Жылдарга “Кургак учук-iv” программасы



жүктеу 188.12 Kb.
Дата31.03.2016
өлшемі188.12 Kb.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2013-жылдын “___” ____________

№ ___ токтому менен бекитилген



2013-2016-жылдарга “Кургак учук-IV” программасы

  1. Учурдагы кырдаалга талдоо жүргүзүү


Республикадагы кургак учук боюнча түзүлгөн жагымсыз кырдаалга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан калк арасында кургак учук инфекциясынын жайылышын турукташтыруу боюнча бир катар кечиктирилгис чаралар көрүлгөн.

1998-жылдын 23-апрелинде “Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган. 1996-2010-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан «Кургак учук- I”, «Кургак учук- II” «Кургак учук- III” программаларын бекитилген жана ишке ашырылган.

Кыргыз Республикасынын калкына кургак учукка каршы жардам көрсөтүүнүн сапатын андан ары өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2008-жылдын 6-ноябрындагы №575 буйругу менен 2008-2016-жылдарга Кыргыз Республикасында кургак учукка каршы кызматты өнүктүрүү концепциясы бекитилген.

Жогоруда аталган программаларды ишке ашыруунун натыйжасында кургак учукка каршы кызматтын инфраструктурасы жана ченемдик базасы жакшыртылды, кадрдык мүмкүнчүлүктөр күчөтүлдү, кургак учук менен ооругандарды табуунун жана дарылоонун сапаты жогорулады. Бул иш-чаралар калктын кургак учук оорусуна чалдыгуу жана өлүмгө учуроо көрсөткүчүн төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк берди. Алсак, 2000-жылдагы кургак учук оорусуна чалдыгуу көрсөткүчү - 100 миң адамга 126,0дан 2012-жылы 100 миң адамга 104,3кө чейин азайды, өлүмгө учуроо көрсөткүчү 2000-жылдагы 100 миң адамга 16,0дан 2012-жылдагы 100 миң адамга 8,6га чейин төмөндөгөн.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун критерийлери боюнча Кыргыз Республикасындагы эпидемиологиялык кырдаал 100 миң калкка карата 50 учур белгисинен ашып, азыркы учурга чейин эпидемия деңгээлинде турат. Катталган оорулуулардын арасында дарыга туруктуу кургак учуктун санынын көбөйүшү орун алууда. Улуттук фтизиатрия борборунун отчетуна ылайык, 2005-2012-жылдарда көптөгөн дарыга туруктуу кургак учукка чалдыгуулардын саны 3569 учурду түзгөн.

Орун алган көйгөйлөр:

1) кургак учуктун жайылышына мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо механизминин начардыгы;

2) фтизиатр врачтардын жетишсиздиги, медициналык кызматкерлерге материалдык жактан түрткү берүүнүн жетишсиздиги, алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүдө медицина кызматкерлеринин көндүмдөрүнүн төмөндүгү, кургак учукка каршы уюмдардын материалдык-техникалык базасынын эскириши;

3) республикада кургак учукка каршы препараттар менен камсыздоону донорлордун каражаттарынын эсебинен жүргүзүү;

4) дартын кеч аныктоо жана ооруканада негизсиз узакка кармоо (клиникалык протоколдордун жана инфекциялык контролдоо чараларынын жоктугу);

5) калктын негизги топторунун кургак учукту аныктоого жана дарылоого карата кызыгуусунун төмөндүгү (АИВ/ЖИТС менен жашаган адамдар, сайынуучу баңги заттарды керектөөчүлөр, мигранттар, камактагылар, коммерциялык секс кызматкерлери ж.б.).

6) кургак учук бейтабынын социалдык шарттарын жакшыртууга багытталган алдын алуучу иш-чараларды жүргүзүү боюнча иштин солгундашы.

2013-2016-жылдарга “Кургак учук-IV” программасын иштеп чыгуунун негизин (мындан ары - “Кургак учук-IV” программасы) “Кургак учукту токтотуу” глобалдык планы түзөт, ал орун алган проблемаларды натыйжалуу чечүүгө жардам берет. Бул план Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-майындагы №309 токтому менен бекитилген саламаттык сактоону реформалоонун 2012-2016-жылдарга карата «Ден соолук» улуттук программасы менен шайкеш келтирилген.


3. «Кургак учук -IV» программасынын максаты

жана милдеттери
«Кургак учук-IV» программасынын максаты Кыргыз Республикасында кургак учукка чалдыгууларды жана өлүмгө учуроолорду андан ары төмөндөтүү болуп эсептелет.

«Кургак учук -IV» программасынын милдеттери:

1) кургак учукту, анын ичинде дарыга туруктуу формасын өз убагында сапаттуу аныктоону жана дарылоону саламаттык сактоонун жарандык жана пенитенциардык секторунда камсыз кылуу;

2) кургак учук менен ооругандарга медициналык жардам көрсөтүү тутумун оптималдаштыруу;

3) адам ресурстарынын потенциалын күчөтүү;

4) кургак учукту, ошондой эле АИВ-инфекция менен айкалышкандарды сапаттуу аныктоонун жана дарылоонун эл аралык сунуштарын жана жаңы технологияларды киргизүү;

5) бардык категориядагы кургак учук менен ооругандарды кургак учукка каршы препараттар менен үзгүлтүксүз кепилдиктүү камсыз кылуу;

6) улуттук жана эл аралык деңгээлдерде секторлор аралык кызматташууну жана өнөктөштүктү күчөтүү;

7) кургак учукка каршы күрөшүүгө жарандык коомдун бардык катмарын тартуу жана калктын маалыматтуулук деңгээлин жогорулатуу.

3. «Кургак учук-IV» программасынын негизги багыттары



Кургак учуктун алдын алуу
Кургак учукту алдын алуунун ийгиликтүүлүгү саламаттык сактоо уюмдарынын кызыкдар уюмдар менен биргелешип көргөн аракеттерине жараша болот.

Артыкчылыктуу иш-аракеттер:

1) тышкы чөйрө шарттарын жакшыртуу, калктын ден соолугун чыңдоо жана материалдык абалын жогорулатуу, дене тарбиясын жана спортту өнүктүрүү, жашоо-тиричилик шарттарын жана тамактануусун жакшыртуу, алкоголизмге, тамеки тартууга жана баңгичиликке каршы күрөшүү;

2) кургак учукка каршы күрөшүү кызматынын жана коомдук саламаттык сактоо кызматынын алгачкы деңгээлдеги саламаттыкты сактоо уюмдары менен бирге инфекция очогунда жүргүзүлө турган эпидемияга каршы, санитардык-гигиеналык иш-чараларды өткөрүү;

3) кургак учук оорусунан балдарды сактоо үчүн бюджеттик каражаттардын эсебинен сапаттуу жана өз убагында вакцинация жана кайра вакцинация жүргүзүү. Бардык жаңы төрөлгөн ымыркайларга бөтөнчө вакцинация (БЦЖ) жүргүзүлөт, кайра вакцинация эпидемиологиялык көрсөткүчтөр боюнча жүргүзүлөт;

4) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2008-жылдын 25-апрелиндеги № 178 буйругу менен бекитилген клиникалык протоколго ылайык кургак учукка каршы химиялык препараттардын жардамы менен кургак учуктун алдын алуу үчүн натыйжалуу химиялык профилактика (АИВ инфекциясы жуккан бейтаптарга жана инфекция чыккан жердеги балдарга) жүргүзүү.



Кургак учукту айкындоо жана диагностикалоо

Кыргыз Республикасында 2013-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын маалыматын эске алуу менен, кургак учук менен алгач ооруган 5851 бейтап катталган. Эсепке биринчи жолу алынган адамдар арасында кургак учуктун өтүшүп кеткен түрү менен, мисалы фиброздуу-каверноздуу кургак учуктун болушу (0,6%) тынчсызданууну туудурат. Мындан тышкары, 2012-жылы кургак учуктан каза тапкандардын арасында оорусу биринчи табылган (19,6%) жана диспансердик каттоодо турбагандардын (2,5 %) салыштырмалуу салмагы көп. Бул маалыматтар кургак учуктун кеч аныкталгандыгы жөнүндө айгинелейт.

Кургак учукту табууда жана аныктоодо төмөндөгүдөй көйгөйлөр бар:

1) диагнозду биротоло коюш үчүн дарыгер-фтизиатрлар бактериологиялык лабораториялык изилдөөлөрдүн натыйжаларын күтүшөт, аларды жүргүзүү үчүн бир нече жума же ай талап кылынат, алдын ала диагноз рентгенге тартуунун же клиникалык симптомдордун негизинде коюлат;

2) алгачкы медициналык-санитардык жардам деңгээлиндеги үй-бүлөлүк дарыгерлер өз учурунда кургак учук диагнозун коё алышпайт, бул болсо кургак учук диагнозунун кеч коюлушуна алып келип, андан ары бул оорунун жайылышына көмөк берет.

Максаты - кургак учукка шектүү адамдарды мүмкүн болушунча тез айкындоо, алар диагнозду тастыктоо же жокко чыгаруу үчүн текшерилиши керек.

Артыкчылыктуу иш-аракеттер:

1) калктын бардык тобунун кургак учукту айкындоо жана диагноздоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү алуусун камсыздоо;

2) алгачкы медициналык-санитардык жардам уюмдарында кургак учукту аныктоонун алгоритмине ылайык, кургак учукка шектүү белгилер же даттануулар менен медициналык жардамга кайрылган бардык адамдарды изилдөө жолу менен кургак учукту табуу;

3) алгач скринингдин оң же шектүү натыйжаларында бейтапты кургак учукка каршы уюмдарга “кургак учук” диагнозун ырастоо же жокко чыгаруу үчүн токтоосуз жиберүү;

4) кургак учук боюнча тобокелдүү топторду активдүү айкындоо, алар эл аралык жана коммерциялык эмес уюмдардын көмөгү аркасында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен аныкталат;

5) саламаттык сактоо уюмдарынын кургак учук диагнозун айкындоо жана ырастоо үчүн диагностиканын заманбап методдорун комплекстүү колдонуусу (диагностикалоонун клиникалык, микроскопиялык, бактериологиялык, нур, гистологиялык, молекулярдуу-генетикалык жана башка ыкмаларын).

Лабораториялык кызматты жакшыртуу

Кургак учукту диагноздоо какырыкты жана башка патологиялык материалдарды изилдөөнүн бактериоскопиялык жана бактериологиялык (же культуралык) методдору менен жүргүзүлөт. Азыркы учурда какырыкты бактериоскопиялык изилдөөчү 112 лаборатория жана кургак учукка бактериологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүчү 8 лаборатория бар.

Лабораториялык кызматтын ишинде төмөнкүдөй көйгөйлөр бар:

1) айрым лабораториялардын тиешелүү жүктөмү жок, ошол эле учурда башка лабораториялардын иш жүгү өтө көп. Жүргүзүлгөн микроскопиялык жана бактериологиялык лабораториялык изилдөөлөрдүн сапаты төмөн;

2) көптөгөн лабораторияларда жогору турган референс-лаборатория жана күндөлүк изилдөөлөрдүн жүрүшүндө лабораториянын өзү жүргүзүүчү лабораториялык изилдөөлөрдүн сапатынын тышкы жана ички контролдоо системасы камтылган эмес, бул лабораториянын ишиндеги кемчиликтерди өз убагында айкындоого, колдонулган методикаларды өркүндөтүү жана табылган каталарды өз убагында четтетүү үчүн аларга уюштуруу-методикалык жана консультациялык жардам көрсөтүүгө мүмкүндүк бербейт;

3) лабораториялык кызматтын ишин Улуттук фтизиатрия борборуна караштуу Улуттук референс-лаборатория координациялайт.

Артыкчылыктуу иш-аракеттер:

1) материалдык-техникалык базаны жаңыртуу менен лабораториялык кызматты оптималдаштырууну жүргүзүү;

2) медициналык жардам көрсөтүүнүн бардык деңгээлинде кургак учукту лабораториялык диагноздоонун заманбап, тездетилген ыкмаларын киргизүү;

3) лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү методикасын өркүндөтүү.


Кургак учук менен ооругандарды

дарылоо жана реабилитациялоо

DOTS стратегиясы (кыска мөөнөттүү контролдонуучу химия терапия курсун) кеңири киргизилгендигине жана кургак учукка каршы күрөшүү кызматын алгачкы медициналык санитардык жардам деңгээлине интеграцияланганына карабастан, кургак учук менен ооругандардын дарыларды кабыл алуусун жетишсиз контролдоо, оорулуулардын дарыланууга кызыгуусунун төмөндүгү жана мындай бейтаптар менен иштөөдө медициналык кызматкерлердин аракетинин төмөндүгү орун алууда.

2005-2012-жылдары көп жолку дарыга туруктуу кургак учук менен ооруган 3569 бейтап катталган, 2011-жылы көп жолку дарыга туруктуу кургак учук менен ооруган 804 адам аныкталган, 2012-жылы - 904 адам, ал эми 2013-жылы 800-1100 оорулууну аныктоо күтүлүүдө, б.а. стационардык шартта кымбат турган дарылоону талап кылган көп жолку дарыга туруктуу кургак учук менен ооруган бейтаптардын саны жыл сайын көбөйүүдө. Дарыга кеңири туруктуу кургак учук менен ооругандар пайда болушу менен ушул бейтаптарды дарылоо жана байкоо жөнүндө маселе келип чыкты, анткени кургак учукка каршы препараттар менен камсыз кылуу донордук уюмдардын каражаттарына гана жүргүзүлөт, ал эми дарыга кеңири туруктуу кургак учук менен ооругандарды дарылоо үчүн каражат жок.

Кургак учук менен ооруган бейтаптарды дарылоодогу жана реабилитациялоодогу көйгөйлөр:

1) көп учурда амбулаториялык түрдө дарылоого боло турган жугуштуу эмес өпкө кургак учугу, өпкөдөн сырткары кургак учук менен ооруган оорулуулар бейтапканага жаткырылат;


  1. бүткүл дарылоо курсунда ооруканага узак жатуу;

3) оорулууларды амбулаториялык дарылоодо медициналык кызматкерлер, коомчулук же үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан жетиштүү социалдык, психологиялык жана моралдык колдоонун жоктугу;

4) көп жолку дарыга туруктуу кургак учугу бар бейтаптарды каттоодо, дарылоодо, диагноздоодо, уюштурууда клиникалык протоколдордун жоктугу.

Артыкчылыктуу аракеттер:

1) кургак учук менен ооруган оорулууларга үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүүнү камсыздоо үчүн медициналык жардам көрсөтүүнүн ар кандай деңгээлдер ортосундагы багыттарды өркүндөтүү жана кызмат көрсөтүү моделдерин өзгөртүү зарыл;

2) бейтаптардын кургак учукка каршы дарыларды кабыл алуусу боюнча медициналык кызматкерлердин көзөмөлдөөсүн жакшыртуу;

3) бейтаптарга хирургиялык жол менен дарылоону адистештирилген бөлүмдөрдө жүргүзүү;

4) калк арасында кургак учуктун жайылышын алдын алуу максатында, инфекция булагы болгон, кургак учуктун терапиялык жана хирургиялык дарылоого жатпаган түрү менен ооруган бейтаптарга адистештирилген медициналык уюмдарда паллиативдүү жардам алуу мүмкүнчүлүгүн түзүү керек;

5) социалдык кызматты тартуу, социалдык кызматкерлерди жана медициналык персоналдарды адамдар ортосунда мамиле кылуу көндүмдүктөрүнө үйрөтүү жана психологиялык кеңеш берүүлөрдү кеңейтүү, азык-түлүк пакеттер жардамын жайылтуу жана башкалар, б.а. кургак учук менен ооругандарды жана персоналды социалдык жактан коргоону камсыз кылуу.



АИВ-инфекция менен айкалышкан

кургак учук (АИВ/Кургак учук)
Азыркы учурда диспансердик каттоодо АИВ/Кургак учук инфекциясы менен айкалышкан оорусу бар 469 адам турат, алардын ичинен 181 бейтапка антиретровирустук терапия дайындалган, ал эми 81 адам андан ары дарылоодон баш тарткан (кумулятивдүү маалыматтар).

Кургак учукту алдын алуу үчүн изониазид менен профилактикалык дарылоо 2011-жылы АИВ менен жашаган 5 адамга, 2012-жылы АИВ менен жашаган 4 адамга гана жүргүзүлгөн. Изониазид алган пациенттердин аз пайызы түмөнкүдөй түшүндүрүлөт: клиникалык протоколго ылайык, изониазид кургак учуктун ачык түрү менен ооругандар менен байланышта болгондорго дайындалат, бирок бейтаптар ачык формадагы кургак учук менен байланышта болгондугун дайым эле биле бербейт жана бул жөнүндө билдиришпейт.

Пневмоцистүү пневмониянын алдын алуу үчүн котримоксазол менен химиялык профилактикалоону 2009-жылы 77 (36 эркек, 41 аял) АИВ менен жашаган адамдар (мындан ары – АЖА), 2010-жылы 278 (190 эркек, 88 аял), 2011-жылы 175 (115 эркек, 60 аял), 2012-жылы 101 АЖА алган. 2009-жылга чейин химиялык профилактика мониторинги жүргүзүлгөн эмес.

Инъекциялык баңги заттарды керектөөчүлөрдүн дарылоого кызыгуусунун төмөндүгү байкалууда. Мындан сырткары, АЖА арасында кургак учукка карата дарыгерлердин кабатырлыгынын төмөндүгү белгиленүүдө. 2010-жылдан баштап, айкалышкан инфекцияга карата дарылоону бир эле убакта дайындоо, көп препараттарды кабыл алуу зарылдыгынан улам оорулуулар аны оор көтөрүшөрүн белгилешкен, бул болсо дарылоонун үзгүлтүккө учурашына алып келе тургандыгы белгиленген.

Максаты - кургак учуктун диагноздоого, дарылоого жана алдын алууга АЖАлардын универсалдуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу.

Артыкчылыктуу иш-аракеттер:

1) АЖАларда, анын ичинде пенитенциардык системада кургак учукту эрте аныктоо, алдын алуу жана дарылоо үчүн Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунушуна ылайык, АИВ/КУ клиникалык протоколун кайрадан кароо, бекитүү жана ишке киргизүү;

2) АЖА арасында кургак учук оорусун, ошондой эле анын туруктуу формаларын тез арада айкындоону камсыз кылуу;

3) изониазид менен, анын ичинде пенитенциардык системада да, профилактикалык дарылоону жана инфекциялык контролдоону жакшыртуу;

4) АИВ/Кургак учук бейтаптарын байкоого алуу маселелери боюнча саламаттык сактоо системасынын уюмдары жана пенитенциардык системанын медициналык кызматтары ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жана жолун жолдоочулукту камсыз кылуу.



Инфекциялык контролдоо
Дарылоо уюмдарында инфекциялык контролдоо системасы талаптагыдай деңгээлде иштебейт. Алсак, медициналык кызматкерлер кургак учукту оорукананын ичинен жуктуруп алган учурлары катталууда (2010-2012-жылдары кургак учук менен 107 медициналык кызматкер ооруган), кургак учук бөлүмдөрүндө дарыланып жаткан бейтаптардын бир-биринен жугузуп алган фактылары далилденген. Жугуштуу кургак учук, көп жолку дарыга туруктуу кургак учугу бар жана кургак учуктун башка формалары менен ооруган бейтаптарды өзүнчө ооруканага жаткыруу маселеси чечилген эмес, кургак учукка каршы бардык эле стационарларда санитардык-техникалык шарттар түзүлгөн эмес.

Артыкчылыктуу иш-аракеттер:

1) инфекциялык контролдоо боюнча иш-чараларды сарамжалдуу пландаштыруу жана ишке ашыруу үчүн кургак учукка каршы уюмдардын муктаждыгын жана инфекциялык контролдоо абалын баалап изилдөөнү жүргүзүү;

2) кургак учукту инфекциялык контролдоо боюнча ченемдик укуктук базаны жаңыртуу, ошондой эле эл аралык стандарттарга ылайык Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштарына негизделген кургак учукту инфекциялык контролдоо боюнча Улуттук колдонмону иштеп чыгуу керек. Бул колдонмо дем алуу органдарын жеке сактоо чараларын жана инженердик-техникалык, администрациялык, башкаруу чараларын өзүнө камтып, жергиликтүү муктаждыкка жана кырдаалга ыңгайлаштырылат;

3) кургак учукка каршы уюмдардын талаптагыдай долбоорлоосун камсыз кылуу боюнча иш-чаралар, аларды модернизациялоо/кайра пландаштыруу жана эксплуатациялоо;

4) саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлери арасында кургак учукка чалдыгууларга карата мониторинг уюштуруу;

5) инфекциялык контролдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн коомдук саламаттык сактоо кызматынын жана кургак учукка каршы уюмдарынын иш-аракеттерин координациялоо.

Кургак учук менен ооругандарды

дары-дармек менен камсыз кылуу
Кургак учукка каршы препараттар менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу мамлекеттин биринчи кезектеги милдети болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын фармацевттик базарында дары каражаттарын жөнгө салуу системасынын начардыгынан улам, сапатсыз дарылардын же жасалма дарылардын орун алуусунун коркунучу бар.

Көйгөйлөр:

1) кургак учукка каршы препараттарды жетишсиз жана үзгүлтүктүү берүүлөр, аларды жеке базарда дарыгердин рецептисиз сатуу, сапаты текшерилбеген дарыларды сатып алуу;

2) дары-дармек кампаларынын абалынын жана жабдууларынын талаптагыдай эмес абалы.

Артыкчылыктуу иш-аракеттер:

1) кургак учукка каршы препараттарды сактоо жайларынын сактоо шарттарын жакшыртуу жана зарыл жабдуулар менен камсыздоо боюнча чараларды көрүү;

2) кургак учукка каршы препараттар менен үзгүлтүксүз, дайыма камсыз кылуу жана жөнгө салуу жол-жоболорун киргизүү.
Адвокация, коммуникация жана социалдык мобилизация
Калктын, бейтаптардын жана медициналык кызматкерлердин маалыматтуулук деңгээлинин төмөндүгү маалыматтык-билим берүү иш-чараларынын натыйжалуулугунун начардыгы жана жетишсиздиги жөнүндө айгинелейт. Адвокация, коммуникация жана социалдык мобилизация боюнча (мындан ары – АКСМ) иш-чараларды мамлекеттик уюмдар каражаттын жоктугунан улам өткөрүшпөйт. Көп учурда АКСМ эл аралык уюмдардын жардамы менен өткөрүлөт. Азыркыга чейин АКСМ боюнча иш-чараларга муктаждыкты баалоо өлкөдө өткөрүлгөн эмес, көйгөйлөр аныкталган жок, аларды чечүү жолдору иштелип чыккан эмес жана ага жараша АКСМ боюнча пландуу иштер жок.

АКСМ стратегиясын бекитүү жана ишке ашыруу кургак учукка каршы иш-чараларды жүргүзүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга жетишүүгө мүмкүндүк берет.

Артыкчылыктуу иш-аракеттер:

1) өлкөдө кургак учук көйгөйүн чечүүгө коомчулуктун көңүлүн буруу жана калктын маалыматтуулугун жакшыртуу;

2) жалпыга маалымдоо каражаттарында (телекөрсөтүү, радио, гезиттер, интернет) кургак учукка каршы күрөшүү жана аны алдын алуу боюнча маалыматты кеңири чагылдырууну камсыз кылуу аркылуу стигманы жана басмырлоону азайтуу, кайрылуулардын жана айкындоолордун тездигин жогорулатуу;

3) кургак учукка каршы күрөшүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында айылдык ден соолук комитеттеринин, ыктыярдуулар топтордун ресурстарын колдонуу жана аларды окутуу.



4. Эпидемиологиялык көзөмөл, мониторинг жана баалоо
Керектүү каржылоонун жоктугуна байланыштуу, кургак учукка каршы жана санитардык-эпидемиологиялык кызматтардын өз ара аракеттенүүсүнүн жетишсиздигинен улам кургак учукка каршы иш-чаралардын мониторинги жана баалоо үзгүлтүктүү жүргүзүлгөн.

Артыкчылыктуу иш-аракеттер:

1) алдын алуучу иш-чаралар комплексин жүргүзүү жолу менен калкты эпидемиядан коргоо системасын түзүүгө, жуктуруу факторлорун, инфекция булагын аныктоого багышталган артыкчылыктуу чараларды аныктоо;

2) кургак учукка каршы кызмат, баштапкы медициналык санитардык жардам уюмдары жана оорулардын алдын алуу жана экспертиза борборлору ортосунда отчеттуулукту жана эсепке алуу системасын үзгүлтүксүз жакшыртуу;

3) Улуттук фтизиатрия борборунун базасында кургак учукка каршы күрөш кызматында ички контролдоо системасын күчөтүү, ал эми оорунун алдын алуу жана экспертиза борборлору тарабынан – эпидемиологияга каршы иш-чаралардын тышкы контролдоо системаларын күчөтүү;

4) электрондук байкоо жүргүзүү системасын андан ары жакшыртуу, индикаторлор пакеттерин иштеп чыгуу жана маалыматтар базасын талдоо, тиешелүү сунуштарды изилдөө жана иштеп чыгуу үчүн программалык иш-чаралардын натыйжалуулугун баалоо.



5. Кадрдык потенциал
Акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасында кургак учукка каршы адистик курамды толуктоо боюнча оор кырдаал түзүлгөн, кадрларды бөлүштүрүүдө дисбаланс байкалат - Бишкек жана Ош шаарларында адистер көп, ал эми алыскы аймактарда алардын жетишсиздиги орун алган. Кургак учукка каршы кызматта медициналык кызматкерлер жетишпейт, алардын негизги бөлүгү пенсияда жана пенсияга чыгуу курагында болуп, алардын саны жалпы кызматкерлердин 45%ын түзөт.

Артыкчылыктуу иш-аракеттер:

1) кургак учук кызматына, анын ичинде айыл жергесине жана алыскы райондорго медициналык кызматкерлерди тартуу максатында алардын ишин жөнгө салган ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу;

2) кургак учукка каршы кызматта медициналык кызматтарды көрсөтүүдө медициналык кызматкерлердин кызыкчылыктарын жогорулатуу;

3) кургак учукту аныктоодо, дарылоодо жана алдын алууда баштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде медицина кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу;

4) медициналык кызматкерлерди дипломго чейин жана андан кийин кургак учук боюнча окутуунун окуу пландарын өркүндөтүү;

5) кургак учукка каршы иш-чараларды жүргүзгөн медициналык кызматкерлерге эмгек акы төлөө системасын оптималдаштыруу.


  1. Кургак учук-IV” программасын башкаруу жана

секторлор аралык өз ара аракеттенүү

Кыргыз Республикасынын кургак учукка каршы кызматы бир багытта адистештирилген, негизинен стационарга багытталган, ошону менен бирге эле саламаттык сактоонун кымбатка турган тармагы. Улуттук фтизиатрия борбору үчүнчү деңгээлдеги медициналык уюм жана ЖИТСке, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү үчүн Глобалдуу фонддун (мындан ары – ЖКБГФ) гранттарынын реципиенти катары, 2010-жылга чейин өзүнүн атынан мамлекеттик кургак учукка каршы программалардын координатору, аткаруучусу жана мониторинги боюнча контролдоочу орган болуп келген. Өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүнү координациялоо жана стратегиялык чечимдерди кабыл алуу максатында кургак учукка каршы Кыргыз Республикасынын Координациялык кеңеши иштеп келген, бирок анын иши анча натыйжалуу болгон эмес.

Кургак учук боюнча кырдаал стратегиялык башкаруунун жана кургак учукка каршы препараттар менен камсыздоонун жетишсиздигинен, каржылоонун тартыштыгынан, бейтаптардын дарылануу кызыкчылыктарынын төмөндүгүнөн жана медициналык кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн натыйжасыз түрткү берүүсүнөн улам түзүлгөн. Кургак учукка каршы күрөшүү программасына тартылган уюмдарды координациялоонун жетишсиздиги орун алган.

Артыкчылыктуу иш-аракеттер:

1) кургак учукка каршы кызматтын ишинин ченемдик-укуктук базасын инвентаризациялоо жана өркүндөтүү;

2) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин бирдиктүү координациялоочу орган катары функцияларын жана ролун күчөтүү, Улуттук фтизиатрия борборуна караштуу Республикалык эпидемиология жана маалымат борборун Кургак учукка каршы улуттук программаларды өздөштүрүү борборуна кайра уюштуруу;

3) кесиптик ассоциацияларды, коомдук жана коммерциялык эмес уюмдарды, жарандык коомду кургак учукка каршы программаларды ишке ашыруу маселелерин чечүүгө тартуу;

4) кургак учукка каршы препараттар менен камсыз кылууну жөнгө салуу системасын жакшыртуу;

5) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде координациялык кеңешке кургак учукка каршы иш-чараларды ишке ашыруу боюнча маселелерин көтөрүү аркылуу өз карамагындагы аймакта кургак учукка каршы иш-чараларды жүргүзүү жана ишке ашыруу үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчиликтеринин жоопкерчилигин жогорулатуу.
7. Күтүлүүчү натыйжалар
“Кургак учук-IV” программасын ишке ашыруу мезгилинин аягында төмөнкү натыйжаларга жетишүү пландаштырылууда:

1) кургак учуктун жаңы жугуштуу учурларын табууну 70%га чейин жакшыртуу;

2) кургак учуктун жаңы жугуштуу учурларын ийгиликтүү дарылоо көрсөткүчтөрүн 85%га чейин жакшыртуу;

3) кургак учуктун дарыга туруктуу формалары менен ооругандарды дарылоону 85%га чейин камтуу;

4) кургак учуктан өлүм көрсөткүчүн 100 миң калкка 8,0 учурга чейинки деңгээлге төмөндөтүү;

5) ооруга чалдыгуу көрсөткүчүн 100 миң калкка 92,0 учурга чейинки деңгээлге төмөндөтүү;

6) АИВ-инфекциясы менен жашаган адамдардын кургак учуктан өлүмгө учуроосун 20%га чейин азайтуу.

8. Программаны каржылоо
“Кургак учук-IV” программасын каржылоонун негизги булактары: республикалык бюджет жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун каражаттары, ошондой эле бюджеттен тышкаркы булактар жана гранттык программалар.

2013-жылы кургак учукка каршы иш-чараларды каржылоо үчүн мамлекет тарабынан 577,5 млн сом суммада бюджет бекитилген, донорлор тарабынан 2,3 млрд сом кепилденген, мында бюджеттин дефицити 177 млн сомду түзөт (6,1%). “Кургак учук-IV” программасын ишке ашыруу үчүн мамлекеттик бюджеттен 2,5 млрд сом жана гранттардын эсебинен 2,8 млрд сом каржылоо пландаштырылса, программанын эсептик муктаждыгы 6 млрд сомду түзөт. Мында программанын бюджетинин дефицити 707 млн сомду (11,3%) түзөт. 2013-жылы аталган дефицитти жабуу үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өнөктөштөр менен экинчи катардагы кургак учукка каршы препараттарды сатып алуу үчүн донорлор тарабынан кошумча каржылоо маселесин макулдашты. ЖКБГФ 2013-жылы дарыга туруктуу кургак учугу бар 300 бейтапты экинчи катардагы препараттар менен кошумча камсыз кылууну караштырды. UNITAID эл аралык уюму дарыга туруктуу кургак учугу бар 220 бейтапты медикаменттер менен камсыз кылууну жактырды. “Чексиз дарыгерлер” уюму 125 бейтапты экинчи катардагы кургак учукка каршы препараттар менен камсыз кылууга ниеттенет жана Эл аралык Кызыл Крест миссиясы дарыга туруктуу кургак учугу бар 30 бейтапты дарылоону камсыздоону пландаштырат. Зарыл болсо, USAID 2013-жылы экинчи катардагы препараттар менен кошумча камсыз кылууну караштырууга даяр. Ошентип, 2013-жылы бюджеттин тартыштыгы толугу менен өнөктөш эл аралык уюмдардын жана донорлордун эсебинен жабылат.

Кийинки жылдарда, “медикаменттер” беренеси боюнча бюджеттин дефицитин кургак учукка каршы кызматтын ишин оптималдаштыруунун жана дарылоонун амбулаториялык түрүн кеңейтүүнүн эсебинен жабуу пландаштырылууда, бул “Кургак учук-IV” программасында каралган. Ошентип, 2013-жылы кургак учук менен ооругандарды дарылоонун амбулаториялык түрүн ишке киргизүү жана кургак учукка каршы уюмдарды кайра түзүү башталат, анда койка фондун 310 койкага кыскартуу каралып, 51,0 млн сом үнөмдөлөт, алар “Кургак учук-IV” программасынын чыгашалар тартыштыгын жабууга жумшалат.

9. Программаны ишке ашыруу планы
«Кургак учук-IV» программасын толук аткаруу үчүн аны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планы иштелип чыккан.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, эл аралык уюмдар жана башка өнөктөш уюмдар (макулдашуу боюнча) кургак учукка каршы иш-чараларды даярдоодо, ишке ашырууда жана баалоодо техникалык жардам көрсөтүшөт. Эл аралык стандарттардын жана сунуштардын негизинде иштелип чыккан техникалык колдонмо жана протоколдор ишке киргизилет жана медициналык кызматкерлер үчүн иш-аракет колдонмосу катары кызмат өтөйт. «Кургак учук-IV» программасын ишке ашыруунун натыйжалуулугун баалоо үчүн орто мөөнөтүү (2014-жылы) жана финалдык (2016-жылы) баалоону жүргүзүү пландаштырылууда.







©netref.ru 2017
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет