Эй бир боорум! Менден бир нече насыйкат сурадың. Сен бир жоокер болгонуң үчүн, аскердик мисалдар менен айтылган сегиз чакан аңгеме аркылуу бир нече акыйкатты напсим менен бирге уккун



жүктеу 0.76 Mb.
бет4/4
Дата01.04.2016
өлшемі0.76 Mb.
1   2   3   4
: wp-content -> uploads -> 2014
2014 -> Сабақтың тақырыбы: Спорттық ойын волейбол ойынға қосылған допты жоғарыдан немесе төменнен қабылдау
2014 -> Қазақстан республикасы білім және ғылым министрлігі
2014 -> ЖҰмыс бағдарламасы пән: «Қоғамтану» Мамандығы: : 0301000
2014 -> Ұлт тарихы толқынындағЫ Ұлы тұЛҒалар
2014 -> Конкурс ережесі «Астана Опера»
2014 -> «Қостанай таңының» кітапханасы Сәлім меңдібаев
2014 -> Сәлім меңдібаев армысың, алтын таң! Журналист жазбалары Қостанай – 2013 ж

Биринчиси: Кулчулукта сабыр кылуу.

Экинчиси: Күнөөлөргө каршы сабыр кылуу.

Үчүнчүсү: Балээ-кыйынчылыктарга каршы сабыр кылуу.

Акылың болсо, ушул үчүнчү эскертүүдөгү мисалда көрүнгөн акыйкатты жүрөгүңө түйүп ал. Кайраттуулук менен: «Йа Сабур!» де, ушул үч сабырды ийинине ал. Аллахтын сага берген сабыр кубатын эгер жаңылыш жолдорго таратпасаң, анда ар бир түйшүккө жана ар бир кайгылуу балээлерге каршы жетиштүү болот жана ал кубатка таян.



Төртүнчү ойготуу: Эй менин башы айланган напсим! Таң калыштуу, ушул кулчулук милдетин натыйжасыз деп ойлойсуңбу? Же сени тажаткыдай акысы азбы? Эгерде сага бир адам бир аз акча берсе же болбосо сени коркутса, керээли кечке чейин иштеттирет. Сен да жан талаша иштейсиң. Таң калыштуу, бул дүйнө конок жайында алсыз жана жарды жүрөгүңө кубат менен байлык жана албетте бара турган жериң болгон мүрзөдө азык менен жарык суракка тартыла турган Хашир аянтында «актоо кагазы» жана кааласаң да каалабасаң да үстүнөн өтө турган Сырат көпүрөсүндө нур менен бурак боло турган намаз натыйжасызбы? Же болбосо, ушул акылар азбы? Эгер сага бир адам жүз сомдук белек убада кылса, жүз күн сени иштеттирет. Убадасына турбай коюшу да мүмкүн, ошентсе да ал адамга ишенип, жан талаша иштеп бересиң.

Таң калыштуу, убадасына турбай коюусу эч мүмкүн болбогон Аллах таала Бейиш сыяктуу сыйлыкты жана түбөлүктүү өмүр сыяктуу белектерди убада кылып жатса, ушундай өтө кыска убакыттын ичинде, аябай сонун милдет берип иштеттирсе, сен болсо каалабасаң же болбосо жалкоолук кылып жадоо менен зеригип, чала-була кылган кызматың менен Аллах таала убадасын аткарбай коёо тургансып жана Анын белектерин кемсинткен сыяктуу бир жагдайда болсоң, анда өтө катуу жазага, жана өтө коркунучтуу азапка ылайык болооруңду түшүнбөйсүңбү?

Бу дүйнөдө түрмөдөн коркуп, эң оор жумуштарда да жаныңды аябай иштейсиң. Ал эми тозок сыяктуу түбөлүктүү түрмөгө түшүү коркунучу өтө жеңил жана өтө жагымдуу кызмат үчүн сага күч-кубат бербейби?

Бешинчи ойготуу: Эй, дүйнөкор напсим! Сенин кулчулуктагы кош көңүлдүгүң жана намаздагы кемчиликтериң дүнүйө иштеринин көптүгүнөнбү? Же болбосо көр тиричиликтин айынан улам убакыт таппагандыктанбы? Таң калыштуу, бардык убактыңды ага жумшагыдай бул дүйнө үчүн гана жаратылган белең? Сен жөндөм жагынан бардык жаныбарлардан жогору экендигиң жана бу дүйнө жашоосундагы керектүү нерселерди табуу жагынан, күч-кубат жагындан алганда кичинекей бир таранчыга да жете албай калаарыңды билээрсиң. Анан эмне үчүн сенин чыныгы милдетиң айбан сыяктуу жутунуу эмес, тескерисинче чыныгы бир адам сыяктуу, чыныгы туруктуу өмүр сүрүү үчүн умтулуу экенин түшүнбөйсүң? Муну менен бирге сенин дүйнө тиричилиги деген нерселериңдин көпчүлүгү сага тийиштүү болбогон жана өзүң аралашып алган жана кийлигишип алган керексиз эле нерселер. Эң керектүүсүн таштап коюп, миңдеген жылдар өмүрүн бар болгонсуп таптакыр керексиз маалыматтар менен убактыңды өткөрүп жатасың. Мисалы: Астрономия менен статистика илимдеринен жан-дүйнөң өркүндөп өсүп жаткансып: «Сатурндун айланасындагы шакектердин абалы кандай? Америкада канча тоок бар?» – деген сыяктуу арзан нерселерге өтө кымбат убактыңды коротуп жатасың.

Эгер: «Жок мени намаздан жана ибадаттан калтырып жаткан жана жадатып жаткан андай керексиз нерселер эмес, тескерисинче тиричилик дартынын өтө зарыл жумуштарым» – десең, анда мен да сага мындай деп айтамын: «Эгер күндө жүз сом үчүн иштесең, андан кийин бирөө келип: «Кел он мүнөтчө бул жерди каз, миң сом наркындагы кымбат баалуу таштарды табасың» – десе, сен да ага: «Жок барбайм. Себеби күндөлүгүмдөн он сом кемип калат, оокатым азайып калат» – деп айтсаң, канчалык акмакча бир шылтоо боло тургандыгын албетте билесиң. Дал ошол сыяктуу, сен да ушул бакчаңда күнүмдүк оокатың үчүн иштеп жатасың. Эгерде парз болгон намаздарды таштап койсоң, анда бардык кылган жумуштарыңдын натыйжасы жалгыз гана дүйнөлүк, маанисиз жана берекесиз күнүмдүк оокат менен гана чектелип калат. Эгер сен, эс алуу менен дем алуу убактыңды рухуңдун ырахатына, жүрөгүңдүн дем алуусуна себеп болгон намазга жумшасаң, анда ошол убактыңда берекелүү дүйнөлүк ырыскың менен бирге, сенин Акыреттеги ырыскыңа жана акыреттик азыгыңа да маанилүү казына болгон эки руханий кен табасың:



Биринчи кен: Бул бакчаңда1 өстүрүп жаткан мейли гүлдүү болсун, мейли мөмөлүү болсун ар бир өсүмдүктүн жана ар бир дарактын тасбихатынан жакшы бир ниет аркылуу бир үлүш аласың.

Экинчи кен: Бул бакчадан чыккан түшүмдөрдөн ким жесе да, мейли айбан болсун, мейли адам болсун, мейли уй болсун, мейли чымын болсун, мейли кардар болсун, мейли ууру болсун баары сенин садагаң болуп эсептелет. Бирок, жалгыз гана мына бул шарт менен: Эгер сен, Чыныгы ырыскы берүүчү болгон Аллахтын атынан, анын уруксат кылган чөйрөсүндө иштетсең жана Анын мүлкүн Анын макулуктарына берген бир бөлүштүрүүчү кызматкер сыяктуу өзүңө карасаң...

Эми кара: Намазын таштап койгон адам өтө чоң бир зыянга учурай турганына жана канчалык кымбаттуу байлыкты жоготуп алат жана жумуш кылууга өтө чоң дем-күч берүүчү, амалдарда да өтө чоң руханий кубат бере турган ошол эки натыйжадан, ошол эки руханий казынадан куру кала турганын жана күйүп кете турганын бил. Атүгүл картайган сайын дыйканчылыктан тажайт, үмүтсүздүккө түшөт. «Булардын эмне кереги бар» – дейт. «Мен ансыз деле дүйнөдөн кетип баратам, эмне үчүн мынчалык машакат чегип жатам?» – деп, өзүн жалкоолукка салат. Бирок, биринчи адам: «Мындан да көбүрөөк ибадат менен бирге адал тиричилик менен алек болоюн, ошентип мүрзөмө мындан да көбүрөөк жарык жиберемин. Акыретиме мындан да көбүрөөк азык даярдаймын» – дейт.



Корутунду: Эй напсим! Билгин: Кечээги күн сенин колуңдан чыкты. Эртеңки күн болсо, сен ага ээ болгудай кепилдигиң жок. Андай болсо, чыныгы өмүрүңдү жашап жаткан гана күнүм деп бил. Жок дегенде күнүңдүн бир саатын этияттык үчүн сактап койгон акча сыяктуу, чыныгы келечегиң үчүн курулган «акырет сандыкчасы» болгон мечитке, же болбосо жайнамазга арна. Жана да билип алгын: Ар бир жаңы күн сага да, башкаларга да жаңы ааламдын эшиги болуп саналат. Эгер намаз окубасаң, ошол күндөгү ааламын караңгы жана чачыранды түрдө өтөт. Мисал ааламында сага каршы күбөлүк кылат. Анткени, ар бир адамдын күн сайын бул ааламдан өздөрүнө тийиштүү болгон бир ааламы бар жана ал ааламдын жагдайы ошол адамдын жүрөгү менен амалына байланыштуу болот. Мисалы: Күзгүңдө көрүнгөн укмуш бир сарай, күзгүңдүн түсүнө карайт, эгер ал кара болсо кара көрүнөт, кызыл болсо кызыл көрүнөт жана анын сыпатына карайт. Ошол күзгүнүн бети тегиз болсо, сарайды жакшы көрсөтөт, тегиз болбосо начар көрсөтөт. Ушундай начар бир күзгү жакшы жана эң назик нерселерди начар көрсөткөнү сыяктуу, сен да жүрөгүң менен, акылың менен, амалың менен жана көңүлүң менен өзүңдүн ааламындын көрүнүшүн өзгөртө аласың. Же өзүңө каршы, же болбосо өзүңө тараптар кылып күбөлөндүрө аласың. Эгер намаз окусаң, ал намазың менен ошол ааламдын Жаратуучусуна жүзүңдү бурсаң, сага карап ааламың дароо нурданат. Намазың кудум эле электр лампасы сыяктуу, намазга кылган ниетиң анын баскычын баскан сыяктуу, ошол ааламдын караңгылыгын жок кылат. Ал эми ушул оомал-төкмөл дүйнөдөгү карама-каршылыктар, ар тарапка тараган чачырандылар ичиндеги өзгөрүүлөр менен аракеттер болсо сырдуу тартип менен жана манилүү кудурет жазуулары экендигин көрсөтөт. اَللّٰهُ نُورُ السَّمٰوَاتِ وَاْلاَرْضِ аятынын сансыз нурларынан бир нурду сенин жүрөгүңө чачат. Сенин ал күндөгү ааламыңды ошол нурдун шооласы менен жаркыратат. Сенин пайдаң үчүн нурдуулугу менен күбөлүк кылат.

Абайла, «Менин намазым кайда, бул маанидеги намаздын акыйкаты кайда?» – деп айтпа. Анткени, бир курманын уругу бир курма дарагы сыяктуу өзүнүн дарагын сыпаттай алат. Мындагы айырма, болгону гана кичирейтилген жана кеңейтилген көлөмүндө гана болгону сыяктуу, сен экөөбүзгө окшогон бир карапайым адамдын мейли ал сезбесе да чоң бир олуянын намазы сыяктуу бул нурдан бир үлүшү бар. Атүгүл акылы менен түшүнө албаса да бул акыйкаттан бир сыры бар. Бирок, ар кимдин даражаларына жараша ачылуу менен нурдануулары башка-башка. Кандайча курманын уругунан баштап, тээ жетилип бышкан курма дарагына чейин кандай гана мартабалар бар болсо, дал ошол сыяктуу намаздын даражаларында да мындан да көп мартабалардын болуусу мүмкүн. Бирок, ошол мартабалардын барында тең, жанагы нурдуу акыйкаттын негиздери бар.



اَللّٰهُمَّ صَلِّ وَسَلِّمْ عَلَى مَنْ قَالَ اَلصَّلاَةُ عِمَادُ الدِّينِ وَعَلَى آلِهِ وَصَحْبِهِ اَجْمَعِينَ

Соңку сөз

بِسْمِ اللّٰهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

وَمَا الْحَيٰوةُ الدُّنْيَا اِلاَّ مَتَاعُ الْغُرُورِ

«Аллахты унуткан» наадан адамга бир токмок жана насаат болуучу бир сабак
Эй, наадандыкка батып, бул өмүрдү таттуу көрүп, акыретти унутуп жана бу дүнүйөнү гана каалап калган бактысыз напсим! Эмнеге окшоп жатканыңды билесиңби? Tөө кушка окшоп жатасың. Аңчыны көрүп, аңчы көрбөй калса экен деп уча албагандыктан башын кумга катып алат! А очойгон денеси болсо сыртта турат. Аңчы аны көрөт. А бирок ал көзүн кум ичинде жумуп алганы үчүн көрбөй турат.

Эй напсим! Ушул мисалга карап, бу дүйнөгө баш-отуң менен берилгендигиң – улуу бир ырахатты аянычтуу бир кайгыга айландыра турганын көр.

Мисалы: Ушул Барла айлында эки адам бар эле. Бирөөсүнүн тууган-туушкандарынын, жоро-жолдошторунун токсон тогуз пайызы Стамбулга көчүп кетишкен. Ал жерде өтө сонун жашап жатышат. Бул жерде жалгыз гана өзү калган. Бирок кийинчерээк ал дагы ошол жакка барат. Ошондуктан бул адам Стамбулга кетүүгө ашыгып, дайыма ал жакты эңсейт. Туугандары менен жолугушууну каалайт. Качан гана ага: «Сен да ал жакка бар!» – деп айтылса, сүйүнгөн бойдон кетүүгө дайым даяр. Ал эми экинчи адамдын дагы туугандарынын токсон тогуз пайызы бул жерден көчүп кетишкен. Кээ бирлери жок болуп житип кетишкен. Кээ бирлери да көрүнүп-көрүнбөй ар жерлерге тарап кетишкен. Биротоло чачырап жок болуп кетишсе керек деп ойлойт. Эми ушул бечара адам болсо, баардык ошол туугандарын ордуна жалгыз бир конок менен достошуп өзүнө жубатуу тапкысы келет. Аны менен ошол аянычтуу ажырашуудан келген кайгылардын жүзүн жаап-жашыргысы келет.



Эй напсим! Эң башта Аллахтын сүйүктүү пайгамбары Мухаммад (САВ), андан кийин бардык сүйүктүү туугандарың менен досторуң мүрзөнүн тигил тарабында эмеспи. Кээ бир бул жерде калгандары болсо, алар да ал жакка барышат. Өлүмдөн үркүп, мүрзөдөн коркуп, башыңды тескери бурба! Эр жүрөктүүлүк менен мүрзөгө тике кара, эмне талап кылып жатканын ук! Эр жигитчесинен өлүмдүн жүзүнө күлгүн жана эмне кааларын көр! Бирок абайла, «Аллахты унутуп» экинчи адамга окшоп калба!

Эй напсим! «Заман өзгөрдү, кылым да өзгөрдү, баары эле дүнүйөгө сүңгүп киришти, бу дүйнө өмүрүн өтө жакшы көрүшөт. Баары эле тиричилик дарты менен мас болуп жүрүшөт го» - деп айтпагын. Анткени: Өлүм өзгөрбөйт. Айрылуу – түбөлүктүүлүккө айланып өзгөргөн жок. Адамзаттын алсыздыгы менен инсандын муктаждыктары өзгөрбөстөн, кайра көбөйүүдө. Адамзаттын сапары токтобостон, кайра ылдамдап баратат.

Жада калса: «Мен да башкалар сыяктуумун» – дебегин. Анткени, башкалар сага мүрзөнүн эшигине чейин гана дос боло алышат. Ал эми: «Баарыбыз кыйынчылыкта бирге болобуз» деген сооронуу болсо, мүрзөнүн тигил тарабында таптакыр негизсиз. Анын үстүнө өзүңдү көзөмөлсүз калган жандыкмын ойлобо! Анткени, ушул конок жай сыяктуу дүйнөдө даанышмандык көз караш менен карасаң тартипсиз жана максатсыз болгон эч бир нерсени көрө албайсың. Анан кантип сен тартипсиз, максатсыз болуп калышың мүмкүн? Атүгүл жер титирөө сыяктуу табиятта болуп туруучу кубулуштар да «кокустук оюнчуктары» эмес.



Мисалы: Жерге өсүмдүк менен жаныбарлардын түрлөрүнөн кийгизилген кийимдер бири-биринин үстүндө, бири-биринин ичинде, өтө кылдат тартип менен жана өтө кооздолуп тигилген көйнөктөр баштан аягына чейин максаттар менен, толгон-токой сырлар менен жасалгаланып, жабдылгандыгын көрүп туруп жана дагы өтө улуу максаттардын ичине камтыган, укмуштуудай кемчиликсиз тартип менен «Акылдан азган Мевлеви» сыяктуу чимирилип айланып баратканын билип турсаң да, кантип анан ошол Жер шарынын адам балдарынан, өзгөчө ыймандуулардан жактырбаган айрым наадандык иш-аракеттеринен улам, ийиндерин силкигенге окшогон жер титирөөлөр сыяктуу турмуштун коркунучтуу окуяларын – бир динсиздин жарыялаганы сыяктуу – максатсыз жана кокустук деп ойлоо менен баардык ошол кырсыктарга дуушар болгон адамдардын аянычтуу жоготууларын бекерге жана да пайдасыз жок болду деп көрсөтүп, коркунучтуу үмүтсүздүккө түшүрүп жатышат. Албетте, өтө чоң жаңылыштык жана абдан чоң бир зулумдук кылып жатышат. Тескерисинче, андай окуялар Ырайымдуу жана Даанышман Аллахтын буйругу менен ыймандуу адамдардын убактылуу мал-мүлкүн кайыр-садагага айландырып түбөлүктөштүрүү жана шүгүрсүздүктөн келген күнөөлөрүнө каффарат болуп саналат. Ооба, ушул баш ийдирилген Жер шары өзүнүн кооздугу болгон адамзаттын эмгегин ширкке булганган түрдө, шүгүрсүз жана жийиркеничтүү көрө турган бир күн келген кезде, Жаратуучунун буйругу менен өтө катуу бир жер титирөө аркылуу бүткүл жер жүзүн шыпырып тазалап салат. Аллахтын буйругу менен ширк кылгандарды Тозокко төгөт. Ал эми шүгүр кылгандарга болсо: «Кана эмесе, Бейишке киргиле» - деп айтат.


يَا اَيُّهَا النَّاسُ اعْبُدُوا رَبَّكُمُ الَّذِى خَلَقَكُمْ وَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِكُمْ لَعَلَّكُمْ تَتَّقُونَ ٭ اَلَّذِى جَعَلَ لَكُمُ

اْلاَرْضَ فِرَاشًا وَالسَّمَاءَ بِنَاءً وَاَنْزَلَ مِنَ السَّمَاءِ مَاءً فَاَخْرَجَ بِهِ مِنَ الثَّمَرَاتِ رِزْقًا لَكُمْ فَلاَ تَجْعَلُوا

لِلّٰهِ اَنْدَادًا وَ اَنْتُمْ تَعْلَمُونَ
Башкача айтканда: «Эй, адамдар! Силерди жана силерден муруңкуларды жараткан Эгеңерге ибадат кылгыла, ошондо гана такыбаалык мертебесине жете аласыңар. Дагы да Эгеңерге ибадат кылгыла, анткени Жерди силерге төшөк, асманды сарайыңарга чатыр кылып жаратты жана да силерге ырыскы болсун деп мөмө-жемиштер менен башка азыктарды чыгаруу үчүн көктөн сууларды жаадырды. Андай болсо, Аллахка эч кимди окшоштуруп шерик кошпогула! Албетте, Аллахтан башка ибадат кыла турган Жаратуучуңар жок экенин силер билесиңер.»
КИРИШ СӨЗ

(«Ишаарат-ул Иъжаз» китебинен)

Мусулмандын дүйнө таанымына жана ыйманына таандык болгон өкүмдөрдү кубаттуу жана туруктуу кылуу менен толук бышып-жетилдирген нерсе – жалгыз гана ибадат. Ооба, Аллахтын буйруктарын аткаруу менен тыюу салгандарынан сактануудан турган ибадат аркылуу абийир менен акылга байланыштуу ыймандык өкүмдөр тарбияланбаса жана күчөтүлбөсө, анда натыйжалары менен таасирлери абдан алсыз болуп калат. Бул абалга Ислам ааламынын азыркы жагдайы күбө. Аны менен бирге ибадат бу дүйнө менен акыреттик бакытка жетүүгө себепчи болгону сыяктуу маяна алууда, башкача айтканда бу дүйнө менен акыреттик иштерин да ирээтке салууга себепчи, жекече жана бүткүл адамзаттын өркүндөп жетүүлөрүнө да себепчи, анын үстүнө Жаратуучу менен пенденин арасындагы өтө жогорку карым-катнаш жана абыройлуу байланыш болуп эсептелет.
Ибадаттын бу дүйнөлүк бакытка жеткирүүгө себепчи болгондугун ачыктап берген жактары

Биринчиси: Адам баласы бардык жан-жаныбарлардан тандалып жана өзгөчөлөнүп, таң калыштуу жана жагымдуу мүнөз менен жаратылган. Ал мүнөздөн улам адамда ар түрдүү каалоо-тилектер менен арзуулар пайда болгон. Маселен: Адам эң тандалган нерселерди каалайт, эң сонун нерселерди самайт жана эң кооз нерселерди арзуу кылат. Адамзатка ылайыктуу тиричилик жана абырой менен өмүр сүргүсү келет.

Ушул тилектеринин орундалуусу үчүн жей турган, иче турган жана башка керектүү муктаждыктарын өзү каалагандай абалда ээ болуусу үчүн көптөгөн өнөрлөргө муктаждыгы бар. Ал өнөрлөрдүн барын билбегендиктен өзү сыяктуу адамдар менен биригип иштөөгө мажбур болот. Анкени, ар бириси өз эмгегинин жемиши менен жолдошуна берүү жана аныкын алуу жолу менен бири-бирине жардамдашат жана бири-биринин муктаждыктарын бул жол менен камсыздандыра алышат.

Бирок, адам баласынын кумарлануу сезимине, ачуулануусуна жана акылына Жаратуучу тарабынан чек коюлбагандыктан жана адамдын кичинекей каалоосу менен өркүндөп-өсүүсү үчүн бул сезимдер ээн-эркин коюлгандыктан, адамдар арасындагы карым-катнашта зулумдуктар менен мыйзамсыздыктар ортого чыгат. Бул мыйзамсыздыктардын алдын алуу үчүн адамзат коому өз эмгектеринин жемишин алмаштырганда жана бири-бири менен карым-катнаш жасаганда адилеттүүлүккө муктаж болушат. Бирок, ар бир эле адамдын акылы адилеттүүлүктү толук түшүнө албагандыктан, бардык адамдар пайдалана ала турган «Улуу акылга» муктаждыктары бар. Андай «Улуу акыл» да жалгыз гана мыйзам түрүндө болот. Андай мыйзам да – жалгыз гана Шарият.

Андан кийин ал шарияттын таасирин, жүргүзүлүшүн, орундалуусун көзөмөлдөп турган кожоюн керек. Ал кожоюн да жалгыз гана Пайгамбар болот. Пайгамбар болгон адамдын калкка жүргүзгөн тышкы жана ички өкүмдарлыгын улантуу үчүн материялдык жана руханий улуулукка жана өзгөчөлүккө муктаж болгондугу сыяктуу, Жаратуучу арасында болгон карым-катнаш даражасы менен байланышын көрсөтүү үчүн да бир далилге муктаждыгы бар. Андай далилдер да жалгыз гана мужизалар болуп саналат.

Андан кийин Улуу Жаратуучунун буйруктары менен тыюу салгандарына баш ийүү жана моюн сунуу үчүн Аллахтын улуктугун адамдардын акылына туруктуу орнотууга муктаждык бар. Мындай орнотуу да жалгыз гана акаид аркылуу, башкача айтканда ыйман өкүмдөрүнүн чагылуусу менен гана болот. Ыйман өкүмдөрүнүн күчөтүлүүсү жана ачылуусу жалгыз гана кайталануу аркылуу жаңыланып турган ибадат менен гана боло алат.

Экинчиси: Ибадат – ой-пикирлердин Даанышман Жаратуучуга буруу үчүн жасалат. Пенденин Даанышман Жаратуучусуна болгон жүз буруусу баш ийүү менен моюн сунууну натыйжалайт. Баш ийүү менен моюн сунуу болсо пендени эң мыкты тартипке салат. Пенденин тартип астына кирүүсү менен, тартипке моюн сунуусу аркылуу даанышмандыктын сыры көрүнөт. Даанышмандык болсо, аалам барактарында жаркыраган өнөр кооздуктары менен белгилүү болот.

Үчүнчүсү: Адам байланыш түйүнү сыяктуу, бүткүл жаратылыштын тартиптери менен мыйзамдарына жана Аллахтын ааламдагы эрежелеринин шоолаларына бир борбор сыяктуу. Ошондуктан, адамдын жалпы адилеттүүлүк мыйзамын камсыздоо үчүн жана аалам катмарларында айланып жүргөн мыйзам кыймылына каршы келип, «чарктарынын» астында жанчылып калбоосу үчүн ал мыйзамдар менен амал кылуусу, байланышуусу жана ал эрежелерге жабышып бекем кармоосу керек. Бул да ошол буйруктар менен тыюу салынган нерселерден куралган ибадат аркылуу гана боло алат.

Төртүнчүсү: Буйруктарды аткаруу жана тыюу салынгандардан сактануу аркылуу ар бир адам коомдук жашоодо көптөгөн мартабалар менен байланышта болот, карым-катнаш жасайт. Өзгөчө диний өкүмдөр менен орток келишим түзүүдө ар бир адам бир түр өкүмүн алат. Башкача айтканда, көптөгөн укуктар, мүнөздөр, таалим-тарбиялар, түзөтүү жумуштары сыяктуу милдеттер бир адамга жүктөлөт. Эгер ошол буйруктарды аткарып, тыюу салынгандардан сактанган ал адам болбосо, бул милдеттер түгөлдөй жоюлат.

Бешинчиси: Адам Ислам дининин аркасында, ибадат менен алга өрдөө аркылуу гана бүткүл мусулмандар менен туруктуу карым-катнаш орнотот жана бекем байланыш менен жакындашууга жетишет. Булар болсо, айрылбас боордоштукка жана чыныгы махабатка себеп болот. Ансыз дагы коомдук жашоонун алга жылуусу менен өркүндөөсүнүн алгачкы жана эң биринчи баскычтары – боордоштук менен сүйүү болуп эсептелет эмеспи.


Ибадаттын инсандын жекече өркүндөөсүнө себепчи болуусунун ачыктамасы

Адам баласы денеси жагынан кичине, алсыз жана дармансыз болуу менен бирге жаныбарлардан деп эсептелсе да, өтө улуу рухту өзү менен бирге алып жүрөт, өтө күчтүү жөндөмдөргө ээ, чектелбей турган даражада каалоо-тилектери бар, чексиз көп үмүттөрдүн ээси, эсепсиз ой-пикири бар, чеги жок кумар сезимдери менен ачуу сезимдери сыяктуу сезим-туйгулары бар жана ошондой ажайып таң калыштуу табияты бар. Ошондуктан, ааламдагы бардык түрлөр менен ааламдарга мазмун катары жаратылган.



Мына, ушундай бир адамдын ошондой улуу рухун кеңейттирген – ибадат болуп саналат, жөндөмдөрүн өстүрүп-өөрчүткөн да – ибадат болуп саналат, каалоо-тилектерин ылгап тазалаган да – ибадат, үмүттөрүн ишке ашырган да – ибадат, ой-пикирлерин кеңейтип, тартипке салган да – ибадат, кумар сезимдери менен ачуулануу сезмдеринин чегин белгилеген да – ибадат, сырткы жана ички мүчөлөрү менен сезимдерин кирдеткен табият даттарын кетирген да – ибадат, адам баласынын тагдырына жазылган жеткилеңдикке жеткизген да – ибадат, пенде менен Жаратуучусунун арасындагы эң жогорку жана эң назик байланыш да – жалгыз гана ибадат болуп эсептелет.

Эскертүү: Ибадаттын руху – ыклас болуп саналат. Ыклас болсо, аткарылган ибадаттын жалгыз гана буйрулгандыгы үчүн аткарылуусу болуп эсептелет. Эгер башка бир максат менен пайда ал ибадатка негизги себеп деп көрсөтүлсө, анда ал ибадат жалган болот. Пайдалар менен башка максаттар болсо, жалгыз гана тандоого себепчи боло алат, а бирок негизги себеп боло алышпайт.

(«Ишаарат-ул Иъжаз» китебинен)
Tercuman: Chynybek Kozukeev (Musab)

e-mail: chynybekkozukeev@mail.ru

1 (Кыстарма): Бул бөлүм бир бакчадагы адамга айтылган дарс болчу, ошондуктан ушундай ыкма менен баяндалып калды.



1   2   3   4


©netref.ru 2017
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет