Осмонкулов Ж. А., 2008. Бардык укуктар корголгон



жүктеу 0.86 Mb.
бет1/4
Дата01.04.2016
өлшемі0.86 Mb.
  1   2   3   4
: uploads
uploads -> Қазақстан республикасы төтенше жағдайлар министрлігі көкшетау техникалық институты
uploads -> Қазақ тіліндегі ресми іс-қағаздары Басқару, ұйымдастыру, өкім шығару қызметіне қатысты құжаттар
uploads -> А. С. Макаренконың өмірі мен педагогикалық қызметі
uploads -> Ян Амос Коменскийдің педагогикалық қызметі мен теориясы. (1592-1670жж)
uploads -> Приложение к части а1
uploads -> Рабочий проект
uploads -> Кирилл Куренда: двухлетний вундеркинд Не иначе как вундеркиндом можно назвать Кирилла Куренда из крымского села Владиславовки. В свои два с половиной года он уже знает все буквы алфавита умеет считать и освоил азы компьютерной грамотности


© Осмонкулов Ж.А., 2008. Бардык укуктар корголгон

Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес

www.literatura.kg сайтында жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 12 марты

Адашкан уулу Жапарали Осмонкулов
ДОСЧУЛ БАЛА
Балдар үчүн аңгемелер
Жаш жазуучунун бул жыйнагына жергиликтүү басма сөз аркылуу китепкөйлөргө кеңири белгилүү болгон аңгемелери топтолду. Ага балдарга арналган аңгемелери да кирди. Калемгердин көркөм адабиятка болгон мамилеси, ойчул табияты, сергек кабылдоосу аңгемелеринде ачык сезилип турат
Жапарали Осмонкулов. Күн кызарып батканда. – Б: 1993. – 160 б. китибинен алынды
ББК 84 Ки 7-4

О-74


4702300100

ЧЫЙЫРЧЫК
Май айынын соңку күндөрү. Айлана кызыл-ала гүлгө оронуп, кооз көрүнөт. Анан калса жер барган сайын кулпунуп, теребел текши көркүнө чыккан.Талаадагы жашыл майсан сыдырым желге толкуп жайкалса, береги ала чокулуу тоолорго ыкташкан адырлардан бетеге, шыбактын жыты келет. Тээ ылдый, ээ-жаа бербей бейжайланып агып жаткан Тар дайрасынын боюндагы чакан айыл дүпүйүп бактуу да, көзгө сүйкүм. Ушундай сонун табигаттын кооздугуна көз артып отуруп, карегим тээ турган жоон түп мырза теректерге кадалды. Бу чынар теректер биздин тамдын үстүндө болоор эле. Жалбырактары күн нуруна киринишкендей жанга жагымдуу шуудураса, тимеле жүрөгүң ырдап жиберчүүдөй дакылдайт.

Ооба, бу зор теректерге нечен жылдар бою кара чыйырчыктар мекендешип, көптөгөн темир канат балапандарды көккө учурушту го! Биз дайыма таң алды менен чыйырчыктын муукам үнүнө куштарлана кулак түрчүүбүз. Алар адамга бүтпөс касиети менен бизди сыйкырлап узакка сайрашчу да, бир оокумда шар канат кагып учуп кетээр эле.Ушундай сонун күндөрдө жоон топ дүйүм бактан түнөк тапкан канаттуулар тарапка башкасы мындай турсун, кабак бүркөп карачу эмеспиз. Мал -жандан аярлап, бат-бат көзөмөлдөп турчуубуз. Кыш чыгаары менен чыйырчыктын жыгач үйүн оңдоп-түздөө адатка айланган.

Тигине, алар үлп эткен желге ары-бери чайпалган балапандарга үйрүлүп түшүп, энелик мээримин төгүшүүдө. Алардын муукам үнүнө жүрөгүм дегдеп, кенже иним Маратты ойнотуп сыртка чыктым. Иним адатынча тентектене баштады. Жаны тынбай безеленген Маратты араң тыйып, андан обочороок барып отурдум. Канча убакыт өткөнүн билбейм, бир маалда аянычтуу чырылдаган чымчыктын үнүн угуп, илбериңки жетип бардым. Чынар түптүн алдында оозунан көбүк аралаш кан кетип, бырпырап чыйырчык жатат. Эңкейип ала койдум. Денеси дирилдеп, жарык дүйнөнү көз ирмегенчелик көрөйүн дегендей көзүн тез-тез ачып-жуумп, бутун керилте алдыга жүткүндү да, оозун чоң ачты. Жүрөгү дирт-дирт согуп, тулку бою титирегенде муунум бошоп кетти. Бир убакта жан берген окшойт, башы шылк эте түштү. Мен акырын бурулуп, ары жактан купкуу боло түшкөн Маратты карадым.

- Аке, аке! Мен мындай кылайын деген эмесмин. Чын айтам, чын айтам! - Ал мукактана колумдагы канаттууга боору ооругандай телмирди.

- Эх, акылсыз! Бу тентектигиң ... сени... элеби?!

Мен ага тап бере бут шилтедим. Ачуум менен колундагы тарбайган созмону жулуп алдым. Анын жашылданган көздөрү мени жалтангандай карады.

Аңгыча ашкана үй «кыйч» ачылып, апам табак көтөрүп тышка чыкты. «Баягы тентек дагы бирдеме кылган го?» - деп Мараттын сырын беш салаасындай билген апам жаныбызга келди. Мен колуму артыма жашырып, кетенчиктедим. Колум ысып, мык киргендей зырпылдады. Апам жаман шойкомду жүрөгү сезгендей акырын:

- Эмне болду? - деп кеп узатты.

Өзүмдү апамдын көз карашынан ала качып, чыйырчыкты көрсөтүүгө аргасыз көндүм. Чочуп кеткен апамын колунан табагы түшүп, суу жайнады.

- Алда кудай ургурлар ай! Убал болбойбу, убал... - Апам үн-сөзү жок, эриндери табышсыз кыбырап, терең улутунду. Жоолугунун астынан топ чачы бириндеп, жүзү жаш баланын таарынганындай сыяктанды. Салааларынан кареги жылтырап, ийиниме колун койду. Мени кучагына кысып, эреркий көзүн жумганда эки жаш тамчы сыгылып чыгып, жаагынан ылдый куюлду. Мен аны карап туруп, зээним кейиди. Ушу азыр кичинекей макулук апам үчүн эң эле ыйык, эң эле касиеттүү экенин дилимде сезип турдум.

- Апа, сиз ыйлап жатасызбы? Чын эле ыйлап жатасыз го?..

Мен көз жашын сүртүүгө умтулдум эле, бирок, ал колумду акырын түртүп койду.

- Ээ балам, сен эчтемеге түшүнбөйсүң да. Байкуштун сары ооз балапандары не болот? Алардын шору кайнады го! Энеге бала кандай керек болсо, балага эне ошондой керек.

Мен унчуга албадым. Апам көз жашын жоолугунун учу менен аарчыды. Ушу тапта короодон чыккан шыбытка кулак төшөдүм. Апам менен Марат да алда нерсени туюшкандай баштарын көтөрүштү. Бир жагынан желге ыргалып чыйпылдашкан балапандар зээниңди кейитсе, бир жагынан Ооган согушунан зарыга күткөн агам жыгач бутун жерге тык-тык уруп жаныбызга келгенде денем дуулдай түштү. Апам демин ичине тартып, иштин жайын түшүндүргөнчө, мен чыйырчыкты көрсөттүм. Агамдын бетин кан тээп, кызуулана сүйлөдү.

- Жок! Жоо-о-ок! Мындай болушу мүмкүн эмес. Алардын деле жашайын деген үмүтү, көрөйүн деген күнү бар макулук эмеспи?!

Башка сөз чыкпады. Муундары титиреп кетти. Башын мыкчыды. Мага апам менен агамдын акыбалы оор тийди. Колумдагы чыйырчыктын таштай каткан буттары, боппоз тумшугу көзүмө көрүнүп туруп алды. Мына, ал азыр эле эбелеңдеп көккө көтөрүлчүүдөй, учуп кетчүүдөй! Бирок, ага менин чоң алаканым тор болуп, чыга албоочуудай сезилет. Анын жансыз денеси бүткөн боюмду чымыратып, көкүрөгүмдү мыжыгып жатты.Ушуларды ойлоп, дарак башындагы чыйпылдашкан балапандарга жалынгым, кечирим сурагым келди.

- Муңданбагыла, асыл балапандарым! Биз ар дайым силер мененбиз! Силер көктө сызчу күндөр, айлар да келээр!

Ошо күндөн иним экөөбүз темир канат балапандарга канча ирет суу берип, тумшуктарына жем тосподук дейсиң. Эртели-кеч алардын жанынан кетпей, жакшы тилек менен ушулар да уча турган, сайрай турган күндөр келээр бекен деп чыдамсыздана күтүп келдик. ... Ошо биз күткөн күн да ойдогудай жетип келди.

- Бүгүн биз өзүбүз асыраган балапандарыбызды учурабыз! - деди апам. Марат экөөбүз аябай кубандык. Аракетибиз текке кетпегенине шүгүр.

- Эми бийиктеп учуп, эркиңерче сайрандагыла! Силер биздин ажырагыс досубузсуңар, жолуңар ачык, ар дайым шыдыр болсун! Учкула! Учкула! Уча бергиле! - деп ар бирин өз колубуз менен учурдук. Апам бизди бооруна кысып, үйдү айлана учкан канаттууларды көпкө чейин тигилип карап турду. Биз да алардын ойкуп-кайкып учканына маашырландык.


АЙДАРДЫН БӨЖӨГҮ
Аскасын ак мөңгү каптаган учтуу тоолор көзгө ажайып көрүнөт. Тоо боорунан сызылып чыккан тунук булак, аска-жылгаларда оргуштап, таштан-ташка урунат. Жайлоо көркү кандай сонун! Шиберлүү көкмөк бетегелүү беттери, шыбактары жыт аңкытат. Гүлдөрү көйкөлүп, алыстан буруксуйт. Анан калса, тээ агарып көрүнгөн Абдилаз чоң атанын ак чатыры, көк шиберде жайылган койлор Миңжылкы жайлоосунун көркүнө көрк кошуп, сулуу көрүнөт. А тиги чоң атанын жанындагы кой кайырган анын небереси Айдар.

Абдилаз чоң ата өткөн жумада кой жайып жүрүп, коёндун кичинекей бөжөгүн кармап алган. Өзүнөн да кулагы чоң, шалпаң кулак, көгүш тартып, оозунан эне сүтү кете элек кичинекей бөжөктүн көрүнүшү ушунчалык татына. Кичинекей бөжөк кичинекей Айдар үчүн күтүлбөгөн кубаныч болуп, баа жеткис белектей кабыл алды. Күндөн күнгө түйшүгү артып, эртели-кеч бөжөгү менен алектенди. Дайыма колунан түшпөй бапестеди.

Ананчы, окуу жылы башталып, Айдар биринчи жолу мектепке барса. Барганда да ким менен дейсиңер! Албетте, өзүнүн көзгө сүйкүм бөжөгү менен. Топураган балдар оозун ачып, таңданышса. Мектептин жандуу бурчу дагы бир жаныбарга көбөйсө жыргал эмей. Айдар ошондо чоң кишилерче салабат күтүп: «Акырын, акырын, чочутасыңар!»- деп турса. Атаганат, кана ошол күн! Чын эле, кичинекей бөжөктүн акылдуулугун кара, бат эле тигилерге байыр алып кетти. Айдардын жанынан карыш жылса не ? Экөө абдан ынтымактуу. Арадан бир жума өтпөй атайын эки кыр ашып, көрөбүз деп келген коңшу айылдын өзү кырдуу балдары: «Ой-бой, бу Айдардын коёнеги укмуш го! Кулагын, кулагын шалпаңдап. Акылдуулугун көргүлөчү, жанынан карыш жылбайт экен»,- деп суктанышса Айдар өзүнчө эле корстон. Ошо күндөн кичинекей бөжөк чоңоюп, «Айдардын бөжөгү» аталып калды.

Күндөрдүн биринде Абдилаз чоң ата: «Жем-тузга барам» деп жакага аттанып кетти. Таңга маал Суксур эне койлорду жайытка айдаган. Айдар эрте менен күн кылайып көрүнгөндө, али уйкуда болчу. Аңгыча:

- «Так-тук», «топ-топ» этип, топулдаган добуш кулагына шак дей түштү. Көзү умачтай ачылып, ыргып турду. Барса өзүнүн эле бөжөгү чатырдын алдындагы тепшини чапкылап, ары-бери чуркап жүрүптүр. Бөжөгүн эркелетимиш болуп, эчтемеден кабары жок Айдар кайра барып жатып алды. Таңкы уйкунун кучагына бөлөнгүчө, көп өтпөй тыштан чыккан «күр-түрс» добуш турууга аргасыз кылды. Көзүн ушалап, башын көтөрдү. Чатыр солкулдап, жүрөгүн түшүрдү. Туура тартылган жиптер дирилдеп, үй эмеректери чачылды. Муундары калтырап, эмне экенин түшүнбөдү. Алыстан гана:

- Ай-даа-ар... деген чоң энесинин кыйкырыгы тоо жаңыртты. Кайраттанып чатырдын оозуна келип, сыртка баш бакты. Алдынан эки неме куушуп өткөнүн көрүп, чочуп кетти. Бири өзүнүн коёнеги, экинчиси оозу барып айталбайт. Артындагы күрсүйгөн чоң ит. Ал бөжөгүн жегени кууп жүрөт. Жүрөгү «шуу» дей түшкөн Айдар итти айдактап, колуна таяк ала жүгүрдү. Ит шамдагай секирип, топ карагандын арасына кирип кеткенсиди. Коёнек коркконунан түз эле коктуну көздөй качты. Бала аны кууп, жетпей калды. Булт ойт берген бөжөк акыры барып көрүнбөй калды. Аны издеп түшкө чейин убараланды. Кокту өрдөп чакырды, кыйкырды. Ызасына буулугуп жаш төктү, бирок, майнап чыкпады. «Өзү келип калабы?» деп кара күүгүмгө дейре күттү. Келбеди. Санаасы санга бөлүнүп, бушайман жеди. Уятынан намыстанды. «Балким, коркоктук кылдымбы, же саар ойготкондо түшүнбөй калдымбы? Болбосо ажыратып калмакмын»,- деп азаптанып, өзүнө өзү нааразы болду.

«Ошол күнү Айдар түшүндө да бөжөгүн чакырып чыкты» дешет чоң атасы менен чоң энеси.

Ортодон үч күн өтүп, кичинекей Айдар чоң атасы менен кошо жайытка кой айдап чыкты. Салкын жел беттен аймайт. Аттар бышкырып, козулар маарап, айлана шаңдуу. Жамбаштап жаткан Абдилаз чоң ата алыска дүрбү салганы жаратылыштын ансайын кооздугун арттырып, айланага жарашып тургансыйт. Бөжөгүм көрүнүп калабы деп көзү чачырап турган Айдар:

- Чоң ата, дүрбүңүздү берип туруңузчу. Мен да карайын,- деди. Чоң ата дүрбүсүн мойнунан алып, небересине сунду.

- Ме, айланайын, ал!

А дагы бушайман. Кантсин байкуш, небереси кыйналып кетпедиби, бөжөктүн сарсанаасын тартып. Дүрбүнү алган Айдар теребелге көз чаптырды. Тигине, бийик өскөн кымыздыктын түбүнөн бирдеме ойт берип, секирип кеткенсиди. Дүрбүнү коомай чеңгелдеп, кадала тигилген бала даана, тап-так көрүш үчүн атын өөдө карай бастырды. Мына ал, алаканга салгандай жапжакын жерден көрүндү. Бала анча алыс эмес жерде өзүнүн бөжөгү оттоп жүргөнүн көрдү. Айдардын сүйүнгөнүн айтпа!

- Чоң ата, таптым, таптым! - деп кыйкырып ийди кубанганынан.

- Менин кичинекей бөжөгүм, татынакайым! - деген бойдон кырды көздөй чаап жөнөдү.
УЯТ БОЛДУ
Бир жашар Нурбек чоңойгон сайын кежир болуп баратты. Өчөшкөнсүп күндө таңга маал ойгонуп алат. Апасынын колун байлайт. Уй сааса, үй шыпырса да кучагынан түшпөйт. Ошондо да апасы кубанат.

- Нурбегим азамат! Мага жардамдашат!

Ал эмне болуп калыптыр. Кээ убакта атасы жумуштан чарчап-чаалыгып келсе да ыйлап тосуп алат. Алдейлейт. Болбойт. Качан колуна алып, өөдө көтөргөндө тынчып калат. Атасы гезит окуйт.Бир колунда гезит, бир колунда бала. Тоскоол болот. Ошентсе да атасы кубанат.

- Нурбегим азамат, гезит окуйт.

Атасы менен апасы жумушка кеткенде Нурбекти чоң энеси карап калат. Ал небересин бешикке бөлөп коюп, жүн тытат, ийик ийрийт. Ушуну эле күтүп жаткансып, ал аңгыча бала ойгонот, чыргоолойт. Терметет. Көнбөйт. Өңгүрөп ыйлай берет, ыйлай берет. Ошентсе да чоң эне сүйүнөт.

- Нурбегим азамат! Жүн тытышат, жип ийришет.

Ошентип, селки небере чоң энесинин жонунан кечке түшпөйт.

Жылдар тез эле өтүп кеткенсиди. Нурбек мектепке келди. Караса класста орун калбай калыптыр. Өзү кырдуу жыйырма төрт бала отурушат. Жан-жагын элеңдей атасын, апасын, чоң энесин издеди. Көмөк күттү. Бирок, алардын жок экенин сезгенде, ызасына чыдабай ыйлап ийе жаздады. Муну дароо байкаган Жусу ордунан шып тура калып:

- Нурбек, кел, менин ордума отур,- деди.

-А сенчи? - деп сурады эжекеси.

- Мен туруп эле турам.

- Кой, сен мына буга отур,- деп эжекеси өзүнүн орундугун бошотуп берди.

Күндөр өтө берди. Баласы үчүн апасы көйнөгүн үтүктөп, китебин иреттеди. Атасы эсебин чыгарып, ботинкасын тазалады. Чоң энеси төшөгүн жыйып, тамагын белендеди. А Нурбек таза, тыкан бала аталып, башкаларга үлгү кылып көрсөтүштү. Бир күнү окуучулар мектептин багына ишембиликке барышты.

- Ишембиликке ата-энем келеби? - деп сурады Нурбек балдардан.

- Жок. Биз менен эжеке болот. Өзүбүз эле иштейбиз,- деп жооп беришти.

- Кантип?! - Нурбек колуна кетмен-күрөк, шыпыргы алып, булгангысы келбеди. Окуучулар аны ортого алышты.

- Кантип, кантип?! Жөпжөнөкөй эле. Качанкыга дейре ата-энеңди карайсың. Уят го акыры. Окуучу да сендей болобу? - деп чурулдашты. Нурбек кызыл чоктой кызарды. Уялды. Бети чымыраганынан баш көтөрбөй иштеди. Кыздарга жардамдашты. Түш оогондо чарчап-чаалыгып үйүнө кайтты. Апасы чоргодон суу ташып жатыптыр. Чуркап барып колунан челекти ала койду. Апасы чочуду, таң кала тигилди.

- Ой ,сага эмне, жин тийдиби? Бас чечин, булганасың. Өзүм эле ташыйм.

Отун жарып жаткан атасына жакындады. Балтасын ала коюп жардамдашкысы келди. Атасы жинин келтирди.

- Ой, сен эмне соосуңбу? - Тур мындай. Бир жериңи чаап аласың. Сенсиз эле жетишем.

« Апаке, мен эле ташый коёюн, атаке, мен эле жыя коёюн» деп айталбады. Мындай иш башынан өтпөгөн соң, айтыш кыйынга турду. Чоң энесине чуркады. Чоң энеси шырдамал шырып, ийнесин учуктай албай кыйналып жатыптыр.

- Чоң эне, келиңиз мен саптап берейин,- деди сылык гана.

- Кой каралдым, колуңа ийне киргизип аласың. Өзүм эле саптап алам.

Нурбектин эми чындап каңырыгы түтөдү. Кичинесинен эркелетип, кара жумушка үйрөтпөгөндөрүнө капаланды. Ызаланды. Көздөрүнөн жаш мөлт-мөлт куюлду. Коркуп кеткен ата-энеси үйрүлүп түшүп, тегеректешти.

- Силер эмне, мени кичине дейсиңерби? Эркелетип, ак кол кылып тарбиялап... Бүгүн балдардын алдында өлбөгөн гана төрт шыйрагым калды. Мындан ары киришпегиле! Бардык жумушту өзүм жасайм! Өзүм!..

Эмне кылаарын билбей карбаластап калган атасы, апасы, чоң энеси Нурбектин алдында катуу уят болушту.


ТАНАПИС
Танаписте балдар коридорго толуп кетти. Чоңураактары салабат күтүп, кичинекейлери ызы-чуу түшүштү. Божурашып сүйлөшкөнү, китеп окуганы, тышка ашыкканы канча дейсиң. Кетирекей Мыктыбек класстан чыга берээрде Адан агайды сүзүп алса болобу. Кечирим суроого үлгүрө албай туталанган шок бала же чуркап кете албай, же туруп кала албай кызык абалда калды.

- Эч нерсе эмес, эч нерсе эмес. Этият болуш керек, бара гой эми,- деди башы салаңдаган Мыктыбекти эркелете көкүлүнөн сылап. Анардай кызарып кеткен баланы көп уялтпайын дегендей Адан агай шыпылдай басып кетти.

«Каап, кетип калды. Кечирим сураш керек эле. Карачы, какаганга муштагандай танапис боло калганын кара! Жоругум жолдо калсын. Кайдан да чыга калдым экен танаписке» - деп өкүндү башын кашып.

Киришке коңгуроо кагылары менен Адан агай кирген класстын эшигин какты. Эшик ачылып, карыя мугалим баш бакты.

- Аа, бу сенсиңби? Кел баатыр!

Мыктыбектин тамагы буулуп, үзүл-кесил мукактанды.

- Агай, ке-чи-рип коюңуз. М-мен, ко-ку-сунан...

- Анан сеники жакшыбы, кишиге урунуп. Окуучу деген кичи пейил, таза, тартиптүү болуш керек. Кой эми өткөн ишти унуталы. Келгениңе ыраазымын. Жакшы болуу аста-аста... деди чын көңүлүнөн.

«Кечирген жок. Жооткотуп жатат,- деп ой жүгүрттү, не дээрин билбей астанада калган Мыктыбек. А кокус, эртең окуучулардын жыйынында айтсачы. Улууларды, агай-эжелерди сыйлабаган окуучу окуучубу? десечи. Анда көпчүлүктүн арасында катуу уят болуп калам го? Кой дагы барып кечирим сурайын» -ичинен ушундай деп күбүрөп, бою башын түзөдү. «Башыңды көтөрүп, өзүңдү эркин карма. Айта турган кебиң так, түшүнүктүү болсун» - деген эжекесинин насаатын эсине салды. Эшик тык-тык кагылды. Класс ачыла бергенде көз айнекчен агай көрүндү.

- Ой-бой, сен дале турасыңбы? - деп сурагыча Мыктыбек түзөлө калды.

- Агай, күнөө менде. Кечирип коюңуз!

- Ээ, азаматтын шакылдаганын кара. Кечирдим, кечирдим. Бирок, күнөө сенде эмес. Класс жетекчиңде, билдиңби? Бар эми сабагыңа.

Мыктыбек бу сырдана кепке дагы түшүнө бербей, узун коридордо ойлуу баратты.
КОТОРМОЧУ
Бектур мектептен келсе, чоң энеси сыналгы көрүп отуруптур. Ал китеп кабын тарс ыргытып, шаша-буша чечинип жаткан небересин жайдары карады.

- Ээ, бөжөгүм, сен орус тилин мыкты окуйсуң, чынбы?

- Чын эмей, чоң эне! Ишенбесеңиз мына, бүгүн да беш алдым? - Күндөлүгүн мактана көрсөтө кетти.

- Ошондой эле болсун, бөжөгүм. Жакшы окусаң өзүңө пайда. Баятан булардын сүйлөгөн сөзүн түшүнө албай жатпаймынбы, жардамдашсаң каралдым!

- Тиги кууп бараткандарбы? - Билерман небере сыналгыдагы кыймылды жаңсады.

- Ооба, - Чоң эне башын ийкеди.

- Кызылдар.

- А качкандарчы? - Чоң эне кайра собол таштады.

- Актар! - Өз жоопторуна корстон болгон Бектур көйнөгүн алмаштырып кийгенче, кино деген кызык болот тура, качып бараткандар, кууп бараткандарды артына качырса болобу. Кемпирдин башы маң болду. Кимдин ким экенин айрып, тааный албады. Чоң эне небересин жардамга чакыргандай жалооруй карады. Окуяга Бектур өзү да түшүнө албады. «Айдап баратканына караганда качкындар актар, куугандар кызылдар». Ушундай ойду боолгологон небере, такалбастан жооп берди.

- Мээнетиңди алайын, бөжөгүм! Сени окуткан эже-агайларыңа ырахмат. Баарын билип алган турбайсыңбы.

А аңгыча, замбиректер дүңгүрөп, октор төбөсүнөн ышкырып өткөн сайын «Боже мой, боже мой» деп башын мыкчып, отура-тура калган бирөөнү көрсөтүп:

- Ээ, бөжөгүм, бу божу мой, божу мой дегени эмнеси? - деп сурап калбаспы. Такмаза бала ойлонбоду. Шыр жообун айтты.

- Албы, чоң эне, божу мой дегени, казакча-пазакча эле башым ой, башым ой дегени десе болобу. Чоң эне небересинин жообуна жетине албай кудуңдап, жалынып-жалбарып ийди, - Өпкөмү чабайын, кичинекейим, бөжөгүм менин, баарын билип алганын кара. Кел, өөп коёюн.

«Бөжөк» ойлонбостон бетин тосту...


ЖЫРТКЫЧ ЧЫМЧЫК
Маликбү кемпир төркү бөлмөдө төшөк кабып аткан. Аңгыча кыжы-кужу чурулдашкан ала чыйырчыктын үнүн угуп, сыртка чыкты.

-Оо, ко-куу-уй! - Колун шак койду. - Ээ, Илияз, кайда кеткен жашабагыр. Бу кашайгыр чымчыктарың баарын жеп коё турган болду. Өлүгүңдү гана көрөйүн ала чыйырчык болбой жымыран кал! Оо, Илияз, күш де!

Көчөдөн биякка тыз койгон Илияз чымчыктарга таш атты.

- Күш, күш! Оо-уу-у! - Пешайвандагы жүзүмзарга жабалактаган ала чыйырчыктар жаш баланы анча тоготпой «чыр-р» , «чыйк» ышкырышып, бутактан бутакка секиришип, арамза учушту. Бала тал чыбыгын сороң-сороң чапкылап, үркүтө берди.

- Мойну үзүлгүрлөр десе, ушулардан күйдүк! Балама деп сары майдай сактаган жүзүмдү да ит абийирин кетирип, майкандаган тура! Тирүүдөн балапан койбой, кызылдан мөмө-жемиш койбой, көзү түшкөн неменин баарын мойсой берет. Кашайып, сен кайда жүрдүң эле, я? Акең аскерден келсе эмне беребиз?

Пешайванда шиңгил-шиңгил жүзүмдөр чачылып жатат.

- Акем келгенде баайын каймап, шажайин колуна бейет. Ошондо жеп кеткен каймак-куйутуңузду, алма-өйүгүңүздү, эт-петиңизди кушуп бейет.

- Ээ, куспай кумуран калсын. Бирин чокуса, миңине залалы тиет турбайбы! Мунуң илгери жок эле. Көрдөн чыга калгансып кайдан келе калды?

- Эне, алайың Апийика дейби, Амейика дейби, ошояктан учуп келиптий. Мага Айстан айтты.

- Аның ким эле ботом?

- О, жанагы Бакы акенин баласычы, мектепте окуган.

- Ооба, ооба. Анан буларың эмне кылат экен?

- Уйдун жонундагы куйтун тейип жейт экен.

- Аг, жебей жемирен калсын! Жогот а, пашистен да жаман экен.

- Сиз тууйа айтасыз эне. Жажындасы кыжыл гүл тейип келгенде тойгойдун баласын жеп кеткен. Мен бийинчи көйгөм. Айстан экөөбүз таш менен уйганда учуп кетип, жетпей калганбыз.

- Кантип жетпей калдыңар. Кармап алып мойнун толгобойсуңарбы, жашабагырды. Сен айткандай, «талаа куштарынын тукумдарын, чегип, кызыл эт балапандарга айныкча өч» деп уккам. Аларың келгени не бир сонун канаттууларды тукум курут кылды. Буга дабаа жок экен да. Кара тумандай көбөйгөнүн айтпайсыңбы, балам. Мунуң зыяндуу немелерди жебей эле адал нерсени арам кылат тура. Жамандын тарпын өчөшкөнсүп ит да жебейт экен, капырай-ай!

- Оо, чоң эне, чоң эне дейм, мен чоңойгондо Апийикадан башка чымчык апкелем. Анан тигилерди кууйт. Пайда апкелет.

- Ээ, Апийикаң менен аңыраң кал! Ага чейин бизди курутканы турбайбы. Ана айтпадым беле, баятан бери экөөбүз чукулдашып отуруп, середеги курутту жедире турган болдук. Чак түштө оозунан алдырган иттей, мыш болдук. Бол бачым, айда! Күш де!

- Оуу-уу-у, күш,күш!

Бала атыраңдап тыз койду.


ЭЛЧИ ТОРПОК
Эки бала ортоңку көчөдө келе жатты. Сары жүз арык баланын аты Кочон, кара торусу Тобокел. Дайым эки тарап болуп ойногон балдар бүгүн эмнегедир кучакташып алышыптыр. Үндөрү бак-бак чыгат.

- Дегеле биздин айылда атты кызык коюшат. Айрыкча атаандашып коюлган ат кулакка жагымдуу угулат окшойт. Жогорку көчөлүктөр балдарына Мария, Оксана, Танка деп орусча коюп алышыптыр.

- А ылдыйкы көчөлүктөр Космира, Сессия, Съездбек коюшканы менен чатагың жок. Дагы бизге сынтагып коёт,- деди сары бала.

- Досум экөөбүз талашпайлычы. Кел, кол алышып коёлу.

- Кел, минтпесек жаакташып кетебиз.

- Кечээ силер ак чөлмөк ойноп жатканда мени кошпой койдуңар го.

- Кийин кошподукпу. Кыжыктанбасаң.

- Мейли мындан ары бөлүнбөй аралашып, чогуу ойнойбуз. Сүйлөштүкпү!

- Сүйлөштүк. Жүр эми, топ тепкендерге баралык.

Экөөнүн алдын эки көчөнүн берендери торой чуркап келишти.

- Эй, Тобокел, баспайсыңбы. Же тушап койдубу. Жүр, кошул. Бир-бир болдук, - шенейген бирөө омуролоду.

- Биз ойнобойбуз! - балдар жүз бурушту.

- Хо, алакандаша коюшканын булардын. Силерсиз эле күн өткөрөбүз. Жүргүлө кеттик! - дешти беттери алоолонгон балдар.

Дөбөдө үңкүйүп экөө гана калды. Ичтеринде бири-бирине каршы топ тепкиси келип турса да унчугушпады. «Кеттик» дегенге шылтоо жок.

- Арыраак отурчу чыканагың тийип кетти,- деди аңгыча бирөө чыдабай.

- Чыканагым тийбей эле турат. Сенин бутуң менин бутуму басып турса деле унчукканым жок го.

- Аа-а, сен ошондой унчукпас көк бетсиң! Бая «Ойнобойбуз» деп айтканда сен үн дебей койдуң го. Алакан алдайт. Экөөбүз мындан ары дос эмеспиз, билип ал. Мен өзүбүздүкүлөргө кеттим.

- Эй, эй акырын. Коркуп кете турган бул жерде коркок адам жок. Керек болсо мен да ойнойм,- сөзүн бүтүп бүтпөй багалегин түрүп кирди. Кочон менен Тобокел оюн талашка айланган маалда кошулушту. Топ кийирип ийген дарбазачы бала ызасына чыдабай топту тескери тээп ийгенде эки тарап алыша кетишти.

- Түрс! Дүпа-дүп! Карма! Тарт! Ох, ии-ий!...

- Жогорку көчөлүктөрдү соккула!

- Ылдыйкы көчөлүктөрдү аябагыла!

Аңгыча башына топ тийген таргыл торпок чочуп кетип мөңкүп жөнөгөндө балдарга аралашып кетти.

- Аа-а-а, сүзөнөөк торпок! Качкыла! - деди кагышып алган бирөө.

Балдар топурай дубалга корголошту. Торпок бу эмнеси дегендей таңгала кулагын тикчийтти. «Мөө-ө» деп кызыга алдыга жүткүнгөндө балдар бири-бирине ыкташты. Коркконунан кол кармаша тап беришти. Ушу тушта арыктын жээгинде ойноп жүргөн Космира менен Оксана кыйкырып ийишти. Алакандарын чапкылап, ордунан секиришти.

-Ураа-а! Кол алышты, кол алышты! Жарашты, жарашты!

Элеңдей үрккөн торпок алды-артын карабай дыргаяктап качып жөнөдү. Тизелери калчылдап бек кармашкан эки тарап, уялгандан аргасыз бирине-бири баштарын катышты. «Мындан кийин бөлүнбөйлү, талашпайлы, урушпай бир адамдай ынтымактуу ойнойлу» деп шилекей алышып, элчиликке торпокту күбөгө тартышты.


ЖУРТУҢ У ТАЗАЛАП КЕТ
Акташ жайлоосуна бараткан жолдо муздак булак бар. Анын жанында жанаша өскөн бийик ак кайың көк тирейт. Ары-бери каттаган адам бул жерге сөзсүз токтобой өтпөйт. Суусун кандырат, аптапта көлөкөсүнө эс алат. А асман мелжиген ак кайың келишкен сулуу кыздай кылыктуу, көзгө сүйкүм. Тоту куштун жүнүндөй үлбүрөгөн жибек чачы жер чийип, саамай ылдый төгүлөт. Көк-жашыл бариктери үп эткен желаргыга дирилдеп, музыканын ыргагындай термелет. Жанга жагым дирилдек ак кайыңдын өңү акактай апакай, албырып жаздын жыпар гүлүндөй. Муңайым келсең жүрөк жанат, ысылап турсаң суусун канат. Шылдыр-шылдур жылжыган мөл булак кайың каны, өмүр азыгы. Бири шуудурайт, бири шылдырайт. Экөө үн алышса табигат кооздугу артат, ыр өмүрү узарат. Көз арткандар анан көп. Тийип өтөт, кордоп өтөт.

Ана, дагы экөө келатат. Бул жакка бурулушту. Чоң кишилердей эмес. Жагоолору кызыл чоктой булаят. Кызуу кобурашып келе жатып, токтой калышты. Саресеп салган экөөнүн өңдөрүндө муңайым бар.

- Эрбол, кандай дейсиң? Жерибиз сонун, жерибиз кооз деп көкүрөк кагабыз. Мактанабыз. Бирок ошо мактанганчалык киндик кан тамган жерге кыпындай жакшы нерсе арнап, сөөмөйүбүздү сөөмөйүбүзгө кагыштырмак түгүл минтип, жаратылышты бүлүндүрөбүз, булгайбыз. Карачы, айланада эмнелер гана жок! Бөтөлкөнүн сыныктары, сөөк-саак, ыпыр-сыпыр...

- Муну ким кылды экен? - Эрбол Берметке суроолуу карады.

- Албетте, сен экөөбүз кылган жокпуз. Чоң кишилер жасады. Ошолордун жапайы изи. Көрүп зээниң кейийт.

- Бермет, айтканың калетсиз. Чын, абдан туура айттың. Ошондо да көп эле кайгыра бербечи. Жаратылыш экөөбүзгө эле керек дейсиңби. Жок. Бардыгы муктаж. «Колдо бар алтындын баркы жок» деген ушу. Аны билбей жер жакырланды, заман бузулду дейбиз. Өзүбүздү билбей, бирөөнү сындайбыз.

- Сен деле кайгыра баштадың го. Кебиң чыктуу...

- Кайгырбаска айла жок. Түшүнсөң бай болгур, сен эмне мына бу убактылуу жан айласы кылып, суусунан шимирип, көлөкөсүнө чалкалап көр пенде жыргап кетти дейсиңби. Жок. Кыйын эле болсо эки, же үч саат чардагандыр. Бирок, баскан изин топук кылбай булгап кетти, бул жердин ээси жоктой акыр-чикир таштап кетти. Жаманбы, жакшыбы ойлонуп көр.

- Аның туура дечи. Илгери көчмөн эл, журт котороордо журтун тазалап, акыр-чикирден арылтып, анан көчүшчү экен. Кийин ал адатка, салтка айланыптыр. Муну биз ылаажы болсо дайыма эсте тутуубуз абзел. Андан тайсак өмүрү эч нерсеге жарыбай өтөбүз.

- Аларың эмне, салтты эле карап туруптурбу? Эс алса болду да, башкасы менен чатагы жок.

- Бермет, эмне салтты чоңдор эле бузуп жатыптыры? Андан биз деле кур эмеспиз, - Эрбол сурнай үнү жаңырган лагерь тарапты карады.

- Алдыңкы көч кайда барса, арткы көч ошояка барат...

- Кой, Бермет, экөөбүз акыйнек айтышпайлы. Түшкү тамакка да чакырып жатат. Чоңдорду баары бир жеңе албайсың. Азыр бирөө келип: «Эмне, атаңардын энчиси беле» десе өзүбүз мыш болобуз. А көрөкчө кел, ыпыр-сыпырды чогултуп, көөмп коёлу. Булактын көзүн тазалайлы...

- Макул, ошентсе ошентели, айланасын тазартып, мөл булак менен кайыңды бир кубанталы, ээ Эрбол.

Бермет кубана жайдары билек түрдү.

- Кубантабыз, сөзсүз кубантабыз! Көрөсүң го... тегерегин тазаласак, дагы чырайына чыга түшөт.

Ыпыр-сыпырдан арылган кутман жер жеңил дем алып, тез эле кулпунуп чыга келди. Булак муюп, ак кайыңдын жалбырактары ийиле таазим кылып, лагерди көздөй бараткан кыз-баланы узата карап турушту.



  1   2   3   4


©netref.ru 2017
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет