Эй бир боорум! Менден бир нече насыйкат сурадың. Сен бир жоокер болгонуң үчүн, аскердик мисалдар менен айтылган сегиз чакан аңгеме аркылуу бир нече акыйкатты напсим менен бирге уккун



жүктеу 0.76 Mb.
бет1/4
Дата01.04.2016
өлшемі0.76 Mb.
  1   2   3   4
: wp-content -> uploads -> 2014
2014 -> Сабақтың тақырыбы: Спорттық ойын волейбол ойынға қосылған допты жоғарыдан немесе төменнен қабылдау
2014 -> Қазақстан республикасы білім және ғылым министрлігі
2014 -> ЖҰмыс бағдарламасы пән: «Қоғамтану» Мамандығы: : 0301000
2014 -> Ұлт тарихы толқынындағЫ Ұлы тұЛҒалар
2014 -> Конкурс ережесі «Астана Опера»
2014 -> «Қостанай таңының» кітапханасы Сәлім меңдібаев
2014 -> Сәлім меңдібаев армысың, алтын таң! Журналист жазбалары Қостанай – 2013 ж
بِسْمِ اللّٰهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

وَ بِهِ نَسْتَعِينُ

اَلْحَمْدُ لِلّٰهِ رَبِّ الْعَالَمِينَ وَ الصَّلاَةُ وَ السَّلاَمُ عَلَى سَيِّدِنَا مُحَمَّدٍ وَ عَلَى آلِهِ وَ صَحْبِهِ اَجْمَعِينَ

Эй бир боорум! Менден бир нече насыйкат сурадың. Сен бир жоокер болгонуң үчүн, аскердик мисалдар менен айтылган сегиз чакан аңгеме аркылуу бир нече акыйкатты напсим менен бирге уккун. Себеби мен өз напсимди баарынан көбүрөөк насыйкатка муктаж деп ойлоймун. Бир топ жыл илгери сегиз аяттан пайдаланып жазган "Сегиз Сөздү" бир аз узунураак кылып напсиме айткан элем. Азыр кыскача жана карапайым элдин тили менен напсиме дагы айтамын. Ким кааласа напсим менен бирге уксун.
БИРИНЧИ СӨЗ 

«Бисмиллах» – бардык жакшылыктын башы. Биз дагы оболу аны менен баштайбыз. Эй напсим, бул куттуу сөз – Исламдын белгиси болуу менен бирге бардык ааламдагы жаратылган нерселердин абал тилдери менен ар дайым кайталап айтып жаткан зикири экендигин билип ал.

«Бисмиллах» – канчалык түгөнбөс бир кубат, канчалык бүтпөс бир береке болгонун түшүнгүң келсе, төмөнкү тамсилдештирилген окуяга кара, кулак сал... Мындайча:

Байыркы көчмөн арабтардын чөлдөрүндө саякатка чыккан адамдын каракчылардын жамандыктарынан кутулуу жана керектүү нерселерин издеп табуусу үчүн бир уруу башчысынын наамын алып, анын карамагына кирүүсү керек болчу, болбосо жалгыз керт башы менен чексиз душмандары менен муктаждыктарынын алдында бушайман болмок. Мына ушундай бир саякат үчүн эки адам чөлгө сапар тартышты. Алардын бири кичипейил эле, экинчиси болсо менменсинген эле. Кичипейилдүүсү бир уруу башчысынын наамын алды, а менменсингени болсо албады. Наамды алган кичипейил адам бардык жерде сак-саламатта жүрдү. Жолун тосуп, талап-тоноочу каракчыларга туш келсе: «Мен баланча деген уруу башчынын наамы менен кыдырып жүрөмүн» - дейт. Каракчылар да ага тийише алышбайт. Эгер бир чатырга кирсе ошол наам аркылуу сый-урматка ээ болор эле. Ал эми тигил менменсинген адам болсо, бүткүл саякатында айтып бере алгыс балээлерге жолугат. Ар дайым титиреп, ар дайым тилемчилик кылаар эле. Ошентип кор болду жана да абдан уят болду.

Мына эй, менин менменсинген напсим! Сен ошол мисалдагы саякатчысың. Бул дүйнө болсо бир чөл. Алсыздыгың менен жакырдыгың чексиз. Ал эми душмандарың менен муктаждыктарың да соңсуз. Ырас, акыйкат мына ушундай болгон соң, бул дүйнөнүн Түбөлүктүү Кожоюнунун жана эзелтеден бери өкүмүн жүргүзүп келе жаткан Өкүмдарынын ысымын ал... Ошондо гана бардык ааламдагы нерселерге тилемчи болуудан жана ар бир коркунучтуу окуялардын алдында калтырап-титирөөдөн кутуласың...

Ооба, бул сөз сенин чексиз алсыздыгың менен жардылыгың аркылуу сени соңсуз кудурет менен ырайымга байланыштырып, Ырайымдуу жана Кудуреттүү болгон Аллахтын алдында алсыздык менен жардылыкты эң кабыл болуучу бир шапаатчы кыла турган берекелүү казына болуп эсептелет. Ооба, бул сөз менен аракет кылган адам аскердикке кабыл алынган адамга окшойт. Ал адам өкмөттүн атынан аракет кылат. Эч кимден тайманбайт. Мыйзамдын аты менен, өкмөттүн аты менен сүйлөйт, бардык ишти кылат, бардык нерсеге каршы тура алат.

Сөзүбүздүн башында: «Бардык жаратылган нерселер өздөрүнүн абал тилдери менен «Бисмиллах» деп айтышат» – деп айткан элек. Ошондойбу?

Ооба, эгерде жалгыз бир адам келип, бүткүл шаар тургундарын мажбурлап бир жерге алып барды жана аларды мажбурлап иштеттирди дейли. Албетте эч күмөнсүз, ал адам өзүнүн аты менен, өзүнүн күч-кубаты менен иштеттирип жатпагандыгын, тескерисинче ал бир өкмөттүн адамы экендигин, Өкмөттүн атына аракет кылып жаткандыгын жана бир падышанын күч-кубатына таянып тургандыгын айдан-ачык биле аласың. Дал ушул сыяктуу, бардык нерселер Аллах Тааланын аты менен аракет кылып жатышат. Ошондуктан күкүм сыяктуу майда уруктар менен үрөндөр үстүлөрүндө чоң-чоң дарактарды жана тоодой болгон оор жүктөрдү көтөрүп турушат. Демек, ар бир дарак «Бисмиллах» деп айтат, Аллахтын ырайым казынасынын мөмө-жемиштеринен колдоруна толтурушуп, бизге тартуулап жатышат. Ар бир бакча да «Бисмиллах» дейт. Ичинде бир эле учурда түркүн-түрдүү даамдуу тамактар бышырылып жаткан Аллахтын кудурет ашканасынын бир «казаны» болуп саналат. Ар бир уй, төө, кой жана эчки сыяктуу берекелүү жаныбарлар да «Бисмиллах» деп айтышат, Аллахтын ырайым казыналарынын сүт булагы болуп эсептелет. Бизге Раззак аты менен абдан тунук, абдан таза жана мүрөктүн суусу сыяктуу болгон азыкты сунуп жатышат. Бардык өсүмдүктөрдүн, дарактардын жана чөптөрдүн жибектей жумшак түптөрү менен тамырлары да «Бисмиллах» дешет. Катуу болгон таш менен топуракты жарып өтөт. «Аллахтын аты менен, Рахмандын аты менен» - дешет, бардык нерсе аларга баш ийишет. Ооба, жер үстүндө бутактардын жайылып өсүп жана жемиш берип жатышканы сыяктуу, ошол катуу таш менен топурактын астындагы тамырлардын да кыйналбастан, ээн-эркин жана өтө оңойлук менен жер астында жайылуусу жана жемиш берүүлөрү, анын үстүнө кактап куйкалаган аптапка каршы назик жана жашыл жалбырактарынын узак айлар бою нымды сактап туруусу материалисттердин оозуна өтө каттуу сокку урат. Көр болгурдун көзүнө сөөмөйүн саят да: «Сенин ишенген катуулугуң менен ысыктыгың да Аллахтын буйругу астында аракет кылышат, анткени ошол жибек сымал жумшак тамырлар Муса(АС)дын аса-таягы сыяктуу فَقُلْناَ اضْرِبْ بِعَصَاكَ الْحَجَر буйругуна баш ийүү менен катуу таштарды да жарып өтөт. Жана дагы ошол тамекинин кагазындай жука болгон назик жалбырактар да Ибрагим(АС)дын ар бир мүчөлөрү сыяктуу от чачкан ысыктыкка каршы  يَا نَارُ كُونِى بَرْداً وَسَلاَماً аятын окуп жатышат» – деп айтат.

Ырас, бардык нерселер руханий түрдө «Бисмиллах» деп, Аллахтын аты менен Аллахтын белектерин алып келип бизге сунуп жатышкандыктан биз дагы «Бисмиллах» дешибиз керек. Аллахтын аты менен берип, Аллахтын аты менен алышыбыз керек. Андай болсо, Аллахтын аты менен бербеген наадан инсандардан албашыбыз керек...

Суроо: Ортомчулук милдетин аткарышкан сатуучуларга кандайдыр бир баада акы төлөп жатабыз. Ал эми мал-мүлктүн чыныгы ээси болгон Аллах, бизден кандай акы талап кылат?

Жооп: Ооба, белектердин чыныгы ээси болгон Аллах, ушундай кымбат баалуу белектери үчүн бизден үч гана нерсе каалайт. Бири – зикир, экинчиси – шүгүр, үчүнчүсү болсо – пикир. Эң башында «Бисмиллах» деп айтуу – бул зикир. Акырында «Альхамдулиллах» деп айтуу – шүгүр. Ал эми ортосундагы болсо, ушул кымбат баалуу укмуштуудай өнөрлөр болуп эсептелген белектер – Жалгыз жана эч кимге, эч нерсеге муктаж болбогон Аллах Тааланын кудутеттүү мужизалары жана ырайымынын тартуулаган сыйлыктары болгондугун ойлонуу жана түшүнүү – бул пикир болуп эсептелет. Бир падышанын кымбат баалуу белегин сага алып келген бечара бир адамдын бутунан өөп, белектин чыныгы ээсин тааныбоо кандай гана акмакчылык болсо, дал ошол сыяктуу сыртынан караганда белектерди берип жаткан сыңары көрүнгөн нерселерди мактап, аларды сүйүп жана алардын чыныгы ээси болгон Аллах Тааланы унутуу да андан миң эселеген акмакчылык болуп саналат.

Эй, напси! Ушундай акмак болгуң келбесе Аллахтын аты менен бер... Аллахтын аты менен ал... Аллахтын аты менен башта... Аллахтын аты менен иште. Саламатта бол.
ЭКИНЧИ СӨЗ

بِسْمِ اللّٰهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

اَلَّذِينَ يُؤْمِنُونَ بِالْغَيْبِ

Ыйманда абдан чоң бакыт менен сыйлык жана да өтө чоң жыргалчылык менен ырахаттык бар экенин түшүнгүң келсе, төмөнкү тамсилдештирилген окуяга кара жана ук:

Бир жолу эки адам чер жазуу жана соода-сатык кылуу үчүн сапарга чыгышат. Өзүмчүл жана бактысыз болгону бир тарапка, ал эми Кудайды тааныган бактылуу адам экинчи бир тарапка жол тартып жөнөштү. Өзүмчүл адам текебер, өзүн гана ойлонгондуктан жана башкаларды көрө албагандыгынан улам, ошол жаман көз карашынын жазасы катары, өтө жаман бир мамлекетке туш келет. Караса: Бардык жерде алсыз бечар адамдар таш боор мыкаачы адамдардын колдорунан жана кыйратууларынан чыркырап-сыздап жатышат. Баардык кыдырып кезген жерлеринен мына ушундай муңдуу, аянычтуу абалдарды көрөт. Бүткүл өлкө жалпы аза күтүү жана ыйлап-сыздоо жери сыяктуу көрүнөт. Ал эми өзү болсо, ушундай аянычтуу жана эзүүчү абалды сезбөө үчүн масчылыктан башка чара таба албайт. Анткени, ага баары душман жана жат көрүнөт. Жана да айланасындагы коркунучтуу өлүктөрдү жана үмүтсүздүккө түшүп ыйлап жаткан жетимдерди көрөт. Жан-­дүйнөсү азап ичинде калат. Экинчиси болсо, кудайды тааныган, кудайга сыйынган, акыйкатты ойлогон жана сонун адеп-ахлактуу адам болгондуктан, өзүнүн көз карашына жараша өтө сонун бир өлкөгө туш келди.

Мына ушул жакшы адам, барган өлкөсүндө жалпы шаңдуулукту көрөт. Ар тарапта сүйүнүч, шаан-шөкөт жана өзүнө тартуучу шаңдуу зикирканалар. Баары ага дос жана тууган болуп көрүнөт. Бүткүл өлкөдө куттуктоолор жана ыраазычылык билдирүүлөр менен жалпы боштондукка чыгуу аземдерин көрөт. Жана да ал «Аллоху акбар!» – деп айтылып жаткан такбирлер жана «Лаа илаха иллаллах!» – деп айтылып жаткан тахлилдер менен бирге, аскерге кубаныч менен жаңыдан келип жаткан жоокерлер үчүн урулуп жаткан добулбас менен музыканын шаңдуу үнүн угат. Биринчи бактысыз адам өзүнүн жана да бүткүл элдин муңу менен кайгырган болсо, бул бактылуу адам, өзүнүн жана бүткүл элдин сүйүнүчү менен сүйүнүчкө жана кубанычка бөлөнөт. Анын үстүнө соодасынан да жолдуу болуп, Аллахка шүгүр кылат. Мына ошентип ал кайрылып келе жатып тигил адамга жолугат. Анын акыбалын түшүнүп мындай деди: «Эй досум, сен акмак болгон турбайсыңбы. Ичиндеги жамандыктарың тышыңа чыгып калган окшойт, күлкүнү ый катарында, ал эми боштондукту талап-тоноо деп ойлоп калыпсың. Акылыңа кел, жүрөгүндү тазала. Ошондо гана ушул кайгылуу парда сенин назарыңдан кетет, акыйкатты көрө аласың. Анткени, өтө адилеттүү, ырайымдуу, кол астындагыларын өтө сүйгөн, кудуреттүү, тартипти сүйгөн жана мээримдүү бир падышанын өлкөсү жана да ушул көз алдындагы ушунчалык өркүндөгөн эмгектер менен бүт жагынан толук жана кемчиликсиздикти көрсөтүп жаткан бул мамлекет сенин ойлогонуң сыяктуу болуусу мүмкүн эмес».

Андан соң ал бактысыз адам эсине келет, абдан өкүнөт. «Ырас, мен мастыктан улам акмак болуптурумун. Тозок сыяктуу абалдан куткаргандыгың үчүн Аллах сенден ыраазы болсун» – деп айтат.

Эй, напсим! Билип ал, биринчи адам – кудайга ишенбеген каапыр же болбосо наадан фаасык адам. Бул дүйнө анын назарында жалпы аза күтүү жери сыяктуу. Бүткүл өмүр ээлери – айрылуу жана жок болуу азабынан ыйлап жаткан жетимдер. Жаныбарлар менен адамдар болсо, ажал чеңгели менен тыткыланып жаткан коргоочусуз жандыктар сыяктуу. Тоолор менен деңиздер сыяктуу чоң-чоң жаратылыштар жансыз, коркунучтуу өлүк жаназалар сыяктуу. Жана да ушул сыяктуу көптөгөн аянычтуу, жанды эзген коркунучтуу шек-күмөндөр Аллахка ишенбестиги менен адашуусунан улам пайда болуп, аны дайым руханий азапка салат.

Экинчи адам болсо Аллахка ишенген момун адам. Ал Улуу Жаратуучуну тааныйт жана тастыктайт. Анын көз карашында бул дүйнө өтө Ырайымдуу Алла Тааланын зикирканасы, адамзат менен жан-жаныбарлардын таалим­-тарбия ала турган жайы жана инсандар менен жиндер үчүн сыноо майданы болуп эсептелет. Адамдар менен жан-жаныбарлардын өлүмү болсо – кызматтык мөөнөтүнөн бошонуу. Өмүрлүк милдеттерин бүтүргөндөр, жаңы кызматчыларга орун бошотуп, алар да иштеп калышсын деп, бу убактылуу дүйнөдөн өтө кубанычтуу, кайгы-касиретсиз башка бир ааламга кетишет. Адамдар менен жан-жаныбарлардын бу жарык дүйнөгө келиши болсо, аскерге кабыл алынып, курал-жарагын кармап милдет алуусу. Калган бардык өмүр ээлери – ар бири өз милдеттерине ыраазы болгон жоокерлер жана ар бири өз кызматын сүйгөн кызматчылар. Жаңырган үндөр болсо, өз милдеттерин аткаруу алдындагы зикир менен тасбих жана эс алуудан улам айтылган шүгүр менен кубаныч же болбосо кызыгып иштөөдөн пайда болгон ыргактуу үндөр. Бүткүл жаратылган нерселердин ар бири ошол момун адамдын назарында Жоомарт жана Ырайымдуу Кожоюнунун сүйкүмдүү кызматкерлери жана ширин-ширин китептери. Дагы да ушул сыяктуу өтө тунук, улуу, жагымдуу жана таттуу акыйкаттар ыйманыңдан чагылышып көрүнөт.

Демек, ыйман Бейиштеги Туба дарагынын руханий уругун алып жүрөт. Ал эми ыймансыздык болсо, Тозоктогу Заккум дарагынын руханий уругун сактайт.

Демек, саламаттык жана коопсуздук жалгыз гана Исламда жана ыйманда. Андай болсо, биз дайыма: اَلْحَمْدُ لِلّٰهِ عَلَى دِينِ اْلاِسْلاَمِ وَ كَمَالِ اْلاِيمَانِ деп айтышыбыз керек.

ҮЧҮНЧҮ СӨЗ

بِسْمِ اللّهِ الرّحْمنِ الرّحِيمِ

يَآ اَيُّهَا النَّاسُ اعْبُدُوا

Ибадат — канчалык чоң соода менен бакыт экенин, ал эми күнөөгө батуу менен бузукулук болсо канчалык чоң зыян жана жоготуу экендигин түшүнгүң келсе, төмөндөгү тамсилдештирилген окуяга кара, ук, тыңша...

Бир жолу эки жоокер, алыскы бир шаарга баруу үчүн буйрук алышат. Жол экиге айрылганга чейин бирге келишет. Ал жерде бир адам аларга жолугуп мындай дейт: "Ушул оң тараптагы жол, эч бир зыяны болбоо менен бирге, ал жол менен жүргөн он жолоочудан тогузу чоң пайда табат жана ырахат көрөт.

Ал эми сол тараптагы жол болсо пайдасы болбоо менен бирге, он жолоочудан тогузу зыян тартат. Ал эми эки жолдун тең узун-кыскалыгы бирдей. Жалгыз гана бир айрымасы бар, ал тартипсиз жана мыйзамсыз болгон сол жолдун жолоочусу куржунсуз жана куралсыз жүрөт. Сыртынан караганда бир жеңилдик менен жалганчы бир ырахат көрөт. Ал эми оң жолго түшкөн аскердик тартиптеги жолоочу болсо, өзү менен бирге тамак-аш азыктары салынган салмагы төрт окка болгон куржунду жана бүт душманды жеңе турган эки киййелик мамлекеттик мыкты куралды көтөрүп жүрүүгө мажбур болот.

Ошол эки жоокер ал адамдын сөзүн уккандан кийин, бактылуу жоокер оң жолго түшөт. Бир батман оордукту ийинине жана белине жүктөйт. Бирок анын жүрөгү менен руху миңдеген батман көз карандылыктар менен коркунучтардан кутулат. Тигил бактысыз жоокер болсо, аскердик кызматты таштайт. Тартипке моюн сунууну каалабайт. Сол жолго түшөт. Денеси бир батман оордуктан кутулат, бирок жүрөгү миңдеген батман көз карандылыктар астында, ал эми руху болсо чексиз коркунучтардын астында эзилет.

Ошентип, ал адам ар кимге тилемчи жана да ар нерседен, ар бир окуядан титиреген абалда жүрөт. Акыры бара турган жерине да жетет. Ал жерде баш ийбес жана качкын деген жазага да тартылат.

Ал эми аскердик тартипти сүйгөн, куржуну менен куралын сактаган оң жолдогу жоокер болсо, эч кимге көз каранды болбой, эч кимден коркпостон жүрөгү менен жан-дүйнөсү ырахатта жүрөт. Ошентип, ал да бара турган шаарына жетет. Ал жерде, өз милдетин так, сонун аткарган намыстуу жоокерге ылайыктуу сый көрөт.

Мына, эй баш ийбеген напсим! Билгин, ошол эки жолоочунун бири Аллахтын мыйзамдарына баш ийген, экинчиси Аллахтын мыйзамдардан качкан жана өзүнүн напси-кумарына берилген адамдар. Ошол жол болсо, рухтар ааламынан чыгып көрүстөн аркылуу Акыретке кеткен өмүр жолу. Ошол куржун менен курал болсо ибадат менен такыбаалык. Ооба, ибадаттын сыртынан караганда бир оордугу бар, бирок анын маңызында түшүндүрүп бере алгыс ырахат менен жеңилдик бар. Анткени, ыймандуу пенде өзүнүн намазында:



اَشْهَدُ اَنْ لآَ اِلَهَ اِلاَّ اللّهُ

дейт. Башкача айтканда: «Андан башка Жаратуучу жана Ырыскы берүүчү Раззак жок! Пайда да зыян да Анын колунда. Анын үстүнө Ал – Даанышман, пайдасыз иш кылбайт жана Ал – Ырайымдуу, Анын ырайымында жана жакшылыгында чек жок» – деп айтат. Мына ушундай ишенүүсүнүн натыйжасында ал баардык нерседен Аллах Тааланын ырайым казынасынын эшигин табат. Дуба кылуу менен аны каккылайт жана бардык нерселерди өзүнүн Жаратуучусунун буйругуна баш ийген абалда көрөт. Ошентип Эгесине кайрылат, тобокел кылуу менен ага таянып, алдындагы ар кандай кыйынчылыктарга каршы туруштук бере алат. Ыйманы ага чыныгы жана толук коопсуздукту берет.



Ооба, ар бир чыныгы жакшылыктар сыяктуу баатырлыктын да башаты — ыйман менен ибадатта. Ошондой эле бардык күнөөлөр сыяктуу коркоктуктун да башаты — адашууда!

Ооба, эгерде Жер шары бомба болуп жарыла турган болсо да жүрөгү нур менен нурданган ыймандуу пендени коркута албоосу ыктымал. Тескерисинче, ал Аллахтын кудуретин кызыгуу менен суктанып карайт. А бирок өтө акылдуу деп аталган дили бузук күнөөкөр философ болсо, асмандан бир куйруктуу жылдызды көрсө жерде туруп калтырап-титирейт. Бул селсаяк жылдыз биздин Жер менен кагылышып кетпес бекен? – деп, тынчсызданат. (Бир жолу ушундай куйруктуу жылдыздан Америка титиреди. Көптөгөн адамдар түн ортосунда үйлөрүн таштап качып кетишкен.)



Ооба, инсан чексиз нерселерге муктаж болуп турса да, бирок байлыгы жокко эсе. Чексиз кырсыктарга дуушар болуп турса да, бирок күч-кубаты өтө аз. Анын байлыгы менен күч-кубатынын чөйрөсү, колу кайсы жерге жетсе ошончолук өтө кыска. Бирок анын умтулуусу, арзуулары, кайгылары жана балээлери болсо, көзү, кыялдары кай жерге жетсе жана кете алса ошончолук чөйрөсү кенен. Мына ушундай алсыз, күчсүз, жарды жана муктаж болгон адамзат рухуна ибадат, тобокел, таухид жана таслимдин чоң пайда, бакыт жана Аллахтын сыйлыгы болгонун көр болбогон адам көрө алат жана түшүнөт. Белгилүү болгондой эле зыянсыз жол атүгүл он ыктымалдан бири зыяндуу болсо да, зыяндуу жолдон артык көрүлөт. Ал эми биз сөз кылып жаткан ибадат жолу болсо, эч бир зыянсыз болуу менен бирге ондон тогуз ыктымалдуулук менен ал жолдо түбөлүктүү бакыт казынасы бар. Күнөө жана адашуу жолу болсо (атүгүл күнөөкөр адамдын мойнуна алуусу менен да) эч кандай пайдасыз болуу менен бирге ондон тогуз ыктымалдуулук менен түбөлүктүү кайгы менен жоготуу экендигин Куран, Ислам жана Ыйман жолунда өмүрүн илимге берген аалымдар жана ааламдагы жашыруун акыйкаттарды, сырларды Аллахтын уруксааты менен көрүп-биле алган олуялардын бир добуштан күбөлүк берүүлөрү аркылуу аныкталган.

Кортунду: Акырет сыяктуу бу дүйнөнүн бактысы да ибадатта жана Аллахка жоокер болууда. Андай болсо биз дайыма: اَلْحَمْدُ ِللّهِ عَلَى الطَّاعَةِ وَالتَّوْفِيقِ дешибиз керек жана мусулман болгонубузга шүгүр кылышыбыз керек.

ТӨРТҮНЧҮ СӨЗ

بِسْمِ اللّٰهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

اَلصَّلاَةُ عِمَادُ الدِّينِ

  Намаздын өтө баалуу жана маанилүү экендигин, анын үстүнө шарттарынын да өтө жеңил жана аз гана убакытты сарптоо менен окулаарын, ал эми намаз окубаган адамдын жеткен акылсыз жана зыяндуу болоорун, эки жерде эки төрт болгону сыяктуу ачык-айкын түшүнгүң келсе, ушул тамсилдештирилген окуяга кара жана салыштырып көр:

Бир жолу улуу бир өкүмдар эки кызматкеринин ар бирисине жыйырма төрт алтындан берип, эки ай алыстыктагы өзүнө гана таандык болгон сонун бир жерине туруктуу жашап калуулары үчүн жөнөтөт. Жөнөтүп жатып аларга мындай деп буйрук берет: «Бул акчаны жолго жана жол акысына жумшагыла жана ал жердеги турак жайыңарга керектүү кээ бир нерселерди сатып алгыла. Бир күндүк алыстыкта бир бекет бар. Ал жерде машина да, кеме да, поезд да, учак да бар. Калган акчаңарга карап булардын бирисине түшө аласыңар.»

Эки кызматкер өкүмдардын бул насаатын уккандан кийин жолго чыгышат. Алардын бири бактылуу эле, айтылган бекетке чейин акчасынын бир бөлүгүн каржылайт. Бирок, ошол акчасын сарптоо менен кожоюнуна жага тургандай сонун бир соода кылат дейсиң, акчасы бирден миңге чейин көбөйөт. Экинчи кызматкер болсо, бактысыз жана акылсыз болгондугундан бекетке жеткенге чейин эле жыйырма үч алтын сарптап жиберет. Кумар ойноп акчасын уткуруп жиберет. Ошентип, жалгыз гана бир алтыны калат. Жолдошу ага: «Эй досум, сен эми ушу алтыныңы бир билетке бер. Ошондо гана бул узак жолдо жөө жана ачка калбайсың. Анын үстүнө биздин кожоюнубуз өтө мээримдүү, балким ырайым кылаар, кылган каталарыңды кечирип жиберээр. Сени да учакка миндирип коёр. Ошентип, туруктуу жашап кала турган жерибизге бир эле күндө жетип бараарбыз. Болбосо эки айлык узак бир чөлдө ачка, жөө жана жалгыз кетүүгө мажбур болосуң» – деп айтат. Таң калыштуу, эгер бул адам өжөрлөнүп, ошол жалгыз алтынын олжолуу бир казынанын ачкычы сыяктуу болгон билетке бербестен, убактылуу ырахаттар үчүн бузуку жолго сарптай турган болсо, анын абдан акылсыз, зыяндуу жана бактысыз экендигин эң акылсыз адам дагы түшүнбөйбү?

Мына, эй, намаз окубаган адам жана эй, намаз окууну жактырбаган напсим!

Мисалда айтылган өкүмдар падыша болсо – Раббибиз, Жаратуучубуз. Ошол эки кызматкер жолоочулар болсо, биринчиси – динге моюн сунган, намазын жан-дили менен берилип окуган, ал эми экинчиси болсо, Кудайды унуткан, намаз окубаган адамдар. Ал жыйырма төрт алтын болсо – жыйырма төрт саат, бир күндөгү өмүр. Ошол өзүнө гана таандык болгон сонун жер болсо – Бейиш. Ошол бекет болсо – мүрзө. Ал саякат болсо – мүрзөгө, Хашрга жана түбөлүктүү жашоого алып баруучу адамзаттын сапары. Кылган амалдарына жана такыбаалыгына карап, ошол узак жолду ар түрдүү даражада басып өтүшөт. Кээ бир такыбаа адамдар чагылган сыяктуу миң жылдык жолду бир күндө басып өтүшөт. Кээ бирлери болсо кыял сыяктуу элүү миң жылдык аралыкты бир күндө кесип өтүшөт. Бул акыйкатка Ыйык Куран эки аяты менен ишаарат кылат. Ал эми билет болсо – Намаз. Беш убакыт намаз үчүн бир гана саат даараты менен бирге жеткиликтүү. Кызык, жыйырма үч саатын бу кыска дүнүйөлүк өмүрүнө жумшаган жана ошол узун, түбөлүктүү өмүрүнө бир саатын да жумшабаган адам өзүнө өтө чоң зыян кылат, напсисине да зулумдук кылган болот жана таптакыр акылга терс аракет кылган болот. Анткени, миң адам биргелешип ойногон лотерея кумарына акчасынын тең жарымын берүүнү акылы кабыл кылса, а бирок утуу ыктымалы миңде бирөө гана. Ал эми жыйырма төрт сааттын бир саатын токсон тогуз пайыз утуу кепилдиги бар болгон түбөлүктүү казынанын ачкычы болгон намазга бербей коюу – канчалык акылга жана даанышмандыкка терс аракет кылганын жана канчалык акылсыздык болоорун өзүн акылдуумун деп ойлогон адам түшүнбөйбү?

А бирок мындан сырткары: Намазда рухтун, жүрөктүн жана акылдын да өтө чоң ырахаты бар, ары денеге да анчалык оор бир иш эмес. Анын үстүнө намаз окуган адамдын мубах болгон башка дүнүйөлүк амалдары да жакшы бир ниет менен ибадат өкүмүн алат. Мына ушундайча бүткүл өмүр байлыгын Акыретине мүлк кыла алат. Убактылуу өмүрүн да бир жагынан түбөлүктөштүрүп алат...
БЕШИНЧИ СӨЗ

بِسْمِ اللّٰهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

اِنَّ اللّهَ مَعَ الَّذِينَ اتَّقَوْا وَالَّذِينَ هُمْ مُحْسِنُونَ

Намаз окуу жана чоң күнөөлөрдү кылбоо – адам баласынын чыныгы милдети жана табиятына төп келишкен, адамзаттын жаратылуусунун эң ыңгайлуу натыйжасы экенин көргүң келсе, төмөндөгү салыштырмалуу мисалга көз сал, ук:

Согуш учурунда бир аскердик бөлүктө бири өз милдеттерин билген жана милдетин сүйгөн, экинчиси болсо тажрыйбасыз жана өз напсисин абдан жакшы көргөн эки жоокер бар эле. Милдетин сүйгөн жоокер таалимге жана согушка көңүл буруп, ырыскы, кийим-кече жана башка нерселерди эч ойлонбойт эле. Анткени аны багуу, курал-жарактар менен камсыз кылуу, ооруп калса дарылоо, атүгүл муктаж болгон кезде нан сындырып оозуна салып берүүгө чейин өкмөттүн милдети экенин жана өзүнүн негизги милдети болсо таалим жана согушуу экенин ал жакшы түшүнгөн болчу. Бирок, кээ бир ырыскы жана керек-жарактарга байланыштуу жумуштарды да жасайт эле. Тамак бышырып, идиш-аяктарды жуучу. Андан:

– Эмне кылып жатасың? – деп сурашса,

– Өкмөттүн ишин кылып жатам – дейт. «Кара жаным үчүн иштеп жатам» дебейт.

Тигил сугалак жана тажрыйбасыз жоокер болсо таалим менен согушка көңүл бур-байт эле. «Ал өкмөттүн иши, мага эмне» – дечү. Дайыма күнүмдүк оокатын ойлоп, анын артынан кубалап, кошуунун таштап, базарга барып соода-сатык кылаар эле. Бир күнү өз милдетин жакшы билген жолдошу ага мындай деди:

– Ээ досум, сенин негизги милдетиң таалим жана согушуу. Сен ошол үчүн бул жерге келтирилгенсиң. Падышага ишенгин. Ал сени ачка калтырбайт. Ырыскы берүү Анын милдети. Анын үстүнө сен алсыз жана көп нерселерге муктажсың, бардык жерде өзүңдү багып кете албайсың. Анын үстүнө азыр согуш учуру. Сага «качкын» деп жаза беришет. Ооба, көз алдыбызда эки милдет күрүнүп турат. Биринчиси: Падышанын милдети – бизди багуу, бирок кээде биз анын жумуштарын кылабыз. Экинчиси болсо, биздин милдетибиз – таалим жана согушуу, а Падыша болсо бизге жардам берет. Таң калыштуу, ошол акмак жоокер, милдетин мыкты билген күжүрмөн жолдошунун сөзүнө кулак салбаса, канчалык коркунуч ичинде калаарын түшүнөөрсүң!.

Мына, эй жалкоо напсим! Ошол согуш майданы – бул азаптуу дүйнө жашоосу. Бөлүктөргө бөлүнгөн кошуун болсо – адамзат коому. Ал аскедик бөлүк болсо – бул кылымдагы Ислам жамааты. Эки жоокер болсо – бири: Диндеги парздарын билген, аткарган жана күнөөлөрдү кылбоо үчүн напси менен шайтандарга каршы күрөшкөн такыбаа мусулман, экинчиси болсо Ырыскы берүүчүнү күнөөлөгөнгө чейин күнүмдүк оокат дартына батып, парздарын аткарбай тиричилик жолунда туш келген күнөөлөрдү жасай берген зыянкеч-күнөөкөр. Ал эми таалим болсо, намаз баш болгон ибадаттар. Согуш болсо, напси менен анын каалоосуна, жин менен адам шайтандарга каршы күрөшүп, дилин күнөөлөрдөн жана рухун түбөлүктүү кыйроодон куткаруу. Ал эки милдет болсо – биринчиси: Жашоону берип багуу. Экинчиси: Жашоону бергенге жана багып жатканга сүйүү менен ибадат кылып жалбаруу. Ага тобокел кылып ишенимдүү болуу.

Ооба, Аллахтын эң жаркыраган кереметтүү өнөрү жана Жараткандын укмуштуудай даанышмандыгы болгон жашоону ким берген болсо, ким жараткан болсо ырыскылар менен ал жашоону уланткан да Ал Өзү. Андан башка болушу мүмкүн эмес. Далил каалайсыңбы? Эң күчсүз, эң акылсыз жандыктар жакшы багылып жатат. (Мөмө-жемиштердин курттары менен балыктар сыяктуу). Эң алсыз, эң назик макулуктар эң жакшы ырыскыларды жешет (Бөбөктөр менен жаныбарлардын балдары сыятуу).

Ооба, адал ырыскыны табуу – күч менен, каалоо менен болбостугун, тескерисинче алсыздык жана күчсүздүк менен болоорун түшүнүү үчүн балыктар менен түлкүлөрдү, жаныбарлар менен алардын балдарын, дарактар менен жаныбарларды салыштырып көрүү жеткиликтүү. Демек, тиричилик дарты үчүн намазын таштаган адам: мисалдагы таалимин жана калканын таштап коюп, базарда тилемчилик кылган жоокерге окшош. Бирок намазын окугандан кийин Жараткандын ырайымынан өз үлүшүн издөө, башкаларга «жүк» болбоо үчүн керт башы менен иштөөсү эң сонун жоомарттык. Ал да бир ибадат болуп эсептелет. Адамдын ибадат үчүн жаратылганын анын табияты жана руханий мүчөлөрү да көрсөтүп турат. Анткени, адам бул дүйнөлүк жашоосуна керек болгон иштөө жана кудурет жагынан эң жөнөкөй бир таранчыга да жетише албайт... Бирок, руханий жана Акыреттик өмүрүнө керектүү болгон илим, пикир жүргүзүү жана ибадат жагынан жаныбарлардын падышасы жана жол башчысы сыяктуу болот.

Демек, эй напсим! Эгер бу дүйнөлүк жашоону өзүңө чыныгы максат кылып койсоң жана дүйнө үчүн дайым иштесең, эң жөнөкөй бир таранчынын катардагы жоокери сыяктуу болуп каласың. Эгер Акыреттик жашоону өзүңө чыныгы максат кылып койсоң жана бул жашоону да акыретке бир себепчи жана эгин талаасы кылсаң жана акырет үчүн иштесең, анда бардык жан-жаныбарлардын эң чоң кол башчысы сыяктуу жана бул жашоодо Жараткандын эркелеген эрке кулу, кадырман жана сыйлуу коногу болосуң.

Мына сага эки жол... Каалаганыңды тандай аласың. Туура жол менен ийгиликти ырайымдуулардын эң Ырайымдуусунан сура...


  1   2   3   4


©netref.ru 2017
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет