Осмонкулов Ж. А., 2008. Бардык укуктар корголгон



жүктеу 0.86 Mb.
бет3/4
Дата01.04.2016
өлшемі0.86 Mb.
1   2   3   4
: uploads
uploads -> Қазақстан республикасы төтенше жағдайлар министрлігі көкшетау техникалық институты
uploads -> Қазақ тіліндегі ресми іс-қағаздары Басқару, ұйымдастыру, өкім шығару қызметіне қатысты құжаттар
uploads -> А. С. Макаренконың өмірі мен педагогикалық қызметі
uploads -> Ян Амос Коменскийдің педагогикалық қызметі мен теориясы. (1592-1670жж)
uploads -> Приложение к части а1
uploads -> Рабочий проект
uploads -> Кирилл Куренда: двухлетний вундеркинд Не иначе как вундеркиндом можно назвать Кирилла Куренда из крымского села Владиславовки. В свои два с половиной года он уже знает все буквы алфавита умеет считать и освоил азы компьютерной грамотности

ТӨГҮНГӨ ЧЫККАН ЛАКАП
Биздин тоо канаттууларга абдан бай. Андагы не бир сонун куштар чөптүн бүрлөрүнө нык семирген мезгилде жаратылышынан жарты мүнөт жаны жай албаган ынак достор - Амир менен Кадыш Кырк күнгөйгө ууга чыгат.Алар келатканда күнгөйдүн кекиликтери шыбыт чыгарбай дымып калышат. Жатканы жаткан,турганы турган жерде бүлкүлдөп,баштарын чөпкө катышат.Байкуш өспүрүм кекиликтер кош ооздон чыккан «ба-бах!»ты кайдан эшитишсин.Чоңураактарынын дымагына көнбөй сайрагысы кычап, какылыктап жиберишет.Ошондо «баары бир өлдүк « деп жанталпаска түшүп,төмөндөй жанын куткаруу үчүн бир үйүр кекилик «пырр- р» канат серпкиче, аңдып калган мергенчилер «тарс», «тарс» атып алышат. Кычашкансып бүгүн тигилерге туш келгенин карачы! Балким, жаш кекиликтер сайрап жиберишпегенде,ошо кош ооз мылтыкка кабылган бир үйүр кекилик азыркыга чейин көбөйүшүп тирүү жүрүшөт беле. Ким билсин! Ажал экен, өлүп тынды.

Кызыгы,тигилердин балдарынын өзөгүнө паранданин сүр эти биротоло сиңип калганбы, бири дөбөсүн, экинчиси сан жилигин күсөп, кышы бою чыргоолонуп чыгышат дейт. Качан гана тилине «бал» тамганда даамдуу этти чалп-чулп чайнашып,сооронушуп калышат экен.Ошентип балдарга кезек келди.Чоңоюшту. Мектеп босогосун аттаганда эле кыргыз жана орус тил сабактарын окушту. Жаман адаттан арылышты, кежирленбей калышты.Табигатка байкоо жүргүзүштү. А турмак мектепте уюшулган жаратылышты коргоо коомунун активдүү мүчөлөрүнөн болушту. Бейчеки уя бузгандарды, созмо аткандарды тартипке чакырышты. Амир менен Кадыш качанкы бир өткөн иштерине уялып, балдарынын айткандарын эки кылбай: «Мындан ары колубузга мылтык кармабайбыз» деп убада беришиптир. «Жөжө атасына үйрөтпөйт» лакабынын төгүнгө чыкканы ушу эмеспи.


ДОСТОР
Күн көтөрүлгөндө экскурсияга чыккан токой чарбасынын жаш токойчулары жоон түп жаңгактын алдына эс алууга отурушту. Баштыктарынан азыктарын алып, жерге коюшту. Мелис, Миргүл, Мараттар ары жакта шылдырап агып жаткан мөл булакка жөнөштү. Бермет дасторконун белендеп, алардын соңунан барды. Мына ушуну эле күтүп тургансып, коюу бадалдын арасынан чыгышкан кирпилер тумшуктарын көтөрүшүп, жайылуу дасторконду тепсеп, боорсок, нан, таттуу-маттуунун баарын чак-чалекей түшүрүштү. Аңгыча балдар келип:

- Ой-боой! Мына бу тентектердин бизден улуксатсыз дасторконго келгенин карагылачы! - дегенче кирпилер бадал арасына житип кетишти.

Балдар шам-шум этишкенден кийин токойдон жолуккан кумурсканын уюгун ар кандай жандыктан этиятташып, чырпык менен тосушту. Түркүн гүлдөрдүн, өсүмдүктөрдүн түрлөрүн чогултушту.Жетилип келаткан мисте, жаңгак, карагат, кайыңдардын түптөрүн жумшартып, белги коюшту. Иш аяктап калганда кызыктуу көрүнүшкө туш болушту. Алдыда келаткан Бермет бир маалда кубанычтуу кый-кырып жиберди. Жапайы алма түптүн айланасынан баягы кирпилерди кайрадан жолуктурушту. Эне кирпи жонуна алма сайып алыптыр.

- Мына! Дагы кездештик. Ар бир макулук тиричилик деп далбастайт тура. Карагы- лачы, акылдуулугун! Деги бүгүнкү жүрүшүбүз кызыктуу өттү,- деди Бермет чын дилинен көңүлү толо.

- Эмки кездешүүгө чейин кош болгула, кичинекей достор! - дешти алар. Анан балдар кирпилер менен көңүлдүү коштошуп,жолун улашты.
ЭКИ ЧӨНТӨК ЧҮКӨ
Нургазы ар качандан бир качан чүкөлүү болууну эңсечү. Утуп алмакка кудаанын куттуу күнү ойносо да утулуп калат.Ошондо оюнга кумары канбай ызаланып, уттурган чүкөлөрүн кайра сатып алып же буюмга башма баш алмаштырып алчу. Бир жолу ооматы келип, тырмагы канаганча чүкө ойноп, көчөдө сандалып жүрдү. Боз ала чаң болуп курсагынын ачканын сезбей көгөрүп отуруп, көп чүкө утуп алды.Эки чөнтөгү чүкөгө толду. Карыз сурагандарды карап да койбоду. Дүрбөтүп топ балдарды артынан ээрчитти. Жалдыратты.Тыйынга да сатпады, буюмга да айырбаштабады. «Бир чөнтөгүн катып коюп, калганын башка күнү ойнойм» деп кудуңдап келатканда алдынан атасы чыга калды. «Кечке таптырбай күнү бою көчөдөсүң. Колдоруң кир, топчуң үзүлгөн.Күлгө оонаган тооктой бозоруп калыпсың. Оюнда атаңын өчү барбы,эмне окууга барбайсың?» деп эки чөнтөк чүкөсүн бүт кагып алып койду.

Нургазы биротоло утулуп калбай, же утуп ырахатына батпай оозунан майын алдырган мышыктай мыш болуп, чаң жолдо бозоргон өңү чормоюп, атасынын алдында сандалып баратты.




ГҮЛЗАР
Дем алыш күн эле...

Көп кабаттуу үйдүн алдындагы гүлзарда ары-бери басып, буудай ыраң, шуң-шугуй ак калпакчан бала гүлкайырдай татына көйнөк кийген кызды күтүп жатты.

«Дайыма ушул жерден жолукчубуз. Карасаң эми кечигип жатканын». Бала ушундай ойго түштү. Убакыт чыкылдап өткөн сайын кабатырлана берди. Адаттагыдай,кыз менен божурашып сүйлөшкүсү, гүлзарды аралап, куушуп ойногусу келди.

Ана келет, мына келет менен күн да төбөгө чыкты. Көздөрү жашылданып,зарыга күтсө да көксөгөнү келбеди... Дагы да күтө бермек. Сөзүнөн тайбай, какая күткөн баланы апасы келип жетелеп кетпедиби...

Байкуш, ал бала кайдан билсин, күткөн кызы ата-энеси менен башка шаарга көчүп кеткенин. Эгер бала эми кыздын башка бакчага бараарын, аны менен эч качан көрүшпөсүн билгенде буркурап ыйлап жиберет беле... Ансыз деле артын кылчак-кылчак карап, кыйылып баратты...
БАЙКАШКА
Байкашка Сейдалинин жакшы көргөн ити. А керели кечке бир орунда байланып турат. Жайындасы акактап тилин салаңдатса, кышындасы токоч болуп бүрүшүп алат. Жанынан адам өтсө да, итаягын тооктор чокуса да көңүл буруп койбойт. Тамак берип жатканда шыйпаңдап койсо не? Шыйпаңдабайт. Катуу да үрбөйт. Суналып жатып, ээси кеткенден кийин араң козголуп, табагын «шалап-шалап» жалайт.

Бир күнү ал өзүнчө эле авалап үрүп, куйругун шыйпаңдатып калыптыр. Мектеп- тен кайткан Сейдалинин буту-колун жалап, эркелеп, так секирип тосуп алды. Экөө кызуу ойноп жаткан кезде үйдөн атасы чыгып, итти чакырды. Сейдали: «Байкушум, барбаса экен. Атам кармап алып байлап койбосо экен. Качып кетпейби»,- деп ойлоду. Атасына «Байлабай эле койсоңуз.Бош жүрө берсин»- дегиче, «Бош жүрсө бирөөлөрдү каап алат»,- деп итти байлап койду.

Сейдали дагы ойногусу келип жанына барса, ит байкуш ага таарынгандай тескери карап жатып алды.
ӨЗ ЭНЕМ
Жаздын эрте келгенине кичинекей Медер абдан сүйүндү. Анткени чоң энеси кышындасы «Суук тийип калат» деп аны сыртка көп чыгарчу эмес.Эми канча кааласа чыга берсе болот. Медер чоң энеси конокко кеткендигинен пайдаланып, жок нерсени шылтоолоп, ылай буту менен тынымсыз үйгө кирип,кайра чыга берди. Заматта мизилдете жуулган таза бөлмө карала-торала болуп булганды. Ыпыр-сыпырга толуп кетти. Үйдү ыпыратып, жаман буту менен кирген курбусун уяткарып коем деген ниетте Болот досу:

- Медер, уялсаң боло! Чоң энең эртеден кечке үй жыйнайт. Кыйналат. Бирөөнүн эмгегин да баалаш керек да! - деди акыл айтып. Аны Медер тоотуп да койгон жок.

Кайра чиренип туруп:

- Эмне, жат бирөө бекен!? Өз энем! - деп полду «тарс» тепкенде өтүгүнөн кара балчык «талп» этип, кийизге түштү.


УНУТУП КАЛДЫ
Жаз келди. Айлана көркүнө чыкты. Кош айдоо кызуу башталды. Келгин куштар жаагын жанбай сайрашып,теребел шаңга бөлөндү. Алма, өрүк, алча гүлүн ачты. Кызыл-тазыл гүлдөр талаада жайнады.Табияттын кооздугуна көңүлү эргиген Мелис балакай көлмөгө жөнөдү. Жип - шурусун, кайырмагын, серпмейин алды. Балык уулап, курбуларына мактангысы келди. Бирок сүйүнүп жүрүп, балыкка курт-сөөлжан алууну унутуп калды.
ЖАЛПАК ТУМШУК ЖӨЖӨ
Айылда жашасаң көп нерсеге үйрөнөсүң. Ар бир адамдын өз түйшүгү болот. Ошондуктан кичинекей кезимде мага кандай жоопкерчилик жүктөлгөнүн айтып берейин. Эстесем ушу азыркыга чейин кызарып кетем.

Мисалы,биздин үйбүлө он кишиден турат.Атам менен апам жумушка кеткенде үйдө чоң атам менен чоң энем калат.Талант акем менен Жумаш акем мал-жанды карап, короо-сарайды тазалайт. Гүлбарчын абжем тамак жасайт. Бактыгүл абжем мектептен колу бошобойт. Аяктан келип эле, кайра ийримге бармак элем деп мектепке шашып турат. Иним Жанар экөөбүз үйдө калабыз. Короодогу толгон токой тооктор, жөжөлөрү менен экөөбүздүн мойнубузда. Колумда дайым көк чыбык. Мил- детим: эки маал жем чачуу,көлчүккө айдап баруу, бакчага киргизбөө. Эсепти онго чейин билем. Андан аркысын үйрөнө элекмин.Бирок тооктордун эсебине жетпесем да өң-түсүнөн ажыратып тааныйм. Күрпөң тоок, чаар тоок, тебек короз, сакалдуу кулу тоок, жапан короз, урушчаак, качаак , чычкак, чабендес деген жөжөлөр толо короодо. Ойт десем ойго, кыйт десем кырга айдайм. Шөкүлөсү бар кара тоок көрүнбөй калды эле, бир күнү пайда болуп калыптыр. Он жөжө ээрчитип жүрөт. Жөжөлөрү бир кылка эмес. Бири чоң, бири кичине, майпаңдап баскан жалпак тумшуктуулары дагы бар экен арасында.Таң калдым, себеби мурда мындайды көргөн эмесмин. Мени чоң тооктор эмес ошолор уят кылбадыбы.Кайдан-жайдан оюнга кошула койдум эле. «Биртке чүкө ойноп алайын»деп көк чыбыгымды үкөм Жанарга бере койбо-думбу короңдоп, «Кайтарып тур» деп. Бир маалда Жанар өң алеттен кетип, безип келди.

- Жөжөлөй шууга агып кете туйган болду. Өлө туйган болду,-деп.

Чуркап бардым.Карасам кашайып кара шөкүлөлүү кара тооктун төрт баласы көл- чүккө түшүп кетиптир.Энеси чырылдап жээкте жүрөт. Аларды айдап чыгам деп өлө баткак болдум. Балдарды жардамга чакырдым. Карматпайт. Шөмтүрөп карала-торала болуп кебетемин келишкенин айт. Эми жөжөлөр сууга чөгүп өлө турган болсо чоң атамдан тил угам деп үйгө чү койдум. Келсем Талант акем китеп окуп жатыптыр. Эт-бетимен кетип:

- Төйт жөжө шууга түшүп кетти. Мен алайды айдай албай шуй жыгылдым!- дедим.

Акем сыр бербейт. Ордунан козголуп койсо не!? Кебелбейт. Саамдан кийин:

- Үкөм, ал деген өрдөктүн жөжөлөрү.Кара тоок басып чыгарган. Жалпак тумшук жөжөлөр сууга чөкпөйт,-десе болобу. Аябай мыш болдум. Катуу уялганыман:

- Баайын кылган шенсиң! Шен болбогондо мындай жойук болбойт эле! - деп адыраң-дап барып иним Жанарга мурдум менен бир тийдим.Ыйлап калды. Ызама чыдабай мен дагы ыйладым. Тезирээк эле мектепке барсам экен.Тоок кайтаргандан кутулат элем деп ойлодум.


БЕЛЕК
Айдай байбиче ашканада чыз-пыз кылып, түшкү тамакка киришип жаткан. Капы- пысынан акырын жыла басып небереси Токсон кирип келди. Адеп сактап, жылмая мындай деди:

- Эне,чоң атам үйдөбү?

- Жогеле. Эрте менен тоого малга кетпеди беле. Ошондон бери келе элек.

- Чоң эне, анда чоң атамын араасы менен балтасын алып турсам болобу?

- Ээ, ботом, аны эмне кылат элең. Ээр чабасыңбы? - тамаша чалды.

- Жо-ок, чоң эне, азырынча жашыруун сыр. Кийин айтам.

- Алда өпкөмү чабайындар айа! Чоң атаңы тартып уста болот окшойсуң.Кур дегенде биринчи классты аякта. Анан сага чоң атаң өзү эле үйрөтөт устачылыкты. Ага чейин ашыкпа, колу-бутуңу кокустатып аласың. Балта дегениңен каралдым!

Айдай эне кабатырлана жооп узатты.Токсон ага деле болбой күйпөлөктөй берди.

- Чоң эне, алып турайын да. Биз Азим досум экөөбүз сонун нерсе жасамакчы элек.

Айдай эне небересин жалооруй карады. Анткени көп жалдыраткысы келбеди.

- Алсаң алчы,балам. Бирок этиет пайдалан, бир жериңи чаап алба!

- Макул энеке, этият урунам.

Токсон чыгып кеткен бойдон көпкө жоголду. Бир убакта күлүмсүрөй үйгө жайдары башбакты. Досу Азим экөөнүн тең мурду шенеңдеп , сүйүнүп алышыптыр. Артында жашырган буюму бар.

- Ээ, ботом, кайда жоголдуңар, бир паста.Түш ооп кетпедиби. Келгиле эми түштөнүп алгыла,- байбиче дасторкон жайды.

- Чоң эне,- экөө тең жарыша сүйлөдү,- сизди туулган күнүңүз менен куттуктайбыз! Сизге чың ден соолук каалап, мобуну, бизден белек катары алып коюңуз.

Балдар таптаза кылып кырылган, жакшы тазалап сомдошкон, апакай бетине «Эне туулган күнүңүз менен!» - деген тарбайган жазуусу бар ыргай таякты кош колдоп сунушту. Чоң эне бир алдын эмне кылаарын билбей апкаарып, тайсалдай түштү. Бүгүн туулган күнү экени түк эсинен көтөрүлүп кетиптир.

- Ырахмат, айланайындар! Бутума бут, колума кол болдуңар. Ыраазымын. Адам болот деген ушу. Таягымы жоготуп ийдим эле. Жакшы кылбадыңарбы. Карыган киши таяксыз жүрө албайт экен. Ыйманыңар өссүн, кубаттарым!

Айдай эне маанайы жарык балдарды кубана бетинен «чоп-чоп» өптү.


КЫЗ ЖАНА ААРЫ
Жаздын толуп турган учуру.

Айланада көңүл эргиткен ажайып кооздук, каз-катар отургузулган бак-дарак, агарган тамдар көк шайы жамынган кыштактын ажарын ачат.

Сырттан соккон таңкы желаргы үлбүрөгөн парданы экиленте үйлөп, тоодон жонуна кондура келген жыпар - жытын бөлмөгө себелеп кетет. Арыбайт. Күндө аңкытып жыпарын чача берет, сагынып келе берет. Терезенин көзү дайыма ачык. Гүл жыттанган кенен бөлмөдө татынакай таанышы бар. Таанышынын аты - Бермет.

Ал - үйдүн куту, карынын эрмеги. Ширин тилдүү, дили таза, дилгир небере. Кызыл уйду бадага кошкон, бададан айдап келген да ушу кыз.

Таң жарбай ойгончу кыз көөшүлүп уйкуда. Бу сапар аны башка бирөө ойготту. Таттуу магдыраган кыздын кулагынын түбүндө ызылдаган аарынын үнүнөн көзүн ачты. Уйкулуу жүзүн ушалап ыргып турду. Көйнөгүн кийди. Бөлмөнү желдетти. Аарыны кызыга карады. Корунбады. Тийбеди. Тим койду. «Жүрө берсин» деди. Байкуш аары көрүнгөн нерсеге уруна берип жадаганда терезеге келип отурду.

- Байкушум, уча берип жададың окшойт. Эс ал. Кичине чыдай турсаң, мен сага бал алып келип берем. Курсагыңды тойгузам.

Бермет чыгып кетип, сыр кашыкка толо бал сузуп келди.

- Мынакей, кел бери! Менин кичинекей акылдуум, тартынбай жей бер ээ!

Балдын жытын алган аары муруттарын кымың-кымың бүлкүлдөтүп кызды эки айланып учту да, кашыкка түз эле келип конду. Тумшугун таттууга матырып , «бүлк-бүлк» сорду. Өзөгүн үзө тарткан ачкалыктын айынан курсагын кампайткан аары кулкунуна ашыкча толтурду. Кечээ адашып кирип келип, кайра чыгууга эшик таппай бөлмөдөн бөлмөнү кыдырып, суй жыгылган байкуш чыйралып барып, оорлошо түштү. Канатын канча сермесе да өөдө көтөрүлүүгө чамасы жетпеди. Кечээ түнөгүнө жете албай адашып калгандыгы үчүн айыбы чоң эле. Ошон үчүн кулкунуна эки эсе көп бал куйган. Ушунусу менен айыбын актагысы келди. Болбосо үй «желдети» оң-дурбайт. Төпөштөп коёт. Бала аары деп аябайт. Жамандыгына алса, кечээ түнөгүнө келбегендиги үчүн башы кетип калышы мүмкүн. Кантип кетиштин айласын таппай көзү тунарган аары кызды жалдырап карады.

- Аа, кичинекейим, мен сага түшүндүм. Ашыкча жүк канатыңы карыштырат. Кел, жардам берейин. Мына, колума отур.

Аары сыр кашыктын кыры аркылуу жөрмөлөп, сүйрөлгөн бутун Берметтин колуна койгондо, кыз күтүүсүздөн кыткылыктап жиберди. Кичинекей жаныбардын кыбыраган арымы күлкүсүн келтирип, тынымсыз кытыгылап жаткандай сезилди. Ууртун жыя албай кыткылыктаган Бермет аарыны терезеге алып барып койду. Сыдырым жел көңүлүн сергитип, чымыркана канат кергенде терезенин экинчи кырына араң илинди. Бир аз эс алып, күч жыйнаган аары жогору көтөрүлгөндө, баятан кызыга байкап турган Бермет сүйүнгөнүнөн кол чаап ийди. Ушунун баарын чоң энесине сүйүнчүлөйүн дегендей тышка ашыкты. «Байкушум, эптеп үйүнө жетип алса экен. Аман-эсен жетсе, кайра жолдошторун ээрчитип келээр бекен?» деп ойлоду..

Көп өтпөй чоң энесин бөлмөгө жетелеп кирген Берметтин үстүнөн бир аары тызылдап учуп, сыр кашыкка келип отурду. Кыз тааныды. Аары да кызды тааныгандай, аны алкагандай муруттарын тумшугуна жанып, канаттарын дирилдетти.

Бала аарынын соңунан учуп келишкен башкалары жеңил кирип, оор кайтып жатышты.
КЫЗ БУЛАК
Бул окуя тээ согуштан кийинки мезгилде болуп өтүптүр. Боронбай деген бал челекчи жылда Карашоро жайлоосуна чыкчу экен. Карыганча балалуу болбой жүрүп, элүүдөн ашканда коңшу айылдан Уулкан аттуу жесирге үйлөнөт. Ошо жесирден бир кыздуу болуп, атын Сайкал коёт. Сайкал кичинесинен эле зирек өсүптүр. Алты жашынан ат минип, жылкы кайрып, бал сүзгөн маалда ата-энесине жардам берет. «Чагып алат» деп коркпостон тепсендиде калган курт-кумурска, аарыны колуна кондуруп, жаан-чачын, мал-жандан оолак, бак-даракка чыгарып койчу тура. Көз жоосун алган ар түркүн гүлдөрдү сылап-сыйпап, өөп-жыттап, алар менен күнү бою чарчабастан сүйлөшө берчү дешет. Көк жашыл ак мөңгүлүү тоолорду, шаркырап, ак көбүк чачып аккан тоо суусун, кызыл-тазыл тоо гүлдөрүн жанындай көрчү. «Токой парандалари терип жесин» деп боз үйдөн ылдыйраак түзөңгө күндө жем чачып койгонун айтпайсыңбы. Жемге көнгөн канаттуулар да кыздан чочуп уча качышпастан, кайра аяк-биягына учуп-конуп, жакшы кабыл алышчу тура.

Атасы токойдон таап келген чаарчыгын кайда болбосун ээрчитип алчу. «Күндө үч маал упчу менен сүт берчү. Саябан бак-даракка, чөп-чарга, ар кандай жан-жаныбарга аяр мамиле кылчу. Ошон үчүн алар да Сайкалга мээримин чачып турчу» деп эске-керет апасы.

Атасы «Кызым эригип калбасын» деп эки күндүн биринде ат токуп, капчыгай өр-дөп, коңшу айылга тез-тез каттап, курбалдаш кыздары менен ойнотуп кайтчу. Апасынан сайма сайганды үйрөнүп, идиш-аяк жууганга, курут тоголоктоп, бээ саа-

дырганга, кымыз бышып, каадалана жыгач кеселерге кымыз куйганга ашыгып турчу дешет. Атасы «Быйыл мектепке окуйсуң» деп китеп, калем сап сатып бергенден түйшүгү артат. Тамгаларды түгөл таанып, атасы «Кызым, бу кайсы тамга десе, бу алмага кетчү А тамга, бу тоого кетчү Т тамгасы» деп сүрөтүн кошо тартып көргөзчү тура.

Сайкал баарынан да чаарчыгын ээрчитип, булактын көзүнө барып таш казан ойногонду айрыкча жактырчу. А булактын көзүндөгү дүпүйгөн даракта ар дайым булбул сайрап турчу дейт. Булбул Сайкалдын келишине кубанып, ансайын күчөнүп ар дайым бал тилинен ыр тамып турган.

Ошондой күндөрдүн бир күнүндө булакка жөнөгөн Сайкал асманга көтөрүлгөн көк түтүндү көрүп калат. Куураган караган, тулаң чөптөр быкшып күйүп жатыптыр. Кыз буйдалбастан булактын көзүнөн суу сузуп, дүрт от алган жалынга бүркүп жатты. Ана өчүрөм, мына өчүрөм менен алек болуп жатып, кимдир бирөөнү жардамга чакырууну унутуп калды. Өрт тилсиз жоо эмеспи, кичине адамдын оозу менен бүркүп, колу менен кочуштап чачкан аракетин тоготпой бир заматта уюлгуган өрткө айланды.

Түтүнгө ууккан кыз ачышкан көздөрүн улам-улам ушалап, өзүнчө далбастай берди. Апакай көйнөгү дал-дал айрылып, бети-башы карала-торала болду. Күч алган тилсиз жоого өзү жеке туруштук бере алгыдай эмес. Өрүлгөн чачынын учтары саргайып күйүп, бөтөгөй колунун каруусу качты. Көк түтүн демин кыстыктырып, күчүн алды. Акыры бу аракетинен эч кандай майнап чыкпасын сезип, аябай алсыраган кыз булактын көзүнө бүк түшүп, катуу эчкирип ыйлап жиберди. Кыздын ыйлаганы кудайга жеттиби, а балким Улуу Теңир өзү жардамга келдиби, айтор, Сайкалдын муздак көз жашы булакты көбүртүп, ашып-ташып өрттү жалп өчүрөт.

Бул кезде тамекинин күлүн өчүрбөй куураган туланга таштаган жолоочу эч нерседен бейкапар кыр ашып кетиптир. Ушунан улам бул жер Кызбулак аталып, мазарга айланып калган. Кызбулак ушу азыр да бар. Өйдө-төмөн каттагандар: «Кыздын чаарчыгы ээсин жоктоп бакырып, булбул досу кызды жоктоп безеленгенин угуп зээниң кейийт» деп айтып калганын кулагым чалган.

Ошон үчүн Кызбулак ар дайым мупмуздак, айрыкча жаз айынын толуп турган убагында көбүрүп-жабырып, кыз жашындай ачуу агат. Жылдын ушу мезгилинде кыз Сайкал ак көйнөгүнүн үстүнө кызыл тукаба чыптамасын жараштыра кийип, ууртунан күлкү жанып, китебин көкүрөгүнө кысып, чаарчыгын ээрчитип булактын көзүнө бир келип кетет дешет. Эч өзгөрбөптүр. Кыз мурдагысындай эле татынакай, мээримдүү көрүнүп, наристе сезими таза бойдон калыптыр.
АКЫРКЫ АМАЛ
Картаң түлкү таң атпай айыл аралады. Көрүнгөн жерди тинтти, эптеп ысытыш үчүн ичти. Картайганын ушунан бил, бели бүкчүйүп көзүнөн шоросу куюлуп, тырмагы небак мокоптур. Кур дегенде чычкан кармап жей албай, башкаларга күлкү болуптур. Бир убактагы жылтыр жүнү таза тозуптур. Өмүрүнүн өтүп баратканын ойлоп азалуу кыңшыласа, тимеле, эт-жүрөгү эзилип кетип атканына көп күндөр толуптур.

Ошондуктанбы, таянган таягын араң сүйрөп айылдан айыл кыдырды, эшиктен эшик тартты. Иш болбосо кайыр сурап, сынап көрмөк болду качан эле чалмага түшкөн таалай-бакты. Айбанаттар сүйлөшүп алгансып короолорун ачпай кыжынып жатты. Сүлөөсүн, аюу жашы он талаа кайырчыны короолоруна жуутпай катуу капты. Кашкулак, коён Түкөнүн карааны көрүнгөндө эле эшиктерин шашыла жапты. Бир короодон экинчисине шашылып жүгүрүп, мүдүрүлүп атты. Саарлап жумуруна бирдеме илинбеген бечаранын кайраты аябай качты. Чарчап-чаалыкканда айылдан обочо турган, кооз кештеленип жасалган көк дарбазаны бар үмүтү менен какты. Капыл-тапыл кыйчылдатып Кашабаң чакыртпай келген конокко шашылыш эшик ачты.

- Кечиресиз, Кашабаң мырза! Салам айттык, алик алыңыз. Тынчыңызды алып койдум. Келген себебим, өзүмө ылайыктуу жумуш издеп жүрөм. Буламыктан башкасын көңүлүм чаппайт. Ошого жараша иш берсеңиз кызматыңызды кылайын, болбосо акырын жылайын,-дейт ачуулуу мырзанын сүрүнөн коркуп, көңүлүн таппай.

Кашабаң күттүрүп көпкө турбай, жообун берди, иш издегендин далысынан таптай.

- Садагасы, менде болбосо башкасында бар. Кечээ кошунам Балтек өзүнө «Жардамчы бирөө керек» деп жүргөнүн кулагым чалган. Ошого бар, мени айтты де. Анан бересиң кабар,-деп үйлөп ийсе жыгылчуудай илмийген Түкөнү каптайт- Жок, жоо-ок! Шашылба, сага кошулуп ортомчу болуп мен да барайын. Мага да бирдеме ашып калгысы бардыр, арр-р, ырр-р!-деп эски кошунасынын көңүлүн баптайт.

Түлкү ойлонбой Кашабаң айтканга жетип барды. Ошентип акыркы үмүтү Балтекте калды. Эшик кыйчылдап короого киргенде оозу ачылып, шилекейин чуурутуп кыңшылап алды. Анткени анда бөлөк-бөлөк тосмодо торопою чаңырып, козу-улагы маарап, табити тарткан түркүн түстөгү тоок, каз-өрдөгү жер тепкилеп шапар тээп жүрөт. Балапандарына эсеп жетпейт. Тимеле борбоюп баары семиз, чуркаган жери тегиз. Ичинен тиленди «Ушуларды жегиз!»-деп. Бет алдындагы көздөрүнүн нуру качкан, жүдөмүш Түлкүнү көрүп ит тукуму мыйыгынан жазыксыз күлдү, борсулдай үрдү.

- Ии, койкоңдогон алгырым! Тырмагың таарылып кайратың качкан экен. Буламыктан башкасы тамагыңан өтпөй таз кейпин кийип калыпсың. Деги сенин колуңан кандай иш келет?- деп аябай каарыптыр. Бирок Түкөнүн жообу Кашабаңга абдан жагыптыр.

- Жок дегенде каз-өрдөк тоокторго көз болсом... -деп бышыңдап ийет куу түлкү.

- Болбойт, алар сени угушпайт.

- А балапандарычы?!...

- Болбочу күлкү,… деп Балтек тескери бурулуп кетти. Ошондо оозунан олжоосун алдыргандай шашып кеткен түлкү, тез улады кепти.

- Бирок, Балтек баатыр, жок дегенде менден кожоюнуңузга сонун жака, ортомчудан жылуу талпак чыгарын унутпасаңыз экен,- деп акыркы амалына барды.

Жака, талпак дегенде Балтектин көздөрү өзгөчө жанды. «Макул» деп ийгенин өзү да сезбей калды, короонун топ ачкычын көздөрүнөн шоросу кулаган экөөнө таштап кетип калды. Короонун топ ачкычы колго тийгенде экөө тең сүйүнгөндөн куйруктарын өзгөчө бултаңдатып… бултаңдатып алды.

- Күндүк өмүрүң болсо, түштүгүңө жорго мин деген ушу, Кашабаң төрө. Арийне, чырак өзүн жагып, айланасын жарык кылыптыр,-деди түлкү кытмыр жылмайып.-Биз да ошо сөздүн курмандыгы болдук сыңары… Андыктан ишти тезарада балапандардан баштайлы, эч биринен аянбайлы. Жаш келсе ишке, кары келсе ашка деген акылман кеп бар эзелтен, андан качпайлы.

Ошентип күн алыс чырылдаган торопою, козу-улагы изин таптырбай жоголуп жатты. Көзгө сүйкүм куш баласы киши колдуу болуп, кожоюну оголе убайым тартты. Кожоюндан тил угуп, шашма Балтектин иши жүрүшпөй, көөнү оңолбой, күндөн-күнгө кайгыга батты. Бирөөгө кайгы болсо, бирөөгө күлкү дегендей, күндө ооздору майланышып түлкү менен карышкырдын иши аябай жүрүштү. Укпаган жандык, кушту каалагандай тамактап «абдан» күйүштү. Жогдор жүндөрү жылтырап, өңдөрүнө чыкты. Жаш эт «сиңимдүү» деп кулкундарына тоок-өрдөктүн жөжөлөрүн аябай тыкты.

Балтек акылына кеч келди. Ойлоп көрсө ит тукуму карышкырга кой кайтарткан тура. Кеч да болсо Балтек төрө кайратын кайрап, борсулдап үрдү, түнү-күнү ачуулуу жүрдү. Күнөөлүүлөрдү көргөндө каардуу күлдү. Кыңшыласа боор ачыгандай кулпунган түлкүнүн терисин тескери сыйрып жака кылды, бөрүнүн талпагын ташка жайды, бүтүрүп чырды. Ошентип күндөн-күнгө бирден кемиген торопой, козу-улактын, тоок, каз-өрдөктүн санын сактап, жаны аман калды. Кожоюнун сонун жакалуу, жылуу талпактуу кылган кыйындыгынан Бөрүбасар деген атка конду. Кийин энчилеп алыптыр, тигилер жетебиз деп жетпей калган таалай-бакты.


30-апрель, 2007-ж.
АЯЗ АТА КАЕРДЕ ЖАШАЙТ?
Кайсы бир өткөн заманда ак сакалчан аяз кишилер көктөн түшүп, жер шарынын эң бир суук чеги-түндүк уюлга туруп калышат. Коломтодон от үзүлбөй, күндөрү куунак өтөт. Аңгеме дүкөн куруп, жашоодон ырахат алгандан башка пайдалуу эч бир жумуш кылышпаптыр. Алтургай ал жөнүндө ойлоруна да алышпаптыр. Кештеленген кызыл өтүк, кызыл тебетей, кызыл узун чапан улуган бороондон, сөөк какшаткан сууктан сактайт. Аяз кишилер үргүлжү эркектерден тургандыктан, баары түгөл акбубак сакалчан болуптур.

Билинбей ортодон айлар өтөт, жылдар жылат. Аяз кишилер мурдагыдай болбой ал-күчтөн тайып, дарманы кете баштайт. Ошондо аяз кишилердин улукманы Аяз карыя от боюнда отурганда “Журт которуп, пайдалуу бирдеме кылуу керек” деп сарсанаа сырын ортого салат. Улукман карыянын оюн айттырбай билген Чилде балбан көпчүлүктүн атынан унчуккан тейде суроо узатты.

Урматтуу Улукман Аяз, сиздин оюңузча биз кай жерге барып байыр алышыбыз керек?

Албетте, бу суроо одоно угулбаганы менен жөнөкөй суроолордон эмес эле. Ошондуктан Улукман Аяз аса муса таягын олуттуу силкип, санааркаткан кебин сыдыргыга салгандай сыдыра баяндады.

- О, кагылайын калкым! Мен мындай чечимге келгенче көп толгондум. Саресеп салсам, буерге келгенибизден бери итабар убакыт өтүптүр. Минтип күн кечкирте берсек, кудай ыроологон касиет-күчүбүздөн айрылып калабыз. Андыктан журт которолу, сооп иш кылалы. Ошол жер дүйнө калкына кубаныч тартуулаган түбөлүктүү турагыбыз, сүйгөн мекенибиз болуп калсын! Ошондо биз бу жалган дүйнөгө келген вазийпабызды туура өткөргөн болобуз. Мындай сунушка не дейсиздер, менин кымбаттуу боордошторум!.

Дымып турган көпчүлүктүн таман астындагы кар качырай түштү. Бүйрү кызыткан талаш-тартыштын арааны ачылгандай болду. Мекен көйгөйү бири-бирин каратты, терең ойго батырды.

- Бу не деген шумдук! Өзүбүз аязда төрөлүп, аязда торолгон аяз кишилер болсок, дагы эмненин башын кылтыйтып жатасыз? Мага ушул жер бейиш өңдөнөт. Ошондуктан мен буерден жылбайм!- деп Тоңголок карыя өз оюн “балп” эттире айтып салды.

- Тоңголок карыя туура айтат. Дагы кайда тентийбиз. Көнгөн жайыбыз эле жакшы. Топтон суурулган Үшүк карыя акбубак баскан аксакалдарга ушинтип кызаңдап алды. Көпчүлүк эмеспи, жаман-жакшы, өйдө-төмөн сөз болду.

- Өзгөрүүнү каалабагандар, өсүүнү каалабаганыңар. Улукман карыя, сиз жогоруда уккан сөздөргө терикпей эле коюңуз. Касиет-күчүбүздү, аруу тилек үмүтүбүздү адамдардын жакшылыгына ыроолойлу дегендин эмнеси жаман. Ошондуктан Улукман карыянын пикирин аягына чейин угалы. Тынчтангыла! - Карбубак карыя күрү-күүнү тынчтандырып, колун көтөрдү. Улукман карыя жардагандарды сыдыра карады.

- Боордоштор, мындан аркы вазийпабыз адамзаттын жакшылыгы үчүн. Ушуну түшүнүп койгула. Ал биздин аткарчу парзыбыз. Антпесек өзүбүзгө кыйын болот. Биз аязбыз дебеле көк муздай көгөрүп отура берсек, бу жалган дүйнөгө келгенибиздин пайдасы не? Андыктан жыл жаңырар маалда бир жолу жер энебиздин балдарынын мүдөө-максатын, каалоо-тилегин орундатуу салтын кийирели. Ошол күн арча майрамына айлансын, балдар кубанычка бөлөнгөн күн болсун! Себеби балдардын күлкүсүн угуудан, ар бир үйбүлөнүн сый коногу болуудан артык эмне бар. Ушундай маңдайыбызга жазылган бактылуулуктан баш тартууга болобу? Болбойт, мүмкүн эмес. Антип ойлоого акыбыз да жок.

Ишенимдүү айтылган кеп көңүл жибитти, жүрөккө жетти. Көбү жүрөгүндө калчаган ойду жактырып, аны жүзөгө ашырууга кам ургандай кыймылга келди.

- Туура сөздө тууган жок. Сиз айткандай балдардын сыйлуу коногу болуудан өткөн сыймык барбы. Ошон үчүн да алардан аянбайлы!

- Көпчүлүк киришкен иш ак болот. Чогуу чаран аракеттенели,- дешти туш-туштан.

- Канаке, Улукман Аяз жол баштаңыз. Кийинки байырлоочу жайыбыз кандай болот, баарыбызга белгисиз. Ошого азыртан даярдык көрөлү,- деди Бороон карыя дилгирлигин билгизип.

- Туура айтасың, Бороон карыя. Убакытты коротпойлу. Ишке киришели. Жолоочунун жолдо болгону жакшы. Шамал баатыр, сен Бороон, Карбубак, Ызгаар аксакалдарды алып алдыга жөнө. Биз мекен кылчу жердин кандай болоору ошол жердин шартына, элинин мамилесине байланыштуу. Албетте, чечим кабыл алуу бизден. Эгер туура чечим кабыл алсак, мекенибиз ошол жер болот. Ошол жерден туруп бүт жер жүзүн шаңга бөлөйбүз. Сапарыбыз узак жана татаал болот. Түйшүктү көп тартабыз. Ошондуктан кыйыры көрүнгөн мейкинге чана даярдап, бугуну чеккиле! Адыр-тоолорго топоз жаныбар, а чөлгө төө ылайыктуу. Эми, саякат-сапарыбызга аттаналы! Жолубуз шыдыр, жолдошубуз кыдыр болсун!

Аяз карыя салабаттуу кадам шилтеп, чанага отурду. Башкы коңгуроо кагылды.

Башынан аягы көрүнбөгөн Аяз көчү “дүр” ордунан козголду. Жол күн өткөн сайын арбыды. Коңгуроолор “шыңгыр-шыңгыр” үн алышып, бугу тарткан чана кербени убай-чубай мелтиреген уюлду басып өтүп, деңиз толкуну урчуктуу таштарга урунган жалама аскалуу Лапландия өлкөсүнө кирип келди. Ошол жерден жыл жаңырып, биринчи жолу жер эненин балдарын кызуу куттукташты. Түркүн түстөгү, ар кандай көлөмдөгү кутучаларга салынган белектерди таркатышты. Аяз кишилердин кызматы балдарга аябай жаккандыктан Лапландияда көпкө туруп калышты. Ошол жерде туруп жер кезишти. Кайсы улут кандай кабыл алса, ошондой атка конушту. Кайсы бири Дедушка Мороз дешсе, экинчиси Санта Клаус, үчүнчүсү Аяз аталап чакырышты. Ким кандай атабасын алардын мээримине бөлөнбөгөн бир да эл, бир да улут калбады.

Майрам күндөр жөнөкөй күндөргө алмашканда убай-чубай жөнөгөн Жыл кербени түндү түн, күндү күн дебей саякатта болушту. Жерден жер, өлкөдөн өлкө калтырбай кыдырышты. Күндүз булуттун үстү, түнкүсүн жымыңдаган жылдыздардын жарыгы менен жүрүп олтурушту. Ошентип, кезек төөлөргө жетип, төөлөргө артынган Жыл көчү кийинки балаты майрамын Африкада өткөрүштү. Кара континенттин балдарынын каалоо-тилегин орундатты. Куму эшилген чөлүнүн суусун кандырды.

Көч кайрадан жолго чыкты. Эми Африкадан Америкага, Америкадан Австралияга, аяктан Евразия материгине тизгин бурушту. Аяз кишилерди бардык жерде салтанаттуу тосуп алып жатышты. Балдар менен жолугуу адаты көбүн сүйүнттү, бара-бара салттуу аземге айланды. Балатыны оюнчуктар менен кооздоо салты кирди. Жыл өткөн сайын күчү артты, ийгиликтен ийгилик жаратты.

Ошондой жылдардын бир күндөрүндө Индия, Кытай мамлекеттерин басып өтүп, адаттагыдай булут аралап, сызып келаткан аксакалдар кербени көк челип, шаңкайып турган кыркаар тоолорго келип такалды. Аяз кишилер жылгасында аюу, илбирс, кийик, аркар-кулжасы жайнаган тоолуу өрөөндүн аягына да, биягына да үңүлүштү. Кай жагынан, кай тарабынан карабасын көк тиреген аска-зоолуу чөлкөм көргөндүн көз жоосун алгандай керемет көрүндү. Учтуу чокуларын ак кар, көк муз каптаган, көкүрөк-көөдөнүндө көк майсаң тулаң, жыпар жыттуу гүлдөр жайнаган, аптабы бышырган эгин талаасына көктөн туруп көз чаптырган Улукман Аяздын ууртуна күлкү конду. Ичинен издегенин тапкандай жаш балача кудуңдап, итабар чубалган Жыл көчүн “Токтогула!” дегендей ишаарат кылды.

- Шамал баатырды чакыргыла.! Кайсы жерге келип калдык, билип келсин.

Аяз карыя буйругун берип коюп, ыраакка серепчилей сырдуу тигилди. Шамал баатырдын кулагы бардык жерде эмеспи. Күттүрбөй бат эле жетип келди.

- Улукман карыя, буер байыртан байырлап келген кыргыздардын турагы. Кыргыздардын улуу ханы Айкөл Манас өзү атаган Кара- кулжа өрөөнү. Кыргыз Алатоосунун башаты ушул жерден созулуп кетет. Тээ тиякты карасаңыз! Чокусу булут аралаган бийиктикте аң уулап жүргөн кыз менен баланын кийгендери да биздикиндей кызыл чапан, кызыл чыптама экен. Ал эми түздөгү эркектердин башында бийик чокуларды элестеткен ак калпак, байбичелеринде ак элечек, кыздарында ай тегерек үкүлүү шөкүлө, балдарында тегерек такыя. Кыргыздар өздөрүн күндүн балдарыбыз деп аташкан эл.

- Карасаңар, карасаңар! Тээтиги тоо борундагы уюлдун карындай аппак кылкылдаган кыргыз үйлөрдү! Аркы түзөңдө жоон топ эркек ордо атып жатышат. Балдары жоолук таштамай ойноп, аялдары чимирилтип ийик ийрип, шырдак шырып атышат, -деп Чилде балбан сүйүнүчүн жашыра албай, шашкалактай кол жаңсады.

- Алардын ордо атканы да кызык. Алгач тапандап тегерек чийин чийип алышат. Так ортосун бырбыр атап, хан тигишип, айланасына түркүн боектогу чүкөлөрдү тизип алып домпой менен чоң чийинден чыгара аткан өнөрлөрү өзгөчө көрүнүш,- деген Шамал баатырдын баяны дагы бир жолу Улукман Аяздын күдүктөнгөн оюн ырастагандай болду. Ойлогон элге, көксөгөн жерге келип калдымбы деген күсөөсү көөдөн жарды.

- Кыргыздар жаралгандан жердин тоголок экендигин билишкен эл. Аны ырастаган мисалдын бир тобун Шамал баатыр менен Чилде балбан сонун баяндашты. Карап көрсөңөр алардын шырдагынан, кештелеринен, оймолорунан жер элесин, жер огун, жер ортосун табууга болот. Кыргыз үйдүн түндүгүндө эле канча сыр жатат. Кыргыз үйдү- кыргыз үй кылып кармап турган- борбору анын түндүк алдындагы от жагылчу коломтосунун вазийпасы андан бешбетер сырдуу. Демек, жер ортосу кыргыз өлкөсү. Биз көптөн бери издеген жерибизди таптык, туугандар. Жыл көчүнүн тизгинин тарткыла! Жүктү түшүрүп, жерге казык каккыла! - деди Улукман Аяз карыя өктөм унчугуп. - Биз эми күн балдары менен мекендеш жашоого кам урушубуз керек. Алар өз жери менен кандай сыймыктанышса, биз да ошондой сыймыкты туу тутууга милдеттүүбүз!

Аңгыча туш-туштан Улукман карыянын чечимин колдогон шаңдуу үндөр чокуларда жаңырды.

- Бах! Көз тайгылткан керемет көркүн карагылачы, чиркин!

- Көк тиреген - Алатоосун, жер бермети - Ысык-көлүн!

- Жер шары сопсонун, бирок баардыгынан ушуер сонун өңдөнөт, чиркин! Тимеле, суктангандан сулуулугун сугунуп ийчүүдөй кооздугун, чиркин!

Боордошторунун ушундай суктануусунан, колдоосунан кийин Улукман Аяз жөн тура албады. Дароо бүтүм чыгарды.

- Урматтуу калкым, кудаанын көңүлү түшкөн жер - кыргыз өлкөсү, кыргыз мекени болсо, бүгүнтөп баштап кыргыз мекени, кыргыз өлкөсү - биздин өлкө, биздин мекен! Биз ал мекенибизди суук колдон сактап, эли жерин даңктоого тийишпиз. Ушул мекенде туруп, дүйнө балдарын балаты майрамдары менен куттуктоого жол тартабыз. Анткени буер - жер ортосу, жер чокусу. Ушуерден ааламдын кайсы кыйыры болбосун бир мезгилде, бир убакта жетип барууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Жаңы конушуңар кут болсун, урматтуу калкым!

- Болсун, болсун! Конушубуз майлуу-сүттүү болсун! –дешти аяз кишилер бири-бирин кызуу куттуктап. Аңгыча Шамал баатыр аң уулап жүргөн кыз-баланы ээрчитип жетип келди. Күн балдары колдорун бооруна алып, салам айтышты. “Бу бизден шыралга” деп эки улар, эки кыргоолду аксакалдардын алдына ташташты.

- Бали! Шыралгаңарга ырахмат, балдарым! Ырахмат, кана, сүйлөй отургула. Атыңар ким, кайсы элденсиңер?

Аяз карыя балдарга дитин буруп, кеп учугун чубап койду.

- Менин атым Барсбек. А бу кызды биз Аяз кыз деп коебуз. Себеби эч бир суукту тоотуп койбойт. Өз аты Алтынчач. Өзүбүз тоолору асман мелжиген, кокту-колоту, капчыгай төрү айбанат-илбээсиндерге, арча, карагай, кайыңга толгон, суусу мол, көлүндө каз өрдөгү, аккуусу чардаган, бир учурда жылдын төрт мезгилин көргөн кыргыз улутунанбыз. Сиздер биздин жерге токтоп туура кылдыңыздар. Анткени жер үстүндө бейиш болсо, кыргыз жери - ошо бейиштен нак өзү. Куш келипсиздер, бейиш төрүнө, урматтуу аксакалдар !

Балдар кайрадан таазим этишти. Жылуу кеп жүрөк туйлатты. Айрыкча Аяз кыз-Алтынчачтын элеси аксакал кишилердин сезимин бир башкача бийледи. Анткени кыргыз кызынын жолугуусунан улам балаты майрамында көкүрөк толтоолорунда жетишпеген бир боштугу, бир өксүгү табылгандай сүйүнүштү.

- Баракелде балдарым, баарыбызга тең болсун! Бирок кыйналып тапкан олжоңорду шыралгага таратып ийгениңер кандай?

- Ал биздин байыртадан кыла келген салтыбыз,- деди Алтынчач колун бооруна алып. Кудаа бергенге берет. Андыктан ак эмгегибиз менен тапкан олжобузду ак дилибизден тартууладык. Алып коеңуздар.

- Ак сөз, ак сөз. Эмне унааңар жок беле? Чарчаган түрүңөр бар.

- Бар болчу,- Барсбек ойлуу телмирди. – Өткөн айда ою жаман жанкечтилер жайыттан сүрүп кетишиптир.

Эчтеке эмес, жоголгон нерсенин орду толот балам.

- Айтканыңыз келсин, Аяз ата! Бизде “Ат - адамдын канаты” деген сөз бар. Ошондонбу, күлүктөрүбүздөн айрылып, канатыбыз кайрылгандай болуп турат.

- Кайрылган канаттын жараты бүтөт. Силерде “Уул-урмат, кыз- кымбат” деген да сонун макал бар эмеспи. Анын сыңарындай Алтынчач аттуу Аяз кыз, эми биздин ырыска шерик бол, кызым. Анткени, аялзат жандын жартысы. Ал үчүн жаныбыздан жан, каныбыздан кан бөлүшсөк аз болоор. Акыйкатта, сага окшогон кыз биздин жамаатка жетишпей жаткан. Эми биз аруу жан дүйнөңө, өң турпатыңа, кийген кийимиңе окшогон кызды ар жылы майрамдалчу балаты майрамына жандооч кылып алабыз. Ошондо сен биз аткарган ак кызматтын күбөсү, дүйнө балдарынын дилин агарткан, рухун тазарткан, жан дүйнөсүн байыткан тумары, Аяз кызы болосуң. Аяз ата, Аяз кыз деген ат кулакка кандай жагымдуу угулат...

- Оо, Аяз ата, чоң ишеним арттыңыз. Миң мертебе ырахмат. Кыргыз кызынын өңүндөй Аяз кыз дүйнө кыдырып жүргөндөн өткөн бактылуулук жок. Бизди аябай кубантып койдуңуз.

- Ырыска шерик бол деген сөзүмдүн мааниси ушунда, кызым. Кудайым бизге жолуктурган сага да ыраазыбыз, Алтынчач – Аяз кыз,кызым! Силерди дайыма ийгилик коштоп жүрсүн! Меймандостугуңарга дагы бир жолу чоң ырахмат! Ар дайым бар болгула!

- Айтканыңар келсин, Аяз ата! Эми ылаажы болсо биз кайталы,- деди Алтынчач нур чачып.

- О, албетте, албетте! Ак жолуңар ачылсын! Көрүшкөнчө бакубат болгула!- деп Аяз карыя узатып кала берди.

Барсбек менен Алтынчач-Аяз кыз аз бастыбы, көп бастыбы бир оокумда кылчайып артын карашса, эмелеки ашуу толо күжүлдөгөн кербендин изи да калбай көздөн кайым болуптур. Үйгө жакындаганда көк жайыкта жылкыларга кошулуп оюн салып жүргөн Барсбектин сур күлүгү менен Алтынчачтын боз жоргосу кичинекей ээлерин кубанта тосуп алды. Ошондо аларга ашууда Кызыр - Аяз ата жолукканы айкын болду.

Арийне, ошол күндөн Кызыр - Аяз ата ыйыктын ыйыгы, бийиктин бийиги саналган кыргыз Алатоосун түбөлүк мекендеп, алатоолук болуп калгандыгын анда алар кайдан туюшсун да, кайдан билишсин. Кийин билишти. Анткени чексиз ааламдын төрт тарабынан көрүнгөн Алатоонун бийиктиги аркылуу дүйнө балдарына көз салып турган Улукман Аяз атанын ыйык деми, кудурет- күчү, улуу касиети Барсбек менен Алтынчач өңдүү келечек ээлерин ар дайым эстеп, ар качан колдоп жүрдү.

Аяз ата ааламды Аяз кыз менен кыдыруу салты да алгачкы жолу кыргыз Алатоосунан из алганынын өзү эле кандай керемет, үлкөн сыймык. Бу жаңылыктын кудурет күчү дүйнө балдарынын жүрөгүнүн түпкүрүнөн орун алып, кыргыз өңүндөй кулпунган Аяз кыздын мээрим төгүп турушу элинин жанда жок меймандостугунан, табиятынын көз тайгылткан кооздугунан. Ал демилге кыргыз жергесинен кандай из алса, ушу азыркы күнгө чейин туура салтынан жазбай келаткандыгын элинин, жеринин улуулугу менен гана салыштырууга болот. Анан калса дүйнө аалымдары Аяз кишилердин бүтүмүнө ынанып Санта Клаустун мекени катары Кыргызстанды кабыл алып, кыргыз өлкөсүн атаганы эл аралык чоң аброй эмеспи.

Ошондуктан “Аяз ата - Санта Клаус кай жерде, кайсы өлкөдө жашайт?! “ деген дүйнө балдарынын суроосуна кыргызстандык кыз-балдар көз ирмемге буйдалбастан дароо “Кыргыз Алатоосунда жашайт. Санта Клаустун мекени, өлкөсү - Кыргызстан” деп бир ооздон ааламга жар салышкандыктары да ошондон.

Чынында ошондой эмеспи. Ишенбесеңер бир кайрылып өткүлө! Биз силерге Санта Клаустун жашаган кыргыз Алатоосун көрсөтөбүз. Анткени, Аяз ата - Санта Клаус ар дайым биз менен!
12-декабрь, 2007-жыл.



1   2   3   4


©netref.ru 2017
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет