Эй бир боорум! Менден бир нече насыйкат сурадың. Сен бир жоокер болгонуң үчүн, аскердик мисалдар менен айтылган сегиз чакан аңгеме аркылуу бир нече акыйкатты напсим менен бирге уккун



жүктеу 0.76 Mb.
бет3/4
Дата01.04.2016
өлшемі0.76 Mb.
1   2   3   4
: wp-content -> uploads -> 2014
2014 -> Сабақтың тақырыбы: Спорттық ойын волейбол ойынға қосылған допты жоғарыдан немесе төменнен қабылдау
2014 -> Қазақстан республикасы білім және ғылым министрлігі
2014 -> ЖҰмыс бағдарламасы пән: «Қоғамтану» Мамандығы: : 0301000
2014 -> Ұлт тарихы толқынындағЫ Ұлы тұЛҒалар
2014 -> Конкурс ережесі «Астана Опера»
2014 -> «Қостанай таңының» кітапханасы Сәлім меңдібаев
2014 -> Сәлім меңдібаев армысың, алтын таң! Журналист жазбалары Қостанай – 2013 ж

Корутунду: Кимде-ким убактылуу өмүрдү негизги максат кылса, ал сыртынан Бейиш ичинде болсо да, руханий жактан тозокто. Ал эми кимде-ким түбөлүктүү өмүрүнө чын ыкласы менен көңүл бөлсө, эки дүйнө бактысына бөлөнөт. Бу дүйнөдөгү жашоосу канчалык жаман жана азаптуу болсо да, бу дүйнөнү Бейишке кирүү үчүн күтө турган бөлмө деп эсептегени үчүн жагымдуу көрөт, чыдайт жана сабыр ичинде шүгүр кылат...

اَللّٰهُمَّ اجْعَلْنَا مِنْ اَهْلِ السَّعَادَةِ وَ السَّلاَمَةِ وَ الْقُرْآنِ وَ اْلاِيمَانِ آمِينْ

اَللّٰهُمَّ صَلِّ وَ سَلِّمْ عَلَى سَيِّدِنَا مُحَمَّدٍ وَ عَلَى آلِهِ وَ صَحْبِهِ بِعَدَدِ جَمِيعِ الْحُرُوفَاتِ الْمُتَشَكِّلَةِ فِى جَمِيعِ الْكَلِمَاتِ الْمُتَمَثِّلَةِ بِاِذْنِ الرَّحْمنِ فِى مَرَايَا تَمَوُّجَاتِ الْهَوَاءِ عِنْدَ قِرَائَةِ كُلِّ كَلِمَةٍ مِنَ الْقُرْآنِ مِنْ كُلِّ قَارِءٍ مِنْ اَوَّلِ النُّزُولِ اِلَى آخِرِ الزَّمَانِ وَ ارْحَمْنَا وَ وَالِدَيْنَا وَارْحَمِ الْمُؤْمِنِينَ وَالْمُؤْمِنَاتِ بِعَدَدِهَا بِرَحْمَتِكَ يَا اَرْحَمَ الرَّاحِمِينَ آمِينَ وَالْحَمْدُ لِلّٰهِ رَبِّ الْعَالَمِينَ

ТОГУЗУНЧУ СӨЗ

بِسْمِ اللّٰهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

فَسُبْحَانَ اللّٰهِ حِينَ تُمْسُونَ وَحِينَ تُصْبِحُونَ ٭ وَلَهُ الْحَمْدُ فِى السَّمٰوَاتِ وَاْلاَرْضِ وَعَشِيًّا وَحِينَ تُظْهِرُونَ
Эй бурадар! Менден намаздын ушул белгилүү беш убакытка белгиленип коюулуусунун сырын сурап жатасың. Өтө көп сырларынан жалгыз гана бирөөсүнө ишарат кылабыз.

Ооба, ар бир намаздын убактысы манилүү бир өзгөрүштүн башы болгону сыяктуу, Аллахтын улуу башкаруусунун чоң бир күзгүсү жана ошол башкаруу ичиндеги Аллахтын бүткүл сыйлыктарынын бир-бирден чагылуусу болгондуктан, Кудуреттүү Аллахка ошол убакыттарда дагы да көбүрөөк тасбих, таазим кылуу жана да чексиз сыйлыктарынын ушул эки убакыттын ортосунда топтолгон жыйынтыгына жооп ирээтинде шүгүр менен мактоо айтуу болгон намаз окууга буйрулган. Ушул өтө кылдат жана терең маанини бир аз түшүнүү үчүн «Беш кылдат маселени» напсим менен бирге угууң керек...



Биринчи маселе: Намаздын мааниси – Аллахка тасбих, таазим жана шүгүр кылуу. Башкача айтканда, Аллахтын Айбатын даңазалоо үчүн тилибиз жана аракетибиз менен «Субханаллах» деп, Аллах тааланы кемчилик сыпаттардан аруулоо. Аллахтын кемчиликсиз болгондугу үчүн сөз жана амал менен «Аллаху Акбар» деп, таазим кылуу. Жана да Аллахтын чексиз сулуулугу үчүн жүрөгү, тили жана денеси менен «Алхамдулиллах» деп шүгүр кылуу болуп эсептелет. Демек, тасбих, таазим жана мактоо – намаздын уруктары сыяктуу. Ошондуктан, намаздын аракеттериндеги жана зикирлериндеги бул үч нерсе намаздын бардык тарабында кездешет. Мына ошондон улам, намаздан кийин намаздын маанисин күчөтүү жана кубаттандыруу үчүн ушул куттуу келимелер отуз үч жолудан кайталанат. Намаздын мааниси ушул кыскача негиздер менен бекемделет.

Экинчи маселе: Ибадаттын мааниси мындайча: Пенде Аллахтын алдында өзүнүн кемчиликтерин, алсыздыгын жана жардылыгын көрүп, Аллах тааланын укмуштуудай толук башкаруусунун, Кудуретинин жана Ырайымынын алдында таң калуу жана чексиз сүйүү менен сажда кылуусу. Тагыраак айтканда: Башкаруу бийлиги кандайча ибадат менен моюн сунууну каалса, Башкаруунун ыйыктыгы менен тазалыгы да пенде өзүнүн кемчиликтерин көрүп, истигфар кылуу менен жана Жаратуучусунун бардык кемчиликтерден таза жана узак экендигин, адашкандардын жаңылыш пикирлеринен да өтө таза жана улук жана ааламдагы бардык кемчиликтерден, айыптардан алыс жана таза болгонун тасбих айтуу менен «Субханаллах» – деп жарыя кылуусун талап кылат.

Ал эми Аллахтын башкаруусунун чексиз кудурети болсо, пенде өзүнүн күчсүздүгүн жана бардык макулуктардын алсыздыгын көрүү менен эч нерсеге муктаж болбогон Аллахтын кудуретинин улуу эмгектеринин алдында суктануу жана таң калуу менен «Аллаху Акбар» деп кичипейилдик менен рукууга ийилип, ага кайрылуусун жана тобокел кылуусун талап кылат.



Ал эми Аллахтын башкаруусунун чексиз ырайым казынасы болсо, пенде өзүнүн муктаждыктары менен бардык макулуктардын муктаждыктарын суроо жана дуба тили менен жарыялап, Жаратауучусунун сыйлыктары менен жакшылыктарына шүгүр менен мактоо айтуу аркылуу «Альхамдулиллах» деп жарыялоону талап кылат. Демек, намаздын кыймыл-аракеттери менен сөздөрү бул маанилерди камтыйт жана ушул максаттар үчүн Аллах тарабынан коюлган.

Үчүнчү маселе: Адам баласы ушул заңгыраган ааламдын кичирейтилген бир мисалы, Фаатиха сүрөсү болсо Ыйык Курандын нурдуу бир үлгүсү болгону сыяктуу, намаз дагы бардык ибадаттардын түрлөрүн ичине камтыган нурдуу бир мазмун жана бардык макулуктардын түрлөрүнүн ар түрдүү ибадаттарына ишаарат кылган ыйык карта болуп саналат.

Төртүнчү маселе: Кандайча жумалык бир сааттын секунда, мүнөт, саат жана күндөрүн саноочу жебелери бири-бирине караса, бири-бирине мисал болсо, бири-биринин өкүмүн ала турган болсо, дал ошондой эле, Аллахтын улуу бир сааты болгон ушул дүйнөнүн секундасы сыяктуу болгон түн менен күндүздүн айланып туруусу, мүнөттөрүн эсептеген жылдар, сааттарын эсептеген адамдын өмүр курактары жана күндөрүн эсептеген аалам өмүрүнүн доорлору да бири-бирине карашат, бири-бирине окшош абалдарга киришет, бири-биринин өкүмүн алып жатышат жана бири-бирин эске салышат. Мисалы:

Багымдат убактысы, Күн чыкканга чейин – жаздын эң алгачкы мезгилине, адам баласынын эне түйүлдүгүнө түшкөн учуруна жана асман менен жердин алты күндө жаратылуусунун биринчи күнүнө окшойт, эске түшүрөт жана алардагы Аллахтын иштерин эстетет.

Бешим убактысы болсо, жай мезгилинин ортосуна, толуп-жетилген жаштык чагына жана дүйнө өмүрүндөгү инсандын жаратылуу дооруна окшойт, ага ишарат кылат жана алардагы ырайымдын көрүнүштөрү менен сыйлыктардын молдуулугун эске салат.

Аср убактысы болсо, күз мезгилине, карылык чакка жана акырзаман Пайгамбарынын (Алейхиссалаату вассалам) Бактылуу кылымына окшойт жана ошол учурлардагы Аллахтын иш-аракеттери менен сыйлыктарын эске салат.

Шам убактысы болсо, күз мезгилинин акырында көптөгөн макулуктардын көздөн кайым болушун, инсандын өлүмүн жана бу дүйнөнүн кыяматынын алдындагы кыйроосун эске салуу менен Аллахтын Айбаттуулугунун көрүнүүсүн билдирет жана адамзатты Аллахты унутуу уйкусунан ойготот, эскертет.

Куптан убактысы болсо, караңгылык ааламы жарыктык ааламынын бардык көрүнүштөрүн кара кепини менен жабуусун, кыштын ак кепини менен өлгөн жер бетин жабуусун, кайтыш болгон инсандын артында калган эмгектерин дагы «унутулуу» пардасы артына кирүүсүн жана сыноо жери болгон бу дүйнөнүн биротоло жабылуусун эске салуу менен Каардуу Аллах тааланын айбаттуу башкарууларын жарыялайт.

Түн убактысы болсо, кыш менен мүрзөнү, Берзах ааламын эске салуу менен адамзаттын руху Аллахтын ырайымына канчалык муктаж болгонун инсанга эскертет. Ал эми түн ортосундагы тахажжуд намазы болсо – мүрзө түнүндө жана Берзах караңгылыгында өтө керектүү бир жарык болгонун билдирет, эскертет жана баардык ушул өзгөрүштөрдүн ичинде сыйлыктардын чыныгы Ээси болгон Аллахтын чексиз сыйлыктарын эске салуу менен канчалык көп шүгүр кылууга жана мактого ылайыктуу болгондугун жарыялайт.

Экинчи таң болсо, Хашир таңын эске салат. Ооба, ушул түндөн кийин таңдын атуусу жана ушул кыштан кийин жаздын келүүсү канчалык акылга сыйымдуу, керек жана ачык-айкын болсо, Хаширдин таңы да, Берзахтын жазы да ошондой ачык-айкындыкта болот.

Демек, бул беш убакыттын ар бири өтө манилүү өзгөрүштөрдүн башында болуусу жана улуу өзгөрүштөрдү эске салгандыгы сыяктуу, Аллахтын эч нерсеге муктаж болбогон Кудуретинин, күнүмдүк улуу башкаруусунун ишараты менен, жылдык, кылымдык жана да доордук кудуретинин мужизаларын, мээриминин белектерин эскертип турат. Демек, адамдын жаратылуусунун чыныгы милдети, ибадаттардын негизи жана милдеттүү түрдөгү карызыбыз болгон парз намаздар ушул убакыттарга ылайык жана да жарашыктуу.



Бешинчи маселе: Инсан – жаратылышынан өтө күчсүз. А бирок, бардык нерселер ага тийишет, аны ызалантат жана кайгыга чөктүрөт. Инсан – өтө алсыз. А бирок, балээлери менен душмандары өтө көп. Инсан – өтө жакыр. А бирок, муктаждыктары болсо өтө көп. Анын үстүнө, жалкоо жана күчсүз. А бирок, жашоонун жоопкерчиликтери өтө оор жана чыныгы адамгерчилик аны ааламдагы бардык нерселер менен байланыштырган. А бирок, анын сүйгөн жана жакшы көргөн нерселеринин жок болуусу жана алардан ажыроосу, аны тынымсыз жаралап турат. Анын үстүнө, акыл ага улуу максаттар менен түбөлүктүү жемиштерди көрсөтүп турат. А бирок, колу кыска, өмүрү кыска, күчү кыска, сабыры да кыска.

Мына ушундай абалдагы адам баласынын руху багымдат убактысында Кудуреттүү, Ырайымдуу Аллахтын алдында жалбаруу менен, намаз окуу менен кайрылып ал-акыбалын билдирүү, ийгилик менен жардам суроо абдан керек экенин жана алдындагы күндүз ааламында башына келе турган, белине жүктөлө турган иштерди, милдеттерди көтөрүү үчүн өтө керек болгон бир таяныч болгону ачык-айкын түшүнүктүү болот.



Ал эми бешим убактысы болсо, ал кезде күндүздүн толукталуусу жана күндүн так төбөдөн оошу, күндүзгү иштердин эң кызыган убактысы, жумуштардын азап берүүсүнөн убактылуу бир эс алуунун мезгили жана жалган дүйнөнүн түбөлүксүз жана оор иштеринин капилетке түшүрүүсү менен баш айландыруусунан рухтун эс алууга абдан муктаж болгон кези жана Аллахтан келген сыйлыктарынын көрүнгөн бир учуру. Адамзаттын руху ошол азаптардан кутулуп, «Аллахты унутуу» уйкусунан ойгонуп, ошол маанисиз жана убактылуу нерселердин кучагынан чыгып, Түбөлүктүү болгон сыйлыктардын чыныгы Ээсинин алдына барып кол байлап, ошол берилип жаткан бардык сыйлыктарына шүгүр кылуу менен мактоо айтып, жардам суроо, улуулугуна таазим ирээтинде рукуу кылып алсыздыгын көрсөтүү жана Аллахтын чексиз кемчиликсиздигине жана теңдешсиз Жамалына сажда кылып, таң калуусун, сүйүүсүн жана кичипейилдигин жарыялоо деген пешим намазын окуу – өтө сонун, өтө жагымдуу, өтө керектүү экенин жана бул убакытка коюлуусу абдан ылайыктуу болгонун түшүнбөгөн адам, адам эмес...

Аср убактысы – бул учур кайгылуу күз мезгилин, карылыктын муңдуу жагдайларын жана да акырзамандын аянычтуу мезгилин эске салат. Анын үстүнө бир күндүк иштердин натыйжалануу убактысы, ошол күндөгү ээ болгон ден соолук менен саламатчылык жана да жакшы кызматтар сыяктуу Аллахтын сыйлыктарынын бардык жыйынтыктары топтоло турган мезгил, жада калса ошол алоолонгон күндүн батып кетүүгө жакындоосу менен адам баласы кызматкер бир конок экенин жана баардык нерсе убактылуу, туруксуз болгонун жарыялоо убактысы экенине ишарат кылып жатат. Ушул кезде түбөлүктүүлүктү каалаган, түбөлүк үчүн жаратылган жана сыйлыктарды абдан жакшы көргөн жана алардан ажыроодон абдан кайгырып ыза болгон адамдын руху – туруп даарат алып, ушул аср убактында аср намазын окуу үчүн, Аллахтын алдына жалбаруу менен Анын соңсуз ырайымына кайрылып, чексиз сыйлыктарына шүгүр кылуу менен мактоо айтып, Аллахтын башкаруусунун улуулугуна бел бүгүп рукуга барып, Улуулугуна таазим кылып, өзүн төмөн сезип сажда кылуу менен жүрөгүнө чыныгы бир жубатуу менен рухуна ырахат таап, Аллахтын алдында кулчулук кылуу деген аср намазын окуу өтө чоң бир милдет, өтө жарашыктуу бир кызмат, өтө орчундуу бир табигый карыздан кутулуу, атүгүл өтө жагымдуу бир бак-таалайга ээ болуу болгонун адам болгон түшүнөөр.

Шам убактысы – ал кез, кыштын келиши менен жай жана күз ааламынын өтө назик жана сүйкүмдүү макулуктарынын муңдуу коштошуулары ичинде кайып болуу мезгилин эске түшүрөт. Анан дагы инсандын өлүмү менен бардык сүйгөн нерселеринен аянычтуу бир ажыроо ичинде айрылып, мүрзөгө кире турган учурун эске салат. Жана да дүйнөнүн өлүм алдындагы титирөөсү ичиндеги кыйроосу менен, бардык тургундарынын башка ааламдарга көчүп кетүүсү жана бул сыноо жеринин чырагынын өчүү убактысын эстетет, эске салат, жана да жоктукка кетип бараткан сүйүктүү нерселерге кулчулук кылгандардын көздөрүн ача турган убак. Мына ушундай бир убакта шам намазын окуу үчүн табиятынан Түбөлүктүү сулуулук Ээси болгон Аллах таалага «ашык болгон күзгү» деп эсептелген адамзат руху, ушундай эбегейсиз иштерди аткарып жаткан, бул учу-кыйырсыз ааламдарды чимирилтип жаткан, өзгөртүп жаткан Аллахтын улуу аршына жүзүн буруп, бул убактылуу нерселердин үстүндө «Аллаху Акбар» деп, алардан колдорун үзүп, Аллахтын кызматы үчүн кол байлап Аллахтын алдында кыямга туруп, «Алхамдулиллах» деп айтуу менен толук кемчиликсиздигине, теңдешсиз сулуулугуна, чексиз ырайымына алкоо менен мактоолор айтып اِيَّاكَ نَعْبُدُ وَ اِيَّاكَ نَسْتَعِينُ деп айтуу менен эч кандай жардамчысыз башкаруусуна, шериксиз улуктугуна, увазирсиз падышачылыгына кулчулук кылуу менен жардам суроо жана эбегейсиз улуулугуна, чексиз кудуретине жана жогорку аброюна ийилүү менен рүкүгө барып, бардык аалам менен бирге күчсүздүгү менен алсыздыгын, жакырлыгы менен өзүнүн өтө төмөн экендигин көрсөтүү аркылуу سُبْحَانَ رَبِّىَ الْعَظِيمِ деп, Улуу Жаратуучусун аруулап, жана Затынын өчпөс сулуулугуна, өзгөрбөс ыйык сыпаттарына, алмашпай турган чексиз кемчиликсиздигине таазим ирээтинде саждага барып, таң калуу жана өтө кичипейилдик ичинде Аллахтан башка нерселердин барынан жүзүн буруу менен Аллаха болгон сүйүүсүн жана кулчулугун ачык жарыялап, бардык убактылуу нерселердин ордуна түбөлүктүү сулуулук ээси болгон жана чексиз ырайымдуу болгон Аллахты таап سُبْحَانَ رَبِّىَ اْلاَعْلَى деп айтуу менен жок болуудан алыс, кемчиликтен таза болгон Улук Жаратуучусун аруулоо, андан соң ташаххудда отуруп бардык макулуктардын куттуу ибадаттары менен салаваттарын өзүнүн атынан ошол Сулуулук жана Айбат ээси болгон Аллахка сунуп, Расул-и Акрамына салам берүү менен анын осуяттарына моюн сунгандыгын билдирип, ыйманын жаңылоо менен нурландыруу үчүн ушул аалам сарайынын сырдуу тартиптерин көрүп, Аллахтын бирлигине күбөлүк берүү, Аллахтын Башкаруу бийлигинин жарчысы, ыраазычылыгынын кабарчысы жана аалам китебинин аяттарынын котормочусу болгон Мухаммад Алейхиссалату вассаламдын пайгамбарчылыгына күбөлүк берүү болуп саналган Шам намазын окуу – өтө таза бир милдет, улуу, ырахаттуу бир кызмат, өтө жагымдуу жана сонун бир кулчулук, өтө олуттуу бир акыйкат жана бул убактылуу конок жайда түбөлүктүү дил-маек жана да түбөлүктүү бакыт болгонун түшүнбөгөн адам, кантип адам боло алат!

Куптан убактысы – ал кезде, күндүздүн асманда калган акыркы көрүнүштөрү дагы кайып болуп, түн ааламы бүткүл ааламды каптайт. مُقَلِّبُ الَّيْلِ وَ النَّهَارِ болгон Кудуреттүү Аллахтын ошол ак баракты бул кара баракка которуусундагы Раббаний башкаруу иштери менен жай мезгилинин жасалгаланган жапжашыл барактарын, кыштын суук жана апапакай барактарына которуусундагы مُسَخِّرُ الشَّمْسِ وَ الْقَمَرِ болгон Аллахтын иштерин эске салат. Убакыттын өтүүсү менен мүрзөдөгүлөрдүн бул дүйнөдө калган акыркы эмгектери дагы ушул дүйнөдөн байланышынын үзүлүүсү менен таптакыр башка ааламга өтүүсүндөгү өлүм менен өмүрдү Жаратуучунун Илахий иштерин эстетет. Жана дагы тар, убактылуу жана барксыз дүйнөнүн бүтүндөй бузулуп, өлүм алдындагы өтө коркунучтуу окуялар менен жан берип, кенен, түбөлүктүү жана эбегейсиз акырет ааламдарынын ачылуусундагы асман менен жердин Жаратуучусунун айбаттуу башкаруусу менен Жамалынын көрүнүшүн эстете турган мезгил. Ошондой эле бул ааламдын чыныгы Ээси, Башкаруучусу, Мабуду түн менен күндүздү, кыш менен жайды, бу дүйнө менен акыретти китептин барактары сыяктуу оңой гана алмаштыра ала турган, жазып-буза ала турган жана өзгөртө ала турган гана Зат болуусу керек. Ал убакыт – ошол Заттын булардын барына өкүмдарлык кылган Кудурет ээси болгонун далилдеген бир жагдайды көрсөтөт. Ошондуктан, чексиз алсыз, күчсүз жана чексиз жарды, муктаж жана да чексиз бир келечек караңгылыгына сүнгүп кирген жана сансыз окуялар ичинде чайкалууда болгон адамзат руху, куптан намазын окуу үчүн ушул маанидеги куптан намазында Ибрахим Алейхиссалам сыяктуу لاَ اُحِبُّ اْلآفِلِينَ деп, сүйүктүү жана түбөлүктүү сыйынуучусу болгон Аллахтын алдына намаз менен кайрылып, ушул убактылуу ааламда, убактылуу өмүрдө, караңгы дүйнөдө жана да караңгы келечекте, Түбөлүктүү Аллахка жалбарынып, бир аз да болсо түбөлүкүү маектешип, бир нече мүнөт ичинде, түбөлүктүү өмүрүндөгү дүйнөсүнө нур чача турган, келечегин жарыктандыра турган, бардык жаратылган нерселер менен сүйүктүүлөрүнөн айрылуудан жана ажыроосунан пайда болгон жараларына дары сүртө түрган өтө Ырайымдуу, өтө Мээримдүү Аллахтын ырайымын жана хидаят нурун көрүп суроо, убактылуу аны унуткан, жашырынган дүйнөнү, ал да унутуп, бардык дарттарын жүрөгүнүн ыйы менен Ырайымдуунун алдына төгүп жана качан келүүсү белгисиз болгон өлүмгө окшогон уйкуга киришүүдөн мурун эң акыркы кулчулук милдетин кылып, күндөлүк амал дептерин эң сонун жыйынтыктоо менен бүтүрүү үчүн намазга түруу: Башкача айтканда, бардык убактылуу сүйүктүүлөрүнүн ордуна Жалгыз гана сыйынууга татыктуу болгон Аллахты сүйүүгө, бардык алсыздарга тилемчилик кылгандын ордуна, Кудуреттүү, Жоомарт Аллахтан гана суранууга жана бардык титиреткен зыянкечтердин зулумдарынан кутулуусу үчүн Ырайымдуу, Сактоочунун алдына чыгуу... ошентип Фатиха менен баштоо. Тагыраак айтканда, эч нерсеге жарабаган жана туруксуз, кемчилиги көп, жакыр макулуктарды мактоо менен аларга көз каранды болуунун ордуна Кемчиликсиз, чыныгы байлык ээси жана өтө Жоомарт болгон ааламдардын Жаратуучусун мактоо... анан дагы اِيَّاكَ نَعْبُدُ сөзүнүн мартабасына чыгуу, башкача айтканда: өтө кичинекей, жок сыяктуу, коргоочусуз болуусу менен бирге Акырет күнүнүн Ээсине байланышуу менен, бул ааламда эркелеген бир конок жана манилүү кызматчы даражасына чыгып: اِيَّاكَ نَعْبُدُ وَ اِيَّاكَ نَسْتَعِينُ бүткүл макулуктардын атынан, ааламдын улуу жамаатынын ибадаттарын жана дубаларын ага сунуу жана اِهْدِنَا الصِّرَاطَ الْمُسْتَقِيمَ деп айтуу менен келечек караңгылыгындагы түбөлүктүү бакытка бара жаткан нурдуу жол болгон туура жолго хидаят суроо... жана азыркы уйкуга чөмүлгөн өсүмдүктөр, жаныбарлар сыяктуу жашырынган күндөр, жарык чачкан жылдыздар, ар бири жоокер сыяктуу Аллахтын буйругуна баш ийишкен жана бул аалам мейманканасында бирден чырак жана кызматкерлери болгон Аллахтын Улуулугун ойлонуп «Аллаху Акбар» деп, рукууга баруу жана бардык макулуктардын саждаларын ойлоп, башкача айтканда, ушул түндө уйкуга кеткен макулуктар сыяктуу ар жылда, ар кылымдагы жаратылган нерселердин түрлөрү, атүгүл жер, жада калса дүйнө, ар бири тартиптүү бир аскер армиялары, атүгүл ар бири элпек бир жоокер сыяктуу дүйнөдөгү кулчулук милдеттеринен كُنْ فَيَكُونُ буйругу менен бошотулган кезде, башкача айтканда, Кайып ааламына жиберилген кезде, чексиз тартип менен «кайып болуу» жайнамазына «Аллаху Акбар» деп, сажда кылуулары... Жана да كُنْ فَيَكُونُ буйругунан келген тирилүү үнү аркылуу эскертүү менен бирге жаз мезгилинде кээ бирлери бирдей, кээ билери болсо опокшош болуп кайрадан тирилип кыямга турушуп, кожоюунун кызматын өтөөгө даяр болгону сыяктуу, ушул кичинекей адам да аларга уюу менен өтө Мээримдүү, өтө Ырайымдуу Аллахтын алдында сүйүү жана кичипейилдик менен, өзүн төмөн сезүү менен «Аллаху Акбар» деп сажда кылуу. Башкача айтканда, Миражга чыгуу сыяктуу болгон куптан намазын окуу – өтө жагымдуу, өтө сонун, өтө ширин, өтө жогору, өтө улук жана таттуу, акылга сыйымдуу жана жарашыктуу бир милдет, бир кызмат, бир кулчулук, бир олуттуу акыйкат болгонун албетте түшүндүң.

Демек, ушул беш убакыттын ар бириси ар бир улуу өзгөрүштөрдүн ишараты, Жараткандын улуу иш-аракеттеринин белгилери жана Аллахтын бардык сыйлыктарынын алааматтары болгондуктарынан, ар бир мусулманга милдет кылынган парз намаздарынын ошол убакыттарга белгиленип коюлуусу чексиз даражадагы даанышмандык болуп саналат.



سُبْحَانَكَ لاَ عِلْمَ لَنَا اِلاَّ مَا عَلَّمْتَنَا اِنَّكَ اَنْتَ الْعَلِيمُ الْحَكِيمُ

اَللّٰهُمَّ صَلِّ وَ سَلِّمْ عَلَى مَنْ اَرْسَلْتَهُ مُعَلِّمًا لِعِبَادِكَ لِيُعَلِّمَهُمْ كَيْفِيَّةَ مَعْرِفَتِكَ وَ الْعُبُودِيَّةَ لَكَ وَ مُعَرِّفًا لِكُنُوزِ اَسْمَائِكَ وَ تَرْجُمَانًا ِلآيَاتِ كِتَابِ كَائِنَاتِكَ وَ مِرْآتًا بِعُبُودِيَّتِهِ لِجَمَالِ رُبُوبِيَّتِكَ وَ عَلَى آلِهِ وَ صَحْبِهِ اَجْمَعِينَ وَ ارْحَمْنَا وَ ارْحَمِ الْمُؤْمِنِينَ وَ الْمُؤْمِنَاتِ آمِينَ بِرَحْمَتِكَ يَا اَرْحَمَ الرَّاحِمِينَ


ЖЫЙЫРМА БИРИНЧИ СӨЗ

(Эки бөлүктөн турат)

БИРИНЧИ БӨЛҮК

بِسْمِ اللّٰهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

اِنَّ الصَّلاَةَ كَانَتْ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ كِتَابًا مَوْقُوتًا

Бир жолу жашы жагынан да, денеси жагынан да, даражасы жагынан да улуу бир адам мага мындай деди: «Намаз жакшы нерсе. Бирок, күн сайын беш маал окуу көптүк кылат. Бүтпөгөндүгүнөн тажатып жиберет».

Ал адамдын ошол сөзүнөн бир топ убакыт өткөндөн кийин, напсимди тыңшап көрдүм. Дал ошол сөздөрдү айтып жатканын уктум жана ага кунт коюп карап: жалкоолук кулагы менен, шайтандан дал ушул сабакты алып жатканын көрдүм. Ошол кезде жанагы киши, ал сөздү бардык жамандыктарга буйруучу напсилердин атынан айткан сыяктуу же болбосо айттырылганын түшүндүм. Ошондо мен да мындай дедим: «Ырас, напсим мени ар түрдүү жаман иштерге буйруп турат. Өзүнүн напсисин тарбиялай албаган адам башкаларын да тарбиялай албайт. Андай болсо өз напсимден баштаймын».

Мындай дедим: «Эй напсим! Наадандыгыңды билбөө менен бирге, билбегендигиңди да билбөө менен, жалкоолук төшөгүндө «Аллахты унутуу» уйкусунда уйкусурап сүйлөгөн бул сөзүңө каршы менден «Беш ойготууну» уккун.



Биринчи ойготуу: Эй бактысыз напсим! Таң калам, өмүрүң түбөлүктүүбү? Же болбосо эмдиги жылга чейин, атүгүл эртеңки күнгө чейин жашай турганыңа «кепилдик кагазың» барбы? Сени жадатып жаткан бул жашооңду түбөлүктүү деп кыялданышың. Ырахат алыш үчүн, бу дүйнөдө түбөлүктүү кала тургансып эркелеп жатасың. Эгер сен өмүрүңдүн аздыгын жана да пайдасыз өтүп баратканын түшүнгөн болсоң, албетте анын жыйырма төрттөн бир бөлүгүн, чыныгы түбөлүктүү бактылуулугуна себеп боло турган сонун, жагымдуу, ырахаттуу жана ырайымдуу кызматка жумшоо, адамды жадатуу мындай турсун, тескерисинче чыныгы куштарлык менен жагымдуу ырахат алууга себепчи болот.

Экинчи ойготуу: Эй сугалак напсим! Таң калыштуу, күн сайын нан жейсиң, суу ичесиң, абадан дем аласың, сени булар тажатабы? Албетте тажатпайт: Анткени, муктаждыгың кайта-кайта кайталангандыктан улам, сени тажатпастан, тескерисинче сен андан ырахат алуудасың. Андай болсо, дене деген үйүмдө сенин досторуң болуп саналган жүрөгүмдүн азыгы, рухумдун өмүр суусу жана Латифе-и Раббаниемдин эс алдырган абасы болуп саналган намаз дагы сени тажатпашы керек. Ооба, чексиз кайгылар менен азаптарга дуушар болгон, чексиз ырахат менен чексиз каалоолорго ашык болгон жана да сүйүү толгон жүрөктүн азыгы менен кубатын, бардык нерсеге күчү жеткен Ырайымдуу, Жоомарт болгон Аллахтын ырайым казынасынын «эшигин» жалбаруу менен каккылоо аркылуу гана табылат. Ооба, ушул убактылуу дүйнөдө өтө тездик менен ажырашуу айкырыктарын пайда кылып жаткан көпчүлүк жаратылган нерселер менен байланыштуу болгон рухтун өмүр суусун болсо, тек гана Аллахтын ырайым булагынан намаз аркылуу жүздөнүү менен ичүү мүмкүн. Ооба, жаратылышынан түбөлүктү каалаган, түбөлүк үчүн жаратылган, түбөлүктүү Аллахтын күзгүсү болгон жана өтө назик, тунук, таза болгон адамдардын жүрөгүндөгү нурдуу сезим болгон Латифе-и Раббание ушул кайгылуу, эзүүчү, кыйноочу, убактылуу, караңгы жана тумчуктуруучу болгон бу дүйнөлүк жагдайлар ичинде, албетте дем алууга өтө муктаж жана ал жалгыз гана намаз терезеси аркылуу дем ала алат.

Үчүнчү ойготуу: Эй сабырсыз напсим! Таң калыштуу, өткөн күндөрдөгү ибадат кыйынчылыктарын, намаздын машакаттарын жана балээ-кыйынчылыктарын бүгүн ойлоп кыжаалат болуу жана келечек күндөрдөгү ибадат милдеттерин, намаз кызматын жана балээлердин кайгысын бүгүн эле ойлоп алып сабырсыздык кылып жатышың акылга сыябы?

Ушул кылып жаткан сабырсыздыгың төмөнкү мисалдагы акылсыз командирге окшойт: Душмандын оң жактагы күчтөрү анын оң тарабындагы күчтөрү менен эми гана беттешкен кезде, алар алдан тайып чарчай элек болушса да, ал маанилүү бир кубатын оң канатка жиберет, борборду алсыратып алат. Ал эми сол канатта душмандын аскерлери жок болсо да, келе элек болсо да ал жакка чоң бир күчтөрүн жөнөтүп: «Аткыла!» – деп буйрук берет. Ошентип борборду таптакыр алсыздатат. Душман жагдайды түшүнөт да, дароо борборго чабуул коюу менен анын таш талканын чыгарат. Ооба, ушул командирге окшойсуң. Анткени, өткөн күндөрдүн кыйынчылыктары бүгүн Кудайдын мээримине айланып олтурат. Кайгылары кетип, ырахаттары калды. Кыйынчылыктары жакшылыкка ал эми түйшүктөрү болсо соопко айланып олтурат. Андай болсо андан тажоо эмес, тескерисинче жаңы бир күч, жаңы бир ырахат жана дайыма улантууга чечкиндүү бир кайрат алуу керек. Келечек күндөр болсо дагы келе элек болгондуктан, аларды эмитен эле ойлоп алып, жадоо менен үмүтсүздөнүү – кудум ошол күндөрдөгү ачкалык менен суусуздукту бүгүн ойлоп алып өкүрүп-бакыруу сыяктуу акмакчылык болуп саналат.

Ооба, акыйкат ушундай болгон соң, акылдуу болсоң ибадат боюнча жалгыз гана бүгүнкү күнүңдү ойлон жана анын бир саатын «Акысы өтө чоң, убаракерчилиги өтө аз, жагымдуу, сонун жана улуу бир кызматка берип жатам» – деп айткын. Ошондо гана сенин ачуу үмүтсүздүгүң, таттуу бир кайратка айланат.

Мына, эй сабырсыз напсим! Сен үч сабырды кылууга милдеттүүсүң.




1   2   3   4


©netref.ru 2017
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет