Кыргыз филологиясы факультети кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун методикасы кафедрасы осмонкулов а., Акунова а. Р



бет6/14
Дата25.04.2016
өлшемі2.56 Mb.
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   14

В.:Көз чаптыруу

Көз жиберүү



1.Үстүртөн, жалпысынан байкоо жүргүзүү, бир сыйра айландыра карап чыгуу, үстүртөн байкап көрүү;

2.Тез-тез карап, окуп таанышып чыгуу



1.Жапар кызыл үйдүн ичине көз жүгүртүп келип, Зулайка менен Зейнештин жазып жаткан газетасын көрдү. (Баялинов)

2. Кагазды алды, бүктөөсүн жазып, көз жүгүрттү. (БСМ)



В.: Каныбек айланага көз чаптырды. (Жантөшев)

Саадат астыртан көз жиберип, ойлуу отурат. (Сыдыкбеков)



Көз ирмебөө

1.Уктабоо, уктай албоо, кирпик какпоо, уйку бетин көрбөө, такыр уктабай чыгуу;

2.Жалтанып да койбоо, эч жазганбай тике кароо



1. Түнү бою көз ирмебей из караган, Алыста маекчинин чырагы өчтү. (Осмонов)

2. Айбалта колго алышып, Көз ирмебей салышып. («Манас»)



Көз тийүү

Элдик ишеним боюнча: ооруп калууга, же башка кырсыкка дуушар кыла тургандай даражада бирөөнүн сугу өтүү, көзүгүп калуу

Көл болбой эгер кыз болсо, Көз тиймек экен капкачан. (Сарногоев)

Көзгө басар

1.Жападан-жалгыз, бар болгону, турганы, бирөө гана;

2.Бирден-бир, мыкты көрүнгөн, эл оозуна кирген, өзгөчөлөнүп турган



1.Анын көзгө басар жалгыз кызы оорудан карарып калыптыр. (Жусупов)

2. -Биздин көзгө басар сыймыгыбызга ушундайча кароого жарайбы, жолуң болгур!



Көзгө илбөө

1.Теңине албоо, киши катарына көрбөө, тоготпоо, өзүнөн башкаларга маани бербөө, теңсинбөө;

2.Уялбоо, ийменбөө, тартынбоо, адеп, тартип сактоо



1.«Байсынып, бексинип мени көзгө илбей жатасың, Адыке»,- деди жаны кашайган Казак тилин тартпай. (Сыдыкбеков)

2. Бирок, азыр улуу-кичүүнү көзгө илбей эле сөгүнүп кирчү. (Медетов)



Көздөн учуу

Абдан зарыл болуу, табылбоо, эңсетүү, сагындыруу

Билсең, анын кадыр-баркы көздөн учкан учурда билинет тура. (Абакиров)

Көзүн тазалоо

1.Жок кылуу, өлтүрүү, жайлап салуу;

2.Жок кылуу, сарп кылуу, түгөтүү, аягына чыгуу, бүтүрүү



1.Жылматай адегенде тирүү айгак өз кызынын көзүн тазалайт. (Осмоналиев)

2. Дарыга алып келген беш сомдун көзүн тазалады. (БСМ)



Көзүнө карабоо

1.Аябоо, азаят, түгөнөт деп ойлобоо, аянбай жумшоо, марттык менен жок кыла берүү;

2.Тартынбай тике айтуу, бетке айтуу



1. Акчанын көзүнө карабай сатып ала берди. (Бердикеев)

2. Эч кимдин көзүнө карабай, болгонун болгондой айтты. (БСМ)



Көзүңдү ач!

Абайла, байка, сак бол, ушунчаңда эсиңе кел деген сыяктуу, кекетүү, зекүү маанисинде колдонулат

«Мен ферма башчысы экенимди таанып ал, көзүңдү ач!» деп Суксур кабак чытып, Дөөткө өкүм унчугат. (Осмоналиев)

Көзүңдү кара!

«Абайла», «байка», «этиет бол» деген мааниде колдонулат

«Ой, карыя, көзүңдү кара!» деп, бир маалда үстүртөн кыйкырык чыкты. (Жусупов)

Көк бет

Оюндагысын бербеген, айтканынан кайтпаган, долу, абдан өжөр

Калпа өзү өтүнүп отурса, мынча көк бет болуп дулдуюшу жарабас. (Бейшеналиев)

Көк мээ

Акылынан айнып калган, кайбир, келесоо, макоо

«Көк мээ атама жетсин убалым» деп каргап отурат. (Айтматов)

Көкүрөгү тунук

Акыл-эстүү, сезимдүү, зээндүү

Токтогул акындардан туйгун болгон,

Көкүрөгү тунук акын- булбул болгон. (Барпы)



Көкүрөк күчүк

Эң кенжеси, эң кичүү баласы

Ата кургур кантсин, көкүрөк күчүгү Шарипаны жакшы көрчү. (Сыдыгалиев)

Көөдөнүн көтөрүү

Менменсинүү, бой көтөрүү, өзүн жогору саноо, мактануу

Колун бөйрөгүнө ала коюп, көөдөнүн көтөрүп, сөзү дымактуу чыгып жатты. (Ашымбаев)

Куйма кулак

Укканын унутпаган, улама

Бар кабарын алдырып, Куйма кулак кулагын, Укканыңа кандырып. («Семетей»)

Кулагы жок

Сөз укпаган, тил албаган, кыйык (көбүнчө балдарга карата)

«Кулагы жок десе, дагы айтканды аткарбай жатасыңбы!» деп энеси урушту.

Кулагы катуу

Жакшы укпаган, чала уккан, дүлөй чалыш

Келиндер аны «кулагы катуу аке» деп тергешчү.

Кумурска бел

Бели ичке келген, келишимдүү, сындуу, сыйда

Шайлоо - кумурска бел, татынакай келин.

Кулкуну бузук

Жегич, ичкич, алдым-жуттум

Айыл өкмөттүн кулкуну бузук өңдөнөт, ишти бүтүрбөй эле тил эмизчү болду.

Кур алакан

Колунда ала келген эч нерсе жок, жөн эле курулай

«Шаарга кур алакан барбайлы» деп, бир токтуну союп, кымыз, каймак алып жөнөп калдык.

Кур ооз

Үйдөн бир нерсеге ооз тийбей, даам сызбай

Куттуу үйдөн кур ооз чыккан болбойт, бул ата – бабадан келе жаткан салт.

Куу баш

Баласы жок, такыр бала көрбөгөн

Алтымышка келип, куу баш атанып, бала жытына зар эле.

Куш тилиндей

1.Кичинекей, тырмактай, аз гана;

2.Кичинекей, аз гана, кыскача жазылган кат, кабар ж.б.



1. Ал келгенде табакта куш тилиндей гана эт калган.

2.Согуштан куш тилиндей кабар келгенин күткөндөр канча, кара кагаз алып зар какшагандар канча.



Кызуу кандуу

Өзүн-өзү токтото албаган, ачуусу чукул, токтомдуу эмес, мүнөзү чапчаң, чогоол

Кызуу кандуу жаш балдар өздөрүнүн кылган иштери үчүн жооп берип жатышты.

Маңдай тери

Өз эмгеги менен тапкан нерсе, иштеп тапкан акысы, накта эмгегинен жаралган үлүшү

Таман акы, маңдай тер менен тапкан нан кандай таттуу!

Мойнуна алуу

Кемчилигин, күнөөсүн, кылмышын танбоо, болгонун болгондой айтуу, чынын айтуу

Өз күнөөсүн мойнуна алып, башын жерге салып, көпчүлүктүн алдында кечирим сурап турду.

Мойнуна коюу

Кемчилигин, күнөөсүн, кылган кылмышын далилдеп берүү, тана албагыдай кылып далилдөө

Ар бир күнөөлүү ишти мойнуна коюп далилдеп бере алсаң гана, ашкере кыл, эл алдына сал.

Моюн бербөө

Баш ийбөө, макул болбоо, жеңилбөө, көңүл бөлбөө

Ал дагы эле моюн бербей, өзүнүн айтканынан кайтпайт.

Моюн сунуу

Айтканына, койгон талабына макул болуу, баш ийүү, көнүү, каршылык көрсөтпөө

Көпчүлүк деген көпчүлүк да, айткандарына уюп, макул болуп, моюн сунду.

Мурдун көтөрүү

Кекирейтүү, менменсинүү, көпкөлөң тартып чиренген абалда болуу

Мансабына чирендиби, кийинки кездери Жанузак мурдун көтөрүп, жанына киши теңебей калды.

Мурдун чүйрүү

Жактырбоо, теңине албоо, теңсинбөө, тоотпоо

Көңүлүнө жаккан жокпу, айтор Асыл мурдун чүйрүп, басып кетти.

Мууну бошоо

Бирөөгө жаны ачып, боору ооруп кейүүдөн улам зээни кейип ыйлагысы келүү, кейиштүү абалга туш келүү, токтоно албай жашып кетүү

Жетимдердин абалына боорум ооруп, муунум бошоп, аяп турдум.

Мээси жетпөө

Түшүнбөө, баамдай албоо

«Бул немеңерге менин мээм жетпейт, өзүңөр эле түшүнбөсөңөр» деп чоң апам компьютерди көрсөтүп.

Оймок ооз

Оозу кичинекей, бөйтөйгөн (көбүнчө кыздарга, алардын сулуулук сапатына карата айтылат)

Кыргыздын кымча бел, бото көз, оймок ооз кыздары, алардын тоо жаңыртып, шаңкылдап күлгөндөрү ай!

Омурткаң сынгыр!

«Оюнуңду токтот» деген мааниде ойноок балага карата тилдөө, жемелөө иретинде колдонулат

«Ойнобой, омурткаң сыңгыр! Сабагыңды качан окуйсуң?» деп урушуп жатып араң үйгө киргизди.

Ооз ачуу

Орозосун ачуу, рамазан айында жарык чыккандан күн батканга чейин тамак ичпей, кечинде убагы келгенде тамак ичүү

Мусулманчылыктын парзы болгон 30 күн орозодо ооз ачуу убагы болгондо атайын дуба окулат.

Ооз ачпоо

Сүйлөбөө, унчукпоо, эч нерсе айтпоо

Чогулушта бир гана Жамийла ооз ачкан жок, калганы өз кызыкчылыгы боюнча суроолорду берип жатышты.

Оозго кирүү

Өзүнүн жакшы сапаттары, адамгерчилиги менен элге белгилүү болуп, эл оозунда айтыла баштоо

Келиндин келгенине аз гана убакыт болсо да, айыл элдеринин оозуна кирип, сөзгө алына баштады.

Ооздон түшүрбөө

Дайыма айтылуу, сөз болуу, эл арасында даңазалануу, унутулбоо

Бул окуя катуу таасир бергендиктен, ооздон түшпөй, элдин эсинде көпкө калат го.

Ооз көптүрүү

Курулай менменсинип, көтөрүлүп, мактанып сүйлөө, оозу менен опуруп-жапыра берүү

Шайлоо алдындагы депутаттардын ооз көптүрүп, «асмандагы айды да алып берчүдөй» убадалары унутулуп калгансыйт.

Ооз тийүү

Тамак ичүүнү баштоо, даам татуу

Кыргызда тамактын алды нандан ооз тийүү менен башталат.

Оозуңа кара!

Антип айта бербе, байкап сүйлө, абайла деген мааниде зекүү, кекетүү иретинде колдонулат

-Эй, бала! Оозуңа кара! Эмне деген сөздөрдү айтып жатасың? Ар бир сөзүң үчүн жооп бересиң!

Оозуңа май!

Кандайдыр бир жакшылык, же жакшы кабар жөнүндө билгизген кишиге карата сүйүнүү, толкундануу менен алкоо маанисинде

Жеңемдин уул төрөгөнүн уккан апам: «Оозуңа май! Садагаң болоюн!»- деп алкап жатты.

Өпкөсү жок

Жеңил мүнөз, көйрөң, курулай күүлөнүп, жээлиге берме, мактанчаак, дардаңкүү

Баягы өпкөсү жок эме, адатынча мактанып койгон го, элдер жок нерсени келип сурашса, уялып жатам.

Өпкөсүн үзүү

Катуу уруу, өтө ооруксунтуу

-Келсинчи, анын өпкөсүн үзбөсөм, шишиң толду!

Согончогу канабоо

Такыр төрөбөө, бала көрбөө

Апамдын өмүрүндө согончогу канабаса да, баарыбызды өз баласындай эле асырады.

Сөөгү агаруу

1.Семирип, эттенип калуу, оңолуу, эс алып, тыңып калуу;

2. Абдан ыраазы болуу.



1. Жаңы эле келин алып, кайнене болуп сөөгү агарды эле, капысынан болгон кырсык тилегин таш каптырды.

2.-Келип сөөгүмдү агарттың, эми сага эки дүйнөдө тең ыраазымын.



Сөөгү таза

1.Мүчөсү, сын-сыпаты келишкен, сымбаттуу;

2. Аралашмасы жок, чыныгы



1.Жаңы келген мугалимдин сөөгү таза, дили аппак экен.

2.«Машинанын сөөгү таза, ак жолтой» деп ээси мактап жатты.



Тамыр жаюу

Бекем орношуп, алынышып алуу

Ичкилик деген нерсенин жаштар ортосунда тамыр жая баштаганы абдан өкүнүчтүү.

Таңдайы катуу

Абдан суусоо, тили оозуна батпоо, тили кургоо

Тоонун башына чыгып келип, таңдайы катып, булактын суусунан кере – кере жутту.

Таш боор

Ырайымсыз, эч кимге жаны ачыбаган, ыракымы жок, кара мүртөз

Мезгил сен таш боор белең, не деген сулуулукту өчүргөн.

Терисине батпоо

Сүйүнүү, кубануу, көңүлү абдан куунак болуу

Жолдубай ойлогону оңунан чыкканына терисине батпай турду.

Терс аяк

Оң айтса, тескери алган, каяшачыл, тил албаган кежир

Майрам таенесине терс аяктыгын көрсөткөндүктөн, тил угуп калды.

Тил азар

Тил албаган, айтканга көнбөгөн, адамды жадаткан кежир, кыйык

Ал ошондой адамзатка кошулгусу келбеген, тил азар неме.

Тил алуу

Айтканга көнүү, макул болуу

Тилек апасынын айтканына ынанып, тил алып отуруп калды.

Тилден калуу

Көбүнчө катуу ооруп сүйлөй албай калуу, сүйлөө жөндөмдүүлүгүн жоготуу

Атам көп жылдык оорудан кийин тилден калып, бул дүйнө менен коштошту.

Тил тийгизүү

Көбүнчө улгайып калган, же улуу адамдарга каяша кылып, тил кайрып, орунсуз, начар сөз айтып көңүлүн калтырып коюу

-Сага болушам, сенин таламыңды талашам деп, аксакалга да тилим тийип, осолдук кылдым.

Тили катуу

1.Абдан катуу суусоо,чаңкоо;

2.Куштардын сайроо мезгили токтолуу, сайрай албай калуу



1.Ээси менен кой кайтарган Жолборс карышкыр кол салып, таң аткыча короо кайтарып, тили катып, ичи куушурулуп турду.

2.Айлана тыптынч. Булбулдун тили каткан кез тура.



Тили кыска

1.Бир нерсени айтууга, сүйлөөгө мүмкүнчүгү, укугу жок, акылдуу эмес;

2.Оюндагысын, айтайын дегенин толук, ачык жеткире албоо (көбүнчө башка бир тилден экинчи тилге карата)



1.-Баарын көрүп-билип турам, айтайын десем тил кыска.

2.Бөлөк жер, бөтөн элде тилим кыска болуп, толук кандуу сүйлөшө албагандыктан, тилди үйрөнүп жатам.



Тили таттуу

Жаш баланын тили жаңыдан чыгып, кужурап, татынакай сүйлөй баштаган учуру

Маянын тили таттуу убагы, сүйлөгөн сөздөрүнө бирде күлүп, бирде таң калабыз.

Тили узун

Уккан-көргөнүн айта берген, өтө сүйлөөк, ушакчы

Ал биздин айылдын «телефону», баарынан кабардары, тили узуну.

Тил эмизүү

Натыйжасыз, курулай убада бере берип ишти узартуу, алдоо, куру бекер үмүткөр кылып, көпкө создуктура берүү

Директорубуз бүгүн да бизди тил эмизип узатты, эми өзүбүз эле аракет кылбасак, иш ордунан жылчудай эмес.

Толук кандуу

Ар тараптан, абдан мыкты, жеткиликтүү

Студенттин билеттин суроолоруна берген толук кандуу жообуна комиссия мүчөлөрү ыраазы болушту.

Тоң моюн

Тил албаган, айтканга көнбөгөн, көңүл коюп иштөөнү каалабаган, кежир

Баламдын кээде тоң моюндугу, кээде ак көңүлдүгү кармап калат.

Узун кулак

1.Көптү билген, көп нерседен кабардар;

2. Уганаак, тез уга коймо, ушакчы



1.Көп жашаган адам узун кулак, көсөм болот эмеспи.

2. «Узун кулак ушакчы жеңе» айылдын тиги башынан бул башына тез эле кабарды жайылтты.



Уй түгүндөй

Өтө көп, сансыз, жер жайнаган

Чынгызхандын колу жер бетине уй түгүндөй каптап келе жатат.

Уйдун бөйрөгүндөй

Башы кошулбаган, бирикпеген, ынтымагы жок, бири-бирине жакындашпаган.

Уйдун бөйрөгүндөй болбой качан биригесиңер деги?

Чала жан

Араң эле жаны бар, өтө алсыз, өлөсөлүү, чала өлүк, эси ооп, эсинен танып калган абалда

Бала чала жан төрөлдү, «адам болуп кетээр бекен» деп доктурлар кабатыр болушуп, болгон аракеттерин кылышууда.

Чачтан көп

Өтө көп, абдан көп, өтө арбын

Иштерим чачтан көп, кайсы биринен баштаарымды билбей, башым маң.

Чекеси жылыбоо

Жарыгындай, алымсынгандай абалда болбоо, эч нерсеге жетпөө, жарыбоо, жакшылык көрбөө

Таалайга турмушка чыкканы Гүлжандын чекеси жылый элек.

Эки жүздүү

Өң карама, бир сөздө турбаган, өңдү көрсө жүз тайды, тайсалдама, кошоматчы

Эки жүздүү адамдар- биздин коомду бузгандар.

Эки ооз

В:Бир ооз

Эки-үч ооз



Бир аз, анча-мынча, көп эмес (сөз, кеп ж.б. жөнүндө)

Агайдын мен тууралуу эки ооз сөз айтуу үчүн атайын келгенине абдан ыраазы болдум.


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   14


©netref.ru 2019
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет