Кыргыз филологиясы факультети кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун методикасы кафедрасы осмонкулов а., Акунова а. Р



жүктеу 2.56 Mb.
бет13/14
Дата25.04.2016
өлшемі2.56 Mb.
1   ...   6   7   8   9   10   11   12   13   14
:


Кыргыздардын турмуш-тиричилиги, каада-салты, үрп-адаты, диний ишенимдери менен байланышкан фразеологизмдердин пайда болуу тарыхынан

(Х.Карасаевдин «Накыл сөздөр» китебинен)
«Ак көрпө жайыл ургаачы» -аял затынын эң бир ак пейил, жайдарысы. Илгерки замандан бери кыргыз эли ушул накыл кеп менен өзүнүн адамгерчилиги менен элге жаккан аялды атап келген. Бул накыл кептеги сөздөрдүн кандайча жакшы аялга сыпат болуп калганы түшүнүксүз. Кыргыз эли, илгери тажик агайындар менен бирге жашаган. Азыр да кою короолош, жайлоосу бирге. Бири менен бири эриш-аркак. Демек, көп сөздөрдү кыргыздар тажиктерге берүү менен, өздөрү да ал элден көп сөздү алгандыгында күмөн жок. Араб сөздөрү кыргызга көбүнчө тажик, өзбек аркылуу кирди. Оозеки киргендиктен, ал сөздөрдүн айтылышы кыргыз тилинин тыбыш өзгөчөлүгүнө багынып калган, төл сөзгө окшошуп кеткен. Эми « ак көрпө жайыл» деген накылдагы ар бир сөздү талдап көрөлү. «Ак»- араб тилинде «чыныгы» деген мааниде, «көрпө»- арабдын «урфи» дегенинин өзгөргөн түрү бар. «Урфи»- «жосун, жүрүм-турум», «жайыл»- тажиктин «зянү» деген сөзүнөн өзгөргөн окшойт. «Зянү»- «аял, зайып» деген мааниде. Ошентип, «хак урфи зянү» - кыргыз тилинде «ак көрпө жайыл» деген түргө өткөн го дейбиз. «Жабуулуу кара инген» - үй турмушунда бардык оордукту мойнуна алган, унчукпаган, көтөрүмдүү келген, элди сыйлаган аял».
«Ак көңүлдүн аты арыбайт» - эмнеге жумшаса кете берген, эмне сураса бере берген, адамдын көңүлүн оорутпаган адам деген маанилерде.

Дайыма унаа үстүндө жүрүп көргөн кыргыз жөө басканды жаман көргөн. Карыш жер болсо да ат менен барган. Кыргыздар илгери көчмөн болгондуктан, малына карап бири-биринен алыс жашаган. Бири-бирине ат менен гана катташкан. Базар болбогондуктан, керектүү нерсени бири-биринен сурап алган. Алган нерсени кыргыз өз убагында алып келип берген. Убадага бек болгон. Алган нерсесин суратпай жеткирип берген. Албетте, эл болгон соң түрдүү адамдар чыгат эмеспи. Кээ бир адамдар алган нерсесин убагында алып келип бербей сундактыра берген. Мындай учурда карыз берген адам өзү барып алган. Кээ бир дили жумшак адам карыз берген нерсесин ала албай кайта-кайта бара берген. Атынын арыганына караган эмес.Мына ушундан улам «Ак көңүлдүн аты арыбайт» деген накыл сөз чыккан. Ал накыл сөз жалпы эле көңүлчөк, дили жумшак адамдарга сыпат болуп калган.


«Ак кылуу» - балага тескери бата берип, балалыктан кечүү. Бул өтө жаман каргыш болгон.

Кыргыз байыркы замандан бери эле баласын адамгерчиликтүү болууга, улууну сыйлоого, кичүүгө урмат кылууга үйрөткөн. Тил азар баланы катуу жазалаган. Ата-энесин сыйлабаган балага тескери бата берип, балалыктан кечкен.

Ата тилин албаган,

Ай талаага качкандай,

Ага тилин албаган,

Моюн толгоп баскандай! –

деп санат чыгарган. Ооба, ата тилин албаган, ага тилин албаган балдар, ай талаага тентип кеткен селсаяктай болгон. Андай балдарды бүткүл эл жек көргөн. Эми сөздүн тегине келели: «ак» - арабдын «гак» деген сөзүнөн – балалыктан кечүү деген мааниде.

«Ак сары башыл айтуу» - иш оңунда болсо, кудай, сенин жолуңа Баабедин олуя, сенин жолуңа атап, ак сары башыл кой курбан чалам деген маанилериндеги тилек.

Байыркы замандан бери эле кыргыздын кырсыктан алыс болуу үчүн жалынып келген тилеги. Өзү ак, башы бир аз саргыч койду кыргыз дайыма тилекке арнап сойгон. Апакай, башы саргыч кой абдан көзгө жылуу учураган, аны кыргыз жакшы тилекке гана сойгон. «Ак сары башыл кой» табылбаса деле, ордуна семиз козу атап союу салтка айланган.


«Ак чүч!» - чын жыргалга учура, дегеле тилек кабыл болсун, ден соолукта бол, деген мааниде, чүчкүргөн адамга карата айтыла турган алкыш.

«Ак» - чын, анык деген, «чүчү» - жыргоо деген мааниде. Кыргыздардын илгертеден берки ишениминде: «адам чүкүргөндө, анын жаны бекийт» деп ишенген. Чындыгында да адам чүчкүргөндө, адамдын жаны бир түрлүү жыргай түшө тургандыгы да чын. Мидин Алыбаевдин ушул ат менен жазылган бир нече сап ырында: «эрке аял, эрине ыгы жок эркелеген, эмгек кылбаган, ак кол» айымга сыпат болуп калган. Ошол сыпат «Ак чүч!» деген алкышка жаңы маани болуп калды окшойт.


«Алчы-таасынан жаңылбаган, же алчы-таасын жеген» - эки мааниде колдонулат: 1. өтө эле машыккан, иштин, же айланын бардык ыкмасын билген адам; 2. өтө куу, эч адамга алдатпаган, эң бир шуртулдаган адам.

Бул накыл кептин төркүнү балдардын чүкө ойнуна барып такалат. Илгертеден бери кыргыз эли койдун чүкөсүнөн көп оюндар чыгарышкан. Чүкөнүн төрт жагына тең ат койгон. Кобулдуу жагы – «алчы», тайпак жылмараак жагы – «таа», томпок жагы «бөгө», чуңкур жагы «чиге». Чүкөнүн ичиндеги чоңураак, чымыр, сындуулары – «сака» деп аталган. «Саканын» чуңкур жагын көзөп, ичине «кыт» (коргошун) куйган. Андай сака дайыма «алчы, же таа» түшкөн. Сака алчы, же таа түшсө утуп алган, же дагы атууга укук алган. Мына ошентип, сака алчы, же таа түшө берсе, оюн утуштуу болгон. Ошонтип, чүкөгө байланыштуу «алчы-таасын жеген, же алчы-таасынан жаңылбаган» деген накыл кеп пайда болгон.


«Ат кара тил болбогондо» - деген накыл сөз менен кыргыз эли көк чөптүн узарган кезин айткан. Жашыл ыраң жайкалып, көк шиберге мал тойгон кезинде, оттогон малдын тили карарып, шибердин ширеси малдын тилин боёп салат. Мына ошол маалды – «ат кара тил болбогондо» деп атап кеткен.
«Ат тезегин кургатпоо» - улам кайталап келе берүү. Ар дайым келип туруу.

Көчмөн тириликте ар бир үйдүн алдында окчунураак ат байлай турган мамы болгон. Албетте, мамыдагы аттын тезеги мамынын түбүндө болгон. Ал адамдын тез-тез келе берүүсүн, эл – «ат тезегин кургатпай» деген накыл сөзгө айландырып алышкан.


«Ачуу басар» - бойго жеткен кызды ала качып кеткенде, ата-энесинин алдына түшүү үчүн алып барган тартуу.

Илгери «ачуу басар» деген салт болгон эмес. Анткени, кыздарды кичиине кезинен эле кайыңдап коё турган. Ал эми кайыңдуу кызды ала качуу – чоң чатакка айланган. «Эриш бузду» деп катуу айыпка жыгылган. Кайыңдуу кызды ала качуу – бүткүл уруунун намысына тийген. Совет бийлиги орногондон кийин калың жоюлду, кыздын башын байлап куда болуу жоголду. Кээ бир көпкөн жигиттер кыз сүйбөсө деле ала качып кетүү сыяктуу обу жок жосун жасай турган болушту. Мына ушундай обу жок жосунду иштеген жигиттер, кыздын ата-энесинин ыраазылыгын алуу үчүн көп тартуу менен сакалдуу адамдарды ортого салуу ырымы жасалды. Мына ушул жосун – «ачуу басар» деген терминге ээ болду. Албетте, толгон тартуу барганда, кызы ала качып кеткен жакка турууга макул болсо, тартуу алган ата-эненин ачуусу басылып калары бышык да.


«Баш тоголотуу» - бир нерсеге үйрөтүү, үйрөтүп машыктыруу деген мааниде колдонулат.

Кыргыз элине карышкырдын кылык-жоругу абдан тааныш. Койдун каардуу душманы. Карышкыр бирди гана жеп тим болбойт, ал кой ээн жолукса, улам бирин тамактай берет. Карышкыр алпарган койдун башын беттен тоголотуп, бөлтүрүктөрүн кубалатып, талаштырып үйрөтөт. Мына ушундан улам, «баш тоголотуу» деген накыл сөз жасалган.


Башын байлап коюу – эри өлгөн аялды башка жакка кеткис кылып, жакын тууганын бирөөнө алып берүү; бойго жеткен кызга бирөө куда болуп койбосун деп, сөйкө салып, кудалашып коюу.

Кыз балакатка толо элек кезинде эле, ата-энелер бир бирине ылайык келип калса, куда түшүп, кыз башка жакка кеткис кылып, калыңын төлөй берчү. Андай кыздын башы бошобой калчы. Кокустан кайындуу кызды бирөө ала качып кетсе, «эриш бузду» деп чоң айыпка жыга турган. Кайындуу кызды бирөө ала кача турган болсо, арада чоң чатак чыгып, эр өлүп калган учулар болгон. Кайындуу кызды алдырып жиберүү – уруу үчүн чоң намыс эле. Башка уруулардын алдында абдан сынып калган. «Сынган Бугу» деген атактуу күү дагы ушундай кайындуу кызды ала качкандан чыккан дешет.

Кызга куда түшө электе баланын атасы кыздын энеси кандай жердин кызы болгон экен деп сураштыра турган. Кыздын атасы да кандай киши, кадыр-баркы бар адамбы деп иликтей турган. Кыздын атасы да, күйөө боло турган баланын ата-энеси да кандай кишилер экендигин тактап сураштырчу. Эң алды менен кыздын адамгерчилиги, ишмерлиги, өңү-түсү кандай экендигин билүү үчүн атайы сынчы адамдар жибериле турган. Ал адамдар кыздын чай куйганына чейин байкоо жүргүзөөр эле. Кээ бир дүнүйөкор адамдар малга кызыгып, кызын жайсыз жерге берген учурлар да болгон. Андай адамдарды кыргыз жек көргөн. «Кызынын көз жашына карабаган таш боор» деп наалат айткан. Колунда бар кыргыз кызды абдан жакшы баккан. Эркек баласы куур тон кийип жүргөндө, кызына кундуз тебетей, баркыт бешмант кийгизер эле. Кызды «конок» катары кастарлачу.

«Бел куда» - бала атанын белинде, же эненин курсагында жаткан кезинде кудалашуу. Бел куда болгон адамдар: «Эгер бирибизде кыз, бирибизде эркек бала болуп калса, чыныгы куда болуп каларбыз. Эгер андай болбой, башкачараак болуп калса, дос болуп жүрөбүз» деп, алыш-бериш кылышкан. Кыргыздар деле жакшы адам менен жакындашууну, дос болууну, куда болууну каалаган.


«Бешенеге жазганды көрүү» - башка келгенди көрүү, көрө турган азап-тозокту моюнга алуу деген мааниде.

Ислам дининин ишениминде: адам баласы дүнүйө жүзүнө келе электе эле, ал тургай жомоктогу түпкү атабыз Адам-ата жасала электе эле, Кудай таала ошол адамдан тарала турган тукумдун туулгандан тартып, өлгөнгө чейин көрө турган күнүн, тарта турган азабын өзүнүн чоң китебине жазып койгон имиш. Ар бир адамдын башынан өткөрө тургандары ошол жазуудагы тартип боюнча болот экен. Мына ушул «бешенеге жазган» деп айтылат. Бешене - «пишане» деген фарсы сөзү, маңдай деген мааниде.


«Жабуулуу кара инген» - көтөрүмдүү, жакшы аялдын сыпаты. Үй оокатын мыкты иштеген, үн чыгарып бүлөсүнө катуу айтпаган, күйөөсүнө бир ооз каяша сүйлөбөгөн, келген адамдарды жакшы кабыл алган, жаба токунуп эле эмгектен башканы билбеген, бирөөгө катуу айтпаган, бир топ баланын энеси болгон аял.
«Жең ичинен сүйлөшүү» - жашырын, башкаларга билдирбей, эки кишинин өз ара сүйлөшкөнү.

Бул накыл кептин төркүнү – базарда сатылуучу малдын ээси менен алуучунун ортосундагы далдалчынын жеңдин ичиине беш манжасын сойлотуп, алуучуга да, сатуучуга да бармактар менен бааны билдиргенине барып такалат. Мына ушундан улам – ар бир жашырын сүйлөшүүлөрдү – «жең ичинен сүйлөшүү» деген накыл кеп менен атай турган болгон.

«Далдалчы» - арабдын жана кыргыздын сөзү. «Далдал» - «даллал» деген сөздөн өзгөргөн, «арачы», «эки ортодо мал соодасын кылуучу» деген мааниде.
«Жан берүү, же жан салуу» - илгерки замандагы кыргыз элинин колдонуп келген заң-закүнү.

Ислам динине кире элек кезде, анын шарыятын колдоно элек кезде, кыргыз эли иштин ак, же каралыгын өздөрүнүн түзүп алган салты боюнча текшерчү экен. Ошол салттын бири – «жан берүү, же жан салуу». Кыргыз эли мал менен күн көргөндүктөн ал жерде уурулук да болгон. Ошол уурулукту моюнга алдыруунун бир гана жолу «жан берүү». Ал – мындайча иштелген: Мал уурдаткан адам, шек кылган уурунун беделдүү тууганынын баласынын жанын салган. «Эгер тууганың малды уурдабаган болсо, анын актыгы үчүн балаңдын жанын бергин» деп, бир баласынын жанын сурайт. Мындай оор абалда балынын атасы ууру деп шек кылган тууганын кысмакка алып, аны чынын айттырууга аргасыз кылган. Тууганынын актыгына көзү жетсе, көпчүлүк алдында: «Тууганым ак экен. Баламдын жанын бердим» деп ашкере айткан. Ошону менен уруу акталган. Бирок, иш жүзүндө, баласынын жанын берген эмес. «Тууганым ак экен. Баламдын жанын бербейм. Малыңды төлөп берем» - деп көңүл жубатышчу. «Баламдын жанын бердим» деп айтуу адамдын оозуна барган эмес. Шек кылган киши, же кечип жиберген, же төлөтүп алган. Мына ушундан улам, «Жан бергендин жанына турба!» деген макал да чыккан. Жаш мөмөнүн жанын берүү деген сөз турган элдин бүткөн боюн дүркүрөткөн болуу керек.

«Жан салуу, жан берүү» кыргыз эли Россияга карагандан кийин деле эл ичинде колдонулуп келген. Өтө бир кылмыштуу ишти танганда, уруу ак сакалдарынын да жанын салган. «Жанын берген» адамды ак кепинге оротуп, жаназа окутуп, өлгөн адам катары ырымдаган. Жанын берген адам өтө коркуп да калган. Чоң санаа тартуунун натыйжасында тез өлгөндөрү да болгон.
«Жибин тартып көрүү» - акырын ичмектеп сырын тартуу; макул болобу, жокпу? – билдирбей байкаштырып көрүү.

Сөздүн төркүнү – кездеменин бош, же мыкты согулганына барып такалат. Эгер кездеменин эриш, же аркак жибин сууруп көрсө, аны чыйрактыгы, же боштугу билинет. Эгер жип суурулса, ал бош токулган болот. Мына ушундан улам, адамдын бир нерсеге макул боло тургандыгын, же макул болбой тургандыгын, акырын сөздүн четин чыгарып, байкаштырат. Кездеменин жибин тартып көргөн сыяктуу сынап көрөт.



«Жыландын башын көрсөтүү (чыгаруу)» - коркутуу, үшүн алуу, чочутуу деген мааниде.

Кыргыз эли эски замандан бери эле жыландан корккон. Жылан чаккан адамдын шишип, көзү көрбөй, бир нече күн ууланып жатканын нечен жолу көргөн. Жылан чаккан жылкынын өлгөнүн байкаган. Кыргыз жылан көргөндө, бүткөн бою дүр деп коркуп кетет. Жыланга байланыштуу: «Мен андан жылан көргөндөй качам», «Үйүңөрдөн жылан чыкканбы!» деген үрөйү суук макалдар чыгарган. Кыргыз жыланды өлтүргөндө башын жанчат. Анын башынан коркот. Ошон үчүн накыл сөз чыккан.


«Жүнүн жейт»- «эң көп, жерге сууга сыйбайт, быкпырдай кайнайт» деген мааниде.

Көк токойдун кыргоолу,

Көптүгүнөн токойго,

Жүнүн жеп батпай кетиптир. ( «Карач, Көкүл баяны»)

Илгери кыргыздар малын кышында кар түшпөгөн, кары аз жерлерге оторлотуп, тоо бетиндеги чөптөрдү оттотуп бакчу. Айрыкча, кой кышында кыйын абалда кала турган. Айла кеткенде, жылкыны тескейге, кары калың жерге жайып, кар астындагы чөптү жылкыга тептирип откозо турган. Ошол жылкы тепкен кардын бетине чыгып калган чөпкө кой жайып откорчу. Албетте, бул айла кеткендин иши болор эле. Кар калың, же жайыт тарып, кой оттой турган жер болбой калганда, ачыккан кой жылкынын куйругун отоп жибере турган. Ал тургай биринин жүнүн бири жеп коёр эле. Мына ушул жутаган койлордун биринин жүнүн бири жегени анчейин накыл кепке айланып, бир нерсенин жыштыгын, көптүгүн, жер - сууга сыйбасын билдирип калган.
«Жылын төө кылуу»- өтө манчыркап калуу, кокурайып, өөдөсүнүп, башкаларды тоготпой калуу, текеберленүү. Менден кыйын ким бар деп, пейил күтүп калуу. Бул «жылды төө кылуу» жөнүндө мындай уламыш бар.

Жан-жаныбарлар чогулуп келе жаткан жылды тосуп чыгышат. Ар кимиси биринчи көрүп, алдыңкылардан болууга тырышат. Ал жаныбарлардын ичинен төө: «Менден бийик ким бар? Мен эле биринчи көрөт эмесминби»,- деп манчыркап, кокурайып мойнун сoзуп келе турган жаңы жыл жакты карап турат. Чычкан да кыбырап жылды тосот. Ал амал кылып, акырын төөнүн жонуна чыгат. Акырын жөрмөлөп отуруп, төөнүн кулагынын учуна барып отурат. Кокурайган аңкоо төө байкабай калат. Бардык жаныбарлар тирмээ карап, жылды эң биринчи көргүсү келет. Төө манчыркап, эрдин шалпайтып карап турат. Келе жаткан жаңы жылды төөнүн кулагынын учунда турган чычкан биринчи көрүп: «Тигине, жаңы жыл келди тигине»,- деп көрсөтөт. Ошентип, манчыркаган төө биринчи көрбөй, чычкан көрүп жар салат. Мына ушундан улам төөчө манчыркап, өөдөсүнгөн адамдан «Жылыңды төө кылба!» деген накыл сөз жасалган имиш.



«Ит менен мышыктай, же ит - мышыктай» - өтө эле касташуу, өтө эле өчөшүп кетүү. Бирин-бири көргөндө итатайы тутулуп турган адамдарга карата айтылат.

Албетте, ит менен мышык кезиккенде эле чарпышары ырас. Бирок, такыр эле өчмөнтөй жырткычтар эмес. Бир үйдөгү мышык менен ит бир идиштен деле тамак ичет, бирге деле жатат. «Ит менен мышыктай» деген накыл сөздүн теги өтө эле байыркы диний жомокко барып такалат. Анын жөнү мындай: Илгери заманда Нух пайгамбардын тушунда капырлар көбөйүп кетип, Нух пайгамбардын динге үндөгөнү элдин кулагына кирбей коёт имиш. Ошондо Кудай таала ааламды Топон суусу менен каптатып, жараткан адамдарын кырып салган имиш. Мына ошол Топон суу каптаар алдында Нух пайгамбар кеме жасайт. Ал кемеге жан-жаныбарлардын баарынан бирден жупту салат. Барына тең Нух пайгамбар «тукумдабагыла!» - деп катуу тыюу салат имиш. Ошондо ит иттигин кылып атканын көрүп мышык Нухка билдирет. Нух келип караса, эч нерсе жок, тынч. Экинчи жолу көрүп калып, кабар берет. Ит карганып кутулуп кетет. Мышык пайгамбардын алдында уят болуп калат. Үчүнчү жолу көрөт. Мышык кудайга ыйлайт: «Ак ишим үчүн шерменде болдум. Мен пайгамбарды алып келгиче, ажыраштыра көрбө» деп жалынат. Пайгамбардын алдында ит шермен болот. Ошондон кийин ит кудайга зар ыйлайт: «О жараткан, мен напсиме ээрчип пайгамбардын алдында шермен болдум. Напсини берген сенсиң. Мышыкты да жупташкан кезде эл алдында шерменде кыла көр!» деп зарлайт. Мышыктын зарын да да кудай угуп, мышыктар жупташаарында чаркырашып калган имиш. Мына ушундан улам эл «ит менен мышыктай» деген накыл көп чыгарган. Ит менен мышыктын өчтүгү ошондон калган деп жомок чыгарышкан.


«Ичтен жеген курттай» - алдыртадан, билдирбей, тымызын деген маанилерде колдонулат. Кыргыз согумду кыш киргенде сойгон. Ошондуктан ал этте курт да болгон эмес. Ал эми жай мезгилинде союлган малдын этин чымындан коргоо өтө мүшкүл иш болгон. Эт курттабай койгон эмес. Ошол курттардын эт ичинде кандай тиричилик кылганын кыргыз жакшы байкаган. Көк чымындын курту дароо эле тереңдеп кирип, жей берип, өздөрү бармактай куртка айланат. Эттин ичин сасытат, чиритет. Бирок, сыртынан караса курт бар экени байкалбайт. Мына ушундан улам, «этти ичинен жеген курттай» деген накыл сөз пайда болгон. Ал кыскарып, «ичтен жеген курттай» болуп калган.
«Ичтен чыккан ийри жылан» - курсактан чыккан бала, тууган балам, деген маанидеги накыл кеп.

Бул накыл кептин төркүнү байыркы замандан бери кыргыз элинин айтып келе жаткан жомогуна барып такалат. Анын жөнү мындай: илгери бир аял жылан төрөйт. Эл мындай укмуштан коркуп, түлөө кылып, кудайга жалынып, көчө качышат. Төрөлгөн жыланды коломтого таштап кетишет. Энеси аттанып жөнөйт. Бир аз баргандан кийин, «Ий!» ичтен чыккан ийри жылан!» деп боору ачып, кайта бурулуп келип, коломтодогу жыланды карайт. Жылан тууса да ошого боору ачып, кете албай кылчактайт. Мына ушундан улам, бала канча жаман болсо да, азар кылса да, азап тарттырса да, эне баарын чыдап, «ичимен чыккан» деп аяп, «ичтен чыккан ийри жылан» деп накыл кеп чыгарган. Бул накыл кеп жалгыз гана балага карата айтылат. Ушул накыл кеп менен гана эненин жүрөгүн, ченемсиз сүйүүсүн билдирүүгө болот.


«Кабыргаңа кеңеш» - жакшылап ойлон, абдан ойлон деген маанидеги накыл кеп.

Мунун төркүнү эзелки диний жомокко барып такалат. Ал диний жомоктун жөнү мындай: Кудай таала Адам-Атаны топурактан жасап коюп, бейишке киргизет. Ал «атабыз» бейиште жалгыз жүрүп, аябай эригет имиш. Кудай таала өзү жасаган жана жакшы көргөн заты эриккенден жабыгып кеткенин көрүп, ага жолдош жасап бермекчи болот. Ал жасай турган заты Обо-Эне имиш. Кудай аны топурактан жасабастан, Адам-Атанын сол кабыргасынан (Адам уктап атканда) Обо-Энени жасаптыр. Демек, «Кабырга» - «аял» деген мааниде. Жогорку накыл кеп мына ушундан, пайда болгон сыяктуу. «Кабыргаңа кеңеш» - аялыңа кеңеш деген мааниде болгон түрү бар. Келе-келе «абдан ойлон» деген мааниге өткөн болуу керек.


«Камчы сапка жараган, камчы сап болоорлук» - колунан бир иш келээрлик, көпчүлүктүн ишин алып кете алаарлык, айылды, бүлөнү башкарып алаарлык деген мааниде колдонулат. Байыркы замандан бери эле кыргыз эли көпчүлүк өмүрүн ат үстүндө өткөргөн. Ат минген адамдын негизги куралы камчы болгон. Камчы жеке гана атты жүргүзүү үчүн эмес, урушта да, төбөлөштө да негизги курал болгон. Ошондуктан анын сабы өтө мыкты, өтө катуу жыгачтан жасалган. Андан тышкары ал жыгач камчы сапка жараган эмес. Ошондуктан камчы сапты табылгадан жасаган. Кабыгы менен катырган. Кабыгы менен каткан жыгач бекем болгон. Табылгынын чогу да өтө таптуу. «Табылгынын чогундай» деген сыпат бекеринен чыккан эмес. Ал тургай табылгыдан саадакка ок жасаган дешет. Жогорку келтирилген мисалдагы «калың токойдон камчы сап табылбагандай» деген узун макал – кыскарып, айтууга ылайыкталып, «камчы сапка жараган, камчы сап болоорлук» болуп жыйнакталган да, маани толугу менен сакталып калган.
«Кой үстүнө торгой жумурткалоо» -береке жайнаган, байлык ашып-ташкан, адамдын бардыгы жыргалда жашаган мезгил деген мааниде колдонулуп келген накыл сөз. Бул накыл сөздүн тегин, төркүнүн тактасак, сүйлөмдүн мааниси ачылат. Бул накыл диндик жомоктон пайда болгон. Анын жөнү мындай.

Ислам дининин жобосунда Чыгыш тараптан Жажуж Мажуж аттуу бир коом чыгып, батыш тарапты талкалайт имиш. Ошол мезгилде Тажаал деген адам коңгуроолуу көк эшегине минип алып, адамдарды азгырат. Так ошол учурда, Мухаммед пайгамбардын Фатима деген кызынан туулган Абдулла (ага чейин жер астында ок жонуп атып), так ошол учурда имам Махди деген ат менен жер бетине пайда болот дейт. А Махдиге асмандан Иса пайгамбар жерге түшүп жардам кылып, Тажаалды талкалайт. Мына ошондо жер бетине адилеттик орноп, береке жайнап, кишинин баары байып кетет. Жесир катын миң кой айдайт да, торгойлор койдун үстүнө жумурткалайт. Балапандарын учургуча, кой да бир калыпта турат. Бул диний уламыш илгери эл ичине кеңири тараган. Ошондуктан кыргыздар жогоркудай макал (накыл) чыгарган.


«Конок каадасын кылуу, конок каадасы» - коноктордун жатаар мезгил болгондо сыртка, короого чыгышы.

Илгерки заманда көчмөн кыргыздар боз үй тиккен. Үй-бүлөсү бүт бойдон бир үйдө жата турган. Эгер үйдө келин, же чоңойгон кыз болсо, боз үйдүн бир капшытына көшөгө тартып койгон. Келин, кыз ошол көшөгөнүн ары жагына чечинген. Кыргыз эли коноксуз тура албаган. Келген конок да ошол үйдүн ичине жаткан. Тамак ичилип бүткөн соң, конокко төшөк салуу керек. Бирок, бир үйдүн ичинде муну иштөө да мүмкүн эмес. «Коноктор эшикке чыккыла, төшөк салабыз» деген сөз, албетте одоно жана жайсыз болгон. Ошондуктан «Конок каадасы кылгыла!» деген сылык жана каймана түрдө айтылган. «Каада» арабдын «кагида» деген сөзүнөн өзгөргөн, «эреже, жөрөлгө» деген мааниде. «Конок каадасы кылуу» - эшикке чыгуу, бой жазуу, даарат сындыруу, жай салуу үчүн орун бошотуу деген маанилерди ичине алган.


«Коңшу кут болсун!» - уул - келиниңдин өзүнчө өргөө тигип, бөлүнүп чыкканы куттуу болсун деген маанидеги жакшы тилек.

Кыргыз элинин жакшы тилекке карата айткан сөздөрү көп учурайт. Көч үстүндө жолукканда – «Көч байсалдуу болсун!» дейт. Эгин оруп аткан адамды көрсө – «Кызылга береке!» дейт. Кырман бастырып аткан дыйканды көрсө – «Кызылга береке!» дейт. Келин алган адамга «Келин кут болсун!» дейт. Той берип аткан адамга жолукканда – «Той маареке болсун!» дейт. Жүгүнгөн келинге – «Теңир жалгасын, тилегиңе жет!» деп алкайт. Колго суу куйган балага «Узун өмүрлүү бол, бакыттуу бол!» дейт. Бала төрөлсө – «Бешик боо бек болсун!» дейт. Ат үстүндө ичип аткан кымыз, же айран төгүлүп кетсе – «Ак жалгасын!» дейт. Үйлөнгөн жигитти көрсө – «Куш боо бек болсун! дейт. Кой кыркып аткан адамдарга жолукса – «Кыркаар көбөйсүн!» дейт. Сапарга чыккан адамга – «Ак жолуң ачылсын, жолуң ачылсын, жолуң шыдыр болсун, жолдошуң Кызыр болсун!» дейт. Конуш оодарган адамга – «Конуш жайлуу болсун!» дейт. Төлдөп аткан малдын үстүнөн чыкса – «Төлгө береке!» дейт. Күлүк чапкан заяпкерди көрсө – «Ат байгелүү болсун!» дейт. Базарга мал айдап бараткан адамды көрсө – «Мал базарлуу болсун!» дейт.


«Куйрукка, же артына калбыр байлоо» - дайыма чочулап жүрө турган кылып жамандоо. Ар убак тынчы кете турган сөз таратып, жамандоо.

Бул накыл кептин төркүнү – азоону жоошутууга барып такалат: азоо атты жоошутуу үчүн, ал аттын эсин оодарып, алдан тайдыруу гчүн, дайыма үркүп жүрүп, эси ооганда жоошуу үчүн куйругуна калбыр байлап, үркүтүп жиберген. Атты жоошутуунун бир ыкмасы болуу керек.

Мына ушундан улам – ак жеринен бирөөлөрдү коомго жаман көрсөтүүнү «куйрукка калбыр байлоо» деген накыл сөз менен атай турган болуп кеткен.
«Сары изине чөп салуу» - бирөөнүн артынан жамандык издеп, көшөрө тгшүү. Жаман ниет менен дайыма аңдып калуу.

Бул накыл кептин төркүнү – байыркы замандагы жылкы уурдоого барып такалат. Көчмөн турмушта, жоокерчилик заманда жылкынын милдети өтө зор болгон. Талаада кайтарып жүргөндө уурулар четинен жазгырып, уурдап кетмейлер көп эле. Мына ушундан жылкы уурдалган абалда ал уурдалган жылкынын изин кууп барып таап алган. Көбүнчө мындайлар кышында болгон. Уурдалган жылкынын эң башкы изин чөп менен ченеп, ошол из менен жүрүп отуруп, токтогон жерине чейин барган. Так ошол жерде да башкы ченеген чөбү менен издерди ченеп, жылкыны таап алган.

Эмне себептен «сары из» деп аталып калды? «Сары» кыргыз тилинде – ирең, түс. Биздин пикирибизче – сөздүн теги «сары» эмес, «сар» деген фарсы сөзүнөн болуу керек. «Сар» фарсы тилинде «баш, уч» деген маанини берет. Мына ушундан «сыр найза» пайда болгон. «Учтуу найза». «найза» - фарсы тилинде «каскак» деген маанини берет. «Сары оору» да «баш оору» дегенден келген. Демек, сөздүн алгачкы формасы «сар» экен. Мына ушундан «сары убайым» да пайда болгон. Убайымды, албетте, баш менен тарткан.
«Сүткө тийген күчүктөй» - макал, өзүн кылмыштуу сезип, качып жүрүү, тайсалдап жолобой жүрүү сыяктуу мааниде колдонулат.

Илгери боз үйдүн эшиги дайыма ачык болгон. Сүттү бышырып, табактарга куюп, тушту түрүп, каймактатуу үчүн керегени кыркалай тизип койчу. Мына ошондой учурда кээ бир күчүк табактагы сүттөн киши жокто уурдап ичкен. Ит абдан акылдуу жырткыч эмеспи. Ошол кылмышын сезип, ээсин көргөндө качып, көп жолобой калган. Чакырса да келбей, корккон. Мына ушуга байланыштуу жогорку накыл кеп пайда болгон.


«Тили буудай кууруу» - быдылдап бат-бат сүйлөө, жобурап, кап-кайдагыны сүйлөй берүү. Эки мааниде колдонот: 1. Тили жаңыдан чыккан жаш баланын тилин – ушул накыл сөз менен атаган. 2. Күчү тилине чыккан жалкоолорго карата колдонулат.

Илгери көбүнчө буудайды кууруп, талкан жасаган, же бүкүлү майга салып, майлап жеген. «Буудай – майлап жесе, муундуу болот» деп, балбандарга да берген. Көбүнчө жаш балдар куурган будайды айранга салып иче турган, же каймакка мыкчып жей турган. Талканды да көбүнчө жаргылчакка тартар эле. Буудайды ар бир үйдө куура турган. Ысыган казанга салган буудай чыртылдап ыргый берет. Мына ушундан улам, «тили куурулуп аткан буудайдай чыртылдайт» дегендин ордуна – «тили буудай куурат» болуп калган.




1   ...   6   7   8   9   10   11   12   13   14


©netref.ru 2017
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет