И. арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин



бет4/34
Дата29.11.2019
өлшемі9.87 Mb.
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   34

Литература

  1. Гукаленко О.В. Поликультурное образование: теория и практика [Текст] / О.В. Гукаленко, Т.Г. Шевченко. – Ростов н/Д, 2003. – 512c.

  2. Библер В.С. Культура. Диалог культур [Текст] / В.С. Библер // Вопросы философии. – 1989. – № 6. – С. 33.

  3. Сыродеева А.А. Поликультурное образование [Текст]: учебно-методическое пособие / А.А. Сыродеева. – М.: МИРОС, 2001. – 192 с.

  4. Адылбек кызы Г. Влияние национально-психологических факторов на поликультурное воспитание младших школьников [Текст]: автореф. дисс. … канд. пед. наук / Г. Адылбек кызы. – Бишкек, 2005. – 20 с.

  5. Джуринский А.Н. Поликультурное воспитание: сущность и перспективы развития [Текст] / А.Н. Джуринский // Педагогика. – М., 2002. – №10. – С. 93-96.

  6. Бахтин М.М. Эстетика словесного творчества [Текст] / М.М. Бахтин. – М., 1979. – 332 с.

  7. Филипчук Г.Г. Общечеловеческое и этнокультурное в образовании: Взгляд из Украины [Текст] / Г.Г. Филипчук // Педагогика. – М., 2007. – № 1. – С. 15-22.

  8. Кожахметова К.Ж. Особенности поликультурного образования в условиях многоэтнического Казахстана [Текст] / К.Ж. Кожахметова. / Под ред. Г. Н. Волкова. – Алматы: Алем, 2001.

  9. Тарба И.Д. Образование в судьбе современной России: круглый стол [Текст] / И.Д. Тарба // Педагогика. – М., 2008. – №1.

  10. Кошербаева Г.Н. Развитие межкультурного диалога в педагогическом процессе высшей школы [Текст]: автореф. дисс. … канд. пед. наук / Г.Н. Кошербаева. – Тараз, 2003. – 30 с.

  11. Кукушин С. Воспитание толерантной личности в поликультурном социуме [Текст]: пособие для учителя / С. Кукушин. – Ростов н/Д, 2002. – 405 с.

  12. Степанов П. Толерантный человек: как его воспитать? [Текст] / П. Степанов // Народное образование. – 2001. – № 8. – С. 152-156.



КЕНЖЕ ЖАШТАГЫ БАЛДАРДЫН ЭМОЦИОНАЛДЫК ЖАКТАН ӨНҮГҮҮСҮНДӨ ОЮНДАРДЫН ТААСИРИ ЖАНА ТАРБИЯЧЫНЫН ОРДУ
Деркембаева К.Т. – И.Арабаев

атындагы КМУнун, педагогика

факультетинин магистранты
Аннотация. Мектепке чейинки балдарды эмоционалдык жактан өнүгүүсүндө кыймылдуу оюн бирден бир баалуу каражат болуп эсептелинет. Оюн-баланын ички дүйнөсүнүн өсүшүнө, адамга болгон мамилесине, өзүн-өзү таанып билүүсүнө мүмкүнчүлүк берет. Тарбиячы өзүнүн теориялык жактан билимин практика жактан айкалыштырып, жыл сайын чыгармачылык менен өркүндөткөндө, изденип иштегенде гана устат тарбиячы болот.

Түйүндүү сөздөр: оюн, кенже жаштагы балдар, тарбиячы, тайпа, акыл-эс, кыймыл-аракет, эмоционалдык жактан өнүгүү, ден соолук.
ВЛИЯНИЕ ИГРЫ НА ЭМОЦИОНАЛЬНОЕ РАЗВИТИЕ ДЕТЕЙ МЛАДШЕГО ВОЗРАСТА И РОЛЬ ВОСПИТАТЕЛЯ
Деркембаева К.Т. –

магистрант факультета педагогики

КГУ им. И.Арабаева
Аннотация. Для детей дошкольного возраста с эмоциональным развитием, игра является одним из самым ценным средством. Игра поможет ребенку внутренний рост, отношения к человеку, самопознание. Когда воспитатель свои теоретические знания применяют на практике, ежегодно повышает творческие знание, тогда только становятся опытным воспитателям.

Ключевые слова:игра, детей дошкольного возраста, воспитатель, группа, ум, движения, эмоциональнаяразвитяе, здоровья.
INFLUENCE OF THE GAME ON THE EMOTIONAL DEVELOPMENT OF YOUNG CHILDREN AND THE ROLE OF THE EDUCATOR
Derkembaeva K.T.

graduate student of the faculty of pedagogy

KSU them. I.Arabaev
Annotation. Children before school age with emotional development, the game are one of the most valuable means. The game will help the child internal growth, attitudes toward man, self-awareness. When the teacher uses his theoretical knowledge in practice, annually increases his creative knowledge, then only become an experienced educator.

Key words: game, children before school age, the teacher, group, mind, of movement, emotional development, health.
Кенже жаштагы балдар абдан эле эмоционалдуу, ойногонду өтө жакшы көрүшөт.Кенже жаштагы балдардын эмоционалдык жактан өнүгүүсүндө жана тарбиялануусунда оюн абдан чоӊ ролду ойнойт. Улуу педагог В.А.Сухомлинский белгилеп кеткендей: “Оюн-бул абдан жарык терезе, баланын ички дүйнөсүнүн өсүшүнө, адамга болгон мамилесине, өзүн-өзү таанып билүүсүнө мүмкүнчүлүк берет” [6].

Баланын алгачкы жылдары, айрыкча 3 жыл,абданмаанилүү. Алар үчүн оюн-келечектегиден соолуктун, денесинин жана өсүүсүнүн пайдубалы болуп саналат. Кенже жаштагы балдардын эмоционалдык жактан өнүгүүсүнө оюн – интеллектуалдык, социалдык, эмоционалдык жана дене жактан өскөнгө жардам берет.Балдарды тарбиялоо жана үйрөтүү программасына ылайык балдар бакчасында сабактардын жана эмгектенүүнүн түрлөрүнө жараша 2 этапты эске алуу зарыл. Биринчи этапка – биринчи жана экинчи кенже тайпалар (2 жана 4 жаштагы балдар). Экинчи этапка – ортоӊку жана улуу жаштагы балдардын тайпалары (5 жана 6 жаштагы балдар) [1].

Мектепке чейинки мекеменин тарбиячысы өзүнүн теориялык жактан билимин практика жактан айкалыштырып, кесипчилигин жакшы билген ишмер тарбиячы болуу үчүн балдарды тарбиялоо жана үйрөтүүдөгү педагогикалык иш -аракеттерди балдардын кенже тайпасынан баштап жыл сайын чыгармачылык менен өркүндөткөндө, изденип иштегенде гана устат тарбиячы болот.Тарбиячы тайпадагы өткөрүлүүчү режимди педагогикалык приципти колдонуу жана пландаштыруу менен өткөрүү керек. Жаш өзгөчөлүгүнө ылайык кыймыл-аракет, оюндар аркылуу балдарды ар түрдүү көнүмүшкө көндүрөт жана үйрөтөт. Мектепке чейинки балдарды дене тарбиялоодо кыймылдуу оюн бирден бир баалуу каражат болуп эсептелинет.

Кыймылдуу оюндар мазмуну боюнча ар түрдүү, балдар өздөрүнүн билимин жана билгенин өз алдынча ачык- айкын кызыгуу менен колдонушат. Балдарды өнүктүрүп- өстүрүүдөкыймылдуу оюндардын чоӊ тарбиялык мааниси бар, ал гимнастиканын негизги олуттуу бөлүгүн түзөт. Кыймылдуу оюндун тарбиялык мааниси болуп, тарбиячынын балдардын тарбиясына максат коюу менен алардын эмоциясын жогорулатуу үчүн ар түрдүү методдорду жана методикаларды колдонуу менен оюндарды өткөрүүсү эсептелинет.

Тарбиячы балдар менен кыймылдуу оюнду өткөрүүдө: тайпадагы балдардын денесинин жана акыл-эсинин өнүгүүсүндөгү жалпы деӊгээлин, кыймыл-аракетин, ар бир баланын ден-соолугунун абалын, анын жеке өзгөчөлүгүнө, жыл мезгилине, күндүк режимге, оюндарды өткөрүүчү жер, балдардын оюнга болгон кызыгуусуна жараша өткөрөт. Тарбиячы жуманын ичиндеги ар бир күнгө, ар түрдүү мазмундагы жана мүнөздөгү оюндарды пландаштыруусу керек. Ал оюндар балдардын жалпы өсүп жетилүүсүн камсыз кылуу менен өз алдынча болууларына да мүмкүндүк берет.

Кыймылдуу оюнга сюжеттүү, сюжетсиз жана спорттун элементтери бар оюндар кирет. Сюжеттүү кыймылдуу оюндар турмуштан же жомоктон алынган эпизоддор шартуу формада оюнда чагылдырылат. Сюжеттүү кыймылдуу оюндар балдар үчүн абдан кызыктуу. Балдардын алдына коюлган максатка жетүүсү үчүн ачык айкын түшүнүктүү болуш керек.

Сюжетсиз оюнда жарышуунун элементтери колдонулат. Көп татаал эмес оюн-эстафеталар, буюмдар менен ойноочу оюндар. Мисалы: ким өзүнүн желекчесине жетет, кимдин звеносу бат тизилет, ким жакшы ыргытат.

Кыймылдуу оюндарды ачкарын, тамактануунун алдында өткөрүүгө жол берилбейт, себеби балдарда эмоционалдык жактан дүйлүгүү пайда болот да балдардын табитине (аппетитине) терс таасир тийгизет. Ал эми кенже жаштагы балдарга тарбиячынын катышуусу менен сюжеттүү, сюжетсиз кыймылдуу оюндар уюштурулат.

Тарбиячы 3 жаштагы балдарды акырындык менен оюндун мезгилинде жеке өзү ролду аткарууга алып келет. Ал эми “Өзүӊдүн үйүӊдү тап” деген оюнда өз алдынча чуркоонун багытын өзгөртүүгө үйрөтөт. Бул мисал келтирилген оюндар балдарды айлана-чөйрөгө ориентир жасоого жана оюндун ар түрдүү абалдарын билүүгө тарбиялайт.

“Ким бат”- деген оюн бир жагынан балдарды эмоционалдык шаттыкка бөлөө менен бат кыймыл-аракет жасоого өбөлгө түзсө, экинчи жактан баланы коллектив алдында жоопкерчилигин сезүүгө, коюлган максатка жетүүгө балдарды тарбиялайт.

Балдар ар түрдүү кыймыл-аракетти өз каалоосу менен аткарат. Алар чуркашат, секиришет (нерселердин) буюмдардын алдынан жөргөлөп өтүшөт, тигил же бул сюжеттүүкыймылдуу оюндарда адамды же айбандарды тууроо менен топ, желекче, алкакчалар менен жасоочу тапшырмаларды аткарышат.

Кенже жаштагы балдардын түшүнүгү аз, көӊүл буруусу туруксуз болуусуна байланыштуу тарбиячы кенже жаштагы балдарга жеткиликтүүсюжети бар оюнду тандоосу керек. Ал сюжеттер балдардын күндөлүк жашоо турмушунан алынганы оӊ, ал балдарга жакшы тааныш болуу абзел.Кенже жаштагы балдар менен сюжеттик оюндарды тарбиячы өтө жөнөкөй кыймыл-аракет жасоого тапшырма бериш керек. Кенже жаштагы балдардын оюнунун негизи абдан жөнөкөй. Мисалы: басуу, чуркоо, секирүү, жөрмөлөө. Кенже жаштагы балдардын оюнунда жарышуунун элементтери болбош керек. Башында тарбиячы өзү оюндарында жоопкерчилик роль аткарат, кийин тарбиячы бир балага тапшырат.

Тайпада кенже жаштагы балдар көп санда болгондо, алардын кыймыл-аракет жасоосу бир-бирине тоскоолдук болот. Ошондуктан тарбиячы биринчи күндөрү өтө көп эмес балдар менен оюнду өткөрөт. Качан гана балдар кыймыл-аракет жасоого үйрөнүшүп, тарбиячынын айтканын чогуу угуп, жасаганын кайталаганга көнүккөндөн кийин гана тайпадагы балдар менен оюнду уюштуруп өткөрүү керек.

Тарбиячы балдар оюнга кызыгууга, жөнөкөйоюндун маани-маӊызын, жол-жобосун жеткиликтүү түшүндүрүүгө далалат кылыш керек. Ойноп жаткан учурда балдар акырын чуркоону, жумшак секирүүнү унутуп калышат. Ошондо тарбиячынын көрсөткөн үлгүсү чоӊ мааниге ээ. Тарбиячыны балдар туурап, жакшы кыймыл-аракетти жасоого умтулушат. Тарбиячы балдарды мактап турса, ого бетер угуп, жакшы аракет кылууга умтулат.

Жылдын башында кенже балдардын тайпасына балдар көп келет. Алар коллективге бат эле көнө койбойт. Ошондуктан тарбиячы балдарга өтө мээримдүү мамиле жасашы керек. Балдардын чарчоосуна жол бербөө үчүн оюнду убагында токтотуу керек.

Кенже жаштагы балдарды жөнөкөй эле түз тизүү тарбиячы үчүн кыйынчылыкты туудурат. Себеби алар начар ориентир алышат. Коллона менен тегерек тизилүүдө кенже жаштагы балдардын кыймылы жай болот. Ал кыйынчылыктарды тарбиячы акырындык менен ишке ашырат. Тарбиячы кенже жаштагы балдарга тизилүүнү үйрөтүүдө кээ бир оюндарды колдонуунун пайдасы бар. Мисалы: “Паравоз” деген оюнду ыракаттануу менен ойношот. Бул оюн балдарды биринин артынан бири туруусунун көнүмүштөрүн бекемдейт. Эки экиден туруу үчүн “Конокко барабыз”, “Сейилдейбиз” ж.б. оюндарды алса болот.

Кыймылдуу оюндар музыканын коштоосу менен болсо, балдар абдан кызыгуу менен оюнду ишке ашырат жана жакшы кабыл алышат. Тарбиячы заниятиенин негизги бөлүгүн туура уюштурса, ал баланын физиологиялык жактан жетилүүсүнө оӊ таасирин тийгизет. Тарбиячынын иш баштоосу занятиелерди пландаштырып алууда башкы ролду ойнойт. Пландаштырууда балдардын жашына жана тайпалардын өзгөчөлүгүнө карай иш жүргүзүүгө тийиш. Планда занятиянын өткөрө турган жери жана колдонула турган керектүү колдонмолор киргизилет.

Тарбиячы занятияга колдонула турган методдорду жана ар кандай ыкмаларды кыймыл-аракеттерди уюштуруу үчүн инвентарларды колдонуусу жана аны колдонуудагы коопсуздукту сактоону камсыз кылышы керек.

Программанын талабына жараша тарбиячы материалды алдын-ала болжолдоо менен жумага, айга, жылдын бөлүктөрүнө (квартал), жылга бөлүштүрүүгө тийиш. Кенже жаштагы балдардын жасаган кыймыл-аракеттерине тарбиячы дайыма көз салуу менен алардын эмнеге кызыгуусун, оюндагы ойлоо менен кыймыл-аракет жазап ишке ашыруучу максатты кандай аткарып жатканын, бала кандай активдүү же тескерисинче кайсы бала өтө жай оюндагы кыймыл-аракетти жазап жатканын байкашы керек.

Тарбиячы кенже жаштагы балдардын сүйлөөсүн өстүрүү үчүн аларга суроолорду берет, алардан жооп алуу, кайталап суроо менен бирге алардын сүйлөөсүн активдештирүү керек. Мисалы: “Бул ким”, “ Сенин үйүӊдө кандай оюнчуктар бар”,- деген темада аӊгеме жүргүзөт”. Тарбиячы балдар менен кеп-кеӊеш жасоо мезгилинде кулк-мүнөзүн кээ бир эрежелер жөнүндө айтып түшүндүрүш керек. Алсак, “сүлгү жана кийим илүүчү шкафдагы өзүӊө тиешелүү сүрөттү эсиӊден чыгарба”, “ Тамак ичип бүткөндөн кийин рахмат айтып, орундукту үстөлдүн жанына жылдырып кой”, “ Ойноп бүткөндөн кийин оюнчуктарды өз ордуна кой” ж.б [4].

Тарбиячы кенже жаштагы балдарды имараттын ичи жана аларга тиешелүү аянтча менен бир нече күндүн ичинде тааныштырат. Ар бир күн сайын бирден объект менен тааныштырат. Кенже жаштагы балдарга чоӊ адамдар менен саламдашууга, кетээринде коштошууга үйрөтөт. Жаратылышка байкоо жүргүзүү кенже жаштагы балдар үчүн жаз мезгилден тартып байкоо жүргүзүлөт.

Тарбиячы кенже жаштагы балдарды үй-айбандары менен тааныштыруу менен бирге эле, жырткыч айбандар менен тааныштырыш керек. Ошондо ар бир айбандын өзгөчөлүктөрүн, алардын денесинин түзүлүшүн, кандай түстө, буттары кандай, денесинин көлөмү, айырмачылыктары тартылган сүрөттөрдү көрсөтөт.Тарбиячы кенже жаштагы балдардын сөзүн өстүрүү менен, алардын акыл-эсин өстүрүп өнүгүшүн толуктап, балдарга кызыктуу китептерди окуп берүүсү жана аӊгемелешүүсү чоӊ мааниге ээ. Элдик жомокторду угуп атып балдар жаман-жакшыны айырмалап билишет. Кенже жаштагы балдар жомок укканды аябай жактырат. Ошондуктан тарбиячы кайра-кайра окууга тийиш. Тарбиячы балдарга ырды үйрөтүүдө,өзү 3-4 жолу жатка көркөмдөп айтыш керек. Ырларды бир нече занятияда баарын жаттоосун талап кылбаш керек. Бир нече занятиядан кийин гана жаттата алат жана кайталатат.

Кенже жаштагы балдардын өз алдынча оюнун калыптандырууда тарбиячынын камкордугунун негизин оюн милдеттерин түзүшү керек. Эгерде тарбиячы балдарга мезгил-мезгили менен алмаштыргыч буюмдарды (кашыктын ордуна таякчаны, апельсиндин, алманын ордуна шарчаны ж.б.у.с.) оюн материалдары катары сунуш кылыптурбаса, алардын абстракттуу ой жүгүртүүсүнүн жана элестетүүсүнүн өнүгүүсү кечеӊдеп калышы мүмкүн. Ал эми Л.С.Выготскийдин пикири боюнча дал ушу элестетүү кырдаалы оюндун башкы белгиси болуп саналат. Демек, баланын ойлоосунун жана элестетүүсүнүн өнүгүшү кенже жаштан баштап эле ишмердүүлүк катары оюндун калыптанышы менен байланышат [3].
Адабияттар:


  1. Асанова Ж. Мектепке чейинки балдарды тарбиялоодогу тарбиячынын ролу. – Бишкек, 1996. - 23-бет

  2. Буре Р.С., Островская Л.Ф. Воспитатель и дети. – Москва, 2001г

  3. Л.С.Выготский. Педагогический поиск . - М.;1983

  4. Егембердиева К. Мектепке чейинки балдарды нравалык, эстетикалык жактан тарбиялоодо көркөм адабияттын жана сүрөт искусствосунун ролу. – Фрунзе: Кыргыздан, 1988

  5. Нечаева В.Г.. Воспитание дошкольника в труде. – М.; Просвещение, 1983

  6. Сливаковская А.С. Игра – это серьезно. – М.; Педагогика, 1981. – 144с.



ВЛИЯНИЕ ЭКОЛОГИЧЕСКОГО ОБРАЗОВАНИЯ НА РАЗВИТИЕ ЛИЧНОСТИ ДОШКОЛЬНИКОВ
Джумагулова С.Б. – старший преподаватель кафедры технология

дошкольного образования КГУ им. И. Арабаева.


Аннотация. В статье рассматривается влияние экологического образования на развитие личности дошкольников: виды деятельности, общественно полезный труд, развивающие и дидактические игры. Оно должно находится в тесной взаимосвязи и предъявлении единых педагогических требований можно воспитать экологически развитую личность ребенка, сформировать элементарные естественнонаучные представления о природе; воспитать любознательность; любовь и интерес к родному краю, творческая созидательное отношение к природе.

Ключевые слова: экологическая влияние, экологическая культура, экологическая сознание, особенности развития познавательной деятельности, творческих способности в общении с природой, формирования экологического мышления личности.
МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БАЛДАРДЫН ИНСАНЫН ӨНҮКТҮРҮҮДӨ ЭКОЛОГИЯЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ
Джумагулова С.Б. – И.Арабаев атындагы КМУнун мектепке чейинки билим берүү

кафедрасынын ага окутуучусу


Аннотация. Макалада мектепке чейинки курактагы балдарга экологиялык билим берүүдө инсандын өнүгүүсүнө түрткү берүү; ишмердүүлүктүн түрлөрү, эмгекке, өнүктүрүүчү жана дидактикалык оюндар. Педагогикалык талапта инсандын экологиялык өнүгүсүндө баланы тарбиялоодо, калыптануусунда жаратылыштын көрүнүшүнө, кызыгуусу аны сүйүүгө, жаратылышка чыгармачылык мамиле аяр жасоого тарбиялоо.

Түйүндүү сөздөр: экологиялык байланыш, экологиялык маданият, экологиялык аңсезим, өнүгүү өзгөчөлүгүндө ишмердүлүккө таануу, жаратылышка чыгармачылык мамиле жасоо, инсанды экологиялык ой жүгүртүүсүн калыптандыруу.
INFLUENCE OF ENVIRONMENTAL EDUCATION ON DEVELOPMENT OF PERSONALITY OF PRESCHOOLERS
Dzhumagulova Salyka Boronbekovna – senior lecturer of the department

preschool education KSU them. I. Arabaev.


Annotation. The article considers the influence of ecological education on the development of the personality of preschool children: types of activity, socially useful work, developing and didactic games. It should be in close interrelation and presentation of uniform pedagogical requirements it is possible to bring up the ecologically developed personality of the child, to form elementary natural scientific notions about nature; educate curiosity; love and interest in the native land, creative creative attitude to nature.

Key words: ecological influence, ecological culture, ecological consciousness, features of development of cognitive activity, creative abilities in communication with nature, formation of ecological thinking of the person.
Влияние игры на развитие личности ребенка заключается в том, что через нее он знакомится с поведением и взаимоотношениями взрослых людей, которые становится образцом для его собственного поведения, и в ней приобретает основные навыки общения, качества, необходимые для установления контакта со сверстниками. Важнейший аспект в решении вопроса сохранения земли - образование людей в области окружающей среды, экологическое воспитание всего населения, включая и подрастающее поколению. Началом формирования экологической направленности личности по праву можно считать дошкольное детство, так как в этот период закладывается фундамент, осознанного отношения окружающей действительности.

Накапливаются яркие эмоциональные впечатления, которые надолго, а порой на всю жизнь остаются в памяти человека. Яркость и пестрота красок природы в любое время привлекают внимание детей и без дополнительных воздействий взрослого. Однако представления ребенка, полученные в процессе самостоятельного общения с природой, нередко остаются поверхностными и отрывочными. Основываясь на положительных эмоциональных впечатлениях дошкольников, педагог может помочь им не только узнать много нового и интересного, но и упорядочить знания о различных объектах и явлениях раскрыться творчески. И здесь на помощь приходят жанры устного народного творчества. В детском саду достаточно обширное собрание детской художественной познавательной Литература о природе ( Л.Толстого , С. Аксакова, М .Пришвина, И.Соколова-Микитова, Г.Никольского, Н. Сладкого, К.Паустовского, И.Акимушкина.). Работа с детьми пред школьного возраста построена на произведениях В.Бианки и Е. Чарушина.

Устное поэтическое творчество представляет собой большую ценность не только в познавательном, эстетическом значениях но и служит для формирования экологической культуру дошкольников. Воспитательное значение фольклора в том, что он поэтизирует природу - и реки могучие, поля широкие, степи раздольные – и этим воспевает любовь к родной земле, к родному краю. Весомую значимость в экологическом образовании и творческого развития дошкольников представляют: загадки, пословицы, поговорки, сказки, стихи, рассказы. В народе бытует большее количество загадок животных, насекомых, птицах, овощах, растениях, явлениях природы, лесе. Устное народное творчество представляет собой большую ценность не только в познавательном, эстетическом значениях, формирует экологическую культуры детей, а также развивает их творческие индивидуальные способности. Гуманное отношение к природе ярко выражено в произведениях устного народного творчества, которые связаны выразительностью, близостью к родной природе, оказывающее сильное эмоциональное воздействие на детей, несут огромный нравственно-эстетический потенциал. Анализ различных народных, педагогических источников позволяет выделить основы, полагающие идеи, отражающие мировоззрение и идеалы народа. Связанные с природоохранительным воспитанием –бережного, разумного отношения к родной земле, гуманного отношения животному и растительному миру, объектом неживой природу. Отнеситесь ко всему живому по принципу: сначала на себе испытай, потом другим пожелай. Целенаправленно и систематически используют средства народной педагогики воспитатели детских садов. Проводят большую работу по отбору ярких и доступных для понимания детей легенд, сказок, поговорок, загадок, а так же игр, жанров детского фольклора, содержащих любовь и бережное отношение к природе.

В дошкольном возрасте высокий познавательный интерес к миру природы, его наблюдательность могут быть использованы для расширения его кругозора и экологической эрудиции, появляется желание и возможность самому узнать как можно больше о природных явлениях , а также ухаживать за природными объектами.

Важное педагогическое значение имеют особенности развития познавательной деятельности, творческих особенностей дошкольников. Существенное значение для умственного развития детей имеют правильная организация и совершенствования их познавательной деятельности. Л. С. Выготский высказал предположение, что. Если ребенку предоставить возможность взаимодействовать с окружающим миром, это облегчит процесс развития, познания. Наблюдения занятий дошкольников, анкетирования и беседы с ними, показывают, что большинство детей обладают оценочными знаниями о природе. Наша задача-помочь каждому ребенку раскрыть свои творческие способности в общении с природой. Важным содержательным элементом экологического образования дошкольников является формирования у них первоначального понимания специфики живого организма, его самоценности и неповторимости.

На основе представлений о взаимосвязах в природе, специфике живого у детей впервые в семь лет могут быть заложены начальные формы правильного отношения к природе: интерес к ее познанию, сочувствие живому и готовность сохранить или создать условия, в которых оно существует. Умение видеть красоту природы в разных ее проявлениях ( растения, животные, пейзажи) и желание сохранить ее для повторного восприятия. Формирование у дошкольников, начало правильного отношения к природе, можно рассматривать как содержательный итог экологического образования детей. Экологическое образование дошкольников по своему содержанию шире, чем природоохранительная работа в детском саду. Она строится на понимании детьми зависимостей, существующий в природе, осознаний приемлемый для дошкольников уровень осознанного отношения к живому, к природе, выраженный в положительных эмоциональных реакциях, и животным, если они в этом нуждаются.

В 5-7 лет у дошкольника появляются представления о будущем, мечты о нем . В них выражается желания, стремления, интересы, мотивы поведения ребенка. Например, он хочет быть доктором и лечить не только людей, но и старенькие двери, звездочки на небе, зверей, поломанные веточки. Автобусом малыш мечтает быть потому, что ему так хочется кого-нибудь подвезли, помочь, чтобы люди подружились и не ссорились, чтобы им было хорошо. В мечтах ребенок ищет решение жизненно важных задач, удовлетворяющих его потребности : он стремится быть не только автобусом, а таким, чтобы всем хватило в нем места, т.е .в мечтах проявляются элементы направленности личности. Более того, мечты дошкольника пронизаны эмоциональными переживаниями; сочувствием, сопереживанием другим, удовольствием от того что принес кому-нибудь в пользу. В мечтах, образе будущего сконцентрированы ценности личности ребенка, зачаточные, первоначальное представление о смысле своей жизни , становление которых начинается в дошкольном возрасте.

Большинство изменений в мире природы человек может заметить, почувствовать и пережить только вне стен помещения в непосредственном контакте с природой . Ни картинки, ни рассказ не заменят живого общения с ней. Поэтому так важно ввести ребенка в природу с самого раннего возраста. Выходя на прогулку , родители должны сознавать, что для их детей это начало путешествия в большой, многообразный мир. Природу можно видеть , смотреть на нее воспринимать всей душой, семи органами чувств , замечать многообразие ее форм, красоту красок, звуков, движений , запахов. Это и формирует первый сенсорный опыт ребенка - основу для его интеллектуального развития. Впечатления от родной природы, полученные в детстве, занимаются на всю жизнь. Проявления природы в каждое время разнообразны, прекрасны и удивительны. С самого раннего возраста дети могут увидеть, заметить эти особенности в природе, их перемены. Например: Осень- время расцвечивания листьев и листопада, красивое и удивительное явление природы. Не забывайте полюбоваться красотой золотой осени. Сколько разных красок вокруг! Не торопитесь на огороде, в саду, около дома собирать листья. Мама или педагог берут в руки красный кленовый лист . Помахивая им над головой начинает, начинают кружиться . Малыш во все глаза смотрит на взрослого. Спросите ребенка: « Что это» Да, это листик , листочек, листок. Молодец! Мама ласково обнимает сына : « Я дарю его тебе».

Взаимодействия человека с природой - чрезвычайно актуальная проблема современности. С каждым годом ее звучание становится сильнее, ибо уже сейчас в полной мере ясно, что планируемое им « производство» губительных эффектов на выходе биосферного сверх организма, причем в таком масштабе, что это грозит уничтожением всего живого на Земле, включая и самого человека.

Важнейшим условием сохранения природных ресурсов Земли является воспитание всего населения и особенно молодого подрастающего поколения. Планету может спасти лишь деятельность людей, осуществляемая на основе глубокого понимания законов природы, угода многочисленных взаимодействий с природных сообществах, осознания того что человек не властелин природы , а ее часть. Это означает, что экологическая проблема загрязнения окружающей среды и других отрицательных влияний хозяйственной деятельности человека на Земле. Она вырастает в проблему стихийного воздействия людей на природу, в сознательно, целенаправленно, планомерно развивающееся взаимодействие с нею.

Многочисленные публикации 80-90х годов обнаружили «острые углы» сложившейся в нашей стране экологической ситуации. Авторы публикаций - крупные ученые, журналисты, писатели, хозяйственные и общественные деятели - обсуждая вопросы природоохранной работы, высказываются за необходимость усиления экологической пропаганды, постановки воспитательно-образовательной работы с детьми молодежью. Бережно относиться к природе – гражданский долг каждого человека. Что же это такое экологическое сознание, экологическая культура и как нужно их понимать применительно к области дошкольного образования ? Авторы указывают, что экологическое сознание- это общественное сознание, которое отражает взаимоотношения человека с природой в динамике их развития.

Очень близко по своему содержанию к понятию «экологическое сознание» приближается понятие «экологическая культура» выдвинутая педагогами- исследователями вопросов экологического образования детей дошкольного возраста. Экологическая культура рассматривается ими не как особое явление, а как культура единая человека с природой, гармоничного слияния социальных нужд и потребностей людей с нормальным существованием и развитием самой природы.

Началом формирования экологического мышления личности по праву можно считать дошкольное детство, т.к. в этот период закладывается фундамент осознанного отношения к окружающей действительности, накапливаются яркие, эмоциональные впечатления, которые надолго , а порой и на всю жизнь остаются в памяти человека. Деятельность человека в природе имеет двустороннее значение; она влияет на условия жизни растений и животных, изменяет состояние экологической обстановки, в которой живут люди. Зависимость прямая- чем больше разрушаются и гибнут биоценозы, тем хуже становится физическая среда для жизни человека. Деятельность человека в природе имеет двустороннее значение :она влияет на условия жизни растений и животных, изменяет состояние экологической обстановки, в которой живут люди. Зависимость прямая – чем больше разрушаются и гибнут биоценозу, тем хуже становится физическая среда для жизни человека.



Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   34


©netref.ru 2019
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет