Бурулкан карагулова



жүктеу 2.17 Mb.
бет6/13
Дата01.05.2016
өлшемі2.17 Mb.
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   13
: files -> 2010
2010 -> Библиографски опис на публикациите, свързани със славянските литератури в списание „Панорама” /1980 – 2011
2010 -> Приказ 2010 г. № ‪ о переводе студентов очной формы обучения на следующие курсы
2010 -> Приказ 2010 г. № О переводе студентов заочной формы обучения на следующие курсы
2010 -> Темиртас тлеулесов. Шымкентская мафия
2010 -> Пестум-чертоза ди падула-рошиньо-дегустация-агрополи-салерно-ветри суль маре-круиз на корабле(чиленто)-равелло-(изумрудный грот)- геркуланум
2010 -> Методические рекомендации для студентов III курса стоматологического факультета к практическим занятиям по патологической анатомии головы и шеи
2010 -> Ең үздік техникалық жоғары оқу орындарының рейтингі 2010

Ош, санаторий
Мен катуу ооруп онтоп жатканда жаныма атам келип чекеми, чачымы, анан башымы сылап аябай кейип отурчу. Ата келдиңби? – деп тура калганда ойгонуп кетчүмүн да айыгып калчумун. Ал ыйык адамды такыр эсимен чыгара албай койдум. Көбүнчө куса деген оору менен оорудум окшойт.

Үчүнчү класска көчкөндө сабакка каттай албай калдым. Агроном айылынын дарыгери Табалдиев Бекматалы мени “өпкөсүнө суук тийген, тезирээк Оштогу балдар санаториясына алып бар” деди апама. Апам көз жашын көлдөткөн бойдон, шашылыш түрдө справкаларды чогултуп калды. (Мен ааламдын чегин өзүм төрөлгөн Шипшиңке айылынын түбүндөгү чоң тоодон бүтөт деп жүрчүмүн. Ааламдын чексиз, түпсүз, терең экенин кайдан билем. Ошту укканда тоодон кантип өтөт экенбиз деп түнү менен уктай албай кыйналып чыккам.)

3-класска көчтү деген справка алыш үчүн мектепке келсек Нургазы агай эле бар экен, каникул маалы болчу. Агайга справка керектигин, Ошко эки күндүн ичинде жетип барышыбызды айтса, агайдын өңү кубарып кетти.

- Бул жерден эле айыктырса болбойт бекен?

- Болбойт экен, - деди апам.

Мени жалооруп тиктеген агай:

- Олдо айланайын ай, жаман кыйналдың го, каап, - деп кейип алды.

Азыр ойлосом ошондо Нургазы агай 55те, апам 30да агайдын баласындай эле экен.

Мага экөө тең улуу көрүнчү. Агай кабалтең, токтоо, ойлуу, чачтарын ак аралаган, нур жүздүү, көздөрү алысты, тээ алысты көрө билген даанышман, сөздөрүндө жалын бар акылман эле.
Менин оорума эч ким так диагноз кое алган жок. Эгер семиз киши көрсөм жүрөгүм айланып, ошол эле жерден кусуп отуруп, ал тургай жерге жатып калчумун. Катуу ооруп, төшөккө жатып калганда апам мени эптеп тургузуп жетелеп, райондун доктурканасына алпармай болду. Районго жетерде семиз штангисттин ыйынып штанга көтөрүп аткан чоң сүрөтүн тиктээр менен башым айланып барып жыгылып кеттим. Апам кокуйлап баса калды. Айланып, тегеренип, кудайлап атат. Мен кусуп бүткөндө аркасына көтөрүп алып доктурга жөнөдү. Жеткиче чарчап калды. Кезекте тургандар тирүү-өлүүсү белгисиз, өң алеттен кеткен килтейген эле кызды көтөрүп келгенин көргөндө апамы кезексиз киргизип жиберишти.

Ошондогу доктурдун алсыздыгын ай!.. Диагноз кое алышпаса да укол жазып беришти. Уколдорду тынымсыз ала бергенге эти жок эки жамбашым оюлуп, сөөктөрү көрүнүп калган. Ушул эле семиз орус штангисттин ошол эле сүрөтү орус мектептен өткөндө илинип турчу. Эгер шоктонуп ошол тарапка барып калсам, сүрөттү көрөрүм менен башым айланып, жер көчүп барып жыгылып калчумун. Райондогу доктуркана аябай алыс болгондуктан, жакыныраак деп кайра эле Бекматалы доктур акеме келип, ал суук тийген деп Катя деген сулуу сестрасына укол сайдырмайлар башталчу.


***

Ошко жеткиче жолдо кыйналып калгандыктан санаторияны издеп таап келгиче ыйлаганга менде мүмкүндүк болгон жок, жеткенде апамы кучактап бакырып ыйлайм деп келатып эле апамы карасам, көзүнүн жашы он талаа, көкүрөгү суу болгуча ыйлап келе бериптир. Апамын ыйлап атканын көргөндөн кийин мен өзүмдү араң-араң карманып ыйлабай койдум. Бирок, ичим эзилип баратты.


Санаторийде өзбек, орус класс болуп, кыргызча жок болгондуктан мени бир нянкасы шаарга жакын кыргыз мектепке алпарып, апкелмек болду. Сумкамы өзүмө көтөртүп алып, колуман жетелеп жөө жөнөп калдык. Он мүнөтчө жүргөндөн кийин эле кашайып жанагы Токтогулда илинип турган семиз штангист бул жерде да илинип туруптур. Башым айланып жыгылып баратсам, орус нянкам “жөн бас” деп колуман бекем кармады. Болбой эле чайпалып кете бердим да, окшуп баштадым. Кусуп бүтүп эле жерге сулап жатып калдым. Нянкам коркуп кетти. Жардамга чакырайын десе эч ким жок. Өзүм баса албайм, өң деген калбай калган. Аргасы түгөнгөндө апама окшоп артына эмес алдына эки колу менен көтөрүп, сумкамы оозуна тиштеп кайра санаторияга келди. Аны көргөн дарыгерлердин жүрөктөрү түшүп калды. Мени эч жакка чыгарбай, ичинен эле орусча окутуп калышты.

Түштүктүн ар кайсы дубандарынан келишкен ар түрдүү балдар, кыздар менен окуйт элем. Алар түрдүүчө сүйлөшчү, бирок баары кыргыз деп айтылышчу. Көрсө өзбек аралашкан айыл өзбекче кошуп, тажиги көп айыл тажикче кошуп, шаардын өзүндө жашагандар орусча кошуп сүйлөшүшчү тура. Адегенде чоочуркап жүрдүм, анан көнүшүп кеттим. Мени келери менен чоң сүрөткө түшүрүшүп коюшкан, кулагым делдейген, аябай арык, көзүм алайган, шайтандын эле кичине баласындай болуп калгам. Кетеримде да ушундай портрет кылып беришти, тим эле балчайам го чиркин. Кийин апам айтып жүрдү дары менен эле семиртип салышыптыр кызымы деп.

Ошол жерде иштеген бир да кыргыз жок эле, ал тургай пол жуугучу, кароолчусу да орус эле. Апам келген сайын түшүнүшө албай, ден-соолугуму биле албай, билейин десе тилмечтин жоктугунан аябай кыйналган. Кийин мен которуп берип калдым. Дайыма жеп жүр деп тамак-аш көтөрө келет. Бир жолу тайнем кийиктин этин тоң майга сонун кылып кууруп, тоңдуруп банкага салып берип ийиптир. Кийинки келгенинде кийиктин этин жедиңби деп сураганда, мен жебегеними айтсам “ка-ап” деп кейип калган. Баламын да, апам алып келген тамактардын эч бирин жечү эмесмин. Эмне болгонун, кайда кеткенин да билчү эмесмин.

Жанагы семиз штангистти мектепти бүтүп келип, иштеп жүргөндө апама айтып берсем аябай таң калган, мурда эле айтып койбойт белең, эмне үчүн айтпай жүрө бердиң эле деп. Штангисттин сүрөтүн алып койгула деп апам айтканда деле, ким эле ала коймок эле. Москва баарыбыздын жүрөгүбүз болуп турганда, штангистинин сүрөтүн алып коюш оңойго турбайт болчу.


Кайра келип төртүнчү класска окудум. Келгенден кийин да азыркыча айтканда гумжардам алып турдук. Ар бир жолу кийим-кече аларда Нургазы агай “алдыңарбы?” деп тактап турчу.

Күзгө маал алдыбыздагы огороддогу жүгөрүбүз бышып, аны апам орок менен оруп бүтүп, үйдөн жарма ичип, чогуубуз менен жүгөрүсүн чыгарабыз деп огородко келатсак, бир мас орус киши паяны тебелеп жол таппай өтүп баратыптыр. Аны көргөндө апам бизди токтотуп калды, өтүп кетсинчи деп. Мен жолдун ортосуна тура калып:

- Эй русь, - десем мени карап токтоп калды.

- Кантесиң? - деп апам коркуп кетти.

- Там дорога там пошел, тут дорога тут пошел, зачем наш огород вошел? - десем, шашкалактаган орус дөңдү көздөй аттап-буттап качып жөнөдү.

- Ой сен орусчаны ышкыртат турбайсыңбы? - деп апам сүйүнүп кетти. - Эмне дедиң ыя орустун шаштысын кетире тургандай, - деп мени кучактап калды. Бул сөздү санаторияда бири-бирибизге айтышып ойной турган эле белгилүү жомок болчу, аны апам билген жок. Мени “иши кылса орусча бирдеке деп шатыратты эле орус качып жөнөдү” деп бирөөлөргө айтып, мактай калып жүрдү.

Орозо күндөрү сабактан кайтканда Ырыстан бөлүнүп калып, балдарга кошулуп үйлөрдү кыдырып жарамазан айтып кетип калчумун. Тапкандарыбызды бөлгөндө 1 сомдон тийип калчу. Ошол 1 сомду коротуш үчүн базарга барыш керек. Ага каалаган нерсебизди сатып алып кенен тойчубуз. Ал кезде кытайдын сапатсыз азыктары келе элек кези, экологиялык жактан таза тамактар сатылчу. Талаалап жүрүп келгенден кийин апаман көргүлүктү көрчүмүн.
Ыкын эжем
Токтогул районундагы эң чоң ушул Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектептин ичинде эмне деген гана окуялар өтпөдү дейсиң. Ыкын эжеми балдарга сүйлөштүрбөй кайтарып жүрүп классташтарын бир топ улуу экенине карабай сумкам менен далай сабадым. Көрсө бир классташы эжеми жакшы көрчү экен. Апам жакшылап кайтаргыла, классташы ала качып кетпесин деп катуу дайындагандыктан эки көзүбүз Ыкында болчу. Бир күнү сабакта отурганда терезени карай салсам эжеми ошо бала колунан сүйрөп мектептин артына алып баратыптыр. Бир пас карап турсам көрүнбөй калышты. Кыргыз тилчи Анаш эжейим сабак түшүндүрүп аткан, мен эч нерсе дебей эле жин ургандай тура калып, класстан учуп чыгып, мектептин артына чуркадым. Барсам эжем эркектердин туалетинен бир аз алысыраакта бир бутун көтөрүп турат. Мени көрө калып:

- И, күчүгүм, ырас келбедиңби, эркектердин туалетине кирсең менин тувлим шыпта илинип турат, акырын түшүрүп алып келчи, - деди.

Менин боюм жетпегендиктен тактайларга жабышып, тырмышып чыгып атып араң жетип, (мурда ажатканалар жыгачтан жасалчу) тувлисин сууруп алып сыртка ыргытып жиберип, өзүм кайра араң тырмышып түшүп, эжеме батинкасын алып келсем:

- Эй арык эшек, мине келдиң эле арбак, жаман шүмшүксүң э, айнектен ушуну да көрө койдуңбу, эгер эжеме айтсаң өлтүрөм, менден бирди көрөсүң, уктуңбу, - деп кулагымы чойду. Ыкын эжем мени ар дайым “Арык эшек”, же “Арбак” деп сүйлөчү. Мен Университетти бүткөндөн кийин эле айтпай калды антип.

Үйгө жетерим менен айттым апама. Эжемин 11-классты бүтөрүнө аз калганына карабай (мурда 11 класс болчу, кийин биздин тушта 10 класс болуп калды) апам мурун кудалашып койгон Абдыраман атанын баласы Эшенкул деген финансы техникумду бүтүп келген экономист-бухгалтер аксаргыл сулуу жигитке зордоп күйөөгө берип жиберди. Ошондо эжем көзүнүн жашын он талаа кылып:

- Ылайым ушу кызыңан, балдарыңан тап, - деп аябай каргап атып, 1966-жылы күйөөгө узаган. Минтип каргаганын апама кийин өзү да айтып берди.

Ортодон беш ай өткөндө (тайнемдер тоодо экенде) апам “Эч кимиси келбейт экен дебесин, Ыкындан барып кабар алып келгиле” деп дарегин кайра-кайра кулагыбызга куюп атып базарлыгын берип жөнөткөндө, Токтогулдан Кызыл-Тууга чейин Ырыс эжем экөөбүз араң зорго үйүн таап келсек, сыртта эжем кир жууп атыптыр. Бизди көрүп утурлай басты эле, эми кучакташып ыйлашат экенбиз деп ойлонгонумча, жете келип:

- Мине келдиңер, ким жиберди? - деди, кайра жообун укпай, - баргыла, бар кеткиле, экинчи келчү болбогула, эй арбак бутуңу сындырам келсең, эми мен керек болуп калыптырмынбы? – деп баштыкты колубуздан жулуп алып, түртүп чарбактан чыгарып койду. Эжем келатып ыйлады, мен соороттум, “Ыкын келсе биз да киргизбей коебуз” деп. Бир жылдан кийин Асанжанды төрөп эски Токтогулга өзбектин үйүнө квартирант болуп көчүп келди. Эжемин үйүнө киргизбей койгонун унутуп, Асанжанды өпкүлөп, көтөрүш үчүн күнүгө бир маал келип кетчүбүз.

Азыр Кызыл-Туу айлында жашап, 6 эркек, 1 кыз, 8 неберелүү очор-бачар, балпайган бактылуу байбиче болгон. Эшенкул жездем кийин университеттин экономикалык факультетин бүтүрдү. Эжеми да дүкөнчү кылып райпотребсоюзга орноштуруп, 2000-жылга чейин чогуу ээрчишип иштеп жүрүштү. Алтымыштан ашып бараткан Ыкын эжем азыр Токтогулдун базарында белгилүү, күчтүү коммерсант-бизнесчи. Коммерция жагынан эч кимди алдына өткөрбөйт.
***

Азырагын ойноп, көбүрөгүн ооруп жүрүп мектептеги кайра кайталангыс көп кызыктуу жана кызыксыз окуялар эсимде калбай калыптыр.

Биз жакшы көргөн Көчөн деген дене тарбиядан сабак берген, бою тепкедей тыпылдаган агай бар. Ал агайыбыз чоң класстагы Сабира деген сулуу эжени сүйүп калыптыр. Аны Рысбек агай да сүйүп, кичине сүйлөшүмүш болуп жүргөн экен. Анан эле эки дос бир кызды талашып, мушташмай башталат. (Бизди тарбиялап аткан мугалимдерде деле ушундай окуя боло берет экен да деп көпкө чейин унутпай жүргөм.) “Давай один на один, эркекче сүйлөшөбүз” дешип дарыянын жээгине арак ала келип ичишет.

Рысбек агай Көчөн агайга караганда чоң, олбурлуу эле. Кыз талашкан эки спортсмен бир сөзгө келише албай, жээкте мушташып атып суунун үстүнө кулап түшүшөт. Шөмтүрөп суу болуп калышса да дарыянын бирде астына чумкуп, бирде үстүнө чыкканына карашпай намыстанышып мушташын токтотпой алыша берип, жыйынтыгында Рысбек агай Көчөн агайды суунун шар жерине түртүп, агызып ийет. Катуу чарчап калган Көчөн агай кулач урганга алы келбей чөгүп кетет. Аны окуучу балдардан сырткары чоң кишилер да көрүп турушкан. Көчөн агайдын денесин суу бойлоп издешкенде дөңдөн карап ыйлап турганбыз. Кийинчерээк Сабира эженин үй-бүлөсү (ата-энеси, бир туугандары менен) каякадыр көчүп жок болуп кетишти.

Андан көп өтпөй дарыянын аркы бетинде уйларды кайтарып жүргөн бадачы Жаманкул деген аке аты менен агып кетти. Ким, кайерден акса да денесин биздин Шипшиңкенин түбүндөгү эки тоонун ажырымынан таап келишчү. Мен айтып өткөндөй тосмо орнотуп, сууларды бөгөп көл курган жер ошол биздин сай болчу.

Агроном айылында Тилекмат деген аке бригат эле. Тилекмат акенин аялы дайыма ара төрөчү. Апамын айлыгын алып келгени барсак кемпир апасынын курсагынан мышыктын араң жан мыёлогону угулду. Мен кемпир апаны таң калып тиктеп калсам, баламын курсагы ачты окшойт, “Ыя келин, алып кел сүтүңү, оозуна тамчылатайын деп колун койнуна салып мышыктын жаңы туулган баласындай эле кичикий бир нерсени жылаңач алып чыкса, мен коркуп ошол эле жерден ыйлап жибергем. Бирок, балдары токтогон жок.

Айылда Тилекмат аке ат чаап келатат дегенде аялдар кичинекей балдарын үйүнө камап, же беттерин жаап беките салышат эле. Эмне себептен ошентерин сурасам, “Көзү бар, Тилекмат аке назар салып койгон бала жашабайт” дешчү. Эгер бирөөнүн баласы чарчап калса акенин көзү тийди дешчү.

Сортучасткада дарбыз эгилчү, ага самолет менен дары чачышчу. Ошондогу дарбыздын даамын айта бер, пай-пай-пай... Дарбыз таза бышканына чыдабай жарылып кетчү. Колубуз менен мыжыгып жечүбүз. Дары чачкан самолеттун келээр саатын билишип, ошол убакта участокко эч ким барбайт болчу.

Айлыбыз Бөкөнбаев совхозуна карачу, ага Мыктарбек аке көп жыл башкарма болуп турду. Улуу баласы өтө эрке, бейбаш эле. Эгин талаасынын кароолчусу Темиркул аке Мыктарбек акенин жакын акеси болгондуктан мылтыгы менен жалгыз уулун ишенип башкарманын эрке баласына калтырып, өзү үйүнө тамак жегени кетсе, мылтыкты октоп алып ойной баштайт. Чалдын баласын “ке, сен немис бол, колуңу көтөрүп мага багынып бер” десе жалгыз уул көнбөй коет.

- Анда атып салам, - дейт эрке бала.

- Кана атчы көрөйүн, - дейт мектепке жаңы эле барган кичинекей бала. Башкарманын баласы мээлеп туруп жүрөккө атат, жалгыз уул мүрт кетет.

Оо ошондогу айылдын ызы-чуусу... Жалгыз уулдун карыган ата-энесинин ыйы... Менин классташ кызымын эң жакшы көргөн жалгыз үкөсүнүн өлүмү баарыбыздын үйөйүбүздү учурду. Энесинин боздогону ай...


Анан алтынчы классты чала бүтүп, кайрадан Ноокат деген районго жөнөтүлдүм. Мен ошо менен кайра Нургазы Бримкулов агайдын билимге сугарылган деңиздей терең мектебине кайрылып келген жокмун...
Жаңы Ноокат
Ноокат районун экиге бөлүп - Янги Наукат, Иски Наукат деп аташчу. Мен Жаңы-Ноокаттагы Токтогул атындагы санаториялык мектеп-интернатта окуп калдым. Адегенде алардын тилине түшүнбөй чайналдым. Кыргызча таза сүйлөйбүз эле дешет, бирок такыр окшошпойт. Токтогулда ысык деген сөздү ызык дейт. Мен “күн аябай ызык экен” десем, каткырып күлүшүп, “ызык” деп чычалата турган болушту. Сара, Алима, Урмат, Манап, Адыл деген окуучулар эң мыкты окушат. Менин окууга дегеле көңүлүм чаппайт. Ушул беш окуучудан башкасы баарыбыз бирдейбиз. Мага оюн эле болсо болду. Бирок, мугалим агайлар тартипти катуу талап кылат. Жатаканабыздын кире беришин тосуп отурган өзбек аялды “Ая апа” дейбиз. Аяапа вахтасында эле отура бербей, бөлмөбүзгө кирип алып, жемелеп, зекийт, урушат. Мени далай сабады, эмне себептен экени азыр эсимде жок.

Салим деген түрк агай мени дайыма “Чоңко” деп эркелетчү. Мурда чоңко эли тууралуу такыр кабарым жок болгондон кийин, коңко деп мурдуму айтып атат деп түшүнчүмүн.

Кышында барганда апам:

- Тилиң эмне болуп калган ыя айланайын, кайсы тилде сүйлөп калгансың, андан көрө орусча сүйлөбөйт белең? - деп аябай кейиди. Кайсы орус менен орусча сүйлөшмөк элем, аны апам билген жок.

Жаңы барганда апам, бир туугандарым түшүмө кире берип, сагынып ыйлап жүргөм, кийин көнүп кеттим. Жылуу төшөк, төрт маал тамак, окуу куралдарын сатып албайсың бүт баары бар. Эң негизгиси спорт аянтчасы бар. Оюн дегенде ооруганды да унутуп койчумун. Эски Ноокаттын ооруканасына алып барышып, тамагыма операция жасатып, ангинамы кесип салгандан башка үкөл алганым, даары ичкеним эсимде жок. Аба алмашканга, анын үстүнө семиз штангисттин сүрөтүн көрбөй калганга айыктым окшойт. Өзүмү ушунчалык жакшы сезгендиктен Токтогулга барганда баягы штанга көтөргөн кишини кайра көрөрүмү эстегенде жүрөгүм зырпылдап кетчү.

Акмандык Ашир Акматова деген кыз ыр жазып жүрчү. Ал жөнөткөн ырларына Фрунзедеги редакциялардан жооп келчү. “Ырыңды алдык, дагы жазганыңы уланта бер” деген. Мен да чиймелеп койчумун, бирок, Аширден кийин көрсөткөндөн уялчумун. Ошол кездеги:


Оромолум ортосу,

Он эки карыш болсочу.

Сагынсам көрүп келүүгө,

Апакем жакын болсочу - деген элдик ырды көп ырдайт элек. Ушул ыр мага аябай таасир берип, ошонун негизинде ыр чыгара баштадым:


Оромолум жазылса,

Токтогулга жетсечи.

Сагынсам апам кубатым,

Ноокатка келип кетсечи.


Ноокат менен Токтогул,

Жарым карыш болсочу.

Сагынсам өөп алганга,

Жамгырым жакын болсочу.


Эжем жазган каттарды,

Келсе экен деп күтчүмүн.

Кат жаза албайт бытыкый,

Майрамбек сарым күчүгүм.


Көк көз сиңдим Нүкүйүм,

Сак-садага болойун.

Көргүлө деп колумун,

Сүрөтүн тартып койойун.


Түшүмө кирдиң апам ай,

Сагындыңбы сен дагы.

Сагына берип силерди,

Ыйлап жүрөм мен дагы.


Сагынычтуу салам кат,

Көгүчкөн алып баратат.

Ыйласам уршат агайлар,

Ушинтип күндө таң атат.


Окусун бүтүп эртерек,

Кызың акын болсочу.

Сагынсам жыттап алганга,

Сапсарым жакын болсочу.

1972-ж.
Апам пенсиябызды (атам өлгөндө чегерилген) алары менен сөзсүз бир айда бир жолу Ноокатка келчү. Агайлар апамы “көп келе бербең, окуусуна жолтоо болосуз, каникул сайын гана алып кеткени келиң” деп катуу эскерткен. Ага болбой эле көңүлү тынчыбай келе берчү апам. Келген сайын чайдан кыйналчу. Агайым үйүнө апарып кичине чыныга кичинеден куюп чай берет. Чайдан башка тамак жебеген, жесе да ченеп жеген апамын башы ооруп чыгат. Эртеси эле кайра жөнөп кетчү.

Каникул сайын агайлар бирөөлөргө кошуп, табыштап Ошко жиберчү, ал жердин автобекетиндеги мейманканага түнөп, эрте менен Токтогулдун автобусуна түшүп үйгө келип калчумун. Мейманканада иштегендер биздин кийимибизден таанып, “интернатскийсиңерби?” деп сурап, өзүбүздүн акчага эрте мененки автобуска билет алып келип беришчү. Кайра эрте менен эрте келип ойготуп, чай берип автобуска дайындап отургузуп коюшчу. Мунун баарын ким аркылуу жасашчу, билбейт экем. Бирок, кеч болсо да ошол эжейлерге ракмат. Бир жолку кетишимде эки кыргыз, бир өзбек аял менен жатып калдым. Өзбек атың ким деп сурады.

- Жүдаям чирайли экансан йу. Кашини юлип тошасан ондоням чирайли боласан, - деди. Кантип?- деп таң калсам, көрсөтүп берди. Мен чындап эле жүдө чырайлуу болгум келе берчү. Элдин кашы эмнеге ичке десем көрсө жулушат турбайбы деп ошол эле замат жулуп таштадым.

- Кипригиңниям юлип тошаң, катта киз боганда хаммасидан чирайлик боласан, - деди. Мен аябай ишенгендиктен ооруганына карабай кирпигими да жулуп салдым. Ушунчалык жатык, таттуу тил менен айтты, мен эмес чоң кишилер да ишенип кетмек.

Токтогулга келгенде апам сүйүнүп жалынып, жалбарып өпкүлөп атып эле улам сурайт, бир жериң ооруп атабы? Эмине бопбозсуң? Уйкуң келип атабы? деп. Үкөлөрүмү көргөндө кайдагы уйку. Эртеси деле ошол суроолорду бере берди. Такыр мени өзүмө окшото албай атты. Болду, болбоду бир жериң ооруп атат, жашырып атасың деди акыры. Мен каш, кирпигими эстей коюп, айтайын деп баратып айтпай калдым. Себеби, мындан мурда да апам жемпир алып кийип ал деп 40 сом таштап кеткен. Чынында ал акча менен 40 сомго төрт жемпир келмек.

Мен Жаңы Ноокатка түшүп, базарга кирип баратсам бир айя кармап алып “нима оласан, ойтиң маңга, табип бераман” деп кое бербегенинен жемпир аларымы айтсам, “вой дат, ол манда бор еди, ме кармаң” деп, гүлгүн түстөгү жемпирди карматып “нечи пулиң бор?” деди. 40 дедим. “Кела менга, ма ушаң, якшиликка кийиң” деп колума карматып коюп басып кетип калды. Өңү чын эле мага жакты, размери да меники экен, бирок эркек жемпир болуп чыкты. Соода кылып бүтүп кыздар чогулуп ким эмне алганын көрсөтүп атышты. Менин жемпирими көрүшүп эркектики экенин, анын баасы 6 сом турарын айтышып мени жемелешти. Жүргүлө ошол аялды табалы дешип издеп калышты, бирок таба албадык. Кыздардын биринде 15 сом, биринде 20 сом бар болчу. Алар бир топ буюм алышыптыр. Качан болсо “Багы жокко - дагы жок” болуп жүрө берчүмүн. “Ушунун мужуской экенин кантип билбей калдың?” деп апам жемпирди көргөн сайын уруша берчү.

Кийин жаңы кирпик, жаңы каш чыккан жок. Азыркыга чейин аз кирпиктүүлүктүн сазайын татып келем. Көзүмө кыпындар тез-тез түшө берип, кайра аны чыгара албай убара чеге берем.

Эски Токтогулду кымкуут, чаң тополоң кылып өкмөт элди көчүп кетүүгө мажбурлап, көчүрүп аткан кез. Апама болгону 500 гана сом (рубль болчу) берип, жетимдериңи алып “кайда көчсөң анда көч” деп айдап атканда, апам мага Ноокатка барып:

- Бизди көчкүлө деп кыйнап атат, бир болсо Кара-Сууга Тууганбай тайкеңкине көчүп барып, ижарага там таап туруп турабыз го, ушул эсиңде болсун. Кокус Камбү аяш апаң каникулга Симиляны алып кеткени менден эртерээк келип калса ээрчип келе бер, Кара-Сууну унутпа. Вокзалдан отуруп, шопурга айтсаң чоң жолдон Киров айылына түшүрүп коет. Жолдо каттаган кишилерди ээрчип айылга жеткенге аракет кыл. Эки Тууганбай бар. Тайкеңи Кара Тууганбай дешет, адашып баратсаң сура. Чоңоюп эсиңе кирип калдың. Өзүңө өзүң тың бол күчүгүм. Сага кетсем үйдөгү төртөө кароосуз калат. Үйдө жүрсөм сени ойлонуп куса болуп кыйналам, - деп 10 сомду тарбиячы агайыма калтырып, аябай табыштап кеткен.
Тууганбай тайкем
Биздин үйгө Тууганбай тайкем менен Ракыйла тажеңем көп келчү. Тайкем өзү да кара тору, муруту да, кашы да капкара, супсулуу, кыраакы киши. Өтө куудул, мүнөзү ачык, чукугандай сөз табат. Ал сүйлөгөндө күлүп гана карап турасың. Куудулдар менен айтышка салыш керек эле сизди дей берчүмүн. Тайкемин сөзүнө күлгөндөй азыркы куудулдарга күлүшпөйт. Тажеңем экөө бир көз караштан бири-бирин түшүнүшөт. Экөөнүн кыжылдашканын же урушканын бир да жолу көргөн жокмун. Атынан айтпай жеңеми “кайнатамын кызы же Чоюбектин кызы” дейт. Жеңем бир жакка жумшап калса же туура эмес сүйлөп алса “Ушу сени кайнатамкына жеткизип салбасамбы” деп коет.

Он тыйыныбыз болсо эле уруп-согуп Кара-Сууга тайкемин үйүнө кетип калчубуз. Ракыйла жеңем кагылып согулуп тосуп алып дасторконго тамагын жайнатчу. Жеңем кайра тамак жасагыча даңкылдата салып ойноп кетчүбүз. Тайкемин Алимакан деген кызы кичинекей болсо да колунан сүйрөп ээрчитип алчубуз. Андан ары Анарбү эжемкине же Ташы тайкемкине айылдап кетчүбүз.

Анарбү эжемин (тайжем) биринчи күйөөсү каза болуп Каратал жездеме күйөөгө чыкканда эжем кыркта болчу. Мен “Эже, сен картайып калбадыңбы, кыркка чыкканда да күйөөгө тийчү беле?” десем, эжем күлүп “Жалгыз жатсам бутум үшүйт, бутуму жылытайын деп эле тийбедимби” дегенде, мен “Анда минеге төрөп атасың?” деп туура эмес суроо берип алгам. Анарбү эжеми Карагыз деп эркелетишчү. Менин Мээрим деген кызым төрөлгөндө Анарбү эжем Рыскүл (Ыкын) деген кызы окууну бүтө электе эле (май айында) “Бар, кете бер, барып Бурулдун кызын бак” деп Фрунзеге жөнөтүп жибериптир. Ошол сиңдим Мээрим чоңойгуча багышып калды. Ал тургай өзүнүн кызынын атын да Мээрим коюп алды.

Ташы тайкем бала күнүндө апам менен атамын колунда жүрүп калганы үчүн апамы бир тууган кылып алган, тууганчылыгы деле жок экенин чоңойгондо уктук. Бирок, бир туугандай катташабыз. Бурул жеңем алтындан ардактуу, коргошундан салмактуу, эстүү аял. Жеңем дагы менин сессиям башталганда кызым Мээримди багып калган эле. Мээрим “Таш ата, Булул мама” дечү кичинесинде.


Жумуштан келген кыраакы тайкем биздин эмнеге келгенибизди, кимден уруксат сурап келгенибизди сурачу. Эжем экөөбүз жооп таба албай мукактанып калганыбызда тажеңеме кайрылып:

- О кайнатамын кызы, бул беш миң сомдуктар энесине айтпай эле келип алышыптыр. Энеси айылды түрө кыдырып издеп жүрбөсүн беш миң сомдуктарды, берчүңү берип жөнөт үйлөрүнө, - дечү.

Жеңем салып берген баштыкты артынып, тайкем берген 5 сомду батыра албай кечинде үйгө кайтчубуз. 5 сом деген ал кезде аябай чоң акча болчу биз үчүн. Биз барганда тайкем жок болсо сүйүнүп, кечке ойноп жүрө берчүбүз, тайкем бар болсо. “жөн эле келдик” деп кеткиче шашчубуз. Кандай болбосун тайкем бизди тыйынсыз кетирчү эмес. Мындай көрүнүш бир эле жолу болгон эмес. Анан апаман тил угуп жатып калчубуз. Биз көпкө чейин барбай калсак, тайкем өзү келип кетчү. Биздин иш кылбай жалкоолук кылып ойноп жүргөнүбүздү көргөндө:

- Ай, отуруп садистер! Калем алып кат жазып, адресин бат жазып тургула, - дечү кетеринде. Бул өткөндө таарынып кеткен жоксуңарбы, дагы келип тургула дегени эле.

Чай куюп берип отуруп алаксып калсак:

- Эки эле көзүң айнектей, отурган жериң чайнектей, ке, чайдан куй беш миң сом, - дечү.

Токтогулга түшкөн тайкем, бизди базардан көрүп калса, артыбыздан:

- Оо Манастын тукуму, алдагы беш миң сомду бери кара деп койчу, - дегенде жаныбызда бараткандар Манастын тукуму экенине сыймыктана бизди токтотуп калышчу.

- Жети киле печений, эки киле чечений алып кайда баратасыңар, беш миң сомдуктар? – деп жаркылдачу.

Илгери Шипшиңкеге келгенде пакта талаасына барып, андагылар менен:

- Узун, узун пакталар, капка толсун акчалар, арбаңыздар! - деп учурашчу экен.

Тайкем бир жакка барганда эшигине минип, тажеңеми жөө астына салып айдап алчу. Тажеңеми апам “Күлүк” дечү, бир чарчадым дегенин уккан жокпуз. Ошентип ээрчишип келип калышкан бир күнү мен Фрунзеден барып калдым. Тайкем мени менен:

- Бурул кайда, суу көтөргөн сайда, суусар тебетей башында, сулуу жигит кашында, чалп-чулп суу кечет, аны көргөн жигиттер, чалкасынан бир кетет, - деп учурашып калды. Мен эмне деп жооп берерими билбей туруп калсам:

- Эркелетип койсо шатысы жок тамдын башына чыгып кетпе, - дей салды.


Тайкем буудай оргон комбайнчылардын кароолчусу болуп иштеп жүргөндө эки куржунуна буудай салып эшегине жүктөп сатайын деп жаңы районго келатса Кара Сууга түшкөн кашаттын боюнда милициянын тергөөчүсү жашайт экен, жолдун боюнан кармап алыптыр. Тегирменге баратам деп койсо деле болмок да, антпей эле базарга сатып тыйын тыпыр кылып, бала-чаканы багайын деп келатам дептир. Милиция такып суракка алат кайдан алдың деп. Тайкем куудулдугуна салып “бир эшек билет, бир кудай билет” деп коет. Эки куржун буудай үчүн эки жыл түрмөгө кесилип келген. Келгенден кийин турмөдө да кампачы болуп, курулуш материалдарына жоопту болгонун айтып, мык ашык-машык, дагы көп нерселерди чогултуп үйүнө ала келген. Түрмөдөн келгенде “Ал жерде үйүң эле жок болгону болбосо, жакшы эле болду, уруулукту да үйрөнүп, өздөштүрүп алдым, эми уурдаганды көрсөтөм” деп күлдүргөн.

Тайкем айткан беш миң сомдун күчү кайтып калган кезде турмушка чыктык. Сиңдим экөөбүз тайкеме:

- Сиз бизди беш миң сом дей берип, арзан кетип калдык, көбүрөөк айтпайт белеңиз? - деп тамашаласак:

- Мен теңге менен, сом менен айткам да, силер рубль менен кетип калбадыңарбы? – деп күлдүргөн.

Кийин СССР тараганда чындап эле тайкем айткандай рубль, сом, теңге деп бөлүнө баштады.
Тайкемин чоң апасы апамын тайнеси экен. Бирок тайкем апамы дайыма кара чечекей карындашым, жалгыз бир тууганым деп айтчу. Экөө тең кемпирдин колунда калышат. Чоң тайнем апамы Анаш тайнеме бергенде Тууганбай тайкеми да кошо бериптир. Анаш тайнем тайкеми да кошо баккан экен. Жокчулук болуп оор турмушту баштарынан кечиришет. Тайкем талаадан куурай, тезек терип кышкыга даярдайт.

Татай тайкемин айтып бергени:

- Төркүнбү деген тууганыбыз жетим калып, Жолдош чоң атам багып алган экен. Ошондо Тууганбай тайкемдер менен чогуу бир үйдө жашап калышат. Төркүнбү эжебиз бир окуяны айтып берип аябай күлдүрдү эле, эми сага айтып берейин.

Кайсы бир жылы айылды бит басып кетиптир. Такыр биттен арыла албай калышат экен. Жууп же кайнаган сууга салып койгонго ашык кийимдери жок. Жайдын ысык күндөрүнүн биринде отун, тезек тергенге чыгышат. Бир маалда эле тайкем кашатка түшүп кетип жок болуп кетет. Эртеси да ошол маалда кашатка кетип, таба албай калышат тайкеми. Бул бир нече жолу кайталанат. Анан чогулуп алып Төркүнбү эжемдер тайкеми аңдышыптыр. Артынан көрүнбөй бара беришет. Бир жерге жеткенде эле тайкем жылаңач чечинип кийимдерин жерге жайып салып, өзү күнөстөп отура берет экен. Эжемдер жанына келгенден уялып, тайкем качан гана кийинип бүтүп жөнөй бергенде, алдынан чыгышып, “Бул эмне кылганың?” деп сурашса, кийимин чечип чоң кумурсканын дөбөдөй болгон уюгуна төшөп коюп биттерин тазалатып атканын айтыптыр. Кумурскалар биттерди эле эмес сиркелерди да терип тазалап коет имиш. Аны көргөн эжемдер көздөрүнөн жаш чыккыча күлүшүп, үйлөрүнө айтып келишет. Чоң апасы айланып, кагылып, “ырас болбодубу, Тукам жөн эле жоголбойт эле дейм да, эч ким билбегенди билгенин көрдүңөрбү, эми биздин кийимдерди да апарып тазалатып келе кал садага болоюнум” деп кийимин чечип берет. Тайкем улам бирден кийим алып барып тазалатып келе берип биттен арылып жыргап калышат. Муну уккан айыл бүт түрүлүп дөбөдөй чоң уюкка барып кумурскаларды бит менен багышат. Айылды толук “жоодон” кутулткан тапкычтыгы тайкемин беделин көтөрүп коет. Кайсыл үй болбосун чай берип, каткан каймагын берип кичинекей экенине карабай тайкеми кадырлап калышат экен, - дейт Татай тайкем.

Тайкем азыр сексенден ашып калды. Күүлү, эшигине секирип минет. Бала күнүбүздөн бери тайкемин алтынга жалатылган ширин сөздөрүн чогултуп жүрө берсек, азыр эки куржун толмок экен.



1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   13


©netref.ru 2017
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет