Темирбаев Токтосундун өмүр жолу көркөм жалпылыкка көтөрүлгөн маанайда сүрөттөлгөн Калканбай Ашымбаев. Күйүмдүү журөк. Б.: Учкун, 2007. 209 б китебинен алынды



жүктеу 2.37 Mb.
бет3/10
Дата02.05.2016
өлшемі2.37 Mb.
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10
: uploads
uploads -> Қазақстан республикасы төтенше жағдайлар министрлігі көкшетау техникалық институты
uploads -> Қазақ тіліндегі ресми іс-қағаздары Басқару, ұйымдастыру, өкім шығару қызметіне қатысты құжаттар
uploads -> А. С. Макаренконың өмірі мен педагогикалық қызметі
uploads -> Ян Амос Коменскийдің педагогикалық қызметі мен теориясы. (1592-1670жж)
uploads -> Приложение к части а1
uploads -> Рабочий проект
uploads -> Кирилл Куренда: двухлетний вундеркинд Не иначе как вундеркиндом можно назвать Кирилла Куренда из крымского села Владиславовки. В свои два с половиной года он уже знает все буквы алфавита умеет считать и освоил азы компьютерной грамотности

Чек ара күзөтүндө
Өзүн өзү билген эр бактылуу

Өзүн өзү бийлеген эл бактылуу

Казак накылы
Мезгил учат тыным албай сабалап, аны кандай пенде тизгиндеп кала алат. Таң алдында чанагы жарылып, уялыңкы күлө баккан роза гүлү түшкү аптапта боюн жазып, баралына келгендей кумарын кандырат да, кеч бешимде назик маламтык ыраңдан саал кочкул кызылына тартып муңайыңкы турат. Оо, карматпас мезгил, неге мынча октой тезсиң?!

Качантан бери касабаланып жаткан калың кар мээ кайнаткан ысыкта бууга да, сууга да айланып, ордун сыйпалаттырат. Кечөөкү толукшуп тийип, ай ааламга нурун сепкен улан-кыздын убадалуу сүйүүсүнө күбө эткен күмүш ай бир капталына ийрейип, көркүнөн адашкан. Дүйүм гүл жытын бурап турган кезде ак балтырлуу, тармал чачтуу, жайкы желде шоокуму жүрөк кылына урунуп, дарылыгын айланага чачып турган ак кайың неге тонолгон.

Оо, закымдаган мезгил, мынча неге учкулсуң!

Баятан бери ак жүзү нурлуу көрүнгөн, осмолуу калыңыраак каштуу, кара көз, оң бетинде калы бар кыздын сүрөтүн маңдайына коюп алып, мезгил закымына таңданган жыйырма беш жаштагы ага лейтенант; калың кара каштуу, агышы аралаш кара торусунан чалган жүзүн күзгүгө каранат. Кызды да, өзүн да мезгил тотуктуруп койгонуна саал өкүнүчтө. Эгер согуш чыкпаганда булар турмуш куруп, очор-бачар бабырап калмак. Кызгалдак сымал кырчын өмүр табынан өтүп бараткандай табышмактуу сырга чөмүлөт. Мындан жети жыл мурда бул экөө кандай эле? Жаңыдан жетинчи классты бүтүшүп, Түмөнбай оюн-чындан чыпалак алыштырып, антты бекиткен кезде мөлтүрөгөн алча эле го. Ал эми Турдукандын бул жолку катында наристе кыял, ууз сезим, делбирттеп соккон жүрөктүн илеби эч сезилбегени эмнеси? Кыздын жаак булчуңу бошоң тартып, ай чырайлуу келбетиндеги сүйкүмдүү жышаандын изи билинбейт. Албетте катында кусалык сезилип, аны ардактаган сөздөр арбын. Бирок кайран жаштык согуштун залдарынан улам уурдана узап кеткенин кара. Деги ал мугалим болуп кандай иштеп жатты экен? Ушундай ойлорго башын чатыды.

Каалга кагылып, “старший лейтенант Темирбаев, начальникке” деген чакырык жаңырды.

Токтосун элпектене туруп, боюн түзөп, курун тартынып, күзгүгө жүзүн тосту да арыштап жөнөп берди. Чек ара штабы да кооз жерден конуш алган, тегереги бак-шак. Ак кайыңдын жалбырагы маламык саргыч тартып, кусалыктан саргара күткөн кызга окшогонсуйт. Кочкул кызыл тартып, күндүн боёгун чаңыра сүртүнгөн бадалдар карт бойдокту капкайдагы санаалуу ойлорго сүңгүттү. Кеңсенин чет жакасына тигилген гүлдөр уругун чачкан, сөңгөгү солуган.

Токтосун уруксат сурап кирип:

- Жолдош полковник, старший лейтенант Темирбаев чакыртканыңыз боюнча келип турат.

- Абдан жакшы, жолдош пограничник Темирбаев, келгениңиз жакшы болду.

Олбурлуу, жазы маңдай, көгүлтүр көз, кыр мурун, ырайынан мээримдүүлүк уруп турган, элүүдө дегидей курагы бар Дмитрий Иванович Соколов кыйла жылдан бери Иранга моюн созо караган Тажикстандын чек арасында кызмат өтөйт. Полковник нак ушул жерде Орто Азиянын уландарын чек кайтарган жоокер болушуна өмүрүн сарптап келет. Өзбек, тажик, түркмөн, кыргыз, казак уландарын өз уулундай асыраган ата сымал аёо сезими күчтүү. Не дегенде ал Орто Азия чөлкөмүндө төрөлүп, алардын каада салтын, наркын, мүнөзүн толук билген, ал тургай тилин да үйрөнгөн педагог офицер.

Үйлөрүн сагынган деген кыязда Түркестан согуш округунун командачысына такай кат аркылуу өтүнүп, мыкты жоокерлерди эс алууга жиберип турат. Адамга боор сала карап, аңгеме-дүкөн курганда боюна имере сөз айтып, достошуп алмай адаты бар. Өлкөсү кандай кенен болсо, ошондой ой өрүшү чалкып турган, адам аттууга ак тилек каалаган, кара кылды как жарган орус баласы ар бир жоокерге ата-баладай мамиледе. Ошол себептен чек арадан чычкан да жорголой албайт.

Дмитрий Иванович башын Токтосунга ийген кыязда ага олбурлуу денеси ооган өңдүү боюн кармап, жумшак дабышта үн катты:

- Жолдош Темирбаев, биз сизди толук билебиз. Жакшы комсомолдук уюштургуч, мыкты партиялык кызматкер экениңиз бизге жети жылдан бери жат. Анын үстүнө такшалган саясий кызматкер экениңизди жан дүйнөңүз аркылуу данистелеп койдуңуз. Кыраакы чек арачы болуш арзан иш бекен; оо, нечен сыноолордон өткөндө далай жоокерлерди суктандырганыңызды кантип жашырабыз. Атчан аскердик машыгуулардан өтүп, жедеп кандим болгон жайыңыз бар. Убагында ошолордун баары эсепке алынып, мүмкүнчүлүккө жараша сыйлап келдик. Сиздей кадрга эми биз муктаж болуп олтурабыз, - деп полковник үстөлүнө чалкалай берип, Токтосунга жылмайыңкы беттеди.

- Ыракмат, жолдош полковник, сиздердин тажырыйбаны, тарбия-таалимди, насаатчылыкты жан дилибиз менен канга сиңирдик. Анын баары Ата журтубузду коргошто жана тынчтык мезгилде жаштарды ар тараптан өстүрүшкө аркасы тиет. Сиздерге ыракмат, сиздерди жетилткен партияга алкыш, - деп Токтосун жооп ирээтинде көңүл толкута кеп жөнөттү.

- Албетте, ананчы ... Кептин маңызы эң аягында жатпайбы ... Жети жылдап ишенимге бекиген сизге согуштук сырды ачууга ыңгайы келди.

Полковниктин чечиле сырлашканына жетине албай, таазим эте баш ийкегилеп, кубаттай берди.

- Келерки кырк тогузунчу жылдын январынан тарта мурдагы эски чек арачыларды үйлөрүнө жиберишке буйрук алдык.

- Абдан жакшы, сиздерге өмүр берсин!- деп Токтосун күлүмсүрөп, көзү бажырайып, жүзү албырып турду. Анын үстүнө көп жылдык эмгек бааланып өлкөгө ишеними арткан адам катары эсептелиши эмне деген баа жеткис сыймык. Анан калса, согуштук сырды алдына жая салып, акыл курганы аны чексиз кубантты.

- Сиздерге дайын болгон өздүк курамдын токсон проценти аткарган кызматы боюнча да, жашына карап да үйлөрүнө жиберилүүгө тийиш. Бирок мамлекет чек араны кароосуз калтырбай калсын. Ошончолук аскер дагы эле биздин өлкөнүн чыгыш бөлүгүнөн толукталат. Ал эми алардын баары согуш маалында окуп билим алышты. Тарбия-таалим жана түшүнүгү бир аз өсүңкү дечи согуштун алдындагы жаштарга караганда. Ошентсе да аларды тарбиялашка жарым жыл убакыт сарпталат. Ошол себептен көрсөтмө келди. Өзүн ар тараптан көрсөтө алган жоокерлерди келишимдин негизинде өз ыктыяры менен эң кеминде үч-беш жылга офицерлик кызматка калтырганды буйрук этишти. Дал ушул кезде сиз офицердик кызматты өтөп жатасыз. Эгер сиз келишимди макул таап кала турган болсоңуз жаңы жылдан баштап офицердик наам ыйгарылат да мындан жети жыл мурда машыккан окуу жай пунктунда иштейсиз. Экинчиден, жаш чек арачыларда орус улутунан болбойт,- деп тыныгып калды да Токтосундун бет элпетинен бир нерселерди окугандай карап алды. Тынымдан соң Ата журтту коргошто чек арачынын парзы өтө баалуу экенине токтолуп, аны ыктыяры менен калышка алынын келишинче азгырды.

Ээ, дүйнө-ай, жети жылдап жергесин көрүшкө зарыккан, ата-энесин сагынып көңүлү тарыккан тоолуктун алдына тоодой алтын үйсө да токтобос эле. Арга не, кадр кемчилигинен зарылып жатканын Токтосун туюп:

- Атам кары, ага акылдашпасам уят болот биздин салтта, - деп боюн ала качты.

- Болуптур, жолдош Темирбаев, андай болсо, сизге отпуска буйрам. Атаңыз менен акылдашып, макул тапса, үйлөнүп туруп келсеңиз ого бетер орун-очоктуу офицерге айланасыз, - деп ууртунан күлдү.

Тоолук антип үй-бүлөсү менен аскер кызматында өмүрүнүн гүлдөгөн учурун сүргүнгө тете казармада камабай турганын, тоолук эзелтен бери бир өңүрдөн бир өңүргө жайыт которуп көнгөн эл экенин билип турса дагы сынамакка ошентти. Ал эми орус калкында чек күзөткөндү ыйык парз деп эсептешкендери арбын болгондуктан улуу өлкөнүн сакталып турушу бекеринен эмес. Орус тукуму “Ата журт үчүн!” десе башы сөзсүз чек арада калат. Орус наамына жамынгандар “Ата журт” деп обол мурда айгайлайт да байлыгын артынып, алтындан чек арага анча-мынчасын калтырып, самаган жерине салып урат.

Албетте, Ата журт намысына тоолуктар да кан, жанын сарптаган, ошол себептен өз өлкөсү бар улут делинип, дүйнөгө таанылып келет. Ушул эле штабдын начальниги Соколовдун ич ара кептешип калганда: “Орто Азиядагы улуттардын арасынан кыргыз калкы меймандостугу, сабырдуулугу, жоокерликти баалап, адамды ардакташ жактан айырмаланып турат”, - деп оозунан чыгып кеткени бар. Токтосунду жактырып, сөзүн өлтүрбөгөн, абийирин ардактаган командир экенин баалап, ага согуш сырын жая салышы жөн жеринен эмес.


II
Токтосун өзүнчө санааркайт: “Кол кудайдын мөөрү” деген, эми буларга кандай жооп кайтарам. Ата-эне, эл, журттан безип каламбы? Ыктыярым болбосо зордомок кайда?...” Айтор, Соколов менен баарлашып кайткандан бери жүрөгүнө тамак баспай, думуккансып, жаман түштөр жүдөтүп жиберди. Күндөрдүн биринде түшкө маал заставанын начальниги:

- Жолдош Темирбаев, отряддын буйругу менен сизге отпуска жарыяланыптыр, - деди. Токтосун сүйүнүп кетип ыракмат айтты. Ушул арада чепеңдеген жоокер:

- Ашхабадга машина жөнөп жатат, - деп курбусуна күчөнө сүйүнчүлөдү.

Токтосун угар замат начальникке кирди:

- Жолдош начальник, уруксат этиңиз, жаңы чемодан сатып алайын. Өтүкчүгө акчасын төлөп койгон элем, өтүгүмө барайын. Кайра келип отпускага жөнөйүн, - деди. Заставанын начальниги шар, ичи кенен, баарын тең санаган педагог-командир. Аты-жөнүмөн чакырбайсың деп айтчу эмес. Ошол себептен баары эле: “Жолдош начальник” дегенге өтүшкөн.

Заставанын Ашхабаддагы базасына түш оой барышты. Жолдо ката курбулары отпускаң кут болсун, башыңа бакыт консун, - дешип каңкуулашпайт бекен? Токтосун алардын тамашасына маашыр эте:

- Кечинде достор, ишти бүтүрөлү, - деп шаарга жөнөп, иштерин ыкчам бүтүрүп, шашкалактап базага келсе: “Машина эртең болот”-деген жооп алды. Кечки тамакка бир жарым саат калган эле. Ашмачыга кирип, астейдил амандашкан соң тамакты калтырып коюңуз деп өтүндү.Үч курбу киного чабышты. Булардын бири – түркмөн Исмаил, бири Воронеждик Саша – экөө тең ак көңүл достору.

Кино аяктаган соң Токтосун курбуларына “жууп” бермекке эки чоң бөтөлкө вино алды. Базага келип, ашканага киришсе, гречка боткосун калтырып коюптур, ага да шүгүрчүлүк деңиз. Согуш жаңы эле аяктап, элдин оозу ашка эми, эми гана жеткен өндөнүп калган. Үчөө бажырашып, стакан артынан ак тилектер айтылды. Ээ, дүйнө-ай, андай эзилише боордошкон күндөр, жоокердик үлпөт - өмүрдө өчпөй калаар окуялардын бири го, чиркин ...

Кужурашкан курбулар бата тилешип, ордунан козголгондо үрөй учурган шуулдаган дабыш угулуп, көз ирмемде жер силкинип, дубалдар урай баштаганда кым-куут кыйкырык күчөп, имараттан качып чыккандар андан. Токтосун сыртка обдула бергенде ураган дубалдын каалгасы сол ийнине тийгенде эки метрче учуп барып жатып калды. Электр жарыгы жалп өчүп, айлананы кара түтүн басып, чаң уюлгуп, көөдөй караңгылык чүмкөп алды. Бири-бирин чакырышып, аянтта асылып турган таш фонардын астына топтолушуп, дендароо тартып, үн да, сөз да дымып, бири-бирине ыкташат.

- Жер силкинди окшойт. Мындай алааматты көргөн жок элем, - дейт эми эле эки стакан винону басып алып бажаңдаган түркмөн жигит.

- Андай эмес, Америка бомба таштады окшойт.

- Эй, Японияга таштаган атом бомбасы болсо тирүү жан калмак эмес. Дагы бирөө тыңсынып туурадан чыкты.

Түтүн жана чаң уюлгуп, көздү ачыштырып, тамакты кычыштырып жиберди. Баштары айлан көчөк этип, бири-бирине сүйөнөт. Дале караңгы. Бир саамдан соң булардан алты жүз метрдей жерден оболу жаркылдап, андан соң пулемет атып жаткандай татырап, тарс жарылып туруп, кызыл жалын уюлгуп тилин соймоңдотту. Алоологон жалындын жарыгы каптап, коркконунан бири-бирине жармашкан кишилердин үрпөйүңкү жүздөрү көрүнө калып жатты.

- Айнек заводу өрттөнүп жатат. Жер силкингенде электр өткөргүчтөр ажырап, өрт чыккан тура, - деп булардын арасындагы электрик аныгын далдап айтты. Ал дагы кошумчалады:

- Калаанын көп жеринде өрт чыгып, туман каптап жатканы ошондон. Ал эми баксадан, ылайдан салган тамдар урап, чаң асманга көтөрүлдү. Бир аздан соң тарайт.

Бул алаамат зилзала 1948-жылдын биринчи октябринде түнкү саат туура бирде болду. Командирлердин бири:

- Тургула ... Тезинен күрөк, курал алып, там басып калгандарды табалы. Болгула, - деп бакылдап алды жакта жүрдү. Таң каракчысына ар кайсы жерде бирдемелерди издеп таап, ураган имараттын алдынан алты жоокер табылды. Бирөө мүрт кетиптир, Экөөнүн кабырга сөөгү кабырылганбы, айтор, онтолойт. Дагы экөө араң жан.

Түшкө чукул чек ара округунан командирлер келип, он төрт жоокерди бөлүп алып, болушунча куралдандырып, шаардын түштүк четине алып барып, мерчемдүү, мерчемдүү аралыктагы жерлерди бөлүп берди да:

- Эч кимди чыгарбайсыңар, бир да бирөөн киргизбейсиңер. Ким шартты бузса, жоопко тартылат.

Кыймыл эткен, же чет жакты көздөй умтулган жан жок. Калаа калкынын канчасы тирүү, канчасы жарадарын болжош кыйын. Тээ четтен үч-төрт киши эшек арабасын айдап кетмекчи болду эле кайра кайрышты.

Токтосундар кезерип ачка, күн батып баратты. Калаа жан серек болгон зор денедей сулк жатат. Нак ошол маалда нан консерва, суу алып келишти. Калааны кайтарбаса өлгөндүн үстүнө көмгөн эткендер табылат. Калаа ичиндеги тартип да Түркестан согуш округунун командачысы, армиянын генералы Петровдун командалыгына баш ийди.

Токтосун түн бою чекти күзөттү. Кайдагы уйку... Жантаярга жай жок.

Эртеси таң атканда чек арачыларды өз заставаларына тез жөнөтүшкө буйрук берилди. Токтосун Новиков аттуу шоферду таап, экөө жөө жалаңдап төрт километрге узашты. Машина айдап чыгышка жол жок эле. Ошол себептен аны базага калтырышкан. Заставага баруучу шоссеге жетип, машина тосушту. Көп узабай бир мекеменин жүк ташыгыч машинасына жармашып, араң дегенде чек арадагы заставага жетишти.

Застава аман, имараттан бир аз жарака кеткен, бирок өздүк курам тикеси менен тик турушкан экен. Токтосундар тапшырма алышып, төрт-беш саат эс алган соң чек арага күзөткө чыгып кетишти.

Токтосунга берилчү отпуска создугуп барып, 24-октябрда колуна буйрук тийди. Калгандырыныкы кечеңдей берди.

III
Токтосун көргөн-билгенин, башынан ткөн окуяларды чөнтөк дептерине чиймелеп коёр эле. Күндөрдүн биринде застава начальнигинин кабинетине бара калып, иштер боюнча рапорт берип бүткөндө анын көзүнө “Күндөлүк” деп кооздоп жазылган дептер чалдыкты. Ошондо барып: “Күнүмдүк маанилүү окуяларды жазып койсо, кийин кереги тиет тура”, - деген ойдо бир-эки шилтей коюп жүргөн. Бирок анысын жоготуп коюп кийин өкүнүп калды. Ошентсе да урунттуу күндөрдү жаза коюп, эсине сактады. Ал бир көргөн адамын, уккан таасирлүү сөздөрдү эч унутчу эмес.

Ал эми отпускага буйрук алган 24-октябрь күнү бүгүнкүдөй эсинде. Ала булут каптап, саал ичтен кармама суук эртели-кеч бетти тызылдата чымчылап калган. Узатып чыккан курбуларына папирос жана момпосуй алып берген. Үйгө барам деп ээлигип алган Токтосундун жүрөгүнө тамак баспай, негедир ток. Санаа алда кайда, эл, журт, киндик кан тамган Таштак көз алдына тартыла берет. Андайда сааттын жебеси таш баканын арымы сымал солгундап чалып ич бышырат-ов. Каткырык, поэзия биринин артынан бири тизмектешет. Ийинден ныгыра баскан жүктү серпе салып, ээн-эркин желип-жортуп жүргөн тирүүлүктүн бейиши го. Акыркы жылдары аскердик казарма Токтосунга капастагы учкул куштун көргөн күнүнө тете сезилди. Бул саам көңүлү асмандап, анда-санда “Эсимденин” обонунан созо коёт. Төтөн Жалалабатка келгенде тоонун абасынан кере-кере дем алып, жаны жай алып, айланасынан тааныш көрүнө калабы деп көз жүгүртөт. Эч ким көрүнбөгөн соң акыркы автобуска илинип калайын деп вокзалга жетти. Эл толуп калыптыр. Токтосунду көрө коюп басып жыгылышты.

- Эрте жетип, сүйүнчү алабыз дешкендер андан.

Айтор, эл, журт ошондойдо көтөрүп алаарын Токтосун эми гана туйду.

Атасы сыга кучактап, эки бетинен эки өөп алды да, энесине жол бошотту. Эне кирээрде башынан суу тегеретип чачып, оңгулуктуу көрүшкөнгө буямасы келбеген.

- Алдыңа кетейиним, аман-эсен келдиңби? – деп кош колдоп башын кармап өпкүлөдү. Кубанычтан эреркеп, көзүнүн кычыктарына токтогон жашын буурчактатып, жалына берди. Энесинин куудураган алаканы бети башын сүргүлөгөндө уулунун да сагынычы басаңдай түштү. Кадырбек иниси, эки карындашы, айтор, баки-жогу бүт эле жыла бастырбай курчап алышты. Андан соң Ашырбай аке, аялы менен келип, бооруна кысып, бетинен сүйдү.

Токтосун баарына алмай-термей карап, сүйүнүчтөн өңүнө кан чуркаган жүзү менен ар бирине кадала карайт.

- Азырынча отпуска, бошотуш эмки жылга деп турушат, деди да атасына тигилди. Маанайы саал басайыңкы, колхоздун кара жумушу, үй-бүлөнүн түйшүгү, согуштан кийинки каатчылык, өп-чап турмуш – ушунун баары каржалтып койгон атасына тигилет. Бирок жедеп кара жумушка дагды болуп, жашынан тирликтин запкысын жеңе билген атасы али күүлүү-демдүү эле. Энеси дале баягыдай чапчактана кыймылдап, камбылдыгы кадимкидей. Кадырбек иниси бой жетип, жыйырма эки жашка чамалап, оор түйшүккө бышып, кыш куюп, там салабыз деген тилекте шымаланып турганын баамдап кубанды. Карындаштары да бой жетип, бири жетини бүтүп, бири алтыга көчкөн. Бирок кийимдери өтө жупуну.

Ашхабаддан ала келген базарлыктарына бапырап калышты. Тандыр нан сала келгени абийир болуптур. Бул чөлкөмдө дан өтө тартыш, эл дале тоюна элек. Ирденгиче болдубу. Согуш аяктаганына үчүнчү жылга карады. Эң мыктысы арпа ун менен сатыкка келген унду аралаштыра нан жаап, бардар өндөнүшөт. Арпа нан, жүгөрү нан жетик үй-бүлөдө болбосо талкан салып чай ичкендер канча; сабизден чай жасап саткандар андан.

Токтосун атасына акыл салды. Соколовдун оюн туйгузуп, андан кандай кеп чыгаар экен деп күттү. Атасы аны чолуй бир карап алды:

- Ээ, балам, өлкөгө өмүрдү арнаган ардактуу иш. Бирок өзүбүздү да унутпайлы. Мендей башкарма болгон айрым амалдуулар акчаны басып койгон имиш, алиге тың, алдуу-күчтүү. Коммунист катары мен, аялдар өкүлү – Ырыс бүт ортолуктун байлыгы деп журүп эч нерсе жыйнаган эмес экенбиз. Буга да шүгүрчүлүк. Эл менен улуу той – согушту чогуу көрүп жүзүбүз жарык. Сен дагы жети жылдап жетик иштеген үчүн колдон чыгаргысы келишпей жатканы ошондон. Эми бир аз жашоо тирликтин камын көрөлү, үйлөн-жайлан, ирденели. Быякка келсең колхоздун байлыгын көтөрөр мыктылар аз. Командириңе ата-энем макулдугун бербеди деп ачыгын айт. Тил ал, уулум.

Атасы деле майдалап көп сүйлөбөгөн, айтканын аткармайын тынбаган адаты бар. Баласы деле ошол ток этерине токтолот да дымып турат. Ошондон улам айрым баамчылдар: “Бул тукумга ата-бабасынан бери тагдыр сөздү коюп, ишти берген окшойт”, - деп калышат.

Токтосун эми биротоло айылга келип, самаган ойлорун четинен аткармакка ниеттенди.

Аскерден жыйнап келген акчасына ата-энесине, бир туугандарына бир сыйра кийим-кече алып берди. Эки эчки сатып берип атасын сүйүнттү.

Согуш маалында бир үй-бүлө бир эчкинин сүтү менен жан сакташкан.

Кайра кайрылып келе турган болгон соң колхоздун жетекчилери менен иш тууралуу сүйлөшүп койсом кантет деп кеңсе тарапка бет алды. Башкарма Орокбай эле. Кат сабаты ачылып, күнүгө газет окуп, доордун агымынан калбай, тынымсыз эмгектенген адам Токтосунду көрө коюп, амандык сурашкан соң:

- Кел, айланайын, отпускада жакшы эс алып жатасыңбы? Биздики баягы эле колхоздун түмөн түйшүгү, эс алыш арам, план толтурам дей берип өзүңдү болтуруп аласың. Силердей билимдүү жаштар келсе биз жанды жай алдырган чарбага өтсөк деп самайбыз, - деди.

Муну укканда Токтосун жумула түштү:

- Аба, бизди эмки жылы биротоло аскер кызматынан бошото турган болуп жатышат. Буйруп келип калсам ылайыктуу иш табылаар бекен?

- Оозуңа май, айланайын, силердей билимдүү, орусчаны оруп түшкөн, партиянын саясатына аттанып түшкөн жаштар келсе деп эңсеп турбайбызбы. Кандай келсең ошондой кызмат белен. Мен деле аттан түшүп берем, колхозго Темирбай акем түт келбей, түшө качпадыбы, - деп ак дилден арсалаңдап күлүп, акылын айтты.

Он күндүк отпуска бүтүп, Токтосун заставасына келди. Убадасы боюнча Соколовго кирип, жай маанисин, ата-энесинин карылыгын, бөбөктөрүнүн жаштыгын, жашоо алиге оор экенин айтып бергенде начальник жайдарылана:

- Болуптур, жолдош Темирбаев, убакыт келгенде үйүңө барасың, ага дейре иштей бер, - деди.

Ишкердик ириде таанылат
Кантип жашайм магдырап,

Кан, бойдо от албырат.

Күрөшсүз күндө туралбайм

Бороонсуз тынчып далбырап

К.Маркс
Ой, тоонун баары жашыл килем жамынып, өрүктөр гүлдөп, бак дарак бүрдөп, талаа түздө эмгек кайнап, боз торгой безенип сайрап турган маалда Токтосун айлына оролду. Келээри менен убадасын өткөргөн раис Орокбай акеге жетти.

-Ырас келдиң, үкөм, сендейлерди көзгө сүртүүгө зар болуп турбайбызбы, - деп башкы бухгалтердин орун басарлыгына чектеди. Иш кычап, апыл-тапыл адам аттууну буй кылып турганда мыкты колхоздор наабайкана ачышып, эмгекчини нандан өксүтпөдү. Антпесе кайдагы иш, кайдагы жашоо. Аткарган иштин санына жана сапатына жараша ар күнү тизме тизилип, нан таркатылат. Кокус бирөөлөр нааразы болуп калса чуу чыгып, районго дейре жетти дей бер. Ошол себептен бул ишке өтө калыс, өтө так адам керек эле.

Апрелдин аяк чендеринде күн мемиреп тийип, дыйкан аттуу бөлүнгөн нормасын аткарабыз дешип, кара жанды карч урушат. Бригадалардын аткарган иштери күн сайын кечкисин кабарланат, ошого жараша эртеңки иш аныкталат. Бухгалтердин жардамчысы ошого жараша бригада, бригадаларга нанды тез жөнөттүрөт да, көзөмөлгө алат.

Токтосун тизме тизилген кагаздын баш ченине “22-апрель 1949-жыл” деп жазып коюп кагаздарын тактап олтурган. Болжолу саат ондор чамасында жарым тонналык машина келип токтоп, андан папка көтөргөн, сур диагналдан тиктирген бийик маңдайлуу шапкечен, ошого түстөш гимнастерка кийип, жазы кайыш кур курчанган, галифе шымчан, боз таар өтүкчөн киши салам айтып кирип келди. Токтосун шак тура калып, үстөлдөн оолай берип:

- Олтуруңуз, - деп алдына эски орундукту тартты. Раисти сурады. Талаада экенин билип, дымып калды. Балбылдаган нурлуу көзү аскер гимнастеркачан сымбаттуу жигитке кадалды. Рентген нуру аркылуу анын жан дүйнөсүн окуп бүткөндөй:

- Жакында келдиңизби? - деп чекмеледи сыр тартмакка.

Токтосун мүлдө суроолоруна жооп кайтарды. Комсомолдук, партиялык ишмердигин, чек аралык адистигин, саясий бөлүктөгү иштерин, билимин түгөл баян этти. Алиги адам сөз арасында таза орусчалап собол салат. Ага ошол тилде жооп алат. Ошондон соң алиги жайык жүздүү, маңдайы жарык, сынаакы көздүү папкечен:

- Мен райисполкомдун председатели – Чекиров деген болом. Сиз райисполкомдо жооптуу секретарь болуп иштейсизби? – деп такыган өндөнүп сурады.

- Ойлонуштуруп көрөйүн, - деп басыңкы дабыштады.

- Жакшылап ойлон... Кайыр-эсен болуңуз көрүшкүчө, - деп колун сунду. Алаканы өтө эле жумшак эмес, демек тунсак эмес деген ойго кетти Токтосун.

Эртеси айыл кеңешинин төрагасы Пусуев Кимсан келип, раис Орокбайга муну айтты. Кечөө күнү Чекиров келип, иш тапшырганын айтып, Токтосунга ат бериңиз, экөөбүз райисполкомго түшөбүз деди.

- Кап, аттиң, Токтосун, сени бизге калтырбайт окшойт чамасы. Сени парторг кылып шайлап алалы деп райкомдун секретары менен макулдашып койбодум беле?! Бирок Чекиров деген өтө күчтүү киши, райкомго моюн сунбайт. Билбегени жок, тынбай иштейт. Билгенин кылат. Айла барбы, менин атымды минип кете бер. Ошол ишке койсо кымылдай бер... Кийин чоң болуп калсаң көз кырыңды саларсың ха – ха -ха - ... Бар, ак жолуң ачылсын.

Булар барган күнү райисполкомдун жыйыны болуп, Темирбаев Токтосунду жооптуу секретарлыкка бекитишти. Ошентип 24-апрелде иши башталып, эмгек китепчесин колуна алды. Бул кызматка дароо көтөргөн Абыш Турдумамбетович Чекировдун өмүр жолуна, билимине, көсөмдүгүнө кызыкты. Өздүк китепчесинде коммунист, эки жылдык юридикалык курсту бүтүргөнү, партиялык жогорку мектептен окуганы, кыйла жерлерде советтик кызматта иштегени көрсөтулгон. Ошентип ага бой салып, ага катары баалады. Жүрум-турумунан,ишинен өрнөк алды.
II
Айылдагылар даңаза этип:

- Токтосун келээри менен чоң кызматка алыныптыр, өздөрү издеп келип, кеңсалардан алып кетиптир. Мыкты балдарды, иштемчил кишилерди атайлап издеп, таап алаар адамдар да бар экен го, - дешип айран таң. Неси болсо да айыл-айылга ушул окуя тез тарады. Чекиров деген райисполком райкомго баш ийбейт тура. Ал советский адам тура, - деген алп сөздөрү андан.

Токтосундун орусча билгени оңдой бердиге жатты. Себеби иш кагаздарды толтуруп, көчүрүп жазмай мүлдө орус тилинде. Жооптуу секретардын ишин Токтосун аскердик башкаруунун көзү менен караганда - штаб начальниги – бардык техникалык жана теориялык кызматтардын уюштуруучусу. Райисполкомдун мурдагы иштерин карап көрсө дайын жок. Кокус бирөөлөр текшерип келсе, ал жооп берээри айдан ак. Экинчиден, аткаруу комитетинин иши көрүнбөйт жана бааланбайт Бул жагын ойлой келип чү деген жерден аскердик тартипти күтүнүп, кеңсеге таш көчүктөнө олтуруп иштеди. Чек арадагы сакчылар пунктуна окшотуп, олтурган жайына темир керебет коюп, бир ай эч жакка жылбай көшөрө иштеди. Киного азгыргандар, “агайлап” тийиштик эткендер канча, бирине да көңүлү чаппады. Ырас, Турдукан эки жолу келип, куттуктап, тамак-аш алып келип жүрдү. Советтик кеңсе ыйык сакталганы абийир го.

Чекиров да бойдок жигитти сыртынан бактырып, чекисттерге акмалатты. Жети жыл бою чеп кайтарып, кыраакылыкка сугарылган старший лейтенанттан ийненин көзүнчөлүк кемтик таба албай, анын болот сымал сугарылган эрктүүлүгүнө таң калышты. Ал тургай ошол бир айдын ичиндеги сыртынан көзөмөл эткендер Токтосундун жүрүм-турумуна мүнөздөмө жазышты. Чекиров аны атайлап катып койду.

Бир айдын ичинде аткаруу комитетинин ишине толук түшүндү.Ал тургай иш өрлөдү, аткаруу комитетине кагаз үчүн келип, кейип кеткендер жок. Бардык көрсөтмөлөр так аткарылат, иш кагаздар ирээттүү, эмгекчилердин айрым иштерин айыл кеңеши гана бүткөргүдөй макулдашып алышты. Райондогулар Токтосунду толук билип, ишине жана адамкерчилигине ыраазы.
III
Чогулуштун көптүгүн айтасыңбы? Бюросу болобу, аткаруу комитетинин заседаниеси болобу, кечинде башталып, таңга жуук барып аяктайт. Куш уйкулуу жетекчилер бир аз гана тук этет; кайрадан жумуш, кайрадан иш.

Чек ара түйшүгүнө жедеп дагдыланган Токтосун андай чогулуштарда чым этип койбоду. Иштин жагдайын беш колдой көкүрөккө түйдү. Кай маал болбосун көнө жүргөн иш өндүү жаны жай алды. Кыскасы ага кандай иш болбосун кол учунан бүтүрө турганына көзү жетти; күчүнө ишенди.

Дал ошол күнү түштөн кийин Турдукандын телефондон тартынчаак дабышы эшитилди:

- Саламатсызбы, агай? Ден соолугуңузду, ишиңизди билейин деп чалып жаттым эле. Ишиңиз тыным берер учур болор бекен?

- Ха- ха – ха, Тукен, жаным, түшүндүм. Эми буюрса кол бошоду. Жолугушалы, балким, бүгүн кечинде барып калам, - деди. Ал ошондо гана өзүнүн чоң кемчилигин сезди. Не дегенде, жоокердик күндө махабат, сагынуу, күйүп-бышуу баарын тең унутуп, бүт дили муштумдай жүрөгү менен аскердик антты жана командирдин тапшырмаларын аткарышка дедек эле. Бир нече жыл комсомол уюмунун катчысы болду; ага кошумча сакчылардын командири; атчан аскерлердин нормаларын аткаруу; койчу өзгөлөргө караганда эки-үч эсе коомдук иштерди моюндады. Баса, коммунистке өтүп, партиялык уюмдун катчысы эле. Анысы текке кетпеди; орусча сүйлөй да, жаза да алды. Ал эмгеги бул саам билими жетинчи класс экенине карабай бир нече тепкич жогорулатты.

Аскерде жүргөндө Турдукандын каттарын өзүнчө бир папкага сактап, эриккенде кайра-кайра окуп турган. Анын 1947-жылдын 1-январында жазган катында мындай ыры жүрөгүнө ток тийгендей сестентти:

Ишенип, сүйүп мен сага

Бергемин бекем убада.

“Өзгөрбө” деген бир сөзүң

Өзгөчө батты жаныма

Кадырлашым жан бирге

Кайда деп менден кам жебе

Колуңду бергин коштошуп

Өбөйүн, келчи кетээрде...

Токтосун ушул ырды кайра-кайра окуганда бүт денесин алоологон жалын чарпып, Турдуканды көргүсү келет, кусалыгы ырбайт. Бул ырды кантип жазды экен деп таңданат. Ал бир жолку катында: “Жаш кездеги антыңдан өзгөргөн жоксуңбу?” – деп жазганы ырас. Чынында Токтосун катында күйүп-бышып, кусалыкка туйдурган сөздөрдү табышка куштар эмес эле. Анын үстүнө көркөмдөп, кооздоп жазышка чоркок. Ошол себептен кат саал супсагыраак чыкчу. Бирок кай бир жеринде: “Тукешим, сагындым, аскердик мөөнөтүм бат эле бүткөй эле”, - деп койгон сүйлөмүнө жүрөк дарты да, ак сүйүүсү катылып турчу ...

Оо, дүйнө, десеңчи, махабат кармашкан антты сынайт, махабат сулуулукту эңсейт, түбөлүккө түгөй күтүп, ошого өмүрүн сарпташты жактырат да, үрөн-бутактап өсүшкө муктаж эттирет.

Токтосун да, Турдукан да махабат мыйзамын так аткаргандай болушту. Ошентип экөө кырк тогузунчу жылдын 26-майында баш кошту. Үйлөнүү үлпөтүн курушту. Эми ал кезде, шаар жеринде нанга карточка берүү токтогондон эки гана жылга караган. Тойду колдон келишинче ага туугандары да колдошту. Атасы эки эчкисинин бирин берди. Ашырбай акасы бир торпогун сатып, алты жүз сом акча кошту. Дал ошол убакта акчанын баасы төмөндөп кеткен эле...

Мугалимдердин айлыктары советтик-партиялык кызматкерлер алаар эмгек акысынан эки эсе көп болуучу. Токтосун отпускага келип, бир нече айдан кийин бошоп келгенде үйлөнөбүз деген убадасынан улам Турдукан жууркан, төшөк камдап койгон эле. Анча-мынча керектүү буюмдарын көтөрүнүп, Сузакка көчүп келишти. Үй-жай күткөн соң санаа тыңгылыктуу болуп, ишке да ого бетер шымалана киришти.

Он ай иштеген соң Чекировго абдан жагып калып, өзүнө орун басарлыкка бекиттирди. Бул иште мүлдө райондук аткаруу комитетинин орчундуу иштерин кынтыксыз тындырды.

Элүү биринчи жылдын мартында аны сыналган кадр катарында райондук айыл чарба башкармасынын начальнигине көтөрүштү. Жетекчи кызматка жарар кадрларды партиянын областтык комитети тейлей турган. Демек, Токтосун жөнүндөгү мүнөздөмө обкомго дайын.


IV
Жылдан жылга өзгөрүштөр өр таянып, өлкөнүн экономикасы да, өнөр жайы да, маданий-агартуу, медицина тармактары мүлдө жаңырганы жаңырган. 1951 - жылдын сентябрь айында өлкө башчысы Иосиф Виссарионович Сталиндин демилгеси менен майда чарбаларды бириктирип, ири чарбага айландыруу менен туташ механикалаштыруу жана автоматташтыруу жагы көтөрүлгөн. Анда коммунизмдин алгачкы баскычтары баяндалып, жаңы милдеттер айкындалган. Мурдагы областтык жана райондук жетекчилер ирилешкен чарбаларды жетектесин деп көрсөтүлгөн. Мындай жаңы талапка Токтосун тушукту. Үч колхозду бириктирип, Жданов атындагы чарба аташты да ага Темирбаев Токтосун чектелсин деген кошмо бюронун чечими бекитилди.

Үч колхоздун бири – “Орто Азия”. Эми бул чарбанын атагы алыска жайылганын азыноолак кепке тартсак ошол кездеги тарыхый окуялардын жагдайы келип чыгат. Чарбанын башчысы жоон-жолпусунан келген, тоголок, иреңи суук, кара чаар, көзү томпоюп чыгып турган, мулук кулак, келберсиген мүнөз күткөн киши. Жетимчиликтин азабын тартып жүргөндө Октябрь таңы бактысын ачкан. Чечек оорусунан аман калып, жер коом шериктигинде иштеди. Коммуна уюшулганда мүчө болуп, ал жерде орусчаны чала моңол үйрөнөт да артелде мыкты иштеп, активдерге көзгө көрүнөт. Колхоз курганда алгачкылардан болуп кирип, активдеринин бирине шайланып, эпкиндүү иштейт. Сабатсыздык убагында эжелеп окуганды үйрөнөт да, газета окуй албай, бирөөлөрдөн укканын кайталайт. Бирок жеринде камбыл, тапшырган ишти чечкедей бүтүрөт. Ошонусу менен эл оозуна алынат. СССР Жогорку Советине 1938-жылы 12 – декабрда өткөрүлгөн шайлоодо депутаттыкка Жалалабат областынан Сооронбаев Камбаралы гана көрсөтүлөт. Анткени ал башкарган колхоз пахтадан мол түшүм алган; дан, эт, сүт төгүү жагы да мыкты делинген. Ал кезде депутатка шайланган кишини атайлап, бир милиция кайтарып жүрө турган.

Токтосун качан гана райисполкомдун секретарлыгына шайлангандан тарта Сооронбаевди билип калган. Билими тайкы, иштеген иши, сүйлөгөн сөзү, ал тургай мүнөзү да советтик коомго коошпогон бул кишиге эч ким даап, сын айта албаган. Анткени ал 1946-жылкы шайлоодо кайра шайланат. Союз боюнча кадыр-барктуу дешип бөйпөктөшкөндөр канча дейсиң? Оо, дүйнө-ай, өтө пас, жагымпоз, курулай даңкчыл жана өзүнүн алы-күчүн чактабагандар анын этегине намаз окуп, ал аркылуу даражага жетип, майда мүдөө күтүп алгандарды коё кал. Аны быякка коюп: “Сталин менен эки-үч жолу оозмо-ооз сүйлөшкөн СССР Жогорку Советинин депутаты Сооронбаев Камбаралы биздин акебиз болот”, деп дүмөк көрсөткөндөрүчү. Чынында Сооронбаев Сталин менен көзмө көз сүйлөшкөн көзөл экенине карманаар далил бул. Улуу Ата Мекендик согуш маалында уулу немецтерге колго түшүп калат. Аны биздикилер кайра туткундап алышканда Сталинге кирип барып, камактан бошотуп алган эрдигин аңыз этишет.

Ишенбеске арга жок. Ошентип бул аймакты бөйпөктөтүп алганына дагы бир далил; бюро, же райисполкомдун заседаниеси болгондо атайын киши жиберип, же кадырлуу кишини арага салып чогулушка катышып бериңиз деп суранышат. Ошондо ал колколотуп жатып катышат. Ага өзүнчө жай дайындап, мөмө-жемишти жайнатып, алдына көк чай коюшат. Мына ушунун өзү областтык жана райондук жетекчилердин алсыздыгы, принципсиздиги деп баалады Токтосун. Бирок анын алсыздыгын айгинеледи – колхозу начарлады; түшүм төмөндөдү; элдин ыркы кетти да Сооронбаев баягы-баягы кадыр-баркынан тайды. Көпчүлүк сөзүн укпады. Не дегенде доор андай билимсиз жана чөөт сымал байып бараткандарды боюна чендетпеди. Ал тургай айбы ачылып, чүмбөтү сыйрылды.

Токтосун башкармалыкка жеткени Сооронбаев башкарган чарбадагы былыктын бетин ачты. Көрсө колхоз 320 гектарга пахта планын алган болсо 700 гектарга дейре эккен. Анын эсебинен даңкка жеткен. Демек план ашык аткарылат бекен? Эгиндики деле ошол. Бул эмне көз боёмоочулук эмес бекен? Обком деле, республика деле тымызын билишип, жабык калтырышкан. Анткени Сооронбаев белсемдүү жетекчилердин баарын тең колго алып койгон. Текшерип баргандар да, ага сын айткандар да азабын айдай жеши ажеп эмес. Непада арыз жазып, анын быкыйын чукуган чагым түшүргөн киши айылда жашайм деп ойлоп көрсүн! Бир гана анын айбы жалпы эл аркылуу ачылды.

Экинчи колхоз – “Кызыл байрак”. Бул чарбадан Тешебаев Файзулла Социалисттик эмгектин баатыры аталды. Башкарма болуп турганда чарба кыйла алдыга озду, аны алиге сактап да келди. Дал ошол убакта ал республикалык партиялык окууга жөнөтүлгөн.

Үчүнчү колхоз – Сталин атындагы чарба. Муну майдандан бир колунан ажырап кайткан чала сабат, эки жолу “Даңк ордени” менен сыйланган, эмгек десе эт-бетинен кеткен, калыс жана акыйкатчыл Турдукулов башкарды.

Элүү экинчи жылдын жазы келди. Боюна жалын топтогон, чек арада октолгон, комсомолдук-партиялык кызматкер болуп, туш тарабынан өсүп бараткан Токтосундун ким экенин сынай турган жаз жарк эте күлө бакты. Үч чарбаны туш тарабынан кыдырып, каерге эмне эгилет, пахта кайда себилет, маданий очоктору кандай, кантип өзгөртүшкө болот, айтор ымыян-чымыяндан өйдө мурдагы башкармалар менен акылдашты. Алар ошол чарбада бөлүм башчылары болуп калышты. Булардын арасына социалдык жарыш чектелди.

Планга 600 гектарга буудай эгилсин деп көрсөтүлсө, 1300 гектарга үрөн чачтырды. Биринчи апрелде пахта эгүүнү баштап, ошол эле күнү 60 гектарга чигит эгилди. Бул күндөрдө жаш башкарма бирде мотоцикл менен, бирде бир жарым тонналык машина менен, кээде атчан күн-түн чабагандап жүргөнү жүргөн.

Чек арада жүргөндө атты багып, аны ар кандай тоскоолдуктан секиртип, жууп-тазалап, ал тургай өзүнө тиешелүү берилген канттан атына берип көндүрүп алган эле. Колхоздун карагер аты басыктуу экен. Аны таң заарынан куйрук, жалын тазалап, жем асып бакты. Карагер аны алыстан көрүп кишенеп алат. Атчан кечке маал кеңсеге келе жатып бир ой кылт этти. Үчүнчү бөлүм менен борбордук экинчи бөлүмдүн ортосу араба, трактор, машина менен жүрсө сегиз чакырымга созулат. Ал эми ошол жолдо аң-чөнөк, ылай, бопураган чаң азабыңды айдай жедирет. Бөлүмдөр ортосунда эзели айдалбаган, суу чыкпаган какыр жатчу. Нак ушул жерге жол салып, кум-шагыл төгүп, таптап койсо укмуш болоорун байкады. Суу жетпейт, тапталып жата берет.

- Демек бүгүн кечтен баштоо зарыл. Ошондо төрт километрдик жол бүтөт! – деп өзүнчө сүйлөндү.

Дароо тиешелүү адамдарды чакырып, он күндүн ичинде бүткөрүү мөөнөтүн белгиледи. Ким эмне иш аткарат, баары чийилди. Эртең менен саат сегизде баштамай.

- Ыракмат, үкөм, бизди аскердик тартипке сала турган болдуң, - деди бир колун майданга калтырган Турдукулов кубана. Албетте кыска жолдун салынышы кубана турган иш эмеспи.

Турдукан эрин эркелете карап:

- Бир эле түйшүктө жүргөнүң аздык кылгансып үч колхоздун жүгүн үйүп алдың. Кудай өзүңө кубат берсин, - деди.

- Эл бар эмеспи, эл менен көрө жатарбыз. Элди толкутуш арзан бекен? – деди өзүнө өзү ишене. – Мындан кыйын жана татаал иштер тапшырылат алтын башка.

Ошол түнү ал жарытып уктай албады. Таң эрте туруп, бир аз желип-жортуп, гимнастика ойноду. Андан соң атына жем асып, жалын тарап, жонун, соорусун жууду. Мындан соң өзүнүн бел курчоосунан жогоркусун муздак сууга шапшып, сергип алды.

Турдукан эрте туруп, тамак камдап койду. Токтосун таңкы тамагын тарта ичет да, түшкүсүн опуйтуп, кечкисин кемитет. Кээде ал өлчөмдөн да ашырып жиберген күндөрү болот. Ошентсе да аскердик тартипке көнгөн жаны ашыкча эт албайт.

Карагерине камчы басып, кеңсени көздөй кетип баратса, С-80 тракторуна канал казгычты чиркей албай тракторчу Рахман турган экен. Ал алыстан салам айтып, канал казгычты чиркей албай жатканын билгизип, күнөөлүүдөй жер карады. Эндүү жолдун эки тарабына арык жүргүзүп туруп, орто жерин сүрдүрүп салып, шагыл төксө даңгыр жол дайын болбойбу...

Ырас болгон тура, - деп Токтосун аттан түшө калып. Канал казгыч трактордун темир арканын чиркеп алар барабан айланбай турган экен. Үстүнө чыга калып Токтосун ары-бери бурап көрдү, дың этпеди; камчы менен түрткүлөдү дулкуят; кайра жерге түшө калып, оң колу менен менен тартып көрөйүн деди эле шарт эте барабан айланып кетип, колун орой тартып барабандын ичине сугунду, колу ысый түшүп жогору асылып калбаспы. Темир аркандын бир жеринде тырмагы көгөрүп, аты жогу менен чыпалагы жогоруда илинип турат. Көзүң жамандыкты көрбөсүн. Калган манжалары муштуму менен барабандын ичинде, бирок колу тартылып, билеги көрүнүп турат. Колун эки-үч жолу копшосо эзели коё берчүдөй түрү жок. Рахман:

- Ай, аке, биз эле эптеп жөндөйт элек го, - деп ыйлактап чебеленет. Жакын арада жан адам көрүнбөйт.

- Рахман!

- Оо ...

- Мынабу кара кемер менен колумду бекем байла!

Рахман колун бекем бууп болгон соң:

- Жакын жерден барып, балта таап кел!

- Жарайт, алда кокуй-ай, эми канттик?!- деп безип кетти.

Арадан он-он беш мүнөт не өттү, не өтпөдү Рахманга илээшип эки-үч аял, үч-төрт киши жетип келишип, алаңдашып:

- Олда-а айланайын-ай, менин колу ойноок баламдай турбайбы. Береги трактирчи бүтүрөт эле го, азапка кабылып, - деп бышактады.

- Кудай, арбак колдосун, - деди улгайыңкы аял.

- Рахман, үстүнө чык!

Тигил балтаны көтөрүп,темирдин кырына тура калды.

- Рах-ман, балта менен билекти чаап сал, бошоноюн. – Токтосундун өңү кубарып чыкты.

Рахман балтаны ыргытып жиберип:

- Айланайын аке, мен анте албайм, - деп раистин колун кармалап ыйлап жиберди. Аны көрүп аялдар ыз-быздап, эркектер күңкүлдөйт. Сакалдуу киши:

- Раис уулум, буларды жөндөй турган кишилер табылат эле го. Сени көрүп канча кишинин жүрөгү зирилдеп жатат, - деди салмактана.

Токтосун эки жагын караса олбурлуу, бакыбат, далыйган темир уста балкар Мазан жүгурүп келе жатыптыр. Чукулдап келип үрөйү бузула түштү, жаны ачыган кыязда:

- Кандайча минттиңиз? - деди.

- Мазан, балтаны карма да үстүнө чык.

Далыйган жигит балтаны алып, билекти түрүп салып, чыпалактар майдаланган барабан тарапка көз тигип, жүзүн жыйрып калды.

- Мазан, барабанды айландырсаң баары бир колум соо чыкпайт. Эзилген кол эч нерсеге жарабайт. Баары бир доктор кесип салат. Андан көрө балта менен чорт чаап сал, доом жок. Асылып турганыма бир саат болуп баратат, чап!

Темир уста баш чайкап, үн катпай, барабан тарапты карап турду.

- Чап деп жатам!

Аялдар ыйлап, буркан-шаркан түшүп жүрөт. Сакалчан кара тору киши:

- Басмачылар менен беттешип жүрүп сендей от жүрөк уулду көрбөгөм. Өмүрүңө береке берсин. Элдин иши оңолсун деп отко-сууга түшүп кетме, учкул кыялың бар тура. Эч нерсе эмес, билгендер бошотуп коёт, айланайын. Эл сендей уулдун өмүрүн тилейт, сен өз жаныңа этият жүр, сак жүр, баёо жүр, кудай кубат берсин. Катындар! Токтот!

Карыянын дем-кайратынан Токтосун кубат байлады:

- Мазан, барабанды айландырып көрчү, - деди Токтосун. Анын оң колунан кан жүрбөй сенек болгондой, ал тургай тоңо түшкөндөй сезилди.

Темир уста саал ойлуу туруп:

- Барабан бир эмес, жарым айланганда колуңузду тартып алсаңыз, деп, дагы бир бойлуу жигит экөөлөп, барабанды бир топтон соң жарым айландырды. Он мүнөттөн соң колу эзилип чыкты. Ооруганы сезилбейт, жан серек, бирөөнүн колу сымалданат, сезим өлгөндөй. Сол колу менен кармап, тыяк-быягын караштырып жатса аялдар кудайлап ыйлап жүрүшөт. Бирде салаасы жанчылган колго, бирде эч нерсени сезбеген раиске карап, таңдана бири-бирин тыйган болушат.

Сакалчан карыя белиндеги курун чечип берип:

- Таңгыла, доктурга чапсын, болгула, - деп өкүмдөнөт.

Оң колду бел кур менен эптеп-септеп оротуп алып, шарт карагерине минип, теминип алды. Аскердей үйрөткөн аты учуп жөнөдү. Ээсинин азап чеккенин көрүп, аялдардын ыйлаганын эшитип, зээни кейиген чыгаар, үзөңгү теминтпей, учуп берди дейсиң, артынан эки атчан, бир полуторка машина кууп, чендебей баратышты. Темир жолдун “Токто!” деген белгисине карабай, чаап өткөндө беркилер кала беришти.

Дароо хирургиялык бөлүмгө ат-маты менен кирип барды. Хирургиялык бөлүмдүн башкы врачы сумкаларын көтөрүп, шаша-буша сыртка чыгып келатыптыр. Көрсө аны Токтогулга тезинен келсин деп чакырышкан экен.

- Ой, эмне болду? - деп башкы врач Кононов сестейе түштү. Оң колду көрө коюп Токтосунду колтуктап барып, операциялык үстөлгө олтургузду. Колунун ороосун чечип караганда кан-сөлү жок купкуу, чатырата катуу таңган жерди чечкенде кыркылган, үзүлгөн манжалардан кара кочкул кан ага баштады.

Жамбашка, сол колдун билегине бирден укол бердирди. Бир аз жантайтып коюп, өзү халат кийип, операцияга сестраларды камынтты.

Дары таасир этип, жүрөккө кан толкуттубу-ай, оң колу катуу ооруп, сыздатты белем. Жүрөк ачышып, айтор бир саамга дүкүлдөп сокту. Ошондо гана курун бере салган сакалчан карынын:

- Ээ уулум, жүрөгүңдө от бар турбайбы! – деп, кубат берип, сүйөмөлөгөн сөзүнө кубанды. Чын эле коркунучту сезбеген, тоотуп койбой, алтын башты азапка түртөр жүрөгү бар белем. Кудай коён жүрөк, суу жүрөк, сатылгыч жүрөктү жаштарга бербесин деген ойдун отуна жылынды.

- Ортонуңду алып салайын, баары бир анын деле анча жардамы тийбейт. Кандай дейсиз? – деди Кононов ага жагымдуу ырайда карап.

- Эгер мүмкүнчүлүк болсо калтырганыңыз оң болоор эле ...

Операция тез бүтүп, врач шаша-буша башкы сестрага табыштады:

- Менин кабинетимдеги керебетке жаткырып тургула, кайыр, жолдош ишке күйүп-бышкан баш-кар-ма, -деп далыдан таптап жөнөп кетти. Ошол оро-парада Турдукан келди. Көзү жашылданып, ыйлаганы сезилип турат. Ал жай сурап, санаасы тынды. Ага удаа атасы, туугандары келишти.

Төрт күндөн кийин Кононов Токтогулдан райкомдун биринчи секретарын сокур ичеги боюнча операция жасап кайтты.

Көк шиберлүү бактын ичине жакшы палатка тиктирип, эки керебет койгузду. Биринде – Токтосун, биринде Жалалабат облисполкомдун секретары – Алиев.

- Көк шибердин, бак-дарактын жыты, таза аба силерди бат сакайтсын, - деп доктор күлүп жайнап, көңүл жайкайт.

Бир жумадан соң обкомдун экинчи секретары Синескин, райкомдун биринчи секретары Моминов, райисполкомдун төрагасы –Чекиров – үчөө көргөнү келишти. Амандык сурашкан соң Кононовду чакыртып, ал-жайын билишке кызыгышты.

Доктордун дегени бул:

- Алакан тамырлары бүт жанчылган, салаалары эзилген, кеминде бир ай дарылансын.

Моминов менен Чекиров алгачкы операция жасаган күнү кечинде келишкен. Жетекчинин мүнөзү, жүрүм-туруму оор басырык келип, ар бир адисти өзүнүн ишине коюп, үстүртөн байкоо жүргүзүп туруу керек деп эскертишти. Чекиров ага боордош агасындай ылым саноочу. Бул саам да жумшак, аярлуу маанайда дегени бул:

- Кудай сактаптыр, колуңду жулуп кетсе не күндү көрмөксүң. Анан калса, трактор, машина, мотоциклге көп жармашасың. Балалык кыялды сууга сал, сен эми чоң ирилешкен колхоздун башкармасы эмессиңби. Ушуну эсиңе тут.

Анын сөзүн Моминов кубаттап, ак тилегин туйгузду:

- Али жашсың, күч кубатың мол, бош убакыт таап, билимиңди көтөрө жүр. Азыр өлкөдө зор өзгөрүштөр өр таянды.

Экөөнүн ак тилектерине ыраазы болуп, өзүнчө ойго чөмүлдү: “Жакшы көргөндүктөн айтып жатышат. Эмне сурасам колхозго түк аяшпайт” . Ушул ой анын оорусун алаксытып, көөдөнгө от жаккан.

Ал эми бул саам Синескин болуп келишкени да анын зоболосун көтөрүп койду.

Синескин Чекировго муну табыштады:

- Аламанов Москвага кетип баратып, мындай деди. Ждановдун башкармасы ооруканага жатып калыптыр. Барып чарбасын түгөл байкап кайт, - дегенинен кечөө аралап көрсөм пахта толук эгилиптир. Кызуу төл маалы экен. Кош айдоо аяктап баратыптыр. Албетте кемчиликтер арбын, ошондуктан, жолдош Чекиров, Сиз обкомдун уполномочени катары чарбага такай барып туруңуз.

- Жарайт, - деп Чекиров Токтосунга карап баш ийкеди.

Колхоздо башкарманын орун басары Калбай аке баш, көз этип турган болчу.

Булар сыркоолууну көргөнү келишкени менен чарбанын иши, коомдун өсүшү, айылдын кем-карчы жөнүндө такай санаасы тынчыбай жүрүшкөнүн туюнтушту.


* * *
Ушундай күндөрдө сыркоолууну көрүүгө эки жашар уулун көтөрүп Алиевдин ак саргыл аялы келди. Уулу атасын көрө коюп:

- Атаке, айыктыңбы, - деп эркелеп, мойнуна асылды. Ошол көрүнүш Токтосундун сезимине бүлүк салды. Ал баланын эркелеп күлүп, бир саатка жакын убакта жан жыргаткан мүнөзү менен көңүлдү көтөрүп салганына бир чети кубанды, бир чети Турдукан экөө баш кошконуна төртүнчү жылга баш коюп баратса да субай салтаң, ушуга кубарды.

Ушул кечтен баштап санаасы уйгу-туйгу... Бала дегенди ал эми гана сезди ыраңдуу. Мурда деле балам жок деп айтып калчу. Ушул кечтен баштап мындан бир жыл мурда Маркайга көбүрөөк катташы адат болуп кеткен. Ошондо бир асыл ойдун үрөнү көөдөнүнө жеткен эле. Маркайда колхоздун башкармасы Борбу деген киши, аялы дүкөнчү эле. Кубат досу ошол колхоздо бухгалтер. Токтосун барган сайын сыйламайын жиберишпейт. Ошондо бир он үч жашар кыз Токтосунга башкача көрүнүп кеткен. Өзүнөн он беш жаш кичүү, бирок анын али айласыз жаш мүчөсү жалтаң-жалтаң этип, жүзүн буруп, уялып турган кыялы көөдөнүн дартка чалдырып салган эле. Айрыкча райондук айыл чарба бөлүмүнүн башчысы болуп турганда Кубат досунун энеси аркылуу айттырып көрсө:

- Кызыбыз он үчтө, жаш. Болбойт го... – деген жоопту уккан.

Бирок кийин колхоздо бухгалтердин карамагында иштеген аял аркылуу бир-ар жарым таанышып, сөз кайыткан учурлары болду. Бирок кусалыгы арбып барат. Ошол жылдын октябрында окуучуларды пахта теримге алып чыгышты. Чыныкан тамак жасап берип жатыптыр. Эбин таап жолугушуу да тозоктой сезилди. Айтор бир арада ээндетип, көзмө-көз дидарлашып, оозмо сөз сыр тартышты. Жетинчи класста окуп жаткан кыздар турмуштун түркүн салаасына ой жүгүртүп калаары кимге дайын эмес. Али чыканактай, бели бир тутам, жаңы гана али ачылаар ачылбаган роза гүлүнүн чанагы сымалданат. Чачын өрүп алган, кара торунун сүйкүмдүүсү, карагат көздө учкун жанып, үлбүрөк уяңкы мүнөзү менен асман түпкүрүндөгү бүлбүл жанган жылдызды элестетет. Токтосундун оюна каршы эместигин туйгузгансып:

- Ата-энемсиз өзүмдү өзүм бийлей албайм да. Алдыбызда мектеп экзамени күтүп турат, - деп гана үн катты. Ушул сырдуу жоопту уккан соң Токтосундун ичи элжиреп, бооруна кысып, өпкүлөп жиберди. Кыз уялып, жүзүн ала качкан өңдөнөт. Кыздын желке чачтарындагы ууз жыты Токтосунду мас кылган. Нарыдан кобур-кобур үн эшитилип, Токтосун оолай берген. Экөө тең уялыңкы кош айтышты. Ошол күндөн баштап ашыктык дарты көөдөнүн зилдеп барат. Бул күн 1951-жылдын 18-октябры эле. Бул күн өмүрүнө атаар таңдай күн сайын окуусун бүтөөр мезгилди күсөп турду.

... Ооруканада жатып ушуларды ойлой келсе тула бою жалынга какталды. Колун барабан жанчыратканда жүрөгү кандай зыркыраса, бала жөнүндөгү ой улам тереңдеп, утуру алоологон өрт сымал канын кайнатып барат. Буга кошул-ташыл атасы үйүнө келип конбой кетет. Айына эки-үч курдай каттап турсун деп ат сатып берген. “Ата, консоңуз боло”, - деп суранса эркелетээр бала болбогон соң токтоно албайт экемин дегенде эт жүрөгү мында бир жабыркады. Бир тууган таякеси: “Сен ушул куу шыйрак катын менен жүрө бересиңби?”- дегени көөдөнүн жара тилип, туз сээп салгандай ачыштырган. Ансыз дале: “Мен теңдүүлөр эки-үч балалуу болуп калышты”, - деп ичтен эзилип жүрбөдү беле ...

“Кызматын ала коюшсун, Чыныкан жетинчисин бүтөөрү менен баш кошом” деген убадага ооруканада жатып биротоло бекиди.


IV
Обкомдун экинчи секретары Синескин кеткендин эртеси Чекиров келип:

- Эртең мени менен кошо колхозго баралы. Ишти ошол жерден сүйлөшөлү, сен Кононовго айтпай коё тур. Кайра келип дарыланасың, деди.

Колун мойнуна асып алып кеңсеге барса эл көрөбүз деп үймөлөктөп келишти. Активдер менен макулдашып, ар бирине тиешелүү так тапшырмалар берилди. Раистин беш манжаларынан кан акканын көрүшүп:

- Ой, айланайын, мындай чыдамсыз болосуңбу? Колхоздун иши эзели бүтпөйт. Отузунчу жылдардан бери өмүрдү сарптап келебиз. Элиң ынтымактуу, жапа тырмак башмалдак атып жүрүшөт. Төл жүзүнө жүз жыйырмадан козу айланат дегенди тарыхта укпаганбыз. Жолуң жакшы уулум экенсиң, быйылкы жыл кызылды кырдап үйөөр жыл болсун, - деп баягы курун чечип берген кара сакал карыя жаншап, ак батасын төктү.

- Айтканыңыз келсин, аба, узак жашаңыз элге баш, көз болуп, - деди Токтосун күлүмсүрөп.

Айтор, бул күнү кечте айыл айылда:

- Раис каны токтой элек колун мойнуна асып алып, кеңседе жүрөт, - деген кепти эшитип алышып, журт журту менен боор ооруп, эмгек талаасына чөп алачык жасап алышып түнөштү.

Булардын багына жай айы жаанчыл келип, эгини ыкшалып чыкты белем. Пахтасы андан бетер көз кайкып, өсүшү мыкты.

Эмгек казаны жай саратаны түшкөндөн тарта боркулдап кайнады дей бер. Колхоздогу наабайканалар нан жаап жетише алышпайт. Кары картаң жашына карабай, сексен таяп калганы да тыным албай, тырмалаңдап жүрсө, кайсыл кайсар карап жатмак. Төтөн орок маалы азапты абдан жедирди. Орокчулар үй-бүлөсү менен казан тулгасын артына барып талаада. Үч кезмектеп орушат. Анын үстүнө буудайды арбын айдап алышып азабын да тартышты, асылын да көрүштү.

Бир жери көп балалуулардын чоңу ата-энесинин ордуна келсе, кайра кайрып жиберишет. Балдарды эмгекке салууга тыюу салынган. Ошентсе да үй-бүлөсү менен орок маалында көчүп барыштын жабык сыры – балдарга буудайдан бадырак кууруп бермей, жаргылчагы барлар талкан тартып, жарма жасап ичкендери бар.

Кол менен оруп, бооланган эгинди чийне менен кырманга ташып келишип, моло таш менен басышат. Сасык-булактын талаасына алты кырман жасашты. Эл күн-түн ошол жерде.

Актив аттуулар кызыл сапырышып, тазалап, эртеси мамлекетке кызыл кире аркылуу төгүшөт. Ошентип үч айда эгинди зорго бүтуштү. 1300 гектарда 2500 тоннадан ашык кызыл сузушту. План боюнча 400 тонна буудайды мамлекетке жөнөтмөк болсо, 700 тонна өткөрүштү.

Элге сегиз айлык эмгек акысын кырмандын өзүнөн таратышты. Эл батыра албай, базарга сатып, кийим-кечек алышып, мал күтүштү.

Пахтадан бир миллион төрт жүз миң сом киреше алышкан. Аны да эмгек акыга таратып беришти. Ошентип эл колхоздон убай көрөрүнө көздөрү жетти.

Күзүндө элдин ирегесинен май аккан райондо эки гана колхоз –Сталин жана Жданов атындагы ири чарбаларда болду.

Дал ушул түшүмдүү жылы Токтосун партиянын областтык комитетинин конференциясында обкомго мүчөлүккө шайланды. Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин IX съездине чечүүчү добуш менен катышты.

Съездде обкомдун секретары Аламанов доклад жасап, областтагы эң жаш башкарманын ийгилигин баса көрсөттү. Ошентип Токтосун республиканын аймагына таанылды.



1   2   3   4   5   6   7   8   9   10


©netref.ru 2017
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет