Кыргыз тилиндеги алкоо



жүктеу 199.1 Kb.
Дата02.05.2016
өлшемі199.1 Kb.
түріРеферат
:
И.АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КМУ

ПЕДАГОГИКА ЖАНА ПСИХОЛОГИЯ ИНСТИТУТУ



РЕФЕРАТ
Тема: КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕГИ АЛКОО,

КААЛОО-ТИЛЕК АЙТУУДА КОЛДОНУЛУУЧУ ФРАЗЕОЛОГИЗМДЕР

Аткарган: Сыдыкбек кызы Г.

Текшерген:Акунова А.Р

БИШКЕК-2000


Тема: КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕГИ АЛКОО, КААЛОО-ТИЛЕК АЙТУУДА КОЛДОНУЛУУЧУ ФРАЗЕОЛОГИЗМДЕР

План:
1. Киришүү.

2. Кыргыз тилиндеги фразеологизмдерге жалпы мүнөздөмө.

3. Кыргыз тилиндеги алкоо, каалоо-тилек иретинде айтылган

фразеологизмдер жана алардын семантикасы.

4. Корутунду.

5. Пайдаланылган адабияттар

КИРИШҮҮ
Азыркы кыргыз тили-кыргыз элинин улуттук жана мамлекеттик тили, кыргыз элинин улуттук маданиятынын бир формасы.

Кыргыз тили-тарыхый жактан калыптанган биримдик тил, анткени ал-кыргыз эли колдонгон бардык тилдик каражаттардын жыйындысы. Кыргыз тилин илимий жактан ар тараптан терең изилдөө совет бийлигинин жылдарында гана башталды. Бул бөтөнчө улуттук жазуу-сызуусу болбогон кыргыз элин сабаттуулукка үйрөтүүгө, окутууга байланыштуу программаларды, окуу куралдары менен окуу китептерин түзүүдөн башталды. Натыйжада, кыргыз тилинин тыбыштык түзүлүшү, лексикасы, грамматикасы боюнча кыйла иликтөөлөр жүргүзүлдү жана азыр да тынымсыз жүргүзүлүп жатат.

«Азыркы кыргыз тили» курсу фонетика жана фонология, лексика жана фразеология, орфоэпия, графика жана орфография, грамматика (морфология жана синтаксис) бөлүмдөрүнөн турат.

Фонетика азыркы кыргыз тилинин тыбыштык составы менен тилде орун алган негизги тыбыштык процесстер, фонология сөз жана анын формаларын айырмалай турган тилдин эң кичинекей тыбыштык бирдиги фонеманы үйрөтөт.

Лексика менен фразеология сөздөрдүн жана туруктуу сөз айкаштарынын өнүгүп - өзгөрүү закон ченемдүүлүгүн үйрөтөт.

Орфоэпия азыркы кыргыз тилинин сүйлөө формасы, ал эми графика кыргыз алфавитинин составы, тамга жана тыбыштык карым-катышы менен тааныштырат. Орфография кыргыз тилиндеги жазуунун принциптерин үйрөтөт.

Морфология-сөздөрдүн грамматикалык формасы жана грамматикалык категориясы жөнүндөгү окуу. Ал кыргыз тилиндеги сөздөрдүн лексика-грамматикалык жактан бөлүнүшүн, сөздөрдүн лексикалык жана грамматикалык маанилеринин өз ара карым-катышын, грамматикалык маанини билдирүүнүн жолдорун үйрөтөт.

Синтаксис - сөз айкашы жана сүйлөм жөнүндөгү окуу. Ал сөз айкашы менен сүйлөмдү, синтаксистик байланыштын түрлөрүн, сүйлөмдүн типтерин жана структурасын иликтейт. Биздин речибиз сүйлөмдөрдөн турат, ал эми сүйлөм болсо бир канча сөздөрдүн катышуусу менен түзүлөт. Сөздөр грамматикалык жактан өз ара байланышкан, белгилүү бир синтаксистик бүтүнгө бириккен абалда бөлүш керек. Демек сөздөр сүйлөмдүн составдык бөлүгүнө айланып, ага бардык жагынан камтылыш үчүн грамматикалык жактан уюшулуп бири-бири менен өз ара айкалышып турууга тийиш. Эки же андан көп сөздөрдүн грамматикалык жактан өз ара байланышкан тутуму сөз айкашы деп аталат, синтаксистик бирдикти түзөт. Сөз айкалыштарынын эки түрү бар: анын бири – эркин, экинчиси – туруктуу айкалыш. Составындагы сөздөрдү башка сөздөр менен алмаштырып, которуштуруп жиберүүгө мүмкүн болгон айкалыштар эркин айкалыш деп аталат. Мисалы, чытырман токой деген айкалышты алалы. Мында чытырман деген сөздү «калың, коюу, жыш» деген сөздөр менен алмаштырып, «калың токой, коюу токой, жыш токой» деп айтууга болот. Ушул өңдүү мүнөздөгү сөз айкашы эркин сөз айкалышы деп аталат. Ал эми чычкан мурду жоргологус (жыш, коюу), жылдызы түштү (капаланды), каны ичине тартты (ачууланды) сыяктуу көрүнүштөр тил илиминде «туруктуу сөз айкаштары, фразеологиялык бирдик, фразеологизм, фразеологиялык түрмөк» деп аталат.

Кыргыз тилиндеги фразеологизмдерди теориялык жактан иликтөө маселесине алгачкылардан болуп Ж. Ш. Шукуров киришкен. Ал 1956-жылы «Кыргыз тилиндеги фразеологиялык айкалыштар жөнүндө» деген макаласын жарыялап, «фразеологиялык акйкалыштардын бардык маселелерин толук жана терең чечүү үчүн эң зор изилдөө жүргүзүү керек. Бул алдыда турган зор жумуш», - деп баса белгилеген. Мына ошондон кийин фразеология маселесине кызыгуу бир кыйла жандандырылып, макалалар жарыяланып, монографиялык эмгек жарыкка чыкты.

КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕГИ ФРАЗЕОЛОГИЗМДЕРГЕ ЖАЛПЫ МҮНӨЗДӨМӨ


Фразеологизмдер деп - бир нече сөздөрдөн туруп, лексикалык жактан бир бүтүнгө биригип, маанилик жактан ажырагыс болуп, синтаксистик жактан бир гана милдет аткарып, көбүнчө элестүү сапатка ээ болуу менен сүйлөгөндө даяр материал катары колдонулган сөз тобун түшүнөбүз.

«Фразеология» деген термин грек тилинин «фраза» - өзгөчө сөз, «логия» - окуу, илим деген сөзүнөн алынган. Бул термин кыргыз тилине орус тили аркылуу кирген да, кыргыз тилинде өзгөчө айтылган сөз айкаштары жөнүндөгү илим, окуу деген түшүнүктү берет.

Фразеологиялык айкашуулар түрдүүчө болот. Эки же андан көп сөздөр, же сүйлөмдөр өз ара мааниси жагынан бири-биринен ажырбай чиеленишип айтылат, б. а. дайыма туруктуу түрдө колдонулат да, тилге ачыктык, тактык, эмоциялык көркөмдүктү берүү үчүн пайдаланылат: Коко тикен, сүт тикен, ай жамал (өңдүү, чырайлуу), бото көз, кой көз. Эмгексизге ыракат жок, жылыңды төө кылба, (бир нерсени узакка күтпө, же кечиктирбе), колу кыймылдабагандын оозу да кыймылдабайт, эмгеги аздын өнүмү да аз ж. б. у. с. фразеологизмдер.

Фразеологиянын составындагы сөздөр көп учурда өзүнүн түз маанисинен ажырайт. Ошол туруктуу сөз айкашынын (составындагы) жалпы составы андагы жеке сөздөрдүн семантикасына тиешеси жок башка бир мааниге ээ болуп түзүлөт. Мисалы, чычканга кебек алдырбаган деген фразеологизмдин жалпы мааниси «аябаган зыкым, сараң» дегенге туура келет. Бул фразеологиялык маани ошол туруктуу сөз айкашынын составындагы ар бир сөздүн түз маанисинен улам келип чыккан эмес. Алар менен эч кандай семантикалык байланышы жок. Мындай өзгөчөлүк фразеологизмдин маани жактан болгон бирдиктүүлүгүн көрсөтөт. Фразеологизмдерди түзүүчү түгөйлөрдүн орун тартиби жана алардын арасындагы синтаксистик байланыш негизинен туруктуу келет. Ошондуктан булардын составындагы сөздөрдү ордунан жылыштырып же башка сөздөр менен алмаштырып, каалагандай өзгөртүп жиберүүгө бардык учурда мүмкүн боло бербейт. Ырас, бир катар фразеологизмдердин составындагы сөздөрдү алган орду боюнча өз ара которуштуруп, кээде башка сөздөр менен алмаштырууга, айрым бөлүкчөлөрүн кыскартып, же толук бойдон айта берүүгө болот. Бирок андан фразеологизмдер семантикалык жактан орчундуу өзгөрүүгө учурабайт жана бир бүтүндүк касиетин жоготпойт. Мисалы, каны кызуу - кызуу кандуу, таш боор-боору таш, жонунан кайыш алуу-жонунан кайыш тилүү, эки колун мурдуна катуу - колун мурдуна катуу ж. б.

Бирок мындай кубулуштар тилдеги фразеологизмдердин жалпы составына анча мүнөздүү көрүнүш эмес. Анткени фразеологизмдердин составдык бөлүктөрүн маселен, жакшы китеп, калың китеп же калың көйнөк, жакшы көйнөк сыяктуу кылып эркин өзгөртө берүүгө чынында мүмкүн эмес. Эгерде биз ат тезегин кургатпай дебестен, жылкы тезегин кургатпай деп айтсак, же экинин бири деп айтуунун ордуна үчтүн бири, же төрттүн бири деп койсок, андан бул фразеологизмдер өзүнүн негизги касиеттеринен ажырайт. Анткен себеби булардын составындагы сөздөр баштапкы лексикалык маанисинде гана колдонулган болот да, фразеологиялык маани биротоло жоюлат. Фразеологиянын составдык бөлүктөрүнүн ар бири сүйлөм ичинде өзүнчө синтаксистик милдет аткара бербейт. Анткени мындай сөз айкаштары структурасы жана мааниси боюнча өз ара ширелишип, бир бүтүнгө айланган татаал түзүлүштөгү бирдик болгондуктан, алар ошол турушу менен сүйлөмдүн белгилүү бир мүчөсүнүн милдетин аткарат. Мисалы: Эки тизгин бир чылбыр эми колго тийиптир; Өмүрү сөзүн бербеген кара жаак дагы бар. (фразеологизмдер ээлик милдетти аткарып ким? эмне? деген суроолорго жооп берди).

Ырас, айрым фразеологизмдер өз алдынча сүйлөм катарында да колдонула бериши мүмкүн. Мындайда фразеологиялык бирдиктүү мааниси жоголуп кетпейт. Мисалы: Ат жалына казан ас. Алтын шилекейиңди чачырат. Чырпык башын сындырбайт.

Фразеологиялык тутумдагы сөз айкаштарынын башка тилге сөзмө - сөз которулбаган түрү - идиома деп аталат. Мисалы, кабырга менен кеңешүү (ойлонуп көрүү), каш менен кабактын ортосунда (тез, бат эле), төбө чачы тик туруу ( коркуу, үрөйү учуу), кыргый кабак болуу (таарынышып калуу), күлүн көккө сапыруу, жер менен жексен кылды, жер баспай калды (теңсинбей, бой көтөрдү деген мааниде), кирерге жер таппай калды (айласы кетип шашты) ж. б.

Идиома деген термин грек тилиндеги idioma «өзгөчө туюнтма» деген сөздөн алынган. Идиомалар-ар бир тилде жекече мүнөзгө ээ болгон көрүнүш.

Тилге мүнөздүү болгон идиомалардын жыйындысы жана ал жөнүндө окуу, илим - идиоматика деп аталат.

Фразеологиялык бирдиктер-айкалыштар - жеке сөздүн синоними катары да учурайт: коркту - жүрөгү оозуна тыгылды; бекер, бош - эшек такалап жүрөт, текей оттоп жүрөт; өөн табат - жумурткадан кыр чыгарат, бөйрөктөн шыйрак чыгарат; көп, жыш-жүнүн жейт, иттин кара капталынан; тоотпойт-мурдун балта кеспейт, тушарына теңебейт ж. б. Фразеологиялык айкалыштар стилдик жактан элестүүлүккө ээ. Мисалы: узун кулак кары айтат, үшкүрүгү таш жарат деген фразеологизмдер.

Демек фразеологизмдердин өзүнө тиешелүү негизги жана көмөкчү белгилери төмөнкүлөр экен:

1) Компоненттүүлүгү;

2) Компоненттеринин туруктуулугу;

3) Речте даяр материал катары кайрадан колдонулушу;

4) Экспрессивдүүлүгү;

5) Лексико-семантикалык жактан бир бүтүндүк, биримдик катары колдонулуп, грамматикалык жактан сүйлөмдүн бир эле мүчөсү катары кызмат аткарышы жана сөз түркүмүнүн бирөөнө гана тиешелүү болушу.

Ал эми кошумча белгилери катары төмөнкүлөрдү белгилөөгө болот:

1) Бир тилден экинчи тилге сөзмө - сөз которулбастыгы.

2) Тигил же бул тилде сүйлөгөндөр үчүн толук түшүнүктүүлүгү.

3) Кайсы бир сөзгө эквивалент синоним болушу.

Кыргыз тилиндеги фразеологиялык айкалыштар өз ара ички байланышы, туруктуулугу жана маанилеринин бирдиги, сүйлөгөн кезде даяр түрдө колдонулушу, башка сөзгө түгөйлөш болуш касиети, элестүү сапатка ээ болушу өңдүү белгилерине карата негизинен 3 чоң топко бөлүнөт:

1) Фразеологиялык ширешме.

2) Фразеологиялык бирдик.

3) Фразеологиялык тизмек.

ФРАЗЕОЛОГИЯЛЫК ШИРЕШМЕ.

Составы жагынан абсолюттук бөлүнүүгө мүмкүн эмес, семантикасы лексикалык составга көз-каранды болбогон, компоненттеринин берген мааниси шарттуу түрдө экспрессивдүүлүктү пайда кылган сөздөрдүн туруктуу тизмеги фразеологиялык ширешме болуп эсептелет. Алардын семантикалык бирдигин синтаксистик жактан мүчөлөнбөгөн, морфологиялык компоненттин өз ара синтаксистик байланышы болбогон сөз айкалышы деп кароого болот. Ошондуктан алар кандайдыр бир сөздүн эквиваленти жана семантикалык бир бүтүндүк катары бир эле грамматикалык категорияга баш иет. Мисалы, жонунан кайыш алуу, оозун куу чөп менен арчуу, сары изине чөп салуу, жумурткадан кыр табуу, жер чечегин безөө, кой үстүндө торгой жумурткалоо.

Жогоруда келтирилген мисалдардын өзүнө тиешелүү семантикалык эквиваленти бар. Бирок булар өздөрүнүн эквивалент синонимдеринен айырмаланып, тутумдаш компоненттердин лексикалык мааниси менен байланышпайт. Айталы, беш өрдөгүн учуруу - калп айтуу, битин сыгып канын жалаган - сараң, жаны көзүнө көрүнүү - коркуу, жылдызы жерге түшүү - капалануу, ак төөнун карды жарылган заман - жыргал заман ж. б. у. с. Фразеологиялык ширешмелердин семантикасы компоненттердин эч биринин лексика-семантикалык табияты менен байланышпайт, жалпы семантикалык тутумда гана тиешелүү даражада синонимдешип, экспрессивдүүлүктү пайда кылып турат. Идиома да, фразеологиялык ширешме да лингвистикалык бирдей касиетке ээ. Демек, фразеологиялык ширешме – бул тутумундагы сөздөрдүн эч бири өзүнүн алгачкы номинативдик мааниси менен байланышпаган, туюндурган түшүнүгү бир гана семантиканы пайда кылган туруктуу тизмек.

ФРАЗЕОЛОГИЯЛЫК БИРДИК.

Эки же андан көп сөздөрдүн тизмегинен турган, компоненттеринин суммалык семантикасы образдуулукту пайда кылып, ал образдуу фраза сөздүк маанинин потенциалдык түшүнүгү менен шайкеш келген фразеологиялык айкалыш фразеологиялык бирдикти түзөт. Фразеологиялык бирдик фразеологиялык ширешме сыяктуу эле экспрессивдүүлүккө, компоненттүүлүккө, сөзгө потенциалдуу синонимдешүүгө ээ. Бирок фразеологиялык ширешмеден семантикалык структурасы боюнча айырмаланат б. а. компоненттеринин мааниси алардын компоненттеринин семантикалык жалпы байланышынан келип чыгат. Мисалы, котур ташы койнунда; күндө майрам, күндө той; беш колундай билүү; ичкен ашын жерге коюу; жаагын айруу; үрүп чыгар ити жок; көзү кычышуу, көз байлануу, сууга түшкөн чычкандай ж. б.

Келтирилген мисалдардагы компоненттердин мааниси алардын жалпы семантикасынан улам пайда болгон, б. а. котур ташы койнунда - арам оюн жашырып турган адам; күндө майрам, күндө той - эч кандай түйшүксүз, куунак өмүр сүрүү; беш колундай билүү – адамдын сырын кыялын мүнөзүн эң жакшы билүү; ичкен ашын жерге коюу – жан - алы калбай мамиле жасоо болуп, негизги компоненттик маани менен үндөшөт. Бирок ошндой болсо да, алар түз номинативдик же туунду маанисинен алыстап, өтмө мааниде колдонулуу менен тилдик составда образдуулукту пайда кылат. Булар фразеологиялык айкалыштар катары бир канча мезгилдерде калыптанат жана мааниси элдин баарына түшүнүктүү болот.

Фразеологиялык бирдик да синтаксистик жактан өз ара мүчөлөнбөгөн сөз түркүмдөрүнүн бирөөнө гана тиешелүү болгон речтик даяр, образдуу материал.

ФРАЗЕОЛОГИЯЛЫК ТИЗМЕК.

Фразеологиялык ширешме менен фразеологиялык бирдикте сөз айкаштары туруктуу болсо, фразеологиялык тизмектеги айкалыштардын айрым компоненттери эркин колдонула берет.

Сөздөрдүн жана алардын маанилеринин көпчүлүгү тилдик системанын семантикалык ички табиятына байланыштуу. Анткени мындай лексикалык маани кандайдыр бир түшүнүктүн негизинде айрым бир сөздүк атоолор аркылуу пайда болот. Ошондуктан фразеологиялык байланыштуу мааниде эркин сөз тизмектери деп аталган фразеологиялык тизмекти аныктоодо алардын лексика - семантикалык табияты эске алынууга тийиш. Тактап айтканда, эки же андан көп компоненттерден турган туруктуу сөз айкалыштарынын ичинен кайсы бир сөзгө тике мааниде (номинативдик мааниге жакындап), калгандары ага байланыштуу өтмө мааниде турган фразеологиялык айкалыш фразеологиялык тизмекти түзөт. Фразеологиялык тизмек да фразеологиялык ширешме сыяктуу жана фразеологиялык бирдик сыяктуу эле образдуулукту түзүп, речте даяр материал катары колдонулат. Бирок жогоркулардан айырмаланып мында көркөм каражат катары фразеологиялык тизмек да, анын синоними да катар колдонула бериши мүмкүн. Мисалы, тырмактын агындай аз; көзгө атаар мерген; кымча бел көрктүү; оозун кармап өкүнүү; оозун көптүрүп мактануу ж. б. Мында аналитикалык сөздөрдүн тутуму (тырмактын агындай) менен катар анын синоними (аз) да пайдаланылды. Фразеологизмдердин башка түрлөрүнө караганда фразеологиялык тизмекте тутумундагы сөздөрдүн кайсы бирлерин башка сөз менен алмаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңири. Анткени мунун тутумундагы сөздөрдүн бири өзүнүн нагыз мааниси менен байланышта болот.

КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕГИ АЛКОО, КААЛОО-ТИЛЕК ИРЕТИНДЕ АЙТЫЛГАН ФРАЗЕОЛОГИЗМДЕР ЖАНА АЛАРДЫН СЕМАНТИКАСЫ
Адамдардын ички сезимин мисалы, кубануусун, кайгыруусун, көңүлсүздүгүн, жинденүүсүн, ыраазы болуу сезимдерин тышкы турпатынан гана эмес сүйлөө речтеринен да даана байкоого болот. Адамдын бул сезимдеринин көрүнүшүн жөн гана жерден билүүгө болбойт. Ал билинүү үчүн кандайдыр бир түрткү же башкача айтканда объект болуу керек. Ошондо гана так, даана билинет. Алсак, алкоо, каалоо - тилек иретинде айтылган фразеологизмдер кандайдыр бир ыраазы болгондо кичүүлөргө карата эркелетүү, жалынуу - жалбыруу маанисинде, мисалы, «алдыңа кетейиним, бөйрөгүмдү чабайын, балекетиңди алайын» деген фразеологизмдер жана илгертен бери келаткан, салт катары айтылган «Куш боо бек болсун!» деп келин алган кишинин өзүнө жана анын жакындарына куттуктоо иретинде, же балалуу болгон үй-бүлөөгө «Бешик боо бек болсун!» деп, ж. о. э. келиндерге карата «Ак жоолугуң башыңан түшпөсүн! деп ж. б. у. с. сөздөрдү айтып жакшы тилекте, кубанычта экендиги анын ошол айткан сөзүнөн билинип турат. Мындай алкоо, каалоо-тилек иретиндеги фразеологизмдер кыргыз элинде көптөн бери жашап келе жаткан көрүнүш. Себеби, ал эл арасында кеңири таралган жана кенен сиңген. Башкача айтканда, бул көрүнүш эл тарабынан түзүлүп, жалпы элдик кенч катарында көптөгөн жылдар бою ооздон - оозго, жеткинчектен - жеткинчекке өтүп келген. Биздин ата-бабаларыбыз өз речтеринде даяр сөз айкашы катарында пайдалангандыктан бизге келип жетти. Эми бул фразеологизмдерди мурас катары сактап, көркөм сөз казынанын бирден бир байлыгы кылып, мындан ары өркүндөтүү, өстүрүү азыркы жана кийинки муундардын милдети болуп эсептелинет.

Анда эмесе кыргыз тилиндеги алкоо, каалоо - тилек иретинде колдонулган фразеологизмдер жана алардын маанилеринин чечмеленишине токтолуп кетсем:

АК ЖОЛУН АЧЫЛСЫН!

Ишиң оңолсун, сапарың ийгиликтүү болсун, көздөгөн максатыңа жеткин деген сыяктуу алкоо маанисинде айтылат. Мисалы:

-Ак жолуң ачылсын, кагылайын! – дешип чуу көтөрүштү. Жеткени алкыш менен Бакастын колун кыса кармашып, жетпегени алыстан ыраазы.

( Т. Сыдыкбеков « Тоо арасында романы»)

АК ЖООЛУГУҢ БАШЫҢАН ТҮШПӨСҮН!

Келиндерге карата: бактылуу бол, алганың менен тең кары деген алкоо маанисинде колдонулат.

- Кем болбо, балам! Ак жоолугуң башыңан түшпөй, бактылуу бол!

-дешип катындар чуулдап алкашты.

ЖОЛУҢ ШЫДЫР, ЖОЛДОШУҢ КЫДЫР БОЛСУН!

Жолго чыккан, жол тартып бараткан адамга карата жолдон эч кандай кырсыкка учураба, бардыгы оюңдагыдай болсун деген алкоо, жакшы тилек кылуу маанисинде колдонулат. Мисалы: Жолуң шыдыр, жолдошуң кыдыр болсун, балам! – деп карыя адам батасын берди.

КӨШӨГӨҢ КӨГӨРСҮН!

Бак - таалайлуу бол, жакшылыкка жет деген алкоо, ыраазы болуу маанисинде колдонулат. Мисалы: Ыракмат, кызым! Көшөгөң көгөрсүн! –деп кемпир үнүн кыргылдантты.

КУДАЙ ЖАЛГАСЫН!, ТЕҢИР ЖАЛГАСЫН!

Көбүнчө келиндерди алкоо же бирөөлөргө ыраазы болуу маанисинде колдонулат. Мисалы: Кудай жалгасын, өмүрлүү бол, балам!

Теңир жалгасын! А-а, айланайын балам. Сага чон ыракмат!

Сени теңир жалгасын! Эми биз кайталы, келе колуңду бер, азаматым!

КАДЫРЫҢ ЖАН БОЛСУН!

Кам санабагын, убайым тарпагын, сөзсүз болууга тийиш деген мааниде колдонулат. Мисалы: Кадырың жан болсун! Ичкен ашыңдай көр. Сенин кадырың жан болсун, көп эле кабатыр боло бербе.

УЧУҢ УЗАРСЫН! ИШИҢ ОҢОЛСУН!

Ишиң илгерилесин, жакшылыкка жет, укум - тукумуң өссүн деген сыяктуу алкоо, ыраазы болуу маанисинде колдонулат. Мисалы:

-Учуң узарсын, жолдош Бегалиев! Мектеп үчүн сиздин сиңирген эмгектериңизди элибиз дайым жогору баалайт! –деп Сабырдын колун бекем кысып, аны кабинетинин эшигине чейин узаткан.
ООЗУҢА МАЙ.

Кандайдыр бир жакшылык же жакшы кабар жөнүндө билгизген кишиге карата сүйүнүү, толкундануу менен алкоо маанисинде колдонулат. Мисалы: Айтканыңыз чын болсо, оозунузга май, молдоке!

ООЗУҢДА БАРДЫР!

Кимдир бирөөнүн айткан кебине карата сенин айтканыңдай болуп калар, деп үмүт кылуу, ыраазы болуу маанисинде колдонулат.

ӨМҮРЛҮҮ БОЛ!

Көп жаша, өмүрүң узун болсун деп алкоо маанисинде колдонулат. Мисалы -Тек! – деп Омор тура калды.

-Окулган сөздөрдү ким жазса да, өмүрлүү болсун, ким болсо да!

ӨРКҮНҮҢ ӨССҮН! ӨЛКӨНҮҢ ӨССҮН!

Көбүнчө жаштарга карата зоболоң көтөрүлсүн, бактылуу бол деп алкоо маанисинде колдонулат. Мисалы: Омор уулуна эскертип коет. Жакшы өс, өркүнүң өссүн!

АЛДЫҢА КЕТЕЙИН!

Жакшы көрүү, эркелетүү, жалынып - жалбаруу маанисинде (көбүнчө балдарга карата) колдонулат. Мисалы: «Алдыңа кетейин, каралдым!» -деп уктап жаткан баласынын чекесинен сылап койду.

БАЛАКЕТИҢДИ АЛАЙЫН!

Бирөөгө (көбүнчө балага же өзүңөн кичүүлөргө) жалынып - жалбаруу, жакшы көрүү маанисинде айтылат. Мисалы: Чоң эне демин ичине алып, токтоло калды: «Балакетиңди алайын, жылдызым, уктап жатса да кабагы жарык».

БӨЙРӨГҮМДҮ ЧАБАЙЫН!, КОЛКОМДУ ЧАБАЙЫН!, ӨПКӨМДҮ ЧАБАЙЫН!

Жакшы көргөн кишисине же балага карата жалынып - жалбаруу иретинде колдонулат.

Мисалы: Оозуңа май, өпкөмдү чабайын! - деди Гулайым.

МЭЭНЕТИҢДИ АЛАЙЫН!

Айланайын, кагылайын деген жалынуу маанисинде колдонулат. Мисалы: Жылдызкан чарчаган жоксуңбу ыя? Үлүрөйгөн мээнетиңди алайын.

САДАГА БОЛОЮН! САДАГАҢ КЕТЕЙИН! СЕКЕТ БОЛОЮН!

Баласын же өзүнөн кичүүлөрдү эркелетүү, жалынып - жалбаруу, жакшы көрүү маанисинде колдонулат. Мисалы: Мен садага болоюн, жалжылдаган көзүңдөн!

Садагаң кетейин десе! – деп Калмурат Алымкулга карады.

Секет болоюн, өз үйдөгүдөй көрүп, тартынбай иче бер, – дейт эне чоочун кызга.

СЕНИН ТАМАНЫҢА КИРГЕН ТИКЕН МЕНИН ЧЕЧЕКЕЙИМЕ КИРСИН!

Сен тартар азапты мен тартайын, сага келген кырсык, балээ мага келсин деген мааниде.

АК ЧҮЧ.

Чүчкүргөн кишиге (көбүнчө балдарга карата) соо бол, саламат бол, жакшылыкка болсун деген каалоо маанисинде айтылат. Мисалы: Ысак катуу чүчкүрүп жиберди эле, «Ак чүч!» -деген үн чыкты.

АТ БАЙГЕЛҮҮ БОЛСУН!

Ат чабышта ат ээсине же ошол тарапта болгон кишилерге «жеңиштүү болгула» деген мааниде айтылуучу тилек.

АРБАК КОЛДОСУН!

Кандайдыр бир кыйынчылыктан чыгууга ата - бабанын касиети жардам берсин деген сыяктуу каалоо, тилөө маанисинде колдонулат. Мисалы: Ата-бабаңдын арбагы колдосун!

АЯГЫБЫЗ ЖЕҢИЛ БОЛСУН!

Көбүнчө оорулуу адамды көргөнү барган кишилер тарабынан сыркоо адамды «тез сакайып кет», «тезирек баш көтөр» деп тилек кылуу маанисинде колдонулат. Мисалы: Болуптур, биз кетелик, аягыбыз жеңил болсун!

БЕШИК БОО БЕК БОЛСУН!

Жаңы төрөлгөн баланын ата - энесин куттуктап, баланын аманчылыгын тилеген алкыш маанисинде колдонулат. Мисалы: Бешик бооң бек болсун, Гулайым.

КУШ БООҢ БЕК БОЛСУН!

Жаңы үйлөнгөн, аял алган кишиге карата куттуктоо иретинде айтылат. Мисалы: Куш боо бек болсун! – деп Бекжан Карыптын колун кысты.

КУДАЙДЫН КУЛАГЫ СҮЙҮНСҮН!

Жакшылык эле болсун, ылайым жамандык болбосун деген мааниде колдонулат. Мисалы: Кудайдын кулагы сүйүнсүн, андан көрө кудаңдын келер күнүн күт.

КУДАЙ КУТ КЫЛСЫН!

Буюрсун ушул эле жетишет, Мындан көптүн кереги жок деген сыяктуу каниет кылуу маанисинде колдонулат. Мисалы: Ушул малды - жанды кудай кут кылсын. Кудай кут кылса жетишет.

МЕНИН КОЛУМ ЭМЕС, УМАЙ ЭНЕНИН КОЛУ

Көбүнчө балдарды эмдеп - домдоодо же аялдарды төрөтүүдө «бул касиеттүү колдун эми түшсүн», «айыгып кетсин» деген тилек маанисинде колдонулат.

СОГУМ ЧҮЙГҮН БОЛСУН!

Согум союп жаткан кишилерге карата эт берекелүү болсун, семиз болсун деген сыяктуу каалоо маанисинде айтылат. Мисалы: Кадырдын «Согум чүйгүн болсун!» деген сөзүнө ичеги - карын артып жаткан Мария чүйрүң - чүйрүң этип, «жегилик кылсын» деп, тамашалай жооп берди.

Тилек, каалоо, алкыш айтуу маанисинде колдонулган фразеологизмдер сүйлөөчүнүн 2 - тарапка карата билдирген мамилесин, оюн, ички сезимин баяндай турган туруктуу сөз айкалыштары көтөрүңкү интонация, күчтүү сезим менен айтылгандыктан аягына илеп белгиси коюлат. Булардын составындагы атооч сөздөрдөн болгон компоненттер 2 - жакка таандык формада, этиштен болгон компоненти – сын, - гыр, -ын сыяктуу мүчөлөрдүн жалганышы менен айтылат.

«Тил байлыгыбыз - эки кабаттуу. Бир кабаты, т. а. үстүңкү кабаты-шайдоот болот. Аны - адамдын бардыгы эле билишет. Экинчи, астыңкы кабаты - кишинин бардыгына эле түшүнүктүү боло бербейт. Аны чечмелөө керек. Астыңкы кабаттагы сөз байлыгын өздөштүргөн адам даанышман, сөзмөр да болот» деп, мына ушундай даанышман адамыбыз, бабаларыбыз бизге мурас кылып калтырган тил байлыгын чогултуу, анын түйүнүн чечүү менен өмүр бою алпурушуп келген адам, көрүнүктүү окумуштуу Кусейин Карасаев. Бул киши биринчи кезекте «Манастан» башка эл чыгармаларындагы унутулуп бараткан макалдарды, жалпылап айтканда накыл сөздөрдү жыйноого, анын маанисин чечмелөөгө көп аракет кылган, билиминин жетишинче чечмелеп, ар бир накыл сөздүн капкагын ачып, илгерки маанисин тактоого чоң аракет жасаган.

Анда эмесе, жогортон жазылып, маанилери чечмеленген, алкоо, каалоо-тилек иретинде айтылган фразеологизмдердин кээ бирлерин К. Карасаевдин «Накыл сөздүгунөн» карап, алардын накыл сөз катары айтылганына жана семантикасына токтолуп өтөйүн:

АК ЧҮЧ


Насмайын жыттаган Зарбат чүчкүрүп ийди. Кошоматтанган үндөр:

-Ак чүч!


-Ак чүч! Арбак колдосун!

-Ишибиз оңолот экен. (Ш. Садыбакасов).

«Ак» - чын, анык. «Чүч» - жыргоо, мээнүү деген мааниде. Кыргыздын илгертеден берки ишениминде адам чүчкүргөндө, анын жаны бекийт делген. Айткандай эле, адам чүчкүргөндө анын бир түрлүү жыргай түшө тургандыгы да чын. М. Алыбаевдин ушул ат менен жазылган бир нече сап ырында: «эрке аял, эрине ыгы жок эркелеген, эмгек кылбаган ак кол» айымга сыпат болуп калган. Ошол сыпат «Ак чүч» деген алкышка жаңы маани болуп калды окшойт.

КАДЫРЫҢ ЖАН БОЛСУН!

Жаңсап эле кой, кадырың жан болсун! (Ч. Айтматов).

«Кадырың, кадырыңыз жан болсун!» - ишенип коюңуз, кам санабаңыз, санааңыз бел алды болбосун деген сыяктуу маанилерде кеңири колдонулат. Бул сүйлөмдүн ичиндеги «кадыр, жан» дегендердин бардыгы араб - фарсы сөздөрү. Кыргыз тилине оозеки киргенде тыбыштык түзүлүшү такыр башкача болуп калган. Негизги айтылышы «фатир жамыг». «Фатир»-көңүл, ой, санаа деген маанилерде. «Жамыг» - чогуу, бөлүнбөсүн деген мааниде. Мына ошентип, «Санааңыз бел алды болбосун» деген мааниде. Бирок бул мааниден көрө «ишенип коюңуз, кам санабаңыз» деген маани элге сиңип кеткен.

КУШ БОО БЕК БОЛСУН!

«Куш боо бек болсун» - Алган жарың куттуу болсун, түбөлүк өмүр сүр деген маанидеги куттуктоо. Кыргыздар алган аялды бапестеп колго кондурган куш сыяктуу баалаган. Алган аял менен өмүрдүн акырына чейин жашоону максат кылып койгон. Куш таптап салган. Кушту качып кетпей турган кылып үндөккө көндүргөн. Сылап-сыйпап жакшы таптаган. Алган аялды ошол жакшы таптаган кушка теңеген. Ошондуктан жигит үйлөнгөндө жакшы тилек каалап, жогорку накыл сөз менен куттуктаган. Эгер куш жаман тапталса, ал чаарга болгон, жемди да жөн жеген эмес. Ошон үчүн «Катынды башынан үйрөтүү керек, баланы жашынан үйрөтүү керек» деп макал да чыгарган, куш колдо бир - эки түлөгөндө мурунку түсү өзгөруп көгүш тартып кетет. Андай куштар бир топ чаарга да болот. Эрден чыккан чатагыраак аялга жолуккан эркек «балапан куш албай, көк кушка жолугупмун» деп өкүнгөндөр да болот. Кыскасы, куш аркылуу аялды сыпаттаган.

Кыргыз элинин жакшы тилекке карата айткан сөздөрү көп учурайт.

«КОҢШУ КУТ БОЛСУН!» - уул келиниңдин өзүнчө өргө тигип, бөлүнүп чыкканы куттуу болсун деген маанидеги жакшы тилек.

Көч үстүндө жолукканда «Көч байсалдуу болсун!» дейт. Эми ооруп аткан адамды көрсө «Орок мокосун» дейт. Кырман бастырып жаткан дыйканды көрсө «Кызылга береке!» дейт. Согум союп жаткан адамга «Согум чүйгүн болсун!» дейт, той берип жаткан адамга жолукса, «Той маареке болсун!» дейт. Жүгүнгөн келинге «Теңир жалгасын, тилегиңе жет!» деп алкайт. Колго суу куйган балага - Узун өмүрлүү бол! Бактылуу бол! дейт. Кой кыркып жаткан адамдарга жолукса «Кыркар көбөйсүн!» дейт. Төлдөп жаткан малдын үстүнөн чыкса «Төлгө береке!» дейт. Күлүк чапкан саяпкерди көрсө «Ат байгелүү болсун!» дейт.

КОРУТУНДУ.

Демек, жыйынтыктап жатып фразеологизмдердин тилде арбын болуп, бекем орун алып көпкө сакталышынын себеби - анын элестүүлүгүндө, образдуулугунда жана экспрессивдүүлүгүндө.

Мен эми өзүмдүн негизги темам «Кыргыз тилиндеги алкоо, каалоо-тилек, иретинде айтылган фразеологизмдер» деп аталгандан кийин, ушул теманын тегерегинде ишимдин аягын корутундуласам. Мен бул теманы өз каалоом боюнча тандап алдым, себеби кыргыз тилиндеги көп түрлүү фразеологизмдердин ичинен алкоо, каалоо - тилек иретинде айтылган фразеологизмдер, алардын семантикасын чечмелөөгө жана кандай учурларда колдонуларын билүүгө чынында эле кызыктым да, бул иш менен иштөөнү чечтим.

Негизинен бул кыргыз тилиндеги алкоо, каалоо - тилек иретиндеги фразеологизмдер кыргыз элинин ар бир сүйлөө речинде, же күнүмдүк кайталануучу турмушунда эле колдонула бербейт. Бул фразеологизмдер кыргыз элинин каада - салт, үрп - адаты менен тыгыз байланышта. Мисалы, кыргыз элинде үйлөнүү той, бешик той, жаңы үйдүн тою о. э. илгертен бери келе жаткан салтка айланган келиндердин өзүлөрүнөн улууларга урмат көргөзүп, же учурашкандагы белгиси катары ийилип жүгүнүүсү сыяктуу салттар бар. Мына ушундай учурларга байланыштуу алкоо, каалоо-тилек иретиндеги фразеологизмдер колдонулат. Буга кайталап дагы мисал келтирбей эле коёюн. Анткени буга ылайыктуу фразеологизмдер жогоруда кенен берилип, маанилери чечмеленип мисалдары менен берилди. Ошондуктан токтолуунун кажети жок.

Ошондой эле мындан сырткары кыргыз элинин күнүмдүк турмушунда колдонулуучу, көп кездешүүчү «Алдыңа кетейин, секет кетейин, балекетиңди алайын, мээнетиңди алайын, садага болоюн, бөйрөгүмдү чабайын, колкомду чабайын, өпкөмдү чабайын» деген сыяктуу фразеологизимдер көп колдонулат. Булардын айтылыштары гана ар башка болуп, мааниси бирдей экендиги байкалып, бири-бирине синоним катары пайдаланыла берет. Булардын мааниси көбүнчө кичинекей балдарды, же өзүнөн кичүүлөрдү эркелетүү, жалынып - жалбаруу, жакшы көрүү маанисинде колдонушат.

Алкоо, каалоо-тилек иретинде айтылган фразеологизмдер менен иштөөдө мен биринчиден, ар бир мага тийиштүү фразеологизмдерди издеп, аларга карточка түзүп, сөздүктөрдүн жардамы менен маанилерин чечмелеп, ар бирине көркөм чыгармалардан мисал издедим. Ошондой. эле кээ бир фразеологизмдердин чыгыш теги, кайсы тилден киргендиги жөнүндө К. Карасаевдин «Накыл сөздөр» деген сөздүгүнөн издеп таптым, ал дагы жогоруда берилди. Мисалы, «кадырың жан болсун, куш боо бек болсун» деген сыяктуу фразеологизмдер. Негизинен жалпы фразеологизмдер боюнча Өмүралиева. С., Ахматов Т., Муканбаев Ж. сыяктуу илим ишкерлеринин китептеринен окуп, багыт алдым жана мага жардамчы болгон эң негизги колдонгон китеп «Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү» болду.

Бул теманын үстүндө иштөөнү мен ушуну менен гана чектебестен алдыга да көптөгөн максаттарды коём деп үмүттөнөм жана аткарууга аракеттенем.



КОЛДОНУЛГАН АДАБИЯТТАР.

  1. Абдулдаев Э., Давлетов С., Иманов А., Турсунов А. Кыргыз тили.- Фрунзе:Мектеп, 1986

  2. Ахматов Т., Муканбаев Ж. Азыркы кыргыз тили (Фонетика, лексика).- Фрунзе:Мектеп,1978

  3. Ахматов Т., Өмүралиева С. Кыргыз тили (Фонетика, лексика).- Фрунзе: Мектеп, 1990

  4. Давлетов С., Муканбаев Ж., Турусбеков С. Кыргыз тилинин грамматикасы.- Фрунзе:Мектеп, 1982

  5. К. Карасаев. Накыл сөздөр: Тил казынасынан.- Бишкек: Шам,

  6. Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү.- Фрунзе 1980

7. Сыдыкбеков Т. «Тоо балдары» жана «Тоо арасында» романынан мисалдар алынды.







©netref.ru 2017
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет