Ж. баласагын атындагы кыргыз мамлекеттик улуттук университети кыргыз тили жана адабиятын



жүктеу 0.85 Mb.
бет2/5
Дата15.04.2016
өлшемі0.85 Mb.
1   2   3   4   5
:

II БӨЛҮМ
11- КЛАССТА ФРАЗЕОЛОГИЯНЫ ОКУТУУ
1. Фразеологизмдердин мунөздүү белгилерин жана түрлөрүн окутуу.
Жалпы билим берүүчү орто мектептерде кыргыз тили эң маанилүү негизги предметтерден болуп саналат. Баланын инсан катары калыптанышында жана акыл сезиминин өнүгүшүндө гуманитардык предметтердин ичинен тил жана адабиятка өзгөчө роль таандык. Мугалим кыргыз тили сабагын өтүү менен окуучуларга теориялык гана билимдерди бербестен, алардын логикалык ой жүгүртүүсүн калыптандырат, эске тутуу жөндөмдүүлүгүн өнүктүрөт, турмушка, коомдук-өндүрүштүк, эмгектик, адеп-ахлактык ишмердикке үйрөтөт.

Кыргыз тили боюнча билим берүүнүн мамлекеттик стандарты тилди окутуунун негизги милдеттеринин бири катары :



  • Эне тилин урматтоо жана аны менен сыймыктана алууга, эне тилинин тазалыгы үчүн кам көрүүгө, адабий тилдин нормаларын, сөздөрдүн туура жазылыш жана айтылыш эрежелерин эске тутууга, тилдин көркөм каражаттарын орундуу колдоно билүүгө машыктыруу;

  • Адабий тилдин нормаларын билгичтик менен өздөштүрүү, сөз байлыгын арттыруу, сөздүн синонимдик катарларын, көркөм сөз каражаттарды, өтмө маанилүү жана эмоционалдуу-экспрессивдүү сөздөрдү пикир алышуунун бардык формаларында туура колдоно билүү менен окуучулардын логикалык ой жүгүртүүлөрүн калыптандырууну белгилейт.

Окуучуларды мына ушу көндүмдөргө үйрөтө турган кыргыз тил илиминин бир салаасы - фразеология. Бул бөлүмдү окутуунун негизги максаты жана милдеттери төмөнкүлөр :

  • Фразеологизмдердин мүнөздүү белгилерин;

  • Фразеологизмдердин өз ара бөлүнүштөрүн;

  • Фразеологизмдердин эркин сөз айкаштарынан, макал-лакаптардан, татаал сөздөрдөн болгон айырмасын;

  • Фразеологизмдердин тилдеги функциясын;

  • Фразеологизмдердин колдонулушундагы өзгөчөлүктөрүн үйрөтүү.

Ушул максаттарды ишке ашыруу үчүн фразеологияны 11-класста окутууга бөлүнгөн 10 саатты мугалим чеберчилик, изденүүчүлүк, чыгармачылык менен колдонууга тийиш.

Фразеологияны мектептерде окутууга байланыштуу мугалимдердин иш тажрыйбасынан, методикалык эмгектерден, илимий изденүүлөрдөн пайдаланып программада бөлүнгөн сааттарды төмөнкүдөй бөлүштүрүүнү жана билим берүүнүн эффективдүүлүгүнө жетүү үчүн сабактын ар кандай формаларын пайдаланууну сунуш кылабыз.






Сабактын темалары

Сабактын формасы

Сааты

1

Фразеология жөнүндө жалпы түшүнүк.Фразеологизмдердин мүнөздүү белгилери.

Сабак-лекция

1

2

Фразеологизмдин өз ара бөлүнүшү:

а)фразеологиялык ширешме;

б) фразеологиялык бирдик;

в) фразеологиялык айкаш.



Проблемалык метод менен уюштурулган сабак

1

3

Көнүгүүлөрдү иштөө (16-19-көнүгүү).

Практикалык сабак

1

4

Фразеологизмдер менен макал-лакаптардын карым-катышы, сөз маданияты.

Стандарт сабак

1

5

Фразеологизмдердин речте колдонулушу:

а) өзгөртүүсүз колдонуу;

б) өзгөртүп колдонуу;

в) жарыш колдонуу.



Сабак-диспут

1

6

Фразеологизмдердин сөз менен синонимдик катышты түзүшү. Фразеологиялык сөздүк менен иштөө

Өз алдынча иштөө методу менен уюштурулган сабак

1

7

Фразеологиялык талдоо

Практикалык сабак

2

8

Предмет аралык байланыш

Өз алдынча иштөө методу менен уюштурулган сабак

1

9

Кайталоо

Сабак - мелдеш

1


1-САБАК

Мугалим жаңы теманы өтүүдөн мурун VI класста фразеология боюнча алган билимдерин окуучулардын эсине түшүрүп, бир нече cуроолорду берет:



  1. Кандай фразеологизмдерди билесиңер?

  2. «Фразеология», «фразеологизм» деген терминдерге аныктама бергиле.

  3. Фразеологизмдерге мүнөздүү болгон белгилер кайсылар?

  4. Фразеологизмдер сүйлөм мүчөлөрү боюнча кандай талданат?

  5. Эркин сөз айкашы менен туруктуу сөз айкашынын айырмасы кандай?

Ушул сыяктуу суроолорго жооп алуу менен мугалим окуучулардын фразеология боюнча алган билимдерин баамдай алат. Бул класста фразеологияны тереңдетип өздөштүрүү үчүн бөлүнгөн сааттардын тематикасы менен окуучуларды тааныштырып, алардын жаңы сабакка кызыгууларын ойготот. 1- сабак лекция түрүндө болоорун эскертип, анын өзгөчөлүктөрү тууралуу кыскача түшүнүк берет (Мугалим мурда мындай методду колдонбосо). Окуу китебинде берилбеген айрым материалдарды камтуу менен түзүлгөн лекцияны угуу окуучулар үчүн биринчиден, тереңирээк билим алууга пайдалуу болсо, экинчиден, алдыдагы студенттик окууга даярданууга жардам болот.


Лекциянын темасы: Кыргыз тилиндеги фразеологизмдер.
Планы:

  1. Фразеология жөнүндө жалпы түшүнүк.

  2. Фразеологизмдер жана алардын мунөздүү белгилери.




  1. Фразеология – тил илиминин бир бөлүгү. Ал өз алдынча лингвистикалык тармак болуп 50-жылдары калыптанган. Биздин өлкөдө анын өнүгүшү советтик тилчи академик В.В. Виноградовдун ысмы менен байланыштуу. Ал фразеологизмдерди изилдөөнүн маселелерин аныктап, алардын түрлөрүн ажыратуу менен, фразеологияга негиз салган. Фразеологиянын изилдей турган обьектиси - туруктуу сөз айкаштары, башкача айтканда, фразеологизмдер. «Фразеология» деген термин гректин «phrazis»- «түрмөк» айкалыш жана «logos» -«сөз» илим деген сөздөрүнөн алынган.

  2. Фразеологизмдер - тилибиздин көркөм сөз каражаттары. Мындай сөздөргө кыргыз тили абдан бай. Тээ илгертеден эле ата-бабаларыбыз кептеринде фразеологизмдерди кеңири колдонушкан. Буга элдик оoзеки чыгармалар күбө боло алат. Кыргыз тилиндеги фразеологизмдерге 1-жолу Ж.Шүкүров илимий жактан изилдөө жүргүзгөн.

Тилдеги синоним, омоним, антоним, историзм, диалектизмдер сыяктуу эле фразеологизмдердин да өзүнө тиешелүү белгилери бар. Алар:

  1. Кепте даяр материал катары колдонулушу;

  2. Компоненттүүлүгү;

  3. Маани жактан ширелишип, лексикалык бир бүтүндүккө айланышы;

  4. Образдуулугу;

  5. Туруктуулугу;1

  6. Сүйлөмдө синтаксистик жактан 1 мүчөнүн2 милдетин аткарышы. (Фразеологизмдердин жогорудагы 5-6 -белгилери окуу китебинде берилген эмес. Талдоолорду жүргүзүүдө кездешкен кыйынчылыктарды жоюу үчүн бул материалдарды окуучуларга берүү керек деген ойдобуз).

Белгилердин ар бирине өзүнчө токтолсок:

  1. Тилде даяр материал катары колдонулушу- фразеологизмдерге мунөздүү болгон эң негизги белги. Бул сөздөр адам сүйлөп жаткан учурда эркин сөз айкаштары сыяктуу кайрадан түзүлүп отурбастан (тамак ичүү, кызыл алма, жардам берүү, биринчи китеп, ж.б.), илгертеден эле кепте тил бирдиги катары колдонулуп, тил казынасына сиңип калган. Мисалы: кол ийрисине тартуу, мыйыгынан күлүү, сары майдай сактоо, ташка тамга баскандай, эрдин кесе тиштөө, эшек такало ж.б.

  2. Компоненттүүлүгү. Фразеологизмдер 2 же андан көп компоненттерден турат. Алардын сөз делбей, компонент деп аталышынын себеби, фразеологизмдердин тутумундагы сөздөр ар бири өзүнүн берген маанисинде колдонулбастан, жалпы биригип бир маанини бергендигине байланыштуу, б.а. бүтүндүн бир бөлүгүн түзүп туруучу элемент–компонент деп аталат. Төмөнкү фразеологизмдер: колу жука, жайыл дасторкон, оoзу ачык, ак таңдай, алдына түшүү - 2 компоненттен; ала жипти аттабаган, жумурткадан кыр чыгаруу, куурай башын сындырбоо, жалпак тилге салуу, капталынан күн көрүнүү - 3 компоненттен; жүргөн жерине чөп чыкпаган, бешиктен бели чыга элек, кара жанды карч уруу, салкын көз менен кароо - 4 компоненттен; ары карап ыйлап, бери карап күлүү; отуну менен кирип, күлү менен чыгуу; оoзунан ак ит кирип, кара ит чыккан; оң кулагың менен да, сол кулагың менен да ук; оoз ачып өпкөн, көз ачып көргөн; бармак басты, көз кысты кылуу; мүйүз тилейм деп, кулагынан ажыроо; мурдунан эшек курту түшө элек; таман акы, маңдай тери кайтуу; эки бакыр, бир тукур болуп ж.б. (5-8 компоненттен турат.

.

  1. Маани жактан ширелишип, лексикалык бир бүтүндүккө айланышы. Жогоруда айтылгандай фразеологизмдин компоненттери өздөрүнүн алгачкы лексикалык маанилеринен толук же жарым-жартылай алыстатылып, маани жактан өз ара ширелишип, фразеологиялык бир мааниге биригишет. Мисалы: жылдызы жарык - сүйкүмдүү; арасынан кыл өтпөгөн-ынтымак; төбөсү көккө жетүү - кубануу, ат тезегин кургатпай - тез-тез; тарс эсинен чыгуу - унутуу ж.б. Бирок, бардык эле фразеологизмдердин маанисин бир синоним сөз менен алмаштырууга болбойт. Кээ бир учурда алардын маанисин бир нече сөздөр же сүйлөмдөр менен түшүндүрүүгө туура келет. Мисалы: карышкырга кой кайтартуу; кашыктап жыйып, чөмүчтөп чачуу; сакасы алчы конуу; тилинен бал тамуу; түндүктөн түшкөн ууру ж.б.




  1. Образдуулугу. Фразеологизмдер жөнөкөй сөздөрдөн затты же анын белгилерин атоодо , кыймыл-аракеттин түрдүү кырдаалы ж.б.у.с. түшүнүктөрдү билдирүүдө айтылуучу ойду элестүү туюндуруусу менен айырмаланат. Мисалы: «Берекелүү күз» дегенди «Ак төөнүн карды жарылган күз» деп, «сараң адам» дегенди «битин сыгып канын жалаган, чычкан мурдун канатпаган адам» деп, «Жакшылап издеп, сөзсүз таап кел» дегенди «Сары изине чөп салып, жерден чукуп болсо да таап кел» деп салыштырсак, фразеологизмдердин образдуулугу даана байкалат. Образдуулук дайым эле ачык боло бербейт, бирок аздыр – көптүр болсо да байкалат. Мына ушул образдуулук белгиси аркылуу фразеологизмдер тилибизде көркөм каражат болуп саналат.




  1. Туруктуулугу. Фразеологизмдердин дээрлик көпчүлүгүнүн составындагы компоненттери бири -биринен ажырабай туруктуу келишет. Компоненттердин бирөөнү алып салсак, же орун которуштурсак, фразеологизмдин мааниси чыкпай калат. Бирок бардык эле фразеологизмдерди түзүүгө катышкан сөздөрдүн орун тартиби такыр ажырагыс деп айтуу туура эмес. Бул белги айрым учурда бузулат. Сөздөрдүн созулуп же кемитилип айтылышы, орун тартиби сакталбаган учурлары да кездешет (Ыр түзүлүшүндө, стилистикалык максатта).

Мисалы: «Айтканда тилим албасаң,

Бармагыңды бир жерде

Кесе тиштеп каларсын».

(«Жаныш-Байыш»)


  1. Сүйлөмдө синтаксистик жактан 1 гана мүчөнүн милдетин аткарышы.

Фразеологизмдердин составындагы ар бир компонент өз алдынча сөз катары колдонулбагандыктан, алардын жалпы суммасы бир маанини билдиргендиктен, ар бир компонент өз алдынча сүйлөм мүчөсү боло албастыгы келип чыгат.

Мисалы: 1. Кара жаак, жез таңдай,

Баары келсин тоюма. («Манас»)

2. Үчөөбүз жыйып келген нанды бир үйлүү киши чай менен ичип өзөк жалгадык. (М.Элебаев)

3. Кара кылды, как жарган

Кан Бакай сөзүн баштады. («Манас»)

4. Ачык оoзго сөз айтпа,

Сырты коoзго көз артпа. («Манас»)

5. Ташчайнар менен Акбара башы ооган тарапка бет алышып, кулак уккус, көз көргүс жакка жортуп баратышты. (Ч.Айтматов)

Фразеологизмдер 1- сүйлөмдө сүйлөм мүчөсү боюнча ээ; 2-сүйлөмдө баяндооч; 3- сүйлөмдө аныктооч; 4- сүйлөмдө толуктооч; 5- сүйлөмдө бышыктоочтун милдетин аткарышты.



Фразеологизмдердин жогорку аталган белгилеринин негизинде аныктама чыгарабыз. Тилибизде эки же андан көп компоненттен туруп, пикир алышууда даяр материал катары пайдаланылып, мааниси тутумундагы жеке сөздөрдүн семантикасынан алыстап, ширелишкен бир бүтүндүктү түзгөн, образдуулук касиетке ээ болуп, сүйлөмдө сүйлөм мүчөсүнүн жана сөз түркүмүнүн биринин гана кызматын аткарган туруктуу сөз айкаштары фразеологизм -дер деп аталат.

Лекция окулуп бүтөндөн кийин 1 - таблицаны (Китепченин аягында тиркеме катары берилет) сабакты бышыктоо үчүн колдонуп, 14 - көнүгүүнү үйгө тапшырма катары берсе болот. (Анда сүйлөмдөрдөн фразеологизмдерди таап, маанисин чечмелөө талап кылынган).

Сабактын акырында окуучуларга фразеологиялык сөздүктөр тааныштырылат.
Мугалим лекцияга даярданууда төмөнкү адабияттарды колдонсо болот.


  1. Р.Эгембердиев. Фразеологияны 11- класста окутуу. Бишкек, 1992.-6-22- б.

  2. Р.Эгембердиев. Фразеология. // Мугалимдер газетасы,1988, 18-23-ноябрь

  3. Ж.Осмонова. Кыргыз тилиндеги идиомалар. Ф., 1972

  4. Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү. Ф., 1980

  5. Л.А. Введенская, М.Т. Баранов, Ю.А. Гвоздарев. Лексика и фразеология русского языка.- М., 1979.- 92-95-б.

Окуучуларды фразеологиялык сөздүктөр менен тааныштырып жана алар менен иштөөгө үйрөтүү керек.
2-САБАК
Окуучуларга фразеологизмдердин бөлүнүштөрүн үйрөтүүдө окутуунун проблемалык түрүн колдонсок, бул татаал теманы өз бетинче өздөштүрүүсү менен жетишкен билимдери эстеринде бекем сакталып, фразеологизмдерди классификациялоодо зор өбөлгө болот деген ойдобуз.

Проблемалык окутуунун 1-этабы сабакта проблемалык кырдаалды түзүп, аны чечмелөө боюнча окуучуларды ойлонтууга алып баруу1.

Ал үчүн мугалим №2- таблицаны колдонсо болот. Чон батман кагазга 3 тилке сызылып, фразеологизмдин 3 түрүнүн аталышы жазылат. Кичинекей тилкечелерге ар бир түрдөн 5тен фразеологизмдер жазылып, бири-бирине аралашкан түрдө таблицага жайгаштырылып, доскага илинет.

Мугалим: Балдар, кыргыз тилиндеги фразеологизмдер составындагы компоненттердин берген мааниси менен жалпы фразеологиялык маанинин катышына жараша 3 түргө бөлүнөт. Алар фразеологиялык ширешме, фразеологиялык бирдик, фразеологиялык айкаш деп аталат. Бул таблицада фразеологизмдер баш-аламан жайгашкан, ушул сабакта биз буларды түрлөрүнө жараша классификациялап чыгышыбыз керек»- деп проблемалык кырдаалды түзөт.

Проблемалык окутуунун 2- этабы – ошол проблеманы чечүү үчүн окула турган теманы талдоого алып, өз бетинче иштөө үчүн кошумча материалдарды пайдалануу.

Мугалим окуучуларга окуу китебиндеги «§10. Фразеологизмдердин өз ара бөлүнүшү; §11. Фразеологиялык ширешме, §12 Фразеологиялык бирдик, §13. Идиомалар, §14. Фразеологиялык айкаштар» деген темаларды өз алдынча өздөштүрүүнү тапшырат. Бул материалдар кыска, так жана түшүнүктүү берилгендиктен окуучулардын өздөштүрүүлөрүнө көп кыйынчылыкты туудурбайт. Окуучулар бул тапшырманы аткаргандан кийин, мугалим өзү жалпылаштырып, фразеологиялык ширешмеде компоненттердин мааниси фразеологиялык маaни менен байланышы болбостугун; фразеологиялык бирдикте маанилердин аздыр-көптүр жакындыгы болоорун; ал эми фразеологиялык айкашта (же тизмекте) составындагы компоненттердин айрымдары өзүнүн жеке лексикалык маанисинде колдонулуп, чектелген гана сөздөр менен айкашып фразеологиялык маанини түзө тургандыгын айтып, окуучуларга дептерлерине таблицадагы фразеологизмдерди 3 тилкеге туура жайгаштырып чыгуулары үчүн убакыт берет.


Проблемалык окутуунун 3- этабы – алдыга коюлган проблеманы чечиш үчүн аны андан ары системалаштыруу менен анын жыйынтыгын чыгаруу.

Бул этапта мугалим доскага бир окуучуну чыгарып, өзүнүн дептериндегидей кылып фразеологизмдерди бөлүүнү тапшырат. Ар бир фразеологизмди эмне үчүн ушундай жайгаштырганын окуучулар менен чогуу талкуулашып, туура эмес жерлерин оңдошот. Мисалы:



  1. «Котур ташы койнунда» - бул фразеологизмдин составындагы ар бир сөздү тике маанисинде түшүнсөк, койнуна быдыракай таш салып алган адамды элестетмекпиз. Бирок бул фразеологизмдин мааниси – «ичи арам, жаман ойлуу, бузукулук ою бар адам»1. Бул эки маанинин ортосунда эч кандай жалпылык жок. Демек, бул фразеологиялык ширешме.

  2. «Бешиктен бели чыга элек» - «бойго жете элек, эр азамат боло элек, өсүп жетиле элек, жаш»2 деген маанини билдирип, компоненттердин берген маанилери менен жакындык бар экендиги сезилип турат. Демек, бул фразеологиялык бирдик.

  3. «Үшкүрүгү таш жарат» - «катуу кайгыруу, капа болуу, күйүт тартуу» 3 деген маанини билдирип, «Үшкүрүк» деген сөз өзүнүн түз маанисинде туруп «таш жаруу» деген сөз айкашы менен гана айкашып («Үшкүрүгү тоо жарат», «Үшкүрүгү таш талкалайт» болбойт) фразеологизм болот. Демек, бул фразеологиялык айкаш.

Мындай талкууда окуучулардын фразеологиялык ширешме менен бирдиктин ортосундагы талаш-тартыштары болушу мумкун. Бул закон ченемдүү көрүнүш. Себеби, дайым эле бул экөөнүн ортосундагы чек айкын боло бербейт. Ошондуктан мугалим тил илиминде бул 2 түрдү бириктирип, идиома деп аталаарын түшүндүрөт.

Сабакты жыйынтыктоодо фразеологизмдердин ар бир түрүнүн эрежелерин айттырып, ар бирине дагы мисалдарды келтиртип, убакыт жетишсе, сүйлөм түздүрүп, сөздүк дептерлерине жаңы фразеологизмдерди жаздыруу керек. Үйгө тапшырмага фразеологизмдердин түрлөрүнө 5тен сүйлөм түзүп келүү жана окуу китебиндеги 15 - көнүгүүнү иштөө тапшырылат (Тексттеги фразеологизмдерди таап, алар канча компоненттен тургандыгын аныктоо).


3-САБАК
Көнүгүүлөрдү иштетүү сабагы - фразеологияны өздөштүрүүнүн практикалык жагын көздөп, өтүлгөн материалдарды кайталап, бышыктоого жардам берет.

Мугалим сабакты уюштуруу ишин жүргүзгөндөн кийин, үйгө берилген тапшырманы жыйнап алат.



Окуу китебиндеги 16-жана 19- көнүгүүлөр окуучуларга өз алдынча иштөө сунуш кылынат. 16- көнүгүүдө сүйлөмдөрдөн фразеологизмдерди таап, катар турган сөздөрдөн ага синоним табуу, канча компоненттен тургандыгын аныктоо керек. Мисалы: Азыр ак төөнүн карды жарылган кез.(Т.С.)1Фразеологизмдин асты сызылат, «ак төөнүн карды жарылган», 4 компоненттен турат, ага синоним сөз – берекелүү.

19- көнүгүүдөн окуучулар текстти окуп чыгышып, андагы фразеологиялык бирдиктерди табышат. Мисалы: Кандай ата эле болбосун, очогунун отун өчүрбөй, куттуу үйүнөн түтүн булаткан туяк калышын тилейт2 (фразеологизмдердин асты сызылып, мааниси чечмеленет).

Бул көнүгүүлөрдү иштөөгө 10-15 минута берилет. Мугалим бул учурда окуучулардын үй тапшырмаларын текшерсе болот.

Көнүгүүлөр аткарылып бүткөндөн кийин фразеологизмдерди синоним сөз менен алмаштыруу, компонентин аныктоо, маанисин чечмелөө менен гана чектелбестен, фразеологизмдердин мүнөздүү белгилери жана түрлөрү жөнүндө кошумча суроолорду берүү керек.

Мисалы: Качыке өзүнүн айыптуу экенин сезип, Батийнаны көргөндө башы жерге кирди. (Т.С.)1 Фразеологизм – «башы жерге кирүү»- уялуу, 3 компоненттен турат.

Мугалим: Фразеологизмдердин кайсы түрүнө кирет?

Окуучу: Фразеологиялык бирдик.

Мугалим: Сүйлөмдүн кайсы мүчөсү?

Окуучу: Сүйлөмдүн баяндоочу.

Көнүгүүлөрдү ушундай ыкма менен иштетүү аркылуу мугалим биринчиден, окуучулардын көпчүлүгүн сураганга жетишсе, экинчиден фразеологиялык талдоо жүргүзүүгө үйрөтө баштайт.

17-көнүгүүнү иштетүүдө мугалим текстти көркөм окуйт. Окуучулар анда учураган фразеологизмдерди дептерлерине жазып отурушат. Текст окулуп бүткөндөн кийин 3 окуучуга тапкан фразеологизмдерин доскага жазуу тапшырылат. Алар класстын жалпы окуучуларынын жардамы менен такталат, толукталат.

Эгерде мугалим бул сабакты туура уюштура алса, класстагы ар бир баланын ушуга чейинки фразеология боюнча алган билимдерин текшерүүгө жана баалоого жетише алат.

Бул сабактын тарбиялык жагы да күчтүү, себеби көнүгүүлөрдө берилген тексттер, жомоктор окуучуларды мекенди, эмгекти сүйүүгө, ата-энени сыйлоого, адептүү, туруктуу болууга тарбиялайт.

Үйгө тапшырмага 18-көнүгүү берилет. Андагы «Жайлоого сапар» деген текстти окуп чыгып, маанилерин фразеологиялык сөздүктүн жардамы менен чечмелеп, өз сөздүк дептерлерине жазып келүү иши тапшырылат.




4- САБАК
Тема : Фразеологизмдер менен макал-лакаптардын карым-катышы.
Сабактын максаты:

  1. Окуучуларга тилибиздеги фразеологизмдер менен макал-лакаптардын айырмачылыктарын үйрөтүү;

  2. Фразеологизмдердин табиятын терең түшүнүүгө, аларды речтеринде кеңири, орундуу пайдаланууга багыттоо;

  3. Элибиздин каада - салтын билүүгө, урматтоого, адептүүлүккө тарбиялоо.

Сабактын тиби : Жаңы теманы өздөштүрүү.
Сабактын жабдылышы :

  • Фразеологизмдер менен макал-лакаптардын окшоштугун жана айырмачылыктарын көрсөткөн таблицалар (Таблица № 3, 4).

  • Закиров С. Кыргыз тилинин макал-лакаптары. Ф.: Мектеп, 1972.

  • Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү. -Ф., 1980.

  • Абдулдаев Э., Сейдакматов К. Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү.- Ф., 1990

  • Карточкалар.

Предмет аралык байланыш: Адабият сабагы менен.
Сабактын жүрүшү :

  1. Уюштуруу

  2. Үй тапшырманы текшерүү.

  3. Жаңы теманы түшүндүрүү.

Балдар, биздин тилибизде көп жылдар бою «макал-лакаптар фразеологизмдерге кирет» деген түшүнүк жашап келди. Бирок, фразеологияга байланыштуу илимий иштер жүргүзүлүп, азыркы учурда фразеологизмдердин тилдин башка бирдиктерден айырмасы такталды, алар макал-лакаптар менен бир топко кирбестен, өз алдынча тилдибиздин көркөм сөз каражаты экендиги далилденди.

Ооба, фразеологизмдерди макал-лакаптар менен жакын кылган белгилери бар. Силер билесиңер, фразеологизмдердин мүнөздүү белгилери катары биз анын речте даяр материал катары колдонуусун, составынын туруктуулугун, айрым компоненттери өтмө мааниде болуп, образдуулукка ээ экендигин атабадык беле. Мына ушул белгилер макал-лакаптарга да мүнөздүү (Мугалим доскага 3 - таблицаны илет).

Мисалы: «Жалкоонун жаны таттуу,

Дыйкандын наны таттуу»;

«Биринчи байлык – ден соолук», «Ырыс алды - ынтымак», «Карынын сөзүн капка сал», «Бөлүнгөндү бөрү жейт» ж.б.у.с. макалдарды алсак, булар да биринчиден, фразеологизмдер сыяктуу эле сүйлөп жатканыбызда улам түзүлүп отурбастан, даяр материал катары пайдаланылат. Экинчиден, нечен доорлор бою эл тарабынан кеңири колдонулуп келгендиктен, грамматикалык түзүлүшү жагынан да туруктуулукка жетишкен, б.а. фразеологизмдер сыяктуу эле сөздөрдү кошуп, же түшүрүп айтууга болбойт. Үчүнчүдөн, кээ бир макалдар, же алардын айрым сөздөрү өтмө мааниде колдонулуп, образдуулукка ээ. Мисалы: «Иши илгери болоордун ити чөп жейт» деген макалдын «ити чөп жейт» деген бөлүгү өтмө мааниде болуп, «иши өзүнөн - өзү оңолот» деген түшүнүктү билдирет. Ал эми «Бир карын майды бир кумалак чиритет» деген макал толугу менен өтмө мааниде, «чоң ишти кичинекей эле нерсе бузат» деген ойду түшүндүрөт.

Мына ушундай көрүнүштөр фразеологизм менен макал-лакапты жакындатат. Бирок, аларды бири-биринен кескин айырмалай турган белгилери да бар. (№ 4 таблица)

Балдар, силер эстесеңер, фразеологизмдерге мүнөздүү дагы кандай белгилер бар? Ооба:

1)Составындагы сөздөр лексикалык маанисинен алыстап баары бир гана мааниге ширелишкендиктен сүйлөмдө бир мүчөнүн гана милдетин аткарышы. Ал эми макал-лакаптардын тутумундагы сөздөрдүн (фразеологизмде алар компонент) ар бири лексикалык маанисин сактагандыктан, синтаксисттик талдоо жүргүзгөндө өз - өзүнчө талданат. Мисалы: Эр эмгегин жер жебейт (Эр-аныктооч; эмгегин - толуктооч; жер - ээ; жебейт – баяндооч);

2)Фразеологизмдер тилде көркөм каражат болуп саналат. Ал эми макал-лакаптар тилде ошондой көркөм каражаттар жана эркин сөз айкаштарынан да түзүлүп, сүйлөм, же чакан чыгарма болуп эсептелет.

Мисалы: Эшектин кулагы узун, ушакчынын тили узун.

Мал ээсин тартпаса, арам өлөт.

3)Макал-лакаптар эл турмушунун бай тажырыйбасынан улам корутундуланган белгилүү бир пикирди кыскача берет. Мисалы:

Жакшы менен жайлоого чыксаң,

Кудалашып түшөсүң.

Жаман менен жайлоого чыксаң,

Кубалашып түшөсүң.

Ал эми фразеологизмдер болсо, ой корутунду чыгарбастан, бир эле түшүнүктү элестүү, таамай атоо, туюндуруу менен чектелет. Мисалы: кылычынан кан тамган, кыпча бел, төкпөй-чачпай айтуу, жемин жедирбөө ж.б.



  1. Макал - лакаптар дидактикалык, б.а. акыл-насаат, турмуштан сабак берүүчү мүнөзгө ээ. Фразеологизмдер мындай сапатка ээ эмес.

Мына ушул айырмачылыктардан улам макал-лакаптар фразеологиянын изилдей турган обьектисине жатпайт деген жыйынтык чыгарсак болот.


1   2   3   4   5


©netref.ru 2017
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет