Диссертациялык кеңеш Д. 09. 09. 398 Кол жазма укугунда (=943. 41)(043. 3) Самыйканов адисбек тынчтыкбекович



Дата20.05.2020
өлшемі173 Kb.
түріДиссертация
Кыргыз республикасынын улуттук илимдер акАдемиясы

философия жана саясий-укуктук изилдӨӨлӨр

институту
Диссертациялык кеңеш Д.09.09.398
Кол жазма укугунда удк:130.2(=943.41)(043.3)

Самыйканов адисБЕК тынчтыкбекович

Социоантропоморфтук тҮшҮнҮктҮн мифоэпикалык формалары
Адистиги: 09.00.03 - философия тарыхы

Философия илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациянын


АВТОРЕФЕРАТЫ

Бишкек 2011

Диссертация Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Философия жана саясий-укуктук изилдөөлөр институтунун философиянын тарыхы жана теориясы бөлүмүндө аткарылды


Илимий жетекчиси: философия илимдеринин доктору,

профессор Бекбоев А.А.



Расмий оппоненттери: философия илимдеринин доктору,

профессор Саралаев Н.К.

философия илимдеринин кандидаты,

доцент Козубаев Ө. К.



Жетектөөчү мекеме: Кыргыз экономикалык университетинин философия жана социалдык-укуктук илимдер кафедрасы
Диссертациялык иш 2011-жылдын 24-июнунда саат 12.00дө Кыргыз Республикасынын УИАсынын Философия жана саясий-укуктук изилдөөлөр институтунун жана Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин алдындагы философия илимдери боюнча докторлук (кандидаттык) диссертацияларды жана культурология боюнча кандидаттык диссертацияларды коргоочу Д. 09.09.398 Диссертациялык кеңештин жыйынында корголот. Дареги: 720071, Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 265-а.

Диссертация менен Кыргыз Республикасынын УИАсынын Борбордук илимий китепканасында таанышууга болот (720071, Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 265-а).


Автореферат 2011-жылдын 23 майында таркатылды.

Диссертациялык кеңештин

окумуштуу катчысы, философия

илимдеринин кандидаты АКМАТОВА Н. С.


ИШТИН ЖАЛПЫ МҮНӨЗДӨМӨСҮ

Теманын актуалдуулугу. Аң-сезимдин өнүгүү динамикасын жалпылоонун, анализдөөнүн негизинде калыптанган дүйнө таанымдын философиялык аспектилерин, өткөн доорду илимий-философиялык өңүттө изилдөө Кыргызстанда соңку жылдары олуттуу мааниге ээ болууда.

Руханий маданиятка заманбап мамиле кылуу, тарыхый-маданий баалуулуктардын маңызын чечмелөө мезгилдин талабы менен пайда болгон курч маселелерди чечүүдө жана философиялык мурасты диалектико-материалисттик жаатта тыкат иликтөө, инсан менен социумдун рухий өнүгүүсүндөгү маанилүү факторлордун бири.

Адам менен табиятты изилдөөнүн баштапкы парадигмасын бүгүнкү күндөгү илимий чөйрөдөн четтетүүдө оор абал түзүлүүдө. Себеби, айрым илимий коомчулуктун өкүлдөрү объективдүү дүйнөнүн предметтеринин реалдуулугун жокко чыгарышат жана байыртадан калыптанып, өнүгүп келе жаткан руханий баалуулуктарды коомдук процесс катары карабай аларды бириктирүүгө аракет жасашууда. Мына ушундай абал изилденип жаткан маселенин актуалдуулугун шарттап турат. Маданиятты сактоо, аны коомдун моралдык-нравалык кыйроосунан жана вандализмден коргоо бир улуттун эле эмес жалпы эле адамзаттын ыйык милдети болуп саналат.

Бүгүнкү күндүн талабына ылайык пайда болгон суроолорго жооп издөө философтордун, тарыхчылардын гана маселеси эмес бул көрүнүш бардык илимдердин изилдөө объектисине айланды. Анткени, илимдер ортосундагы диалектикалык катнаш, калыптанган дүйнө тааным системасынын ички маңызын объективдүү баалоого ыңгайлуу шарт түзүп берет.

Акыркы убактарда байыркы кыргыздардын руханий мурастарын ар тараптуу, терең илимий изилдөөгө алуу илим жаатында жанданууда. Бул көрүнүш кыргыз элинин улуттук аң-сезиминин ойгонушуна, ошондой эле бүгүнкү күндөгү дүйнөлүк масштабда жүрүп жаткан процесстерде өз ордун сактап калуу зарылчылыгына байланыштуу. Кыргыз ойчулдарынын философиялык чыгармаларын анализдөө менен реалдуу дүйнөнү мифоэпикалык кабылдоонун башатын билүүгө болот. Бирок, бул маселенин түшүнүк-категориялдык аппаратын изилдөөгө жетишээрлик деңгээлде көңүл бурулбай келет. Мындай проблемалардын катарына антропоморфтук түшүнүгү да кирет. Кыргыз элинин антропоморфтук түшүнүктөрү иш жүзүндө илимий жактан иштелбеген маселе боюнча калып келүүдө десек аша чапкандык болбойт. Айтылган проблеманы тарыхый-логикалык анализдөө жалпы философиялык салттардын калыптануу өзгөчөлүктөрүн бөлүп кароого жана алардын дүйнө тааным системасындагы маңызын кененирээк ачып берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Мындай илимий иликтөөлөр философиянын бүткүл дүйнөлүк тарыхынын бирдиктүү теориясынын өнүгүшүндө зор мааниге ээ. Ошол эле учурда ал кандайдыр бир деңгээлде тарыхый-философиялык аспекттин концептуалдык маңызын байытат жана аксиологиялык, гноселогиялык негиздерди тигил же бул концепцияда илимий өңүттө ачып берет.

Кыргыз дүйнө таанымындагы социоантропоморфтук түшүнүктөрдү тарыхый-философиялык өңүттө азыркы илимдин өзөгү аркылуу диалектиканын категорияларынын системасында терең иликтөө абзел. Себеби, категориялардын тутумунда изилдөөгө алынган объекттин концептуалдык өзгөчөлүктөрү жана маңызы чагылдырылат. Ошондуктан кыргыздардын дүйнө туюмунун ушул жаатта иликтениши проблеманын актуалдуулугунун өзөгүн түзөт. Байыркы доорлордо калыптанган философиялык көз-караштардын системасын тарыхый-философиялык аңдоо алардын реалдуу дүйнөнү өзгөчө формада сүрөттөгөндүгүн аныктоого мүмкүндүк түзүлөт. Же болбосо улуттук рухтун тамыры өткөн заманга барып такалаарын тастыктоого болот. Ошондуктан, тандалган теманын актуалдуулугу кыргыз улутунун алмустактан келе жаткан бай руханий байлыгына, цивилизациясынын башатына болгон кызыгуусуна гана түрткү болбостон, учурдагы адамзат коомчулугунда өз ордун табууга өбөлгө боло алат.

Белгилей кетчү нерсе, иликтөөгө алынган маселенин негизинде коом менен жаратылыштын ортосундагы диалектикалык карым катыштар, кубулуштар, аң-сезимдин калыптануусу кыргыз элинин мифоэпикалык чыгармаларында чагылдырылышынын изилдениши. Бул албетте, тандалган теманын актуалдуулугунун дагы бир өзгөчөлүгүн далилдеп турат. Байыркы муундардан мифтик дүйнө таанымдын негизинде мурас болуп калган оозеки чыгармалардагы аналитикалык ой-жүгүртүүдө өзгөчө басым жасалат.

Изилдөө ишинин иштелип чыгуу даражасы. Бул маселеге арналган илимий эмгектерди шарттуу түрдө төмөндөгүдөй топторго бөлүп кароого болот: 1) миф дүйнөнү таануунун өзгөчө формасы катары изилдеген илимий эмгектер; 2) динге чейинки жана диний көз-караштардын диалектикасына арналган илимий изилдөөлөр; 3) эпикалык жана элдик оозеки чыгармалардын дүйнө таануудагы ордун аныктоого багытталган изилдөөлөр.

Бул проблемага алгачкылардан болуп француз окумуштуулары Леви-Брюл, Клод Леви-Стросс кайрылышкан. Француз социологу жана криминологу Габриель Тард айтылган маселени социалдык логика алкагында иликтөөгө алган. Австрия психологу К.Г. Юнг дүйнө таанымдагы архетиптердин ордун аныктоого аракет жасаган. Н. Гартман, Юнг Кронер, П. В. Симонов, П. М. Ершов руханий болмуштун кубулуштарынын мыйзам ченемдүүлүктөрүн изилдөөнү максат кылышкан.

Ал эми мифологиялык аң-сезимдин табиятын изилдөөгө багытталган илимий эмгектерди төмөндөгүдөй бөлүп кароого болот: 1) филология илиминин негизинде О. Н. Фрейденберг, Е. М. Мелетинский., В. В. Радлов жана башкалар изилдешкен. 2) мифтик көз-караштын фольклордогу ордун

С. А. Токарев, С. М. Абрамзон жана башкалар изилдешкен. 3) Р.А. Арцишевский, Б. С. Буянов ж.б. дүйнө элдеринин мифтерин дүйнө таанымдын алкагында илимий – концептуалдык анализ жүргүзүшкөн.

Бул проблематика кыргызстандык окумуштуулар А. Алтмышбаев.,

Б. Аманалиев., А. Нарынбаев., К. Байжигитов., Г. Бакиева., А. Бекбоев., Ш.Акмолдоева., А., Брудный., А.Исмаилов., А. Какеев., О. Тогусаков.,

М. Жумагулов., А. Байбосунов., Ө. Козубаев., Р. Кыдырбаев., Ы. Мукасов., И. Молдобаев., Ж. Урманбетова., Н. Асанбеков., К. Ибраев, жана башкалардын изилдөөлөрүндө тигил же бул мааниде каралган. Бирок, бул жогоруда келтирилген окумуштуулардын эмгектеринде социоантропоморфтук түшүнүктөрдүн мифоэпикалык формалары жетишээрлик деңгээлде изилденген эмес.

Изилдөөнүн объектиси жана предмети. Диссертациялык изилдөөнүн объектиси мифоэпикалык, социоантропофорфтук феномендердин формалары жана кыргыздардын руханий баалуулуктарын изилдөө болуп саналат. Изилдөөнүн предмети үч багытка бөлүнгөн кыргыздардын философиялык мурастары: 1) мифологиялык дүйнө таануу 2) диний ишенимдер 3) антропологиялык салттын чегиндеги коом жана жаратылыш, адам проблемалары боюнча социалдык-философиялык концепциясы жана тарых, философияны камтыган коомдук-философиялык ой-жүгүртүүлөр.

Изилдөөнүнүн максаты жана милдеттери. Диссертациянын негизги максаты болуп антропоморфизмдин коом менен байланыш маңызын, калыптануусун жана өнүгүү өзгөчөлүгүн концептуалдуу анализдөө жана тарыхый-философиялык эволюциясын көрсөтүү.

Иштин максатына ылайык төмөндөгү милдеттер аныкталды:

- адам, коом, табият түшүнүктөрү социоантропоморфтук феномен катары каралып, алар аркылуу антропоморфизмдин өзгөчө жаратылышын изилдөө;

- мифоэпикалык дүйнө таанымдын негизинде миф, индивид, социум жана жаратылыш түшүнүктөрүнүн диалектикалык байланышын ачып берүү;

- социоантропоморфтук түшүнүктөрдүн байыркы элдердин аң-сезиминде калыптануусунун себептерин, өбөлгөлөрүн аныктоо;

- антропоморфтук түшүнүктөрдүн алкагында пайда болгон байыркы кыргыздардын жаратылышка жасаган өзгөчө мамилесин иликтөө;

- социоантропоморфтук түшүнүктөрдүн кыргыз философемаларындагы ордун тактоо;

Изилдөөнүн илимий жаңылыгы. Изилдөөдө социоантропоморфтук түшүнүктүн мифоэпикалык формалары системалуу анализге алынды. Иштин илимий жаңылыгы катары төмөндөгүдөй компоненттердин жыйындысын кароого болот:

- Социоантропоморфтук түшүнүктөрдүн негизинде кыргыз элинин руханий жашоосунун түпкү маңызы ачылып, илимге чейинки дүйнө таанымдын коомдук аң-сезимдеги орду аныкталды.

- Мифтик көз-караштын чегинде пайда болгон дүйнөнү кабыл алуу, түшүнүү, таануу жана өздөштүрүү процесстери иликтенип социоантропоморфтук феномендин мифоэпикалык табияты ачылды.

- Антропоморфизм социомаданий феномен катары адам, коом жана табияттан бөлүп каралбастыгы аныкталып, социоантропоморфтук түшүнүктөрдүн генезиси такталды.

- Мифологиялык жана мифоэпикалык жамааттык аң-сезим табият кубулуштарын түшүндүрүү кыйынчылыктарынын натыйжасында предметтик образдуу формага ээ болот. Пайда болгон көркөм образдар аркылуу болмуштун маңызы, философиянын негизги суроолору чечмеленгендиги изилденип, табияттын социоантропоморфияланышы мыйзам ченемдүү көрүнүш экендиги белгиленди.

Коргоого сунуш кылынган негизги жоболор. Изилдөөнүн натыйжаларынын негизинде төмөнкүдөй корутундулар коргоого сунуш кылынат:


  1. Илимий жана маданий өнүгүүлөрдүн бирдиктүү алкакта өкүм сүрүшүнүн пайдубалы географиялык шартта пайда болуп, хронологиялык мейкиндикте диалектикалык катнаш менен аныкталат. Алар коомдук аң-сезимдин, философиялык көз-караштардын калыптануусуна түздөн-түз таасир этүүчү фактор болуп эсептелишет.

  2. Илимге чейинки табият, коом туурасындагы билимдер күнүмдүк жашоо тажрыйбасынын негизинде системалаштырылган, башкача айтканда дүйнө таанымдын эмпирикалык базасын түзүшкөн. Натыйжада коомдун протофилософиялык аң-сезиминде табият кубулуштарынын антропоморфияланышын ырааттуулук менен жүзөгө ашырган фактор катары баалоого болот.

  3. Байыркы кыргыз маданиятынын социумдун өнүгүшүнө ылайык трансформацияланышы реалдуу дүйнөнүн коомдук аң-сезимде улам жогорулатылган деңгээлде чагылышын камсыз кылган. Бирок, маданият канчалык өзгөрүүгө, модернизацияга учурабасын социоантропоморфтук түшүнүктөрдө алгачкы дүйнө таанымдын архетиптери сакталып калгандыгы, коомдук эс тутумдун функциясы катары кароого болот.

  4. Бүгүнкү күнгө чейин сакталып келген руханий мурастын эстеликтери өз учурундагы объективдүү дүйнөнү чагылдыруунун өзгөчө формалары болуп саналат. Реалдуулукту көркөм образ аркылуу кабылдоо социоантропоморфтук түшүнүктөрдүн мифоэпикалык алкакта абстракцияланышынын жана адам, коом, табият үчилтигинин диалектикалык маңызын ачып берген каражат катары кароо сунушталды.

Изилдөөнүн теориялык жана практикалык мааниси.

Байыркы кыргыздардын ички руханий байланышын ачып берүү жана дүйнө элдери менен болгон байланышын белгилөө. Ошону менен кыргыздардын философиясынын дүйнө таанымынын мааниси ачылат.

Илимий анализдин бардык жактуу предметтери азыр да болушу мүмкүн. Биз мындай учурларда арбакты, албарстыны, алардын архетиптери менен байланышын мисал келтирсек болот. Мындай учурда биздин эмгектин жардамы менен ишенимдүү түрдө кыргыз философиясы илимий мейкиндикте маданий мыкты салттарды калыптандыруунун жолдору бирден бир метод экендигин белгилей кетүүбүз керек. Чыгыш башкы постулатына ылайык аң-сезимдин бийик деңгээлине жеткизүү башкы максат болуп саналат. Ошондой эле изилдөөдө биринчи жолу философиялык жана руханий башталыштарга негиз болгон мифоэпикалык аспектилер ачылат.

Жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктары атайын философиялык курстарды, философияны изилдөөчүлөр үчүн иштеп чыгууда эске алынышы мүмкүн. Илимий-практикалык маанисинде биздин изилдөө кыргыз философиясынын тарыхын окутуу үчүн мааниге ээ болот.



Диссертациянын апробацияланышы. Изилдөөнүн негизги жоболору жана натыйжалары “Гуманитарные проблемы современности”(Бишкек, 2005, 2006, 2007, 2009), “Современность: философские и правовые проблемы” (Бишкек, 2006, 2009), И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин «Жарчысы» (Бишкек, 2004, 2006, 2007, 2009); аттуу республикалык илимий-теориялык конференциялардын материалдарында чагылдырылган. Илимий изилдөөнүн мазмуну 13 илимий макалада, анын ичинен Казакстандын Билим берүү жана илим Министрлигинин “Поиск” аттуу илимий журналында (Алматы, 2010) апробацияланды.

Диссертация И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Философия жана социалдык илимдер кафедрасынын кеңейтилген жыйынында, КР УИАсынын Философия жана саясий-укуктук изилдөөлөр институтунун философиянын тарыхы жана теориясы, гносеология жана социалдык экология, социалдык философия, эстетика жана этика бөлүмдөрүнүн биргелешкен жыйынында талкууланып, коргоого сунушталган.



Диссертациялык иштин структурасы. Иш киришүүдөн, эки баптан, төрт параграфтан, корутундудан жана пайдаланылган адабияттардын тизмесинен турат. Диссертациялык иштин түзүлүшү изилдөөнүн максаты менен милдеттерин толук чагылдырат.

ИШТИН НЕГИЗГИ МАЗМУНУ

Киришүүдө изилдөө темасынын актуалдуулугу, аны иштеп чыгуу даражасы, изилдөөнүн предмети жана объектиси, максаты, маселелери, жаңычылдыгы ачылат, теоретикалык, тажрыйбалык маанилүүлүгү белгиленет, анын апробациясы, негизги формалары, методологиялык негиздери чагылдырылат.

Ал эми диссертациянын «Социоантропоморфтук феномендин мифоэпикалык табияты» аттуу биринчи бапта антропоморфизмдин келип чыгышынын жана методологиялык негиздерин изилдөөдө түздөн-түз мифологиялык көз-караштын, илимдин жалпы жана жеке методдору изилдөөнүн маани-маңызын жана максатын чечүүгө мүмкүндүк берери көрсөтүлгөн.

Социоантропоморфологиялык иликтөөнүн методологиялык негиздери” аттуу биринчи параграфта коомдун, жаратылыштын синкреттик байланыштарын талдоодо методологиянын колдонулушу жана ар бир адамдын айлана чөйрөгө болгон мамилеси, эмпирикалык деңгээлде түшүнүүсү белгиленет. Коомдук процесстер түздөн-түз байыркы аң-сезим түшүнүгүндө табиятты адамдын жашоосунан бөлүп кароого болбогондугу, ошондой эле тарыхый-логикалык ыкманын негизинде жаратылыш менен коом диалектикалык байланышта жашап келгендиги жана мифоэпикалык чыгармалардагы философиялык түшүнүктөрдүн өз ара байланышы изилденди.

Таанып-билүү ишмердүүлүгүнүн түзүлүштөрү объективдүү реалдуулуктун эмоционалдык чагылдырылышы байыркы антропоморфтук ой-жүгүртүүнүн башаты болуп саналат. Бул антропоморфтук таанымдын өзгөчөлүгү алгачкы адамдын пайда болушунда маанилүү роль ойногон. Антропоморфтук элестетүүлөрдү салыштыруу менен чыныгы турмушту түзүшкөн. Бул номаддардын жашоосу стихиялуу болгондуктан, иллюзияны алып жүрүүчүлөрдөн сактана алышкан эмес жана кандайдыр бир пантеизм да бар экендиги байкалат. Бул позициядан байыркы кыргыздардын антропологизми философиянын “көрөңгөсүнө” ээ болгон жана динди, билимдерди, искусствону жакшы билишкен деген чечимге келсек болот.

Кыргыз элинин ишениминин дүйнө таануучулук синкретизминин контекстинде асман тууралуу, андагы жылдыздарды жердеги адамдар, жаныбарлар менен байланыштырган уламыштар жаралган. Жаратылыштын күчтөрү акырындык менен түрдүү чөйрө жана фигураларды бөлүп, символикалуу түрдө адамзаттык иш-аракеттерге сиңет. Ушул ишенимдердин жаратылыштык жана маданий экология түшүнүктөрү: тоо, жер, токой, талаа, өзөн, дарыя булардын бардыгы жер, суу түшүнүгүнө бириктирилген жана материалдык жашоонун булагы катары “жаратмандык”, “ыйык нерселерди тартуулоочу” болуп адамга руханий жөлөк болгон.

Мындай каада-салт миңдеген жылдардан бери өзүнүн туруктуулугун сактап, адамдардын тибинин калыптанышына, анын дүйнөгө болгон көз-карашына өз салымын кошуп келет. Терминологиясынын бир жактуулугунда методологиялык проблема пайда болот: эмпирикалык изилдөөлөрдө өздүк теоретикалык-таанып-билүүчү маселелерди чечүүгө багытталат. Аталган эки максаттуу функциянын айырмасы эмпирикалык изилдөөнүн эки түрдүү тибин аныктайт.

Биздин көз-карашыбыз боюнча эмпирикалык изилдөөнүн эки тиби социалдык аң-сезимдин гносеологиялык тамырына ээ. Азыркы убакта анын мааниси аныктала элек, жалпы методологиясы жок, ошол эле убакта эмпирикалык жана прикладдык изилдөөлөр менен тыгыз байланышкан. Бул учурда бул терминдердин артында эмне бар экендигин туйбоо туура эмес болуп калмак, тагыраак айтканда аны колдонуунун туруктуулугу түрдүү маанилерде (философиялык-методологиялык адабияттарда, ошондой эле “эмпирикалык” жана “прикладдык” терминдеринин артында) прикладдык изилдөөлөрдү аныктоодо жана аны өзүнчө түшүнүк катары ачып берет.

Эң алгачкы мезгилдеги диний элестетүүлөр таанылбаган, бейтааныш сырткы күчтөрдүн таасиринен коргоого багытталган. К. Маркс “адамдардын мамилелеринин чектелгендиги жаратылыштын кубулуштарына да таасир этүүдө”1. Тээ байыртадан бери адамдар аларды курчап турган дүйнө жөнүндө ойлонуп, анын мыйзамченемдүүлүктөрүн, түзүлүшүнүн сырларын чечүүгө аракет кылышкан. Билимдин жетишсиздиги ал сырларды чечүүгө бөгөт болгон. Ал үчүн мифологияны, салттуу бай фольклорду, эпикалык формаларды колдонушкан. Чындыкты аныктоо жолу аркылуу баштапкы илимге жакындай беришкен. Күнүмдүк турмуштун бир жактуулугу, чектелгендиги, жашоого болгон күрөш абстрактуу категорияларды калыптандыруу үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөрдү берген эмес.

Албетте, жогору жакта белгилегендей, кыргыздарда атайын философиялык эмгектер болбогону менен алардын астрономиялык, ботаникалык, медициналык жана башка маалыматтары философиялык ой жорууларына мүнөздөмө берүүгө арзыйт. Бул жагдайда оозеки чыгармалардын мааниси чоң. М. Горький - “оозеки чыгарманы билбей туруп, элдин чыныгы тарыхын билүүгө болбойт. Байыркы доордон бери фольклор тарыхты бөтөнчө ээрчип, андан кем калбастан келе жатат” деп белгилегени бекеринен эмес.

Өткөн доорлордун тарыхын таанып билүүнүн объективдүү зарылчылыгын Платон, Аристотель, Спиноза, Гегелдер баса белгилешип, кийин ал окуу К. Маркс, Ф. Энгельс, В.И. Ленин тарабынан такталып, толукталып, андан ары өөрчүтүлгөн. Бул айтылгандар өткөндү таанып билүү дегенибиз демейде татаал диалектикалык байланыштарды ичине камтыган көп жактуу процесс экендигин айгинелейт. Себеби өткөн доор, азыркы учур жана келечек деген ушул үч ири мезгил түшүнүктөрүнүн бир бүтүндүгүнөн гана адамзаттын тарыхы түзүлөт, ал үчөөнү бири-биринен бөлүп кароо эч мүмкүн эмес.

Жыйынтыктап айтканда, антропоморфизмдин методологиялык негиздерин изилдөөдө түздөн-түз илимдин жалпы жана жеке методдору изилдөөнүн маани-маңызын жана максатын чечүүгө мүмкүндүк берет. Философиялык жактан карай турган болсок социоантропоморфизм коомдук аң-сезимдин калыптанышында синтетикалык жана систематикалык талдоо өзгөчө методологиялык ыкма катары изилдөө болуп саналат. Анткени коомдук процесстер түздөн-түз байыркы аң-сезим түшүнүгүндө табиятты адамдын жашоосунан айрып кароого болбойт. Тарыхый-логикалык ыкманын негизинде жаратылыш менен коом диалектикалык байланышта жашап келген.



«Социоантропоморфтук түшүнүктөрдүн генезиси» аттуу экинчи параграфта антропоморфизм, социомаданий феноменин келип чыгышынын себеби, адам менен коомдон, жаратылыш менен табияттан бөлүп кароого болбостугу, байыркы мезгилдеги адамдар коомдун, жаратылыштын, дүйнөнүн сырдуулугун чече албагандыгы үчүн түздөн-түз антропоморфтук образды жараткандыгын биле алабыз. Ошонун негизинде антропоморфизмдин пайда болуп, өнүгүп, аксиологиялык өзгөчөлүккө ээ болгондугун, мифоэпикалык чыгармалардан көрө алабыз. Бул маселенин чечилиши тирүү жана жансыз табигый чөйрөнү түзгөн коомдун айырмаланышын жана карым катышын белгилейт.

Кыргыздардын философиясы өзгөчө орунга ээ десек көптүк болбойт, анткени коом өнүккөн сайын өзүнүн басып өткөн доорун философиялык рефлексияга айлантуу менен келечекке умтулат. Социоантропоморфизм түшүнүгүнүн келип чыгышы, анын адам жана табият менен андагы болуп жаткан процесс, кубулуштарды айкындап көрсөтүү бирден бир маселе болуп эсептелет.

Антропоморфизм (грек тилинен antropos-адам жана morhe-түр, форма) түрдүү мифтик заттарды, өсүмдүктөрдү, жаныбарларды адамзаттык психологиялык касиеттер менен жабдуу башкача айтканда жаныбарлардагы психикалык касиеттерди жана жөндөмдүүлүктөрдү элестетүү, бул болсо албетте адамдарга гана тийиштүү нерсе2. Социоантропоморфизм түшүнүгүнө коомдун келип чыгышы, андагы мыйзам ченемдүүлүктөр түздөн-түз түрткү болду десек болот. Дүйнөнү антропоморфтук кабыл алуунун формасы ишенимдердин жана каада-салттардын системасы, адамдын, жаратылыштын ар кандай күчтөрү менен тууганчылык катышын билдирген-тотемизм болуп эсептелет. Мына ушул концепциялар жылмакай эволюционизмге негизделген, редукционисттик жөнөкөйлөштүрүүчүлүк айбанаттардын жана адамдын биологизациялык жүрүш турушунун салыштыруусуна жана коомдук факторлор менен коомдук-тарыхый мыйзам ченемдүүлүккө негизделген.

Элдердин маданий каада-салттарында динге чейинки ишенимдер этномаданий маалыматтарды бере турган булак катары берилет. Шаманизмдин дүйнө таанымы ар түрдүү рухтардын, жандын ишенимине негизделген. Жаратылыштагы ар түрдүү кубулуштарга дагы ар кандай маани беришкен мисалы, жамгыр жаабай, кургакчылык боло турган болсо, жаан тилеп, түлөө өткөрүп, курмандык чалышкан. Ал кыргыздарда дарымчылык деп аталган. Жылан чакканда чагып алган жерге өз дубасын айтып, уунун касиетин азайтышкан. Ал эми «Арбашуу» дубада жылан менен тиктешип, ичинен дубаны кайталашкан. (Уулуу шишиктер дарым ыры, Курду ыры).

Байыркы адамдарда коомдогу кубулуштарды жаратылыштын прцесстерине байланыштыруу табигый нерсе катары түшүндүрүлгөн. Албетте, антропоморфтук ой-жүгүртүүнүн үзүмдөрү коомчулуктун аң-сезиминен дароо эле кете койгон эмес, айбанаттарга жасалган «көрсөтмө процессте» алар официалдуу түрдө тигил же бул кылган күнөөлөрү үчүн жазага тартылышкан. Бирок, изилдөөлөр көрсөткөндөй, «жаратылыш» термини бул учурда коомго чейинки физикалык же биологиялык чындык эмес, кенен маанисинде, «космостук» сөздүн маанисинде колдонулат. Дүйнөнү алгачкы адамдар күнүмдүк түшүнүктөр менен кароонун социоантропоморфтук формасы, дүйнөнү мифологиялык түшүнүү десек болот.

Чындыкты руханий жактан чагылдыруунун бир түрдүү жагы, алардын дүйнөгө болгон көз-карашы бардык нерселерди жана кубулуштарды бири-бири менен байланыштуу кабыл алганында. Бул түшүнүк философияда колдонулат жана «эч кынтыксыз, таанып-билүү», «ой-жүгүртүү», «ойлонуу» деген түшүнүктөр менен коштолот. Ошентсе да «жан» деген сөз көп түрдүү мааниге ээ болгон сөз. «Жан» деген сөздүн негизинде материянын карама-каршы сыяктуу, материалдуу эмес субстанцияны же экзистенцияны билдирген, тагыраак айтканда, эң жогорку жана универсалдуу тепкичи болгон «Кудай» түшүнүгү аркылуу берүүгө болот. Мында жаратылыш түшүнүгүнүн мүмкүнчүлүгү чектелген же болбосо жаратылышынан тыш, четте болот жана жан менен жашоонун ортосундагы субстанциялык байланышты жоготот. Алгачкы коомдук ой-жүгүртүүнүн өзгөчөлүгү конкреттүү-сезимдик болгондугунда, ал теоретикалык абстрактуу эмес, башкача айтканда көбүрөөк көрсөтмөлүү. Алгачкы коомдун адамы жаратылыш күчтөрүн өзүнө антропоморфтук жол менен өздөштүргөн. Антропоморфтук-элестетүү адамдык аффектилер менен байланышкан: антропоморфизм сырткы дүйнөнүн объектисине жана өздүк “мендин” психикасынын өзгөчөлүктөрүнө өткөн. Ал ой-жүгүртүү алгач методологиялык мүнөздө болгон. Бул аң-сезим иллюзиясынын алмаштырып тургандыгы менен мүнөздөлөт. Жандуу жана жансыз касиеттер бири-бирине таасирин тийгизишет, орундары менен алмашат. Жыйынтыгында объекттин сапаты алмашат жана анын кайра жаралуусуна, өзүн-өзү жок кылуусуна алып келет.

Кыргыздардын дүйнө таанымында, алгачкы этабында кыргыздар политеисттер болушкан, башкача айтканда, алар асманга (Теңир), жерге жана сууга сыйынышкан. Бул болсо, жаратылыштын бөлүгү кыргыздардын дүйнө таанымынын алгачкы шарттуу элементи болуп саналат. Мында жаратылыштын негизги гана бөлүгү сыйынууга татыктуу болгон. Жер, суу жашоонун булагы катары саналган.. Бул жашоо образы-кыргыздардын эпикалык калыптануусунун алгачкы кадамы болгон.

Ой-жүгүртүүнүн өнүгүүсүнүн баштапкы стадиясында ааламдын сырын ачуу үчүн байыркы кыргыздар ар түрдүү нерселерди ойлоп чыгарышкан. Байыркы ойчулдардын бири Эпикур ишеним коркунуч менен кошо пайда болот деген. Ал коркунуч: жаратылыш алдында, кудай алдында. Алгачкы адамдардын туюм сезими боюнча, асман менен жер экөө ажырагыс биримдиктеги түшүнүктөр. Көчмөндөрдүн эң ыйык сыйынган нерсеси-Теңир (көк асман). Эң жаман көргөн кишисин “Төбөсү ачык көк урсун” деп каргашкан. Теңир-көчмөндөр үчүн чексиздиктин белгиси, ал көчмөндөрдүн тагдыры менен байланышта болгон. Ч.Валиханов бул туураалуу:“Аллахтын ысымы бул көчмөн калкта көкө теңир деп колдонулат”3 деп белгилеген. Аллах менен теңир кыргыздарда бирдей мааниде колдонулганына төмөнкү бата берүү мисал боло алат: “Теңирим берген бакытты, Тепселесе кетпесин, Кудайым берген бакытты, Кубаласа кетпесин”.

Тилекке каршы биздин байыркы ата-бабаларыбыздын тарыхый учурлары алигиге чейин жетишээрлик деңгээлде изилденип бүтө элек. Мындай абалдын келип чыгышына, кыргыздардын коомдук аң-сезимин тереңирээк изилдөө зарыл десек болот.

Түрк элдеринин тарыхый аң-сезимдүүлүгү элдин духунун өзүн-өзү жаратуу философиялык рефлексиясынын натыйжасында биримдүү процесске жетишкен. Бул процесс албетте эске салуулар, өткөн мезгилдин маданиятынын өнүгүү этаптарын ретроспективдүү баалоо аркылуу иш-жүзүнө ашкан. Узак кылымдык тажрыйбаны алып жүрүүчүлөргө фольклор кирет, ал «элдик акылмандуулук» деген маанини билдирет.

Дүйнөнүн сүрөттөлүшүн өздөрү каалагандай түзүп алуу менен бирге коомдук ишмердүүлүктү өздөрүнүн деңгээлине жараша элестетишкен. Бул багыттагы издөө иштери чыгармачыл потенциалды өнүктүрүүгө өбөлгө болот. Илимий-теориялык түшүнүктөр өздүк-улуттук-теорияны иштеп чыгууда кыргыз коомчулугунун руханий маданиятынын өнүгүүсүн шарттайт.

Коомдук аң-сезим кайсыл жерде жана мезгилде болбосун өзүнө диалектикалык жактан карым-катнашта болгон ички жана тышкы факторлорду камтыйт.

Ар бир калк объективдүү жана субъективдүү шарттарга көз-каранды болуу менен бирге түрдүү мезгилде өзүнүн коңшу элдери менен алака түзүшүп, ички руханий байлыктарын, башка элдин маданиятынын элементтерин өз маданиятына сиңирип, өздөштүрүшкөн.

Кыргыздарда байыркы элдик оозеки чыгармачылыкта сакталып келген ырлардан кабар берет. Мисалы, “Оп майда”, “Бекбекей”, “Шырылдаң”, “Селкинчек” ырларында элдин кыйналган турмушу, күнүмдүк жашоо тиричилигинен алаксуу үчүн ырдалган ырлары адамдарды эс алдырган. “Бекбекей” ырында короодогу койду аңдыган ит куштан сактануу үчүн келин-кыздар, жаш өспүрүмдөр чогулуп алышып, ырдап, карышкырды коркутуу иретинде кыйкырып ырдашкан.

Ушул сыяктуу эпикалык чыгармаларда кыргыз элинин антропоморфтук маданияты биздин ата бабаларыбыздын дүйнө таанымын, дүйнөгө болгон көз-карашын чагылдырат. Ошондой эле тарыхый өзүн-өзү таануу процессин дагы калыптандырууга өбөлгө болот.

Кыргыздар өздөрүнүн эпосторуна башка элдердей искусствого, картиналарга, театрга, адабиятка, тарыхка чагылдырган окуяларды киргизишкен. Кыргыз эпостору оригиналдуу мазмунга, жашоо-турмуштун көп кырдуу жагын сүрөттөгөн окуяларга, элдин, адамдардын тагдырын чагылдырган сюжетке бай. Мисалы, “Кожожаш” эң байыркы мифодрамалык поэма. Анда мергенчи менен жаратылыштын ортосундагы карама - каршылыктуу мамиле, жаратылышка баш ийүүсү менен катар анын ар кандай күчтөрү менен күрөшүүсү, жаратылыш менен адамдын ажырагыс биримдиги баяндалат. Сур эчкинин колдоочусу Кожожашты тукумун бүт кыргандыгы үчүн жазалайт. Мында антропоморфтук нормалар сакталган: “дүйнө менен болгон байланышы”, “жаратылыш менен адамдын байланышы” каралган. Кичи эпос катары саналган “Кожожаштын” контекстинен биз кыргыздардын негизги философиялык категориясын системалаштыра алабыз: бул -“Кыямат” түшүнүгү.

Байыркы түшүнүктөр боюнча жаратылыштын ар бир бөлүгү өзүнүн коргоочусуна ээ. Бул түшүнүк, ишеним биздин күндө дагы өз ордун жогото элек. “Теңир”, “Жараткан” деген түшүнүктөр берген мааниси боюнча бири-бирине чырмалышкан мүнөзгө ээ. Бул түшүнүктөрдүн биринчиси-асманды, экинчиси-бардык жандуу, жансыз нерсени жараткан деген маанини берет. Жаңырган жаңы айды көргөн кыргыз сөзсүз түрдө бата кылып, жакшылыкты тиленген.

Ал эми жылдыздар менен адам тагдырын байланыштырышкан. Асманда жылдыз өчпөй, жанып турса, адам жашап тургандыгынын белгиси, эгер бир жылдыз учуп, өчсө, анда бир адам көз жумду деп ишенишкен. Мындан ар бир адамдын өзүнө тиешелүү жылдызы бар деп жыйынтык чыгарышкан. Келишимдүү, бардык жагы шайма-шай адамды- “жылдыздуу адам” деп айтышкан.

“Балакет”, “балаа” деген түшүнүктөр жамандык, бүтпөгөн жаман нерсе дегенди билдирет. Булар “береке”, “берекет” түшүнүктөрүнүн антоними катары эсептөөгө болот. Адамдар жараткан бул нерселерди алып кетүүсүн суранып, тиленишкен. “Бакыт”, “кут” түшүнүктөрү бирдей мааниге ээ. Экөө тең өйдө жактан берилген жакшы нерсе катары кабыл алынат. Ошондой эле “Бакыт” түшүнүгү алар үчүн кол жеткис ыйык нерсе болгондуктан, ага жетиш үчүн колдон келген нерсенин бардыгын жасашкан. Бакыт кудай тарабынан берилет деп бекем ишенишкен. Мисалы, Үйүңөргө бакыт консун, башыңардан бакыт кетпесин, ак өргөөңөр кут болсун, элиңе кут бол. Бул түшүнүктөрдөн башка “Алкыш” түшүнүгү, карама каршы мааниси -“Каргыш”. Каргыштан абдан коркушкан жана каргышка калбоого аракет жасашкан. Мисалы, башканын каргышы жетпесин ж.б.у.с. Мындай түшүнүктөр “насип”, “ырыскыга” да карама-каршы келет. Бул нерсе дагы кудай тарабынан берилет жана аларды кармап калуу керек деп ишенишкен. Мисалы: ырыс алды ынтымак, ырысың журттан ашсын, теңирим берген насибиң, тебелесе кетпесин.

Кыргыздарда дүйнөнү таанып билүүдө фаталисттик жактарын байкоого болот. Алар өздөрүнүн тагдырына ишенишкен. Мисалы, бешенеңе жазганды көрөсүң. тагдырың тайкы болбосун.

Бул түшүнүктөр бардык жандуу нерселерди, тагыраак айтканда жаралып, жашап, акырында өлүп жок боло тургандар менен тыгыз байланышта болот. Мындан сырткары дагы бир антропоморфтук мүнөзгө ээ “Жашоо”, “Өмүр” түшүнүгү негизги орунда турган. Мисалы, өмүрүң арчадай узун болсун.

Бул келтирилген мисалдын бардыгы байыркы адамдар өздөрүн курчап турган жаратылыш менен тыгыз байланышта болгондугун айгинелеп турат. Мына ушул сыяктуу татаал сыйкырдуу ишеним түшүнүктөрдөн улам байыркы кыргыздардын аң-сезиминин өнүгүшүндөгү антропоморфтук идеялардын жолдорун издөө зарылчылыгы келип чыккан.

Жогорудагы ойду жыйынтыктап айтканда коомдун өнүгүүсүндө конкреттүү тарыхый реалдуулукту субъективдүү өзгөрүүлөргө дуушар болоорун байкасак болот. Анткени антропоморфизмдин адам жана жалпы коомчулуктун аң-сезими менен тыгыз байланышканын билебиз. Себеби коомдун өнүгүүсүндө тышкы жана ички шарттардын аракеттеринин динамикасы, антропоморфтук дүйнө түшүнүктөрү негиз катары коомдун аң-сезиминде стабилдүүлүк, коом менен жаратылыштын ыйыктыгы жана сырдуулугу адамдын, табигый процесстер менен тыгыз экенин, ажырабастыгын көрсөтүүгө аракет кылдык. Коомдун, жаратылыштын сырдуулугун чече албагандыгы үчүн түздөн-түз антропоморфтук образды жараткандыгын тарыхый маалыматтар тастыктайт.

Антропоморфизм байыркы адамдардын аң-сезиминин калыптанышы, белгилүү максатка багытталышы, социалдык кызыкчылыктардын номинализмдин айланасында чагылдырылышы чыныгы реалдуулук болуп эсептелинет. Антропоморфтук түшүнүктөрүндө бае материализмдин элементтери менен синкретизм биригишкен. Антропоморфизм аксиологиялык өзгөчөлүккө ээ болгондуктан табигый түрдө коомдук аң-сезимде орун алып келген.



«Социоантропоморфизмдин конкреттүү тарыхый табияты» аттуу экинчи бапта антропоморфизмдин адам жана жалпы коомдук аң-сезим менен тыгыз байланышы, жаратылыш, коом, адам үчилтигинин диалектикалык өнүгүүсүнүн тарыхый-философиялык табияты изилденди.

«Табияттын социоантропоморфияланышы» деген биринчи параграфта кыргыздардын жаратылыш кубулуштарын түшүндүрүүдө анын өзгөчө касиеттерин, ишенимдүү ыйык деңгээлде сүрөттөшкөн жана ошол мезгилдеги табигый реалдуу процесстер мифологиялык, тарыхый-социомаданий феномен катары философиялык рефлексиянын алкагында изилденди.

Кыргыздардын мындай антропоморфтук элестетүүлөрүнө “Ойсул-ата”, “Чычаң-ата”, “Чолпон-ата” жана ушул сыяктуу мифоэпикалык феномендери кирет. Антропоморфтук ишенимдин ичинен мисалы, тотемизде адам жана жаныбар бир социалдык биримдикке биригет жана бир коомдук турмушта жашайт, анын башкы белгилери тотемди өлтүрүүгө тыюу болуп эсептелет. Адам менен жаратылыштын биримдик идеясы тотемизмдин дүйнө таанууда жана байыркы кыргыздардын жашоо турмушунда негизги ролду ойногон жана өз алдынча архаикалык дүйнө-таанымдын мифологиялык изоморфизмин билдирет.

Бул учурда фольклордук традиция чоң ролду ойной тургандыгын сөзсүз кошуп кетүү керек. Руханий антропоморфтук издөөлөрдүн маанилүү, мүнөздүү белгиси конкреттүү психикалык процесстерди изилдөөгө багытталат.

Жаратылыштын дайым кыймылда жана өзгөрүп туруучу синкретикалуулугу адамда элестетүүлөрүнүн, ой-чабыттарынын өнүгүшүнө, чыгармачыл фантазиясынын өсүшүнө алып келген. Көчмөн мезгилдеги адам жаратылыштан эч качан бөлүнбөйт. Философиянын руханий жаралышы фрагменттик мүнөзгө ээ жана салттуу маданиятка таандык болушу мүмкүн, ал өзүнө накта импульстарды камтыйт, ал эми импульстар келечекте чечилүүгө тийиш. Кыргыздардын дүйнөнү түшүнүүнүн салттуулугу борбордук Азиянын феноменине барып такалат жана ой-жүгүртүү бирдиктүү, тарыхый негизде руханий болмуштун бир варианты катары саналат.

Элдик оозеки чыгармачылыкты анализдөөдө маанилүү орунду рационалдуу-эстетикалык идеялар ээлейт. Алар өзүнүн маанисинин тереңдиги менен гана айырмаланбастан, формасынын кынаптуулугу, ойлорунун ачыктыгы, образдуулугу менен да өзгөчөлөнөт. Байыркы “инстинктүү адам” табиятты өзү сымалдантып, органикалык эмес тело катары элестетип, адам менен жаратылышты окшоштуруп-барабарлоонун натыйжасында социотабигый кубулуштарды “жандандырат”. Табигый нерсе, предметтүү көрүнүш, адамдарга үстөмдүк кылган фантастикалуу сырдуу кубулушка айланат. Адам сымал жанкасиетке ээ болгон мындай нерсе, байыркылардын кыялындагыдай зор күч-кубатка ээ болуп, кандайдыр бир укмуштуудай зарылдыкты элестетет.

Байыркы кыргыздар ыйык жерлерге, мазарларга сыйынышкан. Ата-бабалардын күмбөздөрү, булактар мазар болуп эсептелген. Ошол күндөн биздин күндөргө чейин мазардын бутактарына чүпүрөк байлоо салты сакталып калган. Ал убакта эң рационалдуу вариант катары кийимдин бир үзүмү эсептелген.

Ушундан улам төмөнкүдөй гипотеза келип чыгат: эгер бир болмушту деморкациондук сызыкка сыйлыгыштырсак, башка жагында болмушсуздук орун алат. Алардын чек арасы биздин-түштөр. Түшүбүздө гана бул чек арага бара алабыз. Реалдуу жашоодо түшүндүрүүгө мүмкүн болбогон нерселерди түшүбүздө көрөбүз.

Баарынан мурда динди когнитивдик планда элестетип тууроонун жыйынтыгы деп түшүнүү керек, ал жөнөкөй каада-салт аркылуу берилет. Бирок мифологиялардын бардыгынын аралашуусуна карабастан, дин жогорку даражадагы нерсе болуп эсептелет. Бардык дин, адамдардын тагдырларын мифтик формада берет. Анда мүмкүн болбогон нерселерге чек коюлбайт. Мисалы, бардыгына табышмактуу жана кызыктуу асмандагы жылдыздар тууралуу “Үркөрдүн кызы Үлпүлдөк сулуу” космикалык мифин келтирсек болот. Бул миф “Жети каракчы” Үлпүлдөк сулууну уурдап кетип, артынан апасы куугандыгы тууралуу. Асманга чыга качкан жети каракчы бул “Жетиген” жылдызы. Андан ары “Кичи Жетиген”. Алар жип менен жайытта аркандалып турушат, бул аркандын учу “Кут Жылдызга” такалат. Каракчылар жылкыларды уурдагысы келет, бирок алардын тилеги эч качан аткарылбайт, анткени ар дайым алар уурдаарда таң атып кетет. Бул процесс кылымдар бою кайталанып келет. Берилген мифте кыргыз эли мейкиндик менен мезгилдин сырын ачууга аракет кылгандыгы байкалып турат.

Байыркы адамдар эки методду колдонушкан: алар байкоо жүргүзүү жана эксперименталдык. Эгер кандайдыр бир затка кол тийгизгенден кийин жакшылык болсо, бул зат аларга жакшылык алып келет деп ишенип калышкан.

Ошентсе да аны кудай тандаган соң, ал өзүнө жараша зооморфизмден антропоморфизмге өтүүсүн образдуу бере баштайт. Анткени адам эч качан адамзатты ыйык тутпаган, реалдуу эмес, адамзаттан тышкары нерселерди пир туткан. Бул чындыгында одоно нерсе болгон: жырткыч айбанатка тизе бүгүп сыйынып, аны адамдардан өйдө коюу, аларга өздөрүнүн каарын, жалынын, идеяларын камтышкан.

Бул баштапкы психоморфизм кудайды таануучулуктун элементи болуп эсептелет. Бул төмөнкү эки нерсеге байланыштуу келип чыккан. Биринчиден, адам жаныбарлардан өтүп күчтүү болуп баштаган, аларды улам жеңип, жаныбарлардын баркын көз көрүнөө түшүрүшкөн. Убакыттын өтүшү менен бул жаныбар адамдардын жөн эле кулу экендиги көрүндү. Экинчиден, коомдук мейкиндик кеңейген сайын прогресс жолу менен аймактык ээлөөлөр ар түрдүү диндердин аралашуусуна алып келип, бир нече майдалары чоң динге биригип, уруулар арасында коомдук биримдик пайда болгон.

Жыйынтыктап айта турган болсок табият, коом, адам тыгыз байланышта десек болот. Байыркы адамдар жаратылышты өзүнөн четтеп караган эмес. Эмнеге антропоморфтук образдар жаралды деп айта турган болсок, төмөндөгүдөй ойго келдик. Биздин ойубузча жаратылыштын кубулуштарын түшүндүрө айта албагандыктан улам өзгөчө касиеттерди, а түгүл адамдын мүмкүнчүлүктөрүн жаратылышка таңуулагандыгы табигый реалдуу процесстер болгон. Бул жөнүндө К. Леви Стросстун “Алгачкы аң-сезим” деген чыгармасында өзгөчө белгилегенин билебиз. Ал эми Токаревдин чыгармасы “Диндин алгачкы формалары” аттуу эмгегинде дагы бир ирээт адамдын кыймыл аракеттери жаратылыштын сырларын чечпестен бир бөлүгү катары саналып, ажыраган эмес. Адамдын касиеттери жаратылышта болгондугу фетишизмде адамдын ажырагыс кыялдануусу деп белгилеп кеткен4.



«Социоантропоморфтук экологеманын диалектикалык мүнөзү» аттуу экинчи параграфта жаратылыш, коом, аң-сезим, акыл-эс диалектикалык логиканын бирден бир категориялык аппарат экендиги дагы бир ирээт шартталат. Жогорудагы байланыш социоантропологиялык процесстин табиятынын түзүлүшүн көрсөтөт. Диалектикалык принциптер дүйнө көз-караштын өнүгүшүнө себеп болуп, анын жаратылышка жасаган натыйжасын аныктайт.

Кыргыздардын протофилософиясынын социомаданий аспектилерин терең изилдөө, руханий жашоосуна, мамилелерине таасир этүүсү үчүн, алардын коомдук иерархиясын аныктоо жана гендердик аспектилерин көрсөтүү үчүн санжырага кайрылуу керек. Санжыра-бул элдин, уруунун, уруктун өнүгүүсүн, келип чыгышын ачып берген оозеки уламыш. Ал патриарх доорунда эле пайда болуп, бүгүнкү күнгө чейин өзүнүн алгачкы милдетин, түзүлүшүн жогото элек жана окумуштуулар тарабынан тарыхый булак катары пайдаланып келе жатат. Ошентсе да кыргыздар көчмөн жашоону башынан өткөрүп келгенине карабастан санжыраны ушул күнгө чейин сакталып келди.

Мен киммин? Биз кимбиз?-бул суроолорго жооп берүүгө кыргыздардын ар бири кызыгышат. Кыргыздардын коомдук түзүлүшү төмөнкү макалда жакшы берилген: баатыр-алтоо, бай-төртөө, кедей-сегиз, бий-жалгыз, кул- тогуз. Мындан биз негизги калктын курамын кедейлер түзөөрүн билебиз.

Адам баласы үчүнү миң жылдыктын босогосунда турган кезде көптөгөн проблемаларды чечүү, түшүнүү зарылчылыгы жетилди, анын ичинде жаратылыш да бар. Кээ бир көйгөйлүү маселелер локалдуу мүнөзгө ээ, аларды чечпесе адамзатта жок болуу коркунучу туулат. Мындай маселелерге чечкиндүү түрдө коомдук-экологиялык маселелерди коом менен жаратылыштын өз ара аракеттешүүсүн келтирсек болот.

Кыргыздардын бүткүл тарыхы жана маданияты көчмөндүк жашоо менен тыгыз байланышта болгон. Алар жаратылыштын курчоосунда болуп, жандуу жаратылыш менен биримдикте өнүккөн. Эл оозеки чыгармачылыгы жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн түрлөрүн бир жактуу эмпирикалык таанууну чагылдырган. Минералдарды, аба ырайын, жаратылыш кубулуштарын адам курчап турган дүйнө тууралуу «Манас» эпосунда көркөм образдар аркылуу таасын чагылдырылган. Өзгөчө анда адам менен жаратылыштын органикалык байланышы берилген. Эпосто жаратылыш образдарын жана каармандарын түрдүү өңүттө чагылдырат.

Жаратылыштын күчтөрү чыгарманын каармандарынын жашоосуна сүңгүп кирип, аларга өз максатына жетүүсүнө жардам берген. Көпчүлүк адамдарда жаратылышты органикалык эмес дүйнө катары түшүнүү салттуулугу сакталып келе жатат. Бирок чындыгында баары башкача. Ошондуктан баарынан мурда адамды жаратылыштын борбору катары элестетүүдөн баш тартуу керек, анткени жаратылыш менен адам ар дайым бири-бири менен тыгыз байланышта болуп келет.

Цивилизациянын бүтүү божомолу тууралуу маселе коюлган, бул тууралуу көптөгөн аалымдар коңгуроо кагып келишкен. Келе жаткан алааматты болтурбоо жолдорун табуу маселеси пайда болду. Билимдин бул жаатында коомдук экология болгон, анын максаты адамзаттын коомду изилдөөсү болуп саналат. Ошондуктан “муундан-муунга адамдар өсүмдүктөрдү байкоого алып, алардын зыяндуулугун, пайдалуулугун өз керектөөлөрүнө жумшашкан.



Тарыхый жактан адамдар өсүмдүктөргө, чөпкө, жердин жашыл катмарына өтө этият мамиле кылышкан. Элде: Өсүмдүгү жок жер, өлүм менен барабар, өсүмдүктөр жандуу келишет, аларга мамилебиз жакшы болуш керек”. Ошондуктан алардын билимдери курчап турган дүйнөнүн касиеттери, кубулуштары тууралуу белгилүү бир илимий ой-жүгүртүү системасына жиктелген. Бирок бардык эле кыргыздар практикалык билимдерди конкреттүү билимдерден бөлбөй карашкан жана муундан-муунга өткөрүп беришкен. Дүйнөнү мифологиялык деңгээлде таанууда жаратылыш тирүү нерсе катары кабыл алынган. Ошондуктан элдердин байыркы мифтеринде жаратылыш адам күчтөрү менен байланыштуу, ал эми анын процесстери адамдардын ишмердүүлүгү менен башкача айтканда мифологиялык ой-жүгүртүү сырткы дүйнөнүн кубулуштарын түшүндүрүүдө аларды адамдардын кыймыл-аракеттери менен салыштырып келишет. Ошону менен адам өзүн мифте жан-жаныбарлардан айырмалай албайт.

Адамдын табияты боюнча изилдөө жүргүзүүдө теоретикалык негиз керектелген. Биринчи теоретикалык булак В. И. Вернадскийдин биосфера жана аң-сезимдин ноосферага айланышы тууралуу окуусу эсептелет. Экологиянын калыптанышынын экинчи булагы заманбап техникалаштыруу болуп саналат, алар: адамдын ишмердүүлүгүнүн бардык түрлөрүн жеңилдеткен жана курчап турган жаратылыштык чөйрөгө өз таасирин тийгизген техникалар. Коомдук экологиянын калыптанышынын үчүнчү булагы катары адамдын маңызын ачып берген, ой-жүгүртүү ишмердүүлүгүнүн бардык түрлөрүн коомдук илимдердин комплексин атасак болот. Ошондой эле сезим импульстары, баалуу ориентациялар, тажрыйба ишмердүүлүгүнүн калыптанышы, жана анын ичине жаратылыш менен коомдук чөйрө да кирет. Төртүнчү булак катары, иштелип чыккан глобалдык экологиялык моделдештирүүнү атоого болот.

Жогоруда келтирилген булактардын бардыгында адамзат коомго болгон мамилесин билдирүүгө аракет кылган. Заманбап мезгилдин шарттарында улуттук-маданий маселелердин өөрчүшү чыныгы идеялык мурастар тууралуу ишенимдүү элестетүүгө, аргументтештирүүгө мүмкүндүк берет жана Борбордук Азия элдеринин дүйнө таанымын билгизет.

Экологема-экологиянын социоантропоморфтук формасы. Байыркы убакта экология деген илим болгон эмес. Ошентсе да экологиялык көз-караштар өз учурдун талабына жараша колдонулуп келген. Бүгүнкү күндө көптөгөн ачылыштар пайда болду, алар кыргыздардын маданиятын изилдөөгө арналган. Адам менен жаратылыштын ортосунда кандайдыр бир “заттардын алмашуусу” жүрөт жана ал адам менен коомдун жашоо шарты болуп эсептелет, ошондуктан коомдун өнүгүүсүндө жаратылыштык факторлор эске алынышы керек.

Коомдун жана жаратылыштын бири-бирине таасир этүүсүнүн мүнөзү тарыхый өнүгүүнүн түрдүү этаптарында өзгөрүп турган. Эң алгачкы формасы куралдарга түшүрүлгөн тотемдик белгилер болгон. Үңкүрдөгү, аска беттериндеги сүрөттөр ошол убактарда жаныбарлардын анатомиясы менен жакшы тааныш болгонунан кабар берет: буканын башы тартылган сүрөт табылган, дагы бир сүрөттө пилдин төш жагында жүрөгү тартылган.

Алгачкы адамдар дарылык касиети бар өсүмдүктөрдү билип, аларды өстүрө башташкан.

Алгачкы аң-сезимдин калыптанышынын, өнүгүшүнүн өзгөчөлүктөрүнүн бири, чындыктын мүнөздөмөсүнүн санын чагылдырууда болгон. Сандын категориясынын калыптанышы, предметтердин санын аныктоо жөндөмдөрү алгачкы коомдун аң-сезиминин жетишкендиктеринин бири катары саналат. Археологиянын, антропологиянын, тарыхтын жана башка илимдердин жетишкендиктери, сандык эсептөөлөрдүн алгачкы коомдо пайда болушунун жалпы картинасын келтирүүгө жардам берет.

Ата-бабалар ой-жүгүртүүнүн психологиялык катмарын негиздешкен, тарыхый мезгилдин агымы менен улуттук мүнөзгө ээ болушкан: ар бир доор улуттун өнүгүүсүндө өз изин калтырышкан жана салтты жаратышкан, ошентип, менталитети акырындык менен калыптанган.

Эл оозеки чыгармачылыгы өзүнө жомокторду, макал-лакаптарды, бат айтмаларды, уламыштарды, кичи жана ири эпикалык чыгармаларды, жаратылышка болгон элдик көз-караштарды, өлүм, өмүр, адамдын коомдогу орду тууралуу ой-жүгүртүүлөрдү, чындык, эр жүрөктүүлүк, боорукердик сапаттар тууралуу категорияларды камтыйт. Кыргыз элинде дидактикалык мүнөзгө ээ болгон макалдар убакыттын өтүшү менен өзгөрүүгө ээ болушкан. Ошого карабастан макалдардын түпкү мааниси азыркы күнгө чейин өз маанисин жогото элек. Бул болсо кыргыздар өз нравалык-руханийлүүлүгүнүн маданиятын жогору баалагандыгынан кабар берет.

Коомдук аң-сезим түздөн-түз ар бир адамдын көз-карашынын калыптанышын белгилейт. Ошондуктан экологиялык маселелердин табиятында жаратылышты мифологиялык, диний түшүнүктөрдүн алкагында ой-жүгүртүү белгиленген. Жаратылыш, коом, аң-сезим, акыл-эс диалектикалык категория болуп эсептелинет. Жогорудагы байланыш социоантропологиялык процесстин табиятынын түзүлүшүн көрсөтөт. Жаратылыш-ой-жүгүртүүнүн бирден-бир чагылышынын предмети. Ошол себептен аң-сезимдик өнүгүүгө тилдин өсүүсү, жаратылышта болуп жаткан кубулуштар экологиялык түшүнүктүн пайда болуусун жаратат. Демек диалектикалык принциптер дүйнө көз-караштын түзүлүшүнө, өнүгүшүнө себеп болуп, анын жаратылышка жасаган натыйжасын аныктайт. Биздин оюбузча жогоруда айтылган түшүнүктөр адамдын жаратылышка жасаган мамилеси.

Корутундуда” изилдөөнүн негизги натыйжаларын чагылдырган жалпы логикалык философиялык рефлексиянын деңгээлиндеги жыйынтыктар келтирилди.

1. Элдердин антропоморфтук түшүнүктөрүн тарыхый-философиялык өңүттө изилдөө ааламдашуу, гумандаштыруу процесстериндеги субъект менен объектин ортосундагы диалектикалык байланышындагы концептуалдык жалпылыгын аныктоого ыңгайлуу шарт түзөт. Коомдук аң-сезимдин жана социумдун өнүгүү системасында улуттук салттардын теориялык, социалдык-эпистемологиялык маңызын чечмелөөдө социоантропоморфтук түшүнүктөр негизги каражат болуп саналат. Адам, коом, жаратылыш ортосундагы тыгыз алаканы иликтөө тарыхый-философиялык баалуулуктардын учурдагы социомаданий чөйрөдөгү ордун аныктоодо зарыл илимий шарт болуп саналат. «Миф», «тотемизм», «анимизм», «коом», «мифоэпика», «теңир» түшүнүктөрү адамзаттын социоантропоморфтук дүйнө таанымынын мазмунун ачууда өзгөчө мааниге ээ.

2. Антропоморфизмди тарыхый-цивилизациялык мейкиндикте жана социомаданий мезгилде реалдуу дүйнөнү объективдүү кабылдоодо башкы фактор катары кароого болот. Байыртадан сакталып келген кыргыз элинин маданияты руханий-практикалык процесстерде коомдук болмушту чагылдыруудагы таанымдын ар кандай формаларынын өз ара диалектикалык катнашынын сандан сапатка өзгөрүүсүн шарттап келди. Натыйжада иликтөөгө алынган антропоморфтук феномендин онтологиялык, праксеологиялык, аксиологиялык маңызын жогорку илимий деңгээлде ачып берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Башкача айтканда этникалык маданий болмуштун калыптануу өзгөчөлүгүн аныктоого болот.

3. Жаратылыштын, коомдун, адамдын социомаданий чөйрөдөгү байланышын логико-гносеологиялык аспектиде кароо философиялык көз-караштын өнүгүү тарыхын учурдагы илимий методологиянын категориялары аркылуу синтездөөгө мүмкүндүк берет. «Социоантропоморфизм» түшүнүгү дүйнөнү адекваттуу чагылдыруудагы диалектикалык байланыштын негизинде табияттын, социумдун, инсандын өнүгүү өзгөчөлүгүн аныктайт. Антропоморфизмдин компоненттери болгон «антропоморфтуулук», «антроптуулук», «синкретизм» жана башка түшүнүктөр дүйнө таанымдын тарыхый-философиялык маңызын ачып берүүдөгү негизги зарылдыктар болуп саналат.

4. Кыргыздар башка байыркы элдер сыяктуу эле татаал, тарыхый жолду басып келүү менен биздин күндөргө өздөрүнүн бирдиктүү дүйнөгө болгон көз-караштарын жеткиришти. Өз спецификалык дүйнө таанымдарын, дүйнөнү кабыл алууларын, жеке дүйнөнү түшүнүп-кабыл алууларын сактап калууга өзгөчө татаал система болгон коомдук эстутум өбөлгө түзгөн. Ошол эле учурда кыргыз маданиятынын өнүгүү тарыхында таанымдын ар кандай формаларынын биринен-экинчисине ооп өтүү ырааттуулугун байкоого болот.

Дүйнөнүн башка элдериндей эле кыргыздардын дүйнөтаанымы мифологиялык мүнөзгө ээ болгон. Мифология өзүнө байыркы этностордун дүйнөнү кабылдоолорун, андагы адамдын ордун, жаратылыштык жана социалдык процесстерди ичине камтыйт. Башка улуттардай эле жомоктор жана мифтер, уламыштар руханий түзүлүштө бекем жайгашкан. Алар элдин тарыхый аң-сезимине терең сиңген.

5. Дүйнөнү таануунун тарыхый формасы аны илимий жактан түшүнүү. Борбордук Азияда медицина, математика, астрономия, философия, география, лингвистика өнүккөн жана чыгыш цивилизациясынын өнүгүүсүнө зор салым кошкон.

Жыйынтыгында жалпы мааниге ээ болгон система түзүлгөн жана ал өзүнө баалуулуктар системасын камтыйт, адам менен дүйнөнүн жашоосун кучагына алат.

Диссертациянын негизги мазмуну төмөндөгү макалаларда чагылдырылды:

1. Компаративистский подход к проблеме «Восток-Запад» // И. Арабаев атындагы КМПУнун «Жарчысы». - Бишкек, 2004. - №4. - 193 - 197 - беттер (А.Ш.Кожобекова менен биргеликте).

2. Коомдук аң-сезимдин өнүгүшүндөгү ички жана тышкы факторлордун карым-катнашы // Гуманитарные проблемы современности: Научные труды молодых ученых. - Бишкек, 2005. - №6. - 20 - 24 - беттер.

3. Социоестественная реальность человека (удовлетворенность жизнью) в Кыргызстане // И. Арабаев атындагы КМУнун «Жарчысы». - Бишкек, 2006. - №6. - 190 - 193 - беттер (А. Идинов менен биргеликте).

4. Кыргыз дүйнө таанымындагы адам жана табият биримдиги // Современность: философские и правовые проблемы. - Бишкек, 2006.- 31- 35 - беттер.

5. Социодетерминанты и природа «Фалсафа» // Гуманитарные проблемы современности: Научные труды молодых ученых. - Бишкек, 2006. - №7. - 270 - 275 - беттер (З.А. Алымкулов менен биргеликте).

6. Образование как высшая ценность // И.Арабаев атындагы КМУнун «Жарчысы». - Бишкек, 2007. - №8. - 105 - 108 - беттер (К.Ш. Ибраев менен биргеликте).

7. Жакшылык жана жамандык түшүнүгүнүн этика илиминде чагылдырылышы // Гуманитарные проблемы современности: Научные труды молодых ученых. Бишкек, 2007. - №8. - 33 - 36 - беттер.

8. Политическая культура в системе ценностей // Гуманитарные проблемы современности: Научные труды молодых ученых. - Бишкек, 2007. - №8. - 215- 220 - беттер (К.Ш. Ибраев менен биргеликте).

9. Мифология как форма философского знания // Гуманитарные проблемы современности: Научные труды молодых ученых. -Бишкек, 2009. - №10. -

559 - 563 - беттер.

10. Верования кыргызов и отражение в них социоантропоморфных идей // Современность: философские и правовые проблемы. - Бишкек, 2009. - 268 - 273 - беттер.

11. Мифоэпические знания древних кыргызов об обществе и природе // И. Арабаев атындагы КМУнун «Жарчысы». - Бишкек, 2009. - №15. - 164 - 167 - беттер.

12. Дорелигиозные верование как фактор формирования мировоззрение кыргызов // И. Арабаев атындагы КМУнун «Жарчысы». - Бишкек, 2009. - №15. - 168 - 171 - беттер.

13. «Мифоэпические основы освоения мира древними кыргызами» // Поиск: Научный журнал «Поиск» Министерства образования и науки Республики Казахстан. - Алматы, 2010. №4 /(3) - 108 - 114 - беттер.

Самыйканов Адисбек Тынчтыкбековичтин «Социоантропоморфтук түшүнүктүн мифоэпикалык формалары» аттуу 09. 00. 03 – философиянын тарыхы адистиги боюнча философия илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазган диссертациясынын
Р Е З Ю М Е С И

Өзөктүү сөздөр: антропоморфизм, коомдук аң-сезим, таанып билүү, адам, коом, жаратылыш, дин, миф, анимизм, тотемизм, фетишизм, мифоэпика, рухий салттуулук, экологема, баалуулук, маданият, ишеним, теңир, эпос.
Диссертацияда социоантропоморфтук түшүнүктүн мифоэпикалык формаларын изилдөө философиялык-системалуу талдоого алынган.

Биринчи бапта коомдун, жаратылыштын синкреттик байланыштарын талдоодо методологиянын колдонулушу жана кыргыздардын дүйнөгө болгон көз-карашы, дүйнөнү өздөштүрүүсү, эмпирикалык деңгээлде түшүнүүсү, антропоморфизмдин пайда болушу белгиленет. Коомдук процесстер түздөн-түз байыркы аң-сезим түшүнүгүндө табиятты адамдын жашоосунан бөлүп кароого болбогондугу, ошондой эле тарыхый-логикалык ыкманын негизинде жаратылыш менен коом диалектикалык байланышта жашап келгендиги жана мифоэпикалык чыгармалардагы философиялык түшүнүктөрдүн өз ара байланышы изилденди.

Экинчи бапта антропоморфизмдин адам жана жалпы коомдук аң-сезим менен тыгыз байланышканы, жаратылыш, коом, адам үчилтигинин диалектикалык өнүгүүсүнүн тарыхый табияты изилденди.

Кыргыздардын жаратылыш кубулуштарын түшүндүрүүдө анын өзгөчө касиеттерин, ишенимдүү ыйык деңгээлде сүрөттөшкөн жана ошол мезгилдеги табигый реалдуу процесстер мифологиялык, тарыхый-социомаданий феномен катары философиялык рефлексиянын алкагында изилденди.



Корутундуда жүргүзүлгөн изилдөөнүн тыянактары чыгарылып, мифоэпикалык чыгармалардагы социоантропоморфтук түшүнүктүн, коомдук аң-сезимдин, анын баалуулуктарынын системасында алган орду белгиленди.
РЕЗЮМЕ

диссертации Самыйканова Адисбека Тынчтыкбековича на тему “Мифоэпические формы социоантропоморфических понятий”, представленной на соискание ученой степени кандидата философских наук по специальности: 09.00.03 – история философии
Ключевые слова: антропоморфизм, социум, познание, человек, общество, природа, религия, миф, анимизм, тотемизм, фетишизм, мифоэпика, духовные традиции, экологема, аксиология, культура, тенгрианство, культ, эпос.

В диссертации мифоэпические формы социоантропоморфных понятий анализируются в контексте историко- философской системы.

В первой главе рассматривается мировоззрение кыргызов, понимание мира н аэмпирического знания и возникновние антропоморфизма н аоснове методологического анализа синкретической взаимосвязи природы и общества. Атакже показана невозможность отделения природы от жизни человека.

Во второй главе исследуется тесная взаимосвязь антропоморфизма с человеком и общественным сознанием, где природа, общества и человек рассматриваются в их едином диалектическом развитии.

На уровне философской рефлексии были рассмотрены мифологические, природные и социокультурные феномены человеческих способностей.



В заключении были сделаны выводы исследования где в системе ценностей общественного сознания было отведено место социоантропоморфным понятиям в мифоэпических произведениях.

SUMMARY

of the dissertation of Samyikanov Adisbek Tynchtykbekovich about “Mythoepical forms of socioanthropomorphic notions” submitted for the degree of Cand.Sc.Philosophy with a specialization in 09.00.03 – Philosophy History
Key words: anthropomorphism, social medium, cognition, man, society, nature, religion, myth, animism, totemism, fetishism, mythoepos, spiritual customs, ecologema, axiology, culture, tengrianstvo, cult, epos.
In the dissertation mythoepical forms of socioanthropomorphic notions are analyzed in the context of historical philosophic system.

The 1st chapter deals with the worldview of the Kyrgyz people, appreciation of the world on the level of the empirical knowledge and the uprise of the anthropomorphism on the basis of the methodological analysis of the syncretic interrelation of nature and man. Moreover the impossibility of the separation of the nature from the human life has been clearly demonstrated.

The 2nd chapter studies the close interaction between the anthropomorphism and the people and public conscience where nature, society and man are considered in their single dialectical development.

The mythological, natural sociocultural phenomena of the human capabilities have been considered on the level of the philosophical reflection.



In the conclusion part the conclusions of the research work have been drawn where socioanthropomorphic notions in the mythoepic works took place in the system of public conscience values.

САМЫЙКАНОВ АДИСБЕК ТЫНЧТЫКБЕКОВИЧ
Социоантропоморфтук тҮшҮнҮктҮн мифоэпикалык формалары

Басууга кол коюлду 20.05.11

Форматы 60х84 1/16

Көлөмү 1,7 б.т.

Офсет кагазы

Нускасы 100



“Махprint” басмаканасы, Алма-Ата көчөсү 207


1 Маркс К., Энгельс Ф. Соч.-Т.23.-89-бет.

2 Фролов И.Т. Философский словарь. -М., 1986.-25-бет.

3 Валиханов Ч. Записки о киргизах. Собр. соч. В 5 т.-Т-2.-Алма-Ата, 1985.-167-бет.

4 Токарев А. Ранние формы религии.-М., 1990.-63-бет.



Достарыңызбен бөлісу:


©netref.ru 2019
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет