Жарандык-укуктук милдеттенмелердин суммасын улуттук валютага конвертациялоо жөнүндө



жүктеу 35.64 Kb.
Дата02.05.2016
өлшемі35.64 Kb.
: MyFiles -> file
file -> «Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна салыштырмалуу таблицасы
file -> Кыргыз республикасынын мыйзамы
file -> Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
file -> -
file -> Кыргыз Республикасынын Турак-жай кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Жарандык-укуктук милдеттенмелердин суммасын

улуттук валютага конвертациялоо жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата

МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ

Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын жарандарынын өз кредиторлорунун алдындагы милдеттенмелерин аткаруусунун мүмкүн эместигинен улам келип чыга турган терс социалдык-экономикалык кесепеттерге жол бербөө максатында, ошондой эле жарандык-укуктук мамилелердин катышуучуларынын улуттук валютада бүтүмдөрдү түзүүсүнө түрткү берүү үчүн иштелип чыкты.

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 307-статъясына ылайык акчалай милдеттенмелер улуттук валютада, ал эми Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн учурларда чет өлкөлүк валютада таризделүүгө тийиш. Ошентип, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары чет өлкөлүк валютада бүтүмдөрдү, анын ичинде карыздык милдеттенмелерди түзүүгө тыюу салбайт. Мыйзамдардагы мындай боштук чет өлкөлүк валютада, атап айтканда АКШ долларында ири суммага бүтүмдөрдү түзүү практикасынын кеӊири таралышына алып келди.

Мисалы, батирди (квартираны) же үйдү сатууда же сатып алууда жарандар АКШ доллары менен гана эсеп жүргүзөт. Курулуш компаниялары кардарлар менен насыя (карыз), күрөө, ипотека, мөөнөтүн жылдырып сатуу келишимдерин түзгөндө да бүтүмдү АКШ доллары менен түзөт. Жарандардын көпчүлүгү өз турак жайын ижарага АКШ доллары менен берет. АКШ долларынын кеӊири жүгүртүлүшү жана таралышы өлкөнүн экономикасынын долларлашуусуна алып келди.

Жогоруда айтылгандай кырдаал сом тездик менен нарксызданганга чейин анчалык тынчсыздануу жараткан эмес. Россия Федерациясынан жана Казакстан Республикасынан айырмаланып, Кыргыз Республикасында анын улуттук валютасы - сом “эркин калкыма” валюта болуп эсептелет. Ошондуктан сомдун нарксызданышы буга чейин болуп келсе да, мындай катуу секириктер болгон эмес. Бирок, көптөгөн жарандар келишимдик-укуктук милдеттенмелерин чет өлкөлүк валютада тариздеп жатканда улуттук валюта мындай тездик менен нарксызданат деп ойлогон эмес. Маселен, 2014-жылдын 19-декабрынан тартып 2015-жылдын 21-ноябрына чейин сом АКШ долларына карата 20 %га арзандады.

Эгерде Өкмөт жана Улуттук банк чет өлкөлүк валютадагы милдеттенмелерди кыскартуу боюнча чараларды көрбөсө, бул кырдаал жарандардын чет өлкөлүк валютада алган карыздык милдеттенмелерин төлөй албай калышына, банктардын жана жарандардын ортосунда соттук талаштарга, жарандардын митингдерине, банк чөйрөсүнө карата терс мамилелердин жаралышына, карыз алуучулардын өз милдеттенмелерин аткара албай калышынан улам микрофинансылык уюмдардын банкрот болушуна алып келет. Ошондуктан аткарылбаган жарандык-укуктук милдеттенмелердин суммасын улуттук валютага конвертациялоо, болгондо да элүү пайызга конвертациялоо ишкерлерге терс натыйжаларды алып келбейт. Карыздын калган бөлүгүн улуттук валютага которуу валюталык инфляцияга байланыштуу милдеттенмелердин жасалма түрдө өсүшүн токтото турууга жарандарга аз да болсо мүмкүндүк берет.

Милдеттенмелерди улуттук валютага конвертациялоо төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөрүн белгилөө зарыл:


  • валюталык форс-мажор келип чыкканда (сом АКШ долларына же еврого карата 20 %га нарксызданганда);

  • милдеттенме 50 %га аткарылганда, б.а. чет өлкөлүк валютадагы карыздын жарымы төлөнгөндө;

  • карыз алуучунун сом менен кирешеси болгондо.

Эгерде жарандык-укуктук милдеттенмени улуттук валютага конвертациялагандан кийин чет өлкөлүк валюта сомго карата арзандаса, кайра конвертациялоо болбойт. Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун максаты да жеке жана юридикалык жактардын жарандык-укуктук милдеттенмелерди улуттук валютада түзүшүнө түрткү берүүдө турат. Конвертациялоо учурундагы жоготуулардын тобокелдиги карыз алуучуга жүктөлөт.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 11-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы болуп сом эсептелет. Конституциянын бул нормасы бардык милдеттенмелер боюнча эсеп жүргүзүүлөр иш жүзүндө АКШ доллары же евро менен эмес, сом менен болушу керек экендигин билдирет.

Мыйзам долбоору анын жөнгө салуу таасирин талдоону талап кылбайт, анткени ал ишкердик иш-аракетти жөнгө салууга багытталган эмес. Мыйзам долбоору чет өлкөлүк валютадагы милдеттенмелер боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүүчү бардык жеке жана юридикалык жактардын ортосунда келип чыккан валюталык мамилелерди жөнгө салат. Мындан тышкары, жүргүзүлгөн жарандык-укуктук мамиллердин бардык көлөмүн камтууга дегеле мүмкүн эмес.

Мыйзам долбоору башка мыйзамдарга каршы келбейт, ушуга байланыштуу ага карата укуктук талдоо жүргүзүү талап кылынбайт. Ошондой эле бул мыйзам долбооруна гендердик, экологиялык, коррупциялык экспертиза жүргүзүүнүн зарылдыгы жок.

Мыйзам долбоору адам укуктарын коргоого багытталган, анткени чет өлкөлүк валютада жасалган жарандык-укуктук милдеттенмелерди аткара албай калгандык жарандардын менчигинен ажырап калуусуна алып келиши ыктымал. Мында жаран милдеттенмени өзү жараны болгон өлкөнүн улуттук валютасында төлөө укугунан ажырап калып жатат.

Мыйзам долбоору кабыл алынса, анын нормалары өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө таасирин тийгизе алат. Мыйзам долбоорун коомдук талкуулоо максатында ал Жогорку Кеңештин сайтына жана бул долбоорду иштеп чыгуучунун сайтына жайгаштырылды.



Бул мыйзам долбоору ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө да өз сунуштарын жана сын-пикирлерин жиберүү өтүнүчү менен жөнөтүлдү.

Депутаты Дастан Бекешев





©netref.ru 2017
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет