Кыргыз филологиясы факультети кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун методикасы кафедрасы осмонкулов а., Акунова а. Р



жүктеу 2.56 Mb.
бет12/14
Дата25.04.2016
өлшемі2.56 Mb.
1   ...   6   7   8   9   10   11   12   13   14
:


2. Каргоо иретинде айтылган каргыш сөздөр:

1.

2.

3.

Ант ургур!

В.:Ант аткыр!

Жаман көрүү, жекирүү, наалат айтуу, каргоо маанисинде колдонулат.

Ант ургурдун кылган ишин кара, каратып туруп билмексенге салат. (Жоошбаев)

В.: -Ант аткыр кайда житип кетти?

Арбак ургур!

Бирөөнү тилдегенде, наалат айтканда, жаман көргөндө айтылуучу каргыш сөз

-Атаңдын арбагы урсун! Арбак ургур! Менин тузума кара санагысы бар. (Осмоналиев)

Атаңдын канын ич!

Катуу тилдөө, жемелөө маанисинде колдонулат.

Аздык кылып баратса, атаңдын канын кошо ичкин. («Манас»)

Атаңдын башы!

Тилдөө, кагуу, наалат айтуу маанисинде колдонулат.

«Атаңдын башы!», - деп Сабыр эми биротоло жанына күч келсе керек, чаңырып кирди. (Медетов)

Атаңдын көрү!

Абдан өкүнүү, нааразы болуу, жактырбоо маанисинде колдонулат.

Атаңдын көрү! Эл деген тууган – уругу менен бириге калып тамды алеки – саатта бүтүп ала коюп жатышат. (БСМ)

Атың өчкүр!

Бирөөнүн атын эстеп чакырганда: «такыр унутуп калыптырмын, оюма түшпөй жатат» деген мааниде, же жек көрүү маанисинде айтылат.

-Кара тоголок милиционер ким эле, атың өчкүр ай, унутуп калыптырмын. (Бердикеев)

Багың байлангыр!

«Жакшылык көрбөгүр, ишиң оңунан чыкпагыр, тилегиңе жетпегир» деген маанидеги каргыш

Бүтүн ак жоолуктун наамын булгады э, багың байлангыр! (БСМ)

Байгеге сайылгыр!

«Барымтага кеткир, жок болгур, жоголуп кеткир» деген сыяктуу тилдөө маанисинде колдонулат.

«Байгеге сайылгыр ай!» деп аял чебеленип, безилдеп жатты. (БСМ)

Балакет баскыр!

«Кырсык чалгыр, жакшылык көрбөгүр, жаманчылыкка дуушар болгур» деген сыяктуу наалат айтуу, каргоо маанисинде колдонулат.

«О, балакет баскыр десе! Алкы бузулган манаптар, атаң бербесе деле торпокту алат эле да!», – деп Сурма терең үшкүрдү (Жантөшев). «Мындайга көз да тийбейт, балакет баскыр!», - деп ойлоду Кылычбек. (Жакыпбеков)

Балакетимди ал!

«Мага асылба, тийишпе, мага келүүчү кырсык, кыйынчылык сага келсин, менден айлан» деген маанидеги наалат айтуу, каргоо

-Менин балакетимди албай жөн жүр. Көрсө, менин балакетимди алып жүргөн ошол экен да. (БСМ)

Баралыңа жетпегир!

Жашабагыр, узабагыр деген маанидеги каргыш

– Оо, баралыңа жетпегир! Убалы уктатпасын ушу наристенин. (Өмүрбаев)

Барынан жогу!

Мындай болгондон көрө болбой койгону түзүк, тирүү жүргөнүнөн жүрбөгөнү, болгонунан болбогону оң

Кара башын калкалаган жатып ичелердин барынан жогу! (БСМ)

Бас жаагыңды!

В.:Жаагыңды бас!

«Сүйлөбө», «унчукпа», «үнүңдү чыгарба» деген сыяктуу кекетүү, тилдөө маанисинде колдонулат.

«Жаагыңды бас!» деп колундагы ачкычты Чыңгызга сунду. (Осмоналиев)

Башыңа көрүнгүр!

Кара башыңа көрүнгүр!



«Болгон кырсык бардык балээ сага болсун, өз башың менен кетсин» деген сыяктуу жек көрүү маанисиндеги каргыш

-О, ыймансыз каапыр! Башыңа көрүнгүр! Уятың болсо чыныңды айт. (Тойбаев)

В.: -Кара башыңа көрүнгүр! Эмне эле таң атпай шаңшып калган. Бул бала – бакыранын жанын койбойт ко. (Укаев)

Береке таппагыр!

«Оңолбогур, жарыбагыр» деген маанидеги каргыш

- Атаа бечара ай – э! Алиги аракеч ит, береке таппагыр, жедеп эле жүрөгүн түшүрүп салган тура! (Өмүрбаев)

Бети курусун!

Өтө жагымсыз, начар ишти, абдан коркунучтуу, же жийиркеничтүү абалды, жамандыкты билдирүүдө бирөөгө наалат айтуу маанисинде колдонулат.

- Бети курусун …биз го баш-учунда болгонубуз жок, уккандар айтат (Касымбеков).

Эсим оой түштү. Экөөнүн колун боорума басып турам. О – о, ал күндүн бети курусун! Өпкө – боорум куушурулуп, ичим куйкаланып баратат. (Өмүрбаев)



Бетимдин беш териси

«Абдан уят, жеткен маскарачылык» деген сыяктуу жек көрүү маанисинде колдонулат.

-И – и, бетимдин беш териси, кудай ошондой кылгылык кылбасын! (Байтемиров)

Бетин ары кылсын!

В.: Жүзүн ары кылсын!

Бетин көрсөтпөсүн!



Кандайдыр кырсыктуу оор иш, же начар кылык-жорук жөнүндө сөз болгондо андайды көрбөйлү, мындайга кабылтпасын, андан алыс бололу деген мааниде колдонулат.

-Ооба, андайдын бетин ары кылсын! (Жантөшев)

-Сенден орун талашайын деген ниетим жок, анын бетин ары кылсын! (Абдукаимов)



В.: А кулагандын жүзүн ары кылсын! (Өмүрбаев)

Асты биз тарткан азаптын четин ушуларга көргөзбөсүн! Анын жүзүн ары кылсын! Бу баш көз жашка жуунуп, көкүрөк дартка муунду го! (Өмүрбаев)



Бетиң барбы?

«Уялсаң боло, бул кылганың туура эмес, туура эмес иш кылгансың, уяласыңбы» деген сыяктуу жемелөө маанисинде колдонулат.

-Бетиң барбы? Кантип калп айттың?

Бетиң күйгүр!

В.:Бетиң тилингир!

Күнөө кылган кишиге карата уятсыз, абийри жок деп жек көрүү, наалат айтуу, тилдөө маанисинде колдонулат.

«Эми өлбөгөндө эмнең калды? Бетиң күйгүр!»,- деди Мөлтөй Нөкөндү табалай берип. (Үмөталиев)

В.: Нөкөн …көйнөк, дамбалчан калыбында кара кунастай тарбалаңдап, Агыргайды качырды: - Тилиңе тибиртке, бетиң тилингир! Тилиңе тибиртке! ( Үмөталиев)

Бооруңа келгир!

В.: Бооруңа чечек чыккыр!

Бооруңа чок түшкүр!



Жаш балдарга (көбүнчө эркек балдарга) карата тилдөө, каргап-шилөө маанисинде колдонулат.

-Бооруңа келгир! Тайманбай айтышып турганын кара, анык тайбас болот окшойсуң! (БСМ)

В.: Тышка кулак түргөн Татыке алкына кетти:

-Бооруңа чечек чыккан өлүканаңды көрөйүн ээ! (Өмүрбаев)

- Ушу сенин ошоякка бооруң тартып жүрөт окшойт. О, бооруңа чок түшкүр! (Медетов)


Доңуз коп

«Өлүп кет, эмне болсоң ошо бол» деген сыяктуу жекирүү, жек көрүү маанисинде колдонулат

Доңуз сырты, кереч чөптөрү малга жагымдуулугу менен белгилүү. (Жантөшев)

Жаагың сынгыр!

В.:Жаагың кыйрагыр!

Жаагың карышкыр!



Какшанып көп сүйлөгөн кишиге, жаагын жанып ыксыз көп ыйлаган балага карата жактырбоо, тилдөө, тыйып коюу, же суук кабар, суук сөз айткан кишини тилдөө, каргоо маанисинде колдонулат.

- Атаа! Сазайыңды беремин! Эркекке асылганын кара, жаагың сынгыр, эркекче сөгүнүп. (БСМ)

Канатым күн чалбаган каркырамды ушактап атасына кандай жаагың сынгыр айтты экен? (Үмөталиев)



В.: Жаагың кыйрагыр ушунуку өттү.

- Оо, жаагың карышкыр! Сага мен жакынмынбы, же ошолор жакынбы? (Саатов)



Жаагыңа жылан уялагыр!

В.:Жаагыңа жылан жумурткалагыр!

Кандайдыр жагымсыз, өтө суук сөз айткан, тили заар кишиге карата каргоо, наалат айтуу, абдан нараазы болуп күйүнүү маанисинде колдонулат.

-Жаагыңа жылан уялагыр! Өлө албай жатып мунун тилинин уусун кантесиң, Тарт тилиңди! (Үмөталиев)

В.: «Жаагыңа жылан жумурткалагыр ай! Кандай кара оозуңа кан толгур айтты экен. Жалгызым ак жеринен күйдү го!», – деп эне чебеленип боздоп жатты. (БСМ)

Жаагыңа таш!

Кимдир бирөөнүн кандайдыр бир суук кабар, жагымсыз кеп чыгарып жиберишине карата «андай дебе», «антип айтпа» деген мааниде катуу кагуу, тилдөө иретинде колдонулат.

«Ок, жаагыңа таш! Кара жолтой!», – деп тилдеп жиберди. (Сасыкбаев)

Жаагыңды бас!

«Сүйлөбө», «унчукпа», «үнүңдү чыгарба» деген сыяктуу кекетүү, тилдөө маанисинде колдонулат

«Жаагыңды бас!» деп колундагы ачкычты Чыңгыска сунду. (Осмоналиев)

Жашабай жатып

«Өсүп жетиле элек туруп», «жаш туруп» деген мааниде

Жашабай жатып башкы врачтын колтугуна кирип алганын карасаң. (Бердикеев)

-Бактылуу кул экенсиң, жашабай жатып, баарын көрүп келдиң. (Абдукаимов)

-Жашабай жатып мунун жандимилигин кара. (Жигитов)


Жетеңден ургур!

Тилдөө, жемелөө маанисинде колдонулат.

«Жетеңден ургурдун кылган ишин кара!», – деп кожоюн мага ызырына баштады. (БСМ)

Жети атаңдын боорун же!

Бирөөгө жамандык тилөө, «жакшылык көрбө» деп каргап-шилөө маанисинде колдонулат.

Медериңдин канын же, Жети атаңдын боорун же. («Манас»)

Жолуң болгур!

В.:Жолуң каткыр!

Кимдир бирөөнүн орунсуз иш жасаганына, чекилик кылып коюшуна, кылык-жоругуна карата кейип, өкүнгөндүгүн билдирип жемелөө иретинде колдонулат.

- Ой, жолуң болгур, сүйүнчү дебейсиңби! (Бейшеналиев).

-О, жолуң болгур десе, жүрөгүбүздү түшүрүп койбодуңбу? (Байтемиров).

-Оо, жолуң болгур десе, сенин өзүңдүн маңдай териң менен тапкан акчаң бар эмеспи? (Саатов)

В.: Ой, жолуң каткыр! Ушундай да иш кыласыңбы? (БСМ)


Жүзүң кур!

«Уятсыз», «уялганды билбеген, бетинде кызылы жок» деген мааниде жек көрүү, тилдөө иретинде колдонулат.

-Оо, түндүн бир оокуму кезде үйдөн арбактай, аппак адам чыккан имиш! Жүзүң кур! Эл дырылдап туш - тушка качып жөнөптүр.

( Кушубеков)



Кара башыңа көрүнсүн!

В.:Кара башыңа көрүнгүр!

Кырсык, жамандык башкага эмес өзүңө тийсин, керт башыңда болсун деген мааниде колдонулат.

-Калп айтышса, алардын кара баштарына көрүнсүн! (БСМ)

В.: -Андай кара башыңа көрүнгүр төрөлөр, күнү асман жарылып кетчүдөй күркүрөйт имиш. (Осмоналиев)

Кара башыңды жуткур!

«Өлгүр, өлүп кеткир, өлүп калгыр» деген маанидеги каргыш

-Кара башыңды жуткур! Бутумду сыйра басып койдуңбу? (Убукеев).

Кара жерге кир!

Жемелөө, тилдөө иретинде колдонулат.

«О, катының менен кара жерге кир», - деп жекирген Карасакал, анын сөзүн бөлүп кетти. (Абдыраманов)

-Алдырар күнү жазгырар… мен кара жерге кирейин. (Тойбаев)



Каран күн!

В.:Кокуй күн!

Өтө кайгырганда, чочуп кеткенде, аябай корккондо, катуу нараазылыгын билдиргенде колдонулат.

-Эмне дейт каран күн, кудай? Каран күн, айта көрбө! Ысмайыл акемен кара кагаз келди… Каран күн түштү биздин үйгө. (Мырзаев)

-Эй, каран күн, бизге кошоматтан башка, чокубузду колубуз менен калкалаштан башка арга калган жок беле?... (Касымбеков)



В: А, кокуй күн, дагы эмне болуп кетти! – ыя, кокуй күн, көңүл иши куруп кетсин! (Бердикеев)

Кара оозуңа кан толгур!

В.:Оозуңа кан толгур!

Жаман, жагымсыз сөз айткан, же жаман иш кылган кишиге карата жек көрүү маанисинде колдонулат.

«Ушундан кийин катуу айтсам, кара оозуна кан толсун!», - деди. (Бердикеев)

В.: - Бул кандай оозуна кан толгур эле?! Кайдагы торпок?! (Өгөбаев)

Кепиниңди жегир!

В.:Кепиниң өрттөнгүр!

«Өлгөнүңдө да жакшылык көрбөгүр (көбүнчө улгайган адамдарга карата каргоо, наалат айтуу маанисинде колдонулат)

-Кепиниңди жегир, ит-кушка жем болбой, үйүңдө адал өл! (Жоошбаев)

В.: Кепиниң өрттөнгүр! Кантип кара санадың?! (БСМ)

Кепиниңди жебе!

«Калп айтпа», «жалган сүйлөбө», «жаныңды жебе» деген сыяктуу (көбүнчө наалат айтуу, нараазы болуу) кагуу иретинде колдонулат.

Кепиниңди жебе, кудай аткыр, минтсең ишиң оңолбойт. (БСМ)

Көзңдөн чыксын!

Бирөөнүн жакшылыгын, жардамын, жакшы иштерин унутуп, көңүлгө албай, же баалабай койгондо нараазы болуу, жактырбоо иретинде айтылат.

-Ии – и, аны билбесең, сенин көзүңдөн чыксын! (Бердикеев)

-Ыракмат, бий, ыракмат, сиз ушинтип адилеттикке кызмат кылсаңыз, биз сизге ыраазы болбосок, көзүбүздөн чыкпайбы! (Касымбеков)



Көзүң аккыр!

В.:Көзүңө ак түшкүр!

Көзүң кашайгыр!



Тилдөө, каргоо, жекирүү маанисинде (көбүнчө ыгы жок ыйлай берүү, же кандайды бир ишти ж.б. көрбөй аткара албай калпыстык кетирген учурларга карата) колдонулат.

-Көзүң аккыр эмне болду, сага! Көзүң аккыр, карбаластабай түз баспайсыңбы? (БСМ)

В.: «Көзүңө ак түшсүн! Эмнеге мынча ыйлай турган жөнүң бар»,- деди. (БСМ)

«Көзүң кашайгыр!», – деп кыйкырып жиберди, темселеп эшиктин көзүн сыйпалап жүрүп. (Касымбеков)



Көйнөгүңдү уй жегир!

Көбүнчө жаш балдарга карата жемелөө, тыюу иретинде (жаш балдардын улутунганы, үшкүргөнү жаман жөрөлөргө деген мааниде) колдонулат.

Уктап жаткан баласы үшкүргөндө, «ой тилегиң каткыр, көйнөгүңдү уй жесин!» деп үн чыгарды чоң эне. (БСМ)

Көрү күйсүн!

Көбүнчө улгайган кишилерге карата каргоо, тилдөө маанисинде колдонулат.

-Көрү күйсүн! Жоро шайтан көрүндө да жөн жатпайт, өлсө деле мага асылганын койбойт. (Жигитов)

Көрүндө өкүр!

В.:Көрүңдөн таш чыккыр!

«Жакшылык көрбө», «Өлгөндө да тынч жатпа!» деген мааниде беймаза кишилерди каргоо иретинде колдонулат.

«Көрүңдө өкүр, как баш!», – деп каргап жатты (БСМ).

-Башкага кымындай жакшылык ойлобойсуң, көрүңдө өкүр, канкор! (Осмоналиев).



В.: -Көрүңдөн гана таш чыккыр, ким гана болду экен а?! – деп күйдү Мадыл. (Касымбеков)

Кудай алгыр!

В.:Кудай аткыр!

Кудай албагыр!



Бирөөгө нараазылыгын, жаман көргөнүн билдирүүдө, жактырбоо, жемелөө маанисинде наалат катары колдонулат.

-Кудай алгыр, колунан келбегенден кийин андай ишке кийлигишип эмне кылат экен (БСМ).

В: -Кудай аткырды ымтырабай тыңыраак бол десең болмок экен. (БСМ)

-Кудай аткырды эми мен эмне кыларымды билбейм. (Саатов).

-Тел музоодой болгон күйөөсүн айтсаң, ар – намысы жок кудай албагыр. (Бердикеев)


Кудай урсун!

В:Кудай-теңир урсун!

1.Актануу, чындык экендигин ишендирүү маанисиндеги каргануу;

2.Жемелөө, ачуулануу иретинде колдонулат.



1.-Кудай урсун! Мен өзүм көрдүм. Кудай урсун, тийген жокмун. Кудай урсун, барган жокмун. Ушу жакшылыгыңды унутсам, кудай урсун! (Бердикеев)

В: «Кудай – теңир урсун, ошондогу мен коргөн кичинекей кагаз дал ушул болчу», - деп Ашырбек жанын сабайт. (Акматов)

2.- Сени кудай урсун! Ушундай да иш кыласыңбы?



Ок оозуңа!

Суук кабарды, жаман сөздү укканда чочуп кетип «андай болбойт», «андай дебе», андай болушу мүмкүн эмес деген сыяктуу уккусу келбөө, жокко чыгаруу маанисинде

-Ок оозүңа! Кокуй наалат антпе! (Бейшеналиев)

Омурткаң сынгыр!

«Оюнуңду токтот» деген мааниде ойноок балага карата тилдөө, жемелөө иретинде колдонулат.

- Омурткаң сынгыр, ойноп жүрүп албадыбы! (Осмоналиев).

Омурткаң сынгырдын оюну да канбайт. (Осмоналиев)



Оозуңа жылан уялагыр!

Жагымсыз жаман сөз, суук кабар айткан кишиге карата коргоо маанисинде айтылат.

-Оозуңа жылан уялагыр, сен эмне деп жатасың?! (БСМ)

Оозуңа кара!

В.:Оозуңа карап сүйлө!

«Антип айта бербе», «байкап сүйлө», «абайла» деген мааниде зекүү, кекетүү иретинде колдонулат.

«Бала, сен оозуңа кара!», – деп четки отурган адам ага түсүн үйрүдү (БСМ). -Оозуңа кара, кемсинтпе! (Осмоналиев)

В.: «Оозуңузга карап сүйлөңүз, бай», - деди кайран бала жалтанбастан Мырзабекке. (Баялинов) – Эмне дейт! Оозуңа карап сүйлө! Мен да сыйлуу конокмун. (Эшмамбетов)

-Кой айланайын, сага эч ким теңелбейт, оозуңа карап сүйлө! (Бердикеев)



Оозуңа кара таш!

В:Оозуңа таш!

Коркунучтуу кабар, жагымсыз начар сөз атып жибергенде «токтот», «андай дебе», «айтканың келбесин», «андай болбосун» деп кагуу маанисинде колдонулат.

Сөзүн бүткөрө койбой катыны: «Оозуңа кара таш! Дөөрүгөнүң ылайым өз башыңа жетсин». (Жигитов)

В: -Оозуңа таш, какшанган жаагың сынгыр! (БСМ)

Оозуңа келгир!

Кандайдыр бир кепти айтып койгондугу үчүн бирөөнү каргоо, наалат айтуу маанисинде колдонулат.

«Оозуңа келгир! Кандай неме айтты экен» деп, күйкөлөктөп каргап жатты (БСМ). О, оозуңа келгир, айтып турганын кара мунун! (БСМ)

Оозуңдан айлансын!

Айтууга татыксыз, аны айтып оозуңду булгаба, кеп кылба, убара болбо деген мааниде бирөөнүн көңүлүн жубатуу, жоошутуу иретинде колдонулат.

Эми кылмышты моюнга алуу оозуңдан айлансын! (Осмоналиев)

Оозуңду бирөө тырмадыбы?

«Сени айткын деп бирөө кыйнадыбы», «айткан сөзүңдүн азабын өзүң тарт» деген мааниде айтылат.

-Сени оозуңду бирөө тырмадыбы, эми анын эмнесине кейийсиң? (БСМ).

-Төлөмүштүн оозун бирөө тырмадыбы? Шүк отур! (Бейшеналиев)




Өзү менен кетсин!

Жаман адаты, кылык-жоругу башкаларга тийбей, өзү менен кошо жок болсун деген мааниде колдонулат.

-Андай иттик өзүң менен кетсин, экинчи мага оозанбагын, мен укпайын. (БСМ)

Өлмөктөн доңуз коп!

«Эмне болсоң ошо бол», «өлсөң өлө бер» деген каргоо маанисинде

-Сен өлмөктөн доңуз коп! Ат өлмөктөн доңуз копсун, тиги чал ылайым ит өлүмүн тапса экен. (Айтматов)

Өлөт алгыр!

Кыжырлануу, тилдөө маанисинде (көбүнчө уйга карата)

«Өш! Өш, өш дейм, өлөт алгыр! Айдак!», – деп дөбөдөн чаңкылдады. (Айтматов)

«Өш дейм, алда өлөт алгыр ай!» деген Алымкулдун үнү чыкты. (Абдукаримов)



Өлүгүңдү көрөйүн!

В.: Өлүк-тиригиңди көрөйүн!

Ачуусу келгенде аялдар тарабынан айтылуучу акарат кеп

«Өлүгүңдү гана көрөйүн жубарымбек, колума бир түшөрсүң! …Сени элеби, сага элеби… калкалап алар көкшүн таятаң экөөңдү тең карап тур!...» (Айтматов) – Отур былк этпей, өлүгүңдү көрөйүн көк мээ, куюшканга кыпчылбай шүк отур! (Айтматов)

–Як, өлүгүңдү көрөйүн! – деп союлун шилтеп калды. (Исмаилов)



В: О, өлүк – тиригиңди гана көрөйүн, арам ит десе. (БСМ)

Өлүп кетейин!

Бир нерсенин чын экендигин далилдөө иретинде каргануу, актануу маанисин туюндурат.

Өлүп кетейин, аксакал, өз атаман да жакшы көрөм! (Айтматов)

Саат баскыр!

В.:Саат чырмагыр!

Ишиң оңунан чыкпагыр, кырсык баскыр деп наалыган, нараазы болгон мааниде айтылат.

-Саат баскыр, машина да көрүнбөйт.

В.: «Саат чырмагыр, жоголгонун кара», - деп корбашы тынчсыздана баштады. (Жантөшев)

Садага кет!

В.:Секет кет!

Бирин экинчисинен кем саноо, баркы жок, баасы жок кылып көрсөтүү, кемсинтүү иретинде колдонулат.

Жапардан садага кет! (БСМ).

В.: Баладан секет кет, өппөгүн арак жыттанган оозуң менен! (БСМ)

Сакалың өрттөнгүр!

В.:Сакалың кыркылгыр!

Жашы улгайып калган кишилердин ылайыксыз, олдоксон, жаман жүрүш-турушуна, тескери жоруктарына карата жек көрүү, наалат айтуу маанисинде колдонулат.

-Сакалың өрттөнгүр, каратып туруп калп айткандан уялсаң боло! (БСМ)

В.: Сакалың кыркылгыр, кылган ишин кара!

Сакалым өрттөнсүн!

Бир нерсеге ишендирүү, же өзүнүн актыгын, күнөөлүү эместигин билдирип каргануу маанисинде колдонулат.

Сакалым өрттөнсүн, мен кантип ушуга барайын.

Сооп болуптур!

«Чала, ошондой болмок!» «Ошондой болсун!» деген мааниде бирөөнү табалоо иретинде колдонулат.

Сооп болуптур, ал ошону көрмөк.

Сөөгүм ыраазы!

Абдан ыраазы экендигин билдирүү маанисинде колдонулат.


Сөөгүм ыраазы силерге! (БСМ)

Тараза таппагыр!

«Жакшылык көрбөгүр», «ишиң оңунан чыкпагыр» деген сыяктуу каргап-шилөө маанисинде колдонулат.

Тараза таппагырдын көз жазгырып кеткенин кара! (БСМ)

Тилиңе тибиртке чыккыр!

В.:Тилиңе келгир!


Орду жок олдоксон айтылган сөзгө, же жан кейиткен суук сөзгө карата тилдөө, каргоо маанисинде колдонулат.

Какылдап кечке сүйлөйсүң, тилиңе тибирткке чыккыр! (БСМ)

В.: «Тилиңе келгир! Сөзүңдү токтотчу», - деп ачууланды. (БСМ)

Төбөңдөн ургур!

«Оңбо», «оңбой кал» деген сыяктуу каргоо, тилдөө маанисинде айтылат.

«А, сен кандай төбөңдөн урган соргок неме элең?», – деди Куйручук. (Бектенов)

Коюңуз, ушунда бир кудай төбөңдөн ургур бар эле, ошол бүлдүргөн тура. (Бектенов)



Убалы аттатпасын!

В.:Убалы уктатпасын!

«Бирөөгө жасаган жамандыгың өзүңө тынчтык бербесин, жашатпасын» деген сыяктуу наалат айтуу, нараазылыкты билдирүү, жек көрүү маанисинде колдонулат.

Убалы аттатпасын, какмарды! Балдардын көз жашына карабай жалгыз уюн айдап кете берди. (БСМ)

В.: - Оо, убалы уктатпасын ушу наристенин. (Өмүрбаев) Жетимдердин убалы уктатпасын арамдар! (Элебаев

Устуканың упат болгур!

«Жок болгур», «ойронуң чыккыр» деген өңдүү каргап-шилөө маанисинде

-Устуканың упат болгур! Алиги аракеч ит жедеп эле жүрөгүн түшүрүп салган тура! (Өмүрбаев)

Учаңдан ургур!

«Кудай алгыр», «акылсыз, жаман» деген мааниде наалат айтуу, тилдөө маанисинде колдонулат.

Учаңдан ургур! Айдараалы жел өпкө эле. Өзгөчө бозого тоюп алганда бул айылда ал мушташпаган киши калчу эмес. (Абдукаримов)

Үйү күйсүн!

В.:Үйүң күйгүр!

«Акыры оңбосун», «жакшылык көрбөсүн» деген сыяктуу каргоо, тилдөө маанисинде колдонулат.

Буулугуп чыдамы кеттиби, «Бузукунун үйү күйсүн!» – деди. (Ашымбаев)

– О, - о, молдонун үйү күйсүн! – деди Чүкөбай. (Баялинов)



В.: «Үйүң күйгүр, кылган ишин кара! Балада эмне жазык», - деп жарданып турган эл соодагерди каргай башташты. (БСМ)

Чалкаңдан түшкүр!

«Соолугур, өлгүр» деген сыяктуу каргоо маанисинде колдонулат.

Чалкаңдан түшкүр, мунун куйтулугу түпкө жетет бейм. (БСМ)


Шоруң каткыр!

Бирөөгө карата бактысыз байкуш, шордуу, бечара деген сыяктуу, бир жагынан жемелөө иретинде колдонулат.

-Шоруң каткыр, жылытма жер тапсаң го жакшы. (Осмоналиев)

-Шоруң каткыр, көздүн жаздымында калды. (БСМ)



Ыйманың күйгүр!

В.:Ыйманыңды жегир!

Ыйманыңды жебе!



Калп айткан, алдаган же башка жөнсүз иш кылган, чектен чыккан адамга карата жек көрүү, наалат айтуу маанисинде колдонулат.

«Ыйманың күйгүр, ушак сүйлөбөй, уурулук кылбай жүрө албайсыңбы?», – дешип, карылардын баары Дөөмдү ортого алышты. (БСМ)

В.: Калп айтпа, ыйманыңды жегир! Тозок дегендин балакетине күп эле дей түшөсүң. (БСМ)

Бир ат үчүн ыйманыңды жебе! (Осмоналиев)



Ырысыңды жебе!

В.:Ырысыңды жегир!

«Калп айтпа», «болбогон сөздү сүйлөбө», «алдаба» деген сыяктуу жемелөө, жекирүү маанисинде колдонулат.

-Ырысыңды жебей жөн жүр!

В: Ырысыңды жегир, кудайды карап калп айтсаң боло!

Эгерим эки болбо!

«Жакшылык көрбө», «эч качан жарыба» деген сыяктуу каргоо, жек көрүү маанисинде айтылат.

Кайырга каршы баргандар, Эгерим эки болбосун. (Аалы) «Эгерим эки болбой кал!», – деп Калыйпа алкынып чыгып кетти. (Бердикеев)


1   ...   6   7   8   9   10   11   12   13   14


©netref.ru 2017
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет