Китеп «Айкөл Манас» дастанынын окурмандарын абдан курсант кылат деп бекем ишенебиз. Үмөт уулу Жайсаң. Айкөл Манас: Дастан: Биринчи китеп. Алмамбеттин келиши. Б.: Бийиктик, 2005. 416 б



жүктеу 3.22 Mb.
бет1/17
Дата02.05.2016
өлшемі3.22 Mb.
  1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   17
: uploads
uploads -> Қазақстан республикасы төтенше жағдайлар министрлігі көкшетау техникалық институты
uploads -> Қазақ тіліндегі ресми іс-қағаздары Басқару, ұйымдастыру, өкім шығару қызметіне қатысты құжаттар
uploads -> А. С. Макаренконың өмірі мен педагогикалық қызметі
uploads -> Ян Амос Коменскийдің педагогикалық қызметі мен теориясы. (1592-1670жж)
uploads -> Приложение к части а1
uploads -> Рабочий проект
uploads -> Кирилл Куренда: двухлетний вундеркинд Не иначе как вундеркиндом можно назвать Кирилла Куренда из крымского села Владиславовки. В свои два с половиной года он уже знает все буквы алфавита умеет считать и освоил азы компьютерной грамотности


© Бүбү Мариям Муса кызы, 2005.

© «Кылым көчү» коомдук бирикмеси, 2005.

Чыгарма басма ээсинин жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес



www.literatura.kg сайтында жайгаштыруу күнү: 2008-жылдын 24 апрели

Жайсаң Үмөт уулу
Айкөл Манас
Дастан
Биринчи китеп
Алмамбеттин келиши
Кайыптан алып кагазга түшүргөн Бүбү Мариям Муса кызы

«Манас» эпосунун башка варианттарынан айырмаланып, «Айкөл Манас» дастанында Алмамбет атанын жарык дүйнөгө келүүсүнүн себептери жана шарттары, жети жашынан баштап жыйырма бир жыл Көйкапта окугандыгы, өмүрүндөгү андан кийинки кескин өзгөрүүлөр жана Атажуртка кантип кайтып келгендиги тууралуу окуялар кеңири баяндалат. Дагы бир өзгөчөлүгү – буга дейре Азиз хандын баласы деп эсептелген Алмамбет атанын каны да, жаны да нак кыргыз экендиги айгинеленгендигинде.

Китеп «Айкөл Манас» дастанынын окурмандарын абдан курсант кылат деп бекем ишенебиз.

Үмөт уулу Жайсаң. Айкөл Манас: Дастан: Биринчи китеп. Алмамбеттин келиши. – Б.: Бийиктик, 2005. – 416 б.


УДК 82 /821

ББК 84 Ки 7-5



Ү – 99

ISBN 9967-13-171-3



Ү 4702300200-05

Алмамбеттин келиши


Кириш сөз ордуна
Мындан он жыл мурда, 1995-жылы «Манас» эпосунун миң жылдык мааракесин мамлекеттик деңгээлде белгилөөгө кызуу камылга көрүлө баштаган маалда, тагыраак айтканда, апрель айынын башында, Чаек айылында жашоочу Бүбү Мариям Муса кызынын жеке жашоосунда кулак угуп, көз көрбөгөн өзгөрүү болуп, «Манас» дастанынын эң алгачкы автору – Жайсаң Үмөт уулунун арбагы1 менен медитация2 учурунда Жумгал-Ата мазарында3 кезигишип калган. Биринчи окуяга жалпы эл аралашса, экинчисине Бүбү Мариям Муса кызы жалгыз өзү гана катышкан. Бирок бул эки нерсе бир маалга дал келгени, алибетте, кокустук эмес.

Ал эми ошол эле жылдын июль айынын биринчи жарымында болгон эки жолку жолугушууда Жайсаң Үмөт уулу Бүбү Мариям Муса кызын өзү менен ээрчитип өткөн доорго, болгондо да Айкөл Манас атабыз жашаган заманга саякатка алпарып, ошол маалдын эң зор окуясы – Чоң Казаттын жүрүшүн кудум кино тасмадай кылып көргөзгөндүктөн, ага дейре «Манас» эпосуна таандык китептердин бирин дагы окубаган Бүбү Мариям эми ал доордогу окуялардын дээрлик баардыгы менен кабардар болуп калган.

«Манастын» миң жылдык мааракеси өтүп жаткан күндөрдө, дагы так айтсак, 30-августка караган түнү медитацияга чыккан Бүбү Мариям он Жайсаңдын баянын угуп, алардын ар бири качан, кайсы кылымда жашагандыгын жана «Айкөл Манас» дастанын кантип айткандыгын көргөн. Ошондой эле, алгачкы дастанчы Жайсаң Үмөт уулунан баштап ХХ кылымдын жетимишинчи жылдарына чейинки манасчылардын дээрлик баа­рын көргөн жана кимиси кандай деңгээлде айткандыгын салыштырып караганга мүмкүнчүлүк алган. Кыскасы, Манас дүйнөсү менен толук кабардар болуп калган.

Ошол эле 1995-жылдын 2-ноябрындагы медитация маалында «Айкөл Манас» дастанынын алгачкы саптары Бүбү Мариям Муса кызы аркылуу кагазга түшүрүлө баштаган. 1996-жылдын аягында биринчи китеп «Жайсаң» деген ат менен жарыкка чыккан. Анын автору деп Шакин Эсенгулов өзүн жазган. Ошол бойдон «Жайсаңдын» биринчиден баштап төртүнчү китебине чейин Шакин Эсенгулов автор катары жазылып келген. Бешинчи жана алтынчы китептерге Шакин Эсенгулов да, Бүбү Мариям Муса кызы да автор болуп жазылган.

Ал чечим, же авторлук боюнча кенен-кесири маалымат кйиинчерээк берилмекчи. Биз азыр, 2005-жылдын аягында жарык көргөн «Айкөл Манас» дастанынын биринчи китеби жөнүндө сөз кылалы.

Бүбү Мариям Муса кызы Чаектен көчүп Чүйгө келгенден кийин жазылган жетинчи жана сегизинчи китептерге эч ким автор болбой, жөн гана «Жайсаң» деп жарыяланып, тогузунчусу жарым-жартылай жазылып калган кезде, 2004-жылдын 12-декабрында Бүбү Мариям Муса кызы биринчи китепти кайра иштеп чыгууга киришти. Бул кадамга баргандыгынын бирден бир себеби, Жайсаң Үмөт уулунун улуу эмгеги такталып, толукталып, айрым мүчүлүш­түк­төрдөн арылып, эң негизгиси, Жайсаң атанын өзүнүн ысымы менен чыксын деп ниеттенгендигинде эле. Арадан туптуура бир жыл артта калып, 2005-жылдын 12-декабрында саат таңкы алтыдан он беш мүнөт өткөндө Бүбү Мариям баштаган ишин аягына чыгарды. Мына ошол эмгекти сиздерге сунуш кылуудабыз, урматтуу замандаштар.

Алдыда арбын иштер бар. Аманчылык болуп Теңир тилекке жеткирсе, эми буга чейин жазылган, жана мындан ары жазыла турган китептердин баары «Айкөл Манас» деген жалпы ат менен аталмакчы.

Алыс жолго аттанган адамга «Сапарың байсалдуу болсун» деген каалоо айтылат эмеспи. Биз да сиздерге, урматтуу замандаштар жана окурмандар, Жайсаң Үмөт уулунун «Айкөл Манас» дастанынын биринчи бөлүгү «Алмамбеттин келиши» китебине жасаган саякатыңар байсалдуу болушун тилейбиз. Анткени бул жөн китеп эмес, керемет китеп. Убак-сааты келгенде бүт дүйнө жүзүнө дүңгүрөп белгилүү боло турган эң улуу китеп!..
Сиздерди ызаттоо менен
«Кылым көчү» коомдук кыймылы

Күтүлбөгөн кездешүү
«Буйрук» деген сөздүн тирликтеги түз гана маанисин түшүнчүмүн. Кызматтык даражасы жогору адамдын же, деги эле, өзүңдөн улуу адамдын айтканын аткаруу деп. Ал эми Теңирдин, тагдырдын буйруктарынын чындыгы менен бетме-бет кездешкенге чейин көптөгөн замандаштарымдай эле аларга маани берген эмесмин. А көрсө, абалтадан көөнөрбөй келаткан «тагдырдын буйругу» деген талашсыз чындык экен. Ошол тагдырымдын буйругу болбосо, кырк жаштан өтүп, чоң эне, таене болгон курагымда жомокко айланган чындык менен кайдан кезикмекмин!

Тогуз жашымдан тартып ревматизм1, ревматоидный порок сердца2 деген диагноздор менен врачтардын диспансердик каттоосунда турчумун. Буларга кошумча катары кичинемден тарта талмам да бар эле. Сексенинчи жылдын башынан токсонунчу жылдарга дейре тогуз жолу жалпы наркоз менен операция болдум. Ушул жылдарда түшүнүксүз нерселерди башымдан кечирип жүрдүм. Көптөгөн адам ынангыс окуялардан соң, бу жарыктагылардын баарысы – жандуусу да, жансызы да бир Улуу Күчтүн көзөмөлүндө, башкаруусунда экендигине көзүм жетти да жарык дүйнөдөгү вазийпамды өтөө жолуна түштүм.

Бир кезде жан кейиткен оорунун айынан дартыма дабаа издеген болсом, эми дартмандууларга дабаа издеп сапар кезчү болдум. Ушундай түйшүктүү күндөрүмдүн биринде, так айтсам, 1993-жылдын 30-август күнү жазуучу Шакин Эсенгулов келди. Эркек кишилерди көрбөйт элем дегениме көнбөй, жөндүү сөз менен уяткарып, трансценденттик1 абалга түшүртүүгө мажбур кылды.

Эртең астралдык2 белги түшсө көрөм, түшпөсө көрбөйм, – деп узаттым. 31-август күнү денесинен эч кандай белги көрбөгөндүктөн, мени чындап мазакташ үчүн даярданып келиптир. Мен агайды мектепте окуп жүргөндө көргөн боюнча башка мамилем болбогондуктан жана эл ичинен ар кыл кеп уккандан улам ал кишини пейилимде анча деле жактырбайт элем. Ошон үчүн мен да белги түшпөсө экен деп тиленгем. А бирок буйруктан аттап өтүү, көрсө, мүмкүн эмес тура... Агайдын эки каруусуна вазелин сыйпап колумду койдум. 20–30 секунддан кийин колумду алып карадым да, түшкөн белгилерди көргөнүмдө таң калганымдан дем да тартпай калгандай болдум. Агай болсо ансыз да чакчайган көздөрүн чанагынан чыкчудай алайтты. Эки каруусуна түшкөн белгилерден мөлтүрөп чыккан канды экөөбүз кыйлага үнсүз карадык. Сөздү мен баштадым:

Агай, белги түштү, оң колуңузду сунуңуз, – дедим.

Оң колум менен тамырын кармап, сол колум менен маңдайынан төмөн көздөй кароого өттүм. Кайсыл жеринде эмне дарты барын карап, айтып берип аттым. Колум сүбөөнүн алдына, бөйрөккө тушташ келгенде, көргөнүмдү айтууга оозум барбай туруп калдым.

Агай, бул жерде эмне барын айткым келбей турат. Колумдан келишинче дарылайм, алым жетпесе врачтарга кайрылыңыз, – дедим.



Агай жаны өлчөөсүз кейигендиктен алаңдаган көздөрүн чакырайта тик кадап, сиркеси суу көтөрбөй сүйлөдү:

Ал жеримде бөйрөгүм бар, бөйрөгүмдүн ташы бар, муну сизге айтпадым беле!



Ачууланып сүйлөгөнүнө менин дагы терим тарып, анын сол колун бултуюп шишип турган көк боор тушуна койдум да, анан мындай дедим:

Бөйрөгүңүздөгү ташыңызды айтканым жок, муногу катуу шишик жөнүндө айтып жатам. Бул качантан бери пайда болду эле? Врачтар эмне дешти эле?



Чоңдугу чынынын көлөмүндөй катуу нерсени агай колу менен кармап, таң калганын жашырбай, кайра менден сурады:

Бул эмне? Мен өзүм биринчи ирет көрүп атам, ооруганынан тынч алып жата албайм. Кырымдан да, чалкамдан да жатуу мүмкүн эмес. Колдорумду чекеме коюп, көмкөрөмдөн тизелеп бир азга жатам, анан туруп басам, кайра олтурам. Айтор, жай алуум мүмкүн эмес. Врачтар бөйрөктөгү таштын оорусу дешкендиктен укол алып аткам, сиз жөнүндө угуп, көрүнсөмбү деп келгем, деги эмне деген дарт? – деп кабатырлана сүйлөдү.



Мен жанагы сөзүмдү кайталап, алым жетишинче дарылап көрөм, болбосо врачтарга кайрыласыз деген пикиримди билдирдим.

Бул Улуу Күчтүн белгиси экенин агай да, мен да этибарга албай ушинтип сүйлөшкөнүбүз менен баары бир тагдырдын буйругуна экөөбүз тең баш ийип,ошол күндөн баштап мен ал кишини дарылаганга кириштим.

Агайдын мүнөзү абдан татаал, дегеле эч кимди, эч нерсени жактырбайт. Ар кыл дары чөптөрдүн кайнатмасын, ачытмасын, унтактап тамакка аралаштырып бергендеримди абдан кылдат текшерип туруп кабылдайт. Адеп эле көргөндөгү түшкөн белгинин шарты боюнча бул кишиден баш тартууга, дарылабайм дешке акым жоктугу туталанткан менен, аргасызмын. Ошондуктан өтө этият мамиле жасайм.

Кандай суроо бербесин, баардыгына токтолбой шыр жооп берүүгө аракет кылам. Көрүнгөнүнө эки жылга чукулдап, оорусунан кыйла сергип калган, ага карабай алгач ирет көрүнгөн кезиндей эле аяр мамиледемин.

Манас атабыздын миң жылдыгы болот деп театрдагы артисттери менен агай дагы кызуу даяр­данып аткан. Кечки дарыланууга жумушунан абдан чарчап келиптир, бир топ үндөбөй жатты. Жараатынын ириңин тазалап аткам, агай обдула берип, мага тигиле карап минтти:

Ар бир элдик деген чыгарманын автору болгон, бирок аты аталбай унут калып, анан элдикке айланып кеткен. «Манас­тын» да автору болгон, кантип эле баардык эл чогулуп алып айтышсын. Сиз медитация учурунда «Манастын» автору ким болгон деп билип бере аласызбы?



Мен тек гана ийинимди куушуруп койдум. Ички туюмум агайдын менин медитация жасаарыма ишенбей турганын сездирип турду. Мен бир нече күндөн кийин медитацияга чыктым. Ал кезде жалпысынан оорулууларга керек дары-дармектин айланасында гана иштечүмүн. Медитациядан кийин жазгандарымды чечмелеп олтуруп «лето-цифра» деген сөздүн бир нече кайталанганына таң калдым. Эмне деген суроомдун жообу болду экен деп толук чечмеледим. «Кто автор произведения «Манас?» деген суроомо берилген жооп экен. Адабияттык жанрдын түрлөрү менен иши жок, карапайым аялдын билимсиз бул суроосу кийин ишенбегендердин чырагына май тамызып, куралына айланары анда оюма да келген эмес. Ошол билимсиз суроого берилген жооп «лето-цифра» деген сөз экен. Демек, бул сөздүн кыргызчасы «жай-сан» болуш керек деп ойлоп, агай келгенде ал кишиден:

Агай, «жай-сан» деген сөздү билесизби? – деп сурадым. Агай:

Кулагыма жылуу угулуп турат, ал эмне, жердин аты бекен же кишинин атыбы? – деди.

«Манасты» алгач айткан кишинин аты экен.

Балким, Жайсаң болуп жүрбөсүн?

Жок, агай, лето – жай да, ал эми цифра – сан делет, демек, Жай-Сан, – дедим.



Сөзүбүз ушу менен токтоп, агай үйүнө кетти.

Арадан бир нече күн өткөн соң, адам ынангыс окуяга туш болдум. Демейдегидей эле транска1 түшүп маалымат алып аткан учурумда чочуганымдан кадыресе абалга келдим. Жумгалдын сөөк какшаткан шыргалаң суусун кечип, талбы, терекпи – айтор, бир дарактын бутагын кармап туруптурмун. Дал төбөмдө толгон Ай. Эрип төмөн куюлуп аткандай коюу агарган жарыктын ичинен сеңселген суюк сакалчан киши: «Чырагым, бутакты жылдырып койчу», – деди. Ошол учурдагы абалымды түшүндүрүп айтып берүүм мүмкүн эместей. Эсимде сакталганы: суунун муздактыгы, коюу, айран сымал мунарык жарык, анан ошол жарыктын ичинде башы төмөн караган киши. Кыязы, тиги киши колумдан тарттыбы же таманымдан бир нерсе түрттүбү, айтор, суудан тик өйдө жеңил атылып чыкканымды билем.

Канча мезгил өткөнүн так айталбайм, кадыресе абалга келгенимде үйдөн кыйла алыс жерде экенмин. Көйнөгүм бел курчоомо чейин сыгып алма суу экен. Апрелдин ондорунан өтүп калганга карабай жерде ала-телек кар бар болчу, бирок үшү­гөнүмдү сезген жокмун, дептеримди койнума катып ылдамдай басып үйдү беттедим.

Ушул окуя­дан кийин июнга чейин медитацияга чыкпадым, сыя­гы, чочуп калсам керек. Июнда жайлоого уулум Таалайбектикине Шакин агайды үй-бүлөсү менен кошо көчүрүп бардым. Агайга уукоргошундун кайнатмасынан беришим керек болчу. Өзүм да 1989-жылдан бери ушул дары чөптүн кайнатмасын иччүмүн. Июлдун үчү күнү кечте «Сарыжонго» чыктым. Айдын алтынчы күнү болгондуктан табият менен жуурулушуп космикалык энергия1 алууга абдан ыңгайлуу эле. Оюм бир чекитке тез эле топтолуп, дүйнө токтоп калды. «Дүңк-дүңк» деген добуш угулуп, кочкул кызыл түстүү жарыкка оронгон узун бойлуу, суйдаң буурул сакалчан, оң колун алга сунуп, сол колу менен жука боз чепкенинин этегин кайрып кармаган киши жайнаган кишилердин, аттардын өлүк­төрүн аралап, күңгүрөнүп ырдап да, ыйлап да жүрөт. Коңурсуган жыт мурдумду өрдөп, жүрөгүм айланып кускум келгендиктен өзүмө келдим. Дептеримен кичинекей баланын тарткан сүрөтүндөй жазууну көрдүм.

Чоң түп жапалак арчанын жанында экем, бир тал бутакты кармап: «Кечирип койчу, ушул бүгүнкү көргөнүмдүн күбөсү болгон ушул бутакты сындырып алайынчы?» – деп өтүнүп, сындырып алып төмөн үйдү беттедим.

Эртең менен Шакин агай дарыланууга келди. Мен жараатын таңып атып түндөгү көргөн­дөрүмдү айтып бердим. Агай ошол көргөндөрүмдү сөзгө айландырып бере аласызбы дегенине башымды ийкеп «ооба» деген белги бердим. Эртең менен чечмелеп койгон ыр саптарын көргөздүм. Мен ал кезде ошол саптардын маанисин түшүнгөн эмесмин. Жөн гана узун-узун ыр саптары болчу. Агайдын сураганына көнбөй өзүм окуп бердим. Мага түшүнүксүз узун сап ырларды агай аябай толкунданып укту. Көздөрү бир башкача балбылдап, абдан таасирленгенине таң калдым. Эмне себеп болгонун билбейм, агайга майдан талаасын көргөнүмдү айтып атканымда уйкубезимдин тушу ысый түшүп, бир башкача абалга түшүп баратканымды сезип, шашып агайдын жараатын таңып берип кетирдим да, анан туңгуюкка түшүп кеткендей болдум. Өзүмө келгенде күн түш болуп калыптыр. Түндөгү жазып келген белгилерди тамгага айлантып түшүрдүм. Эртең мененки агайга окуп берген ыр тизмектерин кайра дагы түшүрдүм.

06. 07. 1995. 10чу А. К.1

Ээ, чырагым, көңүлүң бур, сырымды ук,

Көөдөнүмдү жарып чыккан ырымды ук.

Кылымдарды карытып

Үнүм баспай ырдап келем,

Көз жашымды куюлтуп

Муңум батпай ыйлап келем.
Эрөөл талаа майданын көргөн күндөн,

Эс жыйып көз ачканы сырдуу үндөн,

Көздөн жашым токтобой,

Сөздөн оозум бошобой

Ырдап келем үн баспай,

Ыйлап келем муң батпай.

Берендердин эрдигин,

Бегимдин кылган шердигин.

Жан кыйылган ушул талаа,

Өзөн толгон өлүк жанга,

Ажырап адамдардын денесинен

Адашкан жан-досторду1 сан жетпеген

Түн-күнү көрүп турам, угуп турам,

Кез болбойт тыным алып үнүм баскан.

Жүрөктү өрттөп жанды кейитер

Жер жайнаган мобу шейиттер.

Набыт болгон Чоң Казатта эрендер

«Намыс корго!» деп багышкан энелер.

Оюм бузбай сөзүм тыңдап көөнүңө ал,

О, чырагым, шерлеримди көрүп ал.

Эл эскерсин эрендерим жан кыйган,
Эсиңе түй айткан сөзүм бурбастан.

Тоодой болуп додолонгон куу сөөктөр

Топ жарышкан тирүүсүндө күлүктөр.

Даңкан уруп туягынан от чыккан,

Деми кызып таноосунан чок чачкан

Тулпар аттар Камбар-Ата колдогон,

Туш келген таш упаранып кум болгон.
Жоодон өлүп ээси менен үстүндө,

Жомок болгон бул куу сөөктөр тирүүгө.

Сай күлүктөр Тулпар Пири колдогон,

Сагызгандар көзүн чукуп кордогон.

Ак өтөгөн милдеттерин кезинде

Аргымактар арзыйт мактоо сөзүнө.

Тулпарлардын бул сөөктөрүн куураган

Түшүндүрүп урпактарга айтпасам,

Тирүүлүктө так өтөшкөн милдетин

Тулпарлардын көөдөнүнө суу себемин.

Эрөөл талаа жери бөлөк, эли жат,

Эрендердин сөөгү калган аманат.

Адам менен буудандардын куу сөөгү

Аралашып жатат ээлеп дөбөнү.

Кагыраган куу сөөктөрдү аралап

Карегимден кан аралаш жаш агат,

Кыраандарды кыйган талдай сулаган

Кызыл тилим бүлөп ырга айланткам.

Түгөнбөгөн дастан-ырга айланса,

Түбөлүктүү калк ичинен байралса,

Эрендердин эрдиктерин, арттагы

Эл унутпай, өрнөк алаар балдары.

Урпактары учун улап үзбөстөн,

Улуу көчтү улантышар деп күтөм.
Ээн талаа, колотту

Мекен кылган түбөлүк

Э, чырагым, бул эрлердин ден-досу1.

Үнүм баспай ырдап келем,

Муңум батпай ыйлап келем

Берендердин шердигин,

Душманга кылган эрдигин.

Көргөнүмдү көргөндөй

Ырдап өтсөм деп келем,

Журтума текши жеткенин

Тыңшап өтсөм деп келем.

Кылымдарды карытып,

Мезгилдерди арытып,

Урпактар ээй,

Силердин камды жеп келем.
(Жаңырган Айдын удаа эки бейшембиси).
Таанышуу

2.8.1995 7чи А.К. 22о 113411 66о 42*

Үй-бүлөдө түшүнбөстүк күчөп, дарылануубузду аягына чыгарбай жайлоодон түшүп келдик. Агай иш менен шаарга кеткен. Дарыланып жүргөн Гүлмира деген кызымдын чоң апасы дүйнөдөн өтүп, ошол кишиге дуба кылыш үчүн Дыйканга1 баргам. Даарат алганы сыртка чыккам, күтүүсүз эле медитацияга чыгышым керек деген белгини туйдум. Кумганды аңыздын тосмосунун жанына коюп, туурадагы дөңсөөнү көздөй бастым. Кабырлардын жанынан өтүп баратканымда кандайдыр бир оор, күшүл­дөгөн добуш эшитип, тула боюм дүрүлдөгөнүн сездим. Бирок ошол эле маалда тааныш атанын карааны колун оң ийиниме койгондо кадимкидей кубандым. Ийиниме коюлган колу аркылуу ийкемсиз селейген караанга жылуулугум кетип атканын туйдум. Эртең көрүнүп жүргөн эки-үч келин менен мазарга бармакмын. Төрөп алсак деп балага зарлаган ошол келиндер эмне үчүн эсиме түшкөнүн түшүн­бөдүм. Ар бирөөнүн элеси көз алдыма келип, дилимде адатымча Теңирге жалынып, ушул бечаралардын зары угулуп, тилеги кабыл болсо экен деген ой келди.

Бир укмуш ажайып жерге келдик, шылдырттаган булактан уучтап ууртадым. Коңур добуш күңгүрөнүп ырдап атты, булактын шылдыртын муңканган куштун үнү коштоп тулкум эрип, ошолорго аралашып кеткендей болдум:

2.8.1995. 7чи А. К. 11 35; 41 2611

Ажайып толукшуган Айлуу түндө

Муңканган добушуңду кулак какты,

Зар какшап перзент тилеп Жараткандан

Куюлган ачуу жашың жанга батты.

Тилекти өзүң үчүн тилебестен

Бирөө үчүн зарлаганың мага жакты.

Күттүргөн Улуу Тогоол1 тогоптур деп,

Көзүмдөн туздуу жашым агып жатты.
Чырагым, эркек мүнөз атуулдугуң,

Кебездей жумшак туруп катуулугуң,

Башка үчүн азап чегип, жан кыюуга

Баш тартпай – жүрөгүңдөн макулдугуң,

Көөдөндө каткан черим жибиттирди,

Эненин ак сүтүнө киринттирди,

Кетирип жандүйнөмдүн көңүл кирин,

Мен болдум өзүң күткөн Аппак Пириң.
Чырагым, уктуң беле уламышты

Эки дос – бир пендени түзөт деген?

Кеткенде жалган жайдан – түбөлүккө,

Эки дос достук жибин үзөт деген?

Укпаган болсоң, демек, буруп назар,

Уламыш сөздү тыңда чындыгы бар.

Күнүмдүк бул жашоонун сырдуу аягын

Көрөсүң өзөгүнөн шол баяндын:
Эки дос сенин тулку боюңдагы

экөөбү?.. Кел эмесе, талкуулайлы.

Акыл-эс, эркиң-күчүң, сезүү-туюм –

Аны сен жан-досум деп керек туюуң.

Абалтан алаканы Аалам менен

Адамдын акыл-эси жасап келген,

А тиги Жер-энеде кала турган

Адамдын дене-досун жерден алган.

Бир пенде эки достон турат деген

Болумуш сөз төркүнү туура бекен?
Чырагым, эсиңе түй сөз аягын,

Чындыгы төгүндөлгүс бул баяным.

Жан-досту дене-достон бөлгөн күнү

Жараткан ишке ашырат өз аянын.

Эки дос жөнүндөгү бул баяндын

Өзүңө эмнеликтен айтылганын

Далилдүү, бирок баарың байкабаган

Бир сырды, болжолдоорсуң, четин ачсам.

Сезбестен сырдуу жагын бир дагы жан

Сергиткич куралындай пайдаланган

Дайымкы уйку деген табышмактын

Дилиңе сиңдирип ук жандырмагын.
Улуу Күч жандууларга тартуу кылган

Уйкуну – кабар алчу кең Ааламдан.

Уйкунун кучагында калып дене,

Узайт жан өткөн чакка, келер кезге.

Жан-достун көргөндөрүн сапар артып

Дене-дос түштөн көрөт уктап жатып.

Чырагым, уйку деген табышмактын

Чыгардым бар болгону чет-бучкагын.

Дене-дос, жан-дос жана уйку деген

Дарс айттым ишти баштап сени менен.
Жолугам Ай жаңырган бейшембиде

Уйкуга дене-досуң кирген кезде.

Ээрчитип жан-досуңду өзүм менен

Кыдырып кең Ааламды сапар кезем,

Туңгуюк табышмагын ичке каткан,

Түпкүргө – табияттын сыры жаткан,

Жеткиче максатыма эңсеп келген

Жетелеп кыдыртамын Ааламды кең...

Ойготуп сезимдерди уктап калган

Окугун сыр чечүүнү – билимге кан.

Баштайлы иш башы деп ыйык жерде,

Баардыгын унутпастан туткун эске.

Чырагым, укчу мобу таштын сырын,

Жанында куурап жаткан баштын сырын,

Шылдырап агып жаткан булак сырын,

Муңканып таң атырган булбул ырын.
Баарынын сырын уккун, ырын уккун,

Баарынын бугу чыксын муңун уккун.

Аялуу жандүйнөңдөн орун берип,

Сырларын ар биринин ыйык туткун.

Сен көргөн бул түндөгү аян булак

Суусунуң кангычакты кере жуткун.

Көрүнгөн кубулушту, ар бир сөздү

Өзгөртпөй көңүлүңө бекем туткун.
Чырагым, өзүңө айтар узун сабак

Сырымды катып келем кылым санап.

Көңүлгө бекем түйүп, жакшылап ук,

Сыр чечпе эч бир жанга ылым санап.

Сырыңды ачып коюп нысапсызга,

Кетпесин тартып алып таштап сызга.

Төгүлтүп ырыскыңды, жолуң тороп,

Менчиктеп Ак Пириңди алып коёт.

Муну айткан Үмөт уулу Жайсаң деп бил,

Менчиктеп дастанымды бир бузук дил,

Уулантып, жан-досумду каптаган зил,

Унутпай бейшембиде дуба окуй жүр.
Улантып уламышты өзүм билген,

Кыдырып кылымдарды сапар кезем.

Эрдигин, айкөлдүгүн бабалардын

Ээрчиген жан-досуңа ырдап берем.

Көз жашым Кудуретке жеткен белем,

Кезиктим Тогоол тогоп сени менен.

Көөдөндөн сууруп чыгып журтума бер

Көмүлгөн ырларымды өзүм менен.
Кийинки кездери кезигип жүргөн атанын жан-дүйнөмө ушунча жакын болуп баратканын сездим. Ушул жолу ийинимден колун алгандан кийин, мурдагыдай сенейбей кадыресе эле кишидей ийкемдүү болуп калганын туйдум. Коштошор учур келгенде, мурдагыдай чочуркап жүрөк түшмөк түгүл, бөлүнүп кетким келбей турам. Өзүмө келгенде Гүлмира жаныма келип: «Ай-ий, эже, кайда бардыңыз, аябай кабатыр болбодукпу? – деп, эмнегедир көйнөгүмдү кармалап карады. – Тосмолордон илинип айрылбай кантип өттүңүз?» – деди ал таң калган добуш менен. Мен «Билсем айтамбы» дегенден бөлөк сөз айтпадым. Эртеси эртең менен Чаекке келип эле төрөбөгөн келиндер менен мазарга кеттим.
Үлпүлдөп өчө жаздап үмүт шамы,

Көп күттүм нээти таза зирек жанды.

Ырдаган дастанымды менчиктебей,

Түз айтар пейли тунук асыл жанды.

Кыдырып Аалам койнун, издеп жайды,

Кургабайт көздө жашым кыйнап жанды.

Кылымдар көксөп күтүп келатамын

Аруу эне төрөсө деп бир Жайсаңды.

Сенин да ак тилегиң меникиндей –

Сарыгып зар какшайсың перзент тилей,

Төрөбөс, башка чукак зайып үчүн

Басылбайт бала тилеп муңканган үн.

Ак уруп түнү бою зикир чалып,

Тайынып ыйык жерге шамың жагып,

Жетсе деп Жаратканга зар тилегим,

Жалынып жан тилейсиң курман чалып.

Ак тилек, байкадыңбы, кабыл болот

Ал чыкса жандүйнөңдөн жүрөк жарып.

Чырагым, тилегибиз бирге болсун,

Кут түшүп бир зарлууга бакыт консун.

Төрөлгөн балканактай аппак уулга

Дуба айтып Жайсаң деген атты койсун.

Өмүрү ал Жайсаңдын узун болсун,

Ырысы аягына мелт-калт толсун,

Тили так, күнү-түнү дастан айткан

Чаалыгып-чарчабаган буудан болсун!
Мазардан келгенден кийин жогорку ыр саптарды чечмеледим. Эки жолку медитациянын маалыматтарын Шакин агай шаардан келгенде окуп бердим. Агай жаткан ордунан өйдө туруп, колумду кыса кармап толкунданып:

Сиз ушул ырды толук алып берсеңиз мени гений кыласыз! – деди. Мен үн катпай карап турдум да ичимден: «Ушул жазуучулар апенди болушат бейм, болбосо мен дары катары колдонгон бул узун сап ырларга мынча кубанып, гений кыласың демек беле?» – деп ойлодум.




  1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   17


©netref.ru 2017
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет