Бурулкан карагулова



жүктеу 2.17 Mb.
бет5/13
Дата01.05.2016
өлшемі2.17 Mb.
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   13
: files -> 2010
2010 -> Библиографски опис на публикациите, свързани със славянските литератури в списание „Панорама” /1980 – 2011
2010 -> Приказ 2010 г. № ‪ о переводе студентов очной формы обучения на следующие курсы
2010 -> Приказ 2010 г. № О переводе студентов заочной формы обучения на следующие курсы
2010 -> Темиртас тлеулесов. Шымкентская мафия
2010 -> Пестум-чертоза ди падула-рошиньо-дегустация-агрополи-салерно-ветри суль маре-круиз на корабле(чиленто)-равелло-(изумрудный грот)- геркуланум
2010 -> Методические рекомендации для студентов III курса стоматологического факультета к практическим занятиям по патологической анатомии головы и шеи
2010 -> Ең үздік техникалық жоғары оқу орындарының рейтингі 2010

Жети түтүн
Агроном айлына караштуу биздин жети түтүн үй-бүлөдөн Гүлүпа эжеден башка эч ким арак же бозо ичишпейт. Ал эженин күйөөсү жок. Дайыма эркектер менен арак ичип мас болгондо, кай жерде ичсе ошол жерде жатып уктап калчу. Же “беш жетим, беш дөө” деп дөңгө чыгып алып бизге кыйкырчу. Башкаларга кыйкырайын десе күйөөлөрүнөн коркчу. Соолукканда уялып бетибизге карай албайт эле. Анын менден беш жаш улуу Тайлак деген баласы менен алым жетпесе да мушташам, энесинин өчүн алыш үчүн. Көбүнчө мени кичүү, анын үстүнө кызсың да деп жеңилип берчү.

Гүлүпа эженин үйүнүн жанындагы дөң жөнүндө ар кандай аңыз кептер айтылчу. Ал дөң бир кезде заңкайган чоң үй болгон экен. Кайсы бир жылы түнкүсүн катуу жер титирегенде үй кулап түшүп, ичинде уктап жаткан бир үй-бүлө чогуусу менен тамдын астында калышыптыр. Аны казганга эч кимдин кудурети жетпей ошол боюнча шейит кетти деп таштап салышкан экен. Түнкүсүн сыртка чыкса бирөөлөр жардамга деп кыйкырат имиш, же чыйылдаган балдардын ыйы угулуп турат деп айтып балдар бири-бирин коркутушчу. Күүгүм киргенде эле балдар үйлөрүнө камалып, сыртка чыккандан коркушчу. Мен болсо түндө жалгыз чыгып алып ошол дөңдөн качан үн чыгат деп аңдып көпкө чейин отурчумун, бирок андай кереметти укпадым. Баарыбыздын тең күндүз ойногон жерибиз ошол дөңдүн үстү болчу. Жыландын түрү жашачу. Жака-бели бүт майда чий. Ошол чийди да түнкүсүн күйөт дешчү. Балким бул дөңдүн астында хандар көмүлгөндүр, ким билет. Анткен себебим дөң өтө эле бийик болчу, анан жыландар көп болчу Жыландар бизге тийчү эмес, биз аларга тийчү эмеспиз, кошунадай болуп ынтымактуу жашачубуз..


Жети түтүндү жогору жактан санаганда Ырыс эже, күйөөсү Отунчу аке, баласы Ашарбек үчөө жашайт. Ырыс эже ыймандуу жакшы эже. Баласы Ашарбек өтө көп сүйлөгөн маңыз, классташпыз. Үйүндө эженин жакын тууганын балдары Жеңишбек (дудук болчу, дудук болсо да жаркылдап күлүп жүрчү. Дудукча сүйлөгөндү эч ким үйрөтпөгөндүктөн айтайын дегенин түшүндүрө алчу эмес), кызы Саадаттар жашачу.

Андан бери Насырынбек аке, аялы Аккүл эже, балдары Сатыбалды, Калкыз болуп турат. Сатыбалды аке өтө түнт, эч ким менен сүйлөшпөйт. Калкыз да кыздарга кошулуп ойнобойт, менден бир жаш кичүү.


Анан Турдукан эжемдер, балдары Козу (өз аты Жапар), Артыкбек, Бай (өз аты Артыкбай), Төлөгөн. Козуну аскерде жүргөндө чечендер өлтүрүп кетти. Артык каалаган жакта жүрө берет, атасындай чоң уста. Бай менен Төлөгөн тың чыкты, азыр балалуу-чакалуу.

Булардын катарында Жаныбек акенин үйү бар, балдары Жолдошбек, Каленбү, Кызылкөз Мыкын (Максатбек). Жаныбек аке акылдуу, мүнөзү оор киши. Аялы Айым апа биз көчүп келген жылдары каза болду. Бир жылдан кийин Жаныбек акеге аял апкелип беришти. Жылмаңдаган, чыкчыңдаган аял болчу. Жаныбек аке катуу ооруп үч жылдан кийин каза болуп калды. Ал жылмаке кыркына чейин араң чыдады. Кетем эле кетем деп туруп алганда Жаныбек акенин жакын туугандары машина алып келип шырдак, кийиз, төшөнчү, идиш-аякка чейин жүктөп берип урушпай нетпей, тынч гана кетирип жиберишти. Жолдошбек аке узун бойлуу, жоош, көздөрү бакырайып сулуу болчу. Каленбү иштин баарын жасачу, мүнөзү токтоо, чогуу окуйбуз. Ал эми кызыл көз Мыкын да Жолдошбек акедей бойлуу, өңдүү болгону менен дайыма көздөрү кызарып жүрчү. Ошон үчүн экинчи аты Кызыл көз болчу. Алардын катарында жанагы дөңдүн жанында Гүлүпа эже жалгыз баласы Тайлак (өз аты Сатыбалды) менен жашайт.

Булардан обочороокто бирок ушул эле катарда мүрзөлөрдүн жанында сакалы куудай болгон Коңкош ата жашайт. Анын улуу кызы “меникара” деген жылтырак материалдан көйнөк кийип чыкканда көйнөгүн көрөбүз деп артынан ээрчип алчубуз. Андай көздү уялткан матаны ага чейин көргөн эмеспиз. Ал Ошко окууга кетип Алайга күйөөгө тийип кеткен экен, такыр келбей калды. Чынбы, калппы ким билсин, алайлыктар келин болуп барган кыздарды төркүнүнө жөнөтүшпөйт имиш деп апасы зар какшап ыйлап жүрчү. Чындап эле ошол кызы бир кайрылып келген жок. Экинчи кызы Касиет эже аябай эрке, таркылдаган кыз болчу. Кара-Суу айлына Чикен деген акеге күйөөгө чыкты.

Ошол узун катар тамдардын алдында, жолдун боюнда биздин кичинекей үй-мекенибиз жайгашкан. Эжем, Жаныбек аке анан биздин үйдүн ортосу аябай кенен. “Жоолук таштамай”, “Качмай топту” ушул жерде ойнойбуз. Качмай топ ойногонду аябай жакшы көрөм. Бирок ал кезде топтун табылышы кыйын болчу. Дайыма ызылдап, кыйкырып, бакырып ойночубуз. “Жоолук таштамай” ойноп атып, кимибизге таштап салат деп аңдып, үнүбүз чыкпай калчу. Себеби жоолукту көрбөй тескери карап отура берсең кайра айланып келатканда катуу түйүлгөн жоолук менен сабап салышат.

Ошондой убакта бир күнү эжемин үйүнөн чыйкылдаган үн чыкты. Бардыгыбыз ошол жакты карап калдык. Улам эс алып туруп эле болуп көрбөгөндөй чыйкылдап жүрөктүн үшүн алат. Бардыгы сестенип отуруп калышты. Бир аз дымып калып, кайра катуулап чыйкылдай берди. Кыздардын баары үйлөрүнө качып кирип кетишти. Балдар менен эле мен калдым. Эжем кайра чыгып “бас үйгө, апама айтам” деп сүйрөдү эле, түртүп жиберип Турдукан эжемкине чуркап кеттим. Көпүрөдөн өтүп, тамынын сыртындагы чырпыктан жасалган чарбактан ашып түшүп, каяктан чыгып атканын аңдыдым. Балдары жолой албай алыста аңдып турушат. Ошо кезде чоң кишилер “жүгөрүнүн арасында жалгыз көз желмогуз түнөйт, этият болгула, күндүз аңызга барбагыла” деп коркута беришип балдарынын жүрөктөрүнүн үшүн алган кез эле. Антип коркутушкан себеби чоңоюп бараткан боз балдар чоңоюп келаткан беш көкүлдөрдү “сүйлөшүп отурабыз, жүр” деп кыйнап, жүгөрүнүн арасына сүйрөшчү.

Эжемин айнек тушуна жеткенде чыйкылдаган үндү таптым. Ал эки мырза теректин ортосуна салган акемин турниги экен. Шамал болуп эки терек ары-бери термелгенде мык менен катырылган жери бошой берип, темир тийген сайын чыйкылдаган үн чыгып атыптыр. Аны билип алып кайра ордума чуркап келип, балдарына:

- Силердин тамыңардагы шыпта жалгыз көз желмогуз коңурук тартып уктап калыптыр, - деп айтып бүткүчө эле балдардын баары тең коркуп, бакырып биздин үйгө кире качышты.

Кайра аларды үйдөн чыгара албай шайым ооду. “Желмогузду силердин көзүңөрчө өлтүрүп берем, жүргүлө, - деп алдап араң чыгарып, тиги чыйылдаган акемин эле турниги экенин жакын барып көрсөтүп бердим.

Топ демекчи, эски Токтогулда үстү чүмкөмө машина (ГАЗ-52) айдаган чыкчыңдаган бир киши (сары Тургумбай) бейбаш балдарын салып алып дайыма биздин кашаттан түшүп балдары менен топ ойноп эс алып кетет. Тобу чоң, көгүш, агыш сызыктары бар. Көзүм тобунан өтөт. Бейбаш балдары машинанын үстүнөн бизге кыйкырып, колдорун түрүп көрсөтүп, сөгүп, же “эй, жетимдер” деп кыйкырып кетет. Мен машинага чуркайын десем апам жөнөтпөйт:

- Бактылуу менен баалашпа, таалайлуу менен талашпа дейт балам, унчукпай эле кой, силер да чоңойосуңар, “жетим жүрүп жетилет” деген сөз бар. Азырынча көрмөксөн болуп кое бергиле, кийин өздөрү да уялып калышат, - деп.

Ошо кишинин машинасы келатканда эле жүрөгүм зырпылдап турат. Үйдүн ичине кире качсак деле кыйкырышат. Апама көрүнбөй бир күнү алардын артынан башка жол менен сайга түшүп, бадалга кирип кеттим. Машинадан түшүп эле дарыяга чуркашты. Сууга түшүп үшүп келишип топ ойноп киришти. Анан тамак жешти, болгондо да мен өмүрү көрбөгөн бир темирди бычак менен ачып ичинен эт алып жешти, анысы консерва экен. Тамак жеп бүткөндөн кийин топту отурган жерлерине калтырып, сууга түшкөнү чуркап кетишти. Мен акырын сойлоп барып тобун алып, кайра сойлоп бадалга кирип кеттим. Алар киринип бүткүчө мен кашаттан чыгып, үйгө жүгөрү аңыз менен келип, топту капка салып, үстүнө саман толтуруп сарайга илип коюп, эч нерсе билбеген болуп үйгө кирдим.

Арадан канча убак өттү билбейм, апам кирин жууп жайып бүтүп, казанга нан жаап аткан. Жанагы чыкчыңдаган сары киши машинасын айдап келип аңыздын четине токтотуп, бипилдетип калды. Баарыбыз карап калдык. Ал үч баласын ээрчитип түз эле биздикине келип:

- Канакей топ? – деди.

- Эмне? – деп апам жаап аткан нанын токтото койду.

- Менин балдарымын тобу сайдан жоголуп кетти, сенин эле балдарың алды болуш керек, тапкыла, эгер өзүм таап алсам жаман кылам, - дейт сары киши.

- Сиздин тобуңузду алгыдай менин балдарым кичине да жарыктык, тинтиңиз, таап алыңыз, ачып койгула эшиктерди, - деди бизге, - таба албасаңыз сакалыңызды сүйрөп кетип калыңыз.

Апам балаң алды десе Жамгыр менен Майрамбекти айтып атат деп ойлоду, мен жөнүндө күмөн да санаган жок.

Эжем эшикти чоң ачып койсо жинди баласы чуркап үйгө кирип тинтип чыкты. “Жок экен” деди атасына. Атасы:

- Силерден башка жан көрүнбөйт, башка ким алып кетиши мүмкүн? - деди.

- Биздин 7 түтүндүн ичинде уруу-кески жок, бирөөгө жалаа жабардан мурун адегенде өзүңөрдү тинтип көргүлө, келиңиз нан ооз тийиңиз, - деп апам чыгарып аткан нанын сунду эле Тургумбай аке уялганынан ооз тийе алган жок.

Атасы “өзүңөр деги кайда койдуңар эле, бадалга тээп койгон жок белеңер?” деп сүйлөнүп кетип калышты. Кечки тамакты жеп бүтүп, жатканга камынып атканыбызда апам малдарын жайгарганы кеткен. Бир маалда мени чыкырып калды, бергелчи деп. Эч нерсе ойлонбой эле чуркап чыксам “Тигил эмне?” деди. “Кайсы?” дедим. “Жүрчү” деп сарайга апкелди. Мен дароо түшүндүм, апам топту көрүп калганын.

- Апа, апа, урбасаң айтып берем. Алар сууга киринип атканда уурдап келгем, сенден коркуп айтпай койгом.

- Азыр жеткирип барып, кечирим сурап кел, эгер антпейт экенсиң өлдүң, - деп санымы оюп, топту колума карматып койду.

Мен топту кабы менен алдым да чуркап кеттим. Чоң жолго жеткенде жүгөрү аңызга кирип бекинип алдым. Аңызда канча жаттым билбейм апам чырак алып ары да өтөт, бери да өтөт. Улам мени кыйкырып коет. Бир маалда Ырысты жетелеп сыртка чыгып араба чырак менен сарайдын айланасын карашты. Анан апам:

- Жөн эле койбой каяктагы балээни баштадым эле, уурдаса бир топту уурдаптыр эле да, алар ошончолук кордук көрсөткөнүнөн уурдады да, үйлөрүн каяктан тапмак эле, эми эмине кылчумун, дарыяга барып сууга түшүп кетсе мине кылам, кокуй наалат, Ашарбек, Мыкын, Козу, Тайлактарды чыкырып келели, жүгөрүнүн ичинен издешсин, - деп Ашарбектин үйүнө кетишкенде аңыздан чыгып келип топту сарайдын үстүнө чыгарып бекитип коюп карасам апамдар Ашарбектин үйүнө жетип, итинен кире албай атышыптыр. Сарайдын үстүнөн эле “апаалап” кыйкырдым. Апам:

- Оо-в, үнүңөн кагылайын, үнүңөн, барсыңбы балакетиңи алайын, - деп кайра үйдү көздөй чуркашты. Келип эле кучактап ыйлап калганда:

- Апа, топту үйүнө чейин жеткирип атасынын колуна берип кечирим сурадым, - дедим.

- Ка-ап, бекер кылыпмын да, жети түндө сени кыйнап, жеткирбей эле койбопсуң да, чапсам бир чабат элем да жиним менен, бирок, экинчи антпей жүр балам, уруулуктан адам өлөт, же колу сынып калат, жерде жатса да эч качан албагыла, - деди.

Эртеси эле балдар чогулуп ошол топту ойноп кирдик. Жекшемби күнү гана топтун ээлери келер күнү үймө үй кезек-кезек менен бекитишебиз. Аны кийин апам да иштен келгенде көрүп койду, унчуккан жок, бирок “А кайбар десе, мени алдапсың да” деп койду.

Кашаттын жолу эки машина бата тургандай кенен. Райондун борбору өтө чоң болгондуктан көчөнүн аягы кушкана башталган жерден бүтөт. Аралыгыбыз 100-150 метр болсо керек. Жамгыр жаабай кургакчылык болгондо же тескерисинче жаан токтобой шатырап жаай бергенде тилек тилеп эл кудай (түлө) өткөрчү. Кудай өткөргөндө райондун эли түрүлүп келип, биздин 7 түтүндү да кошуп алышчу. Анан биздин алдыбыздагы кашаттан дарыянын жээгине түшүп, чоң талаага 6-7 чоң казан асып, ынтымак менен мал союп, борсоок бышырып, ар ким өздөрү ала келген кесесине тамак куюп ичип, жакшылык тилеп, асманга алакандарын тегиз жайып бата тилешет. Майда балдар жайнап кетчүбүз. Баарыбызга тамак жетчү. Жетмек түгүл ашып калат. Кудайы тамакты арттырып калганга болбойт дешип бири-бирин кыйнап жедиришет.

Тамак жээлип бүткөндөн кийин молдолор, аксакал-көксакалдар кетип калышчу. Жашыраактары калып отундардын калганын, таштандыларды чогултуп, ал тургай кемегенин күлүнөн бери тазалап чыгарып кетишет. Дарыянын жээги дайыма таза турат. Эч ким деле жыйнагыла деп буйрук берчү эмес. Ар кимдин жүрөгүндө ыймандуулук жашачу. Алардан кийин келген эс алуучулар, сууга киринчүлөр кенен-кесир келип жайгашып отуруп дем алып кете беришчү.

Анан кеч киргенде эле же эртеси жамгыр нөшөрлөп жаап кирчү. Же жаап аткан жамгыр тып эле токтоп калчу. Бу да болсо кудайдын керемети эле.

Ошол кезде атактуу молдолор бар болчу. Бирөөсүн дарыяны тескери агызып койгон дешет. Өтө чектен чыккан бир кишини бир молдосу эшекке айландырып койгонун өз көздөрү менен көргөндөрүн айтышчу. Бир жолу ошол молдолордун биринин үйүнүн жанынан өтүп бараткам. Үйү узун көчөнүн жээгинде болгондуктан, чарбактын сыртынан өтүп бараткан кишиге баары ачык көрүнүп турчу. Молдоке отурган жерге бир кара койду мааратып жулкунтуп, жип менен байлап алып келишти. Молдо куран окугандай бир нерсе деп күбүрөй баштады. Арадан бир нече секунд өткөндө жанагы кой маарайын деп оозун ачкан бойдон былкылдабай ордунда катып туруп калды. Молдо алакан жайып бата кылды. Берки койдун жибин бошоткондор колдоруна майланган чүпүрөк оролгон узун таякты (факел) күйгүзүп, жанагы катып калган тирүү койду куйкалай башташты. Кой кап-кара болуп куйкаланганча карап турдум. Анан экөө эки бычак алып куйкумду кыра баштаганда үйдү көздөй чу койдум. Апама айтып келсем кайсы бир молдонун атын айтып “ошол молдоке турбайбы” деп койду.
Нургазы агай
Экинчи айлым Агрономдо жашап жатканда 1964-жылы мектепке бардым. Улуу эжем Базаркан райондо турушчу. Ал да, эжем да, Ыкын эжем, мен, сиңдим, эки үкөм, баарыбыз тең Нургазы агайдын мектебинде окудук. Ушул Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектепти бардыгыбыз тең Нургазы агайдын мектеби дейбиз. Эмнегедир балдар деле, ата-энелер деле директорго арызданганы киришпей, Бримкулов агайга датка отурушчу. Көрсө ал кезде чоң класстарга физикадан сабак берген эле катардагы, бирок акылман мугалим экен. (Ошо кезде Мален Жунусов агай директор болчу. Кырчылдаган жаш, ак саргыл, ташка тамга баскандай агай эле). Бримкулов агай акылмандуулугу, боорукерлиги жана өтө сабырдуулугу менен элди өзүнө тартып турчу. Анын үстүнө көп жылдар бою ушул мектепте директор болуп иштегендиктен пенсияга чыкса да элдин эсинде түбөлүк директор бойдон калып калыптыр.

Мен жетиге чыксам деле арык, кичине элем. Өтө арыктыгыман кулагым делдейип турганын сүрөтүмөн көрүп жүрөм азыр. Анан оорунун айынан начар окудум, өзгөчө арифметика, математикадан, такыр эле кошкон, алган, бөлгөн, көбөйткөн дегенди үйрөнө албай койдум. Бизди балдар-кыздар жетимдер дешчү, эжейлер деле. Себеби атамын өлүп калганын баары билишчү.

Биринчи мугалим эжейибиздин кабагы дайыма бүркөө жүргөндүктөн аябай коркот элем. Көзүм бакырайып элеңдеп, кулагым делдейип, өңүм суук болуп турганын көрүп жини келчү окшойт. Эсимде калганы колундагы указка менен башың кайсы, көзүң кайсы дебей эле чаап ийгени. Апама арызданып келчү эмесмин. Апам өзү эле билип койчу эжей кайсы жериме урганын. Эртеси мектепке келчү, эмнеге урдуң деп. Эжей “сабакка даярданып келбептир” дейт. Апам:

- Мен совхоздо иштейм садага болоюн, таңда кетип, күүгүмдө келем, окуткан киши жок, бир окуса мектептен эле окуп жетишпесе мен окута албай атам. Кызым оорулуу, чекесине чертпей окута гөр,- деп жалдырайт.

Эжей:

- Чекесине чертпегендей кызың эмне, машайык беле? Дагы окубай келсе сабап таштайм. Кулагын чоюп, оозун жырам - дейт.



Апам:

- Кой айланайын антпе, кызым эмне күнөө кылды анчалык, окубаса окубай эле койсунчу, бирок урба.

Эжей:

- Эгер кызыңы окутпай, ар чапкан сайын жетип келе берсең сени кошуп линейкага чыгарам. Ал тургай Бримкулов агайдын алдына сүйрөп барам....



Бир билгеним эле апамын ыйлап чыгып кеткени...

Байкуш апам мени ажалдан талашып кайсы жерге гана барбады? Кайсы жерге гана көзүнүн жашын төкпөдү?


Ал күнү талаага ишке барбаптыр. Сабактан келгенде үйгө коркуп кире албай турсам эжем: “апа, Акбукуй эшикте турат, сенден коркуп кирбей атат” десе, апам “Эмнеге?” деп чоочуп кетти. Демек, урушпайт экен деп босогону аттасам, апам да жетип келип арбашып калдык. Апам ушундай бир аялуу көз караш менен карады эле, эреркеп кеттим.

- Урдубу? - деди. Мен “жок” десем, “бетиңди ким чойду, эмнеге көгала?” деди.

- Эч ким, - деп жер карадым.

Апам терс бурулуп кетти. Көпкө чейин ийни бүлкүлдөп, иш кылып атса да көзүнүн жашы буурчактап атты.

Эрте менен чачыбызды майлап өрүп, Ыкын эжемин эски ак бантигин байлап, эжем экөөбүздү мектепке чейин жетелеп алып келди. Жеткиче апам эс алган жок, биз да тең жарышып келатып, мен күйүгүп акактап калдым. Аралык аябай алыс, бир сааттан ашык жол басчубуз. Мектепке чейин тамагымдагы ангина ооруса, окугандан кийин ооруганыма семиз штангисттин сүрөтү да терс таасирин тийгизген. Ал жөнүндө кантип, кимге айтып берерими билген эмесмин. Апам мени аркасына көтөрүп алды. Класска кирбестен түз эле Бримкулов агайдын кабинетине кирип барды. Жапакеч, сылык агай ордунан ыргып турду:

- Ой тынччылыкпы, эмне болду, жыгылдыбы, келе гой, отур...?

- Агай... - апам ушуну гана айтып, мени жерге түшүрүп, алдына отургузуп алып буркурап ийди.

- Эмне болду?

- Агай, ушу кызымын бир буту ары жакта, бир буту бери жакта. Оорулуу. Мектепке бергенимин себеби “а” деген арипти эле таанып алсын дегем. Эжейи указка менен сабап, арык бетин чоё берет. Сизге келгенден башка аргам калбады. Жардам кылыңыз. Мынабу бир тууган эжеси 2-класста окуйт, 1-класска түшүртүп бериңиз. Сизден ушуну суранып келдим, сиңдисин карап жүрсүн. Эки күндүн биринде ооруп келбей калат, ошондо сабакка жардам берсин.

Агай оор басырыктуу үнү менен апамын, биздин аты жөнүбүздү, кайсы класста окуурубузду, атамын өлүп калганына чейин сурап билип, дептерине чиймелеп атты. Эсимде калганы “Чоң кызың классында окуй берсин” деген эле агай. Апам:

- Жок агай, мен сизге ошон үчүн келдим. Сиздин бир ооз сөзүңүз эле керек, мугалимдерине дайындап айтып коюңуз суранам. Кызымын оорусу катуу, - деп жалынды.

Анан эмне болду билбейм, айтор бир сааттан кийин эжем экөөбүз бир класска барып отуруп калдык. Биз менен кошо кирген Бримкулов агай:

- Сиз сабактан кийин жолугуп кетиңизчи, - деди эжейиме. Андан ашык сөз айткан жок.

Апам болсо “кызымы ура көрбө, кагылайын” деп боздоп атып кетти.

Эжейимин көзүн кан тээп, колунан келсе мени жеп жиберейин эле деп турду. Агай менен апам кеткенде эжем экөөбүздү бөлүп, тамга тааныбаган, кийими кир, дайыма биттеп жүргөн, кап-кара бейбаш эки бала менен эң артына отургузуп койду. “Отурбайбыз” дедик бышактап, “Силер ким экенсиңер отурбагандай, же эмне тил бүтүп калдыбы, сабакты ошентип жооп бергилечи андан көрө” деп жекирди.

Эртеси келсек эжейдин кабагы ачылбайт, тике карабайт, сабак да сурабайт. Бримкулов агай молдо кылып койгон экен деп кубанып калдык. Бирок, жаныбызда отурган эки баланы указка сынгыча сабады. Биринин мурду канап, биринин башы жарылды. Эжей ал балдар аркылуу менден өч алып жаткандай туюлду балалык сезимимде.

Үч күндөн кийин класска агай кирип келди. Окуучулар жапырт тура калдык. Эжей өзүн коерго жер таппай байпастап калды. Саламдашып, түз эле бизди көздөй келип:

- Экөөңөр сабак бүтөөрү менен мага кире кеткилечи, макулбу? - деди. Биз каткан бойдон бири-бирибизди тиктешип калдык.

- Макулбу? - деди дагы. Биз баш ийкедик. - Азаматсыңар, унутпагыла. Эжейи, сиз эскертип коюңуз, бала да, унутуп калышпасын, - деп чыгып кетти. Агайдын баскан дабышы угулбай калгыча классыбыз менен туруп турдук. Эжей да отургула деп айткан жок.
Сабак бүттү. Эжей эч нерсе деп эскертпеди. Бардыгынын аягында чыктык. Агайдын кабинетине барганга даай албай сүрдөп турдук. “Сен барчы” дейт эжем. Мен “сен өзүң бар” дейм. Ушинтип түртүшүп атканыбызды көргөн агай, бизди көздөй заңкайып басып келатса кирерге жер таппай калдык. Жүргүлө деп кабинетине алып келди.

- Сен эмне эки сумка көтөрүп алгансың? - деди агай көздөрүн жүлжүйтүп эжеме.

- Мунуку, - деп мени көрсөттү.

- Сен сумкаңы өзүң көтөрүп бараласыңбы?

Дароо “жок” дедим. Эжем да айтты көтөрө албайт деп. Агай ойлонуп отуруп калып:

- Силерге кийим алып койдум эле, кантип көтөрүп кетесиңер? - деди.

- Мен көтөрөм, - деп ийди эжем сүйүнүп кетип.

Эжемин ушул сөзүнө боор ооруган агай кабагын бүркөп, жерди тиктеп телмирип отуруп калды. Бир маалда ордунан туруп барып, эки чоң түйүнчөктү шкафтын үстүнөн алып берди эле эжем көтөрө албай койду.

- Анда мындай кылалы, - деди агай, - бүгүн бир түйүнчөктү алып кеткиле, эртең бирөөсүн аласыңар. Мында кышкы кийим бар. Азыр сиңдиңкин алып кет, эртең өзүңкүн. Сүйлөштүкпү? Ачып көрөм деп чачып албагыла, үйүңөргө барганда апаңардын колуна бергиле, тез-тез басып кечикпей кеткиле үйүңөргө.

Култуңдап сүйүнүп чыктык.Үйгө деги жете турган эмеспиз. Азыр эле ачып көргүбүз келет, бирок агай “апаңардын колуна бергиле” деп табыштады, демек ачпаш керек. Эжем колу уюп кеткенде “мечи сумкаңы, өзүң көтөрчү” деп берип коет, бир аз көтөрүп барып эле отуруп калам, кайра эжем алат. Бир колунда эки сумка, бир колунда чоң түйүнчөк.

Ошол кезде биз бул чоң баштыктын ичине ааламды батырып келаткандай сезилгенбиз. Ал ааламдын сырын апам гана ачыш керек. Апам ачып бериш үчүн тезирээк жетишибиз керек. Тезирээк жетиш үчүн мен сумкамы өзүм көтөрүшүм керек. Деги апама жеткиче кылымдар өтүп кетти го...

Ошентип сүйрөшүп келатып апамын алдыбызга келип калганын байкабаппыз. “Ой” деп туруп калдык. Апам унчукпай эки сумканы, баштыкты чогуу бир колуна көтөрүп, бир колу менен мени жетелеп алды. Эч нерсе сураган жок. Биз кеч келатканыбыздын себебин кантип айтарыбызды билбей аттык. Апамын кетмен-күрөккө туурулган туурук колундай назик, жумшак кол дүйнөдө жок эле...


Үйгө жеткенде “апа, муну Бримкулов агай...” дегиче, “билем, Каленбү айтты” деди. Биз кечиккенде апам чочулап, Жаныбек акенин үйүнө барып Каленбүдөн сураса, ”Бримкулов агай чакырып кетти” деп айтыптыр. Тынч алып отуралбай алдыбызды тосуп чыкканы ошондон экен.

Түйүндү ачсак мага чак жылуу кышкы калың пальто, өтүк, мектепке кийе турган эки форма көйнөк бар экен. Мен дароо эле пальто менен өтүктү кийип көрдүм. Эми укмуш... сөз менен бере албайм. Буга чейин чапан кийип жүргөм да. Апам да, биз да сүйүнүп калдык. Калган түйүндү эртең агайга ракмат айткыча, апам өзү барып алып келмек болду.

Мектептин аягында Школьная көчөсүндө жашаган Токтокан деген бир үйдүн жалгыз эрке кызы биз менен тең класста окуучу, кийгени кара шуба, кычыраган өтүк болчу. Кооз чанасы да бар. Окууга баратканда ошолордун жолунан өтөбүз. Биз жеткенде эле “жетимдер келатат, же-тим, же-тим, жетим” деп көчөнү жаңыртып, дарылдап кыйкырып баштайт. Биз анын кийген кийимине эле таң калып, ага жооп кайтарчу эмеспиз. Бир көзү бүтүк (тырмак кирип кеткен имиш), кылыр болчу, бирок бизге күнчүрөктөй көрүнчү. Анын кыйкырыгына деле көнүп бүткөнбүз, себеби аныкындай кийимибиз же чанабыз жок, бала да болсок катуу басынат элек. Эгер ал эркек болгондо жок дегенде чекесин томуйта коймокмун.

Бир күнү кушканада иштеген Айым апа келатыптыр. Анын жолдошу Темике ата согуштун ардагери болчу. Согушта бир бутунан ажырап келген. Аны бардыгы сыйлашчу. Булардын Фарида деген кызы биз менен тең класста окуучу. (Бишкектен тез-тез көрүшүп турабыз. Бир жолу Ош базарынан учурашып калып, биздикине келип турбайсыңбы деп койдум сөз арасында, “Эмнеге бармак элем, же мурда катташып жүрбөсөк” деп орой айтып салды эле мен эмне дээрими билбей өчө түштүм. Ичимен “ата-энең мыкты кишилер эле, аларды тартпапсың да” деп кала бердим.)

Айым апа биздин унчукпай туруп бергенибизге таң калып, Токтоканга ачууланып ойда урушуп берди, тим эле жыргап калдык.

- Бүгүн булар жетим болсо, эртең кудай билет кимдин жетим болорун, дагы бир жолу угайын жетим дегениңи энеңе барып айтып сабатайын, - деп айтып, кайра бизге кайрылды, - жетим десе эле басынып каласыңарбы, кайериңер жетим, апаңар тирүү турбайбы, апасы барды жетим дебейт, бүгүн жетим болсоңор эртең начандик же атактуу киши болосуңар. Ага кейибегиле, жетим десе унчукпай туруп бербей жообун бербейсиңерби, ал жалгыз, силер экөөсүңөр да, - деп үйүн көздөй кайрылып кетти. Айым апа кеткенден кийин эжем экөөбүз эреркеп ыйлап калдык. Эми Токтокандын сазайын берели деп сүйлөштүк, бирок Токтокан биз менен урушпай, тескерисинче дос болуп калды.


Күз келип, жыйын-терим бүткөндө, талаа иши токтоп апам иштебей калчу. 25 сом пенсиябыз бар, ал эч нерсеге жетпейт. Кушкана үйүбүздүн алды жагында болчу. Ошол Айым апага кырчылдаган кышкы суукта апам ичеге-чабага жуушуп берип, көп ичеге ала келет. Ичегеден жасалган тамакты апамдай даамдуу кылып машыккан ашпозчулар да жасай албайт, ушу кезге чейин апам ичегеден жасагандай даамдуу тамакты жеп көрө элекмин.

Апамын өз атасы уйгур болгону менен аны көргөн эмес. Атасын совет өкмөтү кулакка тартып ийиптир. “Аялдын бир ажалы төрөттөн” дегендей өз апасы апамы төрөгөндө кайтыш болуп кетиптир. Өтө сулуу болгон экен. Апамын өзүнүн айтуусу боюнча уйгур тайтам кызын бооруна бекем кысып келип Анаш тайнеме аябай табыштап, аман эле болсом сөзсүз кайтып келем деп өңгүрөп ыйлап атып кеткен экен. Бирок, кулакка тартылып бараткан бир топ кишилер ыңгайын таап, Кытайга качып кетишиптир, арасында уйгур тайтам да бар экен. Кийин таятамын бир тууганы апамы издеп Анжыяндан келгенде тайтамын Кытайда жашап атканын, балалуу-чакалуу экенин уктук. Бирок, апам Анаш тайнемен коркуп алар менен катташкандан баш тартып койгон.

Менин айтайын дегеним апам уйгур атасын же уйгур тилин билбесе да, көрбөсө да жасаган иши, кылган тамагы, сүйлөгөн макалдары, ырым-жырымдары бүт уйгурча болчу. “Канын тартат” деген сөздүн бирден бир далили ушул менин апам болчу.

Анаш тайнем апамы эң улуу кызым деп өз баласындай кастарлап өстүрүп, өз колу менен күйөөгө узатыптыр. Тайнемин уруусу кытай болгондуктан апам да кытай уруусунанмын деп жүрчү. Тайнем иштүү болгон. Тон тиккен, ою ойгон, шырдак шырган, кийиз баскан, өрнөк токуп, камчы өргөн, жабдуусун кооздоп жасап боз үйдү өзү жалгыз көтөргөн. Ооруса да доктурга көрүнчү эмес. Өмүрүндө бир гана жолу көрүнүп доктурга, доктур колдуу болуп 69 жашында күтүүсүздөн о дүйнө салды.

Тайнем өтө сулуу болгондуктан балдары да сулуу. Өзгөчө Самилакан эжем менен Карыпбай, Татай тайкелеримин сулуулугуна элдер аябай тамшанышчу. Самилакан эжем да тайнемдей ууз, чебер. Азыр жетимишке келсе да “сыны кетсе да сымбаты” менен жарашып, бир кездеги сулуулугунан кабар берип турат. Менин эсимде калганы эжемин тиши аябай ооручу. Ал ооруганына чыдабай жандалбастап ысык чайнекке жоолугун коюп, бетине басчу. Кээде ыйлачу. Ыйлап атса да аябай сулуу болуп ыйлачу. Ый да, күлкү да жарашчу. Беттери аппак, көздөрү моймолжуп турчу. Чабан болсо да таптаза, аппак кийим кийчү. Тазалыгы жагынан азыр да алдына киши салдырбайт. Эжем сарык менен катуу ооруп, эски райондун ооруканасында көпкө жатып калды. Агрономдон ооруканага чейин тамак ташып келип турганым эсимде калыптыр. Бир жылдары башы да аябай катуу ооруп жүрдү. Башынын ооруганын кантип айыктырганы жөнүндө минтип айткан:

- Бир жолу Советке автобуска отуруп жөнөп келатсам башым адатынча катуу ооруп калды. Жанымдагы отурган бир аял эмне болуп атасың деп сурап калды эле башымын ооруганын айтсам бир рецеп берди. Ошону колдонгондон кийин башымын ооруганы каксы айыкты. Ал мындай, сүзмөгө тузду көбүрөөк кошуп аралаштырып коет. Туз сүзмөгө аралашып ээригенден кийин аны башыңа калың кылып сүртүп, бир-эки саат коюп коесуң. Бир нече жолу кайталасам эле башым айыгып калды, - деген.

Эжем, Жаныбек жездем экөө атактуу чабан болуп, эки жолу депутат болуп, Совминден Ардак Грамота алышкан.

Азыр ушуларды жазып атып Самилакан эжеме телефон чалсам Таш-Көмүрдө Карыпбай тайкемин балдарынын үйүндө экен. Мен берген суроолорго жан дили менен жооп берди:

- Урсуван эжем (менин апам Резуван) төрөлөрү менен төрөгөн апасы кайтыш болуп кетип, тайнеси багып калыптыр. Сенин апаңын тайнеси, менин апамын чоң апасы болот. Тайнеси алты жашка чейин багат. Апам менин атама турмушка чыгып алты жыл төрөбөй жүргөн экен. Ошондо эжеми тайнеси ырымдап апама кыз кылып ал деп берет. Эжем жетиге чыкканда мен төрөлүптүрмүн. Атам, апамдар аябай сүйүнүшүп, эжеми “май көтөн кызым” деп эркелетип, жакшы карап, улуу кызым деп жакшы багышыптыр. Эжем мени, Карыпбайды көтөрүп чоңойткон. Акыл эстүү, иш кылганга жөндөмдүү, аябай сулуу кыз болуп өскөнүн көргөн Жолдош чоң атам эжеми Кулалы деген жакын тууганынын баласы Көчкөнгө күйөөгө берет. Көчкөн эжеми уруппу, айтор капа кылып койгонун билгенден кийин апамдар барып алып келип алышыптыр. Аны менен аз эле жашаган. Эжем малды союшка даярдаган жерде иштеп, Фрунзеге чейин жөө мал айдап барып жүрүп Карагул жездем менен таанышып калат. Жездем эжеми Шипшиңкеге ала качып кетет. Жездем сулуу, турмушка тың, колу иш билги киши эле. Кийин эмне болду билбейм, жездемин буту ооруп балдак менен басып калды. Жездеми эшекке мингизип, өзү ат минип алып доктурларга көрсөтүп жүрчү. Жездем бир жылдан ашык балдак менен жакшы эле басып жүрүп, тез эле кайтыш болуп кетти, - деди Самила эжем.

Тайнеми биз адегенде өз тайнебиз деп, ал эми апам өзү “мен төрөлгөндө эле эжем багып алган” дегенинен, чоңойгондо бир тууган тайжебиз деп билчүбүз. Эмнеси болсо да тайнемин “май көтөн” кызынын артынан тогуз туяк келип атпайбы??!!

Апам тайнесинин бүбү-олуя болгондугун айтчу, эжем да аны ырастады:

- Тайнеси чоң олуя болгон. Боло турган окуяны алдын-ала айткан. Ооруган адамдарга эми түшкөн. Туруп-туруп эле мага азыр бирөө келет деп камынып калчу. Айтканындай эле арадан бир чай кайнам убак өтпөй оорулуудан чабарман келип калчу. Аны ээрчип кетип эм салып кайтып келчү. Ал эми катуу оорулуудан кабар келсе, же адам болуудан калып бараткан адамдан келсе, мени азыр бирөө сурап келет, жок деп койгула дечү, же чечинип оронуп, ооруп атам деп жатып алып барбай койчу, - дейт Самилакан эжем.

Бир жолу апам олуя тайнесин түшүндө көрүптүр. Апам алдынан чыга калган тайнесине эмне дээрин билбей, “Тайне, батаңы берип кетчи” деп ийиптир. Анда тайнеси кабагын катуу түйүп, жер карап туруп калып, колунун учу менен болор болбос бата бериптир. Ушул түшүн апам көпкө чейин унута албай жүргөн эле.
***
Апам мектепке келип Бримкулов агайдын кабинетине баш багып, салам айтары менен:

- Агай, сизге чоң ракмат, - деп эле ыйламсырап ийди.

- Кантет? Мага эмес, өкүматка айткыла ракматты. Мен болгону силерди жазып, каттатып койдум. Ырас эле, сурайын дедим эле, күзүндө иштебей калсаң балдарды кантип багып атасың? - деди агай.

Апам намыскөй, эрки бекем, жасайм деген ишин жасаган кайратман аял эле. (Уйгурдун каны басымдуурак кылчу. Көккөз сиңдим апамы тарткан.) Анчалык көп даттанбай, курсагыбызды ачырбасын, бирин-серин мал-кели, уй-торпогу, тооктору бар экенин жанытып айтып өттү. Нургазы агай бир саамга ойлоно калып минтти:

- Кышкысын мектепте пол жуугуч болуп иштейсиңби? Балдарың майда экен, эгер биздин мектепке иштесең эртели-кеч жүрүшүң керек. Андан көрө мен орус мектепке сүйлөшүп көрөйүнчү. Алардын пол жуугучтары эрте менен же кечинде бир эле маал келип жуушат.

Апам макул болду, агай жообун балдарыңан айттырып жиберем деди.

Кышында кар жааганда биздин боюбуз менен жаачу. Кардын үстүнө чыгып басчубуз же лыжа тепчүбүз. 1968-69-жылкы кыш болсо керек эле, эрте менен турсак эле эшигибиз ачылбай калды. Апам болгон күчү менен түртүп аракет кылып, такыр ачылбаганынан “бирөө бизди артынан кулптап кетсе керек” деди. Мен шак турдум да терезенин бир көзүн (айнегин) чыгарып, секирип түшмөк болдум. Айнекке парда жабышып катып калыптыр, чыгара албай атсам апам жардамга келди. Парданы чыгарып эле кыйкырып ийди. Себеби терезени да кар басып калыптыр. Биз эми эмне кылабыз деп башыбыз катып отуруп калдык. Эжем ыйлап баштады. Апам сооротуп:

- Эч коркпогула, мен турам го, мыногул чылапчынга заара ушаткыла, чай коюп койдум, азыр ичесиңер, - дегени менен өңү бозоруп, колдору калтырап атты. Себеби кичинекей жапыс тамыбыз ошончо карды кантип көтөрөр экен деген убайым апамы жеп атты. Арадан канча убакыт өттү билбейм, бир убакта эшикте кобур-собур болуп калды:

- И, келгиле, жаш келсе ишке деген, билегиңердин күчүн аянбагыла, сооп болот, күрөй бергиле, күрөгүлө, – деген Жаныбек акенин үнү чыкты.

Көрсө Жаныбек акелер да эшигин эптеп ачып, эки баласы менен өтө ала тургандай кылып биздин жолго чейин күрөп келишип, Осмонкул акеми кыйкырып чакырып алып, биздин эшикке чейин күрөп келатышыптыр. Акемдердин эшик алдында бастырма бар болгондуктан алардын эшиги биздикиндей болгон эмес. Акем короосундагы карды күрөп атканда Жаныбек аке чакырып алыптыр жардамга. Жаныбек аке балдары Жолдошбек, Мыкын, анан акем төртөөлөп араң жол ачып беришкен. Биздин үйдү бүтүп, эки баласы менен Жаныбек аке Гүлүпа эженикине жардамга кетти. Кар ушунчалык улуу түшкөн экен сырттагы овчарка итибиз да өлүп калыптыр. Терезенин, анан сарайдын эшигине чейинки карды апам бир күн кечке күрөгөн. Ага чейин малдары маарап, ую мөөрөп апамын шаштысын алышкан. Аркы чоң Агрономдун узун көчөсүндө жашаган алыс туугандарыбыз жардамга келип тамдын үстүндөгү карды күрөшүп кетишти. Миллиан ата карып баса албай калгандыктан жинди Бористи чакырып алып, биздин үйдү көрүп кел деп табыштап жөнөтүптүр. Кеч болсо да келип көрүп кетти. Мындай жааган карды кийин өмүрүмдө бир да жолу көргөн жокмун. Ошондо тонналап очойгон кар түшсө да мектеп жабылган эмес.


Колу-бутуму бирөө байлап салгандай бат эле ооруп байкуш болуп калчумун, ал эми оорубай жүргөндө өтө шок элем. Окуучу балдар менен кардын үстүнө чыгып күрөшүп ойночумун. Тепкеним пара, лянги, топ болчу. Атамын кызы Базаркан менен тайнемин кызы Ыкындан шоктугуман токмокту далай жедим. Базаркан бөлөк өскөндүктөн бизге боор берчү эмес. Ага болбой эле эжелеп барып калсак өкүртө сабачу. Төө тикенди атайлап оруп алып мени тикен менен сокчу. Кыз күнүндө өтө эрке, шок, эркек мүнөз, орой болчу. Мен ошол эжеми тарткан болушум керек. Кийин байкуш эжем ушул кылыктарына аябай өкүнүп жүрдү. Бакма энеси Гүлай эжеме өтө берилгендигин ошентип далилдечү экен.
***

Күндөрдүн биринде класстын ичинде аябай кутуруп атканбыз. Ушунчалык шоктонуп аткан экенбиз Нургазы агайдын жаныбызга келип калганын сезбей калыптырбыз. Агайды көргөндө классыбыз менен турган ордубузда катып калдык. Негедир ушул картаң агайды биздин эле класс эмес мектеп боюнча сыйлап, Токтогул эли алдынан кыя өтчү эмес.

Агай баарыбызды кыдырата тиктеп келатып, мага жеткенде:

- Кызым, апаңа айтып кой, эртең мага келсин, унутпагын макулбу? Эми ойной бергиле, бирок силер мектепте экениңерди билесиңер да э? А, азаматтар! - деп коюп чыгып кетти. Биз селейген бойдон туруп калдык. Окуучулар баары мени жалдырап карап калышты, бир чети суктанышты чоң агай атайын мага келип атканына.

Үйгө келип эле апама айтсам “Болду-болбоду иш таап чакыртып атат болуш керек” деп сүйүнүп калды.
Бримкулов агай апамы ээрчитип барып Токтогул мектебине пол жуугуч кылып ишке орноштуруп койду. Ал орус мектепте атамын акеси Бекташ чоң атам кароолчу болуп, Чүңүр чоң апам да бир ишинде иштечү. Апам ишке киришердин алдында ыйбаа кылып астыларынан өтүп коёюн деп кайнагасынын үйүнө (мектептин короосунда болчу) кирет. Анан бул жерге ишке орношконун айтса, ооздорун ачып калышкан. Чоң атам:

- А-а, Нургазынын колунан келет, аны сыйлаганы үчүн сени ишке алышты го? Себеби бош орун жок эле, - деген.

Эжейим мени, балдарды да көп урбай калды. Бизди көргөндөн кийин балдар ата-энелерине айтып барып, алар да Нургазы агайга даттанып кирип, балдарын келтектен аман сактап калышты. Нургазы агай бир эле биздин эжейди эмес, бардык мугалимдерге балдарды урганга чечкиндүү түрдө тыюу салып койду. Денебиз келтектен кутулуп, кулагыбыз үзүлгүчө чоюлбай эс алып калды. Бирок, жүз пайыз эле мугалимдер урбай калды дегенден алысмын, далай келтек жеп көздөрү көгөргөн, баштары шишиген окуучулар четтен чыгат. Бул да болсо мугалимдик деңгээлдин пастыгы, тубаса педагогикалык жөндөмү жок, эптеп-септеп окууну бүтүп алган, шалаакы, акылы кемирээк мугалимдер гана урчу. (Азыр ушинтип уруп көрүшсүнчү, окучулар топтолуп бир жерден кармап алып окутуп, молдо кылып коюшат.)



1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   13


©netref.ru 2017
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет