Журнал 2009-жылдан чыга баштады. Эки айда бир жолу жарык кєрєт. Тарыхый-даректїї илимий-популярдуу журнал



жүктеу 1.27 Mb.
бет1/7
Дата30.04.2016
өлшемі1.27 Mb.
  1   2   3   4   5   6   7
:
Журнал 2009-жылдан чыга баштады. Эки айда бир жолу жарык кєрєт.
Тарыхый-даректїї

илимий-популярдуу журнал
Тїзїїчї:

Кыргыз Республикасынын

Маданият жана маалымат

министрлигине караштуу

мамлекеттик архив агенттиги
Башкы редактор:

Султан Абдыракманов

Редколлегия мїчєлєрї:



Ч.Абыкеев (тєрага)

Т.Акматалиев

М.Алтыбаев

К.Ахмедов

О.Кадыркулов

М.Кєчєков

К.Курманбеков

Н.Мамбеталиева

Б.Самаева

Ч.Сейдиматова

Ш.Сулайманова

Редакциянын дареги:

720040. Бишкек ш.

Токтогул кєчєсї-105.

Тел: 62-49-33, 62-26-91.
Журнал Мамлекеттик архив агенттигинин маалыматтык технологиялар борборунда басылды.
Наркы келишимдик баада.
Электрондук дарегибиз:

muras@archive.kg

© "Тарыхый мурас"

Мукабанын 1-бетинде Саймалуу таш сїрєттєрї, 2-бетинде кыргыз элчилери Омск шаарынын генерал-губернаторунун кабыл алуусунда (кєркєм сїрєттїн кєчїрмєсї), 3-бетинде нар минген кыргыз айымы.

Айрым фотосїрєттєр Мамлекеттик архив агенттигинин кинофотофонодокументтер архивинен алынды.
МАЗМУНУ
Архив тууралуу алгачкы токтом..............................................................................2
Ч. Абыкеев

Єткєндї унутпай, келечекке їмїт артып иштєє керек.........................3


Сєз тегин серептєє............................................................................5
Кыргыз архивинин урунттуу учурлары.............................................6
Конференциялар парады...................................................................7
Саамалык саптар

Сооронбай Жусуевдин мурасы.........................................................8

Дайыр Асановду аздектєє................................................................9
Статья первой заведующей Центрархивом А.А.Струковой

в газете "Советская Киргизия" "Внимание архивам" -

к организации Центрархива Кирг.АССР.............................................10
«Алтын китеп» конкурсу ................................................................10
Б.О.Самаева

Тарыхчы - архивчилерди даярдоонун ташпиши.................................11


Улукбектин санжырасы

Нух пайгамбардын балдары.............................................................13


Абдыкадыр Орозбеков Кыргызстандын биринчи Президенти...........15
Ардактуу аксакал..........................................................................16
Олжобай Каратаев

Кыргыз уруулары............................................................................21


Байас Турал

Кыргыз жана монгол санжыраларындагы жалпылыктар..................23


Нурбек Туран

Печенектер....................................................................................32


Тїлєн Акматалиев

Турмуш туткасын туткан кесип ээси,

же Тургунбек Суванбердиев тууралуу кеп........................................44
Архив ишинде кездешїїчї айрым аталыштардын

орусча-кыргызча сєздїгї.................................................................46

Архив тууралуу алгачкы токтом

Облаткомунун Президиумунун

30/VIII 1926-жылдын № 183, § 25

протоколу менен БЕКИТИЛГЕН

Р.С.Ф.С.Рнын КЫРГЫЗ АВТОНОМИЯЛЫК

ОБЛАСТЫНЫН СОВЕТТЕРИНИН ОБЛАСТТЫК АТКАРУУ КОМИТЕТИНИН

Т О К Т О М У


30-август 1926-ж. № 59 Фрунзе шаары
КАОдо АРХИВ ИШИН УЮШТУРУУ ЖАНА К.А.О АЙМАГЫНДАГЫ МЕКЕМЕЛЕРДИН АРХИВДИК МАТЕРИАЛДАРЫН ТАРТИПКЕ КЕЛТИРЇЇ ЖЄНЇНДЄ

Кыргыз Автономиялык Областынын Советтеринин Областтык Аткаруу Комитети токтом кылат:

ББАКнын 20-ноябрь 1922-жылынын (1922-жылдагы № 78. 973 б. Мыйзамдаштыруу жыйнагы) аракеттеги декретинин негизинде 1926/27 бюджеттик жылда КАОнун Советтеринин Областтык Аткаруу Комитетине караштуу Кыргыз Автономиялык Областында архив ишин жетектєє їчїн Областтык Архив бюросу тїзїлсїн.

2. Облаткомдору Округдардагы архив боюнча иштерди єз ишине кошуп аткаруучу тиешелїї адамдарды бєлїп беришсин.

3. Ократкомдору бєлгєн адамдар ократкомдордун административдик баш ийїїсїндє калышып, алардын техникалык жана канцелярдык аппаратын пайдалануу менен архивдик атайын маселелер боюнча КАОнун Областтык Архив Бюросу менен токтоосуз байланышсын.

4. КАОнун Облкомуна караштуу областтык архив бюросунун кєрсєтмєлєрїнє ылайык КАОнун аймагындагы мамлекеттик , коомдук, соода-єнєр жайы, кооперативтик мїнєзїндєгї бардык мекемелер революцияга чейин жана революциядан кийинки мезгилдеги єздєрїнїн архивдик материалдарын токтоосуз тартипке келтирїїгє киришишсин.

5. Так эсептєє жана архив фондуларды аныктоо їчїн мекемелердеги бардык материалдар їч категорияга бєлїштїрїлєт: 1) мекемелердин революцияга чейинки архив материалдары; 2) Мекемелердин революциядан кийин улуттук чектєєлєрдї жїргїзгєнгє чейинки архив материалдары (Мурдагы Тїркреспубликаларынын мезгили);

3) мекемелердин улуттук чектєєлєрдєн кийинки архивдери.

Ушул топтогу архивдик материалдар мурда эскертилген токтомдун протоколунун I пунктундагы кыска кєрсєтмєдєгї формага ылайык їч нускада тїзїлїїгє тийиш , анын бир нускасы КАОнун Областтык архив бюросуна, бир нускасы (аймактагы баш ийген мекемеге), бир нускасы мекемеде сакталсын.

6. Мекемелерге нускама жїргїзїї жана КАОнун округдарындагы архивдерди тартипке келтирїї жумушуна байкоо архивдик мыйзам чыгаруу талаптарды сактоо менен ушул токтомдун 2 пунктуна ылайык бєлїштїрїлгєн адамдарга жїктєлсїн.


Облаткомдун тєрагасы - Орозбеков.

Катчысы - Тюрин


Тїп нускасы туура:

Уюшбєлїмїн Катчысы /Лапин/


УТВЕРЖДЕНО

протоколом Президиума

Облисполкома от 30.VIII 926г. №183, § 25
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Областного исполнительного

комитета советов Кыргызской

Автономной области Р.С.Ф.С.Р


30 августа 1926 г. №59 гор.Фрунзе
Об организации архивного дела в као

и приведении в порядок архивного материала при учреждениях, находящихся на территории К.А.О"

Областной исполнительный Комитет советов Кыргызской Автономной области п о с т а н о в и л:

1. Для руководства архивным делом в Киргизской Автономной Области образовать с 1926/27 бюджетного года областное архивное бюро при Областном Исполнительном Комитете Советов КАО, действующее на основании декрета ВЦИК от 20 ноября 1922 г. (Соб. Узак. 1922 г. № 78, ст. 973).

2. Окрисполкомам выделить соответствующих лиц, на которых возложить по совместительству обязанности по архивному делу в округах.

3. Выделенным Окрисполкомами лицам, по вопросам специально архивным, немедленно увязаться с областным архивным бюро КАО, оставаясь в административном подчинении окрисполкомам и пользуясь их техническим и канцелярским аппаратом.

4. Всем учреждениям государственного, общественного, торгово-промышленного и кооперативного характера, находящимся на территории КАО, немедленно приступить к приведению в порядок своих архивных материалов как дореволюционного периода, так и после революционного, согласно указаний областного архивного бюро при Облисполкоме КАО.

5. Для точного учета и определения архивных фондов все архивные материалы, находящиеся при учреждениях, должны быть разделены на три категории: 1) архивные материалы учреждений дореволюционного периода; 2) материалы учреждений периода революции до нацразмежевания (периода бывшей Туркреспублики); 3) архивы учреждений после национального размежевания.

На все эти группы архивного материала должны быть составлены описи в 3-х экземплярах по форме, предложенной в кратких указаниях, упомянутых в п. I сего постановления, из которых один экземпляр представить в областное архивное бюро КАО, один экземпляр в архивный отдел Окрисполкома (по территориальной подведомственности) и один экземпляр хранить в учреждении.

6. Инструктирование учреждений и наблюдение за работой по приведению в порядок архивов в округах КАО с соблюдением требований архивного законодательства возложить на лиц, выделяемых согласно п. 2 настоящего постановления.


Предоблисполкома Уразбеков

Секретарь Тюрин


С подлинным верно

Секретарь Оргота Лапин

Алгы сєз

Чолпонбек Абыкеев,

Мамлекеттик Архив

Агенттигинин

Директору

Єткєндї унутпай,

Келечекке їмїт артып

иштєє керек

Архивдин тармактык журналынын алгы сєзїн жазууну баштаганда кандайдыр бир толкундануу сезими келди. Чыгармачыл адамга минтип толкундануу жєн эле келе бербейт. Катардагы бир макала жазган болсоў сергек отуруп ыўгайга жараша шилтеп коесуў. Демек биринчи саны бїгїнкї окурмандарга тартууланганы турган "Тарыхый мурас" журналы жєн салды журналдардан эмес. Бул єткєн менен келечекти байланыштырып турган чоў кєпїрє, архивдин їнї, добушу экенин жан дїйнєм менен сезип, жоопкерчилиги улуу ишти баштап жатканыбызды тїшїнїп толгонуп тургандыктын белгиси.

Кыргыз мамлекетинин архиви официалдуу жаралганына 80 жылдан ашкан ємїрїндєгї биринчи салмактуу басылмасы "кєз жарып" отурат.

Архив тармагы їчїн ушундай омоктуу басылманын кереги барбы? -деген жєндїї суроо туулат.

Жооп: кереги бар эле эмес архивдин сєзсїз єз басылмасы болушу зарыл.

Архивди эмнеге жыйнайбыз? Кыска жообу єткєндї унутпаш їчїн. Ал эми єткєндї унутпай эстеп айрымдарын кайра бир "беш салаадан" єткєзїп карап коюш їчїн басылма керек да. Архив учур-учуру менен оодарылып кызык жерлери коом эс тутумуна кайра жаўыртылып берилип турбаса "єлї дїйнєгє" айланып калат.

Архив басылмасы илим тармагында алектенгендер їчїн да табылгыс трибуна болуп берет. Деги эле єз иш кыябы боюнча архив тереў илимий тармак. Ал эми илимий басылмалар табиятында массалык нускага ээ болбогон менен жашоосу узак болот. Илимий басылмаларды интеллектуалдык чєйрєнїн окумал элитасы гана "тиши єтїп" окуй алат.

Ошондуктан башынан айта кетерибиз журналыбыздын нускасынын кєптїгї максат эмес. Максат илимий маани - маўызынын тереўдигинде болмокчу.

Кыргыз архивиндеги материалдар дїйнє архивине салыштырмалуу караганда жаш окумуштуу илимпоздор їчїн кол тие элек "дыў" десе да болот. Биздин архивдин материалдары келечектеги нечен окумуштууларды, илимдин кандидат, докторлорун кїтїп жатат.

Тилегибиз, бїгїнкї басылмабыз ошондой илимпоздорго жол баштоочу болуп бергиси бардыр.

Єткєн 2008 -жылдын жай айларында Малайзиянын Куалалумпур шаарында архив кызматкерлеринин дїйнєлїк конгресси болуп єттї.

Конгрессте мактаныч катары кеп болгондой эў "кары" архив бул Кытай мамлекетинин архиви болуп чыкты. Жашы 5000 (беш миў) жылга чукул. Конгрессте жасалган докладга караганда 8 миў жылга чукул жаштагы архивдик материалдар Кытай архивинде бар имиш. Ал эми 5 миў жылдан берки материалдар мамлекеттик коргоого алынып сакталып келатат.

Кытай архивине кызыгып илимий тармактар аркылуу оодарып кєрсєм чын эле 5 миў жылды чапчып турат. Кытай тарыхынын "атасы" аталган Сыма Цзяндын "Тарыхый жазуулары" б.з.ч. 104-91 жж. камтыйт.

Эмне дейсиў улуту, мамлекети сыймыктана турган иш. Кытай мамлекетинин башына мындан 5 миў жыл мурун келген император жетекчи келечек муун їчїн архив тїзїп калтырууну ишке ашырган. Бул иш муундан-муунга бузулбай аткарылып келатат. Кытай маданиятында эле эмес узак тарыха ээ мамлекеттик тїзїлїшї кїчтїї єлкєлєрдє мамлекеттин башкы белгилери болгон герби, гимни, желегине кошулуп архиви да айтылат.



Архив - бул мамлекеттин паспорту болуп эсептелет. Мамлекет качан жаралганын, чекарасы кандай жайгашканын, кандай улуттан турарын архивдик материалдарга карап гана далилдейсиў. Адам баласы кабыл алган дїйнєлїк цивилдїї тїшїнїктє архивдин мєєрї басылып кїбєлєндїрїлгєн гана материалдар тарыхый далил болуп эсептелет.

Жєнєкєй мисал, кыргыз мамлекеттїїлїгїнїн 2200 жылдыгынын БУУда чечим кабыл алынып белгиленїїсїнє кытай архивинен табылып бизге жиберилген 12 кат чечїїчї роль ойногон.

Ал каттар болбосо 2200 жыл мурун Кыргыз мамлекети болгонунадїйнєлїк коомчулук ишенбей коюшу толук мїмкїн эле.

Єкїнїчтїїсї каттар биздин кыргыз архивинен эмес, Кытай архивинен табылганы. Андан да єкїнїчтїїсї - кыргыз кагандарынын кытай императорлоруна жазган каттары биздин колго тие электигинде.

Сєз кыябы келгенде айтпаса сєз атасы єлєт дегендей Кытай мамлекетинин мамлекеттик ишмерлеринин акылы жетип 5 миў жыл мурда эле келечек муундар їчїн чирибей, жоголбой жеткидей шарты менен архив тїзїїгє жана анын тартибин бийлик канча алмашса да бузбай салттуу сактоого мурас кылып калтырыптыр.

Тилекке каршы, Кытай єўдїї тїпкїлїктїї мамлекетїїлїгї кїчтїї єлкєлєрдїн тїшїнїгї 5 миў жыл мурда жеткен мурас сактоо салттуулугуна биз бїгїн да жетпей, келечек муундар алдындагы жоопкерчиликти толук сезе ала албай жатканыбызды эмне менен тїшїндїрєсїў.

Бул бир кїйгєндєн айткан сєз. Биздин Борбордук Архивибизде да документтерди сактоо їчїн толук тиешелїї шарттар тїзїлгєн эмес. Температуралык, нымдуулук эрежелерди сактоо, єрт коркунучунан сактоо, єўдїї жєнєкєй талаптык шарттар жок. Муну жасап коюуга мамлекеттик єлчємдє туруп караганда чоў каражаттар деле кетпейт. Болгону керек экендигин тїшїнїї гана зарыл.

Жогорудагы кеп болгон Куалалумпурдагы конгрессте Тїштїк Корея архивинен келген архивист бир кызык маалыматты окуп берди. Бир миў эки жїз жылча мурдагы бир император аў уулого чыгат. Шарт боюнча императорду летописчи кайда болсо ээрчип бїт уккан кєргєнїн жазышы керек экен. Ошол кїнкї аў уулоодо ат їркїп кетип, император аттан жыгылып тїшєт. Император летописчини чакырып алып: "Менин аттан жыгылганымды жазбай эле кой. Анан да мени аттан жыгылып тїштї деп аялыма айтпа" деген экен. Летописчи болгонун болгондой императордун суранычын кошуп жазып койгон.

Маселе эмнеде турат. Летописчинин єз ишинин астындагы жоопкерчиликти так тїшїнїп туура аткаргандыгында. Анын мамлекет тарабынан маяна тєлєнїп аткара турган иши кєргєнїн кєргєндєй, укканын уккандай жазуу болгон. Муну летописчи кыйшайуусуз аткарган. Ал тїгїл "Мен император суранса деле болбой жазып койдум" -деген сыяктуу тїшїндїрмє берген эмес жєн гана ишти жазып койгон. Ошол кызматчынын 1200 жыл мурдагы мамлекеттик кызматтын жоопкерчилиги деген тїшїнїгїнє биздин тїшїнїгїбїздїн бїгїн жетпей жатканын айткым келди.

Тїбї тїптїї мамлекеттїїлїгї миўдеген жылдарды камтыган мамлекеттерди ушундай жоопкерчиликтїї адамдар тїзїшїп келечек муундарга мурасташкан. Биз да келечегибизге мамлекеттїїлїгї бекем єсїп-єнїккєн єлкєнї калтыра алабызбы деген санаа жїрєктї мыжыйт.

Туура, архивге шарт тїзсєў эле мамлекеттїїлїгїбїз бекем болуп калат деген ойду айтуудан алыспыз. Мамлекеттїїлїктїн бекем болушу їчїн кєптєгєн шарттар керек. Бирок ошонун ичинен архивди келечек муундар їчїн сактоого шарт тїзїї да башкы шарттардын бири экендигин билишибиз зарыл.

Кайрадан Кытайды мисалга алалы. Кийинки беш миў жылдык тарыхында Кытай мамлекети эмне турмушту гана башынан єткєрбєдї. Чачырап майда хандыктарга да бєлїнїштї, кайра биригип империя тїзїштї. Экономикалык жактан нечен жолу алсырады ж.б. толгон кырдаалдарга учурашты.

Бирок мамлекеттїїлїктї сактоонун негизги элементтерин бузбай сактап келатышат.

Мамлекеттїїлїктєгї ички кїч ушунда турат. Коммунисттик доор келгенде да єткєндї бїт чанып тарыхын єрттєп жок кылып жиберишкен жок. Архивди бузбай сактап калышты. Бїгїн Кытай мамлекети экономикалык жактан да, маданий жактан да кайрадан дїркїрєп гїлдєп єнїгїї кырдаалына єсїп жетишти. Кайрадан улуттук нарктуулук, салттуулук кїчєп єнїгє баштады. Архив бул багытта эбегейсиз чоў роль ойноодо.

Биздеги эгемендилїїктї алганыбызга он сегиз жыл болсо да такталган академиялык кыргыз тарыхын жазып чыга албай кыялкеч жазуучулардын бїт дїйнєнї кыргыз кылган "тарыхтарын" окуп курсант болуп илимий официалдуу тарыхыбызда болсо 1918- жылдан бери "киши катарына" кошулдук деген тїшїнїк менен чектелип келатабыз.

Эгер ата- бабаларыбыздын архив калтыруу деўгээлине єсїп жеткен болсо ушинтип чалды-куйду болот белек.

Ким экенибизди, тїбїбїз кайда экенин так билип отурат элек го. Болуптур єткєн єтїптїр. Эми аны артка кайтара албайбыз. Келечектеги беш, он миў жылдар кийинки муундар бїгїнкї тарыхыбызды окуй алабы? Ошолорго жеткендей шарт тїзє алабызбы?Маселе ушунда турат.

Архив кызматкеринин башкы милдети - архивге сактоого тїшкєн ар бир материалга кам кєрїї. Тїн уйкудан кїндїзгї тынымдан кетип ар бир баракты бєпєлєп урунуу їчїн иштєє экенин биздин кызматкерлерибиз негизинен жакшы тїшїнєт. Болгону мамлекеттик колдоо керек.

Єткєн 2008 -жылдын декабрь айында Президентибиз К.С.Бакиев мени жеке кабыл алып архивдеги абалды шашпай укту.

Абалыбызды тереў тїшїнїї менен карап бир катар тапшырмаларды берди. Бїгїн Архивдин 2009-2011 жылдык єсїп єнїгїї планын тїзїп єкмєткє жолдодук. Кєп жылдардан бери козголбогон имараттарды ремонттон єткєзїї иштери єткєн жылдан бери башталды. Азыр кошумча имарат берїї жагы да каралууда. Себеби, 50 миўден ашык документ имаратыбыздын жоктугунан кабыл алынбай турат. Муну да Президентибиз єзїнїн жеке кєзємєлїнє алган. Кудай буюрса жакында кошумча жай бєлїнїп калабы деген да їмїтїбїз чоў.

"Аракет кылса берекет" дегендей кєптєгєн пландарыбыз бар, аны бїт айтпай туралы.

Кыскасы колдогу журналыбыз омоктуу ойлордун трибунасы болсо дейм.

Басылмабыздын жолу шыдыр болуп, кылымдарды карытып, элибизге, мамлекетибизге, архивге кызмат єтєсїн.

Єзїнє жїктєлгєн улуу жїктї майышпай кєтєрїп бийиктикке алып чыксын деп бата тилейли.


Сєз тегин серептєє

Архив


Архив - байыркы мезгилдерде маанилїї мамлекеттик документтерди сактоочу жай: адегенде ал мамлекеттик кагаздардын кириш, чыгышын каттаган кеўсе катары белгилїї болгон.

Афинада мыйзамдардын, мамлекеттик келишимдердин, ардак грамоталардын ж.б. документтердин тїп нускаларын адегенде жети номофилакка сактаганы беришкен.

Б.з.ч. 4 кылымдарда Метроон храмында папируска, же дарактын кабыктарына жазылган мыйзамдардын, элдик жыйындардын жана кеўештердин чечимдеринин, мамлекеттик келишимдердин, эсептєєлєрдїн жана маанилїї сот иштеринин документтеринин кєчїрмєлєрїнїн тїп нускалары сактала турган борбордошкон архив пайда болгон.

Египетте кєлємдїї бир нече жеке архивдер табылган. Мисалы, Элефантиндеги еврей коомуна тиешелїї арамей тилинде жазылган документтерди сактаган жайды жана Филадельфиядагы Зенондун архивин айтсак болот.

Римдин мамлекеттик архиви Сатурн храмында жайгашып, аны шаардык квесторлор башкарышкан. Плебей архиви Церера храмынан орун алган. Рим империясында ошондой эле аймактык архивдер да болгон (53-б.).
Гладкий В.Д., Древний мир, Энциклопедический словарь, т-1., Донецк, МП., "Отечество", 1997г., 53-бет.

Клинопис жазмаларынын архиви

Клинопис жазмаларынын архиви - негизинен чопо тактайчаларга клинообраздагы белгилер менен жазылган документтердин (элчилик, сот, жеке-укуктук, чарбалык, отчеттор, каттар ж.б.) жыйындысы.

Клинопис архивдери б.з.ч. 3-миўинчи жылдардан б.з. 1 к., клинопис жазмалары колдонгон мезгилдерде, Батыш Азия єлкєлєрїнїн (Шумер жана Аккад, Вавилон жана Ассирия, Элам, Хет падышачылыгы, Финикия, Урарту, Персия) хан сарайларында, храмдарында, ири кул ээлєєчїлєрдїн(соодагерлердин жана чайкоочулардын) їйлєрїндє пайда болгон.

Бизге чейин жеткен ири клинопис архивдери болуп: ассириялык падыша Ашшурбанапалдын мамлекетинин карамагына кирген Ирактагы Ниневия архиви(Кїйїнжїк); Сиппардагы (азыркы Абу-Хабба) Шамаш кудайынын храмындагы архив; Ниппурдагы (азыркы Нуффар) Энлил-Бел храмындагы архив; Уруктагы (азыркы Варка) Наны-Иштар кудайынын храмындагы архив; Лагаштагы(азыркы Телло) архив; Эгиби їйїндєгї(б.з.ч. 7 к. Вавилон) соода-чайкоочулук архиви; Египеттеги Телль-Эль-Амарн элчилик архиви; Сириядагы Мари (Телль-Харира) архиви; Рас-Шамрадагы (байыркы Угарит) архив; Тїркиядагы хет падышаларына тиешелїї Богазкой архиви; б.з.ч. 20-19 к.к. таандык ассирия колониясынын архиви; Канес (азыркы Кїл-Тєбє) архиви; Ирандагы Ахаменид борборундагы Персеполь архиви (53-б).
Гладкий В.Д., Древний мир, Энциклопедический словарь, т-1., Донецк, МП., "Отечество", 1997г., 53-бет.
Архивдин алгачкы

сайты


Электрондук байланыш жана маалымат алуу мїмкїнчїлїгїн тїзїї максатында мамлекеттик архив агенттигинин archive.kg деген аталышта єздїк сайты алгачкы ирээт ачылды. Сайтка Кыргыз архивинин иш-аракеттеринин маалыматтары, уюштурулган жыйындардын єзєктїїлєрї, агенттиктин структуралык тїзїмдєрї, архивдик фото документтер, архивдик тармактардын даректери жана башкалар киргизилген. Мезгил талабына жараша сайттын мїмкїнчїлїгїн арттыруу аракеттери жасалууда.

Редакциядан: Тээ илгери, биздин акылыбыз жетпеген кайсы бир замандарда бабаларыбыз єздєрїнїн басып єткєн ємїр сапарын урпактарына жазып, сактап эстелик кылып калтырууну ойлоп табышкан экен. Алгач, таза мїлжїнгєн сєєккє, андан соў єздєрї тїнєк кылган їўкїрлєрдїн боорлоруна из салып, бара-бара жылмакай таш беттерине оюна тїшкєндєрїн чиймелеп, урпактарга мурас таштап, Архив калтырууну єздєштїрїшкєн. Андан бери мезгил закымдап, канча ирээт табият єзгєрїп, тоо куланып жайык, тїз тирелип тоо болуп, кєл какшыган чєлгє, чєл мелмилдеген кєлгє айланыптыр. Ошол кєєнє Архивдин издерине назар бурсак ар бир доордун маалыматы ошол єзгєрмєлїї дїйнєнїн ээлеринин акыл эсине жараша калчанып, урпактарга сунушталып келгендигин кєрєбїз. Кїї - шаа болгон доорлор айдыўынын кайсы бир азыркы учурда талашка тїшїп жїргєн бїктємїнєн айланасындагыларды айбатына чєгєлєткєн, кєчмєн жашоонун миў катмар сырын єздєштїргєн, кєкїрєгїндєгї ою кємєкєйїнєн ыр болуп тєгїлгєн, баатыр мїнєз ата - бабаларыбыз чыгып, алардын айткандары улам кийинки муунга тытылып жок болчу кагаз бетинде эмес ташка чийилген тамга, санжыралуу санат ирээтинде єтїп, кєєдєн тєрїндє сакталгандыгы дайын.Урпак алдындагы вазипасы катары аталарыбыз улуулардан алган баалуулуктарды кєч улоочуларга эскерте олтуруп, натыйжада Манас баш болгон руханый баалуулуктар, Улуу сєз мурасталган экен. Ошентип, мезгил агымына жараша кєрєўгє казыналардан чогултулган, жер ааламындагы жалпы баалуулуктардын катарында Кыргыз архиви тїзїлїп, 83 жылдык тажрыйбага ээ болуп олтурат. Архивдин тєл башы болгон журналынын бул чыгарылышында архивге тиешелїї 1926-жылдан 1991-жылга чейинки айрым урунттуу учуларга токтолууну туура кєрдїк. Анда сєз єз ирээти менен болсун.

КЫРГЫЗ АРХИВИНИН

УРУНТТУУ УЧУРЛАРЫ

Кыргызстандагы Мамлекеттик архив кызматы журналдын алгачкы бетинде белгиленгендей Кыргыз автономдуу облусунун аткаруу комитети тарабынан "Кыргыз автономдуу облусунда архив иштерин жєнгє салуу жана архив материалдарын сактоо боюнча" токтомдун негизинде 1926-жылы 30-августта кабыл алынган.

Ушул токтомго ылайык ошол эле жылы 1-сентябрда Кыргыз автономдуу облусунда архив бюросу тїзїлїп, аны жїзєгє ашырууга жаўы уюшулган кыргыз бийлигине баш ийген ар бир аймактык аткаруу комитеттери жоопкерчиликтїї болушкан. Аларга жїктєлгєн эў негизги милдет бардык мекемелердин зарыл документтик,чарбалык иш кагаздырын жана башка материалдарын чогултуу менен жергиликтїї бирдиктїї мамлекеттик архив фондун тїзїї болгон.

1927-жылы март айында архив бюросу Кыргыз АССРинин борбордук архив башкармалыгы деп аталган. Бул жайга колдо бар архивдик маалыматтар жыйналган. Тагыраак айтканда, Октябрь революциясына чейинки тарыхый архивдик баалуулуктар жана Совет бийлигинин алгачкы телчигїї жылдарындагы чогултулган кол жазмалар, сїрєттєр, тактамалар жана башка иш кагаздары мїмкїнчїлїктїн жетишинче ирээттелип сактоого коюлган. Ошол эле мезгилде округдарда архив бюролору тїзїлгєн. Алар тийиштїї аткаруу комитеттерине баш ийишкен жана архивдик документтерди чогултуу тапшырмаларын алышып, аны тактык менен ишке ашырышкан. Автономдуу республиканын жергиликтїї бийлик борборлору болгон Фрунзеде,Ошто,Караколдо,Нарында,Таласта архив кантондору иштей баштаган.

1930-жылы Кыргызстанда райондордун тїзїлє башташы менен Ош, Каракол архивдери шаардык архив, Нарын архиви райондук, ал эми Фрунзе жана Талас архивдери борбордук архивге кошулган.

1931-жылы шаардык жана райондук архивдер базалык уюм катары Каракол, Нарын,Токмок, Жалал-Абад, Ош, Сїлїктї шаарларында курулган.

1931-жылдан 1937-жыл ичинде республиканын бардык аймактарында райондук архивдер тїзїлгєн жана алардын саны 45ке жеткен.

1940-жылдын 26-январындагы №81-токтомунда белгиленген административдик-территориалдык бєлїштїрїї реформасына ылайык Кыргыз Республикасында 5 облустук архив башкармалыгы тїзїлїп, 1944-жылдан баштап алар єз алдынча мекемеге айланган.

Кыргыз ССРинин 1941-жылдын 8-августундагы №746-токтомуна ылайык Фрунзеде документалдык баалуулуктардын єзгєчєлїгї эске алынуу менен фонофотодокументтердин мамлекеттик архиви тїзїлгєн.

1958-жылы Кыргыз ССРинин борбордук мамлекеттик архивине кошулган фонофотодокументтердин мамлекеттик архиви 1972-жылы кайрадан єз алдынча борбордук мамлекеттик кинофотофоно документтер архиви болуп тїзїлгєн.

1963-жылы административдик-территориалдык бєлїштїрїїнїн єзгєргєндїгїнєн улам Ош облустук архивинен башка бардык облустардын, райондордун архивдери борбордук мамлекеттик архивдин курамына бириктирилген.

1968-жылы 4-апрелде Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин №121-токтомуна ылайык мамлекеттик архив тармактары кыскартылган. Натыйжада тогуз архивдик уюм калтырылган. Алар, борбордук мамлекеттик архив жана борбордук архивдин Кант, Калинин, Пржевальск, Талас, Нарын жана Ош облустук жана Жалал-Абад, Кызыл-Кыя шаардык филиалдары иш жїргїзгєн.

1987-жылы 6-ноябрда борбордук мамлекеттик архивден илимий-техникалык документация боюнча борбордук мамлекеттик архив болуп єзїнчє бєлїнїп,1990-жылы 3-июлда бул бєлїмдїн документтери борбордук мамлекеттик архивге єткєрїлїп берилген.

1990-жылы Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин 1968-жылдын 4-апрелиндеги №121-токтомуна ылайык бириктирилген филиалдардын негизинде Нарын, Ысык-Кєл, Талас жана Жалал-Абад облустук архивдери тїзїлгєн.

1991-жылы СССРдин таркашы менен компартиянын ишмердїїлїгїнїн токтогондугуна байланыштуу мамархив кызматына Кыргызстандагы мурунку коммунисттик партия архиви кошулган.

1991-жылы 9-декабрда Кыргыз республикасынын министрлер кабинетинин №568-токтому менен Коммунисттик партиянын борбордук комитетине караштуу партия тарыхы институтунун партиялык архиви саясий документтер боюнча мамлекеттик архиви болуп єзгєрїп, филиалы Ош шаарында ачылган. Аларга компартия жана комсомол документтерин жана азыркы коомдук-саясий уюмдардын документтерин сактоо иштери милдеттендирилген.



P.S. Журналыбыздын кийинки санында Архивдин эгемендїїлїк учурундагы айрым урунттуу учурлары тууралуу маалымат бермекчибиз.

Конференциялар парады




  1   2   3   4   5   6   7


©netref.ru 2017
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет