Түрк тилдүү элдердин саны канча жана алар кайсы тилдерде сүйлөшөт?



жүктеу 53.15 Kb.
Дата28.04.2016
өлшемі53.15 Kb.
:
Түрк тилдүү элдердин саны канча жана алар кайсы тилдерде сүйлөшөт?
Эл аралык статистиканын 1994-жылкы маалыматы боюнча жер жүзүндөгү түрк тилдүү элдердин жалпы саны - 149 миллион, 182 миң. Алар төмөнкү түрк тилдеринде сүйлөшөт: түрк - 65,7 млн.; өзбек - 20, 9 млн.; азербайжан - 17,1 млн.; казак- 11,5 млн.; уйгур - 8,6 млн.; татар - 8,5 млн.; түркмөн -5,4 млн.; кыргыз - 3,3 млн.; чуваш - 2,5 млн.; башкырт - 2,0 млн; кырым - 790 миң, кашкай - 785 миң, кызылбаш - 630 миң, каракалпак - 475 миң, саха - 400 миң, шаксыбан - 320 миң, кумук - 315 миң, тува - 250 миң: месхет - 225 миң, гагауз - 223 миң, карачай - 170 миң, кипрликтер - 155 миң, карапапак - 105 миң, салар - 95 миң, хакас - 93 миң, ногой - 90 миң, алтай - 85 миң, букара еврейлери - 40 миң, хажар - 38 миң, карадаг - 35 миң, уранкай - 30 миң, шор - 20 миң, сары уйгур - 14 миң, хотан - 5 миң, карайым - 4 миң, кырымчак - 2 миң, тона - 1 миң.


Тypk тилдүү элдер жер шарынын кайсы аймактарында жашашат?
Болжол менен жалпы саны 150 миллионго жеткен түрк тилдүү элдер жер шарынын дээрлик бардык аймактары боюнча тараган. 1994-жылдагы маалымат боюнча алар жер шарынын төмөнкү региондорунда жайгашкан:

1.Чет өлкөлүк Азияда - 75 млн. 305 миң.

Анын ичинде:

Түркияда - 51 млн.

Иранда - 12 млн. 280 миң

Кытайда - 9 млн. 100 миң

Ооганстанда - 2 млн. 150 мин

Араб өлкөлөрүндө - 500 миң

Монголияда - 186 миң

Башка өлкөлөрүндө -115 миң



2.Мурунку Советтер Союзунда - 53 млн. 431 миң.

Анын ичинде:

Орто Азияда - 24 млн. 500 миң

Урал жана Волга боюнда - 10 млн. 231 миң

Казакстанда - 8 млн. 350 миң

Кавказ жана Крымда - 7 млн. 380 миң

Сибирь, Ыраакы Чыгышта - 1 млн. 600 миң

Европалык аймакта - 1 млн. 250 миң

3.Европалык чет өлкөлөрдө - 4 млн. 500 миң.

Анын ичинде:

Балкан өлкөлөрүндө - 2 млн. 400 миң

Түндүк Европада - 1 млн.500 миң

Түштүк Европада - 600 миң

4.Түндүк Америкада - 120 миң

5.Африкада - 55 миң

6.Латын Америкасында - 40 миң

7.Австралияда - 25 миң

Түрк тилдеринин соңку бөлүштүрүлүшү (классификациясы) кандай?
Түрк тилдерине кызыгуу XIX, XX кылымдар кеңири жайылып, аларды классификациялоонун бир нече варианттары иштелип чыккан. Алардын айрымдары азыркы түркология илиминде да колдонулуп келе жатат. 1994-жылдагы бөлүштүрүүдө түрк тилдерин беш топко бөлүп, анда 40 (кырк) тил жана 100 (жүз) диалект бар деп көрсөтүлгөн.

1.Карлук тобу: бардыгы 9 тил (кыргыз, саха, тува, хакас, алтай, уранхай, шор, долган-топа). Бул тилдерде 4 млн. 186 миң киши сүйлөп, жалпы түрк тилдеринин 3 % түзөт.

2.Огуз тобу: бардыгы 6 тил (түркмөн, кашкай, кызыл баш, аншар, шахсыбан, карадаг) Бул тилдерде 7 млн. 550 миң киши сүйлөп, жалпы түрк тилдеринин

5 % түзөт.

3.Кыпчак тобу: бардыгы 12 тил (казак, татар, чуваш, башкырт, крым татар, кара калпак, кумук, карачай, малкар, ногой, карайым, кырымчак) Бул тилдерде 25 млн. 246 миң киши сүйлөп, жалпы түрк тилдеринин 17 % түзөт.

4.Чагатай тобу: бардыгы 6 тил (өзбек, уйгур, салар, букара еврейлер, сэры уйгур, хотан) Бул тилдерде 29 млн. 654 миң киши сүйлөп, жалпы түрк тилдеринин 20 % түзөт.

5.Селжук тобу: бардыгы 7 тил ( түрк, азербайжан, месхет, гагауз, кипр түрктөрү, карапапак, хажар). Бул тилдерде 82 млн. 346 миң киши сүйлөп, жалпы түрк тилдеринин 55 % түзөт.


ТЏРК ТИЛДЏЏ ЭЛДЕР ЖАШАГАН АЙМАКТАР:


  • Литва, Белоруссия, Украинанын батыш райондорунда жана Молдавиянын тџштџгџндљ гагауздар, крым татарлары, караим, крымчактар, урумдар;

  • Кавказ аймагында азербайжан, кумук, карачай, балкарлар;

  • Волга боюнда, Уралда татар, башкыр, чуваштар;

  • Орто Азия жана Казакстанда љзбек, уйгур, казак, каракалпак, тџркмљн, кыргыздар;

  • Турция, Кипр, Сирия, Ирак, Ливан, Сауд Аравия, Болгария, Югославия, Греция, Румыния, Франция, Улуу Британия, ФРГ, Италия, Бельгия, Швейцарияда тџрктљр, татар, гагауздар;

  • Иранда азербайжан, тџркмљн, кашкай, афшарлар;

  • Иракта тџркмљн, тџрктљр;

  • Афганистанда тџркмљн, каракалпак, казак, љзбектер;

  • Монголияда казак, тувалар ж.б.

Негизинен тџрк тилдџџ элдер Сибирдин Лена дарыясынын бассейнинен тарта Жер Ортолук дењиздин чыгыш жээктерине чейинки аралыкка тараган. Тџндџгџнљн урал; тџштџгџнљн иран, семит; чыгышынан тунгус-манжур, монгол, кытай; батышынан славян жана кээ бир индоевропа тилдеринде (грек, албан, румын) сџйлљгљн элдер менен тџздљн-тџз байланышат.
ТЏРК ТИЛДЏЏ ЭЛДЕРДИН САНЫ:

  • КМШ љлкљлљрџндљ - 46109 мињ киши ( љзбектер - 16474 мињ, казактар -7931 мињ, азербайжандар - 6656 мињ, татарлар - 5773 мињ ж.б.);

  • Азияда - 59760 мињ;

  • Европада - 2340 мињ;

  • Америкада - 90 мињ;

  • Африкада - 36 мињ;

  • Австралияда - 12 мињ ж.б.

(Дџйнљ тилдери энциклопедиясы.- 2-том: Тџрк тилдери.- 1997.)
БАЙЫРКЫ ТЏРК ТИЛДЕРИ:

Булгар, гунн, байыркы уйгур, карахан-уйгур, мамлюк-кыпчак, огуз, орхон-енисей, печенег, половец, байыркы тџрк, эски љзбек, хазар, хорезм-тџрк, чагатай.



АЗЫРКЫ ТЏРК ТИЛДЕРИ:

Азербайжан, алтай, балкар, башкыр, гагауз, долган, казак, караим, каракалпак, карачай-балкар, кыргыз, крым-татар, крымчак, кумык, татар, тофа, тува, тџрк, тџркмљн, љзбек, уйгур, урум, хакас, чуваш, шор, якут ж.б.



КЫРГЫЗ ТИЛИ
Кыргыз тили - Кыргызстан Республикасында жашаган кыргыз элинин эне тили. Революцияга чейинки булактардан кыргыздарды буруттар, кара кыргыздар деп да аташканы белгилџџ. Ошонун негизинде сџйлљгљн тилдери да бурут, каракыргыз тили деп аталган.

Кыргыз тили - Кыргызстан Республикасынын мамлекеттик тили. Азыркы кыргыз адабий тили – нормага салынган, стилдери љнџккљн, љндџрџштџн бардык тармагын тейлей алган, ар тараптан изилденген, узак тарыхы бар, бай, уккулуктуу, кљркљм тил.
Кыргыз тили дџйнљдљгџ тилдердин генеологиялык классификациясы боюнча Алтай же тџрк-монгол тилдер тобунун тџрк группасындагы тилдердин катарында. Ал эми Н.А.Баскаковдун классификациясына ылайык Тџрк тилдеринин чыгыш хун бутагынын кыргыз – кыпчак группасын алтай тили менен бирдикте тџзљт. Морфологиялык турпаты боюнча агглютинативдџџ тил.
Азыркы кыргыз тилинде территориялык белги негиз болгон эки диалект бљлџнџп кљрџнљт: тџндџк (Ысыккљл, Чџй, Нарын аймактары) жана тџштџк (Ош, Жалалабад, Таластын тџштџк-батыш аймактары).
Алгачкы кыргыз улуттук жазуусу араб графикасынын негизинде тџзџлгљн. Андан соњ 1926-1928-жылдар аралыганда латын алфавити, 1940-жылдары кириллицага негизделген жазуу системасы кабыл алынган.
Академик Б.М.Юнусалиев кыргыз тилинин тарыхый жактан калыптанышынын тљмљндљгџ этаптарын белгилейт:

  • 1-6-к.к. - кыргыздардын Енисейде жашап, хакас, тува тилдери менен жалпы белгилеринин пайда болуу мезгили;

  • 8-13-к.к - кыргыз урууларынын Енисейден Алтайга жылып, тџштџк Алтайда узак убактар жашап, алтай тили менен жакындыктарынын пайда болуу мезгили;

  • 14-16-к.к.- кыргыз элинин Тянь-Шанды жердеши, кыргыз тилинин калыптанышына Орто Азия элдери менен болгон тилдик байланыштын таасири тийген мезгил;

  • 16-кылымдан азыркы мезгилге чейин - жањы кыргыз тилинин мезгили.


Кыргыз тилин изилдљљгљ салым кошкон окумуштуулар: Махмуд Кашгари, Молдо Кылыч, И.Арабаев, К.Тыныстанов, Б.М.Юнусалиев, К.К.Юдахин, И.А.Батманов, Т.Ахматов, К.Сартбаев, Х.Карасаев, А.Жапаров, Б.Орузбаева, ж.



©netref.ru 2017
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет