И. арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин



бет8/34
Дата29.11.2019
өлшемі9.87 Mb.
1   ...   4   5   6   7   8   9   10   11   ...   34

Литература:

  1. Граник Г. Г., Концова Л. А. Восприятие школьниками художественного текста. // Вопросы психологии, 1996. - №3, с. 73-85.

  2. Дубровина И. В. Психология. Учебное пособие для начальной школы. – М.: Гардарика, 1998. – 176 с.

  3. Зак А. З. Диагностика видов мышления младшего школьника. – М.: Москва. Серия «Психологическая диагностика», 1995. – 86 с.



УДК 37.0
ОКУУЧУЛАРДЫ АДЕПТҮҮЛҮККӨ ТАРБИЯЛООНУН УЧУРДАГЫ АБАЛЫ
Койлубаева Н.К. И. Арабаев атындагы КМУ нун

педагогика кафедрасынын доценттин м.а.,

педагогика илимдеринин кандидаты
Аннотация. Макалада жаштарыбыз канчалык ыймандуу, адептүү, тартиптүү, ишкер болсо, коом ичи ошончолук бейпил болоору жана аны алгач адептик сапаттарды калыптандыруучу адептик тарбиядан баштоо керектиги чагылдырылат.

Түйүндүү сөздөр: адептик сапаттар, кенже класстык курак, эне тарбиясы, жүрүм-турум, мектеп.
НАСТОЯЩЕЕ ПОЛОЖЕНИЕ НРАВСТВЕННОГО ВОСПИТАНИЯ УЧЕНИКОВ
Койлубаева Н.К. – кандидат педагогических наук, и.о. доцента

кафедры педагогики КГУ им. Арабаева


Аннотация. В статье описывается о том что общество будет настолько мирной и спокойной , насколько молодеж будет благовоспитана, трудолюбива, а для этого надо начать с формирования нравственного воспитания.

Ключевые слова: нравственные качества, дети незрелого возраста, материнское воспитание, поведение, школа.
TODAY’S SITUATION OF PUPILS’ MORAL EDUCATION
Koilubaeva N.K. – pedagogy candidate

KNU called after I.Arabaeva


Abstract. This article tells about how the society would be peaceful and tranquil, if the youth were genteel and hardworking, and for this it’s necessary to start with formation of moral education.

Keywords: moral qualities, students, teaching, parenting, parents, the school, the formation.
Бүгүнкү күндө бүт айланада адеп-ыйман бузулуп, акыл-эске сыйбаган алааматтардын жүрүп жатканынан улам б.а. үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири-бирине болгон мамилеси, чыр-чатактар, ажырашуулар, бала төрөп таштап кетүүлөр, оорулуу, майып балдардын көбөйүшү, ата-энеге кол салуулар, ата-энесин карабай кетүүлөр, карыялар үйүнүн арбышы жана башка ушул сыяктуу социалдык-педагогикалык көйгөйлөр келечегибиз болгон жаш муундарды адептик жактан тарбиялоодо өз таасирин тийгизип, кыйынчылыктарды жаратууда.

Коомчулукта болуп жаткан мындай көрүнүштөр адептүүлүккө жатабы же жакшы таалим-тарбия үчүн өрнөк, үлгү боло алабы? Негизги себеби, коомдук адептик талаптар, нормалар ар бир адамдын инсандык акыл-ой мазмуну боло албады. Жалпы адамзаттык жүрүм-турумдун эрежелери, жол-жоболор, принциптер инсандын ички дүйнөсүнөн келип чыккан ички умтулуулар эмес, коомдук тартиптин талаптары сыяктуу көрүнөт. Жеке адептик сапаттар жана рухий дүйнө, акыл-ой адептүүлүктүн түзүлгөн аргасыз кылуучу чоочун эрежелери менен алмашылды.

Илгертен келе жаткан каада-салттарыбыз, маданиятыбыз унутулуп, ата-эне, мектеп, коомчулук өз милдетин толук аткара албай келүүдө. Балдар ата-эненин тарбиясынан сыртта калып, эне мээримин көрбөй, Батыштын маданиятына (киносуна, музыкасына, кийимине) кирип, терс көрүнүштөргө кабылууда. Үйдөгү чоӊ ата, чоӊ эненин ордун телевизор жана комьютердик оюндар, видеофильмдер алмаштырып калды. Бул баланын айлана-чөйрөсүндөгүлөргө болгон мамиле, жүрүм-турум ж.б. адептик сапаттарынын калыптануусуна түздөн-түз залакасын тийгизүүдө. Канчалаган балдар мектепке барбай, көрүнгөн жерлерге түнөп, базарда араба түртүп жүрүшөт, өспүрүмдөрдөн ыйман кетип, ээн баш болуп алардын жан дүйнөсүн алдамчылык, кекчилдик, кайдыгерлик, өзүмчүлдүк, ичи тардык, оройлук, уурулук, жалкоолук сыяктуу терс сапаттар каптап бараткандыгы ушундан улам көрүнүп турат.

Мындай коомдук-психологиялык кубулуштун каптап келе жатканын Ч.Т. Айтматов: «Канткенде адам улуу адам болот?» деп ошондо эле көрө билген жеке адамдын тагдырын, «инсан концепциясын» жалпы адамзаттык проблема катары көтөрүп, «Баарынан кыйыны – күн сайын адам болуу» керектигин талбай жардап, эскерткен сыяктуу [1, 404].

Мындай терс көрүнүштөргө каршы азыркы күндө республикабыздын «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамына ылайык, мектеп жашына чейинки балдардын 88% ы бала бакчага барбай калгандыгына байланыштуу базистик программанын негизинде түзүлгөн «Энелер мектеби» альтернативдүү программасы (2001-ж), «Дени сак эне, дени сак бала – дени сак улут» программалары, «Кыргыз Республикасынын жарандарын, жаш жеткинчектерин патриоттукка, адептик-ыймандык дөөлөттөргө тарбиялоо концепциясы» (2011) ж.б. концептуалдык жана стратегиялык мүнөздөгү документтер кабыл алынганы баарыбызга белгилүү.

Бул иш-аракеттер баланын билимдүү, адептүү, ар тараптан калыптанган келечек ээлери болууга багытталып ата-энелерге, билим берүү мекемелерине жардам берүү максатында ийгиликтүү иштеп жатат.

Улуттук стратегиялык милдет катары тарбия берүү көйгөйү – ар дайым мамлекеттин көңүл борборунда болуп келген, андыктан, тарбиялоо иши – өсүп келе жаткан жаш муундарга адамзаттык, улуттук жөрөлгөлөр менен топтолгон маданиятты, социалдык-тарыхый тажрыйбаны, адеп-ахлакты, салттуу нарк-насилди өткөрүп берүү болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин «2017-жыл адептүүлүктүн, тарбиянын жана маданияттын жылы деп жарыялануусу» менен балдардын, өспүрүмдөрдүн, жаштардын атуулдук позициясын, жалпы коомчулуктун жана адамдардын мамилелерин, жүрүм-турум принциптерин жалпы адамзаттык жана улуттук баалуулуктардын б.а. «элдик салт-санаа, элдик жөрөлгөлөрдүн, элдик тарбиянын» негизинде калыптануусунун зарылчылыгы баса белгиленет.

Элдик тарбияда ата-бабаларыбыз балдарына бешик ырларын, жомокторду, жаӊылмачтарды, табышмактарды угузушкан, макал-лакап, накыл сөздөрдү, эпостордон үзүндүлөрдү айтып, адептик тыюулар менен (ууру кылба, ушак айтпа, адилеттүү бол, бирөөнүн эмгегин жебе, көктөмдөгү чөптү жулба – боюӊ өспөй калат,канаттуулардын уясын бузба – үйүӊ бузулат ж.б.) тарбиялап, боорукердик, ыймандуулук, сылыктык, сабырдуулук, мээримдүүлүк, жөнөкөйлүк, эмгекчилдик, достук сыяктуу сапаттарга кичине кезинен баштап калыптандырышкан.

Демек, бүгүнкү күндө мектеп окуучуларында адептик сапаттарды калыптандырууну «Башталгыч класс – билим башаты»дегендей кенже класстык курак кезинен баштап беришибиз керек. Кенже мектептик куракта баланын мүнөзү жаӊыдан гана калыптана баштайт, башкача айтканда, бул курак адептик аӊ-сезимди жана жүрүм-турумду тарбиялоого ыӊгайлуу мезгил. Өсүп келе жаткан муундардагы адептүүлүктүн эрежелеринин туруктуулугуна жана барктуулугуна болгон ишенимди бекемдеп, балдардын жан дүйнөсүнө адептик сапаттарды калыптандырууда ата-эне, мектеп, коомчулуктун биргелешкен комплекстүү тарбиясынын мааниси зор. Баланын адептик сапаттарынын калыптанышында курактык өзгөчөлүктөрүн эске албагандык жана балдардын иш-аракеттеринин туура уюштурулбагандыгында, алардын тартипсиздигинде педагогикалык көмөктүн алсыздыгы байкалат. Мындай шартта үлгүнүн, идеалдын, айрыкча эненин миссиясы өзгөчө маанилүү.

К.Д. Ушинский «Үй-бүлөдө бала жөнөкөй билим, таалим-тарбия алып, ата-энесинен тартип, тазалык, мамиле, кулк-мүнөз эрежелерин үйрөнөт, балага албууттанган аялдын бейжайлыгы сүтүнөн жукпайт, бирок жүргөн-турганы, кыжырланган мамилеси, жасаган иши баланын сезимине каардуулуктун, коркоктуктун үрөнүн себет», – деп көрсөткөн [5, 271].

Үй-бүлөлүк тарбияда биринчи кезекте эненин тарбиясы болушу керек. Чынында, эне адебин сактаган мыкты аялдар гана үй-бүлөдө балага татыктуу тарбия бере алат жана үй-бүлөлүк тарбияда бала үчүн эне эӊ маанилүү.

Демек, окуу-тарбия процессинде балдарды адептик сапаттарга калыптандырууда «Эне мектебинин» тажрыйбасынын орду чоӊ жана азыркы учурда бул жакшы саамалыкты жайылтуу зарыл экендиги айкын.

Кыргыз элинин педагогикалык мурастарында эне-баланын ортосундагы мамиле байыртан эле өзүнчө бир чоӊ мектеп катары саналып, адеп эрежелери боюнча кеп-кеңештер балдардын кулагына энелер тарабынан алтын сырга катары куюлган. Айрым ата-энелер, балдарын тарбиялоодо аларды кордоп, басмырлап, урушуп, күч колдонушат. Эгер балага таш боордук менен мамиле жасалса, ал да курчап турган чөйрөдөгүлөр менен мамилелешүүдөгү ушундай жүрүм-турумду тандап алары бышык. Чындыгында, жакын адамынан зомбулукту көргөн бала ачуулуу болуп, айланасына бүтүндөй каарын чачкан адамга айланат. Айрым энелердин өз ордун билбестигинен, жүрүм-турумундагы энелик сапаттарга ылайык келбеген иш-аракеттеринен улам үй-бүлө бузулуп, эч күнөөсү жок жаш балдар балалык кезинен тартып окуусун таштоого жана жосунсуз жоруктарга барууга мажбур болушат.

Эӊ жакшы билгичтик менен уюштурулган тарбиялоо процесси баланын турмуштук оӊ тажрыйбага, жаӊы көндүмдөргө ээ болуусуна көмөк көрсөтүп, инсандын адептик сапаттарынын калыптануусунун негизин түзөт.

Насыятталып үйрөтүлүп-окутулуп, жайылтылып жаткан адеп эрежелери, жол-жоболор, принциптер баланы курчап турган коомдук чөйрөнүн реалдуу практикасы менен ырасталып, такталышы шарт. Бала өзүн курчап турган жүздөгөн адамдардын турмуш-тиричилигинен, жашоонун күндөлүк агымынан, кыскасы турмуштун бардык чөйрөлөрүнөн жашоо эрежелерин бекем сактаган адепти, тартипти, маданиятты, калыстыкты көрүп турса, анда мындай атмосферада балада адептүү, ар намыстуу, активдүү атуул болуп өсүүгө шыктандырган күчтүү стимул түзүлмөк.


Адабияттар:

  1. Айтматов Ч.А. Фудзиямада кадыр түн. – Бишкек, 2008. – 404 б.

  2. Кыргыз Республикасынын жарандарын, жаш муундарын рухий-адептик, патриоттук жактан тарбиялоо концепциясы // Кут билим. – Бишкек, 2010 ‒ 20-авг.

  3. Усенко Л.В., Сейдекулова К.С. Программа материнской школы. ‒ Бишкек, 2001.

  4. Ушинский К.Д. Проблемы педагогики. – М., 2002. – 271 с.



МЕКТЕПТЕ ИНТЕГРАЦИЯЛОО МЕНЕН ОКУТУУ - ПРЕДМЕТ АРАЛЫК БАЙЛАНЫШТАРДЫ ИШКЕ АШЫРУУНУН НЕГИЗГИ ЖОЛУ
Кособаева Б. – РПККЖКДИнун

ТИМББ кафедрасынын башчысы,

п.и.д. проф. м.а.

Токомбаева П. Э. – А.Токтоналиев атындагы

БФЭТнун химия мугалими


Аннотация. Бул илимий макалада предмет аралык байланыштарды, интеграциялап окутуу аркылуу ишке ашыруу мүмкүнчүлктөрү каралган. Интеграциялоо менен окутуу, түрдүү табигый предметтердеги маалыматтарды окшоштуктары, тектештиктери боюнча бириктирүүгө мүмкүндүк берүү менен максаттын маңызын , сабактын интеграциялоочу, жетектөөчү идеяларын ачып көрсөтөт.

Түйүндү сөздөр: интеграциялап окутуу, билим берүүнүн мазмуну, билим берүү стандарты, интеграцияланган сабак, инновация, интеграциялык процесстер, предмет аралык интеграция, предмет ичиндеги интеграция, интеграцияланган билим берүү продуктусу.
ИНТЕГРАЦИОННОЕ ОБУЧЕНИЕ В ШКОЛЕ КАК ОСНОВНЫЕ ПУТИ РЕАЛИЗАЦИИ МЕЖПРЕДМЕТНОЙ СВЯЗИ
Кособаева Б. – заведующая кафедрой ЕНиМО РПКППР

при МОН КР, д.п.н., и.о. профессора



Токомбаева П.Э.- преподаватель химии

БФЭТ имени Ф. Токтоналиева


Аннотация. В данной статье рассмотрены возможности реализации межпредметной связи через интеграцию учебных материалов обучения. Интеграционное обучение дает возможности объединения информаций разных естественных предметов раскрывая ведущие идеи интегрированного урока и сущности целей.

Ключевые слова: интеграционное обучение, содержание образования, стандарты образования, интеграционный урок, инновация, интеграционные процессы, межпредметная интеграция, внутрипредметная интеграция, продукт интеграционного образования.
INTEGRATION EDUCATION AT SCHOOL AS THE MAIN WAYS OF IMPLEMENTING THE INTERSUBJECT COMMUNICATION
Kosobaeva B., - Professor, Doctor of Pedagogical Sciences

Republican Teacher Training and Teacher Retraining Institute

Head of the Natural-Scientific and Mathematical Education Department

bkosobaeva@bk.ru



Tokombaeva P.E. – Bishkek Financial and Economic

Technical School named after A.Toktonaliev

perishka.444@gmail.com
Abstract: In this article, the possibilities of implementing intersubject communication through the integration of study teaching materials are considered. Integration training provides opportunities for combining information from different natural objects revealing the leading ideas of an integrated lesson and the essence of goals.

Keywords: integration education, educational content, education standards, integration lesson, innovation, integration processes, interdisciplinary integration, intrasubject integration, product of integration education
Учурдагы билим берүү мазмунун интеграциялоонун жана окутуунун технологиясынын жогорку деңгээли менен мүнөздөлөт, ал өз учурунда билим берүү ресурстарын убакыт бирдигинде рационалдуу колдонууга мүмкүнчүлүк берет [1]. Интеграциялоонун мааниси – билимди толуктоо, байытуу, кошумчалоо, белгилүү окуу материалында байланыштарды түзүү жана жаңы байланыштарды түзүү, жаңы баалуулук маанилерди негиздөө жана ачуу. Окуу процессинде интеграциялоонун дидиктикалык негизи болуп предмет аралык байланыштар, илимий билимдердин түрлөрү ( түшүнүктөр, кубулуштар, закондор) баалуулуктар, ошондой эле жетектөөчү дүйнөгө болгон көз караш идеялары саналат. Интеграциялоо менен окутууда, табигый предметтердеги маалыматтарды окшоштуктары, тектештиктери боюнча бириктирүүгө мүмкүндүк берүү менен максаттын маңызын, сабактын интеграциялоочу, жетектөөчү идеяларын ачып көрсөтөт. Авторлор «Курчаган дүйнө» жөнүндө билим берүүчү предметтердин жана «Көркөм искусствонун» жетектөөчү кызматтары жөнүндө сабактын максаттарынын тобун бөлүп көрсөтүшкөн:


  • окуучулардын окуп үйрөнгөн объектилерди жана жандуу, жансыз жаратылыш кубулуштарын айырмалай билүү жөндөмдүүлүктөрүн калыптандыруу;

  • жаратылыш объектилери жана кубулуштарды бирдиктүү дүйнөнүн компоненттери катары алгачкы түшүнүктөрдү кеңейтүү, системалаштыруу жана тереңдетүү;

  • жаратылыш, адам жана коом жөнүндө практикалык багыттуулуктагы билимдин негиздерине ээ болуу, органикалык бирдиктүүлүктөгү жана көп түрдүү дүйнөгө бир бүтүн көз карашка ээ болуу;

  • жаратылыш дүйнөсүнө эмоционалдуу, инсандык мамиле жасоого үйрөнүү;

  • жаратылышка баалуулук жана сарамжалдуу мамиле жасоого тарбиялоо.

Бул эмгектеги негизги идея жогоруда коюлган максаттар башка предметтерди окуп үйрөнүүдө предмет аралык байланыштарды ишке ашырууда толукталат. (УОИА – универсалдуу окуу иш аракеттери).

Учурдагы мектеп жаңы муундагы билим берүү стандарттарын өздөштүрүүдө, аларда психологиялык (универсалдуу окуу иш – аракеттери), дидактикалык (жалпы билгичтик жана көндүмдөр) жана социалдык (түйүндүү компетенциялар) билимдердин өз ара байланыштары чагылдырылган. Бул универсалдуулук өз билимин улантууну каалаган ар бир окуучуга зарыл. Ошондуктан, билим берүүнүн мазмуну бирдиктүү методологиялык жана теориялык негизде түзүлүшүнө чоң маани берилет [2]. Ошондуктан, М.Н. Скаткиндин, В.В. Краевскийдин, И.Я. Лернер жана алардын шакирттери иштеп чыккан маданияттык теорияга кайрылууга болот [3].

Бул теорияга ылайык, билим берүүнүн мазмуну – бул маданияттын мазмуну катары педагогикалык адаптацияланган социомаданияттык тажрыйбанын системасы, ал өз ичине төмөнкүлөрдү камтыйт:

- жаратылыш, коом, техника, адам, иш аракет жолдору, искусство жөнүндөгү билимдер;

- репродуктивдүү иш аракет тажрыйбасы (негизинде операция жана аракеттер жаткан билгичтик жана көндүмдөр);

- чыгармачыл иш аракет тажрыйбасы;

- адамдарга, дүйнөгө, өзүнө эмоционалдуу – баалуулук мамиле жасоо тажрыйбасы;

Бул элементтер ар бир окуу предметинде анын ичинде химияда чагылдырылышы зарыл. Ошол эле учурда мектеп предметтерин окуп үйрөнүүдө сабактын маңызына жана анын структуралык элементтерине – этаптарына таасир этүүчү билим берүү мазмунунун курамынын алгачкы элементтеринин кыймылдуулугу эске алынбайт. Акыркы мезгилдерде окутуунун теориясында жана практикасында жаңы түшүнүктөр пайда болду: окутуунун предметтүүлүгү [4]; бул дидактикалык инновациялардын мектептин практикасында ишке ашыруу тажрыйбасы, ал мамлекеттин стандартын өздөштүрүүгө багытталган [5].

Окутуунун предметтүүлүгү – билим берүүнүн мазмунун билим берүү, тарбия берүү жана өнүктүрүү максаттарына ылайык белгилерди (маданият тилдерин) бөлүштүрүү менен белгилөө иш аракети катары ишке ашыруу формасы жана жолдору жөнүндөгү педагогикалык ойлор. Окутуунун предметтүүлүгүнүн инновациялык мүнөзү, окутуунун максатына ылайык ( сабактын максаты) окуу материалы менен иштөө билимге же иш аракет жолдорун актуалдаштыруу (билгичтик жана көндүмдөр), же окуу материалынын баалуулук жактарын кайрадан ойдон өткөрүү (эмоционалдык – баалуулук мамиле тажрыйбасын), же окуучулардын инсандык тажрыйбасын рефлексивдик кайрадан ойдон өткөрүү аркылуу сабактын материалын өздөштүрүүгө жетишүү.

Натыйжада билим берүүнүн мазмунунун курамынын элементтеринин иреттүүлүгү түрдүүчө болушу мүмкүн, ал өз негизинде алардын ортосундагы байланыштардын өзгөчөлүгүн шарттайт жана окуу материалынын бир дагы фрагменти сабактын мазмунунан, түзүлүшүнөн жана логикасынан «түшүп» калбайт.

Билим берүүнүн мазмунунун маданияттык курамынын инварианттык элементтеринин вариативдик айкалышы – предметтик модалдуулук деп аныкталган. Анын түрлөрү, билимдик же базалык модалдуулук (окуу материалы менен иштөө «билим» элементинен башталат), иш аракеттик модалдуулук , баалуулук жана субъектик – инсандык модалдуулук.

Предметтик модалдуулуктун түрү болуп, билим берүүнүн мазмунунун курамынын бардык элементтерин интеграциялоо эсептелет.

Кенен караганда интеграция - бул бир бүтүндүктү калыбына келтирүү каражаты: кандайдыр бир кубулуштарды, билимдин системасын, дүйнөнүн сүрөттөлүшүн, дүйнөгө көз карашты, адамдар арасындагы мамилелерди ж.б. Интеграция – бул бөлүктөрдү механикалык жактан эле суммалоо эмес, ошондой эле сопряжение, өз ара бири бирине камтылуу. Андан тышкары, интеграция–бул дайыма чыгармачылык. Интеграцияны механизм, технология, метод, ыкма, натыйжа же абал катары, билим берүү максаттарына, абалдарына жана шарттарына жараша кароого болот [6].

Методикалык аспекте интеграцияланган процесстер, биринчиден, өспүрүмдүн ички руханий жана психофизиологиялык ресурстарын актуалдаштырыш үчүн; экинчиден, ар түрдүү предметтер боюнча камтылган материалдарды бирдиктүү кабыл алуу үчүн (предмет аралык байланыш); үчүнчүдөн, бир бүтүн жашоонун феномини катары билим берүүнүн продуктусун алуу үчүн.

Бул эмгекте белгилегендей предмет аралык интеграцияга жалпы көз караш (өткөн кылымдын 60-жылдарынан баштап) анын негизги максаттары катары окуу программаларынын ортосундагы макулдашуулар каралып, темалар синхрондук иретте окулуп үйрөнүлүүсү, темаларды жана билимдин бөлүктөрүн кайталабай окутуу ишке ашырылган. Ал өз кезигинде түшүнүктөрдүн ортосундагы байланыштарды жана түрдүү дисциплиналардын жалпы проблемаларынын ортосундагы байланыштарды түзүүгө; окуучулардын чыгармачыл жана эвристикалык потенциалын жогорулатууну карайт. Ошол эле убакта предмет аралык интеграция практикага кенен киргизилген эмес, анткени билим берүүдө туруктуу дифференцирлөө процесси үстөмдүк кылган, алар регламенттөөгө, текшерүүгө жана баалоого ыңгайлуу болгон. Ошол себептүү мектепте билим берүүдөгү «тар профилдеги кесип ээлери» басымдуулук кылып келген. Бул учурда билим берүүдөгү интеграцияланган процесстер ар түрдүү илимий дисциплиналарды, окуу предметтерин же билим берүү областарынын проблемаларын чечүүдө гана колдонулбайт. Интеграциялоо - билим берүүнүн терең маңызы жана максаты – милдеттердин, кубулуштардын, предметтердин, дүйнөнүн, дүйнөгө болгон көз караш, маданият интегративдик, синтезделген образын түзүү. Бул образ: макулдашуусун, ийкемдүүлүгүн, компактуулугун, гармониясын, ачыктыгын, жашап кетүүсүн ж.б. айырмалайт.

Интеграциялоонун кыймылдаткыч күчтөрү катары ой жүгүртүүнүн түрдүү типтери кызмат аткарат. Ой жүгүртүүнүн маанилүү типтерине төмөнкүлөр киргизилген: обстрактуу – логикалык, мейкиндиктик – образдык, ассоциативдик – метафоралык, комбинатордук – ыктымалдуулук, проектилик – изилдөөчүлүк, креативдик – эвристикалык.

Интеграциялоонун материалдары катары баалуулуктар, түшүнүктөр, маанилер, моделдер, белгилер, иш аракеттердин түрлөрү, ой жүгүртүүнүн типтери саналат.

Ар бир мугалим өз алдынча интегратор катары, өз предметин толук түшүндүрүү үчүн, анын мазмунундагы орчундуу материалдарды бири бирине чаптап бир бүтүндүккө жеткирет, ошондой эле билим берүү областын же бир нече областарды интеграциялайт. Бул жерде предмет ичиндеги жана предмет аралык интеграциялоону айырмалоого болот. Биздин учурубузда тектеш табигый предметтерди интеграциялоо, ошондой эле ар бир табигый илимдин ичиндеги өз ара интеграция; мисалы, тектеш табигый илимдерди гуманитардык илимдер менен интеграциялоо; табигый предметтерди тарых, география, тилдер менен интеграциялоо.

Интегративдик бирин бири толуктоону жашоодо да тактап айтканда – илимдин жана маданияттын адамдарынын ортосунда болору байкалары жөнүндө айтылган. Мисалы, улуу окумуштуу Д.И.Менделеев Россиянын көптөгөн белгилүү адамдары: математиктер, композиторлор, сүрөтчүлөр менен мамилешкен. Алар менен жакындаштырган кызыгуунун жалпылыгы, мекенге кызмат кылуу, искусствону жана илимди чындап сүйүү болгон. Д.И. Менделеев орустун улуу окумуштуусу П.Л. Чебышев менен жөн эле мамилешпей, химиялык элементтердин атомдук массаларын эсептөөдө анын законуна таянган. Д.И. Менделеев досуна «снаряддарды» даярдоодо жардам көрсөтүп артиллериялык илимдин өнүгүшүнө салым кошкон. Д.И. Менделеевди орустун улуу композитору А.П. Бородин менен көптөгөн нерселер бириктирген: ал экөө тең кесипкөй химия боюнча окумуштуулар гана болбостон, мыкты музыканттар да болушкан. А.И. Куинджи өзүнүн «Днепрдеги түн» аттуу аттактуу сүрөтүн тартканда Д.И. Менделеев биринчи болуп макала жазып, окумуштуу – табигый сыноо катары искусство менен илимдин ортосунда өз ара байланыш, пейзаж искусствонун тарыхындагы ролун жана адамдын жаратылыштагы орду жөнүндө сөз кылган. Мындай мисалдар өтө эле көп [7].

Илимий түшүнүктөрдү өнүктүрүүнүн психологиялык – дидактикалык жана методикалык аспектери көптөгөн авторлордун эмгектеринде изилденген [8]. Мисалы, С.Г. Шоповаленко химиялык түшүнүктөрдү өнүктүрүүнүн төмөндөгү жолдорун айырмалайт.

1. Түшүнүктөрдүн мазмунун конкреттештирүү: алардын мазмунун жаңы орчундуу белгилер менен байытуу, заттардын жаңы касиеттери жана байланыштары менен тааныштыруу.

2. Түшүнүктөрдүн көлөмүн кеңейтүү: бардык жаңы процесстерди жана заттарды берилген түшүнүктөр менен камтуу.

3. Түшүнүктөрдү жалпылоо: жеке түшүнүктөр пайда кылган жалпы орчундуу белгилерди жана алардын бардык предметтерге жана кубулуштарга таркалышын абстракташтыруу аркылуу жеке түшүнүктөрдү жалпы ири түшүнүктөргө синтездөө.

4. Түшүнүктөрдүн мазмунун тереңдетүү: химиялык айланыштардын маңызын жана заттардын жаратылышын толук ачыктап берүүчү химиялык билимдерди теориялык көз карашта тастыктоо.

Түшүнүктөрдү өнүктүрүү – окуучуларды окутуу жана тарбиялоонун бардык процесстеринин кыймылдаткыч күчү болуп саналат. М.Н. Верзилиндин пикири боюнча, мугалим ар бир курстагы негизги түшүнүктөрдү бөлүп алып, өзүнүн методикалык көз карашында үзгүлтүксүз кармап, түрдүү материалдарда жана түрдүү байланыштарда кайтадан кайрылып турушу зарыл. Окуучулардын аң сезиминде ал түшүнүктөр бара бара өнүгүү менен терең өздөштүрүлөт.

Мектептеги мугалимдердин ишин жана окучуулардын билимдерин анализдөө, өзгөчө табигый – илимий түшүнүктөр жеткиликтүү өнүкпөй жаткандыгын көрсөткөн, андыктан окуучулардын билимдеринде үзгүлтүктөрдү жана жетишкендиктерди жаратууда. Программаларды жана окуу китептерин кароодо түшүнүктөрдү өнүктүрүүнү ишке ашырууда орчундуу үзгүлтүктөр бар экендигин көрсөткөн. Бул проблема боюнча изилдөөлөрдүн натыйжаларын теориялык жалпылоодо жана анализдөөдө, өзгөчө А.В.Усованын жана анын окуучуларынын изилдөөлөрү проблеманын чечилишине орчундуу салым кошушкан, алардын негизинде билим берүү процессинин жана окуучулардын илимий түшүнүктөрүн өнүктүрүүнүн айрым закон ченемдүүлүктөрү катары төмөнкүлөрдү белгилеген:

- окуучулардын аң сезиминде түшүнүктөрдү калыптандыруу – татаал жана убакыт ченеми боюнча узакка созулган, предметтерди жана кубулуштарды сапаттык жана сандык өзгөчөлүктөрүн иреттүү ачып көрсөтүү процесси болуп саналат;

- окуучулар предметтерди окуп үйрөнүүдө, алды менен айрым түшүнүктөр, кийин түшүнүктөрдүн системасы калыптанат;

- бир системанын түшүнүктөрүн өздөштүрүү, алардын башка системанын түшүнүктөрү менен байланыштары ишке ашырылган шартта гана натыйжалуу болот;

- бир илимдин түшүнүктөрүн өздөштүрүү, алардын башка илимдин түшүнүктөрү менен байланыштыруу ишке ашырылса натыйжалуу болот;

- бир эле мезгилде жаңы түшүнүктөрдү калыптандыруу процесси менен бирге мурдагы калыптанган түшүнүктөрдүн тереңдеши жүрөт. Бул учурда түшүнүктөрдүн улам жаңы жактары, алардын байланыштары жана катыштары ачылат, алардын колдонулуш чектери такталат;

- түшүнүктөрдүн мазмунун ачуу менен параллелдүү, түшүнүктөрдү дифференцирлөө процесси жүрөт.

Илимий түшүнүктөрдү окуучулардын өздөштүрүү процессин туура уюштуруу, жогорудагы закон ченемдүүлүктөрдү эске алуу менен, аны таанып билүүнүн методдорун колдоно билүү, алардын окуу билгичтик жана көндүмдөрүнүн андан ары өркүндөшүнө көмөк берет, бир эле предметтин илимий түшүнүктөрүнүн системасынын структуралык элементтеринин өз алдынча жана маани берүү аркылуу өздөштүрүү менен гана чектелбестен, тектеш предметтердин түшүнүктөрүн да өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.



Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   4   5   6   7   8   9   10   11   ...   34


©netref.ru 2019
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет