Исабаева Ж., 2011. Бардык укуктар корголгон



жүктеу 0.98 Mb.
бет5/6
Дата01.04.2016
өлшемі0.98 Mb.
1   2   3   4   5   6
: uploads
uploads -> Қазақстан республикасы төтенше жағдайлар министрлігі көкшетау техникалық институты
uploads -> Қазақ тіліндегі ресми іс-қағаздары Басқару, ұйымдастыру, өкім шығару қызметіне қатысты құжаттар
uploads -> А. С. Макаренконың өмірі мен педагогикалық қызметі
uploads -> Ян Амос Коменскийдің педагогикалық қызметі мен теориясы. (1592-1670жж)
uploads -> Приложение к части а1
uploads -> Рабочий проект
uploads -> Кирилл Куренда: двухлетний вундеркинд Не иначе как вундеркиндом можно назвать Кирилла Куренда из крымского села Владиславовки. В свои два с половиной года он уже знает все буквы алфавита умеет считать и освоил азы компьютерной грамотности

Камынуу
...Ортону жымылдаган жымжырттык уялады.

Оо, бир убакта анан Сейдана апа оюнан “ойгонуп” кеткендей бир серпиле баш көтөрүп алып:

– “Жалгыз дарак бак болбойт”, балдарым! – деди бир дем менен өзүнө кулак төшөп отурган уул-кыздарына. – Мен бул өмүрдө эмне ийгиликке, эмне жакшылыктарга жеткен болсом, ошонун баары силердин атаңар менен!..”

Апанын үнү саал каргылданып, бирок, мууну бошой түшкөнүн балдарына байкаткысы келбей, бар эмоциясын ичине жутуп, тамагын кыра, боюн түздөп, өзүнө келип алгыча унчукпай калды.

Анын жандүйнөсүнөн өтүп жаткандын баарын кыбыр эткенине чейин туюп, билип отурган, кудум өзүндөй сезимтал, ыр жандуу кызы – Бактыгүлү апасынын колдорун аяр кармап, жанына жакын отуруп жүзүнөн сүйүп, кылайган күмүш саамайларын жоолугун астына жашырып, эркелете кучактады:

– Апа-ов, чарчаган жоксузбу? Кичине жатып, эс аласызбы?

– Жаткым келген жок, кызым. Таптакыр жатаар мезгил да келер, ага чейин...

– Апа, жап-жакшынакай болуп турасыз го. Эмнеге эле өзүңүздү таштап салдыңыз? Баягыңыздай эле чуркап жүрө бербейсизби?

– Айланайыным, менин! Айланайыным! Апаң сенден айлансын, Акылкарачачым! Мен чуркап жүрүп эле мүдүрүлүп кетсем: “Апабыз жакшына жүрүп эле эмне болуп кетти?!” – деп өктөөңөр ичиңдерде калбайбы. Ии! – деди эне же тамаша, же чын экени белгисиз. – Анын үстүнө, антип жатып албасам камынбай да койгону атпайсыңарбы. Андан көрө, мага сойчу жылкыңды эмитен алдырып, байлата башта, жазга чейин жакшына болуп семирип калсын. Кайыпжаным – кенжем али жаш. Тилегеним уй байласын.

– Ий, коюңузчу, апа. Кайдагыны айтпай!

– “Кайдагы” болмок беле?! “Жаман айтпай, жакшы жок”, балам. “Өлүм – чын, калганынын баары жалган, убактылуу”... Ага эмнеге чычалайсың? Андан көрө, дастарконго койчу таттуу-тарапанын жакшысынан, кымбатынан алсаң. Сейдана эки жолу өлмөк беле, кызым, келген эл ыраазы болуп тарасын.

Ушундай убакта апасынын айтканын эки кылуу мүмкүн эмес эле. Анын үстүнө кайра-кайра эле:

– “Жаман жорону баштап...” дебей, камынгыла! Убакыт деген күтпөйт, – деп ыкыстатып, шаштыны алып туруп алды.

Акыры апасынын көөнү тынчыбысын түшүнгөн акын кызы эртеси эле союшту короого жетелетип келип, байлатып койду.

– Ии, алдырдыңбы? Ырас кылбадыңбы, балам. Мени эшикке алып чыккылачы, көрөйүн, – деди аны укканда эне маңдайы жарк эте кубанып. Балдары сүйөп-таяп, сыртка алып чыгышты эле, семетейчи-эне жылкынын караанын боолгоп:

– Аа, Кудай буюрса жакшы экен! Заңкайган, зоот жылкы турбайбы. Жазга чейин эми жакшылап байлай бергиле! – деди кудуңдап.

Ыраазы болгондон апасынын өңүнө кызыл жүгүрүп, күлкүсү чыгып, өзгөрүлө түшкөнүн көрүп, акын кыздын бир эсе жүрөгү сызгырылып, “ары карап ыйлап, бери карап күлүп”, бир эсе эненин кубаныганына куштар болуп, көп өтпөй эле жашик-жашик таттуу-тарапасын апасынын алдына койду:

– Апа, мына булардын баары таттуу-тарапа...

– Жакшысынан алдыңбы? – деди ошондо да эне.

– Сизден аянмак белем, апа!

– Билем, билем, балам. Энең жөн эле, эркелеп атпайбы. Кана бир-экини берчи?

Кылдырак кагаздуу таттуу-тарапаларды колу менен кармалап, анан ооз тийип, даамын татып көрүп:

– Ии, жакшы экен, – деп бу саам дагы жүзүндө ыраазы болуунун белгиси турду.

Бул убакта кычыраган кыш күчүнөн аз-аздап тайып бараткан...


***
Убакыт өткөн сайын Бактыгүлдө жан жок. Колдон келсе, тээ канча бир убакыттарга чейин кышты узартып, убакытты өткөрбөй кармап алмак! Апакесин эч кайда жибербейт, эч кимге бербейт эле анда!

А бирок семетейчи апа да балдарынын эмитен ыйлап, мүңкүрөп калышын каалабайт.

– Жаман кишидей болбой, башыңарды өйдө кылып, чыйрак, бекем болгула! Эмне, мен эле өтүп атыпмынбы, бу жалгандан?! – дейт. Өзү да кээде узун ойдун учугун чубап, узакка тунжурап өткөн менен кеткенди саресеп сала отуруп калып, кайра эле бат ойдон ойгонуп кеткендей серпиле түшүп, жакын арада майрамга барчудай кабагы жарк деп, серпиле түшөт.

Ошондон жанына жаназык, же болбосо гүлазык алып аткандай, же дары ичип, ооруган жерин баскандай, Семетей айтат. Ара чолодо балдарына сабак болсун дегендей балпайып отуруп алып, башынан кечиргендерин тигинтип божурап отурат.


***

Эмнегедир, улам күн өткөн сайын Сейдана апа семетейди көп айта баштады. Кирген-чыккан элден, айрыкча: “Семетейчи апанын батасын алып калалы” дегендерден бир аз эле бошой калганда кадимкисиндей тамагын кыра, үнүн жасап алып, көз алдына тартыла калган эпизоддорду биринин артынан бирин айтып, атүгүл жаңы табылгаларды кошуп, муштумдай жүрөгү солкулдап, күрөө тамырлары болкулдап, жандүйнөсүндө каармандары, алар жашап өткөн доор менен жашай баштайт...

Анан калса, бармактайында бул жалгандан учуп кеткен төрт уулу да соңку убактарда эне менен кошо жашап аткандай, оозунан эч түшпөй калды...
***
Мына, азыр да үйдөн апасынын семетейи угулду. Бактыгүл кулак түрүп, дитин коюп тыңшады. Бу саам деле баягысындай, өзүнө гана таандык ыргагынан тайбай, эч кимде жок шаңкылдаган ачык, ажайып добушу менен Айчүрөктүн Ак куу болуп учушун айтып атат:
Айдай сулуу Айчүрөк,

Көңүлү көпкө бөлүнүп,

Көзүнүн жашы төгүлүп,

Камап турган жедигер,

Кандай айла болот деп,

Айтканына көнбөсөк,

Азганактай элимди,

Такыр кырып коёт деп,

Ат бороюн сыдырып,

Ай ааламдын баарысын,

учайын деп кыдырып.

Кайын атам Манастын,

Арбагын сыйлап жүргөнмүн,

Жол уболгон Толтойдун,

Жоо болоорун билгемин.

Бел байлаган белди таап,

учуп жүрүп мен өзүм,

Көңүлүм сүйгөн шерди таап,

Калайманды салайын!

Камап жаткан Кожодон,

Кайраттуусу Толтойдон,

Капкайда кегим алайын!

Бекем бууюн белимди,

Издеп учуп теңимди,

Жээликкен ушул экөөнөн,

Алайын минтип кегимди!

Төрөсүнгөн Толтойдун,

Төбөсүнөн бастырып,

Төрт түлүгүн чачтырып,

Эрдемсинген кожонун,

Кызыл канын чачтырып,

Кайнатпасам шорлорун,

Калың казып орлорун!

Кырдырбасам колдорун,

Кетирбесем болжолун!

Деп ошентип Айчүрөк,

Чынкожо менен Толотойдун

Кордугуна күйүнүп,

Аккуу кебин кийинип,

Ар дубасын кайталап,

Учканы жума күн болуп,

Кеткени кадыр түн болуп,

Оогандан чыгып закымдап,

Канатын күүлөп Айчүрөк,

Кашкарга келди жакындап!..
***
Эненин жанына акырын басып келип, сыңар тизелей отуруп, анын ар бир кыймылына, ар бир сөзүнө назар төшөдү кызы.

“Жок... жакшы эле экен! Баары жакшы...” – деди акыл-оюн аңтар-теңтер кылып, алда кайда чуркап барып келе койгон ой-санаасы.

Семетейин кадимки калыбынан жазбай, жаңылбай айтып атат апасы...
Э-эй, Айчүрөктүн Ак сарай,

Каалга – темир, сом калай,

Ар нерсеге чак сарай,

Бейбак өзү салдырган,

Бекемдиги бир далай.

Күүгүм болуп калат, – деп

Күмүш менен кырдаган,

Алтын менен сырдаган.

Босогонун боюна,

Көк жолборс жасап койдурган,

Алтындан түркүк чойдурган.

Кыйма-чийме кыялдап,

Кызык кылып салдырган.

Аны көргөн адамзат,

Тиктесе көзү уялган.

Кереметтүү сарайда,

Акундун кызы Айчүрөк,

Семетейди ойлонуп,

Оң жагына толгонуп,

Кайта-кайта күн санап,

Келсе экен деп жол карап,

Уктаганы жатты эле.

Түн жарымы оогондо,

Таңга маал болгондо,

Уктап жатып түш көрөт,

Түшүндө сонун иш көрөт.

Көзүн ачып караса,

Азан маалы болуптур.

Угулду үндөр аңгырап,

Азан айтып заңгырап,

Аны уккан Айчүрөк,

Шапа-шупа турду эми,

Чоң кумганын колго алып,

Колун сууга салды эми,

Кол дааратын алды эми.

...

Намазын окуп болгон соң,

Шөкүлө киийп чайпалып,

Адамдан башка байкалып,

Келин-кыз жаткна сарайга,

Басып Чүрөк еледи эми...

Түндө көргөн түштөрүн,

Буларга айтып берди эми.

Улуусуна кеп айтат:

-Ой, эжелер, – деп айтат.

Кичүүсүнө кеп айтат:

-Ой, сиңдилер, – деп айтат,

Мен таңга маал түш көрдүм,

Түшүмдө сонун иш көрдүм.

Шамы күйүп жалына,

Байланды буудан мамыма.

Чапчыса жерди термелтти,

Чарк айланып көл кетти,

Бул эмине болучу,

Бул түшүмдү жоручу?

Булбул конду талыма,

Майыштырып шагына,

Сайраса боюм эргиди,

Санааны санаа жээриди,

Бул түшүмдү жоручу?

Кара чаар кабылан,

Калаанын ичин жойлоду,

Карс этип иттер койбоду.

Бул эмине болучу?

Ажыдаарды мен көрдүм,

Аала-Тоо менен тең көрдүм,

Кайратына чыдабай,

Аккан суулар бөгөлдү,

Жанаша турган эки тоо,

Бир-бирине жөлөндү,

Бул эмине болучу?..

Э-эй..

...


***
Жаз айы улам жакындаган сайын ушинтип, ким-кимисинин аңдып-күткөнү эле – эненин сүйлөгөн сөзү, анын ар бир кыймыл-аракети.

Күндө жаңы аткан таңды ушундай түйшөлүү, түпөйүл санаа менен тосушат да, табынан тайыбай ойгонгон энени көргөндө кубанып, кудуңдап калышат. Ушул жолу да энесин көрүп, санаасы тына: “Өх-х!” – деди кызы...

Чындыгында ал апасынын канчалык кайраттуу экенин билгени менен, мынчалыкты күткөн эмес эле андан.

Акын кызы апанын колдоруна өз колунун жылуулугун өткөрүп, аста-аяр сылагылап отуруп, эненин али да бырышы жок, жылмакай жүзүнө сүйө тиктеди.

Эненин балалыгы жөнүндө айтып бергенин эстеп, ошондогу беш көкүл эрке кыз менен анын апаларын элестетти. Мынакей:

“Ич, иче гой. Муну ичсең бетиңе бырыш түшпөйт. Байбиче болгондо да жүзүң жылмакай, жакшынакай байбиче болосуң”, – деп атат апасы.

“Аный..! Ичпейм! Кемпир болбойм!..” – деп эркелеп, ары кетип, бери кетип, чоңктоп атат беш көкүл кыз.

“Ок, антчү эмес! “Кемпир болбойм” дегени эмнеси?! Кудай ошол кемпирликке жеткирсин!..” – деген энелер кичинекей кара кызга айланып-тегеренип, кесени оозуна кармашат...

Ансайын эркелеп, улам токтоп, улам жутуп, энигип сүт ичип атып сүт ичип бүтөт кыз. Өздөрү үчүн ичкендей энелер жетине албай кубанып, ойноп кеткен кызга узата карашат апалар...

Ушул картина кудум кино тасмадай көз алдына элестеп, ууртунан күлүмсүрөп койду акын кыз.

Деги эле Эне аттуунун бул жалган өмүрдөгү, адамзат жашоосундагы ордун ойлоду...

“Кагылайыным! – деди сыртта ойноп жүргөн уулуна ичи элжиреп. – Таянеңдин сага деген тилеги, ишеними, ак батасы кабыл болгой эле...

Ооба, сөзсүз кабыл болот. Анткени сенин таянең – жөн таяне эмес...”

Андан ары Сейдана апанын дегени жадымында жаңырат:


Бактыгүл балам, уулуң -

Сууга салса чөкпөсүн!

Атса – мылтык өтпөсүн!

Каргаса – каргыш жетпесин!

Башынан бакыт кетпесин!

Жалгыз болсо –

Жалпыга татыр бала болсун!

Бирөө болсо –

Миңге татыр бала болсун!

Асылдын – асылы болсун,

Апасынын акылы болсун!

Өмүрү узун болсун,

Өрүшү жайык болсун!

Шаймерден колдоп жүрсүн,

Кыдыры оңдоп жүрсүн!

Манасым көзүн салсын,

Бакайың сөзүн салсын!

Жаппай жалаадан сакта, Кудай,

Бакпай балаадан сакта!

Элинин эр жигити болсун!

Жараткандан небере сурап алуу

Бактыгүлдүн турмушка чыгаарын апасы алдын ала билип, дегени бар:

– Түндө бир жакшы түш көрдүм. Түшүмдө ажайып куш көрдүм. Анан калса ошол ак куш канаттарын башкача бир дирилдетип, ушундай бир уккулуктуу сайрайт десең, ананайын!..

Анан ал ак булуттарды аралап, жылдыздардын арасында сабалап, аска-зоолордун үстүндө айланып учуп, акыры барып бир жигиттин колуна конду.

Ошол куш – Бактыгүлүм окшобойбу деп калдым. Безелентип сайраганы – кызымдын оозунда сөзү бары... Ырлары элге жагып, адабияттан ордун табат окшоду.

Бир жигиттин тууруна конгону – “кыздын бараар жери – күйөө” эмеспи, жакын арада тууруна коно турган өңдөндү...

Айткандай эле ошондо эки апта өтүп-өтпөй, Бактыгүл турмушка узады..

Эгиз талдай бири-бирин толуктап, бири-бирине куп жарашкан эки жаш эртеңдердин ары-ары жагында алардын эмне деген күндөрү бар экенин эч капарына да албай, бул жалганда өздөрүнөн башка бактылуу эч ким жоктой капарсыз жетелешип, арадан алты жыл кантип өтүп кеткенин да байкабай калышты.

Анткен менен, убакыт өткөн сайын эненин сезимтал жүрөгү алда неге түпөйүл болуп, алда неге түйшөлүп, санаа тартып, сабыркап, төлгөсү төп түшө калган күндөрү кубудуңдап, кубанычы кучагына сыйбай калып жүрдү.

Бир күнү бул тууралуу кызына да айтып:

– Э, Бакыбай, доктурга көрүнүп атасыңбы? – деп калды.

– Доктурга? Эмнеге, апа? – дегени менен, апасынын эмнеге антип сураганын алыстан боолгоду кызы.

– Балам, аял кишинин бактысы – бала менен...

– Болот да, апа.

– “Болот да” дебей, Кудайдан сура, кызым. Шамшыкал-Ата мазарынан сура.

Анча көңүлсүрөбөй турган кызын шаштырып:

– Шамшыкал – ыйык, бала сураганга – бала, так сураганга – так, мал сураганга – мал берген касиеттүү жер! Сөзсүз барышыбыз керек, балам, – деп камынып калды.
***
– Илгери-илгери, Манас-атанын убагында тээтигил тоолордун үстүндө кылкылдаган көл жаткан имиш... – жолду катар Сейдана апа ушинтип, кызына улуу тоолордун уламышын айтып жүрүп отурат. – Манас-ата Таластан бери ашып келип, Ак куласын ошол көлгө сугарып кетчү экен... Кийин-кийин, канча заман, доорлор өтүп, ошо көл соолуп, орду гана калыптыр... Байкасаң, кудум суу жеп кеткенге окшоп, жылмакай аскалардын боорлорунун оюлуп, оймо-чийме болуп турганын?..

– Чын эле...

Экөө саамга унчугушпай, өз ойлору менен алектенип кетишет да:

– Апа, эмнеге береги тоонун аты Шамшыкал болуп калган? – дейт кызы.

– Анын да өз тарыхы бар. Кыргыз деген жер-сууга атты жөн эле кое берген эмес, – дейт эне. – ...Бир жолу да бейкам жаткан элге дүрбөлөң салып, кайдан-жайдан тили башка, дили башка жоо каптап келиптир. Ошондо элден чыккан Шамшы аттуу жигит алдуу-күчтүү эр азаматтардан кол курап, жоону тосот.

Карчылдашкан кармаш канчалаган күндөргө чейин созулуп, кан суудай аккан делет.

Так ушул Шамшыкал тоонун этегинде акыры Шамшы баатырдын колу кылкылдаган калың колду кыйратып, өзү да оор жаракат алат.

Оо, ошондогу кызыл кыргында тирүү калгандан кырылганы көп, эки тараптын сөөгү тоо болгон имиш.

– Жомок да...

– Жомок дейт да! Кечээ жакында эле ушул тегеректен жер казып, дан айдаган дыйкандар адамдардын сөөктөрүн табышкан. Баарынан да таң калыштуусу, баш сөөктөрдүн биринин чыкыйы алтын менен каңдалып, кадалган экен! Сыягы, ага чейинки дагы бир урушта маңдайына ок тийип, кадаткан окшобойбу. Жөн эле жоокер анте албайт болчу, сыягы ал да душмандардын баатыры болсо керек да, балам...

– Мүмкүн. Шамшы баатыр эмне болуптур анан?

– Ошентип, Шамшы катуу жаракат алып, өлүм менен өмүрдүн ортосунда жатат. Жанындагы жоокерлер баатырын жоготкусу келбей, ар кандай айла-амалдарды жасап, акыры үмүттөрү үзүлөт. Ошондо баатыр:

– Эр жигиттин “эл четинде, жоо бетинде өлгөнү – сыймык!” Эч качан кайгырып, капаланчу болбогула! Андан көрө менин сөөгүмдү береги тоонун туу чокусуна көмгүлө! Мени койгондон кийин тоонун боорунан сызылып ак туз, этегинен булак агып чыгышы керек. Эгер айтканымдай болсо, анда Кудайдын бергени ошо! Дароо элге кайткыла да, кабар кылгыла! – дейт. Баары айтканындай болот. Тоонун боорлорунан агарып туз агат, этегинен булактап булак чыгат...

Анткен менен жоокерлер баатырды таштап кете албай, улам кайра артына кылчакташып: “Шамшы калды... Биздин Шамшы калды! Шамшы, жакшы кал!” – деп өзөктөрү өрттөнүп, өксүк менен узашкан экен. Ошондон кийин бул тоо “Шамшы-кал” аталып, Шамшыкал тузу – Кетмен-Төбөнүн сыймыгы болуп калыптыр, кызым.

Мына бул мазарлар – ошол жоокерлердин көз жашынан, эли-жерине болгон ак дилинен бүткөн экен...

***
Кимдир бирөө капа кылып, ызалантып койгондо да Сейдана апанын айтканы ушул: «Үстүдөгү Кудайга, астыдагы арбакка, капталдагы Шамшыкал-Атага койдум!»

“Ак-караны ошолор гана таразалайт. Ошолор калыс, ошолор көрүп турат...”

Ашыкча кеп айтчу эмес.

Мына, жандай көргөн акын кызын эрчитип, бүгүн да ошол мазарга келатат семетейчи.

Көтөрмө айлынан мазарга чейин аралык үч чакырымдай жол. Орто жерде маркумдардын “айылы” бар. Ошол жерде семетейчинин кайнене-кайнатасы, көзү өтүп кеткен алыс-жакындары жатат.

Өмүрүнүн буга чейинки тарабындагы эң жакын даамдары ушул жерде жатканы үчүнбү, же качандыр бир өзү да ушу “айылга” келип “коноорун” ойлочубу, эмнегедир бу тегерекке аяр мамиле кылар эле, семетейчи эне.

Күмбөздөргө чейин өткөн-кенткенден кеп салып келчү да, а жерден атайын токтоп, арбактарга арнап куран окуп, андан ары өзүнө кошуп, кызын да жылаңайлак бастырып алар эле.

– Коюңузчу, апа, чечпей эле койсок болбойбу? – деп кыйылган кызынын бут кийимин чечтирип алып, күмбөздү карай ыргытып жиберчү эне. Тамандарын таш, балтырларын тикенек тилип, а бирок сызылып аккан канга да кайыл болуп, алдыны беттеп бара беришчү анан экөө...

Апасы жолду катар ботодой боздоп, көзүнүн жашын көл талаа кылып ыйлап да баратчу, Кудайына жалынып да баратчу:


«Оо, Кудай?!

Итке берген балаңды,

Битке берген балаңды,

Менин Бактыгүлүмдөн

неге аядың, о, Кудай?!»
Кызы апасынын көл-талаа болгон көз жашын көрүп: “Менин балама апам байкуш мынча эмнеге зар болду?!..” – деп анын өзүн аяп ыйлачу.

Бир күнү анан... чыны менен эле Бактыгүлдү айран таң кылган, бир ажайып окуя болду. Булактын жанында сыйынып отурган эне-баланын ортосуна кайдан-жайдан аппак бөжөк чуркап келип, бөжөйүп отуруп калды.

Эне кызын чыканагы менен акырын нукуп, көз менен жаңсай, тигини көрсөттү. Кызы да кирпигин ирмеп: “Көрдүм”, – дегендей белги кылды.

Бөбөккө окшоп бөпөйгөн бөжөк тээ бир далайда барып көздөн кайым болуп кетти.

– Эми мындан ары келбейбиз, балам! – деди эне маңдайы жарыла кубанып. – Кудайымдан аян болду! Эмки жылы ушул маалда, Кудайым буюрса уулдуу болосуң!

Айткандай эле кийинки жылы бу жарык дүйнөгө Алихан келди…



Баталар...
Сейдана апанын батасы да бир укмуш. Атайын алыстан ат арытып, бата сурап келгендердин катары ушу азыр да, семетейчи өмүрүнүн акыркы сересинде турган чакта да, суюла элек. Анткени Кудай сүйүп оозуна сала берген байбиченин батасы жаза тайып, жаздым тийген учурлары боло элек.

Семетейчи Сейдана апа эч биринен аянбайт. “Чарчап турам, анан кел, же эртең кел”, – дебейт. Баштатан таанышындай, же болбосо балдарынын бирөө-жарымы келгендей агынан жарыла тосуп алып, ал-акыбал сурап, тамырын тартып аткансыйт.

Баарынан да балдарын таң калтырганы, эне ар бирине ар бөлөк, бири-бирине эч окшобогон баталарды берет.

Ал баласы жоктор менен кошо, үзү да баланын зарын тарткан кишидей зарлап туруп, Кудайдан сурайт эле...

Үй-бүлөдөн жолу болбой жүргөн жалгыз-жарымдарга, кызматка, атак-даңкка, деги эле жакшылыкка жол издегендерге да үзүлүп түшүп, алардын ар биринин абалын, өксүүсүн өзүнүн жандүйнөсү аркылуу өткөрүп, жүрөгү канап туруп батасын берчү.

Ошонун бир шиңгили акын кыздын эсинде калыптыр:


Өмүрүң узун болсун,

Өрүшүң жайык болсун!

Өрөөнүң малга толсун,

Өзүңө дөөлөт консун!

Үйүңдөн кут кетпесин,

Үйрүңө жут жетпесин!

Ырыскы кыя өтпөстөн,

Ылайым сени эстесин!

Уулдарың учка жетсин,

Кыздарың кырга жетсин!

Кырсыктар жолобостон,

Кыялап, буруу кетсин!

Кабагың ачык болсун,

Каршыккан жакын болсун!

Зоболоң бийик болсун,

Зомбулук алыс болсун!

Хандын каары өтпөсүн,

Кайгынын багы өспөсүн!

Капалык чулгабасын,

Кайма сөз булгабасын!

Жараткан жалгап турсун,

Жакшылык арнап турсун!

Манас ата колдосун,

Кыдыр болсун жолдошуң!

Уул-кыздын урматын көрүп,

Үйүңдө кайгы болбосун!

Асманың ачык болсун,

Элиңде бакыт болсун!
А бирок кийинки келгендер үчүн бул айтылгандар кайра кайталанбайт. Ар бир кишинин жекече тагдыры, жекече көздөгөнү, көксөгөнүнө жараша берилет бата. Асыл эненин ак дилинен, аруу тилегинен, баатырлар жашаган касиеттүү жандүйнөсүнөн шурудай тизилишип чыккан ширин сөздөр биринин артынан бири куюлушуп, уккан кулакты кубандырып, бата алган адам түгүл башкалардын да жандүйнөсүн балкытып, кандайдыр ишеним жаратып, үзүлүп... уланып... үлпүлдөгөн үмүттөрдү “жарк!” эттире жандырып жибергенин айт...

Эриш-аркак эки өмүр
Көзүнүн эле азиз болуп калганы болбосо, семетейчи Сейдананын акыл-эси ордунда, сүйлөгөн сөзү оозунда. Отуруп-турганы тың, ичкен-жегени жакшы. Ошол себептен анын: “Жазында өлөм, камынгыла!” – дегенин: “Кудайдан болуп жаңылыш болуп калса экен. Ооба, ошондой болуп калгысы бардыр... Апам эмне, Кудай беле, баарын көрүп тургандай. Пенде эмеспи. Бирде болбосо бирде жаза тайып, жаңылып калгысы бардыр”, – дешкени менен, баары бир кыздары – Кания да, Мадия да, Калия менен Бактыгүл да апасынын айтканы – айткандай келээрин тымызын ойлоп, билишет.

А бирок апа да кыздарынын оюн окуп алгандай, ого бетер көшөрөт. Өз өмүр сапарынын сексен жетинчи ашуудан токтоорун жаш кезинен эле айтып келаткан семетейчи эми өчөшкөндөй, төшөктөн такыр турбай жатып алды...

А бирок, анда деле “ики” деп бир онтогон жок.
***
Семетейчи эненин колу да жеңил эле. Жаны кейип, ооруп турган чоң-кичинени бат эле эмдеп-домдоп, сакайтып койчу. “Бул касиет ыраматылык атамдан калган...” – деп коер эле анысын.

А бирок илгертен эле бар алдын ала көрүп-сезүүчүлүк касиетин анча ачыкка чыгарбай, көп нерсени тымызын сактап, ичине катып койчу. Жашырууга болбой кетке жагдайда гана бир апта, же бир ай мурун чеке-белин чыгарып, айтып койчу. Ошондо да өз бала-бакырасынын чегинде...

Анткени советтик доордо мындай нерсенин баары коомго жагымсыз көрүнүш катары кабылданып, андай касиетти тутунгандарды тигинтип “жинди” атап, болбосо “эскинин калдыгы” деп катуу сынга алып, андан да кыйыны: “Советтик идеологияга каршы”, – деген түшүнүккү такашчу.

Ошондуктан жубайлар, экөө тең андай касиеттерин ачыкка чыгарышчу эмес.

Бирок бул “чыккынчылыктары” үчүн кээде жазаланып да калышчу...

Чыккынчылык эмей эмне, алар Жараткандан берилген көп касиеттерди ичине жутуп, ачыкка чыгарбай, жаңы замандын шарданы менен жаңыча ойлонууга, жаңыча жашоого бел байлап, ниет коюшту. “Коомдо жашап жатып, коомдон сырткары калууга”, чындыгында эле мүмкүн эмес эле. Ал эми көзгө көрүнбөгөн, илимде айтылбаган, айлана-тегерегибизде ар дайым курчап, кошо жүргөн, бирок баарынын эле көзүнө көрүнө бербеген сырдуу дүйнө жөнүндө унутуу, таанып туруп тануу керек болчу. Ансыз айлана-тегерегиңе өөн, жат учурап калмаксың...

***
А бирок, кандай болгон күндө да баатырларын тана алган жок, семетейчи.

Ар бир айтта, атайын өзү белги кылган айрым күндөрдө баатырларга арнап, атайын мал сойдуруп, куран окуп жүрдү.

– Кичирээк малга баатырларым ыраазы болбой калбасын, бодо мал соёлу, – деп турар эле. Айыл-апаны чакыртып, жайыл дастаркон жайып таштап, маркумдардын рухуна арначу ал күндү.

Таласка, Манас-атанын күмбөзүнө ат тезегин кругатпай каттап турчу эне. Адегенде абышкасы менен барып жүргөн болсо, кийин Тилеген уулу апасынын айтканын эки кылбай, дайым даяр турчу.


***
Балдарынын атасы да тээ жүз жылды алдын ала боолгогон, тубаса аналитик боло труган.

– Биз капиталисттик өлкөлөрдөн жүз жылга артта калганбыз, – дечү ал ошол согуштан кийинки эле жылдарда. – Бирок көрөсүңөр го, кийин-кийин баары башкача болот, заман өзгөрөт. Ар бир үйдө экиден-үчтөн машине, бирден трактор, бирден комбайн токтоп калат. Мына бул колхоздун малы, жери бүт жеке адамдардын менчигине айланат...

– Ой, ата, коюңузчу, кайдагыны айтпай! Кантип эле ошондой болсун?! – дешчү анда советтик идеологияга, атеизмге, билимге кана сугарылган кыз-уулдары.

– Болот, балдарым. Көрөсүңөр го, сөзсүз болот. Бир гана өкүнүчтүүсү, мен ал күндү көрбөй калам. А бирок силер көрөсүңөр, силердин апаңар көрөт...

Ошого жараша абдан мээнеткеч, багбан киши эле. Мектептен кийинки бүт убактысын балдары менен өткөрүп, бак тигип, мал багып, ыңгайын таап аңчылыкка чыга коюп дегендей...

Айтмакчы, элүүнчү жылдардын алдында жубайларды жакадан кыйла обочо турган Көк-Белге жөнөтүштү...

– Малчылардын балдары окубай калбасын. Жубайың экөөң ошол жакка барып, үстүңөргө үй жасап алып, балдарды окуткула, – деп жогору жактан жолдомо түшөт. Советтик тапшырманы атбай, “аный” дегенге эч кимдин акысы жок болчу.

Ошентип, эки күн өтүп-өтпөй, эки жаш түйүнчүктөрүн түйүнүп алышып, белди карай жөнөп калышат...


***

Ата-энелери мектепке кеткенде, ошол Көк-Белде төрөлүшкөн кичинекей Кания менен Мадия бири-бирин багып үйдө калат. Мектеп дегени – эки блмөлүү үй боло турган. Балдарды да “чоң-кичине” деп экиге бөлүп, экөөндө экөө сабак берет.

Кээде эшик акырын “кыйч” деп, класска кибиреген эки кыз кирип келет. Бул көрүнүш окуучуларга майдай жага түшөт.

– Эжейдин кыздары келди... Агайдын кыздары... – деп азга болсо да сабактарынан алаксып, колу-буттарын кенен сунуп, керилип-чоюлуп алышат.

Анткен менен кыздар ата-энени кыйнап, сабакты үзгүлтүккө учуратып ыйлап, беймаза кылып кыйнабайт. “Отур” деген жерге тепейип отуруп алып, балдарды туурап жазган, окуган болуп, өздөрүнчө убаралана беришет.

Ушул касиеттүү Көк-Белде Каныкей-Эненин айтканы келип, Кудай-таала аларга эки уул, төрт кыз берди. Баардыгы ушул жерде боор көтөрүп, бактылуу балалыктын эч качан кайра келгис керемет кездери... али күнчө ар биринин жүрөгүндө калды.

Кантип эле?..”
Баарынан кызыгы, жубайлар окуган мектеп-интерантта окуу шыбагасы алардын балдарына да туш болду. Атасы ар биринин кулагына кумдай куюп:

– Балдар, жакшы окугула! Бара-бара заман билимдүүнүн заманы болот! Жада калса малчы менен дыйкан үйдө отуруп эле телевизор, телефон менен ааламдын булуң-бурчу менен байланышып, сүйлөшүп, телефон менен гана иштеп калат. Окубаган адам андай жыргалдан куру калат! – дей берсе: “Кантип эле ошондой болсун?” – деп балдары элестете да, окшоштура да алчу эмес. Ишенишпейт. Анткени андай заман жөнүндө “мен кыйындардын” да түшүнүгү, кабары жок болчу.

Ошол “телевизор” дегени – азыркы компьютер экенин ким билиптир анда!.. Таптакыр түшкө кирбеген түшүнүк эле бул...

***
Айрыкча улуу кызы Канияда экөөнүн эмгеги тоодой. Башынан техника илимдерине өзгөчө маани берген ата тун кызын ошо кездеги союз боюнча бирден-бир күчтүү окуу жайы деп эсептелген, Фрунзедеги политехникалык институтка жолдоду. Орусча тил билбеген элеттик кыз, башка улуттар арасында адегенде кыйналып-кысталып жүрдү.


Алардын группасында кыргыздардан болгону үчөө – эки жигит, бир кыз окучу. Анан калса ошол жылкы студенттер өзгөчө жөндөмдүү, тири карак экенин айтышчу, окутуучулар. Мамлекеттин мурдагы биринчи вице-премьер министр Борис Силаев баш болгон, бир топ группалаштары жооптуу кызматтарды аркалап жүрүштү кийин.

Ушул кызынын окуусу канчалык оор экенин билген ата-эне ансайын канаттарын сабалап жүрүштү.

– Ал кезде пара бере коюп баа алуу жок болчу, – дейт Кания эже эми. – Ата-энемдин эмгегин актасам экен дегенде ак эткенден, так этет элем... Студент кезимде турмушка да чыгып, окумду бүткүчө эки балалуу болдук. А бирок атам менен апам менин “бала басты болуп”, институттан чыгып калышымды каалашкан жок. Бат эле жетип келишип, неберелерин алып кетишти...

Кийин деле, балдарынын алды жогорку окуу жайларын бүтүп, очор-бачар болгуча эле кара жанын карч уруп, ар бирине үзүлүп-түшүп жүрүп, күндөрдүн бир күндөрүндө, эч ойдо жок жерден келгис сапарга жүрүп кетти Үркүн ата.

Сейдана апанын бир арманы, абышкасы: “Кийин, эс алууга чыкканда, Тилегеним үйлөнгөндө көчүп барабыз”, – деп жакшы тилек менен салдырган, Көтөрмөдөгү үйүнө бир күн да жашабай кете берди...

Түн каракчы” же ажал...


– Байбиче, бүгүн кыздарыңа барып келсеңчи, – деди ошонун мурунку күнү Үркүн ата таң эртең. Эне да оюнда ошону ойлоп турган.

Түшкө маал короодогу койлордун бирин союп, куйкалай койду да, төрткө бөлдү ата. Ага чейин семетейчи апа каймак-майын камдап, боорсогун бышырды.

– Бар эми, апасы. Эртең мененден калбай келип кал, – деген абышкасы аны таксиге салып, чаңы уюлгуган машинени карааны көрүнбөй калгыча узата карап турду да, эки небересин эки колуна жетелеп үйгө кирип кетти.

Тээ бир далайга чейин мал-салын ырастап, бак-шагын карады. Неберелери менен божурап кечки тамагын ичип, алар уктагыча жомок айтып берди.

Таятанын ошондогу элеси эми да неберелеринин эсинде эски кино-тасмадай бүлбүл тартылат... Таятасы ал күнү көзгө бир башкача мээримдүү, жомоктогу акылман абышкалардай ажарлуу көрүнгөн. “Акылкарачач” тууралуу жомогун айтып жатып, уктап кеткен кыздарын кымтылап жаап, алмак-салмак саамайларынан жыттап, кыялында кыздарынын жомоктогу акылдуу кыздай ажайып болушун каалаган.

Түндүн бир оокумунда анан эшик кагылгансыган...

Жаңы эле көзү илинип, көшүлүп кеткен ата өңү же түшү экенин ажырата албай:

– Ой, бул ким?! – деген.

– Биз эле...

– Азыр...

Ал туруп, кийинип жаткансыган. Бирок, денеси ордунда калып, өзүнүн тулку боюнан өзү суурулуп чыгып, эшикке бараткандай боолгогон.

– Кимсиңер?! – деген сырттан кирип келген экөөнө сестене карап.

– Биз...

Адамдан башкача муздак илеп келди алардан. Экөө бирдей кара кийинип, беттерин кара чүмбөт менен көрсөтпөй жаап алышкан. Баарынан да алар адамга окшобой, кудум көлөкөдөй, ийрелеңдеген сөлөкөттөй көрүндү ага.

Экөө кирип келип эле эшикти ичинен илгендей болушту. Үйдүн ичинен бир нерсе издегендей, тулку-бойлорун ийрелеңдетип, баштарын соксоктотуп ары жак, бери жакты карай башташты.

– Ой, силерге эмне керек?! – деди Үркүн ата.

Алар укпай калгандай, унчуккан жок. Издөөсүн уланта беришти. Жада калса жүктү жыгып жиберип, сандыкты аңтарып ийип ичин карашты. Жандилинде канчалык далбастап:

– Кимсиңер?! – деген менен жерден буттарын тартып ала албай атты ата. Мык менен кадап койгонсуп, эки аягы тартылбай, колдору, бүт тулкусу жансыз.

Экөө издегенин табышкан жок. Бирок үйдүн ичи заматта апырык менен сапырык болду да калды.

Атанын эси-дартынын баары эч нерседен капарсыз уктап жатышкан эки небересинде болуп атты. Жалгыз гана каректери кыймылдап, эки кызын ошол карек менен кайтарып, карек менен арачалап жатты ал.

Аңгыча, жанагылардын бири кыздарды көздөй бурулду эле, ата:

– Балага тийбе! Тийбе?! – деп жанталашып, кыйкырып жиберди. Анын кыйкырыгы жаңырык сыяктуу, бүт ааламга тарап кеткенсии өзүнө.

Беш жашар небереси “селт!” этти. Таятасынын ички кыйкырыгын сезими аркылуу туйгандай, уйкусунан чочуп ойгонду да:

– Ата? Ата?! – деп атасы жаткан тарапты бир карап алып, ал “укпай” койгонгобу, озондоп ыйлап жиберди. Экинчиси да ойгонуп, караңгы үйдүн ичинде бир укмуштуу окуя болуп жатканын туйгандай жөрмөлөп, экөө анан керебеттин алдына кирип кетишти.

Ошондо гана атанын жаны жай алып: “Өх-х!” – дегендей болду. Анын оор жүктөн арылып, жеңилдей түшкөнүн билген окшоп, тигил экөөнүн назары эми Үркүн-атага бурулуп:

– Семетейчи кайда?! – дешти.

– Айылчылап кеткен. Аны эмнеге издедиңер?!..

Тигилер жооп берген жок. Үркүн атанын оюна бейкүнөө кеткен балдары түшүп кетти. Эми артынан байбичесин да булар алып кетчүдөй, заматта ансыз жашоонун муздак илебин туя түштү да:

– Кеткиле! Бербейм! Ага тийбегиле! – деп карбаластады. – Балдарынын чайын ичээринде, албагыла?!

– Анда өзүң бар?.. – бир чети сынагандай унчукту бирөөсү.

– Барам! Барам! – деп ийди Үркүн ата.

Экөө ошого ынангандай, жоошуй түшкөндөй болушту да:

– Келип кал... – деп чыгып кетишти.

“Буларк имдер?! Түн каракчысыбы, ажалбы?!..” – уккан-көргөндөрүнүн баары өңү же түшү экенин ажырата албай, чочуп ойгон ата бир топко чейин нес болуп отурду.

Бул убакта таң агарып, үйгө жарык кирип калган.

Эс-мас кишидей болуп, ордунан араң турду да, сыртка чыкты. Сабап кеткендей дене-бою жанчылып, башы деңгиреп калганын сезди...


***

Эртең менен эрте байбичесин эшиктин алдынан тосуп алды.

– Эмне болду, абышка? – абышкасынын керсары тарктан өңүн көрүп эле сураганы ушу болду, Сейдана апанын.

– Бир аз табым болбой турат, апасы. Кыздарың кандай, жакшы турушуптурбу?

– Кудайга шүгүр, атасы. Жакшы. Бардыгы салам айтышты.

– Саламат болушсун, – ооруп калгандай оор дем алып, жантая кетти Үркүн ата. – Чайың кайнагыча, жата турайынчы...

Эзели аны мындай акыбалда көрбөгөн семетейчи апанын санаасы санга бөлүнүп кетти. От жага коюп, чай кайнатты. Дастарконун жайып, кыз-күйөөлөрү берип ийген базарлыгын коюп:

– Атасы, чай ич? – деди. Жооп болгон жок. Эки-үч жолу чакырды:

– Атасы, уктап калдыңбы?

– ...


Алда нени сезгендей жүрөгү “солк!” этип, абышкасына учуп жетти...

Бул убакта балдардын атасы эчак бу жалган дүйнөнү таштап, чын дүйнөдө төрт уулун издеп жүргөн...


Агарып тоодон күн чыгат,




1   2   3   4   5   6


©netref.ru 2017
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет