И. арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин



бет2/34
Дата29.11.2019
өлшемі9.87 Mb.
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   34

Литература:

  1. Абдырахманов Т. А. Многоуровневая система образования в Кыргызской Республике и ее нормативно-правовое обеспечение. / http: // window. edu.ru / window _ catalog /pdf2txt?p_id=39147

  2. Абакирова Г.Б. Адамкулова Ч.У., Бекбоева Р.Р., Рыскулуева Ф.И., Сирмбард С.Р. Руководство по применению ECTS в Кыргызской Республике. – Бишкек, 2007. – 60 с.

  3. Абакирова, Г.Б. Повышение эффективности управления учебным процессом в вузе. Автореферат диссертации….к-та педаг. наук: 13.00.01 / Г.Б. Абакирова. - Бишкек, 2013. – 28с.

  4. Колбаев, К.Б. Интеграция вузов Кыргызстана в мировые образовательные процессы [Текст] / К.Б. Колбаев. – Бишкек, 2009. – 212 с.



КЫРГЫЗСТАНДЫН МЕКТЕП МУГАЛИМДЕРИНИН СОЦИАЛДЫК АБАЛЫ ЖАНА СОЦИАЛДЫК СТАТУСУ БОЮНЧА МАСЕЛЕЛЕР
Абдырахманов Т.А. – тарых илимдеринин доктору,

профессор И. Арабаев атындагы КМУ


Аннотация. Макалада жалпысынан мугалимдердин коомдогу орду каралган. XXI кылымда БУУнун адистери белгилегендей, дүйнөнүн өнүгүү ресурстарынын 70% ашыгын адам ресурстары түзүп калат. Ал эми Кыргызстан үчүн адам ресурстарынын мааниси чоң. Ушуну эске алуу менен, Кыргызстан адам ресуртарын өнүктүрүүдө бир топ алгылыктуу иш алып барууда. Өзгөчө, Кыргызстандын билим берүү системасынын маанилүү сегменти болгон мектептик билим берүү иштеринде сапаттуу билим берүү маселеси начар бойдон калууда. Өз кезегинде, республиканын бүтүндөй билим берүү системасынын фундаменти болгон мектептик билим берүүнүн начардыгы “домино принциби” боюнча өлкөнүн бүтүндөй билим берүү системасына кедерги болуп, залакасын тийгизүүдө. Ошондуктан, мугалимдердин коомдогу сатусун жогорулатып жана социалдык маселелерин чечип берүү абзел.

Түйүндү сөздөр: Домино принциби, адам ресурстары, сапаттуу билим, БУУ, билим берүү системасы, бюджет, каржылоо, Евробиримдик, эмгек маяна.

ВОПРОСЫ ПО СОЦИАЛЬНОМУ ПОЛОЖЕНИЮ И СОЦИАЛЬНОМУ СТАТУСУ УЧИТЕЛЕЙ КЫРГЫЗСКИХ ШКОЛ

Абдырахманов Т.А. –доктор исторических наук,

профессор КГУ им. И. Арабаева



Аннотация. В статье рассмотрена роль учителей в обществе. XXI веке, как отмечают специалисты ООН, более 70% развития мировых ресурсов составляет человеческий ресурс. Для кыргызстана человеческие ресурсы имеют большое значение. В связи с чем, Кыргызстан ведет ряд работ по развитию человеческих ресурсов. Особенно, в работе школьного образования, которая является сегментом системы образования Кыргызстана вопрос качественного образования остается очень острой. В свою очередь, слабое школьное образование, которое является фундаментом всей образовательной системы республики по “принципу домино” стало загвоздкой всей образовательной системы страны. Поэтому необходимо повысить общественный статус учителей и решать их социальные вопросы.

Ключевые слова: Принцип Домино, человеческие ресурсы, система образования, качество образования, ООН, бюджет, ЕС, финансирование, заработная плата.
Бириккен Улуттар уюмунун адистери аныктагандай, XXIкылымда дүйнөнүн өнүгүүресурстарынын 70% ашыгын адам ресурстары түзүп калат. Ал эми салттуу ресурстары өпчап болгон Кыргызстан үчүн адам ресурстарынынмааниси мындан дагы баалуу болоору көпчүлүккөбелгилүү.

Ушуну эске алуу менен, акыркы жылдары адам ресурстарын жакшыртып өнүктүрүүгө Кыргызстанда бир топ эле көңүл бурулуп келе жаткансыйт. Бирок, өлкөнү сапаттуу адам ресурстары менен камсыз кылууда айрым маселелер өз учурунда жана натыйжалуу чечилбегендиктенбул жаатта мезгил талап кылгандай олуттуу жылыштар жакшы сезилбей келүүдө.

Окумуштуулардын, эксперттердин жана адистердин оюна караганда, маселенин ойдогудай чечилиши үчүн эң оболу төмөнкүдөй эки фактордун болушу жана алардын натыйжалуу иштеши талап кылынат. Биринчиден, калктын формалдуу сабаттуулугу тиешелүү деңгээлде болуп, ал адам ресурстарынын ийгиликтүү өнүгүшүүчүн потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрдү түзгөн фундамент болуш керек. Мындай шарт Кыргызстанда бар. Жакында эле Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча регионалдык директору Лилия Бурунчук белгилегендей, Кыргызстандын калкынын формалдуу сабаттуулугу жогорку деңгээлде.

Расмий статистикалык маалыматтарга караганда (2016ж.) Кыргызстандык эркектердин 99, 64% жана аялдардын 99,41% сабаттуу. Ал эми жаштар арасындагы бул көрсөткүч 99,69% жана 99,81% түзөт. Демек, келечекте бул сыяктуу жагымдуу көрсөткүчтөр мындан дагы жогорулайт.

Экинчиден, калктын, өзгөчө адистердин, формалдуу гана эмес функционалдык сабаттуулугу дагы мыкты болуп,алардын квалификациясы жогорку деңгээлге жетиши талап кылынат. Тилекке каршы, дал ушул нерсе Кыргызстанда өксүп келе жатканы белгилүү. Анткени, өлкөнү функционалдык сабаттуулугу жогоруинсан жана квалификациялык деңгээли мыктыадис менен камсыз кыла турган Кыргызстандын сапаттуу билим берүү системасы постсоветтик чейрек кылым аралыгында биротоло калыптана албай келүүдө. Кыргызстанда 25 жылдан ашык мезгил аралыгында өлкөнүн билим берүү системасын реформалоо аракеттери перманенттик мүнөзгө ээ болуп, тынбай уланып келе жатканы менен бул аракеттерден али дагыболсо жакшы майнап чыга элек. Өзгөчө, Кыргызстандын билим берүү системасынын маанилүү сегменти болгон мектептик билим берүү иштеринде сапаттуу билим берүү маселеси начар бойдон калууда. Өз кезегинде, республиканын бүтүндөй билим берүү системасынын фундаменти болгон мектептик билим берүүнүн начардыгы “домино принциби” боюнча өлкөнүн бүтүндөй билим берүү системасына кедерги болуп, залакасын тийгизүүдө.

Албетте, мектептик билим берүүнүн проблемаларынын бир топ олуттуу себептери бар. Бирок ошолордун ичинен маанилүү бир себеби мектептик билим берүүнүн социалдык маселелерине, анын ичинен 79 миңге жакын мектеп мугалимдеринин социалдык абалына, алардын коомдогу социалдык статусуна байланышкан. Чындыгында, республиканын эң масштабы чоң жана өтө маанилүү болгон мектептик билим берүү сегментине дүңүнөналганда өлкөнүн жалпы билим берүүсүнө бөлүнгөн мамлекеттик каражаттын көп бөлүгү чегерилет. Мисалы, 2012-жылкы маалыматтар боюнча мектепке чейинки билим берүүгө өлкөнүн билим берүү системасын каржылоого бөлүнгөн мамлекеттин бюджеттик каражатынын 9%-9,4% чегерилсе, жалпы орто билим берүүгө – 66%, мектептен сырткары билим берүүгө 5%, алгачкы кесиптик билим берүүгө – 4%, орто кесиптик билим берүүгө – 4% жогорку кесиптик билим берүүгө – 6% жана билим берүүнүн башка тармактарына 6% чегерилип келген.

Бирок, орточо эсеп менен алып, Кыргызстандын билим берүү системасынын башка сегменттери менен салыштырганда, мектептик билим берүү сегментинин социалдык маселелери начарыраак каржыланганын көрүүгө болот. Алсак, өлкөнүн билим берүү системасын мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылоого жумшалган каражаттан чегерилген акчадан ар бир мектеп окуучусуна 1020 сом сарыпталган. Ал эми алгачкы кесиптик окуу жайынын ар бир окуучусуна – 4603 сом, орто кесиптик окуу жайынын 1 окуучусуна – 3931 сом жана жогорку окуу жайынын 1 студентине – 2235 сом бюджеттик каражат жумшалган.

Мектептик билим берүүнүн социалдык көйгөйлөрү жөнүндө кеп козгогондо көбүнчө мугалимдердин эмгек маяналары жөнүндөэле айтылат жана бул маселени мугалимдердин эмгек маянасын көбөйтүү менен оңой эле чечип койсо болчудай көрүнөт. Ошондуктан акыркы жылдары Кыргызстандын билим берүү системасын каржылоого чегерилген ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү өсүп, 2003 – жылы өлкөнүн билим берүү системасын каржылоого мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражат өлкөнүн ички дүң продукциясынын (ИДП) 4,5% түзсө, 2012 – жылы 6,7% чейин көтүлгөн. Бул көрсөткүч Евробиримдиктин өлкөлөрүндө 5%, АКШда 5,2% жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө 3,9% түзгөн. Ал эми ЕАЭСтин өлкөлөрү Кыргызстанга бул көрсөткүч боюнча жакындай дагы албасын төмөнкү таблицадан көрүүгө болот.


ИДПдан билим берүүгө бөлүштүрүү (% менен)





2010

2011

2012

2013

2014

2015

Россия

4,1

4,0

4,1

4,4

4,3

3,9

Беларусь

5,4

4,8

5,1

5,2

5,0

4,9

Казакстан

4,1

3,8

4,0

3,8

3,6

3,4

Армения

2,8

2,8

2,4

2,3

2,4

2,4

Кыргызстан

5,8

6,8

7,4

6,8

6,5

6,0

Жыйынтыгында, Кыргызстандын билим берүү системасын каржылоого бөлүнгөн каражат ИДПнын эле эмес мамлекеттик бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн дагы көп бөлүгүн түзүп, 2017 – жылы анын төрттөн бир бөлүгүнө жетип калды.

Бюджеттен билим берүүгө бөлүнгөн каражат (% менен)




2010

2011

2012

2013

2014

2015

Россия

10,8

11,2

11,0

11,6

11,2

10,2

Беларусь

16,8

18,1

17,5

17,9

18,4

5,0

Казакстан

16,5

16,8

18,7

18,1

18,9

17,4

Армения



















Кыргызстан

18,6

21,2

21,4

23,1

21,4

18,9

Үстүртөн караганда, мындай көрсөткүчтөр дүйнөнүн бир дагы өлкөсүндө жок мактанаарлык нерсе. Ырасында, ушундан улам, расмий маалыматтар боюнча Кыргызстандын мугалимдеринин эмгек маянасы акыркы 7 жылдын ичинде 3миң 565 сомдон (2020ж.) 13 миң 824 сомго (2016ж.) чейин көбөйдү. Бул тууралу кийинки таблицалар маалыматтап турушат.


Мугалимдердин эмек манянасы (орточо айлык)


Кыргызстандын билим берүү системасынын сегменттеринин ичиндеги айырмачылыктарды төмөнкү таблицадан көрүүгө болот.




Мугалимдердин эмгек маянасынын өсүү айрымасы


Айта келгенде бул нерселер жакшы эле өңдөнөт. Бирок, мамлекет акыркы жолу (2015-жылы) билим берүү системасынын башка сегменттеринде (ПТУ, СПО, ВУЗ) иштеген окутуучуларынын айлыгын көбөйтпөй туруп, мектептеги мугалимдердин гана айлык акысын көбөйтсө дагы, бул аракеттер жетишсиз болду жана мектеп мугалимдеринин социалдык көйгөйлөрүн ойдогудай чече алган жок. Себеби, кандай болгон күндө дагы Кыргызстандын ИДПсы жана анын малекеттик бюджети өтө аз. Анткени, Кыргызстандын экономикасынын 60-70% көмүскө экономикага тиешелүү жана көмүскө экономика өлкөнүн ИДПсы менен мамлекеттик бюджетине эч салым кошпойт. Ушундан улам, Кыргызстандын ИДПсы ЕАЭСтин өлкөлөрүнүн ичиненэң аз болуп эсептелинет. Мисалы, Кыргызстандын ИДПсы 6 млрд. 133 млн. долларды түзсө, Россияныкы 1 трлн. 284 млрд. долл., Казахстандыкы 135 млрд. долл., Беларусияныкы 48 млрд. 100 млн. долл., Арменияныкы 10 млрд. 800 млн. доллар. Кыргызстандын ИДПсы абсалюттук эле эмес салыштырмалуу түрдө дагы өтө аздык кылат. Мисалы, 2016-2017 жылдардагы маалыматтар боюнча Россиялык ар бир жаранга бир жылда 8 миң 58,3 доллар туура келсе, бул көрсөткүч Казакстанда 7 миң 585 долл., Беларусияда 5 миң 92 долл., Түркменстанда 6 миң 389 долл., Арменияда 3 миң 568 долл., Өзбекстанда 2 миң 111 долл., жана Кыргызстанда 1 миң 733 долл., болгон. Демек, Кыргызстандын ИДПсынан жана мамлекеттик бюджетинен өлкөнүн билим берүү системасын каржылоо үчүн бөлүнгөн каражат абсалюттук мааниде канчалык көбөйсө дагы салыштырмалуу түрдө ал баары бир жетишсиз бойдон кала берет.

Ушуга байланыштуу, биринчиден, Business Forecast бюросунун изилдөөлөрү боюнча Кыргызстандыктардын орточо эмгек маянасы мурунку СССРдын өлкөлөрүнүн арасындагы эң азы болуп эсептелинген жана ал 2014 жылкы расмий маалымат боюнча 236 долл., болгон. Ал эми бул көрсөткүч Эстонияда 1,258 долл., Латвияда 950 долл., Россияда 939 долл., Литвада 878 долл., Казакстан, Беларусия, Азербайжанда 579 – 539 долл., Украинада 408,5 долл., Арменияда 368,9 долл., Малдовада 299 долларды түзгөн.

Экинчиден, 2017 жылкы расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстандагы ансыз дагы аз болгон эмгек акылардын ичинен эң азымектеп мугалимдериники болуп, орточо алганда ал 11 миң 400 сомго (200 долл.) араң жеткен. Ошол эле учурда Кыргызстандыктардын орточо эмгек акысы жалпысынан 15 миң 591 сом болгон жана финансы сферасында иштегендердики 34 миң сом, маалымат жана байланыш чөйрөсүндөгүлөрдүкү 29 миң 383 сом, электроэнергетика, газ менен камсыздоо кызматындагылардыкы 29 миң сомду түзгөн.

Мектептер менен мектеп мугалимдеринин социалдык маселелерин чечүүдөгү экономикалык факторлор жөнүндө сөз кылганда мектептерде ата-энелерден чогултулуп жана пайдаланылып жүргөн коомдук каражаттардын натыйжалуу пайдаланылбай, негизинен максатсыз коротулуп, алар мугалимдердин социалдык маселелерин жакшыртууга жакшы жумшалбай келе жатканын дагы сөзсүз түрдө айта кетүү керек. Мурдакы Билим берүү жана илим министри Э. Сариева белгилегендей, Кыргызстандын мектептеринде жылыга 2 млрд., сомдон ашык ата-энелердин каражаттары чогултулуп келе жатканы белгилүү. Бул маселени жөнгө салуу менен мугалимдердин социалдык маселелерин жакшыртуугакандайдыр бир салым кошууга болмок.

Айтор, Кыргызстандын шартындамектеп мугалимдеринин социалдык көйгөйлөрү экстенсивдик жол менен алардын эмгек маянасын көбөйтө коюпэле чече турган маселе эмес экендиги анык. Анын үстүнө, мугалимдердин социалдык маселелерин жакшыртыш үчүн мамлекет мындан ары дагы каражат бөлүп берүүнү көбөйткөнгө алы келбейт. Ансыз дагы башкалардан айырмаланып, кыргызстандагы ИДПнын жана мамлекеттик бюджеттин көп бөлүгү ушул багытта сарпталууда.

Ошондуктан, мектеп мугалимдеринин социалдык маселелерин көптөгөн материалдык, моралдык, социалдык, саясий, административдик жааттагы комплекстүү иш – чараларды ишке ашыруу менен гана чечүүгө болоору бышык.

Демек, эмгек акысынан тышкары Кыргызстандын мугалимдеринин коомдогу социалдык статусун жогорулатып жана социалдык көйгөйлөрүн жакшы жагына чечип бере турган көптөгөн мамлекеттик рычагдарды иштетиш керек.Алар мугалимдер үчүн көптөгөн социалдык женилдиктер, укуктар, мүмкүнчүлүктөр мененартыкчылыктарды түзүп, алардын сапаттуу жана натыйжалуу иштешине, татыктуу эс алышына жана мезгил-мезгили менен педагогикалык квалификацияларын жогорулатып турушуна шарт түзүп берип, мугалимдердин жакшы иштешин стимулдаштырып турушу керек. Ушул өңүттө, эң оболу мектептик билим берүүнүн, анын ичинде мугалимдердинсоциалдык көйгөйлөрүн чечүүгө жолтоо болуп келе жаткан укуктук – нормативдик маселелерди жөнгө салып, аларды мугалимдердин социалдык көйгөйлөрүн чечкенге багыттоо зарыл. Бул үчүн 2003-жылы 30-апрелде кабыл алынып, андан бери 24 жолу оңдоолор менен кошумчаларкиргизилген Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндөгү” жана 2001 жылы 14-январда кабыл алынып, 10го жакын толуктоолор менен оңдоолор киргизилген Кыргыз Республикасынын “Мугалимдин статусу жөнүндөгү” Закондору баш болгон“Салык кодекси”, 30дан ашык толуктоолор менен оңдоолор киргизилген “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөгү” Закону, “Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү” Кодекси,“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” Закону, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” Закону, “Мамлекеттик эмес пенсиялык фонддору жөнүндөгү” Закону, “Мамлекеттик жеке менчиктик өнөктөштүк жөнүндөгү” Закону, “Жергиликтүү башкаруу жөнүндөгү” Закону, “Мамлекеттик ипотекалык турак жайды кредитөө жөнүндөгү” Закону сыяктуу10-15 Закондорду кайра карап чыгып, аларга мугалимдердин социалдык жагдайын жакшыртатурганөзгөртүүлөрдү киргизүү керек. Муну менен катар эле Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 20га жакын ар кандай токтомдоруна жана нускамаларына мугалимдердин пайдасына боло турган өзгөртүүлөрдү жасоо зарыл.

Айтор, мугалимдердин социалдык маселесин комплекстүү негизде карап чыгып, алардын социалдык статусун көтөрө турган саясатты системалуу ишке ашыруу менен гана чечүүгө болот. Болбосо, кабыл алынгандан берки мезгилдеги тажрыйба көрсөткөндөйКР “Билим берүү жөнүндөгү” Законунун социалдык блогу жана “Мугалимдин статусу жөнүндөгү” Закону декларативдик мүнөздө болуп, ал аз келгенсип Кыргыз Республикасынын башка Закондору жана Өкмөт Токтомдору менен карама – каршы болгондуктан алар мугалимдердин социалдык маселелерин чече албай келишүүдө. Ушундай абалдан улам, акыркы жылдары мугалимдер үчүн эмес Кыргызстандын күч түзүмдөрү үчүн байма-бай үйлөр курулуп, алардын социалдык маселелери жигердүүлүк менен чечилүүдө. Ал гана эмес, салыштырмалуу түрдө мугалимдерге караганда жакшы шарттарда иштеп, социалдык көгөйлөрдү билбей жашапжаткан прокуратуранын кызматкерлери үчүн дагы мамлекет турак жайлар курулууда.

Үчүнчүдөн, мугалимдерди моралдык жактан колдоо маселелери дагы жакшы колдоого алынышы абзел. Белгилүү болгондой, мугалимдерди моралдык жактан колдоп, аларды кыргыз коомчулугунун эң сыйлуу, кадырман жана урматтуу катмары кыла турган мамлекеттик бир топ моралдык жактан колдоо механизмдери көңүл жаздымында калууда. Мисалы, жергиликтүү, кесиптик жана мамлекеттик маанидеги ар кандай сыйлыктар менен наамдарды ыйгарууда мугалимдерге артыкчылык берилиши керек эле. Тескерисинче, акыркы мезгилдерде байкалгандай, артыкчылык мамлекеттик-бюрократиялык аппараттын, бизнестин, шоу – бизнестин өкүлдөрүнө өзгөчө арбын берилүүдө.

Жогоруда, негизинен, мектеп мугалимдеринин социалдык абалына байланышкан мамлекеттик социалдык-экономикалык саясаттын айрым маселелерине токтолуп өттүк. Муну менен катар, кошумча ирээтинде, 79 миңге жакын мугалимдеринин коомдогу социалдык статусун төмөндөтүп келе жаткан дагы бир маселеге токтоло кетүү туура болчудай. Бул маселе экономикалык факторлор менен тыкыз байланышпайт жана анын чечилиши сөзсүз эле мамлекеттин жогорку бийликтеринин кийлигишүүсүнө көз каранды эмес. Бул маселе мектеп мугалимдеринин эмгегине туура баа берүү ишине байланышып, мектепти бүтүрүүчүлөрдүн аттестатынын таптакыр девальвацияланышында жана аны менен кошо мугалимдердин 11 жылдык эмгегинин такыр эле эске алынбай калышында. Белгилүү болгондой, бүтүрүүчүлөр жогорку окуу жайына өтүү учурунда ЖРТнын гана жыйынтыгы эске алынып, Совет мезгилиндей жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөй болуп мектеп аттестатындагы баалардын коэффиценти менен бүтүрүү экзамендеринин жыйынтыгы четке кагылып калган. Албетте, бул маселенин тегерегинде мектеп мугалимдерининокуучулардын билимин баалодогу кемчиликтери менен бүтүрүүчү экзамендердин адекваттуу эместигине байланышкан проблемалар бар экени талашсыз. Бирок бул проблеманын тегерегинде иш алып барып, аны конструктивдүү жагдайда чечпестен, механикалык – бюрократиялык жол аркылуу маселени күн тартибинен алып салуу менен кутула салуу иши мектеп мугалимдеринин коомчулуктагы жана жалпы коомдогу статусуна олуттуу доо кетирип келүүдө.

Ошентип, Кыргызстан жогорку сапаттагы адам ресурстарына ээ болуп, инновациялык негизде өнүгүп жаткан дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүнө кошулуш үчүн эң оболу мамлекеттин мектептик билим берүү сегментинин ишин жакшыртышы керек. Бул нерсе биринчи кезекте мектеп мугалимдеринин мектептеги жана жашоо – тиричиликтеги материалдык – социалдык абалы менен коомдогу социалдык статусуна жараша болоору бышык. Ал эми бул маселенин чечилиши бир гана экономикалык факторлорго байланышып, эмгек маяналарды көбөйтө салуу аркылуу эле чечип сала турган оңой нерсе эмес экендиги жана аны натыйжалуу ишке ашыруу үчүн саясий, социалдык, моралдык сыяктуу жагдайларды дагы эске алуу зарылчылыгы бар экени талашсыз. Ушуга жараша бул маселенин тегерегинде мамлекеттик жогорку уюмдар, Министрликтер, тиешелүү областтык, райондук жана жергиликтүү башкаруу уюмдары, мектеп дирекциялары, жергиликтүү коомчулук менен ата – энелерден турган бир максаттуу жана бир кызыкчылыктагы кеңири коалиция ар тараптуу иш алып барышы керек. Ушундай иштин жыйынтыгында гана:



  • республиканын мектеп мугалимдеринин социалдык статусу тишелүү жогорк деңгээлде болот;

  • мектеп мугалимдериининсапаттуу, чыгармачыл жана кызыкдарлыкта иштөөсүнө жогорку мотивация түзүлөт;

  • мектепмугалимдериинин натыйжалуу жана пайдалуу эмгектенүүсү үчүн татыктуу материалдык, социалдык, саясий жана моралдык стимулдар жаралат;

  • Кыргызстандын мектептериндеги мугалимдердин коом алдындагы жоопкечилиги жогорулайт.



Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   34


©netref.ru 2019
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет