Бурулкан карагулова



жүктеу 2.17 Mb.
бет7/13
Дата01.05.2016
өлшемі2.17 Mb.
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10   ...   13
: files -> 2010
2010 -> Библиографски опис на публикациите, свързани със славянските литератури в списание „Панорама” /1980 – 2011
2010 -> Приказ 2010 г. № ‪ о переводе студентов очной формы обучения на следующие курсы
2010 -> Приказ 2010 г. № О переводе студентов заочной формы обучения на следующие курсы
2010 -> Темиртас тлеулесов. Шымкентская мафия
2010 -> Пестум-чертоза ди падула-рошиньо-дегустация-агрополи-салерно-ветри суль маре-круиз на корабле(чиленто)-равелло-(изумрудный грот)- геркуланум
2010 -> Методические рекомендации для студентов III курса стоматологического факультета к практическим занятиям по патологической анатомии головы и шеи
2010 -> Ең үздік техникалық жоғары оқу орындарының рейтингі 2010

Жетим калган айылым, ачылган мүрзөлөр
8-классты бүтүп атканда Камбү аяш апам Симиляны алып кеткени барып калды. Аларды ээрчип кошо келе бердим. Кичинекей вокзалдан түшкөндө эки жакка бөлүндүк. Кусуп аябай кыйналып келгем. Ал кезде автобустун ичинде отуруп алып чоң эле акылы жок кишилер тамеки чеге беришчү. Окшуп-окшуп өлүп калайын деп атканымы көрүшүп деле унчукпай чегип отура беришти. Апам менен чогуу келатканда “айланайындар чекпегиле, жүрөгүбүз айланат, кусабыз” деп эскертип, суранып келчү жетер жеткиче. Целофан пакет дегендер анда түшкө да кире элек кези.

Райондун эски борборунда жашагандар көчпөй эле кадимкидей тиричилик өткөрүп жашап атышканы элдин көптүгүнөн көрүнүп турду. Мен өлдүм-талдым деп Агрономго араң жетип күүүгүмдө келсем кичинекей жапыс тамым бузулуп калыптыр. Кулак-мурун кескендей жымжырт. Булардын көчүп кетишкенин билсе Камбү апа мени жалгыз кетирип жибербейт эле, эптеп үйүңө жетип ал деп өзү кызын ээрчитип араң басып кеткен.

Тоонун түбүндөгү Шипшиңкени көчүрүп бүтүп, андан кийинки турган Агрономду тазалап аткан экен. Айылды чогуу чаңдаткан тентектердин дабыштары эмес издери жок. (О, андан бери канча суулар акты да, канча өмүрлөр өттү. Ким бар да, ким жок… Айлымы сагынсам да көрө албайм, ал түбөлүк дүлөй болуп мелтиреп гана жатат…)

“Мен төрөлгөн айылым Шипшиңкеде алты жыл, чоңойгон айылым Агрономдо беш жыл жашаптырмын, бирок экөө тең суу астында чөгүп жатат” деген узак тема коюп минтип ыр жазгам:


Ата Журт сенде жарык таң,

Чаңың да баалуу, алтын чаң.

Кушуң да алтын, ал тургай,

Бакаң да алтын таажычан.


Айылым, Журтум кайда деп,

Суу астын карап телмирем.

Сагыныч деген кусаман,

Жарыла жаздап селдирейм.


Үстүңөн суулар бөксөрсө,

Суу толуп турат жашыман.

Айлымы көрүп жүрөт деп,

Жыландын сылайм башынан.


Көзүмү берем балыкка,

Үйүмү көрүп келчи деп.

Үйүмү көрүп келген соң,

Көзүмү кайра берчи деп.


Чулп этип чыкса балыгың,

Алдынан тосуп озунам.

Айылым кандай экен деп,

Бакаңын өбөм оозунан.


Үйүбүз калган бузулбай,

Терегим калган кыйылбай.

Куурчакты ороп жаткызган,

Төшөгүм калган жыйылбай.


Күчүгүм калган байлануу,

Ал азыр арбак тактылуу.

Ит деле болсо өлүгү,

Айлында калган бактылуу.


Издерим калган бытыкый,

Бытыкый бойдон калат да.

Тагдырды тарых экен деп,

Жазылып калган баракка.


Ынсаптуу эле балдары,

Ак Бакай эле чалдары.

Балдарбыз жиксиз чачылган,

Балалык кайда андагы.


Чылк алтын эле булагың,

Секирип турчу улагың.

Чыңырсам укпай үнүмү,

Түбөлүк дүлөй кулагың.


Тескейиң жансыз күн тийбей,

Адырың алсыз ай тийбей.

Кагылып кетем кара жер,

Түбөлүк калдың шай кийбей.


Түшүмө кирген бул бейиш,

Өңүмдө эми көрүнбөйт.

Туулган айлым миң кейиш,

Өлүгүм сенде көмүлбөйт.


Чаңдаткан эрке, бейбаш кыз,

Чоңойуп калгам тирүүмүн.

Токтолуп бүтпөй дагы эле,

Кусадан ыйлап жүрүмүн.


Асман да анда бай болчу,

Тукумдай мөндүр жаадырчу.

Апамын жалгыз чоң уйу,

Үч челек сүтүн саадырчу.


Боюман бийик кар жаачу,

Кар эмес бакыт шам болчу.

Тешикпи асман үстү деп,

Кемпирлер колун шак койчу.


Суу басат экен деген сөз,

Кайгыга элди салды эле.

Алты жыл жаткан атамын,

Мүрзөсү ачык калды эле.


Көрчүлөр мүрзө казганда,

Атамын көрүн ачканда.

Буркурап ээрчип ыйлагам,

Жүктөшүп сөөктү жатканда.


Ачылбай эски мүрзөлөр,

Басылып сууда калышкан.

Арбактар сыртка чыгалбай,

Тозоктон жайын табышкан.


Жылдыздар жанат түн чыкса,

Ай чыгат түндө күн жылса.

Айылды суудан бошотсо,

Ордуна келбейт миң жылда.


«Эл кайда көчөт дыйканбай»,

Колума конду. Күз эле.

«Эл кайда көчөт, көч» десем,

Айлыма кетти түз эле.


Айлыма жетип көч дыйкан,

Тереңге боюн таштады.

Анын да ата-тегинин,

Айылы болчу баштагы.


Эл менен чогуу көтөрдүм,

Кудайдын башка салганын.

Жаш болуп анда, айлымы,

Калкалай албай калгамын.


Бала да болсом туу кылып,

Мекен деп калгам жытыгып.

Ыргытып сууга денеми,

Ыйлагым келет тытынып.


Канча жер көрдүм короздой,

Жүрөктүн кылын козгобойт.

Айылым элең керемет,

Эч бир жер сага окшобойт.


Шолоктоп жатып не десем,

Ким кайрып берет ке десем.

Таш чайнап алган тиш өңдүү,

Жүрөгүм зырп-зырп эстесем.


Өпкөлөп жатып не дейин,

Өпкөмү басып келейин.

Токтогул ата журтуму,

Ыр менен шаңга термейин.


Буркурап жатып не дейин,

Буулукпай кайтып келейин.

Токтогул элим – жеримин,

Бурулу болуп берейин...


Үйлөрүнүн үстү, устундары, эшик-терезелери бузулуп, согуштан кийинки кезди элестетет. Ал эми көп жылдык тал-теректер, бак-шактар ордунда калган. Аларды устунга же отунга аралап ала кеткенге чамалары жетпесе керек. Жакын эле жердеги үстү ачылып, көп жылдар койнунда жаткан сөөктөрдү алдыртып ийген мүрзөлөрдүн оңурайып ачык калганы жүрөктүн үшүн алат...

Ээси атайлапбы же сала кетер унаасы жок болуппу таштап кеткен (мүрзөлөрдүн ичине кирип жыт издеп жүргөн) иттердин, суу басканда токойдон качып чыккан жар түбүндөгү карышкырлардын уулуганы, мышыктын аялуу мыёлору, келемиш, суурлардын сурк этип чыга калышы жанымы чыгарып эле салды. Жанталашып болуп көрбөгөндөй ылдамдык менен келген жагыма чуркадым. Ал ортодо коркконго кош көрүнөт болуп, мени карышкырлардын тытып жеп атканы, бирде төөлөрдүн чайнап атканы, камандардын челип атканы көзүмө элестеп кетти. Аралык мектептен эки эсе алыс эле. Күйүгүп, акактап атып автовокзалга жеткенде кеч кирип калган.

- Кара-Сууга автобус кетеби? - десем, ошол жердин өзбек кароолчусу каткырып күлдү:

- Караңгыдаям автобус кетчү беле. Жети түнгө калбай эртерек чыкпайсыңбы?

Мен болгонун айтып түшүндүрдүм.

- Аа, ошондой де, андай болсо жүр биздикине, эч коркпо, менин койнума ысык гана жатып аласың, курсагыңы тойгузам...

Калган сөзүн уккан жокмун. Кулагым ызы-чуу болуп кетти. “Менин койнума..” дегени эле кайталанып туруп алды.

Колумда кийимим салынган кичинекей кооз чемоданым бар эле. Аны ары да, бери да көтөрүп жүрүп чарчагам. Эки колум менен өйдө көтөрүп чемоданымы жанагы чалга (балким чал эместир) ыргыттым да өзүм так секирген улактай шуулдаган бойдон Кара-Суу тарапты көздөй чу койдум. Канча чуркадым билбейм, оозуман кара суу кетип, көзүмөн ысык жаш куюлуп, ак өпкө болуп дем алалбай калдым. Басыгымы токтоткон жокмун. Айлана кап-караңгы. Ээн талаа, эрме чөл дегендей эле жолдун жээктеринде айыл жок. Анда-санда чоң машиналар жарыгын чачып, чаңдатып өтүп калат, көңүл бурган жокмун, акчам деле жок болчу, жыйырма эле тыйыным калган. Жалгыздыктан коркуп ээн талаада өзүмү канчалык карманганыма болбой ыйлап баратам. Бүгүн балким жанагы ойлонгон карышкырга жем болушум керектир, ошон үчүн дагы кайра эле талаада барататтырмын деп ойлосом денеме муздак суу чачылгандай ичиркенем. Машина жолдон чыкпай келатам.

Бир маалда бензовоз жаныман сигнал басып өтүп кетип, алыс барып токтоп калды. Эмне үчүн четке чыкпай жолдун ортосунда келатасың деп урушат экен деп коркуп кеттим. Айдоочусу орус экен, кабинадан чыгып кол булгалап кыйкырды. Корксом да бардым.

- Каякка баратасың? - деди орусча, жетейин деп калганымда.

- Кара-Сууга, - дедим.

- Кара-Суу? Отур,- деди.

Араң тырмышып чыгып отурдум. Кебетеми көрүп орус аядыбы, айтор “Эмне үчүн жалгыз келатасың, апаң кайда, эмне ыйлап атасың?” деген суроолорду берди эле мен ый менен гана жооп берип аттым.

Бизди кичинебизде “Орус келатат” деп коркутушчу. Көзү көлдөй көк, чачы сапсары чыныгы орусту Агрономго көчүп келгенде көрдүк. Ага чейин Шипшиңкеде Шалаңбай (Шаламай болсо керек) деген жалгыз доктур бар эле. Ал сары эмес болчу, кыргызча сүйлөгөндүктөн кыргыздашып кеткен. Шаламайдан башка орустар да көзү көк, өңү сары эмес болчу. Анан “төө чайнап кетет” деп коркутушчу. Себеби ал кезде бакма төө жок болчу, Шипшиңкеде чытырман жыш токойдун ичинде жалаң жапайы төөлөр көп болчу. Кыйын, күчтүү кишилер укурук менен кармап келип, кадоого асып байлап, түлөп бараткан жүндөрүн жулуп алышчу. Төөлөр өкүрүп түкүрүгүн бүрккөндө алыста турган бизге чейин чачырачу. Адамга чап салып жулкунган төөлөрдүн жулунганын көрүп калганым үчүн төөнү элестетип коркуп келаткам.

Кировго жеткенде жанагы орус:

- Ушу жерден түшөсүңбү? - деди. “Ооба” дедим.

- Ким тосуп кетет, кантип кетесиң жалгыз? - дегенде эшикти ачып, “Чоң ракмат” деп жерге түштүм.

- Ай кыз, жолдон таяк таап ал, колуңа таш алып ал, Кировдун иттери көп, уктуңбу? - деп мен түшкөн кабинаны жапты да, башын чайкап жөнөп кетти.

Үйгө келгенде орус бензовозчу менен жеткеними айтсам Рысбек акем (экинчи атам), “ал орус эмес, татар” деди. Шоопурлар бири-бирин көзүн жумуп туруп таанышчу ал кезде. Татар менен орусту азыр деле айрый албайм. Акем ошол татар акеге мени жеткирип койгону үчүн ракмат айтса “Мен экеними кайдан билип койдуң?” деп күлүптүр.

Жанагы вокзалдагы өзбек киши жөнүндө кийин университетте окуп жүрүп телевидениеге барып калсак бир агай укмуштуу окуя айтып берген. Ал мындай эле:

- Биз университетте окуп жүргөндө Токтогул районуна чөпкө барып калдык. Борборунан өтө эле алыскы айылдарына барып чөп чаап жүрүп ооруп калдым. Мени агайлар вокзалга жетип чайханага эле түнөп калып, эрте менен Фрунзеге кете бер деп чүмкөмө машинага салып жиберишти. Суунун үстүнө салынган чайханага келсем эч ким жок экен, кечинде иштегендер кетип калышыптыр. Чоң суунун үстүндөгү тапчанга чыгып эми жатканга ыңгайлашып атсам ошол жердин кароолчусу өзбек киши келип калып, жүр биздикине, үйгө эле түнөп алып, саар менен Фрунзеге кетесиң деди. Мен сүйүнүп кеттим. Үйүнө апарганда аялы эпилдеп чай берди. Бизге сыртка чогуу төшөк салып берди. Чоочун киши менен эмес эң жакындарым менен да бир төшөккө жаткан эмесмин, бирок талаанын иши талаа да, эптеп эле таң атырып алайын деп, тиги кишинин жанында тарс катып уктап калыптырмын. Аябай катуу уктаган экем кимдир бирөөнүн эле колу мени ушундай бир сыйпалап атат, деги ойгоно алсамчы. Уйку-соонун ортосунда болуп өңүм менен түшүмү, кайсы жерде жатканымы ажырата албай жатсам “ойгондуңбу” деп коет жанагы неме. Чоочуп кетип өйдө боло калсам, “жат, жата бер” деп мени жаткызып үстүмү жаап, колун кайра салып сыйпалап атат. “Ой, байке эмне эле кылып атасың, же эмне аялсыңбы?” деп жуурканды ыргыта тептим. Аялы терезеден баш багып, “Уй ака, боло турганбы, не болдуңуз?” дейт. “Укам ачууланба, бир эркектик кылып кой, көптөн бери аялыма барбай атам, жинжа эле, жинжа” дейт. “Ой силер адам эмес турбайсыңарбы” деп туруп кийиндим да, чайханага кетип калдым уктап алайын деп. Балээге уктаймбы, көзүмү тирмийтип жаттым, качан тиги киши кайра келип калат деп коркуп. Таң ата келген биринчи машинага чыгып өзүмүн Фрунземе жөнөп кеттим. Окуму бүтүп иштеп жүргөндө командировкага барсам, ал жакты эчак эле суу басып, жаңы шаарча пайда болуп калыптыр, - деп тарсылдап күлгөн.
Мыкаачы” деген атка кондум
Тууганбай тайкемин айлында эки жылдан ашык туруп калдык окшойт. Мен каникулга келип кетип жүрдүм. Зарылкан деген кошуна кыз менен жакын дос болуп алдым. Алдыбызда чоң арык агат эле. Бир күнү Зарыл “кел түшөбүз” деп калды. Түшсөк терең эле экен. Кызыгып түшө берген экенбиз, бир маалда Зарыл арык бойлоп качып кетти. Эмне болуп кетти деп тура калсам бир аял баласын ээрчитип алыста келаткан экен. Ал жакындаганча мен да суудан чыгып үйдү көздөй жөнөдүм. Кийгеним туташ тигилген гүлдүү кооз купальник. Эртеси айыл дүңгүрөп кетти ушакка. Айылда көп жылдан бери дүкөнчү болуп иштеген Машакан деген эже мени “жыпжылаңач астыбызга туруп алды, качып да койбойт капырай” деп ушактаган сөзү апама жеткенде апам ойда мени ийледи го. Чоң арыкка эле эмес үйдөн да сууга түшпөс болдум.

Апам кийинки чыккан жолдошунан үч уулду болгон. Эң кичүүсү боюнда бар кезинде (1973-жылы) тамдын бурчунда отуруп тоокторуна жүгөрү чыгарып аткан. Улам эле бирөө ышкырат. Апам мени, мен апамы тиктешип коебуз. Апам “Жыландар ушинтип ышкырчу эле” деп артын карап алып кыйкырган бойдон огородду көздөй качты. Карасам жоон билектей болгон кара чаар чоң жылан экен. Тамдын боорун тешип кирип бараткан экен, кайдан жайдан колума тырмооч уруна калып дал ортосунан бастырып калдым. Апам алыста туруп чыңырып атат, тийбе эле тийбе, кач деп. Апамы чоочута турган сенсиңби ыя деп куйругунан тартып жулуп ыргыттым. Кайра эле тырмооч менен баса калдым. Эжем, үкөлөрүм кыйкырып качып жүрүшөт. Мен жыланды чала жан кылып чоң жолго алып чыкканда айылдын боз балдары чогулуп калышты. Бирок, бирөө да жакын келе албай койду. Жыландын ортосу үйлөп койгондой чоң шишик болуп турган. Ортосунан басып тебелеп атып жеген олжосун оозуна алып келдим.

- Эй мыкаачы, - дешип балдар ичиркенип турушту. Аңгыча оозунан чоң чаар бака чыкты, кан сөөлү жок бопбоз болуп өлүп калыптыр. Алсыз жыланды өтүп бараткан трактордун алдына ыргыттым.

- Сен жеткен мыкаачы турбайсыңбы? - деди ошол жерде турган Дүйшөнбек деген аке.

Менден жети жаш улуу ошол аке эки-үч күндөн кийин өлөрчө мас болуп биздикине келиптир. Эшиктин алдына туруп алып, “кимиңер мага чыгасыңар, кана жылан өлтүргөн баатыр кызың?” деп апама айкырып атыптыр. Мен Зарылкандыкында болчумун. Үкөм чуркап барып айтаары менен Зарыл экөөбүз келдик, алар жакын тууган болушат. Дүйшөнбек аке көйнөгүн чечип ыргытып салып, айкырып атат. Апам жалдырап атат:

- Айланайын Дүйшөн, кагылайын, акылдуу жансың го, эсиңе кел садага болоюн балам, - деп. Чуркап үйгө кирип, акемин шымынын курун чыгарып кайра чыктым да, “Аке, эмне болуп атасыз?” дедим.

- А сенсиңби, сен ушунча кыйынсыңбы, кана кыйын болсоң бир жылан апкелейин өлтүрүп берчи? - десе оозунан көбүк чачырайт.

- Аке, жыланды өлтүрбөш керек, сендейлерди өлтүрүш керек, - дедим да курдун кайыш жагын колума ороп, темир жагы менен сабап кирдим. Кыйкырган үнү Кытайга жетип турду. Ачууму токтото албай катуу сабап койдум. Мен анын жарымындай болчумун. Көрсө ичип алганда бүт айылды тажаткан зөөкүр экен. Ошондон кийин биздин үйгө эле эмес көчөгө жакын жолой албай калды.


Апам курсактагысын төрөп келгенде да бир окуя болуп кетти. Акем шофер болгондуктан Ошко, Таш-Көмүргө такай каттап, үйдө аз болчу. Түндө катуу уктап атсак эле апамын кокуйлаган үнүнөн төркү үйдө жаткан биз да ойгонуп кеттик. Эмне болду деп апам жаткан бөлмөгө чыксам:

- Акырын кокуй, далисте бирөөлөр жүрөт, орусча сөгүнүп атышат, эми эмне кылчубуз, колубузда кетмен, чотубуз да жок, кантебиз. Балдарды силердин бөлмөгө алып киргиле, бир айласын кылармын. Үнүңөрдү чыгарбай, кудайлап отургула, - деди.

Идиштер шарактап талкаланып баштады. Мен балдарды киргизишпей эле баягы кемерди алдым да төркү тар терезеден тырмышып чыгып кеттим. Эжем кыйкырып ийди “апа Букуң айнектен чыгып кетти” деп.

- Кокуй кайт, ка-айт артыңа, бир балээни баштаба, кайт дейм, - деп кыйкырып бүткүчө, мен тамды айланып өтүп, далиске кирдим. Чоң итибиз жанталашып үрүп аткан, азыр андан да катуулап үрүп калды.

Кирсем мас орус экен. Мастыгынан иттен коркпой өтүп кирип келиптир. Идиштерди алынын жетишинче чачыптыр. Суу же тамак издесе керек. Ал кезде биз итке ишенип үйдү кулпулабайт элек. Артынан келип желкеден чап кармасам, чоочуп кетип кыйкырып, жулунуп кирди эле, мен адатымча сабап кирдим. Ой мамалап жалынганына карабай сабадым. Эшикке сүйрөп чыксам итим өчүн алчудай жулунду. Кайра аны иттен корголоп эшиктин түбү менен сүйрөп жөнөдүм. Орустун үнү алыстаганда гана апамдар үйдөн чыгышты. Мен аны жолдун жээгиндеги арыкка алып келип башын сууга тыктым. Ал какалып-чакалып атып эсине келди окшойт, жата калып суу иче баштады. Кантип, кайдан келгенин сурасам Жаңы Курулушта (жаңы Токтогул) иштеген сырттан келген курулушчулардан экен. Чогуу отуруп алып арак ичип сайга түшүшүптүр да адашып кетиптир. Биздин үй көчөнүн башында болчу, оңойуна карап биздикине кирип суу ичип жатып калайын деген экен, оюна койбой татырактатып жолго салып айдап ийдим.

Ошондо апам “бейбаштык кылганда сени бекер эле уруп жүрүптүрмүн, бейбаштыктын да пайдасы тийет турбайбы?” деп өкүнгөн эле.

Дайыма бир окуянын ичинде жүрчүмүн да. “Мыкаачы” деген атым көпкө чейин өчпөй жүрдү.
Жалал-Абад, профтех, механизатор
Ноокатта окуп жүргөндө Жалал-Абаддын профтехникалык окуу жайында иштеген көзү көк, өңү сары толмоч агай келип биз менен жолугушуу өткөрдү. Ал өзүнүн окуу жайы тууралуу укмуштуу кылып айтып берди эле оозум ачылып калды. Мындай чеченди ага чейин көргөн эмесмин. Ал окууну бүткөндөр атактуу агроном болот экен. Кыздардан агрономдор аз чыккандыктан, өкмөт көтөрмөлөп чоң ишке да коет имиш. Атактуу “16 кыз” деген бригаданын кыздары да, Өлмасхан Атабекова да ушул окууну бүткөн имиш.

Ушу агайдын сөздөрү уктасам кулагыман, жумсам көз алдыман кетпей койду. Апама кайра-кайра айта берип кулагынын кужурун алдым. Агайдын айтканын апама айтып берип, оозун ачырдым. Ошончолук эле чындыгы болсо барсаң бар, бирок сенден кандай агроном чыгаар экен. Биздин районго агрономдор сөзсүз керек, эгер жакшы окуп бүтүрүп келсең иш табылат деп мени эми Жалал-Абадка Рысбек акеме кошуп жиберип ийди.

Жалал-Абад жап-жашыл, кооз шаар экен, аябай жакты.

Сабакты мурда начар окуганым менен бул жерде эң алды болуп окудум. Боюм теректей болуп өстү. Тамагы да жакшы, даамдуу. Жатаканада төрт кыз болуп жатабыз. Жигиттер менен кат алышабыз, көбүнчө аскердеги балдар менен. Кээ бир каттарды жалаң ыр менен жазам ооздорун ачырып. Балдардын группасы менен достошуп, эркектен дос күткөндү үйрөндүк. Биринчи курста республикалык айыл-чарба журналына орусча, кыргызчасына да сүрөтүм менен чыктым. Анан 2-курска көчкөндө агрономияда эмес эле механизация группасында окуп жатканыбызды билдик. Кыздардын көбү кетип калышты. Ушинтип алдап алып келип окутушчу экен.

Нургазы агайдын китепти көп окугула деп тынбай айткан сөзүнөн улам китеп окуганды биринчи орунга койдум. Сайма сайып, тор токудум. (Торду улантып кетсем атактуу торчу болмокмун. Тор токуганды акыркы жылдары эле токтотуп койдум. Калың жана жука жемпир, шапочка, шарф, юбка, жеңи жок кофта, байпактын түрүн, цивитер баарын токуп кийчүмүн. Кыздарыма, инилериме токуп берип, артканын сатчумун).

Белгилүү эле режиссер (кийин депутат) окуу жайдын тарыхын тартканы келип, мени тандап алып, сайма сайдырып, тор токутуп, китеп окутуп, ары бастырып, бери бастырып, айтор документалдуу фильмге тартып, телевизордон көрсөттү.


Шаарга кыздар болуп базар кыдырып же курортко чыгып кетчүбүз. Бир жолу да шаар кыдырып, андан ары курортко чыгып, кайра түшүп келатсак бир эже атымы айтып токтотот. Кыздар да, өзүм да таң калып карап калдык. Көзүмө эле жылуу учурайт. Ал жете келип кол алышып учурашып, эмне кылып жүргөнүмү сурады. Токтогул кандай болуп калды деп да сурады. Сиз ким элеңиз десем, Фаридамын дейт. Фарида баягы Рысбек агайдын сүйгөнү Сабира эженин бир тууган сиңдиси болчу. Мен кучактап калдым. Ал аябай өсүп, толуп, суп-сулуу болуп калыптыр. Көчөн агайдын окуясынан кийин көрбөй калгам, ябай жакшы эже эле, сагынып калыптырмын. Үчөөбүздү бир үйгө ээрчитип барып, бул биздин үй деди. Чай берип, курсагыбызды тойгузуп жөнөтүп атып, кыздарга угузбай эмкиде өзүң жалгыз кел, сүйлөшөбүз деди. Макул болдум. Сабира эжени, үй-бүлөсүн сурайын деп батына албадым, дагы бир келгенде сурайынчы деп ойлоп койдум.

Анан тынбай катташып турдук. Мен үйүнө келбей калсам Фарида эже издеп келчү. Ал ыйлап туруп өткөн окуяны айтып берген.

Рысбек агай Көчөн агайды дарыяга агызып ийгенден кийин милицияга түшүп, соттолуп, көп жылга кесилип, Жалал-Абаддагы түрмөгө түшүптүр, канча жылга дегени эсимде жок. Сабира эже да, ата-энеси да элдин бетин карай алышпай Рысбек агайдын артынан ушул шаарга көчүп келишип, түрмөгө каттап турушат. Ошол түрмөдөн эле агай Сабира эже экөө үйлөнөт. Бир уулду болушканда агайды сырткы түрмөгө чыгарат. Чогуу бир үйдө жашап калышканда тил табыша албай уруша беришип, ажырашып кетишет. Сабира эже акырын сүйлөп, акырын баскан майин, дагы деле аппак, сулуу бойдон экен. Фарида эже болсо жездесинин начар киши экенин, Токтогулду аябай сагынганын, куса болуп атканын айтып ыйлаган. Ошондогу намыстын күчүн кара, бул деле 6 же 7-класста окуган кичине кыз эле да. Бир кыздын абийири үчүн бир чоң үй-бүлө элдин бетин карай албай чогуусу менен көчүп кеткенин айт. Бирок, тагдырдын күчү – экөөнүн башын бириктирип, кайра тез эле ажыратып койгонун карабайсыңбы.
3-курста жигит күттүм. Биздин кезде жигит менен сүйлөшкөндүн белгиси бири-бирине открытка, китеп, атыр белекке беришчү. Азыркылардай болуп көчөдө чылпылдашып тиштешпейт эле. Окуу жайдын ичиндеги клубга кино көргөнү чогуу кирип, жакын отурганда жигитибиз колубузду кармап алса чымчып алчубуз. Аскердеги жигиттер менен жалаң ыр түрүндө кат алышып, атымы Назгүл деп псевдоним коюп алып жазчумун. Жоокерлердин даректерин группалаштар бири-бирибизге берет элек. Көбүнчө туугандарыбыздыкын. Атамдын фамилиясы Осмонов болгондуктан мен да Осмонова деп жазчумун. Курдаштарым да Назгүл деп коюшчу. Ошол атым көпкө чейин өчпөй жүрдү. Ал тургай апама атымы эмне үчүн Назгүл койбойсуң деп тултуңдасам, “ал кезде Назгүл деген ат жок эле. Өз атың Таңнурду койдурушпай койгондон кийин ал атты деле койдурмак эмес деген. Бир туугандарымын баары Осмонов, Осмонова. Ал тургай апам да Осмонова болуп атамын атында. Буларды айтып аткан себебим андан бери бир нече жыл өткөндөн кийин чындап эле Осмонова Назгүл деген акын кыз чыкканда аябай таң калдым. Ырларын издеп окудум, бирок өзүн көргөн жокмун. Анта деп эркелеткен үкөмүн өз аты Майрамбек дебедим беле. Анын көзү өтүп кеткенден кийин 90-жылдардын башында Майрамбек Осмонов деген биздин райондон ырчы чыкты. Анын аты радиодон аталган сайын апам өзүн коерго жер таппай, жоолугунун учу менен көзүн жаап алып, жашын төкчү.

Ошентип катты жалаң ыр менен жазып жүрүп, 1975-жылы 3-курсту жалаң “5”ке бүтүрүп, диплом алып айлыма кайтып келдим. Мехкадрда окуптур деп айтышат деп ушул окуу жайда окуганымы эч кимге айтпайт элем. Тек гана мектепти Ноокаттан бүтүп келдим деп койчумун. Аны уккан кээ бир мурунку классташтарым мени бир жылга жашарып алыптыр деп ушак кылып жүрүштү. Себеби, мектепти 1974-жылы бүтүшүм керек эле да.


***
Окуу жайын аяктап Кара-Суудагы үйүмө келсем, апамдар ал жерден да көчүп Жаңы Курулушка (Токтогулдун азыркы борбору) кетип калышыптыр. Мурда жалаң боз шыбак өскөн, эски мүрзөлөрдүн орду болгон талааны жердеп көчүп келген эл кумурскадай болуп быжырап, үй салып атышыптыр. Мектеп, дүкөн, эки кабат үйлөр салынып бүтүп калыптыр. Тууганбай тайкемин айтуусу менен божомолдоп кашаттын жээгинен сурамжылап жүрүп отуруп таап келдим. Жаңы чекке 13 жана 11 жаштагы Жамгыр, Майрамбек үкөлөрүм күнгө тотугуп, ылай тебелеп кирпич куюп атышыптыр. Аларды көрүп бакырган бойдон чуркап барып, ылай беттеринен чопулдатып өөп, ыйлап аттым. Кирпич кынаган усталары да Ноокаттан мен окуган айылдан келишиптир. Тамдын кирпичин коюп бүтөйүн деп калганда апам айтып калды:

- Нургазы агайлар да ушул жерде, алар үйүн салып бүтүп, жашап атышат. Өзүнүн мектебинде эле иштеп жүрөт. Эртең май кошуп дандырга нан жаап сени алпарып учураштырып, батасын алып келели, кантсе да эл сыйлаган олуя эмеспи, - деп.

Апамын бүт айыл тамшанып жеген май токочун жаап, агайдын үйүнө бардык. Жубайы Кыркаяк эжей тосуп чыкты. Биз агайга келгенибизди айтты апам. Эжей бир баласын чуркатып, агайды мектептен алдырды. Агай келгиле деп баш ийкешип учурашты. Апам мени көрсөтүп:

- Кызым окуну бүтүп келип, агайым менен учурашып келем дегенинен батаңызды алып кетели деп келип калдык, - деди.

Агай мени тиктеп “Эмне дейт?” деп карап калды.

- Бул баягы кызыңбы? Койчу? - дагы деле таң калганын жашыра алган жок агай.

- Ошо кызым агай. Сиз болбосоңуз мектепте окубай калмак. Кышка кийе турган кийимдери да жок эле ошо кезде. “Жакшынын шарапаты” деген чын экен. Сиздей олуяга жолугуп, кызымын жолу ачылды. Азыр ыр жазып жүрүптүр. Райкомго да ишке алды, - деди апам.

- Бу кызымы башка жерден көрсөм ишенмек эмесмин, аябай сулуу кыз болгон турбайбы. Бою да абдан өсүп кетиптир, ден-соолугу ордуна келдиби? – деп агай кол жоолугун чөнтөгүнөн алып чыгып, жүзүн сүрттү.

- Тамагындагы ангинасын Ноокаттан операция жасап кесип салышкан. Ошондон кийин оорубай калды. Бою да өсүп кетти. Көрсө кызым ангинадан эле аябай жапа чегиптир. Класста балдардын аягында турчу эле, мектепти бүткөндө башына чыгып калды, - деп апам сыймыктана мени карап койду.

Чай ичилип бүтүп, агай колун жайып бата берди. Нандын даамдуулугун айтып апамы аябай мактады. Башкаларчылап “жөн эле койбойт белең, убара болбой” деген кургак сөздү айткан жок.

Агайым кийин мени райкомго издеп келди, ушул жерде иштеп атасыңбы деп. Мен жоокерлердей атып тура калдым ордуман. Ошол жерде 1-катчыны күтүп отурган чоң-кичине дебей ыргып турушуп, агайга келип кезекке туруп кол берип учурашып калышты. Бери жактан келаткан 2-катчы, сырттан кирген 1-катчы, коридордон көргөн бөлүм башчылар ийилип, колдорун балпайтып сунушуп, саламдашып жатышты. Агай мага келгени менен учурашып сүйлөшкөнгө кезек жеткен жок. Эки катчы тең агайды аяр колтуктап кабинетке алып кирип кетишти. Агай менен көпкө маек курушуп, насаатын угуп отурушту. Аларга чай даярдап алып киргенимде агай “бул кызыма эле учурашканы кирип калгам” деди. Мен семирип жерге батпай калдым.
***

Кашаттын жээгинде туруп карасаң эски Токтогулдун үстүн басып жаткан көл гана көрүнөт. Ушул көл курулганга чейин Токтогулда катуу шамал болчу эмес. Шамалга бетими жалатып, чачымы сапыртып канча жолу кашаттын жээгин тепселеп, көлдү карап умсунуп, карегимин нурун чачыратып телмирбедим экен. Атамын изин, балалыгыбыздын изин ушинтип көлгө бастырып салгандарга наалат айтып, акаарат келтиргенден башка аргам жок болчу.

Атам менен алты гана жыл жашадым, бирок алтымыш жыл жашагандай сезилем. Азыр да денемин бир бурчунда, жүрөгүмүн түпкүрүндө атам жашап жүрөт...
***

Жаңы Токтогулдан 1977-жылдын аягында борборго окуйм деп кетип калып ошо бойдон кайрылып барган жокмун. Университеттин журналистика бөлүмүнө кеч болсо да өттүм. 3-курста Жалал-Абаддагы сүйлөшүп жүргөн группалашыма турмушка чыктым. Ал экөөбүз тир атышканы барчубуз. Дайыма менден жеңилип калчу. Мен кошкат кезимде да атышчубуз. Анда да жеңчүмүн. Анан ал үйдөн чыгып кетип эле көпкө чейин жок болуп кетчү. Көрсө тирге менсиз барып, атканды үйрөнүп жүрүптүр. Аябай машыгып алгандан кийин атышабыз жүр деп мени да алпарды. Бүгүн, эртең төрөйм деп тургам. Ичим да өтө чоң болчу. Эңкейе алчу эмесмин. Ага деле болбой качпа, атышабыз деп кыйначу. Мен мээлебей, туруп алып атчумун, ошондо да тең чыкчубуз. Мен Мээримди төрөгөндөн кийин да атышып жүрдүк, эч даярдыгы жок барып атышчумун, бирок жеңилчү эмесмин. Ал да ондукка атчу, тең чыгып калчубуз. Мен атыш жагынан атам менен Күмүшкан эжеми тартсам керек.

Анан экөөбүздүн титиреңдеп урушкандан башка эч нерсебиз эсте калбаптыр. Болгону мага эки кызды белек кылып берди.

Группамда (Университетте) чогуу окуган Сергей деген баланын үйүнө барып, коюн жеп, Көлүнө түшүп эс алып турчубуз. Анын шаарда үйү болбогондуктан сессия сайын шаарга келгенде биздин квартирага да келип калчу. Орус кемпирдин кичинекей кепесинде ижарада туруп 15 сом төлөйт элек.

Бир күнү тигиним титиреңдеп таң атпай 5те туруп ишке барам деп калды. Мен кызымы эмизип бүтүп жаңы гана уйкуга кеткем. Эмнеге эрте десем, бүгүн мен дежурмун деди. Араң дегенде ойгонуп, чай койгонго камынып атсам, жөн эле кой, иштен ичип алам, алтыга барышым керек, кечигип калам, андан көрө бейкапар уктап ал сабакка барганча, чыкпай эле кой, дарбазаны ачкыч менен култап коем деп кетип калды. Кудай жалгасын деп жатып калдым. Сергей төр жакта чалкалап жатып, эки колун асманга жайып, каңырсып уктап жаткан.

Квартирабыз анча чоң эмес уктай турган бөлмө, анан чай иче турган андан да кичине бөлмө болчу. Уйку деген жаман да катуу уктап кетипмин. Канча уктадым билбейм, балким он же он беш мүнөт болгондур, биз жаткан бөлмөнүн каалгасы шарт этип ачылганда “апаа” деп бакырып тура калдым. Тигиним кайта келиптир, жүрөгүмүн лакылдаганын айтпа, сүйлөй албай калдым. Ал ушунчалык албууттанып, кабагына кар түнөп, азыр эле бирөөнү чайнап жеп ийе тургандай болуп кирди. Ал бир саамга Сергейди карап туруп калды. Сергей бая тиги кетип баратканда кандай жатып, кантип дем алып атса ошо калыбынан былкылдабаптыр. Анан көптө өзүнө келип:

- Ой, бөйрөгүм ооруп, остановкада отуруп приступ болуп, эмне кыларымы билбей кайра баса бердим, - деди.

Ай-хайлап бөйрөгүн басып калса мен ишенип алып, туруп барып койдун майын ээритип анын бөйрөгүнө сыйпап, жоолугум менен ысык таңып, жылуу ороп жаткыздым. Ал Сергей тарапты карап, көпкө чейин уктабай анын кантип дем алып атканын андып жатып уйкуга кетти. Мен да уктайын деп жатсам уйкум ачылып кетти. Бир топко чейин жаттым да туруп сыртка чыктым. Кечинде кар жаап аткан эле басылып калыптыр. Короонун ичи тигинин изине толуп кетиптир, көбүнчө айнек менен эшиктин түбүнө эле каттай бериптир. Дарбаза кулпудан ачылбаптыр, кулпуну ачып сыртка чыксам бир да из жок. Тиги сыртка жетпептир. Анда мен “ии байкушум, дарбазага жетпей приступ болуп ары-бери жандалбастаган турбайбы” деп ойлоп аяп койдум да үйгө кирип ага жылуу жумшак тамак даярдаганга кириштим.

Биз ажырашкандан кийин арадан бир топ жыл өткөндө анын бир тууган акесин көрдүм. Кыздарды кайра-кайра сурап жан-алы калбай учурашты. Күйөөң кайда, эмне иш кылып атат деп сурады. Мен уялып кетип аке, күйөөгө чыга элекмин, кыздарды чоңойтуп атам дедим.

- Кантип? Кандайча чыга элексиң? А баягы группалашыңчы, Алексей беле, Андрей беле? Түкүнү көзгө илбей, ачык эле жашап алган турбайсыңарбы? Анан ага тийип Көлгө көчүп кетиптирсиң го? - дегенде оозуман асстапыраллам түшүп калды.

- Эмне деп атасыз? - деп ийдим оройлоно, өңүмүн бузулуп кеткенин көргөн акем алдастап калды, - Дагы эмне деди эле үкөңүз? Сергей экөөбүздүн достугубуз таза жана түбөлүк. Элдин баары эле сиздин үкөңүз эмес, жакшы калыңыз.

- Кантесиң, мен эми анын айтканын айттым да, менде эмне күнөө, эгер жалган болсо кайра жакшы, кыздарды алып келип көрсөтүп тур. Түкү бечеранын бөйрөгү ооруп өзү араң жүрөт, аны тим эле кой эми (каргабай эле кой деген мааниде айтып атат), андан көрө жеңеңин туулган күнүнө эртең кыздарды алып үйгө кел, - деди акем.

Мени көпкө чейин ой басып жүрдү. Бая күнкү окуя кайра-кайра көз алдыма келе берди. Дарбазадан сыртка чыкпай эле жанталашып айнекке асылып, качан дабыштары чыгат деп аңдый берип, анан кызым кыңкыстаса, мына колго түштү деп эшикти акшыңдап алаңдап ачып кирип келип мыш болгону, бөйрөгүм эле бөйрөгүм деп жалган онтоп атып азыр бөйрөк оруулу болгону, Сергей келсе эле титиреңдеп уруш чыгара бергенинен улам Сергейдин кийин жолобой койгону, айтор бул ойду бир жыл бою көз алдыман сызып өчүрө албай койдум. Азыр эстегенде жөн эле мыйыгыман жылмайып коем, бирок акем айткан тушта аябай жүрөгүм ооруп, ой басып чүнчүп жүрдүм. Дүйнөдө эле бирөөнү каралаган жаман экен. Акемкине барганда түнү бою Түкүнүн аялын кеп кылышты. Анын кантип тигинин көзүнө чөп салганын, түрк менен кантип кармап алганын, азыр эки күйөөсү менен тең жашап атканын, айтор баарын айтып беришти, бирок мен ал сөздөрдү өзүм менен ээрчитпей ошол жерге эле калтырып кеттим.

Ал эми Сергей досумун Тору-Айгырда жашаган апасы Бурулкан аяш апама, карындашы Акжолтойго жыл сайын барып, каттап турам. Тору-Айгырдан кайтып келатканда Балыкчыга Сергейдин үйүнө сөзсүз кайрылып өтөм.


***

Убакыт жаман тез өтөт экен. Билинбей эле карып баратам. Кыздарым өз теңдерин таап, күйөөгө кетишти. Мээримим Ак-Өргөдөгү үйүмүн жанына эки кабаттуу үй салып берип койду. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, турмушум, жашоом бир нугуна түшкөнсүп калды. Бирок, жериме болгон сагыныч, кусалык өмүр бою менден арылбай келатат. Шипшиңкени да, Агрономдогу жардын четиндеги кичинекей айылымы да бир көрүп өлсөм мейли эле!

Айылы, балалыгы өткөн жер чет мамлекетте калса да сагынган адамдар сөзсүз бир барып көрүп келе алат, а бизчи, эч качан! Көлдүн үстүн гана телмирип тиктеп отуруп, кайра баса бермей... Токтогул көлү – көл эмей эле, менин көзүмүн жашы...
***
Оо, Брежнев, Косыгиндер өлбөгөн,

Жүрөгүмү кошо көмдүң көл менен.

Кыяматтан арбактарды артынып,

Адам качты, мал кырылды төлдөгөн.


О Брежнев, Косыгиндер, ноендор,

Жүрөгүмү кайда апарып көмдүңөр.

Курсант болдуң мени өлтүрүп алганга,

Пенде экенсиң, силер деле өлдүңөр.


Ыргытылган топ таш болуп бириндеп,

Кеткен кезде мөгдүрөгөм, көлдөгөм.

Тагдыр чачып, чилдей тарап адамзат,

Жашап калды кайра баштан нөл менен.


Көкүрөктү тээп чыгат ыр түтүн,

Сурап көрчү айлымдан бар ким бүтүн?

Бардыгынын жүрөктөрү жаралуу,

Туулган жерден топурак жок бир күкүм.


Топурактан уучтай чыгып албапмын,

Жыттамакмын, сактамакмын далай жыл.

Жаш экемин, бала экемин, билбепмин,

Өз мекенин көмүп салуу кандай бул?


Туулган жерим бар болчу деп кимге айтам?

Кыямат ал - кайран элди дүрбүткөн.

Айды чапчып чыга турган дүңгүрөп,

Канча акының өлүп калды күйүттөн.


Көл астында өлүп жатат туулган жер,

Көп өлкөгө от берем деп буулган жер.

Зар какшасам, буркурасам, боздосом,

Көлдөй болгон көз жашыма жуулган жер.


Уктап турсак бизди көрүнүп сүйүнүп,

Туулган жерим бапыраңдап калчу эле.

Бүт бардыгын акын кылып салчу эле,

Бүт бардыгын ырчы кылып салчу эле.


Уктап жатсак бешик болуп терметчү,

Үшүп калсак ысык берип тердетчү.

Ташкындаган сүйүү берчү жүрөккө,

Талпындырган күчтү берчү билекке.


Билегибиз күчтүү болуп өскөнбүз,

Жүрөгүбүз баатыр болуп өскөнбүз.

Анын баарын көкүрөктөн өчүрүп,

Бир күн эле шыпырылып көчкөнбүз.


Жаштыгым аз, сүйүшө элек кез эле,

Туулган жерде өмүр өчтү тез эле.

Он төртүмдө айылымы суу басып,

Толуп бүттү он сегизде кезимде.


Көрөйүн деп көрбөй кетем айлымы,

Көз жаш менен төгүп кетем кайгымы.

Салам, салам, салам айтсам миң ирет,

Кабыл албай кара толкун жинигет.


Мындай укмуш болбоптур эч дүйнөдө,

Мындай шумдук тартылбаптыр картада.

Кандай гана кайгы менен өчөмүн,

Муну билбей муун келатат аркада.


Кубангандан азабым көп, муңум көп,

Москвадан ала турган кунум көп.

Өчүп калдым курчтуктун азабынан,

Өлүп калып курчтуктан кайра жандым.


Ушул элдин кунун төлөп бергин деп,

Чоңдор болбойт өйдө жакка унчуккан.

Туулган жерди эч нерсеге алмашпай,

Суу астында тумчукканым тумчуккан.


Жер жарылса кулагың тунат экен,

Жарылганы жүрөктүн жаман экен.

Көкүрөктүн ичинде муштумдай муз,

Ээрип кетсе, арманым тарар бекен?


Айылым деп көксөгөн арман өчпөйт,

Айылым деп өрттөнгөн жалын өчпөйт.

Айылымын тартылган портрети,

Карегимин ичинен такыр өчпөйт.


Мындан ары болбосун мындай укмуш,

Ар бир ыйым чакырсын бейпил турмуш.

Айылынан, кепесинен айрылган,

Акын муңун окусун ар бир кыргыз.


Ушуну менен эле арманым токтоп калбайт, дагы кайрылып келем. Акыркы демим да “Туулган жерим кайдасың?” деп чыгат.
***
Менин кийинки турмушума байланыштуу окуя жөнүндө “Селсаяк” деп аңгеме жазганымы көпчүлүк билет. Ошол “Селсаяк” менин өмүрүмүн экинчи уландысы. Ал чыгарманы окугандар кайдыгер калышкан жок. Атайын издеп келгендер да көп болду, телефон чалгандар мындан көп. Ошондуктан ошол “Селсаякты” ушул чыгармамын уландысы деп билгиле...



1   2   3   4   5   6   7   8   9   10   ...   13


©netref.ru 2017
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет