Мар Байжиев АҢгемелер жана повесттер



жүктеу 4.12 Mb.
бет1/15
Дата03.05.2016
өлшемі4.12 Mb.
  1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   15
: uploads
uploads -> Қазақстан республикасы төтенше жағдайлар министрлігі көкшетау техникалық институты
uploads -> Қазақ тіліндегі ресми іс-қағаздары Басқару, ұйымдастыру, өкім шығару қызметіне қатысты құжаттар
uploads -> А. С. Макаренконың өмірі мен педагогикалық қызметі
uploads -> Ян Амос Коменскийдің педагогикалық қызметі мен теориясы. (1592-1670жж)
uploads -> Приложение к части а1
uploads -> Рабочий проект
uploads -> Кирилл Куренда: двухлетний вундеркинд Не иначе как вундеркиндом можно назвать Кирилла Куренда из крымского села Владиславовки. В свои два с половиной года он уже знает все буквы алфавита умеет считать и освоил азы компьютерной грамотности


© Байжиев М., 2005. Бардык укуктар корголгон

Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес

www.literatura.kg сайтында жайгаштыруу күнү: 2012-жылдын 27-сентябры

Мар Байжиев
АҢГЕМЕЛЕР ЖАНА ПОВЕСТТЕР

Кыргыз прозаиги жана драматургу Мар Байжиевдин аңгемелери жана повесттери замандаштарыбыздын рухий дүйнөсүн чагылдырат. Чыгармаларында калемгер нравалык баалуулуктарды, чындыкты жана гуманизмди көркөм сөзү менен бекемдейт.
Байжиев Мар. Аңгемелер жана повесттер. – Б.: 2005 китебинен алынды
МАЗМУНУ
Драматургдун кара сөзү (К. Асаналиев)
Биринчи бөлүк. Аңгемелер

Желмогуз


Кара курт

Арбак урду

Өлүм алдында

Бир тоголок самын

Чапайдын курман болушу

Тогузунчу май күнү

Менин токочум

Сокур ак чардак

Жаңылуу

Бир кемпир



Ууру катын

Жайсаң-эне жана өлүмдөн сактаган Андрей

Кылмышка бир секунд калганда
Экинчи бөлүк. Повесттер

Күздөгү жаандар

Чыйыр

Илгерки өткөн заманда



Алтын күз

Драматургдун кара сөзү
Азыркы кырдаалда улуттук көркөм сөз өнөрүбүздүн мартабасы да, ошондой эле кашаң тартып, көндүм көнүмүштүн чыкпаган арткы чеги да дааналанып, кашкайып айкын эле көрүнүп калган учур. Ошондуктан адабий турмушка келген ар бир жаңы муундун чыгармачылык араанына, иштеген ишинин мани-маңызына баа берүү, ал жөнүндө ой жүгүртүү кандайдыр бир өткөндүгүндөй улуттук адабияттын жаштыгына, же каныгалек тажрыйбасына ыйгарып, атайы көтөрмөлөп апыртмалуу болбостон, ар бир жекече учурдун ички кыймылын ачууга багытталуу керек. Башкача айтканда ар бир муун улуттук адабиятка кандай тема, идея, проблема менен келди, кандай турмуштук маселелерди козгоп чыкты, натыйжада кандай көркөмдүк ачылгаларды жарата алды – кеп ушунда. Ушул ыңгайдан караганда, алтымышынчы жылдарда пайда болгон кыргыз совет жазуучуларынын «жаңы генерациясы» (Ч.Айтматовдун аныктамасы) улуттук адабияттын орчундуу бир этабын жараткан, жана азыр да алдыңкы чекте активдүү аракетенип жатканы талашсыз. Ошол муундун эң бир көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири – Мар Байжиев болду.

Кыргыз адабий сыны жана илими бул жазуучуну дагы эле толук «ача» элек десе болот. Ырас, бир жагынан тытмалап «ачып» көрүүгө ниеттенгендер болду, бирок теңирдин тескери жагынан жазуучунун адабий казынага кошкон өбөлгөсүн, үлүшүн көрсөтүү жагынан эмес көбүнчө кандай болсо да «жумурткадан кыр чыгарган» кыйкымчылдык жагынан. Балким, учурунда мындай кыйкымчыл сындын салакасы тийсе тийгендир, бирок жазуучунун жекече чыгармачылыгына кедер түзгөн жок, жазуучунун чоң бактысы бар экен, ал эки тилде, орус жана өз эне тилинде, бирдей даражада, бирдей дөңгээлде иштей да, жаза да алат. Дал ошонусу көп кокустук кыйчалыштардан сактап калды көрүнөт, кыргыз тилинде кыйраткыч «сокку» жеген чыгармасы орус тилинде, тескерисинче, автор үчүн гана эмес, дегеле кыргыз адабиятынын наамына кадыр-барк апкелип турду. Ушул жагдайда «Эрөөл» («Дуэль») пьеса-повесттин тагдырын эске түшүрсөк эле жетиштүү.

Жазуучунун бактысы жөнүндөгү сөздү анчейин көтөрүңкү сылаң-короздук үчүн айтып жатканбыз жок. Анткени орус жана өз эне тилинде бирдей сапаттык даражада иштей билген жазуучу жалпы союздук масштабда кездешет. Булардын катарында белорус Василь Быков, молдаван Ион Друцени, азербайжан Чингиз Гусейновду, өзүбүздүн Ч.Айтматовду атасак, эки тилде жаза билүүнүн мазмундук артыкчылыгы да, чыгармачылык «бактылуу» жагы да, өзүнөн-өзү түшүнүктүү болот. Ошентип, кыргыз жазуучуларынын тобуна кошулат. Ушунун өзү эле ага бийик «эсеп», өлчөм менен мамиле этүүгө негиз берет. Кантсе да ар тирдүү адабий кырдаалдарда байланыштуу болу керек, М.Байжиевдин жазуучулук тагдыры, өзү прозачы катарында баштаса да, адегенде жалпыга драмачы, киноценарист түрүндө айгине таанымал болду. Пьесалары Советтер Союзунда жүз-элүүдөй таетрда, чет өлкөлөрдө отуздан ашык театрларда коюлган, сценарийлери боюнча Т.Океев тарткан «Алтын күз», «Ак илбирстин тукуму». «Бирөөнүн бактысы» («Өзбекфильм»), «Эр намысы» («Мосфильм») дүйнөлүк сыйлыктарга ээ болгон фильмдер тартылган драматург жана кинокиносценарист М.Байжиевден прозачы М.Байжиев тең калышпайт деп ойлойм анткени анын кара сөз –прозасы да ошондой эле оригиналдуу, ошондой эле таланттуу.

Жазуучунун адабияттагы алгачкы жолу, чыйыры өз айылы Тепкеден, Жыргалаң суусунун боюнан башталган. Көрүнүктүү филологдун, жазуучунун үй-бүлөсүндө туулуп-өсүп, ата-мекендик согуштун оор жылдары айылда жашап, ошол жерде көргөн турмуш, жолуккан адамдар Мардын балалык аңсезиминде бекем орун алган. Өзүнүн чыгармачыл изденүүлөрүндө жазуучу өзү көргөн, өзү күбө болгон турмуш сабактарына таянат, ошондон узанып, «аттанып» чыгат, бир кыйла чыгармаларында түздөн-түз, бир кыйласында ретроспектива,эстөө иретинде кайрылат, балалык-өспүрүм чагында баштан өткөн, эстен кеткис окуялар жөнүндө айтууну ыйык парз катары эсептейт. Ушундан улам М.Байжиевдин жазуучулук ыкмасына өтө жөнөкөй, ойку-кайкы жасалмалуулуктан алыс, ичиндеги дартын, оюндагысын айкын-ачык, тикелей айтуу мүнөздүү. Ошондой эле жазуучунун сүрөттөгөн каармандары да айылдын карапайым адамдары, жаш өспүрүм балдар, абышка-кемпирлер, же болбосо шаардык кишилер, пенсия жашындагы машинистка, улгайган аял, телевидениенин катардагы кызматкери ж.б. Мындай караганда сүрөттөгөн окуялар да жөпжөнөкөй сыяктуу, маселен, өзүнөн-өзү, же бирөөнүн кесепет сөзүнөн улам «коркуп» жашаган адамдардын жоруктары, майып баланын тагдыры, атак-даңк эңсеген режиссердун турмуштук айлампасы, эрди-катындын үй-оокат тиричилиги, жаш өспүрүмдөрдүн таза, тунук сезимдери, айтор, дал турмуштун «көчүрмөсүндөй» болуп көрүнгөн кырдаалдар.

Бирок, окурманды дал ушул жөнөкөй турмуш тиричилигендей болуп көрүнгөн окуялар, кадыресе адамдардын тагдыры жан кейитет, аяныч туудурат, өкүнтөт, экинчи жагынан табитинен ак пейил, ак ниет жаралган каармандын ишин көрүп кубанасың, адамгерчилик тазалыгына ыраазы болосуң. Жазуучу адамдагы диалектикалык кайчы келген, карама-каршы сапаттарды кадимки эле кадыресе турмуштук кырдаалдардын ички кыймылын, психологиялык нускасын көрсөтүү аркылуу реалисттик адабияттын бийиктигине көтөрүп чыгат. Маселен, көк башы Таштандын бала күтүү тилеги ордунан чыкпай, кайрадан мурдагы аялы Айымканга кошулушу, төлгөчү шылуундардын кылыктарынан улам Сыдыктын тарткан жапасы, жап-жаш Имаштын бир түндө эле «кундуздай кара чачынын» агарып калышы, «бир тоголок самындын» тегерегиндеги тиричилик окуялар автордун сүрөттөөсүндө күтүлбөгөн өзгөрүүлөргө дуушар болот, бийик көркөмдүк жалпылоого, синтезге айланат. Жазуучу караңгылыкты, сабатсыздыкты жек көрөт, аны адамдагы эң бир залакалуу, зыяндуу кемчилик катарында карайт, анын кесепетин көрсөтүү үчүн автор турмуштук терс көрүнүштөрдү какшыкка, пародокско, шылдыңга айландыруудан тартынбайт. Мына ошондуктан Таштандын жап-жакшынакай эле тилеги күтпөгөндөй тескерисинен чыгат, же болбосо «бир тоголок самын» үчүн калп дарыгерлик жасаган ата өз уулунун убалына калат, жаңыдан өнүп келаткан тунук таза сезимге балта чабат. Ал эми Имаш ошол караңгылыктын азабынан өзүн-өзү «арбакка» туткундап берет. Дал ушундай араманча тиричилик деңгээлиндеги көрүнүштөрдү сүрөттөөдө М.Байжиевдин бийик адабий маданияты, эки тилди бирдей иштей билүүнүн натыйжасында келип чыккан көркөм ойлонуудагы жаңы касиет сапаттары дап-даана сезилип турат.

Маселен, «Чыйыр», «Күздөгү жаандар», «Алтын күз», «Илгерки өткөн заманда» повесттери эки тилдин кездешкен, тогошкон жеринен, жаңы деңгээлдеги көркөм ой жүгүртүүнүн негизинде жаралган чыгармалар. Бул повесттердин кайсы тилдегисин түп нуска деп айтабыз, анда анын кайсынысы автордук котормо же экөө тең өз алдынча түп нускабы муну аныктоо үчүн атайы филологиялык изилдөөлөрдү талап кылары шексиз. Бирок, бир нерсе талашсыз: кыргызчасын да, орусчасын да өзүнчө жаратуу процессинде автор турмуштук жагдайларды реалдуу сүрөттөөдө ошол эки тилдин тең ички каршылыгын жеңип, өзгөчөлүктөрүн, стихиясын жана мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалануу натыйжасында гана көзөмөлдөгөн максатына жетет. Барынан мурда, адам сапатында майып, анын үстүнө мектептен окуй албай билимсиз калган Абылкасымды, өмүрүн бүт бойдон машинка басып өткөргөн пенсионерка Айшанын, турмуш айлампасынан чыга албай убараланган Мураттын образдары аркылуу турмуштук маселелердин өзүнчө бир катмарын көрсөтүп, бүтүндөй бир чыгарманын жүгүн көтөргөн каарман катарына сүрөттөөнүн өзү эле кыргыз адабияты үчүн жаңылык, ачылга. Телевидениенин катарындагы эле кызматкери, улгайган машинистка аял, же бир майып адам көркөм чыгарманын баш каарманы болору кимдин оюна келиптир. Тагыраак айтканда, жөнөкөй кызматкер, машинистка, кароолчу кыргыз элинин турмушундагы маданий, социалдык өзгөрүштөрдү өз учурунда байкай алганы, ушундай адамдардын деңгээли менен улуттук чындыктын жаңы катмарларын ачуу мүмкүндүгүн кадиксиз түшүнгөнү көрүнүп турбайбы. Бул бир жагы. Экинчи, негизги жагы, ушундай карапайым адамдардын карапайым тагдырын көрсөтүү чоң адабияттын үлгүсүнөн, анын реалисттик салтынан улам келип чыкканында. Мына ошондуктан М.Байжиевдин каарманды сүрөттөөсү баягыдай бир пландуулукка, же бир беткей мактоого, же бир өңчөй каралоого эмес, адамдын жекече турмушуна, жекече тагдырына, татаал карама-каршылыктуу психологиясына, ички сезиминин кыймылына негизделген. Кантсе да Абылкасымдын тагдырын «бир седеп топчуга», же «бир кап буудайга» байланыштырып, сюжеттик чиеленишти бийик драмалык даражага жеткирүү, бул ырасында да жазуучунун чоң адабий маданиятка ширелешкен чеберчилигин айгинелейт.

М.Байжиевдин жазуучулук бөтөнчүлүгү – анын каармандары турмуштук ашкере ийгиликтери менен айырмаланбайт, кадыресе, адамдардын арасынан бөлүнүп, өзгөчөлөнүп турбайт, мындайча айтканда, жөн эле «пендечилик» өмүрү менен жашайт. Ушул жагынан караганда «Алтын күз» повестинин баш карманы Мурат кыргыз прозасында эң бир ачык даана тартылган образдардын катарында турат. Мындай караганда, ал өз ишине, кесибине ак нээтинен, чын дилинен эле мамиле жасайт, колунан келишинче жанталашып иштейт. Бирок, анын бүткүл аракети, жумшаган эмгеги бир гана максатка – атак-даңкка, башкалардан бөлүнүп, көрүнүп чыгуу максатына багытталган. Ал ошого жетпейт. Иштеген ишинин натыйжасы орто заарлыктын деңгээлинен ашпайт. Жазуучу каармандын ушул мансапкорлук максатын ачыгыраак көрсөтүү үчүн айрым документалдуулукка чейин барат, каарманды реалдуу чыгармачыл адамдар менен кездештирет. Алар белгилүү акын Аалы Токомбаев, жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков, ырчы Болот Миңжылкиев, хирург Мамбет Мамакеев.

Мунун мааниси – чоң адамдардын атак– даңкына жамынуу, ошол аркылуу өз максатына жетүү. Көрсө, андай болбойт экен, табият талант бербегенден кийин өзүнүн ички мүмкүнчүлүгү жок болгондон кийин ар кандай аракет кыймыл анчейин куру далбас бойдон кала берет. Мурат мына ушундай куру далбастын айлампасынан, жеке турмушунан да,коомдук турмушунда да, көпкө чейин чыга албайт. Анткени ал иллюзия кыял менен жашайт, реалдуу турмуштун бекем негиздерине таянбайт. Качан гана өзү жөнүндө түзүп алган бийик ойлордон, жасалмалуу, жалган кооз лозунгдардын туткунунан бошоп, нукура эмгекчил адамдын тагдырына аралашканда гана Мурат өзүнүн эртеңкисине, келечегине реалдуу баа берет, айныбас, айкын жлго өтө баштайт. Кичинекей жалгыз уулун жетелеп чоң жолго чыгат. Бул турмуштук жаңы жол… Көрүнүп тургандай, М.Байжиевдин жазуучулук өнөрү бийик реалисттик адабияттын салттарына, адамдын руханий дүйнөсүн психологиялык талдоого негизделет. Эки тилде, орус жана кыргыз тилинде бирдей иштей билүү, жаза билүү диалектикасы жогортуда белгилегендей, көркөм ойлонуу процессинде чечкиндүү өзгөчөлүк апкелбей койбойт. Бул айрыкча адамды сүрөттөөдө, теманы, проблеманы чечүүдө көрүнөт. Дал ошондой эле көркөм ойлонуунун сапаттык жаңы белгилери өткөн адабий салтка, эпоско болгон эстектикалык мамиледен да ачык байкалат. «Илгерки өткөн заманда» повести М.Байжиевдин улуттук көркөм салтка болгон азыркыча мамиленин мани-маңызы анчейин гана элдик эстетиканын негиздерин, нускалуу салттарын өздөштүрүү, үйрөнүп-билүүдө гана эмес, эпоско карата болгон стихиялуу кулдук уруу көз карандылык, же болбосо анын бийик үлгүлөрүн көчүрүп кайталоо, репродукциялоо учуру эбак өтүп кеткенин, азыркы мезгилде маселенин түйүнү эпостун байыркы духун, өчүп бараткан «жалынын» кайрадан жандандырууда, аны доордун талабына, деңгээлине көтөрүп чыгууда экенин жазуучу эң эле ачык түшүнөт жана жакшы билет. Дал ушул максатты М.Байжиев өзүнүн «Илгерки өткөн заманда» повестинде «Кожожаш» жана «Карагул-ботом» поэмаларынын мотивин айкаштырат, бул эки эпостун түпкүрүндө жаткан табият жана адам жөнүндөгү жалпы адамзаттык түбөлүктүү проблеманы көтөрүп чыгат. Мына ошондуктан азыркы көркөм закондордун негизинде кайрадан иштелип чыккан байыркы эпостун мотивдери кадимкидей эле бүгүнкү күнгө иштеп, азыркы замандын экология туурасындагы эң бир чукул, эң бир курч проблемасына өз үнүн кошот.

Жазуучунун жаш кезинде жараткан чыңалуусу жетпей, борпоң иштелген, барактарын таап, көрсөтсөк да болот эле. Бирок, бул китепке мүнөздөмө берүүдө биздин жалпы баабыз «оң» жагына ооп, ошол жагына басым коюлуп жатканы жазуучунун кыргыз адабиятына апкелген жаңылык, ачылгалары даана, талашсыз айгине экенине байланыштуу. Ырас, кийинки жылдары кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиевдин прозалык, драмалык чыгармаларына арналган бир топ кондидаттык жана докторлук диссертациялар Алма– Атыда, Бишкекте, Москвада, Туркцияда корголду, илимий эмгектери жазылууда, бирок ошондой болсо да анын чыгармаларын терең изилдөө али алдыда деген ойдобуз.
Кеңешбек Асаналиев

филология илимдеринин доктору, профессор

Биринчи бөлүк. Аңгемелер

Желмогуз
Бир окуяны эстесем, жүрөгүм шуу деп оозума тыгылат. Ошондо кантип жарылып кетпегенине азыр да таң калам. Иши кылып, кудай бир сактаган…

Мындан көп жыл мурда Бейшембай деген агаларыбыз токол алды, Саткын досум экөөбүз тойго барып, тамаша көрүп, бозо ичип, колго суу куюп, табак тартып жүрдүк. Той таркады, конокторду узаттык, конуп калгандар да болду.

– Кызмат кылган балдарга бирдеме калдыбы? Берсеңчи, Мистикан! – деп, Бейшембай абам байбичесине буйурду.

– Көрөңгүлүк эле калды, аны да бригады уул менен балдырак акемин байбичесине ооз тийгизейин дедим эле…

– Алып кел! – деп күрүлдөдү кызуу абабыз…

Заматта жүктүн астынан томпойгон челек менен мелт-калт бозо чыга келди.

Үч кеседен удаа-удаа тартып жибердик. Ал кезде эмне? Буюм эмес да! Мурун да 2-3төн басып алдык эле, мунун бардыгы кошулганда баш тегеренип, үлпүлдөп үкөктүн үстүндө турган жалгыз лампа бирде эки болуп көрүнсө, бирде үч болуп көрүнөт. Уйкубуз келди, Саткын тырмап тешкен көздөнүп үңкүйүп араң эле отурат.

– Ой, меймандарга короого төшөк салып берсеңчи! – деп абам акыркы буйругун берди да, Толтойчо басып жеңем отурган үйгө кирип кетти.

Анын долдураган үнүн укканда, үргүлөп отурган Кусубалды молдокем башын көтөрүп:

– Э, кокуй, бу кайсы жер? – деп элеңдеп эки жагын каранып алды да, башы кайра шылк дей түштү. Кусубалды молдокем телегейи төп келген молдо эмес, бирок, шариятты кыйын билет. Анча-мынча ооруларды эмдеп-демдеп, тамырын кармап көрүп: «Ысык экен, суу ич», же болбосо: «Суук экен, жаш сорпо ич» – деп дарылай турган. Аялды кара басса андан арылтып, баланын жүрөгү түшсө тердеген, майланышкан эки жоон бармагын оозуна тыгып, какатып, түшкөн жүрөгүн ордуна байлай салчу.

Ал эми албарсты, шайтан, жез кемпир, арбак-сарбак жөнүндө билген бул кишиден кыйын илимпоз жок болсо керек.

Молдокемдин жанында жантайып жаткан борбойгон кара киши – Бөкөн мерген деген агабыз. Мергендиги жанда жок: «Майда-барат коен-поенду таш менен эле ыргыта коюп алат экен»– деп укчубуз. Ширеңке толуп турса да оттук, шагыраган эки тай туяк жана мизи майтарылган чоң шамшар бычак куруна байлануу. Төртөбүз короого жайланыштык. Ушундай даңктуу адамдар менен жанаша жатканыбызга Саткын экөөбүздүн төбөбүз көккө жеткенсиди. Бозого кызып алган Бөкөн абам далайга дейре бышылдап өтүгүн чече албай, бир өтүгүн араңдан зорго жулуп алды да жини келип:

– У, желмогуз! – деп чөптүн арасына ыргытты.

– Желмогуз демекчи, сен аны көрдүң беле? – деп болдурап калды молдокем.

– Жерге кирсин. Желмогузуң! Өзүң көрдүң беле, кандай неме болот экен?

Бөкөн мерген кекете сүйлөдү.

Молдокем жайбаракат гана:

– Далайын өз колум менен кармагам.

Бул сөздөрдү укканда биздин көздөрүбүз чайыттай ачылып, кызыгып баштарыбызды көтөрө калдык. Молдокем бир эки жөткүрүп алып, сөз баштады.

– Ал кудай урган адегенде кенедей мыймылыңдаган күчүк болот. Былтыр келатсам алдыман баягы сенин кандегиңдей кара күчүк булт койду. Артынан чаптым. Жетейин-жетейин дегенде, күчүк тишин арсайтып мени бир карап алды да, чоң кара дөбөткө айланды, эки кара канат пайда болду, жерден көтөрүлүп учту. Атым кошкуруп баспай койду. – Молдокем бир аз унчукпай калды.

– Кийинки сүзгөн бозосу укмуш чыгыптыр, – деп уйкулуу күңгүрөндү. Бөкөн абамы бозонун күчү бир топ жерге жеткизип койсо керек – сөз деле уккан жери жок, шамшар бычагын айдын нуруна жалаңдатып, мизин бармагы менен кыртылдатып жанып көрүп, башына жаздап жатып алды.

– Өгүнү ошол желмогузга дагы жолукпадымбы. Аркы айылдан күүгүмдө аттандым, чоң арыкка жеткенде, бирдеме шырп дей түштү, карасам чөптүн түбүндө үлпүлдөгөн от көрүнөт, бастырып бардым… Карасам эле…

Сөздүн эң кызык жерине келгенде Бөкөн мергендин коркураган коңуругу угулду.

– А, кокуй, уйкуга кеткен тура! Бу кургур өтүгүн чечпей жатып шымын кантип чечкен? – Молдокем бул таң калгандыгын билдиргенден кийин өзү да кудукка түшүп кеткен немедей тырмтырс болду. Андан кийин үн алышып эки коңурук чыкты. Бирөө: «кырр-пүфф! кырр-пүф! – десе, экинчиси: «Айгырр-ий, айгыр-ий!»– дегенсийт. Коркунучтуу…

Саткын экөөбүз үн жок, сөз жок кыса кучакташып жатып калдык. Уйку качты. Көзүмдү жумсам эле, молдокем айткан желмогуз алдыма келип аңырайып карап калат. Бир маалда Саткын да бышылдап уйкуга кирди, бозонун жыты: «бур-бур».

Асманды карап жатам. Жыбыраган жылдыздардын арасында күлүмсүрөп ай турат, бирок күлүмсүрөшү кандайдыр суук жана ырайымсыз: анын бетинде тишин арсайткан бир балакеттин сүрөтү бар сыяктуу. Бир кезде апсайган чоң кара булут сүзүп келип мөлтүрөгөн айды кучактап, арбайган колдору менен кап-кара бооруна кысты. Ай жок болду. Келме келтирдим эле, ай сымаптай булт этип кара ниет мокочонун кучагынан чыга качты. Кудайга тобо кылдым. Байкуш ай баягыда байкем калаадан сатып келген батыноздой жаркырап, мага алкыш айткансыйт. Улам бир апсайган немеси келип айды кучактап калат, келме келтирсем – кое берет, улам келет – улам кое берет.

Ошол түнү дардайып уктап калсам далай кырсыкка учурап, айыбыздан да ажырап калмак экенбиз. «Жылдыздар жылдыз эмес эле асмандын тешиктери турбайбы» деген ойго келдим.

Бир кезде чоң кара булут оозун арсайта ачып, айды жутканы келе жатыптыр, Саткынды ойготоюн дедим эле сол тараптан бир нерсе шырп дей түштү. Бөкөн абамдын өтүгүнө жан кирип жаткан экен дедим, бирок, бир аздан кийин «кар-карт» деген дабыш чыкты. Тура калдым. Дагы эле «карт-карт..» Анан… анан… өөй, энеке!.. анан баягы молдокем айткан желмогуздун эки канаты, арсайган тиштери көрүндү! Картылдатып азууларын кайрайт! Далайга дейре туттугуп, тилим байланып калды.

– Саткын! Саткын! – ойгонбойт. Кытыгылап жатып араң ойготтум.

– Эмне? – деди Саткын.

– Өлдүк, желмогуз!..

Экөөлөп келме келтире баштадык, эриндерибиз жаңы сойгон койдун сулп этиндей титирейт. Желмогуз болбой эле бизди көздөй келатат.

– Кана, дагы бир сугунуп кой! – деди молдокем (түшүндө эт жеп жатса керек). Молдокемдин үнүн угуп биз кайраттана түштүк. Ал кишини ойготтук, Бөкөн мергендин канжары менен сырбараңы эсиме түшө калды.

Шашкан бойдон:

– Ой, абаке, туруңуз!

– Желмогуз!.. Атыңыз… – деп жибериптирмин.

– Кана, кана! – дешип экөө тең тура калышты. Көрсөттүк. Желмогуздун арсайган тиштерин, жалпаңдаган канаттарын көргөндө молдокем да, Бөкөн мерген да төшөктүн астына кире качышты, Саткын өңгүрөп ыйлап жиберди.

– Бөкөн, ат! Атып сал! – деп күңкүлдөдү молдокем.

Карасам, чунак киши башын тердиктин астына катып алып, «лаи-ла хиллаланы» согуп жаткан экен.

Бөкөн мерген шарт-шарт мылтыгын октоду. Канжарын тиштеп алды. Күтүп жатабыз. Желмогуз көрүнөрү менен баң дедиртип басып калды, тиги каапыр шалак эле дей түштү. Жым-жырт, молдокемдин гана эбиреп-жебиреп келме келтиргени угулат.

Желмогуз дагы башын көтөрдү, шалпайган бир эле канаты калыптыр, баатыр мерген дагы бир коюп калды да кыркырап-шыркырап ойрон болду.

Айылдагы иттердин бардыгы абалап үрүп, чуу салышты.

– Эмне болду? Э, кокуй алат! – деп, Бейшенбай, аялдары, коноктор үйдөн чуркап чыгышты. Туш-туштан чогулган эл опурап-топурап төшөнчүнү тепсеп тамтыгын чыгарды, желмогуз жыгылган жакка эч ким бара албады.. Бөкөн мерген дымы чыкпай калган желмогузду дагы эки жолу атты да, огу түгөнгөн соң, «кудай өзүң колдо» деп канжарын алып. аны көздөй ак дамбалчан, жалгыз өтүкчөн боортоктоп жөнөдү.

Чогулгандар: – Баатыр эмеспи, азыр жайлайт, – дешип, дем албай күтүп турушат.

Бирок, иш башкача болуп чыкты. Бөкөн мерген жылып отуруп, жатарда ыргытып жиберген өтүгүнө жетти. «Астапырылда» деп, анысын ала койду, тура калып канжары менен карарып жаткан желмогузду уруп жиберди да, талтаңдап элди көздөй чуркады, көздөрү алайып чанагынан чыгып кетиптир. Мизи кайтарылган канжар желмогузга былч этип сабы менен тийди окшойт.

– Ууру! Ууру!..

– Жок, молдокем желмогуз кармаптыр! – деген бакырыктар туш-туштан иттердин үндөрү менен кошулуп чыгат. Айылдын белдүү эркектери айры, союл, мылтык ала чуркашып, жардана желмогуз жаткан жерден тегеректеп калышты. Желмогуздун кырр эткен дабышы чыкты эле, кээси дүрбөп качты.

Бир аял:


– Кокуй, жолой көрбө, – деп күйөөсүн шымдан тартып жүрөт.

Жерге жарык түшө баштады, тургандар куралдарын соройтуп уламдан-улам желмогузга жакындай беришти.

– Ой, бул эшек турбайбы! – деген кыйкырык чыкты.

Тургандар дуу күлүп жиберишти.

– Оо, кудай эшек боло калганын карасаң! – Молдокем майланышкан кир жакасын кармады.

Эл дагы күлдү.

– Шүк, макулуктар, күлчү эмес! Шайтан эсебиңдерди табат! – Ал кара эшек болуп да калат, билбейсиңерби?

Эл унчукпай калды, анткени мындай шумдукту эч кимибиз уккан эмеспиз. Ошол эле замат:

– О-о-о-ой! Бейшенбай! О менин кара эшегим короодон көрүнбөйбү? – деген Үркүмбай уйчунун үнү айылдын ары четинен угулду.

– Шык… – деп койду Бейшенбай абам.

Кээси оозун басып күлүп жүрөт, кээси «тобо» деп жакасын кармайт…

Кара курт
Бул иш мындан он чакты жыл мурун болгон, – деп баштады аңгемесин профессор.– Мен анда жаш врач элем, чачыма да ак кире элек, согуштан жаңы келгем. Фрунзеден Ысык– Көлгө командировкага жиберишти. Машинабыз бузулуп жолдо бир айылга токтоп калдык. Жанымда Степан деген жолдошум бар, биз ошол айылга конуп, эртеси ары, Түпкө кетмек болдук. Ал жылдары Түптүн ооруканасында келте, безгек жана башка жугуштуу оорулар менен ооругандар көп эле. Мына ошолорго дары-дармек алып бара жатканбыз. Биз түшкөн үйдө бир кичирээк кыз жана алтымыштардагы аял бар экен. Чарчап келгенбиз, кайнаткан чайынан оозубузду күйгүзө-күйгүзө ууртап, кантыбыздан, туздалган балыгыбыздан кыз менен аялга бердик да аны-муну сүйлөшпөй, ата-бабаларын сураштырбай эле уйкуга кирдик. Согуш жаңы эле бүткөн, оор жылдар элдин көкөйүнөн кете элек. Биз берген төрт-беш тоголок кант жана туздалган балык аларга алда кандай укмуштуу тамак көрүнсө керек. Кичинекей кыз далайга дейре кытыратып кант кемирип, аял үшкүрүнүп чай ичип олтурушуп, түн ортосу оогондо жатышты окшойт. Алар жатары менен дүбүрөгөн аттардын дабышы чыкты. Кимдир бирөө терезени камчы менен койгулап «Эсенкул! Эсенкул! Бери чык!» – деп кыйкырды.

Мен уйкулуу көзүм менен эмне болуп кетти деп, көйнөк, дамбалчан эшикке чуркап чыктым.

Ооздугун шылдыратып эки-үч ат тургансыйт.

– Ой, Эсенкул, мобу атты минип жайлоого чаап, таң атканда жетесиң, бол батыраак! – келгендердин бирөө коштогон атынын чылбырын мага ыргытты. Кылдан эшилген кара чылбыр колумду сайгылады.

– «Эмне болуп кетти?!» – үйдөгү аял чапанын жамынып чыга калды.

– Эсенкул жок, бүгүн Балыкчыга кеткен!

– Сабыр кылыңыз, Шааркан жеңе, Сыдыкемдин шайманы бошоп калды.

Эсенкулга айтчу керээзим бар дейт.

– Шааркан жеңе «оо кокуй», – деп чаңырып чалкасынан кетти.

Жигит аттан секирип түштү. Экөөлөп үйгө киргиздик.

– Эмне болуп кетти? – деп сурады Степан ойгонуп.

– Оорулуу адам бар бекен, бүгүн коркутуп жатыптыр, – дедим мен орусча.

– Жок, агай, сопсоо болучу, кара куртка чактырып алып, эти ысып– күйүп чыдабай жатат, – деп түшүндүрдү мага жигит.

– Кара курт?!

– Ооба, агай!

– Жайлоодо болсо, кайдагы кара курт?

– Билбейм, ошондой деп жатышат.

Жигиттин бул сөзүнө ишенген жокпуз, эл ар кандай айта берет эмеспи.

Аңгыча Шааркан жеңем эсине келип, кызын кучактап алып кошо баштады.
Оо, кокууй бир ала-ат береним.

Элге көп кана тийген керегиң, а.

Саруулаткан… дартыңды, а-аа,

Кимге бир гана айтып беремин.

Жайлоого жайдың малыңды, а-аа,

Кара курт кана алмак жаныңды…

Момунум билген күн мурун… а-аа

Моминтип гана кепин жамынды… а-аа…

Кичинекей кыз кошо чырылдап ыйлап, зээнибизди кейитти. Бүткүл турмуш ушул түндөй караңгы, жалаң ый, капа, куурал менен өтчүдөй сезилди, өзүм да жашып кеттим.

– Коюңуз жеңе, жаман жорукту баштабаңыз, балким айыгып кетер, ооруканага жаткызыш керек… Балким суук тийгендир, же сыркоолоп калгандыр, – өмүрүмдө кишиге кайрат айтып көргөн эмесмин. Өзүм врач болсом, дагы эмне деп айтмакмын?

– Жок, береним. Жанынан эчак түңүлгөн, көзү ачыгым аны эчак эле билип койгон, – деп аял ыйлай берди.

Адегенде баягы эле уккан кошоктордун сөзү деп кулак салган эмемин. Бирок аял башкача бир сөздөрдү айткансыйт.

– Коюңуз, жеңе, сабыр кылыңыз, балдарыңыздын ден соолугун, Сыдыкемдин аманчылыгын тилеңиз, балким айыгып кетер, – деп дагы айткансыдым. Шааркан жеңем кичине соолуга калды.

– Жок, иним, кудай маңдайга жазгандан кантип кутуласың? Миң жолу аман калсаң да өл деген жериңен өлөсүң. Сыдыкең мурунку жолу аман калган, эмки жолу кудайым анын жанын аман калтырбас, – деди да кызын бооруна басып «жетимим» деп дагы кошокко киришти.

Аялдын сөздөрүндө кандайдыр терең жана татаал табышмак бар сыяктуу, бирок, аныктап сураганга оозум барбады.

«Кара курт» дегени эмнеси? «Көз ачыгым эчак эле билип койгон» дегени кандай? Анан кудайдын жазганы жөнүндө эмне үчүн кандайдыр башкача кылып айтты? Бир мүнөттүн ичинде ушул суроолордун бардыгы биринин артынан бири чубуруп келип жатты. Иштин жайын Степанга толук түшүндүрдүм, ал орусча «Жөн эле жөөлүп жатса керек, температурасы көтөрүлгөндө ар кандай курт-кумурска, шайтан-шапалактар көзгө көрүнө бере эмеспи», – деди.

Бирок мен бул сырды чечким келди.

– Степан, жүр жайлоого баралы!

Степан болбой койду, Түптүн ооруканасындагылар биз алып келүүчү дарыларды күтүп, акыйып жаткандыр, аларды да ойлош керек…

– Степан, сен эртең менен Түпкө кете бергин, мен бүрсүгүнү барам, азыр жайлоого кеттим. Кудай жалгап, минген аттарыбыз тың экен, шашкеде конушка кирип бардык. Бир боз үйдүн тегерегинде эл топурап, бири кирип, бири чыгып жатышат. Ал үйгө жеткенде эки-үч жаш жигит алик алып тердеген аттарыбызды ары жакка жетелеп кетишти.

Каалганын оозунда артына бала көтөргөн, сагыз чайнаган кичинекей кыздарды, атасынын өтүгүн, өзүнөн чоң калпак кийген бала-чаканы, дагы бир топ аялдарды «киши келатат» деп түрткүлөшүп жатып мага араң жол беришти. Сыягы мени Сыдыктын жакындарынан деп ойлошсо керек.

Кирдим. Төр жакта бети көпкөк болгон, көгала сакал адам жатыптыр. Андан берирээк селчеден бир адам китеп кармап, кобурап-собурап курандын ар кайсы жерлеринен окуп олтуруптур.

Сыдык атанын тамырынын согушу өтө катуу, эти ысык, жөөлүй баштады. Бир туруп кудайды тилдейт, бир туруп жалынат, бир туруп кемпирине буйрук берет. «Таар шымдын артын эмне жамабайсың!» деп бир-эки жолу тилдеп да жиберди. Чемодандан градусник, шприц жана башка дарыкерлик куралдарды алып чыкканымда селдечен адам мени колдон тартты.

– Кой, иничек, бейбаштык кылба. Сыдыкемди кудай өзү чакырып жатат, көзү ачык адам болучу, ажалы кайсы жерден жана эмнеден болорун беш жыл мурда билген. Кудайдын буйругуна каршылык кылба, алда таалам алам дегенин алып кетет, баары бир дары-марыңдын таасири тийбейт, бөөдө өзүң күнөөгө каласың, – деп ар кайсы жомоктун башын айтты.

– Молдоке, көрөйүн, балким …

– Жок, жок… Жараткандын бир сөзү эки болбойт. Бекер эмгек… Анын үстүнө Сыдыкем өзү каалап ушуга барды.

– Кайсыга, эмнеге барды?

– Тээтигини көрбөйсүзбү, – молдо карыянын аяк жагында турган жарым литрлик айнек банканы көрсөттү.

Жанатан бери мен аны байкабаптырмын , шап ала койдум, үстүн жаап койгон айнек банкенин ичинде бармак башындай кара жөргөмүш, боорун кытыгылаган итке окшоп, буттарын жыйрып, чалкасынан жатыптыр. Кара курт! Бул кичинекей жалаңкычты дароо тааныдым. Бирок кайдан? Кара курттун жүргөн жери кургак чөл, какыраган талаа, түштүк Казакстан, Түркмөнстандарда болот эмеспи. Бул жерге кайдан келди? Жайлоонун салкынына чыдоочу жан эмес!

– Кудай таалам Сыдыкемдин ажалы ушундан деп жазган экен. Айтканымдай болуп жатат, ээ кудай, балдарына өмүр бер! – деди селдечен адам.

Боз үйгө дагы эки-үч карыя кирип келип, эс-учуна келбей жөөлүп жаткан курдашын көрүп, үнсүз олтуруп калышты. Мен алардын опур-топурунан пайдаланып, шприцке марганецтин кычкылын куйдум да укол куймак болдум, анткени, кара курт чакканы чын болуп чыкты. Арык чырай, сакалы сербейген, өңү апаийим тарткан неменикиндей куп-куу киши мени колдон тартты:

– Коюңуз, жигит, жок дегенде аркы дүйнөгө жаны кыйналбай кетсин, баары бир үкөлүңүздүн таасири тийбейт! Бир жолу кутулган экен, ажалдан качып да жүрдү байкушум, маңдайына жазгандан кайда качасың… – деп молдо каргылданды.Бул сөздөр да мага түшүнүксүз .Эл толуп кетти. Боз үйдүн тешиктеринен шыкаалаган андан көп. Кээси «молдокем ырас айтат» – деп жүрүшөт, бирок, көбүнчө «үкөл жакшы болот, жок дегенде катын баласы менен коштошуп калат» , – дешет. Беркилерди укпай, сөз да айтпай уколду эки жолу салдым. Жөөлүп жаткан адам бир аздан кийин дымы чыкпай калды. Эл топурап, биринин артынан бири кире берди. Алар Сыдыкемди өлдү дешти окшойт, ызы-чуу, күрү-күү, өкүрүктөр, кошоктор адамдын жүрөгүн титиреткен ансамблге айланды. Жакадан кемпири, уулу Эсенкул, дагы бир топ туугандары келип калышты. Ызы-чуу күчөдү. Кемпирине кара кийгизип, белин бууп коюшуптур.

– Койгула, бекер жаман жорукту баштабагыла. Балким тилге келер, – десем эч ким укпайт. Өлө электе эле көмүүгө камданып алышканы кыргыздын тарыхында болбогон жорук.

Эртеси Сыдык кадимкидей сүйлөп, жаш сорпо ичип шишиги тарап калды. Ал киши аман эсен сакайганына тууган-туушкандары абдан таң калышты. Бирок, мен бул кайгылуу иштин жайын билгенде алардан төрт эсе таң калдым. Анын өзүнөн, баласынан сураштырып акмакчылыктын айынан саруулап, күн сайын ажалын күтүп, эч жери оорубаса да оорудай саргарып, ичкени аш болбой, курбалдаштары менен тамашалашпай, күлбөй, өз жеринен, үйүнөн, кесибинен аргасыздан качып жүргөн адамдын көргөн күнү көзүмө даана тартылды.

Бул кыянаттык мындай себептен болгон экен… 1942-жыл… Кара булуттай түнөргөн кайгыга батып, бири бүт үй-бүлөсүн түбөлүккө жоготуп, далайлар сүйгөн жарынан айрылып, адамдардын көз жашы Чүйдүн суусундай оргуштап жаткан кез. Согуш качан бүтөрү белгисиз.

Мына ушундай оор күндөрдө айылга китеп ачкан төлгөчү келиптир. Албетте, майданда, ажал менен алышып, элин-жерин коргоп жүргөн жакыны бар колхозчулар кеткендери менен «аман-эсен көрүшөбүзбү» – деп үмүттөнүшүп, алардын тагдырын билгиси келишип, төлгө ачтырышат. Бир чыны талкан, эки-үч жумуртка, же төрт-беш сом акчаларын алып айылдагы кемпир-чалдар төлгөчү түнөгөн үйгө келе беришиптир, анткени– кыйын төлгөчү экен, китебин ачып: Сен Ыйманбайсың, согушка эки уулуң кетиптир, бирөөнөн жакында жаман кабар келиптир, экинчисинен үмүтүңдү үзбө, аман-эсен көрүшөсүң! – деп бардыгын билгендей так айтып бериптир.. Бурмакан жеңе кантээр экен деп сынап, колуна беш сом берип: «Менин эрим аскерде, көптөн бери кат жок, эмне болгонун айтып бер», – десе, китебин ача коюп: «Калп айтпа, кудайдын кулу, күнөкөр болосуң. Эриң согуштан эки жылы мурда кургак учуктан өлүптүр, үйүңдө жаш балаң бар экен. Калп айтпай ошолордун өмүрүн тиле», – деп билип коюптур деген сөздөрдү узун кулактар айылдын баш аягына учурат.

Бул сөздү уккан элдин бири калбай талканын, жараты көмөчүн, атүгүл чайга деп туз салып койгон каймагын алып төлгөчүгө чуркашат. Төлгөчү алар эмне берсе кың дебей батасын берип, китебин ачып, божурап алыста жүргөн жоокерлердин тагдырын айтып берет. Көбүнчө: «күткүн, келет» же болбосо «кат аласың, сүйүнөсүң», – деп келгендердин көңүлүн көтөрөт. Алар: «О-оо, айланайын кудай айтканыңды кабыл кылсын. Ыракмат», – дешип ыраазылыгын билдиришет. Эл «бал китебин» гана эмес, төлгөчүнүн нандарды бир капка, талканды бирөөнө, шашкалактап акчаны койнуна салып жаткан колдорун да өпкүлөп жиберчүдөй.

Жанындагы арык чырай кара мурут жигит менен үйдүн ээси Урмамбет ага жардамдашып, келгендердин тизмесин жазып, ирет менен киргизет.

Бул окуя Сыдыкка да жетет. Сыдык өзү кызык киши экен, ал кудайга ишенбейт, ал түгүл жини келгенде жараткандын так өзүн «критикалап» шыпырылтып тилдейт. Карыялар: «Кантесиң, Сыдык, ушундай да сүйлөйсүңбү, кудай тааланын кулагы чалып калса, эмне болосуң?» – деп коркушса, Сыдык: «Кана, кайсы жерде экен кудайыңар, аныңар бар болсо, жок дегенде бир жолу келип ал-жайыбызды сурап, жардам берип кетпейби? Кана, бар экени чын болсо момуну алып берсинчи мага», – деп далдайган чоң тебетейин төр жакка ыргытып койчу. Муну көргөндөрдүн кээси бырс күлүп, кээси «ай-ай-ай, сага сөз жок экен», – дешет.

Сыйкыр-мыйкыр, шайтан-шапалак, төлгө-мөлгөчүлөргө да түк ишенбейт . Ошондуктан төлгөчү айылга келгенин укканда Сыдыкең мурутунан күлүп эски өтүгүн жамап отура берди.

– Эй, кемпир, баягы сабы сынык шибеге кайда? – деп сурап калды Сыдык.

Бирок, ага эч ким жооп бербеди.

– Кудай урган кемпир кайда кеткен? Эсенкул? Ээ-э Эсенкул! Капырай, эч ким жок… – Сыдык коңшусуна барса, анда да эч ким жок.

– Ыхы-ы, кемпирим да ошол жакка кеткен экен, эмне эле үкөктү калдыратып калды дейм да, сени шашпа! – Сыдык камчысын алып, төлгөчү токтогон Урмамбеттин үйүн көздөй жол тартты.

Сыдык эшикти тосуп турган Урмамбет менен төлгөчүнүн жасоолун жөөлөп кирип барса кемпири жаңыдан «бал китеп» ачтырып жаткан экен, ал алып барган көмөчтү томпойтуп мүшөктүн оозуна коюп коюптур.

– Ой, кемпир, сен акмак болгуң барбы, бас, сабы сынык шибегени таап бер! – Сыдык камчысын кончуна сайды.

– Койчу, абышка, Аскарбайыма төлгө салдырайынчы, көптөн бери кат келбейт, – деп жалынды зайыбы.

– Бас! Бул айтканды мен деле айтам, жүр! – Сыдык күпүлдөп камчысын кайра колуна алды.

– Антип айтпаңыз, аксакал, – деди төлгөчү, – биз айтканды сиз китепсиз айта албайсыз, алла тааланын бул китебинде бардыгыбыздын тагдырыбыз жазылуу. – Төлгөчү китептин бир бетин ачып жиберди.

«Сыдык Булкунбаев, аскерде улуу баласы бар», – деген арапча жазуу Сыдыктын көзүнө илине түштү. Мунун баарын Урмамбет жазып бергенин ал кайдан билсин.

– Бул китептин айтууна караганда сиз кудайды таарынтып, жаратканга тилиңиз тийип жүрүптүр, аксакал. Антпеңиз…

Сен зулум, нан жегиң келсе келип жеп кет, жумушта жүргөн элди алдабай жоголгун, же болбосо азыр мылыйса чакырам! Ой кемпир,бас үйгө! Аңырайбай!

– Наныңызды алыңыз, аксакал, сизге бекер эле төлгө тартып берейин, – деди сылык үн менен төлгөчү, – кандай түш көрүп, эмне болооруңузду, аты-жөнүңүздү, бардыгын айтып берем, ишенип коюңуз.

– Ой, Сыдык, ачтырып көрсөң эмне дээр экен, ачтырсаң, – деп калышты бери жактагылар.

Сыдык зайыбын колдон жетелеп, эшикке чыгып баратканда төлгөчү китебин ача коюп:

«Атыңыз Сыдык экен, атаңыздын аты Булкунбай, аскерде улуу уулуңуз бар экен, Сталинград деген чоң шаардын түбүндө салгылашып жүрөт, жакында кат келет…» – деп эле эбиреп-жебиреп окуп жиберди.

Демейде мындай балакетке ишенбеген Сыдык уулунун атын укканда жибий түштү көрүнөт: – Эмне, эмне дедиң? – деп бери басты.

– Уулуңуз узун бойлуу, ак жүздүү жигит экен. Согуш башталгандын экинчи күнү кетиптир, келинчек алганына үч күн болгон экен, – төлгөчү сөздөрүм буга кандай таасир этип жатат экен дегенсип Сыдыкты карады.

– Өзүм да билем, эл да билет, Урмамбет да билет! Сен мен билбегенди айтчы, кыйын болсоң. – Мен качан, эмнеден өлөрүмдү гана билбейм! -деди Сыдык.

– Ажалың кара курттан! – деп коңк этти төлгөчү.

– Аны кайдан биле койдуң?

– Китеп айтты, аксакал. Бүгүнкү күнү жаман түш көрөсүз, түшүңүздө кара мышык бетиңизди тырмайт, тура калып жети токоч баабэдин бериңиз. Күндөрдүн биринде түшүңүзгө кара курт кирсе ажалыңыз ошондон!

– Сыдык унчукпай чыгып кетти. Ишендиби, жокпу? Бирок, эртеси ишене баштады. Эртең менен эрте уулунан кат келди: «баягы эле Сталинград шаарынын жанындабыз, кечээ чоң салгылашууга катыштык», – дептир.

– Кечөөкү зулум чын айткан окшойт, кемпир, – деди Сыдык.

– Мен айтсам ишенбейсиң, чалым, баарын эле туура айтып жатыптыр, айтканы айткандай…

Ошол эле түнү Сыдыктын түшүнө бир чоң карала мышык кирди. Ал казан майлаган куйрук майды жеп жаткан экен. Сыдык «мыш»! дегенче оңбогур секирип келип бетин тытып кетти, чочуп ойгонгон Сыдык эки саат көз ирмебей жатты.

Бир топтон кийин зайыбын капталга түрттү:

– Кудай урган, баягы шүмшүк чын эле бир балакет билген эме го! Мына кызык… Түшүмө мышык кирип, бетимди тытып кетти!

Сыдыктын түшүн кемпири коңшуларына айтты, заматта айыл бүт укту. Кечке жуук Сыдык үңкүйүп кочкор туз татыткан ак чайга талканды өлчөп салып ичип олтурганда салам айтып Урмамбет кирип келди.

– Ии, Сыдыке, кабагыңа каар жаап калыптыр, теги мал-жан аман эсенби?

– Шүгүрчүлүк, Ууру-мамбет, – Сыдык жактарбагандай жооп берип, шор эттирип чайын ууртады.

– Сыдыкем, ушу мени Ууру-мамбет дегениңди койчу!

– Төлгөчү шеригиң жыйнаганынан канчасын таштады сага?

– Кой, Сыдыке, арам ойлобо, ал кудайдын адамы, өзүң деле сезип жаткандырсың!.. Жылдыр бери талканды.

Урмамбет чайына талкандан көмө салды.

– Анын айтканы айткандай, ишенип кой. Мага тарткан төлгөсү да бүт бойдон туура чыгып жатат.

Сыдык унчукпай анын бабыраганын укмамыш болуп олтурду.

– Сыдыке, сен өзүңчө эле капалана бербей кудайга сыйынып, түлөө өткөр. Эмне кыласың, маңдайыңа жазганы ошол да. Баары бир баарыбыздын баруучу жерибиз бир жай – тиги «чыныгы» дүйнө, тоонун этегинде кичинекей бир боз чөмөлө топурактын алдында калабыз. Тобо кыл! – Урмамбет Сыдыкты далыга чапкылап коюп чыгып кетти. Ал күнү да байкуш Сыдык тоок чакырганча көзүн чакчайтып, ары оонап, бери оонады. Таңга жуук көзү илинип кетсе керек, кыркырап-шыркырап бир нерсени сүйлөп жатканда, баласы Эсенкул ойготуп жиберди.

– Ох, астаппырылда, кагылайын кулунум, ойготконуң ырас болбодубу. Түшүмдө жанагы кара баскыр Урмамбет менен төлгөчү килейген кара куртту минип алып мени көздөй келе жатышыптыр… – Кел менин жаныма жатчы, тентегим…

Эртеси зайыбы экөө эл чакырып баабэдин өткөрүшүп садага чаап жана башка ырым-жырымдарын жасашты. «Кара курттан» өлөм деген ой кээде жаркырап жайнап, кемпири менен же теңтуштары менен тамашалашып турганда кылт дей түшөт, анда Сыдыктын түсү заматта бузулуп, кабагы карыш түшүп, унчукпай калат.

Жарыктык киши кара курт Ысык– Көлдүн жээгинде болбосун билбей, а дегенде өтө саруулап жүрдү, бирок андай неме биздин жерлерде жок экенин, көбүнчө Түштүктө, Түркменстанда, Казакстандын чөлдөрүндө болорун билип алгандан кийин жаны бир аз жай алып калды… «Ушул эле айлымдан чыкпай койсом, ал мени учуп келип чакмак беле», – деген жакшынакай жарык үмүт бир топтон бери бүркөлүп турган күндү ачкансыды…

Күндөрүн биринде башкарма чакыртып жибериптир. Сыдык конторго кирип барса, райондон келген бир адам, башкарма жана сельсоветтин секретары бар экен.

– Сыдыке, – деди башкарма келин, – сизге бир чоң тапшырма бердик. Сиз мынабу райондон адам менен барып асыл тукум кочкор алып келесиздер.

– Таанышып коелу, аксакал, мал доктору Ысмайыл Касым уулу мен болом, – райондон келген адам колун берди.

– Жок, айланайындар башка бирөөнү жибергиле, мен бара албайм, балам жаш, кемпирим оорулуу… Башкалар табылбай калдыбы? – деп чебеленди Сыдык.

– Сизден башка мындай ыраак жолго жана жооптуу ишке баруучу адам жок. Үй-бүлөңүзгө көз салып турабыз.

– Сыдыке, сизди чоң казатка жиберип жаткан жерибиз жок, – деди башкарма келин.

Ошентип Сыдык эки күндөн кийин жол тартты, туугандары: «Жеңил барып оор кел», – дешип узатышты.

Ал жылдары жол жүрүү өтө кыйын эле, ошондой болсо да конуп-түнөп олтурушуп, бир эки жумада баруучу жерге жетишти, асыл тукум кочкор алып кайра тартышты. Бирок, жол өтө кыйын болду, анын үстүнө кочкорлорду аман-эсен алып жүрүү, аларга чөп-чар таап бере коюш оңой иш эмес.

Сыдык менен Ысмайыл ар кайсы станцияларга түнөп жүрүп олтурушту, кээде тааныбыган эле адамдардыкына конуп калышат, бир-эки жолу талаага да түнөштү. Мына бүгүн да какыраган талаада таң атырууга мажбур болушту. Темир жолдун имерилишинде кенедей үй турат, анын ичи элге жык-жыйма, башка эч бир корголой турган жай жок. Ар кайсы жерде томпойгон-сомпойгон дөңдөр, кудай жалгап күн ачык; ошол кайсы жер экенин Сыдык өлөөр өлгүчө билген жок…

Эки адам бир топко дейре кобурашып жатышты. Булардын сөзү көбүнчө согуш жөнүндө, элдин абалы жөнүндө…

– Адамдын накта сапаты, ички дүйнөсү ушундай каатчылыкта билинет экен, Сыдыке, – деди Ысмайыл. – Ичинде кенедей терс мүнөз, кара мүртөздүк же башка балакети болсо, тынччылыкта көп билинбейт экен, ал эми мындайда жөн эле оркоюп, жакшы эле катайын десе да сыртына чыгып, элдин көзүн ачыштыргандар болот эмеспи.

– Ой, азыр деле андайлар аз эмес, мурун жашынып-жамынып жүргөн шумпайлар элдин башына кыйынчылык түшкөндө,таалаанын боз чычкандарындай сорок-сорок этип ийиндеринен чыга калат турбайбы. Төлгөчү, сыйкырчы, эмчи-домчу, ууру, каракчы деген балакеттер; булар менен кармашайын десең, андан чоң, андан коркунучтуу тышкы душмандар кирип келе турган… кудай берип. Фашисттерди ойрон кылаарбыз, ошондо жанагыларды өз ычкырларына муунтуп жок кылыш керек…» Бир кезде Ысмайылдын: «Сыдыке, ойгонуңуз, эми мен чырм этип алайын, сиз кочкорлорго көз салып туруңуз, тим эле түрү суук жер экен, карактап кетип, талаада калбайблы», – деген үнү угулду. Сыдык көзүн ачып, башын көтөрүп, туш тарапты карап үргүлөп отурду. Ысмайылдын оорулуу көкүрөгү кышылдап, тешилген топтон жел чыгып жаткандай.

Бир аздан кийин таң сүрүп калды… Кара чегирткелердин, кургак бакалардын жана башка түнкү жан-жаныбарлардын ансамбли аз-аздан басылып, экинчи программадагы – күндүзгү жанга орун бере башташты. Ары-бери дегиче, алыскы тоолордун чокусунан күн жарк этип курч шооласы менен Сыдыкты көзгө сайды. Түнкү салкындан качып, ийиндерине кирип кеткен курт-кумурскалар: «эми тиричиликке кириш керек» дегенсип, кыбырап-сыбырап күнгө кактанууга чыга башташты. Мындай бир топ алыстыкта кырчындай жаш жигиттердин, солкулдаган азаматтардын каны төгүлүп, өсүмдүктөрдү, курт-кумурскаларды өз кандары менен сугарып жатканы менен бул күндүн иши эмне? Чыкчу кезде чыгат, батчу кезде батат, ошол!

Сыдык башындагы кара тебетейин ары ыргытып, күмүштөй кубарган башын күндүн нуруна кактап бир топко чейин ойго чөгүп отурду. Адамдын өмүрү да ушундай жарык болсочу, чиркин!

Сыдык Ысмайылды ойготмок болуп жерде жаткан тебетейине колун сунду. Кол тебетейге жетип бери тартканда оң чыпалагы тыз дей түштү. Сыдык адегенде буга көп деле көңүл бурбагандай тебетейин алды, бирок, анын астындагы нерсени көргөндө жүрөгү оозуна тыгылып, көзү чанагынан чыгып кете жаздады. Желе баскан тешикти көздөй килейген кар курт кирип бара жаткан экен!

– Ысмайыл, Ыймайыл, мен өлдүм! – деди ал калтыраган үн менен.

Ысмайыл селт ойгонуп тура калды:

– Эмне болуп кетти, Сыдык? – Ал адегенде кочкорлорду бирөөлөр жетелеп кеткен экен деди, бирок баштарын жерге салып, бирин-серин кыска чөптөрдү кажалап жүргөн эки жаныбарды көргөндө, эч нерсени түшүнбөй Сыдыкты карады.

– Кагылайын Ысмайыл, менин ажалым жетти, керээзимди катын-балама айта бар, ажалым ушундан экенин билгемин, кагылайын Ысмайыл. Айтсам силер күлгөнсүңөр, билгем… билгем… Ой айланайын, кудай, жараткан, күнөөм болсо кечир, мен шордууга ушул жердин боз топурагы буюрган экен да. О, кагылайын Аскарым… ушинтип, сени көрбөй өтүп кетет экенмин да, – деп Сыдык ботодой боздоп көзүнүн жашын көлдөттү.

– Сыдыке, сабыр кылыңыз, эмне, эмне балакет болуп кетти?

– Мына, муну көрбөйсүңбү, айланайын Ысмайыл! – Сыдык он чыпалагын көрсөттү. Тырмагынан ылдыйрак, биринчи муунунда билинер-билинбес эки ийненин көзүндөй кызыл чекит турат.

– Мына, айланайын Ысмайыл, айтпадым беле, айткам, билгем! Ажал! – Сыдык ийнине кирип кеткен жөргөмүштү көрсөттү.

– Кара курт! – муну Ысмайыл дароо түшүндү.

– Кокуй, Сыдыке, алып келиңиз колуңузду, уусу денеңизге тарай электе? – деп шаштырды. Ысмайыл чоң жүз аарчысын ала койду да тиштеп айрып, жиптей чыйратып кара курт чаккан жерден саал өйдөрөөк бекем бууду, Сыдыктын чыпалагы заматта кара көк болуп кан толуп кетти. Ысмайыл: «Жүрүңүз!» -деп Сыдыкты колдон алып, дегдеңдетип жолдун боюндагы жалгыз үйдү көздөй чуркады.

Үйдүн тегереги, ичи, тышы жалаң поезд күтүп жаткан эл, «Буларга жин тийгенби?» – дегенсип Сыдык менен Ысмайылды карашат.

– Нема болду туугандар? – деп сурады агала сакал өзбек чал.

– Ой, дада, мынабу кишинин колун кара курт чагып кетти!

– О, алла, балта, балта алып келиң! Үйдөгү дежурныйдан сурап чыккың!

Аңгыча отургандардын бирөө чоң балта алып чыга калды.

Сыдык адегенде эмне болорун түшүнгөн жок окшойт, бирок беркилер колунан тартып чыпалагын дөңгөчкө койгондо туйлай баштады.

– Баары… баары бир мен өлөм, менин ажалым ушундан болучу, кудайдын жазганы ошол, төлгөчү айткан, жанымды кыйнабагыла, кыйналбай кетейин, кагылайындар, Ысмайыл, айтчу сөзүм бар, айтып калайын, кое бергиле! – деп боздоду байкуш киши.

Бирок эки-үч эркек Сыдыкты кармап, колун дөңгөчкө коюшту, кимдир бирөө таамайлап туруп чыпалагын барч эткизип керте чапты, кан жая берди; кертилген чыпалак чоң кызыл курттай болуп барсайып бир топ жерге барып түштү. Каны шорголоп, күндүн жылуусуна жан кирип жаткансып кыбыр-кыбыр этип кыймылдап чаңда жаткан чыпалагын көргөндө бечара Сыдык ичегиси түшкөн аюудай айкырды. Беркилер эптеп-септеп байлап-матап жатып канын токтотушту. Кудай жалгап уусу тарай элек экен, Сыдык бир жумача ана өлөм, мына өлөм деп ажалын күтүп жүрсө да аман калды. Чын, он чакты күн ооруп жүрдү, бирок, жаны аман калды. Ошентип алыскы сапардан жеңил барып, оор келүүчү Сыдык, тескерисинче, оор барып жеңил келди: он манжасы менен кетип, тогузун гана алып келди.

Бул окуя айылда бир жылга чейин кеп болуп жүрдү. Теңтуш чалдар: «О, кокуй, Сыдыкты койчу, ал кудайдын каарынан да жөө качып кутулган неме!» – дешип тамашалашчу болду.

Бир нече айдан кийин казатта жүргөн уулунан: «жарадар болуп госпиталда жатам, аманчылык болсо жакында үйгө барам», – деген кат келди. Сыдык уулунун келишине камынып элге айтып «Кара курт» деген түйшүктү дагы унутту, бирок бир айдан кийин уулунун ордуна алакандай ак кагаз келди. Сыдыктын үй-бүлөсү кайгыга, капага чөмүлдү. Ыйдан баш көтөрө албай жүргөн Сыдыкка бир күнү баягы Урмамбет жолугуп калды.

– Уу, шүмшүк, көзүң жаман сенин зулум, көрдүңбү муну, сен болбосоң мындан айрылбайт болчумун, шүмшүк, – Сыдык токол уйдун мүйүзүндөй мулуйган чыпалагын көрсөттү. – Сени шашпа, эсебиңди бир табармын, токто, бетиңди бир ачаармын элдин алдында!

– Куйдайдан бир жолу качып кутулсам эле болду деп жүрсөң керек, Сыдыке, токто, кудай таалам дагы көрсөтөөр көрө элегиңди. – Урмамбет шарт башка жакты көздөй бурулуп кетип калды.

Урмамбет бул сөздү жөн эле, эмне деп жооп кайтарарын билбей айтканы шексиз, бирок, муң-зары, кайгы-капасы көкүрөгүнө батпай жүргөн Сыдыкка бир чака муздак сууну байкатпай туруп башынан ылдый шарт төгүп жибергендей болду. Баягы «кара курттун» дарты кайра эсине түшүп, жүрөгүн өйкөй баштады, Кокус бул жерге жөргөлөп келип калабы деп, малчы да болуп кетти, анткени, жайкы ысыкта жайлоого чыгып кетүүгө туура келет, ал жерде болсо кара курт болбосун билет. Бирок, ал кара ниет макулук Сыдыктын артынан жайлоого да жетип, анан жанын алып кое жаздады…

Күндөрдүн биринде Оштон Сыдыктын жээни келет. Ал бир баштык өрүк, жаңгак жана башка түштүктүн азык-түлүгүн алып, Сыдыкеме учурашам деп жайлоого чыгат. Сыдык жээни менен көрүшүп, ал жайды сурашып, табакка салган өрүк-сөрүктү сонун көрүп чай ичип олтурушат. Сыдык ар нерсени сүйлөп олтуруп бир өрүктү алайын десе томпойгон өрүккө жан киргенсип жөргөлөп кетет, көрсө баягы эле кара курт.

– А-а, жан алгыч, быякка да жетипсиң! Сенден качып кутула албайт экемин го, а, кудай, жараткан, жазганыңан кайтпайт экенсиң го, ме! Ме, менин жаным керек болсо! Беш жылдан бери сенден жанымды качырып жүрдүм, ме! Ал жанымды!!!

Күйүтү жанына баткан Сыдык, жин тийген немедей бакылдап, жулунуп кара куртка колун тосуп берет. Ошентип экинчи жолу Сыдык кара куртка өзү чактырып, керээзин айтып, өлүмгө моюн сунуп калганда, кудай жалгап мен туш келип, байкуш адамды ажалдын кучагынан сууруп алгам, – деп бүтүрдү аңгемесин профессор…

– Азыр ошол адам тирүүбү? – деген суроо угулду.

– Жок, мурдагы жылы каза болгон.

– Кара курттан өлүптүрбү?

– Жок, сексенге чыгып, карылыгы жетип эле өлүптүр, Фрунзенин ооруканасында каза болду, жүрөгү начар экен, же болбосо дагы он жылча жашамак..

– А жанагы төлгөчүлөрдүн бетин ачыптырбы?

Мен барганда селдечен отурган ошол Урмамбет экен…

Сыдык сакайгандан бир-эки жумадан кийин базар күнү шаарга барыптыр. Тамак ичейин деп ашканага кирсе, баягы төлгөчү башына ак чыттан калпак кийип, манту бышырып жүрүптүр. Сыдык аны дароо тааный коюп:

– Ой, сен төлгөчү эмес белең. Эми эмне ашлампу болуп кеттиңби? – дептир.

– Ээ, абышка, курсагың ачса, төлгөчү эмес, сыйкырчы, жада калса жез кемпир да болуп кетесиң! – дептир ал.

– Мени ажалың кара курттан дебедиң беле, шүмшүк?!

– Силердей ишенчээктерди алдай албай жан жок бекен? – дептир.

– Оо, кудай эсебиңди тапсын. Бери келчи, жаагыңды талкалайын! – Сыдык анын ата-бабасынан эч нерсе койбой тилдеп, камчысы менен тигини качырыптыр. Төлгөчү чоң казандардын, каскандардын далдасына, ары качып чыкпай коюптур:

– Төлгөчүгө ишенсеңер Сыдыктай кырсыкка учурап калышыңар мүмкүн, – деп күлүп койду профессор.
1958 ж.



  1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   15


©netref.ru 2019
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет