Кыргыз филологиясы факультети кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун методикасы кафедрасы осмонкулов а., Акунова а. Р



жүктеу 2.56 Mb.
бет5/14
Дата25.04.2016
өлшемі2.56 Mb.
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   14
:

Жан кечти

Ар кандай кыйынчылыктан, жамандыктан баш тартпаган өлөрман, өжөр, эмне болсо ошо болсун деп, жанын кыйган шум адам

Ушул кагаздын айынан кимдер гана жан кечти болбоду. (Ашымбаев)

Жан кирүү

1. Тирилүү, өмүр сүрүү, жашоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу;

2.Жандана баштоо, кызуу абалга өтүү (ишке, же кандайдыр бир кыймыл-аракетке карата);

3.Тыңуу, чыйралуу, бирөөгө каршылык көрсөтө алгыдай абалга калуу деген мааниде


1. Болду-болбоду Серекке кайра жан кирди. (БСМ)

2. Эл көбөйүп, базарга жан кирип калган экен. (БСМ)

3. Эмне кыларын билбей айласы кетип турду эле, алды жактан топ караан көрүнө калганда жан кире түштү.(БСМ)


Жан күйгүзүү

Аябай ачуусуна тийүү, намысына келтирүү, ызасын жеткирүү

Туугандарынын жан күйгүзө айтканын, Сарала тим олтуруп укту. (Сыдыкбеков)

Жан кыйышпас

Бири-бири менен абдан ысык, өтө таттуу, эч ажырагыс, ынак

Казынын Нарын шаарында кыйышпас жакын достору бар. (Баялинов)

Жан сактоо

Оокат-тиричилик кылуу-жашоо

Андан көрө экөө баш кошуп жан сактабайбы. (Каимов)

Жан соога

Өлүмдөн аман алып калууну суранган өтүнүч, абдан өтүнүү менен суранган сөз

Өгүзгө таңып, чыргайды аралатканда дагы жан соога сураган эмесмин. (Осмоналиев)

Жан талашуу

1.Жан аябай катуу иштөө, жанын үрөп иштөө;

2.Кандайдыр бир коркунучка, өлүмгө ж.б. каршылык көрсөтүү, андан кутулуу үчүн жан далбаса кылып катуу аракеттенүү, жан аргасын издөө



1. Жан талашып жакшы иштедим. (Жантөшев)

2. Жан талашып үңкүрдүн оозун тырмалашса керек. (Бөкөнбаев)



Жанга батуу

Бир нерсенин запкысын тартып аябай кыйналуу, жан кейиткендей, намысына тийгендей өтө катуу таасир этүү (кандайдыр бир шарт, бирөөнүн кордогону, же суук тил ж.б. карата)

Калыймандын кейиштүү сөздөрү жанга батып кетти. (Жакыпов)

Жанга теңебөө

Бирөөлөрдөн өйдө саноо, жогору саноо, башкалардан артык деп эсептөө

Гүлмира да, Нурлан да өздөрүн жанга теңешчү эмес. (Борбиев)

Жанда жок

Абдан мыкты, чыгаан

Келиним, бечара, жанда жок белек берүүнү самаган. (БСМ)

Жандан түңүлүү

Өлөт экенмин деп ойлоо, жашоодон үмүт үзүү, абдан коркуу

Башкасын билбейм, мен өзүм жанымдан түңүлүп калгамын. (Убукеев)

Жаны ачуу

1.Бирөөнү аяган, ага жан тартып, боорукерлик кылып кейиген абалда болуу;

2.Ызага, кордукка, теңсиздикке жаны кашаюу, абдан ачуусу келип ардануу, катуу намыстануу



1. Аячу элең жаның ачып энеке, Мен кой айдап, түшкөн кезде адырдан. (Турусбеков)

2. -Жаны ачыган айбан баланы кежигеден алып, тиштеп ыргытса кантет? (Бейшеналиев)



Жаны бирге

Бири-бирине өтө жакын, абдан ынак

Искендер биздин үйгө көп келчү, агам менен жаны бирге эле. (Абдукаимов)

Жаны калбоо

1.Жакшы көрүү, эпилдеп жайдары, жакшы мамиле жасоо, сүйүнүү;

2.Бир нерседен чочулап, сары санаа болуп абдан коркуп кетүү



1. Чотур кызынан жакшы кабар алып келгенине жаны калбай аябай сүйүндү. (Абдукаимов)

2. -Ой, жаным калсачы! Сен белең?



Жаны караруу

Абдан ачуусу келүү, түнөрүү, туталанып эмне кылар айласын таппай катуу ызасы келүү

«Алар укумунан тукумуна өтчү чексиз бийликтеринен ажырап калабызбы?» деп жандары карарды. (Осмоналиев)


Жаны кейүү

1.Оорудан жапа чегүүдөн ж.б. абдан катуу кыйналуу;

2.Боору оору, жаны ачуу, аёо



1. Чөгүп калган курган эне кандан, тенден сызылып чыккан баласы үчүн кечип, жүрөгү мыкчылып жүрчү. (Сыдыкбеков)

2.Менин ал мунжу балага жаным кейиди.



Жаны чыгуу

1.Өлүү, көз жумуу, дүйнөдөн кайтуу;

2.Катуу коркуу, бир нерседен кооптонуп үрөйү учуу



1. Кебетеси, жаны чыгарына аз эле калса керек. (Баялинов)

2.-Жинди турбайсыңбы, кызылдай жаным чыкты, агып өлөт экен деп. (Абылкасымов)



Жаным курман!

Көбүнчө балдарга карата жалынып-жалбаруу, мээримдүү мамиле жасоо маанисинде колдонулат

-Оозуңдан секет болоюн, ушул кепти жеткирген оозуңдан! Жаным курман! (Медетов)

Жанын жейт

Катуу кыйналат, кыйноо тартат, жаны жай албайт

-Каран бала жанын жеп атыры, бирок мейли, айта берсин, бекер отургуча кызык калп экен. (Айтматов)

Жанын сабоо

1.Кандайдыр бир максат үчүн тырышып, тыным албай, жан талаша иштөө, катуу киришүү, кара жанын карч уруу;

2.Бир нерсени далилдөө, же эч нерсени мойнуна албоо максатында жанталаша катуу аракеттенүү, аябай киришүү



1. Канчалык жанымды сабасам дагы, бир чоң илимий эмгегимди чүргөп бүтүргөнгө чактым жеткен жок. (БСМ)

2. «Адам жакшысы деле үч түргө бөлүнөт»,-деди Сырбай, Осмонду утуп чыгууга жанын сабап. (Осмоналиев)



Жанындай көрүү

Абдан жакшы көрүү, өтө ысык көрүү

Анткени, мен дыйканчылыкты жанымдай көргөн адаммын. (Эралиев)

Жанынын бардыгынча

Алынын келишинче, мүмкүнчүлүгүнүн болушунча, чаркы жетишинче

Ал жанынын бардыгынча кыйкырды. (БСМ)

Жапа тырмак

Бүт баары, бардыгы, бири калбай, жапырт, жалпы

Алар «чатырды бир жарым айда жаап бүтөбүз» дешип, жапа тырмак шерт байлашкан. (Ашымбаев)

Жарым жан

Алты саны аман эмес, бир мүчөсү кем, майыбы бар, оорукчан

-Биз болсок, жарым жан кишилерге баш-көз болуп ушул жерде калалы. (Укаев)

Жез таңдай

Сөзгө чебер, чечен, акындыгы жетик

Алтын жаак, жез таңдай, Ырчы болгон экенсиң. (Токтогул)

Жел өпкө

Ала көөдөн, көйрөң, куру мактанчаак, жеңил мүнөз

Бир жагынан жел өпкө жаштарды ээрчитип кеткенине иренжиди. (Укаев)

Жел таман

1. Бир жерге жай алып тура албаган, аягы сай таппаган, басанаак;

2.Жеңил мүнөз, туруксуз, шайкелең



1. Арба, курган жел таман, балдарды ээрчитип кайда кетип калды? (БСМ)

2. Ал жел таман ойсоктогон мүнөздөрүнө жараша эң болбогондо көз жашы кылып тынуу керек. (БСМ)



Желкеге минүү

Өзүмчө эмгектенбей, бирөөгө салмагын салып, анын эсебинен күн көрүү

«Өзүңчө эмгектенсең боло, качанкыга чейин биздин желкебизге минесиң? Биз да карыдык»,- деп атам жемелей баштады. (Бейшеналиев)

Желкеси жок

Абдан кежир, кыйык, тил албаган

Бала туруп, мындай желкеси жокту ким көргөн?

Жилиги үзүлгөнчө

Мүмкүнчүлүгү болушунча, күчү жетишинче, буту-бутуна тийбей катуу чуркоо, жүгүрүү деген мааниде

Курманбек айылды көздөй жилиги үзүлгүчө жүгүрдү.

Жолборс жүрөк

Эч нерседен коркпогон, тайманбас, баатыр, эр жүрөк

Бул ушундай жолборс жүрөк, муну менен эрегешип болбойт. (Каимов)

Жону бар

Семиз, эттүү

Жаздын узак, катаал болгондугуна карабастан, айрым тың чабандардын малынын жону бар. (БСМ)

Жону жука

Колунда жок, жоксуз, жарды, кедей

«Жонуңар жука экенин билип турганда, жок намыстын кереги эмне?», - деди Зуура. (Убукеев)

Жону калың

Колунда бар, бардар, бай

«Алардын жону калың, биз аларга теңеле албайбыз да»,- деп кембагалдар чуулдашты. (БСМ)

Жонун салуу

Тоготпоо, сестенбөө, теңине албаган, жактырбаган, көңүлдөнбөгөн түр көрсөтүү.

Кудайберген -чынжырлуу жолборс да, Тыныбек менен Султанаалыга кыр көрсөтүп, жонун салат. (Каипов)

Жоон моюн

Анча-мынчаны тоготпогон, менменсинип кербезденген, кенебеген, тил албаган

-Жаш туруп, эмитен жоон моюн болсоң, сени ким жакшы көрөт? (БСМ)

Жүз карашпоо

Катуу таарынышып же чатакташып бири-бирине такыр жолугушпай, бет алышып көрүшпөй, бирин-бири көргүсү келбей, катуу араздашып калуу

Бул үйдөгүлөр кечинде жүз карашпай, алды-алдынан тарап кетишти. (Медетов)

Жүз чаюу

Жуунуу, бетин жуу

Айнектей тунук сууга кол малып, жүз чайыды. (Осмоналиев)

Жүзү жарык

1.Ажарлуу, жайдары;

2.Элге уят болбогудай, эл алдына кызарбагандай, кепке-сөзгө калбагандай абалда



1.Карындашым Кундузжан, жүзүң жарык жылдыздан.(Аалы)

2. Бардыгынын жүзү жарык, көңүлдүү.



Жүзү каралык

Уятсыздык, адамгерчилиги жоктук, шермендечилик, маскарачылык

Биз үчүн жакшылык ойлобой, бардык жүзү каралыкты ойлоп жүргөндөр ушулар экен да! (Жантөшев)

Жүзү курсун

Уятсыз, уялганды билбеген, бетинде кызылы жок деген мааниде жек көрүү, тилдөө иретинде колдонулат

Болбосо жүзү курусун алардын, куттуу журтта кеп кылчу сөз эмес! (Медетов)

Жүлүнгө жетүү

Абдан катуу тийүү, жанына батуу, ачуусун, ызасын келтирүү

Асылдын ушул сөзү жүлүнгө жетти.

Жүрөгү агарбоо

Көңүлү калуу, жек көрүү сезими пайда болуу, эч кечире албоо

Курумбай кудасына берген сөзүн жокко чыгарган Осмонкулга эми жүрөгү агарбай калган. (Өгөбаев)

Жүрөгү айлануу

Кускусу келүү, окшуй тургандай болуп, өзүн начар сезүү, жипкирүү

Жүрөгү айланып, окшуганы араң турат.

Жүрөгү айрылуу

Аябай сүйүнгөндө, же катуу корккондо апкаа-рыган, элеп-желеп болуп өтө толкундаган абалда болуу

Жүрөгүм чочуп айрылып, Жүдөдүм жаман кайгырып. (Калык)

Жүрөгү ак

Жүрөгүндө кири жок, арамдыгы, эч арам ою жок, көңүлү таза

Жүргөн-турганынан оройлук сезилген менен, жүрөгү ак бечаралар акыйкатты, адамгерчиликти ыйык тутушкан. (Ашымбеков)

Жүрөгү ачышуу

Бир нерсеге аябай кайгыруу, капа болуп туталануу, жүрөгү сыздоо

Бакенин эстегенде, мына ушул сүйүнүчкө аралаш, жүрөгү ачышып кетет. (Өмүрбаев)

Жүрөгү жаралуу

Кайгылуу, капалуу, санаалуу, абдан оор кайгысы бар

-Качан жаралуу жүрөгүбүздү айыктырасыңар?

Жүрөгү жибүү

Ийигүү, жакшы көрүү, ыраазы болуп калуу

Аны көргөндө эле жүрөгүм жибиди.

Жүрөгү жок

1. Коркок, өтүмү жок кайратсыз;

2. Ырайымсыз, таш боор



1.Жүрөгү жок ургандар,

Качып берип сайдырар. (фольк.)

2. -Урдум сени, жүрөгүң жок турбайбы!


Жүрөгү каноо

Жаны кейүү, кыйналуу

Булар үчүн жүрөгү канап отурган кемпир-Мандаштын кемпири Күлкан. (Өмүрбаев)

Жүрөгү курч

Өтүмдүү, эч нерседен тайманбаган, тартынбаган, эч кайра тартпаган

Буга жанагылардай жүрөгү курч, жалынга толгон жаштар керек. (Эралиев)

Жүрөгү муз

Мээримсиз, боору жок, кайрымы жок, таш боор

Эгерде ал дити супсак, жүрөгү муз адам болсо, Данияр азыр минтип ырдай албайт эле. (Айтматов)

Жүрөгү опколжуу

Кандайдыр бир жаманчылыкты, жаман кабарды сезгендей, өзүнөн-өзү кооптонгондой, сестенгендей абалда болуп, тынчы кетүү, токтоно албай, корко берүү, санааркоо

Айканын жүрөгү жанагыдан бешбетер опкоолжуду. (Жоошбаев)

Жүрөгү өлүү

Абдан катуу коркуп, жалкып, жалкоотой болуп калуу, баш көтөргүс, бир нерсени экинчи кайталагыс болуу

Колго түшкөн жаралуу баатырдын жүрөгү өлгөн экен деп, …атчан эки жигитке айдатып айлына жөнөтөт. (Каимов)

Жүрөгү сыздоо

Абдан катуу кайгыруу, капа болуу, кайгыга батуу, кейүү

Мезгил да ырын ырдап, ыйын ыйлап, жакшысына кубанып, жаманына жүрөгү сыздап өтөт. (Өгөбаев)

Жүрөгү таза

Көңүлүндө кири жок, ак пейил, эч арамчылык ойлобогон

Менин жүрөгүм таза эле.

Жүрөгү тоо

Кебелбеген, кенебеген, эч коркконду билбеген, солк этпеген, баатыр

Барамын мен, Кызылдардын сабына,

Жүрөгү тоо, Каармандар жанына. (Турусбеков)



Жүрөгү түшүү

1.Абдан катуу коркуу, аябай эси чыгып калуу;

2.Катуу корккон, аябай эси чыгып калган баланын бейтап абалына карата айтылат (мындай учурда балдарда кусуу, өңдөн азуу, элирүү сыяктуу көрүнүштөр пайда болот)



1. Аны билген түрмөнүн чоңдорунун жүрөгү түшүп, араң жүрүшөт. (Бектенов)

2. Жүрөгү түшүп, абышкаларга апаптатып, кемпирлерге жүрөгүн көтөрттүк. (БСМ)



Жүрөгү элжирөө

Кандайдыр бир ичти жылыткан кубанычтуу, жакшы сезим пайда болуу

Жүрөгү элжиреп, үйгө кирген баланы ата-энеси салкын тосуп алышты. (Каимов)

Жүрөгү экөө

Ашкан баатыр, баатырдын баатыры

Жүрөгүң экөө эмес.

Жүрөгүн ачуу

Абдан берилип, чын ыкласы менен жадырап-жайноо, өтө мээримдүү кабылдоо

«Келиңиз, Теңир берди, аке, келиңиз!» деп жүрөгүн ачып, меймандарын төшөккө чыгарып, калдастады. (Касымбеков)

Жүрөгүн өйүү

Кандайдыр бир нерседен тынчсызданып, сары санаа болуу, санаркап ойлоно берүү, жүрөк заада болуу

Мына бул көрүнүш Күмүштүн жүрөгүн өйүй баштады. (Жантөшев)

Жүүнү бош

Болбураган, жоош, чыйрак эмес, тың эмес, бөлжүрөп колунан анча эч нерсе келе бербеген

Өңгө аялдарга караганда Мариянын жүүнү бош, кайраты кемдей туюлчу. (Ашымбаев)

Ийненин көзүндөй

Эң эле кичинекей, тырмактай, кенедей, өтө кичине

-Ийненин көзүндөй иш үчүн мени убара кылбай эле койсоң болмок. (БСМ)

Иреңи бузулуу

Коркуп кетүү, корккондон өңү өзгөрүлө түшүү

Мокочо көргөн ийри тумшук Гриша менен Атабайдын иреңдери бузулуп, сөздөрүнүн аягына чыкпай, аңкайып туруп калышты. (Саатов)

Ит арка

Ынтымагы жок, ыркы жок, бирдиктүү эмес

Ит арка бүлө ооздон сөзүбүздү талашып, душманга төш ачып берди. (Өгөбаев)

Ичи ала

Арам ойлуу, пейили бузук, ою түз эмес

Байбагыш уулунан Конокбай менен Бообек экөөнүн ичи ала экени аныкталды. (Өгөбаев)

Ичи арам

Кара ниет, арамдыгы бар, тымызын жамандык ойлогон

Ичи армдан:не кылам деп сурасам, Бир тыйынга мага сат дейт даңкыңды. (Осмонов)

Ичи жакшы

Арамдыгы жок, ою түз, кишиге кара санабаган

-Ошол келиниң, ичи жакшы бирөөгө сыр узатса керек.

Ичи күйүү

1.Өкүнүү, аябай кайгыруу, капалануу, абдан кейүү;

2. Ардануу, ызалануу;

3. Көрө албастык, ичи тардык кылуу, кызгануу сезиминде болуу


1. Асандын качып кеткенине абдан ичим күйдү.

2. Бирөөлөрдун ичи күйүп, бирөөлөрдүн тили кычышып, өсөк күлкү кылышар. (Абдукаимов)



Ичи муздоо

Көңүлү калуу, ичи жылыбоо, мурдагыдай болбой сууй түшүү, жек көрө баштоо

Бөлөсүнүн тун баласына эми ичи муздай баштады. (БСМ)

Ичинен күлүү

Билгизбей астыртан шылдыңдоо, табалоо

Айла жок, ичимден күлдүм, жаштыктын оргу-баргысы деген кандай! (БСМ)

Ичинен сызуу

Кайгы-капасын сыртына чыгарбай, өзүнчө капалануу, өз ичинен катуу убайым тартуу, өзүнчө бушайман боло берүү

Атаңды апаң аяп, ичинен сызып жүрүп кеткен экен да жарыктык. (Бердикеев)

Ичи тардык

1.Башкалардын ийгилигин көрө албаган, өзүнөн башкаларга жакшылык каалабаган, өзүмчүл;

2.Кызганчаак, абдан кароо, териси тар



Жарашпас ичи тардык азаматка, Тар болбо, тардык жаман тирүү чакта. (Осмонов)

Ичи чыкпоо

Ыраазы болбоо, канааттанбоо

Ага тиги уй түгүндөй ойроттон хандык тийбей, кайдагы бир уруунун ханы аталып жүрүшүнө өзүнүн да ичи чыкчу эмес. (Көчкөнов)

Ичке сактоо

Эч кимге айтпоо, сыртка чыгарбоо, башкага билдирбөө

Ал көргөн кегин ичке сактап жүрдү. (БСМ)

Кабагы ачык

1.Кайгы-капасы жок, жайдары, көңүлдүү;

2.Кабагым-кашым дебеген, пешенелүү, ажарлуу, жылдызы жарык



1.Шергазыга чыгып келе жатканда жолукту. Анын кабагы ачык экен, кол алышып бакылдады. (Осмоналиев).

2. Кабагы ачык келин экен.



Кабагы бүркөө

Капалуу, көңүлү ачык эмес, түктөйүңкү

Жамал улам токтой калып, эрдин тиштейт, кабагы бүркөө. (Сыдыгалиев)

Кабыргага кеңешүү

Ары жак, бери жагын байкаштырып, абдан ойлонуу, шашпай көпкө ойлонуу

-Кабыргаңа кеңешип, эртеңке дейре жообуңду бер. (Бейшеналиев)

Кабыргасы ачылбаган

Семиз, абдан семиз, жону билинбеген

Мал кабыргасы ачылбаган бойдон кыштан чыгат. (Байтемиров)

Кан буугандай

Тып эле, дароо эле, ошол замат, арыдан-бери

Өзү бүтүм чыгарды, өзү баарын кан буугандай токтотту, бирок Эдигейди ойлободу. (Айтматов)


Канды кызытуу

Делебесин козгоо, ышкысын, арттыруу

Анын ырынын сөзү да, обону да канды кызытчу. (Борбиев)

Кан жутуу

Күйүмдүү адамынан ажырап, оор кайгы тартуу, күйүттүү болуу

Ата-энемден тогуз жашымда ажырап, зар какшап, кан жуттум эле. (Жантөшев)

Кан ичкич

Киши өлтүргүч, канкор, ырайымсыз, мыкаачы, зулум

Кыларын кылып коюп кан ичкичтер, жылмайып, четте гана аман калды. (Турусбеков)

Кан какшоо

1.Зар кагуу, зарлаган кейиштүү абалда болуу;

2.Кайра-кайра, улам-улам айта берүү;

3.Зыркырап-сыздап ооруй берүү, жан кейите аябай ооруу


1. Күн какшап басмачынын азабынан, зарлады муңга батып далай бейбак. (Шамшиев)

2. Кетип жатат туш-тушка, кан какшап, үгүттөп отуруп, ээ боло албай жатабыз. (БСМ)

3. Бүгүн менин буту-колум кан какшап ооруйт да, күн бүркөө болгондуктан болсо керек. (БСМ)


Кан төгүү

Аябай кыргын салуу, өлтүрүү

Каарданып алыпсың,

Канымды төксөң, мен мына. («Манас»)



Каны бузулуу

Аябай ачуулануу, чыдамы кетип, кыжыры кайноо

Өткөн-кеткенди эсине түшүрүп, каны бузулуп кетти окшойт, бир аз желпилдеп барып токтоду. (БСМ)

Канына сиңүү

Көнүп кетүү, демейдегидей көрүнүшкө айлануу, кадимкидей эле сезилүү

Мунун баары көз ачкандан бери канына сиңип, абдан маш болуп алган кесиби эле. (Укаев)

Кара жүздүүлүк

Уяты жоктук, шермендечилик

Мына ушул калп, алдамчылык, кара жүздүүлүктү Жолболдуев жашырып-жаппай, уялып да койбой, Качыкеге ачык айтты. (Абдукаимов)

Кирпиги жабышуу

Карайлоо, уйкусу келүү

Көзү сүзүлүп, кирпиги жабышып, араң отурду. (БСМ)

Кирпик какпоо

Уктай албай коюу, уйку бетин көрбөө, уйкусу качуу, чырм этпөө

Чалгынга барган берендер, Чаалыгып кирпик какпады. (Бөкөнбаев)

Кол алдында

Бирөөнүн карамагында, бийлигинде, бирөөгө көз каранды

«Кол куушуруп көзүн карап тургандай, мен анын кол алдында эмесмин»,-деди Култай.(Абдукаримов)

Кол башчы

Колго, аскер күчтөрүнө, согуш күчтөрүнө жетекчилик кылып башкаруучу, командачы

Улуу ата мекендик согушта кол башчылар, аскерлер, тылда иштегендер душманды жеңүү үчүн жан-алы калбай күрөшүштү.

Кол кайруу

Көбүнчө өзүнөн улуулардын урганына, чаап жибергенине унчукпай тим болуп калбай, каршылык көрсөтүү, жооп кылып кайра уруу, кармаша кетүү, кол тийгизүү

Өчүн ала, дем алдырбай койгулап, тигинин кол кайрууга чамасын келтирбеди. (Эсенканов)

Кол кууштуруу

1. Кечирим суроо, сурануу, алдына түшүү, өтүнүү, өтүнүч кылуу;

2.Баш ийүү, багынуу



1. Кол куушуруп кудаларың келет, андан көрө ошолорду күт. (БСМ)

2. Азаматтар эл намысын сактаган, кол куушуруп, бут кучактап жатпаган. (Маликов)



Кол салуу

1.Уурдоо, бүлдүрүү, бирөөнүн же көпчүлүктүн мүлкүн законсуз өзүнө ыйгарып алуу, уруксатсыз менчиктеп алуу;

2.Бирөөгө тийишүү, колу тийүү, уруу;

3.Согуш ачуу, уруш баштоо, басып кирүү


1. -Менин малыма кол салып, семиздеп сойгонду ким коюптур аларга! (Бейшеналиев)

2. Шымаланган жигиттер ыкыс берип, Зуураканга кол салганы араң турушат. (Сыдыкбеков)

3. Башчыңа колум саламын бурут,

Малыңды талап аламын бурут. («Манас»)



Кол сунуу

Көздөгөн максатка, ойлогон ойго жетүүгө умтулуу, аракет кылуу, далалаттануу

«Балам, болбос ишке бекер кол сунба»,- деди. (БСМ)

Кол тийгизүү

1.Кандайдыр бир ишти аткарууга, иштөөгө бир аз катышкан болуу, көмөктөшүү;

2.Бирөөнү чаап жиберүү, уруп, же муштап ийүү



1. - Айтпадымбы! Сырткы, ички көр оокатка колуңду тийгизбе. Өзүм тейлейм. (Бейшеналиев)

2. Апам атама кол тийгизди.



Кол үзүү

1.Байланышпай, барышып-келишпей, катышпай, катташпай калуу, байланышы болбой калуу

2. Бир нерседен ажыроо, айрылуу, такыр кол жууп калуу, жок болуу.



1. -Мен да сага «ошондон кол үз» деп айтканы жаткам. (Саатов)

2. Биз биртике эле көзүбүз мындай боло калса, жылкылардан кол үзүп кала турганбыз. (Баялинов)



Кол шилтөө

1.Колу менен белги берүү;

2.Эч нерсеге карабай, бардыгын таштап салуу, мейли кереги жок деп коюу, бардыгына көз жумуу



1. Жолдошу акырын кол шилтеп койду. (БСМ)

2. Акыры баарына колун шилтеп, көз жумдуга салды. (Абдукаимов)




Колго алуу

1.Ишти, же башка нерсени жөнгө салуу, жакшыртуу аракетинде болуу, өйдөлөтүүгө, оңдоого катуу аракеттенүү, белсенип киришүү;

2.Бирөөнү өз тарабына тартуу, өзүнүн айткан-дегенинен чыкпай тургандай кылып, аны менен мамиле түзүп, муютуп коюу, өз кишиси кылып алуу



1. Чарба төмөндөп кетти, колго албасак болбойт. (БСМ)

2. Айтор, эртеңки күн өздөрү үчүн кандай болорун бүрүл баамдаган, өкмөттүн жаш өкүлүн жакшылап колго алып коёлу деген ойдо Качыкенин ич койнуна киришти. (Сыдыкбеков)



Колго кароо

1.Материалдык жактан бирөөгө көз карандуу болуу;

2.Жыйылып оттой албай, колдон жем-чөп, же, колго багылып калуу (малга карата)



1.Жарды туугандарым минтип, колго карап отурат. Биздин деле алыбыз чак. (БСМ)

2. Топоз кышында башка малдай колго карабайт. (Абдукаримов)



Колго түшүү

1.Уурулугу, кылмышы ж.б. билинип кармалып калуу;

2.Туткун болуу, камалуу



1.-Сак бол, колго түшүп калба.

2. Байбичесин кайра Курткага көчүргөнү келдим, абышкасы колго түшүп калыптыр. (Бейшеналиев)



Колдун кириндей

Бат эле жок болуп, түгөнүп кала турган, тез жоголуп кетме, түбөлүктүү эмес

Дүйнө, жашоо дегендин өзү колдун кириндей нерсеби? (Садыбакасов)

Колтугуна кирүү

Эпилдеп-жепилдеп бирөөгө жалынып, ишенимге өтүүгө, өз кишисиндей болуп жакындашып, аралашып кетүүгө аракеттенүү

Курманбай мен жокто таенемдин колтугуна кирип алып, жамандай берчү. (Элебаев)

Колу жеңил

1.Колуна алган иши бат бүтөт, же тез өтөт деген мааниде;

2.Мал мууздаганда жаны көпкө чыкпай турган;

3.Дарылоо, эмдеп-демдөө, аялдардын төрөтүн кабыл алуу сыяктуу иштери жолдуу боло турган, ал дарылаган адамдар тез айыгып кете турган


1. Анын колу жеңил.

2. -Колуң жеңил го, балам, кенедей козу эмгиче эле тыбырап жатат.

3. «Колуңдан айланайын, колу жеңил деп, көп кишиден уктум»,- деди кемпир врач кызга. (БСМ)


Колу туткак

Майда-чүйдө нерселерди, колуна тийгенди уурдап, жымырып, кете берме, жулук ууру, кичине уурулук жайы бар

Колу туткак байбичелер өздөрүнчө бүлкүлдөшүп, күлүп жөн болушту. («Куйручук»)

Колунда бар

Жетиштүү, оокаттуу, бардар

Өзүндө жоктор колунда бар агайындан, айылдаштарынан күчүнө унаа алып, ага жүгүн артып, бир-бирине каралаша өбөк-жөлөк болуп келатышкан кишилер кең пейил, бейпил тартты. (Сыдыкбеков)

Колунда жок

Жетишсиз, начар, алсыз, жоксуз

Адилетсиз турмуш ай, Колунда жок болгон соң, Бечаралык ушундай. (Токтогул)

Көз жаруу

1.Төрөлүү, жарык дүйнөгө келүү (балага карата);

2.Төрөө, боюнан бошонуу, бала төрөп алуу, балалуу болуу (аялга карата)



1. Таң аппак атып калган кезде, бала көз жарды. (БСМ)

2. Кудай кошкон жубайынын аман-эсен көз жарып алуусун алдадан үч убак тилеп жүрөт. (Бердикеев)



Көз жеткис

Өтө алыс, учу-кыйры жок, чектөөгө мүмкүн болгон, абдан узак, болжолсуз

Көз жеткис мобул терең жар,

Капчыгай менен барабар. (Маликов)



Көз жумуу

1.Өлүү, каза болуу, дүйнөдөн кайтуу;

2.Жалтануу, коркуу, калтааруу;

3.Тобокел кылуу, белсенүү, мейлиге салуу, капарга албоо, билсе да билмексен болуу


1. Кайран Музооке абабыз аз гана ноокастап көз жумду. (Бейшеналиев)

2. Көз жумбай жоодо чабышат, Дээринде бар эр киши. («Мендирман»)

3. Бул жолу байбичеңиздин амал-айласына көз жуумп коё албайсыз! (Сыдыкбеков)


Көз жүгүртүү



1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   14


©netref.ru 2017
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет