Бурулкан карагулова



жүктеу 2.17 Mb.
бет9/13
Дата01.05.2016
өлшемі2.17 Mb.
1   ...   5   6   7   8   9   10   11   12   13
: files -> 2010
2010 -> Библиографски опис на публикациите, свързани със славянските литератури в списание „Панорама” /1980 – 2011
2010 -> Приказ 2010 г. № ‪ о переводе студентов очной формы обучения на следующие курсы
2010 -> Приказ 2010 г. № О переводе студентов заочной формы обучения на следующие курсы
2010 -> Темиртас тлеулесов. Шымкентская мафия
2010 -> Пестум-чертоза ди падула-рошиньо-дегустация-агрополи-салерно-ветри суль маре-круиз на корабле(чиленто)-равелло-(изумрудный грот)- геркуланум
2010 -> Методические рекомендации для студентов III курса стоматологического факультета к практическим занятиям по патологической анатомии головы и шеи
2010 -> Ең үздік техникалық жоғары оқу орындарының рейтингі 2010

Атама жазган кат
Ата, сиз бизди таштап кеткенде биз аябай эле кичине элек. Бөбөгүм бирден жаңы эле ашкан. Кичине болсом да баары эсимде калган. Бакчага барып мени өпкүлөп, башымы сылап, конфет берчүсүз. Көзүмөн, мурдуман, оозуман өпчүсүз. Жеп аткан конфетими алып, оозуңузга салып соруп-соруп, кайра менин оозума салчусуз. Күндүз бакчадан жолукканга, кечинде үйдөн издей берет элем. Сагынып ыйлай берсем апам “атаң жок балам, ал такыр келбейт, алыска-алыска командировкага кеткен, сен эстүү, чоң кыз болуп чоңойсоң келет” деди. Мен “ал алыста эмес, ал мага күндө конфет алып келет” деп ыйладым. “Түш көрсөң керек, балам” дейт апам кейип. “Жок, түш эмес, бакчада баары көрөт атам келгенде” деп өксүйм. Сиз бакчанын жанындагы мектепте иштейт элеңиз. Эртеси апам мени бакчага алып келатып мектептин короосунан сизге жолугуп “кызың аталап ыйлап атат, же чогуу жаша же балага көрүнбө, унутуп калсын” деди. Сиз адатыңызча секирип уруша баштадыңыз: “Кыйраткан кыздарды тууп койгонсуп, көрүнбө деп коет. Ушубу тууган кыздарың рахит кылып, буттары ийри, баштары чоң, кимге окшошуп калганы да белгисиз”. Уруш күчөп кетти. Апам бакчанын башчысына ыйлап кирип, мени кыргыз бакчага котортуп алды. Анда шаар боюнча бир эле кыргыз бакча бар болчу.

Кыргызыңы койчу деп сиз бизди орусча сүйлөгөнгө үйрөтүптүрсүз. Кыргызча түшүнбөй аябай кыйналдым. Ошондо мен болгону беш гана жашта элем. Баары бир сизди сагына бердим, апама көргөзбөй ыйлай бердим. Бир нерсе эле жетишпей туруп алчу.

Кыргызча сүйлөй албай кыйналып жүргөн күндүн биринде бакчадан качып чыгып кеттим. Сиз иштеген мектеп мага жакын эле сезилчү, табам го деп ойлогом, бирок адашып кеттим. Кайра бакчамы да таап бара албай койдум. Чоң жолдун четине туруп алып бакырып ыйлап атсам, кыргыздар келди эмне болду, кимдин кызысың деп, мен кыргызча эч нерсе деп айта албай койдум. Ошо тушта бир картаң орус кемпир келип орусча сурап калды эле кучактап, бакырып ыйлап айтып берсем, бакчаңын номери канча дейт, билбейм десем, апаң кайда иштечи эле деди. Мен “билбейм, бирок китеп чыгарган жерде иштейт” десем, (ал кезде басмакана да бирөө эле болчу) “о, анда жүр, өтө деле алыс эмес, мен жеткирем” деп жетелеп апам иштеген жерди таап апкелсе, апам иш ордунда жок экен, түшкү тамактанууга кетти дешти коңшу бөлмөдөгүлөр. Ал орус кемпир мени аларга таштап койбостон, кайра ээрчитип, Киев, Шопоков көчөсүндөгү арзан тамак саткан ашканага алып келди. Апам байкуш тамакты жаңы эле алып отурган экен. Мени көргөндө аз жерден эси ооп жыгылып кала жаздаган.

Сиз менен ошо боюнча бөбөгүм 1-класска барганда көрүштүк. Мен сизди унутуп калгам. Апама кайра-кайра телефон чалып сурана бергениңизден бизди аябай жасантып, барпыратып ак чоң бантик тагып сизге алып келди. Бөбөгүм экөөбүздүн окшоштугубуздан айрый албай башыңыз айланып турду. Кайра-кайра балчылдатып өбө берсеңиз, бөбөгүм “апа бул ким эле?” деди угузуп. Ал сөзгө намыстанып койбостон “мен атаңмын” дедиңиз. “Менин башка дагы атам барбы?” деп бөбөгүм апамын этегине жашырынды да, “менин атам айылда да, ал укса ыйлайт, сен эмне бул кишини атаң деп атасың, бул киши же эжемин атасыбы?” деп мени көрсөттү. Сиңдим алты жарымга чыга электе мектепке барган. Бул сүйлөмдөр сизге анча жага бербеди. “Ал чал тайтаңар болот” деген сөздү кечке кайталай бердиңиз. Ош базардан жолуккандыктан жакын жерге ашканага киргизип, 2 порция лагман алдыңыз. Апам эч нерсе жебей карап турса бизге ыңгайсыз болду тамак жеген, бирок сиз ичкиле деп кыйнадыңыз. Ичели десек лагман эски экен, жыттанып атты. “Пулга келген тамакты ичиш керек” деп байсай бердиңиз эле, бөбөгүм жарымын жеп алды. Сыртка чыкканда апаман бөлүп алып, киоскиден 50 тыйындык эки сагыз сатып бердиңиз. Мен силерге “Адидас”, свети күйө турган ботас, көйнөк-шым сатып келип берем” деп айттыңыз. Эки сагызга алданып биз үйгө келдик. Колубузга бир тыйын акча карматкан жоксуз. Бөбөгүм түнү менен кусуп чыкты, эски лагманга ууланып.

Арадан 7 жыл өткөндө биз цирктен чыгып, аптеканын жанынан өтүп баратсак алдыбыздан чыгып калдыңыз. Супсак кол алышып эле учураштыңыз. “Ушундай чоң кыз болуп калдыңарбы?” деп таң калдыңыз. Ошондогу анткорлугуңузду кийин билдим, көрсө “мага ушунчалык окшошуп калдыңарбы?” дегениңиз экен. “Кайда окуп атасыңар?” деп биздин дарегибизди сурап алганыңызча капкара, чачы үксүйгөн, кара дөөдөй узун аял аптекадан чыгып келип сизди жулмалай кетти. “Акмак, аягы суюк ит, бу катының менен соо эмессиң десем мойнуңа албай койбодуң беле?” – калган сөздөрүн кайталаганга тил барбайт, айтор мушташып кеттиңер. Көрсө ал төртүнчү аялыңыз экен.

Биз музыкалык мектепте окудук. Классика сабагында бийлеп атсам сырттан кирген агай “тебе отец пришел” деди. “Какой отец?” дептирмин таң калып.

- Ну... папа наверное. Есть у тебя папа? - деди.

- У меня нету папы, - десем, кыздар “жүр, биз чогуу барабыз, коркпо” деп жетелеп келишти. Сиз бир киши менен туруптурсуз. Кучактап, өпкүлөй бердиңиз, анан ыйладыңыз. Жаныңыздагы кишиге көрсөтүп:

- Менин улуу кызым, көрдүңбү окшоштугун, бою, бутунун түздүгү, фигурасы, өңү, жада калса басканы да меники, - деп улам эле мени менен мактана бердиңиз. Мени төрөлгөндөн бери багып келаткандай түр көрсөттүңүз. Чоң капчыгыңызды ачып, жалаң кызыл акчанын ичинен он сомду сууруп, “ме, балмуздак алып же” дедиңиз. Ошондогу кыздардан уялганым ай! Гримерныйга кирип алып аябай ыйладым.

Арадан бир ай өткөндө “Мисс” конкурсунда жеңип чыктым. “Телевизордон көрдүм, аябай сулуу турбайсыңбы?” деп кызыл туфли алып келип бердиңиз. Ал туфлиңизди бир да жолу кийген жокмун. Биринчиден кичине келип калды, биринчи классымда алып берсеңиз балким киймекмин. Экинчиден кызыл кийбейм, сиз аларды кайдан билмек элеңиз.

Паспорт ала турган куракка жеткенде сизди издегеними алигиче унутпайм. Эптеп таап паспортуңузду алып келсем, ичинде бүт балдарыңыз жазылуу экен, биздин атыбыз жок, ыза болгонуму кимге айтмак элем? Паспорт столуна барып сиздин паспортту көрсөтүп, жаздырып келатсам дароо жетип келип калыпсыз мен паспортуңузду жеп алчудан бетер. Мингениңиз “Мерседесс”, колуңузда сотка (анда сотка жаңы чыгып аткан), белиңизде пейджер, үстүңүздө кымбат баалуу кийимдер. Паспортко төлөгөнгө акча сурасам “энеңен сура, ал кыйратып багып атам, эч нерседен кем кылбайм дебеди беле, эми паспортко 50 сому жок бекен? Мен алимент салып атпаймбы, же албай атасыңарбы?” дейсиз.

Тилим кыска да! Жаман да, жакшы да болсо атамсыз да. Болбосо айтчу сөздү айтып алсам болот эле. Апамын денесине эмес, жүрөгүнө салган тагыңыз али өчө элек, ата. Он алты сом алимент салчу элеңиз, биз окуну бүтөөрдө уялганыңыздан 50 сом салып калдыңыз. Ошону да көп көрчүсүз. Апам сизге теңелип сотко берсе үй мүлкүңүздүн жарымы кетмек. Апам жаманчылыкка барган жок. Салган акчаңызды алып атканда атактуу акындын кызы Тома эжеке “албай эле койчу ушул акчаны, өзүңү басынтпай, мен сага айына ушунун ордуна жыйырма эсе берип турайын” деп айтканын да билем. Ал эми апам менен иштеген Айгүл эже инвалид күйөөсүнөн 2200 сом алимент алып турчу. Анын күйөөсүнүн караманча эки көзү көрчү эмес. Бирок, көкүрөгүндө намысы бар азамат эле.

Элүү сомду деле салбай калдыңыз, себеби биз окууну бүтүп, Москвадан окуп, иштеп кеттик. Сиз менен болсо такыр көрүшпөй калдык, бирок мактанган сөздөрүңүздү туугандарыңыздан угуп калабыз, “кыздарым менин копиям, суп-сулуу, акылдуу” деген.

Кийинки аялдарыңыз төрөгөн кыздарыңыз эмне үчүн сизге окшоп сулуу эмес, эмне үчүн үксөйгөн-саксайган, акылдары неге тунук эмес, ата. Төрөлгөн балдар 99% энесин тартаарын билеттирсиз. Бакча менен мектептин ортосуна туруп алып, “кыздарың рахит, өңү суук, буттары ийри, баштары чоң” деп жаман аялдарча кыйкырып апамы урушканыңызды такыр унута албай койдум.

Ата, анан да сизге айтарым “апамын сулуулугу менен бир эле биз эмес, бүт Кыргызстан сыймыктанат”, ушуну унутпасаңыз экен.
Сиздин кызыңыз

Фамилиямы ушул убакка чейин которбой жүргөнүмө өкүнөм.

Сапар
Сапар үйдүн эң кичүүсү болчу. Эң кичүүсү болсо да эрке болбой, мүнөзү кичинесинен эле токтоо болуп чоңойду. Үйүндөгүлөр Сапар дебей “Сапан”, “Сапаня” деп эркелетишкендиктен мен дагы Сапан дечүмүн. Университетти жакшы окуп бүтүп, “Кыргыз Руху” гезитине жаңы эле кабарчы болуп орношкон. Бою узун, өңү кара тору, көздөрүнөн жылдыз чачырап турчу. Мындай балдарды “каранын сулуусу” дейт элде.

Эркиндик бульварын көркүнө чыгарып заңкайып келатыптыр. Учурашып калдык. Кайда баратасың десем, квартира издеп жүрөм дейт. Мен темир жол вокзалынан бир квартира берилерин таанышыман эрте менен уктум эле, ошого алпарайын десем, “сиз билип кое бериң, так болсо чалып коесуз” деди. Мен ишиме кирип сумкамы коюп эле кайра вокзалга учтум. Квартира бериле элек экен. “Мен азыр квартирант алып келем, эч кимге бердиртпе” дедим ошол жерде өтүкчү болуп иштеген кошунасына. Макул болду. Ишке келип эле Сапарга чалдым, келе кал деп. Көңүлдөнбөй койду.

- Эже, бүгүн чогуу иштеген Турусбек аке иштен чыгып бир квартираны көрсөтөм деген эле. Макул деп койгом, барып көрүп келейин, – деди.

- Аны көрүп келип убара болгуча даяр квартирага кире бербейсиңби, от жакпайсың, суу ташыбайсың,- деп нааразы болуп калсам, “улуу кишиге айтып койдум эле, сизге эртең келейин” деп туруп алды.

- Анда өзүң бил, - деп телефонду койдум.

Бирок Сапар эртеси келген жок, келбес жайга аттанып кетиптир. Бул биринчиден кырсык, экинчиден “сактансаң сактайм” дейт экен кудай да. Эрте менен күтсөм жок. Түшкө жакын башкы редактордун кабылдамасына телефон чалып Султанды сурасам секретарь кыз “жакында бошобойт эже, эки-үч күндөн кийин чаласыз го” дейт.

- Алыс кетти беле?

- Жок. Биздин бир кызматкерди түндө бирөө өлтүрүп кетиптир, ошо менен чуркап жүрөт, - деди секретарь.

- Кудай сакта, кайсы кызматкерди?

- Сапарды.

- А-а?- трубка колуман ыргып кетти. Секретардын “эже, эже” деген үнү жерде жаңырып жатты. Эки колум менен башымы мыжып отуруп калдым. Тамара эже (Токомбаева) “кайрат кылбайсыңбы, ушундай кантип болсун, кырсык да” деп көңүл улады. Бар күчүмү жыйып колума сумкамы алдым. Эже «кайда?» дегиче чыгып кеттим.

Эч ишенбей келатам. “О кудай, түшүм болуп калсын, ойготуп жибер мени, ал баланын он гүлүнүн бири ачыла элек, дагы жашасын, узак-узак жашасын” дейм кудайлап. Редакцияга жеткенде «азыр Сапан алдыман чыга калса экен, дароо кучактап өпкүлөп, өмүрүң узун болот экен деп айтсам го деген ой менен кабылдамага кирсем секретарь кыз тура калып кучактап калды.

- Эже, сиздин тууганыңыз экенин билбей калдым...- деп келатканда Султандын кабинетине кайрылдым – кызматкерлердин баары ичинде сүйлөшүп атышат - дегиче кирип кеттим.

Султан тура калды. Мен аны көздөй көзүмүн жашын он талаа кылып уңулдап келатсам ал да үн чыгарып кучактап калды. Кучакташып ыйладык. Эч нерсе сурай албай койдум. Өздөрү кыскача айтып берип атышты. Азыр чогуусу менен моргко барарын айтышты. Кечээ эле Сапандын тирүү жүргөнүн көрүп жүрүп, бүгүн сулап жатканын көргүм келген жок. Мен ыйлап бүтүп-бүтпөй чыгып баратсам, “Сапар бул эженин кимиси болот эле” деп сурап калышты.

Сөөктү айылга алып кетишти. Келишери менен бир санды Сапарга арнап чыгарышты. Карбалас аке эскерүү жазсаң апкелип бер, чыгаралы деди. Мен минтип ыр жаздым:
Жеңе дебей эже дечүң, өз элең,

Бүт турпатың жылдыз окшош көз элең.

Алп денеңи жомоктогу баатырдай,

Сүрөттөсө түгөнбөгөн сөз элең.


Сен баладан башкача элең жароокер,

Уяң элең күлгөндө да жаркырап.

Ажал үйгө ажал айдап не бардың,

Арман тиштеп учуп кеткен каркырам.


Жап-жаш элең, жакшына элең садага,

Ажал деген тойбойт экен адамга.

Күндөй бала Күн астында күлүп жат,

Күмүш күлкүң сээп кеттиң ааламга.


Уктап кеттиң уурдап алып түсүңдү,

Алгыр көзүң түбөлүккө сүзүлдү.

Айдай бала Ай астында аман жат,

Алтын парда жаап турсун жүзүңдү.


Сапардын бир тууган агасы Бакыт:

- Квартирада чогуу жашачубуз. Келинчеги менен өзүнчө жашайлы деп квартира издеп калышты. Кечинде иштен келип эле аялын тур, кийин, Турусбек акенин квартирасына барабыз деп калды. Барып көрүп келели, кайра келип калабыз деп ээрчитип кеткен. Ошол күнү гонарар алып, иштегилерине майлап бериптир болчу. Себеби редакцияга орношкондогу биринчи гонорары эле да. Жанында дагы 800 сому калыптыр. (А кезде 800 деген чоң акча эле.) Такси кармап Турусбек акени салып алып микрорайонго кетишкен, Турусбек аке квартирама жүргүлө деп азгырбаса мындай болбойт эле, - деп өксүгөн эле.


Бирок, Турусбектин айтуусу боюнча Сапан анын жанын койбой “аялыңыз келгиче сиздикинде туруп туралы” деп сураныптыр. Ал “эки-үч күндөн кийин аялым келет, анан кайда барасың?” дегем дейт. “Аялыңыз келгиче квартира таап алабыз, өзү деле 2-3 күнгө эле керек” деп акидей асылып туруп алган имиш. Анын үстүнө чогуу иштеген Жаркын эже да “кызык экенсиң эй, алып кете бербейсиңби, аялы экөө талаада калыптыр, суукка тоңуп өлүп калса сен жооп бересиңби?” дейт. Анда Турусбек “Эмне үчүн силер өзүңөр алып кетпейсиңер, кызык экенсиңер, мен эмне милдеттенмесин алдым беле, агасынын үйүндө турабыз деп атпады беле, мен азыр 4-микрорайонго барып кожоюн менен макулдашышым керек, эгер ал макул болсо гана алып кете алам, өтө албуут татар, эки күндө бир ачкычы менен уруксатсыз үйдү ачып кирип, келип-кетип турат” десе, Сапан “аке мен такси кармайм, сиз кожоюнуңузга кирип чыккыча биз таксиде күтүп отуруп турабыз” дептир. Тобо, мойнуна шайтан минип алганын курган бала билбеди да. Анын үстүнө Турусбек да көңүлүн оорутпай “жабышып эле калдың, барсаң бар, бирок татар көнбөй койсо таарынба, өзүмүн үйүм болбогондон кийин бул сурооңу турган жеринде эле чече албайм” деп коллективинин көзүнчө баарына угузуп айтып, шапкесин кийип сыртка кошо чыгат.

Таксини чоң кабат үйдүн алдына токтотуп, Турусбек күтүп тургула деп, кожоюнунун үйүнө кирип кетет. Эшикти көпкө такылдатып араң ойготот кожоюнун. Уйкусураган татар араң туруп келип тааныгандан кийин жактырбагандай эшикти ачат. Эч нерсе сурабай эле “кир, өт” деп кухняны көздөй басып кетет. Анын көңүлү жок экенин көрүп Турусбек дароо эле сөз баштай албай буйдалып калат. Сөздү алыстан баштап атып, анан араң зорго “иним келди эле айылдан, аялым келгиче аялы экөө 3-4 күн туруп турсун деп сизден руксат сурап келдим эле, уйкуңузду да бузуп койдум, кечирип коюңуз” дейт. Ныксырап жатып макул болот. Бир чыныдан чай ичишип коштошот. Сыртка чыкса такси да, Сапан да жок экен. 10 мүнөтчө күтөт да биздин үйгө кетип калса керек деп үйүн көздөй 5-микрорайонго кетип калат. Үйүнө да келбептир, телефон чалар деп жатып алат.

Менин журналисттик изилдөөм боюнча окуя мындай болгон:

Ал күн 11-февраль, аябай суук эле. Турусбектин кайсы подьездге кирип кеткенин да байкабай калышыптыр. Келин кош бойлуу болчу, үшүп чыдабай калат. Сапан таксиден чыгып барып, камоктон дааналап тамеки сатып алат. Өзү мурда көп чекпегендиктен жанында тамеки да, күкүрт да жок болчу.

Камоктон алган күкүртүн күйгүзүп, тамекисин жандырып атса бир орус бала “күйгүзүп алайынчы” деп тамекисин күйгүзүп калат.

- Ушул райондо жашайсыңбы? – дейт орус.

- Жок.

- Коноксуңбу?



- Жок.

- Жок дегенди эле билесиңби?

- Жок. Эмне десем, квартира издеп келип калганбыз.

- Квартирабы? Ой анда жарасы жеңил эле экен. Канча кишисиң?

- Аялым экөөбүз эле.

- Таксиңди кетир анда, менин квартирамы көрүп кел, мага квартирант керек болчу. Эгер силер тынч жашасаңар, анда көпкө чейин турасыңар, төлөмөрү да анча кымбат эмес. Жүр, жүргүлө, – деп жакын эле жердеги квартирасына ээрчитип келди. Төртүнчү кабатта экен.

- Мынакей, каалагандай жашайсыңар, мага акчасын өз убагында эле берсеңер болду. Анда-санда эле келем, келген сайын балконго жатып алам. Апамдардын үйү бар, ал жакка кээде барып турам.

- Жакшы экен, бирок аялым экөөбүз кеңешип көрөлү, - дейт Сапар. Ошол тушта тиги орус ашканага чыгып, стол үстүнө нан, туздалган капуста коёт.

- Чечтиңерби? Жүргүлө даам ооз тийгиле, бойдоктун үйүндө жей турган эч нерсе деле болбойт эмеспи. Жарты чекушкам бар, экөөбүз бөлүшүп жутуп коёлу, - деп эки рюмкага куят.- Ке, силер үчүн, силердин ден-соолугуңар үчүн алып жиберели, дайыма жолуңарда жашыл жарык жанып турсун, - деп жутуп ийет. Ашканасындагы бычактын түрүн көрүп келин “бул орус эмне касапчыбы?” деп таң калат.

Сапар мурда ичип көнбөгөндөн кийин жыттап туруп калат. Тигил жалдырап атып алдырат. Дагы куят. Алышат. Оруска аз болуп калат. “Ка-ап дагы бир чекушка болсо дурус болмок” деп тамшанып калганын көргөн Сапар:

- Мен камокко барып бирди алып келейин, бирок бир шарт менен. Мен ичпейм, өзүң жалгыз ичесиң, – дейт. Орус жан деп макул болот. Жанагы аракты ичкенден кийин Сапар өзүн жаман сезе баштайт, жаны жер тартып жаткысы келет, башы кеңгирейт. Алып келген бөтөлкөсүн бузуп, оруска куюп берип:

- Сен шашпай отуруп иче бер, биз кетели, эртең келебиз, – дейт.

- Мага ичирип коюп эле кете бересиңби? Мен деле көп ичпейм, ушундай жакшы достор келгенде “сеп” этип койгонум эле болбосо, ичкиликке жокмун. Эми бирди алып кой да диванга аялың экөөң жатып калгыла, баары бир эртең келе турган болгондон кийин, бүгүн менен эртеңдин айырмасы кайсы. Эшикте ит өлгөн суук, жылуу жатып алгыла, – деп диванга төшөк салат. Кыңырылып атып, мейли калса калып калалы дешет да аялын “акеме чалып кой, келбей калдык деп, эртең төшөнчүлөрдү апкелгени эрте менен барабыз де” - дейт. Келин кайнагасына чалса, кандай үй экен деп сурайт. Келин кандай экенин, даректи кошо айтат.

- Өзүңөргө жакса эле болду, мейли түнөп кала бергиле, түн бир убак болуп калды, келбесеңер уктай берели, - деп Бакыт акеси жатып алат.

Келин диванга кыңкайып, жука кийими менен жатып алат. Сапар орус экөө көпкө чейин ар нерселерди сүйлөшүп отурушат. Жата турган болгондо орус эшикти кулпулап, ачкычты өзү менен кошо балконго алып чыгып кетет. Биринчи арактан дагы эле оңоло албай аткан Сапар чечинип ич кийимчен душка киргени баратканда келин токтотуп:

- Мен бул орустан коркуп атам? – дейт.

- Эмнеге?

- Эшикти кулпулап, ачкычын жанына алып алды. Анан ашканада бычактары аябай көп экен, мынча бычактын эмне кереги бар?

- Кой антип ойлонбой уктай бер. Мен турбайымбы жаныңда. Бүгүн жакпаса эртең келбей коёбуз. Мен жанагы арагын ичкенден бери өзүмү жаман сезип калдым. Муздак сууга жуунуп келейин, эч нерседен коркпой жата бер, - деп душка кирип кетет.

Ал сууну шаркыратып ачып, эңкейип алып башын муздак сууга жууп кирет. Ошол тушта келиндин жанынан орус шуу этип ашканага өтүп кетти. Ашканадан тизилип турган бычактардын шарак деген үнү чыгат. Келин бычактын үнү экенин жаздемдебей билди, бирок жаман ойдон алыс эле. Арадан саналуу секунддар өткөндө Сапардын ачуу кыйкырыгы угулат. Келин жаткан жеринен чуркап душка жетсе орус эки колу менен бычакты бекем кармап алып күч менен Сапарды сайып атыптыр. Мойнунан каны шоргологон Сапар аялына:

- Ка-ач, Сагын, качып кет, бол, – деп кыйкырып атты. Келиндин жүрөгү түшүп калды. Кадимкидей эле бычактап атат.

- Аа-а-а, – келиндин чыңырыгы түндү чоочутту. Эшикти жулкулдатты, ачылбайт, балкондо жылчык жок, адам жашай тургандай кылып тосулган. Айнек, терезелери катуу жабылган. Телефонго жабышат, кайнагасына чала коёюн деп, аны да орус жулуп салыптыр.

Сапар жан далбастап орус менен алышып атты. Бирок чоң, учтуу аш бычак желкесине сайылганда суудан башын серпип алып эмне болуп кеткенине түшүнбөй, желкесинин ооруганына чыдабай кыйкырган. Башынан, бетинен сууну сыдырып алып караса орус экинчи жолу күүлөнүп сайганы калыптыр. Колун тосо койсо бычак колуна, андан кийин төшүнө тийет. Аялына:

- Кач, ка-ач, качып кет, мени өлтүрүп атат, айнектен түшүп кет, - деп кыйкырат.

Келин алдастап, күйөөсүнө болушуп ортого түшө калайын десе, тиги орус кадимки кинодогу киши өлтүргөндөй эле эрин өлтүрүп атат. Бир гана ашкананын форточкасы ачылат экен. Жан деген ширин да, форточкага тырмышып чыгып, башын салып ылдый сойлоп түшөйүн десе төртүнчү кабат өтө эле бийиктик кылат экен. Жакын турган дарактын бутактары терезеге тийип турган. Бутактарды жандалбастап бекем мыжыгып эки колдоп кармап, көзүн жумуп боюн таштайт. Бутакка жармашкан келин жерге жетпей салаңдап калат, колун бошотуп ийсе күп этип түшүп, катуу тийет.

Келин кыйкырган бойдон чолоңдоп, ошол эле үйдүн биринчи кабатына кирип, жин ургандай эшиктерди чапкылап, кыйкырып жардам сурай берет. Бир картаң кемпир гана ачат эшигин. Келин орус тилин билчү эмес, колу менен жаңсап эптеп өлтүрүп атат деп түшүндүрөт. Кемпир милицияга чалат. Участкалык милиция жакын эле жерден араң дегенде 25 минуттан кийин келет. Кыштын кычыраган суугунда келин жылаңаяк, жука көйнөкчөн болгондуктан кемпир бир эски тапочка кийгизет бутуна. Милицияларга эптеп айтып бералбай, тиши-тишине тийбей калчылдап, квартиранын номерин айтат. Эки милиционер төртүнчү кабатка чуркайт, бирөө балкондон секирип качып кетпесин деп сыртта калды.

Орус эшигин ачпай койду, тепкилеп сындыра турган болгондо ал дагы ашкананын форточкасынан чыгып, бутактарды кармап, оңой эле секирип түштү. Аңдып турган милиционер колун кайрып баса калды. Бирок орус алдыра турган эмес, алышып кетишет. “Качкан да кудай дейт, кууган да кудай дейт” дегендей экөөнүн мушташы көпкө созулду.

Ошол кезде милиционерлерге тапанча же башка курал да берилчү эмес. Араң дегенде колун кайрып кардын үстүнө басып жыгып, берки шериктерине кыйкырат. Эшикти бузуу менен алек болуп аткан шериктери жерди көздөй чуркашат. Орусту ордунан тургузуп, колуна кишен салып, үйүн көздөй жетелешсе, жулкунуп кайра колдон чыгып кете жаздаганда араң кармап калышты. Эки жагынан эки милиция сүйрөп, бири артынан түртүп, төртүнчү кабатка эптеп алып чыгышат. Чөнтөгүндөгү ачкычы менен квартираны ачтырып киришсе Сапар душта канжалап сулап жатат. Келин чыңырып басып каларда, милиционерлер кармап калышат да, сыртка алып чыгат.

Рациядан берилген кабар жетип, милиция кызматкерлери менен прокурор кошо келет. Бирөөсү келинди алпарып машинага отургузат. Келиндин кийимин кийүүсүнө руксат берилбейт. Көк муштум болуп тоңуп калганын көргөн бирөөсү үстүндөгү тонун чечип берет.

Бөлүмгө алып келип суракка алганда келин алаңдап ар кайсы жеринен бир чалып-чолпуп айтып берет. Анын катуу коркуп калганын көргөн тергөөчү агасынын телефонун жазып алып бөлүмгө чакырмак болот.

- Алло, Бакыт барбы?

- Кимсиң?- дейт уйкусыраган үн.

- Октябрь райондук милициясынан, тергөөчү Ысманов.

Телефондун трубкасын үйдө калган Сапардын досу көтөргөн. Уйкудагы көзү умачтай ачыла түшөт.

- Аяш ака, милициядан деп атат.

Бакыт телефондун чырылдагынан ойгонуп кеткени менен балдарга чалып аткан кыздар болсо керек деп аяш үкөсүн ойготкон. Телефонго чакырганда жүрөгү жамандыкты сезип, трубканы кармаганда колун ток тээп жибергендей калчылдап кетти.

- Сапар деген иниң барбы? - деди тергөөчү.

- Бар, – деди Бакыт.

- Анда эми ал жок. Түндөгү квартира берем деген орус өлтүрүп салыптыр. Октябрь райондук бөлүмүнө сөзсүз келип кал.

Бакыттын кулагы ызы-чуу болуп, башына кан тээп чыкты.

- Жо-ок, жалган! Жалга-ан! – трубканы күч менен дубалга бир чапты.
***

Кыш. Суук. Кар тизеге чейин. Сыртта караңгы. Кыбыр эткен жан жок. Түнкү саат экиден өткөн. Тү деген түкүрүк жерге түшпөйт. Аяз бетти чымчылайт. Жөө жетүүгө мүмкүн эмес. Бакыт өксүп ыйлай берип бетиндеги жаш муз болуп катып калды.

- Ака, сабыр кылың, балким жалгандыр, кантип эле Сапар бир оруска алы жетпей калсын. Сапар мүмкүн коргоном деп орусту өлтүрүп койгондур. Же түшүбүз болуп жүрбөсүн, - деп аяш үкөсү жооткоткуча алыстан машина көрүндү. Жолдун ортосуна тура калып араң токтотушту. “Ал жакка баралбайм, алыс, жол тайгак” деди кыргыз шоопур. Бакыт акалап жалынды, тиги көнбөдү. Шарт буруп айдап кетти.

- Жөө чуркай берели, башка айла жок, - деди аяш үкөсү.

- Эмнеси болсо да шашылалы, мени көрсө Сапар көзүн ачып, тура калат. Отделге алып келсе демек тирүү да, өлгөн кишини алып келмек беле? Милициялар деле сүйлөп коё беришет.

- Ака, машина келатат.

Артта жай жылып машина келатыптыр. Бакыт жолдун чок ортосуна тура калып эки колун тез-тез алмаштырып булгалап атты. Орус шопур экен. Эшигин ачпай өзү отурган жактан башын чыгарды:

- Эмне, жашоодон кечтиңби?

- Абакебай, Октябрь милициясына жеткирип кой, каалаган акчаңы берем. Бир тууганымы өлтүрүп кетишиптир. Журналист болуп иштечү, интервью алам деп кетип эле жок. Отделден чалып чакырып атышат, суранам, – деп Бакыт жалдырап буркурап ыйлап жиберди.

- Отур,- деди картаң орус шопур. Боору ооруп кетти. Отурганда да Бакыт ыйлай берди. Шоопур газды басса машина жолдон тайгаланып ары-бери чыгып кетет. Араң дегенде жетишти бөлүмгө. Бакыт 300 сомду кармата коюп, аяш үкөсү экөө чуркады. Шопур алардын артынан кирди. Көзүнүн жашын он талаа кылып кирип келген баланы Сапардын агасы экенин милициялар дароо билишти.

Айнектин аркы бетинде сурак берчү орундукта бир орустун колуна кишен салып, столго чырмап таңып коюп, суракка алып жатышыптыр, Бакыт кой -айга карабай ошол жакка жулунду. Эки милициянын тосконго алы жетпей баратканда, дагы экөө келип кучактап калды.

- Сабыр кыл, сурактын жүрүшүн сырттан карап турушуң керек. Отур мындай,- деп орундук көрсөтүштү.

- Кана үкөм, үкөмү көрсөткүлө?!

- Ал моргдо. Келиниңе жолуктурабыз азыр.

-Келиниме эмес, оруска алпаргыла, тийбейм, коё бергиле, бир эле суроо берем, эмне себептен менин үкөмдү өлтүрдүң деп.

- Андай болбойт. Биз закон боюнча иштейбиз, андан көрө тынчыраак бол.

- Кантип тынч болом, үкөм өлүп жатса. Колума, бутума кишен салгыла, макулмун, мени жакын эле алпарып койгулачы, жалдыратпагылачы, силердин деле меникиндей бир тууганыңар бар да, - деп жалынган Бакыттын көз жашы токтогон жок.

Артында карап турган киши алдыга өтүп Бакытты кучактап сабыр кыл деп чөнтөгүнө 300 сомун салды. Ал жанагы картаң орус шопур болчу. Бакыт тынбай ыйлай берип, киши өлтүргүчкө жулуна берип алсырап калды. Сүйрөп келип орундукка отургузушуп, алдына келинди алып келишти. Чоң шинель, жыңайлак бутуна тапочка кийген келин, чачы жазылып сапсайып, көздөрү алаңдап бир алда болуп калыптыр. “Ака” деп Бакытка боюн таштады. Экөө өңгүрөп көпкө чейин ыйлашты. Колун кармаса тоңуп калыптыр. Шинелди жука көйнөктүн үстүнөн эле кийгизип коюшуптур. Бакыт курткасынын ичинен кийген калың жемпирин чечип келинге кийгизди. Бутундагы калың носкисин да берип, өзү жыңайлак эле өтүгүн кийип алды. Аяш үкөсүнүн шарфын чыгарып келинин мойнуна ороп койду. Келин энтигип, калчылдап болгон окуяны айтып берип атты.

- Шинель кимдики? - деди Бакыт.

- Меники, - деди бир жаш милиционер.

- Үкөм, азыр бир саатта алып келип беребиз. Жүргүлө, моргго, - деп келини менен аяш үкөсүн ээрчитип чыгып баратканда тергөөчү токтотуп калды.

- Ал жакка баргандан пайда жок. Өлөр бала өлдү, андан көрө тергөөгө катышкыла.

- Ака, үкөмү көрүп калайын, чымындай жаны бардыр, аракет кылып көрөйүн ойготконго, балким, оозуна үйлөш керектир, силер аны жасаган жоксуңар да.

- Иним, биз барганга чейин Сапардын жанын 27 минут мурун чыккан деп аныкташты, тергөөчүлөр. Андан бери 3 саатка чукул убакыт өттү. Моргго тирүү кишини алпарбайт да. Андан көрө жигит бол, кайрат кыл, келиниң кошкат экен, доктурга жаткырбаса болбойт, төртүнчү кабаттан кош кат эместер да секире албайт. Тааныш, тууган уруктарга чалып айт, мына телефон.

Киши өлтүргүчтөн “Эмне себептен өлтүрдүң?” деп сурап атышты тергөөчүлөр.

- Билбейм, мас болчумун. Анын үстүнө нашаа кошулган аракты ичип алгам. Мен чакырган эмесмин. Өзү келген. Арак да апкелип берген. Мага көп ичирип койду.

Сапар бир рюмканы ичкенден эле өзүн жаман сезе берген, көрсө нашаа кошуп койгон турбайбы. Бирде-экиде нашаа татып көрбөгөндүктөн шалдырай түшкөн. Болбосо ушундай олбурлуу неме мындай орустун бешөөнө алдырбайт болчу. Орустун үйүн тинткенде бир пакет нашаа табылган. Ал өзүнүн үйү эмес экен, квартирага алыптыр. Мурда да нашаа сатып колго түшүп, эки жолу кесилиптир.

Эртеси иштин жүрүшүндө анын ата-энесин таап, суракка катыштырганда:

- Бизге мындай баланын кереги жок, атууга кетиргиле, бизди да жадатып бүттү, наркоман, сайынат, ар дайым мушташ, ызы-чуунун арасында. Тез-тез квартирасын алмаштырат. Үйгө келсе уруш чыгарат. Ошон үчүн карыганда тынч өлөлү деп, үйгө жолотпойбуз. Кандай чара колдонсоңор да мейли, иши кылып көздөн комсоо алып кеткиле”, - дешет.

Сот процесси башталгыча Сапандын жансыз денесин жашыруу үчүн туулуп-өскөн айылы Отуз-Адырга ата-энесине алып кетишти. Султан кадырын салып Жогорку Кеңешке чыгып, андагы депутаттардын жардамы менен унаа берилет. Бүт коллективи менен чогуу сөөктү алпарарын алпарышат да, энесине угуза албай кыйналышат. Себеби, энеси эрте менен турганда эле кокуйлап, балдарын чогултат. Сапардан кабар алгыла, балам бир нерсе болду, Бакытка чалгыла деп. Улам жүрөгүн кармалап отуруп калат. Абышкасы кайдагы жорукту баштап атасың деп сүйлөнөт. Бирок энеси кеч киргенде үйүнө кирбей, көчөнү карап дел болуп отура берет. Уктап жатып түшүндө кичинекей аккуу учуп баратса бирөө атып салып, жерге аккуу «күп» этип кулап түшүптүр. Түшүнөн чочуган энеси балдарын «чалдыңарбы?» дей берип жадатат. Жедеп караңгы түшкөндө кан басымы көтөрүлүп төшөккө жыгылат.

Эне жүрөгү да алдачу беле?! Дал ошо кечте айылды өрттөгөн суук кабар жакын туугандарына жетет. Эч кимиси даап энесине угуза албайт. Эртеси сөөк жеткенде да “угуза албай атабыз” деп көчөнүн башынан тосуп алышат.

Студент кезинен бери макала жазып жүргөн Сапар бир эле айылына эмес, районуна, ал тургай республикага таанымал болуп калган. Султан Раев аркылуу Сапардын денесин жерге берүү зыйнатынын чыгымын айыл өкмөтү көтөрөт. Мал союп, ун, май, кантын дегендей.

Бирок Сапардын кыркылыгынан кийин айыл өкмөтү кетирген чыгымын үй-бүлөсүнөн кайтарып алды. Кыргызда “Өлгөндүн өзүнүн эле шору” деген сөз ошондон калса керек.

“Журналистти өлтүрүп кетишти” деген тема менен бир нече газеталар Сапар жөнүндө жазып чыгышты. Экспертизанын жыйынтыгы “Денесине 19 жолу атайлап өлтүрүү үчүн бычак сайылган. Бычак желкедеги тамырды, боор, бөйрөктү жарып салган, арка-белине, ичине бир нече жолу матырылган. Канды көп жоготуунун натыйжасында каза болгон” деп жазылган.

Тагдырдын тамашасын карабайсыңбы, Турусбектин татар кожоюну ошол Сапар өлтүрүлгөн үйдүн астыңкы 3-кабатында жашайт экен. Ажал ар кандай шылтоо менен айдап барганын карачы, кайран баланы. Ал канкор 17 жылга эркинен ажыратылды.

Жогорудагы мен жазган ырдан кийин “Сен жеңеси болчу турбайсыңбы?” деп сурашкандар көп болду.

Катуу чочуп калган келин ай-күнүнө жетпей уул төрөгөн. Ара төрөлгөн баласы чарчап калды.

“Баланын күйүтү күч” дегендей, энеси да көпкө узаган жок.





1   ...   5   6   7   8   9   10   11   12   13


©netref.ru 2017
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет