Бурулкан карагулова



жүктеу 2.17 Mb.
бет8/13
Дата01.05.2016
өлшемі2.17 Mb.
1   ...   5   6   7   8   9   10   11   12   13
: files -> 2010
2010 -> Библиографски опис на публикациите, свързани със славянските литератури в списание „Панорама” /1980 – 2011
2010 -> Приказ 2010 г. № ‪ о переводе студентов очной формы обучения на следующие курсы
2010 -> Приказ 2010 г. № О переводе студентов заочной формы обучения на следующие курсы
2010 -> Темиртас тлеулесов. Шымкентская мафия
2010 -> Пестум-чертоза ди падула-рошиньо-дегустация-агрополи-салерно-ветри суль маре-круиз на корабле(чиленто)-равелло-(изумрудный грот)- геркуланум
2010 -> Методические рекомендации для студентов III курса стоматологического факультета к практическим занятиям по патологической анатомии головы и шеи
2010 -> Ең үздік техникалық жоғары оқу орындарының рейтингі 2010

Селсаяк
Биз көпкө чейин жолугуп жүрдүк. Ээрчишип келип, ээрчишип кетебиз. Ошондой күндөрдүн биринде Нурбайдын өзүнөн уккандарым төмөнкүлөр болду. Анын ушул сырын укпаганымда баары башкача болмок, эч качан кол кармашып турмуштун узак-узак жолдорун чогуу басмак эмеспиз…
***

…Кемпир апам, мамам үчөөбүз чогуу жашачубуз. Ага чейин мени эки кемпир апам бакчу. Улуу кемпир апам биринчи классымда каза болуп калган. «Картаң апаң өлүп калды, жүр» деп мени мектептен жетелеп алып келишкен. Мен боздоп «Эми ким менен жатам» деп шолоктоп ыйлагам.. Уктаганда апамын буттарын кучактап уктачумун. Ал апам мени түндө алып жатканы менен, күндүзү жаш кемпир апам бакчу. Бир кемпир бир кемпирдин жогун билгизбей, мени майлап сүттөп, агымы ак, кызылымы кызыл кылып бакканына бат эле көнүшүп, жаш кемпир апамын койнуна жатып уктачу болдум.

Мамам жол кырсыгына учурап, колу, буту ооруп жүрчү. Бир жолу комуз сатып берип, «чертип үйрөн» деди. Мен көчөгө туруп алып комузду калдыратып, мектепке бараткан кыздарды, сууга бараткан эжелерди, кемпир-чалдар өтүп баратса аларды айтып саймедиречүмүн. «Мен сени чоң окууга окутам» дечү байкуш мамам. Кийимдин түрүн кийгизчү. Экөө аябай эркелетишип, мени эркин өстүрүштү.

Бир күнү ойноп жүрсөм Болот тайкем: «Нурбай жүр, сенин атаң келди» деп ээрчитип келди. Ага чейин эки үйдүн эркеси болуп жүрүп, менин башка атам бар экенин билген эмесмин. Ата деген кандай болот экен, көрөйүнчү деп чуркап жөнөдүм. Баламын да, болбосо «Кайсы атам?» деп сурасам болмок, же «Барбайм» деп ошондо качсам болбойт беле. Үйгө келсем костюм-шым, шляпа кийген, папка көтөргөн чоочун киши туруптур. «Ушул сенин атаң болот» дешти. Атамы биринчи жолу көрдүм. Ал мага шортик, көйнөк, шапка, конфет, шоколад алып келиптир. Мамамын алименттен баш тартуусун сурап келгенин кийин мен чоңойгондо айтып беришкен. Партияга өтүп атыптыр. Алимент төлөгөнү билинип калса, партиянын катарына кабыл албайт имиш. Мамам аябай сулуу, өтө жоош болчу. Сураган отказын жазып берип, жолго салыптыр. Ал киши мени шаардагы № 5ке окутам деп катуу убада берип кетти.

Биз сүйүнүп калдык. Себеби мамам мени № 5ке окутсам дегенде эки көзү төрт эле. «Эми уулум сен шаардан билим алып, жакшы окуйсуң. Мен сени чоң окууга өткөрөм. Атагың ааламды жара турган адам болосуң. Бар күчүмү сага арнайм» дечү кайран мамам. Мамамын кээ бир боор ооруткан абалдарын эстесем азыр ыйлагым келет. «Мен да иштейм, шаардын чок ортосунан үй сатып берем» дечү. Атам жөнүндө эч нерсе айтчу эмес. «Интернатка күндө барып турам, сен үйдү сагынбай, андан көрө бүт күчүңү окууга жумша кулунум» деген сөздөрү өмүр бою кулагымда жаңырып турат.

Мамам шаарга иштеп кетип эле кабарсыз болуп калды. Айылда жашагандардын көпчүлүгү шаарга барып-келип иштешчү. Кечки автобус келерде жол тосуп, кичине балдар топтолуп калчубуз. Автобус келатканда ураалап сүйүнчүбүз. Балдар бардыгы ата-энесин, эжесин, байкесин тосуп алып, ээрчишип кетип калышчу. Мен чоң жолдо калчумун. Менин мамам гана келбей калчу. Кээ бир энелер боору ооруп, көңүлүмү көтөрүп, ала келаткан момпосуюнан берип коюшчу. Караан келатса да күтчүмүн. Келген сайын жаңы көйнөк, шым, ручка, дептер алып келип берип жүргөн мамамын келүүсү азая берди. Мен жүдөй түштүм.

Көрсө мамам Маевка айлына турмушка чыгып, Самат аттуу уулду болгон экен. 80-жылдардын башында Маевка айылынан бир автобус жүргүнчүлөрү менен авария болуп, ичинде мамам да бар экен. Анын экинчи жолу авария болушу эле. Ушул авария болушунда ооруканада узакка жатты. Сагынганын жазсын дештиби, айтор мени тайта-тайнем мамама алпарышты. Палатасына кирерим менен «мама» деп жанына чуркап барсам, аябай таң калып мени тиктеп калды. Жайылган кучагымы түшүрүп колуна колуму койсом, колун чоочугандай тартып алды. Таң калыштуу көз караш менен карап, мени тааныбай атты. Мен өзүмү ыңгайсыз сезип ызаланып, чуркап чыгып, ооруканадан качып бараттым.
Арадан эки ай өткөндө тайкелерим «мамаң биздикинде отурат, азыр силердикине келет» дешти. Мен кемпир апама «мени жок, бир жакка кетти деп кой» деп качып кеттим. Мамамы көргөнгө даабай койдум. Балким эркелигимдендир. Бирок, менде кандайдыр бир коркуу сезими пайда болуп туруп алган. Ал мени үйдө отуруп кечке чейин күттү. Кошуна турган алмалуу бактын ичине кирип бекинип жатып алдым. Кемпир апам «ойноп кетти» деп коюптур. Кечинде келсем «азыр эле кетти» деди.

- Мени жок деп айттыңбы? – десем,

- Ооба, сенин айтканың мен үчүн закүн да, - деди кемпир апам.

Кайрадан кызык боло баштадым. Алма бакка бардым, бирок отура алчудай эмесмин. Жүрөгүм опколжуп туруп алды. Автобус токтогон акыркы аялдамага чейин келсем, эч ким көрүнбөйт. Кайра чыдабай чоң жолго чуркадым. Трассага жетип келип, элеңдеп карасам эч ким көрүнбөйт. Шалта менен чоң жолдун ортосу бир топ. Күйүгүп калыпмын. Өпкөмү басып таштын үстүнө отуруп калдым. Канча отурдум билбейм…

Мурда жолдун жээги жыш тигилген жүзүм болчу. Жүзүмдүн арасынан бирөө келаткандай туюлду. Тура калып карасам мамам экен. Ал да мени көрүп сүйүнүп кадамын тездетти. Кандай кылып көрүшөрүмү ойлонгонумча жүзүмдүн ичинен чыга келди. Таяк таянып чолоңдоп келатканын көрүп дагы коркуп кеттим. Көрүшөм деген оюм заматта жоголуп, кайрадан артка көздөй качтым. Анымы күтпөгөн мамам кыйкырып жиберди «токто» деп. Бир топ узап барып артымы карасам, кол булгалап чолоңдоп чуркап келатат. Мен жеткирбей кетип калдым. Ошондо таягын көрүп кызык болуп кеткем. Баламын да, азыр ошол таягы менен сабаса мейли эле…

Убада боюнча 6-класска көчкөнүмдө атам шаарга алып кетти. № 5де берки балдары окугандыктан, мени шаардын четинде жайгашкан № 4кө берди. Интернаттын директоруна атам каратып туруп, мени «картаң кемпирдин баласы, энеси багалбай калды» деп айтты. Мен унчуккан жокмун. Кичине болсом да, көңүлүм ооруп, жүрөгүм ачышып калды.


Тоо-ташта ээн-эркин жүрүп, клеткага түшүп калган жырткычтай болдум. Ишемби күндөрү кээде атамкына барып турчумун. Мени эч ким бооруна тарткан жок. Атам жактырбай, үйдөгү иш бөлмөсүнө кирип кеткен бойдон мен кеткиче чыкчу эмес. Атамкына барганым күн өткөн сайын азая баштады. Шалтадан эч ким келип мени алып кеткен жок. Өзүм да жеталбай калдым. Биринчиден автобуска төлөгөнгө тыйыным жок болчу, экинчиден агай-эжейлер жөнөтчү эмес. «Ай дээр агам жок, кой дээр кожом жок» өзүмү-өзүм билип калдым. Балдар менен чыгып буфет, ашканалардан булочка уурдайбыз. Кээде милицияга түшөбүз. Интернатта шоктук жагынан досторум Калыгул, Никулин, мен үчөөбүз таанымал элек. Мен Оке деген атка конгом. Бир нерсе жоголсо эле келип, биздин чөнтөгүбүздү аңтарып киришчү. Үчөөбүз бир күнү жакшы окуган Байыр деген баланын чемоданын аңтарып акчасын уурдап алдык, 8 сому бар экен. Кайра өзүндөй кылып жаап салдык. Эки-үч күндөн кийин футбол ойноп атсам, Байыр чакырат. «Оке, бери келсең» деп. Алаксып ойной бердим. Дагы чакырды, барсам, “Оке, акчамы бергиле» дейт. «Кайсы акча?» дедим, чын эле унутуп калыптырмын.

- Үчөөң чемоданыман акчамы уурдап алган турбайсыңарбы? - дейт.

- Жөн турчу, сенин 8 сомуңу уурдап алып эмне кылмак элек, - деп ийиптирмин.

- Уурдабасаңар 8 сом экенин кайдан билесиң? – деди. Мен колго ушинтип түшүп калгам.


Жылдар өтө берди. Класстан класска эптеп-септеп көчүп аттым. Шалтага чейин жөө барып, анда-санда каттап калдым. Барган сайын ыйлап, айланып-тегеренип, жалдырап тосуп алган картаң апамын мүнөзү өзгөрө баштады. Көрсө Сагын эжекем (кызы) мени “Бандит, ууру, жолотпо, үйүңө киргизбе” деп коюптур. Акыркы кездерде «Качан кетесиң?» деп кетиргенче шашчу. Мамамы да такыр келбейт деп айтышты.

Тайне, тайтам, тайкелерим, картаң апам, мамамдар менен билинбей эле алыстап, кол үзүшүп бараттым.

Сегизди бүткөндө атам келип, мени профтехке өткөрүп кетти. Бул турмушка да көнө баштадым. Балдар мени «поэт» деп чакырышчу. Армиядан келген байке бир жылдыкта окучу. Мени жакшы көрчү. «Бирөө тийишсе эле мага айт» дечү. Агасы болом деп чогулуштарыма катышып берчү. Мен 16га чыкканда ал байке:

- Атаң шаарда тургандан кийин кантип туулган күнүңү белгилеп бербесин? Баргын да айт, досторум менен келем де. Эң жакын эки-үч досуңу алып барып день рожденияңы өткөрүп кел, - деп үйрөтүп, үйгө жиберди.

Өгөй энем командировкага кетиптир. Атам араң көндү. «3 баладан артык келбесин» деп катуу эскертти. Сүйүнгөнүмү айтпа. Училищага учуп жетип сүйүнчүлөп, 3 досуму саат алтыга барып калгыла деп адрес таштап келдим. Атам картөшкө аарчытып, «эми кууру» деди. Эптеп эзилтип атып куурудум. «Ушул жетет, жеп алып, кетип калгыла» деди.

Үч досум да келип калды. Жөн келишпей бирге окуган үч кызды эрчите келишиптир. Атамын итатайы тутулуп, бөлмөсүнө кирип кетти. Биз тар кухняда отуруп картөшкө жедик, алар мага белек беришти. Радиодон жеңил музыка берилип калганда бир досум «Кел, вальска түшөбүз» деди. Үчөөбүз туруп үч кызды бийге тарттык. Өмүрү вальска түшүп көрбөгөн жаным, кыздын белинен кучактаганга жетине албай мадырайа түштүм.

Ошол тушта эшик шарт ачылып, атам сурданып кирип, «беркел» деди калчылдап. Баргандан корктум, бирок кыздардан уялганыман бардым.

- Эмне көтүң туруп калдыбы? - деди да «чуу» эткизе жаакка бир салды, - жогол, азыр жоголгула, сени экинчи бул үйдөн көрбөйүн, селсаяк, - деди.

Ошондогу кыздардан уялганым ай, жети өмүрүм жерге кирген. Ыйлайын деп кыздардан уялып, ызам ичиме батпай бук болгом. Жер ачылса түшүп кетет элем. Атам мага эмне үчүн ушунчалык өчүккөн билбейм. Төрөлүп калганым үчүн күнөөлүү эмес элем да. Атам ай, атам...
Профтехти бүткөндө 18ге чыктым. Армияга чакырылып, эртең кетем деген күнү атама барып айттым. Ал күнү атамкына түнөп калдым. Эртең менен таң атпай туруп үйдөн чыгып баратсам атам «кел олтур, бир мүнөт молчание» деди орусча. Берки инилерим болуп чогуу бир мүнөт молчание кылдык. Босогого жеткенимде «жакшы бар» деп үйүндө калып калды. Бир тыйын акчам жок эле, атам мага 5 сом да карматып койгон жок.

Военкоматка келсем бардыгынын ата-энеси, бир туугандары узатып, кээ бирлери ыйлап жүрүшөт. Ушундай таттуу узатып атышат. Узатат деген ушундай турбайбы дедим ичимде. Мен болсо жалгызмын. Таптакыр жалгызмын... Эч ким узаткан жок... Ушу күндөн баштап жалгыздыкка үйрөндүм. Качан эле үйрөнгөм дечи, бирок мурда жанымда өзүм кырдуу балдар болуп, алар менен оюнга алаксып жүрүп мынчалык жалгыздыкты сезген эмес экемин. «Поездге түшкүлө» деген команда болгондо гана энесинин, атасынын кучагынан бошонушту.

Поезд жаңы жылып баратканда «Нурб-а-й» деген кыйкырык чыкты. Айнектен мага орун тийчүдөй эмес. Мени ким издемек эле деген ой менен өзүм деле айнекке жутунган жокмун. Үн поездден калбай ээрчип келатат. «Нур-ба-й». Тайтамын үнүн тааныдым. Балдарды түртүп жиберип айнектен башымы чыгардым. Тайта, тайнеми эч нерсе дечү эмес элем. Эмне дээрими билбей «ата-а» деп кыйкырып жибердим. Тайтам ат чаап келатыптыр. Айнектин тушуна жете келип:

- Ме кулунум, ал, жолдон тамак ич, муну болсо барганда кий, Орусия суук болот. Жакшы барып кел. Мамаң жакшы болуп калды, кыздуу болгон, аты Толгонай. Картаң энең, тайнеңдер салам айтышты. Угуп жатасыңбы? Нур-ба-й, дилгирем салып жибер жеткенде, кат жаз, солдаттан келгенде түз эле үйгө кел, кулунум, айланайын … – тайтамын үнү тээ алыста, алыста-а калып калды.

Аты да өжөр экен, поезд менен тең жарышып келатты. Тайтамын карааны үзүлгүчө кол булгап кете бердим. Колумдагы кагазды карасам 25 рубль экен. Анан жылуу өтүк. Өтүктү кучактап алып, шолоктоп ыйладым. Ыйлабайын десем да көзүмүн жашы токтобой койду. 11 жыл өткөргөн Шалтадагы балалыгым көзүмө көрүнүп туруп алды. Айыл, суу, жол, чаң, чүкө, балдар, кыздар, мамам, кемпир апам, тайкелерим, айылдагы кемпирлер, чалдар, бардыгы көзүмөн жаш болуп куюлуп чыгып атты.
Аскерде жүргөндө бардыгына кат жаздым, бирок жооп жазышкан жок. Службамы жакшы, ойдогудай өткөрүп бүтүп, эки жылдан кийин поезд менен мекениме кайттым. Жанымдагы балдар өз мекенине жеткендерине жетине албай сүйүнүп бири-бирин куттуктап, кучактап атышат. Менчи… Кайда жана кимдикине барам деген көйгөй турду алдымда. Армияда жок дегенде уктай турган жерим бар эле, төшөгүм бар эле, тамак иччү элем, көнүп калгам. Эми кантем?... Бешенемде не жазуу бар экенине көзүм жетпей келаттым.

Кулакты чарчаткан поезд өзү да чарчап таң супа салганда борборго жетти. Мен атамын үйүнө чейин жөө келдим. Бирок кире албадым. Кайра жөө Ош базарына келдим. Шалтанын автобусуна чыксам айылдаштарым олтуруптур. Мени көрүп таң калышты:

- Аскерден келгендер такси менен барат үйүнө. Жүр таксиге түшүп баралы, сүйүнчүлөйбүз, - дешти. Болбой койдум. Мен үчүн бирөөлөрдүн сүйүнчү беришерине деле көзүм жеткен жок.

Картаң апам, тайтамдар болуп бир короодо турчубуз. Мени көрүшүп, армиядан эмес, шаардан эле келаткандай кабыл алышты. Тайтам каза болуп калыптыр.

Мен чоңойгон жапыз там менин боюм менен эле тең болуп калгандай сезилди. Бул үй илгери ушул айылда биринчи салынган экен. Чоң тайтам бай болгон. Жанагы эки кемпирдин каза болгону чоң байбичеси, картаң апам токолу эле. Жатарда каалганын илгичин илип кой дегенде, илгичке боюм араң жетчү. Үйүмү эң чоң, айылдагы үйлөрдүн эң мыктысы деп сезчүмүн. Байдын үйү болгондуктан заңгыраган ак сарай болуп көрүнчү мага. Үйдүн чоңдугунан түндө жатарда картаң апам илгичти илип, анан айры менен түртүп, менин сабак даярдаган столуму сүйөп койчу. Коркконунан ушинтсе керек. Тайтамын үйүндө да түнөп калчумун, бирок алар эшикти кулпташчу эмес, ачык эле турчу. Сабак даярдаган столум да чоң көрүнчү, аябай кичикий экен азыр көрсөм. Тыпыйган кичине сарайыбыз бар эле. Ичинде чөп-чар, отун, көмүр турчу. Тайтамын тоогу келип жумуртка тууп койчу. Мен жумуртканы койнума бекитип, үйгө апкелчүмүн. Картаң апам эшикти бекитип, кууруп берчү. Тамак жасабай калган күнү мен тайтамкынан тоюп келчүмүн. Картаң апам «эмне жасашыптыр» деп сурачу. Мен айтсам, «мага деле ала келбейсиңби?» дечү. «Бербесе кантип алып келем?» дечүмүн. «Сурабайсыңбы апама бер деп» дечү эле байкуш апам. Аябай сагынган экенмин үйүмү, ушунун баары көз алдыман чууруп атканда:

- Качан кетесиң? – деп сурады картаң апам баягысындай эле. Сагын эжекем менин балалык уурулугуму айта берип кемпирдин жүрөгүнүн үшүн алып койсо керек. Кечке жуук чыгып кеттим жапыс тамыман. Ошол акыркы көрүшүм болчу…

Атамкына келип звонокту бассам өгөй энем ачты эшикти. «Нурбай пришел, выходи» деди атамын атын чакырып. Атам бөлмөсүнөн чоң турсачан чыгып, «а, келдиңби?» деди колун сунуп. Пропискага туруп, атамын шымын кичирейтип кийип бир жумача туруп калдым үйдө. Атамын кабагы ачылбай, чогуу отуруп тамак жебей, өз бөлмөсүнөн чыкпай калды. Үйдө мен артыкбаш экеними сезип, эптеп бир ишке орноштум да, досторумкуна кетип калдым.
Келерки жылы Тажикстанга кеттим. Окууга тапшырып өттүм. 2-курста акчадан кыйналдым. Заводдо ит багып иштедим. Советтер Союзу урап, завод жабылып калды. Жашоо оорлой баштады. Аргам жок атама кат жаздым 100 сом сурап. Атамын иши илгерилеп, ити чөп жеп, ташы өйдө кулап турган кези болчу. Бирок акча салгандан баш тартты. Окууму таштап келе бердим. Ош базарынан таанышыма жолуксам «энең өлүп калды» деди. Үч энем болгондуктан «кайсынысы?» деп сурасам, «Мамаң» деди. Жаман болуп кеттим. Бирок көзүмөн жаш чыккан жок. Эмне үчүндүр бардык туугандарыма балалык кыялымда, сезимимин түпкүрүндө кек калгандай туюлат. Көкүрөгүмдө өчпөс тактын изи тургандай сезилет. Алимент төлөгөндөн коркуп, атам мени алып келип, же окуунун өтөлүнөн чыгарбай, же жашоону үйрөтпөй туруп наристе кезимде жылуу ордуман козгоп, талаага алып келип таштап салганын кантем?! Колуна папка кармап, башына шляпа кийип барган эле «чоочун кишиге» мени кармата салган тайларымы не дейм?! Тишими тишке басып атама келип:

- Мамам каза болуп калыптыр, жүрүңүз барып келели, - дедим.



  • Мен деген энең менен сенин алты айыңда ажырашкам. Кантип бармак элем? Керекпи эне, сен бар, - деп эшигин жаап алды.

Ошол жерден Шалтага чейин жөө бардым. Түз эле мүрзөгө бардым. Мамамын мүрзөсүн тааныдым. Тайтамын жанында экен. Шаардан ала келген гүлдү койдум, куран окудум. Кайгырып канча отурганымы билбейм.
Окубагандан кийин эптеп иш таап иштеш керек болду. Бөкөнбаев-Белинский көчөсүнүн кесилишиндеги камокко спирт сатып ишке орноштум. Акчаны уучтап таптым. Логвиненко-Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан бир үйдү сатып алмай болуп калдым эле, биртике акча жетпей калды.

- Мейли, - деди үй ээси, - бөлүп-бөлүп төлөй бер.

Бирок, акчаны ишенип бергенге мойнум жар бербей койду, «дагы чогултайын» дедим. Бирок, менден акча карызга сурагандар көбөйүп кетти.

Ошол күндөрдүн биринде Айнура деген эски таанышым учурап калды. Ал арманын айтып сыздады. Кыздарда бир эле арман болот эмеспи жигитим таштап кетти деген. Анын да жигити таштап кетиптир.

- Таштап кетсе эмне экен, жигиттен көп неме жок, башкасын таап аласың, - деп көңүлүн жубатсам да болбой боздойт.

- Сен эмнени билесиң? - дейт.

- Билбесем айт да анан. Мен барып сүйлөшүп көрөм, ким ал өзү деги? - дедим кыйынсынып.

- Мен анын ким экенин билгеним менен ал кайсы жерлик экенин же каякта экенин билбейм, билсем сени убара кылбай эле өзүм издеп тапмакмын. Алданып калдым бир көргөн балага, сен ошону түшүнөсүңбү?.

- Андай боло берет да, эми андан сонунун таап аласың, тигиңи унутуп каласың, - дедим.

- Такыр кепке түшүнбөгөн макоо экенсиң, менин боюма бүтүп калды деп атам.

Мен селт этип кеттим. Аны аяганыман сүйлөргө сөз таппай калдым. Ошол жигитти а дүйнөдөн таап келип бер десе да жок дебейт элем. Кантип көңүл жубатарымы билбей туруп калсам:

- Сенин жардамың керек мага, - деди.

- Мен баарына даярмын, - дедим. Кандай жардам деп да сураган жокмун.

- Сен эркектик кылып, мени мамамын алдына алпар. Курсагым төрт айлык болойун деп калды, байкап калса мамам өлтүрөт мени. Биз экөөбүз төрт айдан бери жашап жүрөбүз дейбиз. Анан сен кетип каласың.

Эч нерсе ойлонбой туруп макул дедим. Мунун ою эле эптеп апасына бетин ачып алуу, а башкалары эмне дешсе ошо дешсин болчу.

Акчама Ош базарынан белек-бечкек кылып Айнуранын апасыныкына такси менен баратабыз. Мен аны чоң азаптан куткарып жатканыма өзүмчө эле курсантмын. Апасы экөөбүздү көрсө сүйүнөт болуш керек деп култуңдап келатам. Үйүнө кирерибиз менен «ай тигиниң ким?» деди апасы бозоруп.

- Мама, азыр түшүндүрүп берем, таанышып койгула бул Нурбай.

- Кайсы Нурбай? - деп жулкунду.

- Ну мама, азыр айтып берем деп атпайымбы, кое турсаң. Адегенде Нурик алып келген даамдан ооз тий, анан таанышып дегендей, сүйлөшөбүз.

- Эмнени сүйлөшмөк элем, алып кетчи алдагыңы көзүмө көрсөтпөй.

- Мама, биз үйлөнгөнү атабыз.

- Жинди болбочу? – энесинин көзү мага чачылып кетти акшырайганда.

- Ошондой болуп калды, мама, айтпай жүрө берсек иш чатагына айланып кетчүдөй…

Энесине эмне деди билбейм, аркы бөлмөгө кирип кетишип, иши кылып ынандырып келгендей болду. Энесинин тиштери кырчылдап мени аз-аз жерден жеп жиберейин деп, баарын токтотуп эми сөзгө өттү.

- Та-ак, эми эмне дейсиң, той качан жана каерде өтөт? - деди.

Мен тилими жутуп алгандай Айнураны тиктедим. Менин ордума ал жооп берди. Ата тегими сурады. Астыма качан түшөт деди. Мен дагы тигини тиктедим. Атамын адресин сурады. Үйдүн номерин, телефонду жазып алды.

- Эртең кечке чейин күтөм, келбесеңер ташыңарды талкан кылам, бар кете бер, - деди.

Айнура узатып чыкканда айттым, өтө татаалдашып кетти го, атама барып чатак кылбайбы деп.

- Коркпой эле гой, мен турам го. Анын үстүнө сен жигиттик сөз бердиң да, эми аягына чыгып бер, - деди.

- Мен го чыгып берем, бирок атамы кийлигиштирип кереги жок, - деп узап кеттим.

Жаман ишке кириптер болуп алганымы сезип, чийки май жеп алгансып, кечке көңүлүм суз, ыңтайсыз абалда жүрдүм. Телефонду, адрести айтып жибергениме өкүндүм. Айтпасам деле ал жулкунган аял оңой эле таап келет болчу. Бетими ач деди эле, ачып койдум, эми энесине ыгы келгенде айтып түшүндүрөр деп ишиме мурункудай эле келип кетип иштеп жүргөм. Бир жумача өткөндө Айнура келди:

- Менин мамам сенин атаңын үйүндө отурат, атаң сени чакыртып жиберди, - деп.

Иш өлгөн экен деп ойлодум. Барбай койсом деле болмок, бирок Айнураны аядым. Анча болду эми барып, энесинин көзүнчө мойнума алса алып, бетин ачып коеюн, андан эмне болмок эле дедим. Жетер жеткиче Айнура колдоруму кармалап, же колтуктай коюп, айтор жалынган көз караш менен баарын билдирип келатты, ал мени мойнуна албай койбосо экен деп корккону эле.

Кирип келсем, атам:

- Бул эмне шермендечилик. Ким булар, тааныйсыңбы? - деди.

Мен Айнураны тиктедим. Айнура карегин көлгө чөктүрүп алгансып жерди тиктеди. Менин бир гана сөзүм азыр анын тагдырын чечмек. Жок десем кареги чулп этип көлгө чөгүп кетмек.

- Ооба, - дегиче эле беймаалы энеси азыр милиция чакыртам, таш жарган атагыңы ташка чабам, эл караган бетиңи көр каратам деп жулкунуп кирди. Атам ал аялды көндүрдү. Ал менен алышып атып атам мени чапканга үлгүрбөй калды. Өгөй энем үчөө эптеп бир тилге келишти. Иши кылса эмне кылып кетирди билбейм, тажаал аялды кетиришип, Айнураны алып калышты. Ал экөөбүз ушул үйдө жашап калмак болдук. Ызы-чуу басылып, кеч кирип, баары бөлмөлөрүнө кирип жатып калышты. Биз Айнура экөөбүз кухняда тиктешип отурабыз.

- Эми эмне кыласың? - дедим.

- Жашайм сени менен, - деди.

- Кантип, андай болушу такыр мүмкүн эмес…сен... - андан аркы сөзүмү эптештирип айта албай койдум.

Күндөр өтө берди. Мен атамкына Айнураны көрүш үчүн же мындан ары анын тагдыры эмне болорлугун ойлоп, келип коюп жүрдүм. Өгөй энем бизге боору ачыдыбы же баласы үйлөнгөндөр ушинтип бөлүш керек үчүнбү, айтор үйүнүн ичинен орун бөлүп, төшөк салып берди.

- Сен жата бер, мен кухняда эле отура берем, - дедим ага.

- Жок андай болбойт, үй сеники, сен жатышың керек, мен кухняда эле отура берем, - дейт ал мага. Ошентип атып экөөбүз тең жатмай болдук.

- Эми эмне кылабыз, мындан ары жагы эмне болот? - дедим.

Себеби бир болбогон иш үчүн күндө атамын жемесин угуп кетип жүрүп кыйналып кеттим. Бизди бардыгы жашап атышат деп ойлоп жүрүшөт, бизди эрди катын деп эсептешет.

- Сен сыр бербей эле кой эми, мен сага өзүңө окшош уул төрөп берем. Экөөбүз жашай берели. Атаңкында жүрүш кыйын болуп атат мага, үйгө барсам мамам киргизбейт. Менин эми сенден башка эч кимим жок. Жакшы жашайлы, квартира тап, чыгып кетели, - десе эреркеп кетип жанына жатып алдым.

Келген тааныштардын баарынан квартира билген жериңер барбы деп сураштыра бердим. Канча адамдык деп сурашканга мен, аялым экөөбүз деп теңирейем.

- Апей, эмне аялың бар беле? – деген эски тааныштарыма,

- Ооба, боюнда да бар, жакында уул төрөйт, - деп мурдуму барбайтам.

Квартира да таптым. Матрац, төшөнчү сатып алып, Айнураны киргизип койдум. Мурда иштен кийин Ош базарынын бир жеринде жатып калчу болсом, азыр үйгө жанталашып, тамак-аш жана керектүү буюмдарды сатып алып квартирага барам. Досторума аялымы жууп, кээде майрамдап коем.


Айнура чын эле уул төрөдү. Мен жууп эле жатып калдым. Баланы менин фамилияма жаздырбай койду. Себебин сурасам, «бала сеники эмес да, бирөөнүн баласын эмне кыласың?» деди. Анын баласына өз атадан артык боор тартып бараттым. Баланы жууп, майрамдап кеч келчү болдум. Сенин балаң эмес дегенде да ыза болуп ичип келчүмүн.

- Сен көп ичип кеттиң, экинчи келбей эле койчу, - дей баштады.

- Мен келбей койсом сен кыйналасың, жашабай койсок болот эле эми тынч жашай берели да, - дедим.

- Жок, Нурбай, убада боюнча сен менин бетими эле ачып коймоксуң, ачтың болду, эми кете бер. Мен жигитиме таарынып ушуну жасагам. Ал балалуу болгонун укса, бир күнү кирип келет, мен аны ар секундда күтөм. Сен жигиттик кылдың, эми аягына чейин эрдик кылып кетип кал. Мен сенин жакшылыгыңы өмүрү унутпайм, - деди.

Бул сөздөрү кулагымын артынан кетти, себеби аялдын кыялын, мүнөзүн түшүнүш үчүн аны менен кырк жыл чогуу жашаш керек. Жөн деле жини келгенде айтып салышы мүмкүн эле. Бирок андай болгон жок. Ажылдаак энеси мен иштеген жерге чейин келип айкырып чыр салчу болду, кызыма барчу болсоң өлөсүң деп. Үйүнө көчүрүп кетти. Барсам такыр киргизбей коюшту. Мен болбой эле анда-санда бара бердим, алар болбой эле кууй беришти. Ичип да бардым, соо да бардым, баары бир жолотушкан жок. Алардын жасаган иштери мага ушу күнгө чейин табышмак, эмне себептен мени антип көргө түртүштү, билбейм.

Атам менен мамилем төрөлгөнү келишкен эмес эле, эми алар да ого бетер биздин ортобузду ыдыратып салышты. Айнура төрөгөн баланы бардыгы меники деп ойлоп калышты. Ал тургай өзүм да боор берип калгам. Ошол ортодон өткөн алты ай менин башымы алай-дүлөй кылып таштады. Катуу уктап калып, узакка чейин көргөн жаман түштөй болуп, ушул окуялар мээмен чыкпай, жабышып, чапталып калгандай болуп, жаман кыйнады. Көзүмү жумсам эле Айнура, баласы, энеси үчөөнүн элеси тартылат. Ансыз деле турмушум илең-салаң болуп чачылып, бир нугу жок өтүп келатты эле, эми ого бетер чачырандым. Энеси, атасы жок, өмүр бою балдар үйүндө тарбиялангандар деле чоңоюп, жашоосун тартипке келтирип алышат экен, мен тартипке келтире албай аттым. Сатып аткан спиртимен мына азыр биртике ичем, анан токтотом деген ой менен иче бердим. Бүгүн акыркысы болот десем, эртеси бир шылтоо табылып турчу. Жыйып-терген акчам түгөндү. Аскерден түшкөн сүрөттөрүм, ала келген чемоданым баш оту менен жок. Качан, каерде калганы белгисиз. Айнура энеси экөө биригип, макулдашып эле мени ушундай абалга түртүп салышкандай болду.


Бара-бара катуу ичип кеттим. Түнөгөнүм дос-тааныштын үйлөрү. Ичкиликтин айынан иштен да кол жуудум. Колумдагы чоң пакеттин ичин толтуруп барганымда, жадырап-жайнап тосуп алган досторум эми барсам эшиктерин ачпай коюшат. Же жок дедиртип коюшат. Вокзалдарда, парктарда түнөйм. Суук түшкөндө кечинде кайда түнөйм деп бушайман боло берем. Күндүз тентип жүрүп, кеч киргенде азап болчу. Бир жолу Ала-Тоо кинотеатрына жетпей Уркуянын эстелигинин жанындагы арчанын түбүнө түнөдүм. Чыйрыгып жата берип, күн шашке болуп калыптыр. Арчанын астынан чыгып, колуму жайып эснеп, керилип атсам атам өтүп баратыптыр. «Өлдүм!» дедим ичимде. Сөгүп, уршуп, жүр үйгө деп жетелеп кетет го деп турсам, тескери карап, көрмөксөн болуп өтүп кетти.

Туруктуу жашай турган квартирам жок аябай кыйналып кеттим. Башкалар деле акча төлөп квартираларда жашап жүрүшпөйбү. Мен деле күлүмү бир жерге додо кылып такай жашай турган квартира таап алайын деп ойлоп кулактандыруу боюнча квартира издеп жүрсөм, 6-микрорайондон бир эже жолугуп, өзү эле сүйлөп, таанышып кирди. Мен аты жөнүмү айтып, квартира издеп жүрөм дедим. Тигил окуядан кийин чыныгы фамилиямы жан адамга айтпас болгом өзүмө бөлөк ат, бөлөк фамилия коюп алгам. Квартира издесең жүр биздикине, мага да сага окшогон жакшы балдар керек деп ээрчитип жөнөдү. Үйүнө жеткиче арыз арманын айтып келатты. Мен ал эженин мүнөзүнө түшүнүп-түшүнө албай, сөзүнө баш ийкеп коюп келе бердим. Мага квартиранын жарым эле пулун төлө, жарымына иш кылып бересиң деди. Жарым акчасын төлөп жашап калдым. Курсагың ачка эле жүрө берет турбайсыңбы, бирдеке жесең боло деп чай, нан берчү. Үйдө өзүнөн башка кызы, баласы, дагы жакын туугандары келип-кетип турчу.

Эженин аты Батмакан эле. Батмакан эже сиңдисин жоктоп эки күндүн биринде шолоктоп ыйлап калчу. Сиңдим тирүү болсо эмгиче кирип келмек дечү.

Ош базарда тентип жүрүп, кечинде чарчап Батмакан эженин үйүнө жетерим менен суй жыгылчумун. Бир күнү эртерээк келсем, эже чыдамсыздык менен күтүп отурганын айтты. Жүр кеттик дачага деди. Жол тосуп шашылыш түрдө дачасына келдик.

Ал ичкериден кетмен, күрөк алып чыгып, ме күрөктү, мыногу домпойгон жерди каз деп, адам бою бата тургандай ченеп берди. Мен каздым. Бир метрдей казып бүтүп чарчадым. Бир нерселерди эле сүйлөнүп огородду кыдырып жүргөн. Мага келип, эч нерсе жок бекен деди.

- Эмне болуш керек эле? - дедим.

Ал жооп бергендин ордуна, бергел, мыногу жер домпоюп турат, ушу жерде болуш керек, каз деди. Дагы казып кирдим. Бир топ казып келип, чарчаганыман отуруп калдым. Жок бекен деди дагы. Жок экен дедим, эмнени казып атканымы түшүнбөсөм деле.

- Точно мына бул жерде, ушу жерди казып көр, бол, - деди.

Казып кирдим, бирок күүгүм кирип кетти, анын үстүнө өлө чарчадым.

- Казбайсыңбы?- деди.

- Чарчадым, - дедим.

- Анда жүр эс ал, тамак же, укта. Эрте менен эрте туруп дагы казабыз. Сиңдимин сөөгүн тапмайынча кетпейм, жакын эле бир жерде жатат. Өлтүргөн киши алыс эмес ушул эле жерге жашырган, - дейт.

- Эмне деп атасыз? – дедим, - сиз баятан бери сиңдиңиздин сөөгүн издетип аттыңыз беле?

Денеме суу куюп жибергендей ичиркенип кеттим. Мен катып койгон алтынын кайсы жерге көмгөнүн таппай издеп жаткан экен деп ойлогом.


Дачасы шаардан анча деле алыс эмес болчу. Сөөк издеп атканын укканымдан кийин каяктагы уйку. Сөөк издеп жер казып атканым түнү менен түшүмө кирип жөөлүп чыктым. Сиңдиси келип менин сөөгүмү эмнеге издедиң деп мени муунтчудай боло берди. Шырп эткен дабыш уксам эле кыйкырып жибергенге даяр турдум. Батмакан эже кечинде колуман күрөк, кетменди алып атып, эртең эрте туруп мына бу жерди, дагы биерди, анан биерди казасың деп колун сайып көрсөткөн. Сиңдиси дайынсыз жоголуп кеткен үчүн эже ушинтип калса керек, же мурда эле ушундайдыр, а балким сиңдиси тирүүдүр. Жөн гана айтпай дебей бир жакка кетип калгандыр. Эч нерсе ойлонгум келбейт, ойлонсом эле бир окуя болуп кетчүдөй боло берди. Таң атпай турдум да жөө-жалаңдап шаарды көздөй качып келе бердим. Кайра кайрылып Батмакан эженин үйүнө барган жокмун.
Дагы көчөлөп калдым. Турбазада иштеген тааныш баланыкына барып, ал-абалым жөнүндө түшүндүрдүм.

- Квартира да кеп бекен? - деди, кааласаң келиндердин үстүнө киргизип коем. Аялдарды үстүңө көмүп коем дос, эч кам жебе, - деди.

Чындап эле турбазадан мага ылайык жай таап берди, ишке да киргизди. Оңуп калдым. Сат дегенин саттым, тарт дегенин тарттым, бөрк ал десе баш алдым дегендей ишин ойдогудай аткарып берип жүрдүм. Бирок, бир күнүбүз аялсыз өткөн жок, өзү айткандай аялдардын уясы экен. Деги жалгыз келчү эмес. Бир эжени алып келип тааныштырды, мурда бийчи болчу экен. Арак ичип шарактап отуруп жатып калдык. Эртеси дагы, анын эртеси дагы. Ал эже эмнегедир кетем деп айтпайт, же мен кет деп айталбайм. Бир жумадан кийин гана кетейин эми дейт. Мени кошо жүр деди. Үйүнө алып кетиштин ар түркүн амалын кылды. Мен артыңыздан барам деп кетирип жиберип, артынан барбай койдум. Аны кетиргенден кийин деле бир эже келди, ал да кетпей калып калды. Дайыма эле кулагымын учу жара боло берчү, ошону көрүп калып, жараңы айыктырам деп жүрүп алды, же жарам айыкпайт. Биртке иштеп тапканым арактан ашпай калды.
Катуу ичип кеттимби, айтор билбейм, эмне үчүндүр көзүм көрбөй калды. Селсаяктык кылып жүргөн күндөрүмүн бир күнүндө ооруканага жатып калдым. "Эми ичсең сокур болуп каласың" деди врач. Мен ичпей калдым. Адамга окшоп калган кезимде раматылык Бакытка жолуктум. Бакыт кадимки төкмө акын Токтосун Тыныбековдун баласы эле. Үстүмө үй берип, астыма аш коюп мени эл кылып койгондо сага жолуктум. Селсаяктыктын чегине чекит койгондо Бакыт кырсыкка кабылды. Бакыттын трагедиялуу өлүмү мени кайгыга чөктүрүп салды. Бакыт мен үчүн атам да, энем да болчу. Мага эми Бакыттай адам эч качан жолукпайт…
(Кыскартылып берилди, каармандын аты өзгөртүлгөн.)



1   ...   5   6   7   8   9   10   11   12   13


©netref.ru 2017
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет