргенден кийин чыгыш да кыйын экен. Кеч киргенде да араба чыракты асып коюп оюнду уланта беришет. Бардыгын утат Жалал, бирок тигилер шектүү боло башташат. Себеби, өзбектер элүүдөн ашып кетишет. Түн коюуланып баратканда «Жан керек болсо уткан акчаларыңы ташта, болбосо өлөсүң» дешиптир тигилер. Утканын өмүрүндө алдырып көрбөгөн Жалал чыгарбай коет. Алар колдорун кончуна салып шамшарын чыгарганы калганда Жалал секирип туруп асма чыракты бир тээп сындырып, эки кончунан эки канжарын шап сууруп чыгып ой келди шилтей берет. Өлгөнү өлөт, кээси жарадар болуп кыйкырык, ызы-чуу күчөп кетет. Эшикти тээп сындырып чыгып баратканда дагы жыйырмадай киши аңдып турган экен, баса жыгылышат. Жалалдын бетин бычактап, ичине сайып, өзүн аркан менен таңып байлап Ташкендин Кара-Дарыя суусуна таштап салышат. Эртеси Жалалды дарыянын жээгинде чала жан болуп, эси ооп жатканын кыргыздар көрүп калып үйлөрүнө алып келип, бетин, ичин таңып бир айдан ашык суу менен багып айыктырып коюшат. Кийин ушул кыргыздарга короо-короо кой, үйүр-үйүр жылкы алып келип берген экен.

Арадан бир топ убакыт өткөндөн кийин Жалал трамвайга чыкса бир жаш бала көрө калып эле кетенчиктеп кача баштайт. Аны байкап калган кыраакы Жалал бетине караса эле баягы кумарчыларга салып берип сатып кеткен бала экен. Ошо замат трамвайдын бул башынан тиги башына качкан балага жетип келип кончунан канжарын сууруп алып тиги баланын башын кайрып туруп мууздап салыптыр. Эл кыйкырып-бакырып чыңырып, трамвайдын бир жагына ооп баштаганда трамвай токтой калат. Жалал канжарын баланын үстүндөгү кийимине сүртүп коюп, эшикти тээп ачып, эч нерсе болбогондой чыгып, артына бир кылчайып койбой кетип калыптыр.

Ушул окуядан кийин Жалал Кимбилет менен Жалал-Абадка качып келип, «эми чоңоюп калдың, кыргыздардын жаны сага аманат, алыңын жетишинче сак болгула» деп табыштап коюп, Кетмен-Төбөгө ооп кеткен бир туугандарын издеп жөнөйт. Жолдо келатканда ошол кездеги атактуу революционер Даңканай Жалалдын түрү суук кебетесин көрүп, «сен басмачысың» деп, Таш-Көмүрдөн өткөндө кармап алат. Басмачы эмес кумарчы экенин далилдеп берген Жалал араң кутулуп туугандарына келет. Арадан 30 жылдан ашык убакыт өтүп кетиптир көрүшпөгөндөрүнө. Келсе туугандары бай, кедей болуп экиге бөлүнүп жашап, ортолору ыдырап кетиптир. Байлары кедейлерине жада калса суу да беришпейт экен.

«Сууну кайсы жерден бурганын көрсөткүлө» дейт Жалал атам. Суунун башына барып сууну туугандарын көздөй буруп салса айыл башчысы Жамакенин алты жигити келип камчысын үйрүйт. Алтоону тең аттан шыпырып түшүрүп сууга басып салат. Заматта кабар жетип Жамаке өзү келип калат. «Эй, деги сен өзүң кимсиң ыя?» дейт таң калып. «Мен Базарбайдын үкөсү Жалалмын» дегенде Жамакенин көзү чакчайып кетет.

Кийин дагы Мамыт дегени келип чырылдап суу бербей талашканда колундагы арканды ыргытып мойнуна салып даракка асып коюп, артын карабай басып кеткен. Ал кандай мыкаачылык кылбасын артына бурулуп карачу эмес экен.

Ууру, кумарчы Жалалдын айылга келгени бат эле элге тарайт. Иманакун деген киши жанын койбой кумар ойнойбуз дей бергенинен кумар ойноп киришет. Иманакун утулуп калат. Бирок берерге эч нерсеси жок экен. Эч нерсең жок болсо минеге ойнойсуң, мен сага оюнчук белем деп терекке асып таштайт.

Ошондон кийин деле бир өзбек утуп алам деген ой менен кашаттын башына кумар ойнойгону чакырат. Өзбек утулуп калып, менде акча жок дептир. «Анда мен сени ойно дедим беле?» деп тура калып өзбектин жаагын тирүүлөй айрып салыптыр.

Кумардан 50 койдон 100 койго чейин утуп келип, туугандарына таратып берип, союп гана жегиле мал кылганга болбойт деп эскертчү. Анын айтканын эки дебей аткарышчу туугандар.

Токтогулдун биринчи райкому Жылкыбаевдин үйүнүн ичин тазалап уурдап чыгып кетет. Ат минип үйүнө келген Жылкыбаев көрүп алып аябай кейип отурганда чоң атам эшик ачып салам айтып кирип, «Сүйүнчүсүн бер, үйүңдөгү тонолгондорду алып келдим» деп кайра бергенде райком аябай каткырып күлүп акча берген экен. Анын ушундай кылдат ууру экенине таң калчу дешет. Жалал атабыздын жоругу жолдо калсын, айта берсек түгөнбөйт, өзүнчө бир чоң китеп жазса болчудай.

Чоң атам отуруп, атам туруп турганда экөө тең болуп калчу. Бир күнү атам үйгө арак ичип келди эле чоң атам бир колу менен көтөрүп, үйдүн ичинен ыргытканда атам огородко барып түштү. (Атасы Тезекбай аке Кулатов менен шахтада чогуу иштеп, кийин Кулатов министр болгондо Тезекбай аке да жогорку кызматтарды аркалап жүрүп, ичкиликтин айынан кызматынан шыпырылган. Паспорт бөлүмүндө да начальник болуп иштеген, өтө зээндүү, жазганда шуурудай тизип, сулуу жазчу. Көзү тирүүсүндө жазып кеткен ырларын, санжыраларын, күндөлүк жана башка ар түрдүү окуяларын жазып калтырган кол жазмаларын талдап чыгып, китеп чыгаралы деп чечтик, авт.)
Жалал атабыз кан көрүп калганы үчүнбү, айтор жини чукул, нерви начар киши болчу. Өңү капкара, беттери тешик, бою өтө чоң, чап жаак, мурдун өзбектер кесип салганда операциясы жок эле өзү жабыштырып алган. Көкүрөгү далдайып чыгып турчу. Ийнине эки чоң киши кенен отурчу. Семиз эмес, бирок сөөктүү болчу. Бою 2метр 20см эле. Эшекке мингенде жапыс стулга отургандай болуп минчү, буту жерде сүйрөлүп калчу. Өзбекче, кашкарча сүйлөчү. Көп жылы пас жакта жүргөнгө тили бурулуп калса керек, кийин деле кошуп сүйлөп жүрдү.

Сексенге барып, карып калганда ак дамбал кийип жылаңач отурчу. Мен сабактан келгенде жанына беш мардек коюп, бир жагына мистени кууруп даярдап койчу. Ошол беш мардек түгөнгүчө, арты сыйрылып кеткиче кашытчу. Аны чиркей деле чакчу эмес, бирок ошо тырматканына канагаттанчу. Кашып бүткөнүмдө гана жанагы даярдап койгон мистесин берчү. Бирок акылдап чарчап калчумун. Атамын бою чакан болгондуктан, атамдай беш кишинин артын кашыганга барабар болчу элем, - деп айтып берди Съездбек.

Съездбектин бою анча узун болбогону менен денеси чымыр, жалаң булчуңдан бүткөндөй тарамыштуу, өзү арыкчырай, кезинде өзүнөн чоң, олбурлуу кишилер менен күрөшкө түшүп, жеңип жүргөн. Анча көп сүйлөбөгөн оор басырыктуу, бирок, беттегенинен кайра тартпаган көкжал болчу. Токтогулда жашап жүргөндө колунан мылтык түшчү эмес. Азыр Учкун айылында жубайы Гүлбара менен 1 кыз, 2 уулду болуп, короо-короо мал кармап, 100 сотых жеринде бай-манаптай болуп жашап жүрөт.

Мен жогоруда жазган таланты ташкындаган чебер кыз Нургиза дагы Съездбектин кызы, Жалалдын чөбүрөсү болот..

***

Апам атам өлгөндөн төрт ай өткөндөн кийин Жамгыр үкөмө шерик кылып уул төрөдү. Атын Керезбек койгон, бирок метирканы алганы барса Майрамбек коюп коюшуптур, (8-майда төрөлгөн). Атамын Гүлүмбү деген эжесинин кызынын аты Майрам болчу. Ал эжем: “акем өлгөндөн кийин атымы атап жүрөйүн деп Майрам коюп алдыңбы, атымы унутуп калам деп корктуңбу?” деп апамы катуу жекирип, ошол бойдон катташпай калды. Апам атты мен койгон жокмун деп чырылдаса да укпай койгон. Ошол Майрам эжем мектепте мугалим болуп иштөчү. Ал тургай Нургазы агайдын мектебине да директор болуп иштеген.




1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   13


©netref.ru 2017
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет