И. арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин



бет6/34
Дата29.11.2019
өлшемі9.87 Mb.
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   34

Литература:

  1. Алифанова Е. М. Формирование коммуникативной компетентности детей дошкольного и младшего школьного возраста средствами театрализованных игр: автореф. дисс. канд. пед. наук. – Волгоград, 2001. – 15 с.

  2. Арабов И.А., Нагорная Г.Ю. Этнопедагогика (культурологический аспект). Карачаевск, 2000. – 215 с.

  3. Айбазова М.Ю. Нравственно-эстегическое воспитание в этнопедагогической культуре Северного Кавказа. – М.,2003. – 272 с.

  4. Ариян М.А. Использование воспитательного потенциала речевого этикета на иностранном языке // Иностранные языки в школе. – 1991. – №2. – С. 912.

  5. Берн Э. Игры, в которые играют люди. – М.: Эксмо, 2004. – 320 с.

  6. Пассов Е.И. Коммуникативный метод обучения иностранному говорению. М.: Просвещение. – 2000. – 223 с.

БАШТАЛГЫЧ КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫНЫН ОКУУ КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮГҮН КАЛЫПТАНДЫРУУ
Ибраимова М.К. – И.Арабаев атындагы

КМУнун магистранты


Аннотация.Азыркы мектеп окуучуларынын окуу сабаттуулугу текстти түшүнүү жөндөмдүүлүгү, турмуштук контекст менен аны байланыштыруу, зарыл маалыматты тексттен ажыратуу катары каралат. Бул проблеманы чечүү боюнча азыркы билим берүүнүн жаңы максаттары белгиленди: өз алдынча окууга жөндөмдүү, окуу ишкердүүлүгүнүн жалпыланган ыкмаларына ээ инсанды өнүктүрүү. Бул жөндөм окуу жөндөмү менен, компетенттүү окурман болуу менен түздөн-түз байланышкан.

Түйүндү сөздөр: компетенттүүлүк, окуучу, өз алдынчалуулук, компетенттүүлүктү калыптандыруу,китеп, баштапкы адабий билим берүү,окуу.
ФОРМИРОВАНИЕ ЧИТАТЕЛЬСКОЙ КОМПЕТЕНТНОСТИ УЧЕНИКОВ НАЧАЛЬНЫХ КЛАССОВ
Ибраимова М.К. – магистрант

КГУ им. И.Арабаева


Аннотация.Читательская грамотность учеников современных школ, которая трактуется, как способность понимать тексты, связывать их с жизненным контекстом,вычленять из текста необходимую информацию. Для того, чтобы решить данную проблему обозначились новые цели современногообразования: развитие личности, владеющей обобщенными способами учебнойдеятельности, умеющей учиться самостоятельно. Это умение напрямую связано с умением читать, быть компетентным читателем.

Ключевые слова: компетентность, школьник, самостоятельность, формирование компетентности, учебник, начальное читательское образование, чтение.
FORMATION OF THE READERS 'CHEERING COMPETENCE OF INITIAL CLASSES
Ibraimova M.K. – master student

KSU them. I.Arabaev


Annotation. Readership literacy of students in modern schools, which is interpreted as the ability to understand texts, link them to the life context, extract the necessary information from the text. In order to solve this problem, new goals of modern education have emerged: the development of an individual who possesses generalized methods of learning activity that can learn independently. This skill is directly related to the ability to read, to be a competent reader.

Key words: competence, schoolchildren, independence, formation of competence, textbook, elementary reader education, reading.
Маалыматтык технологиялардын дүркүрөп өнүгүп жаткан доорунда китеп чоңдор үчүн дагы, балдар үчүн дагы билимдердин булагы, рухий насаатчы жана аңгемелешүүчү катары калууда. Бирок коомдогу азыркы медиамаданияттын таасири астында окурмандын статусу, окуунун чөйрөсү, басмалык текстти кабыл алуунун ыкмалары, китепке кайрылуунун мотивациясы өзгөрүүдө. Азыркы балдар башкача, башка китептерди окуй башташты. Башталгыч класстын окуучусунун кызыкчылык чөйрөсүн детективдер, комикстер, кызыктыруучу адабияттар көбүрөөк ээлей баштады. Окуучулар төрт ирет маалымат издеп китепканага кайрылышса, төрттөн биринде гана “жан дүйнө” үчүн адабият издеген болот. Окумуштуулар азыркы мектеп окуучусунун текстти кабыл алуусун декорациялардын дайыма алмашышын талап кылган клиптик-мозаикалы катары мүнөздөштү, бул көп беттүү текстти өздөштүрүүнү кыйындатат. Балдардын бош убактысынын көпчүлүгүн компьютердик оюндарда ойноо, телеберүүлөрдү көрүү ээлейт, өткөндөгү салттуу үй-бүлөлүк окуу калды, мектеп окуучусуна китеп окууну жаман көрө тургандыгын жашырбай айтуу азыр уят эмес. Бул процесстердин натыйжасында сабаттуулуктун төмөндөшү, кептин оройлугу, жалпы маданий деңгээлдин түшүшү сыяктуу проблемалар келип чыкты.

Бул проблеманы чечүүдө башталгыч класстын мугалимдеринин ролу чоң. Мамлекеттик билим берүүнүн стандартынын негизинде кабыл алынган предметтик программалар компетенттүүлүктү калыптандыруу, универсалдуу окуу аракеттерин өнүктүрүү идеясында курулат. Айрыкча, адабий окуунун үлгүлүк программалык курсунда окурмандык компетенттүүлүктү калыптандыруу баштапкы адабий билим берүүнүн приоритеттүү максаты аталды [3,135-б].

Баштапкы адабий билим берүүнүн жаңы максатын түшүнүү, ага жетүүнүн жолдорун белгилөө, б.а. адабий окуу сабагында ишкердүүлүктү уюштуруунун ыкмасын түшүнүү үчүн бизге азыркы илимде окуу, окурмандык ишкердүүлүк, окурмандык компетенттүүлүк феномендери кандай түшүндүрүлөөрүн аныктап алуу керек.

“Окуу”, “окурмандык компетенттүүлүк” – окурмандык компетенттүүлүктүн калыптануу проблемасын кароо үчүн негиз болуп саналган түшүнүктөр.

Илимде “окурмандык компетенттүүлүк” феномени акыркы жылдары гана изилдене баштады. “Окурмандык компетенттүүлүк” көрүнүшү изилдөөчүлөрдүн карап чыгуу объектиси болуп саналды, бул ой жүгүртүү үчүн материал болот. Методикалык негизде бул феноменге аныктама берүүгө жана бул негизде окурмандык компетенттүүлүктү калыптандырууга жардам берүүчү ишкердүүлүктүн инновациялык түрлөрүн бөлүп көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. Компетенттүүлүк − ишкердүүлүктө калыптанган билим берүүнүн натыйжасы. Чындыгында компетенттүүлүк көп компоненттүү түшүнүк. Компетенттүүлүктү түзүүчүлөр: когнитивдик, мотивациялык, ишкердүүлүк, социалдык-компетенттүүлүк тармагында көпчүлүк адистер тарабынан изилденген.

Биздин оюбузча, “компетенция” түшүнүгү “компетенттүүлүк” түшүнүгүнө караганда кеңири түшүнүк, белгилүү бир мааниде идеалдуу сапаттардын комплексин билдирет. Компетенттүүлүк − инсанды: жеке жана социалдык чөйрөдөгү бар болушу менен шартталган анын билимин, билгичтигин, көндүмдөрүн, жөндөмдүүлүктөрүн мүнөздөөчү түшүнүк. Түшүнүк кандайдыр бир өзгөчөлүктөрдү жана бул өзгөчөлүктөрдүн пайда болушун билдирүүчү катары айырмаланат. Компетенция идеалдуу, алдын ала берилет, нормативдүү. Компетенттүүлүк феноменин карап чыгууда жалпы философиялык түшүнүк “инсан” дайыма эскерилет. Бул түшүнүктүн аныктамалары өтө эле көп. Инсан тууралуу айтып жатып, биз эмнени эске алып жатканыбызды конкреттештирүү зарыл. Көпчүлүк учурда “инсан” “индивид”. “жеке адам”, “адам”, ”бүтүн адам” түшүнүктөрү аркылуу аныкталат. Окурмандык компетенттүүлүктүн калыптаныш процессин изилдөөдө, биз, социалдык сапаттарынын аспектисиндеги адамдык индивид катары инсанды түшүнүүгө карманабыз, анткени инсан ишкердүүлүктүн кандайдыр бир түрлөрүндө калыптанат.

Башталгыч класстын окуучуларынын окурмандык компетенттүүлүгүн изилдеген окумуштуу, психолог Е.Л.Гончарова окууну окурмандын жеке тажрыйбасына автордук тажрыйбаны кайра түзүүгө багытталган ишкердүүлүк катары түшүнөт. Окурмандык ишкердүүлүк ишке ашырылган окурмандык компетенттүүлүк катары каралат, ал эми окурмандык компетенттүүлүк − бул потенциалдуу окурмандык ишкердүүлүк. Окурмандык ишкердүүлүктү да, окурмандык компетенттүүлүктү да окумуштуу системалык-ишкердүүлүк объектилердин санына киргизет [1]. Өнүктүрүүчү окутуунун максаттарына ылайык (Л.В.Занковдун системасы боюнча) З.И.Романовская окууну билим берүү үчүн негиз катары, баланын инсандыгын калыптанышынын, анын ички дүйнөсүнүн өнүгүшүнүн каражаты катары карайт. Окумуштуу башталгыч класста окутуунун методикасында маселени мындай коёт, окууга окутуу процессин бириктирүүнү жана жанга, сөз искусствосуна окуучуну тартууну б.а. окутуунун этабында китеп менен пикирлешүүнү өнүктүрүү, адабиятты болмуштун образдуу чагылышы катары түшүнүүгө тарбиялоо [4,24-б].

Башталгыч класста адабий окууга окутуунун приоритеттүү максаты болуп окурмандык компетенттүүлүктү калыптандыруу, өзүнө өзү билим берүү үчүн окурмандык ишкердүүлүктү колдонууга жөндөмдүү сабаттуу окурман катары түшүнүү саналат. Компетенттүүлүктүн түзүлүшүндө төмөндөгү түзүүчүлөр бөлүнүп чыгат: окуунун техникасына жана “окулган жана угулган чыгарманы түшүнүү ыкмасына” ээ болуу, окуунун чөйрөсүнө ориентир жасоо жөндөмү, окууда жан дүйнөнүн керектөөлөрүнө калыптангандык [2,135-б].

Биз окуу компетенттүүлүгүн мектептик адабий билим берүүнүн максаты жана натыйжасы катары, конкреттүү предметке окутуунун жыйынтыгы катары карайбыз, ошол эле учурда эл аралык изилдөөлөрдү ала турган болсок, бардык предметтерди өздөштүрүү үчүн зарыл инсандык негизги жөндөм катары окууну карашат. Окуу компетенттүүлүгү жазуу маданиятын колдонууга адамга мүмкүнчүлүк берген билимдердин жана ыкмалардын жыйындысы катары трактовкаланат б.а. ар кандай стилдердин, жанрлардын, формалардын булактарын тандоо, анализдөө жана колдонуу, ар кандай түрдөгү тапшырмаларды чечүү үчүн текст менен иштөөнүн салттуу жана жаңы технологияларына ээ болуу.

Окурмандык компетенттүүлүктү калыптандыруу үчүн салттуу жана салттуу эмес (музыка, видео текст, белги) тексттерди өздөштүрүү зарыл деп ойлойбуз. Окуучунун жаңы маалыматтык технологиялардын мейкиндигинде жашап жаткандыгын эске алуу менен, “ачык окуу” деп аталган “окуунун жаңы маданияты” жөнүндө айтууга негиз бар. Анткени, окуучунун өз аракети: текстти кеңири түшүнүүсү, ар кандай тектеги тексттерди керектөөсү, окуунун маданиятын өнүктүрүүдө социалдык чөйрөнүн ролун билүү.

Окурмандык ишкердүүлүктү илимде түшүнүүдө окуу ишкердүүлүгүнүн түзүлүшү менен байланыштырышат, бул бизге окуу компетенттүүлүгүнүн курамындагы ишкердүүлүктү түзүүчүлөрдү бөлүүгө, бащталгыч класс окуучусунун окуу компетенттүүлүгүн калыптандыруу процессинде анын маанисин кароого мүмкүндүк берет.

Окуучунун инсандык сапатынын, жеке жана социалдык чөйрөдөгү бар болушу менен шартталган анын билиминин, билгичтигин, көндүмдөрүнүн, жөндөмдүүлүктөрүнүн жыйындысы катары компетенттүүлүктү түшүнүүдөн улам окуу компетенттүүлүгүнүн инсандын интегративдик мүнөздөмөсү катары аныктоого болот.


Адабияттар:

  1. Гончарова, Е.Л. Ранние этапы становления читательской деятельности принорме и при отклонениях в развитии: автореф. дис. доктора псих.наук: 19.00.10 /Гончарова Елена Львовна. – М.: 2009.

  2. Ефросинина, Л.А. Литературное чтение: 3 класс: рабочая тетрадь №2/ Л.А.Ефросинина. – М.: Вентана-Граф, 2012.

  3. Примерные программы по учебным предметам. Начальная школа. В 2 ч.Ч.1.– М.: Просвещение, 2011.

  4. Романовская, З.И. Чтение и развитие младших школьников/ З.И.

  5. Романовская. – М.: Педагогика, 1982 .

БАЛАНЫН ϴСҮП-ϴНҮГҮҮСҮНДϴ ОЮНДУН ОРДУ ЖАНА ОЮН ИШИНЕ ЖЕТЕКЧИЛИК КЫЛУУ
Каласалиева М. – И. Арабаев атындагы КМУнун

ага окутуучусу


Аннотация. Макалада баланын өсүп-өнүгүшүндө оюндун канчалык деңгээлде маанилүү экендиги жана ошондой эле балдарды тарбиялоодо кандай элдик оюндарды колдонсо болоору каралган.

Түйүндүү сөздөр: оюн, бала, мектепке чейинки курак, өнүктүрүү, балага билим жана тарбия берүү, ишмердүүлүк.
РОЛЬ ИГРЫ В РАЗВИТИИ РЕБЕНКА И УПРАВЛЕНИЕ В ИГРОВЫХ ДЕЙСТВИЯХ
Каласалиева М. – Старший преподаватель

КГУ им. И. Арабаева


Аннотация. В статье пишется о роли игры в развитии ребенка, а также о том, какие народные игры можно использовать при воспитании ребенка.

Ключевые слова: игра, ребенок, дошкольный возраст, развитие, обучение и воспитание детей, деятельность.
ROLE OF PLAY IN CHILD DEVELOPMENT AND MANAGEMENT IN GAMING ACTIVITIES
Kalasalieva M – Senior Lecturer of the

Faculty of Pedagogy of Sh. Arabaev


Annotation. In the article is written about the role of the game in the development of the child, and also what folk games can be used in the upbringing of the child

Key words: game, child, preschool age, development, education and upbringing of children, activities.
Азыркы кездеги коомдогу социалдык экономикалык өзгөрүүлөрдүн шартында өсүп келе жаткан жаш муундарга терең билим жана татыктуу тарбия берүү, аларды турмушка даярдоо актуалдуу проблемалардын бири болуп саналат. Мына ушул социалдык милдеттерди чечүүдө, тарбиячы мугалимге чоң роль таандык. Анткени, балдарга билим, тарбия берүү менен алардын инсандык асыл сапаттарын калыптандырышына таасирин тийгизет. Коомубуз эгемендүүлүккө ээ болгон кезде ал өзгөрүүлөргө, жаңыланууга, өз өлкөсүнүн адамдарын жогорку аң-сезимдүүлүккө жана адеп-ахлактуулукка тарбиялоо кыргыздардын үрп-адат, каада-салтын билүүгө иштерди жүргүзүү эң негизги максаттардын бири. Баланын инсан болуп калыптанышы узак, татаал жана карама-каршылыктуу процесс. Инсандын өнүгүүсүндө иш-аракет маанилүү фактор болуп саналат. Иш-аракетте инсан өнүгүп, анын курчап турган чөйрөгө мамилеси калыптанат. Мына ушуга байланыштуу иш-аракетти так уюштуруп, аң-сезимдүү багыттоо керек.

Негизинен, балдардын иш-аракети оюн, окуу, өзүн-өзү тейлөө, коомдук пайдалуу эмгек деп бөлүнөт. Ошол иш-аракеттердин ичинен баланы тарбиялоодо оюндун тийгизген таасирине токтолсок: бала төрөлгөндөн эле анын көрө билүүсүн, уга билүүсүн, аңдоосун, кабылдоосун табияттын тазалыгына жуурулуштуруп, жашоонун жаратылыштан алган мыйзамдарын так аткаруусун талап кылуу менен таалим, тарбиянын башатын түптөшкөн. Бул жөрөлгөнүн ишке ашырылышында оюндун мааниси чоң болгон.

Андыктан, адам баласы жаралгандан анын өмүрүнүн акырына чейин коштоп жүрүүчү оюндар социалдык мүнөзгө ээ болуу менен адамдагы адеп-ахлактын маданияттын калыптануусун камсыздап, эстетикалык рахат алуунун негизги булактарынын бири болуп саналат. Демек, адам баласы аркылуу да оюн руханий мурасты муундан-муунга өткөргөн. Элдик оюндар элдик тарбиянын ажырагыс бир бөлүгү. Оюндар өспүрүмдөрдү элди, жерди, мекенди сүйүүгө, адептүүлүккө, эмгекчилдикке, акыл-эстүүлүкө, баатырдыкка, чечкиндүүлүккө тарбиялоодо элдик педагогиканын түбөлүк адатка айланган талабы болгон. Оюндар көңүл ачууда, маданияттуу эс алууда, бош убакытты өткөрүүдө, денени чыңдоодо гана чоң мааниге ээ болбостон, өспүрүмдөрдүн руханий дүйнөсүн калыптандыруунун, аларга патриоттуулук жана интернационалдык тарбия берүүнүн, улуттук маданиятты жакшыртуунун жана өз ара ынтымакты байытуунун да маанилүү каражаты болуп саналат. Оюндарды адамзаттын көп кылымдык маданиятын сактап келе жаткан кенч катары да бааласак болот. Ошентип, оюн адамдын ишмердүүлүгүнүн бир түрү. Андан ар кандай ишмердүүлүккө тиешелүү болгон өзгөчөлүктөр, максатка умтулуучулук, активдүүлүк пайда болот. Оюн баланын айлана-чөйрөнү тез таанып билишинин сферасы болот, ошондой эле балдардын мектепте же бакчада алган билимдерин бышыктоодо жана илимге, эмгекке кызыгуусун арттырууда да өтө маанилүү. Анткени, окуу процессинде өздөштүрүүгө кыйын болгон нерсени оюн учурунда оңой эле өздөштүрүп алууга болот. Оюнду ойноо менен өспүрүмдөр практикалык ишмердүүлүккө көнүгүшүп, ден-соолуктарын чыңдашып, өз алдынча аракет жасоого үйрөнүшөт, ошондой эле оюндан моралдык жана эстетикалык рахат алышат. Оюндарда кеңири ой жүгүртө билүүгө, эсте тута билүүгө, чыгармачылык менен элестете билүүгө, байкагычтыкка, баамчылдыкка, туруктуулукка, чечкиндүүлүккө, кыраакылыкка, тапкычтыкка, айлакерликке, эпчилдикке, ийкемдүүлүккө, шамдагай-шайырлыкка, шайдооттукка, ар кандай шартта токтоолукка, эрктүүлүккө, эр жүрөктүүлүккө, тыкандыкка, тез тыянак чыгара билүүчүлүккө жана башка жакшы сапаттарга көнүгүшөт.

Ошентип, оюндар тарбия берүүнүн комплекстүү каражаттарынын бири болуп саналат. Оюн ишине жетекчилик кылуу, байкоо жүргүзүү жана талдоо өтө татаал иш. Бул мектепке чейинки жаштагы баланы калыптандырууда оюндардын өзгөчө мааниси бар экендиги, бала-бакчасындагы педагогикалык процесстеги анын орду, оюндардын түрлөрүнүн ар кылдуулугу жана аларды өнүктүрүүнүн өзгөчөлүктөрү менен байланыштуу. Оюндар эки чоң топко бөлүнөт. Чыгармачылык оюндар жана эрежелери бар оюндар деп бөлүү кабыл алынган.

Чыгармачылык оюндарга балдар айлана-чөйрөдөгүлөргө, баарынан мурда чоң кишилердин ишине карата өз таасирлерин, өз түшүнүктөрүн жана мамилелерин чагылдырып көрсөтүшөт. Оюн ойноодо балдардын элестөөлөрү өөрчүйт, эс-акылы активдештирилет. Бул оюндар балдардын активдүүлүгүн жана өз бет алдынчалыкты өнүктүрүүгө жардам берет.

Эрежелүү оюндар чоң кишилер тарабынан балдар үчүн түзүлөт. Чыгармачылык оюндардан айырмасы – алардын даяр мазмунунун жана эрежесинин болушунда. Группадагы оюн иштеринин абалы жөнүндө тийиштүү жыйынтыктарды чыгарууда жана бул бөлүм боюнча методикалык иштерди пландаштыруудан мурда методистке убакыттын тиешелүү бөлүгүндө балдардын оюндарына тарбиячынын жетекчилик кылуусун төмөндөгүчө талдоону сунуш кылууга болот:



  • оюн ишине жетекчилик кылууда тарбиячы өз ролун туура түшүнөөр түшүнбөсүнө байкоо жүргүзүү;

  • балдарды ар тараптан өсүп-өнүгүүсүнө ойногон оюндар канчалык даражада пайдасы бар экендигин билүү;

  • оюн иштерин өнүктүрүү деңгээли тарбиячы тарабынан кандай эске алынгандыгын тактоо;

  • тигил же бул окуялар же көрүнүштөр оюндардын мазмунунда толук ачылабы, жокпу, балдар арасындагы жолдошчулук мамилелердин мүнөзү кандай, балдар аягына чейин ойнодубу, жокпу, байкоо;

  • тарбиячынын (окуу тарбия иштеринин планын негизинде) оюндарда чагылдырылган көрүнүштөр жөнүндө билимдер менен балдарды байытуу боюнча иштерин талдоо;

  • оюндар зарыл болгон материалдар менен жеткиликтүү түрдө жакшы жабдылганбы, жокпу,текшерүү;

  • оюнду ойноодо материалдар балдардын пайдаланышы үчүн ылайыктуубу, жокпу.

Балдардын өсүп-өнүгүүсүндө оюндарды адамзаттын көп кылымдык маданиятын сактап келаткан кенч катары да бааласак болот. Анткени, оюндар элдин материалдык жана руханий чыгармачылыктарынын бардык тармактарын камтыйт. Мектеп жашына чейинки курактагы балдардын жашоо турмушу оюн менен өтө тыгыз байланыштуу. Тарбиячы балдардын оюнун баланын жаш өзгөчүлүгүнө жараша материалдары тандап, керектүү метод, ыкмаларды колдонуу менен системалаштырып өткөргөндө гана коюлган максат ишке ашат. Оюнду балдар ойноо менен гана чектелбестен, кандайдыр бир баланын дене-түзүлүшү же акыл-эсинин өнүгүшү, эс тутумуна пайда алып келе тургандай болушу зарыл. Ошентип, оюн адамдын ишмердүүлүгүнүн бир түрү. Оюн баланын айлана-чөйрөнү таанып билүүсү, алган билимдерин бышыктоодо алардын эмгекке болгон кызыгуусу артат, оюн аркылуу тарбия берүүнүн комплекстүү каражаттарынын бири болуп саналат. Баланын өсүп-өнүгүүсүндө оюндун оюндун орду маанилүү экендиги талашсыз, оюнду ойнотуп гана жөн болбостон, мааниси, максаты, балада канчалык деңгээлде кызыгуу пайда болду, тарбиячы педагогдун көзөмөлүндө болуусу зарыл.

Элдик оюндар элдик тарбиянын ажырагыс бир бүтүндүгү экендиги белгилүү. Баланын ар тараптуу өнүгүүсүнө чоң таасир тийгизүү менен тарбиялоонун маанилүү каражаты болуп эсептелет. Кыргыздын элдик оюн-зооктору балдарды өстүрүп-өнүктүрүүсүнө тийгизген таасири боюнча негизинен эки категорияга бөлүүгө болот:



  • Баланын руханий жактан өсүп-өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүчү багыттагы оюндар.

  • Баланын денесинин өсүүсүнө таасирин тийгизүүчү багыттагы оюндар.

  • Ар бир элдик оюн жогорудагы эки багыттын бирин негиз кылып алып, бирок, бардык эле оюндарда ал эки багыттын тең элементтери бирге кездешээрин эстен чыгарбоо керек. Мектепке чейинки мекемелерде балдарды тарбиялап-окутуу, өстүрүп-өнүктүрүү максатында элдик оюндарды кеңири колдонууга болот. Айрыкча, азыр мектепке чейинки мекеменин тарбиячылары элибиздин үрп-адаттарын, каада-салттарынын казынасын калыбына келтирүү, кайрадан толтуруу улуттук маданияттын өнүгүү деңгээлин эң бийик чекке жогорулатуу иш-чаралары активдүү жүрүп жаткан кезде элдик оюндарды балдарды тарбиялоого колдонуу өтө маанилүү.

Элдик оюндарды тандоодо аны өткөрүү шарттарынын өзгөчөлүктөрүнө, ошондой эле балдардын жаш өзгөчөлүктөрүнө да көңүл буруу керек.

Балдарды тарбиялоодо колдонуу үчүн элдик оюндарды карап көрөлү. М: “Мейман күтүү” , “Беш таш”, “Учту-учту”, “Шакек салмай”, “ Чак-чук”, “Ак терек, көк терек”, “Жашынмак”, “Жоолук таштамай”, “Коёнум”, “Токту сурамай”. Мисалы: “Чак-чук” оюнунун жүрүшү:

Чак-чук”

Оюн бакчанын залында, аянтчада өткөрүлөт.Оюнга 4 жаштан 6 жашка чейинки жашка чейинки жаш курактагы 15-20 дай оюнчу катышат.



Оюндун максаты: Балдардын угуу сезимин өнүктүрүү, баамчылдыкка, тапкычтыкка көнүктүрүү.

Оюндун жүрүшү: Калыс балдарды 2 топко бөлүп, бири-бирине каршы тургузат. Ал оюнчуларга “мен бир жолу ышкырганда 1-топ жалпы “чак”, ал эми эки жолу ышкырганда “чук” деш керек деп үйрөтөт. Алгач бир жолу, андан кийин катары менен эки, бир, кайра эки жолу жана башка ушул сыяктуу ышкырык чалып, оюнчуларды адаштырышы керек. Акырында адашуулардын санын эсептеп кайсы топ жеңишке жетишкендигин калыс билдирет. Оюн ошентип улана берет.

Же болбосо “Жаш үкү” оюнуна көңүл бөлсөк:

Жаш үкү”

Оюн тегиз жерде, аянтчада, бөлмөдө өткөрүлөт. Оюнга 4-7 жаштагы 20-25 оюнчу катышат.



Оюндун максаты: Балдарды буйрук боюнча кыймыл жасоого үйрөтүү. Көңүл буруусун, байкагычтыгын өнүктүрүү. Жаныбарлардын жашоо турмушу тууралуу түшүнүктөрүн кеңейтүү, бекемдөө.

Оюндун жүрүшү: Тарбиячы оюнчуларды тегерете тургузат. Ортого бир «Жаш үкү» дайындалып чыгарылат. Калган оюнчулар «коңуздар, көпөлөктөр, чымчыктар болушат. Тарбиячы «Таң атты, тиричилик башталды» дейт. Ошол замат бардык коңуздар, көпөлөктөр, чымчыктар ж.б. канаттарын кагып, тегерене чуркашат. «Жаш үкү» болсо, бул убакта уктап жатат, башкача айтканда бутун бүгүп, көзүн жумуп, эки тизесин таянып отурат.Тарбиячы капыстан эле «Түн кирди, бардыгы уктай баштады» дейт. Ошол замат чымчык, коңуз, көпөлөк жана башкалар тык токтоп калышат. «Жаш үкү» бул убакта «уча чыгат», ал кыймылдагандарды же күлгөндөрдү ортого, өзүнүн уясына алып келет. Алар да жаш үкү болушат, түн киргенде бардыгы бирге ууга чыгышат. Оюн ушинтип улантыла берет.

Мектеп жашына чейинки баланын турмушунда оюн маанилүү орунду ээлегенин белгилеп өттүк. Ошондуктан, көрүнүктүү окумуштуулар оюнду тарбиялоонун негизги каражаттарынын бири катары карашкан. Дидактикалык, курулуштук, кыймылдуу оюндар балдар бакчасынын тажрыйбасында кеңири пайдаланылат. Бирок, бул оюндардын арасынан кыймылдуу оюндар маанилүү болуп саналат. Ошону менен катар эле кыймылдуу оюндар ар бир элдин улуттук жашоо-турмушу менен тыгыз байланышта болуп келет. Элдик кыймылдуу оюндар коллективдүү оюндар болуп саналат. Бүткүл коллективдин алдында жоопкерчилик сезимине тарбиялайт. Ошону менен бирге бул оюндар да балдарды өз алдынчалыкка калыптантат. Аткаруучунун мүнөзү оюндардын мазмунуна жараша болот. Кыргыз элинин көп кызыктуу улуттук оюндары элибиздин өнүгүшүн, эмгегин, жаратылышын чагылдырып турат.

Кыргыздардын ар бир салтанаты, элдик оюндар менен коштолгон ар бир оюндун артында тарбиялык мааниси, ден соолукка пайда келүү, аң-сезимди ойготуу, тапкычтык, шамдагайлык, чыдамкайлык, жоопкерчилик сыяктуу сапаттардын калыптанышы өнүгөт.

Оюн- бул баланын жашоосунун түсү, ал аркылуу балдар табигый түрдө өнүгөт. Анда балдар жаңы билимдерге, ык-машыгууларга ээ болушат. Оюнда гана адамдын карым-катнашынын эрежелери өздөштүрүлөт.


Адабияттар:

  1. Токторбаев С. “Өспүрүмдөр оюну” Бишкек-2011.

  2. Арстанбек К. Бишкек-1991.

  3. Рысмендеева Н. “ Кыргыз элинин оюндары” Бишкек-2016.

  4. Васильева А.И., Бахтурино Л.А., Кобитино И.И. “Балдар бакчасынын методист тарбиячысы” Мектеп-1983.



БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ЖАҢЫ ПАРАДИГМАCЫ
Карашева Т.Т. – Кыргыз-Түрк “Манас” университети,

Бишкек, Кыргыз Республикасы

e-mail: tkarasheva@mail.ru

Аннотация. Макалада маалымат доорунда билим берүүдө түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр жана анын жаңы парадигмасы талкууланат. Заманбап шарттар билим берүүгө карата мамилени, анын субъекттеринин ортосундагы мамилелерди түп тамырынан бери өзгөртүүнү талап кылат. Кыргызстандын ЖОЖдору атаандаштыкка туруштук берүү үчүн сапат көзөмөлүн күчөтүү жана көз карандысыз аккредитациялардан өтүү аракетин жасашы зарыл.



Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   34


©netref.ru 2019
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет