Кыргыз филологиясы факультети кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун методикасы кафедрасы осмонкулов а., Акунова а. Р



жүктеу 2.56 Mb.
бет4/14
Дата25.04.2016
өлшемі2.56 Mb.
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   14
:

ТУТУМУНДА СОМАТИЗМДЕР КАТЫШКАН ФРАЗЕОЛОГИЗМДЕР

1. Эки компоненттен турган:


Фразеологизмдер

Лексикалык мааниси

Оозеки, жазуу кепте колдонулушу

1.

2.

3.

Ай жамалдуу

Айдай сулуу, абдан сулуу, сулуулугу суктандырган, ажарлуу, келишимдүү

Ай жамалдуу бото көз. (фольк.)

Ак кол

Оор ишке кол тийгизбеген, кара жумуш кылып көнбөгөн, андай иштен кача турган жалкоо, жан бакты

Алар ак кол болуп жаман үйрөнүп кетишти. (Сыдыкбеков)

Ак сөөк

1.Ата-бабасы тектүү киши;

2. Өтө назик, абдан сыпайы, сөөгү таза



1.Элдияр хан ак сөөктүгүн көрсөтүп, кара тамандарга кошулган жок.

2.Ал кыз бир көргөн кишини суктанткан ак сөөк, аста басып, аяр сүйлөйт.



Алаканга салгандай

Дапдаана, ачык-айкын, белгилүү

Ошол үйүнүн эшигинде туруп алып, алаканга салгандай көрүнгөн Ош шаарын суктана карачу. (Борбиев)

Ала көөдөн

1.Барбалактаган ак көңүл, оюнда арамдыгы жок;

2.Мактанчаак, курулай күүлөнгөн, жеңил мүнөз



1. Ала көөдөн күрсүлдөп, Анжыяндык айры сакал Санжыбек. («Манас»)

2. Ала көөдөн адамдар, куру дүрмөт мылтыктай. (Үсөнбаев)



Алкы бузук

1.Алдым-жуттум, ач көз, жегич-ичкич, нысабы жок;

2.Соргок, тамакты көп ичкен, нысабы жок



1. Бай-манаптын алкы бузук, Мал ордуна киши жейт. (Токтогул)

2. Алкы бузук киши.



Артык баш

Ашыкча, тийиштүү өлчөмдөн ашык, артыкча

Артык баш толуп жаткан буюм жасап, Миңдеген мээлей, байпак алдык токуп (Үмөталиев)

Асмандын башы

Өтө кымбат, абдан кымбат

Күндөн-күнгө тамак-аштын баасы асмандын башы болуп бара жатат, колунда жоктор кантти экен.

Ачык ооз

В:Оозу ачык

Оозу бош


Укканын ичине сактап тура албаган, билген-көргөнүн айта берген бош ооз

-Акиш, сен качан ачык ооз элең, «бээ сойдук» деп эч кимге айтпа. (БСМ)

В.: -Оозу ачыктардын бири мен, сиз мени абайлаңыз. (БСМ)

-Оозу бош неме балдарды кантип «кой дешке» эрки жетет? Өзүңүз ойлоңузчу! (БСМ)



Бал тил

Адамды өзүнө тарта, кызыктыра жылмалап айтылган, ынандырып көйүткөн өтө чебер, жылма, сылык сөз

Карабек кызылдардын чоңун бал тилге салып жанына аралжы тапчудай, Каныбектин маңдайына барып тура калды. (Жантөшев)

Бармагын тиштөө

Өткөн ишке өкүнүү, арман кылуу, өкүттө калуу

Барпы жаштыгын, аял ала электигин эстеп бармагын тиштеди. (Байтемиров)

Бармак басым

Кичинекей, кенедей, бармактын ордундай

Бармак басым жери көгөрүп калыптыр.

Баш адашуу

Өтө көп, же татаал нерсенен учу-кыйрын таба албоо

Ал гүлдөрдүн улам бирине учуп-конгон эң сонун кооз көпөлөктөрдөн башың адашат. (Мидин)

Баш айлануу

1.Көңүлү караңгылоо, өзүн начар сезүү, башы тегеренүү, алсырап кетүү:

2.Кандайдыр бир ишти аткарууда, маселени чечүүдө ж.б. учурда көпкө чейин ойлонуп, эмне кыларын билбей ыргылжың болуу, өзүнчө бир чечимге келе албай башы маң болуу



1. -Туруп - олтуруп сүйлөшсөм болот эле башым айланып кетет. (Осмоналиев).

2. Капыстан бул маселе торго чалып алды да, Абылкасым буйдалып, башы айланып, бир топко бул тордон чыга албай турду. (Абдукаимов)



Баш аламан

Иретсиз, тартипсиз, чакчелекей, чар-жайыт

Бул жерде тартип да жок баш аламан, Куш көргөн каргалар-

дан болдук жаман.



Баш байлоо

Кызга куда түшүп, кудалашып коюу, же жесир аялды бирөөгө алып берүү, никелештирип коюу

Эгерде сен Сарыгул менен баш байласаң да менден жашырбооң керек эле. (Абдукаимов)

Баш ийүү

Моюн сунуу, багынуу, айтканына, талабына макул болуу, көнүү

Байым - башынан мыйзамга баш ийген адам. (Сыдыкбеков)

Баш кошуу

1. Бирге болуу, чогулуу, биригүү, бир тилектеш, мамилелеш болуу

2.Үйлөнүү, турмуш куруу



1. Карыларды баш коштуруп, акыл сурады. (БСМ)

2. Ата-энелери кеңешип туруп, экөөнү баш коштуруп коюшту.



Баш көтөрбөө

1. Бир нерсеге өтө берилип иштөө, бүт мүмкүнчүлүгү, бардык күчү менен аракеттенүү, катуу киришүү

2. Каршылык көрсөтө албоо, өзүнүн алсыз экендиги көрүнүү

3. Катуу сынып калуу, уят болуп калуу


1. Биз күнү-түнү баш көтөрбөй иштедик.

2.«Жармач туугандарың жер чукушуп, баш көтөрө алышпай калышпадыбы?»,-деди Асанбайга туугандары. (Сыдыкбеков)

3. Уялганыман кечке баш көтөрө албадым.


Баш тоголотуу

Үйрөтүү, жол көрсөтүү, баштоо

Чолок ооз шайтан баш тоголотуп, аларды өзүнө союл кылып алды. (Сыдыкбеков)

Баш чайкоо

Бир нерсеге абдан өкүнүп, кайгырып, же таң калып туруу деген мааниде колдонулат

Карап турган эл- журтуң башын чайкашып зарлады.

(«Курманбек»)



Башка келүү

Кокусунан кандайдыр бир нерсеге (көбүнчө кырсыкка, оор абалга, кыйынчылыкка ж.б.) дуушар болуу

Башка келсе көтөрбөскө чара жок.

Баштан аяк

Бүт баардыгы, тегиз, түгөл, толугу менен

Деле сүрүштүрүп тыяк-быяк, ата-жотолорубузду баштан аяк бүт билишет экен. (Бейшеналиев)

Башты оорутуу

Болбогон бир нерселерди айта берип мазени алуу, тажатуу

Көрүнгөн шылтоолорду айтып башты оорутту.

Башы ачык

1.Эч кимге менчиктелинбеген, эчким ээ болбогон, эч кимдин тиешеси жок;

2. Кудалашкан, сүйлөшүп макулдашкан жери жок (кызга карата), башка күйөөгө чыгууга, кетип калууга мүмкүнчүлүгү бар, кылчактай турган, кармала турган эч нерсеси жок (күйөөдөн чыккан, же жесир калган аялдарга карата)



1. Башы ачык буюм.

2. -Кантти?! Менин башым ачык эмес да? (Бейшеналиев)



Башы бар

Бир нерсенин жөн жайын жакшы билген, ар нерсени түшүнгөн, түшүнүгү жакшы

Башы бар чымчык сага карматпас. (Осмоналиев)

Башы бышкан

Бир нерсеге абдан такшалган, дасыккан, жакшы-жаманды башынан көп өткөрүп бышыккан, кадик болгон, катылган

Бирок азыр башы бышкан, ал кездеги мен эмес. Мен жетим, жетилдим, эч кимиңден эми бала кем эмес. (Элебаев)

Башы жок

Акыл-эси жок, начар, бир нерсенин жөнүн түшүнө албаган

«Сенин башы жок балдарың үчүн мектепке чакырылып жүрүп, чачым агарды. Карыттың!», - деп урушчу элең. (Осмоналиев)

Башы оор

1. Кебелбеген, абдан салмактуу, токтоо, оор басырык;

2.Бир нерсени анча этибар албаган, оңой менен жылбаган



1. Унчукпас, башы оор шофердун бурк эткени угулду (Өмүрбаев)

2. «Жаш туруп мынча башы оор болорбу?» деп кайнене өз алдынча кобуранып жатты. (БСМ)



Башын аттоо

1. Күйөөсүн теңсибей чанып кетүү, жактырбай таштап кетүү, башка бирөөгө ооп кетүү

2. Тийиштүү адамга айтпай, билдирбей, анын макулдугун укпай туруп өзүнчө, өз билгениндей иштей берүү



1.-Менин гана башымды аттайт э, томаяктын кызы! (Сыдыкбеков)

2. Башымды аттап, сөзүмдү таштап, Бекназардан калка күтүп кеткен экен деп, каарына алса кантти? (Касымбеков)



Башын куттуктоо

Кандайдыр бир жагымсыз начар иштен (катуу оорудан, чоң кырсыктан, узак жолдон ж.б.) аман калган адамга сый көрсөтүү иретинде кийим-кече кийгизүү, же бир нерсе тартуулоо

-Иниң өзү келгенде, башын куттуктап ат мингизейин. (Жантөшев)

Бет ачар

Кандайдыр бир иштин башталышы, алгачкы башталмасы

Менин айтып отурганым бул китепке бет ачар өңдүү гана. (Бөкөнбаев)

Бет маңдай

Бетме-бет, тике, бет алды

Алдымдан бет маңдай чыга калды.

Бети ачык

Ийменгенди, тартынганды билбеген, уяты жок, кашка

Бети ачык келин.

Бети жок

Уятсыз, абийирсиз

Бети жоктун айтканын кара!

Бети калың

Уялганды билбеген, уялбаган, эч нерсени тоготпогон, кенебеген

Күйгөн-бышкан калың эл, Бети калың зулумдан. (Барпы)

Бети күйүү

Бирөөнүн алдында өзүн айытуудай, күнөөлүдөй сезип, катуу уялуу, тике карай албоо, өтө ыңгайсыз абалда болуу

Байдын жесири да, Чырым да беттери күйүп, ага саламдашууга батына албай жүрүшкөн. (Каимов)

Бетине кармоо

Кандайдыр бир ишке себеп, негиз кылуу үчүн бир нерсени шылтоолоп, ага таянып бүтүрүү аракетинде болуу

-Жантай баатыр, улуу башымды кичик кылып, жалпы саяктын тоодой кадырмандарын бетиңе кармап келсең, мен чанмак белем?

(Бейшеналиев)



Беш көкүл

Эс тартып, бойго жетип калган, турмушка чыга элек кыз

Анда менин беш көкүл кезим. (БСМ)

Бир боор

Жакын, туугандык жакындык жагы бар

Канча кылган менен бир боор да.

Бир ичеги

Тамакты аз ичкен, анча батыра иче албаган, аз ичип-жебеген

Бир ичеги болуп калыптыр.

Бир ооздон

Бүт, баардыгы тегиз бир кишидей болгон

Мыктылар бир ооздон убада кылышты. (Осмоналиев)

Бир ууч

Кичинекей, аз гана, үркөрдөй болгон

Сен эмне, бир ууч жакыр элдин жалпак эски болушусуң. (Бейшеналиев)

Бой бербөө

Баш ийбөө, моюн сунбоо, ыркына көнбөө

Бул жолу да энем кайнилерине бой бербеди. (Сыдыкбеков)

Бой жетүү

Чоңоюу, өспүрүм курагына келүү, жетилүү

Мугалим бой жеткен эркек жана кыз балдардын кээ бирөөлөрү менен аңгемелешти. (БСМ)

Бой көтөрүү

Өзүн башкалардан жогоруу санап менменсинүү, мыктысынуу, кекирейүү

Ашыра бой көтөрүп, ашыра сынтагып кеткен да болбойт. (Сыдыкбеков)

Бой түзөө

Айыккандай көрүнүү, жакшы боло түшүү (ооруп өлүм алдында жаткан адамга карата айтылат)

Сыягы бой түзөп жатат окшойт. (Медетов)

Боор ачырлык

Зээн кейите тургандай, абдан аянычтуу

Ак куунун боор ачырлык абалын, манжаларын тыпырата, кулачын салбырата маалымдады. (Бейшеналиев)

Боору ооруу

Боорукерлик кылуу, жардам берүү, жакшылык жасоо

Алардын кызга боору ооруду.

Боору бүтүн

Аман-эсен, телегейи тегиз, эч убайымсыз, кайгысыз

-Э, кызым, азыр кайда барсаң, мамайдын көрү болбодубу? Боору бүтүн киши калбайт окшойт. (Абдукаимов)

Боору катуу

1.Таш боор, ырайымсыз, бирөөгө жан тартпаган, эч ырайым кылбаган;

2.Аябай күлүү, күлкүсүн тыя албоо, күлкүдөн ыкшып калуу;

3. Катуу ыйлоо (көбүнчө балага карата);

4.Чоңоюу, бой жетүү, баралына келүү



1. Түк карабайт жалчыга,

Боору катуу канкорлор. (Осмонов)

2. Күлүп атып, боорум катып калды.

3. Аргасыздан ата кетти жүрөгү сыздап, бала калды боору катып, солуп ыйлап. (Касымбеков)

4. «Өлбөсө булар дагы боору катып адам болор» деп чал күрсүнүп койду. (БСМ)


Боору таш

Ырайымсыз, эч кимге жаны ачыбаган, ыракымы жок, кара мүртөз

Тыныбектен өткөн таш боор, мээримсиз болгону үчүн атасынын көңүлү сууду. (Каимов)

Боору эзилүү

1. Абдан жакшы көрүү, элжиреп ичи ысуу (көбүнчө балага карата);

2.Абдан капа болуу, ичи күйүү, катуу кайгыруу;

3.Күлкүсүн токтото албоо, ыкшып күлүү, кыткылыктай берүү;

4.Көбүнчө эрип-эпчип, көгөрүп-татарып көпкө, узак ыйлап калган кичинекей балага карата айтылат



1. Небересин кебетесин көрүп, боору эзилип калды.

2. Элди, жерди сагынганымды айтпа! Ойлосом, боорум эзилет. (Аалы)

3. Кыз күлкүсүн тыя албай, боору эзилип жатты. (Укаев)

4. Шүмүрөйгөн гана албарсты, мына бул баланын боору эзилип калса эмне болот, ыя!


(Исмаилов)

Бото көз

Бадырайган,жоодураган, балбылдаган, көзү чоң

Сурмалуу бото көзүң жаркылдаса, Бозойдун жүрөгүнө бербейт маза. (Аалы)

Бою жибүү

Кандайдыр бир нерсеге ыраазы болгондой эргип, дене бою жазыла түшүү, элжирөө, сүйүнүү

«Макул» деген сөздү укканда, Сатардын бою жибип кетти. (БСМ)

Боюна бүтүү

Кош бойлуу болуу, боозуу

Эгер жыл айланбай боюма бүтүп, төрөп койбосом, күйүттөн эле тындым болот элем… Бала үчүн гана жашап жүрөм. (Каимов)

Боюнан бошонуу

Төрөө, төрөп алуу, көз жаруу

Жеңем боюнан бошонуп, тыңыйын деп калган. (БСМ)

Боюнан түшүү

Бала төрөлөөр убактысына, айына жетпей төрөлүү, ичтен өлүү түшүү

Келиндин боюнан түшүп калды.

Бөрү тил

Эки жагы миздүү, өтө курч темир буюм

Бөрү тил болот сыр найза, Бөйрөгүнөн сундуруп. («Олжобай менен Кишимжан»)

Бут тосуу

Бирөөгө кыянаттык кылуу, жолтоо болуу, жолун тороо, тоскоолдук кылуу

Кандай максат менен аларга бут тосуп мүдүрүлткүсү келет? (Жантөшев)

Бутуна жыгылуу

Жалынып - жалбарып кечирим суроо, кечирип кой деп өтүнүү

Эми тиги берендин бутуна жыгыл, кечке ыйлап. (Осмоналиев)

Бутуна туруу

Өз алдынча оокат, тиричилик өтөрүү, өзүнчө жашоо мүмкүнчүлүгүнө жетишүү, турмуш шарты оңолуу

Жаркынбайдын турмушу оңолду, бутуна турду. (Бейшеналиев)

Буудай жүздүү

Ак жуумал, ак саргыл, жакшынакай, өңдүү-түстүү

Жээрде мурут, ичке каш, буудай жүздүү… датка тактысынан түштү. (Осмоналиев)

Дени өлүү

Эмне кыларын билбей далдырап калуу, аябай коркуп кетүү, акыл-эсин жоготуу, эч нерсени сезбей жалдыроо

Надзирателдин дени өлүп калды. (Бектенов)

Дениң сообу

Акыл-эсиң ордундабы, эмне болгонсуң, соосуңбу деген сыяктуу мааниде колдонулат

- Өйдө-төмөн кепке түшүнбөй оолжуйсуң, деги дениң сообу? (БСМ)


Душман көзүнө

Башкалар ушундай экен го деп түшүнсүн, ушундай деп ойлосун деген максатта, сыр алдырбоо аракетин билдирүүдө колдонулат

Байымбет душман көзүнө эчтекени элебегендей, тымызын мемиреп, … булардын көксөөсүн суутуу максатын көздөдү. (Бейшеналиев)

Жаагы ачылуу

1.Токтолбой жаалданып, ээлигип сүйлөй берүү, жаагын жанып көп сүйлөө;

2.Бир нерсеге көнүгүп, эргип, улам кызып сүйлөй, же ырдай баштоо



1. Анархан ызаланса да жоошуп, тартына түштү. (Сыдыкбеков)

2. Сиздин шарапатыңыз менен жаагым ачылып, анча-мынча ырчы аталгансыдым. (Бейшеналиев)



Жаагын басуу

1.Унчукпай, сүйлөбөй калуу, дым болуу;

2.Унчуккус, сүйлөгүс кылып коюу, унчуктурбай салуу



1. Мына, эми мен жаагымды бастым, бастым! (Абдукаимов)

2. Ал дагы колун акырын көтөрүп, Веранын жаагын басты. (Касымбеков)



Жаагын ысытуу

Жаакка катуу чабуу, жаакка чаап жазалап коюу

Анын жаагын ысытып, кичине окутуп кой, ашынып кетти.

Жаагың сынгыр!

Какшанып көп сүйлөгөн кишиге, жаагын жанып ыксыз көп ыйлаган балага карата жактырбоо, тилдөө, тыйып коюу, же суук кабар, суук сөз айткан кишини тилдөө, каргоо маанисинде колдонулат

-Тим болбой ага, жаагың сынгыр! (Абдыраманов)

Жаагыңды бас!

«Сүйлөбө», «унчукпа», «үнүңдү чыгарба» деген сыяктуу кекетүү, тилдөө маанисинде колдонулат

-Жаагыңды бас!-колундагы ачкычты Чыңгызга сунду. (Осмоналиев)

Жалгыз бой

1.Үй-бүлөсү жок, жалгыз өзү, кара башы, бойдок, өзү эле;

2.Үй-бүлөсүнө, бала-чакасына, үй-тиричилигине өзүнөн башка каралашар, жардамдашар, кол кабыш кылар кишиси жок, эч кимиси жок



1. Жалгыз бойлукка жабыркаган таалимчисин алаксытып, көөнүн жубатты. (Бейшеналиев)

2. Ал киши жалгыз бой болучу.



Жан ачытуу

Жанга тийүү, жан кейитип тынчсыздандыруу

Аркы-берки сөздөн кийин, жан ачыткан чындыкты айтты. (Жусупов)

Жан аябай

Өлөр-тирилерине карабай, бардык күчү, бүт мүмкүнчүлүгү менен, жан талашып

Кыскасы, манаптар менен жан аябай күрөшө баштадык. (Жантөшев)

Жан багуу

Керт башынын гана камын ойлоо, эптеп күн көрүү

Булар кийик көтөрүп келет экен, убактылуу болсо да, ошолордон жеп жан багамын. (Мидин)

Жан берүү

1.Өлүү, каза табуу, көз жумуу;

2.Актыгы үчүн касам ичип, ант берип далилдөө шарты



Башы менен асфальтка катуу жыгылган бала, ошол жердин өзүндө жан бериптир. (Медетов)

2. «Ууру эмес десең, балаңдын жанын бер?!» - дешти энеме алар.(Сыдыкбеков)



Жан бирге

Бири-бири менен өтө ысык, абдан жакын, ынак, кыйышпас, өтө таттуу

Кызга жан бирге жеңеси кошо кейип, кошо сыздайт. (Сыдыкбеков)

Жан дүйнө

Ички сезим, ой, кулк-мүнөз, табияты

Мындай суук сөз жан дүйнөңдү өрттөп кетет экен. (Борбиев)

Жан жок

1.Абдан коркок, жүрөгү жок, кайратсыз;

2.Бир нерседен корккон, кооптонгон, чочулап жүрөк заада болгон коркунучтуу абалга карата колдонулат;

3.Эч нерсени тоготпогон, сезбеген, өтө чыдамкай


1. -Сенде жан жок тура, күн мурун эле титирейсиң. (Байтемиров)

2. Далай баласын жерге берип, жүрөгү калган энеде жан жок. (Укаев)

3. -Ай ушунда жан жок, эртеден кечке муз ойногондо бул залкар бир тердебейт. (Укаев)



1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   14


©netref.ru 2017
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет