Бурулкан карагулова



жүктеу 2.17 Mb.
бет4/13
Дата01.05.2016
өлшемі2.17 Mb.
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   13
: files -> 2010
2010 -> Библиографски опис на публикациите, свързани със славянските литератури в списание „Панорама” /1980 – 2011
2010 -> Приказ 2010 г. № ‪ о переводе студентов очной формы обучения на следующие курсы
2010 -> Приказ 2010 г. № О переводе студентов заочной формы обучения на следующие курсы
2010 -> Темиртас тлеулесов. Шымкентская мафия
2010 -> Пестум-чертоза ди падула-рошиньо-дегустация-агрополи-салерно-ветри суль маре-круиз на корабле(чиленто)-равелло-(изумрудный грот)- геркуланум
2010 -> Методические рекомендации для студентов III курса стоматологического факультета к практическим занятиям по патологической анатомии головы и шеи
2010 -> Ең үздік техникалық жоғары оқу орындарының рейтингі 2010

Турдукан эжем

Агрономдун этегинде жардын (кашаттын) четинде аралга окшоп бөлүнүп калган айылчада жашаган карындашы Турдукан эжемин үйүнүн жанына атам үй салып берип, бирок көчүрүп барганга үлгүрбөй калды. Эжем менен эки атанын балдары болот. Карындашымы караан тутушсун деген экен кайран атам. Жаз чыгары менен жылуу ордубузду козгоп көчүп келдик. Менин шоктугуман эжем көп урду. Үйдүн ичине кирип келип апамын көзүнчө мени сабап кетчү, чычкандай болсом да өгүздөй эжемен далай токмок жедим. Эжем урса эле атамын мүрзөсүнө качып барып үстүнө жыгылып ыйлачумун. “Ата, сенин жакшы көргөн карындашың уруп атпайбы, карабайсыңбы, сен өлбөй койбойт белең?” деп чучуктай чыңырчумун. Ары-бери өткөн үстүңкү айылдын жашоочулары көрүп калып мунун кызы элирип кетти окшойт деп кеп кылышчу экен.

Ооруп онтоп төшөктө жатсам, апам күйпөлөктөп тоогун союп, мага шорпо жасап бергени атса келип алып, туз салба, тузу жок берип жүр, бат оңолот деп, карап отуруп туз салдырбай койчу. Тузу жок тамакты чынында ит деле жебейт экен. Ошентип өзөрүп калган күндөрүм болгон.

Сиңдим атам өлгөндөн баштап такыр ыйын токтотпой койду. Улуулардын айтуусу менен атамын мүрзөсүнөн топурак алып келип эзип, кайнак сууга кошуп, аны чыпкалап ичиргени жатса:

- Антпе, кайдагы жорукту баштап, кир көлөч менен босогого отургузуп алып оозго-оозго чаап ырымдайт, - деди.

Анын сөзүн апам эки кылчу эмес, босогого алдына отургузуп алып көлөч менен акырын ырымдап атса:

- Ай, имине кылып атасың, дегеле баласагын мунун, чаппайсыңбы, апкелчи мага, - деп сиңдими жерге жаткызып алып, килтейген көлөч менен оозго чапкылай берип оозун жарып таштады.

Апам ыйлагандан башка эч нерсе кылалган жок.

Бала болсом да биринчи жолу адамды жек көрүү деген сезим канымда пайда болду. Сиңдими аяганыман эмне кыларымы билбей калдым. Эжем үйүнө баргыча чуркап андан мурун барып, үйүнүн төрүнө эки чака сууну төгүп келдим. Мен экеними жаздемдебей билди.

Беш-алты күндөн кийин көк көз сиңдимин оозу жараттанып айыгайын деп калганда “мен туура эмес кылыптырмын, көрсө ысык чабаты жасап оозуна салат экен” деп келди. Апам ачыткан камырын казанга жаппай эле чабаты жасап кирди. Ысык чабатыны муздатып берип атса эжем апамын колунан жулуп алып ыргытып ийип, казандагы бышып аткан чабатыны алып, ороп туруп сиңдимин оозуна тыкты эле, оозу күйүп ылжырап калды. Сиңдимин чыңырыгынан акыркы үйдө жашаган Ырыс эже, жакын турган Жаныбек акелер чуркап келишти. Алар “акмак катын турбайсыңбы?” дешип аябай урушуп атышты.

Мен ыза болгонуман эмне кылып ийсем экен деп эшикке чыксам, короодо шыпырылган бир чака шыпырынды туруптур. Аны көтөрдүм да чуркап барып эжемин үйүнө кирип төгүп-чачып келдим. Бул сапар мени урган жок. Болгону “Сениби арбак, колго түшөрсүң, сойбосомбу, карап тур?” деп мушун кезеди.

Сиңдим үкөлөрүм менен ойноп атып далистин эшиги менен дубалдын ортосундагы тешикке башын киргизип алып чыгара албай койду. Анын башын чыгарыш үчүн жети түтүн түрүлүп келди болуш керек. Көпкө чейин башын тыгып, ыйлап турду. Ал тешикти биз топуракты оюп жеп атып тешкенбиз. Анан эле ошол жердин ылай кирпичи чыгып, түшүп кеткен. Ал жерге апам атамын курткасын тыгып койчу. Ошондо эжем “Үч кыз, энесине жут кыз, мындай бейбаш кыздарды эмнеге төрөйсүң” деген. Бирок Акылбек жездем унчукпай келип, сиңдимин башын чыгарыш үчүн дагы бир кирпичти чыгарып. кайра алардын ордуна башка кирпич коюп оңдоп кетти.

Дагы бир күнү биз окууга кеткенде апам сиңдими, эки үкөмү үйгө камап коюп ишке кетип калыптыр. Үйдө отура бергенден зеригип сиңдим айнекти чыгарса батпай койгонунан рамканы сындырып чыгып кетишиптир. Аны эжемдерге угузбай апам орус Миллиан атага (аппак сакалы белине чейин түшүп, өтө карыганынан кабар берип турчу) барып айтса, курал-жабдыгын алып келип өзүндөй кылып оңдоп берип кетти.

Бир жолу кечинде сабак окуп чырактын жарыгында отурсак жер титиреп калды. Тамыбыз кыйчылдай баштады. Эжем бакырып ыйлап сыртка качты. Апам балдарын сүйрөп сыртка чыкканда жер басылып калды. Менин качпай койгонуму көрүп апам “сенин жүрөгүң жолборстун жүрөгү окшойт” деди. Тамдын шыбы ылдыйлап калды. Апам таң атканча кудайлап чыкты. Эрте туруп Миллиан атага барса, “мен өзүм да барып көрүп келейин деп аткам силерди, жер солкулдагандан кийин балдарыңы ойлоп тынч алалбай койдум” деп, үйүнөн устунду Борис жинди деген оруска көтөртүп келип, аралап кыскартып, төркү бөлмөнүн чок ортосуна кадоо орнотуп, Борис экөөлөп көтөрүп астына чоң жалпак таш коюп, катырып кетти. Борис белине чейин чечинип алып, кашатты бойлоп кыйкырып, бакырып чуркап жүрө берчү же көзүнө көрүнчү көрүнүп, аларды кубалап орусчалап сөкчү. Ошон үчүн Борис “жинди” атыккан.

Аны көргөн эжем “эмнеге биз турсак орусту чакырасың, же орус атаңын абагасы, энеңин шыбагасы беле?” деп сүйлөнгөн.

Бир күнү велосипед тээп ойноп атсам, желкеме бир нерсе тийди да күп этип кулап түштүм. Көзүмү ачсам апам ыйлап кучактап отурат, үйдө экем. Эжем:

- Өлүканаңды гана көрөйүн, Карагул тирилип келгенсип мунун жыргап атканын көр, - деп жерден таш алганда, апам “а-ай” деп кыйкыргыча эле мени желке талаштыра бир коюп эсими оодарып салыптыр.

Эжемин ушул мамилесинен улам, балдары да жаман мамиле кылат. Ойноп аткан Жамгырды Артык деген баласы уруп качып кетти эле кууп жетпей калдым, ал менден үч жаш кичүү болгону менен чоң, семиз болчу. Дагы эмне кылып ийсем деп үйүн көздөй чуркап баратсам үч жаштагы Төлөгөн (Төлчүк деп жакшы көрөм) деген үкөсү момпосуй жеп көпүрөнүн чок ортосунда турган экен, эжемин иниси Осмонкул акем обочорокто аны карап туруптур. Мен түз эле чуркап барып Төлчүктү бир койсом сууга учуп түштү. Акем кыйкырып чуркаганда эжем атып чыкты, экөө ач кыйкырык салып чуркап келгиче, көпүрөнүн аркы башынан түшкөн баласы берки жагынан агып чыгып келди. Кичине ыйлаганы эле болбосо эч нерсе болгон жок. Кандай жол менен болсо да эжемен өч алчумун. Кичинекей мекен болгон үй-бүлөмү коргоп, бизге ким кыянаттык кылса жетчү жерине жеткирчүмүн. Ошол кезде эжем менен өмүр бою душмандашып жашай беребиз деп ойлочумун.

Күйөөсү Акылбек жездем уста болгондуктан үйүнүн тегереги бүт коргондолгон. Осмонкул акемин машинеси бар болчу. Аны аскерде курулуш ишинде иштеп жүрүп акча топтоп сатып алган. Жанагы чоң көпүрөнү машинасы кенен өтүш үчүн салышкан. Ошол Москвичи азыркыча айтканда самолету бар дегендей эле. Айтор бай турушчу.

Эжемин акеси Сарыгул акем өтө түнт киши болчу. Ал, Опуш жеңем болуп тез-тез эжемкине келип калышчу. Бизди акем көрмөксөн болуп үңүрөйүп жер карап өтүп кетет. Айнура деген кызы менен көп ойноп калдык. Жакын туугандардын балдары катары эмес, айылдаштардын балдары катары эле ойночубуз. Акем, жеңем экөө тең мектепте мугалим. Жайында жеңемин эки жашар баласы эжемкинде отко кактап бышырган дүмбүлдү жеп атып жүгөрүгө какалып чарчап калды.

Жеңем кийин дагы уул төрөдү. Атын Союзбек коюшту. Мен “Союз-5” деп эркелетчүмүн. Ал баласын акем, жеңем, эжемдерге көрсөтпөй өөп, качып кетчүмүн. Себеби эжем өзүнүн балдарын да өптүртчү эмес, өпсөк жаман көрчү. Төлчүктү аңдып туруп өөп келчүмүн. Аябай жакшынакай болчу.

Кийин элибиз чилдей тарап ар кайсы жакка чачыраганда эжемдер да жаңы курулушка бизден алысыраак көчүп келишти. Биз чоңойгонго мамилеси өзгөрүп, ал тургай жакын адамдардай болуп катташып калдык. Мен өткүрлүгүмө салып “Эже, кичинебизде эмне үчүн ошончо кордодуң эле?” деп сурасам, “сен бейбаш элең да, таркылдап ойногондон башканы билбеген, Карагул жаңы эле өлсө аза күтпөй тарсылдап велосипед тээп жүрсөң жиним келип уруп койчумун” деди. Бирок, өткөн иш өттү, аны кектебейм деле, бизге кудайдын көзү түз болсо болду. Эжемин өмүрү узун болсун!

Бул жазгандарымы бир эле күндө отуруп жазып койгон жокмун, 1975-жылдан бери кичинеден жазып чогултуп жүргөм. Ал жазганымы унутуп коюп кайра 1986-жылы жазыптырмын. Андан кийин 1996-жылы, акыркы кол жазмам 2000-2005-жылдарга таандык экен. Бирок бардыгы тең коендой окшош фактылар, мээмдин ичиндеги компьютерге уюп калгандыктан жазмаларым бардыгы окшош болуп чыкты.
Күмүшкан эжем
Чоңойгон сайын атама аябай окшошуп калган Күмүшкан эжем биздикине келип турат. Чоң атабыз бир тууган. Аскер адамындай тарсылдаган тың, кылган иши да эркектикиндей, бирок мүнөзү жумшак, жүрөгү кенен. Келери менен эле мени:


  • И кагылайын Карагул акем, - дейт.

Атамын үйдө илинип турган мылтыгын ала коюп, сырттагы бакта шакылыктаган сагызганды, какылыктаган каргаларды мээлебей туруп атып салчу.

- Аткыч болгуң келсе, ушинтип ат, - дейт. Анан кантип атканды, мээлегенди үйрөтчү. Өзү аткыч болгондуктан жанында дайыма ок жүрчү.

Мылтыктын түрүн атап санап берчү:

- Он эки, он алты, жыйырма сегиз - муну менен алысты атасың, отуз эки, мантикрас, винтовка беш атарга патрон саласың, дүрбүлүү мантикрас, магазини бар мантикрас, кыргыз мылтык (милтелүү мылтык, түтөтмө мылтык, бүктөмө мылтык), беш атар, автомат калашник (Калашников), - деп жаттатчу.

Эжем 50 метр аралыкка шише тизип коюп эркектер менен мылтык атып жарышчу. Ал тургай милиция акелер менен да жарышып утуп алганын билем. Анын бир аты “көзгө атар мерген”.

Ал окуусун бүтпөй жаш эле күйөөгө тийип кетти, ала качып кетти жездем. Узун-Акмат жерин жердеп, Алатай жайлоосун жайлап, элик, кийик, аюу, карышкыр атып тоодо жашап жүрүштү. Бир күнү чоң аюу эки мамалагын ээрчитип келатса жездем мээлеп калганда эжем жездемин мылтыгын тээп, балдары жетим калат деп балалуу аюуну аттырбай койгондо ок асманга атылып, аюу балдары менен качып кетиптир.

Эжем атамдай чебер, устачылык да кылып ийет. Милтелүү мылтыктын милтесин кантип эшсе, жүгөндү да ошентип эшет. Тордун түрүн токуйт. Канчалык оор иш болсо да эртеңкиге калтырбай ыпылдап-тыпылдап заматта бүтүрө салат. Чоң окууну бүтпөсө да аябай билимдүү. Кайсы жериң ооруса кантип айыктырарды айтып берет. Малы көп, тооктору жер жайначу, аларды уколсуз эле айыктырып алат. Кайсы тоок эмне менен ооруганын карап туруп айтып берет.

Ушул эжем он алтыны төрөдү, Боюнда бар кезде баланын салмагы 5 кгдан ашып, ичинде чоңоюп кеткендиктен доктурлар 9 баласын ичинен колу бутун кескилеп алып чыгышты. Жети баласы аман-эсен төрөлүп, дени соо чоңоюп, эр жетишти. 7 жолу боюнан алдыртканын кошкондо эжем 23 баланын энеси болмок экен. Эжемин очогу шаарга айланып очор-бачар болгондо катташыбыз үзүлдү. Жамандыктарга гана барышып калдык.

Эжем ушу тапта ооруп, Бишкекке ооруканага көрүнгөнү келген. Азыр арманын айтып Соттун, милициянын, Психикалык оорукананын атына мага арыз жаздырып атат. Арызды өзүнүн макулдугу менен китепке киргиздим:
Эненин көз жашы
Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Ш.Кенжетаев көчөсүнүн жашоочусу, пенсионер, инвалид Кожобекова Күмүшкандан
А Р Ы З
Менин Арыз берүүмүн себеби төмөнкүчө:

Жолдошум каза болгондон кийин Кутманбаев № 35 көчөсүндөгү үйүбүздү сатып жиберип, Урмат деген уулум жашаган Кенжетаев көчөсүнүн № 4 үйгө жакын жайгашкан үйдү сатып алып, жакын көчүп келгем. Уулуму караан тутуп, балдарыма тийек болоюн деген таза ой менен гана жанаша үйдү сатып алгам. Эң кичүүм Советбек жанымда калган. Бирок, Урмат менин көчүп келгениме курсант болбой, тескерисинче «кайра көчүп кет» деп кодулай баштады. Анын тилинин заарына чыдабай кичүү балам мени таштап Бишкекке кетип калды. Уулум кеткенден кийин Урмат мага далай кордук көрсөттү, мас болуп келип терезелерими талкалады, өзүмү таш менен урду. Зарип деген тааныш милиционер бала айнек алып келип кайра салып берди.

Аялы да ичет. Тили заар. Мени урат. Уулум аялынын тилине кирип, ал айткан жалган кептерге ишенип алып мени ышкырта сөгөт. Анын сөккөнүн угуп туруп адам чыдабайт.

2004-жылы декабрдын 17синде саат төрттө беш тоогуму үйүнө киргизип алып чыгарбай коюшканын айнектен көрүп калдым. Такыр чыгарбай коюшканынан тоокторду чыгарбайсыңарбы деп барсам, аялы Урматка «энеңи чап, үйгө киргизбе» деп кыйкырды. Аялы желкеден алып жыгып, уулум жамбашка тепкилеп, катуу сабап эсими оодарып салышты. Эсиме келгенде «сени мен төрөп, өстүрүп чоңойттум эле го, аялыңын тилине кирип ушундай кыласыңбы?» десем, «Сенин төрөгөн баланчаңа баланча ....., оозуңа да ошондой ....» деди. Катыны адатынча таш менен уруп баштады.

2005-жылы апрелде дагы тоокторуму огороддон айдап келатсам, Урмат «тоокторуңу бул жакка айдаба» деп күндүз, чак түштө эле таш менен койгулап уруп таштады. Тоокторуму ачык эле кармап союп жеп түгөтүштү. Карап туруп эле баралбай калам, барсам аялы чыңырып эрин чыкырат, эри экөөлөп тепкилеп жатып калышат. Айыл, кошуна баары билет.Ал турган чоң семиз итими да союп алышты.

Аялы Урмат үйдө жокто дайыма чуу көтөрүп, качан да болсо «шыйрактан бөйрөк чыгарып» турат. Дагы бир күнү Самарбек деген кошуна менен келип экөөлөп сабап кетишти мени. Милицияга арыздансам Болпокеев Кыяз деген тергөөчүгө тапшырган. Судмедэкспертизадан өтүп келатсам, келин Самарбек экөө жолдон кармап алышып, экинчи урбайбыз каматпа деп жалдырашып кагазымы колуман алып коюшту.

Келин Алмаш деген кызы экөө тез-тез эле тытышып, жулмалаша беришет. Түн экенине карабай уктап жаткан жериме мушташып кирип келишет. Бири-биринин уурулуктарын чукушат. Кызына болушуп ажыратсам келин сабайт. Келинге болушсам кызы сабайт. Мага жашоо жок. Үйдөгү болгон буюм теримди каратып туруп алып кетишет. Эртеси бербейсиңерби дечү болсом келин жулунуп баламы чыкырып урдуртат. «Сени балаңа өлтүртүп коем, жалгыз жашайсың, сен үчүн эч ким жооп бербейт» деп коркута берет. Аялынын тилине кирген балам эч нерсени териштирбей туруп мени сабап жатып калат. Качан болсо аялымкы туура деп ойлойт. Эгер аялы менен беттештирип туруп күнөөмү мойнума коюп берсе мойнуму тосуп берет элем.

Алмаш деген кызы «Эй Күмүшкан, сени минтип коебуз» деп колундагы таякты астына тыгып кайра чыгарат. Шымын шыпырып «муну же» деп көчүгүн чапкылайт. Бир эле мени эмес көчөдөн өтүп бараткан чоң кишилерге да тилин чыгарып, артын шыпырып чапкылай берет. «Сени өлтүрүп коебуз» дегенден башка сөздү билбейт.

Урмат 2011-жылы 3-мартта үйгө мас болуп келип, «сен менин үйүмүн бир бурчуна отургун, сенин үйүңү сарай кылам. Эшиктеги тапчаныңы үйүмө апарып коем» деди. Ошондо Рат балам Бишкектен келип үйдө жаткан. Рат ачууланганда «мас неме сүйлөй берет, теңелбе балам» деп койгом.

Ошо менен 7-апрель күнү кечке жуук Санжар деген досу менен келип калды. Досун үйгө калтырып сыртка чыгып кеткен. Санжар бир аздан кийин чуркап чыгып кетти. Менин кулагым жакшы укпагандыктан эч нерсе менен ишим жок үйдө отургам. Бир маалда Рат балам ылай болуп, башы, көзү канжалап эптеп жөрмөлөп мага чейин жетип «Урмат акем жайлады» деди да эси ооп жыгылып калды. Айлам куруп тез жардам чакырдым. Досу Санжар баламы тез жардам менен алып кетип жанында жатты. Урматтын аялы артынан кеткен. Ал келип эле мага атырылды «балаң арамза экен, эч нерсе болбоптур» деп. Узи да, рентген да таза чыгыптыр, аны келин акча берип айттырбай коюптур, өлүп калсын деген кыязда.

Эртеси Рат балам чыдабай калды. Доктурлар караган жок. Өзүм баса албагандыктан Санжарга телефон чалып баламын абалын билип турдум. Бишкектеги кыздарыма, Сочиге чалып шашылыш келгиле деп чакыртсам, Сочи келип Ратка убактылуу оорутпай турган укол салдырып, Бишкекке алып кетти. Борбордун ооруканасынан текшерүүдөн өткөрүп, «Кабырга сынып өпкөгө кирип кеткен, ал тешиктен аба кирип, жүрөктү кысып калган» деген диагноз коюп, шашылыш операция жасашыптыр.

Ленин районунун милициясы келип териштирип, ишти Токтогул районунун милициясына жөнөтүп жибериптир. Тергөөчүлөр мага үйгө келгенде «Экөө тең өзүмүн балам, эми эмне кылам?» деп ыйласам ишти жаап салышты.

Рат балам оор абалда жатканда Урмат кыздарыма чалып акчасын төлөп айыктыра бергиле, канча болсо да төлөп берем дептир, а бирок бир тыйын да жардам берген жок. Кыялы чатак. Аракты да суудай ичет. Атасындай чоң эле кишини уруп, өлтүрүп кое жаздаган. Кошуналар да кыялы бузук, өлтүрүп койбосун дешип коркушат.

2011-жылдын апрелинен ноябрга чейин Бишкекте ооруканада жаттым. Жайкы ысыкта жуунуп келейин деп кызымкына барсам, Урмат келип «Мен үйдү алам, барсаң өлөсүң, эч кимиң барба, үйдү бербейм, бардың дегиче өлтүрүп коем» деп коркутуп кетти.

Урмат да, аялы Айнаш да, кызы Алмаш да нервден кеткендер. Колунан ар нерсе келиши мүмкүн.

Бир бутум катуу ооруп балдак менен басам. Төрт жолу операция жасашты Бишкектен. Кулагыман да операция болдум, жакшы укпайм.

Ошондуктан урматтуу жогоруда мен жазып жаткан мекеменин жетекчилери!

Сиздерден суранарым мага жардамга колуңарды сунгула. Өз баласынан жабыр тарткан энени мен кинодон да көргөн эмесмин. 7 балам бар. Бирөөсүнүн чекесине чертпей, аппак кылып, кийиминин четине чаң кондурбай чоңойтком. Үч кызым күйөдө, балалуу-чакалуу болуп өздөрү менен өздөрү. Төрт баламын улуусу Үмүт 1999-жылдан бери дайынсыз. Бирөөсүн да катуу урушуп же тилдеген эмесмин.

Урматтын аял алгыча мындай мүнөздөрүн байкаган эмесмин.

Ушул окуялардан улам жыйынтык чыгарып, балам Урматты тарбияга чакырып, келин менен кызын психикалык ооруканага дарыланууга жөнөтүп берүүңүздөрдү суранам. Сиздерге кайрылуудан башка аргам калбады. Мен ушул катты жөнөтүп коюп Токтогулдагы үйүмө жөнөп кетем. Эгер мен бир нерсе болсом Урмат, аялы, кызы үчөө күнөөлүү деп билиңиздер.

Арызды өз оозум менен айтып берип жаздырдым.

КҮМҮШКАН Кожобекова.


Эжем азыр алтымыштан жаңы эле ашты. Дагы деле колунан иш, оозунан шекер сөзү түшө элек. Жаркылдап күлүп сыр бербейт. Бирок, жогорудагы ыйлап, боздоп атып айтып бергендерин жазып жатып жүрөгүм аябай ачышты...

Эжем Токтогулга барса жанагы небересин күйөөгө ала качып кетишиптир. Ала качкан күйөө тууган уругу менен чогуу эртеси эле кайра кечирим сурап жеткирип келип коюшуптур.


***

Күмүшкан эжем мага жети жашымда мылтык атканды үйрөтүп кеткенден кийин огу жок мылтыкты көтөрүп алып балдарды коркутчумун атам деп. Мен мылтык көтөргөндөн кийин мени менен мушташпай калышты. Ырыс эле иш кыл деп уруша берчү апам жокто. Мына эмесе деп бир күнү мылтыкты алып чекесине мээлеп калдым. Ырыс коркконунан калчылдап калды, өңү боп-боз болуп бакырып ыйлап кирди. Мен “көтөр колуңу” десем көтөрөт, “түшүр” десем түшүрөт.

- Экинчи мени иш кыл дейсиңби?

- Жок дебейм, десем майнеке болоюн.

- Өзүң кыласыңбы иштин баарын?

- Ооба, өзүм эле кылам, сени кыл десем ит болоюн.

- Апама айтасыңбы атам деди деп.

- Жок айтпайм, өлсөм да айтпайм.

- Айтсаң атып таштайм, макулсуңбу ушуга?

- Макулмун, айтсам атып сал, - эжем калчылдап болбой калды.

- Анда тур, эгер айтсаң сурабай туруп атып салам, уктуңбу?

- Уктум, уктум.

Кечинде апам жумуштан келгенде чай берип аткан Ырыстын колу калчылдап атты. Апам байкап койду.

- Бир жериң ооруп аткан жокпу? – деди. Ырыс жок деди шашкалактап.

- Анан эмне өңүң бозала, колуң эмне калчылдап атат? – дегенде Көккөз сиңдим тантык тили менен “Буку мытык минен атты” деди.

- Эмне дейт? – апам чоочуп кетти. - Кайсы мылтык менен? – дегенде мылтыкты көргөздү. – Ким атты? – дегенде мени көрсөттү. – Кантип атты? дегенде эки колун мээлеп Ырыстын чекесине такады. – Анан сен ошого эле коркуп калдыңбы? – дегенде эжем бакырып, эреркеп ыйлап калды. Апам ошондо билди Ырыстын чындап коркуп калганын. Туруп барып мылтыкты алып:

- Сен деген мындан улуусуң, чоңсуң дагы, мылтыкты сууруп алып өзүн атып салбайсыңбы? – деп эжеме мылтыкты берди, - ме эми сен ат, атып көрчү кандай болот экен билсин, - деди. Эжем кармаганы менен аталган жок. Апам ат деп атам, сени кантип мээледи эле ошентип мээле, болбосо экөөңү тең сабап салам, – деди. Эжем калчылдап мени мээге мээледи эле, мылтыгы менен кошо түртүп жиберсем чалкасынан түштү. Апам мылтыкты эжемен жулуп алып мени кундагы менен келиштире бир чапты. Мен тарс этип жыгылып түшсөм эжем бакырып келип:

- Апа, урба муну, суранам урба, кечирип койчу апа, экинчи мылтык менен ойнобойбуз, – деп болушуп үстүмө жата калып мени келтектен калкалады.

“Арачыга алты таяк” дегендей шоктугуман канча келтек жесем да арачалап ортого түшө калып жүрүп келтектин жарымын эжем тең бөлүшчү.
***
Биз бир уй, бир торпок, алты кой, жыйырмадан ашык тооктон сырткары атамын кол менен жасаган буюмдары менен эле бай болчубуз. Ал буюмдарын да ар ким сурай берип, акырында төөнүн жүнүнөн атам өзү токуган узун, калың шарф, бир эле мылтыгы, анан баягы орундук (креслосу) калган. Мылтыгын да Абдыразак деген аяш атам карышкыр малга тийип атат, атып алайын берип тур деп алып кеткен бойдон кайра бербей койду. Акыркы креслосун сурашканда да мен ыйлап атып бергизбей койгом. Жадакалса эшегин, арабасы менен алып кетишкен. Шарфын мен чоңойгуча тагынып жүрдүм. Атам токугандай шарфты 90-жылдан кийин фабрикалар чыгарып, сатыкка түшө баштады.

Шипшиңкедеги алыс туугандар, кошуналар менен кол үзүшкөн жокпуз. Тынбай катташып турчубуз. Эки жарым саат жөө жүрчүбүз. Алыстыгына карабай барып келип турдук. Кимисиникине барбайлы берерге ашын таппай, жетине албай кагылып-согулуп өпкүлөп кабыл алышчу. Алардын бергендерин үйгө көтөрүп келип апамы сүйүнтчүбүз.

Агрономдогу үйүбүз дагы Шипшиңкеликтер үчүн аялдама болчу. Токтогулдун борборуна (Эски Токтогул) базарга баратканы да, кайтып келатканы да биздикине кайрылып бутун сунуп отуруп, ысык чай ичип эс алып кетет. Алар жөө катташчу, “ушул жерге ырас эле көчүп келиптирсиңер” деп бизди алкашчу. Апам иште жүрсө да жогун билгизбей чай беребиз. Биз окууга кетип калсак бөбөктөрүм болчу. Ким келсе да эшиги ачык турган үйгө кирип курсактарын тойгузуп алып жолуна түшчү. Болбоду дегенде эле суу себилип таза шыпырылган корообуздагы көлөкөлүү бактын алдына салынган тардын үстүндөгү төшөккө жатып эс алышчу. Атам сайган чырпыктар чынар терек болуп, алча, алма бактары, жүзүмдөрү дүркүрөп өсүп күндүн бетин жаап турчу. Биз бар болсок да, жок болсок да бейчеки алма, алча же жүзүмдөн үзүп жешчү эмес. Шипшиңкеликтер биздикине келишсе да, биз алардыкына барып калсак да дайыма атам жөнүндө кеп кылып эскере беришчү. Анын усталыгын, өткүрлүгүн көп айтышчу.

Үйдө алманын түрү өскөнүнө карабай мен балдарга кошулуп алып, Коңкош атанын короосуна жана Милиан атанын багына уурулукка барам. Ошондогу ач көздүк менен биз үзүп алган сулуу алмалар жээлбей эле калчу.


Чынаркан эженин эки күйөөсү
Биздин үйгө тынбай көп келгендердин бири Чынаркан деген эже. Анын күйөөсү Турар аке үйүнөн эч жакка чыкпайт. Чоң сарайдын короосунун ичинде үйү бар болчу. Домой деген кишини үйүндө иштетип, жашатып жүрчү. Эже Домой аке менен базарга каттачу, экөө менен тең жашачу, экөө тең чоң, олбурлуу кишилер эле. Турар аке менен үйүнүн ичинде жатса, аны уктатып коюп сырттагы бастырмасында Домой аке менен жатып алчу. Турар аке билчү, бирок билмесен болуп койчу. Эл да билет, билмек тургай эрте менен эрте жумушка келгендер көрүп коюшчу.

Турар акеге караганда Домой акени аябай жакшы көрчү эже. Биздикине келип арак ичишчү, ырдашчу, кучакташып өбүшүп калышчу, кайра бир заматта эле мушташып кетишчү. Бир жолу чай ичип отуруп уруша кетип, Домой аке колундагы чоң кружка менен эжени мээлеп чабарда ал эңкейе калып, кружка күч менен барып Көккөз сиңдимин көзүн көгөртө койгон. Сиңдимин ээси ооп жыгылып калган.

Биз уктай электе эле экөө жатып алып төшөктү ары-бери желпий башташат. Таң калып караган бизге аябай кызык көрүнөт. Чынаш эже артынан түрткүлөгөн Домой акени жөн жат дегендин ордуна бизди карап күлүп же “ии, жомок айтып бергилечи, кана” деп көзү сүзүлүп сүйлөнүп, же заматта эле көздөрү аңтарылып онтоп, акыштанып калат. Эжем башына жуурканды жаап, менин кулагыма “мине кылып атышат билесиңби?” дейт. Мен “жок, билбейм” дейм. Ал айтып берет мине кылып атышканын.

Ошол чын болсо үстүлөрүнөн жуурканын сыйрып салып уят кылайын деген ой менен мен жуурканды тээп тура калсам, сестендиби, же иштери бүттүбү айтор дымып калышты.

Бул аял дегеле үйүнө шашып койбойт. Домой аке менен жүргөндө дүйнөсү түгөл, көңүлү ток. Үч күнгө чейин деле түнөп кала беришчү. Сулуу эже эле, эки күйөөсүнөн тең балалуу боло алган жок. Апам аларды келбегиле, кеткиле деп эч айткан эмес, мурунку айлыбыздагы келиндердин эң кичүүсү болгондуктан келгендердин баарын акем, эжем деп сыйлап турчу. Шипшиңкелик жакындарыбыздын өтө көптүгү да Турдукан эжеме жакчу эмес.

Анан Асанбай аке аялы Суусар эже менен көп келет. Келатканда соо кайрылышат, базардан кайтканда бозого тоюп кызуу келишет, анан мушташ башталчу. Бир күнү биздин орулуп бүткөн жүгөрү аңызда мушташышты. Бүт коңшу балдар чогулуп карап турдук. Эри жакшы эле аялын уруп аткан. Бир маалда өтө ачууланган Суусар эже эрин күч менен көтөрүп туруп жерге урду. Аялынын астында калган аке жалына баштады. Эже бир колу менен тамактан алып, бир колу менен ыштанын мыжыды. Күйөөсү үнүнүн баарынча кыйкырды. Балдар “тигил жерин жулуп атат, карагыла” деп бири-бирине кыйкырып эле жыргап калышты. Менден башка кыздардын баары качып кетишти. Биз концерт көргөндөй карап, каткырып кызыкка баттык.

Кайсы көчөдө жашаганын билбейм Икрам деген аксакал катуу ичип келип, огородубуз жолдун жээгинде болгондуктан биздин жүгөрү аңызда көп жатчу. Картайганына карабай ичип, мас болуп жүргөнүн дайыма Ташахун уйгурга окшото беребиз. Бул жердин да Ташахуну бар экен го деп аны көргөн шипшиңкеликтер күлүп калышчу. Ал ичкич атаны аңыздан ары бутунан сүйрөп, кашатка чейин алпарып, далай жолу ылдыйга тоголотуп ийген күндөрүм болгон.



1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   13


©netref.ru 2017
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет