Ж. баласагын атындагы кыргыз мамлекеттик улуттук университети кыргыз тили жана адабиятын



жүктеу 0.85 Mb.
бет1/5
Дата15.04.2016
өлшемі0.85 Mb.
  1   2   3   4   5
:



КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА МАДАНИЯТ МИНИСТРЛИГИ
Ж.БАЛАСАГЫН АТЫНДАГЫ

КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТИ

КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫН

ОКУТУУНУН МЕТОДИКАСЫ КАФЕДРАСЫ

АКУНОВА А.Р.
ХI КЛАССТА ФРАЗЕОЛОГИЯНЫ

ОКУТУУНУН МЕТОДИКАСЫ

Орто мектептердин кыргыз тили жана адабияты

мугалимдери, жогорку окуу жайдын студенттери үчүн

БИШКЕК - 2004

УДК 372.8

ББК 74.261.4

Рецензенттер:

педагогика илимдеринин доктору,

профессор Осмонкулов А.;

педагогика илимдеринин кандидаты,

доцент Чыманов Ж.А.


Акунова Айнура Рысбековна

А - 44 ХI класста фразеологияны окутуунун методикасы.

Окуу - методикалык колдонмо. – Б.: Сүрөт басма салону, 2004.- 75 б.

ISBZ 9967-22-464-9

Бул методикалык колдонмо орто мектептерде кыргыз тилинин фразеологиясын окутууга арналат. Кыргыз тилчи мугалимдери, бүтүрүүчү студенттер үчүн бул бөлүмдү окутууга кошумча каражат катары колдонууга сунушталат.

А4306020200-04 ББК 74.261.4

УДК 372.8 ISBZ 9967-22-464-9


© ОсОО «Сүрөт басма салону»басма борбору, 2004

© Акунова А.Р., 2004


КИРИШҮҮ
Кыргыз тили фразеологизмдерге абдан бай. Көркөмдүк касиети таасирдүү,

элестүү болгон мындай сөздөр тилдин лексикалык составында өтө чеберчилик, устаттык менен кылымдан-кылымга өнүктүрүлүп, жеке сөздөргө караганда ой-пикирди таамай, курч жана образдуу кылып туюндуруучу баа жеткис каражат катарында колдонулуп келүүдө. Тээ атам замандарда эле ата-бабаларыбыз өз кептеринде мындай көркөм каражаттарды кеңири пайдаланып келишкен. Буга укумдан – тукумга мурас катары берилип келе жаткан элдик оoзеки чыгармалар күбө боло алат. Адамдардын кулк-мүнөзүн, кыял-жоругун, турмушка болгон көз карашты же жалпы эле адамдык ар кандай сапатты туюндурган тилибиздеги туруктуу сөз айкаштарынын, башкача айтканда фразеологизмдердин, эне тилибиздин казынасында өзүнүн жайлаган орду бар. Маселен, эч кимге кара санабаган, жамандык ишке барбаган, бирөөнүн бир нерсесине көз артпаган, жоош, момун адамдардын асыл сапатын; адилеттикти, бардыгына тең караган, калыстыкты таамай жана таасирдүү туюндуруш үчүн ала жипти аттабаган, кой оoзунан чөп албаган, кара кылды как жарган сыяктуу; эпчилдикти, кылдаттыкты, айлакерликти камырдан кыл суургандай, кара суудан каймак алуу, биттин ичегисине кан куйган деген сыяктуу; көрө албастык, ичи тарлык, өзүмчүлдүк, кыйкымчылдык сыяктуу жаман адаттарды ичине кара таруу айланбоо, өз көмөчүнө күл тартуу, жумурткадан кыр чыгаруу, кылдан кыйкым табуу, кылдан кыя бастырбоо сыяктуу фразеологизмдер менен туюндурсак, айтайын деген оюбуз ары таасирдүү, ары көркөм , ары образдуу да болот. Мындай сөздөрдү улам өсүп келе жаткан жаш муундарга үйрөтүүбүз керек.



Теманын актуалдуулугу. Мына ушундай көркөм сөз каражаттарды изилдей турган тил илиминин бир салаасы болгон фразеология бүгүнкү күнгө чейин методикалык жактан жеткилең изилденбей келе жатат. Фразеологиянын маселелерине арналган кыргыз тилинде практикалык жана теориялык багытта бир топ эле илимий - иликтөөлөр иштелди. Бирок фразеологизмдерди окутуунун методикасына арналган изилдөө иштери солгун жүрүп жатат. Мектептерде болуп мугалимдердин фразеологияны окутуу жөнүндө ой-пикирлерин билүү үчүн анкета жүргүзгөнүбүздө, бул темага байланыштуу методикалык эмгектердин жетишсиздигин, кошумча каражаттардын аздыгын билдиришти. Ушул мезгилге чейин фразеологияны мектепте окутууга байланыштуу (газета-журналдык макалалардан сырткары) Р.Эгембердиевдин «ХI класста фразеологияны окутуу» деген мугалимдер үчүн методикалык колдонмосунан башка колго аларлык эмгек жоккко эсе.

Бул эмгекти жазууда алдыбызга төмөндөгүдөй максат жана милдеттерди койдук:

1. Кыргыз тилиндеги фразеологизмдердин изилденишин жана аларды мектептерде окутуу тарыхын иликтөө;

2. Учурда колдонулуп жаткан окуу программасына, окуу китебине ылайыктап, XI класста фразеологияны окутууга арналган сабактардын үлгүлөрүн иштеп чыгуу (көбүнчө стандарттык эмес сабактарды);

3. Мектепте фразеологияны окутууга арналган кошумча каражаттарды: таблицаларды, кошумча көнүгүүлөрдү түзүү.

Бул иш 2 бөлүмдөн турат. I бөлүм «Кыргыз тилиндеги фразеологизмдердин изилдениши жана аларды мектептерде окутуу тарыхынан» деп аталат да, 2 теманы камтыйт:



  1. Кыргыз тилиндеги фразеологизмдердин изилдениши;

  2. Окуу программаларында жана окуу китептеринде фразеологияны окутуунун берилиши.

II бөлүм «ХI класста фразеологияны окутуу» деп аталып, 3 теманы камтыйт. Алар:

  1. Фразеологизмдердин мүнөздүү белгилерин жана түрлөрүн окутуу;

  2. Фразеологизмдердин кепте колдонулуштарын окутуу;

  3. Фразеологияны окутууга байланыштуу кошумча каражаттар. Иштин аягында бул темага байланыштуу жаңыдан иштелип чыккан көнүгүүлөр, таблицалар, пайдаланылган адабияттардын тизмеси берилди.


I БӨЛҮМ
КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕГИ ФРАЗЕОЛОГИЗМДЕРДИН ИЗИЛДЕНИШИ ЖАНА АЛАРДЫ МЕКТЕПТЕРДЕ ОКУТУУ ТАРЫХЫНАН


  1. Кыргыз тилиндеги фразеологизмдердин изилдениши.

Кыргыз тили фразеологизмдерге абдан бай. Тээ илгертен эле ата-бабаларыбыз кептеринде уюткулуу накыл сөздөрдү, макал-лакаптарды кеңири колдонушкан. Укумдан-тукумга оoзеки түрдө айтылып, мурас катары бизге жеткен элдик чыгармалар буга күбө боло алат. Бирок бул өзүнчө бир көркөм каражат болуп кылымдар бою жашап келе жаткан тилибиздин бул катмарына илимий жактан кыргыз тил илиминде 50-жылдарга чейин атайын изилдөөлөр жүргүзүлгөн эмес.

Фразеология советтик тил илиминде өз алдынча лингвистикалык тармак катары ХХ кылымдын 40-50-жылдары калыптанган. Фразеологизмдерди тактоодо, классификациялоодо, тилден алган ордун белгилөөдө орус окмуштуулары өзгөчө ийгиликтерге жетишкен. В.В.Виноградовдун «Основные понятие русской фразеологии, как лингвистической дисциплины»1 деген эмгеги орус тилиндеги фразеологизмдерди изилдөөгө негиз салып, башка тилдердеги мындай сөздөрдү изилдөөдө жана классификациялоодо кеңири пайдаланылып келе жатат.

Фразеологизмдерди изилдөө иши ошол мезгилден тартып көптөгөн окумуштуулардын колдоосуна алынып, Б.А.Ларин2, В.Л.Архангельский3, И.Ожегов4, А.М.Бабкин5, Н.М.Шанский1, А.И.Молотков2 сыяктуу ондогон окумуштуулар тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр тил илиминин өнүгүшүнө чоң салым кошту. Ошентип, биздин кылымдын 40-жылдары фразеология тил илиминин бир бөлүгү катары таанылып, изилдөө объектилери белгиленип, ага байланыштуу илимий иштер кеңири кулач жайды.

Түркологиянын тарыхында мындай изилдөөлөр алгачкы жолу С.Кенесбаев тарабынан жүргүзүлгөн. Анын «Казак тилинин тыянактуу сөз тиркештери»,«Казак тилинин идиомалары менен фразалары тууралуу»3 деген эмгектери фразеологизмдерге арналган баалуу эмгектерден болуп калды.

Өзбек тилчиси Ш.У. Рахматуллаевдин «Азыркы өзбек тилиндеги этиштик фразеологиялык бирдиктердин грамматикалык жасалуу өзгөчөлүктөрү»4 деген темада коргогон кандидаттык диссертациясы - түрк тилдериндеги фразеологизмдердин грамматикалык өзгөчөлүктөрү менен семантикалык структурасын изилдөө иштерине жол салган эмгек болуп саналат.

Тил илиминде фразеологизмдерди изилдөө иштеринин актуалдуулугу жөнүндө 1959-жылы 15-18-сентябрда Навои атындагы Өзбек мамлекеттик университетинин тил кафедрасынын демилгеси менен эл аралык конференция уюштурулуп, Самаркандда өткөн. Ал түрк тилдериндеги фразеология маселелерине гана арналбастан, жалпы эле тил илиминдеги такталууга, талкууга муктаж болгон фразеологиянын изилденишин кызуу талкууга алган. 3 секция боюнча (орус тилинин фразеологиясы, түрк тилдеринин фразеологиясы, роман-герман жана иран тилдеринин фразеологиясы) 36 доклад жана маалымдоолор окулган. Катышуучулар ошол кездеги актуалдуу болгон фразеологизмдердин составы жана чеги; фразеологиялык түрмөктүн эркин сөз тизмегинен, татаал сөздөн, туруктуу метафоралык сөз тизмегинен айырмасын тактоо; фразеологизмдердин лексика - семантикалык жана грамматикалык түзүлүшүнүн табиятын таануу сыяктуу маселелерге өзгөчө көңүл бурушкан. А.Тихонов: «Конференция помогла наметить основной путь и направление по которым должна вестись работа над фразеологией в ближайшие годы»1 , - деп белгилегендей, конференция фразеология боюнча илимий иштер системалуу жана үзгүлтүксүз жүргүзүлүүгө тийиш экендигин көрсөткөн. Анын материалдары «Вопросы фразеологии» деп өзүнчө жыйнак болуп чыгып, ага С.Н. Муратовдун «Түрк тилдериндеги туруктуу сөз тизмектери»2 деген доклады кирген.

Андан бери түркологияда фразеологияга арналган теориялык жана методикалык көптөгөн эмгектер иштелди жана иштелип жатат. Мисалы: Алмамедов А. «Двухкомпонентные глагольные номинативные фразеологические единицы в современных английском и туркменском языках» (Ашхабад, 1982), Мамедова К.А. «Фразеологическая синонимизация в современном азербайджанском литературном языке» (Баку, 1983), Таева Р.М. «Фразеологические единицы типа «определение плюс определяемое» в современном казахском языке» (Алмата, 1983), Юлдашева Р.Ж. «Принципы составления и пути использования учебного двуязычного фразеологического словаря идеографического характера» (Ташкент, 1985), Сопиев З.Т. «Фразеологическая работа на уроках русского

языка в национальной школе с углубленным изучением предмета» (Душанбе, 1988), Ахметжанова Ф.Р. «Фразеологические единицы типа «относительное прилагательное плюс существительное» в казахском языке» (Алмата, 1988), Аллахвердиева Э.М. «Лексикографическая и структурно-семантическая эквивалентность в художественном переводе ( на основе переводов романов А.М.Горького) на азербайжанском языке» (Баку, 1987), Джапарбекова С.А. «Фразеология в двуязычных словарях» (Алмaта, 1990) ж.б.у.с. кандидаттык диссертацияларды атоого болот.

Эми кыргыз тилиндеги фразеологизмдердин изилденишине токтолсок.

Фразеологизмдер өзүнчө илимий талдоого алынбаса да, практикалык жактан изилденип келген. К.К.Юдахиндин 1940-жылы жарык көргөн «Кыргызча – орусча сөздүгүндө»1 фразеологизмдер кеңири кездешет жана алар башка сөз каражаттарынан айырмаланып, ромб белгиси менен белгиленген. Автор китептин баш сөзүндө: «В словаре богато представлен иллюстративный материал: пословицы, поговорки, устойчивые словосочетания, идиоматика, отдельные фразы и цитаты из произведении»2,- деп жазат. Сөздүк толукталып, 1965-жылы 2-жолку басылышында фразеологизмдердин саны дагы көбөйгөн.

Тилдеги сөздөрдүн лексикалык, семантикалык, стилдик нормасын белгилеген «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүндө»3 да фразеологизмдер бир кыйла берилген.А.Жапаров «Азыркы адабий кыргыз тилиндеги сөз айкаштарынын грамматикалык структурасы»4 деген эмгегинде фразеологизмдердин сүйлөмдөгү синтаксисттик функциясына кыскача токтолгон.

Кыргыз тилчилеринен фразеологизмдерди атайы изилдөөгө биринчи жолу аракет кылган окумуштуу Ж.Шүкүров болгон. Анын «Кыргыз тилиндеги фразеологиялык айкалыштар жөнүндө»5 деген макаласы фразеологизмдерге арналган кыргыз тилиндеги алгачкы эмгек болуп саналат. Бул макалада автор фразеологизмдердин туруктуу сөз тизмектеринин башка түрлөрүнөн (макал-лакаптардан, татаал сөздөрдөн) айырмалануучу белгилерин аныктап, фразеологиялык айкалыштардын түзүлүү жолдоруна көбүрөөк токтолуп, бир макала менен кыргыз тилиндеги фразеология маселесин камтуу мүмкүн эместигин, фразеологиялык айкалыштардын бардык маселелерин толук жана терең чечүү үчүн эң зор изилдөө жүргүзүү керектигин, ушул мезгилге чейин бул сөздөрдү изилдөөгө арналган эмгектер жоктугун, кыргыз тилиндеги фразеологизмдерди топтоо, классификациялоо, өздөштүрүү сыяктуу иштер тилчилер үчүн негизги маселелердин бири экендигин баса белгилеген.

Андан бери көптөгөн жылдар өттү. Фразеология - тилдеги өзгөчө көркөм сөз каражаттары болгон туруктуу сөз айкаштарын изилдей турган тил илиминин өзүнчө бир бөлүмүнө айланды. Изилдей турган объектиси - тилдеги фразеологизмдер боло тургандыгы такталды. Жалпы тил илиминде да, түркологияда да (анын ичинде кыргыз тилинде) илимий иштер иштелип, көптөгөн макалалар жарык көрдү. Фразеологизмдер ар тараптан иликтөөгө алынды.

Кыргыз тилинде фразеологизмдерге байланыштуу изилдөө иштери Ж.Шүкүровдун аталган макаласынан кийин дымып калган. 60-жылдардын аягында гана Ж.Осмонованын демилгеси менен бул изилдөөлөр кайра жанданды. Анын фразеологизмдердин бир бөлүгү болгон идиомаларды изилдөө иштерине арналган «Идиомалардын макал-лакап менен карым-катышы»1, «Кыргыз тилиндеги идиомалар жөнүндө»2, «Идиомалардын лексикалык

варианттары»3, «Идиомалардын синонимдери жөнүндө»4 жана башка макалалары биринин артынан бири жарык көрөт. «Кыргыз тилиндеги идиомалар» деген темада кандидаттык диссертациясы (кыргыз тилинин фразеологизмдерине арналган алгачкы диссертация) корголуп, 1972-жылы «Кыргыз тилиндеги идиомалар»5 аттуу монографиялык эмгеги басылып чыгат. Ж.Осмонованын эмгектери фразеологизмдерди теориялык планда изилдеп, өзүнүн так, даана корутундулары менен идиомалардын табиятын так ачып бергендиги менен баалуу.

Ж. Мамытовдун «Кыргыз тилинин фразеологиясы»1 А.Сапарбаевдин «Метафора менен фразеологиялык синонимдердин катышы»2, Ж.Мукамбаевдин «Идиомалар, учкул сөздөр»3, Б.Суранчиеванын «Фразеологиялык синонимдер»4 деген макалалары жарык көрүп, алар негизинен кыргыз тилиндеги фразеологизмдердин түрлөрү, алардын лексикa—семантикалык табияты, башка тилдик сөз каражаттарынан өзгөчөлүгү сыяктуу маселелердин тегерегинде изилдешип, атайын кыргыз тил жана адабият мугалимдери үчүн теориялык жактан жардам катары жарыяланган материалдар болгон.

Кыргыз тил илиминде фразеологизмдерди теориялык жактан да, методикалык жактан да кеңири иликтөөгө алган окумуштуу Р.Эгембердиев болду. Анын «Фразеология - тил илиминин бир бөлүгү»5, «Өнөр алды - кызыл тил»6 деген макалалары жалпы тил илиминде (анын ичинде кыргыз тилинде) фразеологизмдердин изилденишине, айрым фразеологизмдердин маанисин чечмелөөгө арналса, ал эми «Манас» эпосундагы фразеологизмдер»7 деген макаласында эпосто кеңири кездешкен бул сөздөрдү колдонуудагы стилдик жактан өзгөчөлүктөрү такталган. Ушул теманы терең изилдөө менен Р.Эгембердиев 1979-жылы «Манас» эпосундагы фразеологизмдер» деген кандидаттык диссертациясын коргойт. Бул эмгек элдик оoзеки чыгармаларда, көркөм адабиятта фразеологизмдерди колдонуудагы өзгөчөлүктөрдү иликтөөчүлөр үчүн салынган чыйыр болду десек болот. Анткени башка элдерде бул темага байланыштуу бир топ эле эмгектер бар. Алсак, Вирясова Л.С. «Фразеологизмы в произведениях М.А.Шолохова (Самарканд, 1960), Григорьеса А.Д. «Фразеология поэта Пушкина» (Москва, 1969), Гусеинов С.С. «Лексика и фразеология в произведениях Гасумбека Закира» (Баку, 1973), Каххарова Х.А. «Фразеология Абдуллы Кадыри» (Ташкент, 1985), Мамедов Забит Теймур оглы «Лексика и фразеология рассказов Сулеймана Сани Ахундова» (Баку, 1983), Гусимова Г. «Фразеологизмы в казахском эпосе» (Алмата, 1991) ж.б. Бул багытта кыргыз тил илиминде жогорудагы Р.Эгембердиевдин эмгегинен сырткары Ж.Мукамбаевдин «В.И.Лениндин чыгармаларындагы фразеологиялык байлыктар»1 деген макаласы жарык көргөн.

80-жылдары фразеологизмдердин мүнөздүү белгилеринин бири болгон - эмоционалдык –экспрессивдүүлүк касиетин иликтөө иштери А.П.Назаров тарабынан жүргүзүлдү. Анын «Кыргыз тилиндеги фразеологизмдердин маанисин күчөтүүнүн жолдору»2, «Фразеологизмдердин арасына сөз же сөз айкашын кыстаруу»3 , «Фразеологизмдердин натыйжалуулугун жогорулатуучу ыкмалар»4, «Фразеологизмдер, алардын иденфикаторлорунун стилдик максатта катар колдонулушу»5 сыяктуу макалалары фразеологизмдердин маанисин күчөтүүнүн жолдорун илимий түрдө изилдеген эмгектерден. Көп жылдык изилдөөлөрдүн натыйжасы болгон «Художественно-функциональные основы экспрессивности фразеологических единиц» деген темадагы кандидаттык диссертациясын 1985-жылы коргогон.

Кыргыз лексикографиясында фразеологизмдерди иликтөө иши улантылып, 1980-жылы «Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү», 1990-жылы Э.Абдулдаев, К.Сейдакматовдор тарабынан мектеп окуучулары үчүн «Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү» жарык көрүп, окуучулар, студенттер, тил жана адабият мугалимдери, илимий изилдөөчүлөр, дегеле жалпы калайык-калк үчүн керектүү китептерден болуп калды десек болот (Бул сөздүктөргө кеңирирээк 2-бөлүмдө токтолобуз).

Кыргыз тилиндеги фразеологизмдерди теориялык, практикалык жактан иликтөөгө арналган бир топ иштер иштелди. Ал эми фразеологияны мектептерде, окуу жайларда окутууга байланыштуу методикалык изилдөө иштери солгун журуп жатат. Мындай эмгектерди атасак: Ж.Мукамбаев, А.Осмонкулов «Азыркы кыргыз тили» (методикалык көрсөтмөлөр жана көнүгүүлөр жыйнагы)1, Ж.А.Чыманов «Орто мектептерде фразеологизмдерди окутуунун айрым маселелери»2 , «Сөз маданияты жана фразеология»3, А.Калдымолдоева «Сөз айкаштарын окутуу боюнча методикалык колдонмо» (3-5- курстун студенттери үчүн4,Р.Токсоналиева «Эсептик маанидеги фразеолгизмдер»5, Р.Эгембердиев «IХ класста фразеологизмдерди окутуунун өзгөчөлүктөрү»6 , «Фразеология» ( 6-класста фразеологияны окутуу)7 , 1992-жылы жарык көргөн «Фразеологияны ХI класста окутуу» (мугалимдер үчүн методикалык колдонмо).

Ж.Мукамбаев, А.Осмонкуловдун «Азыркы кыргыз тилинде» «Кыргыз тилинин фразеологиясы» деп өзүнчө бөлүм берилип, анда эркин жана туруктуу сөз айкаштарынын айырмасы, фразеологизмдердин бөлүнүштөрү, алардын изилдениши жөнүндө кыскача айтылып, ар түрдүү он чакты көнүгүүлөр берилген.

А.Калдымолдоеванын «Сөз айкаштарын окутуу боюнча методикалык колдонмосунда» эркин сөз айкашынан айырмаланып, туруктуу сөз айкашы сүйлөмдө бир гана сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткара тургандыгы, фразеологизмдер синтаксистин изилдөө обьектиси боло албастыгы жөнүндө айтылып, мисалдар келтирилген.

Жогоруда аталган эки эмгек ЖОЖдун студенттерине арналган. Ал эми «Эсептик маанидеги фразеологизмдер» деген макалада Р.Токсоналиева мектепте кыргыз тили сабагында сан атоочту өткөндө «бир тыйынга татыбаган; бирди көрсөтүү; эки колун мурунга тыгуу; үч уктаса түшүнө кирбеген; төрт тарабы кыбыла; беш өрдөгүн учуруу» сыяктуу сан атоочтор катышкан фразеологизмдерди колдонуп өтүү менен окуучуларды сабакка кызыктырып, кругозорун өстүрүп, кыргыз тилинин көрктүүлүгүнө, коoздугуна көңүлдөрүн бурдурууну сунуш кылат.

Мектептерде атайын фразеология бөлүмүн 6-11- класстарында окутуу боюнча Р.Эгембердиевдин эмгектери колдоого татыктуу. Окуу программасында бөлүнгөн сааттар боюнча сабактарды өтүү ыкмалары теориялык жактан баалуу маалыматтары, методикалык сунуштары менен азыркы учурда мектеп мугалимдери үчүн пайдалуу эмгектерден болуп кызмат өтөөдө. Бирок окуу программасынын өзгөрүшү менен бул эмгектердин айрым бөлүктөрү оңдоолорго жана толуктоолорго муктаж. (11-класска арналган методикалык эмгекке 2-бөлүмдө токтолобуз).

Ж.А.Чымановдун «Орто мектептерде фразеологизмдерди окутуунун айрым маселелери» деген илимий-практикалык конференцияда жасаган докладында мугалимдердин фразеологияны окутуудагы милдеттерине жана окуу китептеринде бул бөлүмдүн үстүртөдөн жана кыска берилгендигинен дуушар болуп жаткан кыйынчылыктарына токтолгон. «Сөз маданияты жана фразеология» деген макаласында окуучулардын речтеринде фразеологизмдерди туура колдонууга үйрөтүү керектигин баса белгилеп, мугалимдерге фразеологизмдердин мүнөздүү белгилери жөнүндө теориялык маалыматтарды берүүнү максат кылган.

Окумуштуу Р.Эгембердиев фразеологиянын өнүгүшү жана изилдениши жөнүндө мындай дейт: «Фразеология –как наука систематически развивается, идет от ступени к ступени, углубляется и расширяется. Так если 40-годы нашего столетия определялись семантические особенности фразеологии, и в этом направлении шла их классификация, то в 50-е годы внимание исследований привлекла сфера употребления в художественной литературе и уточнялись специфические отличие фразеологизмов от других языковых единиц, начиная с 60-годы глубокому изучению подверглись морфологические, синтаксистические особенности фразеологизмов, а сама фразеология, еще более упрочила свое положение, как важная и самостоятельная отрасль языкознания»1.

Жыйынтыктап айтканда, кыргыз тилинин фразеологиясында толук изилдене элек, колго алынбаган маселелер боюнча теориялык, практикалык, методикалык жактан илимий иштерди жүргүзүү - келечектин иши.


1.2.Окуу программаларында жана окуу китептеринде фразеологияны окутуунун берилиши.

Фразеологиянын материалдарын камтыган мектептер үчүн алгачкы окуу китеби – С.Кудайбергенов, Ы.Жакыпов, М.Мураталиевдер жазган VIII-Х класстар үчүн «Кыргыз тили»2. Китептин баш сөзүндө авторлор: «Кыргыз орто мектептеринин VIII-Х класстар үчүн мындан мурун тил боюнча окуу китеби болбогон. Бул класстар мурда V-VII класстардын жана педагогикалык окуу жайлар үчүн түзүлгөн грамматика3 менен окутулуп келген»4 дешет. Фразеология бөлүмү С.Кудайбергенов тарабынан жазылып, ага лексиканын материалдарынан кийин орун берилген. Негизинен окуучуларга фразеологизмдер жөнүндө кыскача түшүнүк берүү менен чектелген. Ошол кездеги кыргыз тил илиминдеги (дегеле тил илими боюнча фразеология маселелеринин тактала электигине байланыштуу) фразеологизмдерди изилдөө иштери жаңыдан жүргүзүлүп жаткандыгын эске алсак, китептеги терминдердин, айрым маалыматтардын туура эместиги кечиримдүү болот деген ойдобуз. Мисалы, фразеологизмдерге берилген аныктама: «Мааниси жагынан биримдикти түзүүчү сөздөрдүн туруктуу айкашуулары фразеология деп аталат»1 («фразеология» менен «фразеологизм» деген терминдердин айырмасы). «Фразеологиялык айкашууга идиома, макалдар жана лакаптар да кирет»2 деп берилет. «Фразеологизм» делбестен «фразеологиялык туруктуу айкалышуу» деп аталып, ал тилге эмоционалдык көркөмдүк берээри, көбүнчө өтмө мааниде болоору, сүйлөмдө 1 мүчөнүн кызматын аткараары, башка тилге сөзмө – сөз которулбастыгы белгиленип, «бармак басты, көз кысты; шагы сынуу; ыргыткан ташы өргө кулоо; кой терисин жамынган; эшек талкалоо; союп каптагандай; кур алакан; жапа тырмак» деген фразеологизмдер берилип, айрымдарына Т.Сыдыкбековдун чыгармаларынан мисалдар келтирилген, көнүгүүлөр берилген эмес.

1958-жылы түзүлгөн эне тилинин программасында VIII класска фразеологияны окутууга 1 саат бөлүнүп, жогоруда аталган китеп менен окутулган. Бул программа 1966-жылга чейин колдонулган. 1967-жылы «Жалпы орто билим берүүчү мектептердин иштерин мындан ары да жакшыртуу чаралары жөнүндө» кабыл алынган токтомго ылайык «Орто мектептин IV-Х класстары үчүн кыргыз тилинин программасынын» долбоору 1968-жылы бекитилип, анда фразеология өзүнчө бөлүм болуп берилбестен, 4-класста лексиканы окутууга 8 саат бөлүнүп, анын 1 сааты туруктуу сөз тизмектери жөнүндө түшүнүк берүүгө багытталган.3

1971-1972- окуу жылы үчүн 8 жылдык жана орто мектептер үчүн кыргыз тилинин жана адабиятынын жаны программасы иштелип чыгат. Фразеологизмдерди окутууга эми IХ класстын «Сөз маданияты жана стилистика» бөлүмүндө 2 сааттык убакыт бөлүнгөн.4 Бул материалдар А.Жапаров, Б.Орузбаева, Э.Абдулдаевдер түзгөн «Кыргыз тили»1 окуу китебинде берилип, «Сөз маданияты жана стилистика» бөлүмүн Э.Абдулдаев жазган. 1971 - жылы жарык көргөн бул китептин 4-басылышы жаңы программанын негизинде түзүлсө да, фразеология боюнча берилген материалдар 2 сааттык сабак үчүн аздык кылат. Ушундай пикирди билдирген Р.Эгембердиевдин «IХ класста фразеологизмдерди окутуунун өзгөчөлүктөрү»2 деген макаласы «Манас» эпосунда кездешкен фразеологизмдерди талдоо менен мугалимдер үчүн кошумча каражат болгон.

Окуу китебинин «Синтаксис жана пунктуация» бөлүмүн жазган А.Жапаров «Эркин сөз тизмеги жана туруктуу сөз тизмеги»3 деген темада да фразеологиялык сөз айкаштарга кыскача токтолгон.

1980-жылы түзүлгөн программанын долбоорунда фразеология 5 - класста окутулуп, «Лексика жана фразеологияга» жалпысынан 8 саат бөлүнүп, анын 1 сааты фразеология жөнүндө түшүнүк берүүгө арналган. Программада 1-жолу сабакты башка предметтер менен байланышта өтүүгө көрсөтмөлөр берилген. «Лексика жана фразеология» бөлүмүн өтүүдө предмет аралык байланышта адабият сабагы менен тыгыз байланышта өтүү, башкача айтканда, көркөм чыгармалардан туруктуу сөз айкаштарын жана эскирген сөздөр, аллегорияларды табуу менен байланышты ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү белгиленген. Фразеология боюнча билим алууда V класстын окуучуларына коюлган талап катары «фразеология боюнча жөнөкөй түшүнүктү билүүгө тийиш»4деген көрсөтмө болгон.

«… долбоор мектептерде, ЖОЖдордо, илимий-изилдөө институтунда кеңири талкууланып, айрым сын-пикирлер газета-журналдарга жазылгандан кийин Кыргыз ССРнин элге билим берүү министрлигинин алдында түзүлгөн комиссия тарабынан кайрадан каралып, илимий-теориялык, методикалык жана дидактикалык жактан алымча-кошумчаларды киргизүү менен андан ары өркүндөтүлдү»1. Ошентип, өркүндөтүлүп түзүлгөн 1983- жылкы программанын долбоордон айырмачылыгы- фразеологияны өздөштүрүүгө окуучуларга коюлган талаптардын тереңдеши, тактап айтсак «фразеологизмдерди колдонуудагы бөтөнчүлүктөрүн ача билүү; айрым сөздөрдүн синонимдери менен катары колдонулушуна мисал табууга жетишүү»2 керек болгондугунда..

Бирок, бул талаптарга жооп бергидей ошол мезгилде колдонулган Д.Исаев , С.Кудайбергенов, С.Үсөналиевдердин «Кыргыз тили»3 окуу китебинде фразеологияга байланыштуу материалдар берилген эмес. Мындай программа менен окуу китебинин ортосундагы дал келбөөчүлүктөр фразеологияны окутууда мугалимдер үчүн тоскоолдуктарды туудурган.

Мектеп реформасынын талаптарына ылайык эне тилди ар тараптан тереңдетип окутууну максат кылган 1987-жылы түзүлгөн «Кыргыз тили жана адабиятынын программасынын» (VI класстар үчүн) долбоору С.Давлетов, А.Иманов, Д.Шералиев, А.Кайбылдаев жана окумуштуулар, методисттер, мугалимдердин пикирлери менен түзүлүп, 1988-жылы бекитилген. Программада көпкө чейин өз ордун ээлей албай келген тил илиминин бир салаасы болгон фразеологияга атайын көңүл бурулуп, ал жөнүндө алгачкы маалымат 6-класста берилип, жалпысынан «Лексика менен фразеология» бөлүмүнө 10 саат бөлүнүп, анын 2-3 сааты фразеологияны окутууга ыйгарылган. Алар: «Фразеология жөнүндө жалпы түшүнүк» (1 саат), «Фразеологизмдердин сүйлөм мүчөсү катары милдет аткарышы» (1 саат), сөз маданияты боюнча: «Фразеологизмдерди колдоно билүү, фразеологиялык сөздуктүн жардамы менен фразеологизмдердин маанисин, түзүлүшүн тактап үйрөнүү» (1 саат)4.

Фразеологияны окутуу 10-11-класстарда улантылат. 10-класста «Лексика жана фразеологияга» 4 саат бөлүнүп окуучулар фразеологизмдердин, мүнөздүү белгилери, татаал сөздөр, эркин сөз айкаштары, макал-лакаптар менен карым - катышын үйрөнүшүп, аларды ар түрдүү стилдерде колдоно билүүгө жетишүү сыяктуу билимдерге ээ болушат.

11-класста фразеология өзүнчө бөлүм катары берилет. Ага 6 саат убакыт каралат. Ал сааттар:

Фразеологизмдин өз ара бөлүнүшү:

а) идиомалар;

б) фразеологиялык айкаш.

Сөз маданияты боюнча фразеологизмдерди речте колдонуу:


  1. өзгөртүүсүз колдонуу;

  2. өзгөртүү менен колдонуу;

  3. жарыш колдонуу.

Жогоркудай колдонуудан чыккан натыйжалар, фразеологизмдердин сөз менен синонимдик катышты түзүшү, алардын кошумча маанилериндеги өзгөчөлүктөр деген темаларга бөлүштүрүлүп, окуучулардын төмөнкүдөй натыйжаларга жетишүүсү керектиги көрсөтүлгөн: «Фразеологизмдердин түрлөрүн айырмалай билүүсү, фразеологизмдердин речте колдонууларын сергектик менен байкоо, өз речтеринде фразеологизмдерди орундуу пайдаланууга умтулуу».

Эми бул материалдар окуу китептеринде кандай чагылдырылганына токтолсок.

Мурдатан колдонулуп келген Д.Исаев, С.Кудайбергенов, С.Үсөналиевдердин «Кыргыз тили» окуу китеби программанын негизинде оңдолуп, толукталып 1986-жылы 6 – жолу басылып чыгат. Фразеология бөлүмүнө программага ылайык лексиканын материалдарынан кийин орун берилген.

§ 30та фразеология жөнүндө түшүнүк берилет да, 3-4 көнүгүү сунуш кылынган. Көнүгүүлөрдүн саны бир аз көбөйсө да, окуу китеп программадагы материалдарды толук камтыган эмес. Фразеологизмдерге берилген аныктама мурдагы окуу китептериндеги аныктамаларга караганда: «Составындагы сөздөр өздөрүнүн түздөн-түз маанисинен алыстоо менен бирге ажырагыс бир бүтүнгө беригип, ой пикирди курч, элестүү түрдө билдирүүчү туруктуу сөз айкаштары фразеологизмдер же фразеологиялык айкалыштар деп аталат» деп такталган.

Ал эми фразеологизмдердин бир сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткарышы тууралуу эч кандай маалымат жок, көнүгүүлөр жетишсиз. Ушул сыяктуу өксүктөрдү толтуруу максатында Р.Эгембердиев 6-класста фразеологияны окутууга арналган 3 сабактын план конспектисин иштеп чыгып, «Аны ар бир мугалим өзү тарабынан жыйналган материалдар менен толуктап, зарыл деп эсептелген жерлерине алымча-кошумча киргизип, чыгармачылык менен окутушу керек»1 деп эскертет. Азыркы мезгилге чейин 6-класста фразеологияны окутууну мугалимдер өздөрүнүн чыгармачылыгы менен жүргүзүүдө, себеби, мектептерде жогорку биз көрсөткөн окуу китеп колдонулууда (акыркы жолу 1990-жылы басылган).

10-класста Э.Абдулдаев, А.Турсуновдун ошол кезде окутулуп жаткан IХ-Х класстар үчүн «Кыргыз тили» окуу китебинин 11-басылышында (1988-ж.) фразеология жөнүндө эч кандай маалымат жок. Бул кемчилик 1991-жылы А.Сапарбаев, С.Өмуралиева, Р.Эгембердиев тарабынан түзүлгөн Х-ХI класстар үчүн «Кыргыз тил» окуу китебинин жарык көрүшү менен жоюлду десек болот. Баш сөздө: «Мурдагы окуу китебине айырмаланып, мында жаңы бөлүмдөргө, кээ бир темаларга, окуучулардын өз алдынча ой жүгүртө билүү жөндөмдүүлүгүн арттыруу, тил каражаттарынын таасирдүүлүгүн , образдуулугун терең өздөштүрүү максатын көздөгөн практикалык иштерге көп орун берилди. Мисалы, «Фразеология», «Кыргыз тилинин советтик доордо өнүгүшү» деген темалар окуу китебине жаңыдан киргизилди»2 деп жазышкан.

«Фразеология» бөлүмүн Р.Эгембердиев даярдаган, өзүнүн илимий иштерин ушул темага байланыштуу алып жүргөндүктөн, окуу китебинде бул бөлүм программага толук жооп берип, так, кенен, кызыктуу берилген. Алгач фразеология боюнча жалпы түшүнүк берилет. Андан кийин фразеологизмдердин мүнөздүү белгилери, өз ара бөлүнүшү, фразеологиялык бирдик, идиомалар, фразеологиялык айкаштар, макал-лакаптар менен карым-катышы, речте колдонулушу, жарыш колдонуу, сөз менен синонимдик катышты түзүшү, алардын кошумча маанилериндеги өзгөчөлүктөр, предмет аралык байланыш деген темалар өз алдынча берилип, билим берүүчүлүк, өркүндөтүүчүлүк жана тарбиялык маанилери терең бир топ көнүгүүлөр берилген. Аныктамалар, кортундулар кыска, так жана жеңил берилген. Бул окуу китеп 1993-жылы 2-жолу оңдоолор, толуктоолор менен басылып чыккан. Жыл аягында «Фразеология» бөлүмүнүн кайталоо үчүн суроолор жана бышыктоо үчүн ар түрдүү көнүгүүлөр берилген.1 (Бул иштин 2-бөлүмүдөгү сабактардын үлгүсү ушул окуу китебине ылайыкталып түзүлдү).

1987- жылдан баштап лексика менен фразеологияны окутууга «… таанып билүүчүлүк жана тарбиялык мааниси да бар сөздүк составды, фразеологизмди окуу менен окуучулардын тил жөнүндөгү билими кеңеет, эстетикалык табиттери калыптанат, речтери байыйт»2 деп баа берилип, атайын факультативдик окутуу киргизилген.

Акыркы 1994-1996-жылы чыккан орто мектептердин V-Х1 класстары үчүн «Кыргыз тилинин программасында» фразеологияны окутуу 6 жана 10 класстарга бөлүштүрүлгөн. 6-класста мурдагыдай эле 2-3 саат, ал эми 9-класска (мурда 8 саат бөлүнсө) 10 саат жана жыл аягында кайталоого 2-3 саат каралган.3

Окуу китептери боюнча жогоруда айтылгандай, 6-класстар үчүн кыйынчылыктар бар болсо, ал эми 11-класстар үчүн азыркы колдонулуп жаткан окуу китеби фразеологияны окутууда программада коюлган талаптарга жооп бере алган.

ЖОЖдордо азыр лексика менен фразеологияны окутуу 1 - курста жүргүзүлүп, жалпысынан 28 саат лекция, 18 саат практикалык сабактар бөлүнгөн. Анын 3-5 сааты фразеологияга арналат. Бул темага байланыштуу курстук, дипломдук иштер жазылып, атайын курстар окулуп турат.



  1   2   3   4   5


©netref.ru 2017
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет