Кыргыз филологиясы факультети кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун методикасы кафедрасы осмонкулов а., Акунова а. Р



жүктеу 2.56 Mb.
бет1/14
Дата25.04.2016
өлшемі2.56 Mb.
  1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   14
:


Ж.БАЛАСАГЫН АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТИ

КЫРГЫЗ ФИЛОЛОГИЯСЫ ФАКУЛЬТЕТИ

КЫРГЫЗ ТИЛИН ЖАНА АДАБИЯТЫН ОКУТУУНУН МЕТОДИКАСЫ КАФЕДРАСЫ


ОСМОНКУЛОВ А., АКУНОВА А.Р.
«ӨНӨР АЛДЫ – КЫЗЫЛ ТИЛ»
(ЖОЖдун студенттери үчүн түзүлгөн

фразеологиялык минимумдун түшүндүрмө сөздүгү)


1-китеп

БИШКЕК 2007

УДК 80/81

ББК 81

О 98

Рецензиялагандар: филология илимдеринин доктору,

профессор Ш. Жапаров;



педагогика илимдеринин кандидаты,

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин доценти Чыманов Ж.А.


Осмонкулов А. ж.б.
О-98 Өнөр алды-кызыл тил. ЖОЖдун студенттери үчүн түзүлгөн фразеологиялык минимумдун түшүндүрмө сөздүгү / Осмонкулов А., Акунова A. –Б.: 2007.-160 б.

ISBN 9967-20-076-6


Бул окуу куралы - ЖОЖдун филология жана педагогика факультетин окуган студенттерге кыргыз фразеологиясын тереңдетип окутуу үчүн түзүлгөн фразеологиялык минимумдун түшүндүрмө сөздүгү. Студенттерге курсту өздөштүрүү, билимдерин тереңдетүү үчүн кошумча каражат катары сунушталат.

О 4602000000-01 УДК 80/81

ББК 81

ISBN 9967-20-076-6 © Осмонкулов А., Акунова A.Р., 2007



«Адам-адам болуп өнүгүп турганда,

тилден түбөлүктүү, тилден артык өнөр жок.

Өнөрдүн алды - кызыл тил».

Ч.Айтматов.

Сөз башы

Кыргыз тили Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили катары билим берүү мекемелеринин бардык баскычтарында окутулат. Анын ар кыл тармактары боюнча теориялык, практикалык, методикалык багыттагы ар кандай изилдөө иштери жүрүп жатат.

Кыргыз тилинин өзүнчө бир тармагы болгон фразеология боюнча да бир топ эмгектер жаралды. 1956 - жылы Ж.Шүкүровдун «Кыргыз тилиндеги фразеологиялык айкалыштар жөнүндө» аттуу илимий макаласы аркылуу кыргыз фразеологиясын изилдөөгө алгач чыйыр салынган. Андан соң, окумуштуулар Ж.Осмонова, Ж.Мамытов, А.Сапарбаев, Ж.Мукамбаев, Р.Эгембердиев, Б.Суранчиева, А.Назаров, Ж.Чыманов, Г.Жамшитова ж.б.лар чакан макалалардан тарта кандидаттык диссертацияларга чейин жаратышты. Тилдеги фразеологизмдерди чогултуу жана аларды сөздүк кылып чыгаруу иши да жакшы жолго коюлган. 1980-жылы жарык көргөн «Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгүнөн» тышкары, 1990-жылы Э.Абдулдаев, К.Сейдакматовдордун мектеп окуучулары үчүн «Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү», 2000-жылы Г.Жамшитованын «Кыргызча-орусча, орусча - кыргызча тематикалык фразеологиялык сөздүгү», 2001-жылы «Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү» толукталып 2-жолу Ш.Жапаров, Ж.Осмонова, К.Конкобаевдер тарабынан жарык көрдү. Бирок ушул күнгө чейин фразеологизмдерди окутуу ишине методисттер тарабынан жетишээрлик деңгээлде көңүл бурулбай келет. Жалпы билим берүүчү мектептерде фразеологизмдерди окутуу боюнча Р.Эгембердиевдин «Фразеологияны 11 - класста окутуу» (1992) А.Р.Акунованын «Орто мектептерде фразеологияны окутуунун методикасы» (2004) аттуу колдонмолорунан башка эмгек жокко эсе. Демек, кыргыз тилинин фразеологиясын методикалык өңүттөн изилдөө иши учурдагы актуалдуу маселелердин бири болуп саналат. Дегеле, лингвистикалык жактан өтө татаал, семантикалык, этимологиялык жактан кызыгууну туудурган тилдеги фразеологизмдердин табияты али толук изилденип бүтө элек, ал үчүн көптөгөн теориялык, практикалык, методикалык аспектидеги илимий иштер илимпоздор тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш.

Кыргыз элин башка элдерден айырмалап турган улуттук өзгөчөлүктөрүнүн бири болгон - эне тилин өсүп келе жаткан жаңы муунга чып-чыргасын коротпой өткөрүп берүү, үйрөтүү мурунку муундун адамдарынын, айрыкча тилди үйрөтүп жаткан педагогдордун ыйык милдеттеринен. Күнүмдүк турмушта пайдаланууда эч кандай чечмелөөсүз эле түшүнүүгө боло турган сөздөрдөн айырмаланып, фразеологизмдер ата-бабадан мурас катары элдин турмуш –тиричилиги, каада-салты, үрп - адаты, адеп - ахлагы, диний ишенимдери жөнүндөгү маалыматтарды өз ичине камтыган татаал тилдик бирдик, көркөм каражат болуп саналат. Мындай сөздөрдүн тарыхын билип, маанисин атайын чечмелемейин толук түшүнүүгө мүмкүн эмес. Кыргыз тилинин көркөмдүгүнө, элестүүлүгүнө, таасирдүүлүгүнө өз салымын кошкон бул сөздөрдү билим берүүнүн бардык баскычтарында терең окута баштоого кезек келди. Себеби, бул татаал табияттагы сөздөрдү улам кийинки муундардын оозеки жана жазуу кептеринде азыраак колдоно баштаганы, көркөм сөз өнөрүнөн алыстап бара жаткандыктары байкалат. Муну биз педагогикалык тажрыйбабыздагы студенттерден ар кыл жазуу иштерин алуунун, оозеки кептерине байкоо жүргүзүүнүн, мектептерде, ЖОЖдордо жүргүзүлгөн анкеталык сурамжылоонун, педагогикалык эксперименттердин жыйынтыктарына таянуу менен айта алабыз. Өз кезегинде орус окумуштуусу В.В. Радлов суктангандай, дүйнөдө теңдеши жок алп Манас баштаган дастандарды жараткан, өнөр алды - кызыл тилди туу туткан элибиздин улуу муундан калган көркөм сөз берметтерин эне тилибиздин улуттук байлыгы, өзгөчөлүгү катары кийинки муунга үйрөтүү ишине аздыр – көптүр болсо да өз салымыбызды кошолу деген максат ушул эмгектин жаралышына түрткү болду.


Сөздүктүн түзүлүшү тууралуу.

Кыргыз тилиндеги фразеологизмдерди тереңдетип окутууда кошумча каражат катары 1200 фразеологизмди камтыган түшүндүрмө сөздүк төмөндөгүдөй бөлүмдөрдү өз ичине камтыды:



1. АДАМДЫН ОҢ, ТЕРС САПАТТАРЫН ТУЮНТКАН ФРАЗЕОЛОГИЗМДЕР.

2. ТУТУМУНДА СОМАТИЗМДЕР КАТЫШКАН ФРАЗЕОЛОГИЗМДЕР.

3. ТУТУМУНДА ЗООНИМДЕР КАТЫШКАН ФРАЗЕОЛОГИЗМДЕР.

4.ТУТУМУНДА САН АТООЧТОР КАТЫШКАН ФРАЗЕОЛОГИЗМДЕР.

5. АЛКОО, КАРГОО ИРЕТИНДЕ АЙТЫЛГАН ФРАЗЕОЛОГИЗМДЕР.

Ар бир топко кирген фразеологизмдердин туюндурган лексикалык мааниси чечмеленип, оозеки жана жазуу кептеринде колдонулушуна мисалдар берилди. Мисалы:



Ак көңүл

Көңүлүндө кири жок, арамдыгы жок, кишинин көңүлүн калтырбаган, оюна кек албаган, кекчил эмес

Ак көңүл киши карыбайт.

Мисалдар, элдик оозеки жана адабий көркөм чыгармалардан, басма сөз маалыматтарынан (сөздүктө БСМ деп кыскартылып берилет), сөздүктөрдөн, студенттердин жазуу иштеринен тандалып алынды. Авторлордун оозеки кептерден келтирген мисалдары да бар.

Фразеологизмдерде кездешүүчү варианттуулук негизги варианты менен бир графага чогуу берилди. Мисалы:

Кудай жалгасын!

В:Теңир жалгасын!

Көбүнчө бирөөгө ыраазы болуу, же келиндерди алкоо маанисинде колдонулат.

Өмүрүң узун болсун! Кудай жалгасын! Сооп иш кылдың, ишиң оңолсун! (Медетов)

В:А-а, айланайын балам. Сага чоң рахмат! Сени теңир жалгасын! Эми биз кайталы, келе колуңду бер, азаматым! (БСМ)

Ал эми фразеологиялык омонимдердин маанилери, көп маанилүүлүгү 1-, 2-,... деп өз-өзүнчө чечмеленип, ар бирине мисалдар келтирилди. Мисалы:



Атка жеңил, тайга чак

1. Жеңил-желпи, эптүү, элпек, тил алчаак;

2. Бат эле кепке алына коймо, баркы жок жеңил баа.



1.Араңардан атка жеңил, тайга чагыңар айылга барып келе койгула.

2.Качан болсо,мени атка жеңил тайга чак кыла бересиңер.


Студенттер үчүн сунушталып жаткан минимумдагы фразеологизмдер 2001-жылы жарык көргөн Ж.Осмонова, К. Конкобаев, Ш.Жапаров тарабынан түзүлгөн «Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгүндөгү» 7890 фразеологизмдин 15%ин түзөт. Бул фразеологиялык минимумду тандоодо оозеки жана көркөм чыгармаларда кеңири колдонулган жана семантикалык, грамматикалык жактан бирдей катыштагы туруктуу сөз айкаштары тандалды. Ар бир бөлүмгө ылайык фразеологизмдер классификацияланды.

Адамдын оң жана терс сапаттарын туюнткан фразеологизмдер оң жана терс сапаттарга таандык болуп бөлүштүрүлдү.

Тутумунда соматизмдер, б.а. дене мүчөлөрдүн аттары катышкан фразеологизмдер курамындагы компоненттеринин санына карай классификацияланды. Эки, үч, төрт, 5-7 компоненттен турган фразеологизмдер өз-өзүнчө бөлүнүп берилди.

Тутумунда зоонимдер, т.а. жан-жаныбар, курт-кумурскалардын аттары катышкан фразеологизмдер 5 топко бөлүндү. Алар:

I. Адамдардын мүнөз, сапатын билдирүүчү фразеологизмдер.

2.Адамдардын сырткы келбетин туюндуруучу фразеологизмдер.

3. Адамдардын мамилелерин билдирүүчү фразеологизмдер.

4. Мезгил, убакыт, өлчөмдү билдирген фразеологизмдер.

5. Сын-сыпатты билдирген фразеологизмдер.

Фразеологиялык минимумдагы фразеологизмдердин грамматикалык турпатына да көңүл бөлүндү. Себеби, фразеологизмдер синтаксистик жактан бир гана сүйлөмдүн мүчөсү катары талданса, морфологиялык жактан ар бир компоненти өз алдынча сөз түркүмдөрүнөн турат. Алсак,

  1. Зат атооч+зат атооч

  1. Зат атооч+ этиш

  1. Зат атооч+зат атооч + этиш

Ат токуур, үй күчүк…

Ат арытуу, ат коюу…

Ат тезегин кургатпоо; жылын төө кылуу…

  1. Зат атооч+ сын атооч+ этиш

  1. Зат атооч+этиштин өзгөчө формасы+этиш

Төөсү ак тууду, кой маарек тартуу …

Ит көрбөгөндү көрүү; кумурсканын улутунганын билүү…

Бул сөздүктө курамында сан атоочтор катышкан фразеологизмдер тандалып, алардын лексикалык туюндурган мааниси жана оозеки, жазуу кептеринде колдонулушуна мисалдар келтирилди.

Ал эми каалоо - тилек, алкоо, каргоо иретинде колдонулган фразеологизмдер кыргыз фразеологиясындагы талаш-тартышты туудурган маселелерден. Азыркы кезде лингвистикада алкоо сөздөр бата, каргоо сөздөр каргыш деп өз алдынча да каралып жүрөт.

Сөздүктүн аягында фразеологиялык минимум камтыган айрым фразеологизмдердин пайда болуу тарыхына байланыштуу окуялар

Х.Карасаевдин «Накыл сөздөрүнөн» алынып берилди.

Фразеология боюнча корголгон 100гө жакын диссертациялардын тизмеси студенттер, магистранттар, аспиранттар, изденүүчүлөр үчүн кыргыз фразеологиясын изилдөөдө багыттама катары кызмат кылса деген тилек менен түрк тилдери, окутуунун теориясы жана методикасы адистиги боюнча тизмеленди.



Студенттер үчүн өздөштүрүүгө сунуш кылынган

фразеологиялык минимум

(1200 фразеологизмди камтыйт)
Ааламдан ашкан

Аарынын уюгундай

Абийири төгүлүү

Адалдан түгү жок

Адам бол

Ажал жетүү

Ажалы жок

Ажат ачуу

Ажыраш аяк

Аза бою дүркүрөө

Азабын берүү

Азабын тартуу

Аз жерден

Азуусун айга жаныган

Ай айланып,

жыл тегеренбей

Ай арасы

Ай башы


Айга колу жеткендей

Айдан ачык

Ай десе - аркы жок,

күн десе -көркү жок

Айдын он беши кара,

он беши ак

«Ай» дээр ажа,

«кой» дээр кожо жок

Ай жамалдуу

Ай-күнүнө жетүү

Айдап отко салуу

Айла барбы!

Айлан көчөк болуу

Айласы кетүү

Айрып алгыс

Айтканы айткан,

дегени деген

Айтканынан кайтпоо

Айтканынан чыкпоо

Айтканың келсин

Айтпаганды айтуу

Айтса-айтпаса төгүнбү

Айы оңунан туу

Айып этпеңиз

Ак алтын

Акарат кылуу

Акесин таанытуу

Акка моюн сунуу

Ак-караны ажыратуу

Ак кол


Ак көрпө жайыл

Ак көңүл


Ак сары башыл

Ак сөз


Ак сөөк

Ак сүтүн актоо

Ак төөнүн карды жарылган

Ак чөп башта

Акылдан адашуу

Акылга салуу

Акылына келүү

Акыл-эсин жыюу

Акыр заман

Ак эткенден так этүү

Ала жипти аттабаган

Алаканга салгандай

Ала көөдөн

Ала күздөн

Алдын алуу

Алдына ат салдырбаган

Алдына жыгылуу

Алдынан кыя өтпөө

Алдыңа кетейин!

Алдыраарда жаздыраар

Алкы бузук

Алма быш, оозума түш

Ал мончоктой

Алтын жаак, жез таңдай

Алтын шилекейин чачыратуу

Алты саны аман

Алчы-таасын жеген

Алып сатар

Амалы түгөнүү

Ант ургур

Анын бетин ары кылсын

Аңгектен качсаң, дөңгөккө

Аңды-дөңдү карабоо

Арааны ачылуу

Арага түшүү

Ара жолдо

Арам ойлуу

Арам өлүү

Арам тамак

Араңдан зорго

Арасынан кыл өтпөө

Аркан бою

Аркаңды мал бассын,

алдыңды бала бассын!

Ар качандан бир качан

Ар кошкон

Аркы-беркини түшүнгөн

Арманда калуу

Арты кайырлуу болсун!

Артык баш

Артынан сая түшүү

Ары жок


Ары карап ыйлап, бери карап күлүү

Арык чырай

Асан кайгы

Аскар тоо

Асмандын башы

Асыл тукум

Ата-баладай болуу

Атагы таш жаруу

Атам замандан бери

Ата наркы

Атанын баласы

Ат арытуу

Ата сакал ээгине бүтүү

Ат байгелүү болсун!

Ат жалына казан асуу

Ат жалын тартуу

Атка жеңил, тайга чак

Ат кара тил болгондо

Атка минер

Ат салышуу

Ат тезегин кургатпай

Ат токур


Аттын кашкасындай

Ат чабым


Ач кенедей асылуу

Ач кулактан тынч кулак

Ачууга алдыруу

Ачуусу мурдунун учунда

Ачык айтып, ак сүйлөө

Ачык ооз


Аша чапкандык

Аш бышым


Ашка аралашуу

Ашка жүк, башка жүк

Аш катык

Аян берүү

Баа жеткис

Баары бир

Багы байлануу

Багып алуу

Бак даарысын!

Бал тил


Бала болуп, башына жүн чыкканы

Балакетиңдин алайын!

Балалык кылуу

Балапан жүнү бата элек

Балтыр эти толо элек

Бармагын тиштөө

Бармак басты, көз кысты

Бармак басым

Бата кылуу

Баш адашуу

Баш айлануу

Баш аламан

Баш байлоо

Баш ийүү


Баш кошуу

Баш - көз болуу

Баш көтөрбөө

Баш - оту менен

Баш териси бузук

Баш териси оң

Баш тоголотуу

Баш чайноо

Башка баш кошулуу

Башка келүү

Баштан аяк

Башты оорутуу

Башы ачык

Башы бар


Башы быша элек

Башы бышкан

Башы жерге кирүү

Башы жок


Башы-көздөн садага

Башы менен жооп берүү

Башы оор

Башын аттоо

Башын куттуктоо

Башына бак конуу

Башына чай кайнатуу

Безге сайгандай болуу

Бейишиң болгур!

Бекер сөз

Бел байлоо

Бел куда болуу

Бели майышуу

Бербестин ашы бышпас

Бет ачар

Бет бага албоо

Бет маңдай

Бети ачык

Бети жок

Бети калың

Бети күйүү

Бетин ары кылсын!

Бетинде кызылы бар

Бетине кармоо

Бетине көө жабуу

Беш кол тең эмес

Беш колундай билүү

Беш колун салуу

Беш көкүл

Беш өрдөгүн учуруу

Бешигин терметүү

Бешик бооң бек болсун!

Бешиктен бели чыга элек

Бир ачууңду бер

Бир аягы көктө,

бир аягы жерде

Бир бозоруп, бир кызаруу

Бир боор


Бир бороондук алы жок

Бир жакадан баш,

бир жеңден кол чыгаруу

Бир жаңсыл болуу

Бир ичеги

Бир казанга кайноо

Бир кайноосу ичинде

Бир көзү бир көзүнө жоо

Бир көзүнөн кан,

бир көзүнөн жаш алуу

Бир ооздон

Бир оокум

Бир паста

Бир сөздүү

Бир сырдуу

Бир ууч


Бир эсептен

Бирди бирге уруу

Бирди көрүү

Бирдин айындай чоюлуу

Бири өлүп, бири калсын

Биринин тебетейин

бирине кийгизүү

Бити-битине батпоо

Битин сыгып канын жалаган

Биттин ичегисине кан куйган

Боз ала болуу

Боз бала


Бой бербөө

Бой жетүү

Бой көтөрүү

Бой түзөө

Болоору болуп, боёсу кануу

Боор ачырлык

Боор ооруса, боорго тебүү

Боор оору

Боор эт менен тең

Боору бүтүн

Боору катуу

Боору таш

Боору эзилүү

Босого аттоо

Бото көз

Ботодой боздоо

Бою жибүү

Боюна бүтүү

Боюнан бошонуу

Боюнан түшүү

Бөдөнөнүн сүтү

Бөйрөктөн шыйрак чыгаруу

Бөөдө өлүм болуу

Бөрк ал десе, баш кесүү

Бөрү тил

Бөрү этектен, жоо жакадан алганда

Бөтөлкөдөн башы чыкпоо

Бу кулагынан кирип,

тиги кулагынан чыгуу

Бут тосуу

Буту-бутуна тийбөө

Буту күйгөн тооктой

Буту үзүлгөнчө чуркоо

Бутунан жыгылуу

Бутуна туруу

Буудай жүздүү

Бучкагына теңебөө

Бүк түшүү

Бүткөн бою дүр дей түшүү

Быкбырдай кайноо

Былк этпөө

Бычак сырты

Бычакка сап болгондой

Бычактай тийүү

Бышы кулак болуу

Бышырып коюптурбу

Бээ көрдүңбү -жок,

төө көрдүңбү -жок

Бээ десең, төө дейт

Бээ саам


Даамын татуу

Дайыны жок

Далбас уруу

Далысын салуу

Дем берүү

Дем салуу

Демин басуу

Демин суутуу

Дени өлүү

Дениң сообу

Дили агаруу

Дили караюу

Дили катуу

Дилин билүү

Дит багуу

Дитин коюу

Док урунуу

Доңуз айбат

Доого жыгылуу

Доо кетүү

Доорон сүрүү

Дуба кылуу

Душман колдуу болуу

Душман көзүнө

Дүйнө астын - үстү болуу

Дүйнөдөн кайтуу

Дүйнөдөн так өтүү

Дүнүйө капар

Дүңк дей түшүү

Дымын чыгарбоо

Дың дебөө

Дыр берүү

Дээринде жок

Жаа бою качуу

Жаагы ачылуу

Жаагы жап болуу

Жаагын басуу

Жаагын ысытуу

Жаагың сынгыр!

Жаагыңды бас

Жаак эти шылынуу

Жаалы катуу

Жаба салуу

Жабуулуу кара инген

Жабык мүнөздүү

Жабылуу аяк

жабуусу менен калсын

Жага бербей калуу

Жаза басуу

Жазасын колуна берүү

Жай айтуу

Жайдак талаа

Жайдак төш

Жайыл дасторкон

Жайы жок

Жакасын кармануу

Жакшы аттуу болуу

Жакшы жатып, жай туруңуз!

Жалаа жабуу

Жал куйругу төгүлгөн

Жалгыз аяк жол

Жалгыз бой

Жалпак тилге салуу

Жаман айтпай,

жакшы жок

Жаман адам

Жаман көз менен кароо

Жан алакетке түшүү

Жан алгыч

Жан-алы калбоо

Жан ачытуу

Жан аябай

Жан багуу

Жан берүү

Жан бирге

Жан бычактын изинде

Жан далбаса кылуу

Жан - дили менен

Жан дүйнө

Жан жок


Жан кечти

Жан кирүү

Жан күйгүзүү

Жан кыйышпас

Жан сактоо

Жан соога

Жан талашуу

Жан тери келүү

Жанга батуу

Жанга теңебөө

Жанда жок

Жандан аша кечүү

Жандан түңүлүү

Жанды оозго тиштөө

Жанын сеп алдыруу

Жаны ачуу

Жаны бирге

Жаны жай албоо

Жаны жер тартуу

Жаны калбоо

Жаны караруу

Жаны кейүү

Жаны көзүнө көрүнүү

Жаны өз ордуна келүү

Жаны чыгуу

Жаным курман!

Жанын жейт

Жанын коёрго жер таппоо

Жанын сабоо

Жанын сууруп алуу

Жанындай көрүү

Жанынын бардыгынча

Жаның чыгып баратабы?

Жаңы тирдик

Жапа тырмак

Жар көрүшүү

Жарака түшүү

Жаралуу жерине тийүү

Жарасы жеңил

Жарасын ырбатуу

Жарма таарыныч

Жарпы жазылуу

Жарыгы тийүү

Жарык дүйнө

Жарыкка келүү

Жарыкка чыгуу

Жарым жан

Жата конок

Жаткан жери

жайлуу болсун!

Жатып ичер

Жаш аялмет

Жегени желим,

ичкени ирим

Жез кемпир

Жез таңдай

Жек көрүмчү

Жел өпкө


Жел сөз

Жел таман

Жел туруу

Желден учуу

Жели чыгуу

Желкеге минүү

Желкемдин чуңкуру көрсүн!

Желкеси жок

Жем болуу

Жем жеген акыр

Жем таштоо

Жемин жедирбөө

Жең ичинен

Жеңил баа

Жеңил барып, оор кел

Жеңилин жерден,

оорун колдон алуу

Жеп жиберчүдөй

Жер астын - үстүн болуу

Жер баспай калуу

Жер жамандап барбасын

Жер-жеберине жетүү

Жер жуткандай

Жер каймактагандан бери

Жер карама

Жер каратпоо

Жер көтөргүс

Жер көчүү

Жер менен жексен кылуу

Жер оо


Жер сабоо

Жер соорусу

Жер-сууга батпоо

Жер сүзүү

Жер чукуп отуруп калуу

Жерге берүү

Жерге жашыруу

Жерге калтырбоо

Жерге кир!

Жерге кирип кете жаздоо

Жерге түкүрүү

Жерден алып, көргө уруу

Жерден боорун көтөрүү

Жерден чукуса да

Жердин жети түбү

Жети атасын таанытуу

Жети атасын көзүнө көргөзүү

Жети өмүрү жерге кирүү

Жети түндө

Жетим акы

Жетине албоо

Жибин тартып көрүү

Жинин билгизбөө

Жигиттин гүлү

Жилиги үзүлгөнчө

Жин тийүү

Жинин кагуу

Жини кайноо

Жининдей көрүү

Жипсиз байлануу

Жок дегенде

Жок жерден

Жок кылуу

Жоктон жогору

Жол болсун!

Жол кароо

Жол талашуу

Жол тартуу

Жолборс жүрөк

Жолго коюу

Жолго салуу

Жолдо калуу

Жолдон чыгаруу

Жолу ачык

Жолу болбоо

Жолу болуу

Жолу катуу

Жолу улуу

Жолун жолдоо

Жолун кылуу

Жолуң ачылсын!

Жолуң болгур!

Жолу шыдыр,

жолдошу кыдыр болсун!

Жон териңди кий!

Жон терисин сыйыруу

Жону бар

Жону жука

Жону калың

Жонун салуу

Жонунан кайыш алуу

Жоо жакадан,

бөрү этектен алганда

Жоо куугандай

Жоон моюн

Жоон орто

Жоон топ

Жоругу жолдо калсын!

Жөн билги

Жөө жомок

Жөө күлүк

Жөө туман

Жөргөмүштүн торуна чалынуу

Жугуму жок

Жук болбоо

Жумурай журт

Жумурткадан кыр чыгаруу

Жумуруна жук болбоо

Журт атасы

Журтка таштоо

Жутуп жиберчүдөй

Жүгүн жеңилдетүү

Жүз карашпоо

Жүз токтотуп кароо

Жүз чаюу

Жүзөгө ашуу

Жүзү жарык

Жүзү каралык

Жүзү курсун

Жүлүнгө жетүү

Жүнү тирүү

Жүнүн жейт

Жүр-нарыга салуу

Жүргөн жерине

чөп чыкпоо

Жүрөгү агарбоо

Жүрөгү айлануу

Жүрөгү айрылуу

Жүрөгү ак

Жүрөгү алып учуу

Жүрөгү болк дей түшүү

Жүрөгү ачышуу

Жүрөгү жаралуу

Жүрөгү жарыла жаздоо

Жүрөгү жибүү

Жүрөгү жок

Жүрөгү каноо

Жүрөгү курч

Жүрөгү муз

Жүрөгү оозуна тыгылуу

Жүрөгү опколжуу

Жүрөгү оозуна келүү

Жүрөгү өлүү

Жүрөгү солк этпөө

Жүрөгү сыздоо

Жүрөгү таза

Жүрөгү тоо

Жүрөгү туз куйгандай ачышуу

Жүрөгү түшүү

Жүрөгү элжирүү

Жүрөгү экөө

Жүрөгүн ачуу

Жүрөгүн өйүү

Жүрөгүндө кара жок

Жүрөгүндө оту бар

Жүрөгүнө чок салуу

Жүрөк заада болуу

Жүүнү бош

Жыйыштырып коюу

Жыл айланбай

Жыл сүрүү

Жылан өлтүрөйүн десе,

таш алып бербеген

Жылан сыйпалагандай

Жылан чакпай, жылкы теппей

Жыландын башын көрсөтүү

Жыландын куйругун басуу

Жылаңач баатыр

Жылаңач төөнү бучкакка чапкандай

Жылдызы жарык

Жылдызы жерге түшүү

Жылдызы жок

Жылдызы каршы

Жылкы кыял

Жылкыңа карап ышкыр

Жылт берүү

Жылуу ордун суутуу

Жылын төө кылуу

Жым дей түшүү

Жырык ийнесин албоо

Жыты сиңишүү

Жээрин жеп, ичээрин ичүү

Заманасы куурулуу

Зар какшоо

Зоболосу көтөрүлүү

Зээни кейүү

Изден тайбоо

Издешпей табышуу

Изи жок

Изин баспоо



Изине түшүү

Изин жашыруу

Изин суутуу

Изин суутпоо

Ийге келүү

Ийиктей имерилүү

Ийне жеген иттей

Ийне-жибине чейин

Ийне менен кудук казгандай

Ийненин көзүндөй

Ийнинде башы бар

Ийри отуруп, түз кеңешүү

Илең - салаң болуу

Илегеден май агуу

Иреңи бузулуу

Ири алды менен

Ит азабын көрүү

Ит арка


Ит болуу

Ит жандуу

Ит жыгылыш

Ити май жебеген

Итиркейи келүү

Ит катары көрүү

Ит келдиби, куш келдиби дебөө

Итке минип калуу

Ит көрбөгөн кордукту көрсөтүү

Ит куйругун түйүштүрүү

Ит-кушка жем болуу

Ит менен мышыктай

Ит оору

Ит өлүм


Иттинарткы шыйрагындай

Иттин кара капталынан

Иттин мурду өткүс

Иттин үнү угулган жер

Ич ара

Ичек-боору катуу



Ичер суу

Ичи ала


Ичи арам

Ичи жакшы

Ичи койнуна кирүү

Ичи күйүү

Ичи муздоо

Ичине ит өлүү

Ичине кара таруу айланбоо

Ичине кирип чыккандай

Ичине кир сактабаган

Ичинен күлүү

Ичинен сызуу

Ичи тардык

Ичи туз куйгандай ачышуу

Ичи-тышы бирдей

Ичи чыкпоо

Ичкен ашын жерге коюу

Ичкени аш болбоо

Ичке сактоо

Ичкиликке берилүү

Ичтен жеген курттай

Ичтен чыккан ийри жылан

Иш билги


Иш жүзүнө ашыруу

Иши ак


Иши аксоо

Иши кылып

Иш илгери!

Иши түшүү

Ишке жароо

Иштин көзүн таануу

Каарын төгүү

Кабагы ачык

Кабагы бүркөө

Кабагым-кашым дебеген

Кабагына кар жааган

Кабыргага кеңешүү

Кабыргасы ачылбаган

Кадырын салуу

Кадырың жан болсун!

Каз катар тизилүү

Казаны дай май,

кашыгы да май

Казаны оттон түшүү

Кайда барсаң -

Мамайдын көрү

Каймакка куймак куйгандай

Кайнаса каны кошулбоо

Кайрат айтуу

Кайрат кылуу

Кайсы шамал айдап келди

Кайтыш болуу

Кайчы куда

Кайым айтышуу

Кайып болуп кетүү

Кайырмакка илинүү

Как эткен карга,

кук эткен кузгун жок

Какаганга муштаган

Какыс-кукус кылуу

Калеми курч

Калчаган чүкөсү алчы конуу

Калыбына келүү

Кам жеш

Камчы салдырбоо



Камырдан кыл суурулгандай

Камыр-жумур болуу

Кан майдан

Канат куйругу жетилүү

Канаттууга кактырбай,

тумшуктууга чектирбей

Кан буугандай

Канга салам бербөө

Канды кызытуу

Кан жалаган иттей кылуу

Кан жутуу

Кан ичкич

Кан какшоо

Кан төгүү

Каны бузулуу

Каны - жаны менен

Каны ичине тартуу

Канына сиңүү

Каңырыгы түтөө

Капарына албоо

Капталынан күн көрүнүү

Кара алтын

Кара басуу

Кара жанды карч уруу

Кара жолтой

Кара жүздүүлүк

Кара күчкө

Кара кылды как жарган

Кара мүртөз

Карандай суу

Кара ниет

Кара өзгөй

Карап эле тургандай

Кара суудан каймак алуу

Кара таандай

Кара таман

Кара теке сүзүү

Карга - кузгунга жем болуу

Карт бөрү

Карышкырга кой кайтартуу

Касам ичүү

Кастарын тигүү

Катардан чыгуу

Каткырыгы таш жаруу

Катыгын беру

Каш - кабактын ортосунда

Каш карайганда

Каш-кирпиги бузулуу

Кашык каны калганча

Кашыктап жыйып,

чөмүчтөп чачуу

Кебез байлоо

Кежигемдин чуңкуру көрсүн!

Кежигеси кер тартуу

Кейпин кийүү

Кекиртеги талга асылуу

Келме кезек

Келмеси оозунан түшүү

Кем акыл

Кендирин кесүү

Кең пейил

Кеп жебес

Кепке кемтик болуу

Кепке конок берүү

Кепке сараң

Кепке-сөзгө келүү

Кепке сынуу

Кептин төркүнү

Кеп эмес

Кер аяк


Кер-мур айтышуу

Керт башы

Кесе айтуу

Кесип алса, кан чыкпаган

Киндик каны тамган жер

Кирдүү кол менен кармагыс

Кирейин десе - жер катуу,

өлөйүн десе жан таттуу

Кирерге жер таппоо

Кирип-чыкканча

Кирпиги жабышуу

Кирпигине кир жугузбоо

Кирпигинен тартса жыгылчудай

Кирпик какпоо

Кирсе чыккыс

Кичи пейил

Киши аласы ичинде

Киши болуу

Киши колдуу болуу

Кишиге жугуму жок

Коёндой окшош

Коёндун аягын жегендей

Коёндун жатагына чейин

Коён жүрөк

Козулуу кой

Кой-айга келбөө

Кой маарек тартуу

Кой оозунан чөп албаган

Кой терисин жамынган

Кой үстүнө торгой жумурткалаган

Кол алдында

Кол арага жароо

Кол башчы

Кол жууп калуу

Кол ийрисине тартуу

Кол кабыш кылуу

Кол кайруу

Кол кууштуруу

Кол салуу

Кол сунуу

Кол тийгизүү

Кол үзүү


Кол шилтөө

Колго алуу

Колго кароо

Колго түшүү

Колдун кириндей

Колко кылуу

Колтугуна кирүү

Колтугуна суу бүркүү

Колу жеңил

Колу туткак

Колунан көөрү төгүлгөн

Колунда бар

Колунда жок

Конок каадасын кылуу

Конуш жайлуу болсун!

Котур ташы койнунда

Кош көңүл

Кошоматка кой союу

Көз ачып-жумганча

Көз ачып көргөн

Көз жаздымында калуу

Көз жаруу

Көз жашын көл кылуу

Көз жеткис

Көз жумуу

Көз жүгүртүү

Көз ирмебөө

Көз кырын салуу

Көз тийүү

Көзгө басар

Көзгө жылуу учуроо

Көзгө илбөө

Көзгө сайса көрүнгүс

Көздөн учуу

Көздүн карегиндей сактоо

Көзү умачтай ачылуу

Көзү чанагынан чыгуу

Көзүн май басуу

Көзүн тазалоо

Көзүнө карабоо

Көзүнүн агы менен тең айлануу

Көзүң жамандыкты көрбөсүн!

Көзүңдү ач!

Көзүңдү кара!

Көйнөгүңдү уй жегир!

Көйнөктү мурда жыртуу

Көк ала койдой союу

Көк бет


Көк жал

Көк жашык

Көк муштум болуу

Көк мээ


Көккө көтөрүү

Көктөн тилегени жерден табылуу

Көкүрөгү тунук

Көкүрөк күчүк

Көлөкөгө тон бычуу

Көңүл айтуу

Көңүл калтыруу

Көңүл улоо

Көңүлгө толуу

Көңүлү ачык

Көңүлү жакын

Көңүлү көтөрүлүү

Көңүлү жок

Көөдөнүн көтөрүү

Көр жеме

Көр оозунда

Көрөйүн десе көзү жок

Көрөр күн,

ичер суусу түгөнүү

Көч байсалдуу болсун!

Көшөгөң көгөрсүн!

Кубанычы койнуна батпоо

Кудай билет!

Кудай жалгасын!

Кудай кут кылсын!

Кудай урсун!

Кудайга кой!

Кудайга шүгүр

Куйма кулак

Куйругуна калбыр байлоо

Кулагы жок

Кулагы катуу

Кулагыңа алтын сырга

Кулагына кумдай куюу

Кулагынын купсурун алуу

Кулагынын сыртынан кетүү

Кулак-мурун кескендей

Кулак угуп, көз көргүс

Куландай соо

Кулач жаюу

Кулдук уруу

Кулкуну бузук

Кумурска бел

Кумурсканын улутунганын билет

Кур алакан

Кур ооз


Курман болуу

Кут болсун!

Кутурган ит байласа чыдагыс

Куу баш


Куурай башын сындырбоо

Куш боо бек болсун!

Куш келипсиздер!

Куш тилиндей

Куш уйку

Күйбөгөн жери күл болуу

Күйүп-быша берүү

Күкүк менен Зейнептей

Күл азык

Күлгө оонаган күчүктөй

Күлү додо болбоо

Күлүн көккө сапыруу

Күндүн көзү көрүнбөө

Күн карама

Күн көрсөтпөө

Күн тийген жердин күкүгү

Күңк-мыңк этүү

Күч күйөө

Кыбыраган жан жок

Кыжыры кайноо

Кыздын баласындай

Кызуу кандуу

Кызыл чеке болуу

Кызыл чиедей

Кылдай кара санабоо

Кылдан кыйкым табуу

Кылчак-кылчак кароо

Кылыгы чыгуу

Кылычынан кан тамган

Кыргыйдай тийүү

Кырк жылкы

Кыр көрсөтүү

Кыя баспоо

Кыял күтүү

Кыялы чатак

Маанайы пас

Мадыра баш

Майдай жагуу

Май чуңкур

Мал киндиктүү

Маңдайга жазганды көрүү

Маңдай тери

Маселени кабыргасынан коюу

Медер тутуу

Мизин кайтаруу

Милдет кылуу

Милдеттүү конок

Миң гүлүнүн бири

ачыла элек

Миңдин бири

Мойну менен тартуу

Мойнуна алуу

Мойнуна коюу

Мойнунан байлаган иттей

Моюн бербөө

Моюн сунуу

Музоосунда сүздүрүү

Мурдун балта кеспөө

Мурду менен бир тийүү

Мурдунан суу агуу

Мурдунан эшек курту

түшө элек

Мурдун көтөрүү

Мурдун чүйүрүү

Мууну бошоо

Мүйүздүү болом деп

кулагынан ажыроо

Мүнөзү жеңил

Мүнөзү оор

Мүрөктүн суусу

Мыйыгынан күлүү

Мына келет, ана келет

Мышык сопу

Мээге чай кайнатат

Мээнетиң алайын!

Мээри түшүү

Мээси жетпөө

Наар албоо

Назарын сындыруу

Назары түз

Не бар, не жок

Ниети ак


Ниети кара

Нике бузук

Оо дүйнө кетүү

Ойду омкоруп,

тоону томкоруу

Ойду-тоону айтуу

Оймок ооз

Ой толгоо

Окко учуу

Окшошконго мушташкан

Омурткаң сынгыр!

Оң жамбашынан жатуу

Оң кулагың менен да,

сол кулагың менен да ук

Оңой оокат

Ооз ачкыс кылуу

Ооз ачуу

Ооз ачпоо

Оозго кирүү

Ооздон - оозго өтүү

Ооздон түшүрбөө

Ооз көптүрүү

Ооз тийүү

Оозуна кум куюлгандай болуу

Оозунан түшө калгандай

Оозунда сөзү бар

Оозун жыйып алгыча

Оозун куу чөп менен ачуу

Оозуңа кара!

Оозуңа кара таш!

Оозуңа май!

Оор басырык

Опол тоодой

Ордунан атып туруу

Орду-түбү менен

Орой көз чарай

Ортого салуу

Ортоңор толсун!

Ортосунан от жагуу

От менен жалын

Очор-бачар болуу

Оюнда кара жок

Ою онго бөлүнүү

Өгүз догун карматуу

Өгүз өлбөсүн,

араба сынбасын

Өгүз өлтүргөн балта

Өз көмөчүнө күл тартуу

Өзөк жалгоо

Өзү бий, өзү кан

Өз үй, өлөң төшөк

Өзүн кармоо

Өзү тойсо да, көзү тойбоо

Өйдөдө өбөк,

ылдыйда жөлөк

Өлбөгөн төрт шыйрагы калуу

Өлбөстүн күнүн көрүү

Өлгөндүн үстүнө көмгөн кылуу

Өлдүм-талдым дегенде

Өлсө бир чуңкурда,

тирүү болсо бир дөбөдө болуу

Өлүгүңдү көрөйүн!

Өлүп кетейин!

Өмүр бою

Өмүрлүү бол!

Өмүрүң узун болсун!

Өң - алектен кетүү

Өңү жылуу учуроо

Өзүн көргөзүү - жүрөгүн чабуу

Өпкө - өпкөсүнө батпоо

Өпкөсү жок

Өпкөсүн үзүү

Пайгамбар жашында

Пейил күтүү

Сабыры суз

Сагызган изи

Садага болоюн!

Сазайын берүү

Сайда саны, кумда изи жок

Сайран куруу

Сай сөөгү какшоо

Сакадай бою сары алтын

Сакалдуу башы менен

Салкын көз менен кароо

Санаасы санга бөлүнүү

Сапары каруу

Сары изине чөп салуу

Сары майдай сактоо

Сары ооз балапан

Сары санаа

Сиркеси суу көтөрбөө

Согончогу канабоо

Согум чүйгүн болсун!

Сокур ит бок жалаганча

Сокур тыйынчалык

Сол жамбашынан жатуу

Сөзгө жыгылуу

Сөзгө келбөө

Сөзгө сараң

Сөзү эки болбоо

Сөйкө салуу

Сөөгү агаруу

Сөөгү таза

Сугу түшүү

Суй жыгуу

Супа садык чалганда

Сууга түшкөн чычкандай

Суу сепкендей болуу

Сүзө качыруу

Сүт акы


Сүткө тийген күчүктөй

Сүткө тойгон күчүктөй

Сүттөн ак

Сызга отуруп калуу

Сылап-сыйпап багуу

Сыр алдырбоо

Сыртынан тон бычуу

Табасы кануу

Табы жок

Таз кейпин кийүү

Тай чабым

Так кесер

Так өтүү

Таман акы, маңдай тер

Таманы жерге тийбөө

Тамчы каны калганча

Тамыр жаюу

Тамырына балта чабуу

Тамырын тартып көрүү

Таң калуу

Таңдайы катуу

Таң кулан өөк болгондо

Таңкы куйруктан,

азыркы өпкө

Таппасаң сыйпалап кал!

Таш боор


Таш жалак калуу

Ташка-тамга баскандай

Таш талканын чыгаруу

Таянган тоосу бийик

Тебетейин көккө ыргытуу

Текейден арзан

Текей оттоо

Телегейи тегиз

Терисине батпоо

Терисин тескери сыйыруу

Терс аяк

Теске салуу

Тикеси менен тик сайылуу

Тил азар


Тил алуу

Тилден калуу

Тил тийгизүү

Тилинин учунда туруу

Тилеги катуу

Тили буудай кууруу

Тили катуу

Тили кыска

Тилинен бал тамуу

Тилиң тишиңе күбө

Тилин тишине катуу

Тилиңе тибиртке чыккыр!

Тили таттуу

Тили узун

Тил эмизүү

Тири карак

Тишинин кирин соруу

Тогуз толгоо бир келүү

Толук кандуу

Тоң моюн


Топук кылуу

Топурак буюруу

Төбөсү көккө жетүү

Төгөрөктүн төрт бурчу

Төкпөй-чачпай айтуу

Төө бастыга алуу

Төөнүн куйругу жерге тийгенде

Төрт тарабы кыбыла

Төрт түлүгү шай

Убалына калуу

Узун жолду кыскартуу

Узун кулак

Уй мүйүз тартуу

Уй түгүндөй

Уйга килем жапкандай

Уйдун бөйрөгүндөй

Уучу куру эмес

Үзөңгү жолдош

Үзүлүп түшүү

Үй күчүк


Үйдүн ичин үч көтөрүү

Үйлөп ийсе учуп кетчүдөй

Үкүнүн уясын табуу

Үн алышуу

Үн катпоо

Үн чыгаруу

Үрөйү учуу

Үрүп чыгаар ити жок

Үч уктаса түшкө кирбеген

Үшкүрүгү таш жаруу

Чай кайнам

Чала жан


Чаң жугузбоо

Чап кенедей жабышуу

Чарк көпөлөк айлануу

Чачтан көп

Чекеге чыккан чыйкан

Чекеси жылыбоо

Четтен чыгуу

Ченде жок

Чечекейи чеч

Чийки май жегендей болуу

Чилдей тароо

Чириген бай

Чукугандай сөз табуу

Чымын конгондой көрбөө

Чымын-куюн болуу

Чымыны бар

Чычкан мурду жөргөлөгүс

Чычканга кебек алдырбаган

Шагын сындыруу

Шайтан азгыруу

Шам-шум этүү

Шек келтирүү

Шиши толуу

Шишке саяр эти жок

Шодоконун бүркүтүндөй

Ыйманы жолдош болсун!

Ыйманы ысык

Ыргыткан ташы өргө кулоо

Ырысы тоодой

Ысыгына күйүп,

суугуна тоңуу

Ысык - суугу жок

Эбепке - себеп болуу

Эби-сыны жок

Эгиз козудай

Эки анжы


Эки ача

Эки жүздүү

Эки колун мурдуна тыгуу

Эки көзү төрт болуу

Эки ооз

Эки тизгин, бир чылбыр



Элик сүтүн берүү

Эне сүтү оозунан кете элек

Эне сүтүн актоо

Эрдин кесе тиштөө

Эрте күндү кеч кылбай

Эриш - аркак болуу

Эс-учун жыйноо

Эсебин табуу

Эси-көөнүнөн калбоо

Эси ооп калуу

Эси чыгуу

Эсине жара чыгуу

Эсине келүү

Эски малдын көзүндөй

Эт-бетинен кетүү

Эт бышым


Эт менен челдин ортосунда

Этек-жеңи жайылуу

Эти ачынуу

Этибарга албоо

Эшек курту мурдунан түшө элек

Эчкинин жашындай жашы калуу

Эшек такалоо

Эшектин кулагынан түз

Эшик жыртуу

Ээ кылбоо

Ээсине берүү



  1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   14


©netref.ru 2017
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет