Эй бир боорум! Менден бир нече насыйкат сурадың. Сен бир жоокер болгонуң үчүн, аскердик мисалдар менен айтылган сегиз чакан аңгеме аркылуу бир нече акыйкатты напсим менен бирге уккун



жүктеу 0.76 Mb.
бет2/4
Дата01.04.2016
өлшемі0.76 Mb.
1   2   3   4
: wp-content -> uploads -> 2014
2014 -> Сабақтың тақырыбы: Спорттық ойын волейбол ойынға қосылған допты жоғарыдан немесе төменнен қабылдау
2014 -> Қазақстан республикасы білім және ғылым министрлігі
2014 -> ЖҰмыс бағдарламасы пән: «Қоғамтану» Мамандығы: : 0301000
2014 -> Ұлт тарихы толқынындағЫ Ұлы тұЛҒалар
2014 -> Конкурс ережесі «Астана Опера»
2014 -> «Қостанай таңының» кітапханасы Сәлім меңдібаев
2014 -> Сәлім меңдібаев армысың, алтын таң! Журналист жазбалары Қостанай – 2013 ж

АЛТЫНЧЫ СӨЗ

بِسْمِ اللّٰهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

اِنَّ اللّهَ اشْتَرَى مِنَ الْمُؤْمِنِينَ اَنْفُسَهُمْ وَاَمْوَالَهُمْ بِاَنَّ لَهُمُ الْجَنَّةَ

Напси менен мал-мүлкүн Аллах Таалага сатуу, Ага кул жана жоокер болуу – канчалык пайдалуу соода жана канчалык абройлуу наам экенин түшүнгүң келсе, ушул тамсилдештирилген аңгемени тыңша...

Бир жолу улуу бир падыша карамагындагы эки адамдын ар бирисине ичинде завод-фабрикалары, өндүрүш машиналары, ат, курал-жарак сыяктуу бардык нерселери бар болгон бирден кожолукту аманатка берет. Бирок, апааттуу согуш мезгили болгондуктан, эч нерсе туруктуу калбайт же жок болот же өзгөрүп кетет. Падыша ал эки жоокерине чексиз мээримдүүлүгүнөн улам ишенимдүү элчисин жөнөттү. Өтө мээримдүү жарлыгы аркылуу аларга мындай деп айткан эле: «Колуңардагы аманатымды мага саткыла. Ушинтип силерге сактап берейин. Бекерге жок болуп кетпесин. Согуш бүткөндөн кийин силерге мындан да жакшы түрдө кайтарып берем. Анын үстүнө ал аманаттарды силердин мүлкүңөр сыяктуу эсептеп, силерге абдан көп акы төлөймүн. Жана да ошол өндүрүштүк машиналар менен фабрикадагы жабдыктар менин атым менен менин устаканамда иштеттирилет. Баасы да, акылары да бирден миңге чейин көтөрүлөт. Бардык түшкөн пайдаларды силерге беремин. Анын үстүнө силер алсыз жана жардысыңар, ошол чоң иштерди жүргүзүү үчүн керектүү жабдууларды таба албайсыңар. Бардык чыгымдар менен керектүү нерселерди камсыздоону өз моюнума аламын. Бардык түшкөн пайдаларды силерге берем. Ары аскердиктен бошогонго чейин колуңарда калтырамын. Мына беш мертебе пайда үстүнө пайда. Эгер мага сатпасаңар, ансыз деле көрүп турасыңар эч ким колундагысын сактай албай турат жана ошолор сыяктуу силердин да колуңардан чыгып кетет. Болгондо да бекерге кетет жана да ошол жогорку баадан куру каласыңар. Анын үстүнө ал назик баалуу аспаптар колдонула турган жогорку даражадагы кен-байлыктар менен жумуштарды таба албагандыгынан бүтүндөй баалуулугу түшөт. Ары башкаруу жана сактоо кыйынчылыгы менен машакаты моюнуңарга жүктөлөт, ары аманатка кыянат жазасын көрөсүңөр. Мына беш мертебе зыян ичинде зыян!..

Ал эми мага сатуу болсо – мага жоокер болуп, менин атым менен иштетүү болуп саналат. Жөнөкөй бир туткун болуунун жана чектен чыгуунун ордуна, улуу бир падышанын атайын жана эрктүү жоокери болосуңар».

Алар бул кайрылуу менен буйрукту уккан соң, ал эки адамдын акылы жайында болгону: «Жарайт, мен сыймыктануу менен сатамын жана миң мертебе ырахматымды да айтамын» – дейт.

Экинчиси текебердүү, написи фараон сыяктуу бой көтөрүп кежирленген, өзүмчүл, араккеч-селсаяк адам – ошол кожолукта түбөлүк кала тургансып дүйнөдөгү жер титирөөлөр менен коогалаңдардан кабары жок:

– Жок! Падыша ким экен? Мен мүлкүмдү сатпайм, ырахатымды бузбайм... – деди.

Андан көп убакыт өтпөй эле биринчи адам, баары ага суктана тургандай мартабага чыгат. Падышанын мээримине бөлөнөт. Ак сарайларда бактылуу жашап калат. Экинчиси болсо, баары ага боору ооруй турган жана да: «Ушуга татыктуу!» – деген абалга дуушар болот. Анткени, кылган катасынын айынан бак-дөөлөтү менен мал-мүлкү колунан чыкты жана да анысы аз келгенсип жазага тартылып, азап чегип жатат.

Мынаке, эй кумары ашып-ташыган напсим! Ушул мисалдын дүрбүсү менен акыйкаттын жүзүнө кара. Жанагы мисалдагы падыша болсо, Эзел-эбед Султаны болгон Раббиң жана Жаратуучуң. Ошол кожолук: машиналар, аспаптар, таразалар болсо, сенин жашоо чөйрөңдөгү мал-мүлкүн жана ошол мүлктүн ичиндеги сенин денең, рухуң жана жүрөгүң, алардын ичиндеги көз менен тил, акыл менен кыял сыяктуу тышкы жана ички сезимдериң. Ал эми ардактуу элчи болсо, Мухаммад (С.А.В.) пайгамбарыбыз жана ошол айтылган буйрук болсо, Куран-и Хаким болуп, сөзүбүздүн темасы болгон «Улуу олжолуу сооданы» төмөнкү аят менен жарыялап жатат:

اِنَّ اللّهَ اشْتَرَى مِنَ الْمُؤْمِنِينَ اَنْفُسَهُمْ وَاَمْوَالَهُمْ بِاَنَّ لَهُمُ الْجَنَّةَ

Ал эми ошол апааттуу согуш майданы болсо, тынымсыз кыймылдагы, улам өзгөрүлүп, бузулуп турган ушул ызгардуу дүйнө жүзү болуп саналат. Ар бир адамдын акыл-эсине: «Ырас, баардык нерселер колубуздан чыгат, убактылу болуп, жок болот. Атаганат, аларды биротоло жоголбос кылып, түбөлүккө айландыруунун чарасы жокпу?» – деген пикирди ойго салат. Мына ушундай ойго батып отурганда, дароо көктөн келген Курандын үнү угулат: «Ооба, бар. Болгондо да беш жагынан пайдалуу эң сонун жана жеңил бир чарасы бар.»



Суроо: Ал кандай чара болду экен?

Жооп: Аманатты чыныгы Ээсине сатуу... Мына ушул сатууда беш даража пайда ичинде пайда бар.

Биринчи пайда: Убактылуу мүлк түбөлүктүү болот. Анткени, Каййуми-Бааки болгон Аллах Таалага берилген жана анын жолуна сарпталган ушул өтүп кетүүчү өмүр түбөлүккө айланат. Түбөлүктүү мөмөлөрдү берет. Ошол кезде өмүрдүн мүнөттөрү үрөн жана дан сымал сыртынан жок болуп чиригенсийт. Бирок, түбөлүктүүлүк ааламында, бакыт гүлдөрү болуп ачылат, гүлдөйт жана да Берзах ааламында ар бири жаркыраган жагымдуу бир көрүнүшкө айланышат.

Экинчи пайда: Бейиш сыяктуу акы берилет.

Үчүнчү пайда: Ар бир мүчө менен сезимдердин баасы бирден миңге чейин жогорулайт. Мисалы: Акыл бир аспап. Эгер Аллахка сатпастан, тескерисинче өз напсиң үчүн колдонсон, анда өтө жаман, тажатуучу жана кыйнап-жүдөтүүчү аспап болот. Себеби, өткөн замандын муңдуу кайгыларын жана келечек замандын коркунучтуу жагдайларын сенин бул бечара башыңа үйүп-жүктөгөн, өтө жаман, азапка салуучу, зыяндуу аспаптын деңгээлине түшөт. Мына ошондуктан күнөөкөр адам акылдын тажатуусунан жана жанды эзип-кыйноосунан кутулуу үчүн, көпчүлүк убактарда же мас болууга, же болбосо оюн-зоокко качат. Эгер, аманатты Чыныгы Ээсине сатсаң жана анын көрсөткөнүндөй пайдалансаң, акыл – бул ааламда болгон чексиз ырайым менен акылмандык казыналарын ачып берүүчү сырдуу бир ачкыч болот. Жана бул аркылуу ээсин түбөлүктүү бак-таалайга жеткире турган жол көрсөткүч даражасына чейин көтөрүлөт. Дагы бир мисал: Көз бир мүчө. Рухубуз бул ааламды ошол «терезе» аркылуу көрөт. Эгер, көздү Аллахка сатпастан, тескерисинче напсиң үчүн иштетсең, убактылуу өтүүчү кээ бир сонундуктарды, көрүнүштөрдү кароо менен кумар кандыруунун жана напсинин уятсыз каалоолоруна баш ийген өтө төмөнкү ары жок бир кызматчысы болот. Эгер көздү көздүн Көрүүчү Устасына сатсаң, анын эсебине жана уруксат берген чөйрөсүндө иштетсең; ушул көз – ушул Аалам китебинин изилдөөчүсү жана ушул ааламдагы Аллахтын мужизалуу өнөрлөрүнүн көрүүчүсү жана да ушул «Жер шаары» бакчасындагы ырайым гүлдөрүнүн кут-берекелүү бир аарысы даражасына чыгат. Дагы бир мисал: Тилдеги даам татуу сезимин чексиз акымандык ээси болгон Жаратуучусуна сатпасаң, тескерисинче напси жолуна ашказан үчүн иштетсең, анда ал ашказан фабрикасына бир кароолчу деңгээлине чейин түшөт. Эгер, аны Жоомарт, Раззак болгон Аллахка сатсаң, анда тилдеги даам татуучу сезим – Аллахтын ырайым казыналарынын тажрыйбалуу кароолчусу жана Аллахтын кудурет ашканаларындагы сыйлыктарын билип, шүгүр кылып даңазалоочу кызматчы даражасына чыгат.

Мына, эй акыл, көңүл бур! Башка балээ болгон аспап кайда жана да аалам ачкычы кайда? Эй көз, жакшылап кара! Төмөнкү даражадагы ары жок бир кызматчы кайда жана Аллахтын китепканасынын илимпоз окурманы кайда? Эй тил, жакшылап даам тат! Бир фабриканын күзөтчүсү жана тыюу салуучусу каякта жана Аллахтын түрдүү ырайым сыйлыктарын өлчөп даңазалоочу кызматчы каякта?

Жана дагы ушул сыяктуу башка аспаптарды, мүчөлөрдү салыштырып көрсөң, чынында эле момун адам – Бейишке ылайык, ал эми каапыр болсо, Тозокко ылайык боло турганын түшүнөөрсүң. Жана алардын ар биринин мындай баа алууларынын себеби: Момун адам ыйманы менен Жаратуучусунун аманатын, анын наамы менен жана уруксат берген чөйрөсүндө колдонуусунда. Ал эми каапыр болсо, аманатка кыянат кылуу менен напсинин кызыкчылыгы үчүн колдонуусунда.

Төртүнчү пайда: Инсан күчсүз, балээлери болсо өтө көп... Жакыр, муктаждыктары да өтө көп... Абдан алсыз, өмүр жүгү да өтө оор... Эгер, кудуреттүү Аллахка таянып тобокел кылбаса, ага ишенип баш ийбесе, анда абийири азап ичинде калат. Эч пайдасыз мээнеттер, кайгылар жана өкүнүүлөр аны тумчуктуруп, же мас болгон селсаякка, же болбосо жырткыч бир жаныбарга айландырат.

Бешинчи пайда: Бардык ошол мүчөлөр менен аспаптардын ибадаттары, тасбихаттары жана ошол жогорку акылары өтө муктаж болгон бир кезинде, Бейиштин жемиштери сүрөтүндө сага берилүүсүнө бардык уламалар менен олуялар бир ооздон, бир добуштан кабар беришүүдө.

Мына ушул беш мертебе пайдалуу сооданы жасабасаң, ушул пайдалардан куру калуудан башка, беш даража зыян ичинде зыянга түшөсүң.



Биринчи зыян: Ошончолук жакшы көргөн мал-дүйнө менен бала-чака, жакшы көргөн напсиң менен кумар-сезимдерин жана ардактаган жаштык менен өмүрүң кайып болот да кетет. Сенин колуңдан да чыгат. Күнөөлөрүн, кайгыларын сага калтырып, мойнуңа жүктөйт.

Экинчи зыян: Аманатка кыянат жазасын көрөсүң. Анткени, эң баалуу аспаптарды эң арзыбаган нерселерге сарптап, өзүңө зулумдук кылдың.

Үчүнчү зыян: Инсандын ошол баа жеткис кымбат аспаптарын, айбанчылыктан да өтө төмөн түшүрүп, Аллахтын акылмандыгына каршы жалаа жаап зулумдук кылдың.

Төртүнчү зыян: Алсыздык жана жардылыгың менен бирге, ошол өтө оор өмүр жүгүн күчсүз белиңе жүктөп жок болуу жана ажыроо «шапалагы» алдында дайыма айкырып чыркырайсың.

Бешинчи зыян: Түбөлүктүү өмүрдүн негиздерин жана акыреттик бакты-таалайга керектүү болгон нерселерди даярдоо үчүн берилген акыл, жүрөк, көз жана тил сыяктуу Аллах Тааланын сонун белектерин сага Тозоктун эшиктерин ачып бере турган өтө жаман бир көрүнүшкө айландырып койгон болосуң.

Эми сатуу маселесине карайлы. Таң калыштуу, ушунчалык оор бир ишпи? Көптөрү сатуудан качып жатышат. Жок, жок эч андай эмес!... Эч бир андай оорчулугу жок. Анткени, адал чөйрөсү кенен. Чер жазып, ырахат алууга жетиштүү. Арамга кирүүгө эч кандай кажет жок. Аллахтын буйруган парздары болсо, өтө жеңил жана аз. Аллахка кул жана жоокер болуу – ушунчалык ырахаттуу бир кадыр-барк дейсиң, айтып берүү мүмкүн эмес. Милдет болсо, жалгыз гана жоокер сыяктуу Аллахтын наамы менен иштөө, баштоо жана Аллахтын аты менен берүү жана алуу керек. Анын уруксаты менен Анын мыйзамдарынын чөйрөсүндө аракет кылуу, бейпилдикке жетишүү керек. Ката кетирсе истигфар айтып кечирим сурашы керек:

«Оо Жараткан! Каталарыбызды кечир. Бизди Өзүңө кул кабыл кыл, аманатыңды ала турган мезгилге чейин бизди аманатка ишенимдүү кыл. Оомин!» – деп Ага жалбаруу керек...
ЖЕТИНЧИ СӨЗ

Бул ааламдын табышмактуу сырын ачкан آمَنْتُ بِاللّٰهِ وَ بِالْيَوْمِ اْلآخِرِ келимеси – адамзаттын руху үчүн бакыт эшигин ачкан, ааламдын табышмактуу сырын ачкан өтө баалуу эки сырдуу дуба экендигин жана сабыр менен Жаратуучусуна тобокел кылуу, сыйынуу, шүгүрчүлүк менен Аллахтан суранып дуба кылуу болсо, канчалык пайдалуу жана абдан таасирдүү эки дары болгонун, ал эми Куранды угуу, буйругуна моюн сунуу, намаз окуу, чоң күнөөлөрдү таштоо болсо – түбөлүктүү сапарыбызда абдан маанилүү, баалуу жана көз жоосун алган жаркыраган билет, акыретибиздин азыгы жана мүрзөбүздүн нуру болгонун түшүнгүң келсе, ушул тамсилдештирилген окуяга кара, тыңша:

Бир жолу бир жоокер согуш жана сыноо майданында, пайда менен зыяндын алпурушуп жаткан чагында өтө коркунучтуу бир жагдайга дуушар болот. Мындайча:

Оң жана сол жак тарабынан эки оор жара менен жабыркаган, арт жагында коркунучтуу арстан ага кол салуу үчүн күтүп тургандай. Көз алдында бир дарга курулуп, бардык сүйгөндөрүн асып өлтүрүүдө жана аны да ошол өлүм күтүп турат. Муну менен бирге анын узун сапары бар, сүргүндөлүүдө. Ал бечара адам ушундай коркуу ичинде үмүтсүз ойлонуп турган кезде, оң жагында Кызыр сыяктуу жакшылыкты сүйгөн, нурдуу, мээримдүү бир адам пайда болот. Ага: «Үмүтсүздүккө түшпө. Сага эки сырдуу дуба үйрөтөмүн. Эгер жакшылап колдоно алсаң ал арстан сага баш ийген бир атка айланат. Ал эми ошол дарга болсо, сени ырахаттандырып эс алдыра турган селкинчекке айланат. Сага эки дары беремин. Жакшылап пайдалансаң жыттанып кеткен ошол эки жараатың жыпар жыттуу эки «Мухаммеддин гүлү» (Алейхис-салаату вассалам) деп аталган назик жана жыпар жыттуу гүлгө айланат. Дагы сага бир билет беремин, аны менен бир жылдык жолду бир күндө зымырап кесип өтөсүң. А эгер буга ишенбесең, текшерип сынап көр. Ошондо гана сөздөрүмүн чындык экенине ишенесиң» – деп, айтат. Чынында эле ал бир аз текшерип көрдү. Туура экенин тастыктады. Ооба, мен, тагыраак айтканда бечара Саид да муну тастыктаймын. Себеби бир аз текшерип көрүп, туура экенине көзүм жетти.

Мындан кийин капысынан сол жак тараптан шайтандай айлакер, араккеч, алдамчы бир адам көптөгөн жасалгалар, түрдүү сүрөттөр, көз боёчу жалган кыялдар, мас кылуучу арам ичимдиктер менен бирге шарактап кирип келди. Бет маңдайына туруп ага мынтип айтты:


  • Эй, досум! Кел, келегой, бирге олтуруп арак ичели, көңүл көтөрүп чер жазалы. Ушул сулуу кыздардын сүрөттөрүн карайлы. Ушул жагымдуу обондорду угалы. Бул таттуу тамактарды жейли.

Суроо: Ха, ха... Оозуңда жашыруун окуп жатканың эмне?

Жооп: Сырдуу дуба.

– Бул түшүнүксүз ишти таштагын! Алып жаткан ырахатыбызды бузбайлы.

Суроо: А бу колдоруңдагы эмне?

Жооп: Дары.


  • Ыргыт буларды. Дениң соо. Эмне кыласың. Азыр жыргай турган заман эмеспи.

Суроо: А бул беш белгиси бар кагаз эмнең?

Жооп: Бир билет. Жолдомо кагазы.

– Жыртып сал аларды. Ушундай сонун жадыраган жаз мезгилинде бизге сапарга чыгуунун эмне кереги бар? – дейт. Ар кандай азгырыктар менен аны ишендирүүгө тырышат. Тигил бечара да ага бир аз ынанат. Ооба, адам алданат. Мен да ошондой бир айлакерге алдандым.

Капыстан оң жак тарабынан көк күркүрөөсү сыяктуу бир үн угулат. Ага: «Абайлагын, алданба! Ал айлакерге мынтип айткын: Эгер артымдагы арстанды өлтүрүп, алдымдагы дарганы жок кылып, оң жана сол жагымдагы жараларды дарылап, алдымдагы сапарымды токтото турган бир чара сенде бар болсо, же тапсаң, кана көрсөт, көрөлү. Андан кийин: «Кел, эми жыргайлы» – деп айткын. Болбосо, оозуңду жапкын, эй акмак!.. Жанагы Кызыр сыяктуу нурдуу адамдын айтканын айтсын» – дейт.

Мына, эй, жаштыгында күлгөн, эми болсо күлгөнү үчүн ыйлап жаткан напсим! Билип алгын: Ал бечара жоокер сенсиң жана адамзат болот. Арстан болсо – ажал, а дарга болсо – өлүм, ажыроо жана айрылуу болуп түн менен күндүздүн алмашуусунда ар бир сүйгөн нерселерибиз менен коштошуп, айрылышып жатабыз. Ал эми ошол эки жара болсо, бири – адамзаттын азап берүүчү чексиз алсыздыгы, экинчиси адам баласынын аянычтуу чексиз муктаждыгы. Сүргүн менен сапар болсо – рухтар ааламынан, түйүлдүктөн, балалыктан, карылыктан, бу дүйнөдөн, мүрзөдөн, Берзахтан, Хаширден жана Сыраттан өтө турган адамзаттын узак сыноо сапары. Ал эми ошол эки сырдуу дуба болсо, Аллахка жана акыретке ыйман болуп саналат. Ооба, ушул ыйык сыр аркылуу өлүм – ыймандуу адамды дүнүйө зынданындан Бейиш бакчасына, Мээримдүү Жараткандын дал өзүнө алып бара турган баш ийген ат менен бурактын кейипин алат. Мына ошондуктан өлүмдүн акыйкатын көргөн даанышман адамдар өлүмдү жакшы көрүшкөн, өлүм келе элек болсо дагы, өлүүнү каалашкан. Анын үстүнө жок болуу менен айрылуу, өлүү менен дарга асуу болгон убакыттын өтүшү, ошол ыйман сыры аркылуу, Аллах тааланын жаңы-жаңы, түркүн-түстүү, түрдүү-түрдүү мужизалуу кооздуктарын, таң калыштуу кудуретин жана ырайымынын чагылуусун өтө тамшануу менен көрүп суктанууга бир себепчи болот. Ооба, күндүн нурундагы түстөрдү көрсөткөн күзгүлөрдүн өзгөрүп жаңылануусу жана кино тасмасындагы кадрларынын өзгөрүүсү, дагы да сонун, дагы да жагымдуу көрүнүштөрдү көрсөтөт эмеспи. Ал эми ошол эки дары болсо, сабыр менен тобокел. Жаратуучунун кудуретине таянуу, даанышмандыгына ишенүү.

Ошондойбу? Ооба, كُنْ فَيَكُونُ буйругунун ээси болгон ааламдын Падышасына алсыздыгын мойнуна алуусу менен таянган адам, эмнеден коркоор эле? Анткени, ал эң коркунучтуу, оор кырсыкка каршы: اِنَّا لِلّٰهِ وَاِنَّا اِلَيْهِ رَاجِعُونَ деп, жүрөктөгү толук ишеними менен Ырайымдуу Жаратуучусуна таянат. Ооба, Аллахты тааныган адамдар алсыздыктан жана Аллахтан коркуудан ырахат алышат. Ырас, коркууда ырахат бар. Эгер, бир жаштагы наристенин акыл-эси болсо жана андан: «Эң сонун жана эң таттуу жагдайың кайсы?» – деп суралса, мүмкүн: «Алсыздыгымды, күчсүздүгүмдү түшүнүп, апакемдин таттуу шапалагынан коркуп кайра эле апакемдин мээримдүү кучагына жабышып-жашырынган жагдайым» – деп, айтмак. А бирок, бардык энелердин мээримдери Аллахтын чексиз мээримдүүлүгүнөн чагылган бир гана учкуну. Мына ошондуктан, чыныгы мусулман адамдар, алсыздыкта жана Аллахтан коркууда өтө чоң ырахат табышкандыктан, өздөрүнүн күч кубаттарынан чечкиндүү түрдө баш тартышып, Аллах таалага алсыздык менен жалбарып сыйынышкан. Алсыздык менен коркууну өздөрүнө шапаатчы кылып алышкан.

Экинчи дары болсо – шүгүр жана канаат аркылуу сурануу, дуба кылуу жана Ырайымдуу Раззактын ырайымына ишенүү. Ошондойбу? Ооба, бүткүл жер жүзүн сый дасторкону кылган, жана жаз мезгилин бир гүлдесте жасап, ошол дасторкондун ар тарабына койгон жана үстүн кооздоп-жасалгалаган өтө жоомарт Жаратуучунун коногу болгон адам баласына, жардылык менен муктаждык кандайча аянычтуу жана да оор боло алат? Тескерисинче, жардылык менен муктаждыгы – жагымдуу бир табитин ачат. Табит сыяктуу жардылыгынын көбөйүүсүнө аракет кылат. Мына ошондуктан, чыныгы мусулмандар жардылыгы менен сыймыктанышкан. Бирок, жаңылыш түшүнүп калба! Айтайын дегеним, жардылыгын сезип Аллахка гана жалбаруу, болбосо жардылыгын элге керсөтүү менен тилемчилик жагдайына түшүү эмес. Ал эми ошол билет менен жолдомо болсо – эң биринчи Намаз, андан соң ж.б. парздарды аткаруу менен чоң күнөөлөрдү таштоо. Ошондойбу? Ооба, өмүрүн Куран, Ислам, Ыйман жолуна берген аалымдардын жана ааламдын сырларын, акыйкаттарын Аллахтын уруксаты менен билип-көрө алган олуялардын айтуусу боюнча ошол узун, караңгы жана түбөлүктүүлүккө кетүү жолунда азык, жарык жана Буракка – Курандын буйруктарын аткаруу жана тыюу салган нерселеринен сактануу менен гана ээ боло алат. Болбосо, илим жана философия, искусство жана акылмандык ал жолдо беш тыйынга да татыбайт. Алардын жарыктары мүрзөнүн эшигине чейин гана жарыта алышат.

Мына, эй жалкоо напсим!

Беш маал намаз окуу, жети чоң күнөөнү кылбоо – өтө аз, өтө оңой жана өтө жеңил.

А натыйжасы, мөмөлөрү жана пайдалары болсо өтө көп, өтө манилүү жана өтө чоң болгонун эгер акылың болсо, бузулбаган болсо түшүнөөрсүң! Ошондой эле күнөө менен бузукулукка сени күүлөп жаткан шайтанга жана ошол адамга минтип айтаарсың: «Эгер өлүмдү өлтүрүп, жок болууну дүйнөдөн жоготуунун жана алсыздык менен жардылыкты адамзаттан алып салып, мүрзөнүн эшигин жабуунун чарасы бар болсо, анда айт, кулак салайын. Болбосо оозуңду жап!.. Улуу аалам мечитинде Куран ааламды окууда. Аны угалы. Ал нур менен нурданалы. Хидаяты менен амал кылалы. Андыктан аны дайыма кайталап окуп туруучу зикир кылалы. Ооба, акыйкат сөз ошол жана аны Алланын сөзү деп айтышат. Акыйкат болуп, Акыйкаттан келип, Акыйкат деген, акыйкатты көрсөткөн жана нурдуу даанышмандыкты жайылтып жаткан да – Куран.»



اَللّٰهُمَّ نَوِّرْ قُلُوبَنَا بِنُورِ اْلاِيمَانِ وَ الْقُرْآنِ اَللّٰهُمَّ اَغْنِنَا بِاْلاِفْتِقَارِ اِلَيْكَ وَ لاَ تَفْقُرْنَا بِاْلاِسْتِغْنَاءِ عَنْكَ تَبَرَّاْنَا اِلَيْكَ مِنْ حَوْلِنَا وَ قُوَّتِنَا وَ الْتَجَئْنَا اِلَى حَوْلِكَ وَ قُوَّتِكَ فَاجْعَلْنَا مِنَ الْمُتَوَكِّلِينَ عَلَيْكَ وَ لاَتَكِلْنَا اِلَى اَنْفُسِنَا وَاحْفَظْنَا بِحِفْظِكَ وَارْحَمْنَا وَ ارْحَمِ الْمُؤْمِنِينَ وَ الْمُؤْمِنَاتِ وَ صَلِّ وَ سَلِّمْ عَلَى سَيِّدِنَا مُحَمَّدٍ عَبْدِكَ وَ نَبِيِّكَ وَ صَفِيِّكَ وَ خَلِيلِكَ وَ جَمَالِ مُلْكِكَ وَ مَلِيكِ صُنْعِكَ وَ عَيْنِ عِنَايَتِكَ وَ شَمْسِ هِدَايَتِكَ وَ لِسَانِ حُجَّتِكَ وَ مِثَالِ رَحْمَتِكَ وَ نُورِ خَلْقِكَ وَ شَرَفِ مَوْجُودَاتِكَ وَ سِرَاجِ وَحْدَتِكَ فِى كَثْرَةِ مَخْلُوقَاتِكَ وَ كَاشِفِ طِلْسِمِ كَائِنَاتِكَ وَ دَلاَّلِ سَلْطَنَةِ رُبُوبِيَّتِكَ وَ مُبَلِّغِ مَرْضِيَّاتِكَ وَ مُعَرِّفِ كُنُوزِ اَسْمَائِكَ وَ مُعَلِّمِ عِبَادِكَ وَ تَرْجُمَانِ آيَاتِكَ وَمِرْآتِ جَمَالِ رُبُوبِيَّتِكَ وَ مَدَارِ شُهُودِكَ وَ اِشْهَادِكَ وَ حَبِيبِكَ وَ رَسُولِكَ الَّذِى اَرْسَلْتَهُ رَحْمَةً لِلْعَالَمِينَ وَ عَلَى آلِهِ وَ صَحْبِهِ اَجْمَعِينَ وَ عَلَى اِخْوَانِهِ مِنَ النَّبِيِّنَ وَ الْمُرْسَلِينَ وَ عَلَى مَلٰئِكَتِكَ الْمُقَرَّبِينَ وَ عَلَى عِبَادِكَ الصَّالِحِينَ آمِين
СЕГИЗИНЧИ СӨЗ

بِسْمِ اللّٰهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

اَللّٰهُ لاَ اِلهَ اِلاَّ هُوَ الْحَىُّ الْقَيُّومُ ٭ اِنَّ الدِّينَ عِنْدَ اللّٰهِ اْلاِسْلاَمُ

Бул дүйнөнүн жана бу дүйнөдөгү инсандын рухунун жана да инсан үчүн диндин мааниси менен баалуулугун аңдагың келсе, эгер чыныгы Дин болбосо бу дүйнө бир зындан боло турганын жана динсиз адам да эң бактысыз макулук болоорун жана ушул ааламдын табышмактуу сырларын ача турган, адамзат рухун караңгылыктан куткара турган يَا اَللّٰهُ менен لاَ اِلهَ اِلاَّ اللّٰهُ келимелери болгонун түшүнгүң келсе. Ушул тамсилдештирилген окуяга кара, ук:

Илгерки заманда эки бир тууган узак сапарга саякатка бирге чыгышат. Жүрүп олтуруп жол экиге айрылат. Ошол эки жолдун айрылышынан даанышман бир адамга жолугушуп, андан: «Кайсы жол жакшы?» – деп сурашат. Ал да буларга: «Оң жолдо мыйзам менен тартипке моюн сунуу мажбурлугу бар. Бирок, ал кыйынчылык ичинде коопсуздук менен бакыт бар. Сол жолдо болсо, эркиндик менен жеңилдик бар. Бирок, ошол эркиндиктин ичинде коркунуч менен кордук бар. Эми өзүңөр каалаган жолду тандап алгыла» – деп айтат. Буларды уккан соң, жакшы мүнөздүү тууганы: تَوَكَّلْتُ عَلَى اللّٰهِдеп, оң жолго түштү. Мыйзам менен тартипке баш ийүүнү кабыл этти. Адеп-ахлаксыз жана акмак болгон экинчи тууганы болсо, тек гана эркиндик үчүн сол жолду тандап алды. Сыртынан караганда жеңил, акыйкатында оор жагдайда бараткан бул адамды кыялыбыз менен баамдап, көз салып карап турабыз:

Ошентип, бул адам өрөөндөрдөн өтүп, тоолорду ашып жүрүп олтуруп ээсиз, ээн бир чөлгө туш келди. Аңгыча болбой коркунучтуу бир үн укту. Караса, коркунучтуу бир арстан бадал арасынан чыга калып, ага чабуул койду. Ал да качып жөнөдү. Ошентип, алтымыш кулач тереңдиктеги суусуз бир кудукка туш келди. Коркконунан ошол кудуктун ичине боюн таштап жиберди. Жарымына чейин түшүп келип, колдору бир даракка илешти, ал да ага бекем жабышып калды. Караса, кудуктун дубалында көгөрүп турган ошол дарактын эки тамыры бар экен. Бири ак, бири кара болгон эки чычкан ошол эки тамырга жабышып алып, аны кемирүүдө. Жогоруга караса, арстан, күзөтчү сыяктуу кудуктун башында күтүп жатканын көрдү. Төмөн жагын карап, коркунучтуу бир ажыдаар бар экенин көрдү. Улам башын көтөрүп отуз кулач жогорудагы анын буттарына улам жакындоодо. Оозу болсо, кудуктун оозундай кенен. Кудуктун боорлоруна карап чагуучу, зыяндуу макулуктар айланасын курчап алгандыгын көрдү. Ал эми даракка карап, анын анжыр дарагы экенин көрдү. Бирок, анын бутактарында жаңгактан анарга чейин түрдүү-түрдүү, көптөгөн дарактардын мөмө-жемиштери бар таң калыштуу дарак эле. Мына ушул адам өзүнүн жаман, туура эмес түшүнүгүнөн жана акылсыздыгынан улам, булар жөнөкөй бир иш эмес экендигин түшүнбөдү. Бул иштер кокустук болуусу мүмкүн эмес эле. Бул таң калыштуу иштердин ичинде кереметтүү сырлар бар экенин жана өтө чоң иштеттирүүчү Бирөөнүн бар болгонун түшүнө албады. Ошентип, анын жүрөгү, руху жана акылы бул аянычтуу жагдайдан жашыруун өкүнүп, ыйлап-сыздап жатса да, анын жамандыктарга буйруган напсиси, эч нерсе болбогонсуп, эч нерсени билбегенсип, руху менен жүрөгүнүн ыйына кулагын жаап өзүн өзү алдоо менен кенен бир бакчада жүргөнсүп, ошол дарактын мөмөлөрүнөн сукулдап жей баштады. А бирок, ошол мөмөлөрдүн кээ бирлери уулуу жана зыяндуу эле. Бир хадиси кудсиде Алла Таала айткан экен: اَنَا عِنْدَ ظَنِّ عَبْدِى بِى Башкача айтканда: «Кулум мени кандай тааныса, аны менен ошондой мамиле кыламын». Мына ошентип, бул бактысыз адам, өзүнүн жаман ою жана акылсыздыгы менен көргөн нерселеринин баарын жөнөкөй эле нерселер жана чындыктын дал өзү деп кабылдады. Андыктан, өзүнө жараша мамиле көрдү, көрүп жатат жана да көрө берет! Же өлүп тынбай же жыргап жашай албай, мына ушинтип азап чегүүдө. Биз да бул шордууну бул азапта калтыра туруп, экинчи тууганынын абалын түшүнүү үчүн артка кайтабыз.



Мынакей, ал бактылуу, акылдуу адам да өз жолу менен бара жатат. Бирок тиги досу сыяктуу кыйналган жок. Анткени, жакшы адеп-ахлактуу болгондуктан, жакшы нерселерди ойлойт, жакшы нерселерди кыялданат, өзүнө өзү кубанычтуу жагдай түзөт. Досу сыяктуу кыйынчылык менен түйшүк да тартпайт. Анткени, тартипти билет, ага моюн сунат, жеңилдик көрөт. Тынчтык менен коопсуздук ичинде жайбаракат бара жатат. Мына ошентип, ичинде көз жоосун алган гүлдөр менен мөмөлөрү бар бир бакчага туш келет. Ал бакча каралбай калгандыгы үчүн арасында ыплас, бузулган нерселер да кездешет. Досу да ушундай бир бакчага кирген эле. Бирок, ыплас нерселерге көңүл буруп, жаман нерселер менен ашказанын булгап, эч кандай эс албастан эле чыгып кеткен болчу. Бул адам болсо: «Баардык нерсенин жакшы жагына кара»деген эреже менен амал кылып, ыплас нерселерге таптакыр карабады. Жакшы нерселерден гана пайдаланды. Өтө сонун эс алып алгандан соң, чыгып жөнөдү. Андан соң, жүрүп олтуруп бул дагы биринчи досу сыяктуу учу кыйырсыз жайык чөлгө туш келди. Капысынан чабуул койгон бир арстандын үнүн укту. Коркту, бирок досу сыяктуу корккон жок. Анткени, жакшы оюу жана жакшы пикир жүргүзүүсү менен: «Бул чөлдүн бир өкүмдары бар. Жана бул арстан да ошол өкүмдардын буйругун аткарган бир кызматкер болушу керек» – деп ойлоп, өзүн сооротту. Бирок, бул да качты. Качып олтуруп алтымыш кулач тереңдиктеги суусуз бир кудукка туш келди, кудукка секирип түшүп кетти. Досу сыяктуу ортосунда бир даракка колу илешти, абада салаңдап асылып калды. Караса эки жаныбар, жөн турбастан ошол дарактын эки тамырын кемирип жатышат. Жогоруга карап арстанды, төмөнгө карап ажыдаарды көрдү. Кудум жанагы досу сыяктуу таң калышуу жагдайга туш болду. Бул да коркту. Бирок, досунун коркуусуна караганда миң эсе жеңил эле. Анткени, жакшы адеп-ахлагы ага жакшы пикир берген эле. Жакшы пикир болсо, ага баардык нерсенин жакшы тарабын көрсөтөт. Мына ушундан улам: «Бул таң калыштуу иштер бири-бири менен өтө тыгыз байланышта, анын үстүнө, бир буйрук менен аракет кылып жаткан сыяктуу көрүнүп жатат. Андай болсо бул иштерде бир сыр бар. Ооба, бул иштер жашыруун бир өкүмдардын буйругу менен болуп жатат. Андай болсо, мен жалгыз эмесмин. Ошол жашыруун өкүмдар мени көрүп турат, мени сынап жатат, кандайдыр бир максат үчүн мени бир жерге жөнөтүп, чакырып жатат!» – деп ойлоду. Ушундай таттуу коркуусу менен жакшы пикиринен улам: «Таң калыштуу, мени сыноо аркылуу өзүн мага тааныштырууну каалаган жана бул таң калыштуу жол менен мени бир максатка алып бараткан ал ким болду экен?» – деп, аны таанууга кызыгуу пайда болду. Андан кийин ал кызыгуудан ошол сырдуу нерселердин ээсине сүйүү пайда болду. Анан бул сүйүүдөн улам ал сырлардын табышмактуу жандырмагын табуу арзуусу пайда болду. Ал арзуудан ошол сырлардын ээсине жага турган жана аны ыраазы кыла турган сонун бир абалга ээ болуу калоосу пайда болду. Андан кийин дарактын башына карады, анжыр дарагы экенин көрдү, бирок, бутактарында миңдеген дарактардын мөмөлөрү бар экен. Мына ошондо анын коркуусу биротоло жок болду. Анткени, бул анжыр дарагы көптөгөн мөмө-жемиштердин тизмеси, мазмуну, жана көргөзмөсү экенин ачык түшүндү. Демек, ошол жашыруун өкүмдар, бакчасындагы бак-дарактардын мөмөлөрүнүн үлгүлөрүн табышмакташтырып жана кереметтүү түрдө ошол даракка тагып, өзүнүн конокторуна даярдап койгон даам-татымдардын ар бирисине ишарат иретинде бул даракты жасалгалап койгон болушу керек. Андай болбосо, жалгыз бир дарак, миндеген дарактардын мөмөлөрүн берүүсү мүмкүн эмес эле. Андан соң жалынып-жалбарына баштады. Натыйжада ошол табышмактуу сырдын ачкычы анын жүрөгүнө илхам болуп берилди. Ал: «Оо, бул жерлердин өкүмдары! Менин тагдырым сенин колуңда. Сенден гана жардам сураймын жана сага гана кызмат кыламын, сенин ыраазычылыгыңды суранам жана сени издеп жүрөм» деп, кыйкырды. Ушул жалбаруудан кийин дароо кудуктун дубалдары жарылып, укмуштуудай таптаза, өтө сонун бир бакчага эшик ачылды. Балким, ажыдаардын оозу ошол эшикке айланды, арстан менен ажыдаар болсо, эки кызматкер кейпин кийиншип, аны ичкериге кирүүгө чакырышты. Жада калса, ошол эле арстан, ал үчүн баш ийген бир ат сүрөтүнө айланды.

Мына, эй жалкоо напсим! Жана да кыялдаш досум!

Келгиле! Бул эки достун жагдайларын салыштыралы. Жакшылык кандайча жакшылык алып келээрин жана жамандык да кандайча жамандыкты алып келээрин көрөлү, билели.

Карагыла! Сол жолдун бактысыз жолоочусу, ар дайым ажыдаардын оозуна түшүү алдында титирөөдө. Ал эми ушул бактылуусу болсо, мөмөлүү жана кооз бир бакчага чакырылууда. Биринчи бактысыз адам аянычтуу бир коркунучта жана өтө чоң коркуу ичинде жүрөгү жанчылууда. Ал эми бул бактылуу бурадары болсо, ширин-ширин сабак алуу менен, таттуу бир коркуу жана сүйкүмдүү бир таануу ичинде таң калыштуу нерселерди көрүп, суктанууда. Тигил бактысыз адам болсо коркуу, үмүтсүздүк жана жалгыздык ичинде азап чегүүдө. Ал эми бул бактылуу тууганы болсо кубаныч, үмүт жана кызыгуу ичинде ырахаттанууда. Оболку бактысыз адам өзүн жырткыч жаныбарлардын чабуулуна дуушар болгон туткун сыяктуу көрөт. А берки бактылуу бурадары болсо, Жоомарт жана меймандос болгон Аллах тааланын кереметтүү кызматкерлери менен достошуп, көңүл ачып жаткан сыйлуу коногу болууда. Айрыкча ошол бактысыз адам сыртынан караганда таттуу, а бирок акыйкатында уулуу болгон жемиштерди жеп алып азабын арттырууда. Анткени, ал мөмөлөр – чыныгы мөмөлөрдүн үлгүлөрү гана болчу. Чыныгы мөмөлөрдүн өздөрүн талап кылуучу кардар болуу үчүн даамын татып көрүүгө уруксаты бар болчу, болбосо айбан сыяктуу жеп жутуута уруксат жок эле. Ал эми бул бактылуу адам болсо, даамын татып көрөт, ишти түшүнөт. Жешти кийинкиге калтырат жана аны күтүү менен ырахат алат. Тигил бечара болсо, өзүнө-өзү зулумдук кылды. Күндүз сыяктуу айкын болгон сонун бир акыйкатты жана жаркыраган бир жагдайды көрбөстүгүнүн айынан, өзүнө зулумдук кылып капкараңгы күмөндөр менен тозоктун кейипине келтирип алды. Эми бул адам мээримге да ылайык эмес жана эч кимден даттанууга да акысы жок.

Мисалы: Бир адам, сонун бир бакчада, сүйүктүү досторунун арасында жай мезгилиндеги сонун той-тамашадагы ырахатка канааттанбай, өзүн арам ичимдиктер менен мас кылып, өзүн кычыраган кышта, жырткыч жаныбарлардын ичинде ачка, жыланач калдым деп ойлоп өкүрүп-бакырып ыйлай баштаса, ал адамдын мээримге ылайык эмес экендигин, өзүнө өзү зулумдук кылып жаткандыгын жана досторун жырткыч жаныбар сыяктуу көрүп акаарат кылып кордоп жатканын албетте түшүнөсүң. Мына, бул бактысыз адам да дал ушундай жагдайда. Ал эми экинчи бактылуу адам болсо, акыйкатты көрөт. Акыйкат болсо сонун. Акыйкаттын сонундугун билүү менен, акыйкат Ээсинин кемчиликсиздигине урмат көрсөтөт. Ырайымына ылайык болот. Ошондуктан: «Жамандыкты өзүңдөн, жакшылыкты Аллахтан деп бил» – деген Курандын өкүмүнүн сыры даана көрүнүп жатат. Дагы да ушул сыяктуу башка айырмачылыктарды салыштырып көрсөң: Биринчи адамдын жамандыктарга буйруган напсиси, ага руханий бир тозокту даярдаганын, ал эми экинчисинин жакшы ниети, жакшы ойлонушу, жакшы мүнөзү жана жакшы пикири, аны улуу сыйлык менен бакытка жана кадыр-барк менен абройго жеткиргендигин түшүнөөрсүң.

Эй напсим! Жана эй напсим менен бирге бул окуяны угуп жаткан адам! Эгер ушул мисалдагы бактысыз адам сыяктуу болууну каалабасаң жана бактылуу бир тууганы сыяктуу болууну кааласаң, анда Куранды ук, буйруктарына баш ий жана ага жабыш. Анын буйруктары менен жаша, амал кыл!



Ушул тамсилдештирилген окуяда айтылган акыйкаттарды эгер түшүнгөн болсоң, дин, дүйнө, инсан жана ыйман акыйкаттарын ага салыштырып көрө аласың. Маанилүүлөрүн мен сага айтып берейин. Терең маанилерин сен өзүң изилдеп чыгарып ал.

Мына кара! Мисалда айтылган эки дос болсо, бири ыймандуу адамдын руху жана такыбаа, таза адамдардын жүрөгү. Экинчиси, ыймансыз адамдын руху жана күнөөкөр адамдардын жүрөгү. Ошол эки жолдун оң жагы болсо, Куран жана ыйман жолу, сол жагы болсо, ыймансыздык менен азгырыктын жолу. Ал эми ал жолдогу бакча болсо, жакшылык менен жамандык, сооп менен бузукулук, таза менен ыплас нерселер аралаш болгон адамзат жамааты менен азыркы өркүндөп өсүп турган инсандардын убактылуу коомдук өмүрү. Акылдуу адам: خُذْ مَا صَفَا دَعْ مَا كَدَرْ эрежеси менен амал кылат. Жүрөк саламаттыгы менен кетет. Ошол чөл болсо, ушул жер менен дүйнө. Арстан болсо, өлүм менен ажал. Жанагы кудук болсо, инсандын денеси менен өмүр убактысы. Ал эми анын алтымыш кулач тереңдиги болсо, көпчүлүк адамдардын орточо өмүрү болгон алтымыш жылга ишарат. Ошол дарак болсо, өмүр убактысы менен өмүрдүн нукура негизи. Жанагы кара жана ак эки жаныбар болсо, түн менен күндүз. Ал эми ажыдаар болсо, оозу мүрзө болгон Берзах жолу жана Акырет ааламдарына ачылган дарбаза. Бирок ошол ажыдаардын оозу, момун адам үчүн зындандан бир бакчага ачылган бир эшик. Ал эми соймоңдогон уулуу бөйөн-чаяндар болсо, бу дүйнөдөгү балээлер. Бирок, момун адам үчүн «Аллахты унутуу» уйкусуна «үргүлөбөөсү» үчүн Аллахтын таттуу эскертүүлөрү жана Ырайымдуунун назар салып, жакшылык кылуусу болуп эсептелет. Жана ошол дарактагы жемиштер болсо, Аллахтын дүйнөдөгү сыйлыктары болуп, өтө Жоомарт Жаратуучу аларды акырет сыйлыктарына бир тизме, эске салуучу, аларга окшош сүрөттө жана да Бейиштин мөмөлөрүнө кардарларды чакыруучу үлгүлөр түрүндө жасаган. Ал эми ал дарактын, жалгыз дарак болуусу менен бирге ар түрдүү, башка-башка мөмөлөрдү берүүсү болсо – Аллахтын кудуретинин, башкаруусунун жана улуу падышачылыгынын мөөрүнө ишарат кылып жатат. Анткени: «Бир гана нерседен бардык нерселерди жасоосу» башкача айтканда, бир эле топурактан бардык өсүмдүктөр менен жер-жемиштерди жасоосу, бир эле суудан бүт бардык жаныбарларды жаратуусу, жөнөкөй бир тамактан жан-жаныбарлардын бардык мүчөлөрүн жаратуусу, муну менен бирге: «Бардык нерселерден бир гана нерсе жасоосу» башкача айтканда, жан-жаныбарлардын жеген түркүн-түркүн тамактарынан ошол жаныбарга тийиштүү этти жасоо, өтө жөнөкөй терилерин токуу сыяктуу өнөрлөр – Жалгыз жана эч нерсеге муктаж болбогон Түбөлүктүүлүктүн Султанына гана таандык болгон жана тууроого эч мүмкүн болбогон мөөрү болуп эсептелет. Ооба, бир нерседен бардык нерселерди жана бардык нерселерден бир нерсени жасоо – бардык нерселердин Жаратуучусуна жана бардык нерселерге күчү жетүүчү Аллах таалага гана тийиштүү бир белги жана бир ишаарат болот. Ал эми ошол жашыруун сыр болсо – ыйман сыры менен ачылган жаратылыштын даанышмандык сыры жана ал ачкыч болсо يَا اَللّٰهُ لاَ اِلهَ اِلاَّ اللّٰهُ اَللّٰهُ لاَ اِلهَ اِلاَّ هُوَ الْحَىُّ الْقَيُّومُ болуп эсептелет. Ал эми ошол ажыдаардын оозунун бакчанын эшигине айлануусу болсо, мүрзөнүн азгындыкта жана адашуучулукта жүргөндөр үчүн коркунуч менен унутуу ичинде зындан сыяктуу жанды эзүүчү жана ажыдаардын ичи сыяктуу тар бир көргө ачылган эшик экенине, ал эми Куран жана ыйман жолундагылар үчүн бу дүйнө зынданынан түбөлүктүү сый-бакчага, бу сыноо майданынан бейиш бакчаларына жана өмүр кыйынчылыктарынан Мээримдүүнүн ырайымына ачылган бир эшик экенине ишарат кылып жатат. Жанагы коркунучтуу арстан, анын сүйүктүү бир кызматчыга айлануусу жана баш ийген бир ат болуусу болсо, өлүмдүн адашкан жолдогулар үчүн бардык сүйүктүүлөрүнөн түбөлүктүү аянычтуу ажырашуу экенине, дүйнөдөгү жалган жаннаттан чыгуу жана коркунучтуу жалгыздык ичинде мүрзө зынданына кирүү жана камалуу экенине, ал эми Хидаят жана Куран жолундагылар үчүн тигил дүйнөгө кеткен эски сүйүктүүлөрү жана жакын туугандарына жолугушууга бир себепчи, чыныгы мекенине жана түбөлүктүү бакыт жергесине кирүүгө да бир себепчи, бу дүйнө зынданынан бейиш бакчаларына чакыруу, Аллахтын ырайымынан өзүнүн кызматына жараша акы алууга кезекке туруу, өмүр милдеттеринин кыйынчылыктарынан бошонуу жана кулчулук менен сыноонун таалимдери менен үйрөтүүсүнүн аяктоосунан эс алууга чыгуу экенине ишарат берип жатат.


1   2   3   4


©netref.ru 2017
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет