Исабаева Ж., 2011. Бардык укуктар корголгон



жүктеу 1.64 Mb.
бет7/9
Дата01.04.2016
өлшемі1.64 Mb.
1   2   3   4   5   6   7   8   9
: uploads
uploads -> Қазақстан республикасы төтенше жағдайлар министрлігі көкшетау техникалық институты
uploads -> Қазақ тіліндегі ресми іс-қағаздары Басқару, ұйымдастыру, өкім шығару қызметіне қатысты құжаттар
uploads -> А. С. Макаренконың өмірі мен педагогикалық қызметі
uploads -> Ян Амос Коменскийдің педагогикалық қызметі мен теориясы. (1592-1670жж)
uploads -> Приложение к части а1
uploads -> Рабочий проект
uploads -> Кирилл Куренда: двухлетний вундеркинд Не иначе как вундеркиндом можно назвать Кирилла Куренда из крымского села Владиславовки. В свои два с половиной года он уже знает все буквы алфавита умеет считать и освоил азы компьютерной грамотности

– Ай, жигит! Катыныңды тээтигил жерге жаткырып коюп, өзүң бара бер! – деди босогодо Алмашты баладай кылып бооруна көтөрүп турган Өмүргө.

– Деги эле мунун бышыктыгын көр. Келер келгиче: “Ошол катын эмне, Кудай болуп кетиппи?! Кыйындыгын көрөйүнчү!” – деп куйругума суу бүркүп келдиң,ээ?! – деди анан Алмашка, – Кабыл албай коеюн дедим эле, дагы Кудайдан корктум!

Алмаш менен Өмүр бири-бирин карап, ыңгайсызданып калышты эле:

– Бир айдан кийин кабарлаш, ага чейин келбей эле кой! – деп Касиетхан анан Өмүрдү кетирип жиберип, Алмашты алып калды. Ансайын Алмаштын тынчы кетип: “Ушунча убакыт бу жерде эмне кылам?!” –деп ичинде тыбырчылайт. Аял болсо узун күнү кечке киши кабыл алып, ар кыл тагдыр, ар кыл оору менен келген адамдарга дем салып, табыпчылык кылат. Алмашка болсо колу бошой калган кездерде, телевизор көрүп отуруп деле: “Сүф-ф!” – деп дем салган болот. “Ооба, сеники чын! – дейт ансайын Алмаш ичинен аны менен урушуп, – Эки көзү башка жакта, анан да дем салымыш болуп коет!..”

Дагы бир күнү ушинтип ойлонуп жатса тигил шарт бурула калып:

– Эй, катын! Көчүгүңдү кысып, жөн жатчы! – деп жатпайбы.

“Мен сага эмне кылып жатам?!” – деп оюнда кайра каяша кылып койду эле, тиги да кайра имериле калып:

– Эмне кылып жатканыңды билбей жатасыңбы?! – деди, – Канча күндөн бери эле унчукпай койсо..! “Эки көзү телевизордо, мунун кайсы кыйраткан деми түшмөк эле!” – деп сөгүп жатасың го?!

Алмаш оюндагысын билдирип койгонуна ыңгайсызданып, ошондо да ишенбей: “Байкабай сыртыма айтып алгамын го...” – деп ойлогон. Бир күнү да: “Кыйратып ийчүдөй болуп, бул эми мени эмне кармап жатат? Эртерээк эле кетирсе болмок!” – деп ойлоп койсо:

– Керек болсо азыр деле кетирип жиберем! Мен үчүн жашачудай болбой, Кудайга тобо айтып, келме келтирип жатчы! – деди. А бирок сүйлөгөнү канчалык орой, өктөм болсо да ошол Касиетхан айымдын айткан-дегендеринен, атүгүл үнүнөн Алмашка кандайдыр бир жагымдуулук, ымала санагандык сезилчү болгон.


***
Ошондой күндөрдүн биринде Алмаш чочуп ойгонду.

Түндүн кайсы убагы экени билинбейт. Эшикте бороон-чапкын! Там түп-орду менен омкорулуп кетчүдөй болуп, чатыры калдырттап, терезелери шарактап, бак-дарактар тим эле Кудайга үнү жетчүдөй шуулдап жатыптыр. Бир убакта алай-дүлөй тынчып, үйдүн ичи да кулак-мурун кескендей дымырай түштү. Аздан соң дыбырттап жаан жаап келди. Акырын-акырындан башталган жаан улам күчөп, өчү бардай эшик-терезеге чабыла жаап, чагылган чартылдады. Алмаш коркуп, чүмкөнө калды. Демин ичине катып, кыймылдабай жатты. Канчалык уктап калайын дегени менен уйкусу качып, таңга маал гана көзү илинип кеткен окшойт... кандайдыр бир дабыштан кайра да чочуп ойгонду. Аяк жагында кимдир бирөөнүн турганын туйду. Жүрөгү кабынан ыргып кетчүдөй дүкүлдөп, коркконунан энтигип чыкты.

– Бисмиллахи-рахмони рахим! Кудай, айланайын!.. – деп ичинен кайра-кайра келме келтирип, Кудайга жалынып-жалбарып жиберди. Анын коркконун туйгандай, дабыш да тынчый калып, эми Алмаштын баш жагына өттү. Алмаш демин ичине катып, так кулак түбүнө келген дабышты тыңшады. Эмнегедир, корккону аз-аздан тарап, көнө түшкөндөй болду да, Алмаш андан кандайдыр жайгаруучулук илеп келип жатканын туйду. Дене-боюн бош таштап, бара-бара көшүлүп баратты. Ошол арада атүгүл Алмаш эч нерсе сезбей калган буттары акырындан чымырап, жан кире баштаганын сезди. Тээ тырмагынын учтарынан тарта “тыз-быз” этип барып, жогоруну көздөй жагымдуу жылуулук жүгүрүп келатканын туйду. Ошол жылуулук балтырларына, тизесине, жоон сандарына, көкүрөк тушуна жетип, анан жыбырап бүт тулку-боюн каптап, атүгүл башына чейин жетти! Кандайдыр күч-кубат алгандай, көздөрү умачтай ачыла түштү. А бирок ушул керемет сезимди жоготуп алчудай, кыймылдоодон коркуп жата берди эле, жанагы шоорат кайра да пайда болду. Эмнегедир бу саам ал Алмашка тааныш туюлду. Алиги дабыштын ээси да ошону туйган өңдүү:

– Тура гой, кызым! – деди, – Тур эми?!..

Алмаш тааныды! Сүйүнгөнүнөн бетиндеги төшөктү ачып жиберди: Ооба, өзү! Таарынып, көптөн бери көрүнбөй жүргөн баягы абышка! Алмаш анын келишин ушунчалык күтпөдү беле! Андан кечирим сурагысы келчү! Аны бул оорудан, бул азаптан жалгыз гана Кудайдын жардамы менен “достору” куткарарына ал ишенчү! Мына, жанында адатынча күлүмсүрөп, үйгө ак жарыгын чачып, маңдайында турат! Атүгүл кайра да кайталап:

– Турбайсыңбы?.. – деди.

– Азыр!.. – Алмаш өзүнүн көптөн бери кыймылсыз жатканын унутуп калгандай, шашылыш тура калды эле, абышка аны саамга жылмая карап туруп, көздөн кайым болуп кетти. Ошондо гана эсине келе түшкөн Алмаш эңкейип, өзүнүн тулку боюна бир таң кала карап алды да эреркеп, эмшеңдеп ыйлап жиберди. Анан бир, эки, үч, төрт... кадам таштады. Ошону эле күтүп тургандай, аңгыча сырттан Касиетхан да кирип келип, ушундай болоорун мурда эле билген же аңдып турган адамдай эч таңкалбай туруп:

– И, турдуңбу?! – деди мээримдүү күлүмсүрөп.

Алмаш канчалык аракет кылганы менен, кубангандан үнү буулуп такыр сүйлөй албай койду.

– Мына, жашоого экинчи ирээт жаралат деген ушул! – деди устаты, – Кайра да минтип тушооң кесилип жатат. Кут болсун!

– Рах-мат... – ыйлап атып айтты Алмаш.

– Көптөн бери жата берип жүдөсөң керек, мончого түшүп, жуунуп ал. Анан сүйлөшөлү...

– Касиетиң абдан күчтүү экен. Кудайым жакшы эле белгилерди берген экен, ошону бирөө-жарымдын туйбаганын, билбегенин кара! Көп нерсени аңдабаган кызык элсиңер, деги... – деди Касиетхан кайра келгенинде. Ошондо да ичинде Алмаш: “Кызык эмес эле элбиз...” – деп чычалап койду. Оюн жыйып ала электе Касиетхан ага олурая бир карап алып:

– Кызык болбосоңор, каргадай бир кызын ушинтип кор тутат беле?! – деди. Оюн окутуп алганына Алмаш бу жолу да уялып калды.

– Деги эч кимге үйрөтпөйүн дедим эле... – аял бир топко чейин өзүнчө күңгүрөнүп отурду да, ак көңүлү кармап кеткендей бир убакта шыр кетти, – Болуптурчу эми, бир кыргызды чыгарайын! Андан ары анын макулдугун сурабай туруп эле:

– Менде дагы алты ай болосуң! Андан аркысы Кудайдын өзүнө аманат! – деди. Анын эмне жөнүндө айтып жатканын Алмаш анчалык аңдай албай, буйдала калды эле:

– Адегенде даарат алып, намазга жыгылганды билишиң керек, – деди, – Андан башка да сен али биле элек, түшүнө элек көп нерсе бар. Колумдан келишинче үйрөтөм... Андан кийин касиеттүү, ыйык жерлерди басышың керек, анан өз үйүңдө чилдеге отурасың.

“Чилде” деген эмне экенин түшүнбөй, бүшүркөдү Алмаш. Ал үчүн айтылгандардын баары табышмактай, сырдуу, сүрдүүдөй сезилди. Бирок, бара-бара ошонун баарын өздөштүрүп, көзү да, көкүрөгү да каныгып, табышмактын жандырмагын аз-аздан чече баштады...

Көрсө, бул жашоодо адам баласынын билгенинен – биле элеги, көргөнүнөн – көрө элеги көп экен. Адам баласы туюп-туя элек, түшүнүп-түшүнө элек, ачылып-ачыла элек аалам сырлары али да чети оюлбай жаткандай. Жада калса ушунун баарын айтып жатып, Касиетхан өзү да эч нерсе билбестигине өкүнгөнү таң калыштуу. “Адам баласы чын эле жашоого эле эмес, аны таанып билүүгө да ушунча ач көз белем...”

Айткандай эле Касиетхандын колунда Алмаш шарыяттан кабар алды, намазга жыгылганды, көп нерсеге сабыр, кечирим кылганды үйрөндү. Туура алты ай дегенде анан устаты Алмашты Чаткалга алып келди. Жада калса ал Өмүр экөө өз алдынча өмүр сүргөн ушул биринчи уясын да баягыдан башкача көрдү. Түгөйүнүн жандүйнөсүндө жаңы дүйнө жүргөнүн атүгүл Өмүр да түшүндү.

Устаты Алмашты кең Чаткалдын Тастапиан-Ата, Ыдырыс-буба мазарларын бастырды. Мазардын мынчалык сырдуу, касиеттүү болоорун Алмаш ошондо туйду...

Ошондон кийин гана Алмаш кырк күн, кырк түн чилдеге отурду.

– Чилде – бир чети сыноо, – деди отурардын алдында устаты, – Айрым адамдар аны көтөрө албай, айыкпас ооруга кабылган учурлар да бар. Башкача айтканда акыл-сезимине көкүрөк-туюму аркылуу тынымсыз келип, көзгө чагылышкан ар кандай көрүнүш, элестерге айрымдардын мээ клеткалары туруштук бере албай калат да, ошол “коркунучтуу” башаламандыктан кайра чыгып да кете албай, нерв оорусуна чалдыгышат. Бул – албетте, өтө коркунучтуу! Бирок, чилдеге кирбей койгонунда деле эртеби-кечпи аны ошол тагдыр күтүшү мүмкүн. Эгерде сен бул сыноону көтөрө алсаң, чилде сенин менден алган аздыр-көптүр билимиңди андан ары жетилтип, ишенимиңди бекемдеп, кемтигиңди толуктап, акыл-эсиңе, аң-сезимиңе кошумча билим салып, агартуучулук милдетти аткарат. Кандай дейсиң, чилдеге отурууга макулсуңбу?

– Макулмун! – деди Алмаш.

– Сизчи? – Касиетхан Өмүргө тигилди эле, ал Алмашты бир карап алып:

– Эмне үчүн чилдеге караңгы үйдө, жалгыз отуруш керек? – деди аялын аягандай.

– Эгерде жарыкка отургузуп, жанына сени коюп койсо ал сени, сенин тегерегиңдеги мына бул буюм-теримдерди гана көрөт! Ошолор жөнүндө гана ойлонот! Чилденин бир касиети – адам көртирликтин көрөпай-шарапайын көрбөй, укпай, алаксыбай, бүт дитин-дилин бир гана нерсеге токтотуп, ошону ойлоп, ошону туюп, ошонун сырын тартып, ой жүгүртө алганында. Чындап пейлин, ниетин койгон, изденген жана өзү сүйгөн пендесине Теңирим өзү жар болот. Чилдеден адам буга чейин өзү да, башкалар да билбеген айрым нерселердин тамырын тартып, табышмагын таап, сырын сезет. Эң негизгиси, чилдеде отуруп ал өзүнөн-өзүн издейт...

Өмүр акыры ынангандай:

– Алмаш өзү макул болсо... макулмун, – деди.

– Анда, “урушта туруш жок!”

Жаратылыштын “үлп” эткен жарыгы тийбей тургандай кылып бир бөлмөнү капкараңгы кылып бекитти устат. Шакиртин ага чейин абдан дыкат даярдап, кандайдыр дем-дубасын окуп, анан чилдесине кийирди да, үйдүн ичине түгүл короого да киши киргизбей, бул үйдүн ичи-сыртын жымжырттыкка уялатты. Шакиртине тамакты да өзү акырын даярдап, дабыш чыгарбай киргизип коюп жатты.

Алмаш караңгы бөлмөгө адеп киргенде: “Кай жактан ким, эмне чыга калат?” – деп жүрөгү опкоолжуп, чийки май жегенсип отурду. Анткени алты ай Касиетханда жүргөн кезинде ошол жерде көрүнүп, дарыланып жүргөндөрдөн: “Чилдеге отурсаң көзүңө ажыдаар, бака-жылан, албарсты... көрүнөт”, – деп айткандарын уккан болчу. Бирок бара-бара жүрөгү ылдыйлап, ыңгайга ылайыкташып, көнө түштү. Биринчи күндөрү анчейин деле сырдуу эч нерсе болгон жок. Болгону эле убагында намазга жыгылып, устаты үйрөткөн дубаларды айтып, жакшы тилек, ниет кылып, ак ойлорду ойлоого аракеттенди: “О, кудурети күчтүү Кудай! Мага жашоо-өмүр берип, жарык күндү көрсөткөнүңө, айлана-тегерегиме жакшы адамдарды чогултуп, мени ар кыл жамандыктардан коргоп, колдогонуңа миң мертебе ыраазымын! Эми да берериңди унутпа, Жараткан?! Өзүмө денсоолук бер, жүрөгүмө – ыйман, көкүрөгүмө – туюм, көзүмө – нур, жүзүмө – мээрим, көңүлүмө – сергектик, анан да ыйман, кечиримдүүлүк, сабырдуулук, кыйынчылыктарда майтарылбас күч-кубат бер, Кудай! – муну ал чын дилинен, Жаратканга жалынып суранды, – ...Өзүм сага аманат, Кудай! Оң жолуңа багыштап, буга чейин азап-тозогумду, оору-сыркоомду менден арылт, Жараткан! Бир гана өзүңө сыйынам, бир гана өзүңө ишенем! Андыктан менин мындан аркы жашоом мен каалагандай эмес, сен каалагандай болсун?!.. Ушул тилек, суранычымды кабыл ал, Жараткан?!”

Канчанчы күн, кайсы убак экенин билбейт, үнү-зары жеткендей, Жараткандан ага алгачкы белги келди! Терезенин караңгылап, жаап турган кара чүмбөт саал делпилдей түштү да, андан жүзүнө кадимкидей жагымдуу илеп уруп, аптыгып алды. Кимдир бирөө жонунан ылдый жагымдуу бир нерсени жаба куйгандай тулку бою анан жыбылжып жылый түштү да, жаны жай ала, жеңилдене түштү. Көздөрүн жумуп, көөлгүдү. Так бетмаңдайына, эки көзүнүн ортосу тушка күндүн үзүмүнө окшогон жаркырак нур пайда болуп, үлпүлдөгөн ошол жарык Алмашты аруулап жаткандай, калкылдап абада асылып турду да, кайдадыр кайып болуп кетти. Эмнегедир Алмаш аны жандилине, денесине сиңирип же жутуп алгандай, өз сезиминде ого бетер жакшыра түштү. Ансайын сыйынды, Кудайына! Ансайын сүйдү! Анын керемети менен кудуретине ансайын ишенди!

Балким, буга чейин өзүнөн башкаларга көрүнбөгөн “достору” менен коюн-колтук алышып жүрүп көнүп калганы үчүнбү, жанагы коркуу, сестенүү сезими караманча жоголду да, тескерисинче алда нелердин келишин күттү.

Бирде уктап, бирде ойгонуп, бирде күлүп, бирде ыйлап... кээде бир ойдун артынан кубалап, ой-санаасы менен аалам кезип, жер кезип... Кээде акыл-эсин, аң-сезимин, жандүйнөсүн жымылдаган жымжырттык каптап... Бирде бакылдап ата-энесинин руху менен сүйлөшүп, бирде баягы “достору” менен уй мүйүз тарта отуруп, алда нелер жөнүндө талашып-талкуулашып... Кээде сурап, кээде өзү суралып... Өзүнөн-өзү суурулуп чыгып алып, өзүн сырттан карап!.. Кээде өзүнүн ичиндеги болуп жаткан башаламандыктан чарчоодон суй жыгылып!.. Айтор, канча бир күндөр менен түндөрдүн эсебин билбей өткөрүп, бирок ошондо да аалам сырын ачып жибере албай, болгону анын тамчысынын жарым-жартылайын көкүрөгүнө кыттай кылып уютуп, тутуп алды да, кырк биринчи күн дегенде чилдеден чыгып келди!..

Кырк күндүк сыноо, аруулануу, агарууну оюндагыдай өткөрүп чыккан шакиртин Касиетхан кучактап тосуп алды. Бооруна кысып, жетине албай кубанып турду да:

– Көкүрөгүң зирек, көөдөнүң тунук, Кудайым сүйгөн пенде экенсиң! Эң жакшы, баары жакшы өттү! Мунун баары Алланын ыраазычылыгы үчүн болсун! – деди. Ошондон кийин устаты көпкө кармалбай эле жол жүрүп кетти. Кетээринде: “Муну сага Кудай-таалам өзү айттырып жатат, эсиңе тутуп ал!” – деп толгон-токой акыл-кеңештерин айтты. Устат катары, эже катары батасын берди:

– Мына эми, сен баягы Алмаш эмессиң! Сен эми Кудайдын кудурети менен канчалаган пенделердин сообуна кала турган адамсың! Сен ушул сааттан тарта, так ошондой даражадасың! Бирок бул касиетти карманбасаң, анда абалкы абалыңа түшүп, “айыкпас жинди” аталып, бүт өмүрүң күлкүгө айланат... – деди.

Шакиртинин андан ары шыр иштеп кетиши үчүн кам көрүп, айыл-апаны чакыртып, Алмаштын айыкпас ооруну айыктыра алчу, алдыда болчу жакшылык-жамандыкты күн мурун көрүп, туюп, алдын алууга данакер болчу касиети бар экенин айтып, жарыя кылды да, жөнөп кетти.

Баягы “жинди” Алмаштын башкача Алмаш болуп калганына бирок эч ким деле ишенген жок.

Устатынын кетиши менен Алмаштын бир капшыты эңшерилип эле калды. Көпкө чейин коңултуктап, көнө албай жүрүп көндү. Бирок эле жүрөгүн өйүгөн бир нерсе – устатынын соңку эскертүүсү! Кайрадан “жинди” болууну кантип кааласын?! Бирок кимди көрөт? Кимге барат? Кантип барат? Эмне дейт?! “Мага келгиле, мен чын эле башкамын! Мен адам көрүшүм керек. Дарттан арылтып, азаптан арачалашым керек!” – дейби?” Жок, жок! “Кудай деген жок!” – деп жашап жаткан советтик доордун адамдарына антип айтыш, ишендириш кыйын эле!

Бир күнү анан өмүр бою мугалим болуп жүрүп, акыркы он жети жылдан бери баспай калган Айна аттуу аялга барды.

– Эже, тынчыңызды алганым үчүн кечирип коюңуз. Бирок өзүм деле өзүмө анча ишене албай турам. Сиз макул десеңиз... сизге мен... дем салып көрөйүнбү?

Айна эже адегенде териккенсип кетти. Аялдын так жаралуу жерине тийип алганы үчүн Алмаш да саал ыңгайсыздана түштү.

– Мен мындайларга ишенбейм, сиңдим! – аял жактырбагандай, кесе айтты.

– Эки-үч күн эле карап көрөйүнчү, эже?.. – чын дилинен жалдырады, суранды.

Жан деген курусун. Ары жагында канчалык ишенбей, иренжип турса да аялдын экинчи бир ишеними: “Эмнең кетип жатты эле, а балким эбепке себеп болуп кетээр?” – деген окшоду.

– Мейлиң, – деди анан көңүлсүз.

Сүйүнгөнүн сураба! Эртеси эртең менен даярданып алып барды! Жүрөгү “дүк-дүк!” Мунун акыры кандай болот, алдыда кандай күндөр күтүп жатат, өзүнө да али табышмак. Бирок устатынын айткандарын эстеди да, өзүн токтоо кармап, дем салууга отурду. Аял болсо Алмашты анча жактыра бербей, саал чүйрүйгөнсүп, төшөктө тынч жатты.

– Биссмиллахи-рахмони-рахим! – келме келтирди Алмаш. Эмнегедир, ошондон кийин өзүнөн-өзү эле көздөрү жумулду да, денеси бир башкача мемирей түштү. Бирок, бет алдындагы оорулуу аялды кадимкидей көрүп турду ал. Аңгыча Айна эженин баш жагында баягы “атасы” пайда болду! Кадимкидей жанданып, өз атсын көргөнсүп сүйүнгөнүн сураба! Көп өтпөй эле бардык “достору” чогулуп келишип, аялды тегеректей турушту. “Атасы” аңгыча: “Мени эрчип оку!” – дегендей ишарат кылды да, бая чилдеде өзү үйрөткөн дубасын окуй баштады. Алмаш да анын соңунан кайталап, качан ал: “Сүф-ф!” – дегенде кошо: “Сүф-ф!” – деп, узакка окугандай болушту. Атүгүл Алмаш баягы устаты окшоп, аялдын эмне ойлоп жатканын кулагы аркылуу угуп турду:

“Жинди болуп жүрүп эле... каяктан молдо боло калмак эле? Кудай уруп, какаганга муштаган болуп, жини жукпаса экен, Кудай!..” –деди аял адегенде. Алмаш чыдабай кетти:

“Эже, каяктагы жин-пинди ойлобой, жакшы олйорду ойлоңузчу?! Жакшы болуп кетсем экен деп сураңыз, Кудайдан?!” – деди. Аял ичинде:

“Апей, балакет!..” – деп бир чочуп алып, дымып эле калды. Дуба жаккан сыяктуу, аялдын жүзүндө, ууртунда турган жанагы текебердик аз-аздан тарап, өңүнө кызыл жүгүрүп, көшүлүп баратты. Качан дубанын аягына чыккан кезде “достору” бир-бирден көрүнбөй, кетип жатышты...
***
Ушунун баары кудум азыр башынан өтүп жаткандай, так ошол кездегидей ууртунан жылмая, андан ары элестетип, эстеди Алмаш.

...”Достору” кеткенден кийин өзү да көзүн ачты. Үйдүн ичи кулак-мурун кескендей жым-жырт экен. Айна эже боргулдана тердеп, уктап жатат. Желдеп калбасын деп кымтылап жаап, алаканын маңдайына койсо аял көздөрүн ачты да:

– Ух-х, уктап кеткен турбаймынбы, – деп кандайдыр бир жагымдуулукту сезгендей колунун манжаларын акырын тыбыратып, кыймылдатып койду. Алмаш чыгып баратканда:

– Кеттиңби? – деди.

– Эртең келем, эже. Эртең менен...

Эртеси келгенинде аял аны кечээкиден башкачараак кабыл алып:

– Түндө уйкум тынч болду... – деди. Ошондо да анын ойлорунун тээ тереңинде дагы эле күмөнсүгөндүк бар болчу. Үчүнчү күнү барганында аялдын буттарына аз-аздан жан кирип, бала-бакырасы ошого кубанып, тегеректеп карап отурушуптур.

– Эже, апамдын буту кыймылдап калыптыр! – деди кенже кызы сүйүнчүлөп.

– Буюрса басат, апаңар! – деди Алмаш. Кантип, эмнеге антип ишенимдүү айтып алганын өзү да байкабай калган.

– Ура-а!!! – деп сүйүнүшкөн балдар.

– Силер баргыла эми. Мен дем салайын.

Балдар эрчишип чыгып кетишкен. Бирок бул аялдын апасын кантип айыктырып жатканына сонуркап, билгиси, көргүсү келгендей, эшикти атайылап эле чала жаап, шыкаалап туруп алышканы эсинде. Канчалык жайына коёюн дегени менен алардын бышылдап дем алганы, түртүшүп-тартышып, урушуп чырылдашканы Алмашты бир топ алаксытып, акыры туруп барып эшикти ичинен илип койгон.

Кийинки күнү барганында өзү да көргөн көзүнө ишенип-ишенбей, оозу ачылган! Анткени, Айна эже тамды сүйөнүп, туруп алыптыр! Кудум жарганатка окшоп тамга жабышып, калчылдап-титиреп, кара терге түшүп, жөлөнүп турат! Баарылап бир бактылуу болгондорун сураба! Жетинчи күн дегенде, Кудайдын кудурети менен кошунасы кадимкидей басып калды!

Адам баласы кубангандан да ушунчалык төгүлүп ыйлаарын башта байкачу эмес... Айна эже көзүнүн жашын буурчактатып, баладай балбаалап ыйлап алган!

– Мындайга эч ишенчү эмес элем... Кечир, сиңдим! Барбаган жерим калган эмес, жыйырма жылга жакын баспай жаткан адам баардыгынан түңүлүп калат тура! Мындай күн келет деп эч ойлогон да жок элем! Кудайым бар экен, кагылайын! Колуңдун ырахатын көр! Кар болбо! – деп, Алмаштын “жөн кой” дегенине ынанбай жатып, саап ичип отурган уюн берген да сураган:

– Деги айтчы, сиңдим, оорунун тамыры кайда экен?

– Алла-таалам бизге жакшылыкты гана буюрган. Ал эми жаман нерселердин баарын өзүбүз жасап алабыз... Болгону эле туура эмес жерге “отура” калган экенсиз, ошондон ооруп калыпсыз...

Ошентип, Айна эже анын биринчи пациенти болгон. Ошондон кийин гана Кудайдын кудуретинин сөз менен айтып жеткире алгыс күчтүүлүгүнө жана устатынын, чилдеден алган сабактарынын канчалык деңгээлде чындыгы бар экендигине чындап ынанып, бул сырдуу дүйнөгө биротоло башын ийген.


***
Ай жаңырыптыр. Жаңы эле булуттун ары жагынан жарк этип чыга калган иймектей айга карады Алмаш. Машинени токтотуп, сыртка чыкты. “Туулган жердин топурагынын алтын” экени чын. Кере-кере, ырахаттана дем алып, айлана-тегекке суктана карады. Айды карап туруп, Гүлдан экөөнүн Айга сыйынганын эстеди. Сыйынды: “Элге берсин Кудайым, эл ичинде бизге берсин! Айдан аман, жылдан эсен чыгалы!..” Ооба, Гүлдан анда ушинтип сыйынган. Анда да Ай так ушундай болуп, ушул жерде турган... Гүлдандын айлы тарапка көз жиберди да, көкүрөгүн солкулдата улутунуп алды... Башка ойлорду ойлогусу, алаксыгысы келди...

А бирок, ушундай бир кызык адаты бар. Бир нерсени ойлоп же бир ишти баштап алса, акырына чыкмайын жаны жай албайт... Бу жолу да ошентти. Машинеге отуруп, үзүлгөн ойлорун андан ары улады...


***
...Ошол, Айна эжеден кийин менде тынч жатуу деген жоголду, – деди дилинде, – Андан кийин кай жактадыр... ким бирөөлөр мен аркылуу Теңирден жардам күтүп, жансоогалап, атымды атап, зар какшап чакырып жаткандай, бир жерге бейкам отура албай, карбаластай берчү адат таптым. Бир күнү анан айлана-тегерегимди карап, көз жүгүрттүм. Айткандай эле айлыбыздагы Гүлназ аттуу кичинкей оорулуу кыз бар болчу. Гүлназ нерв оорусуна чалдыккан. Атасы ошол тапта исполком болуп иштеп жүргөн, “Кудай жок!” – деген атеист адамдардын бири эле. Аялы – Калыя эже банкта иштечү. Күйөөсү ишке кеткен маалды болжоп, бир күнү анан кирип бардым!

– Күйөөм бүбү-бакшыга ишенбейт! Мунубузду билсе тилдейт, кокуй! Билбесин! – деп Калыя эже катуу эскертти. Айна эженин басып кеткенин билсе деле табыпчылыкка ишене албагандык, олку-солкулук бар эле. Мен да көгөрүп, макулдугун сурап отуруп алдым. Ынанбай жатып, акыры макул болду.

– Атабыз ишке кеткенден кийин, көрүнбөй кел, – деди эже. Экөөбүз ошентип макулдаштык. Бирөө-жарым айтып койбосун үчүн жашырынып кирип, кайра жашырынып чыгып жүрдүм.

Айткандай эле кичинекей Гүлназдын денсоолугунда акырындан жылыш болуп, кулк-мүнөзү калыбына келгенсип, оңолуп келатты. Бир күндөрү анан оорусунан какыс айыгып, соо балдардын катарына кошулуп, чуркап ойноп кетти! Ошондон кийин гана ата-энеси Кудайдын кудуретине ишенип, атүгүл мен тууралуу “Чаткал оттору” аттуу райондук гезитке жазышты. Андан кийин эбепке-себеп болуп, жакшы болуп кеткен адамдардын ыраазычылыгы “Ленин жолу” гезитинде жарык көрүк көрдү.

Мына ошондон тартып, оорулуу адамдарды издеп: “Мен дарылап көрөйүнчү?” – деп суранып барбай калдым. Анткени бири-биринен угуп, гезиттен окуп келген эл барган сайын көбөйө баштады. Күнүгө таң эртеден кечке чейин кезекке тургандарды бирден кабыл алып, ансайын күүгө келген тулпардай табыма келип, колунда жоктордун батасын, бардар адамдардын “ыраазычылыгын” алып, иштеп жаттым...

Ошондой күндөрдүн биринде мени сынап, тек гана текшериш үчүн үйгө бирөө келди. Анын антип келээрин тээ үйүнөн чыкканда эле билгем. Дем салганда көздөрүмдү жумуп алмай адатым бар. Ошентип бирөөнө дем салып отурат элем, бир убакта бет алдымдагы адамга таандык эми элеки “сүрөт, картиналар” кудум бузулган теле экрандагыдай чыбырчыктап барып өчүп калды. Таң калып, бир чети коркуп да кеттим го, дубам токтоп, ара чолодо көргөн-билгендеримди айтып жатат элем, аным токтоп эле дел боло түштүм. Көпкө унчукпай калсам тигил да көзүн ачып, мени карады. Аңгыча “атам” пайда болду да: “Сени сынап, аял киши келатат!” – деп көз алдыма жакшы кийинген, менден саал улуураак аялды көрсөттү. “Жарайт!” – дедим. Дарыланып жаткан адам мени өзү менен өзү сүйлөшүп жатат дедиби, унчукпай карап калды.

– Мени сынап бир аял келатат! – дедим. Пациентим мени таң калып, ишенбегендей карады.

– Шыңга бойлуу, кооз кийинген, менден саал улуураак, колунда кичинекей кара сумкеси... Көзүндө айнеги бар экен, – дедим көзүмдү жумган боюнча көргөнүмдү айтып. – Кырктан кыйла өтүп калган арыкчырай, териси жукараак аял...

– Качан келет экен? – деди тигил мени сынагандай.

– Он-он беш мүнөттө келип калат.

– Мен кетпей турсам болобу?

– Болот. Ага чейин сеансыбыз да бүтүп калат.

Айткандай эле ошончо убакыттан кийин баягы аял менен дагы бир эркек короого киришти. Кезекте эл көп болчу, көпчүлүктөн жазганып, саамга буйдала калышты.

– Келишти, – дедим мен, – жанында дагы бир эркек адам бар экен. Кезек күтпөй эле кире беришсин, айтып койгулачы?

– Жаңы келгендер кимдер? Сиздерди чакырып жатат, кире бериңиздер, – деп жардамчым чакырып келди. “Эмне үчүн кезексиз кирет?!” – деп отурган бир “дуу!” этип барып басылды.

– Келгиле?! – дедим кирген экөөнө, – Жогору өткүлө. Мага эмне максат менен келдиңер?

– Көрүнөлү деп!.. – аял бир чети какшыктагандай, бир чети элден бөлүп чакырганымдан улам го, ыңгайсыздангандай айтты.

– Сиздин эмнеге келгениңизди, бая сиз үйүңүздөн чыкканда эле билгем. Көрүнбөй эле мени сынап келбедиңизби. Эмне үчүн?!

– Андай биленчээк болсоң, эмне үчүн сынаганымды деле билесиң да?!

– Билем! Оорудан жаны кыйналгандардын басымдуу көпчүлүгү ушул тапта бизге келип жатышат. Кудайдын кудурети менен жакшы болуп кеткендер аз эмес. Эгерде ишенбесеңиз тизмесин алып, таанышып чыгыңыз. А бирок сиз ага эмне үчүн чычалап, ич күйдүлүк кылып жатасыз, билбейм?! Ансыз да дары-дармек табылбай, куру жалак болуп калдыңар го? (Советтик бийлик кулагандан кийин бүтүндөй республикада дары-дармек да бир топ убакыт бою таңсык товарга айланган).

– Чычалагыдай мен сага окшогон илим-билимсиз бирөө эмесмин, сиңдим! Менин “жогорку билимдүү врач” деген дипломум бар! Сен жана сага окшогондор “сүфүлөп”, элдин башын айлантып, ошолордун эсебинен жан багып жатасыңар! А бирок бул кылмыш экенин билесиңби?! Канчалаган өнөкөт оорулуу, учетто турган адамдар доктурга баруудан баш тартып, сенин эшигиңди сагалап олтурушат!

– Болуптур! Эгерде алар азыр сени эрчип ооруканага барышсын, сен аларды кантип дарылайсың?! Анан да айтчы, ошол өнөкөт оорулардын арасында сенден какыс айыгып кеткен ким бар?! Андай кыйын экенсиң, эмне үчүн ушуга чейин баспай жаткан жарым жанды, жиндини, аракечти айыктырган эмессиң?!

Алар эмне, сенин кыйындыгыңдан айыкты деп ойлойсуңбу?! Сага окшогондорго ишенип алып, өзүн-өзү алдоо менен айыгып атышат!

– Кеп – анын айыкканында болуп жатпайбы! Же сага мунун анчалык зарылдыгы жокпу?!

– Силер – көз боочу, алдамчысыңар!

– Далилдеп бер?!

– Далилдейм! Далилдейбиз! Борбордо так силерге окшогондордун бетин ачыш үчүн текшерүү жүрүп жатат! Эгер коркпосоң жүрү, мени менен бар!

– Барам!


Ал мени унчукпай калып калат дедиби, булкунган боюнча сыртка бет алды. Эми ойлосом анда ал мени элдин көзүнчө уяткарып: “Бүбү-бакшыларга ишенбегиле!” – деп көпчүлүктү ынандырам деп келген окшойт. Бирок анысы оңунан чыкпай калганы жанына батып кеткендей:

– Көрөм, сенин ким экениңди! – деди чыгып баратып ызалуу, – Ошончолук эле кыйын экениңди ошол жактан көрөм!..

Канчалык өзүм да ызаланып алгам. Бирок аялдын: “Сендейлерди текшерет экен!” – дегени мага эмнегедир жага түштү. Аял менин тээ бир топ күндөрдөн берки эңсөө-тилегимди билип, ошон үчүн келгендей, мени азыр ошол эңсөөмө эрчитип барчудай , жүрөгүм акырындап жылый баштады.

Акыры аял экөөбүз кептин ток этерин айтышып, эки күндөн кийин калаага аттанмай болдук.

Эртеси эртең менен короонун сыртына чыга калсам, жолдо эшекчен карыя өтүп баратыптыр. Өзү да абдан жылдыздуу, көздөрү күлүп турган, ак сакалы жайкалган, жакшынакай киши экен. Эмнегедир бейтааныш экенине карабай мени жакынсый, жылуу карап, баш ийкей учурашкан окшоду да:

– Кызым, чоң калаага бараткан экенсиң… Эсиңде болсун, сенин каныңда дубакөйлүк деген чоң касиет бар. Бирок көз боочулардын ойнуна аралашпа! – деп өтүп кетти. Анда азыркыдан алда канча жаш кезим. «А, баягы көзүмө көрүнгөндөрдүн бири чыгаар», – деп түшүнүпмүн. Көрсө ал карыя көрүмчү эмес эле, менин таякем, тактап айтканда атам Бектин бир тууган таякеси Икрам Максымдын уулу – Турсун Максым деген экен! Дагы бир кызыгы, таякем менин бул үйдүн келини экенимди алда качан билиптир да,, бирок бир жолу да бастырып келбей, сыртымдан эле көз салып жүрө бериптир. «Эмнеге антти экен?» – деп кийин көпкө чейин таң калып жүрдүм. Көрсө, жаш курагында менин кайненем ага ашык болуп, намыстанбай эле ички сезимин билдирип, бирок оң жооп ала албай, тээ бир далай мезгилдерге чейин кыйналып жашаган дешет. Бул тууралуу бүт айыл билет имиш. Тагамдын мага, тактап айтканда бул үйгө келбей жүргөнү ошондон улам экен.

Таякем экенин билгенден кийин ал тууралуу кызыгып, ар кимден сурамжылап жүрдүм.

«Сенин чоң таякең, Турсун Максымдын атасы Икрам Максым абдан касиеттүү адам болгон экен! – дешчү билгендер, – Ал кишинин касиетинин күчүн ушундан бил, ылдый агып турган Куршаб суусун дуба менен токтотуп, жогору агызып койчу экен! Бирок ал мындай сыйкыр-касиетин ичине катып, сыртка чыгаргысы келчү эмес дешет. Бирок кээ бир адамдар аны келекелеп: «Кана, андай кыйын болсо көрсөтпөйбү! Айтпайбы!» – дешет. Атүгүл өзүнүн бир тууган эле кайниси бир күнү аны шылдыңдап: «А, жезде, сизди сыйкырчы, кудуреттүү деп эле угам, аның чын болсо ушу азыр бир өнөрүңдү көрсөтүп койчу!» – деп чапкенедей жабышып, эч жанын койбойт. Ошондо жездеси: «Болуптур!» – дейт да аны дуба менен эшекке айлантып таштап, атүгүл далай убакытка чейин минип алып, акыры короого апкелип байлап коюп, үйгө кирет да:

– Эшекке чөп салып койчу! – дейт аялына.

Таяжеңем чыгып эшекке чөп салып атса, макулуктун көздөрүнөн буурчактап жаш куюлуп, жардам сурагандай өзүн жалооруй тиктеп, ыйлап турат дейт! Бул жөн эшек эмес экенин түшүнгөн таяжеңем үйгө кирип эле, топурак уучтап отурган эрине:

– Ушу сен бир балакетти баштаган көрүнөсүң! Тиги эшек жөн эмес го?! – дейт.

– Ме, анда муну алпарып эшекке себелеп кой! – дейт эри колундагыны берип. Таяжеңем атып чыгып эле топуракты эшектин башы-көзүнө себелеп жиберет. Айткандай эле баягы эшек өзүнүн укасына айланып тура калат дейт! Ошондо ит болгонун түшүнгөн бечара жигиттин тили күрмөөгө келбей, эки аягы да тушалып баспай, жөрмөлөп келип жездесинин бутуна жыгылыптыр!

Ошол чоң таякем да көбүнчө эшек минип жүрчү экен. Бир жолу мүрзөлөрдү аралап баратып, бир мүрзөгө жеткенде эшегин «тык!» токтотуп, түшө калып куран окуйт имиш. Анда, бери жакта чөп чаап жүрүшкөн айылдын эркектери ал кишини шылдың кылып, кыраан каткырык салып күлүшөт:

– Икрам Максым акылынан айнып, алжыган окшобойбу, орустарга куран окуп жатат! Мына, сага олуялыгы! – деп. Ошондо таякем шашпай эшегине миниптир да, алардын жанына кыдыңдата бастырып келип:

– Э, балдар, менин куран окуган себебим, ошол орус маркумдардын арасында мусулман баласы бар экен! – дейт. А бирок ага эле ким ишене коймок эле, ого бетер кыраан каткырык түшүп, боорлорун тытып күлүп жатышат дейт! Анан алардын бири айтат имиш:

– Андай олуя болсоң айтчы, менин аялым азыр үйдө эмне кылып жатат?

Таякем аны аягандай башын аста чайкап, муңайым карап туруптур да:

– Үкам, анча болду эми айтайын. Жалгыз уулуң мына азыр, сен күлүп, оозуңду жыя электе аттан жыгылып, мойну сынып, үзүлүп баратат… Аялың – Эне эмеспи, эмчеги «зырп!» этип, жүрөгү «солк!» деп, казан-аягына алышып отурат!.. – дейт да бастырып кетет. Тургандар ишенер-ишенбесин билбей, аңкайган боюнча туруп калышат да, алиги киши үйүн көздөй чуркайт. Калгандары да чын-бышыгын билиш үчүн кошо жөнөшөт. Айткандай эле, алар жакындаган кезде алиги кишинин эшигин алдында эл топурап, баланын сөөгүн түшүрүп жаткан экен!..

Таякемдин көзү өткөндөн кийин ушул касиети баласына ооп, бирок советтик атеизмдин шары менен Турсун Максым таякемди: «Советтик окууга, идеология карама-каршы ойлонот», – деп улам алып барып камай беришчү экен. Бирок Турсун Максым таякем бат эле кайра кулпуларды «шарак-шарак!» эттире дуба менен ачып жиберип, көзгө илешпей чыгып кете берчү экен. Акыры, жыйынтыгы болбогондо, жайына коюшуптур.
***
Ошентип, шаарда өтө турган кароо-сынакка аттанчу мезгил да келип жетти. Алиги дарыгер аял экөөбүз жолго чыктык.

– Борбордо сиңдиңиз бар экен, – дедим машинеде келатып, – Биз азыр ошонукуна барат экенбиз... Сиңдиңиз көп кабаттуу үйдө жашайт турбайбы... Биз жеткенде ал тепкич ылдый чуркап, түшүп келаткан болот. Экөөңөр карпа-курпа кабылышып, кучакташып учурашасыңар...

Аял мыйыгынан күлүп, мени шылдыңдагансып карап койду. Анын бул карашында: “Бара көрөбүз!” – дегендик бар эле.

Шаарга келдик. Айткандай эле биз отурган такси көп кабатту үйлөрдүн ортосуна токтоду. Борборго башта келбесем да, бул үйлөр көзүмө тааныш көрүндү. Жада калса азыр алдыбыздан жолуга турган келинди да элестетип алдым. Аял болсо: “Кыйындыгыңды азыр көрөм го!” – дегендей алдыга басты. Мен да ага ошондой карадым. Аңгыча өйдөңкү кабат ылдый тыкылдап чуркап келаткан дабыш угулуп, алдымда бараткан аял кадамын саал жайлатып, тепкичтердин арасынан жогору жакты шыкаалап карады.

– Бул сиздин сиңдиңиз, – дедим мен анын эмне ойлогонун биле коюп. Айткандай эле бет алдыбыздан чыга калган келин эжесин көрүп аң-таң боло түштү да, кучактап бетинен өптү:

– Эже?!.. Кандайсыз?

– Жакшы! Кандай жатасыңар, жакшыбы? – мага жини келген аял сиңдиси менен салкын учурашып, жогору көтөрүлүп баратты. А бирок анын үнүндө бу саам дирилдек бар эле.

Эртеси түз эле “Бейишке” барып, “Алдын ала айтуучулар менен табыптардын конкурсуна” жазылдым да, конкурска катышуучу көзү ачыктарга атайын бөлүнгөн мейманканага жайгаштым. Бул конок үй кыргызга аттын кашкасындай таанымал чоң жазуучунун үйү экенин, кийин билдим. Ошондон көп өтпөй эле мен ушул сынак күндөрү жеке эле менин эмес, Кудайдын кудурети менен жаралган жана союз убагында басылып жатып, эми гана туш-туштан жайнап чыга калган жалпы эле табыпчылыктын, алдын ала айтуучулуктун аброю бычактын кырында тургандыгын түшүндүм. Анткени бизди бул сынакты уюштургандар эле эмес, бүтүндөй республика теле-камералардын көзү аркылуу карап, басылмалардан окуп, демин ичине ала тыңшап жатышкандай эле. Албетте, “беш кол тең эмес”, алиги доктор айым айткандай, алардын арасында тек гана акча жыйнаш үчүн элди алдаган же али бышып жете элек чабал “кесиптештерим” да бар болчу.

Бизди “текшериш” үчүн түзүлгөн долбоор мен үчүн кыйла жеңил да, татаал да жана кызыктуу да эле. Ар күн сайын таң заардан өз-өз бөлмөлөрүбүздө отуруп киши кабыл алабыз да, ар кимди өз “дартына” жараша “дарылайбыз”. Кире бериште келгендерди тизмелеп, акчасын санап алып, оорусуна ылайык бизге бөлүштүрүп туруучу атайын кабинет иштеп турат. Эми ойлосом биздин эсебибизден ким бирөөлөр жакшы эле киреше, пайда көрүшкөн экен. Сынакты уюштуруунун себептеринин бири да ошол – каражат табуу болгондой.

Мага көбүнчө өтүшүп кеткен (өнөкөт) жана психикалык илдеттер менен жабыркап келгендерди киргизишчү. Ишибизге коюлган баа – оорулуунун саналуу күндөрдөн кийинки акыбалына, сеанс бүткөндөн кийинки денсоолугуна жараша. Арабазда “чү!” дегенде эле сынакка туруштук бере албай, “оюндан” чыга качкандар да көп болду. Жарым жолдо марага жетпей, ээрден шыпырылгандар андан көп. Акырында саналуу адамдар калдык. Кароо-сынактын карсылдашкан катуу кармашы ошо акыркы күндөрдө күчөгөн. Бирок, азыр ойлосом ошол сынак чыны менен эле менин жеке жашоомо да чоң бурулуш жасаптыр... Убагында башка кесиптештеримден озуп, марага кантип биринчи келгенимди өзүм да байкабай калганымды эстейм. А чынында ушул утуш – ири алды өзүмдү-өзүм сыноо үчүн, өзүмдүн-өзүмө болгон ишенимимди бекитүү үчүн өзүмө өтө керек эле.

Ошондон көп өтпөй эле Жакып Медетов, Байма Сутенова сыяктуу көйкашка жазмакөйлөрдүн калемине илиндим да, республикалык деңгээлдеги жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу бүтүндөй республикага жарыя болдум. Ошондон тарта менин турмушум таптакыр башка нукка өзгөрүлө баштады. Анткени, мага ошондон кийин карапайым адамдар эле эмес, калкка кадырлуу, аттын кашкасындай таанымал адамдар, саясатчылар, атүгүл бийликте иштегендер да кайрыла башташты...

Чынымды айтсам, мага адегенде адамдардын баардыгы бирдей болчу. Ал итке минген жакырбы же чириген бай-манаппы, болбосо карапайым сугатчыбы, министрби, айырмалай алчу эмесмин. Анткени менин түшүнүгүмдө бир гана: “адам” деген жалпы түшүнүк жашайт эле.

Бул көрсө мендеги бирден-бир улуу касиет болчу экен. А мен канчалык жогорку кызматтагы адамдарга, атүгүл бийликке, саясатка аралашып, алардын жардамы менен өзүм да аларга окшоп кийинип, ошолорго окшоп жашап, кимдин-ким экенин айырмалап биле баштаган күндөн тартып ошол жөнөкөйлүктү, улуулукту – “билимсиздигим”, “кемчилигим” деп түшүнүпмүн!

Ырас, жаңыАлмашка айланганы тиричиликтен кор болгон жокмун! Болуп көрбөгөндөй таанылгыс болуп, бир кыйла ийгиликтерге, жакшылыктарга жетиштим! Бара-бара баягы мени үйлөрүнө киргизмек турсун, жандарына жуутпай жүргөн тууган-туушкандарым эми ымала санап, издеп таап, жардам сурап келе башташты. Өткөндөн калган кара тактар көкүрөк-көңүлүмдө өчпөй, күнү бүгүнкүдөй турганына көздү жумуп, аянбадым. Бирок, көкүрөгүмдө тегеренген бир түпөйүлдүк улам барган сайын чоңоюп, жүрөктү өйүп, маземди алып келет...

***
Күндөрдүн бир күндөрүндө аппак жоолук салынып, жакшынакай кийинген, кол кашыктай болуп койкойгон байбиче кирип келди да, үстү-башымды, кабак-кашымды бир сыдыра карап алып, жылмайыңкы учурашты:

– Амансыңбы, кагылайын?

– Келиңиз, апа?

– Келдим, балам... – апа абдан маданияттуу, сылык-сыпайы киши экен. Чакан сумкесин столдун үстүнө коюп, өзү шашпай отургандан кийин:

– Ишиң жакшыбы, кагылайын? – деди.

– Жакшы, апа. Көрүнгөнү келдиңизби?..

– Кудайдын ушунусуна шүгүр, денсоолугум жакшы эле, балам. Мен башка иш менен. Теңир колдогон касиеттүү бала экенсиң. “Бул жалган жашоодо башкаларга жарыгы тийсин”, – деп миңдин бирине ошентип ак жарыгын берет Алла...

– Мен сизди угуп жатам, апа? – апаны шаштырдым. Анткени кезекте отургандардын катары али суюла элек болчу.

– Сен жөнүндө гезиттен окуп, элден угуп атабыз. Өркөнүң өссүн, кызым! Эртең менен ал-акыбалыбызды сурайын деп, бир топ байбичени Сакен Исмаилова чакырган экен... Карыган кишилердин денсоолуктан башка сүйлөөрү эмне дейсиң, ал жерде да жөн отурбай арыз-муңубузду айттык. Арабызда бир байбиче бар экен, ошол курдашым жакында катуу ооруп, ары барып эле бери келгенин айтты.

– Доктурлардан айла болбой калып, акыры Алмаш деген табыптан айыктым, – деп жан-алы калбайт тим эле.

– Мен андайларга анчейин ишенчү эмес элем... – деди Сакен кыз.

– Жок, ишенсе болот экен. Бир мүмкүнчүлүгүң болсо ошол кызга бир жардам берип койчу, кагылайын? Канчалаган оору-сыркоолордун сообуна калып жатат, – деди байбиче.

– Макул, апа. Сүйлөшүп көрөйүн. Эгерде, чындап эле сиз айткандай болсо, сөзсүз жардам берем. Мени менен кабарлашсын, – деди. Тигил байбиче анан: «Бүгүн мен айылга кетип калам. Сен сөзсүз жолугуп койчу,» – деп аманатын мага тапшырды эле, мынакей, телефону.

Апанын алдыма койгон кагазына үңүлүп, караган жокмун. Тек гана:

– Сакен дегениңиз ким? – дедим жайбаракат.

Байбиче мени таң калгандай бир “жалт” карап алды да:

– Ботом, баары тааныйт го? Чоң бизнесмен эмеспи, – деди.

– Мен андайды тааныбайт экемин, – муну чындап эле айттым.

Байбиче ого бетер бүшүркөй карап калды да:

– Ботом ойнуңбу, чыныңбы? – деди.

Ойноп отурганга убактым жок, апа!

Ушул учурда өчөшкөнсүп, баягы-баягы ар кимден нан сураганым, айрыкча таякедин кеңсесинде Кудайга үнүм жетип чырылдап-чыркыраганым эсиме түшүп кетти да:

– Сурануудан көңүлүм калып бүткөн, апа! – дедим, – Айтып коюңуз, эгерде жардам берем десе же мен керек болсом, өзү келсин!

– Апе-ей?! – ап бир чети чочуй, бир чети таң калгандай, анан да: “Бул чын эле ушинтип жатабы же тамашалап жатабы?! Акыл-эси жайында немеби же?..” –дегендей чолуй тиктеди.

– Кезекте отургандарды көрдүңүз го, эл көп! – дедим. Мунум: “Убактым ансыз да аз болуп жатат, сүйлөшүп бүттүк окшойбуз...” дегеним эле.

Бирок апанын көздөрүндөгү эми элеки бүшүркөө акырындап жоголуп барып, кандайдыр... ичи жылыгандай бир карап алды да:

– Иши кылып бирөөнүн аманатынан кутулдум, кызым. Мен анда кетейин, – деди. Коштошуп чыгып баратып бир нресени эстей койгонсуп артына бурулуп карады да:

– Бирок бир нерсени эсиңе тутуп ал, балам: “Киши болор кишинин киши менен иши бар, киши болбос кишинин киши менен неси бар?” дейт. “Түсү ийгиден түңүлбө”, “ Жакшы сөз жыланды ийнинен чыгарат” дейт. Эл менен иштеген кишинин элпек, ийкемдүү болгону жакшы, – деди.

Унчуккан жокмун. Бирок мүнөз болуп, каны-жаныма сиңип калган чукул, бетке чаба айткан тайбастыгым үчүн биринчи ирээт уялдым.

Байбичеден кийин кирген киши:

– Жарыктык киши, дагы эле карый элек, баягы эле бойдон... – деп кобуранып келди.

– Кимди айтасыз? – дедим.

– Сабира апаны айтам. Эмнеси ооруйт экен? Азыр эле сизден чыкты го?

-Тааныйсызбы?

– Ийи, тааныбагандачы! Мындай адамды ким тааныбайт?! Сабира Күмүшалиева да! Кыргыздын кыйын актрисаларынын бири. “Уркуя”, “Ак кеме” деген кинолордо аткарат эмеспи?..

Ошондо барып “Уркуяны” эстедим. Эстедим да, колумдан жулдурган эмедей шалдайып, отуруп калдым.


***

Коңур күз болчу. Бактардын сары, кызыл жалбырактары бутактарынан үзүлүп түшүп, себелеп жаап турган. Ошол күнү кечке маал: “Айылга кино келиптир”, – деп эл клубга агылып калышты. Апам да үйдөгү тиричилигин арыдан-бери бүткөрө коюп, биз да көпчүлүктүн агымына кошулдук. Апам уулун көтөрүп, Акберметти жетелеп алган. Мен болсом “асмандан” жааган жалбырактарды эрчий карап, улам жерге түшкөнүн сереңдеп чуркап терип алып, чогултуп барам.

Кино дегенди ошондо биринчи көрүшүм...

Тамдын боорунда кадимкидей кишилер басып, сүйлөп жүрүшөт... Атүгүл апам да бала эмизип жатканын унутуп салып,, көкүрөгү ачылган боюнча , балбаалап ыйлап отурган.

Басмачылар өлтүрүп кеткен уул-келиндин балдарынын бирин көтөрүп, бирин жетелеп, боздоп бараткан ошол эне азыр кинодон чыгып, түз эле мага келген сыяктуу, дел боло түштүм. “Тааныбасты – сыйлабас” кылып, улуу адамга көптүн бириндей, жок, андай да эмес... орой мамиле кылганыма өкүндүм.

Айтмакчы, искусство корифейлеринен Сабира апага чейин Сүймөнкул агага жолугупмун. Анда жашым жыйырмага чукулдап калган кезим. Ошол кезде Оштун пахта талааларында «Айсулуунун талаасы» аттуу кино тартылмай болот да (режиссёру ким экени эсимде жок) чыгармачыл топ узун бойлуу, акжуумал кыз издеп айыл кыдырып жүрүшкөн болот. Анан эле Фурхад айлынын аялдамасында турган мени көрүшөт да: «Өзү! Айсулуунун так өзү! Ушул кыз жарайт!» – дейт режиссёр. Чоочун машине кайра артына кайтып келип, мага кептин чоо-жайын айта башташат. А мен алардан тартынып, анын үстүнө: «Эл эмне дейт?!» – деп чочулап, корунам.

– Каякка баратасың? – дейт акыры менден кеп чыкпасына көзү жеткен режиссёр.

– Бек-Жарга, эжемдикине! – дейм.

– Жүрү анда, эжең менен сүйлөшөлү, – дешет алар. Мен кетенчиктеп, башымды чайкайм. Айласы кеткенде кино деген эмне экенин, жаңы киного чырайлуу кыз издеп жүрүшкөнүн, ошого мен ылайык болуп турганымды, эгерде киного тартылсам, ар бир күн үчүн беш жүз сомдон төлөп беришери тууралуу айтып жатып, акыры машинеге салышты.

Ыраматылык Шааркан таяжем баладай жумшак, жароокер, ак көңүл жан эле. Жүсүп жездем да шайыр-шаттуу, ачык айрым, ыр-күүнү сүйгөн жакшы адам. Ошондуктан го, артисттерди ушундай бир кубаныч менен күтүп алышты. Жүсүп жездем козусун союп: «Сүймөнкул кимдин эле үйүнө келип атыптыр?! Бул деген – үйгө келген кут эмеспи!» – деп барпалаңдап жүрөт. Менин киного тартылышыма адегенде эжем да, жездем да макул болгонсуган. Бирок, бир убакта жездем:

– Биздин кыз кинодо кандай ролду ойнойт? – деп сурады. Режиссер жайма-жай, жакшылап түшүндүрүп жатты. Анын айтымында Сүймөнкул ага райкомдун ролун, мен болсом пахта талаасынын бригадири – Айсулуунун ролун ойнойт экемин. Ошол айылдын башкармасы (раисти) мени жактырып калып, артымданк албай эрчип, сүйүүсүн билдирет. Бирок ал мага жактпайт. Акыры раист мени пахта өспөгөн, суусуз талааларга чегерип, ошого карабай мойнума очойтуп план жүктөп, кыйноого салат экен да, бирок райком менин эмгекчил, ак жүрөк экенимди байкап, кыйын кырдаалдан сууруп чыгат имиш! Ара чолодо сүйүүгө мас, махабаттуу түндөр, күндөр да болушу керек экен…

Меймандарды жаткырып коюп, жездем эжемди чакырды да:

– Шааркан, экөөбүз Алмаштын акча тапканына кызыгып, анын келечегин ойлобой жатат окшойбуз. Кийин, ошол кинону көргөн сайын эри: «Сен тетиги менен бир төшөктө жаткансың!» – деп чыр чыгарып, үйбүлөнүн ыркы кетип, ынтымак ыдырап турса эмне болот?! Ошондо кыз экөөбүзгө наалат айтпайбы! Кандай дейсиң? – деди. Ошондо барып эжем да:

– Туура айтасың! – деп ойлоно калды да, менин киного тартылуумдан баш тартты.

Эжем байкушум элүүгө жетпей, ал да өмүрдөн эрте өтүп кетти. Жездем болсо жаңыртып үйбүлө курган. Азыркы байбичеси да жакшы аял… Бирок эжемди эстесем, эмгиче эле жүрөгүм эзилет.
***
Бири-бирине окшош күндөр өтө берди. Эртең менен эрте туруп ишке келмей, кээде адамдар өзүңдөн мурда келип, кезек күтүп отуруп калышат. Кечинде кайра жатаканага кайтып кетмей. А бирок “кинодон келген” апанын: “Эл менен иштеген адам элпек, ийкемдүү болуш керек”, – дегени жандүйнөмдө жатталып калыптыр. Кимдир бирөөгө ачуум келип, акараат айтып жибере жаздаган кезде ар дайым апа эсиме келе калат.

Бир күнү үйгө жаңы эле келип отурсам телефон чырылдап калды. Ала койсом – Сабира апа экен!.

– Алло, бу Алмаш керек эле?

– Сабира апа, саламатсызбы? – деп шашкалактап калдым, – Мен угуп жатам.

– Иштериң жакшыбы, кагылайын? – деди.

– Дурус эле, апа. Колдон келгенин иштеп жатабыз.

– Бая мен айтканды унуткан жоксуңбу? – “айтканым эсинде калды бекен?” дегендей туюк сурады.

Апанын эмне жөнүндө айтып жатканын биле койдум да:

– Аны унутпай турган болдум го, – дедим чындап эле.

– Ии, айланайын, ошент, – деди апа өз энемдей кубанып, – Ошенте гой. Алло, Алмаш?

– Да, да апа, мен угуп атам?

– Менин сага чалганым, бая мен айткан эжең азыр сага баратам деп телефон чалды, сүйлөшүп, кем-карчың болсо айтып дегендей... Ботом, ошонун да намысы барбы?

– Макул, – дедим илгиртпей. Анткени ага чейин өзүм ымала санаган эки-үч кишиге Сабира апанын келиши, экөөбүздүн маегибиз тууралуу айтсам, алар да: “Ошондой кантип болсун?! Туура эмес кылыпсың! Андай бай айымга эл жолуга албай жүрсө!..” – деп аябай кейип калышкан. Трубканы койгондон кийин бир топко: “Анчалык атактуу бай аялды мен кантип кабыл алышым керек?” – деп өзүмчө кыжалат болдум. “Бай болсо эмне экен, акыры ал деле сага окшогон аял да!.. Кандай болсоң так ошондой эле кабыл ал! Жасалмалуулуктун эмне кереги бар?!..” – деди экинчи, өзүмө гана таандык “жапайы” түшүнүгүм.

Айткандай эле, ошондон көп өтпөй эшиктин коңгуроосу кагылып, бет маңдайымда башкалардан анчалык деле өзгөчөлөнбөй, жупунураак эле кийинип, күлүмсүрөгөн айым турду.

– Саламатсызбы? Келиңиз, – дедим. Ага чейин ким бирөөлөрдөн укканым боюнча, жанындагы жансакчылары болуш керек деп ойлогом, а бирок жалгыз экен.

– Жакшыбы, Алмаш? – деп кадимкидей эле учурашып, жогору өттү. Андагы ушул жөнөкөйлүк мендеги “чоочуркоону” унуткарган сыяктанды.

Экөөбүз анан бет маңдай отуруп, он-он беш мүнөттөй аңгемелештик. Ал менин чоо-жайымды, учурда иштеп жаткан ишимди, мага көрүнүп жаткан адамдардын ал-акыбалын, дагы ушул сыяктуу суроолорду сурады. Мен болсом айылдыкча эле ачык-айрым, төгүлүп-чачылып сүйлөп бердим. Ал айым анда-санда гана башын ийкеген болуп, кээ бир жерден суроо берип койгону болбосо, көп унчуккан жок. Тек гана мага кулагын төшөп, ичинде ар бир сөздү таразалап, салмактап, менин ички деңгээл-кудуретимди сынап отурган окшоду.

Бирок бу саам өзү тууралуу, келечек тууралуу ооз ачып сураган жок. Андыктан мен да көрүп, билип турганымды айта албай калдым!

Ошондон кийин айлана-тегерегимдеги адамдардын, деги эле мени билгендердин арасында менин аброюм ушунчалык көтөрүлө түшкөнүн билдим. Өзүм жашап жаткан мейманакананын ээсин тааныдым.

Кийин мен жашаган конок үйдүн ээси да элге-журтка таанымал атактуу адам экенин билдим. Бирок, албетте, анын чыгармалары менен тааныш эмес элем... Окуп чыгууга андан кийин деле убакыт-саатым тийген жок. Бирок ушул адамдын аркасы менен дагы бир кыйла абройлуу адамдарды тааныдым. Сыягы, менин жашоо-шартым эле эмес, “жапайы” кулк-мүнөзүм, жандилим да ошол жаңы тааныштарыма жолуккандан кийин таптакыр өзгөрүлө баштаптыр...


***
Ошентип, калаада көпкө кармалып, акыры айлыма – үйүмө кайтып келдим да, күйөөм ишке кеткен кезде жаныма жаңы эле дарыланып, айыккан кызды кошуп алып, Турсун Максым таякемди издеп чыктым. Үйүн сураштырып отуруп таап барганым менен, ал кишинин өңү-түсүн элестете албай: «Эми аны кантип тааныйм да, кантип учурашам? «Таякем болот экенсиз» деп кантип айтам?» – деп бушайман болуп турсам, таякем белин жоолук менен бууп алып, огороддо чөп жыйнап жүргөн экен, мени көрө коюп эле:

– Байбиче, менин карачечекей жээним келатат! Чыгып тосуп ал, байбиче! – деп өзү да шашкалактап, бизди утурлай басты. «Бул киши… баягы турбайбы! Ал мени каяктан тааныйт?!» – деп таң кала түштүм. Анткени менин бет алдымда баягы – жолдо өтүп баратып: «Көз боочулардын ойнуна аралашпа!» – деп өткөн, эшекчен карыя келаткан!

Таяжеңем чуркап чыгып эле мени көрдү да:

– Ошо тура! Булар тукуму менен ушундай, көздөрү ойноок немелер! – деди менин «ошо» экениме көздөрүм аркылуу ишенгендей, анан да ойноок көздөрдүн азабын далай ирээт тарткандай.

– Кантет?! – деди таякем анда, – Каап тоспой, жакшы сөзүң жокпу сенин?!

Үйгө кирип, жайланышып отургандан кийин таякем:

– Балам, барган бүлөң башка болгондо эчак издеп барат элем… Сыртыңдан байкап, билип эле бара албай жүрөм. Бирок, күйөөң тукумсуз туулган жигит. Ал балалуу боло албайт! Анткен менен ага-туугандары аны билбей: «Согончогу канабайт», – деп сени жаман атты кылып жүрүшпөйбү. Сен акыл-эстүү жансың, аныңа катын алып берип, алысташың керек, балам. Болбосо ал жаманаттыдан арылбайсың! – деди.

Өзүм да төрөбөгөнүм үчүн Өмүрдүн, кайын журтумдун алдында көптөн бери өзүмдү айыптуу сезип жүрөт элем, бир күнү анан чыдамым жетпей кетти да:

– Өмүр, ушинтип эле тукумсуз өтүп кетмек белең? Төшөк жаңыртасың го?! – дедим маселени кабыргасынан коюп.

– Каяктагыны айтасың да! – адатынча уккусу да келген жок. Бирок баары бир эле Өмүрдү кантип балалуу, бактылуу кылуу керектигин ойлонуп жүрдүм. Бир күнү анан Кудай айдап келгенсип, жашы отузга келип калган, бирок турмушка чыга элек кызын эрчитип бир эне келди.

– Кызымдын денсоолугу жакшы эле болчу. Тырсылдап тың да эле. Көз тийдиби, эмне болду билбейм, соо туруп эле жыгылып калчу адат тапты, – деди энеси ыйлап.

Эне-бала алыскы тоолордун арасынан, кудум кыргыз-кытай чегарасынын чектешкен жеринен келишиптир. Мен аларды бир нече күн үйүмө кармап, колумдан келген аракетимди жасадым. Кудайдын кудурети менен кыз акыры жакшына болуп оңолуп кетти. Ошондон кийин гана, эне-бала аттанып кетип баратышканда узатып жатып:

– Апа, сиздин кызыңыз менен менин күйөөмдүн жылдызы төп түшүп калды! – дедим.

– Э, койчу балам! – деп эне чочуп кетти, – Сенин алдыңдан кыя өткүдөй жинди киши бар бекен?!

– Кудай-таалам ошентип жазып койсо, көнөбүз да апа...

Алар кеткенден кийин күйөөм менен сүйлөштүм. Өмүр адатынча ыргып-секирип кетти.

– Антпе, Өмүр! – дедим, – Антип өзүңдү да, мени да кыйнай бербе! Буга чейин мен эмнени күтүм жүрдүм?! Сенин жылдызың түшкөн адамды издедим. Ыргып-секирген менен бул ой сенин да жүрөгүңдүн тереңинде турбайбы! Же мени көрбөйт дейсиңби?!

Өмүр уурусун карматып жибергендей жер карады.

– Эң негизгиси, ал кыз да сен жөнүндө ойлонуп кетти. Жылдызыңар келишти дегеним ошо! Эгер макул десең экөөбүз камыналы да, барып алып келели?

Өмүр бу жолу да унчукпай, тунжурады. Ошондон көп өтпөй эле күйөөм экөөбүз кыздын артынан барып, ата-энесин ыраазы кылып, башыбызга баш кошуп алып кайтып келдик... Кадимкидей анан көшөгө тартып, той өткөрдүк. Экөөнө нике кыйдырып, бир аз күн чогуу турдук да, көпп өтпөй эле мен жер кыдырып, эл көрүп кеттим. Албетте, алгачкы күндөрү кыйын эле болду. Бирок, андан кийин алардан кабар ала алган жокмун... Өмүр да анткен жок.


***
Тээ эртең менен Бишкектен чыккан ак машине түн жарымдап Карасууга жетти. Адандардын айлына эми бир чай кайнам убакытта кирип барат. Келатканын кабарлап коюш үчүн телефон чалды:

– Алло, Адинасыңбы?

– Ооба эжеке, мен...

– Апаң-атаңдар үйдөбү?

– Баарыбыз үйдөбүз.

– Элнура уктай элекпи?

– Уктады...

– Апаң келатат деп ойготуп көрчү, мен беш-он мүнөттө жетип барам.

– Ура-а! – сиңдисинин кичүү кызы телефонду шашкалактап коё салды. Сыягы, сүйүнчүлөгөнү чуркады окшойт. Машине эшиктин алдына жетип-жете электе күйөө баласы чуркап чыгып дарбазаны ачып, сиңдиси бала-бакырасы менен тегеректеп, тосуп алышты.

– Элнура турган жокпу? – деди баары менен учурушып жатып.

– Азыр ойготом, эже. Адегенде үйгө кирсеңиз? – Акбермет эжекесин үйгө баштап кирди. – Кандай келдиңиз, жолдо кыйналган жоксузбу? Келатам деп эртерээк эмне айтпадыңыз?

– Капысынан эле келип калдым. Өзүңөр кандай, жакшы жатасыңарбы?

– Жакшы. Пахта терими башталып, жанталашып эле жатабыз...

– Түшүм жакшыбы?

– Ийе. Кудайга шүгүр, дурус эле...

– Ошондой эле болсун...

Эмнегедир ушул тапта Алмашка: “Сен болбосоң сиңдиң каяктан минтип бапырайт эле?! “Эти тургай табагы жок” дегендей, каяктан жерлүү болуп, каяктан пахта эгип, кайсы түшүмдү жыйнайт эле?” – деген ой келди да, канында кандайдыр өзү менен өзү сыймыктана, өзүнө-өзү корстон боло түштү.

“Ооба, ошонун баары менин аркам менен! А булар ошону билеби?! Билбейт да!” – деди бир ою. Эмнегедир акыркы мезгилдерде ушинтип көкүрөк көтөрүп койгонду үйрөнгөн. “Эмнеси бар экен? – деди ошонусун эми да туя коюп, – Жасаган ишимди жасадым дейм да!..”

Бир жаман жери, мындай кездерде жакын адамдарына, туугандарына түгүл, жашоонун өзүнө да ичи муздай түшөт. Эми да:

“Сен жакыр кезде, сен бечара кезде эч кимге керегиң жок эле. Эми колуңа “карга чычканда” сен баарына керек болуп калдың го?! деди шыкакчы сезими, Атүгүл кайнаса каның кошулбаган, аты-жыты белгисиз “туугандарың”, “жакшы санаалаштарың” көбөйдү. Анткени алардын баарына сенин жардамың керек да!..”

“Алмаш, сапардан издеп чыккан жогуңду тапкан жоксуңбу?..” – деди аңгыча экинчи бир туюму.

“Жок! – деди Алмаш ой-сезим менен жооп берип, – Тапмак тургай, тайгаланып турам!”

“?..”

“Эмне унчукпай калдың? Ар дайым көкүрөк-көңүлүмдү өйүчү болгон, мына бул томуктай нерсе эмне, өзү?! Эмнеге эле жүрөгүм дүпүйөт? Эмнеге эле кабагым ачылбай, кабыргам кайышат? Эмнеге эле акыркы убактарда жашоодон аша кечип кетким келет?! Айтмакчы, кечээки эле: “Кудайдан кийинки эле Кудайымсың!” дегендер кайда?!..”



– Эже, эмнени ойлонуп кеттиңиз? – Акберметтин үнү Алмашты оюнан ойготту, – Эч жериңиз оорубай элеби?

– Жок, жакшы эле...

Тынччылыкпы? Ошко жөн жай эле келдиңизби?

Жөн жай эле, жок издеп...

– Эмне “жок?”

– Өзүмдү жоготуп ийип, издеп жүрөм! Тамаша чындан ушинтти эжеси.

– ?.. – Акбермет да андан ары сураган жок.

– Кызымды ойготкулачы? – деди жайланышып отургандан кийин Алмаш. Акбермет өздөрү жатчу үйгө кирип кетип, уйкусураган кызын көтөрүп чыкты:

– Элнурка, апаң келди... Ойгонсоң, балам?

– Апам?!.. – көздөрүн ушалап, элеңдей түштү кыз.

– Кагылып кетейиним! Кара жаным! Кызым, менин! Сагынычым, жалгызым!.. – кызын бооруна кысып, жалынып-жалбарып, анын жумшак, сары чачынан кумарлана-кумарлана жыттап, каректерине жаш кылгырды.

– Мен да сизди сагындым, – деди кызы бадырайган көгүш көздөрүн жалжылдата карап. – Эмнеге келбей койдуңуз?

– Бошобой жүрбөдүмбү, жаным.

– Эми кетпейсизби?

Алмаш буйдала түштү:

– Мм... Кичине коё туруп, шашпайраак кетем.

***
Таңга маал ушунчалык таттуу уктап жаткан экен:

– Намазга тур! – деди кулагына тааныш үн.

Сыртта аны тап-таза, салкын аба тосуп алды. Көздөрүн жума, көөдөнүн кере-кере дем алып, ырахаттана күлүмсүрөдү. Айылдын айдарым жели коюн-колтугуна кирип, чачтарынын арасын, атүгүл жандүйнөсүн кытыгылап жатты.

– Касиетиңден айланайын, туулган жер!.. – деди өзүнчө.

Бетмаңдайдагы кичине үйдөн Акбермет кумганын көтөрүп чуркап чыкты:

– Турдуңузбу, эже? Мына азыр ойготоюн деп аттым эле...

– А мени ойгото тургандар бар да...

– Аа, – Акбермет анын эмнени айтып жатканын түшүндү окшойт, – Мынакей эже, сууңузду дап-даяр кылып койдум... – деп колундагысын кармата койду.

– Рахмат. А машине кайда?

– Машинени Адан СТОго айдап кетти. Алыс жол жүрүп келбедиби, каратып коёюн дейт...

– Аа...

Намаздан кийин сиңдиси экөө отуруп чай ичишти.



– Кызымдын окуусу кандай? – биринчи эле суроосу ушул болду.

– Жакшы. Мугалими мактап атат. Өзүңүз да бир жолугуп кетесиз го? Өгүнү эжейи сизди сурады. – деп анан жүрөгүн түпөйүл кылган нерсени сурады Акбермет, – Айтмакчы, ишиңиз кандай? Биякта болсо: “Алмаш баланчага баланча дептир, төлөнчөгө төлөнчө дептир! Айтканы – айткандай келиптир!” – деп эле саясатчыларды бирден санашат. Ансайын менде жан жок. Ошолорго аралашканы, бизден да, элден да четтеп кеттиңиз...

– Алар эмне, эл эмеспи?!

– Ошентсе да...

– Ошолор менен аралашканы же менден жаман болуп жатасыңарбы?!

– И баса, оорукана ачтыңызбы? – Акбермет кепти башка жакка буруп кетти, – Анан да , жетим балдар үйүн ачат экен деп уктук?

– Оорукана эмес, Мырза деген дарыгер жигиттин идеясы менен “Исхак-Ата” деген медициналык борбор ачтык. Буюрса иштер жаман эмес. А беркиси: “Ата-эне мээриминен ажыраган балдарды коргоо” эл аралык кайрымдуулук фонду. Кудай буюрса документтештирүү, мыйзамдаштыруу иштери аяктап калды.

– Кыйналып калбайсызбы?

Кудайым бар эмеспи. Анын үстүнө айттым го, мен жалгыз эмесмин. Фондго Бактыгүл эже жардам берип жатат. Тааныйсың да. Билесиңби, Акбермет ушул иштердин баары менин тээ “жинди” кезимден берки тилегим болчу...

– “Жинди кезимден” дебей, бала кезимден десеңиз. Жинди киши кантип ошону ойлосун!

– Эми... дегинкисин айтам.

– Иши кылып, Кудайым кубат берсин! Ошентсе да... башта жаныңызда сизге күйгөн, ишенчиликтүү адам жүрөт деп санаабыз тынч эле...

Сиңдисинин ким тууралуу кыйытып жатканын эжеси түшүндү да:

– Көрсө, ишенчиликтүү адам деген болбойт экен, Акбермет! – деди, – Сүйүү да адамга эсеп-чот менен келеби дейм! Фархад менин өзүмдү эмес, тапкан-ташыганымды сүйүптүр! А мен ага Кудайыма ишенгендей ишенипмин...

– Жакшы эле жигит көрүндү эле...

Акберметтин бул сөзүнүн ары жагында: “Өзүңүздөн эле кетип калды го?..” – деген бир күмөн суроо калып калды. Аны окуй койгон эжеси да бир нерсе айтуучудай обдула түшүп токтоду.

***
Алмаштын бу жолку келиши узакка созулган жок. Ошентсе да кеткичекти кызы менен жытташып, жыргап уктады. Күндүзү урук-туугандарын кыдырып, көрүстөнгө барганды да унуткан жок. Апасынын бейитинин жаныда узакка отуруп, куран окуду. Өткөн кеткенди эстеди. “Алтыным апам!.. Бул жашоодон жыргалыңдан кууралың, кубанычыңдан кайгың көп болду. Балалык кылып, азабымды тарттырган болсом... кечир? Жаратканым бул жашооңдогу билип, билбей жасаган күнөөлөрүңдү кечирсин...”

Бу жерден чыгып, балалык чагы калган интернатка, мугалимдеринин үйүнө барды. Эс алууга чыгышкан эжей-агайлары ошондогу окуучусун көрүп: “Калп айканда эмне, сени ушундай адам болот деп ойлогон эмеспиз”, – деп кубанганын да, таң калганын да жашыра албай турушту. “Анткени “жинди” эмес белем!”– деп мыйыгынан күлүмсүрөйт Бекова. Агай-эжейлери саал уялгансып калышат. “Анда мезгил, коом ошондой болчу да!” – деп кайра ортодогу абалды өзү оңдоп, кайыр кош айтышкан соң Алмаш ат тизгинин психикалык диспансерге бурду. Бирок, бу жерден да бир нерсеге катуу кейип чыкты, анткени интернаттагы акыбал, жашоо-шарт мурункудан бир кыйла кыйын экен...

Баарынан да баягы, агып келатып эле, жерге сиңип кеткендей дайынсыз жоголгон сайдын суусу дагы эле өзгөрбөй, ошол эле боюнча экен... Кудум бала кездегидей эки, үч сапар жогору чыгып барып, агым жээктеп кайра түштү. Бирок, бул жолу да табышмактын жообун тапкан жок.
***

Кандай кетсе, кайра эле ошол боюнча, көкүрөк көөдөнү толгон токой суроолордон бөксөрбөй, борборго кайтып келатты Алмаш. Канчалык эстебейин дегени менен, жол бою Фархад элестеп, көз алдынан кетпей туруп алды. “Эмнеге?! – деди ансайын көшөрүп, – Эмнеге мен аны эстешим керек?! Эмнеге мен ал үчүн дайыма эле азап тартышым керек?!”

“А балким, ал да сени эстеп жаткандыр?” – дейт бир ою. Ошого ынана калган кездерде уюлдук телефонун алып, канча ирет анын номерин термей болуп, бирок канча ирет кайра: “Эмне үчүн мен биринчи чалышым керек?!..” – деген куру намыска такалат. Канчалык сагындырган ошол добушту уккусу келип жүрөгү, көңүлү күсөп, эңсеп жатса да кайрадан мисирейип, мелтирейт. А бирок антип да көпкө түткөн жок. Телефонду ачты да, качанкы келген СМС-каттарды окуду:
“Алмаш эже, сиз мен үчүн өтө кымбат, асыл адамсыз. Калган күндөрүмдү сизге арнап, сиз менен өткөрүп жатканым үчүн мен Кудайыма чексиз ыраазымын. Сизди сүйөм! Фархад.

12-декабрь, саат 07.45.22.”


Катты жаңы гана алгандай ууртунда күлүмсүрөө пайда болуп, эки бети ысып-күйүп, албырып чыкты Алмаштын. Андан ары окуду:

“Сүйүү – бул алоолонуу, оттой жанып,

Сүйүү – бул алыс учуу канат кагып!

Сүйүү – бул бардыгына кайыл болуу,

Өлүмдөн да коркпойсуң, сүйсөң анык!..

28-март, саат 10.27.10.”


***
“Катыңызды окуп, эс ала түштүм. Бирок эч качан шектенбеңиз, көрөсүз го, биз бактылуу болобуз! Сизден айланып кетейинчи, менин асылым! Сиздин сүрөтүңүз менен сүйлөшүп, жолдо баратам.

29-март, саат 21.53.05.”

***
“Эң кымбат адамым менин! Бизди табыштырган Кудайыма өтө ыраазымын. Мен Сиз менен гана бактылуумун. Суранарым эч оорубаңызчы. Анан да менин сүйүүмдөн эч күмөн санабаңыз.

Сизди сүйгөн жана сагынган Фархадыңыз.

4-апрель, саат 21.57.26.”
***
“Мен Сизге эч кимди теңебейм, асылым! Жанагинтип ойлогонуңуз туура эмес, анткени сүйүү адамдын жашын сурабайт. Кудайым бардыгын колдойт, жаным!.. Биз бактылуубуз.

9-апрель, саат 11.55.34.”

***
“Дүйнөдөгү эң асыл адамым менин!

Аткан таң, намазыңыз кабыл болсун! Кудайым Сизге бактылуулук берсин!

Сизди сүйүп, сизге эркелеген, сиздин Фархадыңыз.

10-апрель, саат 06.16.59.”


***
“Болгондо бул дүйнөдө адилеттик,

Жоголмок Жер үстүнөн кара ниеттик!

Биздейлер калыстыктын жоктугунан,

Чындыктын ак жолунда азап чектик.

Ак ниет адам менен азап чеккен,

Чынында азап эмес, жыргал жеткен!

Тозокко түшкөндөн да кыйын мага,

Ичи тар акмак менен маектешкен!


21-апрель, саат 08.52.32.”
***
“Бир өптүрүп коюңузчу, жаным жыргап калайын!

Бир жылмайып коюңузчу, бактылуулук алайын!

Сиз менин – бейиштен келген Периштемсиз! Бул дүйнө мага сиз бар үчүн кызык. Сизге денсоолук каалап, Сизди сүйүп, акыл-эсинен танган Фархадыңыз. 22-апрель. 00.30.04.”
***
“Дүйнөдө издеп жүргөм Сизди гана,

Табылбайт бу жарыкта Сиздей мага!

Оо, жаным, бирге болуп жыргайлычы,

Бул күндөр бизге кайтып келбейт кайра!..


Алдыда сени, мени нелер күтөт?

Келер күн бизди мынча...”


Каттын андан аркысы үзүлүп, анын ордуна СМС-борбордун: “Часть текста отсутствует” деген билдирүүсү, анан Фархаддын телефон номери, кат жазылган күн, сааты менен калыптыр: “4-май, 15.47.47.”

Телефон-каттар аягына чыккан соң машиненин «чөнтөгүн» аңтарып, Фархад экөөнүн каттарын издеди. Мына алар:


«Алмашым! Менин акыркы кездеги эң мээримдүү, эң ыйык, асылзат, сүйүктүү адамым! Чилдеңиз кандай өтүп жатат?

Мени ушундай адамга кабылтканы үчүн Кудайыма чексиз ыраазымын. Мени түз, жакшы жолго салып, кимдин-ким экенин таанытканыңа ыраазымын, Кудайым! Бардык мактоолор кудуреттүүнүн – кудуреттүүсү, күчтүүнүн – күчтүүсү, ырайымдуунун – ырайымдуусу Алла-таалага болсун! Тирүүлүк бүтүндөй өзүңө гана муктаж, Теңирим! Бизди бактылуу кылчу да өзүңсүң! Мен сени сүйөм!..

Мен жумушка кеттим, жаным! Саат үчтө келип калам. Фархад».
«Фархад!

Катыңды окуп, жооп жазып жатам. Кандай жаттың? Эмне түш көрдүң? Менин чилдеден чыгышыма келесиңби?

Сени сагынып, сени сүйүп, сага эркелеп, сени эркелетип, бекем кучактап, жытыңа канбай жаткан – Мен.

И баса, айран алып келдиң беле? Алып келсең кружкага куюп, эшиктин алдына коюп койчу, жаным. Анан калп эле болсо да жакшы сөздөрүңдөн жазып койчу, жыргап калайын. Алмаш».


«Калп эле…» деп, баарын эле өзүңүздөй көрө бересизби? (тамаша). Мен сизди сүйөм, жаным! Бул жашоого мен эмне үчүн жана ким үчүн жаралганымды эми түшүндүм. Мен өмүрдө Сиз бар үчүн бактылуумун. Сиздин Фархадыңыз».
Бир колу менен рулду тегеретип, бир колу менен телефонду уучтай кармап, ойго батып келатты Алмаш. “Эгерде бардыгы кайгы менен бүтөөрүн билсең, эмнеге жүрөктү эзип, ушундай каттарды жаздың?! – деди оюнда, – Жүрөгүмдүн буга чейин эч ким таппаган ачкычын эмне үчүн, кантип таптың да, канчалаган адамдардын арасынан жүргүмө өзүң гана жактың?! Эмне үчүн?! Эмне үчүн эми унчукпайсың?! Жанды элжиретип жагымдуу жылмайганың, эч кимдикине окшобогон күмүштөй күлкүң, аселдей ширин сөздөрүң... демек баары жалган экен да?! Кантип?! Баарын көргөн, баарын туйган жаным ошону кантип туйган жокмун? Жүрөгүм кантип жаңылды?!.. Кантип сага ишенди?! Же чын эле сүйүүнүн көзү сокурбу?! Жок дегенде, мени эстебесең да, менин жасаган жакшылыктарымды неге эстебейсиң?!..”

Ушул акыркы ою Кудайга жакпай калгансып, эмнегедир көздөрү караңгылашып, кулагы туна түштү! Машинени “тык!” токтотуп, рулга башын жөлөп көпкө отурду да, терең улутунуп алып, сапарын андан ары улады.

“Жок, Фархад, мен эч качан өзүмдү күнөөлөбөйм! – деди кайра да көшөрүп, – Анын үстүн мен – аялмын да! Никелүү жарың болбосом да, никелүү көңүлдөшүң катары кээде сага эркелеп, назданууга, таарынууга, өз эркимди билдирип ачык айтууга акым бар эле да?! Сен бир жолу ошону көтөрүп койсоң болот беле?!..”
***
Үйгө келгенден кийин шашпай сууга түштү. Жалгыз отуруп чай ичти. Намазга жыгылды. Андан кийин канчалык аракет кылып, Фархад жөнүндө маалымат алууга аракеттенди. Бирок кайра ызаланды. Анткени Фархад тууралуу эч нерсе ала албай койду. Буга чейин тынымсыз тынчын алып, ар кандай маалымат берип туруучу үн да бу саам жоголду. Таң калды Алмаш. Ансайын Фархад жөнүндөгү ойлор аны жабалактап, курчап алды. Анын үнү, сөздөрү, атүгүл дем алганы!..

Баарына көз жуумп, кол шилтеп салып уктагысы келди. Бирок анте да алган жок. Эмнегедир жүрөгү эңшерилип, кусаланып кетти. Фархаддын үнүн сагынды! “Кантип эле?!.. Кантип эле ушундай болсун?! Алгачкы арзуусуна кабылган секелек кыздан бетер, кантем деги?!” – деди өзүн-өзү алдап! Болгон жок! Жүрөгүн көтөрүп алып, аркасынан чуркаган далай-далай “мен кыйын” деген эркектерди эстеди. Бирок эч бири ага окшобой койду.

Ырас, кээде өзүн-өзү кыйнап, жалган жашоодон жалгыз өтпөш үчүн ким бирөөлөргө өзүн акыл-эс менен таңуулаган кездери да болгон. Бирок өзүн көндүргөнү менен жүрөгүн такыр баш ийдире алган эмес!

...Көңүлү, колу телефонго умтулду. Алды. Алаканындагы кичинекей аппаратты уучтай кармап, тиштене кайра токтоду! Ызаланды! Ыйлады! Акыры түшүнө Фархаддын киришин тилеп, жаздыгына баш койду.


***
Бирок ал түнү түшүнө Фархад эмес, Элнура кирди. Ананайын десе, апасын тим эле бекем кучактап алыптыр.

– Апаке, мен сени аябай жакшы көрөм, – дейт адатынча.

– Мен дагы, жаным! Мен да сени аябай жакшы көрөм.

– А сен мени эч кимге бербейсиңби? – көздөрүн жоодуратып, суроолу тигилет кызы.

– Эч кимге бербейм, берекем! Эмнеге антип сурадың?! – жүрөгү “болк” этет.

Аңгыча алардын жанында бейтааныш аял пайда боло калат да, эмнегедир Элнурадан көздөрүн албай, ыгы келе калса Алмаштын колунан сууруп кетчүдөй обдулуп, айланып-тегеренет.

– Силер кимсиңер? Силерге эмне керек?! – дейт Алмаш кызын кучагына катып.

– Кызымды бер?! – дейт аял демитип.

– Кайсы кызыңды?!

– Элнурачы?!

– Бул менин кызым!..

– Жалган! – калчылдайт аял. – Бер, кызымды?!..

– Апа-а!!! – Элнура Алмашты бекем кучактап, жанталашып жабышат.

Чочуп ойгонуп кетсе, чындап эле энтигип, колу-буту карышып калыптыр. Жүрөгү дикилдеп, андан ары кирпик ирмебей таң атырды.

Жерге жарык кире баштаганда эле анан Акберметке телефон чалды:

– Алло, Акбермет, кандай?!

– Жакшы эже. Кандай жеттиңиз?

– Элнура кайда?!

– Сиздин чаларыңызды билгем, – жооп бербей туруп ушинтти сиңдиси, – Өзүм да азыр чалайын деп жаткам.

– Айтпайсыңбы! – чыдабай чаңырды Алмаш, – Элнура кайда деп жатам?!

– Элнура уктап жатат, эже. Коркпоңуз. Баары жакшы. Кечээ сиз кеткенден кийин бир аял-эркектер келишиптир...

– Анан?!


– Сизди сурашты. Дароо эле түшүндүм да: “Алмаш биздин эжебиз экени чын. Бирок дарегин билбейбиз. Өзү эле келип кетпесе, биз барбайбыз деле”, – дедим. Телефонуңузду сурады. Берген жокмун. “Шаарда ким менен турат?” – дейт. “Бир кыз багып алган, ошо менен турат,” – деп койдум. Антпесем, Элнураны менден жулуп кетеби деп корктум.

– ?.. – Алмаш унчукпай тунжурады.

– Эмне кылабыз, эже? – деди Акбермет санааркай.

– Элнураны алып кел! – күтүүсүз жерден ушинтти Алмаш.

– ?.. – Акбермет да селейди. Кыз эжесиники болгону менен, буту басканы Адан экөөнүн койнуна жатып, жан бирге болуп калышкан эле да.

– Акбермет, угуп жатасыңбы?! – деди Алмаш, – Кызымды алып азыр чыккыла!

– Макул... – аргасы түгөнгөндөй ушинтти Акбермет.
***
Жаны жай ала албай, бир жерге тынч отура албай койду Алмаш. Улам кайра саатты карап, улам кайра телефон чала берди:

– Элнурка, кызым! Келатасыңбы кагылайыным? Кай жерге жеттиңер?

– Апа, сиз эмне, ыйлап жатасызбы?

– Жок.


– Анда эмнеге үнүңүз башкача болуп атат?

– Сүйүнүп атпаймынбы, берекем.

– Мен келаткангабы?

– Ооба да.

– Мен да сүйүнүп жатам! Эми мен сиз менен жашаймбы?

– Сага ким менен жашаган жагат?

Элнура азга унчукпай калат. Сыягы эжеси менен жездесин таарынтып албайын деди го, көптө барып:
– Мага Ош да жагат. Бирок бала деген өзүнүн апасы менен жашаш керек да...– дейт.

– ?!.. – тамагына катуу бир нерсе кептеле түшкөндөй, Алмаш мукактана түшөт.

“Кара жаным! – дейт телефонду койгондон кийин, – Эстүүлүгүн карасаң... “Бала өзүнүн апасы менен жашаш керек...” деп, ошону ойлогонун кара. А бирок мен дан анын өз апасы эмесмин да?! Кокус аны билип алсачы?! Анда эмне болот?!.. Мен ага: “Апаң башка, мен эмес! Сени башка бирөө төрөгөн!” – деп кантип айтам?! Кызым кандай кабыл алат? Кандай акыбалда калат?! Каралдым, ай! Кенедей эт жүрөгү бырчаланып кетет го?! Кантем, анан?! Айтпай койсом, акыры башкадан угуп, куурайт го, балам?!..”
Узунду күнү кечке жалгыз гана ушуну ойлоп, жанчылып жатты.

– Мен сенсиз жашай албайм, кызым! – деди өзү менен өзү сүйлөшүп. – Сенден айрылган соң мага жашоонун кереги эмне?!..

Элнура эшиктен жаркылдап кирип келгенде да эс-учун жыя албай, дендароо турду Алмаш.

– Апа?! Апулям, менин! Мен келдим! – деп кучактап калганда гана кызынын жуп-жумшак чачтарынан ырахаттана жыттап, ошондон жанына кубат ала, кызынын бою менен бир болуп, чөк түшүп отура калып, көзүнүн жашын буурчактатып ыйлап ийди.

***
Элнураны шаардагы эң мыкты мектептердин бирине окууга киргизип, жанынан карыш жылбай, айланып-тегеренип жашап калды апасы. Анткен менен ага чындыкты айтыш оңойго турган жок. Көп ойлонду. Түйшөлдү. Бир күнү анан экөө кучакташып отурганда:

– Кызым, мен сага бир нерсе айтайынбы? – деди.

– Эмне? – суроолу карады Элнура. – Жомокпу?

– Мм... жомок.

– Эмне деген?

– “Апасы менен кызы” деген.

– Мен уктум беле же уга элекминби?

– Жок, уга элексиң.

– Анда айтыңыз?

– Илгери-илгери... бир аялдын жалгыз кызы болуптур...

– Биздей го?..

– Ооба. Анан... – апасы буйдала калат, – Жок, башынан айтайынчы, ээ?

...Илгери-илгери бир аял болуптур. Кичинекей кезинен жетим калып, аябай азап-тозок менен чоңоюптур. Ошого жараша бечара балалуу да болгон эмес экен... Бир күнү-бир күнү анан Кудайдын боору ооруп ага айдай сулуу, акылдуу, айтор бир кереметтей кыз бериптир...

– Кантип?

– Кантип дейсиңби?.. Ал мындайча болуптур. Ошол кезде көп кызы бар бир аял төрөптүр да, буркурап-боздоп ыйлап: “Кудай, мага дагы кыз бердиңби?! Мен сенден уул тилебедим беле!” – деп Жаратканга таарынып, кызын төрөт үйүнө таштап салып баса бериптир...

– Аа! – Элнура көзүн алайтып, таң калганынан ачылып калган оозун алаканы менен жаба салды, – Кантип?!

– Ошондой болуптур да, кызым. Анан Кудай ары ойлонуп, бери ойлонуп: “Буга баланын кереги жок болсо, анда аны ыйлап жүргөндөргө берейин!” – дейт да айлана-тегерегин кыдырата карайт дейт. Ошондо баягы бечара аялга көзү урунат. Байкуш аял Кудайдан беш маал бала тилеп, суранып отурган экен. Татынакай наристени анан так ошол аялга берет...

– Кантип?

– Доктурлардын эсине, акыл-туюмуна салат экен да... Алар анан: “Баланы балдар үйүнө бербей эле, баягы аялга бербейлиби”, – деп аялды чакыртышат. Ошентип бечара аял бул дүйнөдөгү эң бактылуу Эне болуп, кызы экөө жыргап жашап калышыптыр...

– Жакшы болуптур, ээ апа? Бирөө балалуу, бирөө апалуу болуп. Антпесе экөө тең куурамак да.

– Ооба.

– Анан эмне болуптур?



– Анан... кызы Акылкарачачтай акылдуу, Ай кызындай сулуу кыз болуп чоңоюптур. Бир күнү... бир күнү эле анан... – апасы унчукпай калат.

– Эмне болуптур анан?!

– Кыздын өз энеси анан бир күнү ойлонуп отуруп, качандыр кыз төрөгөнүн эстейт экен. “Чоң кыз болгондур? Кандай кыз болду экен? Коларага жарап калгандыр...” – деп өкүнөт экен да, издей баштайт экен. Баягы, өзү төрөгөн төрөт үйүнө барып, доктурларга жолугат. Сураштырат... Ошентип кызды таап келет экен да: “Сен менин кызымсың! Сени мен төрөгөм! Мен сени алып кетишим керек!” – дейт.

– А кызы эмне дейт?

– Билбейм, – ийнин куушуруп, улутунат апасы, – А сен кандай ойлойсуң? Кыз төрөгөн апасы менен кетиши керекпи?

Ойлонуп калат да:

– Кетпеши керек! – дейт чечкиндүү. Эненин жүрөгү “селт!” этет:

– Эмнеге? Анткени аны ошол аял төрөгөн да?..

– Бирок ал таштап кеткен да!

Апасы кызынын жообуна ыраазы болгондой бооруна кысып, карегине жаш кылгырат. Кызы ага суроолуу тигилет. Анткен менен Алмаш кызына чындыкты айта албай, андан кийин деле кыйнала берет. Эртеси, эртеси деле ушул эле жомок улана берет да, аягы суроолуу кала берет...

– Апа, – дейт бир күнү зээндүү кыз энесинин көздөрүнө тигиле, – Сиз эмнеге эле ушул жомокту дайыма айта бересиз?..

Бул суроонун артында өтө олуттуу бир түйшөлүү бар эле. Ошондо гана Алмаш чыдабай кетип, кызын кучактай калып, буркурап-боздоп ыйлап жиберет:

– Анткени... ошол экөө бизбиз, кызым!..

– Апа-а?! – алда нени шекшип, жүрөгү түпөйүл болгон кыз бакырып ыйлап жиберет, – Мен сенин эле кызыңмын, апа! Мени антип айтпачы, апа?!

– Кызым менин! Кагылайыным менин! Каралдым, жалгызым менин!.. Мага сенсиз бул жашоонун кереги да жок!..

– Мен сенден эч качан, эч кимге кетпейм апа! Ыйлабачы, макулбу?

– Макул, кызым... Макул!

– Мага андай апанын эч качан кереги жок! Мен жек көрөм аны!.. – ыйлап-ыйлап, эки ийнин солкулдатып улутунат да, чоң кишидей олуттуу унчугат, – Мен чоңойсом сот болом да, баласын таштаган энелерди соттойм!..


***
Бир күнү Элнура апасына сабагы бүтө электе эле телефон чалды:

– Апа, мени үйгө алып кетиңизчи?

Эмнегедир маанайы пас. Ыйлаган түрү бар.

– Эмне болду, кызым? – алеки саатта учуп жеткен апасынын жүрөгү “болк” этет.

– Эч нерсе, жөн эле чарчадым... – дейт кызы. А бирок ал апасын аяды. Төрөп, таштап кеткен өз апасынын бүгүн мектепке келип, жолугуп кеткенин айткан жок!

Алмаштын жүрөгү сезди аны! Көздөрү караңгылап, кулагы чуулдай түштү. Анткен менен ал да анысын билгизген жок. Себеби ал да кызын аяды. “Өзү айткыча унчукпай эле коёюн” – деди оюнда. Бирок эртең менен мугалимине жолукмай болду. Бирок ошого чейинки убакыт-саат оңой менен өтпөй жатты.

– Кызыңыз ушунчалык эстүү кыз экен. “Биз чыныгы атасы, апасы болобуз” деп келгендерди жанына жуутпай койду, – деди эртең менен мугалим.

“Мен силерди тааныбайм! Силер кимсиңер?!” – деди боюн ала качып.

“Мен сенин апаңмын, кызым! Сени мен төрөгөм,” – деди чоочун аял.

Элнура бадырайган көгүш көздөрү менен өзүнө куюп койгондой окшош аялды таң калгандай бир азга тиктеп турду да, чоң кишидей баш чайкады:

“Жок! Менин бир эле апам бар! Ал – мени багып-чоңойтуп жаткан апам! Анын менден башка эч кимиси жок! Жигити бар болчу, ал да келбей калган... А сиздин кыздарыңыз көп да. Ошон үчүн мени таштап кеткен турбайсызбы? –“ушундайбы?” дегендей өктөм, суроолуу карады.

– Кечир, кызым? Анда мен ооруп, эч нерсе билбей калыпмын...– деди аял.

– Ошондон бери эми айыктыңызбы?!

– ?..


– Мага экинчи келбегиле! Мен силерге эч качан, эч качан барбайм! – бурулуп басып кетти кыз. Тигилер болсо тепилдеп кетип бараткан кызды артынан карап, аңкайган боюнча кала беришти.

– Бул кызды силер эч качан ала албайсыңар! – деди ошондо кошо келген адвокат да, – Өтө кеч болуп калыптыр!..


***
Бир күнү эне-бала жатып алып сырдашып атышат:

– Кызым, алиги... сени төрөдүм деген аялдын кебетеси кандай экен? – дейт апасы.

– Мага окшош экен, – дейт Элнура такалбай туруп, – Эжейлер да ошентип айтышты.

– Анда сулуу аял турбайбы?

– Жок! – дейт кызы, – Адамдын жүзү эмес, жүрөгү сулуу болуш керек!

– А сага антип ким айтты?

– Эч ким. Өзүм ошентип ойлойм! – бурула калып апасын бекем кучактай калып өбөт, – Мен үчүн сизден өткөн сулуу аял жок! Эч жакта!... Атүгүл жомокто да!..

– Жаным, менин!

– Мен сизден бир нерсе сурасам болобу? – дейт анан кызы.

– Болот.


– Фархад байке эмнеге келбей калган? Мурда-мурда, мен каникулга келгенде бат-бат келчү эмес беле?

– Мм... – Алмаш эмне дээрин билбей, буйдала калат, – Колу бошобой жатса керек да, кызым. Айтмакчы, бая күнү ал жөнүндө айтпай эле койбопсуң да? Эмнеге айттың аларга?

– Оюмда турганын айтып алыпмын. Өзүм да байкабай калдым...

Тээ бир топтон кийин:

– Апа, – дейт кызы кайра, – Сиз ыйлап жатасыз го?

– ?..


– Эмнеге ыйлайсыз?

– Жөн эле, кызым. “Кызым болбосо жалгыз кантип жатат элем?” – деп ойлонуп кетипмин да...

Апасын кандайдыр кайгы-кападан, бардык жаман нерселерден калкалагысы келгендей, бекем кучактап алат кызы...

Ошол түнү Алмаш уктаган жок. Бөйтөйүп уктаган кызын кымтылап жаап коюп, терезеге туруп келди да, капкараңгы болуп, дүпүйүп уктаган шаарды карады. “Фархад! – деди терең улутунуп,– Менден анча деле алыс эмес аралыкта... береги бак-шактардын, кабат-кабат үйлөрдүн ары жагында... бейкам уктап жатсаң керек?.. Балким мени эчак эле унуткан чыгарсың?.. А менчи? Мен баары бир сени жек көрө албай койдум, жаным! Эмнегедир, сенсиз мен... мындан ары жашай албачудай сезилем!.. А бирок, анда кызым кантет?!.. Кызым куруп кетет го?!.. Ичинен сызып, ал да сенин келишиңди Кудайдан тилеп жүрөт. Менин жандүйнөм сен үчүн ооруп, сен үчүн жабыркаганын сезип алганын кара!..

Эсиңдеби, биз жолукчу ирмемдер? Эстейсиңби? А мен азырынча ошолордун деми, элеси менен гана жашап жүрөм...”

Көздөрүн жумуп, башын саал чалкалата, экөөнүн биринчи жолуккан күнүн эстеди.


***
Алмаштын машинасы ресторандын алдына келди. Бирок дароо түшүп келе албай, буйдалып отурду. Аңгыча кайдан-жайдан жанында ак көйнөкчөн, жакшынакай жаш жигит пайда боло калды да:

– Саламатсызбы, Алмаш эже сиз болосузбу? – деди эшикти ачып.

Алмаш аны бир “жалт” карап алып, кызыктай боло түштү. Бет алдында ал ойлогондон таптакыр башка эле бирөө турган! Кудум баласындай болгон, он жети-он сегиз жаштагы боз улан! Селейип ката түштү. Кайра бурулуп кетмек болду эле, Кудай жалгап:

– Эже, сизди ичте күтүп атат, – деди улан.

– Ким?!

Жигит ийнин куушурду:



– Бир байке.

Ошондо гана эсине келе, ресторанга кирди Алмаш. Официант жигит аны тээ жогору жактагы кызыл-тазыл гүлдөрдүн арасында үлпүлдөп шам күйүп турган столго баштап келатты.

Фархадды көрүп эле тааныды Алмаш. Акжуумал, чачын сыйда тараган, отуз-кырктын ортосундагы жакшынакай жигит аны көрүп эле ордунан шашып тура калды да, сууга салынган кызыл розаларды ала коюп, утурлай басты. Ошол сүрөт, ошол ирмем эч качан өчкүс болуп, Алмаштын карегинде жазылуу. Атүгүл ошондо ага бул көрүнүш, бул жолугушуу качандыр бир болуп өткөндөй, а бүгүн ал кайталанып жаткандай сезилген...

Аңгыча Алмаштын гана келишин күтүп тургандай, скрипканын коштоосунда жагымдуу, классикалык музыка ойноло баштады. Эмнегедир эки бети албырып, ысып-күйүп, атүгүл бакыттан башы айланып да кетти! Бирок өзүн-өзү кармап, бет алдында бактылуу күлүп келе жаткан жигиттен жүрөгүнүн ээсин, эчактан издеп, күтүп жүргөн эң жакынын көргөндөй, эс-мас эле...

“Ушунун баары жалган экен да?! – деп балбаалап ыйлап турду эми Алмаш, – Кантип?! Эгерде биздин сүйүү жалган болсо, анда бул жашоодо менин бар экеним да жалган!..”



1   2   3   4   5   6   7   8   9


©netref.ru 2017
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет