Осмонкулов Ж. А., 2008. Бардык укуктар корголгон



жүктеу 0.86 Mb.
бет2/4
Дата01.04.2016
өлшемі0.86 Mb.
1   2   3   4
: uploads
uploads -> Қазақстан республикасы төтенше жағдайлар министрлігі көкшетау техникалық институты
uploads -> Қазақ тіліндегі ресми іс-қағаздары Басқару, ұйымдастыру, өкім шығару қызметіне қатысты құжаттар
uploads -> А. С. Макаренконың өмірі мен педагогикалық қызметі
uploads -> Ян Амос Коменскийдің педагогикалық қызметі мен теориясы. (1592-1670жж)
uploads -> Приложение к части а1
uploads -> Рабочий проект
uploads -> Кирилл Куренда: двухлетний вундеркинд Не иначе как вундеркиндом можно назвать Кирилла Куренда из крымского села Владиславовки. В свои два с половиной года он уже знает все буквы алфавита умеет считать и освоил азы компьютерной грамотности

ЗООПАРК
Марал эне зоопаркта көпкө иштей албады. Өз каалоосу менен бошоп кетти. Аны небереси Майрам да кызуу колдоду. Себеби, ал күндө мектептен келгенде чоң энесине жардамдашчу. Кайберендерге, канаттууларга жем-чөп, туз-суу ташып, жеңилин жерден, оорун колдон алат. Кээ күндөрү кечке кыймылдап, чарчаганына карабай чаалыктым дебей чоң энесине көмөктөшкөнүнө жайдары. Жаныбарлар менен канчалык көп болгон сайын, ошончолук аларды жакшы көрүп баратты. Бирок анча узабай зоопарктан көңүлү иренжип, муңайым кайта турган болду. Анткени көпчүлүк ата-эне ээрчитип келген балдарына: «Ох! Силер кыргоол, кекиликтин этин жеп көрдүңөр беле? Албетте жок! Абдан таттуу болот. Куурдагынын даамын айтпайсыңбы!

Оф! Шилекейиң гана чубурат.Кудаа кааласа, келерки жума тоого чыксак бирин колго тийгизербиз»,- деп мактанышса, экинчи бирөөлөрү: «Бах! Чиркин дүйнө! Силер али кулжа, эликтин шишкебегин тата элексиңер да. Азыр болсо кана! Тимеле тилиңди тиштеп алаар элең.Бирдт и сулатып алсак ээ? Укмуш болбойт беле! Мейли бир күнү боорун отко кактап да жатаарсыңар!» - деп алкымын араандай ачып тамшанышса, күйбөгөн жери күл болуп, өлүп эле бүтөт уялып. Ансыз деле көздөрү жайнап, тамшанып турган балдары азыр эле кайберендин шорпосуна карк кекирип, боорун шишке сайганы кам ургандай алдыга жүткүнүшөт.

Ошондо чоң эне менен небере «Балапан уядан эмнени көрсө ошону алат. Ыйманы жоктор! Деги эмне деп жатканыңарды сезесиңерби? Силер, таш боорлор, кайберенден айланып кеткиле! А көрөкчө балдардын келечегин ойлобойсуңарбы?!» - деп тосмого жолотпой коюшат. «Долу кемпир экен. А тиги кызына эмне жок, куюшканга кыпчылып»,- деп тигилер да жөн туруп калышпайт. Арызданышат. Акыры чоң эне өз каалоосу менен арыз жазууга аргасыз болот.

Марал эне зоопаркка барбай калган күндөн Майрам үйдө жөн тура албады. Туталанып, айбанаттарды, не бир сонун куштарды эңсечү болду. Чоң энесине айтпай жашыруун барууну ойлоду. Кечинде канчалык өзүн токтотсо да буттары тартып кетти. Барса чоң энесинин ордуна иштеп жаткан киши зоопаркка киргизбей койсо болобу. Не дээрин билбей калган Майрам ошондо ызасына буулугуп, эчкирип ыйлап ийди. Ысык жаш темир тосмону күйгүзүп жатты. Кызыл көйнөгү бүт суу болду. Кетейин деп башын көтөргөндө көз кыйыгына жанагы киши илээшти. Макоо чал бирөөлөр менен кызуу кобурашып, ал тамшанса кошо тамшанып жаткан экен. Сөөмөйүн чычайтып, кекиртегин жанып койду. Көргөн көзүнө ишенбей көзүнө жаш ала буркурады. Жүрөгү мыжыгып, ичинен бейкүнөө капаска салып кордогондорду жек көрдү. Жемеледи. «Жыргалы ушул болсо экинчи келбейм» деп күбүрөп-шыбырап келатты. Үйү итабар алыс эле...


УЯЛУУ БУЛАК

Балдар, мен силерге быйыл каникулда башыман өткөргөн окуяны айтып берейин. Калп эмес, чын. Ошону тыңшагыла.

Акташ жайлоосунун нак төрүндөбүз. Чатырыбыз чоң ак таштын оң жак ыптасындагы токойлуу өңүттө. «Айран, сүт ичип боору агарсын. Кийинкиге калса кеч болуп калат» деп чакыртып ийишиптир. Кийин дегени жайлоо которуп алыскы Суубашына кетет. Аяк атамын суусаганынчалык бар. «Эртели кеч кийиктер койлор менен аралашып кетет. Кекилик, улары жерге батпайт. Бери имерилгенче казаның эттен үзүлбөйт. Бейиштин төрү эле ошоякта» дейт.

Мен айтам:

- Ыя, ата, ошо казанга түшкөн кийик, куштарга убал жокпу?

- Ай, балам ай! Жердин бити көп. Бир жерде болбосо, бир жерде «Ме ала гой» деп төгүлүп жатпайбы. Мен болбосом башка бирөөлөр салат казанга. Кантип ушуга түшүнбөйсүң.

- Башкаларга түшүнө турган кылып айтсаңыз оңдуу бирдеме чыкмак.

- Айткан менен кайра атаңы шылдың кылбайбы: «Багып өстүрүп, жем чачып койдуң беле» деп. Ошондо эле өлбөдүмбү. Эки ача тагдыр деген ушу, балам. Бири атса, бири коргойт.

Сөз кыябы кызыйт. Мен түшүндүргөн болом, ал түшүнбөйт. Ал бирдеме деген болот, мен түшүнбөйм. Экөөбүз тең кыйналабыз. Маңдайыбыз тер чачат. Акыры жадаганда бөлүнөбүз.

Деги биз кызыкбыз. Атыбыз да окшош.Чоң атамкы Жайлообай,меники Кыштообай. Малчынын баласымын.Туулгандан ат жалында чоңойдум. Жайындасы жайлоодо, кышындасы кыштоодо. Көргөн-билгениң мал. «Ары тос, бери тос» менен күн кечкирет. Кыштактагы тамга чанда барабыз. Дагы түзүк, былтыр мектеп босогосун аттап кичине элге аралашып калдым. Күздөөдөн мени таап жатак-мектепке алып кеткен сулуу эжекеге миң мертебе ыраазымын. Эжекеми жакшы көргөндөн кээде апаман сурап, кээде бекитип, курут алып барып берем. Эжекем чөбөгө кошулган курутту жакшы көрөт. Апама: «Балаңыз башкаларга караганда илбериңки, боорукер, зээндүү» деп мактап келет. Көбүнчө атамын досу аяш атам Абдираш мергенчи маземи алганын койбойт, «Чоңойгондо ким болосуң?» деп. Унчукпай кызарып-татарып жер чукуйм. Көңүлүмө көп нерсе төп келип турат. Бирок айтыштан айбыгам. Айтсам эле сөз көбөйүп талашка түшөм. Бир сапар кайсы күн экени жадымда жок. Абдираш аяш атам ошондой дегенде атам: «Ким болмок эле. Биз койчулар династиясынанбыз. Кой багат» деп бакылдап койгон.

Дагы жакшы жайлоолоп, кыштоолоп жүрө берип маңдайыбызга бүткөн жалгыз там жаз алды урап калды. Ошонун шылтоосу менен чоң ата, чоң энем чөлдө, усталарга баш-көз болуп. Мен да Суубашына барбай чөлдө эле калып калсам деп ойлойм. Себебин айтсам бышыкчылык сонун эле нерсе го чиркин! Алма, өрүк, коон-дарбыз, жашылчадан курсагың кампайып. Мындай ойлор сууга баратканда, бээ саадырганда, кой тоскондо жаман башыма келе берет, кайра кете берет.

Түш ченде тайды токуп булакка чапкыладым. Ойлонуп кетип сонуркап шимип бараткан муштумдай курутум колуман жылмышып тоголонуп кетсе болобу. Булакка чукулдап калгам. Тамшанып, тамшанып тайдын чылбырын ак чечекке иле коюп, секирип түштүм. Айлана чытырман токой, саз. Чыргайдан корккон жокмун. Жер менен жер болуп издеп жүрөм. Куруттун кызыгы жыш өскөн табылгы, алча, караган, ыргай арча, долонодон жойлоп, кыпкызыл четинге тумшугум такалды. Мөмөсү кызарып, кулак сөйкөдөй ийилгени аргасыз тамшандырат.Четинге чыгуу ышкым түртүп, эки бутак өөдө тырмыштым. Ана кызык! Ишенсең койсоң өзүң бил! Чыргайдын көлөкө, түнт төрүндө чатырдын ордундай тептегиз аянтча бар экен. Ууртуму кымтууга чолом тийбеди. Аерде суналып килейген жапайы доңуз жатат. Атам көргөндө «Чычайтып эки жагына эки чылымды туура тиштеп койгон. Чоңдугу биздин көгүш букадай, кайбарым. Семиздигин айт, чылк эле май» деп тамшанмак. А мен жүрөгү жок корккон жаным бирдекиде мынчалык жакындан көрбөгөндүктөн муун-жүүнүм бошой түштү. Жапайы доңуздун кокус көз кырына илинсем челип ие тургандай түрүнөн өпкө-жүрөгүм оозума кептеле тула боюм «дүр» үрктү. Бутум бутакка токтобой элеңдеп көз кырымы узатсам кайбарым кебелип койбойт. Силкинип-силкинип кайра оонады. Мен биякта дүр эткен боюм алигиче суубай жүрөгүм түшкөнүнөн ырайым, өңү өчкөн чүпүрөктөй кумсарып жүрсөм «Алыстан сезет, жыт алат, тайманбай бет келгенин качырат» дегени карандай жалган окшобойбу. Сезбейт. Качыргысы жок. Арыма келдим. Ичимде жинине тийгим келди. Ал коркутпаса, мен үркүтөйүн дедим. Четиндин башына чыга койбос деп ойлоп турам. Атып урайын десем колума эчтеме урунбайт. Көпкө чейин таңыркап, кайра аяп кеттим. Байкуштун уйкусун бузбайын дедим. Жолдон туруп байкасаң теректей шоолап кеткен кымыздык, жалбыз, балдыркандан эчтемени аңдабайсың. Жапайы доңузду кезиктиргениме көңүлүм жайланып артка тарттым. Курут эстен чыкты. Тырмалап келатсам жолумда кыргоол жатат. Сүйүнө энтиктим. Бая өткөндө чыдап жаткан көрүнөт «пырр-р» асманга көтөрүлдү. Өөдө жакта ак чечекте куркулдай, алагүүнүн уясы термелет. Анча узабай кекиликтин он бир тукумун санадым. Бет маңдайдагы карагандын түбүндө суур сороёт. Кен тапкандай жүрөгүм алып учуп өзүмчө эле корсоём. Жолго чыкканда демими басып, тынч, токойлуу бетти айлана карап «Уялуубулак» деп атадым.

Күндөр өтө берди. Атам таң азандан койлорун жайытка айдаган соң мылтык жарагын асынып ууга шайланат.Бирок, мен келгенден кароолуна эч бир жан илине элек.Шериги Абдираш аяш атам.Экөөнүн аң издебеген жери, өрдөбөгөн капчыгайы калбады, чагымда. Бүт тинтип чыгышты десем жаңылбайм. Күндө кечиндеси атам кабагы жазылбай кайтчу болду. Алардын көксөгөнү Уялуубулакта чардап жатканы менен түк иштери жок. Же шексинип коюшпады. Кайран доңуздун айлакерлиги жанда жок экен. Эгерде ал Уялуубулакты мекендебей башка жылгада жүргөндө эмгиче эти устукандалып кетмек. Себеби мен доңуз көргөндүн кечеси атам менен апамдын сөзүнө күбө болбодумбу. Атам ойлуу күңгүрөнгөн.

- Тамдын пакзасын эки айлантып коюптур.Усталардын ысылыгына чочко атып бербесем болчуудай эмес.

- Ээ,ботом! Өгүнү эле серке союп бербедиң беле. Жапайы чочко атып барсаң атам менен апам эмне дейт. Тамакты макүрөө кылдың деп баарыбызды короодон кууп чыкпайбы,- апам ызылдап ийди.

- Ийе,сен дагы кызык экенсиң.Ошолорго көрсөтмөк белем.Эт тандаган Николай уста болуп жатпайбы.Эчкиники жакпайт дейт. Доңуздуку болсо пакза өзү эле көтөрүлөт имиш,- атам сөөмөйүн сырайтты.

- Андай болсо атып бер.

- Атыш эле оңойбу! Ошо арамың көзгө чалдыкпай жатпайбы.

Сөздөр мага оор чагылды.Үч күн айтсамбы,айтпасамбы деп түйшүк тартып, санаам тынчыбай,акыркы бүтүмүм эч кимге ооз ачпоо болгон.Шек бердим дегиче кыргоол, кекилик, жапайы доңуз үйүрүнө ок атылып, башы менен(Николай уста сөзсүз башы кошо келсин деп зынарлаптыр) чөлгө куурма болуп узамак.Ушуларды эстесем аза боюм тик туруп, үшүп кетем.Кашка тайымы камчылаганча оюм чыйралат,кайра тескери тегеренет.Эмне аң эти бизге буюрган эмеспи.Бу асман тиреген тоолордун миңдеген кокту-колоту, жылга-жыбыты ширин эттүү жаныбарларга толо. Бирин кылтактасак тукуму курут болуп кетпес. Айтам.Бүгүн эле айтам. Сүрсүтүп бир жейли...деп куурдак көзүмө элестеп, шилекейим чууруп келатып тайым мүдүрүлүп, оюм чачылат.

- Капырай! - көзүм умачтай ачылат. Жадагалса жаман оюму тай да бузат. Демек болбойт. Айтсам ит болоюн. Ансыз деле кыргоол,кекилик менден чочулашпай көнүп кетишти. Уча качышпайт.Тумшуктары чөп искеп көз суктандырган талаа куштарынын башынан сылагым келет.Абайлайм.Бөк түшөм.Бирок колуму сунуудан чочулайм. «Пырр-р» көкөлөсө экинчи кайрылбай кетеби,тукумдарын таштай качабы деп артка чегинем. А жапайы ашынам биринчи мертебе мени байкаганда айбаттуу жыйрылып, кол сала тургандай түр көрсөткөндө досторчо ылжая калгам. Жумшак мамилем таасир эттиби,айбан да болсо жылмаюуга жоошуй куйругун чычайтты. Жанындагы мага түзүктөп көрүнүп коеюн деген шекилдүү цирктегиден бетер өөдө-ылдый жүгүнө куркулдайт. Жагынгансыйт. Салам бергенсийт. Анан кантип ушундай сүйкүмдүү жанды суук колдорго ыраа көрөйүн. Аяйм да. Мейли аз күнчөлүк өмүргө чардай берсин.Тукум уласын дейм. Устанын айласы табылаар.Эчкинин эти да эт. Кечээ күнү атам күнүн барып бир койдун этин жеткирип кайтты. Дубалы бүтүп, үстүнө жыгач таарый башташыптыр.Үй бүтүп жатканына кубандым. Кубанган менен атам жакадан шашып келди. Башкарма: «Журт которуп,койлорду Суубашына айдагыла» дептир.

Ошо күнү атам адатынча мылтыгын тазалай баштады.Үңүрөйгөн кош ооз ажал чакырчуудай мээленет.Чыныгы уу эми башталчуудай.Эртең акыркы жортуу. Жүрөгүм үшүдү. Кечке даярданды Досуна кабар айтылды. Сөз кыска:

Апасы жолго азык камда.Койду бүрсүгүнү айдайбыз. ...Анан баягы суй жыккан доңузду жердин жети түбүнөн болсо дагы кулагынан сууруп чыкпасам болчуудай эмес. Эзип бүттү, энеңди.

Баары түшүнүктүү болду. Оңбогон гана Николай уста! «Күсөгөн немеми колго тийгизбесеңер тамыңар быйыл жабылбайт» дептир. Жабылат эле.Чоң атама айтсам устанын уругу түгөнүп калса да башкасын таап келет. Апамын шөкөттөп айтканына караганда атам өзү убада берип койгондой. Болбосо: «Жети урууга таанымал паланча уулу Жайлообай Николай устасына жердин бити болгон бир доңуз атып бербесе кудайы коноктордун алдында шермендеси чыкпайбы» дебес.

Тамашасыбы,чыныбы чоңдорго кичине болсом да кыжырым кайнады, доңуздан башка жумуштары жоктой. Мылтыгын бузуп коеюн деп ойлоп,атамын коңурук тартышын күттүм.Чарчаган жаным күтүп отуруп өзүмүн көзүм илинип кетиптир. Жерге жарык киргенде турсам атам качан эле туруп кетиптир. Уктап калганыма аябай өкүндүм. Тоо-ташты кыдырган соң, мергенчилердин бир күмөн жери «Уялуубулакты сөзсүз чалып өтөт» деген кыялда жүрдүм. Апам менен кой айдаштым. Бээ саадырдым. Чай ичкенче күн кызыды. Идиш-аяк кагышты. Бидон бошоду. Сууну шылтоолодум. Булакка батыраак жетсем деген эки көзүм төрт. Максатым бир секирди кутулду, акыры тутулду кылбай байкуштарды үркүтүү менен аман сактап калуу. Кыргоол, кекилик кечээ толук басып чыгармак. Алагүү да эсеп менен учурган. Күндө булакка аттанганда жорголоп жөнөөчү кашка тай бүгүн арамза. Ылаалайт. Кашаңына айландыбы. Башка-көзгө койгулайм. Дембе дем теминем. Качан Уялуубулак көзгө урунганча кагып-силке бердим. Капылеттен, токойдон ышкый күлгөн тааныш үндү кулагым чалып, элее каттым.

«Кайран жапайы досторум жем болдубу» деп ойлогондо жүрөгүм шуу дей түштү. Жок. Жакындай бергенде каткырыгы таш жарган атам экен. Тигиле карадым. Олжосу көзгө илинбеди. Кашында көйнөк-шалбары дал-дал айрылган, колу-башы чыргайга тилинген Абдираш аяш атам телмирет, ууртун кымтып. Биринин күлгөнү, биринин бозоргону өөн учурады.

- Жүрөгүң түшүп калган жокпу?! - деп көзүнөн жаш чыкканча ыкшыйт атам. Күңкүлдөгөн аяш атам мени көрө калып ордунан турду.

- Ии, баатыр жол болсун! Жөнөгөн экенсиң сууга. Аздектеп баккан доңузуң колдон тайды. Чыйпылдаган жөжөлөрүң түгөл качты. Жөн эле качпай мыктылап үйрөткөн экенсиң аяш атаңы шылдыңдап таштай качты.

Сөзүндө ызырынуу сезилбейт. Тетирисинче күлгөнү араң турат. Охологон атам ичин тырмайт. Абдираш аяш атам мени бир карап, атамы бир карап ууртуна топтолгон күлкүсүн тыялбай чарт жарылды. Аларга кошулуп мен каткырдым. Досторумун аман-эсен экенине сүйүндүм. Күлкүдөн тоо жаңырды. Каткыра бердик. Бир маалда атам күлкүсүн тыйып, атына ыргып минди.

- Эртең көчкөнү жатсак суу ташыганыңа таңмын, уулум. Бүгүнчө баары жетишет да. Кел, учкаш! - деди буюра.

Учкаштым. Аяш атам тайды жетеледи. Атамын ызасы көкүрөгүн тээп, жини мурдунун учунда турганын сезсем да эреркей далысынан кучактаганда жыйрылган булчуңу жазыла түшкөнсүдү.

- Айтам да, эмнеге эле күндө тайы ак чечекке асылып калат деп. Көрсө аяш уулум токой айбанаттарын браконьерлерден коргоп жүргөн турбайбы. Азамат, бир ишке жарадың,- деп чатырга жеткенче бакылдап келди. Кеп төркүнүн тыңшасам айтканымдай эле айлакер аяш атам мурда эле сезген экен. Бирок маани бербептир. Уудан кур жалак кайтып келатып булакка түшүшүптүр. Атам ат сугарып, аяш атам бери баспайбы. Чөптөрү басырылып калган менин изим аркылуу четинге жетет. Бутакка тырмышат. Дит коё караса көзүнө азуусун алчага жанган килейген алиги жатат. Кубанганынан кыйкырып жиберсе бутактан буту тайып чыргайга кулап түшөт. Доңуз куркулдап ылдый шумгуйт. Жөжөлөр жашынып, энелери уча качышат. Колдон олжосун качырып ийип, мурду-башы канжалаган мергенге күлбөй турган жорукпу. Баарынан да жети уурунун таанымал эки мергени эки ай бут жоорутса, жердин жети түбүнөн эмес, болгондо да мылтык жаракчан күндө он маал каттоочу жалгыз аяк жолдун алдынан кезиксе айтпай турган жорукпу!

Эртеси күн көтөрүлгөндө камылгабыз бүттү. Чабдар жорго мага ырасталды. Койду айдаар мезгилде капысынан атам өзүнө чакырды. Багытын чукул өзгөрттү. Бирдеме айтам деп түнү менен бушайман жеп чыккандай. Көздөрү кызарып, алды шишимик тартып калыптыр.

- Балам, сен мага таарынба! Аркар, кулжаны кийин көрсөтөөрмүн. Азыр чөлдү көздөй сыз. Чал, кемпирге караан бол! Там салып жатпайбы жардамдаш! - деди жоргону жылоолой.

Мындай кескин бурулушту күтпөгөн жаным аябай таң калдым. Же жаманга, же жакшыга жоруй албай делдейдим. Аныгын билбей көгөрдүм.Тултуйдум. «Сөз бүттү го» дедим эле, бирок атамы байкасам дагы бирдеме деп айткысы келип шымаланды. Тамагын жасады.

- Кышаң, чоңойгондо ким болосуң, уулум?! Шоопурлук жагабы, же атаңа, чоң атаңа окшоп койчу эле болосуңбу. Тартынба. Айт, айта гой! Балким маалим болуп жүрбө. Жакшы кесип. Бирдеме дечи. Чоң жигит дагы ушинтип тултуят бекен,- атам чекесин бырыштырды.

Суроону жаадырып коюп, кайра өзү жооп табалбай кызарды.

- Жок, уулум, сен тоодон ажыраба! Тоо багат сени. Токой багат. Ээси жоктой ээнсиреген тоо-таштын чыныгы кожоюну бол. Токойчу бол! Менин көзүм кечээ толук жетти. Эжекең айткандай өтө боорукер, көбүнөн акылдуу экенсиң. Тайманба. Чыныгы адам бол! - деди күтүүсүздөн тапкан акылына маашырланып.

Жылуу сөзгө жылан ийининен чыгыптыр. Кептин таасиринен эрксизден ууртум ылжая түштү. Атамы аяп кеттим. Оо түпкүрдө оргуп жаткан ак дилим, атамын дилине үндөшүп, төп келе түшкөнүнө борбоё карадым.

- Ата-оов! Мен жаман иш кылдым ээ?! Кечирип коюңузчу эми... - дедим жалооруй жер карап.

- Ээ, балам, кечирбөөчү иш бекен. Эң эле сонун иш болду! Бар эми , апаң менен кайырлашып ал! - деди кучактай.

Апам менен коштошмогум кыйын болду. Анан эмей! Бир үйдүн жалгызы болсом, чоңу да, кичинеси да. Апамын эбиреп- жебиреп айткан насаатынын түгүн коротпой көңүлгө түйдүм. Эки бетимен жыттап, акыркы айткан сөзү бу болду.

- Чоң атаңа, чоң энеңе бизден салам айт,- деди.

Мен баш ийкей колум ээрдин кашына чап жармашканда кой чубап кыядан өтүп калыптыр.

- Кайдасың чөл! - деп чабдарды эки-үч темингенде алдыман Уялуубулактын жапайы куштарынын учуп, конгону, балдарынын шып-шып шумгуп баштарын чөпкө катканы кыялымы делиртип, өзүмдү көктө сызып бараткандай элестеттим.


КЫШ
Кыш келип, кар жаады. Айлана апакай ак шейшепке чулганды.Алма, өрүктүн бутактары ийилип, ак тон жамынышты. Кыштын келиши, кардын себелеши, Таалайбекке майдай жакты. Ал көптөн бери жылгаяк тебүүгө абдан ынтызарлык менен даярданып жүргөн. Кыш камын жай көрүп, алдырган чанасы жапжаңы эле бойдон. Эртеси күн жылыганда, Таалайбек бутуна чокоюн илип, чанасын сүйрөп жөнөдү. Балдар небак чогулуп: бири лыжа, бири чана менен, кээ бирлери эки-үчтөн кол кармашып алып, дөбөдөн ылдый зуулдап түшүп атыптыр. Таалайбек жылгаяк тепкендерге элжирей карап, жогору өрдөй баштады. Нечен курдай тайгаланып жыгылды. Кайра турду. Өжөрлөндү. Мойну-башына кар кирип, буттары үшүгөнүнө карабастан бытыгый колунан чанасын түшүрбөдү. Улам тайгаланган сайын кабагым-кашым дебей, кайра өөдө туруп, кадый берди. Эми баскан сайын ысыды. А турмак, тондун үстүңкү эки бүчүлүгүн да чечип жиберди.

«Качан чыгып, качан зуулдап түшөм?» деп ойлоду. Мына, ал акыры кыйналып жатып, дөбөгө да чыкты. Чоң-кичине балдар «Азаматсың» дегендей суктана карашты. Дөбөдөн тээ агарып көрүнгөн мейкин талаа, жылт-жулт этип, көз кысып, дем берип тургансыды. Жүрөгү элеп-желеп болуп кудуңдап турган Таалайбектин көздөрү жайнай түштү. Анткени, бу анын эс тартканы кышты кыш деп түшүнгөн чыныгы кышы, өзү жеткен мүдөөгө кубанган биринчи кубанычы эле. Каректери оюн кумарына жык толгон Таалайбек жипти абайлап кармап, чанага ыңгайлуу отурду. Каадаланып, чоң мүдөөгө жеткендей мыйыгынан жылмайып, мурдун шуу тартты. «Эми болду» дегендей эрдин бек тиштенип, таканчыктаган бутун коё берди. Чана акырын жыла баштады. Бир аздан кийин жылып гана эмес, зымырап алып учуп, Таалайбектин чанасы дүйнө кезип бараткансыды.



БИР КӨЧӨНҮН БАЛДАРЫ
Кыштак башындагы дүпүйгөн чынар терек көп жолу бүрдөдү.Бирок, аны ким отургузганы эч кимдин жадында жок. Карыялардын айтымында чоң аталардын чоң- аталары чыт курсак кезинде да жайкалып, бой керип турчу экен. Кийин чек багы дарак болуп, ошондон көчө түшкөн. Кышы-жайы айланасынан балдар үзүлбөйт. Андыктан алардын эртели-кеч ойногон жайы ушу дарактын тегереги.

Жаз бу сапар өз маалында келди. Көк-жашыл дарактын жалбырагы айдарым желге шуудурап, бир укмуш термелет. Ушул кыштактын балдары: Кеңеш, Чыңгыз, Аскар, Эрбол алтынчы күнү түштөн кийин даракты айланта арык казышып, суу бурушту. Алма, өрүк, шабдаалынын көчөтүн эге башташты. Күн ачуу тийгендиктен жаш багбанчылардын таноолору барбайып, жүздөрү түгөл алоолонгон.

- Эй Эрбол чуңкур казып бүттүңбү? Болсоң, алма көчөт апкел! - Кеңеш буюра кол жаңсады. Эрбол күрөгүн таштап, көчөткө жеткенче туурадан Чыңгыз коңк этти.

- Эй, сен кайда! Аны коё туруп, бери бас. Мобуну көмө гой! Мен кармап турайын. Эрбол артына бурулду. Шапа-шупа топурак шилеп, көчөттүн түбүн жакшылап тепти.

- Минтпесе оюкта боштук калып, көчөт куурап калат.

- Ыы-ы, муну сен кайдан билесиң?

- Атам айткан.

- Ошондой де. Атаң дагы эмне деген?

- Атам дагы чоңойгондо кой бак уулум. Элдин баары чоң болуп кетсе, койду ким кайтарат? Этти, жүндү ким өндүрөт? Ошондуктан койчу эле бол, балам. Сага окшогондор да өкүмөткө керек деген,- бала тердеп кетти.

- А мен министр болом. Атам министр болсоң дайыма сый көрөсүң деген. А сенчи, Кеңеш? - Чыңгыз беркилерге текеберлене бой көтөрө карады.

- Мен начальник болом.

- А мени атам чоңго окутам деди. «Чоң болсоң май жалайсың. Заманына жараша бөрү болсо бөрү, ууру болсо ууру бол» дейт.- Аскар чычая төш какты.

Ушу тапта алыстан саресеп салып турган Осу аба балдардын жанына келди.

- Иш илгери азаматтар! Ап-баракелде, түзүк иш баштапсыңар. Кудаа кааласа жакшы караса бир-эки жылда эле жетилип калат,- бак-бак унчукту.

- Бар болуң, аба! Айтканыңыз келсин! Биринчи мөмөсүн сизге үзүп беребиз! - Эрбол аржактан жайдары кыйкырды.

- Жаштын тилегин кудайым тез эле берет, айланайындар! Ылайым эле ошондой болсун! - Карыя саамга ойлоно түштү. - Деги бу саамалыкты ким баштады?

- Биз,- үчөөнүн таноосу шенейип кетти. Бозала чаң болгон Эрбол баш көтөрбөдү, унчукпады. Үндөбөй кагына берди. «Баштаган үчөө, кылган бирөө» деген күдүк ойго баткан карыя балдардын чоңураагына кайрылды.

- Сен кимдин баласы элең, кагылайын?

- Менби?! - Чыңгыз өзүн кезеди. - Канатбектин.

- Аа, тиги шаардагыбы? Билем, билем. Айылга келгениң жакшы балам. Сен булардын күзүрү окшойсуң?

- Ооба.

- А мен класскоммун...



- Мен окуу сектору...

- Дурус, дурус, а тигил... балачы?

- Тигиби? Эчтеме эмес,- үчөө жапырт жооп кайтарышты.

- Эчтемке эмес дегилечи. Ым-м... аны да эптеп бир немеге шайлап койбойсуңарбы? - Осу карыя чындап кызыкты.

- Колунан келбейт, эчтеме билбейт,- Чыңгыз ээк какты.- Балдар жүргүлө кеттик. Эртеңдеп баштап күзөткө турабыз,- деди акылдуусуна.

Карыя «Күзөтү эмнеси?» деп башы маң болуп турганда, Эрбол ага бирдеме айтмакчы кейпинде кыңырылып барып токтоду. Тигил үчөөнүн узап кеткенинен улам шашкалактай түштү. Кетмен-күрөктөрдүн бирин көтөрүп, бирин сүйрөдү. Осу аба көмөктөшөйүн дегендей умтулду. Ага ынабай кете бермекчи болду.

- Ой мунун көктүгүн кара! Келе жардамдашайын!

- Ырахмат, абаке, өзүм эле...

- Ээ, мурдуңду урайын десе... - карыя кыйраң-кыйраң кетип бараткан баланы аяй карады.

Эртеси Осу аба кезүүгө мал айдап чыкты. Кечээги эгилген көчөттөрдү Чыңгыз, Кеңеш, Аскар - үчөө кайтарып турганын көрүп, өзүнө ишенбеди. Балдар жайыттан качкан дейди малды жакын жолотпой ызгытып айдашат. Колдорунда таяк, өңдөрү сүрдүү, үндөрү бакубат.

- Эй-эй, сен каяка, ары айдабайсыңбы? Көчөттү көрбөй турасыңбы? - деп бири короңдосо, экинчиси андан калышпайт.

- Чоң эне, эчкиңиз көчөттөрдү кажып коё электе бачым кыймылдасаңыз. Болбосо менден бирди көрөт.

- Ой-ой, сиз кайда? Уюңузду мындайраак «өш» дебейсизби! Өрүктү кыйрата турган болду.

Көпкө чейин таңыркаган Осу аба балдарга кеп узатты.

- Ой силер буерде эмне кылып жатасыңар?

- Бизби?!... Көчөттөрдү кайтарып жатабыз.

Аңгыча ары-бери өткөндөр жабалактап алкап ийишти.

- Мээнетиңерге күйсөңөр мал-салдан сак болгула! Кажып коёт.

- Ай, азаматтаа-ар! Жакшы иш баштапсыңар, өркөнүңөр өсө берсин!

- Ой, тигилерди карагылачы! Минтип отурса бир жалбырагын да желге учурбайт!

- Калетсиз, балдардын эрезеге жеткени ушу да! - деген кептерге кудуңдашкан кургурлар кечке суй жыгылышты. Кечиндеси Осу аба мал тоскону келгенде:

- Баш болбосо буттун шору! - деп ачык күңкүлдөдү.

- Ыя?! - дешти каңырыш угуп калган балдар.

- Тиги торпокту ким айдайт дейм.

Аябай чарчап, буттарын тарта албай калышкан балдар не кылаарын билбей бири экинчисин үмүттүү карады. А көк торпок көчөттү жыттагылап, жесемби, жебесемби деген ойдо турду. Бирок, шалдайып отурушкан байкуштарды аядыбы, же чын эле табити тартпадыбы балдарга алаңдай карегин тигип, атыраңдап ары чуркап кетти.

Дүйшөмбү күнү Эрбол турмак болгон. «Сен бизден кыйынсың» деп балдар аны жалгыз коюшкан. Ал Ороздун таргыл ую,Асандын эчкилери,Камалдин эшектери көчөттүн жанынан өтсө дагы курбуларына окшоп, таяк ала жүгүрбөдү.Саарлап атасы экөө кадаа ташышкан.

- Ата, мага биртке жардамдашып коесузбу? -деген тура элек жатып.

- Албетте,уулум! Бирдеме жасайын дегениң жакшы жөрөлгө.Камына бер!-деген жылмая ичинен кымыңдап.Эрбол атасы экөө түшкө чейин баш көтөрбөй иштешти. Даракты айланта кашаа кармашты.Тегерете тосулган чынар теректин айланасын жумшартып,түркүн гүлдөрдүн уругун себишти.Кишилер жандарынан өтө беришти.

Эч ким мактабады да алкабады.Иши бүтө жаздап калганда Осу аба басып келди.

Үчөө кыйлага дейре аңгемелешип отурушту. Аңгыча каяктандыр шашкалакташып Чынгыз,Кеңеш, Аскар жетип келишти.Салам айткан болушту.Чыңгыз Эрболду көз ымдап чекеге чакырды.

- Эшек арабаңы тезирээк кошуп чык.Кагаз,темир сыныктарын чогултабыз. Ким көп жыйнаса Ысыккөлгө акысыз жолдомо берет экен.

- Аны, сага ким айтты?-Эрбол болоор-болбос эрдин кыбыратты.

- Класс жетекчи эжеке.

-Силердин деле арабаңар бар го? Таманы жумшак. Эгер баарыбыз алып келсек дурус болот эле, көп чогултмакпыз,-азыр эле жөнөй тургандай шедирейди.

- Таманы жумшак болгону менен «Жаңы немени сындырып коесуң» деп чоң энем бербей жатпайбы.Болбосо апкелет элем.

- Биздикин деле билесиңер,саар сурасам атам: «Арабасы жок эле оокат кылчы» деп койду,- Кеңеш калп эле башын шылкыйтты.

- Ийэ, эмне талашасыңар?Буларды үйдөгүлөр урушса сенин атаң эчтеме дебейт. Же сынып калат деп коркуп атасыңбы? - Сөөмөйүн чычайткан Аскар намысына тийди. Эрбол «Эмнеге айттым экен?» дегендей ичинен сызып:

- Жо,жо-ок! Анткен жокмун,азыр эле апкелем,-деди шашкалактап.

- Бая эле ошондой десең болмок.Көрөсүңөр го,эми биз биринчи болобуз.Кеңеш менен Аскар ишенимдүү төш каккан Чынгызды кудайындай карашты.Эрбол арабага тыз койгондо,Осу аба атасына минтип шыбырады:

- Ушунуң түзүк адам болот.

Темир чогултам менен Эрбол жети-сегиз күн мектепке барбай калды.Кашайып акыркы чогултканын алып келатканда сур эшеги көгөрүп,баспай койбодубу. Эрбол арабаны түртүп,тигилер,бири эшекти башы-көзүнө койгулап, бири жибинен тарткылап жатканда жоон темир жылмышып түшүп,сол бутун басып калды.Эрбол охулап чыңырып ийгенде беркилер «Ушу сенден күйдүк, эптеп өзүңү алып жүрө албайсың!?» - деп акырая карашканда «тып» басылган. «Сен акырын жыла бер.Биз тапшырып келели» деп «кы-кылап» жатышып,эшекти араң зорго жолго салышкан классташтары.

Балдар кеткенде Эрбол кадимкидей онтоп, аксаңдап атып, күүгүмдө араң үйүнө жетти. Артынан сур эшеги арабаны кыйчылдата сүйрөп артынан жете келди.Ошондо «Мен эмне алардан кем бекем?Кылсам дайым ашыкча аткарам.Эч качан алардан калышкан эмесмин.Класс жетекчи эжеке да кызык.Түшүнбөйт.Ошолорду эле мактай берет. Мени эсине алган эч ким жок. Же чынеле колундо токочу бар бала сүйкүмдүүбү?» деп ой чаргыткан.Эртелеп атасынын «Бүгүнчө кое тур балам.Эртеңден барарсың» дегенине болбой мектепке сылтып келди.Классын таап катарга турду. Балдардын бүт дити борбордо болгондуктан Эрболду эч ким деле андоос албады. Мектептин мүдүрү безеленип сүйлөп аткан экен.

- Кымбаттуу окуучулар!Биздин ынтымактуу жамаатыбызда эл жерин сүйгөн,ал үчүн кам көргөн алдыңкы окуучуларыбыз бар экендигине мен абдан сыймыктанам.

Алар айылды көрктөндүрүүдө,темир сыныктарын жыйноодо,кары-картаңдарга кол кабыш кылууда башкаларга үлгү болорлук жумуштарды аткарышты.

- Кана, кана,азаматтар, ортого чыккыла! Сүрдөбөгүлө! - Класс жетекчи эжеке балдарга дем бере артынан түрткүлөдү. Мантайып үчөө ортого чыгышты.

- Мынакей, мен айтмакчы болгон азыркы доордун жаңы тимурчулары! Чыныгы окуучулар! Эми минтип кыргыз Артеги болгон Ысык-көлгө акысыз жолдомо менен сыйланышып, эртең-бүрсүгүнү жөнөгөнү жатышат. Эмесе буларга чың денсоолук, көп жакшылыктарды жана ак жол каалап коелук. Жайкы каникулдарын мыкты өткөрүшсүн.!

Колдор шатырады. Мүдүр ар киминин колдорун кыса кармады. А буту ооруган баланы эчкимиси оюна албады. Өзү да ооруксунган бутунун көйү менен алектенип отура калганда дүркүрөгөн кол чабуулардан эчтемени аңдабай калды.

Көп өтпөй Чыңгыз, Кеңеш , Аскар-үчөө Ысыккөлгө лагерге, а Эрбол атасы менен жайлоого кетти.



1   2   3   4


©netref.ru 2017
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет