«Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна салыштырмалуу таблицасы



жүктеу 102.97 Kb.
Дата25.04.2016
өлшемі102.97 Kb.
: MyFiles -> file
file -> Кыргыз республикасынын мыйзамы
file -> Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
file -> -
file -> Кыргыз Республикасынын Турак-жай кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
file -> Жарандык-укуктук милдеттенмелердин суммасын улуттук валютага конвертациялоо жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө

Кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна салыштырмалуу таблицасы


Азыркы редакция

Сунушталуу редакциясы

213-статья. Транспорт каражаттарын пайдаланууга байланышкан

ишкердикти жүргүзүү жана аны лицензиялоонун шарттарын

жана эрежелерин бузуу
Транспорт каражаттарын пайдалануу, оңдоо жана техникалык жактан тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөргө байланышкан ишкердикти, ошондой эле авиациялык ташууларды аткарууну жана тейлөөнү лицензиясыз (уруксатсыз) жүргүзүү -

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн беш, кызмат адамдарына он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттерди администрациялык жаза чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасаганда -

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн он, кызмат адамдарына он беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Ташуучу, транспорттук-экспедициялык жана транспорт каражаттарын пайдаланууга, оңдоого жана техникалык жактан тейлөөгө байланыштуу башка ишкердикти лицензиялоонун (уруксат берүүнүн) шарттарын жана эрежелерин бузуу -

жарандарга - эсептешүү көрсөткүчтүн он өлчөмүндө кызмат адамдарына жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

234-статья. Транспорт каражатын токтотуу жөнүндө ички иштер

органынын кызматкеринин мыйзамдуу талаптарын

транспорт каражатынын айдоочусунун аткарбоосу
Транспорт каражатын токтотуу жөнүндө ички иштер органынын кызматкеринин мыйзамдуу талаптарын транспорт каражатынын айдоочусунун аткарбоосу -

эсептешүү көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жашы жетпегендер тарабынан жасалганда, -

ата-энелерине же аларды алмаштырган адамдарга эсептешүү көрсөткүчтүн беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Эскертүү. Ички иштер органынын форма кийимин кийген кызматкеринин транспорт каражатын токтотуу жөнүндө талабы таякча менен же үн күчөткүч түзүлүштүн жардамы аркылуу сигнал берүү жолу менен билдирилет, мында бир эле учурда ышкырык менен берилиши мүмкүн. Сигнал айдоочуга түшүнүктүү болууга жана өз убагында берилүүгө тийиш, анткени аларды аткаруу авариялык кырдаалды түзбөшү керек.

516-статья. Автомобиль транспортунун, электр транспортунун жана

жол чарбасынын органдары
Кыргыз Республикасынын автомобиль транспортунун, электр транспортунун жана жол чарбасынын органдары ушул Кодекстин 211-213, 215, 217,

222-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт.

Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жаза чараларын көрүүгө төмөндөгүлөр укуктуу:

- жүргүнчүлөрдү ташуучу шаардык, шаар аралык, эл аралык автомобиль транспортунун жана электр транспортунун контролдоочу-текшерүүчүлөрү;

- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин башкы транспорттук инспектору жана анын орун басарлары;

- транспорттук инспекциянын областтык бөлүмдөрүнүн башчылары жана алардын орун басарлары;

- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин жол-лицензиялоо кызматынын жетекчиси;

- автомобиль жолдорун башкаруучу мамлекеттик органдардын жетекчилери жана алардын орун басарлары;

- жол-лицензиялоо кызматынын жана транспорт инспекциясынын инспекторлору.

518-1-статья. Суу транспортунун органдары


Кыргыз Республикасынын суу транспортунун органдары ушул Кодекстин 259-265-статьяларында каралган администрациялык укук бузуу жөнүндө иштерди карашат.

Администрациялык укук бузуулар жөнүндө ишти кароого жана администрациялык жаза берүүгө төмөнкүлөр укуктуу:

- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын суу транспортунун башкы инспектору жана анын орунбасары;

- кеме жүргүзүүчү инспекциясынын начальниги;

- чакан кемелер боюнча инспекциясынын начальниги.


213-статья. Транспорт каражаттарын пайдаланууга байланышкан

ишкердикти жүргүзүү жана аны лицензиялоонун шарттарын

жана эрежелерин бузуу
Транспорт каражаттарын пайдалануу, оңдоо жана техникалык жактан тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөргө байланышкан ишкердикти, ошондой эле авиациялык ташууларды аткарууну жана тейлөөнү лицензиясыз (уруксатсыз) жүргүзүү -

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн он, кызмат адамдарына жыйырма, юридикалык жактарга жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттерди администрациялык жаза чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасаганда -



жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма, кызмат адамдарына отуз, юридикалык жактарга эки жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ташуучу, транспорттук-экспедициялык жана транспорт каражаттарын пайдаланууга, оңдоого жана техникалык жактан тейлөөгө байланыштуу башка ишкердикти лицензиялоонун (уруксат берүүнүн) шарттарын жана эрежелерин бузуу -

жарандарга - эсептешүү көрсөткүчтүн он өлчөмүндө кызмат адамдарына жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.


213-1-статья. Чет өлкөлүк ташуучу тарабынан эл аралык автомобилдик ташууларды уруксатсыз же атайын уруксатсыз ишке ашыруу

Чет өлкөлүк ташуучу тарабынан, Кыргыз Республикасынын территориясында эл аралык автомобилдик ташууларды эл аралык макулдашуулар менен каралган уруксатсыз же атайын уруксатсыз ишке ашыруу –

эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет;

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттерди администрациялык жаза чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасаганда, –

эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
213-2-статья. Жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууда кыймылдын белгиленген каттамынан баш тартуу

Эл аралык каттамда жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууда кыймылдын белгиленген каттамынан баш тартуу –

эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

213-3-статья. Жөнгө салынбаган жүргүнчүлүк ташууларды автомобиль транспорту менен аткарууда жүргүнчүлөрдүн тизмесинин жок болушу

Жөнгө салынбаган жүргүнчүлүк ташууларды автомобиль транспорту менен аткарууда жүргүнчүлөрдүн тизмеси жок болсо –

жарандарга - эсептешүү көрсөткүчтүн элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул берененин биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттерди администрациялык жаза чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасаганда, –

жарандарга - эсептешүү көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.


213-4-статья. Кыргыз Республикасынын территориясында жайгашкан калктуу пунктар ортосунда автомобилдик ташууларды чет өлкөлүк ташуучулардын ишке ашырышы

Кыргыз Республикасынын территориясында жайгашкан калктуу пунктар ортосунда автомобилдик ташууларды чет өлкөлүк ташуучулардын ишке ашырышы –

эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

213-5-статья. Транспорт каражаттарынын айдоочулары тарабынан салмакгабариттик параметрлердин белгиленген ченемин ашырып жиберүү

Транспорт каражаттарынын айдоочулары тарабынан салмакгабариттик параметрлердин белгиленген ченемин ашырып жиберүү –

жарандарга - эсептешүү көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга эки жүз элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.».


213-6-статья. Автобекеттер, автостанциялар жана автокассалар тарабынан жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелиринин талаптарын бузуу

Автобекеттер, автостанциялар жана автокассалар тарабынан, менчик түрүнѳ карабастан, жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелиринин талаптарын бузуу -

кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчтүн жыйырма өлчөмүндө, юридикалык жактарга жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

234-статья. Транспорт каражатын токтотуу жөнүндө ички иштер



органынын кызматкерлеринин жана автомобиль транспортунун ишин жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматчыларынын мыйзамдуу талаптарын

транспорт каражатынын айдоочусунун аткарбоосу


Транспорт каражатын токтотуу жөнүндө ички иштер органынын кызматкерлеринин жана автомобиль транспортунун ишин жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматчыларынын мыйзамдуу талаптарын транспорт каражатынын айдоочусунун аткарбоосу -

эсептешүү көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жашы жетпегендер тарабынан жасалганда, -

ата-энелерине же аларды алмаштырган адамдарга эсептешүү көрсөткүчтүн беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Эскертүү. Ички иштер органынын кызматкерлеринин жана автомобиль транспортунун ишин жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматчыларынын форма кийимин кийген кызматкеринин транспорт каражатын токтотуу жөнүндө талабы таякча менен же үн күчөткүч түзүлүштүн жардамы аркылуу сигнал берүү жолу менен билдирилет, мында бир эле учурда ышкырык менен берилиши мүмкүн. Сигнал айдоочуга түшүнүктүү болууга жана өз убагында берилүүгө тийиш, анткени аларды аткаруу авариялык кырдаалды түзбөшү керек.


262-статья. төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:

«Санаторийлердин, пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн, балдар үчүн ден-соолукту чыңдоо борборлорунун жана башка коомдук сууга түшүү жайларынын территориясында чарбалык субъектилер тарабынан, суу аттракциондорун коопсуз иштетүү, суу транспортун ижарага берүү, жээктеги пляждык зонаны камсыздоо, коопсуз сууга түшүү жерлерин тосуу, пляждык зонада сууда сүзүп жүрүүчү каражаттарды база кылуу ченемдеринин талаптарын бузуу -

эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө кызмат адамдарына, ал эми юридикалык жактарга эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.».

516-статья. Автомобиль жана суу транспортунун, электр транспортунун жана жол чарбасынын органдары


Кыргыз Республикасынын автомобиль транспортунун, электр транспортунун жана жол чарбасынын органдары ушул Кодекстин 169, 211 - 213, 213-1, 213 – 2, 213 - 3, 213 – 4, 213 – 5, 213 – 6, 215, 217, 222-статьяларында, 230-статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө, 234-статьянын биринчи бөлүгүндө, 259–265-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт.

Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жаза чараларын көрүүгө төмөндөгүлөр укуктуу:

- жүргүнчүлөрдү ташуучу шаардык, шаар аралык, эл аралык автомобиль транспортунун жана электр транспортунун контролдоочу-текшерүүчүлөрү;

- автомобиль жана суу транспортунун ишин жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси жана анын орун басарлары;

- автомобиль жана суу транспортунун ишин жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын облустук жана аймактык бөлүмдөрүнүн башчылары жана алардын орун басарлары;

- автомобиль жана суу транспортунун ишин жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын инспекторлору;

- автомобиль жолдорун башкаруучу мамлекеттик органдардын жетекчилери жана алардын орун басарлары.

518 – 1-статья күчүн жоготту деп табылсын.



564-статья :

10) мамлекеттик чек ара аркылуу жана стационардык ички посттордон өткөрүү пункттарында ачыкталган, эл аралык макулдашуулар жана транспорттук мыйзамдар бузулганда - автомобиль транспортундагы ишти жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары






©netref.ru 2019
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет